Кытай айымдарынын сулуулук сырлары
Айымдардын көпчүлүгү кытайлык айымдардын сулуулугуна суктанышат.
Тунук, таза, бырышы жок бет терилери, жылтырак чачтары жана келишимдүү дене- мүчөлөрү өзгөчө кызыгууну жаратат. Эгер сиз дагы кытайлык айымдардай келишимдүү болууну кааласаңыз,
анда, төмөнкү кеңештер сиз үчүн.
Чыгыш өлкөсүнүн айымдары ачык жана өзүнө чакырып тургандай шайкелең макияж колдонушпайт. Алар бардык сулуулукка табигый ыкмаларды колдонуу менен гана жетишишет.
Кытай чайды өзгөчө сүйгөн өлкө эмеспи. Андыктан бул суусундук айымдардын жигердүү жана ден- соолугу чың болушуна өбөлгө түзөт. Алар көбүнчө көк жана ак чай ичишет. Мында, иммунитеттин деңгээли бир калыпта сакталып, зыяндуу заттардын пайда болушуна бөгөт коюлат.
Мындан сырткары, кытайлык айымдар тамак- ашка деңиз азыктарын көп колдонушат. Алардын курамында, хлорофилл, антиоксидант жана А,С витаминдери бар. Бул азыктарды үзгүлтүксүз колдонуу менен тамак сиңирүү органдары жакшырат жана организмдеги туздун өлчөмү бирдей салмакта сакталат. Тери сыйдам болуп, картаюунун алдын алат.
Бет майларга караганда табигый азыктардан маска жасоо бир топ натыйжалуу деп эсептешет. Ал үчүн папайи, йогурт жана деңиз тузунан маска жасашат. Бул элементтердин баары теринин жакшырып жашарышына алып келет. Берметтин порошогунан да маска жабышат. Ал эми чачтын бекем жана жылтырак болуусу үчүн камели майын колдонушат.
Кытайлык айымдар сулуу болуу үчүн күн сайын оздөрүнө убакыт бөлүп кам көрүп турушат. Бутунун тырмагынан баштап чачынын учтарына чейин бирдей карашат.


Супер-Инфо
super.kg
видео






































































