Он сегизге толбосоң кечинде көчөгө чыкпайсың
Кечки ондон кийин 18 жашка толо элек улан-кыздардын үйдөн чыгуусуна тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзамда көрсөтүлгөн коомдук жайларда кармалгандарга ар кандай өлчөмдөгү айыппулдар каралган.
Аталган мыйзам долбоорун парламент кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөттү. Ал президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Мамлекет башчынын демилгени четке кагуу укугу да бар.
Бул мыйзам долбоорун популисттик катары баалагандар мындай чара милиция кызматкерлериндеги парокорчулукту күчөтөөрүн айтышууда.
Мыйзамдын демилгечиси,
Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс"
фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиевдинайтымында,
аталган мыйзам долбоору 18ге чыга электердин саламаттыгына,
тарбиясына доо кетпеши үчүн иштелип чыкты. Ага ылайык, өспүрүмдөргө сейил бактардан баштап коомдук унаада, бекеттерде,
айтор калаа көчөлөрүн кечки 10дон кийин кыдырууга жол берилбейт. Алтурсун, спирт ичимдиктери сатылган дүкөндөргө жана кафе-ресторан,
түнкү клубдарга, мончо, сауналарга барууга болбойт.
Нуркамил Мадалиев
- Кыскасын айтканда, түнкүсүн үйдөн чыкпаш керек эле деген сөз. Мыйзамда так бардыгы көрсөтүлгөн.
Көп батирлүү үй болсо да айлана-чөйрөсүндөгү спорт аянтчаларына чыкпашы керек. Ошондой эле коомдук жайларга да барбашы керек. Антпесе коомдо жаштарды тарбиялоо азыркы мезгилде эң маанилүү болууда, - деди Мадалиев.
Эгер мыйзам бузулса, баланын ата-энеси же жооптуу адам 300-500 сом, кызмат адамдары 500-1000 сом, ал эми юридикалык жактар 1000-1500 сом өлчөмүндө айыппул төлөйт.
Тартип коргоочулар да жаштардын коопсуздугу үчүн бул зарыл чара деп, колдоп жатышкан чагы. Милициянын маалыматына караганда, соңку 5 айдын ичинде өспүрүмдөр катышкан жүздөн ашык кылмыш катталган. ИИМ өкүлүЭрнис Осмонбаев айрыкча кылмыш иштеринин көбү кечке маал катталарын белгилейт.
- Биз жашы жете электердин ар кайсы жерде жүргөнүнө күбө болуп атабыз. Бир сөз менен айтканда, тарбияны үйдөн албай, көчөдөн алышууда. Көпчүлүк балдар көчөдө, интернет клубдарда жүрүшөт. Түнкүсүн машинаны ичип алып айдашат. Кырсыктын баары ошондон болот.
Анткен менен жашы жете электердин көчөдө жүрүшүнө тыюу салган мыйзамда түшүнбөстүк жараткан беренелер да жок эмес. “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчисиНазгүл Турдубекованын пикиринде,
Конституцияга каршы келген бул мыйзам аягы тыйылбаган жемкорлукту ого бетер күчөтөт.
Назгүл Турдубекова
- Бул мыйзам, биринчиден,
юридикалык экспертизадан өткөн эмес. Өтсө Баш мыйзамга каршы келээри айтылмак. Экинчиден, милиция кармап алса балдар "байке, коё бериңиз, акча берейин" деп суранышат. Коррупция мына ушундан башталат. Социалдык көйгөйдү жойгондун ордуна кайра көбөйтүүдө.
Же болбосо мыйзам иштеген күнү ар бир үчүнчү бала камакка алына береби? Бул баланын укугун чектөө дегенге жатат .
Бишкектин айрым тургундары түн катып жүргөндөргө мындай чаранын кабыл алынышы туура эле дешсе, башкалары турмушта ишке ашпаганы популисттик мыйзамдардын бири экенин айтышууда. Ал эми укук коргоочулар жок эле дегенде мыйзамдын айрым жерлерин өзгөртүү керек дешет. Алсак, өспүрүмдөрдүн жашын 18ден эмес, 14-16 жаш деп көрсөтүү зарыл жана көп кабаттуу үйдүн короосу коомдук жайга кирбеши керек дешет. Балдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салган мыйзам башка өлкөлөрдө да иштейт.
18ге толбосоң, кечинде көчөгө чыкпайсың! Он сегизге толбосоң. Кечинде көчөгө чыкпайсын
#2 22 June 2015 - 17:02
Eng tuura! Ohoo... bizdin okuldor kyimyldai bashtaganby... tfu.. tfu.. koz tiibesin!
#3 22 June 2015 - 17:21
Каникулда банкеттерде иштеген окуучулар кантеер екен? неги3инен туура еле бирок...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#4 22 June 2015 - 17:22
18 жаш чындыгында туура эмес, университетте окуп калган бала ата-энеси менен кочодо журмок беле. Мамлекеттик мыйзам иштебейт, жакшысы ата-энелерге тушундуруу иштери жургузулсо,
ар бир уй-булодо жаш оспурумго болгон контроль кучтуу болсо мына ушул мыйзам. Ар бир бала кечки убакта жылуу уйундо жатса оспурумдор арасындагы кылмыштуулук азаят беле.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#5 22 June 2015 - 17:42
18 жаш өтө эле улуу курак, менимче... Бул чекти 16га түшүрсө жарашат го дейм!
22:00 деген дагы өтө эле эрте... Муну түнкү 12 кылуу керек.
Бирок!
Кыргызстанда кайсы мыйзам иштечү эле?!
Бул да кагаз жүзүндө калат да! 
22:00 деген дагы өтө эле эрте... Муну түнкү 12 кылуу керек.
Бирок!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 22 June 2015 - 17:45
- Бул мыйзам, биринчиден,
юридикалык экспертизадан өткөн эмес. Өтсө Баш мыйзамга каршы келээри айтылмак. Экинчиден, милиция кармап алса балдар "байке, коё бериңиз, акча берейин" деп суранышат. Коррупция мына ушундан башталат. Социалдык көйгөйдү жойгондун ордуна кайра көбөйтүүдө.
Же болбосо мыйзам иштеген күнү ар бир үчүнчү бала камакка алына береби? Бул баланын укугун чектөө дегенге жатат .
Бишкектин айрым тургундары түн катып жүргөндөргө мындай чаранын кабыл алынышы туура эле дешсе, башкалары турмушта ишке ашпаганы популисттик мыйзамдардын бири экенин айтышууда. Ал эми укук коргоочулар жок эле дегенде мыйзамдын айрым жерлерин өзгөртүү керек дешет. Алсак, өспүрүмдөрдүн жашын18ден эмес, 14-16 жаш деп көрсөтүү зарыл жана көп кабаттуу үйдүн короосу коомдук жайга кирбеши керек дешет. Балдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салган мыйзам башка өлкөлөрдө да иштейт.
Бишкектин айрым тургундары түн катып жүргөндөргө мындай чаранын кабыл алынышы туура эле дешсе, башкалары турмушта ишке ашпаганы популисттик мыйзамдардын бири экенин айтышууда. Ал эми укук коргоочулар жок эле дегенде мыйзамдын айрым жерлерин өзгөртүү керек дешет. Алсак, өспүрүмдөрдүн жашын
Мына ушундай кылып өзгөртүшсө мен беш манжалап эмес он манжалап колдомокмун. 18 жашка чейин дегени бул слишком болуп калат.
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#7 22 June 2015 - 17:47
Мыйзам кабыл алынса деле барыбир ошол эле көрүнүш болот. Бизде кечинде 10 дон кийин милицияларды чырак менен издеп таппайсыңго.
Жаш балдар калып эле милициялар үйлөрүнө карап качат. Мисалы мен бир да милицияны көргөн эмесмин кечиндеси.
Билбейм анан мыйзам кабыл алынып эле милицияларыбыз күчөтүлгөн режимде иштеп калбаса.
Билбейм анан мыйзам кабыл алынып эле милицияларыбыз күчөтүлгөн режимде иштеп калбаса.
#8 22 June 2015 - 18:01
1 жума карашат андан кийин болду карабайт
Былтыры деле ушундай болгон
Былтыры деле ушундай болгон
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#9 22 June 2015 - 18:02
Алибекова мен муну жон эле айтканым жок, балдар менен жана РОВД менен иштешип калгандыктан айтып жатам. Милиция осурум балдар менен иштешууго физически жетишпейт, балдар милицияга мен мына деп мандайында турат дейсизби жашырынып, кычыктарда майрамдарын уланта беришет. Лучше ар биринин ата-энеси контрольдогону жакшы, бир нерсе болсо озулору жооп бере. Милиция акемдердин азыркы кайдыгерлигин коруп калган жаным ишене албай турам анчалык.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#10 23 June 2015 - 09:59
Милицияларга,
менттерге эле жыргалда анда! Айып пулду мамлекетке толоп коет дейсинби чонтогуно кетет. Тырыштырып,
коркутуп-уркутуп акчасын шыпырып алатда. Эмне десе мыйзам деп. Жаш оспурумдор менен иштошчу инспекторлор,
мектеп администрациясы жакшылап козомолго алуулары керек. Вечерь уюштурам десе каалаган жерде жашырынып деле уюштурушатда Ананда чекти 16-жашка тушурушсо жакшы болмок. Мектеп прогммасына дин сабагын кошуп койсо, окуучулар кичине болсода ыймандуу болуп калышат беле?! Адеп сабагына кобуроок конул буруш керек себеби географиядан берген мугалим деле адептен сабак бере берет. 11-жыл бою адеп сабагын планга киргизиш керек.
#11 23 June 2015 - 10:31
Эн туура,эгер кой койулса.Уйдо отурган шамшаркыт туну кочодо журбогон биз билбейбиз.Эшикте,
кочодо кандай турмуш.Б издин атабыздын иши туну,куну 15 кун иштейт.Жакасын карманып тобо балдарга ынсап берсин,неберелерге ынсап берсин деп коркуп калат.Бул темпте барсак кыргыздын жаштары аркасы эмне болор экен деп калат.Туну эки,учтордо мас жаш кыздар,экиден учтон кочону бербей согунуп журушот.Илгери кыздар коркор эле кочодон,колумда иштеген кыздарды тунку сменадан чыканда озум жеткирип койор элем.Мен сменаны откоргончо топ болуп кутуп турар эле.Азыркы кыздар кочодогу балдарды коркутушат.
Мас кыздарды коргондо балдар качып жашынып калгандарын байкайм деп калат.Булардын ата энелери каякта экен деп кайгырып калат.Балдар болсо азартный играларда,купулдоп тан атканча ойношот.
Неберем бир куну туну жок,жогорку класста окуган кези.Телефон жаныбар очук.Эртен менен келсе.Классташтары менен компиторго кирип кетиптир.Эси тыштарынан кулптап койот экен.Булар ойноп отура берет экен.Тан атканда акчасын алып чыгарып койот экен.Балдарын издеп тан атканча нерв болгон ата энени уруп ойнобойт.Чындап чычаласак да баары бир жаштардын келечегин ойлошубуз керек.Тартип киргизсе балким бир аз онолор.Эки уч штраф тологондон кийин ата эне да бала да ойлонуп басып калар.
Илгери ата энелердин эй коп баспа,коп баскан адам бок басат,анан сасыгы элге жетет.Эл караган жузумду,жер каратпа деп айтышаар эле...
Азыр танкаласын, кочодогу кыздардын ата энеси каякта баары эле россияга кетпегендир. Жаш 14-15 жаштан жогорулары жургондорун коп деп калат.Чон кыздар эмес мектеп окуучулары коп дешет...
Неберем бир куну туну жок,жогорку класста окуган кези.Телефон жаныбар очук.Эртен менен келсе.Классташтары менен компиторго кирип кетиптир.Эси тыштарынан кулптап койот экен.Булар ойноп отура берет экен.Тан атканда акчасын алып чыгарып койот экен.Балдарын издеп тан атканча нерв болгон ата энени уруп ойнобойт.Чындап чычаласак да баары бир жаштардын келечегин ойлошубуз керек.Тартип киргизсе балким бир аз онолор.Эки уч штраф тологондон кийин ата эне да бала да ойлонуп басып калар.
Илгери ата энелердин эй коп баспа,коп баскан адам бок басат,анан сасыгы элге жетет.Эл караган жузумду,жер каратпа деп айтышаар эле...
Азыр танкаласын, кочодогу кыздардын ата энеси каякта баары эле россияга кетпегендир. Жаш 14-15 жаштан жогорулары жургондорун коп деп калат.Чон кыздар эмес мектеп окуучулары коп дешет...
#12 23 June 2015 - 13:56
Компьютерге кетирген акчаны менттерге бергени жакшы
Алар деле азыр жарытылуу айлык алып жаткан жок
Алар деле азыр жарытылуу айлык алып жаткан жок
#13 23 June 2015 - 22:07
Эгер мыйзамдуу иштесе баарына тегиз мамиле кылса колдойт элем. анан коррупцияга жол берип бул атасы мындай эле же байкеси тигиндей эле деген болсо айта албайм
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#14 23 June 2015 - 22:46
Эки колдоп колдойм. Мыйзам катары кабыл алып, "практика"
жүзүндө жакшы аткарышсын.
Айып пул азго менимче, байлардын балдары үчүн бул акча эмес да.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#15 23 June 2015 - 22:48
Мен колдойм! Закон закондой иштешин каалайт элем... Мунун атасы тигиндей эле, мунун апасы паландай эле, боло турган болсо, закон кагаз бетинде эле калганы жакшы. Закон баарына тегиз болуш керек, и баары баш ийиш керек. Талапты 18 жаш эмес, 16 жашка түшүрүп, законду иштеп чыксын. Анан айта кетчү нерсе, 500 сом айып пул аз, айып пулду 5000 миңге чейин көтөрүү кажет, антпесе азыркы жаштар 500 сомду акча ордунда көрбөйт.
Мына кечээ жакында эле, 25-майда бүтүрүүчүлөрдүн кечки вечеринкасы болбойт деп, айып пул жазган. Бүтүрүүчүлөр 30 000 миң айып пул төлөшүп, кечки вечеринкасын өткөрүштү. Бирөө бир нерсе деген жок, кана закондун иштегени...
Айып пулду көтөрүү керек, бул менин оюм.
Закон чыктыбы ошол законго, элди багынтыштын айласын табыш керек Президент. Закондо эч кандай коррупция болбоосу кажет. Мына ошондо баары ойдогудай ишке ашат деп ойлойм...
Мына кечээ жакында эле, 25-майда бүтүрүүчүлөрдүн кечки вечеринкасы болбойт деп, айып пул жазган. Бүтүрүүчүлөр 30 000 миң айып пул төлөшүп, кечки вечеринкасын өткөрүштү. Бирөө бир нерсе деген жок, кана закондун иштегени...
Айып пулду көтөрүү керек, бул менин оюм.
Закон чыктыбы ошол законго, элди багынтыштын айласын табыш керек Президент. Закондо эч кандай коррупция болбоосу кажет. Мына ошондо баары ойдогудай ишке ашат деп ойлойм...
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#16 18 July 2015 - 10:56
Биздин туугандарда жаш балдар эмес ,улууларыбыз деле тундосу бир жактарга чыгып калсак каяка деп суруштуруп териштирип анан жеткирип саат мынчада келесин деп чектеп турушат.Эркек балдарыбызга деле кечки саат 20:00 дон кийин бейчеки басууга уруксат жок.Бул чектоолорго конуп деле калганбыз.Эмнени айткым келди,биринчи тарбия уйдон болушу керек.Уйдон чыккандан кийин бала оз каалаганын жасайт.Милицияга деле акча берип кутулуп кетишет.Тарбия кучтуу болсо тун жамынып бала эч качан кочо таптабайт. Бул законду Адалс эже айтып кеткендей,жаш курагын 16 жаш деп,чектоо убактысын тунку саат 00:00 дон кийин деп озгортушсо болмок.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#17 18 July 2015 - 16:13
Штраф ото аз экен,кобойтуш керек,минимум 5000 сом деп,ошондо бул закон жакшы иштейт.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.

Супер-Инфо
super.kg
видео





















