Мен да буйруса барам, апам менен сырдашып чер жазып келем.
Кыздар төркүнүндө. Келиндер үчүн майрам болуш керек төркүнүнө баруу ээ?
#102 12 Июнь 2015 - 18:52
Мен Оштон Токтогулга тушком центринде турабыз. Ошко 7,8 айда бир барам эн коп жургонум 1 жума болбосо 3 кунго эле барам, анда да кайненем ызы чуу кылып атып жиберет
#103 12 Июнь 2015 - 19:58
Мен торкунумо барсам эч узак журо албайм ашып барса 1жума зоргоо зоргоо,апам таарына берет мен сени урушпасам иш кылдырбасам деп жалгыз кыз болгонума эркелеп кечке жатааам.Куйоом не болду экен кийимдери кандай болуп кетти курсагы кандай ойлой берем да анан кетемге тушом болбосо жол узак Оштон Аксыга барам торкунумо.
#104 12 Июнь 2015 - 23:22
Охуу .1жума зорго турам дейби.Мени 1кунго зорго жиберетко.Баарынардын куйоонор жакшы экен.2,3 кундон 1жумага чеин жонотсо.
#105 13 Июнь 2015 - 10:29
кечээ келгем апамдардыкына.
буйурса 3-4 кун турабыз го. туну бир убакка чейин синдилерим м.н ушакташып, оо бир убакта жаттык.
#106 14 Июнь 2015 - 13:12
Мен барбайм десем да болот. Барам кайтам....
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#107 14 Июнь 2015 - 13:33
Торкунумо бара элегиме 1жыл 2ай болуптур. Буйруса июль айында 1айга барып кел деп атат
Назка
#108 15 Июнь 2015 - 12:44
Биз да 2айда 10кунго жиберет куйоом жоок мезгилде анда да ал барда 1кун эле турабыз кайненем сен жоок болсон куйоому уйго киргиси келбей журо берет дайым жанында бол дейт
#109 15 Июнь 2015 - 17:01
Мен узагы эки саатка барам болду .Уйго кирерим менен апа биз азыр эле кетебиз деп баштайбыз.Жакын жердин ушусу бар экен .Бир туугандарым уйлонуп же турмушка чыгып калса кана 1.2кун турбасам башка маалда соткадан кучуму чыгармай.Бирок ушунчасына шугур кылам баарынын эсенчилиги ошо бакыт мен учун .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#110 15 Июнь 2015 - 17:27
Азыр Рая эжекенин билдируусун окуп токтоно албай ыйлап жатам.Менда турмушка чыкканыма 2 жылдын жузу болду озум чоноюп оскон уйумо бара элекмин.Былтыр кузундо барып журуп келейин десем,кайынэнем жибербей койду,анан атам мн апамды сагынып аябай жаман болуп ыйлап журдум.Анан ооруп атам деп шылтоо таап шаардагы уйго 1 жума журуп келдим( бизде айылда уй бар,кузундо апамдар ошол уйго кетип калышат)Апам мн атамдын суйунгонун айтпаныздар,
атам 10 кун журуп кет деп,аябай суранды себеби жалгыз кызмын,бирок кайынэнем чакыртып Алды.азыр эсептесем 7 ай болуптур коро элегиме,сагынычым артып кундо суротторун обом жаныма коюп жатам,анан бир маал ыйлайм.Бая куну атам звонок кылып алыска чыкпай эле койсон болмок экен балам,сагындык сени десе опко опкомо батпай ыйладым.
#111 15 Июнь 2015 - 18:10
zaika.tvo9.1990 (26 Февраль 2015 - 03:14) жазган:
Үйгө кадам аттап киргенде эле не кылам? Кирип эле үстүмдөгү жерге тийген кофта, юбкаларды чечип туруп, башымдагы жоолукту сыйрып ыргытып, жүүгүрүп ваннага кирип, бир сыйра топтолгон кирлерди кетирем да, путболке шортиктерди кийип эле, бутума бийигирээк кылып төшөк салып беришет бутту асып жатып калам. Анан чалкалаап жатып алып, маңдайыма апам менен жеңемди коюп алып өллө ушакташам. Айылдан өллө чарчап келген жаным кыздарымды деле карабай коём. Апам өзү аларды жуунтуруп, тойгозуп, ээрчитип жүрө берет. Маззяя кылып дам алам

Кээ бир эжелердин кайнжуртун ушактаганын көрсөм жиним келет. Анан жеңемдерди ойлойм, булар да ушуларга окшоп ушакташабы деп.
Үйдөгү нерсе сыртка чыкпашы керек деген сөз таамай айтылган.
Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 15 Июнь 2015 - 18:11
#112 13 Август 2015 - 04:53
Баргандан кеткенче шашам.
Озумдун уйумдо кенен журом андан коро.
Озумдун уйумдо кенен журом андан коро.

#113 13 Август 2015 - 09:37
Мен дагы 2 айда бир барам,1-2 кунго деп,бирок атабыз эртеси эле чалып баштайт,мен ошол жакка барат элем ала кетейин силерди да деп
#114 13 Август 2015 - 09:40
1-2 жылдан бери барбай жургон келиндерге ДАНК! 
Мен жума сайын барам)

Мен жума сайын барам)
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#115 13 Август 2015 - 14:03
Эээ мен 7 8 Айдан бери баралекмин.
Тирилик деп журом. Сагындым аябай. Жакында кетем, барып бир 10 кун журбосом.
I hope to meet again ..
#116 13 Август 2015 - 15:56
6 айдан бери өзүмдүн ата-энемдин жанында жүрөм. Жакында буюрса үйүмө кетем. Жолдошум айтмакчы ушу менен төркүнгө бир кыйлада келсем керек.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#117 13 Август 2015 - 16:33
7айдан бери бара элекмин,сагынычым койнума батпай аран журом.Жетип эле алсам 2 3кун журом деп атам чалкалап.
#118 13 Август 2015 - 17:26
Бир айда Бир, эки жолу 3 ,4 саттка эле барам да кайра келем,мурда жолдошум анча унчукчу эмес эле азыр барсам эле кайра келип калат кеттик уйго деп..Бул айдын лимити буткон,буйруса сентябрда бир жумага барам деп план коюп атам....
#119 13 Август 2015 - 23:03
Бир ар жумадан кийин мен да барам буюрса. Акыркы жолу Айт куну 1 кун жатып келдим эле.
#120 13 Август 2015 - 23:12
Буйруса бир айдан кийин төркүнгө эмес кайынжуртка барам. Кайненем экөөз санаторияга жаталы деп чечтик буйруса
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…