Саламатсыздарбы китеп суучулору.Сиздерге жаны чыгарма,Бекказы Элебесовдун калемине таандык "Турмуштан жаралган чоку"аттуу чыгармасы назарыныздарда.
P&S Нуржамал эже,сизден сураган элем туурабы,ошону эми кочуром.
Турмуштан жаралган чоку Бекказы Элебесов
#2 23 August 2015 - 12:38
«Турмуштан жаралган чоку»
автобиографиялык романы Бекказы Элебесовдун алгачкы чыгармасы. Автордун бул биринчи китебинде анын турмушка болгон көз карашы, жашоого калыптанышы, кубанычы, турмуш бийиктигине чыгууда кандай тоскоолдуктар болбосун аны жеңгени таасын сүрөттөлүп чагылдырылган. Китеп жалпы окурмандарга, айрыкча жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн табылгыс окуу куралы. Мында адамдык сапат, ар-намыс, жаман менен жакшы, коомчулуктун байлыгын жеп-ичкендер туурасында, китептин каарманынын жашоодогу кубанычы, жетишкендиктери, негизгиси жерибиздин жаратылышынын кооздугу китептин каарманынын көз карашы аркылуу жөнөкөй тил менен ачык жазылган
СӨЗ БАШЫ
Чилде чыкканы менен кыштын кекери кайтпай дагы эле суук болчу. Таңкы шамал терезеден дуулдаган дабыш чыгарып жатты. Ага аралаш жем издеген чымчыктар дын үнү да угулат. Уйку соонун ортосунда жаткан элем. Ойгонуп көзүмдү ачып чыканагымды таянып турайын деп тыштагы сууктун дабышынан ичиркенип, жылуу төшөктөн тургум келбей кайра жатып алдым. Үйдүн ичи тынч болуп, үйдөгүлөрдүн баары уктап жатышкан. Түнү бою ар кандай санаага батып, уктай албай чыккам. Таңга маал көзүм илинип уктап кетиптирмин. Салмактанып көңүлүм ачылбай, көздөрүм ачышып, «кайра бир азга уктай турсамбы» деп көзүмдү жуумп, уктоого аракет кылсам да, ар кайсы санаа биринен сала бири келип, жата берүүдөн тажап кийине баштасам колуктум Толкун ойгонуп бетимден өөп:-Майрамың кут болсун-деди. -Рахмат- деп көңүлүм бир азга көтөрүлө түштү.Ооба, бүгүн 23-февраль Советтик Армиянын күнү эмес беле. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин деле мурунтан калган адат боюнча эркектердин майрамы катары майрамдалып келе жатат. Биздин дабышыбызды угуп балдарым келип, бетимден өөп, майрамымды куттуктап жатышты. Мен үй-бүлөөмө канчалык көңүлдүү болуп көрүнөйүн десем да, көңүлүм жакшы ачылбай турду. Бир чети түндө уктай албай чыккандыктанбы дене боюм шалдырап, бирөө жанчып салгандай. Башым ооруп, түндөтөн бери тынч алдырбаган санаа дагы эле оюмдан кетпей бассам-турсам да мээмди эзип жатты. Ар кандай ойлор биринен сала бири келип, аларга ичимден жооп берип, кээ бирөөлөрүнө жооп таба албай кыйналып жаттым. Өзүмчө сүйлөнүп: «Карап тургула! Көрө жатаарбыз кимдин ким экенин, мейли мени азырынча жаман атты кылып, элге-журтка жаман көрсөтүп, моокумуңар канганча мазактай бергиле. Силердин ким экениңерди, ак жерден күйгүзгөнүңөрдү элге айтаар кез келээр, шашпагыла! «ак ийилет сынбайт». Ошондо ак экенимди далилдеп, элдин алдында бетиңерге көө жаппасам элеби»-дейм. Ушул учурда кайдандыр: «сен кантип ак экениңди далилдейсиң, сени ким угат, жакында эле жегич, ичкич аталып эки күн түрмөгө жатып чыксаң» деген экинчи бир суроо пайда боло калат. Анда тек гана: «чын эле кантип мен ак болчумун»-дегенсийм. Эгер биринчи эле жолугуп айткан адамым тышынан «ооба сеники чын экен десе да», ичинен «карасаң акчыланып жатканын «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп баары бир ишенбейт да. Анын үстүнө менин душмандарым элди алдап, карапайым элдин ишенимдерине кирип алышкан. Алардын байлыгы десе байлыгы, бийлиги десе бийликтери бар. Бир нерсени бүтүрөйүн десе үйлөрүндө олтуруп, телефон менен сүйлөшүп чечип коюшат, же машина менен зып этип кыдыра салышат. А мен жөө кимге барып, эмне айтам, айткан менен ким ишенет. Алар кандай сүйлөсө да эл ишенет, себеби башынан угуп, көнүп калышкан. Анын үстүнө алар элдин алдында сүйлөп жүрүшүп, кандай айтса эл угаарын билишет, бири-бирин колдошот, биринен-бири өткөн чечен, мен жалгыз бир нерсе дейин десем, ит талагандай ар кайсы жагымдан чыгып кагып коюшат. Алар эбактан мындайга көнүп бүтүшкөн. Аны көргөн көпчүлүк эл толук кептин маңызына маани берип олтурушпай эле, «көпчүлүк айтып жатпайбы» деп тигилерге ооп кетип жалгыз калам да. Андай убакта бирөө жарымы менин сөзүмдүн туура экенин түшүнсө да, ачык элдин көзүнчө тигилерден коркконунан болуша алышпайт. «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» дегендей болуп, «сен туура айттың, сеники чын» демиш болушат. Анда мен кандай кылышым керек? Тим эле калып, көр оокатым менен алек болуп жүрө берсемби? Жок андай кылууга болбойт, жаман атты болгон тейинче кантип калам. Жакында эле айылдын эли кезексиз жамааттын экинчи курултайын өткөрүп, акимге чейин барышып, айыл өкмөтүн түшүрүп, мени айыл өкмөтү коюбуз дешкенде, акимдин облуска чейин барганычы. Ошондо ал облустук кеңештин төрагасы Турдубаев Жолоочуга «өзүңүздүн айылдаштарыңыздын курултайына катышып, элди тынчытып бериңиз» деп суранганычы. Курултайга Жолоочу Турдубаевич катышып, Үсөнакун экөөбүздү эпке келтирип, техсервистин карамагына бакты берип, бийликти бөлүштүрүп кетпеди беле. Жолоочу аба мага: «Үсөнакундун айыл өкмөтү деген аты болбосо, сенин бийлигиң аныкынан аз эмес. Мени уят кылбай ынтымакта иштешкиле» дебеди беле. Мен ал кишини сыйлап, элди тыйып, тынч иштеп калдым эле го. Эми эмне кылышым керек? Тынч жатып алганда болбойт го? Мага ишенген адамдар болгондон кийин, клубка элди чогултуп, чогулуш ачып, болгонун айтып берсемби? Бирок артымдан ОБХСтин тергөөчүлөрү жүргөнүн элдер көрүп жатышпайбы. «Булар артынан бекер түшпөйт эле, жеп, ичип алганы чын го» деп аларды көргөндөр ишениши мүмкүн да.Ал тургай жакын эле тууганым Жамыш аба кичинекей кызым жандарында ойноп жатса: «ой бул элдин айтымында баарын эле жеп алган го, таманы жерге тийчүдөй эмес» десе, кошунам Кадыш аба: «мунун иши чатак экен, соттолуп кетет го» дешип, кызымды таанымаксан болуп сүйлөшүп жатышканын кызым айтып келген. Булар минтип айтып жатышкандан кийин калган элдер өз билгендерин айтып жатышса керек. Мен чогулушта чыгып алып, «мени чоңдор ак жерден каралап жатышат, мунун баарына өзүлөрү күнөөлү»-десем алар укмак беле. Тескерисинче «карасаң муну жакында эле өзү чоң болуп жүрүп, чоңдорду жамандаганды эмне кылат экен, жеп соттолгону жатканын билбейби» дешпейби. «Анда эмне кылуум керек?» деген түгөнбөгөн суроо-жооптор кыйнап жатты.Ошентип өз оюм менен алектенип жатканымда үйдөгүлөр дасторкон даярдашып, чайга чакырып калышты. Үй-бүлөөнүн салты боюнча майрам күнү дасторконго үйдө болгон жакшы тамактарды жайнатышып, майрамга чоң маани берер элек. Анын үстүнө менин ыза болуп жүргөнүмдү сезишип, эки-үч күндөн бери даярданышып жатышкан. Мен дасторконго олтурарым менен колдорунан келген белектерин тапшырып жатышты. Мен да үй-бүлөөмдүн майрамдык маанайын бузбоого тырышып, жайдары болууга аракет кылып, жакшы сөздөрүмдү айтып, белектерин кабыл алып, жакшы маанайда ар кандай сөздөрдү сүйлөшүп, күндө айтылуучу «баланча тергөөчү чакыртыптыр, түкүнчө жерден повестка келиптир, эл минтип атыптыр» деген сөздөрдөн качып, бири-бирибизди капа кылбоого аракет кылып жаттык.Мен жумуштан бошоп, сотко ишим өткөндөн бери үйдөн кайгы капа кетпей жалаң эле жаманчылык жөнүндө сөз жүрүп калган. Чай ичилип бүткөндөн кийин тышка чыксам, күн аркан бою көтөрүлүп, сууктун күчү кайтып, жылымык тартып, үйдүн үстүндөгү карлар эрип, майда тамчылар акырындан таамп жатыптыр. Көңүлүм бир азга тынчыгандай болуп, короо жайды карап, огород жака бара жатсам башым тегеренип, көңүлүм караңгылап, жер көчүп бара жаткандай болду. Жыгылганы баратканда келме келтирип акырын олтура баштадым. Толкун артымда турган экен чуркап келип колумдан тартып:-Эмне болуп кетти?-деп безилдеп жиберди.-Коё турчу бир аз эс алайын-дегенге араң жарадым.Бир убакта чекемден тер чыга берип, башым тегеренгени басаңдап өзүмө келе баштадым. Толкун:-Ай-ий өңүң жана аябай кубарып кеткен. Эми араң кызыл чуркай баштады, өзүңдү карасаң боло. Балдарың, бир туугандарың маңдайыңда аман-эсен турушпайбы, эмне мынча кайгырасың, күнөөң болбогондон кийин баары ордуна келет-деп ыйлап жиберди. Мен да өзүмдү алаксытып: «эмнеге мынча кайгырам, бир балакет болуп кетсем балдарымдын күнү эмне болот, жаманатты артымда калса, балдарым элдин бетин кантип карайт» деп өзүмө өзүм кайрат айтып, ичимден чымыркандым. Эс алгандан кийин туруп ары-бери басып баш аягымды жыйнап алып үйгө кирдим. Канчалык ойлонбоюн десем да, кайрадан бучкактап жабышып алган ойлор коё бербеди. Ооба өлүм деген бат эле турбайбы, эгер азыр өлүп кетсем ичимдеги сырларым айтылбай арманда кетпейт белем. Өзүмдүн ким экенимди элге далилдешим керек дегенде эле «кантип?» деген суроо пайда болду. Ошондо: «айтып далилдей албасам жазып далилдейм»–дегенсийм. Газетагабы? Аны ким басып чыгарып, ким уруксаат берет деген суроо берилди. Анда «китеп жазам» дейм. «Китепти кантип жазасың, мурун, кийин жазып жүрбөсөң. Аны жазыш сен ойлогондой оңой эмес» дейт кайдандыр келген ой. Буга макул болуп: «чын эле кантип жазам, оңой болсо элдин баары эле жазуучу болуп кетпейт беле, анын үстүнө окурмандарды кантип кызыктырам. Азыркы элди эмне жазсаң да кызыктыра албайсың, же мен чоң мамлекеттик масштабдагы жетекчи болбосом, же бир инженер-ойлоп табуучу болбосом, менин жөнөкөй турмушума ким кызыгат, китеп жазганым болбойт го» дегиче Толкун кирип;-Дагы ойлонуп жатасыңбы, өзүңдү аясаң боло-дегенде, мен:-Билесиңби Толкун, китеп жазып, кимдин ким экенин элге түшүндүрөм! -деп жибергенимди өзүм билбей калдым. Ичимден бул айткан сөзүмө өкүнүп «кап, бекер айтып жибердим, эми кантип жазам» дегенче Толкун:-Туура, сенин жазарыңа ишенем, ыр жазган адам кара сөз менен дагы жаза алат-деп ишенимдүү айта салды.Толкун чыгып кеткенден кийин ручка, кагазымды алып эмнеден баштаарымды ойлондум. Баардык эле жазайын дегендеримдин ылайыгы келбей, бир топко кыйналдым. Ал тургай өкүнүп «эмне үчүн китеп жазам» деп айтып жибердим деп өзүмдү жемелегенге да үлгүрдүм. Кеч болуп калгандыгын: «атаңар китеп жазмай болду» деп Толкун тышка чыгаары менен балдарыма айтып салгандан кийин сездим. «Эми жазуудан башка арга калбай калды» деп кайрадан ойлоно баштадым. Мен өзүмдүн жашоомдо болгон чындыкты, эс тарткандан берки турмуш менен болгон күрөшүмдү жазышым керек. Карапайым турмушум менен эч кимди таң калтырып, жаңылык киргизе албасам да, карапайым адамдын образы аркылуу кара өзгөйлүктү, кылмыштуулукту, терс көрүнүштөрдү ашкерелеп, турмуш менен тайманбастан күрөшүп, өзүмдүн душмандарымдын чыныгы жүзүн көрсөтүп, чындыкты бетке айтып, адилеттүүлүк, калыстык үчүн күрөшүүнү адамдарга колумдан келишинче жазып көрсөтүүм керек. Бул китеп жалпы эле окурмандарга өз таасирин тийгизип, турмуштагы терс көрүнүштөрдү жеңүүгө салымын кошот деген ойдо болдум.Көрсө бул турмуш дегениң адегенде эркелетип алдап-соолап, жакшы нерселерге алаксытып, өзүнө акырындап сүнгүтүп киргизип, андан кийин чытырман токойдой белгисиз жерге алып келип, арылап аралагандан кийин адаштырып, анан ушул миңдеген жолдордун арасынан, өзүңдүн күчүңө жараша алыска баруучу жолуңду тандап алып, өзүңдүн турмушуңдун чокусуна чыгып көр-деп таштап кете берет тура. Андан кийин ар ким өз бактысына жараша тандап алган жолу менен учу-кыйры жок турмуштун алды жагы көрүнгүс жолуна түшүп, улам бийиктеп, турмуштун чокусуна жетүүгө далбас уруп, күч кубатын, өмүрүн, ден соолугун, турмушта алган тажрыйбасын, билимин, акыл-сезимин, кайратын, ар намыс, адебин, болгон адамдык сапаттарын жумшап, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша бийиктиги болгон чокуга чыгып, жашоодо из калтырат тура. Мен ошондуктан жашап өткөн турмушумдагы жеке өзүмө таандык чокума чыгуу үчүн жазылуучу китебимди «Турмуштан жаралган чоку» деп атадым. Турмуштан жаралган чоку канча бийик болгондугун аныкташ үчүн окурмандардын таразасына койом.
