Ыйлоо,
кыйкыруу жана кежирленүү – ар бир баланын өзгөрүлбөс мүнөзү. Айырмачылыгы бир гана кээ бир балдарда бул көрүнүштөр чанда кезиксе, а башкаларында адатка айланышы мүмкүн экендигинде.
Бул учурда ата-энелери жабыр тартышат. Бирок бала үчүн ыйлоо абдан маанилүү экендигин эске алуу керек. Анткени алар көз жашы аркылуу өздөрүнө керектүү нерселерди билдире алышат. Эмесе, айрыкча жаш энелер үчүн маанилүү болгон баланын бир нече
ыйлоо себептерине токтолсок.
Ый баланы журок-кантамыр ооруларынан сактайт.
#2 02 August 2015 - 01:34
Ыйдын пайдалары
Энени депрессиядан арылтат. Австралиялык окумуштуулар балдардын ыйын изилдеп көрүшүп баланын ыйлоосу энеге төрөттөн кийинки депрессия менен күрөшүүдө чоң жардам берерин жана баланын да уйкусун жакшыртарын аныкташкан. Эгер ымыркайдын толук кандуу ыйлоосуна мүмкүнчүлүк берсе, ал 30% көп уктайт. Мунун натыйжасында энедеги депрессия да 40%га азаят.
Баланын максатына жетүүсүнө жардам берет. Ыйдын жардамы менен бала каалаганына жетет. Башкача айтканда, эмнени кааласа, ата-энесинин тыюу салганына карабай ыйлап атып оюндагысына жетет. Бирок муну адатка айландырып албоосу керек.
Ый – эмоция чыгаруунун ыкмасы. Күн бою балада ар кандай эмоция топтолуп, аны кандайдыр бир жол менен чыгаруу зарылдыгы туулат. Мына ошол жолдун бири болуп ый эсептелинет. Кечинде уктар алдында бала кежирленип баштайт. Бул учурда аны урушпай, тескерисинче, канааттандырарлык деңгээлде ыйлоосуна мүмкүнчүлүк берүү керек. Натыйжада бала эмоциясын толук чыгарып, тынч уктай алат.
Баланын дүйнө таанымын кеңейтет. Ый – баланын энесине «мен көптү билгим келет» деп айтуусунун ыкмасы. Ал ыйлаган учурда аны сооротуу максатында сейилдөө, дүкөнгө алып баруу, паркта ойнотуу баланын дүйнө таанымын кандайдыр бир деңгээлде кеңейтет.
Баланын дем алуусун жакшыртат. Адистердин айтымында, бала канчалык көп ыйлаган сайын өпкөсүнүн өсүүсү жакшырып, дем алуусунда кыйынчылык жаралбайт. Ошондой эле баланын бардык органдарын кислород менен камсыз кылып, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт.
Ый көздүн сырткы кабыгын азыктандырат жана коргойт. Көз жаштын курамында көздү ар кандай бактериялардан коргоочу лизоцим заты бар. Ошондой эле көздү механикалык тазалоочу касиетке ээ.
Көз жаш безинин ишин жакшыртат. Мунун жардамы менен көз жаш суюктугу көп иштелип чыгат жана бала эмоциясын чыгарууда, көзүнө бир нерсе кирип кеткенде, жарыктын чагылуусунда ыйлоосуна жардам берет.

#3 02 August 2015 - 01:35
Бала үчүн ый канчалык маанилүү?
Бала жарык дүйнөгө келер замат алар кыла ала турган нерсе – бул ыйлоо. Биринчи ыйы менен ымыркайдын дем алуу органына анын жашоосундагы алгачкы аба кирет. Эгер бала ыйлап төрөлсө, ден соолугу чың экендигинен кабар берери анык. Жаңы төрөлгөн балдар бир нерсеге муктаж болгондо же жагымсыздыкка туш болгондо пикир алышуунун жалгыз ыкмасы болуп ый жардамга келет. Көпчүлүк ата-энелер үй иштерин бүтүрүп алуу үчүн баласынын тоскоол болбошун каалап «ыйлабай коё турса экен» дешет. А кээ бирөөлөрү «бала такыр ыйлабаш керек», «оорулуу балдар эле ыйлашат» деген түшүнүктө болушат. Бул өтө чоң жаңылыштык. Анткени баланын ыйлоосу абдан маанилүү, ошондуктан мындай абалдарда баланын ыйлашына тоскоол болбош керек, бирок күнүмдүк адатка айланбоосу зарыл.

#4 02 August 2015 - 01:38
Ыйдын зыяндары
– Ыйдын пайдасына караганда зыяны азыраак. Ошентсе да изилдөөчүлөр ыйдын бир нече зыяндуу жактарын аныкташкан. Пайдалуу азыктандыруучу заттардан башка дагы көз жаш көздүн кызаруусун пайда кылуучу аллергиялык элементтерди камтыйт. Бул узак убакыт ыйлаганда пайда болот. Ошондуктан бала ыйлап жатканда көзүн ушалабашы керек.
– Көз жаштын курамында туздуу суюктук көп болгондуктан бетке түшкөн көз жаш баланын терисин дүүлүктүрүп жибериши мүмкүн. Ошондуктан бала ыйлаганда бетин, мойнун жүз аарчы менен аарчыш керек. Болбосо терисинин кычышуусунан улам ого бетер ыйлашы ыктымал.
– Ый – бул травма. Чектен чыгып ыйлаган бала стресске кабылып нерв системасы жабыркашы мүмкүн. Ошондуктан ыйды психологдор кичи травма деп атап коюшат.
– Көз боор менен абдан тыгыз байланышта. Боордогу патологиялык өзгөрүүлөрдүн себеби болуп көздүн абалынын бузулуусу эсептелинет. Ошондуктан көз жабыркаса, сөзсүз түрдө боорго таасирин тийгизет. Андан улам канга, анан бүтүндөй организмге өтөт.
#5 02 August 2015 - 01:39
Бала бир күндө канча жолу ыйлаш керек?
Жаңы төрөлгөн бала бир күндө орточо эсеп менен бир жарым саат ыйлайт. 6 айында болсо бир күндө 3 саат ыйлайт. Бул нормалдуу көрүнүш. Ымыркай чоңойгон сайын пикир алышуунун жаңы ыкмаларын үйрөнөт, натыйжада ыйлоосунун убагы улам кыскара баштайт. 6 айга толгондо ымыркай 3 сааттай ыйлабай ойноп, сейилдей алат жана бир күндө 1-2 саат ыйлайт. Балдардын ыйлоосунун узактыгы 20 мүнөт болсо, бул кадыресе көрүнүш. Ден соолугу чың балдар да жогорудагы көрсөткүчтөрдөн көп ыйлашы мүмкүн. Ошондуктан энелер буга кооптонбой деле койсо болот.
Ыйдын себептери
Ымыркай чегинен ашып ыйлап баштаганда анын эмне себептен ыйлаганын аныктоо кыйын болуп калат. Ыйлоонун себептери ар түрд үү болот: жөн өк өйд өн баштап баланын өм үрү нөкоркунуч туудурган себептерге чейин. Төм өнд ө ымыркайдын ыйлоосунун эңке ңири тараган себептери көрс өт үлг өн:
1. Ачкалык. Баланын курсагы ачканда ыйлоосу нормалдуу көрүнүш болуп саналат. Бул учурда ал башын буруп, оозун ача баштайт. Мындай абалда аны эмизсе оңой эле соороп калат.
2. Суу болгон жалаяк. Жалаягына заара ушатуу жана заң чыгаруу ымыркай үчүн ыңгайсыздыкты жаратат жана аны жуундуруп, кийимин котормоюнча ыйлоосуна себеп боло берет.
3. Коом. Кээ бир ымыркайларга жанында кимдир бирөөнүн болуусу абдан маанилүү. Эгерде кокустан колунан жакшы көргөн оюнчугу түшүп кетсе ыйлап баштайт.
4. Чарчоо. Бала чарчап, талыганда уктай албай кыйналат. Бул учурда ал ыйлап баштайт. Аны сооротуу үчүн эмизип же ырдап бериш керек. Балага алдей ырын айтып, терметкенден эринбеңиз. Анын натыйжасында бир нече айдан соң балаңыз өз алдынча уктап сиздин көмөгүңүзгө да муктаж болбой калат.
5. Эти ысуу жана чыйрыгуу. Эгерде ымыркайга абдан ысык же абдан суук болгондо бул анын тынчын алып, натыйжада ыйлап баштайт. Мындай абалдарга туш болбоо үчүн бөлмөнү убак-убагы менен желдетип туруу зарыл. Ошондой эле ар дайым бөлмөнү нормалдуу температурада кармоо керек.
6. Тар кийим. Тар кийим балага өзгөчө ысык мезгилде ыңгайсыздыкты жаратат. Ал эми кийимдеги катуу резинка баланын терисинде кычыштырууну пайда кылат.
7. Караңгы бөлмө. Ымыркай уктап жатканда бөлмөдө жок дегенде бир аз жарык болуп турушу керек. Анткени ал капкараңгы бөлмөдө уктап жатып ойгонгондо ыйлап баштайт.
8. Чиркей. Ырас, чымын-чиркей, курт-кумурскалар баланын канын соруу, денесин кычыштыруу менен анын тынчын алат. Бул учурда да бала ыйлабай койбойт.
9. Мурундун бүтөлүшү. Наристе мурду бүтөлүп калган учурда уктай албай ыйлайт. Бул үчүн анын мурдун дайым тазалап туруу зарыл.
10. Денесиндеги оору. Ымыркай бир жери ооруп турганда тынчсызданып, бул ыйлоо менен коштолот.
11. Жалаяктан улам теринин кычышуусу. Эгер бала катуу жана суу жалаякта узак убакыт жатса, терисинде кычышуу пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле жалаяк аллергия пайда кылуучу кездемеден жасалганда да баланын денеси кычышат. Мындан тышкары экзема, эктима, кандидоз жана башка ушул сыяктуу тери оорулары да балада ыңгайсыздык жаратуучу маселелер болуп саналат.
12. Кулагындагы оору. Кулак инфекциясы айрыкча нымдуу климатта кеңири жайылган. Кулактагы оору түнкүсүн бала уктап жатканда козгойт. Бул учурда бала тынчсызданып ыйлап баштайт. Ал эми чоңураак балдар мындай абалда кулагын тырмап, аймап салат.
13. Ичинин оорусу. Наристенин алгачкы айларында ичинин оорусу эң оор маселе болуп саналат. Ичи ооруганда ал кыйкырып баштайт жана буттарын тыбыратат. Жүзү аябагандай кызарып чыгат. Бул учурдагы ыйлоону башка себептер менен алмаштырууга мүмкүн эмес.
14. Жел туруп калуу. Ымыркайда түнкүсүн эч бир себеби жок эле жел туруп калып ыйлоосу мүмкүн. Мындайда кайсы бир дары-дармек жардам берет же дароо эмизүү керек. Кээ бир балдарга жел чыгаруучу түтүкчө жардамга келет. Аны дарыканалардан табууга болот. Баланын жел туруп калып ыйлоосу көпчүлүк учурда үй-бүлөдө дискомфортту жана жаш энелерде стрессти пайда кылат.
15. Тиштин чыгуусу. Ымыркай төрөлгөндөн 3 айдан соң ыйлоосунун жаңы себеби пайда болот. Бул учурда балада тиш чыга баштаган болот. Капысынан эмбей калат. Өзүнөн-өзү эле кыйкыра берет. Энеси болсо эмне кыларын билбей айласы кетет. Анын себебин балада шилекей агуусунун күчөйүшүнөн билүүгө болот. Мындай абалда баланын оозунун айланасында майда-майда кызыл бүртүкчөлөр чыга баштайт. Демек, ымыркайыңызда тиш өсө баштаган болот.

#6 02 August 2015 - 10:49
Таяатам айтып калчу эле "ыйла, коп ыйласан сулуу болосун" деп. Корсо чындыгы бар экен да. А мен какшык соз катары кабыл алып, огош бетер жашым он талаа болуп калчу эле.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#7 02 August 2015 - 11:50
Мега эже пайдалуу кенештериниз учун рахмат.
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..

#8 02 August 2015 - 11:56
Мега эже пайдалуу кенештер учун рахмат.
Чон энелерибиз мынтип айтып калчу. " Баланын коп ыйлаганы жакшы опкосу кенейет"- деп.

" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#9 02 August 2015 - 22:45
Откондо бир гезиттен окуп калдым эле,коп ыйласа,коп жашайт деп.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!

#10 03 August 2015 - 09:37
Мен балам ыйласа жаным чыгып кетейин деп кетет,ушунча баласаакмынбы.
Биздики туура азыр 15пункт болуп атат экен да 4ай болобуз жакында,шилекейи коп чыгып,оозунун тегереги кызарып кетип атат анан да колун сорот тынбай кычышып атат окшойт,кыжынып кээде бакырат
#13 27 January 2016 - 12:42
Мм эн соонун кенештер экен рахмат авторго.Менин балам ыйлаак ото эле туулгандан ошондой кооптонбой деле койсом болот экен,кызым жоош болчу онору чыгып баштады демек тиш чыгып атат деп ойлоп койдум томонкулорду окуп алып.
#14 27 January 2016 - 13:15
Жакшы макала экен!
Ошо, мен бала ыйлабай калса эле кооптоно берчү лем. "Не балаңар ыйлабайт?" - деп. Бала деген ыйлашы керек деп билет элем. Албетте, чеги менен. Эми чегин дагы билип алдык. Бала ыйлаганда таймерге коюп кошю керек экен

> Mен эл менен <
#15 04 February 2016 - 04:11
Жакшы макала экен,ракмат.
Бирок менин кызым эч ыйлабайт,курсагы тоюп,жалайыгы кургак болсо жата берет,мен кыжалат болуп чыктым го
#17 04 February 2016 - 22:25
Менин балам такыр ыйлабайт, ошондо ал оорукчан болуп калабы? кудай сактасын.
Атасы иштен кеч калса, кежирленет.
туну жалаягына кокус сийип алса да ыйлабайт, нары бери ооналактай берет.
Тиш чыгып жатат бирок, ыйлабай эле журот. Откондо бир кун ыйлады болду, ошо менен тиш деле чыгып атат, ыйлабайда калды.
Уйкусу келсе деле козун ушалап коюп ойноп журо берет, качан кучактап алып жатсан уктайт.
Мен урушсам ыйлашы мумкун, а так озу кежирленип ыйлабайт деле экен.
Адамды кыжалат кыдынарго.

#18 04 February 2016 - 23:24
Менин балам коп ыйлайт. Жондон жон деле ыйлай берет. Кээде козун жумуп, 2 саат тынбай ыйлайт. Ошондо айламды таппай калам. Мандражым тутуп, балама кошулуп алып ыйлап баштайм. Неге менин балам мынча ыйлаак дей беретлем. Врачка алып бардык, эмгеги кичине ошого ыйлаак болот деп койгон.
Автор сизге рахмат. Кооп маалымат алып алдым

Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!

Супер-Инфо
super.kg
видео