Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 137
  • 138
  • 139
  • 140
  • 141
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2761 Пользователь офлайн   Mediziner   20 Июль 2015 - 23:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Дүйнөнүн эң коркунучтуу көпүрөсү

Бул көпүрө америкадагы Луна-парктарга окшошуп кетет. Ылдый түшүп келатканда кадимкидей коркунуч басат. Бул ажайып тик көпүрө тууралуу Day.Az булагы жазууда.

Маалыматка ылайык бул көпүрөнүн ылтый, тик жери 44 метр узундугунда. Атактуу Эшима Охаши көпүрөсү американын луна-парктарындай эле таасир калтырып, ылдый эңкейиши эч кимдин эсинен кетпей турган ирмемдерди жаратат. Көпүрөнүн мындай бийиктиги атайын Нэкоми көлүнө кемелердин өтүшү үчүн ылайыкталып жасалган. Бул инженердик курулуш Мацуэ жана Сакаиминато шаарларын бириктирип турат. Эшима Охаши көпүрөсү татаал конструкция менен курулган жана көлөмү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү көпүрө болуп саналат. Көпүрөнүн жалпы узундугу 1,7 километр, туурасы 11,3 метр. Чындыгында америкалык луна-парктагы чукул көпүрөлөр, сүрөттө көрүнгөндөй коркунуч жаратпайт. Ал эми Жапон көпүрөсү алдый эңкейиши 6.1% жана 5.1% түзөт. Анын алдынан бардык өлчөмдөгү кемелер кенен эле өтүп кетишет.Сүрөт Сүрөт


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2762 Пользователь офлайн   malika14   20 Июль 2015 - 23:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Просмотр сообщения Mediziner (20 Июль 2015 - 18:26) жазган:

Дүйнөнүн эң коркунучтуу көпүрөсү

Бул көпүрө америкадагы Луна-парктарга окшошуп кетет. Ылдый түшүп келатканда кадимкидей коркунуч басат. Бул ажайып тик көпүрө тууралуу Day.Az булагы жазууда.

Маалыматка ылайык бул көпүрөнүн ылтый, тик жери 44 метр узундугунда. Атактуу Эшима Охаши көпүрөсү американын луна-парктарындай эле таасир калтырып, ылдый эңкейиши эч кимдин эсинен кетпей турган ирмемдерди жаратат. Көпүрөнүн мындай бийиктиги атайын Нэкоми көлүнө кемелердин өтүшү үчүн ылайыкталып жасалган. Бул инженердик курулуш Мацуэ жана Сакаиминато шаарларын бириктирип турат. Эшима Охаши көпүрөсү татаал конструкция менен курулган жана көлөмү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү көпүрө болуп саналат. Көпүрөнүн жалпы узундугу 1,7 километр, туурасы 11,3 метр. Чындыгында америкалык луна-парктагы чукул көпүрөлөр, сүрөттө көрүнгөндөй коркунуч жаратпайт. Ал эми Жапон көпүрөсү алдый эңкейиши 6.1% жана 5.1% түзөт. Анын алдынан бардык өлчөмдөгү кемелер кенен эле өтүп кетишет.Сүрөт Сүрөт



Oto buiuk ekengo.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2763 Пользователь офлайн   Mediziner   21 Июль 2015 - 00:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Башы кесилген жылан ашпозчуну чагып өлтүрдү

Башы кесилген жылан ашпозчуну чагып өлтүрдү. Мындай адамдын акылына келбес окуя тууралуу Daily Mail гезитинин интернет сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Кытайда өтө жайылган жылан сорпосун жасоо үчүн жыландын башын кесип, калганын даярдап жатканда кесилген баш ашпозчуну чагып алган. Пенг Фан аттуу ашпозчу эчен жылдардан бери жыландан тамак-аштарды жасоо боюнча эң тажрыйбалуу адис болсо дагы жыландын кесилген башы чагып алганына баары таң калышууда. Бул уу жыландарга өтө этияттык менен мамиле кылуу керектигин баары билишет. Жыландын уусунан ашпозчу 20 мүнөткө жетпей каза болгон. Кесиптештерине айтышында Пенг Фан жыландын башын дароо ыргытып салбай жанына коюп койгон.

Адистердин айтымында жылан баштаган сойлоп жүрүүчү жандыктар башы кесилгенден кийин дагы бир саатка чейин жашай алышат.

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2764 Пользователь офлайн   Oceana.   21 Июль 2015 - 00:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 04 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Мар 2021 03:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Superstan

Укмушко.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2765 Пользователь офлайн   Mamadiyar   21 Июль 2015 - 00:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 418
  • Катталган: 21 Июнь 15
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 10:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Шумдугун кургур!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2766 Пользователь офлайн   Alina1984   21 Июль 2015 - 10:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Белгисиз

Шумдугун кургур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2767 Пользователь офлайн   Mediziner   22 Июль 2015 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Ишеничин далилдеш үчүн тирүүлөй жылан жешүүдө



Түштүк Африкада чиркөө кызматкери жамаат мүчөлөрүн ишеничин текшериш үчүн тирүүлөй жылан жедирген. Бул тууралуу DHA агенттиги жазууда. Маалыматка ылайык адамдын үрөйүн учурган сүрөттөрдү Facebook жарыялаган.

Сүрөттөрдүн жанында "Ишеничи аз болгондор болгону чөптөрдү жешет, ал эми ишеничи күчтүү болгондор баардыгын жей алышат" деп жазып койгон.Анда өлкөнүн борбору Претория шаарына жакын 25 километр түндүгүндөгү чиркөөнүн дин адамы жамаат мүчөлөрүнө тирүүлөй жылан жедирип жатат.Бул сүрөттөрдөн кийин айбанаттарды коргоо уюму мындай ырайымсыз мамиле кылгандыгы үчүн чиркөөнүн кызматкерин сотко беришкен.

Айбанаттарды коргоо уюмунун инспектору Мишак Матлоу "Биз азыр алдын ала изилдөөлөрдү жүргүздүк.Бир жумадан кийин ага каршы кылмыш иши козголмокчу" деди. Ал эми дин адамы эч качан үйүндө же чиркөөдө сойлоп жүрүүчүлөрдү кармабагандыгын жана керек болгондо сырттан кармап келээрин билдирген. Аймактын полиция өкүлү Пенуель Мнгунинин билдиргенине караганда дин кызматкери бул жумада кармалган жана иликтөө иштери жүрүүдө.Сүрөт


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2768 Пользователь офлайн   Mediziner   22 Июль 2015 - 14:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мурундары 4 тешиктүү аялзаттары

Индиядагы байыркы Апатани уруусунун аялдарын көргөндөр таң калышууда. Анткени алар сулуулук үчүн мурундарын 4 жеринен тештирип алышат. Бул тууралуу esquire.com булагы жазууда.

Маалыматка ылайык Индиянын Зиро аймагында жашаган Апатани уруусунун аялдарынын эң башкы өзгөчөлүгү сулуулук курмандары болушуп, мурундарын тештирип алышат. Бул урууда кыз төрөлгөндөн кийин эле мурундарын тештирип коет. Мурундарынын эки тарабынан тең тешик ачылып, сулуулук үчүн тыгын коюлат. Бирок, бул тешиктер сулуу көргөзбөгөнү менен ошол уруунун тукуму экендигин тастыктап турат.Тарыхчылардын изилдөөлөрүнө караганда Апатани уруусунун аялдары коңшу уруунун эркектерине сулуу көрүнүш үчүн кылымдар мурун эле ушундай сулууланып келген. Анткени, мурдагы замандарда сулуу кыздарды качырып кетүү адаттары болгон. Апатани уруусунун төбөлдөрү дагы өз аялдарын башкалардан айырмалаш үчүн мурундарын тештирүүгө уруксат беришкен. Бул ыкма менен өз уруусунун аялдарынын белгиси сыяктуу колдонушкан.

Азыркы учурда бул улуттук өзгөчөлүк жоголуп баратат. Ошондуктан 50 жаштан өөдөкү аялдардын баардыгы мурундарында тешиктер бар. Ал эми кийинки муун бул адаттарды унутуп деле калышты.Ошондуктан мындай сулуулук курмандыктары артта калып келатат.СүрөтСүрөт


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2769 Пользователь офлайн   Mediziner   22 Июль 2015 - 15:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Дүйнөдөгү эң коркунучтуу кесиптер



1.Шахтер. Бул кызматтагылар жылына орточо эсеп менен 50-60 киши каза болот. Айрыкча тоолордогу жардыруу жана көмүр казуудагы газ же метан менен уулануулар көп кайталанат.

2. Карагай кыйгыч. Бул жумуш бийиктикте иштөөгө байланышкан. Буга кошумча чынжыр араалар жана тактай тилгич техникалар колдонулат. Акыркы жылдагы статистикалык маалыматарга караганда бул тармакта 100 000 миң кишинин ичинен 116 киши иш учурунда өлгөн.

3. Өрт өчүргүчтөр. Бул кесиптегилерди өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүүгө тыкыр даярдаганы менен кырсык каш-кабактын ортосунда болот. Өрт кырсыгы түрдүү жаракат алуу жана өлүм менен аяктаган окуялар көп болот.

4. Бийик кабаттуу үйлөрдүн терезесин жуучу. Бул өтө бийиктикте иштеген жана атайын даярдыктардан өтүшөт. Буга карабай коопсуздук техника эрежелерин сактабагандыктан да кырсыктар көп катталат.

5. Электр монтаждоочу. Бул өтө сейрек кездешүүчү кесиптердин бири. Анткени, жогорку вольттогу чубалгылардагы монтаждоо иштери кол менен жасалат. Анан мындай иштерди жасоого баары эле макул боло бербейт.

6. Сапёр. Акыркы статистикалык маалыматтарга караганда 5-6 жыл ичинде эле миналарды алып, зыянсыз кылуу иштеринде 500 жакын киши өлгөн.

7. Мунайзат скважинасы бургулоо. Бул кесипке баары эле күчү жете бербейт. Булар дээрлик 12 саат бою жогорку ысыктыкта жана буга кошумча цивилизациядан алыс аймактарда иштешет.

8. Жээк коопсуздугу жана куткаруу кызматы. Суу ташкыны жана куткаруу иштери менен алар дайыма үйгө кайтып келбей калуу коркунучу менен жашашат.

9. Ачык деңиздерде тонбалыктарды кармоо. Бул кесип эң көп өлүмдөрдү алып келгендиги менен белгилүү. Көк тонбалыктарды кармоо менен көпчүлүгү тиричилик кылышат. Бирок, бул кесип өтө кооптуу болсо дагы конкуренция күчтүү эсептелет.




Сүрөт





Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2770 Пользователь офлайн   Mediziner   26 Июль 2015 - 15:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бельгиялык фотограф Сербия Марко Вельйович "косметика адамды өз жашынан бир топ улуу көрсөтүп коёт" деген сөздү тастыктап, өзүнүн модели Тамара Михайловичке фотоэксперимент жүргүзүп көргөн. Натыйжада 10 жашар кызды, өзүнүн жашынан алда канча улуу кылып сүрөткө түшүрүүгө жетишкен.



Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт

Сүрөт
Сүрөт
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2771 Пользователь офлайн   Mediziner   26 Июль 2015 - 15:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

23 күлкү жараткан 3D татиуровкалары

Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт
СүрөтСүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт
Сүрөт

Сүрөт




Сүрөт


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 26 Июль 2015 - 15:51

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2772 Пользователь офлайн   Mediziner   26 Июль 2015 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Станокко алдырып алган колун кайра өзүндөй кылып жамап беришти


Кытайдын Чангша шаарында акылга сыйбас кырсык болгон. Бул тууралуу yenisafak.com булагы жазууда.


Эмерек фабрикасынын жумушчусу Зуи сол колун станокко билектен жулдуруп алган. Тез жардам менен ооруканага ыкчам жеткирилген Зуини дарылашкан. Бирок кесилген колун ордуна тигиш үчүн өзгөчө ыкма колдонгон. Мындан мурун дагы мындай операция жасаган доктор Танг Жуйи жулунган колун айыктырмак үчүн убакыт талап кылынаарын билдирген.


Доктор керектүү ысыктыкта турган кесилген колду кайрадан 10 саат ичинде колдонууга мүмкүн экендигин аныктап, көп кан жоготпостон , сол бутунун аягына тигип койгон.Муну менен доктур колдун эт бөлүгү калыбына келтириш үчүн бир айга жакын убакытка чейин кармап турган.


Белгилүү убакыт өткөндөн кийин калыбына келген колду 10 сааттык операция жасап, ордуна тигип беришкен. Кайрадан колуна ээ болгон Зуинин кубанычынын чеги жок. Бирок ал тигилген колун мурдагыдай кыймылдата албайт . Ал үчүн дагы бир топ убакыт физикалык дарылануудан өтүүсү зарыл.


Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2773 Пользователь офлайн   Mediziner   26 Июль 2015 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Оозу менен сүрөт тарта баштады


Англиялык майып Хенри Фрэйзер оозу менен сүрөт тартууда. Мындай эрки күчтүү адам тууралуу sport-express.ru булагы жазды. Эч нерсеге карабай турмуштун кыйынчылыктарына тике туруп, тынымсыз изденген адамды көрүп, сиздин маселеңиз эч нерсе эмес экендигин көрөсүз.


Маалыматка караганда Хенри Фрэйзер 2009-жылы 17 жашында сууга секирип,омурткасы сынып, колу буту шал болуп иштебей калган. Ага чейин футбол менен машыгып жүргөн, бийик максатуу жаш адам майып болуп, коляскада отуруп калган. Ошондон бери Хенри коляскада отура бербестен кадимки сүрөтчүлөрдөн кем эмес ар кандай атактуу адамдардын портреттерин тартууда. Ал өзүнүн твиттер баракчасына " Мен тирүү калганыма кубанычтамын. Эң башкысы дем алып жана сүйлөп жатам" деп жазган. Хенри акыркы убактарда жалаң гана атактуу спортчулардын портреттерин оозу менен тартууда. Тарткан сүрөттөрүн социалдык тармак аркылуу көрүүчүлөргө сунган Хенри Фрэйзер эң көп ышкыбоздорун топтоп, жашоодо бактылуу экендигин жана майыптык менен күрөшүүгө чакырыктарды жасоодо.




Сүрөт


Сүрөт


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2774 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Август 2015 - 01:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Адам чоңойсо кошо чоңойгон бут кийим жарыкка чыкты. Жаш дизайнер Кентон Ли буттун өлчөмүнө ылайык өзгөртүлө турган бут кийим ойлоп тапты. Мындай бут кийимди беш өлчөмгө чейин өзгөртсө болот жана эң аз дегенде беш жыл ичинде кийүүгө мүмкүн. Кентон Ли аталган бут кийимди ойлоп табуунун максаты начар жашаган үй-бүлөдөгү балдарды бут кийим менен камсыздоо экенин билдирет.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2775 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Август 2015 - 01:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Лондондо ашпозчунун ордун баса турган робот пайда болду. Ага 129 сенсор жана 20 б6л6к мотор орнотулган. Анын атайын программасы адамды туураганга, тамак даярдаганга жөндөмдүү. Аны түзгөндөр билдиргендей, роботту дүйнөлүк рынокко дагы 2 жылдан кийин алып чыгууну пландап жатышат.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2776 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Август 2015 - 01:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Адамдын арыктоосуна көмөк көрсөткөн, бийлей турган үстөл жарыкка чыкты. Америкалык адистер ойлоп тапкан бул түзүм айымдардарга өтө керектүү жана ыңгайлуу. Себеби, атайын диета кармап же спорттук залга барууунун кереги жок. Ага отуруп, иштетип койсо отурган адам кадимкидей эле кыймылда болуп, көнүгүүлөр жаса баштайт. Эң негизгиси муундары ооруган адамдарга пайдалуу.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2777 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Август 2015 - 01:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

2018-жылы жасалма жүрөктөр адамдарга салына баштайт. Австралиядагы Квинсленд технологиялык университетинин адистери жаңы ачылышты жарыкка алып чыгышты. Маалыматка ылайык, алар адамдын дарты бар жүрөгүн башка жасалма жүрөкекө алмаштырышат. Алардын биринчи эксперти койлорго жасалып, ийгиликтүү өттү. Эми алар 3 жылдан ичинде адамдарга жасап көрүүнү пландашууда. Бул түзүм диск сыяктуу айланып турат. Ал айланган сайын кишинин организминдеги канды жүрөктүн функциясын аткарып айлантат. Бирок адамдын табигый жүрөгүнөн кичине алсызыраак.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2778 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Август 2015 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Россияда уят сөздөрдү айтуу адатынан арылтуучу кол билерик чыгарылды. Аны Томск политехникалык университетинин адистери ойлоп тапты. Билерик блютус аркылуу телефон же башка аппарат менен байланышып, адам адепсиз сөздөрдү айткан учурда аны аз ченемдеги ток менен уруп турат. Белгилеп кетүүчү нерсе, мындай технологиялар чет өлкөдө дагы белгилүү. Алсак, Массачусетс технологиялык университетинде электр тогу менен социалдык тармактардан даарылашса, Стэнфорд окуу жайнынын адистери пайдалуу адаттарга көндүрүүчү билерик ойлоп табышкан.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2779 Пользователь офлайн   komunizm-city   25 Сентябрь 2015 - 21:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 10 Март 14
  • Соңку аракети: 15 Окт 2016 23:26
  • Жынысы:Эркек

бай болгурлар жазгыла дагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2780 Пользователь офлайн   poping.dance   05 Октябрь 2015 - 00:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 439
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2023 01:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

теманы чан басып кетиптирго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 137
  • 138
  • 139
  • 140
  • 141
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: