Суперстан: Монолог. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...

#221 Пользователь офлайн   AeCHka   08 Июль 2009 - 02:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эстедим сени, энседим...негедир колдун жээгинде, касиеттуу колубуздун жээгинде коп жакшы нерселер эске тушуп, жаштыгымды энсеп, сени эстеп, баргым келди сага. Азыр да уйкум качып, жакшы адамдар менен баарлашуу мен учун илгерки болгон жаштыгымдын жалындарын эске салды. Сен да алыстасын, мен да алыстамын... ушул жерге сени менен чогуу келген кундорду сагындым, сен экообуздон башка бактылуу адам жоктой сезилет. Бугун сен сезгендей коп жолу чалдын мага, балким менин сага болгон сезимим сени да тынч койбостон, уйкунду качырып жаткандыр. Сен да азыр уктабастан, кайра-кайра мага чалып, ар нерсени шылтоо кылып сураттырып. ..кайра-кайра суроо узатып, кат жазып...эстеп, ойлонуп корсом..озубузго- озубуз душман болуп жатыптырбыз. ..баары жайында болот жаным дедин...мен сенсиз жашай албайм дедин...дайыма айтасын...чон адамдар айткандай, экообуздун ортобузга кара мышык жорголоду, шайтанга алдырдык, коз тийди, соз тийди..экообуздон башка бактылуу адамдар жок эле бул жашоодо...оюбуз бир, созубуз бир эле...мен ишенем, дагы деле ошондой боло бермекчи...деп бироо катуу ойлонгон оюн мен ушул бетке жазып илип койдум...
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   Jahonna   08 Июль 2009 - 09:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 05 Апр 2010 15:26

Тан атты!Кечинде асман менен сырдашып,кун чыгышын кутуп тан аттырдым.Ошол убакыттын ичинде коп нерселер менен сырдаштым.Асманда жылдыздар жарык нурун чачып,салкын аба бетими келип сылагылап кетип жатты.Аябай рахат алдым.Алыстарга кетип эч ким жок жерге баргым келет болчу,кечинде мен жалгыз олтуруп танды тосуп алдым.Ошол кезде жылдыз учту,булуттар ар кандай формага келип мени менен оюн ойноду.Эн кызыктуусу менин эн жакын досум жарканат боло алды.Айнекте баарын тамаша кылып олтурсам жарканат коз алдыма учуп келип кайра кетип мага тийишип жатты.Журогум ушунчалык толкунданды, таттуу кыялга баттым,таарынбадым тагдырыма,жашоо ушунчалык кереметтигин тундо гана баалай алам.Менин уйкум алмашкан жарык жашоосунан да,тун жашоосунда кымбат сырдаш досторум бар.Мен жалгыз досум жарканатка рахмат айтам,ал кундо мага тан атаарда эрмек боло алат,эн жаманы жарык нуру жер бетине тушкон убакытта,жарканаттын ойногусу келбей кош айтышат,аны бир заматта таппай жоготуп алам. Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   Kirgizshaa   08 Июль 2009 - 14:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 828
  • Катталган: 09 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 08 Июн 2014 17:56
  • Жынысы:Белгисиз

Адаштым. ..жанылдым..
.
Алыстардан келген элен, бирок мен учун эмес, озуно керектуу болгон учун, сага чалдым, ар дайым жинин келгендей эле бул жолу да -азыр уктап жатам, кечинде чал- деп кыйкырдын, мен учун конумуш болуп калган, коп деле маани бербедим...капилет кырсык болбосо балким сага ошол кунку смс терди жазбайт элем.
Ошол бойдон ден соолугуму деле сурап койгон жоксун. Эртеси дагы чалдым...Сенден жийиркенем дедин, жамансын дедин, башкалардан айырман жок дедин, менин аруу сезимдерим сен учун эч нерсеге арзыбаган нерсе экенин ошондо билдим...Аябай окундум...суттой таза сезимдеримди сага арнаганыма, мындан кийин чалба дедин, сурандым,
-жок
-баарын унут
-кантип??? кантииппп??? сени эми тааныдым, неге суйлошуп жургонуну эми билдим, сен жамансын, баардык эркектер окшошсунар, жек кором силерди!! ! Менин созумдун акырына чейин укпадын, жалдырадым, суйлогонго мумкунчулук бербедин,
-Мага мумкунчулук бер, мен далилдейм
-Кереги жок, бул эми эч кандай мааниге ээ эмес дедин.
-Таш боорсун!! ! Мерезсин! !! кыйкырып жибердим, ушул создор сага таасир берди, таш боор эмесмин, сен жалганчысын дедин. Акырында айтаар созумду да таппай калдым, бир айткан созумду кайра кайра кайталай бердим, мен далилдейм, мен далилдейм...
Оору жанымды сыздатып, озумду жоготуп бараткамын. ..
Дагы бир тан атты, кундогудой сага телефон чалганга кучум жетпеди...
Ооба, мени кечир, мени кечир, адаштым...жаманмын. .
.жалганчымын. ..

Бугумду жазайынчы
Буулугуп батпай калдым
Конулсуз бул жашоодо
Эч кимге жакпай калдым
Турмуштун жолдорунда
Чалынып баспай калдым
Саанаага батып журуп
Белгисиз жанга айландым
Айткылачы эмне кылам
Айламды таппай калдым

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   adalsvards   08 Июль 2009 - 14:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Цитата

Айткылачы эмне кылам
Айламды таппай калдым

Убакыт бардык дартка дабаа...
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   SeNSoR   09 Июль 2009 - 18:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 18 Май 09
  • Соңку аракети: 25 Мар 2017 12:45
  • Телефон:айтпайм
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Өткөө лдө
(Юморлуу аңгеме)
Астымдан чыккан Маркабайды көргөндө күлкүм келе түштү.
- Ой дос, кейпиң кантет сууга түшкөн тооктой болуп. Эмне турасың бул жерде калчылдап?..
- Күлгөнү ңдү көрөм сенин тигил жакка барганда. Менче аялың менен балдарың өтүп кетип өзүң калсаң... - деп кеп аягын туюктай дугдуюп тескери карады.
Ал жаңсап көрсөткө н жакты карасам топурап чогулган эл. Баары бир эшиктен өтүү гө түртүшү п баратат. Так ооздо мурдунда кызыл лапмочкасы бар робот отурат. Ары жакка өтөм деген кишинин тамырын кармап көрүп оорусун шакылдатып айтууда. Бири жакындады эле шап колдон алып:
"Күнө өсү аракечтик" деди эле, арыта турган дагы бир роботу дегдеңдете жетелей "Аракечтер" деген топко алпарып кошуп таштады. Дагы бирөөнү "паракор" деген топко, бирин "аягы суюк" деген тарапка, "эки жүздүү " дегендери да бар, дагы, дагы... дегеле көп топтор. Жанакы чайыттай маанайым чытылып кайра Маркабайга жакындадым.
- Я-а Маке, тигил эшиктин ары жагына өтпөй койсок кутулабызбы. Ага эмне анча капа болосуң. Жүрү андан көрөө к...
- А-аа аңкоо байкушум. Менин сөзүмдү аягына жеткирбей бузду.
- Ал эшиктин ары жагына өткөндө р жаңыланууга кирет. Өтө албагандар эски доор менен кетишет...
- Я-аа, эски менен кетишет дейсиңби? Кайда кетишет?
- Эски кайда кетсе ошол жакка... Кайда кетишет дейт тура.
Кекиртегиме тонгон май тургансып сүйлөй албай калдым. Элдин баары тигил эшикке жулунушууда. Ары өткөндө р аз. Көпчүлү гү жанагы "табличка" илинген топторго кошулушууда. Бар кордуктан да жанагинтип топко бөлүп эле тим койбостон, ал тарапта отурган башка роботтор тамырын кармап алып шакылдатып күнөө сүн жарыя окуп жатканычы. Топко кошулуп эшикке жакындай албай четтеп жүрсөм Какишим да жүрөт.
- Ой сен эмне жүрөсү ң, балдар гана?
- Балдар тигил жакка өтүп кетишти...
- Сен эмне калдың кошо өтпөй?
- Сени күтүп эле... деги мындай жумшак сүйлөгө нүн бери дегенде беш жылдан бери уга элек элем, кыз кезиндегидей шыңкылдап назик болуп кетиптир.
- Мени күтпө. Өтө бер - деп корсулдадым.
- Койчу чогуу эле өтөлү . Колтугума жабышып алды. Ошентип, түртүшү п отуруп эшикке да жакындай баштадык. Ан сайын денемден кара тер кетип өткөндө рдү ойлойм. План аткарылбай калды дегиче деп, жакында эле бир имаратты "бүттү бүттү" кылып жаап салганбыз. Курулуш материалдарынын көбү жанакы Маркабай аркылуу сатылып кеткенсиди эле. Анан тааныштык туунуштук дегендей... Үйгө кээде өзүнө н-өзү эле союлган кой, казы-карта, чучугу болуп дагы башкалары келип калат. Улуу кызымды быйыл жогорку окуу жайына эки тоголок ыргытып жатып араң аттаткам. Мына роботтун колуна түшөө рүбүзгө эки-үч эле киши калды. Эмне болоор экенмин ыя. Балким ушул роботуңдун мурдундагы кызыл лампочкасы менин күнөө мдүн көптүгү нөн аныктай албай катуу чыңалып "тарс" жарылбасын я-а.
Аңгыча астыда бараткан Кеңеш:
- Сен биринчи өтчү жаным. Эркектен озуп эшик аттаганым болбос, - деп кыйгачтады. Ачуум мурдумдун учуна келе түштү. Качантан бери салтты, жөндү билип калды экен дейм да. Анан жайында курортто жүргөндө гү күндөр эсиме кылт түшкөндө , жүрөгү м алкымыма тыгылды. Аным билинсе уу-уу. Башкасы бир тең, ошол бир тең болот го...
- Кой эркем, кантсе да балдардын энесисиң , кыздын кырк чачы улуу дейт, сен эле биринчи өт. Мен да ийиле Какишиме жол бошоттум. Биз бири-бирибизге ызаат менен жол бошотуп, сен өт болуп жатканда саат 12ге жакындап топурагандар жанагыдан да кысып түртө баштады. Көрсө, саат 12ге чейин ким өтүү гө үлгүрсө үлгүрү п, бизге окшоп кайпактагандар кала берет экен. Кысмактан ого бетер терге чөмүлө жан көзгө көрүнү п, роботтун арбайган темир колдоруна Какишим экөөбү з тең жакындап бараттык. Мен эле коркуп жатам десем анымдын да өңү бопбоз. Бул эмне мынча калтырайт, - деп коем.
- О-оо жараткан сактоочу болсоң сактай көр - деп көздү жуумп кыйкырып жибердим эле каруумдан бир кол апчый кармап силкилдетти. Болоору болду түшчү роботтун колуна түшсөм керек, - деп көзүмдү жүлдүйтү п ачып карасам Какишим.
- Ой сага эмне болду мынчалык кыйкырып?..
- Я-аа, биз кайдабыз? ...эки жагымды алактай карадым.
- Жинди болгон го. Кайда болот элек, үйдөбү з...
- Өх... түшүң менен түмүрө н калгырдыкы - деп желпинип жибердим. Жүрөгү м биртопко лакылдап жатты. Чын эле турмушта ушундай өткөөл болсо, эмне болмокпуз я-а, достор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   Лиана   09 Июль 2009 - 18:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 720
  • Катталган: 18 Май 09
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Журогумдосун ар дайым журогумдосун эмне жумуш менен алектенип жаттын экен .Качан караанынды корсотоор экенсин .Эмне учун сен мага жолуктун экен ушул суроого жооп таба албай келем ар дайым сен жонундо ойлоном кулсом кулкумдо корунгонсуйусун. ...Б
илем бир куну жарк этип келип каласын
Кызганыч адамда эки нерсени жаратат.Суйууну жана жек корууну...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   Kg kyz   14 Июль 2009 - 13:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 15 Июнь 09
  • Соңку аракети: 29 Янв 2015 05:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оsh

Цитата

Өткөө лдө
(Юморлуу аңгеме)
Астымдан чыккан Маркабайды көргөндө күлкүм келе түштү.
- Ой дос, кейпиң кантет сууга түшкөн тооктой болуп. Эмне турасың бул жерде калчылдап?..
- Күлгөнү ңдү көрөм сенин тигил жакка барганда. Менче аялың менен балдарың өтүп кетип өзүң калсаң... - деп кеп аягын туюктай дугдуюп тескери карады.
Ал жаңсап көрсөткө н жакты карасам топурап чогулган эл. Баары бир эшиктен өтүү гө түртүшү п баратат. Так ооздо мурдунда кызыл лапмочкасы бар робот отурат. Ары жакка өтөм деген кишинин тамырын кармап көрүп оорусун шакылдатып айтууда. Бири жакындады эле шап колдон алып:
"Күнө өсү аракечтик" деди эле, арыта турган дагы бир роботу дегдеңдете жетелей "Аракечтер" деген топко алпарып кошуп таштады. Дагы бирөөнү "паракор" деген топко, бирин "аягы суюк" деген тарапка, "эки жүздүү " дегендери да бар, дагы, дагы... дегеле көп топтор. Жанакы чайыттай маанайым чытылып кайра Маркабайга жакындадым.
- Я-а Маке, тигил эшиктин ары жагына өтпөй койсок кутулабызбы. Ага эмне анча капа болосуң. Жүрү андан көрөө к...
- А-аа аңкоо байкушум. Менин сөзүмдү аягына жеткирбей бузду.
- Ал эшиктин ары жагына өткөндө р жаңыланууга кирет. Өтө албагандар эски доор менен кетишет...
- Я-аа, эски менен кетишет дейсиңби? Кайда кетишет?
- Эски кайда кетсе ошол жакка... Кайда кетишет дейт тура.
Кекиртегиме тонгон май тургансып сүйлөй албай калдым. Элдин баары тигил эшикке жулунушууда. Ары өткөндө р аз. Көпчүлү гү жанагы "табличка" илинген топторго кошулушууда. Бар кордуктан да жанагинтип топко бөлүп эле тим койбостон, ал тарапта отурган башка роботтор тамырын кармап алып шакылдатып күнөө сүн жарыя окуп жатканычы. Топко кошулуп эшикке жакындай албай четтеп жүрсөм Какишим да жүрөт.
- Ой сен эмне жүрөсү ң, балдар гана?
- Балдар тигил жакка өтүп кетишти...
- Сен эмне калдың кошо өтпөй?
- Сени күтүп эле... деги мындай жумшак сүйлөгө нүн бери дегенде беш жылдан бери уга элек элем, кыз кезиндегидей шыңкылдап назик болуп кетиптир.
- Мени күтпө. Өтө бер - деп корсулдадым.
- Койчу чогуу эле өтөлү . Колтугума жабышып алды. Ошентип, түртүшү п отуруп эшикке да жакындай баштадык. Ан сайын денемден кара тер кетип өткөндө рдү ойлойм. План аткарылбай калды дегиче деп, жакында эле бир имаратты "бүттү бүттү" кылып жаап салганбыз. Курулуш материалдарынын көбү жанакы Маркабай аркылуу сатылып кеткенсиди эле. Анан тааныштык туунуштук дегендей... Үйгө кээде өзүнө н-өзү эле союлган кой, казы-карта, чучугу болуп дагы башкалары келип калат. Улуу кызымды быйыл жогорку окуу жайына эки тоголок ыргытып жатып араң аттаткам. Мына роботтун колуна түшөө рүбүзгө эки-үч эле киши калды. Эмне болоор экенмин ыя. Балким ушул роботуңдун мурдундагы кызыл лампочкасы менин күнөө мдүн көптүгү нөн аныктай албай катуу чыңалып "тарс" жарылбасын я-а.
Аңгыча астыда бараткан Кеңеш:
- Сен биринчи өтчү жаным. Эркектен озуп эшик аттаганым болбос, - деп кыйгачтады. Ачуум мурдумдун учуна келе түштү. Качантан бери салтты, жөндү билип калды экен дейм да. Анан жайында курортто жүргөндө гү күндөр эсиме кылт түшкөндө , жүрөгү м алкымыма тыгылды. Аным билинсе уу-уу. Башкасы бир тең, ошол бир тең болот го...
- Кой эркем, кантсе да балдардын энесисиң , кыздын кырк чачы улуу дейт, сен эле биринчи өт. Мен да ийиле Какишиме жол бошоттум. Биз бири-бирибизге ызаат менен жол бошотуп, сен өт болуп жатканда саат 12ге жакындап топурагандар жанагыдан да кысып түртө баштады. Көрсө, саат 12ге чейин ким өтүү гө үлгүрсө үлгүрү п, бизге окшоп кайпактагандар кала берет экен. Кысмактан ого бетер терге чөмүлө жан көзгө көрүнү п, роботтун арбайган темир колдоруна Какишим экөөбү з тең жакындап бараттык. Мен эле коркуп жатам десем анымдын да өңү бопбоз. Бул эмне мынча калтырайт, - деп коем.
- О-оо жараткан сактоочу болсоң сактай көр - деп көздү жуумп кыйкырып жибердим эле каруумдан бир кол апчый кармап силкилдетти. Болоору болду түшчү роботтун колуна түшсөм керек, - деп көзүмдү жүлдүйтү п ачып карасам Какишим.
- Ой сага эмне болду мынчалык кыйкырып?..
- Я-аа, биз кайдабыз? ...эки жагымды алактай карадым.
- Жинди болгон го. Кайда болот элек, үйдөбү з...
- Өх... түшүң менен түмүрө н калгырдыкы - деп желпинип жибердим. Жүрөгү м биртопко лакылдап жатты. Чын эле турмушта ушундай өткөө л болсо, эмне болмокпуз я-а, достор.

Жакшы ангеме. Мен муну окугам.(кайсы жерден окуганымды таптакыр эстей албадым).
Бул жерге монолог жазсак жакшы болмок го дейм USSR байке?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   USSR   14 Июль 2009 - 13:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Урматтуу достор! Монолог дегенди баарынар эле тушунсонор керек...бул ангеме да эмес(кайсы жанрда болбосун)...кундолук да эмес....тамаша да эмес....бири- биринерге комментарий берип отурчу нерсе эмес.... Монолог-кимдир бироо айткандай,озу менен озу суйлошуу,же болбосо жалгыздык менен маектешуу... . Эрежеси жонокой эле,сураныч, сактап койсонор.... Теманын автору катары жок дегенде озумдун темамды таза сакташ ниетинде силерге кайрылып отурам...мени туура тушуносуздор деген ниет менен баарыныздарды урматтап USSR.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   adalsvards   14 Июль 2009 - 15:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Салам, "мончик" !!!

Байкап корсом, мен сага же кубанганда, же кайгырганда гана келет экем...

Балким, ал нерсени айтарга адамым жоктур... А мен бугун нормальныймын, элестет... Ушундай кун да келет экен ээ? Билесинби, сага даттана бергенден да тажадым. Келип алып, баары сага ыйлай берсе, сен да ыйлай баштасан керек...

Тушумдо бир сонун туш кордум, озумчо жорудум, аткарылса, созсуз айтып берем. ОК?

Биздин дартыбызга дабаа болуп журо бер, "мончик" :crazy-girl:
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   ona   14 Июль 2009 - 22:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Тушуно албай келем адам табиятын... ээ койчу адам эмес озумдун табиятымды. .. айтып- айтып алдым кечоо ойлогонумду, чыдай албай кеткенимди, кабыл ала албастыгымды мындай журуш-туруштарын. .. эмнени ойлосом ошону бут айттым... ыгы жок тамашалары, создору жан дуйномду оорутуп жатканын айттым... кечирим сурашты, кээ бироо тултундап мунозун корсотуп калышты... .
"Мейли, дедим мындан ары мен эгоисттин дал озу болом, бироонун конулуно карап озумду, озумдун кызыкчылыгымда курмандыкка чалбайм", кандай мамиле болсо, ошондой жооп кайтарам... керемет создор:"Ийилгенге ийилгин, баалап берген кул эмес, какайганга какайгын, пайгамбардын уулу эмес",- деп, женилдеп калдым, согунуп да алдым, копко суйлоштук,бирок мен баары бир оз оюмда калдым...Ашкере боорукерчилик адамга жарашпайт корунот...
Мурда кунку коргон фильмдегидеги каармандай, 30 жашка чыкканда баарын жаны баштагым келбейт менин...
Мага менин ар бир кунум, ар бир саатым кымбат!! !
Керемет кечимди, же жаркын кунумду жарыбаган, арзыбаган нерселерди талкуулап, бироону кемсинтип, калп эле тур корсотуп сыртымдан кыйын болуп,же жасалма жылмайып откоргум келбейт... Баары "по настоящему" болсо дейм...Сага болгон сыйлоосу башкалардын, сен ошого таттыктуу болгонуна жараша болуш керек го, же сыйлоону кыйкырык-суроон менен, же жалпалактап- куйполоктоп, анан бироонун (аргасыздан, анткени ал сенден коз каранды!! !) калп эле сыртынан сыйламыш болгону кимге зарыл экен тушунбодум. .. Тушунбодум ушундай жасалма мамиледен ырахат алып, курсагын тойгузуп, кыйраткансып, озуно озуно ыраазы боло басып жургон адамдарды да...
Неге ушундай жаралып калдым экен, оз билгенимди бербеген кежир болуп... менимче менин жолум туура... Окунучтуусу, муну мен азыр обьективдуу баалай албайм... убакыттын отушу менен гана кандайдыр баа бере алуум мумкун... бирок ал учурда бир нерсе кылуу актуалдуу болбойт...
Биринчи Адамбыз го, анан бироонун кызы, бир кесиптин ээси, бир креслонун эгедери, бироонун душманы,бироонун суйгону, бироонун карындашы,бироонун классташы, бироонун курдашы ж.б.у.с. го...
Айтышты "ты не понимаешь,щась не такое время,ты опять за свое".... Ооба МЕН ОШОНДОЙМУН! !" Озумо таптакыр керексиз, бирок айланадагыларга жаккан беткаптарды чаптап журо албайм, жасалма жылмаюу тартуулай албайм, жалпактай жагына албайм, алдай албайм, башка бироонун авторитетине баш ийип бугуло албайм, коз карандылыкта кун кечире албайм, озумо жакпаган нерсени,же озум туура эмес деген нерсени мажбурлап жасата албайм озумо...тоголоно албайм тыйындын же байлыктын артынан, адамдык сапаттан кеткенче... адамдык мамиледен кеткенче...
Эмне кыл дейсин! эркиндикти суйом! эч кимге эч нерсе карыз болгум келбейт... албетте алтыным Апамдан башка....
Татыктууну сыйлайм,алсызга чын дилден колдон келген жардамымды аябайм,ак жолумдан тайбайм, кандай жашап келсем, ошондой жашоомду улантам... омур кыйырында созсуз ыраазы болом озумдун жашоомо...

Билдирүүнү түзөткөн: ona: 14 Июль 2009 - 22:36

"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   arhidey   23 Июль 2009 - 17:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Эх монолог кундорум кутуу менен отуудо.Эч озгоруу жок омурум отуудо.Гулун сени......кутуудо.
Жалгыздык басып жан дуйном,кайдан жолуктурдум? -окуном,келээр бекен деген ойго чомулом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   Kg kyz   25 Июль 2009 - 02:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 15 Июнь 09
  • Соңку аракети: 29 Янв 2015 05:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оsh

Эх! Сагындым ошол кундорду, кайрылып кайра баргым келет. Санаасы жок бейкапар балалыктын айлына.
Эсиндеби?
Шынкылдап кулуп, кубурашып, кытыгылашып, шейшепти айрып алгыча тыпырап анан кочуко бирден жеп, жаныбыз тына тарп этпей уйкуга кетчубуз.
Мага караганда кичуу болсон да, зирек болчун, жада калса мен учун да кайгырып, менин камымды жеп убара болчусун. Ыйласак чогуу ыйлап, кулсок чогуу кулуп, эгиз козудай ээрчишип, думбул уурдаганыбыз эсиндеби? Нымтырап журуп ожор эжен артта калып, санымы зымга тилдирип, канатып ыйлаганыбыздычы.
Кээде жаман иш кылып койсон кымындабай мага тонкоп койчусун. Келтегини деле ордуна жеп койчумун камырабай.
Култундоп алып, (таенем ушинтип айтчу сени) мектепке бегалмаларды сумкана салып алып саттчусун эч кимге айтпай. Анан баягы эле мага болушчусун.
Чонойуп калганында озуно кошуп алып мени да зордоп намазга жыккан элен секелегим десе.
Кудайга мин мертебе ыраазымын. Силердин бар экенинерге. Деги кимин кайда болсон да алтын башын аман болуп, тынч болгулачы менин кара чечекейлерим. Силердин коз жашынарды корбосом болгону.
Сизди аябай сагындым дейсин кээде агенттен чыгып алып, бети-башынызды колум менен кармалап, бетме-бет отуруп суйлошкум келет дейсин унун каргылдана сай-соогумду сыздатып.....
Тамашалап ар турдуу анекдотторду жазып калтырам...
Ушинтип коп-коптон жазып турсаныз деп жылмайган смайликти жибересин.
Келээрим менен далбастап компьютерге куп тушом. Бош болуп калсам сени андып отура берем. Кирээрин менен шыйрактап кармап алам да кетирбей, кечке жазышабыз.
Сени, аябай сагындым..... .......
.............
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   aruu   30 Июль 2009 - 09:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 268
  • Катталган: 07 Август 08
  • Соңку аракети: 12 Июн 2015 17:54
  • Калаасы:ОШ шаары

Тан эртеден которунку маанайым бир аз чого тушту..Бир жакшы адамды, болбогон еле нерсе жонундо айта коем деп... нааразы кылып алдым корунот. Дуйно таанууда, айлананы кароодо козумдо кийип алган "кулгун коз айнекти" "чечуум" керек деп коем, озумо. Кичине,козго корунуп,корунбогон, билинип билинбеген нерседен чон нерсени коруп алгандыгыма, .. анан да жакшы эле сыр жашырган жаным бу сапар жашыра албагандыгыма. .. озумду жемелеп отурам.

Билдирүүнү түзөткөн: aruu: 30 Июль 2009 - 09:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   kom   31 Июль 2009 - 13:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Эх жашоо...
Кандай гана кызыктуу, кандай гана окунучтуу, кандай гана тездик менен отуп жатасын...
ооо бал кезге кайткым келет. Кочо чанытып ойногондон башка эске келбеген мал кандай ган ширин маал ээ. Ал эми азыр бул турмушта, турмуштун ачуу соккулары тынымсыз кезектешип келген, биринен кутулсан бири жемелеген жашоодон жадап кетем. Кээде алыыыстарга кетким келет, кайра ойлонсом ал жакта деле ушундай эле корунуш да. Албетте чон турмушка аттануу бир жагынан жакшы, бирок ошентсе да балалыгым сени абдан сагындым...
Эми ошо сагынычымды озумдун балдарым аркылуу ган жаза алам деген ойдомун. значить тез арада уйлонуш керек. Бирок бул дагы тагдырдын бир чоон сыноосу да...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   Kg kyz   07 Август 2009 - 04:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 15 Июнь 09
  • Соңку аракети: 29 Янв 2015 05:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оsh

Болбогон нерсе үчүн, орой сүйлөп көңү лүңдү ооруткандаймын. ..
Күнөө мдү сезип турсам да кечирим сурабайм, ушундай текебермин. ..
Сенин жумшак мунөзү ң, адамгерчиликтуу, кечиримдү үлүгү ңдүн астында мен алда канча алсыз, коркокмун...
Бетиңе карап күнөө мдү мойнума албаймын. Ичимен туталанып жанып кетем, жалбарып, жалынып, тизелеп кечирим сураймын. Мен ушундай куру намыскөймүн...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   USSR   07 Август 2009 - 05:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Толгон ай каалгый сузуп...уйун коздой баратат....негедир билинбеген кусалык,сагыныч. ...а
р кандай кыялдар аралашкан сезимдер журокту бир мыжыгып отту..... Тээ алыста калган балалыгым тартылды коз алдыма....айылдын ай нуру тогулгон кечтери.....очокто соймондогон оттун табы....эххх. ..жаш откон сайын ошол элестер журокко жакын боло баштайт экен..... Кой,уктайынчы. ...тан атып калды....тереземден куюлган тан шооласын кучагыма бекем кыскан бойдон уктайын....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   Лиана   07 Август 2009 - 12:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 720
  • Катталган: 18 Май 09
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Шоола чачкан кун нуру мээрим тогуп тигилет ....жузумдо жылмайуу ....алыстардасын го эркем кайда журдун экен .............Тандын атканы бакыт тартуулап барган сайын мени мээримдуу жан кылып баратат мен сен учун гана жаралгандай сезип кетем озумду ....................
Кызганыч адамда эки нерсени жаратат.Суйууну жана жек корууну...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   AeCHka   09 Август 2009 - 22:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Менин апамдын жаркын элесине арналат.
2001 -жылы, 9 августта оорунун айынан биз апабыздан айрылып калдык эле. Бугун мына 8 жыл болду, апам азыр жаныбызда болгондо 7-сентябрь куну апам болгону 63 жашка толмок.

2000 жыл, август айы.
Ошол убакта мен жумушта элем, мага СИЗ, эжем, жээним учоонор келебиз деп телефон чалдынар. Мен белгиленген убакытка чейин жетишип келем деп шашылыш иштер менен чыгып кеттим эле.Келсем, менин кабинетимде диванда СИЗ жатасыз, эжем менен жээним купкуу болуп журоктору тушуп мени карап калышты. Эмне болду деп чуркап келсем, жээним ыйлап, таенем жолдон кулады дейт, титиреп, оозунан кобук чыгып жыгылып калды дейт. Корсо аялдамада автобус кутуп отуруп, ошол жерден эн биринчи жолу приступ кармаган экен, инсульт деген балакет барго...аялдамада жардам берген эч ким жок, эки жигит отуп бара жатып жардам бергендин ордуна, кайра жаман коруп, суйлонуп бара жатышат дейт, карачы татынакай аялдын ичип алып жатканын,деп. Жээним кечигип келип калыптыр, сизди эптеп машинага салып менин жумушума алып келип, кабинетим ачык эле, диванга жаткызып анан тез жардам чакырышат.Тез жардам менден кийин келип, микроинсульт деп кетти. Эртеси ооруканага жаткырганы алып бардым, 4 ооруканага жиберишти.Ал жактан да бир жолу текшерип жаткан убакта, дагы бир жолу приступ кармады. Ошентип биздин догдурдан догдурга чуркамайыбыз башталды, биртоп убакыт ооруканада жатып, кичине жакшы болуп калганда, бизге дагы бир диагноз коюп беришти- рак. Ошол кундон тартып 1 жыл сиз менен кошо ошол оорулар менен чогуу алышып келдик. СИЗ коп кыйналбадыныз, бизди да кыйнабадыныз, оорусаныз барып жатып, бираздан сон кайра эле туруп кетип аттыныз жата албай койдум деп. Биздин ар бирибиздин жакшылыгыбызды тен болушуп, биз менен омурунуздун аягына чейин чогуу болууга аракет кылдыныз.
Анан...анан СИЗ жок жашоо башталды, эн кичуу кызыныз 13 жашта эле, биз деле жаш боюнча калдык. Кыйналдык, кысталдык, жетим атка кондук, атасы тируулой туруп. Анткеним, атам экоонор чогуу жашабай калганынарга 10 жылдай болуп калды эле. Экоонордун ортонордогу ысык,эч нерсеге алмашкыс суйуунор бар эле, сизде ошол сезим омур бою калды, омурунуздун аягына чейин куттунуз атамды келет деп, балким озунунуздун оорунузду билип бизди- балдарынызды атасынын колуна тапшырайын дединизби, билбейм айтоор, аябай кутуп жаттыныз.
Мына сегиз жылдын жузу болду, СИЗ жаныбызда жок, тируулук ото берет оз нугу менен, СИЗДИН жаныбызда жок экенинизге да кондук. Эки иним уйлонду, эн кичуу синдимди да жакында турмушка бердик. Ар бир жакшылыгыбызда СИЗ биздин жаныбызда журосуз, кичине кыйналсак тушубуздо келесиз, кенештериниз менен жардам бересиз. СИЗДИН бизде тарбияныз калды, акыл- насааттарыныз калды, сулуулугунуз калды, иштермандыгыныз калды, жашоого умтулуунуз калды, эн башкысы чоон адамдык касиетиниз бизде калды- бул ар бир тируулукту чон инсан катары кабыл алуу, аларды озундой сыйлоо, тушунуу, колдон келсе жардам беруу. "Таш менен урганды, аш менен ур", деген созду коп кайталачу элениз, мен да жакшы кором ушул созду. Азыркыга чейин унута албайм ар бир созунузду, коз карашынызды, кыймыл-аракетинизди, жасаган эмгектеринизди, жакшылыктарынызды. Биз сизди сагындык АПАКЕ…

Бугун баарыбыз чогуу болдук, атам да алты жылдан бери жаныбызда, СИЗДИ тааныган билген, адамдардын баары биздин уйдо чогулдук. Коп эскердик, коп суйлоштук, кылык-жоруктарынызды, СИЗ бардагы откон-кеткен кызыктуу окуяларды эстеп кулуп отурдук.

Эч качан эсибизден кетпейсиз- АПАКЕ!!!
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   Kg kyz   09 Август 2009 - 23:44

Аичка эже, бул эмне кылганыныз? "Бытыгый ангемеден" Жанымайдын апасына арналган чыгармасы го бул? Же, Жанымай сиздикин уурдап барып илди бекен? Кечиресиз, мындай уурулука карап отура албайм. Теманын автору эмне дээр экен буга?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   AeCHka   10 Август 2009 - 00:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ээх..десе...бир жолу уурулук кылайын десем дагы коро албайсынар, ээ? Ушундай тема бар беле..ким эмнени уурдаган деген? Мени ошол жакка киргизиш керек. Тамаша... мен Жанымайдын уруксаты менен жазып илип койдум эле, автор экообуздун ортобузда келишим бар. Чон кыз, сиз коп кабатыр болбонуз,ээ? Бытыгый ангеменин ар бир постун окуп чыкканыныз мени абдан кубандырды, менин оюмча, кобу окубайт болсо керек дедим эле...

P/S: Кызыгы, Жанымай экообуздун апабыз бир жылы, бир айда, бир куну каза болгону...

Чатка окшошуп калгандыгы учун автордон абдан кечирим сурайм.

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 10 Август 2009 - 00:25

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (978 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Авг 2025 21:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: