Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 559
  • 560
  • 561
  • 562
  • 563
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#11201 Пользователь офлайн   Enesai   11 Август 2015 - 11:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения osh93 (10 Август 2015 - 06:26) жазган:

АССОЛОМУ АЛЕЙКУМ,, ЭНЕСАЙ "эже кандайсыз?
Форум жакбай калдыбы?
Мурункудай жазбайсыз
АКЫНДАР жака да барбайсыз,
Барсаныз да, анча деле жазбайсыз.



Эми айтаар созду камдайсыз,
Бир аптага интервью темасын кармайсыз.
Чарчабай берип интервью,
Элдин коонун алыныз.
Бар онорду чыгарып,
Кееде - кееде, обон салып
Ыр деле жазып алыныз.
Эми бир апта бою куттурбой,
Тынбай эже жазыныз.



АНДА
1-СУПОО?
Жашоодо кесибиниз эмне?
2-СУРОО?
Чыгармаларыныз кандай учурда жаралат?
3-Суроо?
Муну аткара аласызбы? Билбедим бирок интервьюнуз озгочо болуу учун. Бир кундук аткарган жумушунуздан фото баян жасабайсызбы?
Эгер, аткара албайм десениз. Анда жон кана баяндап бир чыгарма турундо жазынызчы.

Алдын ала Рахмат, интервьюнузду ийгиликтуу тапшырын:):


Ош иним,салам айтыпсын,
Эженди издеп жатыпсын,
Убакыт таппай жазганга,
Издепсин,кирбей калганда.

Акындар жакка бараармын,
Ырларды дагы жазаармын,
Жумушум бат-бат бутуруп,
Ыр жазам койбой куттуруп!

Суроонду мага берипсин,
Ыр саптар менен келипсин,
Ыр жандуу иним,чон рахмат,
Ийгилик каалап кетипсин!

1-суроого:Эки окуу жайын бутургом,башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тил адабияты мугалими болуп иштесем болот.
Азыр жеке ишкермин,аялдардын койнокторун сатамын.

2-суроого:Акыркы кундору,конулум чоккондо гана жазчу болуп алдым...

3-суроого:Эки- уч сурот менен бир кундук аткарган жумушумду баяндап бере албай калам го...
Соз менен эле айтып берейин,эрте мененки алтыдан кечки алтыга чейин жумуштамын.
Кечиндеси уй жумуштары менен алекмин.
Дуйшомбу куну дем аламын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11202 Пользователь офлайн   Enesai   11 Август 2015 - 12:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения windom (10 Август 2015 - 08:43) жазган:

Саламатсызбы Энесай айым? Куш келипсиз!

Кыргыз элимде макал бар эмесби " Ат айланып казыгын табат" деген,албетте Кыргызымдын ар бир макалы таамай айтылуу менен эле бирге адамзаттын жашоо образын кыска-нуска баяндап коюсу турган иш. Азыркы убакта бул макалды копчулук уй-булоодо эркеги башка менен мамиле куруп кеткендер колдонуп,оздорун "алаксытуу" менен алек. Чындыгында ушундай маанини тушундурсо анда тээ илгери да ата-бабаларыбызда ушундай "аягы суюк" эркектер болгон беле? Негизи бул макалдын чыгуусуна эмне туртку берди деп эсептейсиз? Деги эле сиздин чечмелоонуз, маанисине болгон тушунугунуз кандай? Рахмат.

Суроо татаал экен...
Копчулук эркектер,аялдары бала багуу ,уй жумушу менен алек болгондо,башка аялдан жылуулук издешип,убактылуу конул ачышат.
Акылы бар эркек болсо,кунумдугун гана ойлогон аягы суюк аялга караганда,ак никелуу жары,балдарынын энеси бийик экенин акыры тушунуп,уй-булосуно кайтып келет.
Аял кечирет,бирок унутбайт...

Илгери мындай окуялар аз болгон,ажырашуу болгон эмес,куйоосу олуп,башы ачылган аялдарды кайнисине же куйоосунун жакын тууганына берип коюшкан.
Эркек киши куйоосу бар аял менен жакындыкка барса,эки уруу чабышканга чейин барып,аял чачы кыркылып кун катары кызмат кылган.
Эркек кааласа да,каалабаса да "айланып оз казыгына" барган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11203 Пользователь офлайн   Topchubai   11 Август 2015 - 12:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Саламатсызбы Гулзира эже.Иштериниз кандай болуп жатат?Уй-булонун туйшугунон чарчаган жоксузбу?Эми мен дагы анча мынча суроо бере кетейин жон кетпей
1)Байкап корсом,сиз коп жылдан бери чет олкодо жашап журот экенсиз,ошого айылдын келиндери жасап жургон уй жумуштарын сагындынызбы? Айтайын дегеним,чоон чарага камыр жууруп,ал ачыгандан кийин тандырга от жагып,нандарды кызарта бышырып,кээде нан жаап жатканда колун,бетин куйгузуп алган кундорду сагындынызбы?
2)Кара Кулжанын кызы бала чагында кандай кыз болду экен?Бала чагыныз,ал убактагы оюнга тойбогон кунунузду бир эскерип кетсениз.
3)Кыргызстан канткенде онугот?
Буйруса дагы келээрмин,аман болунуз эжеке!

Билдирүүнү түзөткөн: Topchubai: 11 Август 2015 - 12:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11204 Пользователь офлайн   Enesai   11 Август 2015 - 13:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения nurchik05 (10 Август 2015 - 19:40) жазган:

Саламатсызбы Гулзира эжеке элден калбай суроо бере кетейин анда
1)канча жаштасыз жана эмне кесиптин ээсисиз
2)уй булодо кандай энемин деп эсептейсиз озунузду
3)жакшы коргон жаныбарыныз жана эмнеси менен жагат
4)жолдошунуздун кайсы сапатын баалайсыз?


1-суроого:Кесибим жонундо жогоруда жазып кеткем,жашым 37де.

2-суроого:Озумду эн жакшы эне деп эсептейм.
Кийимди оздоруно жакканын гана алып берем,азыркы балдар пайдаланчу спорт буюмдары ж.б менен камсыз кылам.
Балдарымды тушунуу учун алар уккан ырды угам,алар коргон кинону кором,алар кызыккан спорт темасында суйлошом.Кээде кыздар жонундо да суйлошуп калабыз.Мен алар учун энеси да,сырдашчу эжеси да болуп кетем.

3-суроого:Копчулук жаныбарлардын оздоруно караганда балдарын жактырам.
Балдары жардамсыздыгы, татыналыгы менен жагат.

4-суроого:Казан- аякка киришбегендиги, ак конулдуулугу, жонокойлугу менен жагат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11205 Пользователь офлайн   medina.   11 Август 2015 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Саламатсызбы Энесай эже!Интервьюнуз ийгилитуу отсун!Сизди, "Жапжаш туруп акыл айтпа,эмнени билмек элен"-дебей ар дайым сылык,сыпаа жазганыныздан улам,жаштар менен тез тил табышкан,тушунуктуу эже катары кором.

1)Кесибиниз кандай?
2)Кекчилсизби?
3)Коомдогу сизди туйшолткон ой.
4)Бала тарбиялоодо, "Какыс,кукус кылып тарбияласа, ата-энеден тайманып турат"ушул онбу же айтып,тушундуруу ынгайлуубу?

Алдын ала рахмат!
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11206 Пользователь офлайн   Enesai   12 Август 2015 - 07:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Senuchunzhashaim (11 Август 2015 - 02:46) жазган:

Ассаляму Алейкум Энесай эже! Алгач интервьюнузга жеке жашоонузга ийгилик каалап кетем.

Суроолорум томонкучо...

1. Жашоодо кутулбогон койгойлор (келишпестиктер) болуп турат эмесби, мындай убакта сиз кантип бул койгойлорду чечесиз?

2. Стресстен чыгуунун эн оной жолдору кандай?

3. Жашоодо кандай адамды мыкты инсан деп баалайсыз?

4. Ыр жазсаныз керек,(адашпасам) жаштыктан келген талантбы? Же кандай...

5. Жашоонуздагы эн бактылуу коз ирмемдеринизден бир элес...

6. Сиз балалыктын доорунда кандай бала (кичинекей кыз) болгонсуз?


Рахмат,озундун да иштерине ийгилик,бактылуу бол!

1-суроого:Койгойдун канчалык денгээлде олуттуулугуна карап,акылдуулук, сабырдуулук менен чечкенге аракет кылам.
Бирок,"ойлогон ойду-кыстаган турмуш женет",баары келип,пенденин эмес,жараткандын колунда...

2-суроого:Тез арада чыгуу учун:жагымдуу музыка угуу,кичинекейим менен ойноо,же мени тушунуп уга турган жакын адамым менен сырдашуу.

3-суроого:Мыкты инсан деп-корунуктуу иштери менен элге белгилуу болгон,тарыхта аты калган адамдарды эсептейм.Мисалы: Ч.Айтматов.

4-суроого:Ыр жазууну 2-классыман баштагам.
Ырларым:" Байчечекей" ,"Ленинчил жаш"журналдарына жарыяланган.
Студенттик кезде-сынактарга саламдашууларды, КВНдерге пародияларды жазчумун.
Кийин негедир жазбай калдым...
Азыр кайрадан жаза баштадым!

5-суроого:Бактылуу коз ирмемдердин бирин айтсам,бири калып кетет го?
Акыркы бактылуу коз ирмемдер-туулган айылымда откоргон кундор болду.

6-суроого:Копчулукко аралаша бербеген,кыялдангандан тажабаган,тамга тааныгандан баштап,коргон китебин созсуз окуган(ата-энем коп окуганыма тыюу салышчу)кыз болгом...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11207 Пользователь офлайн   Enesai   12 Август 2015 - 08:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Topchubai (11 Август 2015 - 12:44) жазган:

Саламатсызбы Гулзира эже.Иштериниз кандай болуп жатат?Уй-булонун туйшугунон чарчаган жоксузбу?Эми мен дагы анча мынча суроо бере кетейин жон кетпей
1)Байкап корсом,сиз коп жылдан бери чет олкодо жашап журот экенсиз,ошого айылдын келиндери жасап жургон уй жумуштарын сагындынызбы? Айтайын дегеним,чоон чарага камыр жууруп,ал ачыгандан кийин тандырга от жагып,нандарды кызарта бышырып,кээде нан жаап жатканда колун,бетин куйгузуп алган кундорду сагындынызбы?
2)Кара Кулжанын кызы бала чагында кандай кыз болду экен?Бала чагыныз,ал убактагы оюнга тойбогон кунунузду бир эскерип кетсениз.
3)Кыргызстан канткенде онугот?
Буйруса дагы келээрмин,аман болунуз эжеке!


Саламатчылык!
Башка туйшуктон чарчасам да,уй-було туйшугунон чарчабай калайын!..

1-суроого:Ооба, сагындым!
Нан жапкандан башкасын дагы сагындым:булактан суу которуп келгенди,ат минип,тоолорду аралап,жайлоого барганды;казанга куймак жасап,ысыгында кымызга малып жегенди;арчага ышталган чаначтагы кымызды шуулдата бышканды;кымыздык, ышкын тергенди(азыр ыйлап жиберем)...

2-суроого:Бала чагымда Нефертити курбумун жайлоодогу уйуно коп барчумун,кундузу топ таш,тункусу ак чолмок ойночубуз.
Ошол кундордо Нефертити курбума ыр арнаган экемин,аяш энем азыркыга чейин унутбай айтып журот:

Жайлоодо дайым кун ачык,
Журчубуз бирге жанашып,
Таарынып кээде калчубуз,
Жону жок созду талашып...

3-суроого:Кыргызстан- баарыбыз,оз элибиздин патриоту болгонубузда гана онолот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11208 Пользователь офлайн   windom   12 Август 2015 - 08:52

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: Бүгүн, 10:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Саламатсызбы Энесай айым? Болоор болбос суроом менен сиз тарапка кайра кайрылып калган кезим;

Айтсаныз азыркы Энесай менен мындан он беш жыл мурдагы Энесайдын айырмасы?

Жогоруда патриоттук сезимди козгоп откон экенсиз мекенге качан кайтуу ниетте турасыздар?

Балалыктагы эсте калаарлык коз ирмемден бир элес. ( башыныздан откоргон кызыктуу окуя ). Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11209 Пользователь офлайн   Enesai   12 Август 2015 - 10:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения medina. (11 Август 2015 - 16:28) жазган:

Саламатсызбы Энесай эже!Интервьюнуз ийгилитуу отсун!Сизди, "Жапжаш туруп акыл айтпа,эмнени билмек элен"-дебей ар дайым сылык,сыпаа жазганыныздан улам,жаштар менен тез тил табышкан,тушунуктуу эже катары кором.

1)Кесибиниз кандай?
2)Кекчилсизби?
3)Коомдогу сизди туйшолткон ой.
4)Бала тарбиялоодо, "Какыс,кукус кылып тарбияласа, ата-энеден тайманып турат"ушул онбу же айтып,тушундуруу ынгайлуубу?

Алдын ала рахмат!


Саламатчылык!

1-суроого:Кесибим- мугалим,бирок азыр жеке ишкерчилик кылам.

2-суроого:Кек сактап,жообун кайтарганга аракет кылбайм,бирок, конулумду ооруткан созду унута албайм...

3-суроо:Кыскача айта кетсем;улуттар жана мамлекеттер арасындагы келишпестиктер, экологиялык кырдаал,Кыргызстандагы саясый абал жана жумушсуздук. ж.б.

4-суроого:Менин балдарым кичинесинде ото эле шок болушса да,"какыс- кукус" кылбадым.
Баланы жеткире тушундуруп тарбиялоо гана таасирдуу болуп,жакшы жыйынтык берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11210 Пользователь офлайн   Enesai   12 Август 2015 - 12:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения windom (12 Август 2015 - 08:52) жазган:

Саламатсызбы Энесай айым? Болоор болбос суроом менен сиз тарапка кайра кайрылып калган кезим;

Айтсаныз азыркы Энесай менен мындан он беш жыл мурдагы Энесайдын айырмасы?

Жогоруда патриоттук сезимди козгоп откон экенсиз мекенге качан кайтуу ниетте турасыздар?

Балалыктагы эсте калаарлык коз ирмемден бир элес. ( башыныздан откоргон кызыктуу окуя ). Рахмат.


1.Он беш жыл мурда жаш болсом керек,48кг элем,азыр 57кг мын.
Сырткы келбетимде эле айырмачылык болбосо,озумду дагы деле он беш жыл мурдагыдай сезем(карыгыбыз келбейт да).
Бирок,коп жерде озумдун канча жашта экенимди озумо эскертип турганга туура келет...

2.Буюрса,балдарды буттарына тургузуп,анан кетебиз деген ойдобуз.

3.Мектепте окуганда торт кыз достошуп чогуу журчубуз,алардын бироосу-Нефертити курбум.
Анан биз чогулгубуз келгенде Жылдыздын(Нефертити) уйуно жоночубуз," туулган кунуно".Бир жолу апам урушуп калды,"Жылдыз жылына канча жолу туулат?",- деп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11211 Пользователь офлайн   madin_   12 Август 2015 - 15:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 524
  • Катталган: 18 Июль 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 14:32

Саламатсызбы ежеке.... Аллахым сизге баардык жакшылыктарды насип етсин.... 1.... Бакыт, омур, ыйман ушул учоонун бирин танда десе кайсынысын тандамаксыз, ушу учонун кайсы бири жашоонузда чон роль ойнойт.....2... . Бакыт деген емне.... 3 .... Дуйнодо кандай адамды сиз бактылуу адам деп есептейсиз. .... Алдын ала чоон рахмат... Бар болун коп жашан... Иштеринизге ийгилик...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11212 Пользователь офлайн   Enesai   12 Август 2015 - 18:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения madin_ (12 Август 2015 - 15:15) жазган:

Саламатсызбы ежеке.... Аллахым сизге баардык жакшылыктарды насип етсин.... 1.... Бакыт, омур, ыйман ушул учоонун бирин танда десе кайсынысын тандамаксыз, ушу учонун кайсы бири жашоонузда чон роль ойнойт.....2... . Бакыт деген емне.... 3 .... Дуйнодо кандай адамды сиз бактылуу адам деп есептейсиз. .... Алдын ала чоон рахмат... Бар болун коп жашан... Иштеринизге ийгилик...!


Саламатчылык, айтканын келсин,рахмат!

1.Омурду тандасам:ыймансыз, бакытсыз-супсак болот...
Бакытты тандасам:ыймансыз- манызы жок,омурсуз- кыска болот...
Ыйманды тандасам:коп жашап бактылуу болбосом да-жараткандын алдында абийирим таза болот!

2.Балдарым мандайымда, жуздорун кулку чайып,
Кичинем шоктук кылса,"дуйносун" ачып-чачып,
Чогултуп балдарымды, дасторкон кенен салып,
Отуруу,бир мен учун-алмашкыс, улуу бакыт!!!

3.Мен "бактылуу" деп эсептеген адам озун-бактысыз, мен "бактысыз" деп эсептеген адам озун-бактылуу сезиши мумкун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11213 Пользователь офлайн   Xanif   14 Август 2015 - 03:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Бул жакта допрос журуп жаткан тура. Тияктан качсаныз, бияктан баарибир колго тушот экенсизго... ))

Ассалааму алайкум Энесай эжеке...

1-Суроо: Маалымат менен илмдин айырмасы кандай? Жана экоонун кимиси, кимисине коз каранды?

2-Суроо: Ислам тарыхындагы нурдуу акыл ээси, жана таза рухтуу болгон, ислам баатырларынын бири, Оолия (Аллаахтын досу) энебиз ким болгон, жана качан, кайда торолуп-каза болгон?

3-Суроо: Кайсы ЖОЖ ду бутконсуз, жана кесибинз кандай? Ошого карап дагы келип кетейин, суроолоруму суйроп алып...

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 14 Август 2015 - 03:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11214 Пользователь офлайн   Enesai   14 Август 2015 - 07:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Xanif (14 Август 2015 - 03:07) жазган:

Бул жакта допрос журуп жаткан тура. Тияктан качсаныз, бияктан баарибир колго тушот экенсизго... ))

Ассалааму алайкум Энесай эжеке...

1-Суроо: Маалымат менен илмдин айырмасы кандай? Жана экоонун кимиси, кимисине коз каранды?

2-Суроо: Ислам тарыхындагы нурдуу акыл ээси, жана таза рухтуу болгон, ислам баатырларынын бири, Оолия (Аллаахтын досу) энебиз ким болгон, жана качан, кайда торолуп-каза болгон?

3-Суроо: Кайсы ЖОЖ ду бутконсуз, жана кесибинз кандай? Ошого карап дагы келип кетейин, суроолоруму суйроп алып...


Качайын деген оюмда деле жок эле...

Таасирдуу,адамдын коз карашын жакшы жагына карай озгорткон,тушунбогон суроолорго тушунуктуу жоопторду жазыпсын,качмак тургай,билдируулорунду издеп окуп турам,буюрса.
Аманчылык болсун!

1.Илим-далилденип, изилденип чыккан теория(менин жеке тушунугум)
Маалымат-илимди, же болгон жана болуп жаткан окуяларды,тарыхты кандайдыр бир булактардан(телеберуу, басма соз,интернет)коруу, угуу,окуу.
Илим-маалыматка коз каранды.(акылым ушуга гана жетет экен,кечиресиздер! )

2.Оолия энебиз деп хадистерден окуп калам,бирок, качан торолуп,качан каза болгонун билбейт экем.

3.ЖАМУнун педколледжин акыркылардан болуп буткомун(университетке аралашып окуганбыз).
Андан кийин ОшМУнун кыргыз тил,адабият факультетин сырттан бутурдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11215 Пользователь офлайн   asi15   14 Август 2015 - 19:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 067
  • Катталган: 14 Май 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2019 07:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ордолуу ОШ

Саламатсызбы Гулзира эже! Убакыт таап менин да суроомо жооп берип коерсуз деп ишенем.
Азыр копчулук эркектер арзуу кылган"токол" маселеси сиздин жолдошунузга да жармашса эмне кылмаксыз? (Суроом орой болсо алдын ала кечирим сурайм).
Азырынча ушул эле сизге ийгилик каалайм.
Мени жаман көргөндөрдү, мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11216 Пользователь офлайн   Xanif   14 Август 2015 - 19:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Просмотр сообщения Enesai (14 Август 2015 - 07:48) жазган:

Качайын деген оюмда деле жок эле...

Таасирдуу,адамдын коз карашын жакшы жагына карай озгорткон,тушунбогон суроолорго тушунуктуу жоопторду жазыпсын,качмак тургай,билдируулорунду издеп окуп турам,буюрса.
Аманчылык болсун!

1.Илим-далилденип, изилденип чыккан теория(менин жеке тушунугум)
Маалымат-илимди, же болгон жана болуп жаткан окуяларды,тарыхты кандайдыр бир булактардан(телеберуу, басма соз,интернет)коруу, угуу,окуу.
Илим-маалыматка коз каранды.(акылым ушуга гана жетет экен,кечиресиздер! Жакшы эле жетиптир акылыныз:-))

2.Оолия энебиз деп хадистерден окуп калам,бирок, качан торолуп,качан каза болгонун билбейт экем---Менда кайсы Хадистерде бул Оолия тураалуу жазылганын окуйда, корода элек экем. Сиз кайсы Хадис булактарынан окудунуз экен:-) Ошондо атыны ким деп окуган элениз?)

3.ЖАМУнун педколледжин акыркылардан болуп буткомун(университетке аралашып окуганбыз).
Андан кийин ОшМУнун кыргыз тил,адабият факультетин сырттан бутурдум----Ошондо расмий кесибиниз Филолог болуп жатырда э?

Анда Суроо: Филология илиминин тарыхына коз чаптырып коргонсузбу? Бул илимдин негиздоочусу ким? б.з.ч пайда болгонбу, же б.з пайда болгон илимби?
Рахмат, жообунузга карап дагы келем иншаа Аллаах...

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 14 Август 2015 - 19:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11217 Пользователь офлайн   Meruet84   14 Август 2015 - 22:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ассалааму алейкум Енесай эже.

Мен сизге бере турган суроолорум берилип бутуптур.Андыктан сизге каалоо тилек айтып кетейин.
Енесай эже сизге эки дуйно бактылуулук каалайм.
Уулдарыныздын урматын корун жана жараткан сизге ыймандуу келин берсин.
Форумда дайыма бизге акыл насаатарынызды айтып журо бериниз.
Ийгилик сизге жар болсун.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11218 Пользователь офлайн   Enesai   15 Август 2015 - 06:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения doping (14 Август 2015 - 15:40) жазган:

salam
1.kanch balanyz bar?
2. Anan kandai biznes kylasyz?
3. Jarandygynyz kay jaktyky?


1.Уч уулум бар,17,15,4 жаштарда.

2.Аялдардын кийимдерин(Бишкекте тигилген)дун баада(оптом)жана жеке баада(розница)сатамын.

3.Жарандыгым россияныкы. Россияда жарандыксыз ишкерчилик кылууга,соода- сатык иштерин жургузууго уруксат жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11219 Пользователь офлайн   Enesai   15 Август 2015 - 07:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения asi15 (14 Август 2015 - 19:20) жазган:

Саламатсызбы Гулзира эже! Убакыт таап менин да суроомо жооп берип коерсуз деп ишенем.
Азыр копчулук эркектер арзуу кылган"токол" маселеси сиздин жолдошунузга да жармашса эмне кылмаксыз? (Суроом орой болсо алдын ала кечирим сурайм).
Азырынча ушул эле сизге ийгилик каалайм.


Саламатчылык!

Суроондо эч кандай оройчулук жок.
Мындай суроолорду курбуларыбыз менен талашып-тартышып ,талдап бутконбуз.
Жолдошум жонундо айтсам,бул тема тамаша ирээтинде эле козголбосо(анда да мен баштайм),чындап андай ою азырынча жок.
Эгерде токол алам десе,оз эрки,мен каршылык кылып чычалачу курактан откомун(тушуном).
Карыганда тамак жасап,кийимин жууп,жипсиз байланып отурбай,ээн- эркин балдарымын уйуно каалаганда барып,каалаганча журуп,неберелерими эркелетип журо берем.
Кыскасы мен учун жашоо токтоп калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11220 Пользователь офлайн   Enesai   15 Август 2015 - 11:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Рахмат,акылым жеткенин айтып,суйунтуп койдун!

2.Бир китептен окуганмын,мумкун атын алмаштырып жаткандырмын, окуганыма коп жыл болгон,"жорунун билем"дегениндей болбой,билбеген нерсеми моюнга алайын.

Сурооно жооп:

Ооба,филология тарыхын"ичип- жебесем"да, кенири эле тушунугум бар.
Филология илими биздин заманда пайда болгон.Адабий чыгармаларда(уламыш, дастан,жомок, элдик ырлар ж.б) чагылдырылган тил маданиятын изилдоочу илим.
Кыргыз тили турк тилдерине киргендиктен алгач туркология деп чогуу изилденген.
Туркологияны изилдегендер алгач Осмон империясында болгон.
Менин так билгеним Махмуд Кашкари дагы биринчилерден болуп туркологияны изилдеп китеп жазып чыккан.
Кыргыздардын тилин,Манас эпосун изилдеген Чокон Валиханов дагы филология илимине чон салымын кошкон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 559
  • 560
  • 561
  • 562
  • 563
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Авг 2025 17:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: