Ийгиликтин сырлары. Аллахка тобокел кылуу iigilik syry
#2 21 July 2015 - 22:22
#3 21 July 2015 - 22:24
ИЙГИЛИКТИН СЫРЛАРЫ, КАНТИП ИЙГИЛИККЕ ЖЕТСЕ БОЛОТ ЖЕ АЛЛАХКА ТОБОКЕЛ КЫЛУУ (ТАВАККУЛЬ) ДЕГЕН ЭМНЕ? - ТАГДЫРГА ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ (4-БӨЛҮК) СУРОО. Кандайдыр бир иш баштасам эле жыйынтыгы начар чыгып, жолум болбой келет, ар дайым туура эмес чыгат. Бул эмнеси? Кантип ийгиликке жете алам?
ЖООП. Сизге келип жаткан сыноону Аллахтан деп билип, сабыр канаат тутуп, сыйлыкка үмүт кылып туруңуз. Ар дайым Аллахтын жардамына, мээримине үмүткер болуп, максаттарга жетүүдө туура себептерди кармануу зарыл. Мисалга алсак ишти баштоодон алдын истихара окуу, кеңешүү, ишти пландаштыруу , график коюу ж.б.
[color=#444444 !important]Ар бир иш ийгиликтүү аяктап, жаман акыбеттүү болбош үчүн бир канча себеп колдонуу керек. Муну ИЙГИЛИКТИН СЕБЕПТЕРИ же ийгилик ачкычтары же ийгилик сырлары деп койсо да болот. Анда эмессе кантип ийгиликке жете алабыз?
БИРИНЧИ СЕБЕП :: АЛЛАХА ТААЛАГА ТОБОКЕЛ КЫЛУУ
Тобокел кылуу (таваккуль) жакшылыкка жетүүдө жана жамандыктан сактанууда Аллахка сөйөнүү. Тобокел бул Аллахтын жалгыз Падыша, жалгыз кудуреттүү Рабби, жалгыз Жаратуучу жана сыйынууга татыктуу зат экенине толук ишенүүдөн пайда болот. Аллах бир нерсени каалса ал дароо аткарылат, ал эми аткарылбасын десе эч ким Аллахты мажбурлай албайт. ”Аллах адамдарга ачып койгон ырайымды эч ким тосо албайт. (Ошондой эле) Аллах кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал – Кудуреттүү, Даанышман ” (35:2). Албетте, Аллахтын каалоосу жана кудурети Анын даанышмандыгына негизделген.
[color=#444444 !important]Тобокел кылуу – “Аллах кааласа жакшы болот” деп коюп, эки колду шалпайтып эч нерсе кылбай, бардык себепти жана натыйжаны Аллахка “жүктөп коюу” эмес. Бул иш тобокел (таваккуль) деп аталбай, анын карама-каршысы болгон жалкоолук, пассивдүүлүк (таваакуль) деп аталат. Жалкоолукту тобокел менен алмаштырбоо керек.[/color]
Аллах себептер дүйнөсүн жаратып бизди себептер менен жашасын деди. Ошол себептерди кылуу менен анын натыйжасына келебиз: туура күчтүү себеп – ийгиликке, ката алсыз себеп – ийгиликсиздикке алып келет.
Мисалы : Мухаммед Пайгамбардын (салляллаху алейхи уа саллям) Меккеден Мединага хижрат кылуусу. Бул сапарга ал эң мыкты төөсүн тамдады, шаардан качып чыгууда түн жаманып чыкты, из кууп келгендерди адаштырыш үчүн биринчи Мединага эмес, тескери жактагы тоо тарапка бет алды, ал кезде карта компас жок болгондуктан айлана чөйрөгө так карап ориентир алып жатты, б.а.колдон келген ар бир себепти бек тутуп, ишинин ийгиликтүү болуусуна умтулуп жатты. Качан бардык себептер аткарылып бүтүп, Пайгамбарыбыз (салляллаху алейхи уа саллям) акыры үңкүргө жашынып кирип, артынан мушриктер жете келгенде Аллах Өз жардамын түшүрүп мөжиза менен аны куткарып алды. Аллахка тобокел кылуу – дунявий (бул дүйнө) себептерин таштап салуу дегендик эмес. Жо-ок! Туура, жакшы, адал себептерди колдонуу менен иштин натыйжасын Аллахка тапшыруу дегендик. Эгер Аллах кааласа себептерди кабыл кылып ийгиликке жеткирет, же кааласа Өзүнө маалым болгон учурларга байланыштуу жеткирбейт.
Пайгамбарыбыз (салляллаху алейхи уа саллям) бир бедуин мечитке төөсүн байлабай эле кирип кеткенин көрөт. “Эмнеге байлабай бош кой бердиң?” деген суроого “Мен Аллахка тобокел кыламын” дейт (Аллах Өзү сактайт деген мааниде). Анда ал айтат: “Байлап кой, андан кийин тобокел кыл”, б.а. төөнүн качпашына себептерин кыл, андан кийин качып кетсе бул Аллахтын каалоосу.
[/color]
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#4 21 July 2015 - 22:25
ЭКИНЧИ СЕБЕП :: ТУУРА СЕБЕПТЕРДИ АТКАРУУ
Тобокелди туура түшүнүүнүн натыйжасы болуп, инсан ийгиликке жетүү үчүн бардык себептерди колдонуу керектигин түшүнөт. Ийгилик жана кырсык – тагдырдан, алардын себептери да тагдырдан. Жакшылыкка жетүүнү самап, бирок эч аракет кылбаган “Алма быш оозума түш” деген пенденин мисалы, үйү өрттөнүп жатса суу алып келип өчүрүп, адамдарды куткаруунун ордуна “тобокел” кылып “Аллах кааласа баары жакшы болот” деп отуруп алган келесоого окшош. Эгер ал өртткө каршы чара көрбөсө, Аллах жаратып койгон мыйзам боюнча, от үйүн күл кылып таштайт.
Аллах жамандыкты жаратып койсо, бул жамандык менен Ал Өзү ыраазы экенин далилдебейт. Жамандыкты, кайгыны, каапырчылыкты, күнөөнү, шайтанды, аракты Аллах жактырбайт, бирок жаратты бир гана бизди сынаш үчүн. Демек, жашоодогу кырсык-кыйынчылык болобу, шариатка каршы келген терс көрүнүш болобу – аны менен сөзсүз эле макул боло бербеш керек “Аллах кааласа болбойт эле да” деп. Тескерисинче аны менен себептер аркылуу “күрөшүү” керек.
Кайсыл себеп кандай натыйжага алып келээрин ИЛИМ аркылуу биле алабыз. Илим экиге бөлүнөт: табигий сезим менен билинүүчү илим – буга беш сезүү органы аркылуу туюлуучу сезим кирет. Бул илимдин көбү төрөлгөндөн эле адамга белгилүү (от күйгүзөт, тамак тоюндурат, өйдө көтөрүлгөн нерсе жерге кайра түшөт ж.б.). Илимдин башка түрү бул бир гана теоретикалык маалыматтар аркылуу келген илим. Илимдин бул түрү окуу менен гана келет (китеп окуу, лекция угуу, байкоо жүргүзүү, кеңеш-насаат алуу ж.б.)
[color=#444444 !important]ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШ ҮЧҮН ИЛИМ АЛУУ КЕРЕК: КАНТКЕНДЕ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕБИЗ, КАЙСЫЛ СЕБЕПТЕРДИ КОЛДОНОБУЗ ЖАНА КАНТИП КОЛДОНОБУЗ – деген суроолорго жооп берген илим алуу зарыл.
Мисал: Нурбек деген бала базарга барып соода кылууну кызык көрдү. Кийин-мурун соода дегенди көрбөгөн жан эле. Үйүн сатып акчасына товар алып базарга чыкты. Анын оюнда эртеси эле бай болуп, үйлүү-жайлуу болуп калуу. Бирок, караса сатып алмак турсун эч ким басып да келбейт. Бир айдан кийин Нурбек банкрот болот. Базардын сырын билген күркүлдөр баштарын чайкашып “деңизге чыккан адам компасын алчу эле, бул томаяк болсо эч нерсесин албай чыгып, кемеси жарга бир урунду да чөктү” деп коюшат...
Компас дегени турмуштун ар бир чөйрөсүндө соода болобу, илим изилдөө болобу, үй-бүлө жубай же ата-эне бала маселеси болобу кандай гана чөйрө болбосун – ага гана тиешелүү болгон ийгиликтин себептери табылат.
Ийгиликке алып келчү себептерди билүү – окуу аркылуу же/жана өз жон-терисинен өткөзүү аркылуу келет. Албетте, башындагы шишиктерди санап “бундай кылбаш керек экен, ээ” дегенден көрө, абалы ар бир нерсенин илимин алып алуу зарыл.
... Банкрот болгондон кийин Нурбекке акыл кирип, көп нерсени түшүндү. Көрсө, товарды базарга алып чыгуу менен гана сооданын ийгилиги келбейт экен. Базардын сырын издеп Нурбек билерман достордун кеңешин угат, кошуна ряддагы соодагерлерди карайт, атайын чыгарылган финансы тууралуу журналдарды окуйт. Эми ал соодасын кылыш үчүн реклама, бухгалтерия, конкуренция, маркетинг, менеджмент, бизнес этикет деген аты шумдук теримндерди жакшылап өздөштүрдү. Соодасын бир гана илимий (андан кийин гана практикалык) негизге койду. Бир нерсени бүдөмүк болуп түшүнбөй жатса дароо малымат издеп интернетке, китептерге же билермандарга кайрылчу болду. Азыр Нурбек базар боюча эң чоң соодагер. Өз жайын чоңойтуп, бир ряд контейнерлерди сатып алып, жумушчу балдарды жалдап кошо иштетип, башка базарлар менен байланыштарды түзүп байыды. Анын зекетинин эсеби гана 15 миң доллар болуп, жүздөгөн жетим-жесирлерге, кембагалдарга, талабаларга жардам көрсөтүп турат.
[/color]
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#5 21 July 2015 - 22:31

Капитан деңизге карта жана компасын албай чыгып, өз кемесин кыйроого учураткандай эле,
адам баласы да максатына жетүүгө керектүү болгон илим жана тажрыйбаны
үйрөнбөсө, жолу болбой ийгиликсиздикке учурайт
ҮЧҮНЧҮ СЕБЕП :: БИР ГАНА АДАЛ СЕБЕПТЕРДИ КОЛДОНУУ
Натыйжага жетүүдө шариат адал-арам деген чек араны бек кармоо зарыл. Капиталисттердин “акча жыттанбайт” деп процент берүүсү, мисалга карасак, бирөөнү байытат жүзөөнү жакырдантат. Бул зулум акча болгондуктан байуунун бул формасы шариат тарабынан арам деп табылган. Бул дүйнөнүн арамы менен ийгиликке жетүү убактылуу гана, кийин анын артынан күнөө, өкүнүч, Акыретте болсо азап келет.
Мисал: ууру банкты чагып кетти. Ооба, ал бай болуу максатына жетти десек болот. Бирок, тандаган жолу, себеби башкалардын мал-мүлкүн тоноо менен болгондуктан ууру соттун алдында жаза алат (колу кесилет) жана Аллахтын алдында жооп берет.
Эгер кайсыл бир себеп шариатта дагы, турмуш-тажрыйбада дагы белгилүү эмес болуп, бирок ал себепти инсан жакшылыкка жетүү жана жамандыктан сактануу үчүн колдонгон болсо – ал пенде жаңылыптыр, адашыптыр. Бара-бара ал ширк жана бидаатка кирип кетиши мүмкүн. М: көз мончокту көз тийүүдөн сактайт тагып алуу, Аллахка жакындоодо бир макулукту (периште, пайгамбар, Кааба, олуя ж.б.) ортого коюу.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#6 21 July 2015 - 22:31
ТӨРТҮНЧҮ СЕБЕП :: НАТЫЙЖАНЫ СЕБЕПТЕН ЭМЕС АЛЛАХТАН КҮТҮҮ
Бардык себептерди орундаткан соң, инсан ишинин акыбетин Аллахка тапшырат. Кандай гана күчтүү себеп болбосун анын касиети Аллахтын өкүмүндө. Асман-жер, жаратылыш, коомдун түзүлүшү жана инсандын көңүлү Аллахтын колунда, кандай кааласа башкара алат. Ошондуктан ийгиликке жеткен инсан Аллахка таазим этип, “Менин Ийгилигим болбойт эле, Аллах жардам бербесе” деп шүгүр кылуусу зарыл. Менменсинген текеберлерге Аллахтын сыноосу, кай бир учурда балээси келет...
Мисалы : Илгери өткөн заманда Карын бай аттуу бай жашаптыр. Байлыгы ушунча көп болгондуктан казыналарынын ачкычтарын эле бир нече балбан көтөрүп жүрчү экен. Бир күнү ага Муса пайгамбар келип байлыгы үчүн Аллахка шүгүр кылуусу керектигин айтат. Ыйык кишинин сөзүн капка салбай, Карын бай текеберленип айтат: “Байлыгымды мен өзүм жыйнадым. Мен билерманмын, акылдуумун, кантип байышты билем да – ошон үчүн байыдым” деп. Пайгамбардын улам-улам ага эскертүүсү да пайда алып келбейт. Күндөрдүн биринде Аллахтын балээси келип Карын байды хан сарайы менен жер жутуп кетет. Ага эч ким жардам бере албай калат. Бул болгон окуя курандын “Касас” атту сүрөсүндө баяндалган. Ошондой эле окуя “Калем“ деген сүрөдө бакча ээлери тууралуу баяндалат. Алардын бакчалары жемиштүү болуп калганда, бири-бирине шумуңданышып өзүбүз гана жейбиз, жетимдерди жолотпойбуз, сөзсүз жейбиз деп калышкан. Кудай шүгүр, Куда буйурса деген сөздөрдү айтпай текеберленген үчүн Аллахтын жазасы түн менен келип, бактарын кыйратып кетет. Эртеси күнү алар аттиң дешип, ката кетиришкенин түшүнүп калышат.
Ар бир аткарылган себептен кийин натыйжаны Аллахтан күтүп “Ин шаааллах (Кудай кааласа) ийгиликке жетем” деп айтуу зарыл.
Бардык себептерди орундаткан соң, инсан ишинин акыбетин Аллахка тапшырат. Кандай гана күчтүү себеп болбосун анын касиети Аллахтын өкүмүндө. Асман-жер, жаратылыш, коомдун түзүлүшү жана инсандын көңүлү Аллахтын колунда, кандай кааласа башкара алат. Ошондуктан ийгиликке жеткен инсан Аллахка таазим этип, “Менин Ийгилигим болбойт эле, Аллах жардам бербесе” деп шүгүр кылуусу зарыл. Менменсинген текеберлерге Аллахтын сыноосу, кай бир учурда балээси келет...
Мисалы : Илгери өткөн заманда Карын бай аттуу бай жашаптыр. Байлыгы ушунча көп болгондуктан казыналарынын ачкычтарын эле бир нече балбан көтөрүп жүрчү экен. Бир күнү ага Муса пайгамбар келип байлыгы үчүн Аллахка шүгүр кылуусу керектигин айтат. Ыйык кишинин сөзүн капка салбай, Карын бай текеберленип айтат: “Байлыгымды мен өзүм жыйнадым. Мен билерманмын, акылдуумун, кантип байышты билем да – ошон үчүн байыдым” деп. Пайгамбардын улам-улам ага эскертүүсү да пайда алып келбейт. Күндөрдүн биринде Аллахтын балээси келип Карын байды хан сарайы менен жер жутуп кетет. Ага эч ким жардам бере албай калат. Бул болгон окуя курандын “Касас” атту сүрөсүндө баяндалган. Ошондой эле окуя “Калем“ деген сүрөдө бакча ээлери тууралуу баяндалат. Алардын бакчалары жемиштүү болуп калганда, бири-бирине шумуңданышып өзүбүз гана жейбиз, жетимдерди жолотпойбуз, сөзсүз жейбиз деп калышкан. Кудай шүгүр, Куда буйурса деген сөздөрдү айтпай текеберленген үчүн Аллахтын жазасы түн менен келип, бактарын кыйратып кетет. Эртеси күнү алар аттиң дешип, ката кетиришкенин түшүнүп калышат.
Ар бир аткарылган себептен кийин натыйжаны Аллахтан күтүп “Ин шаааллах (Кудай кааласа) ийгиликке жетем” деп айтуу зарыл.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#7 21 July 2015 - 22:33
БЕШИНЧИ СЕБЕП :: АЛЛАХКА ШҮГҮР КЕЛТИРҮҮ
Чын жүрөктөн, ыклас менен Жараткан Кудайга “рахмат” деп айтуу, Аллах жөнүндө бир гана жакшы ойдо болуу. Берилген нээматтарга шүгүр кылуу нээматты көбөйтөт, шүгүрсүздүк кылуу текеберликке алып келет.
Аллах айтат: “Эгер шүгүр кылсаңар көбөйтөмүн. Ал эми шүгүр кылбасаңар (анда билип койгула), чынында Менин азабым катуу” (Ибрахим 14:7).
Мисал : Исраил урпактары (жөөттөр) Аллахтын тандалган эли эле. Аллах деңизде Фираундан куткарган соң аларды чөлгө алып чыкты, суусаганда таштын арасынан суу чыгарып берди, ачка болгондо асмандан аларга тамак жана эт жаадырып турду. Ошого карабастан бул каапыр коом (каапыр дегендин бир мааниси шүгүр кылбаганды билдирет) “Биз кечке эле бир тамак жегенден тажадык, Раббиң башка тамак жиберсинчи” деп мыскылдашты. Көрсөтүлгөн нээматтарга шүгүрсүздүк кылгандары үчүн Аллах аларга жакырчылыктын, ачкачылыктын жана кордуктун кийимин кийгизди. Бул икая Курандын Бакара сүрөсүнүн 57-61 аяттарында чагылдырылган.
ТЕМА ТУУРАЛУУ ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ
Тавакк уль – тобокел кылуу, жакшылыкка жетүүдө жана жамандыктан сактанууда Аллахка сөйөнүү. Аткарылган себептердин натыйжасын Аллах ийгиликтүү кылат деген үмүт менен иштерди аткаруу. Тобокел бул Аллахтын жалгыз Падыша, жалгыз кудуреттүү Рабби, жалгыз Жаратуучу жана сыйынууга татыктуу зат экенине толук ишенүүдөн пайда болот
Таваа куль – тобокел кылуунын карама-каршысы болгон жалкоолук, пассивдүүлүк. Жалкоолукту тобокел менен алмаштырбоо керек.
Ийгиликке жетиш үчүн илим алуу керек. “Канткенде ийгиликке жетебиз, кайсыл себептерди колдонобуз жана кантип колдонобуз” деген суроолорго жооп берген илим алуу керек. Ийгиликке алып келчү себептерди билүү – окуу аркылуу же/жана өз жон-терисинен өткөзүү аркылуу келет. Албетте, башындагы шишиктерди санап “бундай кылбаш керек экен, ээ” дегенден көрө, абалы ар бир нерсенин илимин алып алуу зарыл.
Ар бир нерсенин ӨЗҮНҮН ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮ СЕБЕБИ, схемасы болот, ошол себептерди үйрөнүп алуу керек.
Себептердин бардык эле түрүн колдоно берүү туура эмес. Аллахка зулум кылган, башка бирөөлөрдүн укугун тепселеген, канын-акысын ичкен же адамдын өз денесине, малына зыян тийгизген себептерди колдонуу – арам.
Ар дайым берилген ырайым, нээматтарга шүгүр кылып, бардык иштерде Аллахтын даанышмандыгын көрө билүү керек.
Аллах жамандыкты жаратып койсо, бул жамандык менен Ал Өзү ыраазы экенин далилдебейт. Жамандыкты, кайгыны, каапырчылыкты, күнөөнү, шайтанды, аракты Аллах жактырбайт, бирок жаратты бир гана бизди сынаш үчүн. Демек, жашоодогу кырсык-кыйынчылык болобу, шариатка каршы келген терс көрүнүш болобу – аны менен сөзсүз эле макул боло бербеш керек “Аллах кааласа болбойт эле да” деп. Тескерисинче аны менен себептер аркылуу “күрөшүү” керек.
Валлаху аълам!
Бул макаланы аяктап бүтүүгө жардам берген Аллахка чексиз хамды санаалар, мактоолор болсун!
Аллах Куранда айтат:
“Эгер шүгүр кылсаңар көбөйтүп беремин”
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#8 01 August 2015 - 18:23
Аллах раазы болсун Медина Аллахка тобокел кылуунун жолдорун жазып кетиптирсиз.
Ушуларды окуп сизи бизге окшогондор оздоруно жакшы жыйынтык чыгарып алышса.Жазып кеткениниздей Тобокел менен жалкоолукту алмаштырып албоо керек.Анан Карын бай десениз копко тушунбой атып аран тушундум."
Хорун"деп китептеги атын жазып коюнузчу болбосо копко кыйналышат окурмандар да мага окшоп кайсы Карын бай экен деп.
#9 01 August 2015 - 19:52
Медина Аллах ыраазы болсун! Өтө керектүү, пайдалуу непселерди жазыптырсыз.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....

Супер-Инфо
super.kg
видео








