Нурзид айым эн сонун жетти мага. Аллаh ыраазы болсун!
Хиджап кийген кыздар барбы форумда?
#662 09 August 2015 - 14:47
МУСУЛМАН кыздын Сариевке кайрылуусу.
..
Оронуу динимде ПАРЗ
Мени тушун сен бир аз
Чоңапаларыман мурас
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Сактайт мени күнөөдөн
Ар суктанган кароодон
Кыяматта алоодон
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Чеч деп күнөөгө батба
Ар кимге мени сатба
Сураныч, чечип тартба
Башымдагы ЖООЛУГУМ
"форма" - деп, жар саласын
Борк десе баш аласын
Мен өлгөндө аласын
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Эч коркбогун жеп койбойт
Бир да адамды сойбойт
Бомба эмес жарылбайт
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Жүрөгүм таза дейсин
Арак сатып нан жейсин
Каргышы сага тийсин
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Диниңди көрөсүн жек
Тозокко аласын чек
Энем кийген элечек
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Светтик мамлекет делет
Мини юбка ар ким кийет
Кантып намысыңа тиет
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Аруу кыз башын ачбайт
"Чечин деп", кызыңа айт
Темир сени муунтбайт
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Кызды кырк үйдөн тыят
Чечинүү салтта уят
Кайтбасаң жаның кыят
Башымдагы ЖООЛУГУМ
Бир күн сен да өлөсүн
Жүзүң кара болосун
Далил болот көрөсүн
БАШЫМДАГЫ ЖООЛУГУМ
Сариевке эле эмес, ушул жердеги айрымдарга да жооп экен.

Не спеши помогать тем, кто не просил тебя об этом.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.

#663 09 August 2015 - 15:16
Мал дүйнөнү көргөндө, пайгамбар жолдон чыгыптыр.. ушул сөз макалбы? Же кайсыл бир пайгамбардын тарыхында барбы?
Эч укпаган экенмин. (Сабатсыздыгымды караң..эмнеме талаштам деймда, сиз менен).
Хиджапты кийип алып туура эмес жүргөндөр, сиздин хиджапка болгон көз карашыңызды ушундай кылыптыр..(алар жооп берет).
Абдан көп маалыматтуу экенсиз.. өзүңүздөй кийинип жүргөндөрдүн туура эмес жүргөнүн, туура эмес иштерди кылганын эч көрбөгөнсүзбү. . ?
Ал кийинүүгө терс көз караш жок экен деймда, сизде..
(Кандай кийимде жүргөнүңүздү, шыбырап койсоңуз болчуудай экен).
Эгер кеп кийимде эмес адамда болсо, кеп хиджапта эмес кийип жүргөн адамда..кийип алып туура эмес жүргөндөрдө. .

Сабатсыздыгым дегенинди мага карата айтылган какшык соз деп тушундум...
Мен мисал келтирген сайын мага окшоп кийингендерди, анан оронгондорду бир бирден кылып баяндап бердим.
Менин кийген кийимин сени кызыктырып жатса шыбырабай эле айтып берейин(кубур шыбыр кептерден коро,ачык суйлогон жакшы).Арык болгондугум учун денеме жабышпаган кийимдерди кийем,Кыска шорта менен кыска койнок кийбеймин.Гардеробумда копчулугу узун койноктор... Чакан чарбачылыгым тоо ташта болгондуктан ат устундо шым кийем...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#664 09 August 2015 - 15:52
Nurmuhammad. байке жазгандай, физика, химия, биология, же математиканы сураса баары жооп жаза албашы мүмкүн, динге келгенде эле баары аалым болуп кетишет. Ислам динин туура жеткирели, анан билбегендер божомолдоп жаза бергендей философия эмес, шариат мыйзамдарына,
Куранга, хадистерге таянып жазсаңар, кичинээ этияттык менен . Эгер хиджабга каршы болуп атсаңар, анда эмнеге ачык кийингедерге каршы болбойсуңар?
Сиз санап өткөн илимдер менен Ислам дининин айырмасы ат менен төөдөй.Салыштыруу бул жерде орунсуз.Булар жөнүндө сөз козголсо эч ким сизди физик бол,химик бол,биолог бол же математик бол деп таңуулабайт. А Ислам менен биз жашашыбыз керек.Билбегенди, үйрөнүшүбүз керек,сурашыбыз керек.Себеби Ислам илими бизге кенен жайылып баштаганына аз эле болду.
" Ислам динин туура жеткирели" ушул сөзүңүзгө толук кошулам.
#665 09 August 2015 - 16:35
Мноул Айылдык кыз дегенинер точно эле айлдык арта калган кыз экен. Ушунчалык да крогозору тайкы болобу. Тоо десе бээ дейтко.
Айылдык кыз кичине ойлон ойлорунду остурчу. Сенин жазгандарыны окуп алып бир кулкум келди ушунчалык да акылын паспы деймда.

Ассаламу алейкум!Биринчиден айылда омурумдун акырына чейин жашоо насип этсе кубанаар элем...Экинчиден сен тоо дебедин мен бээ дебедим,экоонун айырмасын этине чейин айырмалай алам.Учунчудон бироого акыл айтаардан мурда билиминди текшер ! Катасыз жазганды уйрон,кыйналып орусча жазаарда туура жазып жатамбы деп ойлон.Тортунчудон адамга жылмайып кароо да садага деп айтылат,менин билдируум сени ыйлатпай сенин тушунугун боюнча кулкунду келтиргенине маашырланып борс , борс кулуп ал!Пас адамдардын катарына кирбегениме шугур кылам.Акылы тайкылар дал сендей болушат))
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#666 09 August 2015 - 16:44
Мен айтайын деген создор жазылыптыр.
Тиши откон жерге кирсе болчуудай экен. Анан ушундай эле жазгын келип атса Пайгамбардан айланып отуп жазсан. (Айылдан чыгып бир аз сейилдеп келсен)
Бул тема аябай жумшак экен тишим отуп жатпайбы.Майда, майда чайнап синиришим керек ...Учурда сиз жашаган аймак кайда экенин билбейм го,мен болсо ызы чуусу коп шаардан алыстап,айылдын таза абасынан дем алып,жайлоолоп сейилдеп жургон убагым.Айылдан чыгып иш менен эс алууну айкалыштырып келем.Менин сейилдоом туралуу кам санабаныз!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#668 09 August 2015 - 16:58
Айпери бул үч айымдын жашоосунан кабарым жок экен. Теле, интернет айдыңында көрүп жүрөм 10-15 мүнөттүк видеосун. Бирок буларды кандай максатта жаздың? Тескеринче кененирээк токтолуп кетсең жакшы болмок.
Экинчиси: көрүп келдиң беле деген мааниде жазыпсың. Момун мусулмандар антип көрсөтчү кана, көрүп келдиңби деген суроолорду бербейт. Эгер Аллахтын бизге берээр сыйлыгын же азабын ар бир адам өз көзү мн көрө турган болсо анда көпчүлүк адам динди кабыл алмак да. Пайгамбар САВ айткан:" Жакында менин бир туугандарым келет. Алар мени көрбөй туруп, Алланын буйруктарына баш ийип, менин калтырып кеткен сүннөттөрүмдү бекем карманышат. Ошондо сахабалар сурашкан: биз сенин бир туугандарың эмеспизби деп. Пайгамбар САВ жооп берген: силер менин сахабаларымсыңар. Силер мени көрүп турасыңар деп". А ошо мен жазып кеткен ар бир чачтын бир жылаанга айлануусу Пайгамбар САВ тозок менен бейишти сүрөттөөсүндө келтирилет. Ал жерде тозоктун тургундарынын көбү аялдар болоору, Фатима р.а атасы тозокту сүрөттөп жатканда ыйлаганы жана дагы көп нерселер айтылат.
Үчүнчүсү болсо " Мал дүйнөнү көргөндө Пайгамбар жолдон чыгыптыр" дегениң жөнүндө. Именно кайсы пайгамбар жөнүндө экени белгисиз экен. Бирок бир да пайгамбар дүнүйө деп келген эмес. Ар бир келген пайгамбардын милдети адамдарга Аллахтын жалгыздыгын жеткирүү болгон. Мухаммад САВ пайгамбар "мени кедей мүнөз кыл, кедейлер менен чоогу кыл" деп дуба кылган. Себеби кедейлер байларга караганда 500 жыл мурда бейише кирээри айтылат.
Жогоруда жазылгандардын баары китептен окулган хадис, баяндардын негизинде жазылды. Эч нерсесин оюмдан чыгарбадым.

Бермет атын ушундай болсо керек?Жазган создоруну мен да кээ бир булактардан окугандаймын. Бул билдируун мага жакты . Кайсы пайгамбар экенин билбейм , бирок кыргызда ушундай соз айтылып келет.Сен хиджапты чын журогундон кабыл алып,бул нерсе учун куйуп айтып жатканына кубанып калдым.Хиджап туралуу оюм туз!Бир гана нерсе ушул кийимди кийгендер , бул кийимдин жоопкерчилигин ойлоп иш тутушса абдан жакшы болмок!Бир убактарда мен да хиджап кийгим келип уйумдогулорго айтсам,оронгондордун кылыктарын айтып мага эмне кыласын кийип , туз журсон болду деп катуу айтышкан.Ошол себептуу мен хиджапты эмес , хиджаптын ичиндеги кээ бир айымдардын, бул кийимди кийип алып терс корунушторду жасабоосун суранат элем..
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#669 09 August 2015 - 17:01
АЛЛАНЫН аты жазылып аткан жерде уруш талашы жок жазгылачы туугандар хиджап кийгендерге АЛЛА раазы болсун кийбегендерге дуа кылалы ИНШААЛЛАХ бир куну аларда кийишет
#670 09 August 2015 - 17:07
Жараткан Аллах АЙЫЛДЫК КЫЗГА хидаят берсин , журогуно ыйман берсин, бир жылга жетпей хиджап кийип , ар демени ойлогон башы саждага тийсин.Омиииийин.
...
Хидаят эмне экенин тушунбодум. ..Кудайыма шугур журогумдо ыйманым бар!Ар демени суйлобойм,саждага башым тийет намаз окуйм деп жарнамалоомун себеби жок деп ойлогом...Кудайым бир жылга жетпеген болсо да омур берсин...Мен учун ар бир аткан тандын козун коруу да чон бакыт!Кудайым сиздин да ыйманынызды бекем кылсын.Омиин!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#671 09 August 2015 - 17:07
Бул тема аябай жумшак экен тишим отуп жатпайбы.Майда,
майда чайнап синиришим керек ...Учурда сиз жашаган аймак кайда экенин билбейм го,мен болсо ызы чуусу коп шаардан алыстап,айылдын таза абасынан дем алып,жайлоолоп сейилдеп жургон убагым.Айылдан чыгып иш менен эс алууну айкалыштырып келем.Менин сейилдоом туралуу кам санабаныз!
Ххммм... жумшак болсо жакшы экен,бирок ошол жумшакты илимдуулор майдалап берип атса да,синире албай жатасыз го. Ар бир жазган комменттеринизди окуп деле эч эле тушуно албадым чынында сизди(кечиресиз) Анан кайда эс алсаныз да мени кызыктырбайт, анын бул жерге тиешеси жок. Башка ойду айткым келген менин.
Аллах чексиз мээримдуу,чексиз кечиримдуу,
чексиз ырайымдуу!
#672 09 August 2015 - 17:14
Бирок айылдык кыз коп жерде аша чаап жазып коюптур аныкын туура деп айталбайбыз.
Шариятты билген эле адамдар жазса жакшы болот эле. Билбегендер аа билбейт экенмин деп моюнга алса талашып тартышуу болбойт эле.
Туура эмес деп да айта албайсыз! Кээ бир жерде аша чапканым болушу мумкун...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#673 09 August 2015 - 17:25
ayildik_kiz, Ошондо кандай кийинип журуу керек?
Кандай кийингендер туура жолдо же туура жолдогулар кандай кийинет?

Ким эмне кааласа ошону кийсин!Кыска шорта юбка,киндиги корунгон майка,чапташкан кийим кийбей эле койсок...
Азыркы заманда моондай кийин деп эч кимге буйрук бере албайбыз.
Туура жолдо же туура эмес жолдо деп кийиминен айырмалай албайсын! ?Мен хиджап кийбегиле дебедим, хиджап кийгиси келгендер кийе бергиле, жана ошол кийимдин жоопкерчилигин алгыла!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#674 09 August 2015 - 17:25
Сиз санап өткөн илимдер менен Ислам дининин айырмасы ат менен төөдөй.Салыштыруу бул жерде орунсуз.Булар жөнүндө сөз козголсо эч ким сизди физик бол,химик бол,биолог бол же математик бол деп таңуулабайт.
А Ислам менен биз жашашыбыз керек.Билбегенди,
үйрөнүшүбүз керек,сурашыбыз керек.Себеби Ислам илими бизге кенен жайылып баштаганына аз эле болду.
" Ислам динин туура жеткирели" ушул сөзүңүзгө толук кошулам.
" Ислам динин туура жеткирели" ушул сөзүңүзгө толук кошулам.
Ооба, мен аны жөн гана мисал катары келтирдим. Пайгамбарыбыз алейхис саламдан мусулмандарга аманат кылып кеткен көзү өтөөрдө. Ислам динин ар бир мусулманга туура жеткириш керек. Билбегендер илимдүүлөрдөн, аалымдардан сурашсын.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#675 09 August 2015 - 17:30
Курандын 24-сүрөөсүнүн 31-аяттында жазылган. Хиджап тууралуу
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#676 09 August 2015 - 17:33
Чын ыкластан хиджап кийгендерге Аллах ыраазы болсун.Ал эми бизге окшогондорго,
кийууну насип этсин.Орду менен оронуп жургондорду урматтайм.Аларга соз тийгизууго акыбыз жок го дейм.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#677 09 August 2015 - 17:35
Мусулман кыз-келиндердин узун кийинип, жоолук салынышынын сыры эмнеде?
Мусулман аялдардын жоолук салынышы ыймандын алты түркүгүндө, исламдын беш шартында жок. Бирок Куранда Ахзааб сүрөсүнүн 59-аятында: «Ээ, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана момун-мусулмандардын аялдарына айткының, үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Анткени бул аларды ар кандай кордуктардан сактайт» - деген аят бар. Демек, бул Алла Тааланын буйругу. Кудайдын ар бир буйругу парз. Парзды аткарбаш Кудайга каршы чыккан менен барабар.
Мусулман кыз-келиндер эмне үчүн узун көйнөк кийип жоолук салынышы керек?
Себеби бул кийим аларды эркектердин жаман назарынан сактайт, жаман назардан сактангандан кийин, зордукталуу сыяктуу жаман нерселердин алдын алат дегенди билдирет. Мындай бир мисал берели, базардан 2 килограмм койдун этин сатып алып, бирок баштыкка салбай жөн эле эндей көтөрүп алып, үйдү көздөй бараталы дейли. Эгер этти пакетке ороп, көрүнбөй турган баштыкка салбасак, ал этке ар кимдин сугу түшөт, назары тиет. Өзгөчө көптөн бери эт жей элек ачка кишилердин шилекейи чууруп, жегенге аракет кылбаса да ичинен ойлоп коет. Эгер базардын айланасында жолбун иттер бар болсо, анда ээрчип алат. Эптеп бир айласын таап, иле качышты ойлошот.
Же дагы бир мисал, чоң суммадагы акчаны көтөрүп, же өтө баалуу алтын-күмүш жасалгаларды тагынып элдин көзүн кычыштыра көчө бойлой бассак, аны көргөн ниети бузуктар эптеп амалын таап алууга аракет кылат. Эгер биз бул баалуу нерселердин сакталышын кааласак, анда буларды эч кимге көрсөтпөшүбүз керек.
Аялзатын этке же жасалгага салыштыргыбыз келбейт, аялзаты булардан миң-мертебе жогору турат. Андай болсо, аялзат бул кымбат баалуу өзгөчөлүктөрүнөн ажырагысы келбесе жана эркектерди күнөөгө түрткүсү келбесе, сакташ керек.
Негизи, абийири болгон ар бир аялзат өзүн сыйлагандай эле, эркектерди сыйлап, аларды бузгусу келбейт. Ошондуктан денесин белгилүү кылбай тургандай кылып жамынса, үй-бүлөсүн да сактап калат. Себеби, жоолук салынган аялга эч ким жаман, бузуку ой менен карабайт.
Узун кийинип, жоолук салынуунун сырлары
Куран буйрук кылган кийимдин көптөгөн сырлары, негиздери бар:
1. Узун кийим кийүү, жоолук салынуу жалгыз мусулман аялзаты үчүн гана эмес, бүткүл аялзаты үчүн табигый нерсе, анткени муну табияттары талап кылат. Анткени аялдар жаратылышынан эле назик жана алсыз болгону үчүн өздөрүн жана жандарынан да артык көргөн балдарын коргой турган күйөөнүн коргоосу менен жардамына муктаж болгону үчүн, өзүн сүйдүрүп, жек көрдүрбөш жана суук мамилеге дуушар болбош үчүн узун кийишти өзү эле табияты каалап турат.
Адам баласы өзү жактырбаган, сүйбөгөн кишисинин назарынан жаман абалда калгысы келбейт. Албетте, ачык кийинген он аялдын эки-үчү чоочун эркектердин назарынан лаззат алса, жети-сегизи тартынат. Эгер аялдын жүрөгү бузула элек болсо, сөзсүз түрдө бушайман болот. Курандын, аялдардын кийими тууралуу кылган буйругу табигый болуу менен бирге мээримдүү жана түбөлүктүү өмүрлүк жолдош болгон аялдарды узун кийим аркылуу ыпылас, сук көздөрдөн, эң төмөнкү даражага түшүштөн жана рухий туткундуктан куткарат.
Ошондой эле, аялдар чоочун эркектерден табигый түрдө коркушат. Бул коркуу болсо табигый түрдө денени көрсөтпөгөн кийимди талап кылат. Куран буйрук кылган кийим аркылуу чоочун эркектердин делебесин козгобоону, алардын зордукташына тоскоол болушту алсыз табияты буйрук кылат. Куран буйрук кылган кийим болсо – аялдын бул коркунучтардан коргоно турган чеби. Ачык кийинген тигил, же бул бардык кызга жаман ниеттүү, сук көздүү эркек тийишпей койбойт, муну баарыбыз эле билебиз. Андай болсо, жарым-жылаңач кийинүү аялдын табиятына карама-каршы келет, ал эми денени көрсөтпөй кийиниш аялдын табиятына абдан туура келет. Демек, «Жоолук салынуу – бул, туткунчулук» - дегендердики туура эмес.
2. Аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле, сүйүү жалгыз дүйнөлүк жашоонун муктаждыгы үчүн гана бар эмес. Ырас, аял күйөөсүнүн дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү өмүрлүк жубайы эмес. Тескерисинче, түбөлүктүү жашоодо да өмүрлүк жубай.
Аял тигил дүйнөдө да өмүрлүк жолдош болгондон кийин албетте, түбөлүктүү жолдошу жана досу болгон күйөөсүнүн назарынан башка назарлардын өзүнүн сулуулугуна тартып, аны кызгандырып, таарынтпашы керек. Момун мусулман болгон күйөөсү ыймандуу болгону үчүн аны менен болгон байланышы дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү, убактылуу болбогондон кийин, сүйүүсү түбөлүктүү жашоого чейин уланат. Ошондой эле, жаштыгында, сулуу кезинде гана эмес, карылыкта, сулуулук кеткенде да сүйүшү керек. Бул адамгерчиликтин талабы. Антпесе, көп нерседен ажырайт.
3. Үй-бүлөнүн бактылуу жашоосу жубайлардын ортосундагы урмат, сүйүү аркылуу уланат. Денени белгилүү кылып кийинүү ошол сүйүүнү бузат.
Адам баласы махрам (никеси түшпөгөн аялзат, карындашы, кызы, эжеси, эмчектеши ж.б.) аялзатына сугун артып карабайт. Тууган катары көрүшү мүмкүн, мындай жагдайда напсиси анын айбандык сезимдерине тоскоол болот. Бирок буттар сыяктуу шарият уруксат бербеген дененин мүчөлөрүн ачык калтыруу абдан ыпылас сезимдердин ойгонушуна себепкер болушу мүмкүн. Анткени махрам аялзатынын жүзү махрам эмес аялзатына окшош эмес. Бирок мисалы жылаңач буттар махрам болбогон аялзаты менен бирдей деңгээлде. Демек, жылаңач буттар махрам болуу чегинен чыккандыгы себептүү эркектин айбандык сезимдерин ойготуп жибериши толук мүмкүн. Муну далилдештин деле кереги жок, гезиттерден окуй калып жүрөбүз, өз карындашын, өз эжесин зордуктаган эркектер, өз кызына аңги болгон аталар коомубузда жок эмес, тилекке каршы... Курандын аялзатынын кийими тууралуу берген буйругу тамаша эмес. Ал буйрукка баш ийбеген коом төбө чачты тик тургузган ыпылас окуяларга күбө боло бермекчи!
4. Калктын санынын көп болушу бардык мамлекеттер тарабынан талап кылынган негиз. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) дагы бир хадисинде «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө. Акыретте мен силердин көп сандуулугуңар менен сыймыктанам. » - деген.
Ал эми аялдардын мусулманча кийиминин жоюлушу үйлөнүүлөрдү көбөйткөндүн ордуна азайтат. Анткени эркек канчалык жаман болбосун, канчалык заманбап болбосун, өмүрлүк жарынын намыстуу болушун каалайт. Өзү сыяктуу заманбап, тагыраак айтканда, жарым жылаңач кийинген кыз менен үйлөнүштү каалабагандыктан бойдок калат, балким зынаакордукка барат.
Аял болсо андай эмес, күйөөсүн башкара албайт. Анткени аялдын (үй-бүлөлүк жашоодо үйдөгү турмушту жөнгө салган жагы менен алып караганыбызда күйөөсүнүн бүткүл мал-мүлкүн, балдарын сактай турган кызматчы болгондугу себептүү) эң маанилүү артыкчылыгы – күйөөсүнө берилгендиги. Жарым жылаңач кийинүү бул берилгендикти жоет, күйөөсүнүн назарында аял коопсуздукту жоготот, анан абийирин азабын тарта баштайт. Эркектердеги эки өзгөчөлүк, эр жүрөктүк менен жоомарттык аялда болсо, ушул коопсуздукка жана берилгендикке зыяны тийгени үчүн жаман ахлак болуп саналат. Бирок күйөөсүнүн милдети – аны коргоо, урматоо жана мээримдүү мамиле кылуу.
Анын үстүнө, Кыргызстандын 80 пайызы мусулман, күн санап мусулмандардын саны көбөйүп баратат. 70 жылдан ашуун коммунизмдин, материализмдин таасиринде калса да, мусулманчылык көбүнесе салт катары калса да сакталып калган. Мамлекетибизди Европадагы мамлекеттер менен салыштырганга болбойт. Европа Азияга салыштырмалуу суук келет, Азия болсо ага салыштырмалуу ысык климаттуу. Ал эми климаттын адам баласынын адеп-ахлагынан таасирин тийгизет. Ошол суук мамлекеттерде жарым жартылай ачынуу адамдын айбандык сезимин ысык мамлекеттерге салыштырмалуу анча ойготпошу мүмкүн. Ойготсо да анчалык чоң зыян келтирбейт. Бирок ысык мамлекеттерде жарым жылаңачтанып кийинүү көптөгөн кырсыктарга жол ачышы мүмкүн.
Анан да, ислам эч качан бир улутту башка улутка үстөм көрбөйт. Ошондой эле, эгер исламга карама-каршы келбесе эч бир каада-салтты тыйбайт. Буга таянып, Кыргызстандагы мусулман аял Арабиядагы, же Пакистандагы аялдардан үлгү албай койсо болот. Маанилүү болгон нерсе – Куранда кандай буйрулса, ошондой кийинүү. Куранда кандай буйрулса, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) кандай айтса, ошого карап кийиниш керек, бир улутка тиешелүү өзгөчөлүктөрдү ээрчий берген болбойт.
Кээ бир аялдар «Күн ысык тийип турса, кантип тумчуланып алабыз?» - дешет. Бирок тумчуланган башка нерсе, тумчулануу – бул, жүздү да көрсөтпөстөн жамынуу. Бирок мусулман аялдардын жамынышы тумчулангандыкка жатпайт.
Кудайга шүгүр, Алла Таала аялдардын жамынышы тууралуу буйругун эң ысык өлкөлөрдүн бири болгон Арабияда жүзөгө ашырган. Арабиянын ысыгы Кыргызстандыкынан эки эсе ысык, анда аердеги аялдар кантип чыдап жүрүшөт? Бул жөн эле психологиялык таасир. Негизи, узун кийим кийип, жоолук салынган аялзатына караганда ачык кийинген аялзаты көбүрөөк ысыйт. Анткени шарият боюнча кийинген аялзатынын денесинин температурасы эшикке чыкканда да сакталат. Медиктер муну далилдеп чыгышты.
Кээ бир жаш кыздар «Мага узун кийим кийген, жоолук салынган жарашпайт» - дейт. Бирок кечиресиздер, бул жерде бүткүл ааламды жараткан Алла Тааланын буйругу бар. Мусулман аялзаты кийимди жарашканы үчүн эмес, Кудай буйрук кылганы үчүн киет.
Сөздүн кыскасы, аялдардын шарият боюнча кийинишинде жогоруда саналган көптөгөн жеке инсандык, үй-бүлөлүк жана коомдук пайдалары бар. Тилекке каршы, буга каршы чыккандар көптөгөн зыяндарга учурайт.

#678 09 August 2015 - 19:04
сен иним озуну карма...адам акылы жетеби жетпейби бир нерсеге озунун коз карашы болот туурабы?
коз карашыны жазып чыгып кет ,акылдуу акылсыз дебей...ошон учун талкуу болот бул жер.
ал эми "ООМИЙИН" деген созду илгертеден бери айтып келип эми эле "аминь" деп арабчасын айтып калышка эмне негиз болду?
Албетте арабташуунун салымы!

Исламдын буйруктарын аткарбай коюунун шылтоосубу бул эмне? Омиийн мн Амиийн бир эле маанини берет.Арабчасын айтса бир сооп болот.Бир кундук мээнет акына бир сом алганын дуруспу же эки сом?Албетте кобуроогуно кол урабыз.Таквадар болоюн динге кызмат кылайын дегендер сооп учун ушундай берекелуу жолун тандашат.
#679 09 August 2015 - 19:14
Ким эмнеден коркот, аны бир Аллах озу билет.
Кийсениз баракелде, кийиниз, озунуз учун кийип жатасыз, азаматсыз!
Бизди жон коюнуз, жоопкерчилик оз мойнубузда.
Анан созду бурмалакей жок.

Албетте ким кайсы жол мн кийет Аллахка аян ички дуйносу.Сиз учун кийип жатам деп сизге тануулап койгон жерим жок.Айтуу фарз ошон учун айтып гана коюп атам зордогон жокмун эч кимди.Билгенибиздей ар бир кой оз туягы мн асылат.Бирок ошентсе да адамга карап эмес Исламга карап туздонунуз деп кенеш берем.Мусулман адам жамандыктан кайтаруучу жакшылыкка чакыруучу болот.Сизди да Аллах раазылыгы учун кийиниз деп даават кылып кетем.
Оз созунузду озунуз гана бурмалабасаныз мен эч кандай бурмалоого жеткирбейм.
#680 09 August 2015 - 19:26
Кийбесеңер кийбегиле мында жазбай эле койгула.Жаралгандан жылаңач жүрүпсүң,жүрө бер ошол бойдон.Ким зордоп атат кий деп.Кабырда сен бересиң суракты башка эмес.Билгениңерди кылбайсыңарбы.

Супер-Инфо
super.kg
видео