Суперстан: Пайдалуу кеңештер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер. Майда,бирок маанилуу.

#101 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кытай айымдарынын сулуулук сырлары

Сүрөт Айымдардын көпчүлүгү кытайлык айымдардын сулуулугуна суктанышат. Тунук, таза, бырышы жок бет терилери, жылтырак чачтары жана келишимдүү дене- мүчөлөрү өзгөчө кызыгууну жаратат. Эгер сиз дагы кытайлык айымдардай келишимдүү болууну кааласаңыз, анда, төмөнкү кеңештер сиз үчүн.

Сүрөт

Чыгыш өлкөсүнүн айымдары ачык жана өзүнө чакырып тургандай шайкелең макияж колдонушпайт. Алар бардык сулуулукка табигый ыкмаларды колдонуу менен гана жетишишет.

Сүрөт

Кытай чайды өзгөчө сүйгөн өлкө эмеспи. Андыктан бул суусундук айымдардын жигердүү жана ден- соолугу чың болушуна өбөлгө түзөт. Алар көбүнчө көк жана ак чай ичишет. Мында, иммунитеттин деңгээли бир калыпта сакталып, зыяндуу заттардын пайда болушуна бөгөт коюлат.

Сүрөт

Мындан сырткары, кытайлык айымдар тамак- ашка деңиз азыктарын көп колдонушат. Алардын курамында, хлорофилл, антиоксидант жана А,С витаминдери бар. Бул азыктарды үзгүлтүксүз колдонуу менен тамак сиңирүү органдары жакшырат жана организмдеги туздун өлчөмү бирдей салмакта сакталат. Тери сыйдам болуп, картаюунун алдын алат.

Сүрөт Сүрөт

Бет майларга караганда табигый азыктардан маска жасоо бир топ натыйжалуу деп эсептешет. Ал үчүн папайи, йогурт жана деңиз тузунан маска жасашат. Бул элементтердин баары теринин жакшырып жашарышына алып келет. Берметтин порошогунан да маска жабышат. Ал эми чачтын бекем жана жылтырак болуусу үчүн камели майын колдонушат.

Кытайлык айымдар сулуу болуу үчүн күн сайын оздөрүнө убакыт бөлүп кам көрүп турушат. Бутунун тырмагынан баштап чачынын учтарына чейин бирдей карашат.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   vema_87kg   09 Июнь 2015 - 21:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

Карайып бараткан алтынды кантип оз калыбына келтирсе болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 02:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Лимондун негизги курамын суу менен лимон кислатасы түзөт. Анда организмге керек эң маанилүү витаминдер абдан көп. С витаминин, А, В1, В2, D витаминдерин жана мындан сырткары цитринди (витамин Р) курамына камтыйт. Химиялык курамы боюнча өзүнчө бир фенолдук байланышка жана жогорку биологиялык активдүү заттар менен касиетүү баалуулуктарга ээ жана минералдык туздарга, лимон кислотасына бай. Ошондуктан ал организмге абдан керек. Организмге С жана Р витаминдери жетишпегенде, зат алмашуу бузулганда, ошондой эле кычкылтеги төмөн гастрит, подагра, заара чыгаруучу каналдарга таш пайда болгон ооруларда пайдалуу. Өзгөчө андагы С жана р витаминдери суук тийген ооруларда абдан маанилүү жана организмдин иммундук-биологиялык реакциясын көтөрөт. Ошондуктан лимонду суук тийген менен ар кандай инфекцияларга байланыштуу жана терапевтик, хирургиялык ооруларында организмдин коргоочу заттарын жакшыртуу үчүн диета-дары каражаты катары колдонушат.

Ширеси

Лимондун ширеси эс тутум начарлаганда, ашказан ичеги, таш пайда болгон ооруларда, организмдин зат алмашуу процесси жоголгондо, гемморойдо, лихородка суук тийген абалда таасирдүү жардам көрсөтө алат. Мындай ооруларда жарым стакан кайнак сууга 0,5 лимондун ширесин кошуп, күнүнө 2-3 жолудан ичсе болот. Ошондой эле жаңы жемиштерге лимондун ширесин кошуп, тузу жок салаттарды жасап жесе да жакшы.

Ангина кармаганда жардам берет

Ангина жана ооздун көңдөйлөрүнө, тамакка суук тийген ооруларда оозду сууга кошулган лимондун ширеси (1/2 стакан кайнак сууга 0,5 лимон кошулат) менен чайкаса таасирлүү. Теринин козу карын ооруларында лимондун ширесин дары катары иче берсе да болот. Ангина жаңы башталганда чийки лимонду (өзгөчө кабыгын) жайдан чайнап койсо жакшы. Андан кийин лимондун кислотасы оорулу жерлерге таасир бергенче 1 саат бою эч нерсе жебеш керек. Ушул эле көрүнүштү 3 сааттан кийин кайра кайталаса болот.

Өт ооруганда

Өткө таш пайда болгондо 1,5 литр сабиздин, кызылчанын, бадыраңдын аралашмасы кошулган 10-12 стакан лимондун ширесин бир күндин ичинде иче берсе болот. 6-7- күндөрү катуу жабыркаган жер катуу ооруп, анан оору басылып, таштар жоголот. Өтө катуу ооруганда ооруну баскан каражаттарды колдонуш керек.

Чаңкоону басат

Лихородка ооруларында, каның катып суусаганда, деги эле жалпы абалды жакшыртуу үчүн лимондун ширесинин пайдасы күчтүү.

Кабыгын ыргытпаңыз

Тамак сиңирүүнү жакшыртыш үчүн шекерде кайнатылган лимондун кабыгын колдонсо болот. Лимондун жаңы кабыктарын ак жерлеринен тазалап алып, нымдуу жагын чыкыйга коюп 10-15 мүнөт кармап туруш керек. Ал жер кызыл болуп ачышып жана кычышып чыгып, баштын оорусу жоголот.

Бут оорусуна пайдалуу

Буттун тарамыштары тырышып калганда эртең менен жана кечинде жаңы лимондун ширеси менен буттун тамандарын сүртүп, кургагандан кийин байпак менен бут кийимди кийсе таасири байкалат. Бул жол менен дарылоонун бир курсу – 2 жумадан аз болбошу шарт.

Сасык тумоодо

Сасык тумоого кабылганда чайга бир чай кашык бал менен лимонду кошуп ичкенде дароо таасири байкалаарын баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан бул ооруну алдын алыш үчүн да аны суук түшөөрү менен эле активдүү колдоно берсе болот. Ал эми ооруганда ал сөзсүз дасторкондо болушу шарт.

Чайыңызга лимон кошуп ичиңиз

Чайга лимон кошуп ичүү – дем алуу органдарына суук тийген ооруларда эң сонун каражат. Лимон организмге кошумча витаминдерди, ферменттерди берет. Ошондуктан эртең менен кофенин ордуна лимон кошулган чай ичиңиз.

Лимон мозолдорго каршы жакшы каражат

Уктаар алдында буттарыңызды жылуу сууга буулап, мозолдорго лимондун кабыгын тагып, 2-3 күндүн ичинде бул процедураны кайталаңыз. Андан кийин бутту дагы бууга кылдаттык менен коюп, мозолдорду алып салуу керек.

Чачты көркүнө чыгарат

Чачты таза жуугандан кийин жарым лимондун ширесин беш литр сууга чылап, аны менен чачты жакшылап чайкап койсо, чач кулпуруп, жалтырап, табигый өңүнө келип, көздү уялтат жана чачты түшүрбөйт.

Ошондой бир нече жолу: 1 литр сууга 2 чай кашык лимондун ширесин же уксусту кошуп чайкаса да эң сонун таасирин берет.

Беттеги кара тактарды кетирет

Бир даан лимонду экиге бөлүп, анын согун сыгып алып, ага 3-4 тамчы бал кошосуз. Бул масканы бетиңиздеги кара так жана чекитчелерге сүйкөп, 10 мүнөткө кармайсыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Мындай масканы аптасына эки жолу колдонуу жетиштүү болот.

Мурун оорусуна да пайдалуу

Мурундан кан акканда1 стакан муздак суу, 1/4 лимондон же 1 чай кашык уксус же 1/3 чай кашык квас кошуп, бул аралашманы мурунга коюп, мурун менен аны тартып, тарткандан кийин 3-5 мүнөт кармап туруш керек. Тынч отуруп же туруш керек жана жаткан болбойт. Маңдай менен мурунга нымдуу сүлгү же тоңдурулган музду коюш керек.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   KblCHAS_KblZ   10 Июнь 2015 - 10:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 77
  • Катталган: 16 Май 15
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2016 11:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бул жерден корунбойт

Просмотр сообщения medina. (09 Июнь 2015 - 19:54) жазган:

Сонун кенештер экен.Рахмат Медизинер айым!Джинсы шымдын зыяндуулугун окуп алып,андан башка не кийсе болот экеен?деп ойлонуп калдым.Азыр ар бир кызда болбоду дегенде 2-3Джинсы шымы бар.


Менин бир эле джинсы шымым бар ошону 1 жылда кийген кундорумду эсептесем ашып кетсе 3 же 4 ай кийет экем :гезит:
Жакшы болуш аста-аста
Жаман болуш бир паста
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   -Sumitra-   10 Июнь 2015 - 11:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 757
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 15:52

Просмотр сообщения vema_87kg (09 Июнь 2015 - 21:57) жазган:

Карайып бараткан алтынды кантип оз калыбына келтирсе болот?


Карайып баратса,кадимки эле тиш пастаны щёткага бир аз куюп,анан алтынды жакшылап жууп койсонуз сонун б.п жылтырап калат алтыныныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   vema_87kg   10 Июнь 2015 - 19:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 308
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Фев 2016 23:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-абад

рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 00:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кийим- кечелериңизге кам көрүүдө бул амалкөйчүлүктөр жардамга келет

1. Колтуктан чыккан тердин тагы калган кийимди лимон ширеси же кадимки аш содасы менен кетирүүгө болот.


2. Абдан жактырган жемпериңиздин чоюлуп кетишин каалабасаңыз, анда, кечинде 3-4 саатка муздаткычка салып чыгарып коюңуз.




4. Чачты үтүктөгөн каражат менен майдараак суу болгон кийимди кургатып алууга болот.




5. Тоналдык кремден кийимге калган такты сакал алууда колдонгон көбүрткүч менен тазалоого болот.



6. Кеңейип кеткен бут кийимди калыбына келритүү үчүн желим баштыкка суу куюп, аны бут кийимге салып, тоңдургучка бир түнгө калтырып коюңуз.




7. Кызыл шараптан кийимиңизге так калса, анда, ага аш шараптан куюп кетирсеңиз болот. Же болбосо аш содасын сээп бир- эки саатка коё туруңуз.




8. Өтүктөрдүн формасы сакталып туруусу үчүн анын ичине журнал салып коюу керек.



9. Таманыңызды катуу дезодорант менен сүртүп койсрңуз, жаңы кийген бут кийимдин байлагычтары өйкөбөйт.



10. Булгаары кемселиңиздин жумшак болушун кааласаңыз, анда аны менен жамгырга калып, сейилдөөгө туура келет. Жамгырдын суусу жакшы жумшартат.




11. Чач үчүн колдонулган лактын жардамы менен кийимге жуккан помаданын тагын кетирүүгө болот.




12. Иймегиңиздин бекиткичин жоготуп алсаңыз, анда калемдин ластигин колдонсоңуз болот.




13. Жаңы кийе турган бут кийим бутуңузга жаракат алып келбесин десеңиз, анда, ага байпак кийгизип бир нече мүнөт фен иштеп турган тарапка коюп коюу керек.

Сүрөт

14. Көз айнектин эскирген кармагычын тырмак боёгуч менен сүртүп бекитип койсо болот.

Сүрөт

15. Булгарыга окшош кийимдердин сүртүлгөн жерлерин кетирүүгө ластик жардам берет.

Сүрөт

16. Жемпердеги тоголоктонуп калган түктөрдү кадимки устара менен кетирүүгө болот.

Сүрөт

17. Кийимиңиздин сыдыргычында көйгөй болсо, анын тишчелерине гигиеналык ооз боёгуч же графиттик калем менен сүйкөп коюңуз.

Сүрөт

18. Идиш жууган каражатка сода салып ,колдонулбай калган тиш жуугуч щёткасын алып ак өндөгү бут кийимдерди тазаласа болот.

Сүрөт

19. Кең жынсы шымдарды өтүктүн кончуна салуучу жакшы ыкма.

Сүрөт

20. Кара түстөгү жынсылар жуугандан кийин агарып кетпеши үчүн аны жууп жатканда айнага дистиллировандалган укусустан жарым стакан кошуп коюу керек.

Сүрөт





Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Mediziner   11 Июнь 2015 - 00:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Бактылуу жашоо үчүн фен-шуйдан пайдалуу кеңештер

1.Бурчка отурбаңыз

Бөлмөнүн бурчтарын эмеректер үчүн гана арнаңыз. Адам баласынын бурчта отурушу фен- шуйдун эрежесине ылайык кедейликти чакырат. Ошондой эле ийгиликти качырып, ден- соолуктун солгундашына да алып келет- деген ишеним бар.

Сүрөт

2. Босогодон коштошпоңуз

Үйдүн босогосу энергетикалык ажырым- деп түшүндүрүлөт, башкача айтканда дүйнөнү экиге бөлүп турат. Бир тарабы- өзүңүздүкү, ал эми экинчи тарабы чоочун. Демек, бул ажырымда коштошкон учурда ал адам менен болгон ортодогу мамиле ажырымга туш келет. Түшүнбөөчүлүктөр пайда болот. Себепсиз чыр- чатактар чыгат.

Сүрөт

3. Маанайыңыз жокто тамак жасабаңыз

Жасалып жаткан тамак айланадагы энергиянын баарын өзүнө сиңирип алып жана аны ичкен адамга таасирин берет. Андыктан капаланып, маанайыңыз чөгүп турганда тамак- аш жасабай эле койгонуңуз дурус. Фен- шуйдун түшүндүрмөсү боюнча начар маанайда жасалган тамак- ашты ичкен адамдын да маанайы себепсиз бузулуп, ичкен тамагы сиңбей кыйнайт. Ошондой эле, эмоциалдуу терс таасир тийгизген теле берүү же коркунучтуу тасмаларды сыналгыдан көрүп жатып, тамак жасаганга болбойт.

Сүрөт

4. Бирөөнүн артында турбаңыз

Бирөөнүн артында же өзүңүз артыңызды салып турбашыңыз керек. Себеби, алдыңыздагы адамды терс энергиялардын сиздин денеңиз коргоп, жыйынтыгында өзүңүз алсызданып каласыз.

Сүрөт

5. Бурчка да турбаңыз

Фен- шуйдун түшүнүгүндө бөлмөнүн бурчу капалыктын жана ызанын очогу. Маселен, уулуңузду жазалоо үчүн бурчка тескери каратып койсоңуз, демек ал жерге баланын ыйы, ызасы сакталып калат. Андыктан бурчка отуруп да туруунун да кажети жок.

Сүрөт

6. Сынган күзгүгө каранууга болбойт

Сынган күзүгө карануу менен эң алгач ден- соолугуңузга олуттуу терс таасир тийгизип аласыз. Сынган күзгүнүн энергиясы сиздин жигердүү энергияңызды өзүнө тартып алууга жөндөмдүү.

Сүрөт

7. Чөнтөк күзгүсү душмандардан коргойт

Сизге ниети начар, көрө албаган адам менен жолугуушу зарылчылыгы жаралса, анда, чөнтөгүңүзгө кийинекей күзгү салып алыңыз. Фен- шуй түшүнүгүндө бул душмандын суук көзүнөн, ачуу тилинен сактайт.

Сүрөт

8. Колуңуз менен өзүңүздү- өзүңүз көрсөтпөңүз

Таанышыңыз, кесиптешиңиз же тууганыңыз менен болобу, кимдир бирөөлөр тууралуу талкуулап жатканда сөз арасында өзүңүз жөнүндө да айтышыңыз керек болгондо, эч качан өзүңүздү- өзүңүз колуңуз менен көрсөтпөңүз. Мунун менен сиз өзүңүзгө терс энергияларга жол көрсөткөн болосуз. Эгер талкуулап жаткан адамдыр оорусу туурауу кеп болуп жаткан болсо, өзүңүздү көрсөтүү менен сиз дагы ошол оору менен ооруп калышыңыз ыктымал.

Сүрөт

9. Жарым жолдон кайра кайтпаңыз

Жарым жолдон кайра үйгө кайтып келүү, босого сыяктуу эле терс көрүнүш. Маселен, сиз үйдөн чыгып бара жатканда белгилүү бир иш боюнча жана көздөгөн максатыңызды аткаруу бара жатасыз. Ал эми орто жолдон артка кайтсаңыз, ал иштериңиз дагы оңунан чыкпай жарым жолдо токтоп калышы ыктымал. Андыктан, ар дайым үйдөн чыгаарда буюмдарыңызды толук карап, эч нерсени унутуп калбоого көнүңүз. Эгер кокусунан ошондой жолдон кайтуу зарылчылыгы жаралса, анда, бир нече мүнөт күзгүнүн алдында каранып туруңуз. Мында сиз кайрадан энергия алып, бара турган жагыңызга жаңыдан жөнөп жаткан абалдай болосуз.

Сүрөт

10. Күн желесин карай чуркаңыз

Асманда пайда болгон күн желесин көрүп калсаңыз, ал жакшылыктын белгиси. Мүмкүнчүлүк болсо күн желесин карай чуркаңыз. Ойлогон ой- максаттарыңыз тууралуу айтып бериңиз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Mediziner   16 Июнь 2015 - 15:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жаңы изилдөөгө караганда адамдын карылыгы иш жүзүндө 30 жашка жетпей башталат. Адамдын акыл-эс жөндөмдүүлүгү жана психологиялык саламаттыгынын улгая баштоосу 27 жаштан башталаарын Верджини университетинин окмуштууларынын илимий тыянагында айтылды. Бул иликтөөгө 18 жаштан 60 жашка чейинки 2 000 жакын кардар катышкан жана окумуштуулар аларды жети жыл боюу изилдеген. Бул изилдөөгө катышкандар саламаттагы чың жана билимдүү болушкан. Эксперимент учурунда ар кандай визуалдык баш катырмаларды чечүүгө жана сандарды тизмектетип, айткалган аңгемелерин кайталап берүү тапшырмалары берилген. Ушуга окшогон тесттер психикалык ооруларга айрыкча альцгеймер сыяктуу акыл-эс ооруларына жасалат.

Сүрөт

Профессор Тимоти Салтхаустын жетекчилиги алдында жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары американын илимий нейробиология журналына жарыяланган. Андагы сунушталган 9-12 тестти орточо муун тагыраак айтканда 22 жаштагылар жогорку жыйынтык менен жооп беришкен. Андан кийин чоң айырмачылык менен 27 жаштагылар көрсөткөн. Алар ойлонуунун ылдамдыгы, визуалдык аралык жана аргументтер боюнча дагы төмөн жыйынтыкты көргөзгөн. Адамдын акыл-эси орточо эсеп менен 37 жаштан баштап, өтө тездик менен карый баштайт. Ал эми 42 жаштан жогоркулар андан да төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөн. Профессор Салтхаус бул алынган жыйынтыктар карылыктан арылууну жана көп жашоону пенсияга чейин баштоо керектигин көргөзгөндүгүн белгиледи.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Mediziner   16 Июнь 2015 - 15:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Териңиздин абалына жараша күнгө күйүңүз

Күнгө күйүү үчүн туура убакыт тандап алуу маанилүү. Ал үчүн эртең мененки саат 9дан 11ге чейин жана түштөн кийин 16дан 19га чейин. Күнгө күйүү 2 сааттан ашпашы зарыл. Биринчи күнү эле 2 саат кактанып албаңыз, себеби денеде аллергия пайда болушу мүмкүн. Алгач күнгө чыгып күйүүнү 5 мүнөттөн баштоо керек. Андан кийин 10 мүнөт. Ошентип отуруп, шашпай 2 саатка жеткиребиз. Ошондой эле күнгө жылаңач чыгып алуу да туура эмес. Андыктан биринчи жолкусунда колуңузду, анан бутуңузду күнгө кактаңыз. Ошентип, денеңиз кичине ысыкка көнгөндөн кийин үстүңүздөгү кийимди толук чечип, 2 саатка чейин күнгө кактансаңыз болот. Күнгө күйүүдө көздү, чачты жана бетти өзгөчө сактоо керек. Бул үчүн пляжга бараарда баш кийим, күндөн коргоочу көз айнекти унутпаңыз.Ошондой эле жел жүргөн курганууга болбойт, денедеги суунун тамчылары линзаларды пайда кылып, нормадан ашыкча күйгүзүп жиберет. Андыктан жөн гана аарчынганып коюу керек.

Сүрөт

Күнгө күйүүгө тыюу салына турган себептер:

1- Онкологиялык ооруга чалдыккандар

2- Кош бойлуу айымдар

3- 5 жашка чейинки балакайлар

4- Варикоз менен жабыркагандар

5- Рак, жүрөк оорусу жана кургак учук менен ооругандар

6- Терисинен жараат алгандар

7- Бетинде сепкили барлар

8- Биринчи типтеги терилүүлөр

Сүрөт

Кандай крем сүйкөлөт?

Жөнөкөй кремдер денеге бат сиңип кетет, андыктан жакшы жардам бере албайт. Күнгө күйүүдө терини ашыкча күйүп калуудан коргоо үчүн атайын чыгарылган крем жана майлар бар. Аталган каражаттын сыртында жазылган колдонуу ыкмасын окуп, аны туура аткарыңыз. Эгер туура колдонбосоңуз, денеңиз күйүп калышы мүмкүн. Кремди өтө калың сүйкөп алсаңыз, ал ысып чыгат да, кайра сиздин денеңизди күйгүзүп жиберет. Денеңиз жумшак жана тегиз күйсүн десеңиз, кремди кол жана буттан баштап жүрөктү көздөй массаж кылуу менен сыйпоо керек. Мындай кремдерди аллергиясы бар адамдар колдонууга болбойт.

Мындан сырткары:

Пляжда күндүн ультрафиолеттүү нурунан коргонуу кремин алууда анын курамында канча пайыз SPF (күндөн коргоочу фактор) бар экенине көңүл буруңуз. Кремдин курамында SPF 15 деп көрсөтүлсө, ал ультрафиолеттүү нурдан 93 пайыз сактай алат. SPF 30 97 пайыз, ал эми SPF 50 көрсөткүчү бар кремдер күн нурунан коргонууга 98 пайыз кепилдик берет. Бул кремдерди ар бир 2 саат сайын жаңылап сүйкөп туруу маанилүү.

Сүрөт

Күнгө күйүүнүн күнгөйү жана тескейи

Ультрафиолеттүү нур иммунитетти бекемдеп, денедеги зат алмашуу процессин тездетет. Ошондой эле сөөк жана булчуңду бекемдей турган D3 витаминин иштеп чыгууга чоң жардам кылат.

УФ-нурдун терс жактары да жок эмес. Алсак, күнгө же солярийде белгиленген мөөнөттөн ашык убакыт болгон адамдын териси бузулуп, чачы кургап түшө баштайт. Андан да коркунучтуусу, рак ооруларына чалдыктырышы мүмкүн.

Сүрөт

Териңиз кайсы типте?

1 типтеги тери. Буга көп сепкили бар ак жуумал, сары терилүү, көк көз жана сары чачтуулар кирет. Бул типтегилерге күнгө күйүүгө болбойт.

2- типтеги тери. Аз сепкили бар ак жуумал, сары терилүү, көк көз жана ак саргыл чачтуулар кирет. Булар да биринчи типтеги терилүүлөргө тиешелүү көрсөтмөлөрдү сактоолору шарт. Убактысы боюнча жумасына 3 жолу 15 мүнөткө чейин күйүүгө мүмкүн.

3- типтеги тери. Ак терилүү, күрөң жана кара көздүү, кара чачтуулар кирет. Булар жумасына 3 жолу 20 мүнөттөн 5-6 жолу күйүүгө болот.

4- типтеги тери. Кара тору, кара күрөң, кара көздүү, кара чачтуулар кирет. Буларга жумасына 3-4 жолу 20 мүнөттөн күйүү жетиштүү болот.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Mediziner   16 Июнь 2015 - 15:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Жашооңузду текке кетирип жаткандыгыңызды далилдеген 13 белги

1. Маанисиз иштерге көп убактыңызды кетиресиз

Сыналгы, видео оюндар, интернет, көп тамактануу, спирт ичимдигин ичүүгө көбүрөөк убакыт кетиресиз. Жашооңузга сергек акыл- эс менен карап көрүңүз. Кайда, качан жана ким менен кандай убакыт өткөрүп жатасыз?!. . Булар сизге канчалык деңгээлде пайдасын тийгизип жата?!... Сизди жакшы жашоого жетелеп жатабы?!... . Ойлонуп көрүп, туура жыйынтык чыгарыңыз.

Сүрөт

2. Ашкере арызчылсыз

Жасаган жумушуңузга, жетекчиңизге, айлыгыңызга, кошунаңызга жана түгөйүңүзгө нааразысызбы? Эгер мындай болсо, демек, сиз жашооңуздан эч нерсени өзгөртө албайсыз. Болгону айлана- чөйрөңүзгө терс энергия жыйнайсыз. Андыктан, сизге эмне жага тургандыгын жана бактылуу көз ирмемдер тууралуу көп ойлонуп, ошол нерселер тууралуу гана сүйлөшүңүз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй жакшы натыйжа менен көрсөтүлөт.

Сүрөт

3. Акылыңызды азыктандырбайсыз

Бир калыпка салынган жашооңуздун чырмалган торунан чыга албай жүрөсүз. Жаңы идеяларды ойлоп табуу, жаңыча көз караш менен жашоону сүйүп кароо деген сизде жок.... Андыктан бир орунда турбай издениңиз, бир орунда турбаңыз. Пайдалуу маалыматтар менен акылыңызды азыктандырыңыз.

Сүрөт

4. Терс энергия чыгарган ички диалог жүргүзөсүз

Өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшкөндө ар дайым эле көйгөйлөр тууралуу сүйлөшө берүү туура эмес. Анткени, алардын көпчүлүгү жашооңузда ийгиликсиз маселелерди пайда кылат. Андыктан өзүңүз менен өзүңүз дагы жагымдуу маанайда сүйлөшүүгө аракет жасаңыз. Ойлоруңузду чар- жайыт кармабай ар дайым тизгинди катуу кармаңыз.

Сүрөт

5. Эргүү албайсыз

Сизде кайсы бир нерсеге болуп көрбөгөндөй кызыгуу барбы? Ар бир акыл- эси бар адамда кызыккан, ошону менен алектенгиси келген жумушу болот. Эгер мындай нерсе жок болсо, анда аны өзүңүздөн издеп табыңыз. Аны менен алектеүүдөн эргүү алыңыз.

Сүрөт

6. Келечегиңизге максат койбойсуз

Келечекке максат койбогон адам, океанда багыты жок бара жаткан кемедей. Күнүмдүк жашоо кызыкчылыгына маашырланып жүрө бересиз. Мунун жыйынтыгы албетте белгисиздикке такалат. Андыктан келечекке максат коё билиңиз жана ага жетүү үчүн талбай аракет жасаңыз.

