Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 93
  • 94
  • 95
  • 96
  • 97
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#1881 Пользователь офлайн   osh93   12 Август 2015 - 10:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

,, ОЙЛОР"



Ойлоп коем кееде мен,
Кандай адаммын деги элен?
Кечее эле жаш элем,
Бир кичине баш элем.


3-клаграм чыккан,
Бир кичине эт элем.
Суроо салам озумо,
Кантип чоендум деги элен?


Корсо, АЛЛАХ "бар туура,
Билбесен,, КУРАНИ КАРИМДЕН" сура.
Дуба кылсан кун сайын,
АЛЛАХ, кабыл кылат туура.



Ошентип эми чонойдум,
АЛЛАХ, мага бой берди.
Озумо жараша ой берди,
Муну АЛЛАХ, бербесе.
Журмоксун сен ой келди,
Тааныбайт да элен элди.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1882 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   13 Август 2015 - 19:38

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Кокуроктон кайгы саптар тамчылап,
Карегимди жаштар турат каккылап.
Кекейимди жара урган создорун учун,
Кайдыгер ушул омурдон жадап турам.

Айтчы омур неге ал муздак журок?
Айтчы конул сынган сенде эмне куноо?
Айткылачы оо ааламдар эмне омур?
Айла жоктон башым ийип турам ооруп...

Конулум майдаланып сынып барат,
Арыктагы жалбырак сымал ойлорум агат.
Кубанычтан жымындаган коздорумду,
Жалгыздыктын кайгылары калкалап.

Мен жадасам ширин кыял кармалайт,
Омурумду таштап бассам ким жашап калат?
Журогу жок адам болуп жашап отсом,
Желбиреген сезимдерим кимге арналат?

Жакыным жок пенде болуп колун сунган,
Жаштыктан мен гулдой болдум соолуган.
Жаштарымдын сыза тушкон ээгиме,
Жыйып койчу адамым жок эх чиркин....
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1883 Пользователь офлайн   Kuiruchuk   16 Август 2015 - 10:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 09 Август 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2015 10:39

,, АР МЕЗГИЛ ОЗУНЧО КЕРЕМЕТ"


Жаздын корку жагат мага озгочо,
Жазда дарак бучур алып коктосо.
Кулуп-жайнап шапар тееп ойнойсун,
Кийиминден жамгыр эле отпосо.

Бах чиркин, жаздын жыты керемет,
Мындай учур 9-айда бир келет.
Кееде-кееде, жамгыр жаап себелеп,
Жаш кездеги ыйлаган жашты эстетет.


Жайды суйом баары жайда,
Ысыйт да.
Дем алышда колго чуркайт,
Ысык да.

Ар-бир кунун ар башкача керемет,
Мындай убак 9-айда бир келет.
Айырмасы башка айлардан жайдын,
Озгорот кее бир адамдар айрым.

Себеби :Терилер кунго куйот,
Адамдын деми кыстыгып жудойт.
Бир кундо бир канча мороженое,
Тугойт. :):


Кузду суйом, жалбырактар башкача,
Башкача болот жерди сары каптаса.
Эс аласын кенири тан атпаса,
Бирок, адам жон жай эле жатбаса.

Куздун куну башкача,
Уктайт баары чарчаша.
Себеби :бул ай курош го,
Адамдар баары жудошту оо.


Ар-бир кунуй ойлуу болот,
Ар-бир кунун тойлуу болот.
Жаш балдарды карасан,
Ар тойлордо онот.
Кичине суук тушсо,
Адамдар тонот.


Кышта суйом, кыштын баары
Таптаза.
Кылт этип коздон жашын акпаса,
Ар-куну, аяз каптап эшикти.
Каккылайт терезени, тешикти,
Бирок, адамдар жылуу баарын бекитти.



Эшикте аяз ырдайт,
Каар тынбайт.
Ар-башкача ундор менен,
Айлананы чырмайт.
Суу муз болуп бирок,
Сынбайт.
Карышкыр тамак таппай,
Ырын ырдайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1884 Пользователь офлайн   Kuiruchuk   16 Август 2015 - 11:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 09 Август 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2015 10:39

Качан? Кайда? Жолугам,
Оюма жетбей олтурам.
Кандай тагдыр жазылганын, .
Суроого мен толтурам.


Тагдыр жазылса башка,
Короормун.
Убактымды келсе аркы дунуйо,
Жоноормун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1885 Пользователь офлайн   Birinchi   17 Август 2015 - 07:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Акча десе адашабыз акылдан,
Акча учун тааныш болуп жакындан.
Ар-бир нерсе, акча менен эсептелип,
Акыл эмес, акча жашоо чечип калды.

Акча сурасан просентин сурашат,
Акчалуулар Карапайым элди кыйнашат.
Акчалуунун балдары кубанганда,
Карапайым бир жетимдер ыйлашат.


ЭХ АЛЛАХ ыйман элге бере кор,
Сенин алдында баардык элдер куноокор.
Бул турмуш баардык элди жудотоор,
Аркы дунуйо барганда жакшы омур сурдуро кор.


Акча деп болунгонбу адамдар?
Акча дебей конул учун карандар.
Болницасы канча элди жадатты,
Каридордо, турат го биздин жарандар.


Эй бай болуп озу сарандар,
Элге пайдалуу иш жасагылачы караандар.
Антпесе кыйналды го, КЫРГЫЗ
жарандар.
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1886 Пользователь офлайн   mega777   17 Август 2015 - 16:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кыялдарым чын озгоруп баратат,
Умутторум кээде кумон жаратат.
Сооп учун бир боорукер табылып,
Баштан ары эки чапса жарашмак.


Көңүл деген тек жумшарып баратат,
Керек эмес сезимталдык тажатат.
Козунду ач деп кыйкырып бир пенде
Катуу толгоп чымчып алса сооп тапмак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1887 Пользователь офлайн   Барс   17 Август 2015 - 18:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

mega777
"Кыялдарым чын озгоруп баратат,
Умутторум кээде кумон жаратат.
Сооп учун бир боорукер табылып
Баштан ары эки чапса жарашмак."

Чыркырап ыр жазыпсың mega777 ,
Чын эле дал ушинтип ойлойсуңбу?
Чымчып да, башыңа да чаап берем,
Чырдашып сотко берип, сойбосуңбу?
:))))))

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 17 Август 2015 - 18:57

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1888 Пользователь офлайн   Enesai   17 Август 2015 - 19:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Барс (17 Август 2015 - 18:55) жазган:

mega777
"Кыялдарым чын озгоруп баратат,
Умутторум кээде кумон жаратат.
Сооп учун бир боорукер табылып
Баштан ары эки чапса жарашмак."

Чыркырап ыр жазыпсың mega777 ,
Чын эле дал ушинтип ойлойсуңбу?
Чымчып да, башыңа да чаап берем,
Чырдашып сотко берип, сойбосуңбу?
:))))))



Барс агай,ырынызды окуп журом,
"Айтышка киреби?",- деп кутуп журом,
Форумга коп башбакбай калгансызбы?
Эрте эле алдан-кучтон тайгансызбы?

Ээнсиреп айылыныз сизди кутот,
Барс агай,кабар албай,кайда журот?
Жаш акын,айтышчулар айылда коп,
Сынданыз,жагып калса-коюн,суроп!

Форумга киргениме эки айдан ашты,ырларынызды окудум,жакты!
Бирок озунуз корунбойсуз? Кабар алып,карап коюнуз айтыш жакты?(шашып жаздым,сизди кетип калат деп)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1889 Пользователь офлайн   mega777   17 Август 2015 - 22:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Дары болмок башты айра чапсаңыз,
Сабак болмок ойо чымчып алсаңыз.
Соттошпоймун! Уруң,согуң,жемелең,
Мен ыраазы туура жолго салсаңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1890 Пользователь офлайн   mega777   17 Август 2015 - 22:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы





Чалыксам да үмүт артып кирейин,
Чабак уруп ырларымды издейин.
Куюлушкан саптар кайда кетишкен,
Жок дегенде бир кабарын билейин.


Тагдыр мени мейли сындыр ийлегин,
Турмуш ыйлат мейли жаса билгениң.
Жалгыз калам!Караңгыда каңгырап,
Жарала элек ырларыма тийбегин.


Сүйдүр,күйдүр сына, мейли жетпейин,
Сагынт саргайт,аны деле женейин.
Суусап калам!Жээкке урган балыктай,
Суранамын ырымды алып кетпегин.



Таш боорлукка салып тагдыр качпагын,
Табайынчы саптарымды катпагын.
Эн жакын дос ырлар мага тушунсөң,
Арманымды анан кимге айтайын.


Үмүтүмө ырдан жарык жагайын,
Үшүгөндө бир жылынып алайын.
Уурдабачы саптарымды сырдашаар
Угуп кой деп ансыз кимге барайын.


Ташта ырымды ташта алып кетпегин,
Тунгуюктай боло түшөт эртеңим.
Тушунсөңчү ырым менен тырмышып,
Түйшүктөрдөн кээде чыгып кетемин.


Көөдөнүмдү куйкаласа кусалык,
Кайыштырып кээде кайгы күч алып.
Карайлатып тартып алсаң ырымды
Кимге айтам көздөрүмө жаш алып.


Кээде күлкү кээде төгөм ыйымды,
Кыбыраган сапка тизем сырымды.
Кучак толо талант деле сурабайм,
Кайтарып бер илбериңки ырымды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1891 Пользователь офлайн   mega777   18 Август 2015 - 21:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кетчи оюмдан кет суранам түшүмдөн,
Бөлбө оюмду тажап буткөн күтүүдөн.
Тарып турам,кен ааламда бар бекен
Бир менчелик азап чеккен сүйүүдөн...

Улам улам сезим бийлеп жабыгам,
Унутам дейм,унутчу деп жалынам.
Акылымды жеңип барат жүрөгүм,
Түтпөй кайра мен тымызын сагынам...

Кубаладым жада калса түшүмдөн,
Жедеп бутуп жолун карап күтүүдөн.
Балким жашоом кубат алып турсачы,
Сага арнаган арман толо сүйүүдөн...

Мезгил өттү сени дагы унуттум,
Сезимдерди алыс айдап куруттум.
Бирок булар болуп жатты кыялда,
Эрки жетпей ыйлайт жүрөк кургурум...

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 18 Август 2015 - 22:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1892 Пользователь офлайн   mega777   19 Август 2015 - 01:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Жолуктук капилеттен тагдыр буйруп,
Жылмайдым кайдыгердей колум сунуп.
Жалындап бирок аттиң кучагыңа
Кулагым келип турду боюм уруп.


Коомайлап сунган колум абай алдың,
Кадала көзүң менен суроо салдың.
Кармалып калбаса деп уурулугум
Көзүмдү көздөрүңдөн тартып алдым.


Сагынып карааныңа издөө салдым,
Саргайып сезимиме куйуп жандым.
Сыйрылып турса дагы эски жарам,
Сыр бербей тез коштошуп кетип калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1893 Пользователь офлайн   meerimka86   19 Август 2015 - 02:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Мега эже жан журокту эргиткен ырларыныз соонун гоо.Браво,эжеке.

Билдирүүнү түзөткөн: meerimka86: 19 Август 2015 - 02:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1894 Пользователь офлайн   Kuiruchuk   19 Август 2015 - 10:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 16
  • Катталган: 09 Август 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2015 10:39

Жашоо бирде кайгыртат,
Жашоо бирде жанылтат.
Азыр, байлыка тойгон коп адам,
Бул жашоодо, жанылып атат.


Куноого батып ар жерден,
Пара алат.
Акча десе бироонун башын,
Жарат.
Бир кадамдык ишине машине
Менен барат.
Ой деги чондор акчаны кайдан алат?


Кедейлер кечке иштеп коп болсо,
Мин же беш жуз алат.
Корупсиенер беш мунотто,
Беш жуз табат.


Адамдар да, мамиле кылып калды,
Акчага карап.
Иштегендер Москвадан акча салат,
К. Р. Дагылардан калды го.
Москвада иштегендер жадап


Кобу уйлонот бир ай жашайт,
Жубайы менен.
Жада калса олтурушбайт,
Жубайлар кенен..
Бир айдан сон иштегени сапар алып,
Озу келет, же жубайы менен.



Ошентсе да,, Россия "баарын тозду,
Ачкылачы эми,, КЫРГЫЗДАР" чон козду.
Жаман атты кылбай озду, созду,
Туура журуп иштейли жуумуп козду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1895 Пользователь офлайн   Kg.lady   19 Август 2015 - 10:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Адамдын жазгысын эле келтиресинерда. ))
Балалыктын коз ирмеми бал тамган.

Балалыктын махабаты керемет,
Жашыбызда он сегизге жете элек.
Улам сыдырып жалбырагын дарактын,
Турчубузго уян тартып, жер тиктеп.

Создорубуз кете албастан уланып,
Турган элек адатынча уялып.
Байкоос албай калганымды карачы.
Кумайыгым чыга калды качырып.

Кууп кирди душман кууган баатырча,
Чебелектей, тушуп турдум арача,
Ай, аттин, ай ит иттигин кылдыго,
Балтырынан жула тартты качыра.

Уятымдан жерда кулап баратты,
Ары жогум мага ынгайсыздык жаратты.
Басып кетти моокуму кангансып,
Эх акылсыз, чаап алгандай калмакты.

Ошондогу кумайыкка таланган,
Эсиндеби багелегин айрылган.
А менин дале эсимден кете элек,
Балалыктын коз ирмеми бал тамган.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 19 Август 2015 - 10:39


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1896 Пользователь офлайн   shokoladka   19 Август 2015 - 12:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 161
  • Катталган: 06 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 02:16

Sonun!yrlardy okugandu jaktyram,birok ozum jazalbaym.azamatsunar! kaleminer kurchuy bersin!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1897 Пользователь офлайн   mega777   31 Август 2015 - 00:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кайрылбайм сагынганың билип туруп,
Туткузбайм түшүңө да кирип туруп.
Тынчыңды жамгыр болуп жууп кетем,
Капыстан күндөй болуп тийип туруп.


Сезимдер албырттап күйүп туруп,
Сыр бербей ичтен ыйлайм күлүп туруп.
Жаныңда алсыз болуп калгым келбейт,
Жек көрөм чын жүрөктөн сүйүп туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1898 Пользователь офлайн   Enesai   31 Август 2015 - 12:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Ыр тамчылар...

Узулгон жип!Кайра туйуп,улаба,
Урап калган-сен тургузган мунара...
Мен аялмын,сага чоочун,жон гана,
Дайынымды издеп,мени сураба.

Сен жонундо ырлар-кеткен жагылып,
Илгеркидей сени кутпойм сагынып,
Чечкинсиздик кылган сага таарынып,
Жашап журом,тагдырыма багынып...

Мен жонундо билгин келсе айтайын;
Суйуу ырын мурдагыдай жазбаймын,
Мени суйуп,мен деп жургон адамга,
Сага окшоп,чыккынчылык кылбаймын! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1899 Пользователь офлайн   XuLiGaNkA   03 Сентябрь 2015 - 22:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 670
  • Катталган: 08 Август 12
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2023 20:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:"Анын" жүрөгү

Мен суйуумду кычыраган кыштан таптым!


Алыс жакка сапар алып бара жаттым,
Капысынан тайып барып карга баттым.
Абайлап жур карындаш мындай жолдо,
Турагой деп бир жигит колдон тартты.

Колун кармап мен турууга шашылдым,
Рахмат айтып коштошууга шашылдым.
Уялгандан жузумду кызыл басып,
Ал жерден тез кетууго ашыктым.

Ал жигит коштошуп кала берди,
Суранып номеринди берчи деди.
Мен сенин коргоочун болоюн да
Жаза басып,дагы кулап калсан деди.

Ошентип мамилебиз уланып,
Ортобузда суйуу оту тутанып.
Экообузду тааныштырган ошол кышты,
Эстегенде жылмаябыз кубанып.

Биз куткон кундор мына келип жетти,
Ата-энелер макулдашып той беришти.
Карга да,жамгырга да карабастан,
Жолдошум оз уйуно алып кетти.

Мына бугун дал ошондой кар жаап турат,
Тун наристебиз жарыкка келген убак.
Ар бир кыш мага белек кылгандай,
Жолдошум,наристемди берип турат.
Сени менен бактылуумун)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1900 Пользователь офлайн   nik_tappay_koidum   06 Сентябрь 2015 - 08:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 310
  • Катталган: 24 Июнь 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 12:23
  • Жынысы:Белгисиз

Мен озунду эркелете албадым,
Менчик кылып кол кармашып баспадым.
Мейли дечи тагдыр деген ожор да,
Мен озуно жылуу созум айтпадым.

Окуноорсун баарын калчап эстегенде,
Болоноорсун арман толгон кечелерге.
Кече тааныш бугун ботон элдербиз,
Бар болгунун бир шумдук омур желегинде.

Арман кылба кадамдарды суйрогун,
Атаандашып каршы чыкпа сезимдерге.
Мандайына жазылбаган суйуудон,
Аткарылгыс умут менен тепселенбе.

Сен сыяктуу мен да келем умуттонуп,
Суйсо кана омурум нурга болонмок.
Сезимдерим ийилген бир сулуудай,
Серпилгенсип жашап келем мээрим тогуп.
Мир двоих, не понять миллиардом!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 93
  • 94
  • 95
  • 96
  • 97
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июн 2025 21:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: