Мырзакматовду периштедей ак деп айтуудан алысмын. Бул дуйнодо идеалдуу инсандын озу жок. Бирок кайсыл кылмышы учун камалышы керек. Кул болуп куйуп буткон шаарды гул кылып койгону учунбу же Кыргызстандын тагдыры кыл учунда турганда т.а 2010-ж. Бакиевдин же ошол мезгилдеги бийликте урган уБактылуу окмоттун азгырыгына алданбай элдин тынчтыгын ойлоп, тараза ташын бирдей кармап турган учунбу?... Эгерде Оштун коркуно чыгыры турган эстакадалык копуро курам деген оюу кылмыш болсо анда башка нерсе айта албайм. Жон гана соз жок...
- (2 )
-
- 1
- 2
Мелис Мырзакматов 7 жылга кесилди!
#22 24 July 2015 - 20:35
Мырзакматовдун ишин караганда башка судья табылбай калдыбы? Же бул Алмазбек Атамбаевдин маскара саясатыбы?
Бул тууралуу "Искра& quot; гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеев кечээ, 23-июль күнү интернеттеги баракчасына жазып чыкты.
Төмөндө журналисттин Мелис Мырзакматовго Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган өкүм боюнча пикирин толугу менен беребиз:
Оштун экс- мэри, “Улуттар Биримдиги” партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматовго Ош шаардык соту тарабынан алеки саатта өкүм чыгып, 7 жылга сыртынан соттолгонун угуп көп нерсе ойго келди. Болгондо да мындай өкүм башка учурда эмес, Кыргызстандагы соттордун жогорку инстанциясы болгон Жогорку Сотко карата Ак үйдөгү мурдагы чиновниктин таасири, пара менен чечилип жаткан кылмыш иштери ачыкка чыгып, бийликтин аптыракаты эл алдында төгүлүп жаткан учурга туура келип отурганы эмнени түшүндүрөт? Мына ушундан кийин КР сотторунун чыгарган өкүмдөрү канчалык деңгээлде легитимдүү болду экен деген суроо аргасыз туулат. Эмне мынча шашылыш өкүм чыгарылды. Эмне үчүн ММКлардан Мырзакматовдун үстүнөн сот процесси сыртынан башталганы тууралу маалыматты окуй алган жокпуз? Мырзакматовдун кылмыш иши качан сотко өттү эле? Кайсы далилдер менен ага карата иш козголду эле? Ким Мырзакматовго каршы көрсөтмө берип, анын күнөөсү канчалык далилденди? Деген сыяктуу ондогон суроолор бар. Мына, кечээ Бишкектин экс-мэринин кызы Назгүл Түлеева Башкы прокуратурага көрсөтмө берип, андан кийин ММКларга ачык интервью кылып, Данияр Нарымбаев андан 200 миң доллар пара талап кылып, 50 миң долларын Хажимурат Коркмазов аркылуу алганын айтып чыкты эле, бүгүн аталган билдирүүнүн чын-бышыгы териштирилип, беттешүү жүрүп, ошонун негизинде Нарымбаев камакка алынды. Мырзакматовдун кылмыш ишинде мына ушундай жылчык барбы? Албетте, жок. Мырзакматовдун Оштун мэри болуп турганда түштүк борбор калааны кандай деңгээлге көтөрүп, көрккө бөлөп гана тим болбостон, өлкөнүн маданий, руханий борборуна айлантууга болгон аракетин буга чейин канча ирет айтып келдик. Албетте бул чындык. Оштун чок ортосуна эл аралык стандарттагы чоң эстакадалык көпүрөнүн курулушу башталганда, Атамбаев бийлиги Мырзакматовдун ансыз да өсүп бараткан кадыр-баркы андан ары да жогорулап кетишинен катуу чочулап, болбогон шылтоо менен кызматынан алып тынды. Ал эми 2014-жылдын 15-январында Ош шаар башчысын шайлоо жараяны кандай гана ыпластык, мыйзамды ачык тебелеп-тепсөө менен өткөнүн биз эле эмес, карапайым эл да теледен көрдү. Бийлик өзүнө тиешелүү депутаттардын жакасына камера орнотуп, ал эми Мырзакматовдун командасындагы депутаттарды коркутуп, ар кандай кысымдар менен баш ийдирип отуруп өз кишисин шаар мэрлигине алып келгени кимге жашыруун?Эмне үчүн Атамбаев бийлиги Мырзакматовго ач кенедей жармашты? Себеби жөнөкөй. Мырзакматов бийликтин айтканын ляппай деп аткарып, ыгына көнүп, элдин укугун тебелеген жок. Ал ар бир жасаган аракетин карапайым элдин, жөнөкөй оштуктардын кызыкчылыгынын чийининен чыкпай жасады. Анын ар бир аракети карапайым оштуктар тарабынан тынымсыз, токтоосуз колдоого алынып турду. Албетте, мындай тың жетекчинин иш-аракети Атамбаевди миң ойлонтуп, миң толгонтту. Эгерде Атамбаев Оштун элин сыйласа, анда Мырзакматовду жаман көргөнүнө карабай анын эл кызыкчылыгына багытталган иш-аракетин колдоого алат эле. Тилекке каршы Атамбаев бийлиги өзүнүн көрпенделик деңгээлинен көтөрүлө албады. Бүгүн Ош шаардык сотунда Ош шаарынын прокуратурасынын тергөөчүсүнүн жана соттун судьясынын катышуусунда жашыруун соттун жараян уюштурулуп, жогорудагыдай ийгиликтерди Ош шаары үчүн алып келген Мелис Мырзакматовго карата 7 жылга сыртынан соттоо өкүм чыгып, Мырзакматовдун үй-мүлкү конфискацияланды. Буга чейин ишенимдүү булактардан “Жакында Мырзакматовго карата 7 жылга соттогон өкүм сыртынан жарыяланат экен” деген маалыматты укканым менен анча ишене берген эмесмин. Бүгүн ошол маалымат чын чыгып, Мырзакматовго карата жогорудагыдай өкүм чыгып отурат. Демек, мурдатан сөз чыкканына караганда, Мырзакматовду соттоо планы Ак үйдүн өзүнөн чыкканы көрүнүп турат. Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канат Турганбековдун “Мен өкүмдүн үтүр-чекитин да өзгөртө албайм, ал үчүн Нарымбаев менен сүйлөшүш керек” деп Назгүл Түлеевага кеңеш бергенин Түлеева айтып чыкпадыбы. Эң кызыгы, Мелис Мырзакматовдун улутчулдугун, кыргыз дегенде ичкен ашын жерге коерун жакшы билебиз баарыбыз. Мына ушундай инсандын соттук иштерине жеткчиок кылган адамдар кимдер экен дебейсиздерби? Мырзакантов Өктөмжан - Ош шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү, Ош облусунун Кара Суу районунун Кашкар Кыштак айылынын тургуну, Иномжан Абдырасуловдун тууганы, улуту өзбек. Камчыбеков Шералы - Ош шаардык сотунун судьясы, теги өзбек-тажик аралаш, аялы Наргиза уйгур улутунан.Албетте, мен улутка бөлгүм келбейт. Бирок, Мырзакматовдун ишин караганда кыргыз улутундагы судья табылбай калдыбы? Же бул Алмазбек Атамбаевдин маскара саясатыбы? Мырзакматовдун ишин тергеген тергөөчүнүн өзбек улутундагы адам болушу, болгондо да белгилүү сепаратист Иномжан Абдырасуловдун тууганы болгону эмнени билдирет? Эмне үчүн Атамбаев ушул күнгө чейин өзбек улутундагы сепаратисттер Иномжан Абдырасулов менен Кадыржан Батыров тууралуу ооз ачпайт? Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырган Атамбаев барган жеринде өз элин бөлгөн, бузуку саясатчылар тууралуу жомогун айтып жатып эмне үчүн арасына Батыров, Абдырасулов деген бузукуларды кошуп койбойт? Мындан бир канча убакыт мурда интернетте бир видео тараган. Ал видеодо бир орто жашап калган энелер маек берип, “Атамбаев Оштун мэрин кызматтан алып берем деген, биз ошон үчүн ага добуш бергенбиз” деп айтып жатат. Эмне үчүн мына ушунун баарына укуктук баа берилбейт? Айтор суроолор көп...Адилет Айтикеев, журналист.

#24 31 July 2015 - 00:30
#25 31 July 2015 - 00:32
#26 31 July 2015 - 10:36
мелисти бекер 7 жылга кести да шайлоого жакын бир нерсе болуп кетпесе эле болду, эл менен ойношпош керек,эки президентти качырды 3- сү оңой эле да көнүгүп калган көрүнүш.
ош көтөрүлбөсүн ош.
ош көтөрүлбөсүн ош.
#27 07 August 2015 - 14:20
Ош милициясы Мелис Мырзакматовдун аялына жана бир туугандарына карата кылмыш иши козгоду
Жума , 07 Баш Оона 2015
Ош милициясы, Ош шаарынын мурдагы шаар башчысы Мелисбек Мырзакматовдун бир туугандарына жана үй бүлѳѳсүнѳ кылмыш ишин козгоду.
Шаардык сотунун судьясы Камчыбеков Шералы Мелис Мырзакматовдун соттук отурумун жашыруун ѳткѳрүп, мыйзамды одоно бузуу менен экс-шаар башчыны 7 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Мындай адилетсиз чечимге нааразы болгон Мелис Мырзакматовдун туугандары жана тарапташтары шаардык соттун алдына барып, чечим менен макул эмес экенин, соттук отурум мыйзамдын эрежелерин бузуу менен ѳткѳрүлгѳнүн айтып чыгышкан.
Эми, Ош милициясы “Мырзакматовдун туугандары сотко басым кылышкан”,- деген берене менен айыптап, алардын үстүнѳн кылмыш ишин козгоду. Биринчиден, Мырзакматовдун туугандары соттук отурумга катышкан эмес, чечимди массалык маалымат каражаттарынан уугуп анан барышкан. Ишти кароо жумуш убактысы бүткѳн маалда жашыруун ѳткѳрүлгѳн. Сот болору эч кимге кабарланган эмес жана Мырзакматовдун иши боюнча эч кандай маалыматы жок мамлекеттик жактоочуну алып келишкен. Ушундай мыйзамды бузуу жолу менен Мырзакматовду сот жана прокурор ѳз алдынча отуруп чечим чыгарып салышкан.
Экинчиден, Ош милициясы тарабынан Мырзакматовдун туугандарына карата козголгон кылмыш иши да күлкү келээрлик. Маселен, алар сот болуп жаткан учурда отурумга катышып, сотко үстѳмдүк кылып, басым кылышкан эмес. Мырзакматовдун туугандары сотко басым кылгыдай таасирдүү бийликте отурушбайт. Ошону менен бирге 60 жаштагы ажы энеден Ош шаардык соту Шералы Камчыбеков жүрѳгү түшүп, коркуп кетти деген логикага да туура келбейт.
Ош милициясы тарабынан кылмыш иши козголгон Мырзакматовдун жакындары:
Асылкан Жоошбаева, 60 жашта – Мелис Мырзакматовдун ажы эжеси
Нургүл Касымбекова – Мелис Мырзакматовдун жубайы
Нурлан Мырзакматов – Мелис Мырзакматовдун иниси.
Булак: “Маалымат.KG”

#28 10 August 2015 - 12:31
Мырзакматовду периштедей ак деп айтуудан алысмын. Бул дуйнодо идеалдуу инсандын озу жок. Бирок кайсыл кылмышы учун камалышы керек. Кул болуп куйуп буткон шаарды гул кылып койгону учунбу же Кыргызстандын тагдыры кыл учунда турганда т.а 2010-ж. Бакиевдин же ошол мезгилдеги бийликте урган уБактылуу окмоттун азгырыгына алданбай элдин тынчтыгын ойлоп, тараза ташын бирдей кармап турган учунбу?... Эгерде Оштун коркуно чыгыры турган эстакадалык копуро курам деген оюу кылмыш болсо анда башка нерсе айта албайм. Жон гана соз жок...
мен да кошулам созунорго
#29 12 August 2015 - 03:53
Башкаларды 3,4 жылга кесуу учун, айлап-жылдап сот отурумдарыны откорушсо, М Мырзакматовду 7 жылга бат эле кесип салыптырго чиркин. Туугандарыны тим эле койуп, Мырзакматов менен эле курошо бербептирда Азаматтар...
#30 16 August 2015 - 16:03
Качып жүрөт бирдемеси бардыр да, көпүрөдөн жебесе да. Бакиев маалында жеген нерселерин казып жаткандыр. Ак болсо талаалап качып жүрөт беле келет эле да. Балким беш жыл келбей койсо козголгон ишжжабылып кетет кайра мекенге келе берет.:-) эки жылын ээн эркин өткөзөт мекенде.:-)
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео