Капуста,болгарский туздаганды билгендер рецепти менен болушо кеткилечи.Сураныч.
..
Ким кантип туздайт? Бадырың туздоо
#22 16 August 2015 - 16:46
Конфетка-love,
тууралган кок чопторду кандай идишке салып муздаткычка коюш керек? банка? баштыкча?
#23 16 August 2015 - 17:01
Биз откондо,бадран туздадык эле,эки кундон кийин атып берсе болобу. Озуда танканын огундай атат экен адамды ч0очутуп.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#24 16 August 2015 - 17:33
Биз откондо,бадран туздадык эле,эки кундон кийин атып берсе болобу. Озуда танканын огундай атат экен адамды ч0очутуп. 
Суротко тартып туруп,ашканадагы "чп" деп туруп сонку кабарга айдап жибербепсин )))
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#26 16 August 2015 - 19:25
эжем бадыранды сууга чылап алган сон кадимки тиш шеткасы менен сыртын жууйт болчу. чтоб атып кетпеш учун.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#27 17 August 2015 - 16:13
Мен бадыран,памидор,
капуста,болгарский анан чоп чар кошуп салып устуно кайнак суу куйуп 3 жолу кайра тогуп помидордун согун чыгарып кайнатып куйдум,ч.л менен уксустан кошуп туруп.2кундон кийин кечинде баламы уктатып жатсам балкон жактан тарс дедиго иииййй корконуму айтпагыла жалгыз элем,эмне болду тушунбой турбай жата бердим.Жолдошум келгенде чыксам крышкасы жок туруптур ээээ ооолляяя дедим анан.Ошентип бироосу тынчыды калгандары пока жакшыго.
#28 22 August 2015 - 18:54
эжем бадыранды сууга чылап алган сон кадимки тиш шеткасы менен сыртын жууйт болчу. чтоб атып кетпеш учун.
Атылып кетпоосу учун камырды крышканын айланасына шыбап койсо да болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#29 24 August 2015 - 19:03
Туздаганда дайыма эле атып жиберет да адамды убара кылып ким кандай сырларын билет дагы
#31 30 August 2015 - 13:05
бадыран атып кетпеш учун 3л банкага 3 таблетка кадимки эле аспирин таблеткасын салып койсонор болот.
Если Я кому то не понравлюсь_ вот не верите --ПеРеЖиВу))))))).
..
#32 01 September 2015 - 23:23
бизда откон жылы орус кемпирдин огородунан терип келип туздадыкле беш банка.тилеке каршы бешоосутен атып жиберди.ошондон бери туздабайле калдык.магазинден даярынле сатып келдип жейвиз.
#34 09 September 2015 - 21:00
Туздалган бадыран болсо жештин рецебин менден сурагыла...
Аткан тан ийгиликтердин башаты болсун!!!
#35 11 September 2015 - 17:53
Бадыранды таза жууп чоон табакка салып чылап коюп.
Ага чейин суу кайнатып алып , банкаларды даярдап алуу керек.Даяр болгон банкаларга бадырандарды тизип салып кошо чеснок, лавр жалбырак , кургатылган укропту кошо салып , кайнаган суу куюп узагы 20мин коюш керек.Уч жолу кайталап суу куюп токкондон кийин чёрный перецти салып туз кошуп акырында 3литрлик банка болсо бир чай кашык уксуз кошуп басып коюлат.Ширин туздалганын калоочулар болсо бир чон кашык шекер салса жакшы болот.
Мен дайым ушул жол менен туздайм , жакшы сакталат.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#36 11 September 2015 - 18:13
Биз ошол суу куйгандын ордуна.Соквыжималкадан помидорду откоруп,сок кылып.Банкага куябыз ......
[color="blue"]Салам[\
blue]
#37 11 September 2015 - 20:39
#38 12 September 2015 - 10:02
Конфетка-love,
тууралган кок чопторду кандай идишке салып муздаткычка коюш керек? банка? баштыкча?
Кадимкидей туурап туруп туздан кошуп аралаштырып, банкага салып коюп пайдалана бересинер.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#39 12 September 2015 - 10:31
Баягы барго дарбыздын кабыгы дейбизби же почогубу,дарбызды жеп калган почогунун сыртын арчып майдараак кылып кесип,желим ботолкого бир аш кашык туз салып,чеснок,
укроп кошуп,кайнап муздаган суу куюп,бир жумадан кийин жегиле эле,ооооо башка соленныйлар оддыхаетда.
#40 25 September 2015 - 08:05
БАДЫРАНДАН ЖАСАЛГАН КЫШКЫ САЛАТТАР!
Бадыраң менен пияздан жасалган салат
Кандай азыктар керек?
Бадыраң: 2 кг
Пияз: 3-4 даана
Укроп: 1 боо
Уксус (9%дуу): 140 г
Шекер: 3 чоң кашык
Туз: 1,5 чоң кашык
Сарымсак: 3 тишче
Өсүмдүк майы: 1 стакан
Кантип жасалат?
Бадыраңды таза жууп, 0,5 см калыңдыкта тегерек кылып туурайсыз.
Пиязды шакекче кылып туурайсыз.
Укропту майдалайсыз.
Бул тууралган азыктарды чоң идишке салып, үстүнө калган азыктардын баарын саласыз.
Бөлмө температурасына 3 саат коюп коёсуз, бул аралыкта 2-3 жолу аралаштырып коюңуз.
Андан кийин отко коюп 3-5 мүнөт, башкача айтканда, бадыраң өзүнүн түсүн кочкул кылып өзгөрткөнгө чейин кайнатасыз.
Эми салатты ысык бойдон бууланган банкаларга куюп оозун бекитип, оодарып туруп жылуу ороп коёсуз.
“Күн желеси” салаты
Кандай азыктар керек?
Бадыраң: 2 кг
Помидор: 2 кг
Таттууболгар калемпири: 2 кг
Пияз: 6-7 баш
Кара тоголок калемпир: ар бир банкага 3 даанадан
Сарымсак: ар бир банкага 1 тишчеден
Укроп, петрушка: ар бир банкага бир бутакчадан
Ирик туз: ар бир банкага 1 чай кашыктан
Өсүмдүк майы: ар бир банкага 2 чоң кашыктан
Уксус эссенциясы: ар бир банкага 1 чай кашыктан
Кантип жасалат?
Жашылчалардыжууп, бадыраңды, болгар калемпирин, пиязды, помидорду 1 см калыңдыкта тегерек кылып туурайсыз.
Буларды чоң эмаль идишке салып туз кошуп, акырын аралаштырыңыз. Анан суусу чыкканча 30-40 мүнөт тыныктырып коёсуз.
Ага чейин 1 литрлик банкаларды буулап, кургатып коёсуз.
Андан кийин ар бир банканын түбүнө 3 даанадан кара тоголок калемпир, бир бутакчадан укроп менен петрушка жана бир тишчеден сарымсак салып чыгасыз.
Алардын үстүнө жашылчаларды ныгыра салып, бөлүнүп чыккан суусун үстүнө куюп коёсуз.
Толтурулган банкаларды чоң идиште кайнап жаткан сууга салып 25-30 мүнөт сыртынан кайнатасыз.
Өсүмдүк майын ысытып, андан ар бир банкага куюп чыгасыз да, банкаларды дагы 5 мүнөт кайнатасыз.
Аягында ар бир банкага 1 чай кашыктан уксус эссенциясын куюп тезинен оозун бекитиңиз.
Эми оодарып туруп жылуу ороп коёсуз.
Корейче даярдалган бадыраң
Кандай азыктар керек?
Бадыраң: 4 кг
Сабиз: 1 кг
Шекер: 100 г
Өсүмдүк майы: 1 стакан
Соя соусу: 2 чоң кашык
Уксус (9%дуу): 1 стакан
Туз: 100 г
Сарымсак: 3-4 тишче
Корейче сабиз үчүн татымал: 15 г
Кантип жасалат?
Сабизди кыргычтан өткөрүп аласыз.
Бадыраңдын эки учун алып салып, калган бөлүгүн төрткө бөлөсүз.
Сарымсакты майдалайсыз.
Өсүмдүк майына тузду, уксусту, соя соусун, шекерди жана татымалды кошуп аралаштырып маринад жасайсыз.
Тууралган азыктарды кошуп аралаштырып, алардын үстүнө бул маринадды куюп 5 саат тыныктырып коёсуз.
Даяр болгондо бууланган банкаларга куюп, сыртынан дагы 10 мүнөт кайнатасыз.
Андан кийин ооздорун бекитип коёсуз.

Супер-Инфо
super.kg
видео