Мульти бышыргыч деген эмне?
Мульти бышыргыч – автоматтык түрдө тамак даярдоочу көп функциялуу,
профессионалдуу,
программа менен башкарууга ыңгайлашкан электр буюму. Мульти бышыргыч тамакты дымдап, кактап бышырууга, даяр тамакты жылытууга жана узак убакытка ысык кармоого ыңгайлуу. Бул буюм убактыңызды үнөмдөп, сиздин көзөмөлсүз эле тамакты даяр кылат.
Мультиварка жөнүндө
#22 02 August 2015 - 01:48
Кантип тандоо керек?
Мешти тандоодо казандын материалына көңүл буруңуз. Тынымсыз колдонулган мешти 1,5-2 жыл пайдалана аласыз.
Ичиндеги кесеси тез керектен чыккандыктан алмаштырууга ыңгайлуусун тандаңыз.
Тез даярдалуучу функциялары бары ыңгайлуу.
Тамак бышкан соң өчүп калуучу функциялары бар болушу керек.
Капкагын чыгарып жууганга ыңгайлуусун алыңыз.
Кесесинде кармоочу кулактары болуусу тийиш.
Кубаттуулугу 800-900 Вт болгону ыңгайлуураак.

#23 02 August 2015 - 01:49
Мульти бышыргычтын оң жактары
1. Убактыңызды, акчаңызды, күчүңүздү аз сарптайсыз. Мешке тамакка керектелүүчү азыктарды салып убактысына тууралап койсоңуз, калганы автоматтык түрдө ишке ашат. Тамакты убактысына тууралап, программасына коюп, сейилдеп же жумушуңузга жөнөй берсеңиз болот. Сиз үйгө келгенде тамак даяр. Тез даярдоочу функциясында тоок 20 мүнөттө бышса, шорпоңуз 15 мүнөттө даяр болот да, электр энергиясын үнөмдөйсүз. Түрдүү тамактарды жасаганга да ыңгайлуу.
2. Көп тараптуулугу. Чакан меште түрдүү тамактарды бышырууга болот: ботко, шорпо, гарнирлер, пицца, килкилдек, плов, йогурт, кыям, нан, компот, торт жана башка.
3. Мульти бышыргычка бышкан тамак ден соолугуңузга пайдалуу. Кадимки мештерде азыктарды майга кууруп даярдасаңыз, мында эч кандай майсыз эле (тамак күйүп, түбүнө тартып кетүүдөн сактоочу материал менен капталган), меш жылуулукту чыгарбай, азыктардын пайдалуулугун жоготпой дымдап бышырат. Ал эми дымдалган тамак сиздин ден соолугуңузга пайдалуу экени айтпаса да түшүнүктүү.
4. Мульти меште даярдоо ыңгайлуу. Узак убакытты талап кылуучу дан өсүмдүктөрү буудайдан, буурчактан даярдалуучу тамактарды, плов, килкилдек тез даяр болот, күйүп кетпейт.
5. Тазалоого ыңгайлуу. Жөнөкөй меште тамак даярдаганда ашып кетип, май чачырап, тазалоого кыйынчылык жаратса, мульти бышыргыч капкагы бек жабылып бышыргандыктан мындай кыйынчылыктарды жаратпайт. Болгону капкагы менен ички силикон шакекчесин чыгарып акырын жууп коёсуз.

#24 02 August 2015 - 01:50
Мульти бышыргычтын терс жактары
1. Тамактын даамынын өзгөрүшү. Мульти бышыргычта даярдалган тамак кээ бир адамдарга супсак сезилет. Мисалы, кадимки шорпону даярдоодо биринчи азыктарды кууруп, анан үстүнө суу куюп бышырсаңыз, мульти бышыргычта бардык азыктар чогуу салынып демдеп бышырылат да, башкача даам берет. Андыктан мульти бышыргычты сатып аларда кенен маалымат алып, анда даярдалган тамактар жакса гана сатып алыңыз.
2. Тамак даярдоону үйрөнүү. Бардык эле тамакты мульти бышыргычта даярдоо мүмкүн эмес. Азыктын бирин эрте, бирин кеч салууга туура келет, андыктан мульти бышыргычтын программасын тууралап, көзөмөлдөп туруу керек.
3. Жыйынтыгы бышканда гана билинет. Тамак даярдоодо азыктарды, кошулмаларды башында эле тууралап салуу керек. Себеби мульти бышыргычта даярдалган тамактын даамын бышкандан кийин гана көрө аласыз. Көбүнчө күрүч бышпай калган, кесме эзилип кеткен сыяктуу кемчиликтерди угабыз. Андыктан мульти бышыргыч сатып алууда убактысын жана температурасын өзгөртүп туруучу «мульти ашпозчу» функциясына көнүл буруңуз.
4. Клапандары. Ар бир мульти бышыргычта бир же бир нече буу чыгаруучу клапандар бар. Бул клапандарды чыгарып жууп, кайра салып койгонго ыңгайлуу. Кээде клапандары бүтөлүп калып буунун чыгуусуна тоскоолдук келтирет.
5. Силикон шакекчелери. Силикон шакекчелери капкагы менен кутусунун ортосунда жайгашкандыктан түрдүү даамдын жыты уруп калат. Колдонуучулар тазалоодо сууга лимон кошуп кайнатып же шакекчелерин алмаштырып туруусу керек.

#25 02 August 2015 - 01:51
Ден соолукка зыяндуулугу барбы?
Мульти бышыргычтардын бардык түрүндө кездешүүчү тефлон жабдуулары көпчүлүктү чочутат. Эгерде сиз буга кам көрүүнү жогору койсоңуз, көпкө кызмат кылат жана мульти бышыргыч ден соолугуңузга эч кандай коркунуч туудурбайт.
– Ар бир тамак бышыруудан кийин сөзсүз түрдө тазалап жууш керек.
– Атайын идиш жуучу каражаттарды колдонуу керек.

#26 02 August 2015 - 01:52
Техникалык терс жактары
– Капкагы автоматтык түрдө ачылбагандыктан пирог, торт даярдоодо капкагына топтолгон суу үстүнө тамып ыңгайсыздык жаратат.
– Мульти бышыргыч ичиндеги азыктарды аралаштыра албайт.
– Бир жолу гана жегенге тамак даярдай аласыз.
– Мульти бышыргычтын үстүндө ысытуучу элементи жок болгондуктан кызартып бышырууга жөндөмсүз.

#27 02 August 2015 - 01:52
Мульти бышыргычты тазалоого кеңештер
– Капкагын тазалоо үчүн сүлгү же губка колдонсоңуз болот.
– Тазалоочу каражаттардан идиш жууган гелди колдонгонуңуз жөн.
– Тазалоодо ички бөлүгүндөгү кесени кадимки көмөч казан жуугандай эле жууйсуз.
– Кесенин ичи тамакты күйүп калуудан сактоочу катмар менен капталгандыктан ал чийилип калбоосу үчүн идиш жуугуч зымды, катуу губканы, порошок түрүндөгү идиш жуугучтарды колдонууга болбойт.
– Эгерде идиш жуучу машинаңыз болсо, кесесин машинага жууганыңыз оң.
– Мульти бышыргычтын кесесин жуугандан кийин эринбей кургатып, анан салуу сунушталат.

#28 02 August 2015 - 09:41
Охоо буну мен колдонбой эле койсом болот.
Бардык жашоо шартыбыз жакшырган сайын озубуз жалкоо болуп баратабыз.

#30 20 November 2015 - 22:51
Мага жаккан жок тамактын даамы дагы начар, супсак. Анан биздики 20 минутага койсон эки саатка чейин кайнай берет токтобой. Ошого колдонбой койгонмун.
#31 22 November 2015 - 23:39
Мага дагы тамактардын даамы жакпады, супсак даамы жок болуп калат экен . Биз кыргыздар кууруп куйкалап баардык витаминдерин олтуруп жегенге конуп калганбыз го((. Бир гана гуруч бышырам кээде, болбосо жонеле турат.
#32 11 December 2015 - 15:07
#35 02 December 2016 - 15:45
от жагып казанга тамак кылганга не жетсин мултиварка анча мынча тамакка эле жарабаса болбогон эле буюм экен меники турат колдонулбай эле
#36 02 December 2016 - 15:54
Мен ар дайым өзунө "ЖАЛГЫЗЫҢ"болгум келет.
#39 03 December 2016 - 02:54
Zigmund and Shtain MC-DS42IH Немецкий деп издеп атып алгам,сонун эле колдонуп атам.3 жылдан бери.Диетага аябай жакшы.пирогду деле сонун бышырат. Анан кууруган функциясы деле баргоо...Кыскасы керек эле буюм да)))
#40 05 December 2016 - 09:50
Тамактардын баарын эле аябай даамдуу жасайт.Мен озум "Redmont"деген моделин алгам. Бардык функциялары бар.Мен кобунчо тамактардын баарын ушул мултьварканын жардамы менен бутуром.Кыргызстандын мултьваркалары кандай билбедимго бирок Москваныкы аябай жакшы.

Супер-Инфо
super.kg
видео