Суперстан: Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (37 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?

#161 Пользователь офлайн   jon__jurbos   09 Август 2015 - 18:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 692
  • Катталган: 21 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2016 14:12
  • Жынысы:Эркек

Эч кимисине бербейм.Шайлого барбайм дагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   09 Август 2015 - 18:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Просмотр сообщения jon__jurbos (09 Август 2015 - 18:04) жазган:

Эч кимисине бербейм.Шайлого барбайм дагы


Мен дагы.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   Shaa-82   10 Август 2015 - 12:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jon__jurbos (09 Август 2015 - 18:04) жазган:

Эч кимисине бербейм.Шайлого барбайм дагы


мен да барбаймСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   ere   10 Август 2015 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

Биз шайлоого барсак да барбасакда пландалган партия женуучу болот.
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   happy02   10 Август 2015 - 22:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Шайлоого барганга бут тартпайт. Эптеп биометрикадан отуп келсен, эми кайра келип тактап кеткиле деп олтурушат. Эми кимге зарыл дейм да барып, тактап, чыкпай калса дагы озунчо проблема экен. Ушинтип анан ирээнжитишет да.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   stimyl.kg   11 Август 2015 - 00:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Садыр Жапаров, экс-депутат:
«Мигранттардын колдоо сунушун четке кага алган жокмун»

Бир нече күн мурда белгилүү саясатчы Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин колдоо үчүн мигранттар акча чогултушаары боюнча маалымат интернетке чыгаары менен колдогондор да, катуу сынга алгандар да кездешти. Садыр мырзанын өзүнө көпчүлүктү кызыктырган суроолор менен кайрылууну туура көрдүк.

-Садыр Нургожоевич, жакында Москвалык мигранттарыбыз сиздин президенттикке талапкерлигиңизди колдоо үчүн акция уюштуруп жатышкандыктарын жарыя кылып чыгышты. Бул демилгени кимдер көтөргөнүн билсек болобу?

-Албетте, болот. Эч кимге жашыруун эмес. Биз «Мекенчил» партиясы жана дагы бир топ партиялар, уюмдар болуп биригип, парламенттик шайлоого катышабыз деген максат коюп, даярданып баштаганбыз. Ушул шайлоодо бизге гезит, дисктерди чыгарганга жардам беребиз деп Москва, Алматыдагы мигрант жарандарыбыз накталай акча чогултуп башташканын Одноклассники социалдык тармагынан окуп калдым. Мени менен эч кимиси акылдашкан эмес. Кудай көрүп турат. Бирөөнү да тааныбайт экенмин. Менин жасаган эмгектерим менен интернет аркылуу таанышышкан экен. Байланышка чыксам, «Сизге жардам кылуу максатында накталай акча чогултуп жатабыз» деп айтышты. Мен дароо эле "балдар андай кылбагыла, токтоткула, эртең бирөө жарымыңарды жеп кетти, ичип кетти" деген ушак сөз болот деп токтотуп койдум. Бул убакта июль айынын он бештери, мен үй-бүлөм менен Кыргызстанга бара жатып Алматыга келип калган элем. Келип кетиңиз деп чакырышты. Алматы, Астанадагы мигрант жарандарыбыз менен жолуктум. Андан чыгып Москвага бардым. Ал жактагылар менен жолуктум. Баары мага бейтааныш балдар экен. Эгер бирөө жарымы менин кичимекендик жердешим же жакын тааныштарымдан болгондо, сунуштарын четке какмакмын. Анткени, өзүнүн жакындары уюштуруп жатышыптыр деген ушак сөз кетмек. Балдардын духтары абдан көтөрүңкү, фанат болуп алышыптыр. Балдар, мен бул шайлоого катышпай турган болдум. Себеби, шайлоонун жыйынтыгын чыгарып даярдап коюшту. Эл көзүнө шайлоо болуп өттү деп жөн гана процедура жасап коюшат дедим. «Анда президенттикке жардам беребиз, ал убак деле эртең эле келет, байке» деп жарга такашты. Ойлонуп олтуруп, башка саясатчылар мындай балдарды өздөрү издеп барып таба албай зар болуп жүрүшөт, мага болсо өздөрү келип жатышса кесир кылбайын деген жыйынтыкка келип, макул болдум. Эгер эле жок дей турган болсом балдардын көздөрүндө жанып турган үмүттөрү жалп өччүдөй. Ошон үчүн макулмун деп айттым.

-Президенттик шайлоого эки жыл убакыт бар эмеспи? Азыр парламенттик шайлоо болгону жатпайбы...

-Ооба. Мен деле ушуну айттым. Бирок, мигранттар шайлоо эртең эле келет, азыртадан эле иштей баштайбыз, эртең кеч болуп калат, накталай акча чогултканга каршы болсоңуз, анда бизге банк эсебин ачып жардам бериңиз, Сизден бир сураныч ушул дешти. Макул эмесе деп банк эсебин ачып бердим.


-Кайрылууда ар бир мигрант 20 доллардан салым кошкула деген экен. Эмнеге 10 эмес, 15 эмес дегендей?


-Кайрылууну алматылык мигранттар өздөрү даярдашкан экен. Мен деле силерге окшоп интернет булактарынан окудум. Болгону банк эсебин ачып жөнөтүп бердим. Кайрылууда 20 деп жөн гана мисал катары көрсөтүшүптүр. Бул жерде эч ким бирөөнү зордоп жаткан жери жок.

-Мына азыр мигранттар сизге акция уюштуруп жатышат. Мигранттардын баары эле ушул акцияны колдоп кетишеби? Кандай ойлойсуз?

-Баары эле колдоп кетишет деп айтыш туура эмес. Ар бир адамдын өз иши, колдойбу, же жокпу. Беш кол тең эмес. Бирок, басымдуу көпчүлүгү колдоп жатышат. Мисалы, мен соц.тармакты активдүү колдонуучулардын катарына кирем. Мага ушул акциядан кийин Фейсбук менен Одноклассникидеги жеке баракчама дүйнө жүзүндөгү мигранттардан жана өлкөдөгү эле жарандарыбыздан суткасына миңдеген СМС суроолор келип жатат. «Ушул акция чынбы? Алдамчылар уюштуруп жатышкан жокпу? Алданып калбайбызбы? Кайсы эсеп аркылуу акча которо алабыз?» деген сыяктуу суроолор келип түшүп жатат. Учурдан пайдаланып айрымдарына жооп жаза албай калсам, кечирим сурайм. Ушундан улам мен ойлойм, дүйнө жүзүндөгү Кыргызстандын мигранттарын өлкөбүздүн келечеги ойлондурбай койбойт. Ошол себептен активдүү болуп жатышат болуш керек. Себеби, мигранттар сыртта жүрүп баарын көрүп билишти. Жашоонун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей. Азыр өздөрү жашап, иштеп жүргөн өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй болуп Кыргызстан да өнүгүп кетишин каалап турушат. Жок дегенде балдарыбыз өз өлкөсүндө жашаса экен деп тилешет. Олигархтардын акчасын алып шайланып келип алышып анан бүтүндөй мамлекеттин байлыгын бекер берип жатышса, анан элибиз мигрант болуп ар кайсы жакта жүрүшкөнүн жакшы түшүнүп калышты да.

-Кыргызстандын бирден бир бай адамдарынын тизмесинде жүрөсүз. Сизге мигранттардын акциясы ашыкча болбойбу?


-Мени массалык маалымат каражаттары «20 миллион долларлык байлыгы бар» деп тизмеге жетимишинчи кылып жазып чыгышкан. "Пенденин оозундагы Кудайдын кулагында" дегендей, болуп деле калаар деп жылмайып койгом. Жооп жазган эмесмин. Менин анчалык байлыгым жок. Бирок, Кудайга шүгүр, күнүмдүк турмушка жете турган эл катары оокатым бар. Балдарым үчүн деп байлык топтогон жокмун. Балдарымдын өз ырыскысы өзүндө. Балдарым үчүн деп канчалык байлык топтогонун менен ал байлыгың балдарыңа жукпайт. Ар бир бала өз эмгеги менен ийгиликке жетиш керек. Ошондо жугумдуу болот. 20 миллион долларлык байлык топтош үчүн мамлекеттен уурдашым керек болчу. Андай кылганым жок. Эгер уурдаган болсом башкалар окшоп бүгүн сот жообуна тартылып олтурмакмын. Мага "уурдагансың" деген жарлык таба алышпайт. Тапса эбак эле КТР аркылуу күндүр-түндүр репортаж кылып турушмак. Эгер ошончолук байлыгым болгондо ошол байлыгымды сактап калыш үчүн башкаларга окшоп Атамбаев менен тил табышып алып парламенттик шайлоого аттанмакмын. Байлардын бир эле максаты болот. Кандай гана жолдор менен болбосун байлыгын сактап калыш. Ал үчүн уят-сыйыт деген эмне экенин унутуп деле коюшат.

-Эмнеге алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышпайсыздар?


-Биринчиден, бул шайлоонун жыйынтыгы азыр эле чыгып калды. Ак үйдүн батасын алган кандидаттар үч партияга топтолушту. Ошол үч партияны жасалма жол менен өткөрүп келишет. Президенттик шайлоону компьютер шайлаган. Бул шайлоону да компьютер шайлай турган болду.
Экинчиден, шайлоого жөн эле катышып акча чачкыдай талаада жаткан акча жок. Шайлоого кеминде 15-20 миллион доллар акча кетет. Башкалар окшоп олигархтардын акчасын алган жокпуз. Эгер олигархтардын акчасын алып шайлоону утуп келсек, анда келээрибиз менен мамлекеттин тең жарымын ошол олигархка бекер беришибиз керек болот. Мындай сунуштар түштү. Бирок, биз кыргыз элинин убалына, каргышына калбайлы деп баш тарттык. Мурдагы шайлоодо олигархтардын акчасын алып, шайлоодо утуп келген айрым партиялар бүгүнкү күнгө чейин карыздарынан кутула алышпай мамлекеттик мүлктөрдү ит бекерге берип бүтө албай жатышат. Жакында эле "Жерүйдү" беришти. Кечээ мамлекеттик стратегиялык 17 чоң мекемелерди сатабыз деп чечим чыгарып коюшту. Шайлоого акча алыш үчүн азыр олигархтар менен соодалар жүрүп жатат. Шайлоо бүтөөрү менен ушулардын арасынан сен каалаган баага алып беребиз дешип, арасында Кумтөрдөн кийинки эле пайда берип турган "Мегаком" да бар. Мына ушундай шайлоолордун шайтан оюндарынан кыргыз мамлекетибиздин кендери кесилип жатат. Муну карапайым элибиз да толук түшүнүп калышты.

-«Бул шайлоонун жыйынтыгын компьютер чыгарып коет» деп айттыңыз. Президенттик шайлоонун жыйынтыгын деле компьютер чыгарып койсо кантесиңер?


-Ар бир добушту уурдатпаш үчүн өлкөдөгү ар бир шайлоо участогун катуу көзөмөлгө алыш керек. Бул шайлоодо андай күчтөр жок. Күчтөр чачырап, ар кайсы партияларга бөлүнүп кетишти. Ошон үчүн бул шайлоонун жыйынтыгын 2011-жылкы президенттик шайлоонукундай кылып компьютер аркылуу эле жасап коюшат. 2010-жылы «Ата-Журт» партиясы биринчиликти алганбыз. Анткени, республикалык штабыбызга борбордук шайлоо комиссиясы сыяктуу кылып ар бир шайлоо участогу менен түздөн түз байланышып туруу системасын түзүп койгонбуз. Шайлоонун жыйынтыгын борбордук шайлоо комиссиясынан мурда биз өзүбүздүн штабдан эле чыгырып койгонбуз. Ар бир участоктун жыйынтыгы чыга баштаганда эле бизге штабга түз билдирип турушкан. Көзөмөлдөгөн балдар дагы күчтүү болушкан. Ошондуктан, Президенттик шайлоодо дагы республикалык штабыбызда өзүнчө БШК системасын түзүп, ар бир участокко күчтүү, билимдүү балдардан коебуз. Ар бир участоктон добуштарды санап бүтөөр замат протоколдорун бурмалоосуз алсак эле шайлоонун жыйынтыгы компьютерсиз болот. Анткени, ар бир участоктун протоколдору колуңда турса баарын далилдеп коёсун.

Маектешкен Чолпон Эгембердиева
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   edu.kg.   11 Август 2015 - 01:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 14:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Сыртта жургон мигрант мекендештердин эч бирисинин катышууга добуш берууго каалосу жок. Мурдагы бийликке кантип кайсы жол менен келген адамдар куздогу шайлоого катышып кайра эле бийликке келеери аныкталыптыр. Барганда эмне добуш бергенде эмне ,кимге кайсы жыргаткан адамга же партияга ишенип добушунду бересин? Мамлекетибиздин тарпы кетип таш талканы кетти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   11 Август 2015 - 02:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Негизи Садыр Жапаров аккаттан Президенттике татыктуу инсан! Мен бир гана жараткандан дуба кылам ушул кишинин Кыргызстаныма Президент болушун. Чет жерде жургондуктон добуш бералбасам керек.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   realliver   13 Август 2015 - 20:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Садыр Жапаровго кичине ишенип келе жатканда "мен дагы Ата-Мекенди колдойм" дейт го..
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   ACAH_AKA   14 Август 2015 - 16:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 068
  • Катталган: 30 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 20:49
  • Жынысы:Эркек

Урдум дагы кол койдум шайлоосуна ошо куну эззип уктаганым жакшы
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ







МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   Balamir   15 Август 2015 - 19:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Добушуңду сен бербесең, ордуңа башкасы берет.
Кумурска ажыга жөнөгөн сымал биз да добушубузду бергенибиз оң. Эч ким көрбөсө да Эгем көрсө жетет. Мен жакшыга жанашайын десем жакшысы жок экен, ошондуктан азыраак зыян келтире турганына жанаштым деп жооп берип кетебиз.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   edu.kg.   18 Август 2015 - 20:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 20 Фев 2019 14:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Адилет Айтикеев, журналист: «Урматтуу мекендешим, келечегиңди мародерлор менен аферисттерге тапшыра көрбө, суранам»
Кошкон: Айнура Абдиназарова Тарых: Шей, 18/08/2015 - 16:00


Кечээ,16-август күнү өткөн “Ата-Мекен” партиясынын курултайында мени таң калтырган жагдайлар көп эле болду. Ошолордун бир нечесин Сиздер менен бөлүшүп кетүүнү туура таптым.

Биринчиси, Жогорку Кеңештин бир нече депутатына кылмыш ишин ачып, каалаганын камап, анын арты менен саясий упай топтогонго жетишкен Аида Салянова айым партиянын курултайында сөз сүйлөдү. Ал айтат: “Бийлик коррупция менен күрөшүүгө колдоо көрсөтпөй койду”, -деп. Менимче бул эң уятсыз, моралдык жактан туруктуулугу жок, нысапсыз гана адамдын актануу иретинде айткан сөзү деп түшүнөм. Эмне үчүн? Жообу жөнөкөй. Аида Салянованын КР Баш прокурорлугуна дайындалышынын өзү эле ага берилген чоң ишенимди жана мамлекеттин, элдин ага берген ыйгарым укугун тастыктайт. Мына ушул бийик даражалуу кызматтын бул системада бир да күн иштебеген айымга ишенип тапшырылышы ага карата берилген колдоо эмей эмине? Эгерде ал президент тарабынан колдоо болбой калды деп түшүндүрсө, аны да калпка чыгара алабыз. Анткени Аида Жеңишбековна Баш прокурор болуп турганда чечимдерди президент менен кеңешпей, жекече кабыл алаарын айтып келген. Анан калса президент Атамбаев Салянованы кызматтан кетип калганга чейин жан талаша мактап келбеди беле? Жөн гана мактабастан, “Кыргызстандын келерки президент Саляновадай болсо деп тилек кылам” деп да балп эттирген. Демек, Салянованын айткандары карандай калп. Эгерде ал ар бир ишинде мыйзам талаасы менен иш алып барбай, президенттин буйругуна таянса, анда анын арты жакшы нерсе менен бүтпөсү белгилүү.

Учурда Биринчи май райсотунда өтүп жаткан депутат Ахматбек Келдибековдун соту Аида Салянованын кандай иштегендигин даана тастыктап жатат. Өткөн жолку процесстердин биринде Соцфонддун мурдагы орун басары, Келдибеков менен бирге айыпталып келген Фатима Аманалиева айым аны Баш прокуратуранын тергөөчүсү Сейитов менен тергөө башкармалыгынын башчысы Арпачиев кандай алдаганын жана кылмыш ишин кантип махинация кылышкандыгын төкпөй-чачпай айтып берди го?! Бул кылмыштуу иш эмеспи? Ошол убакта Арпачиев менен Сейитовдун үстүндө жетекчи ким эле? Албетте Салянова болучу.

Ошондон кийин айыпталуучу Ахматбек Келдибеков андан да коркунучтуу маалыматтын учугун чыгарган. Келдибековдун айтымында, ага кылмыш иши козголгондон кийин анын жеке компьютерин Баш прокуратуранын тергөөчүсү Жеңиш Сейитов алып кетип, арадан 1,5 жыл өткөндөн кийин гана алып келип берген. Эң кызыгы, кылмыш ишке териштирүү иретинде алынып кеткен далил буюмду тергөөчүлөр 1,5 жыл бою кызматтык иштерине колдонуп келишкен. Андан да кызыгы, аталган компьютерде Аида Салянова менен Кылычбек Арпачиев, Жеңиш Сейитов үчөөнүн кызматтык кат алышуулары сакталып калган. Андагы маалыматтарда негизинен жогорудагы 3 адамдын ортосунда Келдибековду эптеп камап салуу боюнча сценарий ойлонуп табылган жана ал ишке ашкан.

Мына ушундан кийин Аида Салянова кайсы коррупцияга каршы күрөш жөнүндө сөз кылып жатат? Эмне үчүн өзүнүн табакташтары Арпачиев менен Нарымбаев алкымына сөөк тыгылган абалда коррупциялык иш-аракеттери ашкереленип, соттолуп жатканын кеп кылбайт?

Экинчиси, мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев чыгып алып айтып жатат: “Мага жогору жактан жетиштүү колдоо болбогондуктан мен иштей алган жокмун” деп. Оо кудай, мынчалык эмне жалганчы? Булар жалган айтуудан таптакыр уялышпайбы? Өзүңүздөр элестетип көрүңүздөрчү, КР Башмыйзамында премьер-министрге эмне деген гана ыйгарым укуктар берилген?! Өлкөдөгү борбордук органдарды жана айрым күч структураларын эске албаганда калган экономикалык- чарбалык субъектилердин баары премьер-министрдин колунда го акыры? Эгерде Премьер-министрге ошол ыйгарым укуктарын толук бойдон колдонуп, Кыргызстанды оңдоп жиберсе ким каршы чыгат экен? Же өзүнүн ыйгарым укуктарын коргой албай, аны өз колу менен президентке жана анын шоопуруна өткөрүп берсе, ага коомчулук күнөөлүүбү?

Үчүнчүсү, Мындан 2 жыл мурда Жогорку Кеңеште Батукаев маселесин чучугуна жеткире сындагандардын бири “Ата-Мекен” фракциясы болгон. Ал маселеде башкы фигуранттардын бири катары саналып жаткан Аида Салянова экендиги “Ата-Мекен” партиясына белгисиз болсо, сокурга чейин белгилүү. Бүгүн мына ошол маселенин карама-каршы тарабында турган эки тарап биригип, кооз сөздөрдү айтып, элди алдаганы шайлоого баратышат.

Демек, булар эч качан мамлекетке жакшылык кылышпайт. Булардын бирин-экин гана максаттары бар. Алар: бийлик жана байлык. Урматтуу мекендешим, келечегиңди мародерлор менен аферисттерге тапшыра көрбө, суранам!

Адилет Айтикеев, журналист
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   beka1207   18 Август 2015 - 20:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Balamir (15 Август 2015 - 19:09) жазган:

Добушуңду сен бербесең, ордуңа башкасы берет.
Кумурска ажыга жөнөгөн сымал биз да добушубузду бергенибиз оң. Эч ким көрбөсө да Эгем көрсө жетет. Мен жакшыга жанашайын десем жакшысы жок экен, ошондуктан азыраак зыян келтире турганына жанаштым деп жооп берип кетебиз.

Туура !
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   Allahtynkulu   19 Август 2015 - 01:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 03 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Мар 2017 13:39

Шайлоого барбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   19 Август 2015 - 20:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Каралар "Черный, Рекеттер" Парлламентке тандалууда. Тангору Кыргызстан кайда баратат...

Бул өз кезегинде шайлоодо “каралардын” кызматын, күчүн дагы пайдалаганга аракет жасалат деген талкууга жем таштады. Кыргызстанда буга чейинки шайлоолордо уюшма кылмыш топтордун аралашып келгени маалым.

Өмүрбек Бакиров Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 55-орунда турат. Буга чейин Жогорку Кеңешке “Ата-Журт” партиясынан шайланып келген депутат уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган деген маалымат чыккан.

Бакировго 2010-жылы май айында Убактылуу өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылды деген айып тагылган. 2004-жылы уюшма кылмыш топтун анабашы Алманбет Анапияев менен бирге карактоо, адам уурдоо, опузалап акча өндүрүү фактылары боюнча кылмыш иш козголгон. Бирок Өмүрбек Бакиров болсо дооматтардын баарын төгүндөп жатат:

- Мен ал иш боюнча акталгам. Жалган жалаа жабылган. Бүгүнкү күнү менин үстүмдөн бирөө да арыздана албайт. Менин бир тал чачымды түшүрдү деп бирөө да айта албайт. Элдин акысын жеген жокмун. Коррупцияга аралашкан жокмун. Башка кылмыш кылган жокмун, эгер кылмыш кылсам бул маалга чейин чыкмак.

Өмүрбек Бакировдон анын кримтөбөл Алманбет Анапияевдин өкүл баласы болгонун тактап сураганыбызда чычалап, жооп берүүдөн баш тартты.


Бакыт Жетигенов
Учурда Социал-демократтар партиясынын тизмесине 29чу болуп илинген, өткөн шайлоодо парламентке “Ар-намыстан” келген Бакыт Жетигенов да “караларга” байланыштуу аты аталган. Былтыр күзүндө ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшма кылмыш топтун мүчөсү же ага катышы бар деп тизмеде турган жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин атын жарыялаганда арасында Бакыт Жетигенов да бар болчу. Ал кримтөбөл Алмаз Бокушев менен чогуу окуганын тастыктап, бирок жакын мамиледе деген маалыматты жокко чыгарды:

- Мен кылмышка аралашып, кылмыш кылсам бир жөн. ИИМ кийин “чогуу окуган, ошон үчүн айтылды, тиги-бу” деп айткандарын жокко чыгарбады беле.

КСДП тизмесинде 57-орундагы Дилмурат Акпаралиев тууралуу өзүнчө сөз кылууга болот. Ал кылмыш дүйнөсүндө "Дики" деген каймана ат менен таанымал жана партия тизмесине киргенге чейин фамилиясы Дооронов болчу. 2011-жылы жазында "караларга" каршы күрөш күчөп турганда камакка алынган. Жалал-Абад облусундагы Чаткал, Ала-Бука райондорун көзөмөлдөгөн кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда "положенец" болуп жүргөн. Ошондо ага "көз боёмочулук" беренеси менен кылмыш иш козголуп, карактоо, ишкерлерден опузалап акча өндүрүү менен алектенип жүргөнү айтылган.

Ала-Бука райондук кеңештин төрагасы кызматына чейин көтөрүлгөн Акпаралиевге (Дооронов) ага чейин "зордуктоо" , "карактоо" беренелери менен кылмыш иши козголуп, эки ирет соттолгон. Ал парламенттин мурдагы вице-спикери, учурда “Кыргызстан ” партиясында 2-орунда турган Азиз Турсунбаевдин жакын адамы катары сыпатталат. Азиз Турсунбаев алгач КСДПга ачык ыктап, кийин кайра “Кыргызстанга” өтүп кеткенден кийин, “Турсунбаев КСДПдагы ордун Акпаралиевге берди” деген да сөз чыкты.

“Караларга” байланыштуу аты аталып жүргөндөрдү башка партиялардан деле тапса болот. Мисалы, “Республика Ата-Журт” партиясында “Хоп” деген каймана ат менен таанымал Улан Чолпонбаев бар. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин казыначысы болгонун айрым гезиттер жазып чыккан эле.

“Бир бол” партиясында 15-орунга илинген, Ош шаардык дене тарбия, спорт комитетинин башчысы кримчөйрөдө “Душка” деген лакап менен таанымал Дүйшөн Төрөкулов да уюшма кылмыш топко катыштыгы бар деп калышат. Партиянын лидери Алтынбек Сулаймановдун өзү тууралуу деле уу-дуу сөз көп. Ошто спорт клубдардын көптүгү боюнча алдыда турган А. Сулайманов парламентте “милиция спортчулар менен уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн ажырата албайт" деп айтып чыккан эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   19 Август 2015 - 20:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

2-болум...


Айрым маалымат агенттиктер “Өнүгүү” партиясынын тизмесинде 17-орунда турган, фамилиясын Икрамов деп алмаштырган мүчөсү Тазабек Стамкулов уюшкан топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турарына шилтеме келтирген. Ошондой эле анда Стамкулов 2009-жылы мурдагы парламент депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулун уурдоого буюртмачы катары шектелгени көрсөтүлгөн.

Стамкулов баштаган топ өткөн жумада “Бир бол” партиясынын активистин токмоктоп коюшканы тууралуу маалымат да чыккан эле. 

Мыйзам боюнча, уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп расмий сот гана аныктап чечим чыгара алат. Кыргызстанда сот аркылуу мындай макам алган бир дагы адам жок. Ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитов анткен менен милициянын өзүнүн оперативдүү тизмесине жараша иргелерин маалымдады:

- Уюшкан кылмыш топтун мүчөсү экенин сот аныктайт. Бирок бизде оперативдүү каттоодо турган жарандар бар. Азыр партиялар талапкерлерди тандап атат. Алардын тизмеси БШКда толугу менен такталгандан кийин, алар бизге текшертүү үчүн жөнөтүшү керек. Бирок катталганга чейин ар бир талапкер бизден соттолбогону тууралуу маалымдама алышы зарыл. Тизме толугу менен бекип, бизге келгенден кийин биз баарын карап чыгабыз. Эгерде уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары каттоодо турган болсо биз БШКга кабарлайбыз.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо“Ата Мекен” партиясынан Кара-Көл шаардык кеңешке шайланган мүчөсү уюшма кылмыш топтун өкүлү болгону аныкталган. Партия лидери Өмүрбек Текебаев тизмеде “каралар” же аларга байланышы бар адамдар жок деп ишендирип жатат:

- Парламентке уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн эл гана келтирбей кое алат. Эгер ал кылмышкер камалып, соттолуп түрмөдө отурбаса аны чектегенге мыйзам жол бербейт. Бирок ким кылмышкер экенин, ким алардын жетекчиси экенин биз баарыбыз жакшы билебиз, партиялар жакшы билет, эл жакшы билет. Биз шайлоо убагында тазаланышыбыз керек. Кайсы партияда уюшма кылмыш топтун өкүлдөрү, жакындары бар болсо эл ага добуш бербеши керек. Алардан арылуунун экинчи жолу, уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп кармап, далилдеп соттоо керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин баамында, “каралар” же аларга тиешеси барларды иргеген, депутат болушуна бөгөт койгон чаралар жетишсиз:

- Сот органдардын чечими менен гана кылмышкер деп табылат. Бүгүнкү күндө аларга эч ким тоскоол кыла албайт. Ошондуктан мурунку эле көрүнүштөр кайталанат. Эл оозунда айтылгандар айтылып жүрө берет. Бул эми көнүмүш адат болуп калды.

Президент Алмазбек Атамбаев уюшма кылмыш топторго каршы күрөш аёосуз болушу керектигин такай белгилеп келет. Анын партиясына кирген “караларга” катышы бар деп шектелген адамдар тууралуу президенттин өзүнүн пикирин билүү мүмкүн болгон жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   stimyl.kg   19 Август 2015 - 23:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Кыскасы ажого ляпай дей турган партиялар отот. Жана алар мурдатан эле пландалып койгон. Ошондуктан шайлоого барасынбы жокпу баарибир ошол тандалган президенткке кулдук урган партиялар отуп шайланат. Бир эле атамекен партиясы президенткке караштуу куздогу парламенттик шайлоого талапкер партияларга тен келе алса керек деп ойлойм. А эгер шайлоого барып добуш бергенде деле, кимге кайсы таза партия таза адамга бермек элек??? Баары эле черныйлар ,алдамчылар, куру убаданы карапайым калкка берип конуп калгандар,эчнерсени ойлонбой туруп акчанын кулу болуп эли жерин сатчуулар ,мамлекеттик казынаны омкоруп ойуна келгенин жасап ,мамлекеттин эсебинен чет элдеп саякатап, байлыктарын карапайым калктын мамлекеттин эсебинен кобойткондор журушсо анан кантип ошолорго ишенип добушунду бересин.. Кыска соз менен айтканда,кыргыз малекетин четинен жойуп жок кылуу учуруна алып келуучулор кайра эле шайланаары аныкталыптыр. Мыйзамдарды келиштирип токушуп шайлоого карата ,таза иштеген эли учун жери учун иштей турган партияларга тоскоолдук жаратышып,шайлоого карата ставкаларын 500минден 5млн чейин которушуп аларды такыр шайлоого катышуу мумкунчулугунон ажыратышты, анткени алар парламентке келишсе ичкен жегендерин кустуруп ,терилерин тескеери сыйрылаарын сезип турушпайбы. Бизнесмен акчалуулардын гана мумкунчулугун тузуп беришти алар кайдан бизнесмен акчалуу болшу албетте мамказынанын акчаларын аркыл жол менен солоп алышып иштетип байышканда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   Lenin   21 Август 2015 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:http://marykaynsd.com/

Мен да ойлоп журом да, эмнеге биз каалбаган партиялар отуп кетет деп. Оказывается добуш бербейм дегендер коп экен да. Мен баарына каршымын шайлоого барбайм дегендердин баарын "карангы адамдар"десек болот.
Казактар менен суйлошуп отурсам кобу айтат, Назарбаев 98% ой алганы калп деп, анткени биз, бизге окшогондор шайлоого даже барган жок деп. Бул мне деген карнгылык. Шалоого баргандардын 98 % Назарбаев деп ой берген. Ошол сыяктуу барбайм баарына каршымын дегендер, шайлоого баргыла. Баарына каршы деген пункт бар ошого галочканырды коюп келгиле. Мезгилден артта калбагыла.
marykaynsd. com- бул ссылка эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   Kanat8427   23 Август 2015 - 15:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 562
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 21:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалган дуйно

Просмотр сообщения ere (10 Август 2015 - 12:46) жазган:

Биз шайлоого барсак да барбасакда пландалган партия женуучу болот.


+
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   Umnitsa   23 Август 2015 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 588
  • Катталган: 16 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Фев 2020 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан олкосу)

БИР БОЛ элим БИР БОЛ!!!
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (37 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 13:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: