Кече жакында жаш кыз м.н тушкон суроту интернетке жайылып кетти го шерменде!
дагы жазмакмын Текебаевдин былыгын жазсан эле банга кетесин эй бу жерде!
Кийинки президент болууга ким татыктуу?
#102 15 August 2015 - 22:56
#104 16 August 2015 - 15:53
Текбаевди да президент шайлап көрөлү, жүзүнө чыдаган жүз бирине дагы чыдап коебуз. Өзүбүз акчаны жакшы көрөбүз, акча берсе ууру болсо деле шайлай беребиз биз.:-)
#105 17 August 2015 - 22:52
Бу Текебаевди мен саясаттан жолу жок адам деп айтар элем,себеби 25жыл бою бийликтин сап башында турду , коп жолу президенттик жарышка тушту,оомат ташы ойдо кулап эл колдоп да турду...бирок.
.президент боло албады...шанс бар болчу...онтойу бар болчу...
Билбейм эми...
Бирок азыркы тапта бийликте салмагы оор,таасирдуу саясатчы.

Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#106 11 September 2015 - 23:11
Жаман жагын эле айтасынар созсуз акча бериш керекби? Акча менен бир кундук курсакты тойгозуп алдап кеткендерге эмне деп баа бересинер? Тили эле бар дейсинер тили менен мээси не подключен болуп суйлоп кишинин акылына сыйбаган жалган суйлогон чиновниктер бар ошол ак уйдо олтурат аларгачы? Бул киши суйлойт да кылада алат!!!
Бул кишинин акчасы эмес билимине, саясатына, жана ишкерлигине ишенип сыйлаган дамдар ото коп!!!
!
#107 13 September 2015 - 00:17
Каркыраны казактарга берүүгө эбегейсиз салым кошкон Токон Мамытовго чегара маселесин чечүүнү ишенип тапшырууга болбойт
Подробности
Категория: Саясат
Опубликовано 10.01.2014 16:20
Ушул кезде Душанбе шаарында Кыргыз -Тажик чегараларынын ортосунда сүйлөшүү жүрүп Кыргыз делегациясын вице премьер-министр Токон Мамытов жетектеп, сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Көп жыл тыныгуудан кийин сүйлөшүүнүн акыры башталып жатышы жакшы жөрөлгө. Бул азыркы Кыргыз бийлигинин урунттуу иштеринин башталышы деп билсе болот.
Бирок, жалгыз эле мен эмес, Кыргыз делегациясынын башчысы Токон Мамытовду аздыр- көптүр билген адамдар баарыбыз катуу кооптонууга түшүүдөбүз. Анткени бир эмес, эки мамлекет менен чек ара маселесин тактоо болуп көрбөгөндөй жоопкерчиликтүү иш. Бул ата-бабаларыбыз калтырып кеткен жерибиздин бүтүндүгүн сактап, өтө чоң патриоттуулук менен аракет кылуу дегенди билдирет.
Ал эми Токон Мамытовдун бул ишти аркалап кетүүсүнө чоң күмөн бар жана элдин кызыкчылыгын татыктуу коргойт деген ишеним жокко эсе. Мурдагы Президент Курманбек Бакиев башкарып турганда казактарга Каркыра жайлоосунун берилип кетишине, документтеринин даярдалышына тынбай аракеттенген ушул Токон Мамытов болгон. Анда мен да Ак үйдө иштеп, Токон Мамытовдун мындай начар иштери боюнча маалыматым бар эле. Мен ага кайрылып " Эмне үчүн Каркыраны казактарга берип жатасыздар? " десем, ал мага далилдөөгө аракеттенип " Сан-Таш жайлоосунан казактардын жакшы жерлерин алып жатабыз , Каркыраны бергенибиз туура эле болду" деп жанталашкан эле.
Ошентип мурдагы " Ак жол " партиясы башында турган парламент, мурдагы президент Курманбек Бакиев, мурдагы спикер Адахан Мадумаров, Ак үйдүн мурдагы Канцелярия башчысы Токон Мамытовдор хан Көкөтайдын ашы өткөн касиеттүү Каркыра жайлоосун казактарга бардык жагынан мыйзамдаштырып, кармата беришти. Мына ушундай чыккынчылык иштен кийин Кыргызстандын эли Токон Мамытовго кантип жердин тагдырын чечкен жоопкерчиликтүү ишти тапшыра алат? Токон Мамытовду мындай кызматка коердо парламент менен өкмөт эмне учун бул жагдайды эсепке алган эмес? Эмне учун Президент Атамбаев өзү билип турса да, кыргыздын жерин саткан Адахан Мадумаров менен Токон Мамытовдорду эн чоң кызматтарга көтөрүүгө барды? деген суроолорду ар бир атуул берүүгө укуктуу.
Ошондуктан мен бугун Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаевге кайрылып, токтоосуз түрдө Токон Мамытовду кызматтан алууну суранам. Мен ойлойм, Президент эгер келечек муундардын тагдырын жана ата- бабаларыбыздын калтырган осуятын ойлосо, бул өтүнүчтү токтоосуз түрдө орундатат.
Анткени мурдагы бийликтин элге каршы иштерди жасаганын Президент Атамбаевден артык билген адам аз.
Эмне учун мен минтип күтүүсүз жерден Токон Мамытовдун иштен кетишин талап кылып жатам? Анткени анын Каркыраны эле бергени үчүн эмес. Ал адам катары өтө чечкинсиз,мүнөзү жумшак, өз позициясына бекем тура албаган жетекчилердин катарына кирет.
Ал эми мындай адамга өтө жооптуу ишти тапшырууга болбойт.
Чек ара маселесин чечүү өтө чечкиндүүлүктү, күчтүү мүнөздү,өз позициясына бекем турган патриоттуулукту, элин-жерин сатпаган чыныгы атуулдукту талап кылат. Ал эми Токон Мамытовдо жогоруда айтылган сапаттардын бирөө да жок экендигин аны жакындан билгендерге толук маалым.
Мен алдын -ала эле айтаарым, эгер Токон Мамытов жер маселеси боюнча делегация башчысы болуп ушул кызматта кала берсе, анда биз Өзбекстан менен Тажикстанга көптөгөн жерибизди алдырып, өз позициябызды коргой албай, ата- бабаларыбыздан калган жерлерибизден ажырап, келечек урпактардын алдында бетибиз кара болуп, касиеттуу Каркыра жайлоосун алдыргандай болуп бозоруп кала беребиз. Муну бөркүңүздөрдөй эле көрүп коюңуздар.
Мен ошондуктан алдын-ала Кыргыз бийлигине жана Кыргыз элине эскертүү ирээтинде кайрылып жатам. Эгер менин кайрылуумду Кыргыз бийлиги жана Кыргызстандын эли укпаса , бул кайрылуудан жыйынтык чыгара албаса анда карапайым эле элдин шору.
Борбордук Азия мамлекеттериндеги Адам укугу боюнча Конгресстин Координатору , Элдик Акыйкатчы Турсунбек Акун

#108 13 September 2015 - 00:26
Мадумаровду мактаган мекендештерге жогорудагы жетиштуудур.
Кептин баары тилде эмес чаныта суйлогон,кеп элине пайдалуу иш кылуу туугандар. Мумкун кимдин бироолордун буйругун аткаргандыр ошол кезде,бирок эгерде ак дилден кызмат кылгысы келген адам жок деп айтууга батынмак,азыр депутат эмес силер айтмакчы президен болууга 100%кепилдик эл тараптан алмак туурабы мекендештер?
Мен Мадумаровду жамандап шайлоо алдында басынта айтканым эмес,мен да силер сыяктуу мамлекетибиз онуксо экен оссо экен,чет жерде тентиген мекендештер оз олкосуно кайтса экен,элин жерин суйгон атуул бийликке келсе экен деген тилектерди оорундалышын тандын атышындай куткон кыргыз жаранымын!
Ошондуктан Мадумаров дагы бийликке келсе дагы да кусоктоп кесип жерибизди сатып жибербеспи деген ойум.
#110 13 September 2015 - 01:03
Турсунбек Акундун, жарылган бомбаларынын бири окшойтко э?)))
Жер сатыш, же белек кылыш боюнча, Усубалиевке эчким жетпейт...

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#111 13 September 2015 - 17:41
#112 13 September 2015 - 17:52
Адахан Кимсанбаевичти колдойт копчулук эл.
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#114 13 September 2015 - 23:47
Текебаев менен Мадумаровдун эч кандай айырмасы жок болуш керек,экоо тен тилдеринен чан чыгарган,айлакер созмор,чечен,
куноолорун эч качан мойундарына алышпаган саясатчылар,
кыргыз элинин тагдырына жооптуу, мамлекеттик чон кызматарда иштеп келишти,бирок эл жерине эч кандай корунуктуу кызмат кыла алышпагандыктарынан,
эл арасында абройлору томон деп ойлом. Текебаев ,Мадумаров эле эмес ушул эки саясатчы менен узонгулош табакташ болуп 20жылдан ашык убакыт кыргыз элинин бийлик бутактарында иштеп келишкен,азыркы парламенткке талапкер партия жетектеген саясатчылар,
эл ишениминен кетип отурушат. Дагы да жылуу,майлуу сутту оорунду бергилери келбей,таза жаш саясатчыларга бут тосуу ыкмаларын коодонушуп мыйзамдарды озгортуу менен,мурунку ыкмалары аркылуу карапайм калкты алдоо жолу менен атсалышып жатышат.
#115 14 September 2015 - 02:07

Мадумаров менен Текебаевти салыштырып болбойт. Айырмасы ото чон. Кээ бир учурларда жакшы адам да жаман болуп корунушу мумкун. Так что такталбаган маалыматтарга таянып, озунун жеке пикири аркылуу бир жыйынтык чыгарып, адамга жалаа жапкан да туура эмес!!!
#116 14 September 2015 - 20:53
Мадумаров менен Текебаевти салыштырып болбойт. Айырмасы ото чон. Кээ бир учурларда жакшы адам да жаман болуп корунушу мумкун. Так что такталбаган маалыматтарга таянып, озунун жеке пикири аркылуу бир жыйынтык чыгарып, адамга жалаа жапкан да туура эмес!!!
Жалаа жапкыдай мага эмне кызыксынго, Мадумаров жонундо кынкылдаган наристелер да билишет кантип ким аркылуу кусоктоп жер сатканын. Же андайларды укмаксан болосунарбы? Элин жерин саткан адам эч качан жыргатпайт ушуну билип кой! Текебаев жонундо,Мадумаров жонундо интернет булактарында толтура маалыматтар журот кызыксан таап окуп чык. Трибунага чыгып кыйкырып суйлоп популизмды колдонуп койсо эле аа бул кыйын экен тайманбады деп айтуу ото оной,кыйкыргандын артында кандай саясат жатканын бир кудай билет. Ошондуктан капа болбо мекендеш,мен да сен сыяктуу жакшы адам башкарса бийликке келсе деген ойдо жазгамын.
#117 15 September 2015 - 00:14
Бизде эл алдына суурулуп чыккан лидер барбы?жок!
Бизге жаманбы жакшыбы бир кучтуу лидер керек болуп атат..эл ушундайга зар..
Путиндей,Назарбаевдей же Каримовдой. .
Тартип менен коррупцияга богот койуп,мыйзамды иштетип берген лидер болсо эле мамлекетибиз озун озу багып,бутуна туруп кетет эле..
Бизге жаманбы жакшыбы бир кучтуу лидер керек болуп атат..эл ушундайга зар..
Путиндей,Назарбаевдей же Каримовдой. .
Тартип менен коррупцияга богот койуп,мыйзамды иштетип берген лидер болсо эле мамлекетибиз озун озу багып,бутуна туруп кетет эле..
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#118 15 September 2015 - 00:14
Жалаа жапкыдай мага эмне кызыксынго,
Мадумаров жонундо кынкылдаган наристелер да билишет кантип ким аркылуу кусоктоп жер сатканын. Же андайларды укмаксан болосунарбы?
Элин жерин саткан адам эч качан жыргатпайт ушуну билип кой! Текебаев жонундо,Мадумаров жонундо интернет булактарында толтура маалыматтар журот кызыксан таап окуп чык. Трибунага чыгып кыйкырып суйлоп популизмды колдонуп койсо эле аа бул кыйын экен тайманбады деп айтуу ото оной,кыйкыргандын артында кандай саясат жатканын бир кудай билет. Ошондуктан капа болбо мекендеш,мен да сен сыяктуу жакшы адам башкарса бийликке келсе деген ойдо жазгамын.
Мадумаров жонундо суйлобой деле койсон болот, обсалютно мени не интересует ал адам))) Мени Текебаев интересует, интернеттеги маалыматтарга келсек баары чындык деп эч ким кепилдик берелбайт. Текебаев, тушунгон адамга жакшы эле адам, жакшы эле саясатчы деп да эсептейм. Так что ар кимдин оз ою бар, спордо эч качан утуш болбойт. Ошондуктан мен унчукпай коеюн)))
#119 15 September 2015 - 00:33
Ээ саясат бутпойт го?Мадумаровдун да,Текебаевдин да кандай экенин эл билип бутту.Биз талашкан менен пайда жок.Кыргызстанды онуктуром,кыйратам деп,саясатта жургондоруно 20 жылдан ашты.Мындан ары да жарытпайт го.Суйлосо тилдеринен чан чыгат.Бизге жаш,курч,билимдуу,
абийрдуу лидер керек.Мына,азыр угут учурунда акчаларын"
Концерт"коюп коротуп жатышат.Бир чети, антпесе эл келбейт.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#120 15 September 2015 - 09:47
Мадумаров жонундо суйлобой деле койсон болот, обсалютно мени не интересует ал адам))) Мени Текебаев интересует,
интернеттеги маалыматтарга келсек баары чындык деп эч ким кепилдик берелбайт. Текебаев, тушунгон адамга жакшы эле адам, жакшы эле саясатчы деп да эсептейм. Так что ар кимдин оз ою бар, спордо эч качан утуш болбойт. Ошондуктан мен унчукпай коеюн)))
Ааа Текебаев жонундо айтканынды билбептирмин кечиреерсин анда. Текебаевдин чыгарган мыйзамдары менен жашап жатканыбызды мойунга алуубуз керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео