Исламдын буйруктарын аткарбай коюунун шылтоосубу бул эмне? Омиийн мн Амиийн бир эле маанини берет.Арабчасын айтса бир сооп болот.Кандай иш жасаба ошол кунку мээнет акына бир сом алганын дуруспу же эки сом?Албетте кобуроогуно кол урабыз.Таквадар болоюн динге кызмат кылайын дегендер сооп учун ушундай берекелуу жолун тандашат.
Кечиресиз,теманын аталышы түшүнүктүү жазылып турса дагы талаш тартышты көбойтүп жаткан эркектер жүрөт.Кээ бири илими барлар,алар менен талаш жок.Эки үч нерсени угуп алып,дал ошого таянып омуроолоп жаткан эркектерибизге биринчиден ыйман тилейличи.Ошолордун өзүнөн "Сүннөттөсүңбү? "деп сурагың келет,бирок, кыз келин менен акыйлашып отургандыгы өзү жооп.
Жогоруда "арабчасын айтса бир сооп болот"депсиз. Менин түшүнүгүм боюнча "Оомийинден" башка сөздөргө деле тиешелүү да.Биз сооп издеп,сооп болот деп арабчасын үйрөнүп,арабча сүйлөп калсак кыргыз тилибиздин тагдыры кандай болот? Кудай берген эле өз тилибизде саламдашып, өзүбүздүн эле ою-чийүү түшүрүлгөн ,ауратты жапкан көйнөк,жоолугубузду салынып,намазыбызды окуп,парзыбызды аткарып,өз тилибизде эле бата тилей берсек эмне болбойбу! ?Ыйман араб тилинде көбүрөөк,кыргыз тилинде азыраакпы?

Супер-Инфо
super.kg
видео













