Жигиттерди, айымдардын "жылдызына" карап билип алалы Айымдар үчүн мырзалардын “кызыктай” жылдыз төлгөсү
#121 31 July 2015 - 11:16
Окшош күндөрдү жактырбайт,
сүйсө сүйгөн адамдын жашоосун гүлдөтөт дей берет ушу, чын эле ошондой бекем деп таң калып атам.
#122 31 July 2015 - 11:19
ишенеби - ишенбейби ар кимдин оз иши, бирок бул нерсе жаман, ото жаман экенин эскертип койуу ар бир мусулмандын милдети.
Мен милдетимди аткарып эскерте кетейин: буларды убакытынарды коротуп жазгыча, башкаларды окутуп, алардын убакытын тете кетиргиче, пайгамбарыбыздын хадистеринен жазып койгула - жазган дагы соопко ээ болот, окуган дагы канчалаган соопко ээ болот.

brother
#123 31 July 2015 - 11:31
Бул жерде гороскоп эртеңки күнгө же келечегиңе карата айтылган жок да. Эртең ишин болот, болбойт, ант, минт д.с....Ошол белгидеги айымдарга гана берилген мүнөздөмө. Жалпы мүнөздөмө берүү күнөо иш болбосо керек деп үмүт кылам).
Тема боюнча: Текечээр мага дал эле келет экен))
дуйно жузундо жети миллиард адам бар, анын жарымы аялзаты дейли, ошондо уч жарым миллиард. Эми ушул уч жарымды он экиге болунуз, канча чыгат? Ээ коп чыгат, ошондо ошончо аялзат бирдей болуп калабы?! Канча миллиондогон текечер - мекечер бар, ошондо ошонун баардыгы окшошпу?! "Тараза жылдызынын астында торолгомун" - дегендер Америкада да бар, Кытайда да бар, эми ошолордун баардыгы окшошпу?! Жок. Аллах адамды жаратып, ага тийешелуу кыялдарды (характер) жаратып койгон. Ал муноздор баардыгына бирдей, бирок бирдей тийбейт, б.а Аллах ар адамга ар башка муноз берет: сизге жонокойлукту берсе, сиздин гороскопунузга окшогон бир кызга дагы жонокойлукту берет. Жонокойлуко кошуп дагы бир муноз берсе, ал мунозду сизге бербейт. Иши кылып ушундай математика, аны бир гана Аллах билет кандай болуштурот.
brother
#125 31 July 2015 - 11:44
дуйно жузундо жети миллиард адам бар, анын жарымы аялзаты дейли, ошондо уч жарым миллиард. Эми ушул уч жарымды он экиге болунуз, канча чыгат? Ээ коп чыгат, ошондо ошончо аялзат бирдей болуп калабы?! Канча миллиондогон текечер - мекечер бар, ошондо ошонун баардыгы окшошпу?! "Тараза жылдызынын астында торолгомун"
- дегендер Америкада да бар, Кытайда да бар, эми ошолордун баардыгы окшошпу?! Жок. Аллах адамды жаратып, ага тийешелуу кыялдарды (характер) жаратып койгон. Ал муноздор баардыгына бирдей, бирок бирдей тийбейт, б.а Аллах ар адамга ар башка муноз берет: сизге жонокойлукту берсе, сиздин гороскопунузга окшогон бир кызга дагы жонокойлукту берет. Жонокойлуко кошуп дагы бир муноз берсе, ал мунозду сизге бербейт. Иши кылып ушундай математика,
аны бир гана Аллах билет кандай болуштурот.
Саламатсыз. .. млрдтаган адамдарды билбедим го, мен өзум үчүн гана жооп бердим...Албетте, баардыгы окшош, бир мүнөз дегенден алысмын, деген дагы жокмун. Мага дал келди дедим... Демек, Кудай Таалам мага жогорудагы жазып өткөн мүнөздү бөлүштүргөн экен..кыскасы ошол гана.
А баса, Жаратуучубуз кытайлык же америкалык деп бөлбөсө керек..анын астында биз баарыбыз бирдей пендебиз го)). Мендей мүнөздөгү бир аялзаты балким, ошол эле Японияда да бардыр...Анткени биз млрдпыз да..))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#126 31 July 2015 - 12:13
Баарыбыз жонокой бир пендебиз кудай алдында тообо кылабыз,ал жагынан талашыз. Бирок бул жерде бироону биро басынтып тыйуу салгыдай жер эмес да,менин ойумча ойунзоок порталы болгондуктан ар ким оз каалаганын жазып калтыргыдай мумкунчулукко ээ. Ошондуктан жагабы оку,жакпайбы жай гана чыгып кет,туура эмеспи сылык тушундуруп кой! Астрология да озунчо чон илим,менин билишимче эч ким астрологический прогнозго ишенип кетип калган эмес! Албетте ар бир нерсени алла жазып пенделерине берген. Бул жерде баардык аялдарга устуртон гана муноздомо берилген прогноз. Ар ким озуно таандык муноздорун,
окшоштугун гана мм тура экен деп койушу мумкун,бирок алладан ашып муноз жаратып тануулап жаткан эч ким жок да. Ар бир нерсени туура кабыл алалы достор! Ар бир жазылган кеп,калтырган ой жугуртуубуз,
тийиштуу болумго оз баракчасына гана жазылса...
#127 31 July 2015 - 12:23

Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#128 31 July 2015 - 12:55
"Айымдардын мунозун ,жылдыз толгосуно карап билип алыныз!"
темасы менен бириктирилди.
#131 11 August 2015 - 01:38
Мен да текечермин,
туура чыкты.Бул муноздомо экен го жай гана,гороскоп болсо бир жон.
#132 13 August 2015 - 17:25
мен эгиздермин.
Дал менин душамды да жазып коюптур го.Эч озгортуусуз мен экенмин. Гороскопго такыр ишенбейт болчумун мына ушуга ишендим
#133 22 August 2015 - 17:07
Бойон жылдызындагы торолгон эркектерге муноздомодо:
"Жини келген убакта жалгыз калтырыныз. Аны эсине келтире албасаныз оорумуш болуп коюнуз" дейт го, сунушунар аябай жакты, жылмайып алдым ))).
Аябай камкор, жакшы коргон адамынын кареги менен тен айланат. Сезимтал, ичинде эмне болуп атканын, эмне ойлоп, эмне каалашын айттырбай билет шумшук
.
Кыздарга берилген муноздомодо кемчиликтерин да кошо жазса, аябай жакшы болмок.

#134 22 August 2015 - 17:52
Дал келүү , көп деле эмес. Мындайлар аябай көп болгондуктан,
башыңды айлантышат.
Муну кантип табышат экен?!
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#135 22 August 2015 - 19:13
Балыктардын ичине тушуп чыккандай жазылган. Баа бердим..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#136 27 April 2017 - 13:37

Арстан
Беткабы – сүйкүмдүү, көрүнүктүү сырткы келбет жана кийим. «Айымдарды өзүнө тартып алуучу» баркын сактап туруусу ал үчүн абдан маанилүү. Өзүн романтик, берешен элестетет.
Алсыз жактары – өзүнө болгон көңүл коштук мамиледен коркот. Жакшы көргөн отургучу, гезит жана коньяк болсо болду. Коомчулукта жолу болбогон киши болуп көрүнүүнү каалабайт.
Сунуш – сиздин падышаңыз экенин билдириңиз. Ошол эле убакта сиз падышанын аялы экениңизди унутпаңыз. Эң негизигиси – чексиз суктануу, мактоо жана тазалык.
Гулира КАЛЫКОВА
Ошондо бул магабы же жигитиме тиешелүүбү?
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
#137 27 April 2017 - 14:03
#138 27 April 2017 - 17:53
Чаяндыгымды билип койгон бейм)))
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#140 30 April 2017 - 22:16

Кой
Беткабы – «чыныгы мырзалык» таасир калтырат. Өтө ынак, ойлобогондой батымдуу, кээде жоомарт, берешен.
Алсыз жактары – досторунун өтүнүчтөрүн кабыл албай коё албайт. Жадатма сөздөргө жана иштерге чыдабайт. Ден-соолугуна анча көңүл бурбайт. Баш ийүү дегенди билбейт. Себепсиз эле жоголуп кетип, кайра пайда боло калганды жакшы көрөт.
Сунуш – анын ашыкча энергиялуулугу жана жекечилдигинин артындагы камкордукка муктаж жаш баланын мүнөзүн байкаганга аракет кылыңыз.
Букачар
Беткабы – бейпил, тынч жашоодо жашагандай болуп көрүнөт. Үйдө эптүү кожоюн. Тырышчаак келет.
Алсыз жактары – көк бет. Айымдарга баш ийип калуудан коркот. Сөз менен тоону томкоро берет. Билимдүү маектештерден качат. Таттуу тамактарды жактыргандыктан бат эле толуп кетет.
Сунуш – дайыма эркелетип туруу керек.
Эгиздер
Беткабы – сүйкүмдүү жана акылы курч. Өзгөчөлөнүп турууну жактырат жана тапкыч. Кандай гана коом болбосун бат аралашып кетет.
Алсыз жактары – колунан келбесе деле сөз бере берет. Эки коёндун аркасынан чуркаган учурлары көп болот. Эмнени каалап жатканын кээде өзү деле билбейт.
Сунуш – жашоодогу максатын аныктоого жардам берүү керек. Андан кийин ал максатка жетишин көзөмөлдөп туруу зарыл. Эгиздерге эки сүйүү, бирок бир эле аял керек.
Бөйөн
Беткабы – айымдарга карата болгон сезгичтиги күчтүү. Аябай камкор. Берилип маектешкенди жактырат.
Алсыз жактары – өткөндү эстеп жарасын ырбата берет. Жалгыз калуудан коркот. Кирдеп калса да жакшы көргөн кийимин чечтире албайсыз. Абдан алсыз, көп сүйлөбөйт, сергек, бирок күңкүлдөй бермей адаты бар, кежир.
Сунуш – жини келген убакта жалгыз калтырыңыз. Аны эсине келтире албасаңыз, оорумуш болуп коюңуз.
Арстан
Беткабы – сүйкүмдүү, көрүнүктүү сырткы келбет жана кийим. «Айымдарды өзүнө тартып алуучу» баркын сактап туруусу ал үчүн абдан маанилүү. Өзүн романтик, берешен элестетет.
Алсыз жактары – өзүнө болгон көңүл коштук мамиледен коркот. Жакшы көргөн отургучу, гезит жана коньяк болсо болду. Коомчулукта жолу болбогон киши болуп көрүнүүнү каалабайт.
Сунуш – сиздин падышаңыз экенин билдириңиз. Ошол эле убакта сиз падышанын аялы экениңизди унутпаңыз. Эң негизигиси – чексиз суктануу, мактоо жана тазалык.
Бийкеч
Беткабы – таза акыл-эс жана бардык жерде белгилүү бир системанын болушу. Дайыма так жүрөт. Өзүн өзү башкара алат.
Алсыз жактары – алгач жашоодогу көз карашын табышы керек, андан кийин гана ага карата багыт алат. Акылында түзүп алган негизден чыга албайт. Жоопкерчиликтен коркот.
Сунуш – ишениминен тандыра алсаңыз, мурунку көз карашынан кайтарып, башка көз карашка келтире билсеңиз, анда бул мырзаны колго алганыңыз.
Тараза
Беткабы – жагымдуу жылмаюу. Сүйкүмдүүлүгүн көп колдонот.
Алсыз жактары – кыялкеч, маселелер өзүнөн өзү эле чечилип калат деп ойлойт. «Жок» деп айта албайт. Сулуу айымдарды көрсө «акыл-эсин»жоготуп коёт. Көркөмдүүлүктү, сулуулукту жактырат.
Сунуш – бардык чечимдерди өзүңүз кабыл алыңыз. Бигуди, халат дегендерди анын көзүнчө тагынбаңыз, кийбеңиз. Жарашыктуу көйнөк, кооз бөлмө, шаан-шөкөт, шам болсо – мырза толугу менен сиздики.
Чаян
Беткабы – көрөгөч. Күчтүү жана ишендүү адамдын таасирин берет. Жаратылышынан эле психолог. Жашоонун бардык соккуларына туруштук бере алат.
Алсыз жактары – түрдүүчө кубулуп-кулпурган айымдарга ырайымсыз мамиле кылат. Анын өзүнө гана тиешелүү жүрүм-турум эрежелери бар. Ичиндеги карама-каршылыктардан улам көп ооруйт.
Сунуш – сизден чыдамкайлык жана берилгендик талап кылынат. Ал жакшылыкты да, жамандыкты да дайым эстеп жүрөөрүн унутпаңыз.
Жаачы
Беткабы – келбеттүү, ысырапкор, шайыр. Айтуусу боюнча, бардык маселелерин чечүүчү тааныштары көп. Спортту жактырат... телевизордон көргөндү.
Алсыз жактары – Өткөн-кеткенин жашырбайт, анын ичинде мурунку сүйүүлөрүн да. Дайым «бойдок»!
Сунуш – үйгө жана үй-бүлөгө байлабаңыз. Өзүңүз эркиндикти жактыраарыңызды билдириңиз. Кээде сырдуу телефон чалуулар же гүлдөр менен анын сизге болгон кызыгуусун арттырыңыз.
Текечер
Беткабы – ишенимдүү. Түбөлүк сүйүүгө кепилдик. Эмоционалдык жана материалдык абалдын туруктуулугу.
Алсыз жактары – никесиз өзүн алсыз сезет. Сезимдерин билдирүүдө, эркелетүүдө кыйналат. Бирок, өзү сүйүүгө муктаж. Башкалардын аны барктап, мактап, суктанып туруусун каалайт. Үй-бүлөлүк бюджетти көзөмөлдөп турат.
Сунуш – аны жарашыктүү кийимдер менен, сулуулугуңуз менен өзүңүзгө тартып алам деп ойлобоңуз, анын ордуна кандай кожойке экениңизди көрсөтүңүз.
Суупери
Беткабы – кыялкеч көз караш, ойлору алыстарга учуп кетет. Эгер сизди какшыктап жатса, анда жактырып калды деп түшүнүңүз.
Алсыз жактары – мейли адам болсун, мейли идея болсун жаңы жана өзгөчө нерселердин баарына ашыга берет. Материалдык байлыкка баш ийбейт. Эркин болууну каалайт.
Сунуш – аны дайыма кызыктырып туруңуз. Бардык сырларыңызды ача бербеңиз.
Балык
Беткабы – шайыр күлкү, кыялкеч көздөр, романтизм. Дайыма кайгыңызды тең бөлүшүп, жаныңызда болууга даяр.
Алсыз жактары – көпчүлүк убакта реалдуулуктан алыс болот. Тамактанууну да унутуп калат. Өзүнүн ыңгайлуулугун ойлонбойт. Досторуна жана сүйүктүүсүнө өзүн толугу менен арнап коёт. Анын күлкүсүнүн артында кайгы-капа, санаа сакталуу.
Сунуш – анын кыялдарына шек келтирбөө керек. Анын ордуна кошо кылданып, аларды ишке ашырууга жардам бериңиз.
Гулира КАЛЫКОВА
Мен балык туура чыкты 86%..

Супер-Инфо
super.kg
видео