Ыр тамчылар
Мен айта албайм-
Кээде озумду тилдеймин!
Мен жаза албайм-
Тартынчаакмын?
Билбеймин...
Мен коркокмун-
Жашоо нугун бура албайм,
Курч эмесмин-
Эл созунон чыга албайм...
Бирок озум-
Мунозумо тан калам,
Эрким кучтуу-
Озок ортун баса алган!
Enesaiдын ыр тамчылары.
#42 17 August 2015 - 21:09
Сагындым кенжетайым.
Сагындым кенжетайым, сени абдан,
Жанынан чыгарчу эмес,сени апан.
Айылда,таза абада ойносун деп,
Калтыргам,кайтаар кунун келет качан?
Жетишбей уйду жарган сенин кулкун,
Сагынтат,онорлорун мин бир туркун.
Чачылбай уйдун ичи калган менен,
Кунарсыз,болбосо уйдо,бала деген!
Жымжырттык. ..Отурабыз соз табылбай,
Оюнчук ирээт менен эч чачылбай,
Эртерээк-уйум базар болсо экен,
Уй ичи ызы-чууга толсо экен!
Сагындым кенжетайым, сени абдан,
Жанынан чыгарчу эмес,сени апан.
Айылда,таза абада ойносун деп,
Калтыргам,кайтаар кунун келет качан?
Жетишбей уйду жарган сенин кулкун,
Сагынтат,онорлорун мин бир туркун.
Чачылбай уйдун ичи калган менен,
Кунарсыз,болбосо уйдо,бала деген!
Жымжырттык. ..Отурабыз соз табылбай,
Оюнчук ирээт менен эч чачылбай,
Эртерээк-уйум базар болсо экен,
Уй ичи ызы-чууга толсо экен!
#43 24 August 2015 - 20:10
Бали Эжеке !!!! Калеминиз курчуй берсин!!
! Балдарга жалгыз тирексин деген ырынызды окуп козумо жаш тегеренди.
#44 02 September 2015 - 13:58
Ыр тамчылар...
Кайрадан бала болуп-айылга кетким келет,
Мупмуздак булак суусун,жынайлак кечким келет...
Журоктор-жарааттарсыз, конулдо-кусалык жок,
Озумду мин кыялдуу-наристе сезгим келет...
Балалык сагындырат- жан дуйно турса тарып,
Апакем тигип берген койногум кийип алып-
Айылга кетким келет!Таарынып тагдырыма...
Унутуп баарын,баарын. ..Кайрылбай азыркыма...
Кайрадан бала болуп-айылга кетким келет,
Мупмуздак булак суусун,жынайлак кечким келет...
Журоктор-жарааттарсыз, конулдо-кусалык жок,
Озумду мин кыялдуу-наристе сезгим келет...
Балалык сагындырат- жан дуйно турса тарып,
Апакем тигип берген койногум кийип алып-
Айылга кетким келет!Таарынып тагдырыма...
Унутуп баарын,баарын. ..Кайрылбай азыркыма...
#45 08 September 2015 - 10:42
Ыр тамчылар...
Жоголуп бала чактын жылдарында-
Тамчылап эн алгачкы ырларыма,
Табылбай азыркыма-дайынсыз кетким келет...
Айыпсыз кыялдарга-акыры, жетким келет...
Жашынып жаштыгымын жылдарына,
Жазылбай арман болгон-ырларыма,
Кол силкип азыркыма-арт жакка кайткым келет,
Адашып кеткен ырга-"кечир" деп айткым келет...
Жоголуп бала чактын жылдарында-
Тамчылап эн алгачкы ырларыма,
Табылбай азыркыма-дайынсыз кетким келет...
Айыпсыз кыялдарга-акыры, жетким келет...
Жашынып жаштыгымын жылдарына,
Жазылбай арман болгон-ырларыма,
Кол силкип азыркыма-арт жакка кайткым келет,
Адашып кеткен ырга-"кечир" деп айткым келет...
#46 08 September 2015 - 10:45
#47 08 September 2015 - 11:48
Ырлар тамсын, көз жашыңыз тамбасын,
Эргүү сизди бир өмүргө жандасын.
Жазылбаган ырларыңыз жазылып,
Окурмандар окугандан канбасын.
Калемиңиз курчуй берсин!
Эргүү сизди бир өмүргө жандасын.
Жазылбаган ырларыңыз жазылып,
Окурмандар окугандан канбасын.
Калемиңиз курчуй берсин!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#49 12 September 2015 - 13:26
Эжеке тамчылардын тереңине
Катыпсың бермет кылып асыл ойду.
Чагылып ошол таштар ар сабыңда
Керемет ыр дүйнөңө арбап койду.
Тереңден жан дүйнөңдүн назиктиги
Сезимтал саптарыңда байкалгандай.
Ыр дүйнөң жан дүйнөңдөй терең болсун,
Тыпылдап тамчылары эч соолубай
Катыпсың бермет кылып асыл ойду.
Чагылып ошол таштар ар сабыңда
Керемет ыр дүйнөңө арбап койду.
Тереңден жан дүйнөңдүн назиктиги
Сезимтал саптарыңда байкалгандай.
Ыр дүйнөң жан дүйнөңдөй терең болсун,
Тыпылдап тамчылары эч соолубай
#50 15 September 2015 - 11:24
"Тып.
.. тып... эткен алсыз үнү тамчынын,
Шоокумудур, балким, көлдөй бактынын.
Тамчы деген суу күкүмү болсо да,
Тынбай тамса, мезгил көрөөр ташкынын! .."
Жунай Мавлянов (Кыргыз Эл жазуучусу)
Агайымдын ушул бир куплет ырын эпиграф катары пайдаланып, мектепте окуп жүргөнүбүздө адабий ийиримдин атын "ТАМЧЫ" атап, чыгармачылыгыбыздын тушоосу кесилген эле. "Энесайдын ыр тамчылары" деген барагына туш келип, ошол күндөр эсиме келип, жыргап отурдум. Ырахмат, Энесай, ырларың да, тапкан темаңа да....
Шоокумудур, балким, көлдөй бактынын.
Тамчы деген суу күкүмү болсо да,
Тынбай тамса, мезгил көрөөр ташкынын! .."
Жунай Мавлянов (Кыргыз Эл жазуучусу)
Агайымдын ушул бир куплет ырын эпиграф катары пайдаланып, мектепте окуп жүргөнүбүздө адабий ийиримдин атын "ТАМЧЫ" атап, чыгармачылыгыбыздын тушоосу кесилген эле. "Энесайдын ыр тамчылары" деген барагына туш келип, ошол күндөр эсиме келип, жыргап отурдум. Ырахмат, Энесай, ырларың да, тапкан темаңа да....
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#51 15 September 2015 - 13:36
Ырлардын маанилери ото терен,
Саптары абдан уйкаш терилген...
Кандай адам жаза алат ырларды.?
Кимдер кантип , тогот ички сырларды?
Жазгын эже ,дагы коп-коп жаза бер,
Ырларыныз жан дуйномо дабагер !
Саптары абдан уйкаш терилген...
Кандай адам жаза алат ырларды.?
Кимдер кантип , тогот ички сырларды?
Жазгын эже ,дагы коп-коп жаза бер,
Ырларыныз жан дуйномо дабагер !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#52 15 September 2015 - 18:01
Барс агай,Мега,Sms Aroma,Кайтпас-
баарыныздарга ыраазычылык!
Сиздерден жылуу пикир укканыма кубанычтуумун!
Мага арналган акындардын ырлары-
Жол корсотчу-келечектин чырагы!
Акын дилин-акын гана тушуноор,
Жан дуйнолор бизде назик-сыягы. ..
Сиздерден жылуу пикир укканыма кубанычтуумун!
Мага арналган акындардын ырлары-
Жол корсотчу-келечектин чырагы!
Акын дилин-акын гана тушуноор,
Жан дуйнолор бизде назик-сыягы. ..
#53 17 September 2015 - 09:02
Ыр тамчылар...
Мен бакытты-" кайда экен"деп издегем,
Жанымда экен-чындыгында билбегем.
Кенжетайым байпагына бекинип-
Алган тура!Эркелеттим- эзилип...
Мен бакытты кандай болот деп журсом-
Ширинимдин ууртунда экен-коп кулгон!
Бал тилимдин-апакелеп туруусу,
Омурумдун жазы,нуру,жылуусу! ..
Мен бакытты-" кайда экен"деп издегем,
Жанымда экен-чындыгында билбегем.
Кенжетайым байпагына бекинип-
Алган тура!Эркелеттим- эзилип...
Мен бакытты кандай болот деп журсом-
Ширинимдин ууртунда экен-коп кулгон!
Бал тилимдин-апакелеп туруусу,
Омурумдун жазы,нуру,жылуусу! ..
#54 17 September 2015 - 14:23
Курбуларга.
Жылдар отуп,уул-кыздар бой жетип,
Калса дагы-курбуларым жаш сезип,
Баштагыдай кайрыламын" кыздар"деп,
Тамаша айтам-бир каткырып,жыргаар кеп!
Башкаларга- эже,жене,апабыз-
Жаштык кыял-уялабыз, катабыз...
Жолукканда балалыктай жайдары-
Катып жургон-кулкулордон чачабыз.
Башка жерде-олуттуубуз, "капабыз" ,
Чогулганда бир жыргалга батабыз,
Артта калып-унутулуп сагынткан-
Дуйнобузго- жаштык кезге шашабыз.
Мага баарын-бала бойдон,жаш бойдон-
Карыбаска-антты ичип,кол койгон.
Силер менен-балалыктай эркинмин,
Кулку менен-бутоп турмуш кемтигин!
Жылдар отуп,уул-кыздар бой жетип,
Калса дагы-курбуларым жаш сезип,
Баштагыдай кайрыламын" кыздар"деп,
Тамаша айтам-бир каткырып,жыргаар кеп!
Башкаларга- эже,жене,апабыз-
Жаштык кыял-уялабыз, катабыз...
Жолукканда балалыктай жайдары-
Катып жургон-кулкулордон чачабыз.
Башка жерде-олуттуубуз, "капабыз" ,
Чогулганда бир жыргалга батабыз,
Артта калып-унутулуп сагынткан-
Дуйнобузго- жаштык кезге шашабыз.
Мага баарын-бала бойдон,жаш бойдон-
Карыбаска-антты ичип,кол койгон.
Силер менен-балалыктай эркинмин,
Кулку менен-бутоп турмуш кемтигин!
#55 25 September 2015 - 12:32
Ыр тамчы...
Тар болуп мага-алтындан болгон капасым,
Кысылып турам-таба албай такыр айласын...
Шамалын уйпап,ношорун кол-шал суу кылган,
Кыйырсыз асман-монгулуу тоолор кайдасын?...
Тар болуп мага-алтындан болгон капасым,
Кысылып турам-таба албай такыр айласын...
Шамалын уйпап,ношорун кол-шал суу кылган,
Кыйырсыз асман-монгулуу тоолор кайдасын?...
#56 06 October 2015 - 11:01
Тамчылар...
Шүүдүрүмдө- мен жактырган тамчы бар,
Мөлт эткени-көз жашымдай тамчылаар...
Тазалыгың таң нурундай даңкталып,
Сага арналып,назик ырлар жазылаар...
Күз,кыштарда- терезеде тамчы бар,
Буулукканда- көз жаш болуп тамчылаар...
Терс бурулуп,терезеге тигилип-
Жан курбудай,сага сырым айтылаар...
Жамгыр жааса,шыбырашат тамчылар,
Аяр гана,жагымдуу сөз айтчудай...
Коркуп кетем,аяп кетем өзүмдү-
Тамчы болуп,тамып бүтүп калчудай...
Шүүдүрүмдө- мен жактырган тамчы бар,
Мөлт эткени-көз жашымдай тамчылаар...
Тазалыгың таң нурундай даңкталып,
Сага арналып,назик ырлар жазылаар...
Күз,кыштарда- терезеде тамчы бар,
Буулукканда- көз жаш болуп тамчылаар...
Терс бурулуп,терезеге тигилип-
Жан курбудай,сага сырым айтылаар...
Жамгыр жааса,шыбырашат тамчылар,
Аяр гана,жагымдуу сөз айтчудай...
Коркуп кетем,аяп кетем өзүмдү-
Тамчы болуп,тамып бүтүп калчудай...
#57 14 October 2015 - 23:12
Таэнемдин сандыгы
Улгайып,узак жашап,копту коруп,
Турмушта мин кубанса-мин бир чогуп,
Саамайын кумуш сындуу бубак басып-
Таэнем кеткен эле ото карып...
Коз жашын тыйчу эмес коштошоордо,
Батасы белен эле дасторкондо,
Небере балдарына туйунчокко-
Ак нанын туйуп берчу узак жолго.
Сандыгы болоор эле таэнемдин-
Ачкычын дайым озу катып алчу,
Биз барсак баарыбызды бир-бирден ооп,
Андан сон ак сандыгын озу аччу.
Эскирсе да ал сандык сыры кетип,
Калбады капшырылып сыны кетип,
Сандыктан мен гана эмес,небереси-
Сый корду менин уулум чоборосу!
Балпайып ак жоолугун башка салган,
Таэнем баягыдай тордо азыр жок,
Кулпусуз ачык бойдон сандык жатат,
Калгандай жалгыз озу,ээсин жоктоп...
Улгайып,узак жашап,копту коруп,
Турмушта мин кубанса-мин бир чогуп,
Саамайын кумуш сындуу бубак басып-
Таэнем кеткен эле ото карып...
Коз жашын тыйчу эмес коштошоордо,
Батасы белен эле дасторкондо,
Небере балдарына туйунчокко-
Ак нанын туйуп берчу узак жолго.
Сандыгы болоор эле таэнемдин-
Ачкычын дайым озу катып алчу,
Биз барсак баарыбызды бир-бирден ооп,
Андан сон ак сандыгын озу аччу.
Эскирсе да ал сандык сыры кетип,
Калбады капшырылып сыны кетип,
Сандыктан мен гана эмес,небереси-
Сый корду менин уулум чоборосу!
Балпайып ак жоолугун башка салган,
Таэнем баягыдай тордо азыр жок,
Кулпусуз ачык бойдон сандык жатат,
Калгандай жалгыз озу,ээсин жоктоп...
Ушул ырынызды окуп алып,мен да таенемди эстеп аявай ыйладым.Таенемдин сандыгы сиз айткандай азыр ачык бойдон,ал уйго барсан баштагыдай шан да жок...эх...
Калеминиз курчуй берсин!Ийгилик
#58 15 October 2015 - 00:53
Ырларыныз баардыгы биринен бири соонун жазылган.Калеминиз курчуй берсин эжекоов!!
!!
#60 15 October 2015 - 10:54
Ыр көйнөгүм жактырам...
Жибек көйнөк,кымбат баалуу кездеме-
Көркүн ачып,жарашса да,денеме,
Ак булуттай ыр көйнөгүм жактырам,
Жети түстүү күн желеси тартылган.
Алтын,күмүш, кымбат баалуу таш мончок,
Көркүм ачпайт-мен тагынган ырга окшоп,
Көркөмдүгү көз тайгылткан элде жок,
Ыр тагынчак тагынсам дейм,сөз топтоп...
Тоо кызынын жыпар жытын жашыраар,
Кереги жок,кымбат баалуу атырлар...
Күтө турсам,кудай буйруп,жаз келсе,
Ыр жыттанган,тоо гүлдөрү ачылаар...
Сүртүнсөм да,түркүн-түстүү боёктор,
Ырдай болбойт,сулуулантпайт, жашартпайт,
Ырдан атыр,ырдан көйнөк,тагынчак-
Ыр боёктор-мени эми карытпайт...
Жибек көйнөк,кымбат баалуу кездеме-
Көркүн ачып,жарашса да,денеме,
Ак булуттай ыр көйнөгүм жактырам,
Жети түстүү күн желеси тартылган.
Алтын,күмүш, кымбат баалуу таш мончок,
Көркүм ачпайт-мен тагынган ырга окшоп,
Көркөмдүгү көз тайгылткан элде жок,
Ыр тагынчак тагынсам дейм,сөз топтоп...
Тоо кызынын жыпар жытын жашыраар,
Кереги жок,кымбат баалуу атырлар...
Күтө турсам,кудай буйруп,жаз келсе,
Ыр жыттанган,тоо гүлдөрү ачылаар...
Сүртүнсөм да,түркүн-түстүү боёктор,
Ырдай болбойт,сулуулантпайт, жашартпайт,
Ырдан атыр,ырдан көйнөк,тагынчак-
Ыр боёктор-мени эми карытпайт...

Супер-Инфо
super.kg
видео














