Жаман мүнөздөр 1. Куфур. 2. Жахилдик (Сабатсыздык).
3. Айыпталуудан коркуу. (Адамдардын жамандоолоруна,
сындоолоруна,
айыптоолоруна таарынып, чындыкты кабыл кылбоо.) 4. Мактанууну жакшы көрүү. (Өзүн жактырып, бирөөлөрдүн өзүн мактоосун жактыруу.) 5. Бидат акыйда. (Бузук ыйман.) 6. Хава-и нафс (Напсинин каалоолоруна,
жыргалына жана кумарына баш ийүү.) 7. Таклид менен ыйман. (Тааныбаган адамдарды тууроо). 8. Рия. (Бирөөлөргө көрүнүү, акырет амалдарын кылуу менен дүнүйө арзуларына жетүү.) 9. Тул-и амал ( Көңүл ачып, жыргоо үчүн көп жашоону каалоо) 10. Тама (Дүнүйө лаззаттарын харам жолдордон издөө.) 11. Кибир. (Өзүн ар кимден жогору көрүү.) 12. Тазаллул. (Өтө ашыкча карапайымдык) 13. Ужб. (Кылган жакшылыктарды,
ибадаттарды жактыруу, жетиштүү дегендей ыраазы болуу.) 14. Хасад. (Кызгануу, көтөрө албоо, ниматтын бир адамдан кетүүсүн каалоо. Абуллайс-и Самарканди мындай дейт:«Үч адамдын дубасы кабыл болбойт: харам жеп-ичкендин,
гыйбат кылгандын жана хасад кылгандын».
) 15. Хыкд. (Башка бирөөнү төмөн көрүү.) 16. Шаматат. (Бирөөнүн башына түшкөн кыйынчылыкка,
зыянга сүйүнүү.) 17. Хижр. (Достукту таштап, таарынып жүрүү.) 18. Жубн. (Коркоктук.) 19. Тахаввур. (Ачуунун, катуулуктун ашыкча жана зыяндуу болуусу.) 20. Гадр. (Айткан сөздө турбоо.) 21. Хыянат. (Мунафыктыктын белгиси: ишенимди кетире турган сөз жана иш.) 22. Убаданы бузуу. (Берген сөзүн кармабоо. Хадиси шарифте мындай деп айтылат: «Мунафыктыктын үч белгиси бар: калп айтуу, убаданы бузуу, аманатка кыянаттык кылуу».) 23. Суизан. (Суизан харам. Күнөөлөрүнүн кечирилбей турганын ойлоо Аллаху таалага суизан кылгандык болот. Момундарды харам иш кылган, б.а., фасык деп ойлоо суизан болот. Бир адам же бир нерсе тууралуу жаман ойдо болуу - суизан.) 24. Мал-мүлккө болгон махабат. (Мал-мүлккө берилип алуу.) 25. Тасвиф. (Жакшылык иштерди кийинкиге таштоо.) Бир хадиси шарифте: «Беш нерсе келүүдөн мурда беш нерсенин баркын билгиле: өлүмгө чейин жашоонун баркын, оорудан мурда ден-соолуктун баркын, дүйнөдө акыретти табуунун баркын, карылыкка чейин жаштыктын баркын, жардылыктан мурда байлыктын баркын», -деп айтылат. 26. Фасыктарды жактыруу. (Фасыктын эң жаманы зулумдук кылуу. Харам иш кылган адамдар фасык деп аталат.) 27. Аалымдарга душмандык. (Ислам илимдерин жана аалымдарын шылдыңдоо куфур.) 28. Фитна. (Адамдарды кыйынчылыкка,
балээге түшүрүү. Хадиси шарифте:«Фитна уйкуда, ойготконго лаанат болсун!» -деп айтылды.) 29. Мудахана жана мудара. (Алы жетип турса да харам иш кылган адамды көрүп андан кайтарбоо жана дүнүйө үчүн динин берүү - мудахана. Дини үчүн дүнүйөсүн берүү мудара деп аталат.) 30. Инад жана мукабара. (Туураны, чындыкты укканда кабыл кылбоо.) 31. Нифак. (Мунафыктык,
адамдын ички дүйнөсүнүн тыш дүйнөсүнө дал келбөөсү.) 32. Ойлонбоо. (Күнөөлөрдү,
макулуктарды жана өзүн ойлобоо). 33. Мусулманга баддуба кылуу. (Каргоо) 34. Мусулмандарга жаман лакап тагуу. 35. Кечирим сураганда кечирбөө. Кечиримдүү болбоо. 36. Курани каримди туура эмес тафсир кылуу. 37. Харам иш кылууну улантуу. 38. Гыйбат кылуу. 39. Тообо кылбоо. 40. Мал-мүлккө жана атак-даңкка берилүү. (Жаман мүнөздөн сактанып, жакшы мүнөздүү болууга аракет кылуу керек. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:«Ибадаттары аз болгон бир кул жакшы мүнөзү менен кыяматта жогорку даражаларга жетет». «Ибадаттардын эң жеңили жана пайдалуусу - аз сүйлөө жана жакшы мүнөздүү болуу». «Өзүнөн алыстагандарга жакындоо, зулумдук кылгандарды кечирүү, жамандык кылгандарга жакшылык кылуу – бул жакшы мүнөздүү болуу»
- (2 )
-
- 1
- 2
Ислам ахлагы Адеп-ахлак
#2 21 August 2015 - 21:58
Кул акысы Суроо:Акы ээси болгон бир адам өлгөн болсо акысынан кантип кутулабыз? ЖООП Кул акысы беш түрдүү болот: 1- Малий (Мал-мүлккө байланыштуу) 2- Нафси (Жашоо-турмушка байланыштуу) 3- Ырзий (Моралдык абалына байланыштуу) 4- Махремий (Намыска байланыштуу) 5- Диний 1- Малий (Мал-мүлккө байланыштуу) кул акылары: Уурулук, тартып алуу, жалган айтып мал сатуу, жасалма акча берүү, башка адамдардын мүлкүнө зыян келтирүү, жалган күбөлүк кылуу, паракорлук сыяктуулар.
Бул акылары үчүн ошол ал адам менен халалдашуу керек. Бул дүйнөдө халалдашпаган болсо акыретте анын сооптору жапа чеккен адамга берилип халалдаштырылат.
Мал ээси өлгөн болсо анын мураскоруна тапшырылуу керек. Мураскору да жок болсо же малдын ээси билинбей калган болсо салих бир кедей адамга берилип, анын сообу ошол акы ээсине жиберилет. Эгер салих кедей табылбаса Исламиятка кызмат кылган кайрымдуулук уюмдарына, вакыфтарга берилет. Өзүнүн салих туугандарына,
жакыр турган эне-атасына,
балдарына хадия катары берүүгө да болот. Эгер буларды кылуу колунан келбей турган болсо акы ээсинин жана өзүнүн кечирилүүсү үчүн дуба кылуусу керек. Каафырдын акысын жегендиги үчүн да аны менен халадашуусу керек. Эгер анын акысын төлөп, көңүлүн албай турган болсо акыретте мунун иши өтө кыйын болот. 2- Нафси (Жашоо-турмушта күнөө болгон кул акылары): Адам өлтүрүү, дене мүчөсүн кесүү, майып кылуу сыяктуу күнөөлөр. Ким эгер бул ишке барган болсо алгач тооба кылуусу керек. Адам өлтүрүп алган болсо анын өкүлү менен халалдашуусу керек. Анын өкүлү кааласа кечирет, кааласа белгилүү бир мал-мүлк сурайт. Кааласа сотко берип, соттун жаза берүүсүн сурайт. Исламиятта кан доосу деген нерсе жок. 3- Ырзий (моралдык абалына байланыштуу) кул акылары: Ушактоо, жалаа жабуу, азилдөө, сөгүү сыяктуу моралдык абалына зыян берген нерселер. Тообо кылып халадашуусу керек. Бул сыяктуу кул акыларында мураскорлору менен халалдашуу жок. 4- Махремий (намыска байланыштуу) кул акылары: Бирөөнүн бала-бакырасына кыянаттык кылуу сыяктуу нерселер. Тообо жана истигфар кылуусу керек. Эгер фитне чыкпай турган жагдай болсо кул акысы менен халалдашуусу керек. Эгер фитне чыгып кете турган болсо халалдашуунун ордуна кул акысы үчүн дуба кылып, садака берүүсү керек. Кылган ыбадаттарынын соопторун ага багыштоосу керек. Фитне чыгып кете турган болсо халалдаша турчу күнөөсүн белгилеп айтпастан эле "мендеги бардык акыларыңды кечир” десе да болот. 5- Диний кул акылары: Туугандарына жана карамагында болгон адамдарга туура диний маалымат берүүнү таштап коюу, адамдардын дин маалыматтарын үйрөнүүлөрүнө жана ыбадаттарына тоскоол болуу, аларга каафыр же фасык деп айтуу. Бидат чыгарып же мурда пайда болгон бидаттарды карманып мусулмандардын жаңылыш ишеничтерине жана жаңылыш ыбадат кылууларына себеп болуу. Орозо маалында көз көрүнө тамак ичип-жеп же көз көрүнө харам болгон бир ишти кылып адамдарга жаман өрнөк болуу. Бул күнөөлөр үчүн да тообо кылып, кул акылары менен халадашуулары керек. Суроо:Мойнунда кул акысы калган адамэмне кылуусу керек? ЖООП Мойнунда кул акысы калган адам буга тообо үчүн кул акысын дароо төлөөсү керек, аны менен халадашып, ага жакшылык жана дуба кылуусу керек. Эгер мал ээси (акы ээси) өлгөн болсо ага дуба жана истигфар кылып, мураскорлоруна берип кутулуусу, аларга жакшылык кылуусу керек. Эгерде анын балдары, мураскорлору билинбеген болсо ошол өлчөмдөгү акчаны кедейлерге садака берип, сообун акы ээсине багыштоо керек.(Сефер-
и Ахирет) Бир адамдан акысыз түрдө алынган 1 тыйынды ээсине кайтарып берүү жүздөгөн сом садака берүүдөн көптөгөн эсе-эсе көп сооптуу болмокчу. Ким эгер Пайгамбарлар кылган амалдарды кылса, бирок, үстүндө турган бирөөнүн 1 тыйын акысы төлөнмөйүнчө Жаннатка кире албайт. (Мектубат-ы Раббани 2-бап, 66,87 мектуп) Кыямат күнү акы ээси акысынан баш тартпай турган болсо, 1 данк, (жарым грамм күмүш) акы үчүн жамаат менен окулган, кабыл болгон жетижүз намазы алынып акы ээсине берилет.(Дурр-
ул Мухтар) Кул акысын Аллаху Тааланын акысынан мурда төлөө керек. Кул акысы үчүн кечирим табуу өтө кыйын жана азабы да катуу болмокчу. Башка бирөөлөрдүн акысын жеп алган адам ошол акы ээлери менен халалдашмайынча ага кечирим болбойт. Мойнунда кул жана айбан акысы болгондорду Аллаху Таала кечирбейт жана алар Тозокко кирип жазаларын тартышат. (Хадика) Хадис-и шерифтерде:
"Мойнунда кул акысы болгон адам өлүмдөн мурда аны төлөп халалдашсын!
Себеби, акыретте алтындын, мал-мүлктүн баасы болбойт. Ал күндө акы төлөнгөнгө чейин өзүнүн сооптору алынат, эгер сооптору да жок болсо акы ээсинин күнөөлөрү ага жүктөлөт.”(Бухари) "Кибири, кыянаты жана кул акысы болбогон момун Жаннатка кирет.”(Несаи) "Кул акысы – бул момундун айыбы, кемчилиги болуп эсептелет.”(Эбу Нуайм) Мойнунда кул акысы болгон адамдардын рухтары Бейишке кирбейт. Салихтердин рухтары кабырларына келип, алардын денелерин зыярат кылышат. Кайтыш болгон момундардын рухтары келип, дүнүйөдө тааныган адамдарын сурашат.)(Фераид-
ул феваид).
#3 21 August 2015 - 23:33
Жакшы ахлак.
Суроо: Жакшы мусулман болуу үчүн жакшыахлактууболуу керек экендигин билдирдиңиз. Жакшы ахлакты кантип тапса болот? ЖООП ООба, Жакшы мусулман болуу үчүн жакшы ахлакка ээ болуу керек, жаман ахлактан узак туруу керек. Ушундай болгондо гана дүнүйө жана акырет саадатына жетүүгө болот. Жакшы ахлакка ээ болуу үчүн илим жана адеп маалыматтарын үйрөнүү жана да жакшы адамдар менен достук куруу керек. Жаман ахлак болсо мунун терси. Б.а. жахил болуп калуунун себеби, жаман адеп жана жаман адамдар менен достук куруу. Женаб-ы Хак Пайгамбарыбызды мактап жатып
Чындыгында сен чоң бир ахлактын үчтүндөсүң)деп айтат. (Калем 4) Жакшы ахлактуу адамдарга жакын болуп, ошолор сыяктуу болууга аракет кылуу керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылды. (Ниматка жеткен адамдардан жөнөкөйлүк көрсөткөндөргө,
өзүн дайыма кемчиликтүүмүн деп билген адамга, халалдан акча таап аны кайырлуу жерге сарптаган адамга, фыкых маалыматтары менен хикматы (тасаввуфту) бирлештирген адамга, халал менен харам нерселерге көңүл бөлгөн адамга, кедейлерге мээридүүлүк кылган адамга, ишти Аллах ыраазычылыгы үчүн кылган адамга, ахлагы жакшы адамга, эч кимге жамандык кылбаган адамга, илими менен амал кылган адамга жана оокатынын көбүн таратып, сөзүнүн көбүн сактаган адамга сүйүнчүлөр болсун!)(Таберани) Жакшы сөздөр Ахлак тууралуу Ислам аалымдары айтышат: "Ар имараттын негизи (фундаменти) болот. Исламдын негизи – жакшы ахлак.” "Жаман ахлак ушундай бир жамандыктын дал өзү, аны менен кылынган канчалаган жакшылык пайд бербейт. Жакшы ахлак ушундай бир жакшылыктын дал өзү, аны менен кылынган бир нече күнөөлөр кечирилет.” "Жогорулаган бардык адамдар бир гана жакшы ахлактырынын аркасында көтөрүлүшкөн.
” "Жакшы ахлак – бул жарык жүздүү, жоомарт болуу жана эч кимди таарынтпоо.
” ”Жакшы ахлак – бул эч бир адам менен араздашпоо жана эч кимди араздаштырбоо.
” ”Жакшы ахлак – бул бирөөлөргө кыйынчылык тарттырбоо жана кыйынчылыктарга сабыр кылуу.” ”Жакшы ахлак – бул кененчиликте жана тарчылыкта адамдарды ыраазы кылууга аракет кылуу.” ”Жакшы ахлак – бул Аллахтан ыраазы болуу. Б.а. башына келген жакшылык жана жамандыкты Аллахтан деп билүү, ниматтарга шүкүр кылып, балээлерге сабыр кылуу.” ”Жакшы ахлак – бул жок эле дегенде кыйынчылыктарга төшүн тозуу, бирөөлөргө кылган жакшылыктарынын каршылыгын күтпөө, бардык адамдарга карата мээримдүү болуу.” ”Жакшы ахлак – бул харам нерселерден качып, дайым халал нерселерди издөө, чоочун адамдар менен болгон сыяктуу эле үй-бүлө мүчөлөрү менен да жакшы мамиледе болуп, аларды ыраазы кылуу.” ”Жакшы ахлак – бул Жаратканды ойлоп, жаратылган нерселерге кечиримдүү болуу, алардан келген кыйынчылыктарга сабыр кылуу.” Бир мусулманга бүркөлгөн кабак менен кароо харам. Жарык жүздүү болбогон момундун сыпаты жок. Бардык адамдарга каршы жарык жүздү болуусу керек. Хадиси шарифте Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылган адамдын мусафырына жана коңшуларына икрам кылуусу (сый көрсөтүүсү),
кайырлуу пайдалуу нерсе болсо сүйлөөсү же болбосо унчукпай жүрүүсү буйрук кылынган. (Бухари) Башка бир адамдын жаман ахлагынан улам ар кимге даттанып арызданып жүргөн адамдын өзү жаман ахлактуу. Башка адамдардын жамандыгын сүйлөп жаткан болсок бул нерсе өзүбүздүн жаман экендигибизге ачык бир белги. Жакшы ахлак – бул кыйынчылыктарды билдирбөө. Ынсаптуу болуу, достордун кемчиликтерин көрбөө, адамдар тууралуу дайым жакшы ойдо болуу (хусни зан) , жаман ойдон качуу (суи зан), достору тараптан келе турчу кыйынчылыктарга сабыр кылуу, аларды даттанбоо, дайым өз айып-кемчиликтери менен алектенүү, өз нафсин эзүү, жарык жүздүү болуп бардык адамдар менен жумшак сүйлөшүү. Жакшы ахлактуу адам адептүү болуп дайым аз сүйлөйт. Каталары аз жана эч ушак кылбайт. Аллах үчүн сүйөт, Аллах үчүн душмандык кылат. Коңшу жана досторун дайым коргойт. Бардык жакшылыктардын башы – уяттуу болуу. Хазрети Хызыр айтты: "Жарыкжүздүү бол, ачууланба!
Дайым пайдалуу иш кыл, аз болсо дагы зыяндуу иш кылба! Кажетсиз көчөнү кыдырба, болор-болбос нерсеге күлбө, эч бир адамды кемчилиги үчүн айыптаба, күнөөлөрүң үчүн ыйла!” Улуулардан Эбу Осман Эл-Хайрини тамакка чакырышат. Чакырылган жерге барганда ага: "Кечирип коюңуз, эл көп келди, сени кабыл кыла албайбыз”, - дешет. Кайрылып бираз жолго узап калганда кайрадан чакыртышат.
Кайтып келгенде кайрадан эле кабыл кыла албай тургандыктарын айтышат. Ушинтип бр нече жолу чакырып, кайрадан кетиришкенден кийин: "Биз сени сынаш үчүн ушундай кылдык. Чындыгында жакшы ахлактуу экенсиң”, - дешет. Аларга жооп катарында мындай дейт: "Бул ахлакты жакшы деп ойлоп турасыңарбы?
Бир итти да чакырып кайра куусаңар кете берет”. Ахлакты жакшыртуу Хадис-и шарифте айтылат: [Ибни Лал] "Силердин араңардан ыйман жагынан алып караганда жакшы болгонуңар – ахлакгы жакшы болгонуңар”[Хаким] "Йа Рабби Сенден сыххат, афийет жана жакшы ахлак тилеймин.”[Хараити] "Мен жакшы ахлакты толуктоо үчүн жиберилдим”[Байхаки] "Суунун кирди тазалап кетиргендиги сыяктуу, жакшы ахлак да чоң күнөөлөрдү кетирет. Уксустун балды бузуп жибергендиги сыяктуу, жаман ахлак да жакшы амалдарды бузат.”[И.Хиббан] "Аллаху тааланын алдында жаман ахлактан да чоң күнөө жок. Себеби, жаман ахлактуу адам жаман мүнөзү менен кылган күнөөсүнөн тообо кылып кутулса да кайрадан эле башка бир күнөөгө кирет. Эч качан күнөөдөн кутула албайт.”[Исфахани] "Кимде ким тообо кыла турган болсо, тообосун Аллаху таала кабыл кылат. Жаман ахлактуу адамдын тообосу кабыл болбойт. Себеби, бир күнөөдөн улам тообо кылса да жаман ахлагы болгондугу үчүн башка бир чоң күнөө кылат.”[Таберани] "Жакшы ахлак – бул сенден мамилесин үзүп кеткен туугандарды зыярат кылуу, сага бербегенге сенин берүүң, сага зулумдук кылган адамды кечирүү.”[Байхаки] "Дин – бул жакшы ахлак.”[Дайлами] "Момундардын ыйман жагынан эң фазилаттуусу – бул ахлагы жакшы болгону.”[Тирмизи] "Күндүн музду ээриткендиги сыяктуу жакшы ахлактын да күнөөлөрдү ээритип кетире тургандыгында эч бир шек жок.”[Хараити] "Бир мусулман жакшы ахлагынын аркасынан түнкүсүн ыбадат кылып, күндүзү орозо кармаган адамдын даражасына жетет.”[И. Ахмед] "Бир адам аз ыбадат кылса да, жакшы ахлагынын аркасынан эң жогорку даражаларга жетет.”[Таберани] "Жумшак мамиле кыл! Катуулуктан сактан! Жумшактык адамды кооздойт, жамандыкты кетирет.”[Муслим] "Жумшак мамиле кылбаган адам кайырлуу иш кылган болбойт.”[Муслим] "Эң көп сүйгөн адамым – мүнөзү жакшы болгон адам.”[Бухари] "Жумшак адамга дүнүйө жана акырет жакшылыктары берилген.”[Тирмизи] "Тозокко кирүүсү харам болгон жана Тозоктун да аны күйгүзүүсү харам болгон адамды билдирип жатам. Көңүл бөлгүлө! Бул адам – адамдарга жеңилдик, жумшактык кылган адам.”[И. Ахмед] "Жумшак болгондор жана жеңилдик кылгандар айбандын тизгинин кармаган адам сыяктуу. Токтоткусу келсе айбан ага баш ийет. Таштын үстүнө айдагысы келсе айбан ошол жерге чуркайт”.[Абу Давуд] "Жаннатка киргизе турган нерселердин эң башкысы Аллаху тааладан коркуу жана жакшы мүнөздүү болуу. Тозокко киргизген себептердин башы – дүнүйөлүк нерселерден айрылганда көңүлүн түшүрүү жана бул нерселерге жеткенде да сүйүнүү, азып кетүү.”[Тирмизи] "Ыйманы эң кубаттуу болгон адам – бул ахлагы эң жакшы болгон жана жубайына абдан жумшак болгон адам.”[Тирмизи] "Адам жакшы мүнөзү менен Жаннаттын эң жогорку даражаларына жетет.[нафил]ибадаттары менен бул даражаларга жете албайт. Жаман мүнөз адамды Тозоктун эң түбүнө сүйрөп түшөт.”[Таберани] "Ыбадаттардын эң жеңили - аз сүйлөө жана жакшы мүнөздүү болуу.”[Ибни Эбиддунйа] "Ушул үч нерсеси бар адамдын ыйманы толук: Бардык адамдар менен жакшы мамиледе болгон жакшы ахлак, өзүн харам нерселерден алыс кармаган вара, жахилдигин жаап турган жумшактык.”[Несаи] "Дүнүйөдө жана акыретте кечирим сурап кала турган сөздөн жана кыймыл-аракеттен узак турууга аракеттен!
”[Хаким] "Сөз беремин, талашып-тартышпаган,
өзүнүкү туура болсо да тили менен эч бир адамды таарынтпаган,
тамаша же болбосо жанындагыларды күлдүрүү максатында жалган сүйлөбөгөн,
жакшы мүнөздүү мусулман Жаннатка кирет.”[Тирмизи] "Ушул алты нерсени аткарган адамдын Жаннатка кире тургандыгына кепил боломун: Сүйлөгөндө чын сүйлөгөн, берген сөзүн орундаткан,
аманатка көңүл бурган, намысын коргогон, көздөрүн харамдан сактаган, колдорун жамандыктан тарткан адам.”[И. Ахмед] "Аллаху таала айтты: «Силерге жиберген Ислам дининен ыраазымын, [бул динди кабыл кылып, бул диндин буйрук жана тыюуларына көңүл бөлгөндөрдөн ыраазы болуп, аларды сүйөмүн.]Бул диндин толук болуусу жоомарттык жана жакшы мүнөздүү болуу менен болот. Сиз дагы диниңиздин толук болгонун ар күн ушул эки нерсе менен белгилүү кылыңыз.”[Таберани] "Хак таала жумшак мүнөздүү адамга жардам кылат, катуу мүнөздүү жана ачуулу адамга жардам кылбайт.”[Таберани] "Жумшак болгон, ачууланбаган мусулмандын Тозокко кирүүсү харам.”[Тирмизи] "Жай, жумшак мамиле кылуу – бул Аллаху тааланын кулуна берген чоң ихсаны. Шашкалак болуу шайтандын жолу. Аллаху таала сүйгөн нерсе- бул жумшак жана оор басырыктуу болуу.”[Э. Йала] "Адам жумшактыгы,
таттуу тили менен күндүзүн орозо кармап, түнү намаз кылган адамдын даражасына жетет.”[И. Хиббан] "Ачууланар замат ачуусун жеңип, жумшак мамиле кылган адамды Аллаху таала сүйөт.”[Исфахани] "Жарык жүз менен салам берген адам садака берген адамдын сообун алат.”[И.Э. Дунйа] Бир адам Расулаллахтан (саллаллаху алейхи ве саллам) насихат сурайт,"Ачууланба”,
- дейт. Бир канча жолу сурайт,"Ачууланба”,
- деди. (Бухари) Суроо:Жакшы адам болуу үчүн эмне кылуу керек? ЖООП: Жакшы адам болуу үчүн жетилген, толук ыймандуу мусулман болуу керек.. Чындыгында мусулман адам – бул жакшы адам дегенди билдирет. Аллах үчүн момун адам өтө баалуу. Куран-ы кариде айтылат: "Момундар ушундай адамдар, Аллах аты эскерилгенде калбдары(жүрөктөрү)титирейт,
Аллахтын аяттары окулса ыймандары кубаттанып,
жалгыз Раббине таянып ишенишет, намазын дурустап окушат, өздөрүнө ырыскы кылып берген нерселерибизди(Аллах ыраазы болгон жерлерге)сарпташат.
”[Энфал 2-3] "Момундар сөзсүз кутулушат. Намаздарын хушу менен окуйт, бош жана пайдасыз нерселерден алыстаган, зекеттерин берет, уятын коргойт, аманат жана сөздөрүндө турушат.”[Муминун 1-8] "Алар Аллахтын ахдын орудатышат,
берген сөздөрүн бузбайт, Раббинин ыраазычылыгын сурашат жана жамандыкты жакшылык менен жабышат.”[Рад 20-22] "Чоң күнөөлөрдөн жана уятсыздыктан сактанышат,
ачууланганда кемчиликтерди кечиришет жана иштерди араларында истигаре кылышат.”[Шура 37,38] "Ишенип кайырлуу иш кылгандардын(момундардын)жамандыктарын,
ант болсун, жабабыз, аларды кылган нерселеринин эң жакшысы менен каршылыгын беребиз.”[Анкебут 7] "Аллах алардын (момундардын) жамандыктарын жаап, аларга кылган нерселеринин эң жакшыларынын каршылыгын берет.”[Зумер 35] "Албетте,
момундар бир тууган.”[Хужурат 10] Момундарга байланыштуу хадиси шарифтердин кээ бирлеримына булар: "Мусулман – бул колуна жана тилине башка мусулмандар ишенген адам.”[Бухари] "Момун акылдуу, парасаттуу адам. Ар ишинде Аллахтын ыраазычылыгына көңүл бөлөт. Шашылбайт, илимдүү, харамдардан качат.”[Дайлами] "Момун – атыр саткан адам сыяктуу. Жанында отурсаң ичиң ачылат. Аны менен бир жүрсөн жана орток иш кыла турган болсоң пайдасын көрөсүң. Анын ар иши пайдалуу.”[Таберани] "Момундар бири-бирине карата сүйүү жана мухаббаттабир дене сыяктуу. Дененин бир жери ооруса бардык дене тынчсызданып аны айыктыруу үчүн аракет кылгандыгы сыяктуу мусулмандар да бири-бирине жардамга жүгүрүшөт.”[Бухари] "Момун адам жакшы мамиледе болот, жакшы мамиле кылбаган жана жакшы мамиле кылынбаган адамда кайыр жок.”[Байхаки] "Момун адамдын жанына кирген адам сулуу бакчага киргендей эс алат”[Дайлами] "Момун адам лаанат кылбайт, жамандабайт,
уят сөз сүйлөбөйт жана уятсыз болбойт.”[Хаким] "Момун адам аарыга окшош; конгон бутакты сындырбайт,
ал жерге зыян келтирбейт.
Жыйнап калтырган эмгеги жа жакшы”[Байхаки] "Момун адам жумшак болот. Үйрөтүлгөн төө сыяктуу баш ийет, "ых” десең жер катуу болсо да чөгөт.”[Байхаки] "Момун адам орой болбойт. Жумшактыгынан улам акмак деп ойлошот.[Дайлами] "Момун адам тил табышат. Досуна ырахаттык тартуулайт.
Мунафык болсо тил табыша албайт, досуна кыйынчылык алып келет.”[Даре Кутни] "Элдин колундагы нерсеге көз артпоо момундун белгилеринен.
”[Даре Кутни] "Кошунасы жамандыгынан коопсуз боло албаган адам момун боло албайт.”[Бухари] "Айланадагыларың менен кошуналыгың жакшы болсун жана мусулман болуу үчүн өзүң жактырган нерсени башкалар үчүн дагы жактыр.”[Хараити] Кимге диндин буйруктарын аткаруу жеңил болгон болсо анын салих адам экендиги белгилүү болот. Хадис-и шарифте айтылды: "Акыретке тийиштүү болгон каалооңо жеңил жетип, дүнүйөгө тийиштүү болгон нерсеге жетүүң кыйындаса жакшы абалда экендигиңди бил. Мунун тескериси болсо жаман абалдасың.”[Байхаки] Мусулмандын сыпаттары кандай Аллахтан корккон мусулмандын кандай сыпаттары бар? ЖООП Аллахтан корккон адам Анын буйруктарын аткарууга жана тыюу салган нерселеринен алыс турууга дыкат мамиле кылат. Эч бир адамга жамандык кылбайт. Өзүнө жамандык кылгандарга сабыр кылат. Кылган каталарына тообо кылат. Сөзүнө ээ болот. Ар кылган жакшылыгын Аллах үчүн кылат. Эч кимдин малы-жанына көз артпайт. Эмгектенгенде,
соода-сатыкта эч кимдин акысын жебейт. Бардык адамдарга жакшылык кылат. Шектүү болгон нерселерден узак болот. Бийлик мансап ээлерине, заалымдарга кошоматтык кылбайт. Илим жана ахлак ээлерине урмат көрсөтөт. Досторун жакшы көрөт жана өзүн жа сүйдүрөт. Жаман адамдарга насыйкат берет. Аларды ээрчибейт. Кичүүлөргө мээримдүү болот. Конокторго,
мусапырларга даам таттырат. Эч кимди кайраштырбайт.
Жан кумарынын артынан жүгүрбөйт. Зыяндуу, жада калса, пайдасыз сөздөн узак турат. Эч кимге орой мамиле кылбайт. Жоомарт болот. Бийликти да, байлыкты да адамдарга жакшылык кылуу үчүн каалайт. Рия делген жаман мүнөздөн узак турат, эки жүздүү болбойт. Аллаху тааланын дайыма көрүп, билип турганын ойлонуп жамандык кылбайт. Анын буйруктарын бекем карманат. Тыюу салган нерселеринен качат. Аллахтан корккондор элине, өлкөсүнө пайдалуу болот. Аллаху таала Куран-и каримде момундарды мындайча белгилейт: "Рахим болгон аллаху тааланын кулдары жер бетинде кичи пейилдиги бар вакар (сүр) жана жөнөкөй болуп басышат. Жахилдер аларга асыла турган болсо аларга[амандык,
саламаттык силерге болсун деген сыяктуу]жакшы сөздөрдү айтып,[өтө чоң жумшактыкты көрсөтүшөт.
]Алар түнү саждага барышып, кыямда турушат[намаз окушат].Алар:
"Йа, Рабби, Жаханнам азабын бизден узактат. Жаханнам азабы бүтпөйт жана өтө азаптуу. Ал жер эч күмөнсүз жаман жер жана жаман жай”, - дешет. Бир нерсе бере турган болушса ысрап кылбайт, сараңдык да кылышпайт, экөөнүн ортосундагы жолду карманышат.
Эч кимдин акысые жебейт, Аллахка шерик кошпойт, Андан башкага жалбарышпайт.
Башкалардын тийүүсүң Аллах харам кылган жанды кыйып, акысыз бүрөөнү өлтүрүшпөйт,
зина кылышпайт. Булардын бирин кылгандын Кыяматта азабы кат-кат болот, ал жерде залил жана хакир бойдон түбөлүк калышат. Бирок, Аллах тообо кылган жана жана туура ыйман кылган жана ибадат, пайдалуу иш кылгандардын жамандыктарын жакшылыкка айлантат. Аллах кечирим жана мээрим ээси. Тообо кылып, салих амал кылган, Аллаху таалага[тообосу кабыл болуу менен Анын ыраазалыгына жеткен абалда]барышат.
Алар жалган жерге күбөлүк кылышпайт, пайдасыз жана зыяндуу иштерден сактанышат.
Өздөрүнө аяттар окулган кезде көр жана дүлөй болгондой мамиле кылышпайт,[дыкаттык менен угуп, бул аяттар менен өздөрүнө аткарылуусу буйрук кылынган нерселерди аткарышат.]”[Фуркан 63-73] Жакшы мүнөздүү болуунун жана муну коргоонун жолу Суроо:Жакшы мүнөздүү болуу жана муну коргой алуу үчүн эмне кылуу керек? ЖООП Жакшы мүнөздүү болуу жана ахлагын сактоо үчүн салих адамдар менен, жакшы мүнөздүү адамдар менен достук куруу керек. Адамдын ахлагы досунун мүнөзү сыяктуу болот. Хадис-и шарифте:"
Адамдын дини досунун дини сыяктуу болот”,- деп билдирилди.
Ахлакты бузган, кумарды азгырган китептерди окубоо жана мындай радио, телевизордон сактануу керек. Жакшы мүнөздөрдүн пайдалары жана харамдардын зыяндары, Жаханнамдагы азаптары дайыма эсте болуу керек. Байлык, бийлик аркасында жүгүргөндөрдүн эч бири муратына жеткен эмес. Байлык бийликти кайыр иш кылуу үчүн издеген жана кайырлуу жерлерге жумшаган адам ырахатка жана тынчтыкка жеткен. Аллаху тааладан коркуу бул дайранын кемеси болуп саналат. Хадис-и шарифте:"
Дүнүйөдө калуучу эмес жолоочу сыяктуу жаша! Өлө турганыңды эч унутпа”,-деп айтылды. Пайдасыз нерселерден,
оюндардан, зыяндуу тамашалашуудан жана тартышуудан сактануу керек. Илим үйрөнүп, пайдалуу иштерди аткаруу керек. Убакыттын кадырын билип күнү-түнү илим үйрөнүү керек! Илимди ибадат кылуу үчүн үйрөнөт. Кыяматта аткарган ибадат жана иштер тууралуу сурак болот, көп илим үйрөндүңбү деп суралбайт. Иш жана ибадат болсо ихласка ээ болуу үчүн кылынат.(Ислам Ахлагы) Катуу табияттуулук Суроо:Адилетсиздикти көргөндө чыдабай кетем. Табият-мүнөзүм абдан катуу. Мындай болуу динде кемчилик эмеспи? ЖООП: Катуу табияттуу болуу кемчилик эмес. Бирок, динге кайчы боло тургандай катуу мамиле кылуу кемчилик болуп саналат. Хазрети Умардын катуу табияты макталган, кубатталган.
Хадис-и шарифте айтылды: "Эки периште бар: бири катуу, бири жумшак табияттуу. Булар - Жабраил менен Микаил. Пайгамбарлардын бири жумшак, бири катуу табияттуу болот. Булар - Ибрахим менен Муса. Менин дагы эки досумдун бири жумшак, экинчиси катуу табияттуу. Булар - Абу Бакр менен Умар.”[Таберани] Капырларга карата да жакшы мүнөздүү болуу керек. Суроо:Исламияттын көркөм ахлагын көрсөтүү үчүн капырларга карата да жакшы мүнөздүү болуу жана алардын көңүлүн оорутпоо керек эмеспи? ЖООП Мусулмандар капырларга карата да жакшы мүнөздүү болуулары, аларды таарынтпоолору керек. Ушундайча Ислам дининин жакшы мүнөздүү болууну, бир тууганча жашоону, эмгектенүүнү буйрук кылгандыгын аларга да көрсөткөн болот. Ушундайча жакшылыкты сүйгөн адамдар кубануу менен мусулман болушат. Жихад кылуу фарз. Жихадды мамлекет курал-жарак менен, суук согуш, пропаганда,
басылма аркылуу кылат. Ал эми ар мусулман болсо жакшы мүнөзү менен, жакшылык кылуу менен жихад кылат.Себеби,
жихад – бул адамдарды мусулмандыкка чакыруу болуп саналат. Көрүнүп тургандай капырларга карата да жакшы мамиледе болуу, алардын көңүлүн оорутпоо жихад кылуу болуп саналат. Жихад болсо ар бир мусулманга күчүнүн жетишинче фарз болуп саналат. Аллахтын ахлагы менен ахлактануу Суроо:Жакшы мусулман болуу үчүн Аллахтын ахлагы менен ахлактануу керек экен? Бул кандайча болот? ЖООП Имам Раббани хазреттери айтат: "Бир адам бир зат менен сүйлөшкөндө эгер көңүлүндө дүнүйөгө деген сүйүү азайып, Аллаху таалага жакындай турган болсо анын керемет ээси, олуя зат экендиги белгилүү болот. Эгер мындай болбой турган болсо ал заттын истидраж көрсөткөн жалганчы адам экендиги белгилүү болот. "Олуя болуу үчүн Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактануу керек”, - деп айтылган. Б.а., Аллаху тааланын сыфаттарына ылайык сыфаттар олуяда да пайда болот. Бирок, бул окшоштук аталышта гана болот. Сыфаттарынын өзгөчөлүгүндө биргелик болбойт. "Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактангыла”деген буйрукту түшүндүрүп жатып, Хаже М. Париса хазреттериТахкикаткитебинде жазат: "Аллаху тааланын бир сыфаты -Басир. Б.а., Аллаху таала бардык нерсени көрөт. Бир адамдын калб көзү ачылып, фирасат нуру менен өз кемчиликтерин жана башкалардын мүнөздөрүн көрсө, б.а., башкаларды өзүнөн жогору көрсө жана Аллаху тааланын дайыма көрүп тургандыгын көз алдына элестетип дайыма Ал жактырган нерселерди аткарса бул сыфат менен ахлактанган болот. Аллаху тааланын бир сыфатыМумит.
Б.а., өлтүрүүчү дегенди билдирет. Бир адам сүннөттөрдүн ордуна туруп калган бидаттарды жок кылса бул сыфат менен сыфаттанган болот. Бардык сыпаттар булар сыяктуу."
"Жахилдер бул ахлактанууну башкача түшүнүшкөн жана жолдон адашышкан. Олуянын өлүлөрдү тирилте тургандыгын,
жоголгон нерселерди биле тургандыгын ойлошуп, күнөөгө киришкен.”[Муж.
Мект.107] Аллаху тааланын сыфаттарынын бириСаттар.
Б.а., күнөөлөрдү жабуучу. Мусулман адам да дин бир тууганынын кемчиликтерин жаап, жашыруусу керек. Аллаху таалаКарим,
Рахим.Б.а., ихсаны, мээрими көп. Мусулман адам дагы жоомарт жана мээримдүү болуусу керек! Аллаху таалаЖаффар,
б.а., кулдарынын күнөөлөрүн кечирүүчү. Мусулмандар да бири-биринин кемчиликтерин кечирүүлөрү керек! Кечирим – бул акысы болгон бир нерсени албай ээсине багыштоо болуп саналат. Аллаху таала кечирүүчү жана кечиримдүү болгондорду жакшы көрөт. Куран-и каримде:"
Кечир, жакшылыкка үндө жана жахилдерден жүзүңдү бур”, - деп буюрууда. (Араф 199) Хадис-и шарифтерде да айтылды: "Кечиргиле,
Аллаху таала да силерди кечирсин жана намысыңарды көтөрсүн!
”[Исфахани] "Аллах үчүн кечиргенди Аллаху таала бийиктетет,
азиз кылат.”[Барика] "Өзүнөн алыстагандарга жакындоо, зулумдук кылгандарды кечирүү, өзүн кыйын абалга калтыргандарга ихсан кылуу көркөм мүнөз болуп саналат.”[И.
Эбиддунйа] "Сага зулумдук кылганды кечир, сага келбегенге бар, сага жамандык кылганга сен жакшылык кыл, сага зыяны болсо да сөзсүз чындыкты сүйлө.”[Рузейн] "Муса алейхиссалам:
"Йа, Рабби, Сенин алдыңда эң азиз болгон ким?” –деп сурады. Аллаху таала:"Өчүн алууга күчү жетип турса да кечирген адам”, -деп буюрду.”[Хараити] "Аллаху таала мээримдүү болбогон адамга мээримдүүлүк кылбайт, кечирбеген адамды кечирбейт.”[И.
Ахмед] "Кечиримге ээ болуу үчүн кечиргиле!
”[И. Ахмед] Локман алейхиссаламдан уулу мындай деп сурайт: -Эң жакшы мүнөз кайсынысы? - Диндар болуу. - Жарайт ата, а эгер бул эки болсочу? - диндарлык жана малдуу (оокаттуу) болуу. - Үч болсочу? - Диндарлык, мал жана уяттуулук. - Төрт болсочу? - Диндарлык, оокат, мал жана жакшы мүнөз. - Беш болсочу? - Диндарлык, оокат, мал, жакшы мүнөз жана жоомарттык.
- Алты болсочу? - Уулум, мына ушул беш сапат кимде бар болсо ал адам Аллаху тааланын сүйүктүүсү,
такваа ээси болот. Шайтандан узак турат. Куран-и каримде болсо мыйдай деп буюрулат: "Аллахтын алдында эң кадырлууңар такваалуу болгонуңар.
”[Худурат 13] Бир адам асыл тукум үй-бүлөдөн болбосо да жакшы мүнөздүү болсо ал адамга жакшы мүнөзү жакшы асылдык болуп саналат. Хадис-и шарифте айтылды: "Жакшы мүнөз сыяктуу асылдык, бир нерсенин алдын алуу сыяктуу акылдуулук жок.”[Ибни Маже] Жакшы мүнөздүү болгондор адамдардын мактоосуна татыйт. Хадис-и шарифте айтылды: "Мал-оокатыңар менен баарын ыраазы кыла албайсыңар.
Жарык жүз жaна жакшы мүнөз менен ыраазы кылууга аракет кылгыла!”[Хаким] Жакшы ахлактуу болуу үчүн эмне кылуу керек? ЖООП Жакшы мүнөзгө ээ болуу үчүн жакшы жана жаман мүнөздөр кайсылар экендигин үйрөнүү керек. Айрыкча адам өзүнүн жаман мүнөздөрүн талдоосу керек. Муну өзү кылат. Же болбосо бир аалымдын, жол көрсөтүүчүнүн билдирүүсү менен түшүнөт. Адам өз кемчиликтерин түшүнүүсү кыйын. Ишенген досунан сурап кемчилигин биле алат. Садык дос аны коркунучтардан,
кыйынчылыктардан коргогон адам болуп саналат. Душмандардын өзүнө каршы колдонгон сөздөрү да адамга кемчиликтерин билүүгө жардам берет. Себеби, душман адамдын кемчиликтерин издеп бетине айтат. Дос болсо адамдын кемчиликтерин көрбөйт. Бир адам Ибрахим Эдхем хазреттерине кемчилигин,
айыптарын айт деп жалбарганда:
"Сени дос кылдым. Ар бир абалын мага жакшы болуп көрүнөт. Кемчилигиңди билгиң келсе башка биринен сура”, - деп айтты. Башка адамдын кемчилигин көргөндө мунун өзүндө барбы жокпу издештирип,
эгер өзүнөн таба турган болсо мындан кутулууга аракет кылуусу керек."Момун момундун күзгүсү”деген хадис-и шарифтин мааниси ушундай. Башка адамдардын кемчиликтеринде өз кемчиликтерин көрөт. Иса алейхиссаламдан:
-бул көркөм ахлакты кимден үйрөндүң, - деп сурашканда:
-Бирөөнөн үйрөндүм. Адамдарды назар салдым. Алардагы жагымсыз нерселерден сактандым. Жагымдуу нерселерди көргөндө мен да кылдым, - деп буюрду. Хазрет-и Локмандан: "Адепти кимден үйрөндүң?” – деп сурашканда:
"Адепсиз адамдан”, - деп жооп берди. Селеф-и салихиндин,
Асхаб-ы кирамдын, олуялардын өмүр таржымалдарын окуу дагы жакшы мүнөзгө ээ болууга себеп болот. Өзүндө жаман мүнөз болгон адам буга чалдыгып калгандыгынын себебин издөөсү керек, бул себепти жок кылууга, мунун тескерисин кылууга аракет кылуусу керек. Жаман мүнөздөн кутулуу жана мунун тескерисин кылуу менен көп алектенүү керек. Себеби, адам өзүнүн көнүмүш адаттарынан кутулуусу өтө кыйын. Жаман нерселер напсиге таттуу сезилет. Балдарды унутта калтырбайлы Азыркы тапта бардык христиан мамлекеттерде бир бала туулар замат ага бузук диндериндеги салт-санааны жасашууда. Ар кандай жаштагы адамдарга яхудиликти жана христиандыкты өтө дыкат орнотушууда.
Мусулмандардын ыймандарын,
диндерин уурдоо жана жок кылып, аларды да христиан кылуу үчүн Ислам мамлекеттерине көптөгөн китеп, брошюра жана видео фильмдерди жиберишүүдө.
Ошондуктан,
мусулмандар дин жахилдеринин куулугуна, жалгандарына алданып калбай, бизге аманат болгон бала-чакабызга ээ болуубуз керек. Аларга ээ болуу бул динибиздин буйруктарына ылайык чоңойтуу болуп саналат. Хадис-и шарифте айтылды: "Акылыңарды жакшырткыла!
”Жырткыч деген жаныбарлар дагы тарбиялоо менен колго үйрөтүлүүдө.
Эч убакта алманын данегинен апелсин чыкпайт. Бирок, алма дарагын чоңойтуп, керектүү минерал жана усулдар менен сапаттуу алма берген бак кылып өстүрүүгө болот. Бул сыяктуу эле адамдын табиятында болгон кээ бир арзуулар жок кылына албайт, бирок, тарбия кылууга болот. Ар бир нерсени каршылашы эмне болсо ошол сындырат. Жаман мүнөздөрдү жакшы мүнөздөр жок кылат. Ушул жагынан алып караганда адам өзүн дагы кыйнап болсо да жакшы иштерди аткарууга үйрөтүүсү керек. Бала иши жана ахлагы жакшы болгон адамдар менен достоштурула турган болсо жакшы мүнөздөр өзүнөн өзү анын табияты болуп калмакчы. Ушул негиздер аркылуу бала тарбиялана турган болсо дүнүйө жана акырет бактысына ээ болот. Кыямат күнү эне-ата баласына үйрөтүүсү керек болгон илимдерден жоопкер болот, эгер милдетин аткарбаган болсо же кемчилик кылган болсо жазага тартылат. Балдарын Ислам тарбиясы менен чоңойтпогон адамдар дүнүйө жана акырет балээлерине дуушар болушат. Баласын Ислам ахлагы менен тарбиялап өстүргөндөр кандай гана бактылуу. Жакшы ахлактуу болуу Жакшы ахлактуу болуу үчүн тизме кылып бир несе принциптерди атоо мүмкүнбү? ЖООП Жакшы жана жаман мүнөздөрдү билүү жана жакшысын аткаруу керек. Ислам ахлагын окуп ошол жердеги маалыматтарга ылайык амал кылган адам жакшы ахлактуу болот. Мына бул эки принципти да негиз катары карманган адам да жакшы мүнөздүү болот: Душмандарыбыз,
каршылаштарыбыз,
бизди көрө албагандар дайыма кемчиликтерибизди издешет. Алардан кемчиликтерибизди үйрөнүп жакшы ахлакка ээ боло алабыз. Бир адам кемчиликтерин оңдоо үчүн Ибрахим Эдхем хазреттеринен айып-кемчиликтери болсо аларды айтууну өтүнгөндө: "Сени дос кылдым. Ар бир абалың мага жакшы көрүнүүдө. Кемчиликтериңди башкалардан сура”, - деди. Башка адамда кемчилик көргөндө муну өзүндө издөө, өзүндө да таба турган болсо мындан кутулууга аракет кылуу керек."Момун момундун күзгүсү”деген хадис-и шарифтин мааниси ушундай. Башка адамдардын кемчиликтеринде өз кемчиликтерин көрөт. Иса алейхиссаламдан:

"Адепсиз адамдан”, - деп жооп берди. Б.а., бир адамдын баскан-турганы бизге жакпаса, адепсиздик катары эсептеген болсок анда аны биз да кылбашыбыз керек. Бир адам биздин кандайдыр бир кемчилигибизди айтса ага кубанбасак анда башка адамдардын да кемчиликтери тууралуу кеп кылбашыбыз керек. Бир адамдын бизди сындоосу жакпаган болсо анда биз дагы башкаларды сындабашыбыз керек. Эгер адам бул принциптерди аткара турган болсо жакшы ахлактуу болмокчу. Ошондуктан,
бир сөз айтуудан мурда өзүбүздү каршыбыздагы адамдын ордуна коюп көрүүбүз керек. Ушул айтыла турчу сөзгө биз кандай мамиле кылмакпыз, мына ошону ойлонуу керек. Мында кээ бир бөтөнчө жагдай да болуусу мүмкүн, бирок, булар жалпы эрежелерди буза албайт.

#4 21 August 2015 - 23:37

#5 21 August 2015 - 23:55

#6 22 August 2015 - 12:40
Сабыр Суроо:Сабырдын мааниси кандай? Эмнеге сабыр кылуу сооптуураак?
ЖООП Сабыр үч түрдүү болот. Алардын эң маанилүүсү күнөө кылбоого сабыр кылуу. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: "Сабыр үч түрдүү болот: 1. Кайгы дартка сабыр. 2. Динин үйрөнүүдө жана ибадат кылууда сабыр. 3. Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу. Кайгы дартка сабыр кылган адамга 300, ибадат кылууга сабырга 600, күнөө кылбоого сабыр кылууга 900 даража жакшылык берилет.”[Эбушшейх] Курани каримде сабыр кылуунун мааниси көптөгөн аяттарда айтылган. Үч аятта мына булар айтылат: "Сабыр кылгандарга эсепсиз жакшылыктар берилет.”[Зумер 10] "Эй, ыйман кылгандар, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Аллаху таала, албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот.”[Бакара 153] "Эй, Расулум, капырлардын кыйынчылыктарына улулазм пайгамбарлар сыяктуу сабыр кыл.”[Ахкаф 35] Сабыр тууралуу хадиси шарифтер: "Хак таала сүйгөн кулуна кайгы дарт берсе, ал адам да ага сабыр кыла турган болсо андан ыраазы болот.”[Дайлами] "Жаман кошунанын кыйынчылыктарына өлгөнгө чейин сабыр кылган адамды Аллаху таала сүйөт.”[Хаким] "Аллаху таала айтты: "Кимдин денесине, бала-чакасына,
мал-мүлкүнө балээ келсе, ал адам да эң жакшы сабыр кыла турган болсо Кыяматта ал адамдан эсеп суроодон тартынам.”[Хаким] "Хак таала өзүн өзү сабыр кылууга кыйнаган адамды бул иште ийгиликке жеткирет.”[Бухари] "Сүйбөгөндөрүңөргө сабыр кылмайынча сүйгөндөрүңөргө жете албайсыңар.
”[Маверди] "Кыйынчылыкка сабыр кылып, башка түшкөн дартты башкалардан жашыра билүү жана эч кимге даттанбоо – бул адамдын Аллаху тааланы жакшы тааныгандыгынан.
”[И.Газали] "Эң жогору ибадат – кыйынчылыктарга сабыр кылуу”[Тирмизи] "Жашоо кыйынчылыгына сабыр кылган адамды Аллаху таала Фирдаус Бейишине киргизет.”[Эбушшейх] "Эки көзүнөн айрылган адам ага сабыр кыла турган болсо Бейишке кирет.”[Хатиб] "Момундун куралы – сабыр жана дуа.”[Дайлами] "Аллаху таала айтты: "Менин өкүмүмө ыраазы болбогон жана Мен берген кыйынчылыкка сабыр кылбаган адам Менден башка Рабби издесин.”[Таберани] Сабыр - казына Сабыр кылуу кутулууга жана ийгиликке себеп боло турган жакшы мүнөз. Сабыр пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүнөн болгон. Ошондуктан,
аталарыбыз:
"Сабыр ачуу болсо да жемиши таттуу.”, "Сабыр – саламат”, "Сабырдын түбү сары алтын”, - ж.б., даанышман акылдарын айтышкан. Сабырсыз бир фарзды аткаруу же бир күнөөдөн качууга болбойт. Себеби: "Ыйман деген эмне?” -деп сурашканда,
Пайгамбарыбыз:
"Сабыр”, - деп жооп берген. [Дайлами] Сабырдын улуктугу жана фазилатынан улам Курани каримде жетимиштен ашык жерде сабыр жана сабыр кылгандарга бериле турчу сооптор билдирилген.
Аяттарда айтылат: "Сабыр кылгандардын сыйлыгын, кылып жаткандарынын дагы да жакшысын беребиз”.[Нахл 96] "Аллах сабыр кылгандарды жакшы көрөт.”[Ал-и Имран 146] "Эййубдун[малына жана жанына келген кыйынчылыктарга карата]сабыр кылгандыгын көрдүк. Ал кандай жакшы кул эле, дайым Аллахка умтулуп, ага сыйынчу эле.”[Сад 44] "Эй, ыйман келтиргендер,
сабыр кылгыла, сабыр кылууда бири-бириңер менен жарышкыла!
” [Ал-и Имран 200] Сабырдын фазилаты өтө бийик болгондуктан Аллаху таала сабырды өтө баалуу кылды. Ар ким сабыр ниматына жете албайт. Хадис-и шарифте буюрулду:"
Сабыр - Жаннат казыналарынан бир казына”.[Имам Газали] "Эгер сабыр адам болгондо өтө керим жана жоомарт болмок.”[Таберани] "Жактырылбаган нерсеге сабыр кылууда өтө чоң жакшылык бар.”[Тирмизи] "Ибадаттын башы - сабыр”.[Хаким] "Сабырдын ыймандагы орду баштын денедеги орду сыяктуу”.[Дайлами] "Хак таала сабырдуу жана ихластуу болгон адамды суракка тартпастан Жаннатка киргизет.”[Таберани] "Эң жакшы курал - сабыр”.[Хаким-
и Тирмизи] "Аллаху тааланын сабыр кулдун сабыры менен бирге болот.”[Эбу Нуайм] "Бузук бир ишти оңдой албасаңар сабыр кылгыла! Аллаху таала аны оңдойт.”[Байхаки] "Орозо сабырдын, сабыр болсо ыймандын жартысы.”[Эбу Нуайм] "Ашыктыгын жашырып, намысын коргоп сабыр кылган адам Бейишке кирет.”[Ибни Асакир] "Ыймандын жартысы сабыр, калган жартысы болсо шүгүр.”[Байхаки]
#7 22 August 2015 - 12:45
Кимде ушул үч нерсе бар болсо Суроо:Башыбызга келген кыйынчылыктарга жана балээлерге сабыр кылуу керекпи, күнөөлөрүбүзгө каффарат болобу? ЖООП Шакик-и Балхи хазреттери:
"Кыйынчылыкка сабыр кылууга бериле турчу сыйлыкты билген адам кыйынчылыктан кутулууну каалабайт"
, - деп буюрган. Кыйынчылыктарга жооп катары бериле турчу ниматтарды эстеп кыйынчылыкты жеңилдетүүгө болот. Чындыгында,
Аллаху тааланы сүйгөндөр көптөгөн азаптарга чыдашкан, жада калса, ал азаптарды сезишкен да эмес, Сыррыйи Секати хазретлери айтат: "Аллаху тааланы сүйгөн адамдар Андан келген кыйынчылыктардын азабын сезишпейт. Бир эмес жетимиш кылыч урулса да анын азабын сезишпейт."
Анысы кандай, Мысырдын эли Хазрети Юсуфтун сулуу жүзүн көрүп өздөрүн унутуп коюшкан. Өзгөчө Мысырдын алдыңкы аялдары сулуулугун көрүшкөндө колдорун кантип кесип алышкандыгын да сезишкен эмес.[Юсуф сүрөсү 31] Балээ жана кыйынчылыктар күнөөлөргө каффарат болот. Куран-и каримде буюрулду: "Силерге келген кыйынчылык өз колуңар менен жасап тапкан күнөөлөрүңөрдүн айынан келет. Муну менен бирге Аллах көбүн кечирет, кыйынчылыкка учуратпайт.
"[Шура 30] Демек, кылган күнөөлөрүбүздүн бир бөлүгүнө жаза катары кыйынчылык келүүдө. Ушундайча акыретке калбастан, күнөөлөрүбүздүн жазасын дүнүйөдө өтө жеңил тартуудабыз.
Имам Раббани хазретлери мындай деп буюрган: "Адамдын алдына чыккан ар бир нерсе Аллаху тааланын тилеги менен болот. Ошондуктан,
өз эркибизди Анын эркине ылайыкташыбыз керек. Биз кездештирген ар нерсени биз издеген нерсе ушул эле деп кабылдообуз керек жана буга кубануубуз керек. Кулдук деген ушундай болот." Келген балээлерге,
кыйынчылыктарга сабыр кылуу өтө чоң нимат. Сабыр кылбаган адам азапка дуушар болот. Бир оору, бир жамандык келгенде ызы-чуу салуу пайда алып келбейт. Тескерисинче,
зыяндуу болот. Мунун бир гана чарасы Аллаху таала берген тагдырга ыраазы болуу. Сабырсыз адам ийгиликке жете албайт. Кимде ким башына түшкөн кыйынчылыктарга сабыр кылбай турган болсо дайыма тынчсызданып,
ырастап ибадат кыла албайт. Ким Аллахтан коркуп, сабыр кыла турган болсо кыйынчылыктардан кутулат. Сабыр кылган адам муратына жетет. Ар бир жакшылыкка сабыр менен жетүүгө болот. Хадис-и шарифте айтылды: "Кимде ушул үч нерсе болгон болсо дүнүйө жана акыреттин жакшылыгына жеткен болот: казага ыраазылык, балээге сабыр, ырахаттыкта дуба."[Дайлами] Демек, балээлердин жакшылыкка айлануусу ал балээге сабыр кылууга байланыштуу.
Башка балээ келгенде ызы-чуу салып, алдына чыккан адамга Раббисин даттанган адам жакшылыктан куру калат, азапка ылайык болот. Балээге сабыр кылуу пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүнөн болуп саналат. Хадис-и шарифте айтылды: "Аллахтын сүйгөндөрү балээге дуушар болушат. Сабыр кылган сыйлыкка ээ болот, сыздаган болсо жазага."[И.
Ахмед] "Дартын ашкерелеген адам сабыр кылган болбойт."
[И.Маверди] "Башына келген балээни жашырган адамдын күнөөлөрү кечирилет."
[Таберани] "Кыйын жагдайда турганда "Хасбийаллаху ла илахе иллаху, алейхи тевеккелту ве хуве Раббул- аршил-азим"
- деп айткан адамдын кыйынчылыктарын Аллаху таала кетирет."
[Шира] Достуктун белгиси достун [Аллахтын] балээсине сабыр кылууда. Сабыр кылынып, балээнин жакшылык экендиги билингенден кийин балээлер дагы да жакшы болот экен деген ойдо болбоо керек. Эч качан балээни тилөөгө болбойт.
#8 23 August 2015 - 16:49
Эмгектенүү ибадат Суроо:Эмгектенүү ибадатпы? ЖООП Момундун эмгек кылуусу ибадат болуп саналат. Бирок, ыймансыз болсо ал адамдын эмгектенүүсү ибадат болбойт. Мен намаз окубайм, бирок, эмгектенип жатам, бул дагы ибадат деп айтуу жаңылыш. Намаз окубаган адамдын дагы эмгектенүүсү ибадат болбойт. Эч кимге муктаж болбоо үчүн эмгектенүү өтө жакшы. Пайгамбарыбыз Хазрети Муаз менен мусафаха кылган (кол алышкан) кезде буюрду: -Йа, Муаз, колдоруң жооруп калыптыр. -Ооба, йа Расулаллах,
жер казыр иштейм, ушинтип бала-чакамдын нафакасын таап жатам. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” Хазрети Муазды өөп: -Бул колду Тозоктун оту күйгүзбөйт– деп буюрду. (Тибйан) Дагы бир күнү бир жаш жигит таң эрте жумушуна бара жаткан эле. Асхаб-ы кирамдан кээ бирлери муну ылайык көрүшпөдү. Ошол жерде болгон Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”:"
Андай дебегиле!
Эгер эч кимге муктаж болбоо, эне-атасын жана үй-бүлөсүн муктаж кылбоо үчүн ишине бара жаткан болсо ар бир кадамы ибадат. Эгер таба турчу акчасы менен мактануу, жыргаш-ойноо ниетинде болсо шайтан менен бирге.”[Таберани] Көрүнүп тургандай эле бир мусулман адамдын жакшы ниет менен эмгектенүүсү ибадат. Бирок, капырдын жана ар кандай харам иш кылган адамдын эмгек кылуусу ибадат болбойт.Намаздын кереги эмне, эмгектенүү дагы ибадатдеп айтуу өтө жаңылыштык.
Мындай деп айткан адам капыр болот. Намаз окуган,харамдардан сактанган адамдын жакшы ниет менен эмгектенүүсү ибадат.(К. Саадат) Ар кимдин ырыскысы бөлүнгөн Адам ырыскысын издегендей эле ырыскы да өз ээсин издейт. Байлардан дагы жакшы, бактылуу жашаган көптөгөн кедейлер бар. Аллаху таала Өзүнөн корккондорго,
динин кармангандарга алар күтпөгөн жерлерден ырыскы жиберет. Аллаху таала адамдарды жаратып жатканда өмүрлөрү сыяктуу ырыскыларын да такдир кылган (белгилеген).
Бул тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери мына мындай: "Аллаху таала момун адамдын ырыскысын күтпөгөн жерден берет”.[И.Хиббан] "Аллахтан корккула, каалаган нерселериңерге жетүү үчүн жакшы себептерге жармашкыла.
Жаман себептерге жолобогула!
Эч бир адам белгиленген ырыскысына жетмейинче өлбөйт.”[Хаким] "Ажалыңар силерди кандайча ээрчип жүрсө ырыскыңар да ошондой ээрчип жүрөт. Ырыскы үчүн кыйынчылык тартсаңар Аллаху тааланын буйругуна ылайык кыймылдагыла.
”[Таберани] "Аллахтан коркууну каражат кылган адам ырыскысына соодасыз жана каражатсыз жетет.”[Таберани] "Аллаху таалага толук тобокел кылганыңарда таң эрте ач кетип, кеч ток кайткан куштар сыяктуу ырыскыга жетмексиңер.
”[Тирмизи] Ырыскысына жетүүнү каалаган адам себептерге жармашуусу керек! Акча табуу малды көбөйтөт. Бирок, ырыскыны көбөйтпөйт.
Ырыскы белгиленген.
Б.а., эзелде бөлүнүп коюлган. Ырыскы айлыкка, малга, эмгектенүүгө байланган эмес. Бирок, Аллах буйрук кылгандыгы үчүн эмгектенүү керек. Себеби, Аллаху тааланын иштери себептердин алдында пайда болот. Аллаху тааланын адаты мына ушундай. Бирок, кээде себепке жармашканда да иш пайда болбошу мүмкүн. Же болбосо себепсиз дагы пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери мындай: "Ырыскысынын мол болуусун каалаган адам туугандарын зыярат кылсын!”[Бухари] "Ырыскы үчүн кайгырба, такдир кылынган[эзелде бөлүнгөн]ырыскы сени табат. ”[Исфахани] "Зикирдин кайырлуусу хафи[жашыруун]болгону,
ырыскынын кайырлуусу жеткиликтүү болгону.”[Байхаки] "Аллаху таала сүйгөн кулуна ырыскысын кафи[жете тургандай]берет.
”[Эбушшейх] "Халал табуу үчүн кыйынчылык тарткан адамга Бейиш важиб болот.”[И.Газали] "Ырыскыга жеткен адам көп хамд кылсын!”[Хатиб] Ырыскылардын таралуусу багымдат намазынан кийин болот. Руханий ырыскылардын таралуусу болсо асыр намазынан кийин. Бул эки убакта уктабоого көңүл бөлүү керек! (Эл-Энвар) Хамд кылуу – бул Аллаху таалага шүгүр кылуу. Ар жакшылыктын Аллаху тааладан келгендигине ишенүү керек. Аллаху таала Хазрети Мусага: "Өзүнө берген ниматымды менден деп билип, өзүнөн деп билбеген адам ниматтардын шүгүрүн өтөгөн болот. Ырыскысын өзүнүн эмгектенүүсүнөн билип, менден деп билбеген адам ниматтын шүгүрүн өтөбөгөн болот.”[И.Газали] Көп табуу үчүн көп эмгектенүү Суроо:Көп акча табуу үчүн көп эмгектенүү динге карама-каршы эмеспи? ЖООП Өзүнүн жана бала-бакырасын таба турганчалык жана карыздарын төлөй ала турганчалык эмгектенип акча табуу фарз. Хадиси шарифте буюрулду: "Эмгектенип акча табуу фарз.”[Таберани] Бала-бакырасынын бир жылдык нафакасын топтой турганчалык эмгектенүү мубах. Мусулмандарга жардам кылуу үчүн, жихад кылуу үчүн көп эмгектенип акча табуу мустахаб, өтө жакшы. Хадиси шарифте буюрулду: "Адамдардын эң жакшысы адамдарга пайдалуу болгону.”[Кудаи] Көрсөтүү үчүн, мактануу үчүн акча табуу тахриман макрух. Эмгектенүү ырыскыны көбөйтпөйт.
Эмгектенүү эзелде белгиленген ырыскыга жетүүгө себепчи болот. Ырыскына берген Аллаху таала. Эмгектенүү – бул себепке жармашуу. Себептерге жармашуу сүннөт.(Эл-Ихтияр) Акырет сообу үчүн, (көп акча табуу үчүн көп эмгек кылуу керек) деген сөз албетте жагымдуу. Курани каримде мал-мүлккө хайыр деген ат берилген жана мал-мүлк макталган. Хадиси шарифте дагы буюрулду: "Бир мезгил келет, адам динин жана дүнүйөсүн бир гана акча менен кармап тура алат.”[Таберани] Динибиз акчаны эмес акчага болгон сүйүүнү жамандаган.
Ибрахим алейхиссалам Пайгамбар болуп, буттарга сыйынуудан алыс болсо дагы:"Йа, Рабби, мени жана балдарымды бутка сыйынуудан сакта!”– деп дуба кылган. Бут деп айтылган нерсе бул акчага болгон сүйүү болуп саналат. Демек, акчаны жакшы көрүү бутка сыйынууга окшотулган.
Хадиси шарифтерде айтылды: "Акчага сыйынган куруйт.”[Тирмизи] "Алтын жана күмүштүн[акчанын]кулуна лаанат болсун!”[Тирмизи] "Акчага көңүл берүү силерден мурдакыларды куруткандыгы сыяктууу силерди дагы курутушу мүмкүн.”[Таберани] "Бир мезгил келет, кайгысы ашказан, намысы мал-мүлк, кыбыласы аял, дини акча болгон адамдар чыгат. Булар калктын жамандары.”[Сулеми] Хадиси кудсиде дагы айтылды: "Хак таала буюрду
Эй, дүнүйө, мага кызмат кылган адамга кызматчы бол! Сага кызмат кылган адам болсо сенин кызматчың болсун.)”[Абу Нуайм] Дүнүйө жаманбы? Суроо:Динибизде дүнүйө деген эмне? ЖООП Дүнүйө – бул харам жана макрухтар. Дүнүйө, мал-мүлк, байлык, дүнүйөлүк, ырыскы сыяктуу маанилерди дагы билдирет. Имам Раббани хазреттери буюрду: Дүнүйө сени Аллаху тааладан алыстаткан нерселер болуп саналат. Аял, бала, мал, чин, бийликке болгон арман Аллаху тааланы унуттура турганчалык ашыкча болсо дүнүйө болот. Чалгы аспаптар, оюндар, пайдасыз бош нерселер менен убакыт өткөрүү (кумар, жаман достор, жаман фильмдер, бош аңгеме романдар) мунун бардыгы дүнүйө болуп саналат. Дин менен дүнүйөнү бирге табуу мүмкүн эмес. Акыретти тапкысы келген адам дүнүйөдөн баш тартуусу керек. Бул заманда дүнүйөнү толугу менен таштап салуу жеңил эмес. Жок дегенде өкүм менен таштоо, б.а., таштаган болуп эсептелүү керек. Бул дагы ар иште Исламиятка баш ийүү болуп саналат. Тамак-ашта, кийим-кечеде жана үй салууда Исламият кандай билдирген болсо ошондой кыймылдоо керек. Дүнүйө акыретти таба турган жер. Табышкерлик кылып жаткан жерди жамандоого болбойт. Харам болгон табыштар жамандалат.
Дүнүйөнү жамандаган хадиси шарифтерге дагы ушундай көз караш менен кароо керек. Хадиси шарифтерде буюрулат: "Дүнүйөгө болгон сүйүү бардык каталардын башы болуп саналат.”[Хаким] "Дүнүйө малун. Бир гана Аллах үчүн болгондор мындай эмес.”[Ибни Маже] "Дүнүйөнүн аркасынан жүгүргөн адам ач көз болот, дайыма жоктук ичинде айланып-тегеренип,
иштери кыйындайт, насибинен көп нерсеге жете албайт. Акырет үчүн эмгектенген адамдын иштери жеңилдейт, көңүлү байыйт, баш тарткан дүнүйөлүк нерселер да ага таважжух кылат.”[Тирмизи] "Ой-арманы дайыма дүнүйө болгон адамдын Хактын алдында баасы жок. Мунун машакаты түгөнбөйт, кедейликтен кутула албайт, байлыкка жете албайт, чеги бүтпөс бош нерселер менен алектенет.”[Таберани] "От отунду жегендиги сыяктуу дүнүйөгө болгон сүйүү дагы ыймаңарды жейт.”[И.Газали] "Көңүлүнөрдү дүнүйө тууралуу сөз кылып алагды кылбагыла!
”[Байхаки] "Дүнүйө көтөргөн бардык нерсени Аллаху таала басмарлайт.
”[Бухари] "Аллаху таала бир адамга акыретти табуусу үчүн дүнүйөнү берет, бирок, дүнүйө үчүн акыретти берүүнү каалабайт.”[Дайлами] "Аллаху таала дүнүйөнүн акыбетин желген тамактын акыбетине окшоткон.”[Таберани] "Аллаху таала сени сүйүүсү үчүн дүнүйөдөн жүзүңдү бур! Элдин колун караба сени жакшы көрүшсүн.”[Ибни Маже] "Акыреттен дүнүйөнү тандаган адам үч нерсеге дуушар болот. Кыйынчылыктары эч кемибейт, жоктуктан кутула албайт жана тою дегенди билбеген бир кумарга чалдыгып, эч качан бош убакыт таба албайт.”[Таберани] "Бейишти каалаган адам жакшылыкка жүгүрөт, Тозоктон корккон адам харамдардан качат. Өлүмдү күткөн адам дүнүйө лаззаттарын таштайт. Дүнүйөгө берилгендерге азаптар жаайт.”[Ибни Хиббан] "Аллаху таала бир кулуна жакшылык мурат кылганда аны дүнүйөдөн алыстатат, акыретке үндөйт жана кемчиликтерин өзүнө көрсөтөт.”[Дайлами] "Билимсиз илимге, жол башчысыз хидаятка жетүүнү каалаган адам дүнүйөдөн баш тартсын!” [И.Газали] Байлык жана бийлик Мал жана бийлик ээси болуу башка, мал жана бийлик сүйүүсү болуу башка. Дүнүйө жана акырет саадатына жетүү жана адамдарга кызмат кыла алуу үчүн мал жана бийлик ээси болуу өтө жакшы. Бүткүл дүнүйө бир адамдыкы болсо малы менен мактанбай динге ылайык сарптаса өтө чоң сооп табат. Сулайман алейхиссалам чоң байлык жана салтанат ичинде сүзсө дагы Женаб-ы Хак Курани каримде:"
Ал кандай жакшы кул”,- деп мактоодо. (Сад 30) Пайгамбарыбыздан кийин адамдардын эң жогорусу болгон Хазрети Ибрахимдин талааларга толгон койлору, жанында эле жарым миллион уйлары бар эле. Мал-мүлк жана бийликти жаман нерсеге колдонуу зыяндуу. Адамга жакшылык кылуусуна тоскоол болгон бардык нерсе дүнүйө болуп эсептелет. Курани каримде Бейиштин бийлик кумары менен өзүн өйдө көтөрбөгөн адамдарга бериле тургандыгы билдирилген.
Хадиси шарифтерде:
"Ла илахе иллаллахдеген адам дүнүйөнү динден жогору көрмөйүнчө Аллаху тааланын ачуусунан жана азабынан кутулат. Динди таштап дүнүйөгө[харамдарга] жармашса Аллаху таала ага:"Жалган айтып жатасың”деп буюрат.[Хаким] "Дүнүйө үчүн капаланган адам Аллаху таалага каршы ачууланган болот.”[Таберани]
#9 23 August 2015 - 16:51
Текебердиктин белгилери Суроо:Адамдагы кайсы өзгөчөлүктөр текебердиктин белгиси болуп саналат. ЖООП Текебердиктен туулган иштер тууралуу бир нече мисал берели: 1- Суроо сурабоо текебердиктен туулат. Текебер адам суроо суроону билбестиктин белгиси деп кабылдайт. Суроо сурасам билбегендигим билинип калат деп ойлойт. 2- Дайыма өзүнөн суроо суралуусун,
башка биринен суралбоосун каалайт. Билген же билбеген ар суроого жооп берүүгө далалаттанып,
"билбейм” деп айта албайт. 3- Жол суроодон тартынуу. Жол сурабоо жана суроо сурай албоо уят болуп калбайын, айыпталып калбайын деген коркуудан улам болот. 4- Башчылардан уруксат суроодон тартынуу. 5- Конокто болсо, имамдыкка ылайык бир канча адам болсо үй ээси уруксат бербестен эле имамдыкка өтүү, баарынан да өзүн имамдыкка ылайык көрүүсү. 6- Бир жыйналышта жеке эле өзү сөз сүйлөөнү каалоо, башкаларынын сөзгө кошулуусунан ыңгайсыздануу,
алардын козудай болуп угуп отурууларын каалоо. 7- Досторуна бир нерселерди билгендигин көрсөтүү үчүн аларга кез келгенде бир нерсени айтууга тырышуу, ката деп ойлогон нерселерин дароо оңдоого, аларды эскертүүгө аракет кылуу. 8- Мечитте бош жерлерди толтур деп тиге-буга буйрук кылуу жана муну уккан адам да муну катуу кабыл алса. 9- Макталууну жактыруу, сынды көтөрө албоо. Катасын айткан адамга рахмат айта албоо. 10- Чындыкты кабыл кылбоо. Бир нерсе мындай деп айтылганда аны чечмелөөгө аракет кылуу. Негизи чындыкты айткан адам кичине бала болсо да, сабатсыз адам болсо да муну кубануу менен кабыл кылуу керек. 11- Васваса кылуу да текебердиктен болот. Өзүн өтө этияттуумун деп эсептегендер башка адамдарды ката кылып жатат деп ойлошот. 12- Башчы болууну каалоо, буйрук берүүнү жактыруу. Өзүнүн кээ бир жактарын жогору деп эсептөө. 13- Адамдардын жанына баруудан, бир нерсе суроодон тартынып жаткан болсо бул дагы текебердиктин белгиси болуп саналат. 14- Жөнөкөйлүк кылып жаткандай көрүнүү. "Пендеңиз сизди угуп жатат” ж.б., деген сыяктуу сөздөр менен ашыкча жөнөкөйлүк көрсөтүү. Пенде бул кул дегенди билдирет. Андай болсоар айтылган нерсеге каршы чыкпоосу керек эмеспи. Эгер мындай болбосо пендемин деп айтуусу текебердигин жашыруудан башка нерсе эмес. 15- Жөнөкөйлүк болсун деп калп эле "мендей алсыз кул”, "мендей күнөөкөр кул” дегени менен бираз сындала турган болсо дароо ачууланат. Азыр эле айтып жаткан алсыздыгын,
күнөөкөрлүгүн дароо унутат. Мындай адам текебер адам. 16- Туш келген адамга кыйынчылык тарттыруу, аларды таарынтуу. Бирин экинчисине даттануу. Башкалардын кемчиликтерин айтып, ал эми өзүнүн андай адам эмес экендигин билдирүүгө тырышуу. 17- Тообону кечиктирүү,
намаз окубоо дагы Аллаху таалага каршы текебердик болот. 18- Пикир талашуунун акырында "хаккыңды халал кыл”, "кечир” десе аны кабылдабоо.
Бул дагы эле меники туура деген пикирде болуунун белгиси. 19- Адамдардын арасында жеке эле өзү сүйлөп, башкалардын сүйлөөлөрүн жактырбоо. Натыйжада:Өзүнүн чегин билүү жөнөкөйлүк,
чегин билбөө текебердиктин белгиси болуп саналат. Мен текеберминби?
Суроо:Бир адам өзүнүн текебер экендигин же эместигин кантип түшүнсө болот? Текеберлик чоң күнөөлөрдүн эң чоңдорунан болгондуктан текебер адам салих боло алабы? ЖООП Эгер текебер экендиги ачыктан ачык билинип турган болсо салих боло албайт. Текебер экендигин башкалар да түшүнүп жаткан болсо фасык болот. Эгер өзүн калп эле алсыз кул, күнөөкөр кул деп коюп текебердигин жашырып жүргөн болсо ал адамды фасык деп айтууга болбойт. Текеберлик Аллаху тааланы унутуунун белгиси. Текеберлик бардык жакшылыкка кедерги болот, ошол эле убакта бардык жамандыктын ачкычы болуп саналат. Текеберлик шайтандын сыпаты жана анын Бейиштен куулуусуна себеп болгон. Күчтүү адам жөнөкөй, алсыз адам текебер болот. Текеберлик менен куфурдун арасында өтө ичке аралык бар. Текеберликтин бир кадам аркы жагы куфур болот. Алсыз адам кемчилигин толуктоо үчүн текебер болот. Жакшылыктуу адам текеберленүүгө муктаж эмес. Бардык жамандыктардын башы текеберлик болуп саналат. Текебер адам көп акмактык кылат. Пайдасын, зыянын ойлонбойт. Алсыз адам текебер болот. Текеберлик Аллаху таалага ширк кылуунун бир тууганы. Текебер алып жүргөн мээде акыл болбойт. Напсибизди ортодон тартып, өзүбүздөн жийиркенүүбүз керек. Өзүнөн жийиркенбеген адам кутула албайт. Бардык адамдар жогорудагы белгилерди карап өзүнүн текебердүү экендигин же эместигин түшүнө алат. Окуя: Жаңы келген шакирт даргахка кирейин деп жатканда даргахтын ити ырылдап анын кирүүсүнө тоскоол болот. Эмне кылса да майнап чыкпайт. Ит эч кимди ичке киргизбейт.
Муриддин (шакирттин) устазы бул абалды жашыруун байкайт. Мурид итке жакындап: "Сен дагы, мен дагы бул жердин иттерибиз. Тур мындай, ичке кирейин”, - дегенде ит куйругун шыйпаңдатып ары турат. Мурид ичке кирет, буга устазы дароо ижазат берет. Жылдар бою даргахта кызмат кылган шакирттер бул абалга таң калышат. Ошондо устазы айтат: "Ал текеберленген жок, өзүн иттен да жогору көргөн жок. Бул жерде болуунун максатын түшүндү жана максатына жетти.”
#10 23 August 2015 - 16:54
Жактырбаган нерсебиз балким биз үчүн жакшы чыгар Суроо:Жакындарыбыздан бири кайтыш болсо башыбызга каза келет. Сабыр кылбоо күнөөбүү? ЖООП Дүнүйө кыйынчылыктардын үстүнө курулган. Сабыр кылуудан башка чарасы жок. Үч сабыр өтө сүйүктүү: күнөө кылбоого сабыр, азап жана кайгыларга сабыр. Баласынын өлүүсү, мал-мүлкүнүн колунан чыгуусу жана көз, кулак сыяктуу органдардын көрбөөсү жана укпоосу сыяктуу адамдын каалоосу менен башланышы болбогон кайгыларга сабыр кылуудан да жогору сабыр жок. Азаптарга сабыр кылуу – бул сыддыктардын даражасы. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле: "Йа, Рабби, азаптар мага жеңил боло тургандай йакиин бер!”[Тирмизи] Бир адам: "Эй, Аллахтын Расулу, малым жок болду, акчам жок болду, денем оорукчан болду”, - дейт. Ал адамга мындай деп буюрду: "Малы жок болбогон, акчасы бүтпөгөн жана оорубаган адамда кайыр жок. Себеби, Аллаху таала сүйгөн кул азапка дуушар болот.”[Абу Давуд] Ибни Мубарек хазреттери буюрду: -Кайгы бир. Кайгы-касрет келген адам кыйкырып, ыйлап-сыздаса эки болот. Бири кайгынын өзү, экинчиси сооптун кетүүсү. Экинчиси биринчисинен да чоң. Сабыр кылган адамдарга берилген сооптун санын Аллаху тааладан башкалар билбейт. Шакик-и Балхи хазреттери буюрду: -Кайгыга сабыр кылбай кыйкырган адам Аллаху таалаган каршы келген болот. Ыйлап-сыздоо кайгы жана азапты артка кайтарбайт.
Кул дайыма напсине жаккан же жакпаган бир иштен айры болбойт. Экөөндө тең сабырга муктаж. Мал, жакшылык, мартаба, ден-соолукка жана ушуга окшош нерселерде өзүн кармабастан бул жакшылыктарга батып, көңүлүн буларга байлай турган болсо жана дйыма ушундай жүрө берсе анда жакшылыктарга ого бетер чөмүлүү, четен чыгуу пайда болот. "Баары кайгыга чыдайт, бирок, сыддыктардан башка афиййатка сабыр кылгандар өтө аз”, - деп айтышкан. Асхаб-ы кирам: "Кайгы жана кыйынчылык ичинде болгон кезде сабыр кылуу бүгүнкү жакшылык жана байлыктарга сабыр кылуудан жеңил эле”, - дешкен. Ошон үчүн Аллаху таала:"Мал-
мүлк жана балдарыңар бир гана сыноо үчүн”,- деп буюрду. Жакшылыкка сабыр - көңүлдү ага байлабоо, ага кубанбоо болуп эсептелет. Жакшы амалдарды аткаруу сыяктуу өз каалоосу менен боло турчу нерселерде да сабырга муктаждык бар. Себеби, ибадаттардын намаз сыяктуу бир бөлүгү жалкоолуктан,
зекет сыяктуу кээ бирлери сараңдыктан,
ажылык сыяктуу кээ бирлери болсо эки себептен улам орундоо кыйын болот жана сабырсыз аткарылбайт.
Ар бир жакшы амалдын башында, ортосунда жана акырында сабырга муктаждык бар. Башында болгон ниетти ихлас менен кылуу, рияны көңүлдөн чыгаруу керек. Булар оор. Ибадат учурунда сабыр кылуу болсо шарт жана адептерин эч бир нерсе менен аралаштырбоо болуп саналат. Мисалы, эгер намазда болсо эч бир тарапка карабоо, эч нерсе ойлонбоосу керек. Ибадаттан кийинки сабыр болсо кылган нерсесин көрсөтүүдөн,
айтуудан качуу жана муну менен ужб кылуудан (кылган ибадаттарын жактыруудан) сабыр кылуу болуп саналат. Күнөөлөргө келе турган болсок сабыр кылбастан андан колду тартуу мүмкүн эмес. Шахват канчалык кубаттуу жана күнөө кылуу канчалык жеңил болсо ал күнөөнү кылбоого сабыр кылуу да ошончолук кыйын болот. Ошондуктан,
тил менен кылынган күнөөлөргө сабыр кылуу дагы да оор. Себеби, тилдин кыймылы жеңил. Анын үстүнө көп сүйлөй турган болсо адат болуп калат. Тилдин учуна келип, башкаларга өзүн жакшы көрсөтө турчу бир сөзгө сабыр кылуу кыйын болот. Адамдардын колу менен болбосо тили менен кыйынчылык тарттыруулары сыяктуу өз ыктыяры менен болбогон , бирок, каршылык берүүсү өз ыктыяры менен болгон нерселерде каршылык бербөө үчүн же каршылык берүүдөн чектен чыкпоодо да сабырга муктаждык болот. Асхаб-ы кирам: "Биз адамдардан келе турчу кыйынчылыктарга чыдаган ыйманды ыйман деп эсептечү эмеспиз”, - деп айтышкан. Аллаху таал Пайгамбарыбызга:
"Алардын кыйынчылыктарына алдырба жана тобокел кыл”,- деп буюрууда. (Ахзаб 48) Тагдырда болгон нерсе башка келет, эгер сабыр кыла турган болсо сыйлыгын көрүлөт. Сабыр кылынбай, ызы-чуу кылынса күнөөгө кирилет жана тынчтык кетет. Кыйынчылык канча ачуу болсо дагы сабыр кылына турган болсо жакшылык боло тургандыгы билдирилген.
Курани каримде мындай мааниде билдирилет:
"Жактырбаган нерсеңер силердин жакшылыгыңарга,
жактырган нерсеңер да жамандыгыңарга болушу мүмкүн. Силер билбейсиңер,
Аллах билет.”[Бакара 216] Хадиси шарифтерде да буюрулду: "Момун адам шамал менен чайпалган буудайдын машагы сыяктуу жыгылып – турат. Туура тургусу келгенде жыгылат. Фажир адам болсо карагай сыяктуу кесилгенге чейин дайыма тик турат.”[Бухари] "Үч күн ооруп жаткан момун жаңы туулгандай күнөөдөн тазаланат.”[Эбушшейх] "Жырткыч айбан сыяктуу оорубоону жана кайгырбоону каалап жатасыңарбы?
”[Байхаки] "40 күн ичинде момунга кайгы, бир оору же бир коркуу, же мал-мүлкүнө зыян келет” жана "Момунда 3 нерседен бири болот: Кыллет, иллет жана зыллет.”(К.Саадат) [Кыллет - кедейлик, Иллет- илдет, оору, Зыллет – урматсыздык,
абройсуздук.
] Имам Газали хазреттери мындай деп буюрат: "Фараон 400 жыл жашаган. Бир да жолу башы оорубаган, температура болгон эмес. Бир жолу башы ооруганда адамдардын бардыгынын өзүнө сыйынууларын каалоо акылына да келмек эмес.”[К.Саадат]
#11 23 August 2015 - 16:58
Шашылуу Суроо:Бир иште шашылуу туурабы? Кайсы иштерде шашылуу керек? ЖООП Адамдын фытратында (табиятында) шашылуу бар. Эки аяти кариманын мааниси: "Адам шашкалаң[табиятта]жаратылды.
”[Энбия 37]” "Адам абдан шашкалаң”.[Исра 11] Шашылууга шайтан аралашат. Эки хадиси шарифтин мааниси: "Шашылуу шайтандан, шашылбоо Рахмандан”.
[Тирмизи] "Шашылбаган адам максатка жетет, шашылган адам ката кылат.”[Байхаки] Ошондуктан иштерде шашылбоо керек жана дароо чечим чыгарбоо керек! Шашылыш берилген чечимге шайтан аралашат. Напси каалаган нерсе эске келгенде шайтан: "Мүмкүнчүлүктү коё бербе, дароо кыл!” - дейт. Ошондуктан,
көңүлгө келген нерсени аткаруудан мурда бул иштен Аллаху таала ыраазыбы, сооппу, күнөөбү деп ойлонуу керек! Күнөө эмес болсо кылуу керек! Мына ушундайча шашылбаган болот. Бирок, 5 жерде шашылуу керек болот: 1- Конок келгенде дароо тамак берүү. 2- Күнөө кылганда дароо тообо кылуу. 3- Намазды маалы киргенде дароо окуу. 4- Маркумду көмүүгө шашылуу. 5- Кыз же уул балдарга дин маалыматтарын жана намаз окууну үйрөткөндөн кийин балакатка жеткенде өз теңи чыга турган болсо дароо үйлөндүрүлүшү керек. Эшиат-ул-лемеат китебиндеги хадиси шарифте:"
Йа, Али, үч нерсени кечиктирбе!
Намазды маалы киргенде дароо оку, жаназа намазын дароо оку! Жесирди же кызды теңи сураган кезде дароо үйлөндүр!
”– деп буюрган. (Тирмизи) Ошондуктан,
намазын окуган, күнөөлөрдөн сактанган жана нафакасын халалдан тапкан бири бар болсо дароо аны менен үйлөндүрүү керек! Эгер үйлөндүрүлбөй турган болсо фитнага себеп болот. Бир хадиси шарифтин мааниси: "Силер динин, ахлагын жактырган бир адам кызыңарга талапкер болсо дароо үйлөндүргүлө!
Эгер үйлөндүрбөсөңөр фитна жана фасадга себеп болосуңар.”[Тирмизи] Ибаддатта жана кайырлуу иштерди аткарууда шашылуу керек. Бир нече хадиси шарифтин мааниси: "Өлүүдөн мурда тообо кылгыла! Кайырлуу иштерди аткарууга тоскоолдук чыгуудан мурда шашылгыла!
Аллаху тааланы көп эстегиле!
Зекет жана садага берүүдө шашылгыла!
Ушундайча Раббиңердин ырыскыларына жана жардамына ээ болгула!”[Ибни Маже] "Садага берүүдө шашылгыла, себеби, балээ садаганы өтө албайт.”[Байхаки] "Беш нерсе келүүдөн мурда беш нерсенин кадырын билгиле: Өлүмдөн мурда өмүрдүн кадырын, оорудан мурда ден-соолуктун кадырын, дүнүйөдө акыретти табуунун кадырын, карылыктан мурда жаштыктын кадырын, кедейликтен мурда байлыктын кадырын.”[Хаким] Зекетин бербеген жана байлыгын акырет жолуна сарптабаган адам кедей болгон кезде өтө өкүнөт. Бир хадиси шарифтин мааниси: "Тасвиф кылган адам куруйт.”[Берика] (Б.а., жакшы иштерди кийинкиге таштаган адам.)
#12 23 August 2015 - 17:00
Сараңдык Суроо:Сараң адам аалым болобу? ЖООП Билимдүү болуу башка нерсе, илими менен амал кылуу башка нерсе. Дүнүйөдө кылынган бир жакшылыкка акыретте 700, жада калса, андан да көп сооп бериле тургандыгына ишенген адам жоомарт болууга аракет кылат. Хадиси шарифтерде мындайча буюрулат: "Аллахтын алдында жоомарт болгон жахил адам сараң аалымдан да баалуу.”[Дайлами] "Сараңдык менен ыйман бир пенденин ичинде эч качан бирге боло албайт.”[Несаи] "Сараң адам көп ибадат кылса да Жаннатка кирбейт. Жоомарт адам көп күнөө кылса да Жаханнамга кирбейт.”[Р.
Насыхин] Бул хадиси шарифтер момундар үчүн айтылган. Капыр адам жоомарт болсо да Жаннатка кире албайт. [Эскертүү:"
Сараң адам Жаннатка кирбейт”, "Сараңдык куфур”сыяктуу хадиси шарифтерди түшүндүрмөлөрү менен бирге окуу керек. Түшүндүрмөсүз окула турган болсо жаңылыш түшүнүп калууга себеп болот. Сараңдык канчалык да жаман ахлак болсо да ыймансыздык эмес."Сараң адам күнөөсүнүн жазасын тартмайынча Жаннатка кире албайт”дегенди билдирет. Жада калса, сообу күнөсүнөн көп болсо Жаханнамга кирбестен дагы Жаннатка кирет. Кечиримге жана шапаатка дагы ээ болуп Жаннатка кириши мүмкүн. "Жоомарт адам Жаннатка жакын”деген хадиси шариф дагы ушундай. Б.а., жоомарт адамдын ыйманы болбосо түбөлүк Жаханнамда калат. Ыйманы бар болсо сооптору көп болсо Жаннатка барат. Ахли сүннөттө жакшылык кылган адам сөзсүз Жаннатка, жамандык кылган адам сөзсүз Жаханнамга кирет деген нерсе жок. Бир момундун күнөөсү сообунан көп болсо, кечиримге жана шапаатка да жете албаса күнөөсүнүн жазасын тарткандан кийин Жаннатка барат. Ыйманы болбогон адам болсо эмне кылса да эч бир жакшылыгы аны Жаханнамдан куткара албайт.(Ислам Ахлагы)] Ач көздүк жана сараңдык Суроо:Сараңдык менен тамах (ач көздүк) экөө бир нерсеби, булардан кутулуунун жолу барбы? ЖООП Ач көздүк – бул мал-мүлк жыйноого берилүү дегенди билдирет. Сараңдык болсо акчаны сарптоо зарыл болгон жерде андан качуу болуп саналат. Сараңдыктын ичинде ач көздүк дагы бар. Ар дарттын чарасы болот. Алгач дартты аныкташ керек! Дарт белгилүү болгондо ошого каратадары берилет. Аллахтан корккон адам жамандык кылуудан тартынат. Ач көздүктүн жаман экендигин билген мусулман адам дагы мындан качат. Динибизде мал-мүлк ээси болуу жаман эмес. Курани каримде мал-мүлккөхайырдеген ат берилип макталган.[Бакара 180] Хадиси шарифте мындай делет: "Мал-мүлк салих адам үчүн кандай жакшы.”[Таберани] Мал-мүлк баалуу нерсе болгондуктан аны ысрап кылуу харам. Суфйан-ы Севри хазреттери мал-мүлктүн адамдын куралы экендигин айтып, адам баласы жанын, малын, ден-соолугун,
динин, ар-намысын мал-мүлк менен коргой тургандыгын билдирген. Динибиз мал-мүлктү мына ушундай мактаган, бирок, ага болгон сүйүүнү жектеген. Бай болуу башка, байлыкка болгон сүйүү башка. Тамах - бул байлыкка болгон сүйүү. Ач көз адам байлыгын кайырлуу иштерде колдоно албайт. Байлыкка болгон сүйүүнүн жаман экендигин билдирген хадиси шарифтердин бир канчасы мына булар: "Адам карыган сайын анын эки нерсеси жашарат: Узак өмүр сүрүүгө болгон арзуусу жана байлыкка болгон сүйүүсү.”[Бухари] "Байлык жана бийлик сүйүүсүнүн момундун динине бере турчу зыяны эки ач карышкырдын койдун үйүрүнө бере турчу зыянынан да көп.”[беззар] "Ач көз болуудан сактангыла!
Ач көздүк - кедейликтин дал өзү.”[Таберани] "Канаат кылган адам эң көп шүгүр кылгандардан болуп саналат.”[Ибни Маже] "Азга канаат кылбаган адам көбүнө тойбойт.”[Байхаки] "Байлык-бийлик сүйүүсү суунун жашылчаны жашылдандырганы сыяктуу көңүлдө нифакты жашылдандырат.
”[И. Газали] "Адам баласынын эки дарыя толо алтыны болсо үчүнчүсүн да кааламак. Анын көзүн жалгыз бир ууч топурак тойгузат.”[Бухари] "Байлык – бул мал-мүлктүн көптүгү эмес көңүлдүн байлыгы.”[Бухари] Курани каримде билдирилгендей Ибрахим алейхиссалам:
"Йа, Рабби, мени жана балдарымды бутка сыйынуудан корго!”– деп дуба кылган. Бут деп айтылган нерсе – бул акчага болгон сүйүү. Демек, акчаны сүйүү бутка сыйынуу сыяктуу нерсе. Ошондуктан,
"Акчага сыйынган адам куруду”, - деп буюрулган."
Алтын жана күмүштүн кулу куруду. Чалынган жок, толугу менен куруду”деген хадиси шариф акчаны өтө жакшы көгөндөрдүн акыбети тууралуу кабар берүүдө. (Тирмизи) Канааттай байлык болбойт."
Аалым илимге, ал эми ач көз адам болсо мал-мүлккө тойбойт”,- деп буюрулду. Негизинде адам баласы сараң болот. Курани каримде мындай мааниде билдирилет:
"Айт, "Эгер Раббимдин рахмет казыналары силердики болгондо түгөнүп калат деп коркуп ошондо да бербестен сараңдык кылмаксыңар.
” Чындыгында,
адам өтө сараң.” [Исра 100] "Аллахтын ихсан кылган мал-мүлкү менен сараңдыккылгандар [зекет бербегендер]жакшы иш кылгандыктарын [бай болуп кала тургандыктарын] ойлоп жатышабы? Чындыгында,
өздөрүнө жамандык кылышууда. Сараңдык кылып бербеген ал мал-мүлктөр[Жаханнамда азап куралы болот, жылан түрүндө]моюндарына оролот.”[А. Имран 180] Сараңдыктын дарысы Суроо:Сараңдык эмнеден улам пайда болот, дарысы кандай? ЖООП Сараңдыктын башка көңүл оорулары сыяктуу ихлас кемчилиги, ыйман алсыздыгы жада калса, куфур менен байланышы бар. Хадиси шарифтерде буюрулду: "Сараңдык кылган адам, анан да бардыгына сараңдыкты кеңеш кылган адам, өздөрүнө Аллахтын көбүрөөк берген нерселерин жашырган капырларга кор жана төмөн кылуучу бир азап даярдадык.”[Ниса 37] Сараңдык мал-мүлккө болгон сүйүүдөн пайда болот. Сараңдыктын себеби – узак жашайм деген үмүт менен акчасыз жете албай турчу арзуулары. Ажалына үч күн калгандыгын билсе сараң адамга мал-мүлк берүү кыйын болбойт. Бирок, балдары болот, алардын жашоолорун өз жашоосу сыяктуу кабыл кылса сараңдыгы кайрадан артат. Бул жагынан алып караганда балдар сараңдыкка себеп болушу мүмкүн. Хадиси шарифте буюрулгандай:
"Бала-чака сараңдыктын себеби.”[Хаким] Курани каримде мына бул мааниде билдирилгендей:
"Мал-мүлкүңөр,
балдарыңар силер үчүн фитна, сынак.[Тегабун 15]” "Мал-мүлкүңөр жана балдарыңар силерди Аллахты эскерүүдөн алып койбосун!
”[Мунафикун 9]
#13 23 August 2015 - 17:03
Жалган жана сараңдык Суроо:Бир хадиси шарифте:"
Ар укканын айтуу жалган катары жеткиликтүү.
Акымдан кымындай болсо да баш тартпайм деп айтуу дагы сараңдык катары жеткиликтүү”,
- делүүдө. Ар уккан нерсе туура болсо да жалган болушу мүмкүнбү? Ошондой эле, акысын алуу эмне үчүн сараңдык болсун? ЖООП Ар уккан нерсесин кеп кылган адам уккан нерсесин ката уккан болушу мүмкүн, кошуп айтышы мүмкүн, натыйжада жаңылыш нерселерди айтат. Көп сүйлөгөн адамдын ар айткан сөзү мубах болгону менен малайани (бош нерселер) менен алектенүү жаиз болбойт. Ошондуктан,
ар уккан нерсени сүйлөө түрдүү себептерден улам жаиз эмес. Көп сөз тууралуу көп сөз болот. Бир нечеси мындай: Көп мал-мүлк харамсыз, көп сөз жалгансыз болбойт. Сөз адамдын таразасы. Артыгы зыян. Көп сүйлөө достукту бузат. Көп сүйлөгөн адамдын катасы да көп болот. Сөз - күмүш, унчукпоо – алтын. Сүйлөө тууралуу бир канча хадиси шарифтин мааниси мындай: "Көп сүйлөгөн көп жаңылат.”[Таберани] "Тилин кармаган адам кутулат.”[Тирмизи] "Ырахаттык тилеген адам унчукпасын!
”[Эбу-ш-шейх] "Саламаттык тилеген адам тилин кармасын!
”[И.Эбид-дунйа] "Унчукпоо - хикмат”[Дайлами] "Эң кабыл болчу амал – тилин кармоо.”[Таберани] "Тилин кармаган адам шайтанды жеңет.”[Таберани] "Унчукпаган бир момунга жакын болгула! Ал хикматсыз эмес.”[Ибни Маже] "Кутулуу үчүн тилиңди карма.”[Тирмизи] "Адамды Тозокко сүйрөгөн нерсе – анын тили.”[Тирмизи] "Тилин кармабаган адам толук ыйманга ээ боло албайт.”[Таберани] "Көп сүйлөө көңүлдү карартат.”[Байхаки] "Кемчиликтердин көбү тилден.”[Таберани] "Эң жакшы нерсе тилди кармоо.”[Таберани] Сараңдык – бул бериш керек болгон нерсени бербөө. Кымындай акыдан баш тартпаган адам көңүлүнүн ырахаттыгы менен кантип зекетин бере алат, садага бере алат? Кантип муктаждарга жардам кыла алсын? Сараңдыктан жана сараңдыкка жол ача турчу нерселерден сактануу керек. Бир нече хадиси шарифтин мааниси: "Ар таңда бир периште: "Йа, Рабби, инфак кылган(камсыздаган,
жардам берген)адамга мол каршылыгын бер”, - дейт, бир периште болсо: "Сараңдык кылган адамдын мал-мүлкүн курут”, - деп дуба кылат.”[Бухари] "Аллаху таала үчүн жоомарт болгон жахил адам сараң болгон аалымдан да жогору турат. Себеби, сараңдык – бул эң кыйын оору.”[Даре Кутни] "Сараңдыктан өтө сактангыла!
Силерден мурдагыларды сараңдык курутту.”[Муслим] Демек, көп сүйлөө жалганга себеп болот, кымындай акынын артынан жүгүрүү дагы сараңдыкка жол ачат.
#14 23 August 2015 - 17:07
Дүнүйө жаманбы? Суроо:Динибизде дүнүйө деген эмне? ЖООП Дүнүйө – бул харам жана макрухтар. Дүнүйө, мал-мүлк, байлык, дүнүйөлүк, ырыскы сыяктуу маанилерди дагы билдирет. Имам Раббани хазреттери буюрду: Дүнүйө сени Аллаху тааладан алыстаткан нерселер болуп саналат. Аял, бала, мал, чин, бийликке болгон арман Аллаху тааланы унуттура турганчалык ашыкча болсо дүнүйө болот. Чалгы аспаптар, оюндар, пайдасыз бош нерселер менен убакыт өткөрүү (кумар, жаман достор, жаман фильмдер, бош аңгеме романдар) мунун бардыгы дүнүйө болуп саналат. Дин менен дүнүйөнү бирге табуу мүмкүн эмес. Акыретти тапкысы келген адам дүнүйөдөн баш тартуусу керек. Бул заманда дүнүйөнү толугу менен таштап салуу жеңил эмес. Жок дегенде өкүм менен таштоо, б.а., таштаган болуп эсептелүү керек. Бул дагы ар иште Исламиятка баш ийүү болуп саналат. Тамак-ашта, кийим-кечеде жана үй салууда Исламият кандай билдирген болсо ошондой кыймылдоо керек. Дүнүйө акыретти таба турган жер. Табышкерлик кылып жаткан жерди жамандоого болбойт. Харам болгон табыштар жамандалат.
Дүнүйөнү жамандаган хадиси шарифтерге дагы ушундай көз караш менен кароо керек. Хадиси шарифтерде буюрулат: "Дүнүйөгө болгон сүйүү бардык каталардын башы болуп саналат.”[Хаким] "Дүнүйө малун. Бир гана Аллах үчүн болгондор мындай эмес.”[Ибни Маже] "Дүнүйөнүн аркасынан жүгүргөн адам ач көз болот, дайыма жоктук ичинде айланып-тегеренип,
иштери кыйындайт, насибинен көп нерсеге жете албайт. Акырет үчүн эмгектенген адамдын иштери жеңилдейт, көңүлү байыйт, баш тарткан дүнүйөлүк нерселер да ага таважжух кылат.”[Тирмизи] "Ой-арманы дайыма дүнүйө болгон адамдын Хактын алдында баасы жок. Мунун машаы түгөнбөйт, кедейликтен кутула албайт, байлыкка жет албайт, чеги бүтпөс бош нерселер менен алектенет.”[Таберани] "От отунду жегендиги сыяктуу дүнүйөгө болгон сүйүү дагы ыймаңарды жейт.”[И.Газали] "Көңүлүнөрдү дүнүйө тууралуу сөз кылып алагды кылбагыла!
”[Байхаки] "Дүнүйө көтөргөн бардык нерсени Аллаху таала басмарлайт.
”[Бухари] "Аллаху таала бир адамга акыретти табуусу үчүн дүнүйөнү берет, бирок, дүнүйө үчүн акыретти берүүнү каалабайт.”[Дайлами] "Аллаху таала дүнүйөнүн акыбетин желген тамактын акыбетине окшоткон.”[Таберани] "Аллаху таала сени сүйүүсү үчүн дүнүйөдөн жүзүңдү бур! Элдин колун караба сени жакшы көрүшсүн.”[Ибни Маже] "Акыреттен дүнүйөнү тандаган адам үч нерсеге дуушар болот. Кыйынчылыктары эч кемибейт, жоктуктан кутула албайт жана тою дегенди билбеген бир кумарга чалдыгып, эч качан бош убакыт таба албайт.”[Таберани] "Бейишти каалаган адам жакшылыкка жүгүрөт, Тозоктон корккон адам харамдардан качат. Өлүмдү күткөн адам дүнүйө лаззаттарын таштайт. Дүнүйөгө берилгендерге азаптар жаайт.”[Ибни Хиббан] "Аллаху таала бир кулуна жакшылык мурат кылганда аны дүнүйөдөн алыстатат, акыретке үндөйт жана кемчиликтерин өзүнө көрсөтөт.”[Дайлами] "Билимсиз илимге, жол башчысыз хидаятка жетүүнү каалаган адам дүнүйөдөн баш тартсын!” [И.Газали] Байлык жана бийлик Мал жана бийлик ээси болуу башка, мал жана бийлик сүйүүсү болуу башка. Дүнүйө жана акырет саадатына жетүү жана адамдарга кызмат кыла алуу үчүн мал жана бийлик ээси болуу өтө жакшы. Бүткүл дүнүйө бир адамдыкы болсо малы менен мактанбай динге ылайык сарптаса өтө чоң сооп табат. Сулайман алейхиссалам чоң байлык жана салтанат ичиндн сүзсө дагы Женаб-ы Хак Курани каримде:"
Ал кандай жакшы кул”,- деп мактоодо. (Сад 30) Пайгамбарыбыздан кийин адамдардын эң жогорусу болгон Хазрети Ибрахимдин талааларга толгон койлору, жанында эле жарым миллион уйлары бар эле. Мал-мүлк жана бийликти жаман нерсеге колдонуу зыяндуу. Адамга жакшылык кылуусуна тоскоол болгон бардык нерсе дүнүйө болуп эсептелет. Курани каримде Бейиштин бийлик кумары менен өзүн өйдө көтөрбөгөн адамдарга бериле тургандыгы билдирилген.
Хадиси шарифтерде:
"Ла илахе иллаллахдеген адам дүнүйөнү динден жогору көрмөйүнчө Аллаху тааланын ачуусунан жана азабынан кутулат. Динди таштап дүнүйөгө[харамдарга] жармашса Аллаху таала ага:"Жалган айтып жатасың”деп буюрат.[Хаким] "Дүнүйө үчүн капаланган адам Аллаху таалага каршы ачууланган болот.”[Таберани]
#15 23 August 2015 - 17:23
Жогорудагы смайликтер кечирим сурайм.Телефондон киргенге кичине катачылык кетиптир.
#16 23 August 2015 - 17:26
Жогорудагы смайликтер учун кечирим сурайм.Телефондон киргенге кичине катачылык кетиптир.
#17 23 August 2015 - 17:28
Ачууланба!
Даанышман заттар айтышкан: Куфурдан кийинки эң жаман ахлак - текебер болуу. Үй-бүлө ичинде, коом ичинде тарткан бардык кыйынчылыктар текеберликтен улам болот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”:"
Көңүлүндө кымындай текебердик болгон адам Жаннатка кире албайт”,- деп айткан. Жакшы ахлак – бул эч кимдин көңүлүн оорутпоо. Текебер адам тез ачууланат. Ачуулуу адам болсо көңүл оорутат. Момун адам дайыма жарык жүздүү жана таттуу тилдүү болот, эч кимди таарынтпайт,
көңүл оорутпайт. Пайгамбарыбыз мусулман адамды"Колунан жана тилинен ишеничтүү адам”деп сүрөттөгөн.
Жаңжалдардын,
ызы-чуулардын башкы себеби чегин билбестиктен,
өзүнүкүнө ыраазы болбоо жана өзүн туурамын деп эсептегендиктен болот. Башыбызга келген бир нерсенин алдында напсибиздин каалоосуна карап эмес динибизге ылайык кыймылдообуз керек. Эмир жана уруксат менен кылынган иште тапкан да жоготкон да пайда көрөт. Себеби, ал адам ишти динге ылайык аткарды. Өз каалоосу, өз пикири менен кылынган иштерде тапкан да жоготкон да зыянга кирет. Себеби, ал адам бул ишти динге ылайык баштаган жок. Согушту баштатуу жеңил, бирок, токтотуу кыйын. Каерде, кантип токтой тургандыгы белгисиз. Бир күнү бир уруу башчысы Пайгамбырыбызды зыярат кылып кайра кетип жатканда: "Йа, Расулаллах,
мага бир насыят айтыңыз!”,
- дегенде уруу башчысына бир гана:"Ачууланбагын!
”– деп буюрат. Ал болсо: "Жарайт”,
- дейт, бирок, мындай кыска насыятка таң калат. Айылына көздөй жол тартат. Айылга келгенде баары куралданганын көрсө болобу! "Эмне болуп кетти, тынчпы?” – деп сурайт. "Маңдайдагы айылдагы уруунун мал-жандыгына биздин жаштар зыян келтирип коюшуптур. Алар куралданып бул жерге келишет, биз дагы өзүбүздү коргоо үчүн куралданып жатабыз”, - дешет. "Демек бизге чабуул коймокчу болуп куралданышкан экен да”, - деп уруу башчы дагы дароо куралданат.
Дал ошол убакта эсине Расулуллахтын"
Ачууланбагын!
”деген насыяты келет. Дароо тообо кылып, куралын ыргытат дагы: "Мен тиги айылга барып алар менен көрүшөмүн”,
- дейт. Ага тоскоол болушканы менен ал айылга баруудан баш тарттыра алышпайт. Тигил айылга жакындаган кезде ал жердегилер карашат, куралы жок экендигин көргөн кезде кол тийгизбестен уруу башчысынын жанына алып келишет. Эки башчы өз ара сүйлөшүшөт.
Барган уруу башчы: "Биздин жаштар силердин мал-жандыктарыңарга зыян беришиптир.
Албетте, биздикилердин кылганы туура эмес. Эгер кабыл кылсаңыз бардык зыян-чыгымын өз малыман толуктайын”,
- дейт. Тигил уруу башчысы мындай кичи пейилдиктин каршысында өтө ыраазы болот: "Андай болсо мен дагы баарынан кечтим”, - дейт. Кан акпастан ынтымак орнойт.
#18 23 August 2015 - 17:31
Гыйбаттан (ушактан) алыс болуу Суфйаны Саври хазреттери айткандай; Эгер мен гыйбат кылсам эне-атамды гыйбат кылмакмын, жок дегенде алардын күнөөлөрүн өзүмө алмакмын. Аларга бир жакшылыгымдын тийүүсүн каалайт элем. Сен каяктагы бир ахлаксызды,
күнөөкөрдү гыйбат кылып жатасың, ал болсо күнөө кылып жатат, аны болсо сага жүктөп жатат, сенин соопторуң болсо ага кетүүдө, мунун кереги барбы? Бул соода болобу? Соодагер пайдалуу иш кылат. Сен болсо зыян тартуудасың.
Соопторуңду башкаларга берип, алардын күнөөлөрүн өзүңө жүктөп жатасың. Эмне үчүн? Напсиме жагып жатат деп. Андай болбойт. "Зыянга кирген адам ким?" - деп сурады Пайгамбарыбыз алейхиссалам.
Асхабы кирам ушунчалык адептүү болгондуктан:
"Аллахтын Расулу жакшы билет", - деп жооп беришти. Жада калса, бир күнү:"Бүгүн кайсы күн?"-деп суралганда жооп жок, б.а., Аллахтын Расулу жакшы билет. "Сен билбейсиң, биз сага үйрөтөлү"
дегендей болбосун деп айтышчу эмес экен. АДЕП! Зыян тарткан ким болду? "Аллахтын Расулу жакшы билет". Сүйүктүү Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат: "Акыретте көп ибадат, көп сооп менен келет, бирок, кимдир бирөөнү таарынткан,
кимдир бирин гыйбат кылган. Мындай адамдынсооптору ошол акы ээлерине берилет. Алардын күнөөлөрү болсо бул адамга жүктөлөт, ушундайча үмүт менен келип, Тозокко кетет. Ошондуктан,
ким гыйбат кылып жаткан болсо аны тыңдабагыла,
керек болсо аны мындан тыйып, "Антпе, дин бир тууганыңдын канча жакшылыгы бар, 2-3 кемчилигин айтуунун кажети барбы?", - деп насыят кылгыла. Албетте, эң чоң гыйбат - Асхабы кирамды гыйбат кылуу. Олуяларды гыйбат кылуу, бул дагы чоң күнөө, Аллах сактасын. Гыйбат кылганга "Токтот!
" деген адамга жүз шейиттин сообу берилет деп дин улуктары айтышат. Бул иши менен аны дагы, өзүн дагы чоң балээден куткарган болот. Себеби, гыйбат кылуу бир күнөө, аны тыңдоо эки күнөө. Себеби, сен тыңдабай турган болсоңал гыйбат сөз айтпайт. Карагыла, үй-бүлөлөр кандай бузулууда, жамияттар кандай бөлүнүүдө, элдер кандай бөлүнүүдө. Баары келип мына ушул ушак-айыңдан,
бөлүүчүлүктөн улам болууда. Гыйбатайыкпас дарт сыяктуу. Аллаху таала өзүбүздү дагы отко таштоодон, башкаларды дагы жамандыкка түртүүдөн сактасын... (Даанышман заттар)
#19 23 August 2015 - 17:32
Өзүнүкүн бербестиктин,
талашып-тартышуунун зыяны Хакты, туура нерсени түшүндүрүү ниети менен болсо дагы башкаларды жеңүү үчүн кылынган тартышуулар зыяндуу. Кимде бул тартышуудан жеңип чыгуу арзуусу хак нерсени каршысында турган адамдын оозунан угуудан дагы жакшы сезилсе бардык жамандыктын ичине кирген болуп саналат. Талашып-тартышуудан утуп чыксам деген калоо калган жамандыктарга себеп болот. Имам Газали «куддиса сиррух»: «Бир гана атак-даңк үчүн алек болгон адам тартышууну жактырат. Атак-даңк болсо - апаат», - деген. Тартышуу достун достугун азайтат, душмандын душмандыгын көбөйтөт. Салих момун текебердүү болбойт, айбаттуу, оор басырыктуу болот, дүнүйө иштеринде жеңилдик көрсөтөт. Дин иштеринде бекем болот. Эч талашып-тартышпайт!
Жаман менен тартышпа, сени таарынтат, Жакшы менен тартышпа, сага таарынат. Энес бин Малик хазреттери айткан: «Биз бир күнү дин тууралуу тартышып жатканда Расулуллах алейхиссалам жаныбызга келди. Бизге ушундай ачууланды, эч мындай көргөн эмес элек. Ошондо буюрду: «Тартышууну таштагыла!
Силерден мурдагылар дал ушундан курушту. Тартышуунун пайдасы жок, тартышуу зыяндуу. Момун тартышпайт.
Тартышканга шафаат кылбайм.»[Таберани] Өзүнүкү туура болуп турса дагы тартышуудан баш тартуу сооптуу. Тартышуу достордун ортосундагы бири-бирине болгон сүйүүнү кетирет. Тартышуу – бул каршыңда турган адамды жахил деп эсептеп, сен билбейсиң, мен билем деген сөз. Жахилдик менен күнөөлөнгөн ар адам аздыр-көптүр ачууланат. Хадис-и шарифте:«Аллаху таала эң көп душмандык кылган кул – тартышуудан алдыга кеткен кул»,- деп айтылган. Тартышуу достордун азайуусуна,
жек көрүүчүлүккө себеп болот. Хасан-ы Басри хазреттери айткан: «Миң кишинин достугуна бир кишинин душмандыгын сатып алба!» Тартышуу – өзүн акыл жана илимде үстөмдүгүн далилдөөгө аракет кылуу. Ал каршыда турган адамды сабатсыз деп эсептегендик болот, бул болсо душмандык. Хадиси шарифте айтылды: «Тартышпаган,
эч кимди таарынтпаган Жаннатка кирет.»[Тирмизи] «Сүйлөп жатканда каршы чыкпаганга же өзүнүкү туура болсо да тартышуудан баш тартканка Жаннатта бир сарай берилет.»[Таберани] «Өзүнүкү туура болсо да тартышуудан баш тартпаган адам нагыз ыйманга ээ боло албайт.)[Ибни Эбиддунйа] "Күрөшүүдө көшөргөн адамды Аллаху таала сүйбөйт .»[Бухари] "Фитнасына ишенич болбогон күрөшүүдөн баш тарткыла.»[Таберани] Төрт топтогу адам бар Билим жагынан адамдар төрт топко бөлүнөт: 1-Билгендигин билген, 2-Билгендигин билбеген, 3-Билбегендигин билген, 4-Билбегендигин билбеген. Билгендигин билген:Мындай адамдар жакшы адамдар.Ишенимдүү адамдар.Эр жүрөк, батымдуу, бир канча иште ийгиликтүү болот. Бир адам «Компьютер баш болуп бардык техникаларды иштете алам, себеби, муну да мен сыяктуу адам жасаган» деп өзүнө ишене алгандыктан аткара алууда. Билгендигин билбеген:Мындай адамдар бираз түртмөлөөгө муктаж.Тартынчаак.
«Мен бул ишти кылалбайм» деп коркот. Ал айтат: «Мен компьютерди түшүнбөйм, ал мага сүйлөбөй». «Отур, бир сынап көр. Мунун билим менен, маданият менен катышы жок. Бираз гана батымдуулук жетет», - деп түркү кылынса кийин эркин колдонуп кетүүсү мүмкүн. Билбегендигин билген:Мындай адамдар өз чегин билет. Ар нерсеге колун тыга бербейт. Өз иши менен алек болот. Мындай адамдар ар качан мактоого арзыйт. Билбегендигин билбеген:Мындай адамдар өзүнө да, коомго да зыян алып келет. Билбейт, бул аз келгенсип билбегендигин да билбейт. Ар нерсеге колун тыгат. Ошентип, колу дагы ыпластан кутула албайт. Мамиле куруу жагынан адамдар төрткө бөлүнөт: 1-Коёндун кыгы сыяктуулар.
2- Азык зат сыяктуулар.
3- Дары сыяктуулар.
4-Оору сыяктуулар.
Коёндун кыгы сыяктуу:Жыттанбайт,
жукпайт. Эч кимге зыяны да, пайдасы да тийбейт. Бары-жогу билинбеген адамдар. Азык зат сыяктуулар:
Ар ким ар качан ага муктаж. Мындай адамдарды издеп табуу керек, тапкандан кийин да жоготуп албоо үчүн аракет кылуу керек. Дары сыяктуулар:
Бир гана муктаж болгон кезде ишке жарайт. Мындай адамдарды дагы өткөрүп албоо керек. Оору сыяктуулар:
Мындай адамдарга эч муктаждык болбойт. Бирок, алар өздөрү келип башкаларга жабышат, жугат. Булардан кутулуу үчүн мудара кылуу керек. (Б.а., душмандыкка себеп болбой тургандай ымала кылуу керек).
#20 23 August 2015 - 17:34
Адам ар айткан сөзүн билүүсү керек, бирок, ар билгенин сүйлөй бербөөсү керек *Тасаффувта кылган кызматтарды өзүмөн деп билген киши «кыянат» деп аталат. *Бардык нерсе сөз тыңдаганга берилет, бардык нерсе бул бардык нерсенин ичинде бар. *Акылыңды таштап кутул, моюн сунуп бакыт тап. *Адамга дөөлөт бир нече жолу келет. Анын кадырын билүүсү керек! *Фитна, бүлүк, ушак чыгаргандар бир күнөө кылууда. Аны угуп тургандар эки күнөө кылууда. Бир – уккандыгы үчүн, эки - тыйбагандыгы үчүн. «Басыл» деп токтоткон адамга шейит сообу берилет. Бир мунафык бир аскер ордосун бузат. * Башта Исламиятка толук баш ийген бир башчы бар болсо, ага толук баш ийилсе, бардык адамдар аны сүйүшкөн болсо колунда куру кылыч болсо дагы жеңишке ийгиликке жетет. *Ишти адисине бериш керек. Адисине бербеген жоопкер болот. Адиси эмес адамга берилсе дагы жоопкер болот. *Башчы ушундай болуш керек, бардык адамдар «Башчыбыз мени баарынан жакшы көрөт» деп айта алуулары керек. *Эң чоң душманыңа эң чоң белегиңди бер. *Ар жакшы ишти баштоодо бисмиллах айтуу керек. *Түрдүү, лаззаттуу тамактар жана таттуу, муздак шербеттер менен денеңеди ырахат кармагыла. *Айбан жибинен, адам сөзүнөн кармалат. *Киши ар айткан сөзүн билүүсү керек, бирок, ар билгенин сүйлөй бербөөсү керек. *Дартың барбы, истигфар айт, шифаа табасың. Кандайдыр арзууң барбы, ага жеткиң келеби, истигфар айт. Кедейсиңби,
истигфар айт, зыянынан кутуласың. Байсыңбы, истигфар айт, шүгүр кылган болосуң. Аллаху таала:«Истигфар кылган адамдын жардамына жетишем»,- деп буюрууда. *Эки зыйнат адамдын көркүн ачат: Карапайымдык,
уяттуулук жана адеп. *Адамдарга рахмат айтпаган адам Аллаху таалага шүгүр кыла албайт. *Жакшы көрүнгөн нерседе жамандык, жаман көрүнгөн нерседе жакшылык болуусу мүмкүн. *Ким Аллах үчүн болсо Аллаху таала дагы ал үчүн. *Шүгүр - бул колдогу ниматтарды орду ордунда колдонуу. Мисалы, көз ниматынын шүгүрүн өтөө үчүн Аллаху таала кара дегендерди караш керек, караба делген жерге каралбайт. *Жахилдер менен достук куруудан сактан. Исламиятты дурус билбеген, аны орундабаган адам олуялык жолго кирүүгө белсенсе мунун ыйманын шайтан уурдайт. Өзүндө кереметке окшогон кандайдыр бир абалдар көрүнгөнү менен бул шайтандын оюну.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео