1-курста окуп жүргөндө, чогуу жашаган кыздар бир төлгөөчүгө бармай болуп калышты. Мени да ээрчитип алышкан. Алардын арасынан эң кичүүсү мен элем. Баарына чекеден төлгө салып, ар нерсени айтып берди. Анан, мага карап "сага да ачайынбы"
деп калды. Жок десем, кыздар, "ача бериң, бул дайым эле сырдуу жүрөт, жигитин билип алалы" деп калышты. Таштарын ары-бери кылып, анан айта баштады, "Батышта үйдөн бирөө бар экен ээ" дейт, оа дейм да, ичимден, "тооба, азыр почти ар бир үйдөн бар да" дедим. "Той түшүп атат, үйүңөрдө той болот экен" деп калды, антсе кыздарга табылбай эле, "жигитин айтыңчы" деп калышты. Анан эле бирөөнү сүрөттөп кирди (жигиттин баляяси да жок болбосочу). Жоок аай, жигит-мигитим жок десем да болбой, сөз айткандар бар экен деди. Ичимен эми бардык эле кызга сөз айтат деп жактырбай турдум тигини. А сөз айткандардын ичинен деле, ал сүрөттөгөндөй адамды элестете албай койдум )). Кетээрибизде мага карап, "сен ишенбей жатасың мага, ошон үчүн, төлгөм адашып калып жатат" деген. Көз карашымдан байкап калган го ишенбегенимди )). Ошондон кийин ишенбей калгам. Ал кезде көзү ачык, бакшыларга баруу күнөө экенин билчү эмесмин. Азыр ойлосом коркуп кетем. Кудай өзү кечирсин да.
Кыргыз козу ачыктарга (бакшы) ишенеби? Козу ачыктар жонундо ой пикир
#241 15 August 2015 - 04:10
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.

Супер-Инфо
super.kg
видео








