Луи бийкеч, бейтааныш кыз Энесайлык
Шашып калган учурумда колдодуӊар -
Ыр саптарын шарт-шурт жазып, оӊдодуӊар!
Энесай кыз Жеканы жыргаттыӊыз
Эл алдында уят кылбай, ырдаттыӊыз
Сиздин жазган соӊку ырды шаан-шөкөттөп
Досубузга белек кылдык, сыйлаттыӊыз!
“Зоболон көтөрүлүп, бийик болсун!
Кан кудаӊ сыйлашаарга улук болсун!
Жегенин устукандар, жилик болсун,
Кийгениӊ кундуз жака кийит болсун!”
Мына ушул, жана башка ырларыӊыз
Ыр сабына “кулпулаган” сырларыӊыз
Той ээсинин, меймандардын купулуна –
Толмок тургай, ашып кетти – сыйланыӊыз!
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 11 Август 2015 - 15:26