Күтүүсүз бурулуш... виртуалдуу дуйнонун жашоомо болгон таасири..
#1141 01 Июль 2015 - 08:18
#1142 20 Июль 2015 - 15:55
Барга-шугур,
Жокго-сабыр. ..кыл бир тууганым.
#1143 21 Июль 2015 - 18:05
#1144 22 Июль 2015 - 04:59
LaraKroff (01 Декабрь 2014 - 10:07) жазган:
Кантип баштаарымды билбей турам? Оюмду бир жерге топтой албай, жазып баштап, кайра очуруп отуруп бутурууну туура кордум.
Негизи, отмушумду бироолорго баяндап, алардын сын-пикирин уккум келбейт. Айрыкча, кайгылуу окуяларымды болушуудон корком. Анткени, адамдардын мага жалооруп мамиле кылуусун каалабайм. Ичимде толуп турган коз жашымды жалгыздыкка жашырып, эл козундо башымды бийик которуп, озумду кучтуу корсотуп келем. Бул менин жазылбаган мыйзамым. Далай кыйынчылыкты кулуп женип,эч кимдин жардамысыз жашоомду бир нукка салуунун аракетиндемин. Бирок, журогумдо катылган бир сырым мени туйшолтуп, эстеген сайын конулумду канатып, эми гана учайын деген канаттарымды алсыз кылып салат.
Мектеп жашымда эле балалуу боло албашымды билгем, "Бесплодная" деп коет эмеспи. Апам ишенбей бир топ врачтарга корсотуп, окшош эле жоопторду алганбыз. Диагнозум "детская матка", тагыраак айтканда бала жатчу жатындын оорчубой калуусу. Ал учурда бала болсом балалуу болбоо кандай экенин сезип деле койбогон экенмин. Катуу ооруп, дары-уколдун жардамы менен ден соолугумдун жакшырганына бактылуу болуп кала бергем.Бирок, кун откон сайын, учурунда ойлонуп да койбогон нерсе менин алсыздыгыма айланып барат. Аялзаты турмуш куруп, балалуу боло электе эле "энелик инстинкттер" ойгонобу же мен учун кол жеткис кыял болгону учунбу жаш балдарды корсом эле журогум элжиреп кетчу болдум. Бул сырымды билген аз адамдардын ар дайым кайталачу создору :" Сен деле бактылуу болууга акылуусун. Балким, врачтардын айтканы болбой, кудай сага бала берип калаар", кептин баары "балким" деген создо жатпайбы. А балким болбой калсачы? Менин деле бактылуу болууга акым бар деп бироого турмушка чыгып, ошол адамдын тагдырын талкалагым келбейт. Суйуп калып, баарына кайыл болуп уйлонуп, кийин кандай жашоону башынан откоргондорду коруп эле журом да. Ким эле бала жытын жыттап, бакытка балкыгысы келбесин? Ким эле тукум улап, мурас калтыргысы келбесин? Ким эле канынан жаралган баланы кучактап, ааламда андан артык нерсе жок экендигин билгиси келбесин?
Айтор, турмушка такыр чыкпоого озуо ант берип, жалгыздыкка озумду даярдап жаша келе жатам. Мен бироонун бактысыздыгына себепкер болуудан корком. Мен жашоомо наалат дагы айтпайм. Тагдырыма моюн сунуп, кабыл алган чечимимди кундо кайталап, алсыздыгымды корсотпоо учун кулуп жашап келем.
Жон гана бугумду чыгарып алууну туура кордум. Конул буруп окуп койгонунуздар учун ыраазычылык.
Menin bolomda yilongon aialin bashinda detskyi matka eken dep aitkan azyr kelinibiz yyl torogon bolomdyn kopiasi ALLAH bererin ynytpasin.
#1145 22 Июль 2015 - 05:35
LaraKroff (13 Февраль 2015 - 15:31) жазган:
-Суйлошолу эми,-дедим.
-Бул жерде эмес. Башка жакка барабыз,-деп колумдан жетелеп жоноду.
Ун созсуз жетелешип кете бердик.
-Кардын ачпы?,-деди бир убакта.
Башымды ийкедим. Коп алыс эмес жердеги кичинекей кафеге баш бактык.
Менюну ачып жатып:
-Эмне жейсин?,-деди.
Ийнимди куушурдум. Колундагы менюну мага сунуп жатып жаныбызга келген официантка дубалда илинип турган чон телевизордун унун чонойтуп коюусун отунду. Ага башында маани деле берген эмесмин, орусча создор угулгандыктан телевизорду карай салсам: "Ширинка, выходи за него" деп кезеги менен менин досторум, анын достору, чогуу досторубуз суйлоп жатты. Шок абалда отуруп видеонун канча минут экендигин да сезбей калыпмын:
Официант:
-Сеньора, дегенде карай салсам
-Casarse con el (выходите за него) деп жылмайып туруптур. Ошондо ал кафеде бизден башка эч ким жок экендигин, атайын мурда пландалганын эми сездим. Кызыктай сезим. Кубандымбы же кайгырдымбы билбейм, бирок ушугондой титиреп чыктым. Алмаз колундагы ак розаларды сунуп жатып:
-Выходи за меня,-деп колумдан опту. Озумо келе электе официант атайын даярдалган столго чыкырды. Ал столго кантип жеткенимди билбейм, буттарым мага баш ийбей алсыз болуп калышкандай. Суйлобой отура бердим. Тагыраак айтканда суйлоого дарманым келбей.
-Башында кооптондум, -деп соз баштады Алмаз. Мени чындап суйооруно ишенгим келди. Ишенген сон корктум. "Макул" дебесе эмне кылам деп корктум. Кучумду топтоп, айтууга даярданып жургондо апам отуп кетти. Андан кийин апамдын жылдыгы отсо айтам деп ойлодум. Бирок мындан ары куто алчудай эмесмин. Мен сенин кичиненден бери кыялдангандай, жомоктогудай свадьба откорууну каалачумун. Бирок апамдын жылдыгы отконго чейин жон эле нике кыйдарып чогуу жашаганга макулсунбу? ,-деди созун бутуруп. Дагы деле суйлой алчудай эмесмин.
-Сен ойлон,-деди Алмаз. Мен сени шаштырбайм. Макулмун десен, агамдар ата-энене колунду сурап барышат. Биз Берлиндеги консульствого барып катталып коебуз. Бирок свадьбаны кийин созсуз откоробуз.
Ispanianin kaisul jagyndasinar madriddevi barselonadabi?
#1147 24 Июль 2015 - 00:25
madina.87 (20 Февраль 2015 - 11:29) жазган:
Эмнеге андай деп ойлойсунар эн биринчи билимдуу, акылдуу болсон окуйсун жон эле. Мен билгенден айылдык карапайым мугалимдин эле баласы Германияда оз кучу менен окуп атканын билем
#1148 26 Июль 2015 - 17:00
#1149 27 Июль 2015 - 05:26

#1150 28 Июль 2015 - 22:08
#1151 30 Июль 2015 - 20:22
"Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?",-демекчи жолдошундун сага уйлоноордон мурда корсотпогон кыял-жоруктарын коргон сайын жаман аял болот окшобойбузбу. Алмазды эрте менен ойготуу- озунчо эле азап. Музыка коём, мурдунан чымчыйм, кроваттын устуно чыгып секирем, катуу кыйкырып ырдайм, айтор бардык эле методду колдонуп кордум окшойт. Анан тан эрте туруп даярдаган завтрак муздап калганда, ызаланып жумушка жонойм. Уйдон кээ бир учурларда эрте чыгып алам. Ансыз да таарынчак жаным, акыркы кундору аябай сезимтал болуп калгансыйм. Алмаз телефонду албай койсо деле таарына берем.
Бугун да окшош эле окуя кайталанды. Алмаз ойгонбоду, завтрак муздаган бойдон калды.
-Мындан кийин жалдырасан да завтрак даярдабайм, - деп суйлонуп келдим жумушка. Компьютерди ачып жайгаша бергенде адаттагыдай Алмаздан смс келди: "Завтрак учун рахмат жаным". "Чын эле таарынганымды сезбейби же сезмексен болобу?",- деп ойлондум. Мен чогуу отуруп тамактануу учун тан эрте турам да. Бул жолкусунда таарынычым ачууга айланды окшойт. Азыркыга чейин жиним таркай элек. "Уйго барганда суйлобой коем",-деп аттанып отурам жумушта.
#1152 30 Июль 2015 - 21:50
Же жумуш менен параллель болуп жатабы?
Жизнь это моменты дегендей, бактылуу муноторунуз эч тугонбосун. Ушундай бактылуулуктуу азыр окуп жаткан форумчууларга да тилеймин )
#1153 31 Июль 2015 - 01:58
#1154 31 Июль 2015 - 14:47
Ал жакта айлык акы канча аласын сыр болбосо?Анан Алмаз бир кызды ооп жатыптыр уйуно барсам депсин,ал кыздар ошо испанялык кыздарбы?жооп берип койчу э,мага олло кызык болтат.алдын ала рахмат,ишине ийгилик,уйбулоно береке!
#1155 01 Август 2015 - 00:39
fea-11 (31 Июль 2015 - 14:47) жазган:
Ал жакта айлык акы канча аласын сыр болбосо?Анан Алмаз бир кызды ооп жатыптыр уйуно барсам депсин,ал кыздар ошо испанялык кыздарбы?жооп берип койчу э,мага олло кызык болтат.алдын ала рахмат,ишине ийгилик,уйбулоно береке!
Жооп берейин. Алмаз материалдык жактан кем болбогон уй булодо чонойгон. Бирок кептин баары байлыкта эмес го дейм. Ал озу жакшы жумушта иштейт. Озу окуп , озу бутуна турган. Эми кызга келсем (эстегим келбеген окуяны эске салдыныз), кыз казашка болчу. Айлык туурасында сыр бойдон калсын

#1156 01 Август 2015 - 00:41
Adilet94 (31 Июль 2015 - 01:58) жазган:
Эгер чын эле сиз суроттогондой пайдамды тийгизген болсом, мен бактылуумун

#1157 01 Август 2015 - 00:42
#1158 01 Август 2015 - 00:44
ayima_a (27 Июль 2015 - 05:26) жазган:

Ар бир адам бактылуу болуш керек ♡ Сиз да бактылуу болосуз :*
#1159 01 Август 2015 - 18:35