Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 176
  • 177
  • 178
  • 179
  • 180
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3541 Пользователь офлайн   Lui   27 Июль 2015 - 13:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения SMS Aroma (27 Июль 2015 - 13:19) жазган:

Луи бийкеч - таза , тыкан , татынакай ...
Мунозу,жан дуйносу жакшынакай ...
Жашоодо канча курбу кутсом дагы,
Луидей жакшы курбу жургом таппай !
Озуно жарашыктуу жумшак кулот ,
Жагымдуу уну менен сонун суйлойт ...
Баарлашып , маектешип олтургандан
Конулун которуп,гулдоп, бурдойт .
Оз ордун ар дайым жакшы билет ,
Кочо - сыртта , уйдо деле жакшы журот ...
Тарбиялуу , ото зээндуу , тушунуктуу
Курбусу ошон учун жакшы корот .
Бир сырдуу, ойго терен , дуйно- тааным кенен ,
Жашообуз шайыр-шаттуу Луи менен ...
Бар болгун алтын курбум ар дайыма ,
Достугубуз боло берсин чептен бекем !


Мактооңдон бетим албарды курбум,

Сезимдер гүлдөп жанданды курбум,
Курбуну сендей мен жандап алып,
Жан дүйнөм бүрдөп, шаңданды курбум.
Сагынсам айтам саламды курбум,
Ээрчитпейсиң сен, жаманды курбум,
Сендей адамды мага таап берген,
Алкап өтөөрмүн Алла Тааламды курбум.


Сөзүнөн бал тамган адамсың курбум,
Көкүрөк тойгузаар бадалсың курбум,
Жакшылык, ырыс сенин үйүңө,
Атылган мыктай кадалсын курбум!! !

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 27 Июль 2015 - 13:46

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3542 Пользователь офлайн   Lui   27 Июль 2015 - 13:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения Jeka (27 Июль 2015 - 12:10) жазган:

..................... .....

Луи менен таанышканга бир топ болду
Эки жолу айтышканга өнөк болду
Ошентсе да билалбадым кыздын сырын
Табышмактуу, баары кызык, суроо толду:

Луи кандай, кантип күлөт, кантип сүйлөйт?
Эл ичинде, көчө-сыртта кандай жүрөт?
Ыры кандай, сыры кандай, кулк-мүнөзү -
Айтып берээр, Луи бийкеч, муну өзү.

Өзүмө өзүм мүнөздөмө бере албадым,
Мындаймын деп тамгаларды тере албадым,
Жаман жагым жаап жашырып агатайым,
Келбей турат мен сиздерди эх..алдагым))


Кадимки эле катардагы адаммын,
Кээде жакшы, а кээ бирде жаманмын,
Кээде күлсөм шаң толтура көчөгө,
Кээде калам кучагында санаамдын.


Сүйлөшөөрмүн сиз менен мен бир күнү,
Сиз ошондо угаарсыз менин үнүм,
Ырым мына окуңуз каалаганча,
Көргөзбөймүн а бирок, сырдуу гүлүм))..

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 27 Июль 2015 - 14:02

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3543 Пользователь офлайн   Jeka   27 Июль 2015 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чоӊ ырахмат, Арома кыз, жообуӊузга -
Курбу экенсиз, жашоо-турмуш, оюңузда
Сиздин жоопту окуган соӊ мен ынандым:
“Луи бийкеч, чындыгында сонун кыз да!”

“Ким экенин билгиӊ келсе бейтааныштын
Дос, курбудан сурап алып, байланышкын! ”
- деген сөздөр туура айтылган лакап тура
Мындан ары жүрөлүчү көӊүл бура.

Бул жооп менен Луи айымды барктадыныз
Сапаттарын элге айтып, мактадыныз
“Суроолорум болуп калды ыӊгайсыз”, - деп
Кейигенден мени дагы сактадыныз.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 27 Июль 2015 - 14:29

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3544 Пользователь офлайн   Jeka   27 Июль 2015 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Lui

Өзүмө өзүм мүнөздөмө бере албадым,

Мындаймын деп тамгаларды тере албадым,
Жаман жагым жаап жашырып агатайым,
Келбей турат мен сиздерди эх..алдагым))
...
Сүйлөшөөрмүн сиз менен мен бир күнү,
Сиз ошондо угаарсыз менин үнүм,
Ырым мына окуңуз каалаганча,
Көргөзбөймүн а бирок, сырдуу гүлүм))..

Ыӊгайы жок суроолорду бергеними
Мен да сезгем, бирок чындап билгим келди
Кудай сактап, Арома кыз мени уялтпай –
Сиз жөнүндө билбегенди "билип" берди.

Качан келет сүйлөшөөр күн Луи менен?
Качан берет интервьюну Луи кенен?
Азырынча макул болуп Сиздин шартка
Акын төрдө айтышалы, сөзүм белен

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 27 Июль 2015 - 14:47

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3545 Пользователь офлайн   Lui   27 Июль 2015 - 14:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения Jeka (27 Июль 2015 - 14:40) жазган:

Ыӊгайы жок суроолорду бергеними
Мен да сезгем, бирок чындап билгим келди
Кудай сактап, Арома кыз мени уялтпай –
Сиз жөнүндө билбегенди "билип" берди.

Качан келет сүйлөшөөр күн Луи менен?
Качан берет интервьюну Луи кенен?
Азырынча макул болуп Сиздин шартка
Акын төрдө айтышалы, сөзүм белен



Жека агай акын төргө келиңиз,
Суроо болсо бирден терип бериңиз,

Казган сайын азайбастан көбөйүп,
Арта берсин ыр -жамактуу кениңиз...


Оорубасын, бекчейбесин белиңиз,
Ак эмгектен аксын маңдай териңиз,
Сөзүңүздүн белендигин, курчтугун,
Далилдесин ырдан чыккан демиңиз..

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 27 Июль 2015 - 15:08

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3546 Пользователь офлайн   Jeka   27 Июль 2015 - 15:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жай саратан, ысык болуп, шамал жок
Көчөлөрдө жай-баракат, шашпай баскан адам жок
Денелерге көйнөк, шымдар жабышып -
Жүдөттү го, элдин баарын - маанай жок

Аз келгенсип, жумуш кычайт ысыкта
Жай мезгили – ушу менен кызык да
Луи бийкеч, кандай сиздин шартыӊыз –
Вентилятор, кондиционер – айтыӊыз...Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 27 Июль 2015 - 15:21

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3547 Пользователь офлайн   kaitpas   27 Июль 2015 - 17:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

"По одному подходим"
Айтам "всем привет"
Орусчага майдам жок.
Ишенбесең кирип өт.
Кыргыз ичсе билесиңер
Орусчалайт билгенин,
"Так что" келип көрүп өт.:)

Мени таанып нигимди
жоктогондор аманбы?
"кто он такой" деп тааныбай
Токтогондор аманбы?
Келсе шиңгил ырдайм деп
"чоттогондор" аманбы?
Сөз баштыгын тагынып
Тилин кайрап мен жакка
октогондор аманбы?:)

Көптөн бери көрүнбөй,
Көңүл да калды бөлүнбөй.
Көрөт элем убагында
Бул жерди өзүм төрүмдөй.
Чачылып кетти акындар
Айылым калды гөрүмдөй.

Келиптир көзгө таанымал
Эскилер жана жаңылар.
Ойлоймун эми бул жерде
Айтыштар кайра жаңырар.
Жоголбой кыргыз төкмөсү
Жер жүзүнө таанылар.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3548 Пользователь офлайн   kaitpas   27 Июль 2015 - 18:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Мега777 ге
Күттүрүп коюп жок болуп,
Чет жерде жүргөн экенсиз.
Же болбосо кенебей
Көрмөксөн болгон бекенсиз?
Көп тантыган Кайтпасты
Тантыта бербей акырын
Жок болсо экен дегенсиз:)

Деп наалып ырдап баштадым,
Гудокту сизге таштадым.
Айтышкым келип прицелди,
Өзүңүзгө туштадым.
Тийгизе алсам мишенге
Ырахат алат бош жаным.

Өзүмдөн айтып өтөйүн......
Түйшүгү бүтпөс турмуштун
Арабасы оорлоп,
Мингеним арык ат болуп
Ал дагы калды жоорлоп.
Эртели-кеч тыным жок
Чарчоодон калдым боорлоп.
Ысыган күндүн аптабында
Пешенем калды го шорлоп

Сиз жүрөс анан керилип,
Бийликтин ырахатына берилип.
Тартипти катуу карманып,
"Даже" салам айтканга эринип:)
Биз жүрөбүз сиздейлердин
Саясында адам катары терилип.

Кызыл көйнөк кийипсиз,
Билемин менден бийиксиз.
Мендейди кууп жеткирбес
Аскада жүргөн кийиксиз.
Кечирип коюңуз Мега айым
Жиниңизге бир аз тийиппиз.:))))))))
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3549 Пользователь офлайн   osh93   28 Июль 2015 - 07:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

АССОЛОМУ алейкум,
КАЙТБАС, акын келиптир.
Орусча жаттап кичине,
Окенче обон териптир.
Айтчы, байге эми,
Орустан акын чыкканбы,?
Деги



Мен издедим сени,
Барсынбы ага деги.
Орусчалап тогосун,
Инин орусчалап токкондо.
Токтоналбайт,
Кыргыздар Орустун жеринде,.
Кыргызстандагы орустардай
Шоктоно албайт.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3550 Пользователь офлайн   Lui   28 Июль 2015 - 14:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))


  • Сүрөт

    kaitpas Сүрөт
  • Бүгүн, 14:12Бир мени чымчылап койчу ойгоноюн....
  • Чымчылайвер кай жерде туш болсом))))))


Чымчыйын сенин бетиңди,
Оорутуп бир топ этиңди,
Ухулап жүрүп өткөрбө,
Сен тоскон таңды, кечиңди.
Көгөрүп кетсе чымчымдан,
Жогото көрбө эсиңди)),
Ооруду намаз болбойт деп,
Окубай койбо пешимди...


Орусча учуп-кайкыпсың, ,
Оптом деп салам айтыпсың,
Айылдан алыс сен жүрүп,
Айтышка бүгүн кайтыпсың,
Көптөн бери билбедим,
Бирок, жүргөндүрсүң басып тың,
Сайдагы суудай агыпсың,
Андагы эркин балыксың,
Агымдан жүрүп адашып,
Мына эми сайды табыпсың.
Алгыр куш наамын алыпсың,
Канатты күүлөп кагыпсың,
Адашып жүрүп зоокадан,
Айылды жазбай тааныпсың.


Келип тур эми чакыртпай,
Кайдасың деп бакыртпай,
Крунбөй калбай келип тур,
Дефицит болгон жакуттай...




Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 28 Июль 2015 - 14:46

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3551 Пользователь офлайн   Likvidator   28 Июль 2015 - 15:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Колго алып каламды,
Баарына жазайн саламды.
Кайтпас, Луи кызытты
Тыыынч отурган адамды.


Сурайын эми кабарын,
Вирттууган кандай абалын?
Коп корунбой айылда,
Сагындырды жамалын.


Сурадым силер жонундо,
Качан кором онумдо?
Же чабак уруп кеттикпи
Максаттарга жеттикпи
Тируулуктун колундо?..


Коп эле нерсе жазсам дейм,
Илхом да калбай калыптыр.
Колго алчуу камемим,
Кутуп жатып аарыптыр.


Конулдогу кир жууган,
Ойлоруман кир кууган,
Кимин кайда болбогун
Жакшы тургун виртууган.


Билдирүүнү түзөткөн: Likvidator: 28 Июль 2015 - 15:36

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3552 Пользователь офлайн   kaitpas   28 Июль 2015 - 16:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Чымчыдың катуу чымчыдың,
Купуямды мында кымчыдың.
Артыңдан аңдып үч жылдай
Ак куум билсең тыңчымын.

Келгенге салам жолдойсуң,
Жаңыны дароо колдойсуң.
Көңүлчөк сулуу периштем
Чымчысам капа болбойсуң)))
Сайраган тоодогу торгойсуң,
Тийишсем өзүңдү коргойсуң
Таанышкан күндөн сулуум
Таарынымыш болуп же койбойсуң.
Жагымдуу үндө боздойсуң,
Илхомум менин козгойсуң.
Эстебесем эки ооз
Мен үчүн обон созбойсуң.

Ачылып кайда жүрөсүң
Кандай бир өмүр сүрөсүң?
Көп убак болду көрбөдүм
Кимге көз кысып күлөсүң?))))
Көтөрүп көптүн күнөөсүн
Зар кылып анан жүрөсүң.
Ышкыңда жаман кызганып
Кайтпасың күйүп түгөсүн.

Арманын айткан ар дайым,
Кайтпаста көңүл бар дайым.
Бир өмүр десең бир өмүр
Арзуумду сага арнайын..
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3553 Пользователь офлайн   Lui   28 Июль 2015 - 16:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Тыңчыңды Кайтпас билбепмин,
Капарга аны илбепмин,
Жоголуп кетсең көрүнбөй,
Кылчактап карап издепмин,
Көтөрүп атын келипсиң,
Ашыктык деген илдеттин)),


Көзүмдү деле кыспадым,
Сенсиз мен өзүм кыштадым,
Жосунсуз жорук жасабай,
Мен ашык чектен чыкпадым.
Достуктун гүлүн жыттадым,
Дос-тууганга ыктадым,
А бирок ыйман, түз жолду,
Карартып такыр жыкпадым.
Жаман бир ойдон алыс бол,
Ишенимди жыртпадым...


Айтыпсың төгүп арманды,
Жактырып мени калганды,
Эстеген кезде жүзүмду,
Жылдыз бир болуп жанганды,
Тамырлар согуп сен учун,
Сен депсиң" журөк жанданды" ,
Айланып жамгыр суусуна,
Жүзүмө аста тамганды..))


Таарынганга себеп болсо,
Мен албетте таарынам,
Тизе-белден ашып-түшүп,
Тыптынч сазга малынам,
Эх ошондо чыгаралбай,
Айлаң кетээр жалына,
Айланага шоола тийбей,
Таарынычтын чаңынан))
Эн негизи сактасынчы,
Журөктүн бир тагынан,
Ага чейин мен дайыма,
"Күлкү шууру" тагынам..
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3554 Пользователь офлайн   Amantur.   28 Июль 2015 - 16:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Ооо жакшы,жакшы, керемет!
Саптар тынбай себелейт
Баарына түткөн Луи бийкеч
Жооп жазса да тынбастан
Эмнеге такыр кебелбейт?

Биз турабыз жалдырап
Уйкаштыктар жадырайт
Жаза бергиле токтобой
Күтө берип силерди
Чарчап калбайлы шалдырап...
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3555 Пользователь офлайн   Lui   28 Июль 2015 - 17:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения Likvidator (28 Июль 2015 - 15:25) жазган:

Колго алып каламды,
Баарына жазайн саламды.
Кайтпас, Луи кызытты
Тыыынч отурган адамды.

Сурайын эми кабарын,
Вирттууган кандай абалын?
Коп корунбой айылда,
Сагындырды жамалын.

Сурадым силер жонундо,
Качан кором онумдо?
Же чабак уруп кеттикпи
Максаттарга жеттикпи
Тируулуктун колундо?..


Саламды бериптирсиз,
Сагынып келиптирсиз,
Канакей келгиле деп,
Кулачты кериптирсиз,
Ал-абал сурап бир топ,
Арипти териптирсиз,
Бул жакка кирбей жүргөн,
Жалкоону жеңиптирсиз. ..


Кудайга шүгүр абалым,
Кубанып турат жамалым,
Айтышка кирген кезимде,
Апкаарып, күйүп жанамын,
Санаалаш жакын адамды,
Издебей эле табамын,
Таштабай жерге калайын,
Айтылган ысык саламын,
Кез-кезде турам билдирип,
Жоголбой мында кабарым....
.................. ...................... .....
Маанайлар кетти өзгөрүп,
Улантып кийин жазаармын.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3556 Пользователь офлайн   Lui   28 Июль 2015 - 17:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения Amantur. (28 Июль 2015 - 16:54) жазган:

Ооо жакшы,жакшы, керемет!
Саптар тынбай себелейт
Баарына түткөн Луи бийкеч
Жооп жазса да тынбастан
Эмнеге такыр кебелбейт?

Биз турабыз жалдырап
Уйкаштыктар жадырайт
Жаза бергиле токтобой
Күтө берип силерди
Чарчап калбайлы шалдырап...


Сиз сыяктуу куткөндөр болсо,
Жазган сап көңүлгө толсо,
Сүйүнүп жаза берээрбиз,
Жакшы деп мактап койсо)),
Жымыңдап калат экенбиз,
Жакшы сөзгө курсак тойсо..


Чарчабай туруңуздар,
Маекти куруңуздар,
Калемди саптап алып,
Кагазга сунуңуздар,
Каталык кетсе бизден,
Көздөрдү жумуңуздар,
Айтышка кирбей койсоң,
Жарабайт мунуңуздар! !!))
Келгиле андан көрө,
Күлкүгө тунуңуздар. ...
Көңүлдү бир аз эми,
Айтышка буруңуздар,
Сиз учун ыр жазышат,
Кыз жана уулуңуздар. .








Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 28 Июль 2015 - 17:17

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3557 Пользователь офлайн   Likvidator   28 Июль 2015 - 17:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Lui (28 Июль 2015 - 17:04) жазган:

Саламды бериптирсиз,
Сагынып келиптирсиз,
Канакей келгиле деп,
Кулачты кериптирсиз,
Ал-абал сурап бир топ,
Арипти териптирсиз,
Бул жакка кирбей жүргөн,
Жалкоону жеңиптирсиз. ..


Кудайга шүгүр абалым,
Кубанып турат жамалым,
Айтышка кирген кезимде,
Апкаарып, күйүп жанамын,
Санаалаш жакын адамды,
Издебей эле табамын,
Таштабай жерге калайын,
Айтылган ысык саламын,
Кез-кезде турам билдирип,
Жоголбой мында кабарым....
.................. ...................... .....
Маанайлар кетти өзгөрүп,
Улантып кийин жазаармын.


Манжалар тынбай дыбырап,
Саптарын сенин жыбырап.
Жаткандай сага перилер
Кулагына шыбырап.


Создору оз-оз сабында,
Ыр бермет толгон кабында.
Куулонуп чуркап алыпсын,
Талантын сенин табында.


Перисин коштоп жанында,
Луинин он жагында
Кайтпас мырза баратат,
Суйуу ойноп канында.


Табыштын кайра, кубанам...
Бузбагын эми убадан...
Бактылуу жаштар болгула,
Кудайдан мен суранам.Сүрөт




Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3558 Пользователь офлайн   kaitpas   28 Июль 2015 - 18:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Илдетим такыр айыкпай,
Арманым болду жайыттай.
Кетпечи кээ бир сөз үчүн
Асылым мени айыптай.
Маанайың ачык чайыттай,
Бузгум жок аны жайыктай.
Кел эми бирге бололу
Жалгыздык жайды байытпай.

Билемин мени чанбайсың,
Берилген антты танбайсың.
Бейкапар эмес көңүлүм.
Байбичем жарык маңдайсың.
Билбеген билип алсын деген
Билдирүүм көңүлгө албайсың.

Адашпай тапкан форумдан,
Кармаган сенсиң колумдан.
Коркпоймун билгин сен барда
Бүт акын чыкса жолумдан.
Айтышам сен деп тирешем
Калсам да барктуу орундан.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3559 Пользователь офлайн   Jeka   28 Июль 2015 - 18:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Айтыштын жаӊы сезонун
Кызыткандар баягы...
Луиге болгон сезимдер
Чыкпайт го такыр аягы!
Кыпчылбай тура турайын
Тумшукка тийип таягы
Андан көрө байкайын
Не болот эми ар жагы...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 28 Июль 2015 - 18:30

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3560 Пользователь офлайн   kaitpas   28 Июль 2015 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ликвидатор акеме....

Аганы көрүп ини өсөт,
Ал тургай бирге күрөшөт.
Кээ бирлер дале ишенбей
Кайтпасты Ликви деп жүрүшөт.
Чындыкты айтып тирешсем
Мотуев деп да күлүшөт.

Эски дос эстен кетпеген
Жер кезип кайра беттеген.
Форумдаш акем кандайсыз
Мага окшоп айылдан четтеген.
Өткөндөн эки ооз кептеген,
Ал кезге бул кез жетпеген.
Аманбы акем форумдаш
Сөз менен баарын эптеген.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 176
  • 177
  • 178
  • 179
  • 180
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 29 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 29, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 05:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: