Кызбы,уулбу ата энеге айырмасы жок,оозуна алы келбегендер сүйлөй берет.Алты саны аман,татынакай бөбөктөр көбөйсүн.
Уй-булодо биринчи бала "обязательно" уул бала болуш керекпи?
#62 27 April 2012 - 07:41
Биздин 2 кызыбыз бар. Жолдошум экообуз эми буюрса 2 уул болсо деп кудайдан тилеп жатабыз. Жаштын тилегин берет дегендей алты саны, акыл-эси менен аман-эсен болсо болду, кыз болсо деле чанбайбыз. Эки кызым экоо тен атасы менен жаны бирге атасы келгенден кийин менин деле керегим жок. Кыз бала куйумдуу, жароокер, назик болот, так что кыз деп чанган эркектер акылынар жок.
#64 27 April 2012 - 12:00
бул нерсе жараткандын буйругу менен болот, ал еми жараткандын берген перзентине наразы болуп емнеге уулду же кыздуу бобгон жокмун деп аялын жемелеген бул жараткандын буйругуна каршы чыккандык. Кудай бизге уул береби кыз береби биз ошого шугур кылышыбыз керек.
#65 29 April 2012 - 18:26
Мен 1инчисин кыз болсо дечумун. Кайненемдин кызы жок болгондуктан ал да кыз болсо дептир. Кайнилерим да кыз дешти. Жолдошум болсо айырмасы жок деди. Анан кыздуу болдук. Тигилердин кубанычында чек жок. 2-исинде УЗИге тушсом уул деди. Мен куйомду тамашалап кыз экен десем макул омурун берсин деди. 37неделя болгондо куйомо уул экен десем кандай суйунгонун соз менен жеткире албайм. 1кыз, 1уулубуз бар. Куйом 1уул, 1кыз болсо дечу элем 1кыз, 1уул болду, айырмасы жок. Буюрса тилегим орундалды, балдарыма кудайым омур, ден соолук, бакыт берсин деп калат. Айтарым ар бир аял 1-си кыз, ар бир эркек 1-си уул десе керек.
#66 29 July 2015 - 13:20
Учурда копчулук уй-булолордо тун баласынын уул болушун каалагандар арбып барат. Урматтуу форумчулар,
силер учун деле биринчиси уул бала болуусу шартпы? Же баланын биринчиси кыз бала, же уул бала экенинде бактылуулуктун даамы сезилеби?
Тун баланын уулбу же кызбы айырмасы жок болуш керек. Себеби ал наристе эки жаш жубайга алгачкы жолу "ата-эне" статусун берип жатпайбы. Баланын алгачкы даамын татпай туруп, "уул"же "кыз" деген туура эмес.
Негизи акылдуу айым алгач кыз торойт деп айтылат. Анан да кыз бала ата-энесине куйумдуу, камкор болот. Кийин ата-энеси дагы балалуу болгон учурда деле, апасына чон кол-кабыш кылып, бобогун караганга жарайт.
Уул болгону деле жакшы, эртерээк билим алып, иштеп ата-энесине материалдык жактан жардам берип, оорун женил кыла алат.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#67 29 July 2015 - 13:45
Акылдуу аял кыз торойт дегенге анча кошула бербейм да.Биринчиси кызбы,уулбу ал бир гана Жараткандан болуш керек...Билбейм анан?
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#68 29 July 2015 - 14:37
Жолдошум биринчи боюмда болгондо "уул төрөйт, спортсмен кылам Майк Тойсонго"
окшош деп досторуна тамашалап айтып койгон экен. Уул күткөнүн сезип эле жүрчүүмүн. УЗИ кыз дегенде унчуккан эмесмин. Кыз төрөдүм. Достору "ким төрөлдү?"
дешсе "Мария Шарапова төрөлдү" деп күлгөн экен. Кызыбыз торолуп кичине-кичинеден кылыгы чыга баштаганда эшиктен кирип эле "апаң урдубу? Энең уруштубу? Кимиси урушту? " деп эркелетип болбой калчуу кызыны жакшы көрүп. Дайым "менин кызым, өзүмдүн шириним" деп сүйлөйт. Экинчим боюмда болду, эми уул төрөйүн ээ десем, кыз болсо андан да жакшы болот деп отурат.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#69 29 July 2015 - 14:47
Мага чынын айтсам эн негизгиси аман эсен тороп алуу болгон биринчимде.
А бирок куйоом уул болуусун тилек кылчу. Аллах насип этип уул торогом. Болушу керек деп талап койгудай ал нерсе адамдын колунда эмес да. Жараткандын буйругу каалоосу. Менин улуу абысыным кыз торойм деп журуп быйыл 5 уулун тороду. Дагы деле умутун узбойт кыз торойм деп.
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын.
..
#70 29 July 2015 - 14:55
Тообо дегилечи биринчиси уулдуу же кыздуу болуш керек деп оз канындан жаралган перзент болгондон кийин Кыз кутуудомун же эркек дегенден мурда Кудайдан ден-соолугун омур ыйманын келечегин сурангыла. Кудай сактасын уул кутуп уулун сени укпаса оз билемдигинен жаз баса сенин тилегенин не пайда дегендей Кыз болсо эмне болуптур оз канындан жаралган кызда бирок мисалы мага айырмасы жок
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#71 29 July 2015 - 15:02
ЭЭ айланайындар уулбу кызбы негизгиси АЛЛАХ берерин унутпасын ата - апа болуу бактысын сезейлии ыймыны акылы келечеги менен берген болсун эмне берседа тобааа кылдыыым десенерчи
Сени корсом
#72 29 July 2015 - 15:49
,,Биринчи наристем уул же кыз болсо экен" дебестен уулбу же кыз болобу анын омурун, ден-соолугун,
акылын, сулуулугун,
бактысын, ыйманын Кудайдан тилегем. Азыр Кудайга шугур! Уулум бар. Бирок, атасы уулдуу болуусун тилеп жургон.
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#73 30 July 2015 - 00:25
Ар бир эркек уулду болууну тилек кылат. Биринчиси уул болсо, оозу кулагына жетет.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#74 30 July 2015 - 01:57
Уул бала болобу, кыз бала болобу, Аллахтын бергени... Бергенине шүгүр кылуу керек.
Көп байкайм жубайлар шаарга же эс алууга бара жатканда, атасы кызынын колунан жетелеп алат, бала апасы менен))
Көп байкайм жубайлар шаарга же эс алууга бара жатканда, атасы кызынын колунан жетелеп алат, бала апасы менен))
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#75 30 July 2015 - 09:14
Башкаларды билбедим го мен биринчиси уул болушун аябай каалайм. бирок Аллахымдын бергени
Внешность - это козырь , но не туз…
#76 30 July 2015 - 12:18
Биздики уул куйоом уул болсун дей берчу себеби кайын журтумда уул бала аз кайната кайненем баары уул деп турушат бирок кыз да керек балам деп турат кайненем
#77 30 July 2015 - 12:28
Уулбу кызбы Аллахтын бергени дейбиз.. Бирок, жашоодо көөп эле көрүп эле жүрөбүз да, кыз болсо мурдун чүйрүгөндөрдү.
Кыз уулга караганда күйүмдүүрөөк болот.
Анан да биринчиси уул болсо жакшы дейм. Анткени ал ата–энеден кийинки тарбиячы. Карындаштарын тергеп турат чоңойгондо да.
Анан да биринчиси уул болсо жакшы дейм. Анткени ал ата–энеден кийинки тарбиячы. Карындаштарын тергеп турат чоңойгондо да.
#78 30 July 2015 - 14:15
Мен кыз мезгилимен бери тилек кылам, 1-си уул болсо деп. Анткени уул тороп алсан, кыздарды проблемасыз эле торой бересин... Кичинемден ушундай ой калыптанып калыптыр, чон энем дайыма уул уул дей берчу. Кыз торогондорду анча жактырбайт болчу. Ошондон улам 1-си уул болсо дечумун...
#79 30 July 2015 - 14:50
Темага ылайык: Бир күну жаш -жубайлар уйунө конок күтпөй, ал күндү жалгыз гана өздөрүнө арнап, үй-бүлөолүк кун деп аташат.. Ким келсе да эшикти ачпоого макулдашышат.
Бир убакта "звонок"
басылат, барып карашса күйөөсүнүн ата-энеси келген болот. Макулдашуу боюнча эшик албетте, ачылбайт.). Бир топтон кийин дагы "звонок"
, карашса келинчегинин ата-энеси турат дейт сыртта. Дагы да ачылбайт. Бир маалда келинчеги отуруп алып ыйлап баштайт дейт: "ата-энем атайын келсе мен ачпай коембу"-деп.
.. Буга чыдабаган куйөосу эшикти ачууга макул болот. ...
Кийин ал жубайлар кыздуу болушканда күйөосүнүн достору сурашыптыр: "Тун наристең уул болгондо да мынча сүйүнгөн эмес элең, а кыз балага мынча эмне тойлодуң" - деп, Анда күйөөсү жооп берген экен: " Мага эшик ачаар адам төрөлдү" -деп..)) Кыз киши чынында күйүмдүү болот ата-эне , бир -тууганга. Муну менен мен эркек баланы кемсинтүү эмес, жөн гана "кыз төрөп койду" дегендерге гана жооп жазгым келди. А өзүмө келсем , Кудайым аман-эсен наристе берсе тандабайм)). БИРОК, эгиз болсо өтө сонун болмок)). А балким, бири кыз, бири уул болсо мына сага эйфория!! !
Кийин ал жубайлар кыздуу болушканда күйөосүнүн достору сурашыптыр: "Тун наристең уул болгондо да мынча сүйүнгөн эмес элең, а кыз балага мынча эмне тойлодуң" - деп, Анда күйөөсү жооп берген экен: " Мага эшик ачаар адам төрөлдү" -деп..)) Кыз киши чынында күйүмдүү болот ата-эне , бир -тууганга. Муну менен мен эркек баланы кемсинтүү эмес, жөн гана "кыз төрөп койду" дегендерге гана жооп жазгым келди. А өзүмө келсем , Кудайым аман-эсен наристе берсе тандабайм)). БИРОК, эгиз болсо өтө сонун болмок)). А балким, бири кыз, бири уул болсо мына сага эйфория!! !
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#80 30 July 2015 - 15:05
Биринчи балам боюмда барында жолдошум кыз ,мен уул кутком. А Кызды не кыласын уул жакшы эмеспи десем кыз ата энесине куйумдуу болот,уул аялын ээрчип кетет деген.Анан башкалардын куйоолоруно окшоп ичип жууган да эмес достору менен баары тан калган. Бир досу сураса туулганына эмес турганына суйун дейт чонойсо анан деле жууп жетишебиз деп койгон

Супер-Инфо
super.kg
видео






