Сүрөт

7. Сиздин ийгиликке жетишиңизге салым кошпогон пайдасыз досторуңуз көп

Эптеп эле убакыттын өтүшүн көздөп, туш келди адамдар менен убакыт өткөрүү, пайдасыз жолугушуулар, достор сизге эч качан ийгилик алып келбейт. Мындай адамдар энергиялык кан соргучтар катары бааланат. Сиз эч качан жакшы жакка өзгөрбөйсүз, болгону алардын катарын гана толуктаган болосуз. Андыктан өзүңүзгө пикирлеш адамдар менен мамиле түзүүгө алар менен пайдалуу жолугушууларды өткөрүүгө аракет жасаңыз.

Сүрөт

8. Телефонуңузга көз карандысыз

Бир саамга ойлонуп көрүңүзчү, бир күндө канча саат телефонуңузга убакыт кетиресиз?! ... Балким, ага кетирген убакыттын ордуна үй бүлөңүз менен сейилдеп, же туугандарыңызга зыяратка барганыңыз оңдур.... Ойлонуп, туура чечим чыгарыңыз... ..

Сүрөт

9. Керексиз буюмдарга көп каражат коротосуз

Кайсы бир буюмду сатып алууда чындыгында керектүү жана жөн эле алууну каалайм деген эки нерсе бар. Кээ бир адамдар дос, кесиптеш, тааныштарына атаандашып кайсы бир буюмду сатып алуу үчүн карызга белчесинен батат же пайызга акча алат. Анын натыйжасында карыздан кутулуу үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтөт. Нерв чыңалат, ден- соолуктун абалы солгундайт. .. Ушунун сизге кереги барбы?! Андыктан колдо бар нерсенин баркын билип, бар нерсеге топук кылганды үйрөнүңүз.

Сүрөт

10. Уйкуңуз канбайт

Ден- соолуктун чың болуп, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн деңгээли бийик болуп, ийгиликке жетүү үчүн туура жана сапаттуу уктоо керек. Уйкусуздук жогорудагы айтылган нерселердин бардыгынан жабыр тарттырат. Андыктан талапка ылайык жакшы уктоого көнүңүз.

Сүрөт

11. Денеңизге кам көрбөйсүз

Сергек жашоо образын алып жүрүү эң маанилүү маселе экенин дагы бир ирет эсиңизге салабыз. Андыктан, спорт менен алектенип, туура жана пайдалуу азыктар менен азыктанып денеңизге толук кандуу психологиялык туруктуу абал менен камсыз кылыңыз. Ал сизди бардык терс энергиялардан сактайт.

Сүрөт

12. Коркоксуз

Калыпка салынган күнүмдүк жашоону өзгөртүп тобокелчиликке баруудан коркосуз. Андыктан жашооңуз кызыксыз сезилет. Ойлонуп, жети өлчөп бир кесип, кээ бир тобокелчиликке бара турган пайдалуу иштерди жасаңыз. Коркуу сезиминен арылып, жашооңуз жакшыра баштайт.

13. Өзүңүзгө жакпаган жашоо менен жашайсыз

Азыркы жашап жаткан жашооңузга ыраазысызбы? ! Өзүңүздү толук кандуу бактылуу сезесизби?! Эгер жок деп жооп берсеңиз анда, жашоңузга сарасеп салып, жаңы жашоо баштаганга аракет жасаңыз. Ар бир жасаган ишиңиз сизге бактылуу сезимдерди гана тартуулап турушу керек.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Mediziner   22 Июль 2015 - 15:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Сүрөт






Сүрөт



Күндөн коргоочу көз айнектин сабынын туташкан жериндеги буроосуна тырмак боёгон түзсүз лак сүйкөп коюңуз. Ал буроону бошотпой кармап турат.


Сүрөт

Жүндөн токулган жемпириңиздин түлөгөндөн түйдөктөшүп калган жерлерин тазалоо үчүн аны пакетке салып муздаткычтын тоңдургучуна таң атканча калтырып коёсуз. Эртеси оңой эле терип салсаңыз болот.


Сүрөт


Чачка сепкен лактын жардамы менен кийимге жугуп калган ооз боёгучту кетирүүгө болот.


Сүрөт


Кийип алган кийимиңиздин жеңил бырыштарын кадимки эле чач үтүктөгөн үтүк менен жазып алсаңыз болот.


Сүрөт

Замша бут кийимдин кырылып калган жерлерин кадимки өчүргүч менен сүртүп койсо ордуна келе түшөт.


Сүрөт

Бутуңузга дезодоранттан сүйкөп койсоңуз, жаңы кийген бут кийимиңиз өйкөбөйт.


Сүрөт

Сөйкөңүздүн аркасындагы бекиткичи жоголуп кетсе, өчүргүчтөн чактап кесип тагып алыңыз.

Сүрөт

Кийимдин колтугунда пайда болгон тердин тагын лимондун ширеси же тамак-аш содасы менен кетирсе болот.


Сүрөт

Окулуп бүткөн журналдарды өтүктөрүңүздүн ичине салып койсоңуз, формасын жоготпой турат.

Сүрөт



Бут кийим кысып жатканда аны кеңейтүү үчүн желим баштыкка суу куюп туруп бут кийимдин ичине салып, муздаткычтын тоңдургучуна таң атканча коюп коюңуз.


Сүрөт

Кийимге төгүлгөн кызыл винонун тагын ак вино менен кетирүүгө болот.


Сүрөт


Өңү ачык кийимиңизге тоналдык кремдин тагы түшүп калса, аны сакал алганда колдонгон көбүктүн жардамы менен кетиресиз.

Сүрөт
Жинсы шымдын топчусу түшүп калса, канцелярдык кыпчыткыч менен убактылуу беките турса болот.

Сүрөт




Кийимдин сыдырмасы катуу болуп жакшы сыдырылбай жатса, калем менен сыдырманын тишчелеринин арасына чийип чыгыңыз. Мындан кийин сыдырмаңыз оңой сыдырылып калат.






Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   malika14   22 Июль 2015 - 15:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Просмотр сообщения Mediziner (22 Июль 2015 - 10:18) жазган:

Сүрөт






Сүрөт



Күндөн коргоочу көз айнектин сабынын туташкан жериндеги буроосуна тырмак боёгон түзсүз лак сүйкөп коюңуз. Ал буроону бошотпой кармап турат.


Сүрөт

Жүндөн токулган жемпириңиздин түлөгөндөн түйдөктөшүп калган жерлерин тазалоо үчүн аны пакетке салып муздаткычтын тоңдургучуна таң атканча калтырып коёсуз. Эртеси оңой эле терип салсаңыз болот.


Сүрөт


Чачка сепкен лактын жардамы менен кийимге жугуп калган ооз боёгучту кетирүүгө болот.


Сүрөт


Кийип алган кийимиңиздин жеңил бырыштарын кадимки эле чач үтүктөгөн үтүк менен жазып алсаңыз болот.


Сүрөт

Замша бут кийимдин кырылып калган жерлерин кадимки өчүргүч менен сүртүп койсо ордуна келе түшөт.


Сүрөт

Бутуңузга дезодоранттан сүйкөп койсоңуз, жаңы кийген бут кийимиңиз өйкөбөйт.


Сүрөт

Сөйкөңүздүн аркасындагы бекиткичи жоголуп кетсе, өчүргүчтөн чактап кесип тагып алыңыз.

Сүрөт

Кийимдин колтугунда пайда болгон тердин тагын лимондун ширеси же тамак-аш содасы менен кетирсе болот.


Сүрөт

Окулуп бүткөн журналдарды өтүктөрүңүздүн ичине салып койсоңуз, формасын жоготпой турат.

Сүрөт



Бут кийим кысып жатканда аны кеңейтүү үчүн желим баштыкка суу куюп туруп бут кийимдин ичине салып, муздаткычтын тоңдургучуна таң атканча коюп коюңуз.


Сүрөт

Кийимге төгүлгөн кызыл винонун тагын ак вино менен кетирүүгө болот.


Сүрөт


Өңү ачык кийимиңизге тоналдык кремдин тагы түшүп калса, аны сакал алганда колдонгон көбүктүн жардамы менен кетиресиз.

Сүрөт
Жинсы шымдын топчусу түшүп калса, канцелярдык кыпчыткыч менен убактылуу беките турса болот.

Сүрөт




Кийимдин сыдырмасы катуу болуп жакшы сыдырылбай жатса, калем менен сыдырманын тишчелеринин арасына чийип чыгыңыз. Мындан кийин сыдырмаңыз оңой сыдырылып калат.
jakshy keneshter bar eken.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   i_see_you   28 Июль 2015 - 15:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2018 03:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:токтогул

салам баарына . торогондон кийин беттеги дакты кандай жол менен кетирсе болот торогонумо 1жарым ай болду сут менен жуудум болбоду
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Nadir27   28 Июль 2015 - 18:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 07:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Беттинизге кам коросузбу темасында бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Mediziner   28 Июль 2015 - 23:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бет териңизге карап кайсы оорулардын бар экендигин билсе болот
Сүрөт
Адам баласынын сырткы келбетинен, бет терисинин абалынан кандай оорулар бар экендигин билсе болот. Булар дарыгерлер тарабынан тастыкталган.

1. Маңдайында көп бырышы бар жана кашын улам бийик көтөрө берген адам спирт ичимдиктерине өтө жакын экендигинен кабар берет.

2. Каштарынын кошулган жерин катуу бырыштыра бириктирип, ошол эле учурда эрдин бекем кымтыласа, анда, кайсы бир өнөкт илдеттен жабыркайт.

3. Ашыкча эле күйүп- жанып турган көздөр май бездеринин ооруганынан кабар берет.

4. Көздүн агы саргыч тартып турса боору ооруйт.

Сүрөт

5. Узун, бирок көрксүз кирпиктер астма оорусуна кабылган адамдарда болот.

6. Көздүн астындагы көк- кара тактар заара бөлүп чыгаруу жана бөйрөк оорулары менен жабыркагандар.

Сүрөт

7. Чач көп түшсө иммунитет кескин төмөн түшүп кетет.

8. Окуяга жузүндөгу эмоция дал келбесе психикалык илдеттен жабыркаган адам болуп эсептелет.

9. Жаш курактагы адамдын бырышыны көптүгү эндокринндик ооруга кабылуусунан кабар берет.

Сүрөт

10. Көздүн агынын ар дайым кызарып жүрүүсү өнөкөт чарчап- чаалуугу менен жабыркоо жана нервдик кабылдап кетүү оорусун коштойт.

11. Бет теринин шалпайып калганы эрте картаюуна кадам койгону.

Сүрөт

12. Беттин ар дайым шишип жүрүшү жүрөк оорусуна байланыштуу болот.

13. Бозоргон өң келбет шишик ооруларга кабылганда пайда болот.

Сүрөт

14. Беттин ууртундагы кызыл төрчөлөр кан басымдын жогору экенидигинен жана инсультка кабылуу коркунучу бар экенин билгизет.

Сүрөт

15. Ачык түстүү сепкилдер айымдардын кош бойлуулугунан кабар берет.

16. Сары- күрөк сепкил болсо боор патологиясына байланыштуу болот.

Сүрөт

17. Кызгылтым уурт жана көгүш эриндер жүрөк кемтик оорусунан пайда болот.

18. Көгүш, купкуу бет териси аз кандуулуктан, ал эми саргыч болсо кургак учукка кабылуудан болот.

19. Бир аз оозуңуз ачык бойдон жүрсө, анда гайморит менен жабыркайт.

20. Астыңкы эрин көрүнбөй, үстүңкүсү калыңдап кетсе анда онкологиялык илдетке кабылган деп түшүнсө болот.

Сүрөт

21. Кургак, кесилген эриндер гастрит жана ашказан жарасынан улам пайда болот.

22. Чач көп сынса, зат алмашуу туура эмес жана авитаминоз.

23. Майлуу чачтар эндокринндик көйгөй жана ашказан ооруларына байланыштуу.

24. Ооз менен көздүн тегереги ылдый тушүп турса депрессияга кабылган болот.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 28 Июль 2015 - 23:42

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Mediziner   28 Июль 2015 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения i_see_you (28 Июль 2015 - 15:10) жазган:

салам баарына . торогондон кийин беттеги дакты кандай жол менен кетирсе болот торогонумо 1жарым ай болду сут менен жуудум болбоду


1. Өтө таттуу эмес йогуртту бетке бир калыпта сүүйкөп, 10-15 мүүнөт калтырасыз. Андан соң лимнодун ширеси менен аарчып, 2-3 мүүнөттөн соң жылуу суу менен чайкап коёсуз. Бул процедураны аптасына 2 жолу жасаңыз

2. Кулпунайдын жана карагаттын суюк боткосун бетке сүүйкөп 20-25 мүүнөт коёсуз же болбосо кадимки бадыраңды аарчып суусу чыккан соң ошол суулуу жагын беттин терисине коюп жогорудагыдай 20-25 мүүнөт убакыт күүтө турасыз. Айтылган убакыттан соң жылуу суу менен бетти чайкап коюңуз;

3. Беттеги кара тактарды кетирүүүүгө абдан эффективдүүүү каражаттардын бири катары петрушка эсептелет. 200 мл кайнатылган сууга 2 чай кашык майдаланган петрушканы кошуп 2-3 саат дымдап коюңуз. Дымдалып даяр болгон суюктукту бетиңизге күүнүүнө 2 маал: эртең менен кечинде аарчып туруңуз;

4. Пастерленбеген сүүттүүн 3 бөлүүгүүнө спирттин бир бөлүүгүүн кошуп аралаштырып, даяр болгон аралашманы бетке сүүйкөй берсеңиз болот. Бул рецептти кечкисин бир маал колдонсоңуз жакшы жыйынтыгын берет.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 28 Июль 2015 - 23:40

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   malika14   28 Июль 2015 - 23:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Soonun keneshter eken rahmat...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Mediziner   29 Июль 2015 - 00:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Көпчүлүгүбүз ички органдарыбыздын олуттуу ооруга чалдыкканын билбей жүрө беребиз. Көрсө, ден соолугубуз тууралуу толук билип алууга бетибиздеги бырыштар да жардам берет экен. Демек...

Ээк бир аз салаңдап турса бөйрөктүн иштешинде мандем бар.

Бет сөөктөгү ашыкча көп бырыштар ашказандын иштөөсүнүн бузулганынан кабар берет.

Ээктеги туурасынан кеткен бырыштар – боор оорусунун белгиси.

Бет сөөктүн териси жука плёнканы элестетсе да боордун абалын текшертүү зарыл.

Мурундун эки тарабындагы бирдей чуңкур сызыктар ашказан-ичеги ооруларынан кабар берет.

Эгер мурундан эринге карай кеткен сызык ээкке чейин жетсе гастрит, ашказан жарасынын башталышы болушу мүмкүн.

Жогорку эриндин үстүндөгү тигинен кеткен чуңкур эмес сызыктар гинекологиялык оорулар жөнүндө айтып турат.

Ооздун кычыгынан башталып, ылдый кеткен бырыштар гастриттин алдын алууну эскертет.

Ооздун айланасындагы ак сызык жүрөктүн абалына көңүл буруу керек экендигин айтып турат.

Ооздун кычыгынын жарылышы – бөйрөктүн суюктук бөлүп чыгышында бузулуу бар дегендик.

Пешененин так ортосундагы крест түрүндөгү көптөгөн бырыштар омуртка оорусунан кабар берет. Ал эми туурасынан кеткен бырыштар – остеохондроз.

Эки каштын ортосундагы тигинен турган чуңкур сызыктардын ээсинин организминде кычкылтек жетишпейт. Ал таза абада көбүрөөк сейилдөөгө тийиш.

Эки каштын ортосундагы оң тараптагы бырыш бөйрөктүн жана өттүн бузулушун эскертсе, сол кашка жакын сызык – көк боор оорусунун эң биринчи белгиси.

Маңдайдагы туурасынан кеткен бырыштар ашказан оорусу жөнүндө кабар берет.

Кабак шишип турса, демек, бөйрөк жакшы эмес.

Көздүн астындагы мүшөкчөлөр жүрөктө бир мандем бар экендигин кабарлайт.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   02 Август 2015 - 16:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Кыска нуска кенеш.

Обычная помада + румяна - матовая помада келип чыгат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: