Акканжар
автор. Бийназаров Бердикожо
Бул окую кээ бир карыялардын оозунда эки, үч кылым илгери болгону айтыла калып жүрөт. Көчмөн калкыбыздын эмне деген гана ооз толо айта тургандай окуялар болуп өткөн. Бирок көптөгөн оозго илине турган окуялар кагаз бетине түшпөгөгөн соң унутулуп калганы албете кандай өкүнучтү. Эмесе сиздердин көңүлүңүздөрдү чакан тарыхый окуяга бурабыз
Убагында жумурай журтту бириктирип түндүгүнөн түтүн булатып элге келген душманды этегинен кайрып . элге баш көз болуп турган эл атасы өкүмдар Каражалдын кабыргасы кайышып . сай сөөгү сыздап . ичтен жеген арманы жанына жай бербей кабагы ачылбай түнөргөн булутай абдан суз тартып . көңулу чөгүп сөз укканга куштары жок отурду.
Акканжар ушндай адам болобу
#2 09 August 2015 - 14:08
Атаганат бул жалганда бала жытына зар болгон канчалаган адамдар өткөн . Ошолордун катарын толуктаган Кара жалдын бир арманы артында тукумун улап , элин коргой турган баланын жоктугу .Ушул санаага турган кейпинен эле андагы муздактыкты . таш боорлукту аттырбай билсе болот . Кабагын түйүп . өткүр бир жерди теше караган көзү сүрдүү . баатырлык мүнөзү бой келбетине жарашкан . чымыр денелүү . көп ачылбай кыска сүйлөгөн сөзүнөн түшүнгөн жигиттери . анын көз карашына карап иш кылганга көнгөн . Бир жагынан эл ишенген .эл жүгүн артынган баатырга катаал мүнөз жарашат чыгар . Бекер жерден айтылбайт да " баатырдын күчү билегинде жана айбаттуу жүзүндө " деп .
Атадан калган мурасы төрт түлүк малы мол .далай жортуулдардан жолдуу келип . казынасында алтын күмүш бермет . жакут чети оюлбай . куч жумшап жана басып алып чогулткан өлүү мулк былк этпей жатат
Бирок бир кем дүйнө . Аттиң ай! Мураскери . канынан жаралган перизенти жок . бул асыл заттарды алып калган ким бар артынан ээрчиген элин эми кимге тапшырат? Кимге калтырат атадан калган жерин ? Карылык жакындап калан кезде . ичтеринен табалап . сырт душман эмес ички душман түлкүдөй жойлоп . ичинен мыскылдап күлүп . сыртынан жымсалдап табасы канып турат .Ошолорду билбейт . туйбайт дейсиңби .
Баатыр баарын билип . сезип турат . бирок эми минтип карылык тушамыш күн сайын жакындап келе жатканда . арманын кимге айтып .эмне айла кыла алат? Карапайым калк ичинен эмес өзүнүн тегерегиндеги бийлердин. алыс барбай эле аталаш тууганы Күнтуунун кара мүртөз уулу Жоогелдинин жоруктарычы ? " Эл атасы Каражал перзентүү болбой калса жападан жалгыз бийликке мен укуктуумун . элди уучтап кармап . Эл каалабаса муштап кармап . бийлик жүргүзмөкчүмүн " дейт го . Ушундай ичи таар эл камын ойлобой . бириктирбей бириндетип жоо колуна салып берээр жанга. калкты кантип тапшырат . А Антсе жаратканым кечирбес .Кыргызды кырдырып .казак жүздөрүнө жерин сатып . ойротторго ойроңдотупжиберет ал . Керт башы үчүн . байлык . көр оокат өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон Жоогелдинин жоругун айтырбай билет.

#4 18 August 2015 - 02:52
Брок эмне кылмакчы. Кудайдын жазган буйругу экен , пешенеге. Учу кыйры жок ойлордун кучагында отурган Каражалдын тынчын кадалуу зайыбы Бүсанам кирип бузду:
Шер туңгуюка чөгүп кеткенсизби ? Кичине сарсана тартпай оозунузка наар алсаңыз, Мансурдан кабар келди, кыязы аманатыңызды ээсине тапшырса керек . эки үч күндөн кийин : Миң аксакалды алып элге кайтабыз : деп айтырыптыр- деди да. ийилип кош колдой кымыз сунду. Каражал шашпай ичип .кайрып зайыбына берип жатып аны сынай карады.
Бүсанам тектү жердин кызы . Жашынан Каражал баатыр чыгып . элин душмандан коргоп . кадыры калкына эмес кыйлага тарап . башка элдин башчыларын сестентип . жигит доорун суруп бүтүп . эл мырзасы аталып 37жашында гүлдөй буралган 17 жаштагы Актөрөнүн кызы дубанды жарган эстүү . сулуу Бүсанамга үйлөнгөн . Мына эми 25 жыл болду перзент жок . Токол алууну да ойлонду .бирок такыр эле балалуу болбой калса бирөөнүн убалына калып алган аялдардын санын көбөйтүп . алардын көз жашын көргүсү келбеди . Ансыз да Бүсанам эч сыр бербей ичтен сызып жүрөгөнүн сезет. Эстүү аял жакшысын чыгарган жаманын жашырган учса канаты консо куйругу . Дити өзүнө түз экенин далай жолу байкагап. аны аяп келет . Кайсы эле эне болуу бакытынан качсын . Перизент үнүн уксам дегенде ал дагы ак эткенден - так этээрин эбак эле бамдаган . Ал тургай эстүүлгун көрсөтүп Бүсанам өзүн байбиче кылып " токол алып перзенттү болуңуз " деп айтып келет. Брок бул сунуштан баш тартып . ага карата болгон сезимин актап токол албады
Бир болгон үмүтү түшүндө көргөн аяны болду. эми ошол түшүн жорутмакка көп жыл мурун ойроттор менен кармашып . оор жарадар ай талаада жалгыз жигиттеринен адашып кансырап жаткан кезинде дервиш чал таап алып өлүмдөн алып калган . жаратына түрлүү чөптөрдөн дары жазап сүйкөп айаккан соң сырдуу согуш өнөрүн үйрөтүп кыгызча да кытыйча да ар түркүн тилде сүйлөп . санжыраны так билген чечен Миң аксакал Каражалды калкына жиберген .
Ошол кереметтүү түштү көргөндүн эртеси . эч кемге айтпстан жоокер башчысы Мансурду алырып Миң аксакалга жөнөткөн . Миң аксакал кубанычтуу кабар айабы же...??-деп Каражал түпсүз ойлордун кучагына сүңгүп олтурду.

#7 22 August 2015 - 17:38
Алыстап атчан беш адам кытай арабасы менен айылга жакындап келишти . Булар Каражалдын жөнөткөн аскер башчысы Мансур менен жигиттери жана Мин аксакал эле. Каражал ат дүдүртүн угары менен келе жаткандарды тосууга өзү сертка чыкты . Бир караган кишиге сүрдүү . келбети олбурлуу көрүнгөн Каражалдын дале болсо билегинде күчү . жүзүндө сүрү байкалып турат . Денесин бош кармап . каадалуу кадам таштап айлананы сыдыра карап алды да. он кадамдай илгери жылып алды жакка тигилди . Мансурлардын эртет келишине бир чети сүйүнсө . бир чети таңгалды . Чечиле турган маселенин эрте чечилиши бир жагынан абдан жакшы болду . Бул жолкусунда Миң аксакалдын айылга келиши . эмнегедир таптакыр башкача сезим тартуулап . аягы жок ой чүмбөтүнө ээрчитти.
Ал өзү атчан жанында кытай арабасы . Миң аксакалдын жүзү да бир башкача нур төгүлүп тургандай элес берет . Каражал жакын басып келип . колун көкүрөгүнө алып болор-болбос ийип Миң аксакал менен учурашты да .аттан өзү түшүрүп алды . Алыс жолдон чарчап келген Мансурлар боз үйгө бет алышты . Карап тургандар жапырт ал жайды сурап учурашкан болду . Акыры үйго кирип жайланышкандан соң Каражал;
-Каруубай !- деп үнүн жогору чыгарып жалоол жигитти чакырды.
Тыштан өткүр көздүү. кыймылы чапчаң эр жүрөк балбан жигит ушул эле сөздү күтүп турган белем . аты аталганда эле Каруубай шып этип кирип келди
- Ляббай шер! - деп үн каткан болду . Каражал аны карабай туруп;
Конок камын көргүлө . Күнтууларды жана айыл жакшыларын жакшыларын үйгө чакырт деп кыска буйрук берди. Кыска жана кайраттуу айтылган илип алган жигит:
-Куп болот шер! - деп. Каруубай колун көкурөгүнө алып. ызыт көрсөтүп таазим кылып чыгып кетти. Көп өтпөй сырттан жигиттердин жылкы кубалап куу - куулаган үндөрү угулуп. жарыктык камбар атанын тукуму жылкы баласы. мойунуна укурук илинип . кармалып жатканына белги берди. Шымаланган жигиттер сыйыртмак ыргытканы . дүбуртөп жылкылардын жүргөнү даана угулуп турду. Аңгыча Каражал чакырткан адамдары четинен боз үйгө бирден экиден болуп келе баштады. Алгачкылардан тууганы Күнтуу менен баласы Жоогелдилер келишти . Андан соң айтылуу эл жакшылары Майсар Түгөр Баркы Торош аксакал сыяктуу кадыр барктуу адамдар баш багышты . Чфкырган адамдары толук чогулгандан кийин. жыгач кеселерге жарыктык жыты каңылжырды жарган кымыз куюлуп сунулду . Элпек кыймылдаган келиндер иймене ийилип . кымыз куюп сунуп кызмат кылып жатышты . Каражал төр жакта бир топко тунжурап ойго алаксып көпкө унчукпады да. келген уй мүйуз отурган кишилерди тегерете баарын сыдыра бир карап алып сөз баштады
- Журт жакшылары . айыл акылмандары - силерди бул үйгө чакырганымдын себеби эл тагдыры. жер тагдыры мурас маселеси . Билесиңер алакандай элбиз . бирок аңдышкан жообуз да көп .
бул сөздү айтып . демин ичине тартып азга үнсүз туруп . кайра сөзүн улады

Супер-Инфо
super.kg
видео