Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#261 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Август 2015 - 23:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Анан ачууну ачуу менен бастыргысы келип,делебеси козголуп турса да анте албады. Толкунбектин келишин кутту. Жок дегенде келип,кабарын айтып кетээр деп умутун узбой турду. Аны менен бир саат отуруу,Зыйнаттын журогуно бир жылдык жылуулук менен,бир жылдык рахат тартуулоочудай сезилет. Комуз куусун сагынат. Толкунбектин бабасы Байбууранын Салтанам деген кызга черткен комуз куусун угууну энсейт. Байкуш Салтанат,Байбуурага жетпей,ошентип арманда отуп кеткен экен деп озу менен озу суйлошуп. Машинанын дабышын жата калып тыншай берип,айласы кууруп турган Зыйнат,эшик алдына чукул келип токтогон машинанын унун угуп эле ордунан ыргып турду. Ал Толкунбектин машинасынын унун бир километр алыстан таанычуу. Кубанганынан, дарбазаны ачып жаткан таякеси Токтогулду да козуно илбей,Толкунбектин мойнуна асыла кетти. -Мен сени келбейт экен деп ойлодум эле. -Эмне учун? -Уйунордо мейман бар го деп.-Кандайча?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Август 2015 - 23:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Мен Жайнагулду кок базардан кордум. Машина менен журот.
-Кандай машина менен?
-Такси. Шофер экоо чогу сода кылды.
-Ту-у, анда мен кетишим керек тура. Уйго меймандар келсе, таза убара болуп жаткан тура балдары менен.
-Уйго киресинби, же ушул эле жерден кетесинби? Кеч да келиптирсин.
-Кирейин. Бирок олтурмай жок. Атайн келип, ийгилигинди куттуктабай койсом, дагы таарынасын да.
Экоо уйго киришти. Зыйнат тайакесиникине кирип, майда-барат бир нерселерди алып чыкты. Анан "базарлык" деп атайы Толкунбекке арнап Москвадан ала келген бир кичинекей кооз шишедеги коньякты ачты.
-Муну эмнеге ачып жатасын? Же озун ичесинби?
-Озум иччу белем. Ичпесенда ооз тийбейсинби сен. "Ичкилик ичсен барбаймын деп , " -деп журуп , ичкис кылбадынбы.
-Ичсен ичип жургондурсун, мен сени кайтарып журдум беле. Бирдеме болсо эле, "куйутко ичип жатам" деп калмайын бар эле го.
-Мына ушинтип ишенбейсин. Ичкен кезде деле кыйратып ичу белем, ичип. Чындыгында эле, озун айткандай Жайнагул жайнаган сонун аял тура. Бая чогу болгон конокто даап карай алган жок элем. Бугун даана кордум. Мен аны менен кантип таанышам ыя?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Август 2015 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Кантип таанышам дегенин кандай? Анын астында куноо жасап олтуруппу? Жок, Зыйнат, ал жонундо ойлобой эле кой. Экообузду билбесе бир жон эле. Ал азыр бизди беш колундай билет. Билесинби , баягы учообуз тен Фурунзеде жургондо тааныштырсам жону бир жон эле. Ошондо ойлобоптурмун да. Аяш карындашын менен эмне учун тааныштырбайсын деп озу айтып журду. Шартуу убакыт болбой койбодубу. Мындай болорду ким ойлоду эле анда.
Аялдын супсуну сууй тушту. Бир демге унчукпай бетин басып, Толкунбектин катарындагы стулга олтуруп, опколоп ыйлап жиберди.


Баламды коргум келет,Ушуга тушуносунбу баламды мен..созунун аягына чыкпай токтоду. Толкунбек Зыйнатты ормое тиктеди. Ушундай жагымсыз созду кулагыма угузба деп канча ирет айттым. Кызык экенсин ал сенин балан эмес да.-Койчу балам болбосо да балам дебечи,Оз балам болбосо да сенин балдарынды коруп конулумо тотоп кылып журойунчу. Толкунбек ушул отунучумду кабыл кылып макул деп койчу. Жигиттин кирпиги бузулуп. Мени кармабачы. Качан болсо бала,бала. Жадап буттум угуудан. Ыйын да конулумо кок таштай тийди. Зыйнат коз жашын суртуп,ордунан оор козголду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Август 2015 - 23:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

---Анан кантейин,жалгыздык жанымды жеп жатса. Баладан ажыраганыма окуном. -Окуном дечы. -Ооба,аябай окуном. Бирок кеч ойлонуп калдым да. Зыйнат Москвага барганда алып келген таттуу путтуусун столдун устуно коюп жатты. Тынчы кетип ийненин уйтундо турган жигит. Зыйнатты колдон алды. Алтыным жетет ушулар ташый бербечи мен кетишим керек. -Азыр деди ындыны очкон келин.колундагы шишени кармалап. -Эгер бугун мында туноп калсан,эмне болоор эле. Сени районго кетип келбей калган экен дейт да. Экообуздун корушпогонубузго канча болду сени олгондой сагындым.. Койчу антпечи Жайнагул менен ажырышпагандан кийин,кантип ошондой болсун. Ал жон-жай базардан такси жалдап чыкпайт болчу. Уйдо меймандар болуш керек бир бактан келген. Зыйнаттын колундагы кармалап турган шишени акырын алды. Анан аны айлантып ары-бери карап туруп. -Муну Москвадан алдынбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Август 2015 - 23:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

–Ооба, анан мени
Финландияга барып келди дейсинби?


-Ким билет. Балким, андан ары
учту бекен дедим эле. Канна эмесе, ичпесек да шариятка тууралап коёлу.


Тоонун козундой болгон хрусталь
рюмкага куюлган шарапты экоо тен колуна алды. Анан Толкунбек Зыйнаттын эмгегин
куттуктап, чыгармачылык ишинде ийгилик, озуно ден-соолук каалады.


Келин ушуну эле кутуп тургансып,
Толкунбектин колундагы рюмка менен рюмкасын уруштуруп, эки козун жигиттен
албай, жалжылдай тиктеген калыбында стаканга эрдин тийгизди.


-Акырына чейин алып кой эми, озун
учун которулуп жаткандан кийин, - деп Толкунбек Зыйнатка.


-Врачтар, масс кылуучу ичимдиктин
эч кайсынысынан оозунузга грамм албаныз деп эскерткен. Ден-соолук болгондо,
ичпе десен болбой ушул тостту алып эле коёт болучумун. Эми мен учун да, озун
учун да сен алып кой, Толкунбек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жок, мен да алалбаймын.


Зыйнат жигитке чын сырын айтты.


-Мен сени озум таптым, озум жолдон
чыгардым. Мунун баары сага болгон ашыктыктын кучу болсо керек. Сагынам да
турам. Бул эмне деген ыя, Толкунбек. Сенден конулум калса экен деп тилейм.
Таарынышкан бойдон арабыз ажырым болуп кетсе жакшы болот эле. Сенден конулум
калса экен деп тилейм. Таарынышкан бойдон арабыз ажырым болуп кетсе жакшы болот
эле. Бирок менин сага болгон тарынычым да, сага келген ачуум да бат эле
коодонумдон жоо тумандай тарап жок болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эмне учун экенин озум да билбейм.
Сенин журогун жалгыз Жайнагул деп соксо, а менин журогум жалгыз сен деп согот
да турат.


Толкунбек Зыйнатка ичи ысып,
журогу толуп, боор толгоп, анны аяп турду. Ушул саамда жанында бир кездеги
балакатка толуп-толбогон балапан Зыйнат тургандай болуп кетти.


–Мен эми кетейин,
мага руксат бер, - деди жигит келиндин жанынан турууга камынып.


-Болуптур, кетсен кет. Уйлуу
киши уйуно барыш керек да. Жайнагулдун кутуп жатканын билем. Деги жакшы аялдан
жолдуу экенсин. Мындай эр азаматтарды «камчысы жакшы экен» деп коёт эмеспи.
Ичим жылыды карап туруп. Бирок сени кызгандым андан.


Зыйнаттын созун угуп
Толкунбектин коздору жайнай тушту. Буга чейин анын Жайнагулду мактоосун коп эле
уккан. Коп эле жолу ага жакшылык каалаганын, Жайнагул учун эчен ирет тост
которгонун да билет. Бирок Сенин аялына ичим жылыды деген созду жигиттин
биринчи жолу угушу болучу.


-Сен анны «тышы жалтырак, ичи
калытырак» деп жаман коруучу эмес белен. Качантан бери жылып калдын? Бугун
элеби? – Толкунбек кулумсуроп туруп, чыны менен журокто жургонун айтты. – Мен
сага тушунбойм. Бирде тигиндей, бирде мындай. Баягы «Которуп атка мингизгенин
курусун, кочуктон чымчып алганын курусун» дегендей эле иш да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Чынымды айтсам Жайнагулдун
жаман келин эмес экенин тушуном. Бирок кунучулук, ич тарлык, кызгануу деген
балекеттен ар кандай создор чыгат турбайбы. Кээде Сенин конулунду которуу учун
атайын калп мактаган мезгилдерим да болот. Канткен менен насилибиз аял экен да.


-Шумдук, ошондой амалын да бар
беле. Амалкой эле аялсын ээ. Мына эми чынынды айтып, оноло баштадын. Мени кээде
Жайнагулду мактоо менен алаксытып, алдайт турбайсынбы, - Толкунбек каткырып
кулду. – Мындай жойпулук оюма да келген эмес. Ырас укпадымбы…


Кирип эле он-жыйырма мунотто
чыгам кайра деген Толкунбек, тээ тундун бир оокумунда, Зыйнаттан бошонду…






БИРИНЧИ КИТЕПТИН БИРИНЧИ -БӨЛУМДУН АЯГЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

*****ЧООЧУН КИШИ.***** 1-бөлүм


*ЭКИНЧИ БОЛУМ*


МАШИНА ДАРБАЗАНЫ СУЗДУРО КЕЛИП ТОКТОДУ. Уйдун ичи тышы суттой жарык. Кирип-чыгып жаткан адамдар козго алыстан чалыгат. "Жездем келди, папа, жездем келди!" -деп жар сала кубанычтуу кыйкырган баланын уну жигиттин кулагына шак дей тушту. "Кудай у-у-р, шерменде боломун го, кайн журт келген турбайбы" , -деп журоксуй тушуп, машинанын кабинасын жаны ачып чыга берерде, дарбазадан атып чыккан Саданын кичу уулу корунду. Ал Жез-де-е! -деп унунун бардыгынча кыйкырып барып, Толкунбекке жабыша тушту. Жигит баланы жерден илип алып, бетинен ооп, которгон бойдон, дарбазадан аттап буттап отуп, уйго шашып кирди.
Олтурган адамдарды коргондо мандайынан тер чыга тушту. Журогу алып учуп, уялуу менен жазгануу денесинде ойноп турду. Айыбы арандай ачылып тургандай болуп, озунон озу шектенип, озунон озу ынгайсызданып, журогу турсулдоп согуп, коздору ала-чакмак болуп. Тордо умай энедей болуп олтурган кайненеси менен Сады Казиевич козуно биринчи чалдыкты. Толкунбек эки коолун бооруна алып, ийиле тушуп салам айтты. Анан олтургандар менен бир баштан ол алышып учурашып чыкты. Тумар байбиче ордунан туруп, Толкунбектин чекесинен опту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#270 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Алдына кетейин кандай, сак-саламат жакшы жросунбу? Денин сакпы?


–Жакшы, эне. Озунуз
кандай, куулуу-демдуу турасызбы? Бала-чака Аман-эсенби? ..


Сады Казиевич куйоо баласынын
колун кош колдоп, кыса кармады.


-Кандай жолдош куруучу! Тузукпу?


-Тузук, абаке, тузук!


-Ооба, тузук экенинди коруп турам.


Толкунбек кайра сурдонду. Сады
анны мыскылдап, какшыктап жаткандай туюлду. Ал оз куноосу булардын алдында
дегеле акталбоочу айыптай болуп, тобосунон ылдый басып тургандай болду. Балким,
Жайнагул мен жонундо бирдеме деп койгон жок бекен деген сыяктуу ойлор жиптей
чубалат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#271 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Тыштап Байрагул менен Жайлоогул
кирди. Экоо тен Толкунбектин бетинен опту.


-Ырас болбодунбу келгенин. Сени
чек аранын тубундогу бир алыскы районго кетти, келсе кеч келет деп жатты эле
Жакин. Олтур, чай ич. Курсагын ачтыр.


Толкунбек Байрагул эжесинин созун
угуп женилдене тушту. Анткени колуктусу буларга озу жонундо жаман айтпаганы
дароо билди. Толкунбектин тандайы так катып озунон озу суусап чыкты. Анткени
кымыз жыты буруксуп жигиттин таноосун жарып турган болучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#272 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Жок, ач деле эмесмин. Жолдо бироонукунон
тамак ичип чыктык, - деди шилекейин акырын кыл эттире жутуп.


-И-и «Эр азыгы менен бору азыга
жолдон» деген ошол балам. Дилгиремди Сады кечээ мен келгенде эле жибердим деп
жатты эле. Биз ошол эле куну алды го деп ойлосок, бугун эртен менен алып келген
тура, сен жумушка чыгып кеткенден кийин. Жакин озу тосуп барыптыр, такси жалдап
эки баласы менен. – Тумар Жайнагулду чакырды. – Ай Жакинтай, Толкунбекке алып
кел биздин кешиктен. Кымызындан куй.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#273 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагулдун кабагы Толкунбек
ойлогондой эмес экен. Кабагы жайкы кундой жадырап, конулу которунку. Уурт-




тарында да,
коздоруно да кубанычтын кулкусу ойноп тургансыйт. Мени кандай коз карашта кабыл
алар экен деген ниетте Толкунбек колуктусун кайта-кайта жал-жал карай берет.
Бир кезде эки жаштын коздору бири-бирине урушуша тушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#274 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 00:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жигитке колуктусунун жузундо
кулкусу ойноп турганы менен карегинин тээ теренинде таарыныч менен
нааразычылыктын толкуну уюп жаткандай, журогу акырын сызыла тушту.


Куйоосунун алдына энеси менен
эжелери алып келген тамак-аштарды алып келип койду. Анан дасторкондун четинде
турган ак мискейден чон кесеге мелтилдете кымыз куюп сунду.


Тумар куйоо баласына карап
минтти:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#275 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Тумар куйоо баласына карап
минтти:


-Ата-эненер болсо Аман-эсен
жатышат. Жанатынар такылдап Адам болуп калыптыр. Балекетинди алайын, кудагыйдан
тапычкынбай аркасынан чуркап журот. Жайнагул менен абанды сагындынбы десем,
«Сагынганым жок. Мен Асан менен Усонду эле сагынып турам да таейне», - деп
коёт. Тили Кудай салбасын, Тим эле буудай куурат. Бул жакка чыгаардын алдында
атайы бардым. Балким, балдарына айттыра турган кеп-созу барбы, же кудагый биз
менен чогуу барып келеби деп. Ошол балам. Эл-журт Аман-эсен. Кол болсо жатат
койколуп. Силерди кочуп келип, уй алды деп угуп жетууго эки козум торт болуп,
канатым болсо учуп жетсем десем, айла жок, улам бир жумуш чыгып эле келалбай,
ушул убакка калдык. Жолдун да ачылаар, туздун да которулоор убагы болот тура.
Кошунанарды куттуктап келдик кулунум. Жакинимден санаам тынбай, эки бала менен
жалгыз бой кантип жатат болду экен деп… уктасам тушумдон, ойгонсом оюмдан
кетуучу эмес эле. Кудая шугур, жаман эмес экен. Эптеп эки жаманды торолтуп
алыптыр…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#276 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 22:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Эне, сиз капа болбонуз абам
менен эжемдерди Толкунбек бир сыйра кымыздан алдырып жиберсин. – Жайнагул
куйоосуно карады. Бошогон идиштерди биринин




устуно бирин салып., тигилердин кымыз ичишин кутуп туруп калды.
-Кымызынарды ичсенер анда дасторконго бата кылып коелу, -деди Тумар, бешенеси жаркып.
-Алганын менен тен кары, бала-чакан менен аман бол, балам. Аялдын, аялдыгы уй кармаганынан, дасторкон жайганынан, тамагынын даамдуулугунан билинет. Бактылуу болгула балдарым, уйунор ак жолтой, ак жуздуу болсун!...


Колуктусунун артынан чыкан Толкунбек кубана суйлоду:


-Энем сенин дасторконуна аябай ыраазы болгон экен. Ал киши эмес, мен да кубанып калдым. Сенин кок базарда жургонунду угуп, эмнеге келди экен деп тан калдым эле. Корсо, энемдердин камын коруп жургон турбайсынбы. Рахмат сага, менин жогумду жоктотпойсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#277 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 22:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Толкунбек колуктусун обойун деди эле, келин башын буруп кетти.


-Айтаарынды билем.
-Кимдин?
-Зыйнаттын. Сенин машинан кечинде эле, ошолордун эшигинин астында турганын мен да уккамын.


Толкунбек байкоостон оозуна ысык ботко ууртап алгандай боло тушту. Ойлобой туруп оозунан чыгып кеткен созго окунуп, эрдин кесе тиштеп, ичинен тынды. Тээ бир окумдан кийин актана суйлоп минтти:


-Жок немени айтасында Жакин. Ишенип кой, мен Зыйнатты коргон да, анда болгон да жокмун. Мага сенин кок базарда жургонунду биздин бир кызматкер айтты., "бир озбек жигит экоо соода кылып, жер-жемиш, жашылча алып журот деп.


-Болуптур, болуптур. Жигит менен жургонум да чын, машина менен барганым да чын, кок базарда болгонум да чын,. Деги эмне дейсин?


-Койчу эми, сени ал жонундо куноолоп жаткан жерим жок го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#278 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 22:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

–Баштаган озун.


Жайнагул Асан менен Усонду которуп
уйдон ээрчише чыккан эжелерин коруп озгоро тушту.


-Ыйлап жатабы? Булардын ушундай
уяты жок балдар, - деди азыр эле ачуулуу, сустайып турган жузундо кулку ойногон
келин.



-Ыйлаган деле жок, жоош турбайбы балдарын. Деги бизден чоочуркап
жатышат. Жапайы коёндун божокторундой эле элендешет, эриндерин эмшендедитип.
Булар кайдан келген чоочун немелер дейби, баарбызды кайра-кайра карап тан калып
турушат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#279 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 22:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ии, жаман кучукторум Ий,
окшошкон. Кичине чыдагыла, аз калды.


Жигиттин журогу Жайнагулдун жанагы
созунон кийин чийки май жегендей болду да калды. Анын оюнда машинасынын
турганын коргон кимдир бироо айтып койгондой туюлду. Бирок аялына ыраазы болуп
турган жери, торкундоруно сыр билдирбегени болду. Ал эми жанагы машинанын
турганы жонундогу созду Жайнагул куйоосун кантээр экен деп, сынап айтканын
Толкунбек билген жок… Ошол кундун эртеси мындай бир кызык окуя болду. Кун
батайын деп кечтеп калган. Жайлоогул менен Байрагул экоо эки Баланы которуп,
кочодо ары-бери басып журушкон. Тумар дубалга такай коюлган скамейкадата
откон-кеткендерди карап, балдарынын багына, ыраазы болуп, ичинен Кудайга
мунажат кылып олтурган. А Сады менен Толкунбектин келгенине жарым саат да боло
элек болучу. Агасы кок чай ичем дегенинен, Жайнагул Сады менен Толкунбекке чай
берип уйдо болучу. Бир кезде кочонун чанын ызгытып лесепед тепкен бир бала
зымырылып келип бир конвертти, Тумарды коздой ыргытып жиберип кайра тартты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#280 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   21 Август 2015 - 23:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Асан менен Усонду которуп жургон байбиченин эки кызы энесин коздой басышты.


-Эмне берип кетти тигил бала?




–Билбейм, катпы? –
Кыздарына сунду. – Оздоруно бергиле, Толкунбек менен Жайнагулго болсо керек.
Кандай бала алып келгенин да жакшы байкабай калдым. Конокко чакырып жургон жок
бекен балдарды.


Байрагул колундагы Баланы энесине
берип, конвертти ары-бери айландырып карады.


-Кимге экени конвертин сыртына
жазылбаптыр. Уй номери Гана бар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 03:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: