Бийкеч айым.
Бийкечтер шексиз аялдыктын жана уят-сыйыттуулуктун символу, бирок, ошону менен бирге булардын мүнөзүндө "Темирдей бекем" айымдын мүнөзү чагылып турат. Бул бир багытта жүргөн натураларды,
бакыт жолунда жана өз максатына жетүүдө, эч кандай тоскоолдуктар жана түйшүктөр токтото албайт. Бирөөдөн жардамды сейрек сураган жана бирөөнүн ийинине сейрек ыйлаган, булар өз жолунда кадамдарды ишенимдүү шилтеп, өткөндөргө көз чаптырбай, алдыга гана карайт. Бул айымдар башкаруу үчүн жаралган. Жана бул - мунун айланасындагылардын баарына таандык, достук мамилеси төш болуп, сүйүү мамилеси баш болуп. Эски мамилелерин үзүп, жаңы ак ниет мамиле куруу, бул айымдар үчүн маселе эмес. Бийкечтерде эгиз козудай болуп, дайыма мүнөзүнүн эки жагы бар, булар - эптуулук жана романтикалуулук.
Ал эми сүйүүгө болгон кабыл алуусу жана берилүүсүнө кайрылсак, мындай айымдар жалындатып жагуучу, кичинейкей от сыяктуу болот. Качан сүйүү оту тутанганда,
булар сүйүү сезимдерине толук бойдон берилет. Тактык - бул Бийкечтердин өзгөчө мүнөзү. Кечигип калууларды өздүк кемсинтүү катары кабыл алып, аларда майда бөлүктөргө болуп салуучу жолборс мүнөзү ойгонушу мүмкүн. Мындай айымдар менен бир нерсени талашуу маанисиз, анткени булардын кежирдиги, алардын оюнун туура жана талашсыз экенине өзүлөрү шектенбейт.
Бул айымдарды алдап коюуу да маанисиз. Айлана чөйрөдөгүлөрдү чебердик менен сезип-туюп, калп жана ак ниетсиздикти да чебер сезишет. Көз карашынын тунуктугу, акыл-эсинин тазалыгы жана уят-сыйыттуулугу бул - Бийкеч-айымдардын негизги айырмачылыгы.
Мындай айымдар мырзаларга кайсы гана жаатта болбосун эң жакшы кенешчи болот. Эптүүлүк жана тактык бул - анын сурап алгыс мүнөздөрүнөн.
Жөнөкөй мыктылыкка умтулуу сезимине ээ болуп, Бийкечтер өз жагына болгон критикага чыдабайт, бирок бирөөнү критикалоону булар жакшы билет. Өзүнө критикалуу болуп, Бийкечтер өз кемчиликтери жана бирөөлөрдүн кемчиликтерин да жакшы билет. Майда-чүйдөлөргө кыжырланып жана ар кандай нюанстарга көңүлүн буруп, мунун мүнөзү айланасындагыларга тыкаттык жана аярлык менен мамиле жасоого түртөт. Кандайдыр бир педантикалуу болуп, Бийкечтер өзүнүн иш-аракеттери менен дайыма сулуулукка жана идеалга умтулуусун далилдейт. Үй-бүлөөлүк жоопкерчиликтерди өзүнө алууга аракеттенип,
булар дайыма күйөөсүнүн эр-намысын сактап, андай иштерге күйөөсүн жакындатпаганга аракеттенет,
жана мындай иш-аракеттерден чыныгы кумарга батат. Ишенимдүүлүк жөнүндө айтып отуруп, Бийкечтердин ишенимдүүлүгүнүн чоң деңгээлде болоорун белгилеп коюуу керек. Эгер булар сүйсө, анда буларга жүз пайызга ишенүүгө болот. Бийкечтер өз сезимдерин жана эмоцияларын эл астына көрсөтмө кылганды жактырбайт.
Булардын сезимталдуулугу дайыма өз колунда болот. Сөздөрүн жана иш-аракеттерин башкарып, Бийкечтер "шайтанын"
дайыма өзүндө кармаганга аракет кылат. Бийкечтердин ичинде терең жоопкерчилик сезими жана эрктүү болгон, мырзаларга таандык кайраттуу натура жашайт. Сыртынан караганда абдан оор, жашоодогу ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшкө түшүү менен, Бийкечтер болгон күч кубатын жумшап, дайыма керектүү жыйынтыкка жетип, жеңип чыгат.
Жигиттерди, айымдардын "жылдызына" карап билип алалы Айымдар үчүн мырзалардын “кызыктай” жылдыз төлгөсү
#102 31 July 2015 - 01:41
Тараза айымдар.
Бул назик жана суктандыуучу жандар каалаган абалга жана каалаган адамга айкалыша алат. Булар өз бактысын жана жан-дүйнөсүнүн гармониясын күйөөсүнүн ийгиликтеринен табуучу идеалдуу жарлар. Мындай айымдарда анча-мынча эркек мүнөздүү болот. Сыртынан, аял сапаттуу жана сулуу келип, өзгөчө эркектерге таандык логикага ээ. Интеллектуалдык дискуссияда мырзалардан өтүп кетиши мүмкүн. Бирок булар аял сезимдерине ээ болуп, эркек намысына тийбес үчүн, эч качан эл көзүндө күйөөсүнөн аша чаппайт. Сүйлөп жатканынын баарын баамдап жана анализдеп, Тараза-аялдары бардыгын таң калтырып, ошол замат суктандырат. Маанилүү бир несени унутуп калбайын жана катачылык кетирбейин деп, булар дайыма бардыгын эки жолу, а түгүл үч жолу таразалоого аракеттенип, өзү менен, жана айланасындагылар менен, аягына чейин адилеттүү болуусун каалайт. Тараза-айымдары жалгыз жашай албайт. Жалгыздыктан коркуу менен, алар жумуш жаатында жана сүйүү жаатында 100 пайызга эркектерге муктаж. Сыртынан мырзаларга баш ийүү менен, булар дайыма эки оюнду чебердик менен ойноп, күйөөсүнө мындай оюнда күмөн санатпайт. Булар күйөөсүнө дос да болуп, жардамчы да болуп, кенешчи да боло алат. Жагымсыз окуяларды түзөктөп, күйөөсүнүн ойлонбой жасаган кылык-жоруктарынан сактоого умтулат, үй-бүлөөсүн болсо ар кандай түйшүктөрдөн жана жагымсыздыктардан сактай билет. Бирок, булар эч качан өз оюн тануулап, өз иш-аракеттерин талап кылбайт. Болгону, жумшак жана тануулабай күйөөсүнүн туура чечимге келүүсүнө багыттап, туура эмес жолду тандоодон сактайт. Бул өзүн сынаган аялзаты, дайыма өз кемчиликтерин билип турат, бирок, эч качан аны сыртка чыгарбай, чебердик менен айланасындагы көздөрдөн катат. Аял бойдон калуу - мына бул анын эң башкы шыгы. Бул жаатта мыктылыкка умтулуу менен, булар ал максатка жетет. Күчтүү да, жумшак да болуу менен, тараза-айымдары керектүү тең салмактуулукту сактоого аракеттенет. Булар өз күйөөсүнө идеалдуу аял жана балдарына эң жакшы эне болууга шыкталган. Күйөөсүн дайыма үй-бүлөө башына коюп, эч качан аны менен салгылашып, орун талашпайт. Күйөөсүн бактылуу кылуу үчүн, ага бала төрөп берет. Ошондуктан балдар, алар үчүн экинчи орунда, күйөөсүнөн кийин албетте. Тараза-айымдар тең салмактуулугун жоготсо, эң акыркы чектерге да барышы мүмкүн. Бирок ал, токтолуу үчүн жардамга муктаж эмес. Көп учурда ал өзүнүн тең салмактуулугун өз күчү менен ордуна келтирет. Кээде тең салмактуулугун жоготуп, тараза-айымадары ушундай абалга аз убакытка кириптер болот, бирок кайра бат эле өзүнө келип, гармонияда болот. Бир жагынан, күйөөсүнүн ыкыластуулугу жана камкордугу, андай абалдардан батыраак чыгууга жардам берет.

Salam baaryna
#103 31 July 2015 - 01:43
Чаян жылдызы.
Башка зодиак белгилер менен салыштырмалуу бул зодиак белгисин кандайдыр бир мамиледе күчтүүлөрдүн бири десек болот. Чаяндар дайыма өзүн өзү жетилтүү аракеттерин жасап, бардыгын контролдоп туруу үчүн акыл-эсинин жана физикалык күчүн көп сарптайт. Туруктуу эрк-күчкө ээ болуп, Чаяндар көп нерселерге чыдамдуу болот. Бирок бул чыдамдуулук кокус бомба сыяктуу жарылып кетсе, сокку толкуну менен көптөгөн импульсивдүүлүк жана сезимталдуулук бөлүнүп чыгат. Бул белги сексуалдуулуктун белгиси. Бул жерден кармалгыс жана башкарылгыс берилгендиги менен буларды чыныгы ойнош боло алаарын айтып кетсек ашык болбос. Бирок андай учурда Чаяндар өзүн билүүсүн жана сезимдеринин башкаруусун жоготуп коёт. Бул аябай катуу кызганууга, өзүмчүлдүккө жана эмоционалдык зордоого алып келет. Чаяндар дайыма өз айланасындагылардын баарысы идеалдуу болуусуна умтулат. Бул жаатта Чаяндарды жеңил ойлуу деп айтууга болбойт, тескерисинче, ар кыл иштерге олуттуу мамиле жасоосун айтсак болот. Анткени, Чаяндар туруктуу белгинин өкүлү болуп, өз ичинде темирдей бекем мүнөзгө ээ болуп, көз алдында дайыма такталган максаттар гана турат. Күчтүү натуралардын бири болуп, Чаяндар башкалардын алсыздыгына чыдабайт, жана мындай алсыздыкты өзүнөн сезе баштаганда, буларды жек көрүү жеңе баштайт. Санаалаштуу жана айкөл болуп, булар дайыма жардамга чечкиндүү колун сунууга даяр. Бирок дипломаттык сапаттар - бул, алар жөнүндө эмес. Чаяндар болгон сырларын өзүндө гана сактайт. Жана кимдир бирөө бул сырдуулукту бир көзү менен болсо да, шыкаалаганга аракет жасаса, Чаяндарда боорукердикти билбеген, атаандашына жинденген шайтан ойгонот. Өзгөчө кубаттуулуктун нурун чачып, Чаяндар адамдарды өзүнө тартат. Кылдат интуицияга ээ болуп, булар адамдардын ойлорун же иш-аракеттерин алдын ала билип коюшу мүмкүн. Чаяндар башкаларга таасирин тийгизүүчү өзгөчө мүмкүндүккө ээ. Булар адамдарды рентген сыяктуу ичи-тышынан бери көрүп, жан-дүйнөсүнө кирип кетет. Өзү болсо тескерисинче эч кимге ишенбегенге аракет кылып, дайыма кооптонууда болуп, момундугу менен айырмаланбайт. Зор каршылык көрсөтүү сапаттарына ээ болуп, булар эң чоң түйшүктөрдөн жана жан-дүйнөлүк жаралануулардан тирилип чыгуу мүмкүндүгүнө ээ. Көп учурда Чаяндар өзгөчө агрессивдүүлүгү менен айырмаланып турат. Кежир жана ачуусу чукул болуп, булар өзүндө коркунучтуу энергияны алып жүрөт. Согуш жоокеринин сапаттарына ээ болуп, Чаяндар күрөшүүгө даяр, бирок эч качан жеңилүүгө даяр эмес. Чаяндарды сезим кубулуштарынын козголоңчусу, сүйүү покеринде кумар оюнчу, энергетикалык кан ичкич, ал гана эмес, адам денесине кирип алган шайтан деп атап койсо да болот. Чаяндардын бийликчил жана дүркүрөгөн жан-дүйнөсүнүн үнү, ошондой эле ээ бербеген жана жалындуу мүнөзү көп учурда булардын ички дүйнөсүндө кырдаалды чыңалтып, жанжал чыгарып, көп учурда Чаяндарды күч-кубат жеткис санааларга жана неврозго алып келет. Булар эмнени каалап жатканын дайым билип, жана ал максатына жетүү үчүн кандай гана тоскоолдуктар чыкпасын, бардыгын жеңүүгө даяр. Кандай гана кырдаал болбосун булар чечкиндүү маанайда болуп, козголоңчунун отун, жеңиштин наамы үчүн жандырууга даяр. Натурасы боюнча индивидуалист болуп, Чаяндар үйүр сезимдерине сейрек берилет, булар тескерисинче, коомдун ой-пикирине жана социалдык стереотиптерге каршылык көрсөтөт. Булар дайыма сак болот, демек, эл озунда айтылып жүргөндөй, сактанганды кудай сактайт. Кырдаалдарга дайым даяр болуп, булар эркин, күчүн жана тырышчаактыгын бир муштумга чогулта кармап, биринчи кол салганга сейрек барат. Чаяндардын негизги мүнөздөрү: -Каап, бирөөнү чагып алсам жакшы болмок. -Ар бир окуя интернет баракчалары сыяктуу: аларда катылган кодтор болуусу зарыл. -Жылмаюуу үчүн абдан олуттуу себеп болуусу зарыл. -Баарынан бошонууга болот, бирок өз кызыгуулардан эмес. -Согуш талаасында мен сүйүү ырын ырдайм. -Менин көз карашыма бардыгы эле чыдай албайт. -Менин кызыгууларым суу үстүнө чанда гана чыгуучу жырткыч балык сыяктуу, сыртка сейрек чыгат. -Баатырсыз, дүйнө жоголо баштайт. -Мен кактуска окшошмун, менин жомоктогудай гүлүм, тандалгандарга гана гүлдөйт. Буларды эмоционалдык мазохист деп койсо да болот. Кээде булардын эспрессивдүүлүгү жана агрессивдүүлүгү өзүлөрүнө аябай чоң залакасын тийгизет. Бир жагынан, Чаяндар өз сүйүүсүндө өтө сезимталдуу жана кичине кандайдыр бир сентименталдуу болушу мүмкүн. Бул зодиак белгиси сүйүүнүн бардык көрүнүштөрү үчүн жаралган болот. Булар аны дайыма муктаж болуучу абадай кабыл алып, денеси, толук жан-дүйнөсү жана бардык жолдор, бардык ыкмалар менен умтулат. Сүйүү оюнунда Чаяндар жеңилүүнү кабыл алуучу оюнчулардан эмес. Булар эч качан багынууга жол бербей, дайыма жеңүүчүнүн бийиктигинен иш-аракет жасап, көп учурда өз максатына жетет. Чаяндар үчүн жеңилип калуу өлүмгө тете. Мындай учурда булардын сыймыгы жана шек саноо ойлору, кичинеден мээсин жеп, жанын койбойт. Чаяндар көп учурда акыл-эске жана рационалдуу стратегияга таянганга караганда, өзүнүн жүрөгүнө жана сезимдерине ишенет. Өзүнүн ички үнүнө кулак салып, булар дайыма башкалардын кеңешине караганда, сезимдерине көбүрөөк ишенич артат. Өз дилгирлүүлүгүнүн баркын билип, булар сүйүү бийиктиктерин багынтып, жүрөктөрдөн түнөк алууга даяр болушат.

#105 31 July 2015 - 01:45
Жаачы.
Жаачы бул чындыктын жана ачыктыктын, тазалыктын жана эркиндиктин белгиси. Жаачылар эркиндикти жана өзүнүн көз карандысыздыгын абдан баалашат. Булар абстракттык ой жүгүртүүгө жана идеалдуулукка ийимдүү. Булар кубаттуу, бирок чыдамсыз келип, бул сапаты көптөгөн маселелерди жана түйшүктөрдү жаратат. Жаачылар түз мүнөздүүлүгү жана ачыктыгы менен айырмаланып турат. Жаачылар чебер интуицияга жана кандайдыр бир өзгөчө сезүү сезимине ээ, жана бул аларга оор абалда жардам берип, алдыга кадам шилтөөгө күч-кубат болот. Булар өзүлөрүнө душмандарды чогултууга аракет кылбайт, бирок эгер, андайлар кезиксе, Жаачылар андайларга ырайымсыздык менен мамиле жасайт. Жаачылар айланасындагы адамдарга чынчыл жана ачык, жылуу, түшүнүктүү, чыдамдуу жана жетишээрлик деңгээлде лоялдуу. Бирок булар дипломатикалуу адамдардан эмес, кээде өз сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде ашыкча түз мүнөздүү болот. Бирок буларга жиниңерди келтирип, сөздөрүнө таарынуунун мааниси жок, анткени, булардын мындай мүнөзүнүн аркасында кандайдыр бир жаман ниетти жок. Тескерисинче, кээде булар эмне кылып, адамдарды кантип таарынтып алганын өзүлөрү түшүнбөйт. Бул алардын кандайдыр бир кырдаалдардагы адепсиздигин айтып турат. Акылдуу акыл-эстин ээси жана жан-дүйнөсүндө бийик принциптиердин кожоюну болуп, Жаачылар жеңүүчүлөрдүн катарына кирип, ал жерден бекем позицияны ээлейт. Жаачылар алардын эмгеги үчүн баалоону каалап, иш-аракеттери үчүн мактоону каалайт. Бир нерсеге болгон коркунуч, Жаачыларды депрессияга алып келиши мүмкүн. Булардын философиялык натурасы дайыма оптимисттүү маанайга туураланган болот. Булар эртен жакшы болооруна, анын эртеси андан да жакшы болооруна терең ишенет. Жаачылар физикалык жана эмоционалдык тобокелге барууну абдан жакшы көрүшөт, анткени, булар кандай гана оюн болбосун, кумарду оюнчунун катарына кирет. Жалындуу от белгисинин өкүлү болуп, бир караштан заматта бирөөнү сүйүп, ал эми экинчи көз караштан муздак кандуу болуп сууп калышы мумкун. Булар жоопкерчилик сезиминен качууга аракеттенип, аны мойнуна алып жүрүүнү жактырбайт. Шартка ылайык, мындай адамдар дайыма шайыр жана бактылуу, бирок булардын маанайы жетишээрлик өзгөрмө. Эгер, кимдир бирөө Жаачылардын ишеничине кыянаттык мамиле жасап, алардын ак-ниеттигин баалабаса, ошол заматта алардын нааразычылыгы менен кездешет. Жаачылар олово жоокерчесиндей болуп, бардыгы менен эч кимдин жардамы жок, өзү күрөшкөнгө көнгөн. Жана көп учурда булар жеңишке жетишет. Жаачылардын негизги мүнөздөрү: -Жакшы адамдар көп болуусу зарыл. -Кимге карыз болсом, бардыгын кечирем. -Эң жакшы эс алуу - дүйнөлүк саякат. -Маселелердин маанилүүсү алардын масштабында. -Менин идеалым - Хан Манас. -Мага таарынуу мүмкүн эмес. -Уялуу деген эмне? -Милдеттүүлүк шыгы жок адамдарды гана барктуу көрсөтөт. -Алдын ала санаа тартуу маанисиз, кырдаалга жараша чечишебиз. -Милдети жок адам, милдеттүү болууга милдеттүү. Жаачылар кээде наристе сыяктуу болуп, реалдуулуктун көзүнө каргандан баш тартып, жашоону ачык-кызыл түстөрдө карап, бойго жеткен адамдардай, олуттуу көз карашта болбойт. Булар саякаттаганды жакшы көрүшөт. Мыкты уюштуруучулук мүмкүндүктөргө ээ болуп, Жаачылар башкарганды билишет, бирок эч качан өзүлөрүн башкартып, эксплуатациялаганга жол бербейт. Финансы иштеринде Жаачылар чыныгы транжир. Булар акча чогултуп, аларды сактаганды такыр билбейт. Жаачылар дайыма суудан кургак чыга алат. Булардын курч акылы көп учурда өзүлөрүн күндөн тосуп, кызыктай абалда болот, жана мындай учурда булар ашыкча эксцентрикалуу болот. Бирок булар алардын иш-аракеттерин шылдын кылуу мамиле жасоосун жактырбайт. Жаачылар кандай гана болбосун, булар дайыма өзүлөрүндө жоомарт жана шайыр адамдын жаркын жактарын сактап калат. Жана эгер, булар өзүлөрүнө багыт койсо, бутага таамай атып, тийбей калбайт.

#106 31 July 2015 - 01:47
Текечер айымдар (озум)
Текечер-айымдар эң жакшы аялдык сапаттарга ээ болуп, чебердик менен мырзаларды суктандыра алат. Булар уялчак жана назик аялдын ролунда болуп, мындай оюнда жанындагы мырзасы өзүн олуттуу жана жардамга дайым даяр болгон чыныгы жигит сезет. Ошондой эле булар мырзаларга, ага жете албастыгын көрсөтүп, бийиктиктеги муздак ташта, буттарын саландатып отуруп алып, жоош жана дүйнөдөн мамилеси үзүлгөн сыяктуу болушат. Бирок, бул айымдар кандай гана ролду ойнобосун, булардын ою дайыма бир максатта, бир багытта болот. Булар дайыма өзүнө керектүү гана мырзаны табып ага жетүүгө умтулат. Мындай айымдардын оюнда дагы бир маанилүү максат дайыма аны менен бирге жүрөт, бул - кандай гана болбосун, ишенимдүү абалда болуу. Жана өз максаттарына Текечер-айымдар эки жол менен жетет - өзүнүн иши менен, же күйөөсүнүн иши менен. Буларды иштин ыгы же иштин чаралары эмес, жыйынтык гана тынчсыздандырат. Эгер бул айымдар өз максатына жетүүгө өзүлөрү иштөөнү чечишсе, анда мындай айымдар чыныгы карьеристка болуп, сүйүү жана никеге караганда анын жумушу маанилүү орунда болот. Бирок бул көп убакта чындыкка төп келбейт, анткени булар чыныгы бизнес-айым же коомдук ишмер болуп, ошону менен бирге үй-бүлөөлүк коломтонун сакчысы жана жакшы кожойке да боло алат. Болгону буларга финансылык гана туруктуулук зарыл. Эгер мындай айымды камсыздоого күйөөсүнүн мүмкүндүгү жетсе, анда бул айым жумушка болгон өз кызыгуусун муздатып, көңүлүн үй-бүлөөгө жана үй-бүлөөлүк жайлуулукка бурат. Текечер-айымдар кичине кезинен тартиптуу болуп, коомдо өзүн эң жакшы алып жүрөт. Ошондой эле булар өзгөчө чебер гармония сезимдерине ээ. Бул айымдар кайсы туура, кайсыны жасоого болот, жана тескерисинче, кайсы туура эмес, кайсыны жасоого болбойт экенин жакшы билишет. Бирок бул тынч мүнөздүн астында ар кандай маанайдын бороон-чапкындары болушу мүмкүн, тилекке каршы, кара оттенкасы менен. Сыртынан булар тынч мүнөз жана эмоционалдуу туруктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок, булар өз маанайынын жана ойлорунун трансына чөмөрүлгөн болот. Жана бул жон эле чебер сезимдер эмес. Бул жаман ойлорго жана санааларга, пессимизге жана депрессияга ийимдүүлүк. Болгону булар келечек үчүн коркуп, азыркы убак үчүн санаа тартып, өткөн-кеткен үчүн капа болот. Ушундай болот бул айымдар. Текечер-айымдар эч качан өзүн шылдын кылып же мысколдоого жол бербейт. Бул айымдар мактоолорду абдан жактырат, бирок калп мактоолорду курч сезишет. Текечер-айымдар жомок ишеничтерин кабыл алып, жөн эле кыялдана бербейт. Булар такталган сүйүүгө муктаж. Болгону буларга бүт максаттарына жетүүчү мырзанын жанында болушу зарыл, ошондо гана булар бактылуу жана эч нерседен кем болбой жашайт. Текечер-айымдар табияттан эле абдан сулуу болгонуна карабастан бул айымдар дайыма өзүнүн сулуулугунан күмөн санап турат. Айрыкча, булардын сулуулугун комплименттер менен тастыктап турууга муктаж, бирок андай мактоолор калп мактоо болбош керек, анткени булар адилетсиздиктин кандай гана формасы болбосун, аларды жаман көрүшөт. Ошондой эле булар өзүнүн ишенимсиздигин басып өтүү жардамына муктаж. Бирок андай жардам берүү үчүн чыныгы чыдамдык керек, анткени бул айымдар кандайдыр бир деңгээлдеги кежирликтин ээси болушат. Бул айымдар айтылгандай эле, толук берилүү менен үй-бүлөөгө гана эмес, өзүнүн да, күйөөсүнүн да туугандарына камкордугун көрсөткөн эң жакшы жар болот. Ошондой эле булар ушунча өз балдарына көңүлүн буруп, балдарын бардык жакшы нерселер менен камсыздоого аракет кылат. Бул айымдар үй-бүлөөсүн бакытка, ал эми күйөөсүн ийгиликке түртөт.

#107 31 July 2015 - 01:48
Суу пери.
Бул зодиак белгисинде төрөлгөн айымдар, абдан сулуу, аялдык сапаттарга ээ болгон сезимтал адамдар. Сыртынан гана тынч жана жайлуу. Булар жаркын жана кыймыл көрктүү, курч акылдуу жана акылман. Булар каалаган жерде, кандай гана кырдаал болбосун өзгөчө айкалышуу талантына ээ. Бул айымдар башкалардын ой-пикирине көп көңүл бурбайт, жана коомдун көз карашы буларды көп ойлондурбайт. Суу пери-айымдары өз эркиндигин абдан баалашат. Булар бут шарттары бар, бирок эркиндиги чектелген жерде, капастагы чымчыктай болуп жашай албайт. Мамилелердин ар кыл жаатында кызыктырууну жараткан натура болуп, алар ошондой эле өзгөчө хоризмага жана аялдык тарткычтыкка ээ. Бул аялдар баарлашууда эң жакшы маектешүүчү болот алат. Ошондой эле булар уялчак жана тартынчаак, бирок анысын адамдар арасында көрсөтпөгөнгө аракет кылат. Бирок, бир жагынан, булар кандайдыр бир күтүлбөстүктөргө барат: чукул сын-пикирин маектешине бетке айтып, же андан да жаманы, шылдыңдоо иретинде тамашалап коюшу мүмкүн. Ошондой эле Суу пери-айымдары дайыма өз оюнда болуп, бирөөлөр тарабынан ойлордун таңуулоосуно чыдабайт. Мындай учурда булар кыжырланма жана орой болушу мүмкүн. Булардын дагы бир сапаты бул - алардын адамдары шок абалында калтыруусу жана таң калтырууну жакшы көрүүсү. Эң сонун интуициага ээ болуп, Суу пери-айымдары, сыйкырчыдай же фея сыяктуу, күн мурун бир нерселерди айтып, ал айткандары келекте сөзсүз аткарылат. Булар эч качан өткөн чак менен жашабайт, бирок ойлору бүгүнкү күн жөнүндө эмес. Булар дайыма келечекти ойлоп, ачык жана түшүнүктүү "бүгүнкү" менен кыялданбай, сырдуу "эртенки" күн менен кыялданат. Булар, асмандагы башкалар көрө албаган жылдызды көрүшөт. Асманга карай, намыстанып, түз турпаты менен өз кыялдарына жүрөгүндөгү жаркын үмүттөр менен умтулат. Суу пери-айымдары менен болгон мамилелер - өз ара сүйүү парадоксу. Суу пери-айымдар өз сезимдерин көрсөткөндү билишет. Булардын өзгөчө жашоого болгон көз караштары адаттан тышкаркы кырдаалдар менен бетме бет кезиктирип, мындай учурлар сүйүү фронтунда да болот. Бирок, качан Суу пери-айым өзүнүн сүйүүсүн тапкан учурда, ал сүйүүсү менен идеалдуу бактылуу биримдикке кошулат. Бирок, бул учурда да, Суу пери-айым өз эркиндигин күмөндөргө калтырбайт. Бул айымдарга өзү менен өзү болуу, өз ойлоруна жана сезимдерине чөгүүгө өзүнчө убакыт керек. Кызгануу жагына кайрылсак, бул мындай сезимдерди көрсөткөн адамга Суу пери-айымдан алыстоо үчүн дагы бир себеп болот. Булар, эгер сүйсө, абдан ишенимдүү болот, ошондуктан буларды бирөөлөргө кызганып, өзүңөрдү жана бул аялдарды ар кандай ойлор жана сөздөр менен тамактандырбай эле койсо болот. Эгер мындай айымдардын мырзалары ар кандай башка тараптан иш-аракеттери менен ишеничине балта чапса, бул айымдар ошол замат эшикти тарс жаап, кете берет, жана эч качан кайра кайтып келбейт. Жана мындай учурда бул айымдар жалгыз калуудан коркпойт. Буларды дайыма колдоп кетүүчү жана жалгыздыктан сактоочу көптөгөн достору куурчап турат. Булар кызуу сезимдерге ээ болуп, бирок, өзүн жана өз сүйгөнүнүн башын айлантууга барып, аша чаппайт. Булар физикалык жакындашудан көрө, көбүрөөк мүдөөлүк сүйүүнү жактырат. Бул жаман эмес. Анткени, алоолонгон кызуу сүйүү менен адамдар күндө жашай албайт, ал эми туруктуу достук жана мүдөөлүк жакындык - булар такыр башка баалуулуктар. Суу пери-айымдардын керектүү деңгээлдеги көңүлүн буруу үчүн, көп убакытка булар менен "дос" катары болуу керек. Анткени, дал ушул достук мамилеге булар өзгөчө ишеничти сиңирет, ошондуктан бул - Суу пери-айымды жактырып, ага жетүүнү максат кылган мырзалардын кулагына кумуш сырга - десек жанылышпайбыз. Булардын сүйгөндөрү өзүлөрү менен жашоодо бирге кадам шилтеп, бутун басып албаганга аракет кылыш керек, колунан кармап жетелешип, колун аярлап кармап, кишендебеш керек. : Суу пери-айымдар бакты-таалайдын акчада эмес, башка бийик нерселерде экендигине ишенет. Булардын көпчүлүгүнө жашоонун мүдөөлүк жагы башкысы болуп, ал эми материалдык жагына анча маани бербейт. Булар дайыма өзгөрүүлөргө умтулуп, кандайдыр бир жаңы нерселерди издешет. Өз кыялдары менен эксперимент жасап, аларды изилдегенди жакшы көрүп, алардын сырын түшүнүп, табышмагын чечүүгө аракеттенет. Булардын өз сырлары да бар, жана бул сырларын Суу пери-айымдары өзүндө кармап, эч кимге көрсөтпөйт жана ачпайт, ал гана эмес эң жакын адамдарына да айтпайт. Калп айтканды жактырбайт, бирок, ойлорун аягына чейин айтпай, ушунусу менен айланасындагыларды алагды кылат. Суу пери-айымдары баш ийип, никелешүүгө чуркап, ага чөмүлүп, камдыктары менен жоопкерчиликтеринин арасында адашып кетүүгө аракет кылбайт. Тескерисинче, түрмөдөн качкансып, булар никелешүүдөн качып турат. Өз сүйгөнүн бутунан башына чейин иликтеп-изилдеп чыкмайынча булар эч качан "Ооба" деп айтпайт. Эгер никелешүүгө чечкиндүү кадам шилтеп, макулдугун берсе, булар зээндүү жана элпек жар болууга аракеттенет, бирок, барыбир муну өз ою менен жасайт. Бул чындык. Ал эми энелик милдеттерине кайрылсак, Суу пери-айымдар өз балдарына абдан берилип, балдарынын майда каталыктары үчүн чанда гана жазалайт, ошодондой эле аябай кам көрүп, алар үчүн калчылдап-титиребейт. Булар өз балдарына болгон сүйүүсүн өзүнүн кандайдыр бир түнт мүнөзүнө байланыштуу ачык көрсөтпөйт.

#109 31 July 2015 - 01:57
Каерди окубайын чаяндар сексуалдуу болушат дей берет экенда))))а так баары туура экен
#110 31 July 2015 - 01:59
Балыктар.
Жароокер жана назик Балыктар башкаларга оор учурда боору ооруп, колдоп, сооротконду билишет. Бул кыялкечтер дүйнөнү жаркын боёктор аркылуу караганды билип, оор учурда бардык жакшы нерселер алдыда экенине өзүн оптимисттүү маанай менен ишендирет. Булар өмүр бою кыялданып, айлана-чөйрөнүн кыялдангандай анча идеалдуу эместигине абдан нааразы болушат. Булар абдан сезимталдуу жана берилген зодиак белгиси. Балыктар айланасындагы адамдардын өзүн алып жүрүүсүнө, ойлору жана сезимдерине курч таасирленет. Көп учурда Балыктар күч-кубатын бир муштумга чогулта албай, кырдаалдын чылбырында сүйрөлүп жана берилип жүрөт. Бул эки караанду зодиак белгиси өз жашоосунда адилетсиздикке орун калтырып, өз укутары үчүн күрөшкөндү билбейт. Буларга кандайдыр бир чечим кабыл алууга оор, анткени келечектеги жоопкерчиликтен коркушу мүмкүн. Балыктар абдан чыдамдуу болот. Бирок бул сапаты менен колдонуунун кереги жок. Анткени, чыдамдуулуктун жиби аябай ичкерип кеткенге чейин чоюлуп, үзүлүп калуу коркунучунда болсо, анда Балыктар өзүнүн табыгый сырткы жайлуулугуна карабастан, тынчсызданып, оолукма болуп калат. Татынакай Балыктар өзүнүн өзгөчө сүйкүмдүүлүгүн айланасындагылардын баарына жуктуруп коюууга мүмкүндүгү жетет. Булардын мыскылы айланасындагыларды болгон жан-дүйнөсү менен күлдүрөт, ал эми булардын аракетчилдиги жана тырышчаактыгы, башкалар тыкылдатып көрүүдөн корккон көптөгөн эшиктерди ачат. Агым менен өйдө карай сүзүп, Балыктар дайыма "жашоо тепкичинин" эң өйдөңкү баскычтарына умтулат. Балыктардын жайлуулукту жана тиричиликке оптимисттүү көз карашта болгонуна карабастан, кез-кез меланхолияга жана апатиялык абалдарга түшүп турушу мүмкүн, албетте сейрек, бирок, ошондой болсо да, бул депрессияга алып келет. Балыктар материалдык жыргалдыктын артынан кубалашпайт. Ага караганда, булар өзүнүн "Мен" дегенин изилдегенге ийимдүү, ошондой эле жөнөкөй жыргалдыктардын артынан түшпөй, кандайдыр бир мүдөөлүккө умтулат. Балыктар ушунча индивидуалдуу келип, булар менен эч ким тең-тайлаша албайт. Булар ал индивидуалдыкты көз карегиндей сактап, башка адамдардын кеңештерине карганда, көп учурда өзүнө жана өзүнүн ички үнүнө ишенет. Балыктар көбүнчө реалдуулукта жашагандан көрө, кыялдары менен жашаганды жактырат. Жетишээрлик бай элестетүүлөрү менен айырмаланып, Балыктар идеалдаштырууга ийимдүү, бирок ошону менен бирге дайыма тантык менен реалдуулуктун чегин сактоого аракет кылат. Балыктар чын жүрөктөн башкаларга көңүл айтуунун, аярлык мамиле жасоонун чыныгы чебери. Буларда эгоизм жок, жана булардын өзүнүн мен дегени эч качан айланасындагы адамдарга карата залакасын тийгизбейт. Булар өзүн оорулууларга кам көрүү жана алсыздарды колдоого багыштай алат. Бул өз жанын аябаган жана өз камын ойлобогон адамдар ушунча назик жана ачык-айкын болуп, башкалардын жамандыгын жана сүйгөндөрүнүн кемчиликтерин байкабайт. Булар көп учурда өзүнөн башка башкалардын баарын түшүнөт. Балыктар менен кандайдыр бир өзгөчө көлөөкө күчтөр башкарат. Бул "дүйнө адамдары" өзүнө гана таандык боло бербейт. Баарына жана баары менен кызыгып, булар бүт жерде болот, ошону менен бирге булар эч жакта да жок. Көп учурда Балыктар кырдаалдын курмандыктары болот, бул факт. Бул өтө идеалдаштырылган жана жан-дүйнөлүү адамдар. Жана Балыктар суу белгиси болгондуктан, булар өзгөчө сезимталдуулугу менен айырмаланат. Бирок Балыктар кээ бир сезимдерин башкарууну үйрөнүп, санаалаш, меймандос жана жоомарт болуу сезимдерин өнүктүрүү зарыл, ошондой эле параноидалдык сезимдерден жана ойлордон алыс болуу керек. Булар көптөгөн жакшы мүнөздөргө да ээ. Бирок мындай адамдарга мүнөзүнүн жаркын жагын көрсөтүү-өркүндөтүү үчүн, Балыктарды көп учурда негативге жана өзүн кыйратуу маанайына чөмүлтүүчү, мүнөзүнүн экинчи жагы менен күрөшүү зарыл. Булар өзүнүн ниети жана иш аракеттеринде чынчыл, башкалардын катачылыктарына жана айланасындагылардын кемчилигине ырайымдуу болот. Балыктардын негизги мүнөздөрү: -Жардам берүүгө караганда, санаалаш болуу маанилүү. -Балыктар суудан баш тартпагандай эле, кызытуучу ичимдиктерден баш тартпайм. -Тыкаттыкты зэриктирме адамдар ойлоп тапкан. -Бүрсүгүнү жасай турган ишти эртеңкиге калтырба. -Мен эмне деп убада бердим эле? -Шашылышта иштөө бул - тамак чайнап жатып сүйлөгөнгө тете. -Өзүмдөн башкасынын баарын түшүнүүгө даярмын. -Мажүрүм тал шамаалда ийилет, ал эми чон бак, дүп этип жыгылат. -Дайыма колум бош эместиги баарына белгилүү, бирок эмне менен колум бошобой жатканын баары эле биле бербейт. -Мага кысым жасабагыла, антпесе балыктай болуп, колуңардан жылмышып качып кетем. Ал эми терс жактарына кайрылсак, Балыктар көп учурда ойлорунун чар-жайыттуулугу менен, ошондой эле өз иш-аракеттеринин чечимсиздиги менен айырмаланат. Алар бүгүнкү реалдуу күн менен жашабай, көп убакта өзүнүн "Мен" дегени менен ойлоп чыгарган кичинекей дүйнөсүндө болот. Балыктардын жашоосунда сүйүү ардактуу орунда. Булар ушунча катуу сүйүп, ушунча катуу жек көргөндү да билет. Булардын сүйүүсү эки аймактуу болот - же бейиш, же тозок. Булардын жүрөгү эң татаал сырдай болуп жетүүгө абдан оор. Балыктар айрыкча жетүү позициясында болбойт. Мындай адамдар буларды бирөөлөр тарабынан тандоосун күтөт, тескерисинче эмес. Булар сүйүүдө атаандашканга көнгөн эмес. Мындай талаш-тартыштуу учурларда Балыктар жөн эле четтеп кетет. Эгер өзүлөрүн бироолор тарабынан каалаганын сезип турса, анда булар чыныгы бактылуу болушат, жана өз түгөйүнө таза берилгендикти жана камкордукту тартуулайт.

#111 31 July 2015 - 02:04
#112 31 July 2015 - 02:12
Мусульман болгон сон Аллахтан башка нерседен умут кылбагыла.
Жакшылык жамандык бир гана Аллахтан, мунунар ширк, ширк чоон куноо!
Астрология да озунчо бир илим да , ишенип ,умут кылып кетип аткан жерибиз жок!
Salam baaryna
#113 31 July 2015 - 02:22
Астрология да озунчо бир илим да , ишенип ,умут кылып кетип аткан жерибиз жок!
Анда максаты жок эле, катардагы тема! Тема жабылсын!
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#114 31 July 2015 - 02:25
Астрология да озунчо бир илим да , ишенип ,умут кылып кетип аткан жерибиз жок!
Балга бир уу тушсо кандай булгайт, булда ошол сыяктуу ыйманынарды булгайт?!
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#115 31 July 2015 - 02:28
Букачармын да букачар
. Анан да биз букачарлар менен спорлошуу мүмкүн эмес
Жөнөкөйлүк ашса ашсын, бой көтөргөндүк адатка айланбасын.
..
#116 31 July 2015 - 02:42
Балыкмын. 99,8%и туптуура. Чынт эле озумдукун кылам дайыма. Тесттерден да ушинтип чыккан)
#117 31 July 2015 - 02:46
#118 31 July 2015 - 02:49
Мен да гороскопко терс коз караштамын!
Бирок бул жерде адам психологиясын айтып жатат.Бегим аке,бул туурабы же туура эмеспи?Эгер мындай жок болсо,мындан ары билип журолу.
Балыктар
кырдаалдын курмандыктары
болот, бул факт. (ушу аябай туура чыкты!)

Кудай буйруса баары жакшы болот!
#119 31 July 2015 - 10:28
ишениш керекби ишенбеш керекби бул жеке адамдын өзүнүн иши,бирок окуп койсоң ашыкча кылбастыр...
.
#120 31 July 2015 - 10:36
Мен да гороскопко терс коз караштамын!
Бирок бул жерде адам психологиясын айтып жатат.Бегим аке,бул туурабы же туура эмеспи?Эгер мындай жок болсо,мындан ары билип журолу.
Балыктар
кырдаалдын курмандыктары
болот, бул факт. (ушу аябай туура чыкты!)
Балыктар
кырдаалдын курмандыктары
болот, бул факт. (ушу аябай туура чыкты!)
Бул жерде гороскоп эртеңки күнгө же келечегиңе карата айтылган жок да. Эртең ишин болот, болбойт, ант, минт д.с....Ошол белгидеги айымдарга гана берилген мүнөздөмө. Жалпы мүнөздөмө берүү күнөо иш болбосо керек деп үмүт кылам).
Тема боюнча: Текечээр мага дал эле келет экен))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.

Супер-Инфо
super.kg
видео