Эч кимисине бербейм.Шайлого барбайм дагы
Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?
#162 09 Август 2015 - 18:06
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#163 10 Август 2015 - 12:23
#164 10 Август 2015 - 12:46
Биз шайлоого барсак да барбасакда пландалган партия женуучу болот.
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
#165 10 Август 2015 - 22:22
Шайлоого барганга бут тартпайт. Эптеп биометрикадан отуп келсен, эми кайра келип тактап кеткиле деп олтурушат. Эми кимге зарыл дейм да барып, тактап, чыкпай калса дагы озунчо проблема экен. Ушинтип анан ирээнжитишет да.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#166 11 Август 2015 - 00:36
Садыр Жапаров, экс-депутат:
«Мигранттардын колдоо сунушун четке кага алган жокмун»
Бир нече күн мурда белгилүү саясатчы Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин колдоо үчүн мигранттар акча чогултушаары боюнча маалымат интернетке чыгаары менен колдогондор да, катуу сынга алгандар да кездешти. Садыр мырзанын өзүнө көпчүлүктү кызыктырган суроолор менен кайрылууну туура көрдүк.
-Садыр Нургожоевич, жакында Москвалык мигранттарыбыз сиздин президенттикке талапкерлигиңизди колдоо үчүн акция уюштуруп жатышкандыктарын жарыя кылып чыгышты. Бул демилгени кимдер көтөргөнүн билсек болобу?
-Албетте, болот. Эч кимге жашыруун эмес. Биз «Мекенчил» партиясы жана дагы бир топ партиялар, уюмдар болуп биригип, парламенттик шайлоого катышабыз деген максат коюп, даярданып баштаганбыз. Ушул шайлоодо бизге гезит, дисктерди чыгарганга жардам беребиз деп Москва, Алматыдагы мигрант жарандарыбыз накталай акча чогултуп башташканын Одноклассники социалдык тармагынан окуп калдым. Мени менен эч кимиси акылдашкан эмес. Кудай көрүп турат. Бирөөнү да тааныбайт экенмин. Менин жасаган эмгектерим менен интернет аркылуу таанышышкан экен. Байланышка чыксам, «Сизге жардам кылуу максатында накталай акча чогултуп жатабыз» деп айтышты. Мен дароо эле "балдар андай кылбагыла, токтоткула, эртең бирөө жарымыңарды жеп кетти, ичип кетти" деген ушак сөз болот деп токтотуп койдум. Бул убакта июль айынын он бештери, мен үй-бүлөм менен Кыргызстанга бара жатып Алматыга келип калган элем. Келип кетиңиз деп чакырышты. Алматы, Астанадагы мигрант жарандарыбыз менен жолуктум. Андан чыгып Москвага бардым. Ал жактагылар менен жолуктум. Баары мага бейтааныш балдар экен. Эгер бирөө жарымы менин кичимекендик жердешим же жакын тааныштарымдан болгондо, сунуштарын четке какмакмын. Анткени, өзүнүн жакындары уюштуруп жатышыптыр деген ушак сөз кетмек. Балдардын духтары абдан көтөрүңкү, фанат болуп алышыптыр. Балдар, мен бул шайлоого катышпай турган болдум. Себеби, шайлоонун жыйынтыгын чыгарып даярдап коюшту. Эл көзүнө шайлоо болуп өттү деп жөн гана процедура жасап коюшат дедим. «Анда президенттикке жардам беребиз, ал убак деле эртең эле келет, байке» деп жарга такашты. Ойлонуп олтуруп, башка саясатчылар мындай балдарды өздөрү издеп барып таба албай зар болуп жүрүшөт, мага болсо өздөрү келип жатышса кесир кылбайын деген жыйынтыкка келип, макул болдум. Эгер эле жок дей турган болсом балдардын көздөрүндө жанып турган үмүттөрү жалп өччүдөй. Ошон үчүн макулмун деп айттым.
-Президенттик шайлоого эки жыл убакыт бар эмеспи? Азыр парламенттик шайлоо болгону жатпайбы...
-Ооба. Мен деле ушуну айттым. Бирок, мигранттар шайлоо эртең эле келет, азыртадан эле иштей баштайбыз, эртең кеч болуп калат, накталай акча чогултканга каршы болсоңуз, анда бизге банк эсебин ачып жардам бериңиз, Сизден бир сураныч ушул дешти. Макул эмесе деп банк эсебин ачып бердим.
-Кайрылууда ар бир мигрант 20 доллардан салым кошкула деген экен. Эмнеге 10 эмес, 15 эмес дегендей?
-Кайрылууну алматылык мигранттар өздөрү даярдашкан экен. Мен деле силерге окшоп интернет булактарынан окудум. Болгону банк эсебин ачып жөнөтүп бердим. Кайрылууда 20 деп жөн гана мисал катары көрсөтүшүптүр. Бул жерде эч ким бирөөнү зордоп жаткан жери жок.
-Мына азыр мигранттар сизге акция уюштуруп жатышат. Мигранттардын баары эле ушул акцияны колдоп кетишеби? Кандай ойлойсуз?
-Баары эле колдоп кетишет деп айтыш туура эмес. Ар бир адамдын өз иши, колдойбу, же жокпу. Беш кол тең эмес. Бирок, басымдуу көпчүлүгү колдоп жатышат. Мисалы, мен соц.тармакты активдүү колдонуучулардын катарына кирем. Мага ушул акциядан кийин Фейсбук менен Одноклассникидеги жеке баракчама дүйнө жүзүндөгү мигранттардан жана өлкөдөгү эле жарандарыбыздан суткасына миңдеген СМС суроолор келип жатат. «Ушул акция чынбы? Алдамчылар уюштуруп жатышкан жокпу? Алданып калбайбызбы? Кайсы эсеп аркылуу акча которо алабыз?» деген сыяктуу суроолор келип түшүп жатат. Учурдан пайдаланып айрымдарына жооп жаза албай калсам, кечирим сурайм. Ушундан улам мен ойлойм, дүйнө жүзүндөгү Кыргызстандын мигранттарын өлкөбүздүн келечеги ойлондурбай койбойт. Ошол себептен активдүү болуп жатышат болуш керек. Себеби, мигранттар сыртта жүрүп баарын көрүп билишти. Жашоонун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей. Азыр өздөрү жашап, иштеп жүргөн өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй болуп Кыргызстан да өнүгүп кетишин каалап турушат. Жок дегенде балдарыбыз өз өлкөсүндө жашаса экен деп тилешет. Олигархтардын акчасын алып шайланып келип алышып анан бүтүндөй мамлекеттин байлыгын бекер берип жатышса, анан элибиз мигрант болуп ар кайсы жакта жүрүшкөнүн жакшы түшүнүп калышты да.
-Кыргызстандын бирден бир бай адамдарынын тизмесинде жүрөсүз. Сизге мигранттардын акциясы ашыкча болбойбу?
-Мени массалык маалымат каражаттары «20 миллион долларлык байлыгы бар» деп тизмеге жетимишинчи кылып жазып чыгышкан. "Пенденин оозундагы Кудайдын кулагында" дегендей, болуп деле калаар деп жылмайып койгом. Жооп жазган эмесмин. Менин анчалык байлыгым жок. Бирок, Кудайга шүгүр, күнүмдүк турмушка жете турган эл катары оокатым бар. Балдарым үчүн деп байлык топтогон жокмун. Балдарымдын өз ырыскысы өзүндө. Балдарым үчүн деп канчалык байлык топтогонун менен ал байлыгың балдарыңа жукпайт. Ар бир бала өз эмгеги менен ийгиликке жетиш керек. Ошондо жугумдуу болот. 20 миллион долларлык байлык топтош үчүн мамлекеттен уурдашым керек болчу. Андай кылганым жок. Эгер уурдаган болсом башкалар окшоп бүгүн сот жообуна тартылып олтурмакмын. Мага "уурдагансың" деген жарлык таба алышпайт. Тапса эбак эле КТР аркылуу күндүр-түндүр репортаж кылып турушмак. Эгер ошончолук байлыгым болгондо ошол байлыгымды сактап калыш үчүн башкаларга окшоп Атамбаев менен тил табышып алып парламенттик шайлоого аттанмакмын. Байлардын бир эле максаты болот. Кандай гана жолдор менен болбосун байлыгын сактап калыш. Ал үчүн уят-сыйыт деген эмне экенин унутуп деле коюшат.
-Эмнеге алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышпайсыздар?
-Биринчиден, бул шайлоонун жыйынтыгы азыр эле чыгып калды. Ак үйдүн батасын алган кандидаттар үч партияга топтолушту. Ошол үч партияны жасалма жол менен өткөрүп келишет. Президенттик шайлоону компьютер шайлаган. Бул шайлоону да компьютер шайлай турган болду.
Экинчиден, шайлоого жөн эле катышып акча чачкыдай талаада жаткан акча жок. Шайлоого кеминде 15-20 миллион доллар акча кетет. Башкалар окшоп олигархтардын акчасын алган жокпуз. Эгер олигархтардын акчасын алып шайлоону утуп келсек, анда келээрибиз менен мамлекеттин тең жарымын ошол олигархка бекер беришибиз керек болот. Мындай сунуштар түштү. Бирок, биз кыргыз элинин убалына, каргышына калбайлы деп баш тарттык. Мурдагы шайлоодо олигархтардын акчасын алып, шайлоодо утуп келген айрым партиялар бүгүнкү күнгө чейин карыздарынан кутула алышпай мамлекеттик мүлктөрдү ит бекерге берип бүтө албай жатышат. Жакында эле "Жерүйдү" беришти. Кечээ мамлекеттик стратегиялык 17 чоң мекемелерди сатабыз деп чечим чыгарып коюшту. Шайлоого акча алыш үчүн азыр олигархтар менен соодалар жүрүп жатат. Шайлоо бүтөөрү менен ушулардын арасынан сен каалаган баага алып беребиз дешип, арасында Кумтөрдөн кийинки эле пайда берип турган "Мегаком" да бар. Мына ушундай шайлоолордун шайтан оюндарынан кыргыз мамлекетибиздин кендери кесилип жатат. Муну карапайым элибиз да толук түшүнүп калышты.
-«Бул шайлоонун жыйынтыгын компьютер чыгарып коет» деп айттыңыз. Президенттик шайлоонун жыйынтыгын деле компьютер чыгарып койсо кантесиңер?
-Ар бир добушту уурдатпаш үчүн өлкөдөгү ар бир шайлоо участогун катуу көзөмөлгө алыш керек. Бул шайлоодо андай күчтөр жок. Күчтөр чачырап, ар кайсы партияларга бөлүнүп кетишти. Ошон үчүн бул шайлоонун жыйынтыгын 2011-жылкы президенттик шайлоонукундай кылып компьютер аркылуу эле жасап коюшат. 2010-жылы «Ата-Журт» партиясы биринчиликти алганбыз. Анткени, республикалык штабыбызга борбордук шайлоо комиссиясы сыяктуу кылып ар бир шайлоо участогу менен түздөн түз байланышып туруу системасын түзүп койгонбуз. Шайлоонун жыйынтыгын борбордук шайлоо комиссиясынан мурда биз өзүбүздүн штабдан эле чыгырып койгонбуз. Ар бир участоктун жыйынтыгы чыга баштаганда эле бизге штабга түз билдирип турушкан. Көзөмөлдөгөн балдар дагы күчтүү болушкан. Ошондуктан, Президенттик шайлоодо дагы республикалык штабыбызда өзүнчө БШК системасын түзүп, ар бир участокко күчтүү, билимдүү балдардан коебуз. Ар бир участоктон добуштарды санап бүтөөр замат протоколдорун бурмалоосуз алсак эле шайлоонун жыйынтыгы компьютерсиз болот. Анткени, ар бир участоктун протоколдору колуңда турса баарын далилдеп коёсун.
Маектешкен Чолпон Эгембердиева

#167 11 Август 2015 - 01:16
Сыртта жургон мигрант мекендештердин эч бирисинин катышууга добуш берууго каалосу жок. Мурдагы бийликке кантип кайсы жол менен келген адамдар куздогу шайлоого катышып кайра эле бийликке келеери аныкталыптыр.
Барганда эмне добуш бергенде эмне ,кимге кайсы жыргаткан адамга же партияга ишенип добушунду бересин? Мамлекетибиздин тарпы кетип таш талканы кетти...
#168 11 Август 2015 - 02:02
Негизи Садыр Жапаров аккаттан Президенттике татыктуу инсан! Мен бир гана жараткандан дуба кылам ушул кишинин Кыргызстаныма Президент болушун. Чет жерде жургондуктон добуш бералбасам керек.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#169 13 Август 2015 - 20:09
Садыр Жапаровго кичине ишенип келе жатканда "мен дагы Ата-Мекенди колдойм" дейт го..
Реал чемпиооон!!!
#170 14 Август 2015 - 16:31
Урдум дагы кол койдум шайлоосуна ошо куну эззип уктаганым жакшы
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!

#171 15 Август 2015 - 19:09
Добушуңду сен бербесең, ордуңа башкасы берет.
Кумурска ажыга жөнөгөн сымал биз да добушубузду бергенибиз оң. Эч ким көрбөсө да Эгем көрсө жетет. Мен жакшыга жанашайын десем жакшысы жок экен, ошондуктан азыраак зыян келтире турганына жанаштым деп жооп берип кетебиз.

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.

#172 18 Август 2015 - 20:17
Адилет Айтикеев, журналист: «Урматтуу мекендешим,
келечегиңди мародерлор менен аферисттерге тапшыра көрбө, суранам»
Кошкон: Айнура Абдиназарова Тарых: Шей, 18/08/2015 - 16:00
Кечээ,16-август күнү өткөн “Ата-Мекен” партиясынын курултайында мени таң калтырган жагдайлар көп эле болду. Ошолордун бир нечесин Сиздер менен бөлүшүп кетүүнү туура таптым.
Биринчиси, Жогорку Кеңештин бир нече депутатына кылмыш ишин ачып, каалаганын камап, анын арты менен саясий упай топтогонго жетишкен Аида Салянова айым партиянын курултайында сөз сүйлөдү. Ал айтат: “Бийлик коррупция менен күрөшүүгө колдоо көрсөтпөй койду”, -деп. Менимче бул эң уятсыз, моралдык жактан туруктуулугу жок, нысапсыз гана адамдын актануу иретинде айткан сөзү деп түшүнөм. Эмне үчүн? Жообу жөнөкөй. Аида Салянованын КР Баш прокурорлугуна дайындалышынын өзү эле ага берилген чоң ишенимди жана мамлекеттин, элдин ага берген ыйгарым укугун тастыктайт. Мына ушул бийик даражалуу кызматтын бул системада бир да күн иштебеген айымга ишенип тапшырылышы ага карата берилген колдоо эмей эмине? Эгерде ал президент тарабынан колдоо болбой калды деп түшүндүрсө, аны да калпка чыгара алабыз. Анткени Аида Жеңишбековна Баш прокурор болуп турганда чечимдерди президент менен кеңешпей, жекече кабыл алаарын айтып келген. Анан калса президент Атамбаев Салянованы кызматтан кетип калганга чейин жан талаша мактап келбеди беле? Жөн гана мактабастан, “Кыргызстандын келерки президент Саляновадай болсо деп тилек кылам” деп да балп эттирген. Демек, Салянованын айткандары карандай калп. Эгерде ал ар бир ишинде мыйзам талаасы менен иш алып барбай, президенттин буйругуна таянса, анда анын арты жакшы нерсе менен бүтпөсү белгилүү.
Учурда Биринчи май райсотунда өтүп жаткан депутат Ахматбек Келдибековдун соту Аида Салянованын кандай иштегендигин даана тастыктап жатат. Өткөн жолку процесстердин биринде Соцфонддун мурдагы орун басары, Келдибеков менен бирге айыпталып келген Фатима Аманалиева айым аны Баш прокуратуранын тергөөчүсү Сейитов менен тергөө башкармалыгынын башчысы Арпачиев кандай алдаганын жана кылмыш ишин кантип махинация кылышкандыгын төкпөй-чачпай айтып берди го?! Бул кылмыштуу иш эмеспи? Ошол убакта Арпачиев менен Сейитовдун үстүндө жетекчи ким эле? Албетте Салянова болучу.
Ошондон кийин айыпталуучу Ахматбек Келдибеков андан да коркунучтуу маалыматтын учугун чыгарган. Келдибековдун айтымында, ага кылмыш иши козголгондон кийин анын жеке компьютерин Баш прокуратуранын тергөөчүсү Жеңиш Сейитов алып кетип, арадан 1,5 жыл өткөндөн кийин гана алып келип берген. Эң кызыгы, кылмыш ишке териштирүү иретинде алынып кеткен далил буюмду тергөөчүлөр 1,5 жыл бою кызматтык иштерине колдонуп келишкен. Андан да кызыгы, аталган компьютерде Аида Салянова менен Кылычбек Арпачиев, Жеңиш Сейитов үчөөнүн кызматтык кат алышуулары сакталып калган. Андагы маалыматтарда негизинен жогорудагы 3 адамдын ортосунда Келдибековду эптеп камап салуу боюнча сценарий ойлонуп табылган жана ал ишке ашкан.
Мына ушундан кийин Аида Салянова кайсы коррупцияга каршы күрөш жөнүндө сөз кылып жатат? Эмне үчүн өзүнүн табакташтары Арпачиев менен Нарымбаев алкымына сөөк тыгылган абалда коррупциялык иш-аракеттери ашкереленип, соттолуп жатканын кеп кылбайт?
Экинчиси, мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев чыгып алып айтып жатат: “Мага жогору жактан жетиштүү колдоо болбогондуктан мен иштей алган жокмун” деп. Оо кудай, мынчалык эмне жалганчы? Булар жалган айтуудан таптакыр уялышпайбы? Өзүңүздөр элестетип көрүңүздөрчү, КР Башмыйзамында премьер-министрге эмне деген гана ыйгарым укуктар берилген?! Өлкөдөгү борбордук органдарды жана айрым күч структураларын эске албаганда калган экономикалык- чарбалык субъектилердин баары премьер-министрдин колунда го акыры? Эгерде Премьер-министрге ошол ыйгарым укуктарын толук бойдон колдонуп, Кыргызстанды оңдоп жиберсе ким каршы чыгат экен? Же өзүнүн ыйгарым укуктарын коргой албай, аны өз колу менен президентке жана анын шоопуруна өткөрүп берсе, ага коомчулук күнөөлүүбү?
Үчүнчүсү, Мындан 2 жыл мурда Жогорку Кеңеште Батукаев маселесин чучугуна жеткире сындагандардын бири “Ата-Мекен” фракциясы болгон. Ал маселеде башкы фигуранттардын бири катары саналып жаткан Аида Салянова экендиги “Ата-Мекен” партиясына белгисиз болсо, сокурга чейин белгилүү. Бүгүн мына ошол маселенин карама-каршы тарабында турган эки тарап биригип, кооз сөздөрдү айтып, элди алдаганы шайлоого баратышат.
Демек, булар эч качан мамлекетке жакшылык кылышпайт. Булардын бирин-экин гана максаттары бар. Алар: бийлик жана байлык. Урматтуу мекендешим, келечегиңди мародерлор менен аферисттерге тапшыра көрбө, суранам!
Адилет Айтикеев, журналист

#173 18 Август 2015 - 20:44
Balamir (15 Август 2015 - 19:09) жазган:
Добушуңду сен бербесең, ордуңа башкасы берет.
Кумурска ажыга жөнөгөн сымал биз да добушубузду бергенибиз оң. Эч ким көрбөсө да Эгем көрсө жетет. Мен жакшыга жанашайын десем жакшысы жок экен, ошондуктан азыраак зыян келтире турганына жанаштым деп жооп берип кетебиз.
Кумурска ажыга жөнөгөн сымал биз да добушубузду бергенибиз оң. Эч ким көрбөсө да Эгем көрсө жетет. Мен жакшыга жанашайын десем жакшысы жок экен, ошондуктан азыраак зыян келтире турганына жанаштым деп жооп берип кетебиз.
Туура !
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#175 19 Август 2015 - 20:47
Каралар "Черный, Рекеттер"
Парлламентке тандалууда.
Тангору Кыргызстан кайда баратат...
Бул өз кезегинде шайлоодо “каралардын” кызматын, күчүн дагы пайдалаганга аракет жасалат деген талкууга жем таштады. Кыргызстанда буга чейинки шайлоолордо уюшма кылмыш топтордун аралашып келгени маалым.
Өмүрбек Бакиров Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 55-орунда турат. Буга чейин Жогорку Кеңешке “Ата-Журт” партиясынан шайланып келген депутат уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган деген маалымат чыккан.
Бакировго 2010-жылы май айында Убактылуу өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылды деген айып тагылган. 2004-жылы уюшма кылмыш топтун анабашы Алманбет Анапияев менен бирге карактоо, адам уурдоо, опузалап акча өндүрүү фактылары боюнча кылмыш иш козголгон. Бирок Өмүрбек Бакиров болсо дооматтардын баарын төгүндөп жатат:
- Мен ал иш боюнча акталгам. Жалган жалаа жабылган. Бүгүнкү күнү менин үстүмдөн бирөө да арыздана албайт. Менин бир тал чачымды түшүрдү деп бирөө да айта албайт. Элдин акысын жеген жокмун. Коррупцияга аралашкан жокмун. Башка кылмыш кылган жокмун, эгер кылмыш кылсам бул маалга чейин чыкмак.
Өмүрбек Бакировдон анын кримтөбөл Алманбет Анапияевдин өкүл баласы болгонун тактап сураганыбызда чычалап, жооп берүүдөн баш тартты.
Бакыт Жетигенов
Учурда Социал-демократтар партиясынын тизмесине 29чу болуп илинген, өткөн шайлоодо парламентке “Ар-намыстан” келген Бакыт Жетигенов да “караларга” байланыштуу аты аталган. Былтыр күзүндө ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшма кылмыш топтун мүчөсү же ага катышы бар деп тизмеде турган жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин атын жарыялаганда арасында Бакыт Жетигенов да бар болчу. Ал кримтөбөл Алмаз Бокушев менен чогуу окуганын тастыктап, бирок жакын мамиледе деген маалыматты жокко чыгарды:
- Мен кылмышка аралашып, кылмыш кылсам бир жөн. ИИМ кийин “чогуу окуган, ошон үчүн айтылды, тиги-бу” деп айткандарын жокко чыгарбады беле.
КСДП тизмесинде 57-орундагы Дилмурат Акпаралиев тууралуу өзүнчө сөз кылууга болот. Ал кылмыш дүйнөсүндө "Дики" деген каймана ат менен таанымал жана партия тизмесине киргенге чейин фамилиясы Дооронов болчу. 2011-жылы жазында "караларга" каршы күрөш күчөп турганда камакка алынган. Жалал-Абад облусундагы Чаткал, Ала-Бука райондорун көзөмөлдөгөн кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда "положенец" болуп жүргөн. Ошондо ага "көз боёмочулук" беренеси менен кылмыш иш козголуп, карактоо, ишкерлерден опузалап акча өндүрүү менен алектенип жүргөнү айтылган.
Ала-Бука райондук кеңештин төрагасы кызматына чейин көтөрүлгөн Акпаралиевге (Дооронов) ага чейин "зордуктоо" , "карактоо" беренелери менен кылмыш иши козголуп, эки ирет соттолгон. Ал парламенттин мурдагы вице-спикери, учурда “Кыргызстан ” партиясында 2-орунда турган Азиз Турсунбаевдин жакын адамы катары сыпатталат. Азиз Турсунбаев алгач КСДПга ачык ыктап, кийин кайра “Кыргызстанга” өтүп кеткенден кийин, “Турсунбаев КСДПдагы ордун Акпаралиевге берди” деген да сөз чыкты.
“Караларга” байланыштуу аты аталып жүргөндөрдү башка партиялардан деле тапса болот. Мисалы, “Республика Ата-Журт” партиясында “Хоп” деген каймана ат менен таанымал Улан Чолпонбаев бар. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин казыначысы болгонун айрым гезиттер жазып чыккан эле.
“Бир бол” партиясында 15-орунга илинген, Ош шаардык дене тарбия, спорт комитетинин башчысы кримчөйрөдө “Душка” деген лакап менен таанымал Дүйшөн Төрөкулов да уюшма кылмыш топко катыштыгы бар деп калышат. Партиянын лидери Алтынбек Сулаймановдун өзү тууралуу деле уу-дуу сөз көп. Ошто спорт клубдардын көптүгү боюнча алдыда турган А. Сулайманов парламентте “милиция спортчулар менен уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн ажырата албайт" деп айтып чыккан эле.

#176 19 Август 2015 - 20:49
2-болум...
Айрым маалымат агенттиктер “Өнүгүү” партиясынын тизмесинде 17-орунда турган, фамилиясын Икрамов деп алмаштырган мүчөсү Тазабек Стамкулов уюшкан топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турарына шилтеме келтирген. Ошондой эле анда Стамкулов 2009-жылы мурдагы парламент депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулун уурдоого буюртмачы катары шектелгени көрсөтүлгөн.
Стамкулов баштаган топ өткөн жумада “Бир бол” партиясынын активистин токмоктоп коюшканы тууралуу маалымат да чыккан эле.
Мыйзам боюнча, уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп расмий сот гана аныктап чечим чыгара алат. Кыргызстанда сот аркылуу мындай макам алган бир дагы адам жок. Ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитов анткен менен милициянын өзүнүн оперативдүү тизмесине жараша иргелерин маалымдады:
- Уюшкан кылмыш топтун мүчөсү экенин сот аныктайт. Бирок бизде оперативдүү каттоодо турган жарандар бар. Азыр партиялар талапкерлерди тандап атат. Алардын тизмеси БШКда толугу менен такталгандан кийин, алар бизге текшертүү үчүн жөнөтүшү керек. Бирок катталганга чейин ар бир талапкер бизден соттолбогону тууралуу маалымдама алышы зарыл. Тизме толугу менен бекип, бизге келгенден кийин биз баарын карап чыгабыз. Эгерде уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары каттоодо турган болсо биз БШКга кабарлайбыз.
Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо“Ата Мекен” партиясынан Кара-Көл шаардык кеңешке шайланган мүчөсү уюшма кылмыш топтун өкүлү болгону аныкталган. Партия лидери Өмүрбек Текебаев тизмеде “каралар” же аларга байланышы бар адамдар жок деп ишендирип жатат:
- Парламентке уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүн эл гана келтирбей кое алат. Эгер ал кылмышкер камалып, соттолуп түрмөдө отурбаса аны чектегенге мыйзам жол бербейт. Бирок ким кылмышкер экенин, ким алардын жетекчиси экенин биз баарыбыз жакшы билебиз, партиялар жакшы билет, эл жакшы билет. Биз шайлоо убагында тазаланышыбыз керек. Кайсы партияда уюшма кылмыш топтун өкүлдөрү, жакындары бар болсо эл ага добуш бербеши керек. Алардан арылуунун экинчи жолу, уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп кармап, далилдеп соттоо керек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин баамында, “каралар” же аларга тиешеси барларды иргеген, депутат болушуна бөгөт койгон чаралар жетишсиз:
- Сот органдардын чечими менен гана кылмышкер деп табылат. Бүгүнкү күндө аларга эч ким тоскоол кыла албайт. Ошондуктан мурунку эле көрүнүштөр кайталанат. Эл оозунда айтылгандар айтылып жүрө берет. Бул эми көнүмүш адат болуп калды.
Президент Алмазбек Атамбаев уюшма кылмыш топторго каршы күрөш аёосуз болушу керектигин такай белгилеп келет. Анын партиясына кирген “караларга” катышы бар деп шектелген адамдар тууралуу президенттин өзүнүн пикирин билүү мүмкүн болгон жок.

#177 19 Август 2015 - 23:17
Кыскасы ажого ляпай дей турган партиялар отот. Жана алар мурдатан эле пландалып койгон. Ошондуктан шайлоого барасынбы жокпу баарибир ошол тандалган президенткке кулдук урган партиялар отуп шайланат. Бир эле атамекен партиясы президенткке караштуу куздогу парламенттик шайлоого талапкер партияларга тен келе алса керек деп ойлойм. А эгер шайлоого барып добуш бергенде деле, кимге кайсы таза партия таза адамга бермек элек??? Баары эле черныйлар ,алдамчылар,
куру убаданы карапайым калкка берип конуп калгандар,эчнерсени ойлонбой туруп акчанын кулу болуп эли жерин сатчуулар ,мамлекеттик казынаны омкоруп ойуна келгенин жасап ,мамлекеттин эсебинен чет элдеп саякатап, байлыктарын карапайым калктын мамлекеттин эсебинен кобойткондор журушсо анан кантип ошолорго ишенип добушунду бересин.. Кыска соз менен айтканда,кыргыз малекетин четинен жойуп жок кылуу учуруна алып келуучулор кайра эле шайланаары аныкталыптыр.
Мыйзамдарды келиштирип токушуп шайлоого карата ,таза иштеген эли учун жери учун иштей турган партияларга тоскоолдук жаратышып,шайлоого карата ставкаларын 500минден 5млн чейин которушуп аларды такыр шайлоого катышуу мумкунчулугунон ажыратышты,
анткени алар парламентке келишсе ичкен жегендерин кустуруп ,терилерин тескеери сыйрылаарын сезип турушпайбы.
Бизнесмен акчалуулардын гана мумкунчулугун тузуп беришти алар кайдан бизнесмен акчалуу болшу албетте мамказынанын акчаларын аркыл жол менен солоп алышып иштетип байышканда.
#178 21 Август 2015 - 11:55
Мен да ойлоп журом да, эмнеге биз каалбаган партиялар отуп кетет деп. Оказывается добуш бербейм дегендер коп экен да. Мен баарына каршымын шайлоого барбайм дегендердин баарын "карангы адамдар"десек болот.
Казактар менен суйлошуп отурсам кобу айтат, Назарбаев 98% ой алганы калп деп, анткени биз, бизге окшогондор шайлоого даже барган жок деп. Бул мне деген карнгылык. Шалоого баргандардын 98 % Назарбаев деп ой берген. Ошол сыяктуу барбайм баарына каршымын дегендер, шайлоого баргыла. Баарына каршы деген пункт бар ошого галочканырды коюп келгиле. Мезгилден артта калбагыла.

marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#179 23 Август 2015 - 15:02
#180 23 Август 2015 - 15:05
БИР БОЛ элим БИР БОЛ!!!
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат