Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#541 Пользователь офлайн   aruuzat88   17 Август 2015 - 14:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

"ЖАМАНДЫК КЫЛЫП,ЖАКШЫЛЫК КҮТПӨ"
Бир ыймандуу инсан,бир байга кул болуп кызмат кылат эле.Бир күнү бай ага жерге буудай сепкин деп буюрду.Ал инсан буудай ордуна арпа септи.Муну көргөн бай ачууланып.
— Мен сага буудай сепкин деген элем,эмне арпа септиң?—деди.
Анда ыймандуу инсан мындай деди:
—Арпа сепсем буудай өнбөйбү?
Бай каарданып:
—Эсиң барбы, эч качан арпадан буудай өнмөк беле?—деди эле.Ыймандуу инсан.
— Андай болсо, эмнеге сиз калайык ,эл— журтка зулумдук менен жабыр тарттырасыз дагы,алардан жакшылык үмүт кыласыз.Жакшылык кылсаңыз жакшылык,жамандык кылсаңыз,албетте жамандык кайтат.
Арпадан буудай өнбөгөн сыяктуу,калайыкка азар берип,анан дагы жакшылык үмүт кылбаңыз,— деп жооп берген экен.

Баян кылган Аруузат Муслима
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#542 Пользователь офлайн   aruuzat88   17 Август 2015 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

"ТАХАЖУД"

Бир улуу шейх айтат."Бир күну түндөсү өтө каттуу уктап түнкү намазга тура албай калдым.Түшүмдө өтө сулуу бир кызды көрдүм, андай сулуу кызды эч жерде көргөн эмесмин.Андан өмүрүмдө эч бир жолу жыттанбаган жагымдуу жыт чыгып атты.Ал мага бир баракча берди.Ошол баракчада мындай деген эки сап сөз бар эле."
"СЕН УШУНЧАЛЫК КАТТУУ УЙКУГА БЕРИЛГЕНДИКТЕН, ӨЛҮМ КОРКУНУЧУ БОЛБОГОН ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЖАШАЙ ТУРГАН БЕЙИШТИН БИЙИК ҮЙЛӨРҮНӨН КУР КАЛДЫҢ"
"УЙКУДАН ОЙГОН .....!!!! ТАХАЖУДДА КУРАН ОКУУ БУЛ УЙКУДАН БИР НЕЧЕ ЖАКШЫ"
Ошондон баштап качан уйкум келгенде ушул эки сап сөз эсиме түшөт"

"Фазаил амал"
Баяндаган Аруузат Муслима.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#543 Пользователь офлайн   aruuzat88   17 Август 2015 - 14:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

"ҮЧ УЛУУ ТАБЫП"

Бир табып катуу ооруп жатып калды.Анын шакирттери жыйылып устаттын дарылоого киришти.Орулуу устат аларга:
—Сүйүктүү шакирттерим, мени дарылаш үчүн ашыкча азап чекпегиле, мен эми түзөлүүдөн үмүт үзгөмүн,өлүм катарым жакын калган окшойт.Көзүм өткөндөн кийин өтө эле кокуй—наалат кыла бербегиле.Мен өз ордума үч улуу табып калтырып кетемин,Ушул зор үч табыптын кеңештерине баарыңар көңүл буруп,башкаларды дагы ошого моюн сундургула, —деди.
Шакирттеринин бири.
— Биздин азиз устатыбыз, сизден кийин ордуңузда кала турган үч табып кимдер?—деп сурады.
Устат көздөрүн ачты да,жанындагы шакирттерине мындай деп жооп берди.
— Силер айткан үч табыптын биринчиси.
Тазалык.
Экинчиси тамакты кылдат ичүү.
Үчүнчүсү— дене тарбиясы.
Дайыма таза ,тыкан болуу, карын тойгон соң,кайра— кайра жей бербестен,өз өлчөмдө тамактануу, ичимдикти тыюу,дене мүчөлөрүн аракетсиз калтырбастан дене— тарбия менен алектенүү,намаз окуу да дене тарбияга кирет,—мына ушулардын бардыгы адам саламатчылыгын сактоочу эң улуу табыптар эмеспи?— деген экен.

Баян кылган Аруузат Муслима
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#544 Пользователь офлайн   aruuzat88   17 Август 2015 - 15:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

"АК КӨҢҮЛ, ЫЙМАНДУУ ИНСАН"
Бир ак көңүл ыймандуу,билимдүү адамдын үйүндө чычкандар аябай көбөйүп кетти.Адамдар ага.
— Эмнеге үйүңө мышык бакпайсың?—дешти.
Мышык чычкандардын айгагы экендигин билесиң го,эгер бир эле мышык баксаң,чычкандардын чабуулунан кутуласың,—дешти.
Билимдүү,ыймандуу адам аларга:
—Туура айтасыңар,бирок берген кеңешиңерди дилим ,жүрөгүм кабыл албайт.Эгерде мышык баксам, бардык чычкандар мышыгы жок кошуналарымдын үйлөрүнө таралышат,кошуналарыма көптөгөн азап келтиришет.
Өзүмө каалабаган нерселеримди кошунуларыма каалайынбы?
Өз пайдамды көздөп,башкаларга зыян келтирейинби?
—Жок, бул ишти көңүлүм таптакыр кабыл албайт,—деп жооп берген экен.

"ТУТКАН ЗАТЫҢ ДИЛИҢЕ ТӨП КЕЛБЕСЕ.
АНДАЙ ЗАТТЫ БӨТӨНГӨ ЫРАА КӨРБӨ"

Баян кылган Аруузат Муслима
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#545 Пользователь офлайн   aruuzat88   17 Август 2015 - 15:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

"ҮЙҮҢӨРДҮ МҮРЗӨГӨ АЙЛАНТЫП АЛБАГЫЛА"

"Пайгамбарыбыз саллаллоху аллейхи ва саллам айтты"
"Үйүңөрдү мүрзөгө окшотуп албай,Куран окуу менен нурлантып тургула,Куран көп окулган үйдүн куту, берекеси артат,Анын ээсине жакшылыктар жаайт,Жердегилерге асмандагы жылдыз кандай жаркырап көрүнсө,асмандагыларга ал үй дал ошондой болуп көрүнөт"—деди. .

ҮЙҮҢҮЗДӨ КУРААНДЫН ҮНҮ ҮЗҮЛБӨСҮН... .
"Фазаил амал" Аруузат Муслима
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#546 Пользователь офлайн   Arni   18 Август 2015 - 13:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 02 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 09 Фев 2018 16:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эн сонун ангемелер! Адамдын жан дуйносун аралап, ойготуп, жакшылыкка багыт беруучу окуялар жатык тил менен коркомдолуп жакшы берилиптир. Жамал Бекчороеванын "Турмуш Сабактары 1" деген китеби дагы абдан сонун чыккан! Аллах ыраазы болсун ушундай жакшы саамалыктады жазгандардан да, аны менен болушкондордон да! Ушундай жакшы нерселерди жазгандар болсо ссылкасын же авторун кошо берип койсонор, дагы башка жактан таап окуганга. Ошону менен бирге ал адамдардын акысына кирбей, эмгегин сыйлаган болор элек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#547 Пользователь офлайн   Arni   18 Август 2015 - 16:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 02 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 09 Фев 2018 16:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

https: //www.facebook.com/jurnalshookum - аудио версиясы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#548 Пользователь офлайн   airada   18 Август 2015 - 21:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Соонун таасирдуу жазылган окуялар экен. Жан дуйном эс алып женилдей тушту
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#549 Пользователь офлайн   Nurmatova   18 Август 2015 - 23:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Турмуш сабактары деген китеп жакчу....
Окугандан окуй элек окуялар коп экен.....
Жазып,илгениниздерге чоон рахмат!! !

жогорудагы бир эки окуя журогумдун дал озуно эле тийдиииии гооо чиркин:(
козумо жаш тегеренди(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#550 Пользователь офлайн   medina.   18 Август 2015 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Сонун экен.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#551 Пользователь офлайн   Arni   20 Август 2015 - 10:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 02 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 09 Фев 2018 16:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ШҮГҮР КЫЛУУ
Бирөөлөрдү сыйла деп динде сени кыйнабас, Бирок көрбөс сый-урмат өзгөлөрдү сыйлабас.
Кабинеттен ачуулуу чыктым. Лифтти чакырып коюп дагы ордумда тура албай, ары бери басып турдум. Акыры ага түшүп, төмөн көздөй жөнөдүм. Бешинчи кабаттан бирөө лифтти токтотту. Эшик ачылганы менен эч ким кирбеди. Аэропортко шашып бараткандыктан, өзүмдү кармана: – Кирбейсизби, – дедим.

Эч ким жок. анан мен дагы бир аз олуттуу үн менен сөзүмдү кайталадым. Эч ким жок. Ошондо ачуумду кармай албай: – Киресиңерби же жокпу? Оюнду үйүңөрдөн койгула. Бул жерден кишини жумуштан кармабагыла! – деп үнүмдү өктөм чыгардым.

Ошол учурда лифтке тыкан кийинген колуна узун таяк кармаган, кара көз айнек тагынган киши көрүндү. Ал азиз адам эле. Таягы менен акырын басып кирди. Мен өзүмдү аябай ыңгайсыз абалда сездим. Терең чуңкурга түшүп кетүүгө даяр элем. Кантсе да абалды оңдоп кетүү керек эле. Тамагым жасаган болуп:

Кечиресиз, жакшы элесизби? – дедим араң. Ал жылмайып туруп:

Чоң рахмат, баары жакшы, кудайга шүгүр. Ыраазымын! – деди. Мен башка сөз айта албадым. Бир аз мурун акыл оюмду бүтүндөй ээлеп алган ачуум заматта кайдадыр жоголду. Себеби, мен кудай берген чексиз нэматтарга ээ болуп туруп да ачууга алдырып, тааныбаган бирөөгө жаман сөз айтып, жекирип турганда, менин жанымда, дүйнөнүн керемет сулуулугун көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса да кудайга миң мертебе шүгүр келтирип, жанындагы өзүнө кыйкырган адамга жылуу жылмайып, ыраазычылыгын билдирген жан дүйнөсү таза адам турган эле.

«... эгер берген ырыскыларыма шүгүрчүлүк келтирсеңер, албетте (аларды дагы да) арттырам. (Ибрахим сүрөөсү, 7-аят) Мусулман адамдын жылмайып жүрүүсү да садака болуп эсептелет... . Хадис

Жашоо – өзүнөн өзү жакшы дагы, жаман дагы эмес. Силер аны кандай багытка бурсаңар, ошондой болот. Мишель Монтень Бизге жетишпеген нерселер тууралуу тынчсызданганыбыз, биз ээ болгон нерселерге карата шүгүр кылбаганыбыздан улам болот. Даниэль Дефо

"Турмуш Сабактары 1" Тузгондор: Бакыт Жунусалиев, Жамал Бекчороева.

Билдирүүнү түзөткөн: Arni: 20 Август 2015 - 10:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#552 Пользователь офлайн   Arni   20 Август 2015 - 10:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 02 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 09 Фев 2018 16:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ОЙНОЙ АЛБАЙТ...
Кичинекей дүкөндүн сатуучусу эшигине «Мыймылар сатылат» деген жарыяны илип коет. Мындай жарыялар жаш балдардын көңүлүн тез бурат эмеспи. Ошентип, көп өтпөй дүкөнгө бир кичинекей бала баш багат. Сылык учурашкандан кийин үнүн жай чыгарып мыймыйлардын баасын сурайт. Сатуучу алардын баасы 100-300 сомго чейин экенин айтат. Бала чөнтөгүнө майда тыйындарын алып чыгып санайт да, оор үшкүрөт. Андан кийин сатуучуга кайрылып:

— Азыр менин жанымда болгону 20 сом бар экен. Жок дегенде аларды бир көрүп алсам болобу, — деди мыймыйлар турган кагаз куту тарапты үмүмт менен карай.

Сатуучу балага жайдары жылмайып, кутудан мыймыйларды алып чыгып коет. Эркиндикке чыккан мыймыйлар мыелоп, дароо ар кай тарапка кача башташат. Алардын ичинен бирөөөсү гана арткы бутунан аксап? Башкаларына жетпей калып жатты. Аны көргөн бала сатуучудан эмне болгонун сурады. Сатуучу бул мыймыйдын буту туулгандан эле ушундай майып экендигин, өмүр бою ушундай каларын өкүнүү менен айтты. Ошондо бала ал мыймыйды колуна алат да эркелетип баштайт. Анан сатуучуга карап:

Мен ушул мыймыйды алам, — дейт.

— Сен эмне, шылдыңдаганыңбы? — деп күлөт анын сөзүнө сатуучу. — бул деген эмүр бою чуркап ойной албайт. Бул деген майып жаныбар да. эмне кыласың муну алып. Анчалык боорукер болсоң, сага бекер эле берейин.

— Жок, мен бекер алгым келбейт. Мен акчасын толук алып келип берем. Себеби, бул дагы башка мыймыйлардай эле баага татыктуу, — дейт бала ызалана.

Баланын мындай өжөрлүгүнө таң берген сатуучу ага түшүндүрө баштайт:

— Балам, сен түшүнбөй жатасың. Бул мышык эч качан башкалардай болуп секире албайт, кубалашып ойной албайт. Аны сен эмне кыласың өзүңө жүк кылып, — дейт.

Ошондо бала унчукпастан сол бутунун багелегин түрө баштайт. Шымынын астынан ичин көздөй башкача болуп ийрийген буту жана аны түздөп карматып койгон темирлери көрүнөт.

— Мен дагы эч качан секирип, кубалашып чуркап ойной албайм. Бул мыймыйдын жашоосу кыйын болот. Ошондуктан ага аны түшүнгөн, анын тагдырын тең бөлүшө алган бирөө керек, — дейт киркиреген үн менен. Сатуучу баланын бутун көрүп, жаңы эле айткан сөзүнө өкүнүп, эрдин тиштеп турду. Көзүнүн жашылданганын билгизбөөгө аракет кылып, баланын башынан сылап унчукпай турду. Андан кийин жылмайууга аракет кылды да:

— Балам, бардык мыймыйлардын сендей эң жакшы достору болушун мен Кудайдан тилеп дуба кылам! —дегенге араң жарады.

Балдарды чын дилден сүйүп, аларды коргоо – тозоктон сактанууга себеп болот. Хадис

Адамдардын көбү баркын билбеген эки нимат бар: алар ден соолук жана бош убакыт. Хадис

Жашоодо бир гана бакыт бар – башка бирөө үчүн жашоо. Л. Толстой

Деңиздин толкундары бир күнү тынчып калат – деген үмүттөн өзүбүздү арылтышыбыз керек. Керек болсо катуу шамалда сүзгөндү үйрөнүшүбүз керек. Онанис




"Турмуш сабактары 1"



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#553 Пользователь офлайн   Nurmatova   20 Август 2015 - 10:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Чон рахмат!

:капамын:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#554 Пользователь офлайн   lazygirl   20 Август 2015 - 11:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

« Ата энеге он насаат.»

Турмуш сабактары 2.

№1. Өз балаңды өзүңдөй же сен каалагандай болот деп күтпө, ага өзү болуусуна жардам бер.

№2. Ызааңды балаңдан чыгарба, эмнени эксең, ошол өнүп чыгат.

№3. Бала үчүн жасаган нерсеңди кадыр–колко кылба, сен анын жарык дүйнөгө келишине себепчи болдуң, эми мунун акыбетин ал кантип кайтарат? Ал башкага жашоо тартуулайт. Бул ыраазычылыктын айныгыс мыйзамы.

№4. Сен балаңды меники деп ойлобо. Ал — Жараткандыкы.

№5. Анын көйгөйлөрүнө үстүртөн караба.

№6. Басынтпа.

№7. Эгерде балаңа эч нерсе кылып бере албай жатсаң, анда өзүңдү жемелебе. Эгерде колуңдан келип туруп , бирок жасабай жатсаң, анда жемелей бер.

№8. Эгерде бала үчүн жасалчу нерселердин баары жасалбаган болсо, анда ал жетишсиз экени эсиңде болсун.

№9. Бөлөк бирөөнүн баласын сүйө бил. Эгерде башкалардын сенин балаңа жылуу мамиле жасашын кааласаң, сен да бөлөк бирөөнүн баласына жылуу мамиле жаса.

№10. Өз балаңа , мейли ал жөндөмсүз, жолсуз, чоң болсо да, мээримиңди төк. Аны менен баарлашып атканда кубангын, анткени , бала деген — азырынча сени менен кошо жүргөн майрам.



• Баланын кулк–мүнөзүнө таасир этчүү ыңгайлуу учур кайсы?
— Кеминде бала төрөлгөнгө чейинки жүз жыл мурдагы мезгил.
Уилям Ралф Индж.

• Эгер балаңды ургуң келсе , ур. Болгондо да жүрөгү кабынан чыгып кеткидей ачууң менен. Ачуусу жок урганың урганга окшобогону менен— бала аны кечирбейт.
Жорж Бернард Шоу.

Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 20 Август 2015 - 11:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#555 Пользователь офлайн   lazygirl   20 Август 2015 - 11:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Түбөлүк дос.


Сен үчүн жалын отко жанымды таштайм деген досторду көрдүм, бирок жалын оттор көп эле болду... Ошол достор жандарын ала качты. Жанымда калса, тээ качантан бери кайталанып окула берген китептер калды. Качан болбосун мени алаксыткан кыйышкыс достор ар дайым текчеде турган китептер экен дедим, акыры. Алар менен акыретке чейин антташкан досмун деп төш кагышып ант ичишкен эмесмин, бирок түбөлүкө кыйышкыс досторго айландык. Мен дайыма алардын чаңын сүртүп, анан жымжырт бурчту тандап алып, мурда окулган китеп экенине карабай окуй бергенден жадабайм. А, досмун деп бажактаган нечен түрдүү достор менен масилеттешкенден бат жадайм да, бат чарчайм. Мени жадатпас чаң баскан текчедеги досторум менен керек убакта үн чыгарбай сүйлөшөм да, үн чыгарбай алардын айткан акыл—кеңешин угам. Мен сагынсам, дайыма үнсүз, тилсиз досторумду сагынам...


Китепти артынан кууп окугандардын көңдөйлүгү эмнеде? Биз көп учурда китепти бир сыйра гана окуган үчүн, мазмунуна терээң түшүнбөйбүз. Жакшы китептерди кайра кайра окугандан өтөрү жок. Эгер китепти кайталап окуганга көнсөң, сен мурда окуган китептерге жөн гана көз жүгүрткөн окурман экениңди билесиң. Эгер мурда окуган китебиңди кайра окуп чыксаң, сен анын жакшы же жаман экенин гана баамдайсың. Кайталап окулган китепти дагы кайталап окусаң , сенин да китеп жазгың келет.


• Адамдын ким экенин анын кызыккан китебинен байкоого болот.
С. Смайлс.

• Жакшы китеп автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган мурас.
А. Адиссон.

• Китепсиз дүйнө — жапайылардын дүйнөсү.
Н. А. Морозов.

• Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге тете.
Э. Борк.

Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 20 Август 2015 - 11:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#556 Пользователь офлайн   osh93   20 Август 2015 - 11:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Тамаша кылуунун Исламдагы орду Окугандардын саны : 3,140
Ырайымдуу, Мээримдүү Алланын ысымы менен баштаймын!

Ааламдардын Раббиси Алла Таалага шүгүрлөр болсун жана Анын элчиси Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө, анын сахабаларына жана Акырет Күнүнө чейин өздөрүнүн жакшылык иштери менен аны ээрчигендерге Алла Тааланын салават-саламдары болсун!

Чындыгында, азил-тамаша адамдын жан-дилине жагымдуу сезимди тартуулоо менен бирге өзүнө көптөгөн жакшылыктарды камтыган. Көпчүлүк учурда тамаша айтуу менен оңтойсуз абалды жөнгө салып, же адамдын көңүлүн алып, же көңүлүн оорутпастан кемчилигин оңдоого да болот. Мына ошондуктан Ислам дининде да тамаша кылууга уруксат берилген. Бул туурасында көптөгөн хадистер айтылган.

Мисалы, Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте сахабалар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «О, Алланын Элчиси, сен да бизди тамашалайсыңбы? !» – деп айтышканда, ал: «Мен чындыкты гана айтамын»,– деп жооп берген.

Ал эми хадистин башка риваятында Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан:

«Мен силерди тамаша кылсам да чындыкты гана айтамын». (Имам Ахмад)

Ал эми Ибну Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан: «Албетте, мен да тамаша кыламын, бирок чындыкты гана айтам». (Имам ат-Тирмизи)

Жабир, радыяллаху анху, айтты: «Атам кайтыш болуп, артында жети (же тогуз) кызы калды. Ошондо мен бир аялга үйлөндүм. Күндөрдүн биринде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эй, Жабир! Үйлөндүңбү? » – деп сурады. Мен: «Ооба»,– дедим. «Кызгабы же аялгабы?» – деп сурады. «Аялга»,– дедим. Ал айтты: «А неге кызга үйлөнбөдүң? ! Сен аны эркелетип, ал да сени эркелетмек же сен аны менен күлүп, ал да сени менен күлмөк». Мен айттым: «Атам кайтыш болуп, артында жети (же тогуз) кызы калды. Аларга өздөрү сыяктуу (жаш кызды) алып келүүнү каалабадым. Ошол себептен аларга баш-көз болсун деп аялга үйлөндүм». Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Алла сага берекесин берсин!». (Имам аль-Бухари; Имам Муслим)

Абу аль-Вафа ибну Аъкыйл айтты: «Акылдуу адам эгерде аялдарынын бири менен жалгыз калса, бири-бирин эркелетип же тамаша айтып көңүлүн көтөрөт. Ал муну менен өзүнүн жана аялынын алдындагы милдетин аткарган болот. А эгер балдары менен жалгыз калса, анда көңүлдөрүн көтөрүү үчүн алар менен жаш балача ойноп, бир азга оор басырыктуулугун таштай турат». (“аль-Адаб аш-Шаръийя”)

Имам аль-Газзи айтты: «Бир адамдын өз үй-бүлөсүндө жагымдуу маанайды түзүүсү жана аларга жумшак мамиле кылуусу - пайгамбарлардын жана элчилердин сыпатынан». (“аль-Марах филь-Мизах”)

Эгерде тамаша кылуу жогоруда айтылгандай жакшылыктарга алып келсе, анда ага уруксат. Имам ан-Навави өзүнүн “аль-Азкар” китебинде мындай деп айткан: «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, да кээде сүйлөшүп жаткан адамдын көңүлүн көтөрүп, аны менен жакын мамиле түзүү үчүн тамаша кылган. Мындай кылуу Сүннөт болуп саналат. Билгиниң, мына ушул эң зарылдуу сыпаттардан». (“аль-Азкар”)

Ошондой эле сахабалар да Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен жана бири-бири менен тамашалашкан. Бул туурасында Бакр ибну Абдулла мындай деп айткан: «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабалары кээде бири-бири менен дарбыздын (кабыктары) менен ыргытыша кетээр эле. Ал эми иш жүзүнө келгенде, мына ошолор эркек эле». (“аль-Адабуль Муфрад”)

Бир адам Суф’ян ибну Уъяйнадан: «Тамашалоо кемсинтүүгө жатабы?» – деп сураганда, ал мындай деп жооп берди: «Жок! Сүннөткө жатат, бирок тамашаны өз орду менен колдоно билген адам болсо жакшы. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, да тамашалаган. Анткени адамдар андан үлгү алууга жана Сүннөтүн ээрчүүгө буйрулган. Эгерде ал жумшак мүнөздүү, жайдары болбостон түнт жана көңүлсүз жүргөн болсо, анда адамдар ушуну туура деп эсептешип, инсандын табиятына каршы келген түйшүк тартуу же кейүү сыяктуу сыпатта болуп калышмак. Мына ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аларды тамашалашсын деп өзү да тамашалаган». (“Файдуль Кадир”)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#557 Пользователь офлайн   lazygirl   20 Август 2015 - 11:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Жардамдашуу.


Бир дыйкан каза болот. Маркумду мүрзөгө алып жөнөөр мезгил жетип, табыт көтөрүүгө киши издей башташканда, соопчулукка ыктыярдуу үч адам чыгыптыр. Мүрзөгө бараткан жолдо алар жакын аралыктагы бактын кароолчусун көрүп, мындай деп кайрылышат:
— Тууган, сөөктү мүрзөгө чейин көтөрүшкөнгө жардам бер.
— Анте албайм, колум бош эмес менин, ишим көп. – дептир кароолчу.
Табытта жаткан киши башын көтөрө коюп , мындай деген экен:
— Менин да бүтпөгөн көп иштерим бар болчу. Бирок ага карабай өлүм келди. Мен иштеримди токтотуп коюп, бул дүйнөдөн кетип баратам. Сен өлгөндө сени көмүүгө жардамдашсын десең, мени мүрзөгө жеткиргенге жардамдаш.


• Керсейген адам , коомдун колкосуна чыккан жара.
М.Горкий.
• —Тозок деген эмне?
— Кыйналганы жаныңдын.
— Жинденүү деген эмне?
— Бузулганы каныңдын.
— Өлүм деген эмне?
— Өчкөнү болот жалындын.
А. Токомбаев.

• Арамзанын арканы менен кудука түшпө.
Гагауз.

• Уйкусу качканга — түн узун, чаалыккан жолоочуга — жол узун, акылга кемге — өмүр узун болуп көрүнөт.
Л. Толстой.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#558 Пользователь офлайн   osh93   20 Август 2015 - 11:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ибну Хиббан айтты: «Тамаша эки түрдүү болот: жакшы көрүлгөн жана жаман көрүлгөн. Жакшы көрүлгөн тамаша – бул Алла Таала жаман көргөн нерселерди камтыбаган, күнөө иш болбогон жана туугандык байланышты үзбөгөн денгээлде болгону. Ал эми жаман көрүлгөн тамаша – бул душмандыкты жараткан жана адамдын баркын кетирип, достукту бузганы. Буга арсыз адам гана умтулат, ал эми кадырлуу адам муну жек көрөт”. (“Раудатуль- уъкаля”)

Демек, бул айтылгандардан Ислам дининде тамаша кылууга уруксат экендиги белгилүү болду.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#559 Пользователь офлайн   osh93   20 Август 2015 - 11:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

ТАМАШАНЫН ТЫЙЫЛГАН ТҮРЛӨРҮ

Жогоруда айтып өткөндөй Ислам дининде азил-тамашага уруксат берилген. Бирок уруксат берилген тамаша түрлөрүнүн да жекече шарттары жана чектери бар. Анткени кээ бир учурда тамаша кылуунун жыйынтыгы көптөгөн кайгы-капага же душмандыкка же көралбастык сыяктуу күнөөлөргө же такыр эле куфурлукка алып келиши мүмкүн.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#560 Пользователь офлайн   lazygirl   20 Август 2015 - 11:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Ар кимдин өз милдети бар.

Бир жолу чаян өзүн дарыянын аркы жээгине алып өтүү үчүн ташбаканы көндүргөн экен. Анын жонунда тынч отуруп келаткан чаян аркы өйүзгө жуп жетээрде чыдабай кетип, аны акыры чагып алыптыр. Ага нааразы болгон ташбака:
— Башкаларга жардам берүү — менин табиятым. Мен сага жардам бердим. Мени чакканга кантиа дитиң барды?!
— Досум– деп жооп бериптир чаян , — сенин табиятың — жардам берүү, меники — чагуу. Анда кандай, сен эми өз табиятыңды изгилик деп тапсаң, а меникин жүзү каралык деп тааныйсыңбы?


• Башканын көз айнеги көзүңдү бузат.
Д. И. Писарев .

• Билим максат эмес, колдогу курал болуп саналат.
Л. Н. Толстой.

• Кырсыка акыл чыдайт, кайрат аны менен кармашып, Сабыр жеңип чыгат.
М. Севинье.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: