Ырларында кееде ыйлап журупсун,
Жашоонун сен бир тал эле,гулусун.
Ыйлап-кул ,омур кыскадыр
Болбойт бирок мындай омур сурушун.
Ырларымда бирде ыйлап, бирде күлөм
#41 25 July 2015 - 10:50
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#42 25 July 2015 - 17:56
Ырларында кееде ыйлап журупсун,
Жашоонун сен бир тал эле,гулусун.
Ыйлап-кул ,омур кыскадыр
Болбойт бирок мындай омур сурушун.
Жашоонун сен бир тал эле,гулусун.
Ыйлап-кул ,омур кыскадыр
Болбойт бирок мындай омур сурушун.
Внешность - это козырь , но не туз…
#43 08 October 2015 - 01:59
Азаматсыз, ырларыныз абдан жакты. Айым аттуу кызыма каалоо тилек катарында ыр саптарын арнап бере аласызбы? 10-октябрда жентек той берет элек.
#44 08 October 2015 - 07:35
Кызым апандын караанын эки жактан издебе анткени сен апанан калган бир чырпыксын.Чынары сынса да чырпыгы аман калсынчы деген соз бар.Бугун солкулдаган чыбык болсон эртеге эле озун да чынар болосун.Ошондо ар бир озунон чыкан бутактарды карасан апандын элеси болот.Биросундо сага мээримин тогуп турган козу болот.Бирондо аппакендин кыялы болот.Ошон учун чынары сынса да чырпыгы аман болсунчу делет.Озун аман бол,апан корбогонду сен кор,узаак жаша,Ар бир адамга эле талантты бере бербейт ошол таланты асырап,абайлап багып ал.Бир куну апакеме арнадым деген китебиндин биринчи бетине жазылган китепти корушко бизге насип этсин...
#45 08 October 2015 - 21:02
Кызым апандын караанын эки жактан издебе анткени сен апанан калган бир чырпыксын.Чынары сынса да чырпыгы аман калсынчы деген соз бар.Бугун солкулдаган чыбык болсон эртеге эле озун да чынар болосун.Ошондо ар бир озунон чыкан бутактарды карасан апандын элеси болот.Биросундо сага мээримин тогуп турган козу болот.Бирондо аппакендин кыялы болот.Ошон учун чынары сынса да чырпыгы аман болсунчу делет.Озун аман бол,апан корбогонду сен кор,узаак жаша,Ар бир адамга эле талантты бере бербейт ошол таланты асырап,абайлап багып ал.Бир куну апакеме арнадым деген китебиндин биринчи бетине жазылган китепти корушко бизге насип этсин...
Рахмат сизге чоон. Айтканыныз келсин сизге да бекем ден соолук узун омур тилеймин Рая апа
Внешность - это козырь , но не туз…
#46 31 August 2016 - 19:23
Күткөнүмө
Күндүн тиктеп уясына батканын
Айды узатып тосом таңдын атканын
Күтүү деми көөдөнүмдү ургулап
Күндү санап үмүт менен жашаймын
Али алдыда күмүш көйнөк коңур күз
Сагынычым жүрөк түптө этет "тыз"
Сары өңү жан дүйнөмө түспөлдөш
Күздү узатып жашайм кантип өзүңсүз?
Аппак кылып айлананы кар каптап
Жүрөгүмдү үшүтөт да муздатат
Мен өзүңсүз бул жолдордо тоңом го
Көз жашымды кирпигиме калкалап
Көктөм келсе муз жүрөктү ээритип
Жашайм анда кыялдарга берилип
Жаз жамгырга кошо жаным сен келсең
Чуркамакмын жолуң тосуп энтигип.
Кучагыңа бой урмакмын көнмөкмүн
Карегиңе жаным алсыз чөкмөкмүн
Баш айланткан сенин жумшак жытыңды
Мас болгончо жыттып, жыттап сүймөкмүн
Күндүн тиктеп уясына батканын
Айды узатып тосом таңдын атканын
Күтүү деми көөдөнүмдү ургулап
Күндү санап үмүт менен жашаймын
Али алдыда күмүш көйнөк коңур күз
Сагынычым жүрөк түптө этет "тыз"
Сары өңү жан дүйнөмө түспөлдөш
Күздү узатып жашайм кантип өзүңсүз?
Аппак кылып айлананы кар каптап
Жүрөгүмдү үшүтөт да муздатат
Мен өзүңсүз бул жолдордо тоңом го
Көз жашымды кирпигиме калкалап
Көктөм келсе муз жүрөктү ээритип
Жашайм анда кыялдарга берилип
Жаз жамгырга кошо жаным сен келсең
Чуркамакмын жолуң тосуп энтигип.
Кучагыңа бой урмакмын көнмөкмүн
Карегиңе жаным алсыз чөкмөкмүн
Баш айланткан сенин жумшак жытыңды
Мас болгончо жыттып, жыттап сүймөкмүн
Внешность - это козырь , но не туз…
#47 31 August 2016 - 19:24
Өзүңө
Мен жашоого жалдыз келип, жалгыз калдым
Кооздуксуз, түс боёксуз жашап бардым
Качан, кантип кирип келдиң? билбеймин
Боёп кирдиң өңсүз жашоо барактарын.
Сен үйрөтүп мен да сендей күлүп калдым
Унут болду өткөн мезгил, бүт арманым
Миң алданып, миң ооруган көңүлдүн
Билбейм кантип сен ачкычын таап алдың.
Кайра, кайра ачып жашоо барактарын
Өзүң чызган боёкторго суктанамын
Өзгөрүлүп,жайнай түшкөн мен үчүн
Сенин барың байлык, бакыт ардагым.
Мен жашоого жалдыз келип, жалгыз калдым
Кооздуксуз, түс боёксуз жашап бардым
Качан, кантип кирип келдиң? билбеймин
Боёп кирдиң өңсүз жашоо барактарын.
Сен үйрөтүп мен да сендей күлүп калдым
Унут болду өткөн мезгил, бүт арманым
Миң алданып, миң ооруган көңүлдүн
Билбейм кантип сен ачкычын таап алдың.
Кайра, кайра ачып жашоо барактарын
Өзүң чызган боёкторго суктанамын
Өзгөрүлүп,жайнай түшкөн мен үчүн
Сенин барың байлык, бакыт ардагым.
Внешность - это козырь , но не туз…
#48 31 August 2016 - 19:31
Бул ырга кандай ат коюшту билбей,койдум.
Отко жанып чымын жаны чыркырап
Күйүт ыйы көөдөнүмдү тыткылайт
Эгиздерди төрөп берчүү энелер
Учту, кетти бөтөн жерде быркырап.
Гүл жытанган элестери өрт болду
Ууга оролуп, канга сиңип жоголду
Жүрөк түптө сайгылаган күйүттөн
Көз тунарып, көз жаш менен буулду.
Наалат сага көр тиргилик тентиткен
Өз мекенден алыстарга ээрчиткен
Гүлкайырдай гүл кыздарды сыздатып
Бөтөн элде, бөтөн жерде кемирген.
Өрт да өчтү, өчтү кошо өмүрлөр
Сууп бүттү бөтөн жерден көңүлдөр
Ойноп алчуу, күлүп алчуу куракта
Коюу отко кошо жанды көп көздөр
Жектеп турам ажоо, бийлик сөөрөйдү
Эл башына кара күндү түшүрдү Карындашын, эже, аялын бакпаган
Жектеп турам эркектерди бүгүнкү.
Айта бесе узун кептин учугу
Көөдөндөргө батпайт жатат аза бу
Топ топ болуп кыргыз кызын тепсеген
Патриот сөөрөй акмактардын тийди мына кусуру.
Оо кыргызым аял ыйык билип ал
Кыз, келинди төргө коюп барктап ал
Бул каргаша сабак эмей эмине?
Улутуңдун улоочусун сактап кал.
Отко жанып чымын жаны чыркырап
Күйүт ыйы көөдөнүмдү тыткылайт
Эгиздерди төрөп берчүү энелер
Учту, кетти бөтөн жерде быркырап.
Гүл жытанган элестери өрт болду
Ууга оролуп, канга сиңип жоголду
Жүрөк түптө сайгылаган күйүттөн
Көз тунарып, көз жаш менен буулду.
Наалат сага көр тиргилик тентиткен
Өз мекенден алыстарга ээрчиткен
Гүлкайырдай гүл кыздарды сыздатып
Бөтөн элде, бөтөн жерде кемирген.
Өрт да өчтү, өчтү кошо өмүрлөр
Сууп бүттү бөтөн жерден көңүлдөр
Ойноп алчуу, күлүп алчуу куракта
Коюу отко кошо жанды көп көздөр
Жектеп турам ажоо, бийлик сөөрөйдү
Эл башына кара күндү түшүрдү Карындашын, эже, аялын бакпаган
Жектеп турам эркектерди бүгүнкү.
Айта бесе узун кептин учугу
Көөдөндөргө батпайт жатат аза бу
Топ топ болуп кыргыз кызын тепсеген
Патриот сөөрөй акмактардын тийди мына кусуру.
Оо кыргызым аял ыйык билип ал
Кыз, келинди төргө коюп барктап ал
Бул каргаша сабак эмей эмине?
Улутуңдун улоочусун сактап кал.
Внешность - это козырь , но не туз…
#49 31 August 2016 - 19:41
Умутай беле атын? Ырларын жан дуйнондон чыкканы билинип турат. Бирок уйкаштыктарды жана айтайын деген ойду жакшылап беришин керек экен. Айрым куплеттерде биринчи сап 9 муун экинчиси 7-8 муун болуп калган. Мындай учурда ыр корком окулбай калат. (сынды туура кабыл аласын деген ойдомун)
Чыгармачылыгына ийгилик!
Чыгармачылыгына ийгилик!
#50 31 August 2016 - 21:25
Умутай беле атын? Ырларын жан дуйнондон чыкканы билинип турат. Бирок уйкаштыктарды жана айтайын деген ойду жакшылап беришин керек экен. Айрым куплеттерде биринчи сап 9 муун экинчиси 7-8 муун болуп калган. Мындай учурда ыр корком окулбай калат. (сынды туура кабыл аласын деген ойдомун)
Чыгармачылыгына ийгилик!
Чыгармачылыгына ийгилик!
Мага боло берет мен акын эмесмин да. Болгону ырларым сакталып калсын деп эле бул жака жазып коём))
Внешность - это козырь , но не туз…
#51 01 September 2016 - 01:31
Мага боло берет мен акын эмесмин да. Болгону ырларым сакталып калсын деп эле бул жака жазып коём))
Мен да ыр жазам анан мага сын айтканда мен да "акын эмесмин"- дедим эле. Албетте жакшы ыр жазылса жакшы да. Байкасам акындардын арасында менден да начар ыр жазгандар журот. Корсо бир куплет ыр жазган адам да акын болуп эсептелет экен.
Сенде акын болууга дараметин кенен экен, буйруса сенен келечекте копту умуттоно берсек болчудай.
#52 13 September 2016 - 00:58
Барыңа шүгүр сенин асыл жаным
Сен бар үчүн күндө тосом таң жыргалын
Кудайым куттуу кылып бактыбызды
Үзбөсүн, соолутпасын бакыт багын.
Таң намазга бир бирибизди ойготолу
Дуа кылып саждага тең баш коёлу
Ифтардын таттуу даамын бирге сызып
Аллах берген бөбөктөрдү чоңойтолу.
Тең каарыйлы, тең аарыйлы жашоодо
Уул, кыз неберелер болсун колдо
Жакшы жашап өткөн күнгө машырканып.
Арманым жок чай ичсек кошо төрдө.
Сен бар үчүн күндө тосом таң жыргалын
Кудайым куттуу кылып бактыбызды
Үзбөсүн, соолутпасын бакыт багын.
Таң намазга бир бирибизди ойготолу
Дуа кылып саждага тең баш коёлу
Ифтардын таттуу даамын бирге сызып
Аллах берген бөбөктөрдү чоңойтолу.
Тең каарыйлы, тең аарыйлы жашоодо
Уул, кыз неберелер болсун колдо
Жакшы жашап өткөн күнгө машырканып.
Арманым жок чай ичсек кошо төрдө.
Внешность - это козырь , но не туз…
#53 13 September 2016 - 01:35
Мында турган бийлигиңе таңмын мен
Эл, журт эмне? билбейт эси элирген
Калкың мында жоголомун деп жатса
Душман менен кошо, бирге кемирген.
Бүгүнкүнүн эркектерин көрүп ал
Мекениңди коргобосоң куруп кал
Топ топ болуп аялдарга асылбай
А көрөкчө көйнөк кийип өлүп ал
Ата журттун намыс,жүзү аялдар
Уят, сыйыт кайда калды арыңар?
Бүт кыргызды уят кылбай баарына
Эсиң жыйнап этектерди жыйыңар.
Баары эмес бар арада жакшылар.
Мыкты жигит, үлгү болчуу кызыңар
Бирок деген карын элди чиритип
Кумалактар болду жетет мунуңар.
Ойгонолу, оңололу жаштар эми бүгүнтөн
Бийлик тазар ташта ойлорду бүлүнгөн.
Ансыз деле жар боорунда турабыз
Кылбайлычы бөбөктөрдүн келечегин күмөндөн
Эл, журт эмне? билбейт эси элирген
Калкың мында жоголомун деп жатса
Душман менен кошо, бирге кемирген.
Бүгүнкүнүн эркектерин көрүп ал
Мекениңди коргобосоң куруп кал
Топ топ болуп аялдарга асылбай
А көрөкчө көйнөк кийип өлүп ал
Ата журттун намыс,жүзү аялдар
Уят, сыйыт кайда калды арыңар?
Бүт кыргызды уят кылбай баарына
Эсиң жыйнап этектерди жыйыңар.
Баары эмес бар арада жакшылар.
Мыкты жигит, үлгү болчуу кызыңар
Бирок деген карын элди чиритип
Кумалактар болду жетет мунуңар.
Ойгонолу, оңололу жаштар эми бүгүнтөн
Бийлик тазар ташта ойлорду бүлүнгөн.
Ансыз деле жар боорунда турабыз
Кылбайлычы бөбөктөрдүн келечегин күмөндөн
Внешность - это козырь , но не туз…
#54 15 September 2016 - 01:39
Башым коюп көкүрөгүң жазданып
Ыйлайм бүгүн өткөн күнгө арданып
Сени таппай тээ тагдырдын башынан
Жүрүптүрмүн калп сөздөргө алданып
Көздөрүңдүн сыйкырына арбалып
Убакыт да токтоп калаар кармалып
Шумдук күндү сага чейин жашаган
Унутамын эстебеймин кайтарып.
Ыйлайм бүгүн өткөн күнгө арданып
Сени таппай тээ тагдырдын башынан
Жүрүптүрмүн калп сөздөргө алданып
Көздөрүңдүн сыйкырына арбалып
Убакыт да токтоп калаар кармалып
Шумдук күндү сага чейин жашаган
Унутамын эстебеймин кайтарып.
Внешность - это козырь , но не туз…
#55 17 September 2016 - 17:24
Умутай эже ырларыныз дем берет экен. Мындан да калеминиз курчуй берсин. Буйруса Кыргызстанандын эмгек синирген акындарынан болуунузга тилектешмин.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#56 18 September 2016 - 23:30
Умутай эже ырларыныз дем берет экен. Мындан да калеминиз курчуй берсин. Буйруса Кыргызстанандын эмгек синирген акындарынан болуунузга тилектешмин.
Чооң рахмат.
Внешность - это козырь , но не туз…
#57 23 September 2016 - 12:26
Билбейм жаным мен эмнеңди сүйөмүн
Бир билгеним сенсиз өмүр сүрбөймүн
Көргөн сайын эстен тана жаздаган
Жагат балким сенин сүрдүү көздөрүң.
Билбейм жаным неге сени сүйөмүн
Сенден башка кереги жок дүйнөнүн
Бир билгеним такыр капа тартпаган
Күндөй ачык күлгөнүңдү сүйөмүн
Билбейм жаным качан сени сүйгөнмүн
Унут болгон кайгы капа күндөрүм
Сен жолуккан үчүн турмуш жолдордо
Өзүң менен жаркын менин өмүрүм
Мен билемин сени жаным сүйөмүн
Мага жагат бардык сенин мүнөзүң
Башкаларга кандай жансын билбеймин
А мен үчүн идеалым түгөйүм
Бир билгеним сенсиз өмүр сүрбөймүн
Көргөн сайын эстен тана жаздаган
Жагат балким сенин сүрдүү көздөрүң.
Билбейм жаным неге сени сүйөмүн
Сенден башка кереги жок дүйнөнүн
Бир билгеним такыр капа тартпаган
Күндөй ачык күлгөнүңдү сүйөмүн
Билбейм жаным качан сени сүйгөнмүн
Унут болгон кайгы капа күндөрүм
Сен жолуккан үчүн турмуш жолдордо
Өзүң менен жаркын менин өмүрүм
Мен билемин сени жаным сүйөмүн
Мага жагат бардык сенин мүнөзүң
Башкаларга кандай жансын билбеймин
А мен үчүн идеалым түгөйүм
Внешность - это козырь , но не туз…
#58 02 October 2016 - 17:08
Кеч күздүн картаң өңү сапар улап
Суугу ичиркентет, ооз буулантат
Мен ушул суук күздү абдан сүйөм
Анткени жан дүйнөмдү айтып турат.
Сары өңү санаа тарткан сагынычым
А жамгырлар сен деп төккөн көз жашым
Жашыл эмес, сары эмес кара тарткан
Жалбырактар мен сырдашчуу курдаштарым
Суугу ичиркентет, ооз буулантат
Мен ушул суук күздү абдан сүйөм
Анткени жан дүйнөмдү айтып турат.
Сары өңү санаа тарткан сагынычым
А жамгырлар сен деп төккөн көз жашым
Жашыл эмес, сары эмес кара тарткан
Жалбырактар мен сырдашчуу курдаштарым
Внешность - это козырь , но не туз…
#59 06 October 2016 - 08:53
Бул ырга кандай ат коюшту билбей,койдум.
Отко жанып чымын жаны чыркырап
Күйүт ыйы көөдөнүмдү тыткылайт
Эгиздерди төрөп берчүү энелер
Учту, кетти бөтөн жерде быркырап.
Гүл жытанган элестери өрт болду
Ууга оролуп, канга сиңип жоголду
Жүрөк түптө сайгылаган күйүттөн
Көз тунарып, көз жаш менен буулду.
Наалат сага көр тиргилик тентиткен
Өз мекенден алыстарга ээрчиткен
Гүлкайырдай гүл кыздарды сыздатып
Бөтөн элде, бөтөн жерде кемирген.
Өрт да өчтү, өчтү кошо өмүрлөр
Сууп бүттү бөтөн жерден көңүлдөр
Ойноп алчуу, күлүп алчуу куракта
Коюу отко кошо жанды көп көздөр
Жектеп турам ажоо, бийлик сөөрөйдү
Эл башына кара күндү түшүрдү Карындашын, эже, аялын бакпаган
Жектеп турам эркектерди бүгүнкү.
Айта бесе узун кептин учугу
Көөдөндөргө батпайт жатат аза бу
Топ топ болуп кыргыз кызын тепсеген
Патриот сөөрөй акмактардын тийди мына кусуру.
Оо кыргызым аял ыйык билип ал
Кыз, келинди төргө коюп барктап ал
Бул каргаша сабак эмей эмине?
Улутуңдун улоочусун сактап кал.
Отко жанып чымын жаны чыркырап
Күйүт ыйы көөдөнүмдү тыткылайт
Эгиздерди төрөп берчүү энелер
Учту, кетти бөтөн жерде быркырап.
Гүл жытанган элестери өрт болду
Ууга оролуп, канга сиңип жоголду
Жүрөк түптө сайгылаган күйүттөн
Көз тунарып, көз жаш менен буулду.
Наалат сага көр тиргилик тентиткен
Өз мекенден алыстарга ээрчиткен
Гүлкайырдай гүл кыздарды сыздатып
Бөтөн элде, бөтөн жерде кемирген.
Өрт да өчтү, өчтү кошо өмүрлөр
Сууп бүттү бөтөн жерден көңүлдөр
Ойноп алчуу, күлүп алчуу куракта
Коюу отко кошо жанды көп көздөр
Жектеп турам ажоо, бийлик сөөрөйдү
Эл башына кара күндү түшүрдү Карындашын, эже, аялын бакпаган
Жектеп турам эркектерди бүгүнкү.
Айта бесе узун кептин учугу
Көөдөндөргө батпайт жатат аза бу
Топ топ болуп кыргыз кызын тепсеген
Патриот сөөрөй акмактардын тийди мына кусуру.
Оо кыргызым аял ыйык билип ал
Кыз, келинди төргө коюп барктап ал
Бул каргаша сабак эмей эмине?
Улутуңдун улоочусун сактап кал.
Жаным сыздап кеттигооо
Сени корсом
#60 07 October 2016 - 02:22
Кеч күздүн картаң өңү сапар улап
Суугу ичиркентет, ооз буулантат
Мен ушул суук күздү абдан сүйөм
Анткени жан дүйнөмдү айтып турат.
Сары өңү санаа тарткан сагынычым
А жамгырлар сен деп төккөн көз жашым
Жашыл эмес, сары эмес кара тарткан
Жалбырактар мен сырдашчуу курдаштарым
Суугу ичиркентет, ооз буулантат
Мен ушул суук күздү абдан сүйөм
Анткени жан дүйнөмдү айтып турат.
Сары өңү санаа тарткан сагынычым
А жамгырлар сен деп төккөн көз жашым
Жашыл эмес, сары эмес кара тарткан
Жалбырактар мен сырдашчуу курдаштарым
Жан дунуйон куздун суугун суйгон болсо
Курдашын конго айланаар барик экен
Ырларын жалан кубанычка толсо
Жан дуйнодо жазды суйуп калаар бекен.

Супер-Инфо
super.kg
видео












