СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#11041 20 Июль 2015 - 22:19
Жогоруда нигиңдин тарых таржымалы деген суроого " Азыркы учурдун глобалдуу маселенин айынан ачылган" деп жооп берипсиң.
Демек нигиң Кумтөр кенинин атына ачылганда ээ?
Бирок, өткөндө универсал интервью темасында ушул суроону бирөө бергенде ага "Кум- топурак, Төр- сыйлуу орундук" деп жооп берген болчуң.
Эми муну кандай түшүнсө болот сөзүң эки чыгып калып жатат?
Демек сенде өзгөрүлмө адат барбы?
#11042 21 Июль 2015 - 07:51
meerim8793 (20 Июль 2015 - 22:19) жазган:
Жогоруда нигиңдин тарых таржымалы деген суроого " Азыркы учурдун глобалдуу маселенин айынан ачылган" деп жооп берипсиң.
Демек нигиң Кумтөр кенинин атына ачылганда ээ?
Бирок, өткөндө универсал интервью темасында ушул суроону бирөө бергенде ага "Кум- топурак, Төр- сыйлуу орундук" деп жооп берген болчуң.
Эми муну кандай түшүнсө болот сөзүң эки чыгып калып жатат?
Демек сенде өзгөрүлмө адат барбы?
Салам куш келипсиз Мээрим эже! Ооба ошондой мааниде ачылган, ошол жакты карасаңыз ушундай сөз турат КУМТӨР1- Кыргызстанда резонанс жараткан глобалдуу маселе. Анан бул жакка баарын майдалап жазгым келген жок.
Сурооңузга ыраазычылык.
#11043 21 Июль 2015 - 13:03
1)Сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Жаңылбасам жаңы гана сүрөтүн көрдүм WhatsAppтан. Келечекте аны менен бир болуп, аны бактылуу кыла аласызбы? Же азыр жөн гана сүйлөшүп жүрөсүзбү?
2) Китеп окууга кызыгат окшойсуз. Акыркы окуган чыгармаңыз кайсы? Ийгилик!
#11044 21 Июль 2015 - 13:47
aytkulova (21 Июль 2015 - 13:03) жазган:
Саламатчылык, кандайсын өрмө чач? окууга өтүшүң менен куттуктаймын. Куш келипсин!
1)Сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Жаңылбасам жаңы гана сүрөтүн көрдүм WhatsAppтан. Келечекте аны менен бир болуп, аны бактылуу кыла аласызбы? Же азыр жөн гана сүйлөшүп жүрөсүзбү?
★ Ооба ошол сүйлөшкөн кызым. Аны менен сүйлөшкөнүмө көп убакыт боло элек, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз жана жылдызыбыз келишет деп ойлойм. Албетте келечекте бирге болобуз дей албайм убакыт көрсөтөт баарын. Эгер ага үйлөнүп калсам, аныбы же башка кыздыбы албетте бактылуу кылам.
2) Китеп окууга кызыгат окшойсуз. Акыркы окуган чыгармаңыз кайсы? Ийгилик!
★ Ооба китеп окушка аябай кызыгам себеби кесибим китеп менен байланышкан. Китепти канчалык көп окусаң, ошончо сөз байлыгын көбөйүп ой жүгүртүү жөндөмүңдү ашырат. Азыркы учурда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун акыркы чыгармасы болгон "Тоолор кулаганда" чыгармасын окуп жатам.
Сагада ийгилик. Дагы супер интервьюдан сени күтүп калам.

#11045 21 Июль 2015 - 18:31
Жалгыздык дегенди кандай тушуносун?
Форумчуларга жинин келгенде кантип озунду басасын?
Ата-энен учун эмне кылдын?
#11046 21 Июль 2015 - 19:59
• Өзүң кызыкпасаң неге медициналык окуу жайга тапшырдың?

Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 21 Июль 2015 - 20:01
#11047 21 Июль 2015 - 20:19
Салам Кумтор! Биринчиден интервьюна ийгилик!
Салам кандайсыз? куш келипсиз. Чооң рахмат, сиздей күчтүү-күйүмдүү эжелер дем берип турса.
Жалгыздык дегенди кандай
тушуносун?
◆ Жалгыздыкты эч кимдин башына салбасын. Жалгыздык дегенде мен карангы бир туңгуюкту элестетем. Кээде биз ойлонбой туруп, кана эле эми жалгыз эч ким жок жактарга качып кетсем деп туура эмес айтып алабыз. Бир күн келип карангы эч ким жок кабырда жалгыз калууну ойлобойбуз.
Форумчуларга жинин келгенде кантип озунду басасын?
◆ Эмоция меники, мен эмоцияныкы эмесмин. Демек эмоциямды башкара билсем болот. Кээде форумчулар менен айтышып кеткенде өзүмдү кармашка аракет кылам. Бирок чеги жеткенде өзүмдү баса албай бирөөнүн көңүлүн оорутуп алып, кийин аттиң кылам. Себеби адамдын көңүлү тактай сымал ага мыкты кагып, кайра сууруп алсаң өкүнүчтүүсү мыктын изи эч качан кетпейт. Хадисте айтылган: Эң чоң жихат бул- адамдын өзүнүн напсисине болгон жихат . Ушунун сыңарындай Суперстан бул вирт жашоо. Форумчуларга таарынгыдай алар менин туугандарым эмес. Ошондуктан өжөрлүктү, урушчаактыкты көтөрө билген адамга көрсөтүш керек деп ойлойм.
Ата-энен учун эмне кылдын?
◆ Биринчи Ата-энем мен үчүн эмне кылды деп өзүмө суроо берип анан мен Ата-энем үчүн эмне кылдым? деген суроонун үстүнөн баш катырышым керек. Жогоруда айтканымдай Атам менин жаштыгымда эле каза болуп калган. Апам байкуш 4- баланы атасыз өзү күйөөгө чыкпай, элден кем кылбай аталуудан ашык кылып чоңойтуп өстүрдү. Эсимде апам бир мекемеде иштөчү түштөн кийин базарда иштеп эркектерден бетер бекемдик менен биздин баарыбызды окутту, үйлөдү-жайлады. Кудайга шүгүр эч кандай кыйынчылык көрбөй өстүм. Мен апама өмүр бою карызмын. Берген ак сүтүн, ак эмгегин эч качан актай албасам керек. Апам үчүн мен али эч нерсе кыла элекмин. Буюрса окуумду бүтүп, кесибим менен ак нан таап апамды ханышалардай багам албетте. Бир туугандар ушул жылы энекемди ажыга жиберели деп жатабыз.
Суроо бергениңиз үчүн сизге терең ыраазычылык. Иштериңизге албан ийгиликтерди каалаймын!
#11048 21 Июль 2015 - 20:32
lazygirl (21 Июль 2015 - 19:59) жазган:
• Өзүң кызыкпасаң неге медициналык окуу жайга тапшырдың?

Саламатчылык Жанара кандаисын? каникулдар кандай өтүп жатат айыл-апа тынчпы.
♣ Апам жаштыгында даарыгер болом деп максатына жетпей калган экен.
Ошондон улам албетте бир перзентимди врач кылам деп максат кылган. Мен ОРТден алтын сертификат алганда аябай толкунданып мектепте ыйлады. Мени менен сыймыктанды жана ишенимдүү түрдө мындай деди: Мен ушундай уул менен сыймыктанам жана албетте менин уулум колу жеңил хирург-даарыгер болот деген эле. Мен апамдын максатын- кыялын кыя алган жокмун. Жаш экенмин даарыгер боло берем деп тапшырып алып аябай өкүндүм. Көрсө даарыгерлик кесип мен үчүн эмес экен. Менден даарыгер чыкпашына көзүм жетип, өз ыктыярым мен кадырлуу "мугалим" деген кесипти тандап алдым. Тандаганыма өкүнбөйм, себеби өзүм сүйгөн кесипке окуп жатам жана бактылуумун.
Инсан өмүрүндө 2-нерседен адашпашы керек. Өмүрлүк жары жана кесибинен. Себеби бул 2-нерсени эч качан алмаштыра албайсын. Өмүр бою ушул 2-нерсе менен жашап өтөсүн.
Сурооңо рахмат. Келип тур.
#11049 22 Июль 2015 - 02:46
Эми суроо сага ;1)Жалан кыздар менен оскондойсун, канча бир туугансынар жана бир туугандарын жонундо айта кетсен кыскача.
2)Форумдан кеттим деп айткандай болдун эле ,дагы ушунтип айтып алып кете албай жургон жигиттер бар эмеспи, ошолордун катарын толуктап калам деп ойлодун беле?
3)Жигит деген кандай болуш керек, муноздомо берип отсон бир аз.
#11050 22 Июль 2015 - 07:46
1)суроо?
Сен суйлошкон кыз Апана жакбай калды,а сен уйлонушун керек болуп апан сага башка кыз таап койду озун суйлошконго уйлонмоксунбу, же..апан таап бергенгеби?
2)суроо?
Карасам копчулук жерде хадис менен жооп бересин,
Илимден тушунугун кандай?
3)суроо?
Таза суунун формуласы(химиядан отсон керек).
Эркин соз Окууна ийгилик.
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#11051 22 Июль 2015 - 09:07
Салам Кумтор иним ,куш келипсин! Интервьюга кыйналбай,нетпей келип алдынбы ?))
Салам, рахмат ооба келип алдым.
1) 4- бир тууганбыз 2эжем 1агам бар. Алар үй-бүлөлүү, баары жогорку билимдүү. Мен үйдө эң кенжесимин.
2) Мен өзүмдү алардын катарына кошо албайм. Себеби мен бул жерге атайын чакыруу менен келдим. Болбосо келбейт элем. Интервью берип бүткөн соң, албетте түбөлүккө вирт дүйнөсүнөн кетем. Мени кармап турган нерсе СУПЕР ИНТЕРВЬЮ
3) Жигит эң биринчи сөзүнө туруп жана намыскөй болуусу керек.
Мен жакка баш бакканыңыз үчүн рахмат.
#11052 22 Июль 2015 - 09:50
Ассолом алейкум Кумтор укя интервюна ийгилик.
Алейкум ассалом Ош93 ыраазычылык
● Экөөнө тең дейинби? Эгер мен өзүм тапкан кызды чындап сүйсөм, анда апам тапкан кыз менен бетме-бет ачык сүйлөшмөкмүн. Мен сени сүйбөйм, сүйүлбөгөн үй-бүлөдө ынтымак, бакыт жашабайт. Деп жакшылап түшүндүрүп анан апама айтмада түшүндүрмөкмүн. Негизи Ата-эне баласына жамандык каалабайт. Жакшы болсун дейт, ошондуктан кээде алардын айтканын кылууда пайда. Бирок реалда апам андайга барбайт
● Атайын динден илимим жок. Жөн гана кээде курандын кыргызчасын окуп турам. Бирок албетте бир күн илим алам себеби илим-билим алуу бешиктен кабырга чейин парз.
● Муну баары эле билсе керек. Негизи суунун формуласы Аш эки о аны дистирлегенден кийин суу газ болуп учуп 0эки же дат басып щелочтуу ферум болуп калбайтда.
Таза суунун формуласы: Н2О
Эркин микрофон: Флудканага көп-көп пайдалуу кеңештерди жазып, Оматтуу оштун, Кыргызстандын керегине жараган атуулдардан болушуңузга тилектешин. Суроолоруңузга рахмат. Ийгилик каалайм!
#11053 22 Июль 2015 - 12:40
Kandaisyn?
Men da 1-2 suroo berip ketsem...
1)Akyrky jolu kachan yiladyn ele?
Emne sebepten?
2)Dosun satyp ketse emne kylmaksyn?
3)Birinchi jolu kaisy sabaktan 2 algan elen je ech algan emessinbi?

#11054 22 Июль 2015 - 12:53
Nurmatova (22 Июль 2015 - 12:40) жазган:
Kandaisyn?
Салам, жакшы рахмат өзүң кандайсын? Куш келипсиң! кофе ичесинби же чайбы))
Men da 1-2 suroo berip ketsem...
1)Akyrky jolu kachan yiladyn ele?
Emne sebepten?
● Негизи ыйлабайм десем жалган сүйлөгөн болом. Акыркы жолу 1-жыл алдың Чоң энем каза болгондо ыйлагам. Кудай эч бир инсанды ыйлатпасын.
2)Dosun satyp ketse emne kylmaksyn?
● Мурда ушундай учур болгон. Мен чыныгы кан дос болот дегенге ишенбейм. Болсода чанда гана кездешет. Сатып кетсе эч нерсе кылмак эмесмин. Жөн гана кудайга салып коймокмун.
3)Birinchi jolu kaisy sabaktan 2 algan elen je ech algan emessinbi?

● Биринчи жолубу тааак математикадан 5-классымда алгам. Бирок тема айтып берип, ал экини жойгом.
Акыркы жолу гистология сабагынан 2 алдым былтыр

Дагы келип тур.
#11055 22 Июль 2015 - 14:22
Менден сага бир эле суроо- неге СУПЕР ИНТЕРЬВЮГА келууну кааладын?))
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#11056 22 Июль 2015 - 14:28
#11057 22 Июль 2015 - 14:40

Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#11058 22 Июль 2015 - 14:54

#11059 22 Июль 2015 - 15:01
ortiz.kg (22 Июль 2015 - 14:54) жазган:

Правам бар. унааны 2011-жылдан бери айдайм. праваны 2013-жылы алгам. Көк бет? ))) жок э андай эмессмин. Кудай сактасын! Жумушта болгонума бай-уу так гана жооп бердим.
Рахмат келип туруңуз.
#11060 22 Июль 2015 - 15:37
Кыргызстанда канча керемет бар атап өтсөн?
Дүйнөнүн 7 кереметин билесинби билсен кайсылар?