автобиографиялык романы Бекказы Элебесовдун алгачкы чыгармасы. Автордун бул биринчи китебинде анын турмушка болгон көз карашы, жашоого калыптанышы, кубанычы, турмуш бийиктигине чыгууда кандай тоскоолдуктар болбосун аны жеңгени таасын сүрөттөлүп чагылдырылган. Китеп жалпы окурмандарга, айрыкча жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн табылгыс окуу куралы. Мында адамдык сапат, ар-намыс, жаман менен жакшы, коомчулуктун байлыгын жеп-ичкендер туурасында, китептин каарманынын жашоодогу кубанычы, жетишкендиктери, негизгиси жерибиздин жаратылышынын кооздугу китептин каарманынын көз карашы аркылуу жөнөкөй тил менен ачык жазылган
СӨЗ БАШЫ
Чилде чыкканы менен кыштын кекери кайтпай дагы эле суук болчу. Таңкы шамал терезеден дуулдаган дабыш чыгарып жатты. Ага аралаш жем издеген чымчыктар дын үнү да угулат. Уйку соонун ортосунда жаткан элем. Ойгонуп көзүмдү ачып чыканагымды таянып турайын деп тыштагы сууктун дабышынан ичиркенип, жылуу төшөктөн тургум келбей кайра жатып алдым. Үйдүн ичи тынч болуп, үйдөгүлөрдүн баары уктап жатышкан. Түнү бою ар кандай санаага батып, уктай албай чыккам. Таңга маал көзүм илинип уктап кетиптирмин. Салмактанып көңүлүм ачылбай, көздөрүм ачышып, «кайра бир азга уктай турсамбы» деп көзүмдү жуумп, уктоого аракет кылсам да, ар кайсы санаа биринен сала бири келип, жата берүүдөн тажап кийине баштасам колуктум Толкун ойгонуп бетимден өөп:-Майрамың кут болсун-деди. -Рахмат- деп көңүлүм бир азга көтөрүлө түштү.Ооба, бүгүн 23-февраль Советтик Армиянын күнү эмес беле. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин деле мурунтан калган адат боюнча эркектердин майрамы катары майрамдалып келе жатат. Биздин дабышыбызды угуп балдарым келип, бетимден өөп, майрамымды куттуктап жатышты. Мен үй-бүлөөмө канчалык көңүлдүү болуп көрүнөйүн десем да, көңүлүм жакшы ачылбай турду. Бир чети түндө уктай албай чыккандыктанбы дене боюм шалдырап, бирөө жанчып салгандай. Башым ооруп, түндөтөн бери тынч алдырбаган санаа дагы эле оюмдан кетпей бассам-турсам да мээмди эзип жатты. Ар кандай ойлор биринен сала бири келип, аларга ичимден жооп берип, кээ бирөөлөрүнө жооп таба албай кыйналып жаттым. Өзүмчө сүйлөнүп: «Карап тургула! Көрө жатаарбыз кимдин ким экенин, мейли мени азырынча жаман атты кылып, элге-журтка жаман көрсөтүп, моокумуңар канганча мазактай бергиле. Силердин ким экениңерди, ак жерден күйгүзгөнүңөрдү элге айтаар кез келээр, шашпагыла! «ак ийилет сынбайт». Ошондо ак экенимди далилдеп, элдин алдында бетиңерге көө жаппасам элеби»-дейм. Ушул учурда кайдандыр: «сен кантип ак экениңди далилдейсиң, сени ким угат, жакында эле жегич, ичкич аталып эки күн түрмөгө жатып чыксаң» деген экинчи бир суроо пайда боло калат. Анда тек гана: «чын эле кантип мен ак болчумун»-дегенсийм. Эгер биринчи эле жолугуп айткан адамым тышынан «ооба сеники чын экен десе да», ичинен «карасаң акчыланып жатканын «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп баары бир ишенбейт да. Анын үстүнө менин душмандарым элди алдап, карапайым элдин ишенимдерине кирип алышкан. Алардын байлыгы десе байлыгы, бийлиги десе бийликтери бар. Бир нерсени бүтүрөйүн десе үйлөрүндө олтуруп, телефон менен сүйлөшүп чечип коюшат, же машина менен зып этип кыдыра салышат. А мен жөө кимге барып, эмне айтам, айткан менен ким ишенет. Алар кандай сүйлөсө да эл ишенет, себеби башынан угуп, көнүп калышкан. Анын үстүнө алар элдин алдында сүйлөп жүрүшүп, кандай айтса эл угаарын билишет, бири-бирин колдошот, биринен-бири өткөн чечен, мен жалгыз бир нерсе дейин десем, ит талагандай ар кайсы жагымдан чыгып кагып коюшат. Алар эбактан мындайга көнүп бүтүшкөн. Аны көргөн көпчүлүк эл толук кептин маңызына маани берип олтурушпай эле, «көпчүлүк айтып жатпайбы» деп тигилерге ооп кетип жалгыз калам да. Андай убакта бирөө жарымы менин сөзүмдүн туура экенин түшүнсө да, ачык элдин көзүнчө тигилерден коркконунан болуша алышпайт. «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» дегендей болуп, «сен туура айттың, сеники чын» демиш болушат. Анда мен кандай кылышым керек? Тим эле калып, көр оокатым менен алек болуп жүрө берсемби? Жок андай кылууга болбойт, жаман атты болгон тейинче кантип калам. Жакында эле айылдын эли кезексиз жамааттын экинчи курултайын өткөрүп, акимге чейин барышып, айыл өкмөтүн түшүрүп, мени айыл өкмөтү коюбуз дешкенде, акимдин облуска чейин барганычы. Ошондо ал облустук кеңештин төрагасы Турдубаев Жолоочуга «өзүңүздүн айылдаштарыңыздын курултайына катышып, элди тынчытып бериңиз» деп суранганычы. Курултайга Жолоочу Турдубаевич катышып, Үсөнакун экөөбүздү эпке келтирип, техсервистин карамагына бакты берип, бийликти бөлүштүрүп кетпеди беле. Жолоочу аба мага: «Үсөнакундун айыл өкмөтү деген аты болбосо, сенин бийлигиң аныкынан аз эмес. Мени уят кылбай ынтымакта иштешкиле» дебеди беле. Мен ал кишини сыйлап, элди тыйып, тынч иштеп калдым эле го. Эми эмне кылышым керек? Тынч жатып алганда болбойт го? Мага ишенген адамдар болгондон кийин, клубка элди чогултуп, чогулуш ачып, болгонун айтып берсемби? Бирок артымдан ОБХСтин тергөөчүлөрү жүргөнүн элдер көрүп жатышпайбы. «Булар артынан бекер түшпөйт эле, жеп, ичип алганы чын го» деп аларды көргөндөр ишениши мүмкүн да.Ал тургай жакын эле тууганым Жамыш аба кичинекей кызым жандарында ойноп жатса: «ой бул элдин айтымында баарын эле жеп алган го, таманы жерге тийчүдөй эмес» десе, кошунам Кадыш аба: «мунун иши чатак экен, соттолуп кетет го» дешип, кызымды таанымаксан болуп сүйлөшүп жатышканын кызым айтып келген. Булар минтип айтып жатышкандан кийин калган элдер өз билгендерин айтып жатышса керек. Мен чогулушта чыгып алып, «мени чоңдор ак жерден каралап жатышат, мунун баарына өзүлөрү күнөөлү»-десем алар укмак беле. Тескерисинче «карасаң муну жакында эле өзү чоң болуп жүрүп, чоңдорду жамандаганды эмне кылат экен, жеп соттолгону жатканын билбейби» дешпейби. «Анда эмне кылуум керек?» деген түгөнбөгөн суроо-жооптор кыйнап жатты.Ошентип өз оюм менен алектенип жатканымда үйдөгүлөр дасторкон даярдашып, чайга чакырып калышты. Үй-бүлөөнүн салты боюнча майрам күнү дасторконго үйдө болгон жакшы тамактарды жайнатышып, майрамга чоң маани берер элек. Анын үстүнө менин ыза болуп жүргөнүмдү сезишип, эки-үч күндөн бери даярданышып жатышкан. Мен дасторконго олтурарым менен колдорунан келген белектерин тапшырып жатышты. Мен да үй-бүлөөмдүн майрамдык маанайын бузбоого тырышып, жайдары болууга аракет кылып, жакшы сөздөрүмдү айтып, белектерин кабыл алып, жакшы маанайда ар кандай сөздөрдү сүйлөшүп, күндө айтылуучу «баланча тергөөчү чакыртыптыр, түкүнчө жерден повестка келиптир, эл минтип атыптыр» деген сөздөрдөн качып, бири-бирибизди капа кылбоого аракет кылып жаттык.Мен жумуштан бошоп, сотко ишим өткөндөн бери үйдөн кайгы капа кетпей жалаң эле жаманчылык жөнүндө сөз жүрүп калган. Чай ичилип бүткөндөн кийин тышка чыксам, күн аркан бою көтөрүлүп, сууктун күчү кайтып, жылымык тартып, үйдүн үстүндөгү карлар эрип, майда тамчылар акырындан таамп жатыптыр. Көңүлүм бир азга тынчыгандай болуп, короо жайды карап, огород жака бара жатсам башым тегеренип, көңүлүм караңгылап, жер көчүп бара жаткандай болду. Жыгылганы баратканда келме келтирип акырын олтура баштадым. Толкун артымда турган экен чуркап келип колумдан тартып:-Эмне болуп кетти?-деп безилдеп жиберди.-Коё турчу бир аз эс алайын-дегенге араң жарадым.Бир убакта чекемден тер чыга берип, башым тегеренгени басаңдап өзүмө келе баштадым. Толкун:-Ай-ий өңүң жана аябай кубарып кеткен. Эми араң кызыл чуркай баштады, өзүңдү карасаң боло. Балдарың, бир туугандарың маңдайыңда аман-эсен турушпайбы, эмне мынча кайгырасың, күнөөң болбогондон кийин баары ордуна келет-деп ыйлап жиберди. Мен да өзүмдү алаксытып: «эмнеге мынча кайгырам, бир балакет болуп кетсем балдарымдын күнү эмне болот, жаманатты артымда калса, балдарым элдин бетин кантип карайт» деп өзүмө өзүм кайрат айтып, ичимден чымыркандым. Эс алгандан кийин туруп ары-бери басып баш аягымды жыйнап алып үйгө кирдим. Канчалык ойлонбоюн десем да, кайрадан бучкактап жабышып алган ойлор коё бербеди. Ооба өлүм деген бат эле турбайбы, эгер азыр өлүп кетсем ичимдеги сырларым айтылбай арманда кетпейт белем. Өзүмдүн ким экенимди элге далилдешим керек дегенде эле «кантип?» деген суроо пайда болду. Ошондо: «айтып далилдей албасам жазып далилдейм»–дегенсийм. Газетагабы? Аны ким басып чыгарып, ким уруксаат берет деген суроо берилди. Анда «китеп жазам» дейм. «Китепти кантип жазасың, мурун, кийин жазып жүрбөсөң. Аны жазыш сен ойлогондой оңой эмес» дейт кайдандыр келген ой. Буга макул болуп: «чын эле кантип жазам, оңой болсо элдин баары эле жазуучу болуп кетпейт беле, анын үстүнө окурмандарды кантип кызыктырам. Азыркы элди эмне жазсаң да кызыктыра албайсың, же мен чоң мамлекеттик масштабдагы жетекчи болбосом, же бир инженер-ойлоп табуучу болбосом, менин жөнөкөй турмушума ким кызыгат, китеп жазганым болбойт го» дегиче Толкун кирип;-Дагы ойлонуп жатасыңбы, өзүңдү аясаң боло-дегенде, мен:-Билесиңби Толкун, китеп жазып, кимдин ким экенин элге түшүндүрөм! -деп жибергенимди өзүм билбей калдым. Ичимден бул айткан сөзүмө өкүнүп «кап, бекер айтып жибердим, эми кантип жазам» дегенче Толкун:-Туура, сенин жазарыңа ишенем, ыр жазган адам кара сөз менен дагы жаза алат-деп ишенимдүү айта салды.Толкун чыгып кеткенден кийин ручка, кагазымды алып эмнеден баштаарымды ойлондум. Баардык эле жазайын дегендеримдин ылайыгы келбей, бир топко кыйналдым. Ал тургай өкүнүп «эмне үчүн китеп жазам» деп айтып жибердим деп өзүмдү жемелегенге да үлгүрдүм. Кеч болуп калгандыгын: «атаңар китеп жазмай болду» деп Толкун тышка чыгаары менен балдарыма айтып салгандан кийин сездим. «Эми жазуудан башка арга калбай калды» деп кайрадан ойлоно баштадым. Мен өзүмдүн жашоомдо болгон чындыкты, эс тарткандан берки турмуш менен болгон күрөшүмдү жазышым керек. Карапайым турмушум менен эч кимди таң калтырып, жаңылык киргизе албасам да, карапайым адамдын образы аркылуу кара өзгөйлүктү, кылмыштуулукту, терс көрүнүштөрдү ашкерелеп, турмуш менен тайманбастан күрөшүп, өзүмдүн душмандарымдын чыныгы жүзүн көрсөтүп, чындыкты бетке айтып, адилеттүүлүк, калыстык үчүн күрөшүүнү адамдарга колумдан келишинче жазып көрсөтүүм керек. Бул китеп жалпы эле окурмандарга өз таасирин тийгизип, турмуштагы терс көрүнүштөрдү жеңүүгө салымын кошот деген ойдо болдум.Көрсө бул турмуш дегениң адегенде эркелетип алдап-соолап, жакшы нерселерге алаксытып, өзүнө акырындап сүнгүтүп киргизип, андан кийин чытырман токойдой белгисиз жерге алып келип, арылап аралагандан кийин адаштырып, анан ушул миңдеген жолдордун арасынан, өзүңдүн күчүңө жараша алыска баруучу жолуңду тандап алып, өзүңдүн турмушуңдун чокусуна чыгып көр-деп таштап кете берет тура. Андан кийин ар ким өз бактысына жараша тандап алган жолу менен учу-кыйры жок турмуштун алды жагы көрүнгүс жолуна түшүп, улам бийиктеп, турмуштун чокусуна жетүүгө далбас уруп, күч кубатын, өмүрүн, ден соолугун, турмушта алган тажрыйбасын, билимин, акыл-сезимин, кайратын, ар намыс, адебин, болгон адамдык сапаттарын жумшап, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша бийиктиги болгон чокуга чыгып, жашоодо из калтырат тура. Мен ошондуктан жашап өткөн турмушумдагы жеке өзүмө таандык чокума чыгуу үчүн жазылуучу китебимди «Турмуштан жаралган чоку» деп атадым. Турмуштан жаралган чоку канча бийик болгондугун аныкташ үчүн окурмандардын таразасына койом.
#3 23 August 2015 - 12:39
Алгачкы кадам
Таң атканына бир топ болгону менен күн чыгарына али көп убакыт бар эле. Жайлоодогу жайдын түнкү эркин соккон жели төшөктөн жаңы туруп, тышка чыкканымда мени менен учурашкансып кулак мурдумдан чымчылап тыз-тыз эттирет. Жайлоодо чатырда жатканда эмнегедир уйку эрте канып, сууган аттай чыйралып калган экенмин. Жакадагы там үйдө жатканда мынчалык эрте ойгонбой, уйкум да канбай, эжелерим: «тур окууңдан кечигесиң»- дешип, үч ирет келишип, жулкулдатышып жатып араң ойготушар эле.Эми минтип эч кимге ойготтурбай өзүм эрте турганга бир чети кубансам, бир чети көңүлүм көтөрүңкү болуп тегеректи кызыгып кароодомун. Анын үстүнө кечээ эле жакадан биринчи классты бүтүрүп, каникулга тараганда жайлоого бардым. Ата-энем элдин менчик коюн багып ушул жайлоого биринчи эле жылы келишкен. Аларга жардам бергени агам, эжемдер менен келгендиктен, жайлоодон кызыгым бир топко тарачудай эмес. Айлана-чөйрөнүн кооздугу, жыпар жыттанган тоонун таза абасы кандай адам болбосун өзүнө тартаарын, ал кезде кайдан билиптирмин. «Миң уккандан бир көргөн», дегендей мурда көп эле жолу жайлоо жөнүндө угуп жүрсөм да, алгачкы жолу эле көрүп жаткан элем. Ошондо жайлоонун кереметтүү кооздугу мени аябай таң калтырганы күнү бүгүнкүдөй эсимде калыптыр. Чын эле жайлоо дегениң абдан кооз тура, деп балалык тунук сезимим менен ошондо алгачкы жолу суктанган элем. Ал кезде кайдан билдим алдыда турмуштун эчендеген катаал жолдоруна алгачкы кадамдарымды шилтеп жатканымды. Ошол кез 1964-жылдын июнь айынын башы эле. Атам Сагаалы 36 жаштардагы узун бойлуу, кара тору, толугунан келген мүнөзү токтоо киши болчу. Энем Жүзүмкан атамдан эки жаш улуу, толугунан келген, ак саргыл, орто бойлуу, мүнөзү ачык айрым, жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон, күйүкчөөл жан эле. Ал кезде сегиз бир тууган элек, кийинчерээк бир инилүү болдум. Улуу эжем Жамалбүбү 1950-жылы төрөлгөн, экинчи эжем Бөдөнө, ал кийинчерээк атынан уялып Вера деп котортуп алган. Баарыбыздын ортобуз эки жаштан. Андан кийин өзүмдөн эки жаш улуу агам Конокказы, анан мен, менден кийин эгиз карындаштарым Алиман менен Калиман, андан кийин Жаңылкан, кыздардын кичүүсү Света. Ошондо мен жайлоонун суктанарлык сулуулугуна кызыгып жатсам, артымдан чыккан агам Конокказынын үнү оюмдан алагды кылды.- Абам аттарды алып келгиле дейт, жүрү кеттик-деп жүгөндөрдү кармап турган экен. Ал кезде биз атабызды аба, энебизди жеңе дээр элек. Анын себеби чоң атам Элебестин көзү өткөндөн кийин чоң энем Сейдеканга бүт бийлик өтүп балдарына кадыр-барктуу болуп, али карылыкка өтө моюн суна элек, кайратуу киши эле. Ал киши биз менен чогуу турбаса да анда - санда келип, кетип турчу. Сейдекан чоң энем атамдын иниси Садырбай абамдыкында жашоочу. Биздикине келип калганда чөнтөгүнөн таттуу өксүчү эмес, же ошол таттуусуна карачубузбу, же коркконубузданбы адегенде «тууган эне» дечүбүз. Анда да жарытпай кабагын чытып, «мен силерди туубай эле турам» дегенде, жагалданып эне дегенге өткөнбүз. Ошондон кийин кабагы ачылып, сөзүбүздү кайра алганыбызга, эне дегенибизге маашыр болгондой чөнтөгүнөн момпосуйун алып чыгып берип, эркелетип калаар эле. Ошентип, менден өйдөкүлөрүбүздүн баары эне дегенге көнүп кеткенбиз, ал эми ата-энебизди аба, жеңе деп калганыбыз ошондон болсо керек. Менден кийинкилери болсо ата-эне дешер эле. Кичине узаарыбыз менен агам Конокказыга: - Аттарды кайдан издерибизди сурап алдыңбы?-десем. - Ооба сурадым,- деп алдыга түшүп жөнөдү. Короодогу койлордун алды бирин-серин туруп, көпчүлүгү дале жатышкан. Биз короонун чети менен кыялай маңдайдагы кырды көздөй өр талаша басып жөнөдүк. Койлор жөтөлүп, мекиренип, кээ бирлери маарашып, адашып калган козуларын издеп, калган койлорго тынчтык беришпей ойготушууда, ал аз келгенсип адашкан козулар маараган энелерине чуркап баратып, уктап жаткандарын тебелеп дүбүрөшүүдө. Биз жогорулап бир аз көтөрүлгөндө эле, кой-эчкилердин жарымынан көбү турууга үлгүрүшкөн, барган сайын кой, эчкилердин, козу, улактардын маарашканы көбөйүп, ызы-чууга толо баштады. Алардын табышынан тегеректеги жан-жаныбарлар да ойгоно баштаган сыяктуу, ар түркүн канаттуу куштардын сайраганы, иттердин үргөнү, суурлардын канкуштаганы коштоп, өзүнчө эле оркестр музыка ойноп жаткандай болуп, ага жаратылыштын сулуулугу кошулуп, өзүнчө эле бир сыйкырдуу дүйнөдө жүргөндөй болдум.Биз жаңыдан кырга чыкканда тээ алыскы ак карлуу, бийик мөңгүлүү чокунун учунан күндүн нуру жаңыдан баш багып чачырай баштады, барган сайын көлөкөлөр улам ылдыйлап, өсүмдүктөр, жаныбарлар тынчсызданып, күндүн нурун күтүшкөнсүйт. Биз чыккан кырды «Жалгыз карагайдын кыры» дешер эле, ошол бизден ылдыйкы коктунун боорунда жападан жалгыз карагай өсчү. Азыр бизге ал карагай даана көрүнүп турду. Ушул кыр тегеректеги эң бийик эки чокуну бириктирип турчу, бул чокулар бири түндүк жагында, бири түштүк жагында жайгашкан. Ал чокудан тегеректин баары даана көрүнчү. Булар тегерегиндеги тоолордун ата-энесиндей болуп бийиктиги менен айырмаланып, өзүлөрүнөн кеткен кырлар аркылуу баардык тоолорду бириктирип туруучу.Кыр менен жүрүп отуруп түштүк жагындагы чокуга чыктык. Чыныгы кооздукту ошондо ошол жерден көргөндөй болдум. Көрсө ылдый жактан жердин кооздугуна жөн эле суктанган экенмин. Кооздук деп мына ушуну айт, бирөө адегенде жаңылып кетпес үчүн сүрөткө тартып алып кийин этияттап ирети менен атайлап жасаган сыяктуу. Ал кезде жайлоолордун аттарын да мал жанга, жаныбарларга окшоштуруп коюшар эле. Ошол көз алдымда турган ажайып кооздук асманга алып учуп калкытып жүргөндөй болду. Тээ өйдө жакта кербендин төөлөрүндөй созулуп жаткан ак мөңгүлүү аска-тоолор, бери жагында карагай баскан жашыл тоолор, чыгыш жагында кең жууку ичи өйүз-бүйүзү менен көрүнүп, ортосунда чоң көк кашка суу ийри-буйру болуп сойлоп бараткан ажыдарга окшоп көлдү көздөй агып жатат. Батыш жагында тегереги тоолор менен курчалган «Чычканбашы» жайлоосу, түндүк жагында тоолордун арасында көпкөк болгон Ысыккөл чалкып жатат.Бир топко жалдырап туруп калсам керек. Чокудан ылдый түшө баштаган агамдын :-Баспайсыңбы, эмне турасың?!. -деген сөзүнөн улам эсимди жыйнап ээрчип ылдый көздөй басууга мажбур болдум. Ылдыйлап отуруп кайкыга түшүп, анан кыя жол менен андан ары жөнөдүк.Кийин билсем ошол кайкыны «Батманын кайкысы» деп, ал эми бараткан кыя жолду «Чапкан кыя» дешет экен. Ошол «Чапкан кыя» аркылуу «Четбулак» жайлоосунун кайкысына чыгат экен. Кайкыга чыкканда агам:-Мына «Четбулак» жайлоосу-деди. Жайлоонун кайкысынан күнгөй-тескейи менен жанакы көргөн Жууку суусу, анын аркы өйүзүндөгү Саруу айылынын жайыттары көрүнүп турду. Ал жерде да кызыл-тазыл гүлдөр жайнап, узарып өскөн чөптүн баштары жел аргыга ыргалып, тескей бетиндеги бадалдуу токойлор түркүн түскө бөлөнүп өзүм төрөлгөн жер ушундай кооз экен го деп сыймыктандым. Атам менен энемдин мурда Четбулактан төрөлгөнсүң деп айтышканы эсиме түштү. Айта кетчү нерсе кырк жылдан кийин ушул өзүм төрөлгөн «Четбулак» жайлоосуна көчүп барып, үй-бүлөм менен жашарымды кайдан билдим.Биз издеген аттарды алыс эмес эле жерден таптык, аттар бул жерге бекеринен келишбептир. Чөптөрдүн узундугунан бирде башыбыз көрүнсө, бирде көрүнбөй калып жатты. Кызыл-тазыл ар түркүн гүлдөр, ышкын, согон, арча, токойдогу ар түркүн бадал өсүмдүктөрүнүн кооздугун айтпа, жыпар жыттары көңүлүңдү сергитет. Бизди жүдөткөн андагы чөптөрдүн узундугу көрүнүп турган аттарга жеткенче бир топ убара кылып, чөптөгү шүүдүрүмдөр белибизге чейин кийимдерибизди суу кылды. Аттарга жете келгенде жеп жаткан чөбүнөн баштарын көтөрүп, кулактарын тикчийтип, силер кимсиңер дегендей чочуркай карашты. Алар экөө эле, бири чоң тартайган жээрде кашка, экинчиси жапалдаш бойлуу тору ат. Бир аз тиктешкенден кийин көнө түшүшкөндүктөнбү же кекиртектеринин кыстоосунанбы кайра эңкейип оттой башташты. Агам мени;-Сен бул жерден тоз!- деп коюп, акырын жүгөндү алып жээрде кашканы көздөй басып, жанына барганда күндө минилип чакар болгон ат качууга аракет кыла баштады. Дыр-дыр деп эки жактан тозмолоп чуркап эптеп жээрде кашканы кармадык. Андан кийин кача албасына көзү жеттиби тору ат бат эле карматты. Чапандарыбызды чечип, алдыларыбызга салып, жайдак мине албай бир азга убараланып жатып миндик. Малчынын үй- бүлөсүндө туулуп, мурда атка жайдак минип көнгөндүктөн кечикпей эрте барып, малды жайытка чыгаруу үчүн ыкчамдай бастырып келген жолубузга түштүк. Мурда мындай бийик тоолордо бастырып көрбөсөк да ата-энебиз жакада колхоздун койлорун багып турганда аттарды минип алып «Коңур» деген майда тоолуу адырларга далай жолу кой кайтарган элек. Ошондуктан бара-бара аттар менен жарышып, жалгыз карагайдагы конушубузга бат эле жете келдик. Кийин ал жер Сагаалынын конушу аталып калды. Али короого күндүн нуру чачырай элек болсо да атам тынчсызданып бизди күтө албай, малды жаңыдан короодон айдап чыгыптыр. Кырдан жаңыдан эңкейген бизди көрүп, ыраазы болуп, үйдөгү кемпирине:-Ээ, кемпир, карачы, балдарың аттарды таап келе жатышат, кол узарат деген ушул экен го- дегенде, кемпири чатырдан чыгып;-Оо, алдыңа кетейиндерим быйыл кичине чоңойойун деп калышкан тура,-деген үндөрү бизге чейин угулду. Анан акырын бастырышса боло, жыгылышпагай эле деген кошумчалаган үндөрү угулду. Биз үйгө жете келгенде кубанычтары коюндарына батпай, күлүп жайнашып аттарды кайдан таап, кандай келгенибизден өйдө сурап калышты. Биз тең жарышып көргөн билгендерибизди айтып бердик. Үйгө кирсек энебиз берерге тамагын таппай, сактаган тамак-ашын дасторконго койду. Биз тамактанып чыкканча атабыз аттарды токуп коюптур. Бизге койлорду кайда жайарды айтып берди. Мурда кой кайтарып жүргүндүктөн бат эле түшүндүк. Аңгыча энебиз түшкү азыгыбызды алып чыгып берди. Атыбызды минип жаңы эле узап бара жатышкан койлордун артынан жөнөдүк.Июн айы жаңы эле башталып, чөптөр коюу болуп, койлор тоюшарына көздөрү жеткендиктенби, тогонок тарткандай жай баракат араң буттарын шилтеп анда-санда чөптүн башын бир тиштеп жайылууда. Ал эми эчкилер болсо кээде гана оттобосо улам алдыга жанталашып коктуда өскөн бадалдардын биринен сала бирине чуркап барып жалбырактарын тиштеп, жулуп алып жатышты. Жайылып жүргөн койлордун арасында суурлар да чочуркабай оттоп жүрүшөт. Капысынан кырдан чыга келген бизди көрүп, эки буттарын көтөрүп тура калышып, бизди таңыркап карап калышып, биз жакындаганда каңкуштап ийиндерине кире качып жатышты. Бир убакта жанымда келе жаткан агама:-Койлор болсо жакшы жайылууда, жүрү эми тиги чокуга чыгып көрөлү?-дедим. Агамдын да чыккысы келип турса керек, токтолбостон макул болду.Биз кыялай бастырып чокуга чыгып бардык. Ал түндүк жактагы экинчи чоку болчу. Бул чокудан көлдүн тегереги бүт көрүнөт экен. Көлдүн аркы жээгинде бул жактагыдай эле асман тиреген ак мөңгүлүү, аска-зоолор, бери жагы карагай баскан тоолор, анын бери жагы майда тоолуу адырлар, андан бери көлдүн жээгинде ар кайсы жерде айылдар. Ортодо Ысыккөл чалкып жатат. Көлдүн берки жээгинен өз айылыбыз Дархандын бир чети көрүнүп турду. Андан бери адырлуу майда тоолор, биз чыгып турган тоолор, анан ак мөңгүлүү аска-зоолор көлдүн тегерегин атайын окшоштуруп курчап койгондой. Мен бул чокудан да дагы эле кызыгым тарабай айлана-чөйрөнү суктануу менен көпкө карап турдум.Анан жаңы эле аттанып чыккан үйүбүз көрүнүп тургандыктан чатырдын тегерегинде басып жүрүшкөн ата-энебизди, эже-карындаштарыбызды да карап жаттык. Тигинде кийиздин үстүндө атам кыздары менен чакмак ойноп жатышат, улуу эжем менен энем көрүнбөйт, чатырда каймак тартып жатышса керек. Чатыр жакын эле жерде болгондуктан кыйкырып сүйлөшүүгө болоор эле. Чокунун чыгыш жагында «Батма» деген чоң кокту, аркы бетинде биздикиндей чатыр турган, кечинде кимдин чатыры экенин атамдан сурасам, атам бул чатырда биздей эле №1 бригаданын менчик коюн баккан Жасүкөй деген киши турарын айтты. Биз №2 бригаданын менчик койлорун бакчубуз. Алар менен катышкандан кийин Жасүкөй атам курактуу жапалдаш бойлуу, баскан турганы тың, арыкчырай, сөздү кези келгенде сүйлөй билген сары киши, аялы Бакен кара тору, узун бойлуу, арыкчырай, ачык-айрым отуздар чамасындагы аял экен. Алардын бир кыз, бир уулу бар болчу. Кызы мени менен окуган Нуржамал, уулу Жасун, менден бир жаш кичүү болчу. Чатырды кечке карап эч кимди көрө албадым. Мен Нуржамалдын ата-энеси биздей кой багарын мурда укканмын, бирок ушул чатыр Нуржамалдыкы экенин билбептирмин. Чокунун батыш жагында биздин үйүбүз, андан ары узун кырдын түшө калышында «Чычканбашы» жайлоосу, ал жайлоонун ортосу менен да чоң суу агып өткөнү көрүнүп турду. Ошол суудан флягилерди атка жүктөп суу алып, малды сугарарыбызды кийин билдим. Бул чокуну «Чычканбашы» жайлоосу менен ал кырдан башка дагы эки кыр коктулары бириктирет экен. Бул чоң коктулардын боорунда топ бадалдар көрүнүп турду. Кийинчерээк буларды нечен жолу аралап согон, ышкын, кызыл-мияз, карагаттарды терчүбүз. Түштүк жагын карасам эртең менен чыккан бийик чоку аттарга бараткан жерди көргөзбөй тосуп алган чокунун капталынан ак мөңгүлүү тоолор бери жагындагы карагай баскан бийик тоолор көрүнүп турду.Ошентип бул алгачкы күнү балалык күндөрүм өткөн «Жалгызкарагай» жайлоосунун тегерегиндеги жер суулар менен үстүртөдөн таанышып, жерге, сууга, жаратылыштын кооздугуна, сулуулугуна болгон алгачкы кызыгуум, суктануум, сүйүүм пайда болду.Айылдан бул жайлоого чейин эки жарым, үч сааттык жол эле. Кийин атам жумуштап айылга кеткенде эчен жолу көздөрүбүз кызарганча ушул чокудан жол карар элек. Ушунча алыс болсо да, айылдан чыккан атчан кишинин карааны бери төш таянгандан баштап көрүнүп турчу.Чокунун көл жак бетинде жайылып жүргөн койлорду карасам бары жайбаракат жайылып жүрүшөт. Агам Конокказы атын тушап коюп, калдыркан көпөлөк кармап жүргөн экен. Мен дагы аны туурап атымды тушап салып, көпөлөк кармоого кириштим. Көпөлөк кармоонун кызуусунда жүрүп эртең мененки энебиз салып берген азыктарды жегенди да унутуп калыптырбыз. Чокудагы түрдүү калдыркан көпөлөктөрдүн көптүгүн, кооздугун айтпа, тим эле биринен-бири кооз. Бирин кармасак улам коозурагы учуп келип көздү кызыктырат. Адегенде шапкелерибиз менен кармай баштаганбыз, андан кийин калдыркан көпөлөктөрдү кууп жүрүп, ысып тердегенде чечинип отуруп белибизден өйдө дырдай жылаңач калдык. Анткенибизге болбой жаактарыбыздан ылдый куюлган тер салаа-салаа болуп моюндарыбыздан ылдый куюлуп шымыбызга кирип жатты. Экөөбүз улам бири-бирибизге мактанып ,-Көрдүңбү, мен кандайын кармаптырмын - десем, агам:-Сеникинен да коозурагын кармадым-деди. Атаандашып чуркап жөнөдүк. Биз ал убакта чарчоону да , койлорду, аттарды да ал тургай ушул чокуда эмне үчүн жүргөнүбүздү да эстерибизден чыгарып коюптурбуз. Бир гана биздин оюбузда канткенде көпөлөк калдыркандын коозурагын көп кармап атаандашын утуш болгон. Көрсө балалык кез ушунусу менен кызык тура.Күн бешим болуп, аба салкын тарта баштаган кезде көпөлөк калдыркандар да суюла баштады. Кой, эчкилер да бириндеп жайылып чачыла баштаптыр. Аттарыбыз болсо ылдыйлап кетиптир, ушул маалда эстерибизге келип кийимдерибизди чала-була кийинип аттарды көздөй чуркадык. Аттарды минип алып койлорду чогултууга кириштик. Аңгыча күн кечтеп, койлорду корону көздөй жайганда курсактарыбыздын ачканын ошондо гана сезип, ат үстүнөн чала-була тамактандык. Ошентип ал күндүн кантип кеч киргенин билбей калдык. Кечинде койлорду короого жайып барганда үйдөгүлөр чоң жумуш бүтүрүп келгенсип, берерге тамагын таппай, кубанып тосуп алышты. Агам экөөбүз аябай чарчагандыктан тамактарыбызды ичерибиз менен көшүлүп уйкуга кеттик. Эртең менен уйкудан эрте ойгонуп башымды өйдө көтөрсөм, эже-карындаштарым уктап жатышкан экен. Ата-энемдин, агамдын төшөктөрү бош турат. Тигилер чатырдын тышында кобурашып, сүйлөшүп жаткандарын угуп, кийимдеримди чала-була кийине салып, тышка чыксам атам койлорду аралап жүрүптүр, энем менен агам сүйлөшүп турушкан экен. Энем мени көрө салып эт жүрөгү элжирей жалынып жалбарып кирди. Анан кантмекчи, кечээ агасы менен кой кайтарып, атасынын түйшүгүн жеңилдетип, ага карабай бүгүн да эрте турса, энеге мындан артык кубаныч барбы, кичинекей баласы аракет кылып жатса.-Ой, алдыңа кетейиним, жакшы уктадыңбы, кел чочоңдон жыттатып койчу-деп алаканын жайып мени көздөй жүткүндү.Мен уялып жер тиктеп тежиктендим. -Бул эмнеси мурда сураганда чуркап келип жыттатчу эмес белең, тил албаган эмнеси,-деп таарына түшкөндөй бир саамга кайра ойлоно калды да, күлкүсү чыгып,-ии балакетиңди алайын быйыл окууга барганга чоңоё түшкөн тура,-деп, кайрадан-келе кой кекиртегиңди жыттатып койчу- дегенде, ушунусун күткөнсүп энеме чуркап барып, моюнуна асылып, кекиртегимди тостум. Мына ушул ирмем кандай керемет. Эне баланын, бала эненин жытын жыттоо, бул жыттар эненин да, баланын да өмүр бою мурундарынан кеткис касиеттүү жыттар эле, ошол кезде алар ушуну этибарга алышкан жок, тек гана жыттарга жана эң жакын адамынын денеси кучактарына толгонго моокумдары канышкан. Ары жактан сүйлөгөн атамдын үнү бизди бул ыракаттан алыстатты, биз үн чыккан жерге карадык:-Эй Бекказы кайрадан энеңдин эмчегин эмесиңби, эми сен окууга кирип, чоң жигит болбодуңбу, уялбайсыңбы? !-дедиАнда энем мени бооруна ого бетер кысып;-Эмизсе эмне экен, эмем десе эле эмизем-деп ыракаттана сүйлөдү.Балким ошо кезде энемдин эмчеги ийип менин чоңое түшкөнүмө карабай сүт толо түшкөндүр.-Бол эми сен энеңдин эмчегин эмгиче күн түш болуп кетет, аттарды алып келгиле, койлорду жайытка эртерээк чыгаралы-деди. Аңгыча агам жүгөндөрдү алып кечээки жолуна түштү, мен анын артынан ээрчип жөнөдүм. Биз бул сапар аттарга бат эле жеткендей болдук. Аттар кечээки жерде оттоп жүрүшкөн экен. Бул аттардын да өздөрүнө таандык кулк мүнөзү, өзгөчөлүктүрү бар экенин мен кийинчерээк түшүндүм. Бул чоң жээрде кашка атты Куркук дечүбүз, анткен себебибиз бою чоң, бүкүр, жайдыр-кыштыр кыркайып жонундагы кыр сөөктөрү чыгып турчу, беш-алты асыйга чыгып толуп турган убагы болсо да желмек турсун бат басчу эмес. Далайды көрүп тажанып, жедеп кашаң болуп калган өңдүү бир калыпта араң басчу. Айрыкча мен мингенде канчалык теминип, кагынып сабасам да, тоотуп койчу эмес. Мунун жакшы сапаты абдан жоош болуп канчалык оор жүк жүктөсөң да көтөрүп, үстүндөгү жүк калдырап-шалдыраса да үркүү оюнда жок кете берүүчү. Бою өтө бийик болгондуктан үзөнгүгө бутум жетпей, минерде жетелеп алып чоң таш издеп, же кемер арык издеп, кээде бир эки саат убараланчумун. Айрыкча түз жерлерге туш келгенде, өзүм жалгыз болгондо аттан түшкөндөн коркчумун. Ошон үчүн мен Куркукту мингенден дайыма каччумун. Экинчи атты Бопойтору деп атачубуз, кээде жөн эле Кербышты деп койчубуз. Мунун жашы быштыдан жаңы эле асыйга караган. Бою жапыз, өзү элпек эле, жаман жери кыялы чатак болчу, кичине эле куурайдын башы кыймылдаса, жалт берип үркүп кетүүчү. Ошон үчүн буга жүк жүктөлүүчү эмес. Мен мунун боюнун жапыздыгына, элпектигине карап минчүмүн.Экөөбүз аттарыбызды кармап минип алып, кужулдашып сүйлөшүп үйүбүзгө кайра жол тарттык. Агам менден эки жаш улуу мүнөзү токтоо, кытмыр, узун бойлуу, арыкчырай эле. Көпчүлүк учурда ойноп жатып чыр чыкканда күнөөнүн баары мен жака ооп таяк жеп, тилди көбүрөөк укчумун. Урушту көбүнчө агам баштап коюп, ата-энем, эжелерим кийлигишкенде унчукпай калып, өлмөсөктөп мурдун шор-шор тартып жер тиктеп калар эле. Агамдан эки жаш кичүү болсом да уруша кеткенде жеңдирчү эмесмин, толмочуман келип көздөрүм ойноктоп, тентек болчумун.Мүнөзүм ачык-айрым, боорукер, ак көңүл, өзгөчө мактап койсо, өлөр тирилеримди билбей дардактап кетер элем, айрыкча жанымда жүргөн кишини көрүнгөн суроону берип жатып тажатаар элем, өзүм да калпты-чынды койгулатып жанымда жүргөн кишини эриктирбей, бат эле ич-койнуна кирип, жамакташтырып, оюмдан чыгарып көрүнгөндү айтып күлдүрчүмүн. Үйгө келген чоң кишилер аттан түшө элек жатканда эле, Бекказы үйдөбү деп сурашып, мен салам айтып тышка чыккканда чоң кишилерден бетер эмне жаңылыгың бар дешип ар кайсыны сүйлөтүп эрмек кылышчу. Мүнөзүм көбүнчө энеме окшоп кетүүчү ачык-айрым, тырышчаактыгым, элпектигим, жароокерлигим, бирөө бир жака жумшаса кантип барам, кантип алып келем дегенди билбей чуркап кетер элем. Малды да жакшы таанып, жакшы кармачумун, жакадан кой-козуларын алып кетүү үчүн келген кишилердин малын табышып, кармап берип узатуу менин милдетим эле. Өзгөчө мактап койсо болду, ал киши мага дос, эмнени айтса аткарууга даяр элем. Сын айткан кишини жактырчу эмесмин. Көбүнчө чоң кишилерди жакшы көрүп. Өзүм да ошолордой болуп, бат эле чоңойуп кетсем деп самачумун. Алым жетпесе да бир нерсени жасоого тырышып аракеттенчүмүн, ата-энем же бир туугандарым жөнүндө жаман сөз уксам, аларга болушуп чаң жугузбай актап, ошол айткан кишини жаман көрүп кектеп калар элем. Ал тургай короодогу итибиз, койлор, уйлар, жаман көрүп жүргөн Куркук да жакшы көрүнчү. Аларды да мактап койсо ошол киши мага жакшы сезилип колумда болгонун аячу эмесмин. Башка курбалдаштарымдан намыскөйлүгүм, чыйрактыгым менен айырмаланып турар элем. Биринчи классты да жалаң «5» деген баалар менен окуп бүткөмүн. Кокусунан «4» алып калсам аны бешке жоймоюн, мугалимдин кулагынын кужурун алып, анын жанын койчу эмесмин.Айылдагы чоң балдар көчөдөгү майда балдарды бул менин жигитим дешип экиге бөлүнүп алып күрөштүрүшкөндө мени алууга аракет кылышчу. Себеби мага мактоо жарашып, өзүм менен күрөшкө чыккан балдарды бир-эки жаш улуу-кичүүсүнө карабай жыгарымды билишсе керек. Алым жетпесе да сүрөөн күчтүү болсо тырмышып жатып жыгар элем, атаандашым жыгылып кутулмайынча кайра-кайра ит жыгылыш болуп атып, кээде көк шибердин үстүндөгү баткак сууну, кой, иттердин богуна да баштарыбыз малынып калган күндөрүбүз болгон. Ал тургай бир баланын колун сындырып алгам.Биз аттарды алып келгенде атам бизди утурлай басып: -Бүгүн ырас эрте келдиңер, койлорду сууга айдайлы, тамагыңарды ичип чыккыла, мен силер менен чогуу барып койлорду кандай айдап барып, кайдан сугарарыңарды көрсөтүп, флягилерге да суу ала келели- деди.Агам экөөбүз тамак ичип тышка чыкканда аттар токулуп даяр экен, суу алып келүү үчүн эки флягини Куркукка артып коюптур, койлор менен эки уйубузду чогуу айдап Короочу деген итибизди эрчитип, Чычканбашыны көздөй жөнөп калдык. Атам Бопойторуну минип Куркукту жетелеп баратты. Агам экөөбүз жөө уй, койлорду айдап алдык. Капталдап кыя жол менен жүрүп отуруп, кырга чыга бергенде эле жалгыз карагай алдыбыздан даана көрүндү. Бул карагай жөнүндө мурда буларды уккан элем- «бул мазар, мунун ээси кызыл элик, анда-санда гана адамдарга көрүнөт»-деп, оюмда ошол кызыл эликти көрсөм деп бараттым. Аңгыча атамдын:-Койлорду чогуу айдагыла, алдыдагы топ бадалга кирсе көлөкөлөп чыкпай коет-, деген сөзүнөн улам агам экөөбүз эки жагынан ит менен айдатып, койлорду чогулта баштадык. Биз койлорду жаңы айдап чыккан кырдын тескей бетинде, ар түркүн чөптөр менен гүлдөр өсүп, кулпунуп, көркүнө чыгып турган. Алдыдагы атам айткан топ бадалда шилби, табылгы, ит мурун, четин, бөрү карагат, чыны карагат жана башка өсүмдүктөр өсүп, түнт токойго айланып, жанынан өтүп бараткан бизге сырдуу, коркунучтуу көрүндү. Ары жагындагы коктунун башы биздин үйдүн тушунан кичинекей болуп башталганы менен улам ылдыйлаган сайын чоңойуп, жарлар пайда болуп, топ бадалдын тушунан ого бетер коркунучтуудай көрүнүп сүрдүү эле. Бул жерден өткөндөн кийин, күн чакыйып тийип, улам ысып бараткандыктан суусаган койлор чууруп, бат эле жалгыз карагайга жете келишти.Мен жалгыз карагайдын жанына келип, муну эмне үчүн жалгыз карагай дешет, бул экөө турбайбы, эмне үчүн тээ алыста мөңгүнүн бери жагындагы карагайлардан бөлүнүп жалгыз өсүп калышкан, эмне үчүн суунун жээгине өспөй какыраган таш кумдун үстүнө кырга өскөн, буларды ким өстүрдү болду экен, булардын ээси кызыл элик кайда жүрөт болду экен, ал кандай болду экен?- деген түгөнбөгөн суроолор башымды чаташтырды. Эгер айдап бараткан койлор узап кетпегенде дагы канча суроолор пайда болоорун ким билсин. Узап бараткан койлорду көрүп аркасынан чуркадым, койлор сала-салаа болуп чууруп алды, Чычканбашынынын түзүнө түшө башташты. Түзгө түшкөндөн кийин сууга чейин үч жүз метрдей аралык бар эле. Суунун эки жагы жүз метр жерге чейин саздак келүүчү.Ары жагы Чычкан айылынын жайлоолору. Бирок суунун аркы жээгинде да Дархан айылынын жерлери бар болчу. Жер саздак келип, чөп узун өскөндүктөн айылдан эл келип, чөп чаап жыйнашчу. Уй фермалар да ушул жайлоонун баш жагына көчүп келишип, тигилген чатырлардын көптүгүнөн өзүнчө айыл сыяктуу көрүнчү. Элдин көптүгүнөн жайлоо жайкысын бака-шака болуп турар эле. Койлор сууга келип ичишкен соң, саздын чөбүнө жайылып жатышты. Биз дагы сууга жете келип суусундарыбыз канганча ичип, колу-беттерибизди жууп, сергий түштүк. Биз агам экөөбүз суунун тунуктугуна түбүндөгү майда таштардын кооздугуна кызыгып, улам бир жерди карап, таштан-ташка секирип ойной баштадык. Мен бул суудан жакадагы сууга караганда көп өзгөчөлүктүрдү байкадым. Мөлтүрөгөн тунук суу таштан-ташка катуу урунуп, ак көбүктөнүп, негедир шаңдуу үндөр угулгандай, түбүндөгү майда таштары атайын жараштырып боёгондой түркүн түстө, анан суу канчалык тунук болсо да суунун түбүндөгү майда таштардан кумуна чейин даана көрүнгөнүчү, ичсе даамдуулугун айтпа. Абайлап карасаң майда балыктардын тобу менен сүзүп жүргөнүчү, тим эле кечке жүрсөң да кызыгың тарачудай эмес. Койлор бир топ жайылып саздын чөбүнөн кызыктары тарады окшойт, саздан чыгып жалгыз карагайды көздөй баштана башташты. Аларды көрүп атам бизге кайрылып:-Конокказы койлорду жалгыз карагайдын тээтиги коктусуна коюп, келген жол менен үйгө бар, башын тоспой эле кой. Кандай барышты өзүлөрү билет, аягына сак бол бөлүнүп калбасын, коктуга киргизериң менен эле кете бер- деди, мага кайрылып:-Сен мени менен Муканбет абышканыкына барасың, андан кийин экөөбүз флягиге суу толтуруп алып үйгө кетебиз-деп, артына учкаштырып Куркукту жетелеп, Муканбет абышканыкын көздөй бастырганда күн түш болуп калган. Муканбет ата биз менен аталаш тууган болчу. Карга акенин Чоңмурун деген уулунан тараганбыз.
Таң атканына бир топ болгону менен күн чыгарына али көп убакыт бар эле. Жайлоодогу жайдын түнкү эркин соккон жели төшөктөн жаңы туруп, тышка чыкканымда мени менен учурашкансып кулак мурдумдан чымчылап тыз-тыз эттирет. Жайлоодо чатырда жатканда эмнегедир уйку эрте канып, сууган аттай чыйралып калган экенмин. Жакадагы там үйдө жатканда мынчалык эрте ойгонбой, уйкум да канбай, эжелерим: «тур окууңдан кечигесиң»- дешип, үч ирет келишип, жулкулдатышып жатып араң ойготушар эле.Эми минтип эч кимге ойготтурбай өзүм эрте турганга бир чети кубансам, бир чети көңүлүм көтөрүңкү болуп тегеректи кызыгып кароодомун. Анын үстүнө кечээ эле жакадан биринчи классты бүтүрүп, каникулга тараганда жайлоого бардым. Ата-энем элдин менчик коюн багып ушул жайлоого биринчи эле жылы келишкен. Аларга жардам бергени агам, эжемдер менен келгендиктен, жайлоодон кызыгым бир топко тарачудай эмес. Айлана-чөйрөнүн кооздугу, жыпар жыттанган тоонун таза абасы кандай адам болбосун өзүнө тартаарын, ал кезде кайдан билиптирмин. «Миң уккандан бир көргөн», дегендей мурда көп эле жолу жайлоо жөнүндө угуп жүрсөм да, алгачкы жолу эле көрүп жаткан элем. Ошондо жайлоонун кереметтүү кооздугу мени аябай таң калтырганы күнү бүгүнкүдөй эсимде калыптыр. Чын эле жайлоо дегениң абдан кооз тура, деп балалык тунук сезимим менен ошондо алгачкы жолу суктанган элем. Ал кезде кайдан билдим алдыда турмуштун эчендеген катаал жолдоруна алгачкы кадамдарымды шилтеп жатканымды. Ошол кез 1964-жылдын июнь айынын башы эле. Атам Сагаалы 36 жаштардагы узун бойлуу, кара тору, толугунан келген мүнөзү токтоо киши болчу. Энем Жүзүмкан атамдан эки жаш улуу, толугунан келген, ак саргыл, орто бойлуу, мүнөзү ачык айрым, жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон, күйүкчөөл жан эле. Ал кезде сегиз бир тууган элек, кийинчерээк бир инилүү болдум. Улуу эжем Жамалбүбү 1950-жылы төрөлгөн, экинчи эжем Бөдөнө, ал кийинчерээк атынан уялып Вера деп котортуп алган. Баарыбыздын ортобуз эки жаштан. Андан кийин өзүмдөн эки жаш улуу агам Конокказы, анан мен, менден кийин эгиз карындаштарым Алиман менен Калиман, андан кийин Жаңылкан, кыздардын кичүүсү Света. Ошондо мен жайлоонун суктанарлык сулуулугуна кызыгып жатсам, артымдан чыккан агам Конокказынын үнү оюмдан алагды кылды.- Абам аттарды алып келгиле дейт, жүрү кеттик-деп жүгөндөрдү кармап турган экен. Ал кезде биз атабызды аба, энебизди жеңе дээр элек. Анын себеби чоң атам Элебестин көзү өткөндөн кийин чоң энем Сейдеканга бүт бийлик өтүп балдарына кадыр-барктуу болуп, али карылыкка өтө моюн суна элек, кайратуу киши эле. Ал киши биз менен чогуу турбаса да анда - санда келип, кетип турчу. Сейдекан чоң энем атамдын иниси Садырбай абамдыкында жашоочу. Биздикине келип калганда чөнтөгүнөн таттуу өксүчү эмес, же ошол таттуусуна карачубузбу, же коркконубузданбы адегенде «тууган эне» дечүбүз. Анда да жарытпай кабагын чытып, «мен силерди туубай эле турам» дегенде, жагалданып эне дегенге өткөнбүз. Ошондон кийин кабагы ачылып, сөзүбүздү кайра алганыбызга, эне дегенибизге маашыр болгондой чөнтөгүнөн момпосуйун алып чыгып берип, эркелетип калаар эле. Ошентип, менден өйдөкүлөрүбүздүн баары эне дегенге көнүп кеткенбиз, ал эми ата-энебизди аба, жеңе деп калганыбыз ошондон болсо керек. Менден кийинкилери болсо ата-эне дешер эле. Кичине узаарыбыз менен агам Конокказыга: - Аттарды кайдан издерибизди сурап алдыңбы?-десем. - Ооба сурадым,- деп алдыга түшүп жөнөдү. Короодогу койлордун алды бирин-серин туруп, көпчүлүгү дале жатышкан. Биз короонун чети менен кыялай маңдайдагы кырды көздөй өр талаша басып жөнөдүк. Койлор жөтөлүп, мекиренип, кээ бирлери маарашып, адашып калган козуларын издеп, калган койлорго тынчтык беришпей ойготушууда, ал аз келгенсип адашкан козулар маараган энелерине чуркап баратып, уктап жаткандарын тебелеп дүбүрөшүүдө. Биз жогорулап бир аз көтөрүлгөндө эле, кой-эчкилердин жарымынан көбү турууга үлгүрүшкөн, барган сайын кой, эчкилердин, козу, улактардын маарашканы көбөйүп, ызы-чууга толо баштады. Алардын табышынан тегеректеги жан-жаныбарлар да ойгоно баштаган сыяктуу, ар түркүн канаттуу куштардын сайраганы, иттердин үргөнү, суурлардын канкуштаганы коштоп, өзүнчө эле оркестр музыка ойноп жаткандай болуп, ага жаратылыштын сулуулугу кошулуп, өзүнчө эле бир сыйкырдуу дүйнөдө жүргөндөй болдум.Биз жаңыдан кырга чыкканда тээ алыскы ак карлуу, бийик мөңгүлүү чокунун учунан күндүн нуру жаңыдан баш багып чачырай баштады, барган сайын көлөкөлөр улам ылдыйлап, өсүмдүктөр, жаныбарлар тынчсызданып, күндүн нурун күтүшкөнсүйт. Биз чыккан кырды «Жалгыз карагайдын кыры» дешер эле, ошол бизден ылдыйкы коктунун боорунда жападан жалгыз карагай өсчү. Азыр бизге ал карагай даана көрүнүп турду. Ушул кыр тегеректеги эң бийик эки чокуну бириктирип турчу, бул чокулар бири түндүк жагында, бири түштүк жагында жайгашкан. Ал чокудан тегеректин баары даана көрүнчү. Булар тегерегиндеги тоолордун ата-энесиндей болуп бийиктиги менен айырмаланып, өзүлөрүнөн кеткен кырлар аркылуу баардык тоолорду бириктирип туруучу.Кыр менен жүрүп отуруп түштүк жагындагы чокуга чыктык. Чыныгы кооздукту ошондо ошол жерден көргөндөй болдум. Көрсө ылдый жактан жердин кооздугуна жөн эле суктанган экенмин. Кооздук деп мына ушуну айт, бирөө адегенде жаңылып кетпес үчүн сүрөткө тартып алып кийин этияттап ирети менен атайлап жасаган сыяктуу. Ал кезде жайлоолордун аттарын да мал жанга, жаныбарларга окшоштуруп коюшар эле. Ошол көз алдымда турган ажайып кооздук асманга алып учуп калкытып жүргөндөй болду. Тээ өйдө жакта кербендин төөлөрүндөй созулуп жаткан ак мөңгүлүү аска-тоолор, бери жагында карагай баскан жашыл тоолор, чыгыш жагында кең жууку ичи өйүз-бүйүзү менен көрүнүп, ортосунда чоң көк кашка суу ийри-буйру болуп сойлоп бараткан ажыдарга окшоп көлдү көздөй агып жатат. Батыш жагында тегереги тоолор менен курчалган «Чычканбашы» жайлоосу, түндүк жагында тоолордун арасында көпкөк болгон Ысыккөл чалкып жатат.Бир топко жалдырап туруп калсам керек. Чокудан ылдый түшө баштаган агамдын :-Баспайсыңбы, эмне турасың?!. -деген сөзүнөн улам эсимди жыйнап ээрчип ылдый көздөй басууга мажбур болдум. Ылдыйлап отуруп кайкыга түшүп, анан кыя жол менен андан ары жөнөдүк.Кийин билсем ошол кайкыны «Батманын кайкысы» деп, ал эми бараткан кыя жолду «Чапкан кыя» дешет экен. Ошол «Чапкан кыя» аркылуу «Четбулак» жайлоосунун кайкысына чыгат экен. Кайкыга чыкканда агам:-Мына «Четбулак» жайлоосу-деди. Жайлоонун кайкысынан күнгөй-тескейи менен жанакы көргөн Жууку суусу, анын аркы өйүзүндөгү Саруу айылынын жайыттары көрүнүп турду. Ал жерде да кызыл-тазыл гүлдөр жайнап, узарып өскөн чөптүн баштары жел аргыга ыргалып, тескей бетиндеги бадалдуу токойлор түркүн түскө бөлөнүп өзүм төрөлгөн жер ушундай кооз экен го деп сыймыктандым. Атам менен энемдин мурда Четбулактан төрөлгөнсүң деп айтышканы эсиме түштү. Айта кетчү нерсе кырк жылдан кийин ушул өзүм төрөлгөн «Четбулак» жайлоосуна көчүп барып, үй-бүлөм менен жашарымды кайдан билдим.Биз издеген аттарды алыс эмес эле жерден таптык, аттар бул жерге бекеринен келишбептир. Чөптөрдүн узундугунан бирде башыбыз көрүнсө, бирде көрүнбөй калып жатты. Кызыл-тазыл ар түркүн гүлдөр, ышкын, согон, арча, токойдогу ар түркүн бадал өсүмдүктөрүнүн кооздугун айтпа, жыпар жыттары көңүлүңдү сергитет. Бизди жүдөткөн андагы чөптөрдүн узундугу көрүнүп турган аттарга жеткенче бир топ убара кылып, чөптөгү шүүдүрүмдөр белибизге чейин кийимдерибизди суу кылды. Аттарга жете келгенде жеп жаткан чөбүнөн баштарын көтөрүп, кулактарын тикчийтип, силер кимсиңер дегендей чочуркай карашты. Алар экөө эле, бири чоң тартайган жээрде кашка, экинчиси жапалдаш бойлуу тору ат. Бир аз тиктешкенден кийин көнө түшүшкөндүктөнбү же кекиртектеринин кыстоосунанбы кайра эңкейип оттой башташты. Агам мени;-Сен бул жерден тоз!- деп коюп, акырын жүгөндү алып жээрде кашканы көздөй басып, жанына барганда күндө минилип чакар болгон ат качууга аракет кыла баштады. Дыр-дыр деп эки жактан тозмолоп чуркап эптеп жээрде кашканы кармадык. Андан кийин кача албасына көзү жеттиби тору ат бат эле карматты. Чапандарыбызды чечип, алдыларыбызга салып, жайдак мине албай бир азга убараланып жатып миндик. Малчынын үй- бүлөсүндө туулуп, мурда атка жайдак минип көнгөндүктөн кечикпей эрте барып, малды жайытка чыгаруу үчүн ыкчамдай бастырып келген жолубузга түштүк. Мурда мындай бийик тоолордо бастырып көрбөсөк да ата-энебиз жакада колхоздун койлорун багып турганда аттарды минип алып «Коңур» деген майда тоолуу адырларга далай жолу кой кайтарган элек. Ошондуктан бара-бара аттар менен жарышып, жалгыз карагайдагы конушубузга бат эле жете келдик. Кийин ал жер Сагаалынын конушу аталып калды. Али короого күндүн нуру чачырай элек болсо да атам тынчсызданып бизди күтө албай, малды жаңыдан короодон айдап чыгыптыр. Кырдан жаңыдан эңкейген бизди көрүп, ыраазы болуп, үйдөгү кемпирине:-Ээ, кемпир, карачы, балдарың аттарды таап келе жатышат, кол узарат деген ушул экен го- дегенде, кемпири чатырдан чыгып;-Оо, алдыңа кетейиндерим быйыл кичине чоңойойун деп калышкан тура,-деген үндөрү бизге чейин угулду. Анан акырын бастырышса боло, жыгылышпагай эле деген кошумчалаган үндөрү угулду. Биз үйгө жете келгенде кубанычтары коюндарына батпай, күлүп жайнашып аттарды кайдан таап, кандай келгенибизден өйдө сурап калышты. Биз тең жарышып көргөн билгендерибизди айтып бердик. Үйгө кирсек энебиз берерге тамагын таппай, сактаган тамак-ашын дасторконго койду. Биз тамактанып чыкканча атабыз аттарды токуп коюптур. Бизге койлорду кайда жайарды айтып берди. Мурда кой кайтарып жүргүндүктөн бат эле түшүндүк. Аңгыча энебиз түшкү азыгыбызды алып чыгып берди. Атыбызды минип жаңы эле узап бара жатышкан койлордун артынан жөнөдүк.Июн айы жаңы эле башталып, чөптөр коюу болуп, койлор тоюшарына көздөрү жеткендиктенби, тогонок тарткандай жай баракат араң буттарын шилтеп анда-санда чөптүн башын бир тиштеп жайылууда. Ал эми эчкилер болсо кээде гана оттобосо улам алдыга жанталашып коктуда өскөн бадалдардын биринен сала бирине чуркап барып жалбырактарын тиштеп, жулуп алып жатышты. Жайылып жүргөн койлордун арасында суурлар да чочуркабай оттоп жүрүшөт. Капысынан кырдан чыга келген бизди көрүп, эки буттарын көтөрүп тура калышып, бизди таңыркап карап калышып, биз жакындаганда каңкуштап ийиндерине кире качып жатышты. Бир убакта жанымда келе жаткан агама:-Койлор болсо жакшы жайылууда, жүрү эми тиги чокуга чыгып көрөлү?-дедим. Агамдын да чыккысы келип турса керек, токтолбостон макул болду.Биз кыялай бастырып чокуга чыгып бардык. Ал түндүк жактагы экинчи чоку болчу. Бул чокудан көлдүн тегереги бүт көрүнөт экен. Көлдүн аркы жээгинде бул жактагыдай эле асман тиреген ак мөңгүлүү, аска-зоолор, бери жагы карагай баскан тоолор, анын бери жагы майда тоолуу адырлар, андан бери көлдүн жээгинде ар кайсы жерде айылдар. Ортодо Ысыккөл чалкып жатат. Көлдүн берки жээгинен өз айылыбыз Дархандын бир чети көрүнүп турду. Андан бери адырлуу майда тоолор, биз чыгып турган тоолор, анан ак мөңгүлүү аска-зоолор көлдүн тегерегин атайын окшоштуруп курчап койгондой. Мен бул чокудан да дагы эле кызыгым тарабай айлана-чөйрөнү суктануу менен көпкө карап турдум.Анан жаңы эле аттанып чыккан үйүбүз көрүнүп тургандыктан чатырдын тегерегинде басып жүрүшкөн ата-энебизди, эже-карындаштарыбызды да карап жаттык. Тигинде кийиздин үстүндө атам кыздары менен чакмак ойноп жатышат, улуу эжем менен энем көрүнбөйт, чатырда каймак тартып жатышса керек. Чатыр жакын эле жерде болгондуктан кыйкырып сүйлөшүүгө болоор эле. Чокунун чыгыш жагында «Батма» деген чоң кокту, аркы бетинде биздикиндей чатыр турган, кечинде кимдин чатыры экенин атамдан сурасам, атам бул чатырда биздей эле №1 бригаданын менчик коюн баккан Жасүкөй деген киши турарын айтты. Биз №2 бригаданын менчик койлорун бакчубуз. Алар менен катышкандан кийин Жасүкөй атам курактуу жапалдаш бойлуу, баскан турганы тың, арыкчырай, сөздү кези келгенде сүйлөй билген сары киши, аялы Бакен кара тору, узун бойлуу, арыкчырай, ачык-айрым отуздар чамасындагы аял экен. Алардын бир кыз, бир уулу бар болчу. Кызы мени менен окуган Нуржамал, уулу Жасун, менден бир жаш кичүү болчу. Чатырды кечке карап эч кимди көрө албадым. Мен Нуржамалдын ата-энеси биздей кой багарын мурда укканмын, бирок ушул чатыр Нуржамалдыкы экенин билбептирмин. Чокунун батыш жагында биздин үйүбүз, андан ары узун кырдын түшө калышында «Чычканбашы» жайлоосу, ал жайлоонун ортосу менен да чоң суу агып өткөнү көрүнүп турду. Ошол суудан флягилерди атка жүктөп суу алып, малды сугарарыбызды кийин билдим. Бул чокуну «Чычканбашы» жайлоосу менен ал кырдан башка дагы эки кыр коктулары бириктирет экен. Бул чоң коктулардын боорунда топ бадалдар көрүнүп турду. Кийинчерээк буларды нечен жолу аралап согон, ышкын, кызыл-мияз, карагаттарды терчүбүз. Түштүк жагын карасам эртең менен чыккан бийик чоку аттарга бараткан жерди көргөзбөй тосуп алган чокунун капталынан ак мөңгүлүү тоолор бери жагындагы карагай баскан бийик тоолор көрүнүп турду.Ошентип бул алгачкы күнү балалык күндөрүм өткөн «Жалгызкарагай» жайлоосунун тегерегиндеги жер суулар менен үстүртөдөн таанышып, жерге, сууга, жаратылыштын кооздугуна, сулуулугуна болгон алгачкы кызыгуум, суктануум, сүйүүм пайда болду.Айылдан бул жайлоого чейин эки жарым, үч сааттык жол эле. Кийин атам жумуштап айылга кеткенде эчен жолу көздөрүбүз кызарганча ушул чокудан жол карар элек. Ушунча алыс болсо да, айылдан чыккан атчан кишинин карааны бери төш таянгандан баштап көрүнүп турчу.Чокунун көл жак бетинде жайылып жүргөн койлорду карасам бары жайбаракат жайылып жүрүшөт. Агам Конокказы атын тушап коюп, калдыркан көпөлөк кармап жүргөн экен. Мен дагы аны туурап атымды тушап салып, көпөлөк кармоого кириштим. Көпөлөк кармоонун кызуусунда жүрүп эртең мененки энебиз салып берген азыктарды жегенди да унутуп калыптырбыз. Чокудагы түрдүү калдыркан көпөлөктөрдүн көптүгүн, кооздугун айтпа, тим эле биринен-бири кооз. Бирин кармасак улам коозурагы учуп келип көздү кызыктырат. Адегенде шапкелерибиз менен кармай баштаганбыз, андан кийин калдыркан көпөлөктөрдү кууп жүрүп, ысып тердегенде чечинип отуруп белибизден өйдө дырдай жылаңач калдык. Анткенибизге болбой жаактарыбыздан ылдый куюлган тер салаа-салаа болуп моюндарыбыздан ылдый куюлуп шымыбызга кирип жатты. Экөөбүз улам бири-бирибизге мактанып ,-Көрдүңбү, мен кандайын кармаптырмын - десем, агам:-Сеникинен да коозурагын кармадым-деди. Атаандашып чуркап жөнөдүк. Биз ал убакта чарчоону да , койлорду, аттарды да ал тургай ушул чокуда эмне үчүн жүргөнүбүздү да эстерибизден чыгарып коюптурбуз. Бир гана биздин оюбузда канткенде көпөлөк калдыркандын коозурагын көп кармап атаандашын утуш болгон. Көрсө балалык кез ушунусу менен кызык тура.Күн бешим болуп, аба салкын тарта баштаган кезде көпөлөк калдыркандар да суюла баштады. Кой, эчкилер да бириндеп жайылып чачыла баштаптыр. Аттарыбыз болсо ылдыйлап кетиптир, ушул маалда эстерибизге келип кийимдерибизди чала-була кийинип аттарды көздөй чуркадык. Аттарды минип алып койлорду чогултууга кириштик. Аңгыча күн кечтеп, койлорду корону көздөй жайганда курсактарыбыздын ачканын ошондо гана сезип, ат үстүнөн чала-була тамактандык. Ошентип ал күндүн кантип кеч киргенин билбей калдык. Кечинде койлорду короого жайып барганда үйдөгүлөр чоң жумуш бүтүрүп келгенсип, берерге тамагын таппай, кубанып тосуп алышты. Агам экөөбүз аябай чарчагандыктан тамактарыбызды ичерибиз менен көшүлүп уйкуга кеттик. Эртең менен уйкудан эрте ойгонуп башымды өйдө көтөрсөм, эже-карындаштарым уктап жатышкан экен. Ата-энемдин, агамдын төшөктөрү бош турат. Тигилер чатырдын тышында кобурашып, сүйлөшүп жаткандарын угуп, кийимдеримди чала-була кийине салып, тышка чыксам атам койлорду аралап жүрүптүр, энем менен агам сүйлөшүп турушкан экен. Энем мени көрө салып эт жүрөгү элжирей жалынып жалбарып кирди. Анан кантмекчи, кечээ агасы менен кой кайтарып, атасынын түйшүгүн жеңилдетип, ага карабай бүгүн да эрте турса, энеге мындан артык кубаныч барбы, кичинекей баласы аракет кылып жатса.-Ой, алдыңа кетейиним, жакшы уктадыңбы, кел чочоңдон жыттатып койчу-деп алаканын жайып мени көздөй жүткүндү.Мен уялып жер тиктеп тежиктендим. -Бул эмнеси мурда сураганда чуркап келип жыттатчу эмес белең, тил албаган эмнеси,-деп таарына түшкөндөй бир саамга кайра ойлоно калды да, күлкүсү чыгып,-ии балакетиңди алайын быйыл окууга барганга чоңоё түшкөн тура,-деп, кайрадан-келе кой кекиртегиңди жыттатып койчу- дегенде, ушунусун күткөнсүп энеме чуркап барып, моюнуна асылып, кекиртегимди тостум. Мына ушул ирмем кандай керемет. Эне баланын, бала эненин жытын жыттоо, бул жыттар эненин да, баланын да өмүр бою мурундарынан кеткис касиеттүү жыттар эле, ошол кезде алар ушуну этибарга алышкан жок, тек гана жыттарга жана эң жакын адамынын денеси кучактарына толгонго моокумдары канышкан. Ары жактан сүйлөгөн атамдын үнү бизди бул ыракаттан алыстатты, биз үн чыккан жерге карадык:-Эй Бекказы кайрадан энеңдин эмчегин эмесиңби, эми сен окууга кирип, чоң жигит болбодуңбу, уялбайсыңбы? !-дедиАнда энем мени бооруна ого бетер кысып;-Эмизсе эмне экен, эмем десе эле эмизем-деп ыракаттана сүйлөдү.Балким ошо кезде энемдин эмчеги ийип менин чоңое түшкөнүмө карабай сүт толо түшкөндүр.-Бол эми сен энеңдин эмчегин эмгиче күн түш болуп кетет, аттарды алып келгиле, койлорду жайытка эртерээк чыгаралы-деди. Аңгыча агам жүгөндөрдү алып кечээки жолуна түштү, мен анын артынан ээрчип жөнөдүм. Биз бул сапар аттарга бат эле жеткендей болдук. Аттар кечээки жерде оттоп жүрүшкөн экен. Бул аттардын да өздөрүнө таандык кулк мүнөзү, өзгөчөлүктүрү бар экенин мен кийинчерээк түшүндүм. Бул чоң жээрде кашка атты Куркук дечүбүз, анткен себебибиз бою чоң, бүкүр, жайдыр-кыштыр кыркайып жонундагы кыр сөөктөрү чыгып турчу, беш-алты асыйга чыгып толуп турган убагы болсо да желмек турсун бат басчу эмес. Далайды көрүп тажанып, жедеп кашаң болуп калган өңдүү бир калыпта араң басчу. Айрыкча мен мингенде канчалык теминип, кагынып сабасам да, тоотуп койчу эмес. Мунун жакшы сапаты абдан жоош болуп канчалык оор жүк жүктөсөң да көтөрүп, үстүндөгү жүк калдырап-шалдыраса да үркүү оюнда жок кете берүүчү. Бою өтө бийик болгондуктан үзөнгүгө бутум жетпей, минерде жетелеп алып чоң таш издеп, же кемер арык издеп, кээде бир эки саат убараланчумун. Айрыкча түз жерлерге туш келгенде, өзүм жалгыз болгондо аттан түшкөндөн коркчумун. Ошон үчүн мен Куркукту мингенден дайыма каччумун. Экинчи атты Бопойтору деп атачубуз, кээде жөн эле Кербышты деп койчубуз. Мунун жашы быштыдан жаңы эле асыйга караган. Бою жапыз, өзү элпек эле, жаман жери кыялы чатак болчу, кичине эле куурайдын башы кыймылдаса, жалт берип үркүп кетүүчү. Ошон үчүн буга жүк жүктөлүүчү эмес. Мен мунун боюнун жапыздыгына, элпектигине карап минчүмүн.Экөөбүз аттарыбызды кармап минип алып, кужулдашып сүйлөшүп үйүбүзгө кайра жол тарттык. Агам менден эки жаш улуу мүнөзү токтоо, кытмыр, узун бойлуу, арыкчырай эле. Көпчүлүк учурда ойноп жатып чыр чыкканда күнөөнүн баары мен жака ооп таяк жеп, тилди көбүрөөк укчумун. Урушту көбүнчө агам баштап коюп, ата-энем, эжелерим кийлигишкенде унчукпай калып, өлмөсөктөп мурдун шор-шор тартып жер тиктеп калар эле. Агамдан эки жаш кичүү болсом да уруша кеткенде жеңдирчү эмесмин, толмочуман келип көздөрүм ойноктоп, тентек болчумун.Мүнөзүм ачык-айрым, боорукер, ак көңүл, өзгөчө мактап койсо, өлөр тирилеримди билбей дардактап кетер элем, айрыкча жанымда жүргөн кишини көрүнгөн суроону берип жатып тажатаар элем, өзүм да калпты-чынды койгулатып жанымда жүргөн кишини эриктирбей, бат эле ич-койнуна кирип, жамакташтырып, оюмдан чыгарып көрүнгөндү айтып күлдүрчүмүн. Үйгө келген чоң кишилер аттан түшө элек жатканда эле, Бекказы үйдөбү деп сурашып, мен салам айтып тышка чыккканда чоң кишилерден бетер эмне жаңылыгың бар дешип ар кайсыны сүйлөтүп эрмек кылышчу. Мүнөзүм көбүнчө энеме окшоп кетүүчү ачык-айрым, тырышчаактыгым, элпектигим, жароокерлигим, бирөө бир жака жумшаса кантип барам, кантип алып келем дегенди билбей чуркап кетер элем. Малды да жакшы таанып, жакшы кармачумун, жакадан кой-козуларын алып кетүү үчүн келген кишилердин малын табышып, кармап берип узатуу менин милдетим эле. Өзгөчө мактап койсо болду, ал киши мага дос, эмнени айтса аткарууга даяр элем. Сын айткан кишини жактырчу эмесмин. Көбүнчө чоң кишилерди жакшы көрүп. Өзүм да ошолордой болуп, бат эле чоңойуп кетсем деп самачумун. Алым жетпесе да бир нерсени жасоого тырышып аракеттенчүмүн, ата-энем же бир туугандарым жөнүндө жаман сөз уксам, аларга болушуп чаң жугузбай актап, ошол айткан кишини жаман көрүп кектеп калар элем. Ал тургай короодогу итибиз, койлор, уйлар, жаман көрүп жүргөн Куркук да жакшы көрүнчү. Аларды да мактап койсо ошол киши мага жакшы сезилип колумда болгонун аячу эмесмин. Башка курбалдаштарымдан намыскөйлүгүм, чыйрактыгым менен айырмаланып турар элем. Биринчи классты да жалаң «5» деген баалар менен окуп бүткөмүн. Кокусунан «4» алып калсам аны бешке жоймоюн, мугалимдин кулагынын кужурун алып, анын жанын койчу эмесмин.Айылдагы чоң балдар көчөдөгү майда балдарды бул менин жигитим дешип экиге бөлүнүп алып күрөштүрүшкөндө мени алууга аракет кылышчу. Себеби мага мактоо жарашып, өзүм менен күрөшкө чыккан балдарды бир-эки жаш улуу-кичүүсүнө карабай жыгарымды билишсе керек. Алым жетпесе да сүрөөн күчтүү болсо тырмышып жатып жыгар элем, атаандашым жыгылып кутулмайынча кайра-кайра ит жыгылыш болуп атып, кээде көк шибердин үстүндөгү баткак сууну, кой, иттердин богуна да баштарыбыз малынып калган күндөрүбүз болгон. Ал тургай бир баланын колун сындырып алгам.Биз аттарды алып келгенде атам бизди утурлай басып: -Бүгүн ырас эрте келдиңер, койлорду сууга айдайлы, тамагыңарды ичип чыккыла, мен силер менен чогуу барып койлорду кандай айдап барып, кайдан сугарарыңарды көрсөтүп, флягилерге да суу ала келели- деди.Агам экөөбүз тамак ичип тышка чыкканда аттар токулуп даяр экен, суу алып келүү үчүн эки флягини Куркукка артып коюптур, койлор менен эки уйубузду чогуу айдап Короочу деген итибизди эрчитип, Чычканбашыны көздөй жөнөп калдык. Атам Бопойторуну минип Куркукту жетелеп баратты. Агам экөөбүз жөө уй, койлорду айдап алдык. Капталдап кыя жол менен жүрүп отуруп, кырга чыга бергенде эле жалгыз карагай алдыбыздан даана көрүндү. Бул карагай жөнүндө мурда буларды уккан элем- «бул мазар, мунун ээси кызыл элик, анда-санда гана адамдарга көрүнөт»-деп, оюмда ошол кызыл эликти көрсөм деп бараттым. Аңгыча атамдын:-Койлорду чогуу айдагыла, алдыдагы топ бадалга кирсе көлөкөлөп чыкпай коет-, деген сөзүнөн улам агам экөөбүз эки жагынан ит менен айдатып, койлорду чогулта баштадык. Биз койлорду жаңы айдап чыккан кырдын тескей бетинде, ар түркүн чөптөр менен гүлдөр өсүп, кулпунуп, көркүнө чыгып турган. Алдыдагы атам айткан топ бадалда шилби, табылгы, ит мурун, четин, бөрү карагат, чыны карагат жана башка өсүмдүктөр өсүп, түнт токойго айланып, жанынан өтүп бараткан бизге сырдуу, коркунучтуу көрүндү. Ары жагындагы коктунун башы биздин үйдүн тушунан кичинекей болуп башталганы менен улам ылдыйлаган сайын чоңойуп, жарлар пайда болуп, топ бадалдын тушунан ого бетер коркунучтуудай көрүнүп сүрдүү эле. Бул жерден өткөндөн кийин, күн чакыйып тийип, улам ысып бараткандыктан суусаган койлор чууруп, бат эле жалгыз карагайга жете келишти.Мен жалгыз карагайдын жанына келип, муну эмне үчүн жалгыз карагай дешет, бул экөө турбайбы, эмне үчүн тээ алыста мөңгүнүн бери жагындагы карагайлардан бөлүнүп жалгыз өсүп калышкан, эмне үчүн суунун жээгине өспөй какыраган таш кумдун үстүнө кырга өскөн, буларды ким өстүрдү болду экен, булардын ээси кызыл элик кайда жүрөт болду экен, ал кандай болду экен?- деген түгөнбөгөн суроолор башымды чаташтырды. Эгер айдап бараткан койлор узап кетпегенде дагы канча суроолор пайда болоорун ким билсин. Узап бараткан койлорду көрүп аркасынан чуркадым, койлор сала-салаа болуп чууруп алды, Чычканбашынынын түзүнө түшө башташты. Түзгө түшкөндөн кийин сууга чейин үч жүз метрдей аралык бар эле. Суунун эки жагы жүз метр жерге чейин саздак келүүчү.Ары жагы Чычкан айылынын жайлоолору. Бирок суунун аркы жээгинде да Дархан айылынын жерлери бар болчу. Жер саздак келип, чөп узун өскөндүктөн айылдан эл келип, чөп чаап жыйнашчу. Уй фермалар да ушул жайлоонун баш жагына көчүп келишип, тигилген чатырлардын көптүгүнөн өзүнчө айыл сыяктуу көрүнчү. Элдин көптүгүнөн жайлоо жайкысын бака-шака болуп турар эле. Койлор сууга келип ичишкен соң, саздын чөбүнө жайылып жатышты. Биз дагы сууга жете келип суусундарыбыз канганча ичип, колу-беттерибизди жууп, сергий түштүк. Биз агам экөөбүз суунун тунуктугуна түбүндөгү майда таштардын кооздугуна кызыгып, улам бир жерди карап, таштан-ташка секирип ойной баштадык. Мен бул суудан жакадагы сууга караганда көп өзгөчөлүктүрдү байкадым. Мөлтүрөгөн тунук суу таштан-ташка катуу урунуп, ак көбүктөнүп, негедир шаңдуу үндөр угулгандай, түбүндөгү майда таштары атайын жараштырып боёгондой түркүн түстө, анан суу канчалык тунук болсо да суунун түбүндөгү майда таштардан кумуна чейин даана көрүнгөнүчү, ичсе даамдуулугун айтпа. Абайлап карасаң майда балыктардын тобу менен сүзүп жүргөнүчү, тим эле кечке жүрсөң да кызыгың тарачудай эмес. Койлор бир топ жайылып саздын чөбүнөн кызыктары тарады окшойт, саздан чыгып жалгыз карагайды көздөй баштана башташты. Аларды көрүп атам бизге кайрылып:-Конокказы койлорду жалгыз карагайдын тээтиги коктусуна коюп, келген жол менен үйгө бар, башын тоспой эле кой. Кандай барышты өзүлөрү билет, аягына сак бол бөлүнүп калбасын, коктуга киргизериң менен эле кете бер- деди, мага кайрылып:-Сен мени менен Муканбет абышканыкына барасың, андан кийин экөөбүз флягиге суу толтуруп алып үйгө кетебиз-деп, артына учкаштырып Куркукту жетелеп, Муканбет абышканыкын көздөй бастырганда күн түш болуп калган. Муканбет ата биз менен аталаш тууган болчу. Карга акенин Чоңмурун деген уулунан тараганбыз.
#4 23 August 2015 - 12:50
Муканбет атанын кемпири Cалиман. Уулу Асанкадыр, анын аялы Дүйшөкан, балдары Аскер, Гүлай. Муканбет ата Чычканбашынын Дархан айылына тиешелүү жерлерин кайтарган корукчу эле. Уул-келини неберелери менен айылда жашоочу. Кемпири экөө эле турушканы менен абдан малдуу болуп, өз оокат жайларына тың жашашчу. Муканбет ата жашы алтымыштарга келген чап-жаак, кара тору, бели бүкүрөйгөн бир көзү сокур, мүнөзү токтоо киши эле. Анткен менен атына минип, ойго-тоого чапкылаганда көргөн киши таң калып, кантип жыгылбай баратат дешчү. Жакага кандай бат барып келгенин элдер атайын кызыгып сөз кылышчу. Кемпири Салиман, абышкасы курактуу, толмочунан келген, жапалдаш бойлуу, ачык айрым, баскан турганы тың эле. Каз, өрдөк, тоок, индуктарды көп багышчу. Эки-үч аты, үч уйу, отуз-кырктай кой эчкилери боло турган. Ушул чарбаларынан тышкары жарым гектарга жакын жерге картошка айдап, малдарына жеткендей чөп үйүп, коругун карашчу. Ал аз келгенсип Муканбет ата тегерегиндеги малчыларды кыдырып бат-баттан барып турганга жетишчү. Муканбет атанын үйү жакын эле жерде болгондуктан,
бат эле жетип бардык. Адаттагыдай эле бизди адегенде иттери ажылдап үрүп тосуп алышты. Айрыкча иттер ээрчип келген Короочуну көрүшкөндө ого бетер ажылдашты, Кароочу да тигилерге айбат көрсөтүп улам жакындаганын тиштеп алып жатты. Биздин Короочу капкара болгон чоң дөбөт болчу. Үч-төрт ит анын сүрүнөн жакындай алышпай тегеренип ажылдашат. Мен үргөн иттерди карап өзүмдүн Короочума ыраазы болгондой жылмайып жаттым. Аңгыча Муканбет ата тышка чыкканда ата-бала үн алыша салам айттык, ал алик алып үйгө киргиле деп коюп өзү ажылдаган иттерин тыйып жатты. Үйдө Салиман эне идиш аяк жууп жаткан экен. Биз салам айтып киргенде, алик алып:-Ии ата-бала, кайдан ээрчишип-деп коюп мага карап:-Кел, келе кой чоңойуп калган тура,- деп бетимден өптү.Биз өтүп жайланышып отурганча дастаркон салып, май-чайын белендеп койду. Аңгыча эшиктен Муканбет ата кирди. Муканбет атанын мүнөзү түнт, сөзгө сараң болгону менен кээде чочугансып чечилип, айтарга сөзүн таппай, ал тургай сөздүн кызуусуна киргенде кошмолоп жиберер эле, бир көрүп мүнөзүн билбеген кишиге урушчаактай сезилчү. Анткени сөзгө кыска-кыска орой жооп берчү. Бүгүн ачылып турган кези экен, чай ичилип бүткөнчө тууганча өткөн кеткенди, күндөлүк тиричиликти,
тегеректеги малчылар жөнүндө, жакында жакадан чөпчүлөрдүн келерин сүйлөшүп отурушту. Чай ичилип бүтүп тышка чыгарда, Салиман эне мени чакырып алып бир ууч момпосуй берип:-Жакшы барагой балакетиңди алайын, мен дагы Аскерим менен Гүлайымды күтүп жатам. Уйчулардын сүт ташыган машинеси менен жакында келип калышаар. Койлорду сугарганда бул жака келип чай ичип кетип тур- деди. Атам экөөбүз суу алыш үчүн аттарыбызды жөө жетелеп, жакын эле агып жаткан суунун жээгине келдик. Атам мага кайрылып:-Сен чака менен суу сузуп берип тур, мен флягиге куюп турайын, -деди. Атам аттын үстүндө жүктөлгөн флягилерге мен сузуп берген сууну куюп жатты. Мен кичинекей быйтыйган колдорум менен атамдын колунан чаканы алып бууракандап агып жаткан тунук суудан чаканын жарымынан сузуп берип жаттым. Суу флягилерге толо баштаган сайын Куркук алдыда азаптуу жолдун турганын сезгендей, улам бир бутун эс алдырып, улам бир бутуна оордугун салат. Сууну флягилерге бат эле толтурдук. Атам флягилердин оозун жаап, атына минип Куркукту жетелеп ойлуу, башын жерге салып, өзүнүн конушун көздөй бастырып жөнөдү. Мен Короочуну эрчитип тиги алдыда турган бийик кырды карап эми мунун башына кантип чыгаар экенбиз деп ойлуу бараттым. Өзгөчө алдыда флягилерди көтөрүп бараткан Куркукту аяп, байкуш ат эми флягилерди кантип көтөрүп чыгат деген ойго кеттим да, ит казып жаткан сокур чычкандардын ийиндеринин ары жагында оттоп жүргөн момолой чычкандарды көрүп алаксып калдым. Мына түз бүтүп жалгыз карагайдын кырын таяна бергенде атамдын ойуна бир ой кылт дей түшкөндөй болуп, башын мага буруп токтой калып:-Бекказы,
бери келчи балам?-деди.
Мен атамдын чакырыгынан улам быйтыңдаган кичинекей буттарым менен эмне айтаар экен деп чуркап бардым.-Балам бир жумуштар бар эле ошол жака барып келе калайын, сен Куркукту жетелеп, итиңди ээрчитип, жанакы келген жол менен кырга чыга бер - деп жооп күтпөстөн эле Куркуктун чылбырын кармата коюп кайра артка чапкылап жөнөдү. Мына алдыда бийик кыр оор жүк көтөргөн атты жетелеп, итимди ээрчитип кичинекей кибиреген каруу күчкө толо элек жаным улам барган сайын өр талашып бара жатам. Бир убакта бийик кырдын этегине келип такалдым, артты карасам атам көрүнбөйт. Куркук кичине демиге түшкөн, Короочу тилин салып акактап, эстегенсип оозун чоң-чоң ачып койду. Сагызган учуп конуп, «эй бала эми кырга кантип ат жетелеп чыгасың» дегенсийт. Мага коркунуч пайда боло баштады, «бул типтик бир аяк жол менен атты кантип жетелейм. Кокусунан ат флягилерди көтөрө албай чалкасынан кетсечи,» кайра бир ой, «эч нерсе болбойт мурда атам ушул жолдо ушул ат менен суу ташычу эмес беле, анын үстүнө атам бат келип калаар» деген ой кайра кайраттантты.
Атты жетелеп тик жол менен өйдө чыга баштадым, флягилердин оордугунан Куркук өйдө карай тырмышып мени тебелеп кетчүдөй болуп, күшүлдөп-бышылдап оор дем алат. Аны көрүп жол менен ыкчамдап жан талашып бир топ чыгып, анан жолдун четине чыга качам. Куркук да артымдан жан талашып чыгып, менин тушума келгенде, солкулдап дем алып жүктүн оордугунан буттары калчылдап титирейт. Менин арышым качан түздөн аз эле көтөрүлгөндө эле мурдумдан тер кетип, кичинекей жүрөгүм түрсүлдөп, көзүм алаңдап корко баштадым. Куркук жете келгенде тебелеп кетпесин дегендей болуп аркамды карадым. Алдымды карасам бир топ узун бийик типтик кыр, анан кыя жол, ары топ бадал, андан ары дагы кыя жол анан үйүм. Мен кыйынчылыкка туш келгенимди чындап түшүндүм, ары жакты карасам атамдын карааны көрүнбөйт, Куркук кулап кетчүдөй болуп буттары титиреп ар кайсы жеринен тер чыгып, оор дем алып, араң эле турат. «Эми эмне кылам?» деп өзүмө өзүм суроо бердим. «Ат артты көздөй кулап кетсе эмне болот» деген ой келип жүрөгүм шуу дей түштү. «Ат өлөт, флягилер талкаланат,
жок андай барууга болбойт, эптеп жетүүм керек». Сагызган шакылыктап,
«азыр атың кулап кетет, карачы араң эле турат, кырдын башына кантип жетмек эле, атаң да азыр келбейт» дегенсийт. Ошондо атама ачуум келип эмне үчүн таштап кетет деп ызама муунуп ыйлагым келди. Бирок жанымдагы итим Короочудан,
атым Куркуктан, сагызгандан уялып өзүмдү араң кармап турдум. Флягилерди көтөрүп турган Куркукка боорум ооруп кетип, тезинен кырга чыгуу керек дедим да айоо сезимим коркуу сезимимди жеңди көрүнөт, дөңдү карап тырмышып атты жетелеп жөнөдүм.Атты бир азга жетелегенде эле ат катуу-катуу дем алгандыктан кичине болсо да дем алсын дедимби жолдун четине чыга калам. Ат тушума жете келет да калчылдап катуу-катуу дем алат. Аны көргөндө ого бетер зээним кейийт, Куркукту мурда жаман көрсөм да эми ага боорум ооруп кичинекей быйтыйган колум менен тер болгон башын сылап;-Куркук кичине чыдасаң ээ? Дөңгө чыгабыз, ал жерден кичине эс алып, анан жолду улантабыз- десем, менин айткандарымды Куркук түшүнгөнсүп,
макул дегендей болуп бышкырды.Куркукту жетелеп дөңдүн кырын көздөй жанталашып жөнөдүм. Араңдан зорго дөңдүн кырына чыккандай болдук. Дагы алдыда далай жол бар эле. Бирок типтик жол артта калды, алдыдагы жол өр болгону менен арттагыдай тик эмес эле, эми кыялап белге чыгабыз. Анда жалгыз карагай өсүп турат, андан ары топ бадал андан өтсөк үйгө жакын калабыз деп өзүмдү соороттум. Куркук дөңгө чын эле чыктымбы дегендей болуп силкинди. Дөңгө чыкканга көңүлүм бир аз көтөрүлө түшкөнү менен дагы эле коркунуч басып турду. Менин ойумда алдыдагы жолду кантип басып өтүп, үйгө жетебиз. Куркукту карасам көл-шал болуп тердептир, алы кетип калды окшойт, тетиги топ бадалга чейинки кыя жолго чейин кантип чыгат, же атам келип калаар бекен күтсөмбү. Кантип күтөм, Куркук флягилерди көтөрүп турса, деген ойлор башымды айлантты. Үмүт чиркин кыйын эмеспи, атам келе жатып жүрбөсүн, деген ой башыма келип артымды карадым, атам дагы эле көрүнбөйт. Кайра Куркукту карасам дем алганы бир аз жайлап калыптыр, бирок жүктүн оордугунан бели ийилип тургандай көрүндү. Жүктөлгөн флягилер уюган темирдей болуп куркукту ылдый карай ныгыра баскансыйт бул көрүнүш менин кичинекей жүрөгүмдү аябай жаралатты. Ал тургай бат эле чоңойо калып эки флягини чечип эки жакка ыргытып Куркукту бошотуп алгым келди. Бирок айлам канча эки фляги эмес бир чака сууну көтөрүп түшүрүүгө чамам жетпесин билип, андан көрө Куркукту жетелеп тезирээк үйгө барып үйдөгүлөр менен флягилерди түшүрүп Куркукту бошотуш керек деген ойго кеттим. «Эх турмушуң эшек араба, туулдун калдың балеге дегендей кечээ эле энемдин эмчегин ээмп ойногон мени да, ошондо турмуш өзүнүн алгачкы сыноосунан өткөрүп жаткандай болду. Чиркин дегеле адамдын болобу, же баардык жан-жаныбарлардын тагдыры болобу опурталдуу окшойбу, ооруп калса, же кырсык болгусу келсе бат эле мусапыр, же жок кылып койот тура. Өзгөчө адам баласы бир караса эстүү, баарынан күчтүү көрүнгөнү менен тагдырдын алдында алсыз экен го. Ошондуктан падышалар да, «оо жараткан кудай, бечара карыпмын, бөөдө кайгы, бөөдө кырсыктан сактай көр», деп жалынганы бекеринен эмес чыгаар. Ошол кезде ат тебелеп кетсе эле жок болбойт белем, же Куркук жаза басып алса эле флягилер басып өлбөйт белем. Кудайым колдогусу келсе колдоп койоруна анан кантип ишенбейсиң.
Тезирээк үйгө жетүүдөн башка жолдун жоктугун билгенден кийин Куркукту жетелеп өр таяндым. Баякыдай эле бир аз жылгандан кийин Куркукту эс алдырам, кайра алдыга жылам. Бир жагынан күндүн ысыгынанбы барган сайын Куркук экөөбүз тең тердей баштадык. Алым кетип күйүгүп, чекемден ылдый куйулган терди жеңимдин учу менен аарчып, бир кезде Куркукту карасам, тулку бою тер аралаш ак көбүк басып, дем алганы оорлоп, буттары мурдагыдан да катуурак титирегенсийт.
Бүткөн бою калчылдап, буттарынын алдындагы майда таш, кумдан буту тайыса эле, тээ ылдый жактагы коктуга кулап түшчүдөй сезилди, аны көрүп чакыйа түштүм, күйүккөнүмөн түрсүлдөп соккон жүрөгүм ого бетер катуулап, коркуу сезимдерим,
атама келген ачуум кошулганда ызаланып көзүмдөн чыккан жаш менен тер кошулуп, бетимден ылдый куюлду. Бир аздан кийин ага үнүм да кошулду, Куркукту жетелеп ыйлап бара жаттым, уламдан-улам катуулап ыйлай баштадым. Бир маалда шайым кетти көрүнөт, жолдун жээгиндеги сандыктай болгон кызыл ташка кандай отурганымды билбей калдым.Сагызган шакылыктап алдыма келгенде, мени шылдыңдагандай сезилип, «кет энеңди» деп таш менен коюп жиберсем аны көргөн Короочу, «кет» деген сөздү өзүнө алып, таарындыбы,
тура калып желип-жортуп үйдү көздөй жөнөдү. Сагызган да шакылыктап учуп алыс кетти. Жанымда Куркук эле жалгыз калды. Бугум чыкканча бир топко чейин ыйлап, анан эсиме келип, Куркуктун флягилерди көтөрүп турганын көрүп, ордумдан туруп бышактап ыйлаган бойдон жолумду уладым. Мурдагыдай эле бир топ ылдамдай басып, жолдон чыга калып токтоп Куркукту эс алдырып бара жаттым. Бир кезде жалгыз карагайдын башында шакылыктап сайрап конуп отурган сагызганга көңүлүм бурулду, көрсө жалгыз карагайга келип калган экенмин, жерден таш ала коюп согойун деп ойлоп, ал ойумдан кайра баш тарттым, себеби Жалгызкарагай касиеттүү мазар жер экени эсиме түшө калды. «Жок сокконго болбойт сагызганга тийбей, карагайга тийсечи, ал каргайт да» деп ал тургай коркуп да кеттим, ыйлап жаткан ыйым да токтоду.Карагайды көрүп, бир чети коркуп, бир чети уялып кеткендей болдум. Куркугумду жетелеп алып, карагайдын жанынан өтүп баратып үн чыгарып ыйлабаганым менен, өпкө-өпкөмө батпай солуктап бараттым, ичимден сагызганга кыжырым кайнап, «жөн жерде болгондо эмне, таш менен ыргыта коюп жаагын баспайт белем» деп көзүмдүн жашын карагайга көрсөткүм келбей жеңим менен сүртүп тазаладым. Балким кызыл элик көрүнүп калабы деп түбүнө кадала тиктедим, көрүнбөйт, карагай терең ойго батып, «сага эмне болду адамзат? эмне мынча ыйладың, эркек бала да ыйлачу беле. Ата-эне, бир тууган, классташтарың көрсө эмне дейт» деп намыстандыргансыйт.
Ыйлаганыма уялып кеткендей болуп басылып калдым, анда-санда гана өпкөлөгөнүм болбосо, мурдагыдай эле Куркукту жетелеп, улам эс алдырып отуруп, карагайдын тушунан өтүп кеттим.Бир кезде токтоп артымды карасам тигинде жалгыз карагай артта калыптыр, андан ары тээ ылдый жакта суу алган чоң суу агып жатат, ошондон берки жолдо атам дагы эле көрүнбөйт, Куркук баягыдай эле алкара сууга түшүп көбүктөп тердөөдө, бүт денеси калчылдап дагы эле кулап кетчүдөй болуп араң эле турат. Эки бетим оттой ысып, жаш менен терден маргылала болсом керек, башым буту колум ооруп жатканына кайыл болуп, кичинекей ташка чыгып, тээ ылдый жактан бери кантип ат жетелеп чыгып келгениме, бир чети таңгала карап өзүмө да, Куркукка да ыраазы болдум.Ал убакта курчап турган жаратылыштын сулуулугу эсиме келбей, Куркукка боорум ачып аны аягандан жакында эле эжелерим менен барып көргөн, колхоздун клубундагы дөөлөр жөнүндөгү кинону эстедим. Анда адам кебетесиндеги дөөлөр аябагандай чоң болуп, кишилерди кичинекей куурчак сыяктуу алакандарына салып көтөргөндөрүн,
карагайларды кичинекей чамындылардай колдоруна уучтап алып, чачып ойногондуктарын,
кишилерди шиш кебек кылып жешкендерин көргөн элем. Анда аларды жаман көрүп, эжелеримдин аркаларына жашынып, адамдар батыраак жеңип, жоготушун каалагамын.
Эми өзүм дөө болуп, Куркукту флягилери менен кошо көтөрүп, бат эле үйгө жеткирип келсем деген кызыктуу ойго чулганып турганда арчага конуп сайраган сагызганды көрүп кыжырланып,
сагызганды жерден таш ала коюп уруп калдым. Ыргыткан ташым өзүмдөн алыс узабай сагызганга жетпей калды. Кичине эс алып отурсамбы деп Куркуктун үстүндөгү уюган чоң флягилерди көрүп, өзүмдү баспаган оюма койбой мажбурлап, өр талаша атымды жетелеп жөнөдүм. Бир аз баскандан кийин жолумдан ар түркүн кооз гүлдөр өскөн чоң арчаларга кезиксем да, аларга кызыгып көңүл бурбастан, кайра жолду тосуп калышканына кыжырым кайнап, өр талашып араң келе жатканым аз келгенсип, булардын жолго өсүп калганын деп бараттым ичимден. Аларды айланып өтмөкчү болгондо, аралап өткөн жолду, көрө коюп кубанып кеттим. Арчаларды аралап өткөндөн кийин кырдын тескей бети менен кетчү кыя жолго келдим. Эми мурункуга караганда түз жолго түшүп Куркукка да көп күч келбей калганы сезилип ал тургай жолдун четиндеги чөптөрдөн оттой баштады. Аны көрүп көңүлүм тынч алып кубанайын дегенде алдыдагы жалгыз аяк жолдун жээгиндеги түнөргөн чине көп, сыр каткан сырдуу топ бадал көрүнгөндө,
жарк дей түшкөн кабагым кайра бүркөлө түштү. Мына эми таза балакетке кабылдым. Жанатан Куркукту аяп жатсам эми коркунуч өзүмө келди. Мурда тоолордо карышкырлардын көп жүрөөрүн укканмын. Эгер топ бадалдан карышкыр чыга калса мага ким болушат, атам да Короочу да жанымда жок. Эми Короочу итиме да ачуум келе түштү, «эмне үчүн ушундай убакта жанымдан кетип калат, айылдагы балдардын иттери кет деп кубалашса да жандарынан чыгышпайт, эмне үчүн итим кетип калды барганда элеби?», деп алым жеткен ага кекенип алдым. Кайра өткөндөгү ата-энемдин «чоң жигит болуп калган тура» деп, өзүмө айткан сөздөрү эсиме түшүп, намыстанып мурда ыйлаганым аз келгенсип, эми топ бадалдан да өтө албай каламбы?-жок андай болбойт деп алдымды көздөй кадам шилтедим, бирок коркуп бара жаттым. Жерди акырын таптап басып, бүрөөлөр угуп калбасын дегендей табыш чыгарбоого аракет кылып, кичинекей буттарымды акырын койом. Ан сайын Куркук түшүнбөй чөптү ары-бери үзүп бышкырып, тура калып кулактарын тикчийтип, титиреп, флягилерди калдыратат.
Кыжырым келип аны ан сайын жек көрө баштадым, эми эле Куркукка болушкандыгым үчүн өзүмдү да жемелеп жибердим. Баардыгына даяр болууга жерден куураган жыгачты колума алдым. Мына топ бадалга да жакындап четинен араалай баштадым, бул чытырман токойдун ары жагы караңгыдай сезилет, түбүндөгү коңулдан карышкырлар аңдып тургансыйт,
тиги ортосуна жеткенде кол салышат го. Жүрөгүм түрсүлдөп бакырып качканга даярдандым.
Куркукта кам жок бир калыпта келе жатат. Анда-санда жерден башын көтөрө калып кулагын тикчийте калып, бир нерсени көрүп жаткандай, ан сайын «мына бул дагы көрдү окшойт, эгер качсам карышкыр иттен күлүк да бат эле баса калсачы, жок качканда болбойт», деп алдыга жылып, ортосуна жеттик. Карышкырлар көрүнбөйт, алар бир жакка кетип калышканбы,
же балким уктап калышса керек, эмнеси болсо да табыш чыгарбай өтүүм керек. Чөпкө жулунган Куркукка жиним келип, кичинекей муштумумду көрсөтүп койдум. Бирок Куркук болбоду. «Сени элеби үйгө барганда көрсөтпөсөмбү» деп аны да кекетип алдым. Мына топ бадалдын да четине чыга баштадык, тигине чатыр, «ура» деп ичимден кыйкырдым. Эми жүзүмдө жылмайуу пайда боло баштады. Оюмда бат эле жетсем; энем, бир туугандарым мени көрүп «кантип жалгыз келдиң» деп таң калышаары, ал тургай классташтарым укса, алар да таң калышаарын,
«мына эрдик деп ушуну айт» дешерин элестетип «мындай эрдик классташтарымдын эч кимисинин колунан келбейт болчу» деп баалап да жибердим. Тим эле кубанычымдан оромпай тээп ыракатка батып бара жаттым. Бирок менин бул кубанычым көпкө созулган жок. Арттан катуу келе жаткан аттын дүбүртү оюмду бузуп чочуп кеттим. Артымды жалт карасам, атам чапкылап келе жатыптыр.-Мына чоңойот деген ушул үйгө жетейин деп калган турбайсыңбы,
-деп колумдагы чылбырды алып, Куркукту жетелеп алдыга түштү. Мен ыйлаарымды же сүйүнөөрүмдү билбей, боз ала болуп артынан ээрчидим. Эми менин оюма келгени мурунку кыйынчылыктарды,
эрдиктерди,
коркунучтарды үйдөкүлөргө кантип түшүндүрөм,
кылган иштеримдин баардыгы текке кетти, тигине атам деле эч нерсе деп мактаган жок деп, кайрадан ызаланып ыйлагым келди. Бирок ыйлаганым жок сабырым суз, башымды жерге салып ээрчип бара жаттым.Атам менен энемдин мүнөздөрүн тереңирек алып караганда; атам ак көңүл, оюнда кири жок, бапыраңдаган,
бир нерсени терең ойлобогон карапайым, билим албаган, болгону экинчи классты бүтүргөн бала күнүнөн ата-энеси малчы болуп, малдын артынан жүрүп чоңойгон, кишиге зыяны жок, ак эмгеги менен жансактаган,
жалпысынан алганда момун адам эле. Энем Жүзүмкан ачык айрым, боорукер, бир нерсени көңүлү менен кабыл алган, күйүкчөөл, иштемчил, сөзмөр, билимдүү, 7-8 класска чейин окуган, жаш кезинен тери алып даярдоо конторасында склад башчысы болуп иштеген. Үй-бүлөө, балдары үчүн эт-бетинен кеткен намыскөй, оорукчан, кишиге зыяны жок, кемчиликти бетке айткан тың аял эле. Мына үйгө дагы келип калдык.Күн бешим болуп калган убак, тигинде агам Конокказы карындаштарым менен эбак келип, бейкапар ойноп жүрөт, эжелерим көрүнбөйт. Алар айылга кетишмек. Айылдагы үйдү, короо-жайды карап, огороддогу өсүмдүктөрдү карап, биз барганча окуу китептерибизди,
кийимдерибизди жаңы окуу жылына карата камдап коюшмак, айылга кетишсе керек. Короочу да келип чатырдын түбүндө уктап жатат, энем чатырдан чыгып бизди күтүп калды, ал биз жакындаганда;
-Жакшы келдиңерби?
-деп абышкасына карады, мага көңүл бурбагандай.
-Келдик- деп абышкасы кыйратып салгансып үшкүрүп койду. Менин ан сайын жиним келди, анан кезек мага жетти окшойт, энем мени көрө коюп:-Атаны балакетиңди алайын, эмне мынча ыйлагансың,
бирөө сабадыбы?,-деп абышкасын тытмалап жиберүүчүдөй караганда, абышкасы; -Ким сабамак эле- дегенче болбой, мен өзүмдү кармай албай бакырып барып энемдин этегине жармашып буркан-шаркан түшүп, ыйлап жибердим. Мен өпкөм өпкөмө батпай энемдин жакшы мамилесине эркелеп, болгон окуяны айтып жаттым. Энем менин өчүмдү алып, атамды тилдегени мага жага бербей калды. Ошентип жасаган ишимдин ийгилиги эртедир-кечтир түшүмүн берерин билген эмесмин. «Ак ийилет сынбайт» деген макал ушундан калса керек. Бул менин эс тарткандан берки алгачкы эрдигим, алгачкы ойлоо сезимим, алгачкы кыйынчылыкка туш келүүм эле. Ал кезде мындайлардын турмушта көп болоорун, бул башталышы гана экенин, алдыда турмуштун далай оюндары жаткандарын кайдан билиптирмин.
Мени көрүп алып башкалары көзүн жалжылдатып,
бирөөлөрү таң калса, бирөөлөрү аяп жатышкансыды.
Ал тургай атам күнөөсүн мойнуна алып кичинекей уулун жалгыз таштап кеткенине өкүнгөндөй болуп, өзүнүн алдына алып бооруна кысып, кекиртегимден өөп;-Балам эми жалгыз калтырбайм-
деди. Чай даярдап, энем дастарконун жайып койгон экен. Үйгө кирип чай ичип отурганым эсимде, бир убакта уктап калыптырмын,
ойгонсом чатырда жалгыз жаткан экенмин, ыйлагандыктан улутунуп алдым. Башым деңгиреп, дене боюм ооруп, шалдырап калыптырмын,
чарчаганымды эми сезгендей болдум. Тышка чыксам энем тамагын жасап, атам менен абам аттарын откоруп, коктудан койлорду тосуп турушкан экен, карындаштарым ойноп жатышыптыр.
Энем мени көрүп:-Алдыңа кетейин жаным, аябай куураган турбайсыңбы,
жакшы уктадыңбы?- деп басып келип кекиртегимден өптү. Мени энем Геки деп эркелетээр эле. Ал күнү майда барат тиричилик менен күн кечкирди. Малды короого киргизип, тамактандыргандан кийин уйкуга кеттик. Эртеси эртең менен агам экөөбүз аттарга жөнөдүк. Атам корону аралап, курттаган кой эчкилердин куртун тазалап, даарылап бүткөндөн кийин эртеси оңой таап алыш үчүн жолдоруна бок сүйкөп койоор эле. Энем карындаштарым менен уйларды, сүттү эчкилерди саашар эле. Биз аттардан эрте келип калсак кармашып жибереер элек. Биздин үй-бүлөөнүн түйшүгү көп болгону менен, тамак ашыбыз кеңири болуп дастарконубуз берекелүү болчу. Уйдун, кой эчкилердин сүтү үч-төрт чака, андан каймак, май чөбөгө, уй кымыз, май кошулган талкан, айран, сүзмө, курут, эжигей эт, нан, жана башкалар кошулганда дасторкондун үстү жайнап калчу. Анын үстүнө малын алганы келген элдер арак, вино, момпосуйдун түрлөрүн, өрүк сарала болгондон баштап өрүк-алма, жер- жемиштерди алып келип турушчу. Ушулардын баарына алым сынбай, атам жайдын толук кезинде да бозо салдырып ичээр эле.Кэчээки окуядан кийин атамдын боору ооруп калганбы, атам чай ичип жатканда мага кайрылып:-Сен бүгүн үйдө калып энеңе жардам берип эс ал-деди. Үйгө калгым келбесе да атамдан коркконумдан:
-Макул,- деп башымды ийкедим. Мен үйдөгү майда-барат жумуштарды;
отун термейди кыздардын жумушу деп эсептечүмүн.
Чай ичип бүткөндөн кийин, атам менен агам койлорду жайытка чыгарып кетишти. Энем күндөгү калыбы менен сүт тартканга киришти. Мен карындаштарым менен уйларды сайга айдап коюп, музоолорду аркандагандан кийин, короодон тезек тердик. Андан кийин, отун тергени сайга кеттик. Бадалдын түбүндөгү куураган отундарды карындаштарым тере баштаганда кырдан ат минип келе жаткан аял көрүндү. Артына кызын учкаштырып алыптыр, мен аларды көрө коюп чатырга чуркап барып, тигилердин келе жатканын көрсөтсөм, энем карап туруп: -Жасүкөйдүн аялы Бакен келе жаткан тура-деди. Аңгыча алар жакындап келгенде, энесинин артында учкашып келе жаткан кыз классташым Нуржамал экенин тааныдым. Энем чатырдан чыга калып аларды утурлай басып, учурашкандан кийин, атын алып үйгө киргизди.Бакен энемден жашыраак эле, ал киши энемди эже деп жатты. Нуржамал экөөбүз мурда тааныш болгондуктан,
тышта ар кайсыны сүйлөшүп туруп калган элек. Чатырдын ичинен энеси:-Ай, Жамай бери кир!-деген үнү угулду. Мен кимди чакырып жатат дегенче Нуржамал чатырга кирип кетти. Көрсө аны үйүндүгүлөр Жамай деп айтышат экен, аны кийин билдим. Ичимден Нуржамалдын энеси Жамай дейт турбайбы, мени деле энем Геки деп эркелеткендей деген ойго кеттим. Нуржамал мектепте жүргөнүнө караганда ушунда татынакайраак көрүндү. Ал абдан жакшы кийинип алыптыр. Ак кооз көйнөк, ак наски, бутунда жаңы туфлий, башында ак бантик тагынган, аны көрүп өзүмдүн кийимдеримден уялып кеттим. Кийимим жыртык жамалган шым, жыртык батинка, үстүмдө жеңи узун агамдын эски кастюму, башымда атамдын жаман калпагы, ал дагы сүйлөйүн десем эле көзүмө түшүп жүдөтүп жатты. Нуржамал чатырга кире электе эле;-Бекказы сен ушул жерде жашайсыңбы,
ушулардын баласысыңбы?
- деди. Мен:-Ооба,- деп кыска жооп берип, анан:-силердин чатырыңарды мобу чокудан көргөнбүз, сен бул жака качан келдиң эле?-дедим.-Кечээ күнү келгенбиз-деди.
Мен Нуржамалдын энесинен уялып, чатырга кирбей тышта күтүп отурсам, Нуржамал чай ичтиби кайра бат эле тышка чыкты. Биз бир жыл чогуу окугандыктан бат эле аралашып кеттик. Үйдүн капталындагы тескейден гүл терип, көпөлөк кууп ойноп жаттык. Кээде кооз гүлдөрдү мен үзчүмүн деп талаша кетип, кайра элдешип оюндун кызыгуусуна кирдик. Мен кийимимдин жыртыгын унутуп бат эле Нуржамал менен тең талаша ойноп жүрдүм, жеңим колумдун учуна түшүп кетсе аны түрүп, жаңы эле эңкейсем калпагым көзүмө түшүп, аны кайра көтөрсөм, шымым шыпырылып кетип, убараланганым болбосо, бир аздан кийин карындаштарым келип бизге аралашып кетти, алардын кийимдери да жупуну эле. Биз көп балалуу үй-бүлөө болуп тамак-ашыбыз кеңири болгону менен, кийим-кечелерибизге,
окуу куралдарыбызга акча-тыйын жетишчү эмес. Анын үстүнө атам баккан малдын акчасын ээлеринен алганда ай сайын жакага барганда, достору менен үч-төрт күн жүрүп жарымын болбосо да үчтүн бирин ичип койоор эле. Атам айылдан мас болуп келгенде энем байкуш;-Ушунча ичесиңби, балдарды кантип багабыз үйдө бул жок, тиги жок-десе, сабаганга чейин барып чыр чыкчу. Биз корголоп тышта отуруп, атам коңурук тартып уктагандан кийин, табыш чыгарбай энем болуп үйгө кирип, төшөктөрүбүздү караңгыда чала-була салып кийимчен жатып алаар элек. Эртеси эртең менен энем атамдын суусуну канганга чейин ысык чайын берип, башы жазылып, чекесинен тер чыкканда биз атамдын жакадан алып келгендерин бөлүшүп ойной баштачубуз.
Кезек энеме тийип кулак мээсин жеп, атамды тилдеп кирчү, атам күнөөсүн мойнуна алып, башын жерге салып, унчукпай кечирим сурап кутулчу. Акыры энем тажаганда өчүн алып бүткөнсүп унчукпай калчу.Энем менен Нуржамалдын энеси самоорду ортого коюп коюшуп, узун сөзгө киришти көрүнөт. Биз тыштан гүл терип, гүлдөн шуру, билерик, саат ар кандай нерселерди жасап ойноп жаттык. Мен дагы кыз бир туугандарым көп болгондуктан мындай нерселерди алардан кем жасоочу эмесмин. Кээде эжелерим сайма сайса, мен да сайма сайам деп кошо талашып, сайма сайчумун. Эжелерим ийне жиптерин бергилери келишпесе, «кызтеке-кызтеке»,
деп шылдыңдашчу,
ошондо намыстанып талашпай калчумун. Ошол күнү Нуржамал көзүмө жакшы көрүнүп ага гүлдүн жакшыларын берсем да жактырбай «турчу нары», андай гүл менде деле бар, деп жанына жолоткусу келбей жатты. Мен таарына түшүп, бир аз ойногондон кийин анын кагып салганын унутуп калып, кайра жагалдансам да карагысы келбейт. Мен айылда жүргөндө Нуржамалга көп кыздардын бири катары, көңүл буруучу эмесмин. Ал күнү «кийим адамдын көркү» дегендей, жакшы кийим кийинип алган Нуржамал мага жакшы көрүнүп жатса керек, балким мени жанына жолоткусу келбегени кийимимден болгондур. Мен жагалданып жатканымды өзүм да сезбесем керек. Нуржамал да мени кагып-силкип жанына жолотпой жатканын ал деле билбеген чыгар. Дүнүйө кимди гана азгырбайт, чоң болобу, кичине болобу ал тургай: «пайгамбар дүнүйөнү көрүп, жолдон чыгыптыр» деген сөз бекеринен болбосо керек, болбосо адамдар дүнүйөгө азгырылып, дүнүйөгө тойбой, биринен-бири талашып жер жүзүн өз колдору менен талкалап, жашоону токтотуп салышпайт беле, эгер кудайымдын чийини болбогондо.
Ошон үчүн ойлогон ойлор чеги менен аткарылып, жер тең салмакта кармалып, жашоо уланып жатканы ошондондур.
Бир маалда үйдөн чыккан Бакен апа ойноп жаткан балдарды карап:-Ай, Жамай жүрү балам, үйгө кетели?-деп кыйкырды. Энесинин үнүн угуп Нуржамал ойноп жаткандарын жыйып алып, энесин көздөй чуркады. Биз анын артынан ээрчип бастык, энеси атына минип Нуржамалды учкаштырып,
энеме, бизге карап:-«жакшы калгыла, биздикине да барып тургула»–деди.
-Өзүңөр да жакшы баргыла, жаш болгондон кийин өзүң келип тур-деп энем күлө караганда;-Макул,
колум бошосо эле эрмектешкенге не жетсин-деп, атын келген жолуна кырды көздөй бурду. Аларды Короочу жүгүрүп үйдүн сыртынан узатып кетти. Мен алар кырды ашып кеткенче карап туруп качан гана кырды ашып кеткенден кийин карындаштарым менен ойноого кириштим.Күн түш мезгили болуп калган ченде, мылтык атылгандай тарс деген үн чыкты. Биз үн чыккан жерди карай калсак, бир чымчык чырылдап сайрап жерге түштү, аңгыча тарс деген үн дагы чыкканынан өйдө үн чыккан жакты карай калсам ыргыткан таштай болгон нерсе, шуулдап түшүп жерге чырылдап жаткан чымчыкка келип тийип, жерден аны илип алып асманга бир аз көтөрүлөйүн дегенде, чеңгелинен чымчык кайра жерге түшүп кетти. Ал бийик көтөрүлбөй,
чымчыктын артынан түшүп, чымчыкты чырылдатып илип асманга көтөрүлүп, чымчыкты үч-төрт чокугандан кийин чымчыктын үнү тып басылды. Улам ары учкан сайын көрүнбөй калышты. Мен ошондон кийин гана эсимди жыйып, чыркыраган алсыз чымчыкка болушуп аман алып калбаганыма өзүмдү жемелей баштадым. Эмне үчүн жакын эле жер болгондуктан,
таш менен урганым жок, жок дегенде үн чыгарып кыйкырган жокмун, кыйкырсам тиги коркуп кетет беле деп ичим тыз-тыз этип ачышты. Бул окуя эсимден кеткис болду, алдуунун алсызга кылган зордук зомбулугу менин ачуумду аябай келтирди, мен ыйламсырап;
-Эне азыр бир нерсе кичинекей чымчыкты илип кетти, байкуш чымчык аябай чырылдады, мен ага болуша албай калдым. Мен илген эмени таанып калдым, аны өлтүрбөсөм элеби, рагатка жасап аны ыргыта атпасамбы, жанакы чымчык эмне болду ыя, ал өлүп калдыбы, аны тиги жеп алдыбы, деп жаман жаным кейип арыздансам,
энем;-Ээ балам алдууга алсызды ошентип, кудайым жем кылып койгон, ага кайгырбай чайыңарды ичкиле-деди,
эч нерсе болбогондой.
Эч кимден жардам болбосуна көзүм жетип, чайга кирбей бычак алып рагатка жасоо үчүн табылгы кыйганы коктуну көздөй жөнөдүм. Энем артымдан:-«сак бол, жылан чагып албасын»,-деп эскертип кала берди. Мен жыландан аябай коркчумун. Эгер тиги зордукчуга жиним келбегенде,
коктуга жалгыз кирип табылгы кыймак эмесмин, мен чай ичүүгө кайыл болуп, шашкан себебим табылганы батырак кыйып, тиги зордукчуну таап рагатка менен атып өлтүрүп, чымчыкты бошотуп алмакмын. Коктудагы бадалдарды аралап, ачакей табылгы издедим. Көп өтпөй аны да таптым, бирок мокок бычак менен кыя албай көпкө илешип араң дегенде кыйып алып үйдүн жанына алып барып, рагатка жасаганга кириштим. Менин рагаткам бүткөнчөктү кеч да кирип кетти. Кой кайтарып келе жаткан атам менен агамды тосуп алуунун ордуна рагаткамды көтөрүп, таш менен октоп алып, зордукчунун кеткен жагына жөнөдүм. Ал күнү кечинде мал тейлешкеним жок, кечке зордукчуну издөө менен күн кечкирип, түн кирип эч нерсе көрүнбөй калышы жолтоо болду. Мен издегенимди таппай калганыма, чымчыктын тагдырына сар-санаа болуп чатырды көздөй жөнөдүм. Эртеси бүгүнкү болгон окуяны унутуп калып, күндөгүдөй эле эрте туруп, агам менен аттарга барып аттарды алып келдик, анан кой кайтармай, же үйдө калмай, бири-бирине окшош күндөлүк турмуш тиричилик менен алектенип, балалыктын алтындай күндөрү өтүп жатты. Ушундай бири-бирине окшош күндөрдүн ичинен өзгөчө эске калаарлык күндөр болот турбайбы.Арадан көп өтпөй түндүк жагы шиш чокунун айыл жагындагы түшө калышына жылкычы көчүп келгенин атам бизге айтып калды. Атамдын айтканын угаарым менен жылкычыларды көрүүгө кызыгып калдым да, атама, эбин келтирип ыңгайы келе калганда,-Аба эртең койду мен кайтарайынбы,
Конокказы абам, үйдө калып кыздар менен отун теришсин?-дедим.
Атам айтканыма макул болуп:-Болуптур анда койду эртең экөөбүз кайтаралы, мен дагы Чокмо менен жолугушсамбы дедим эле экөөбүз чогуу барып, кымыз ичебиз-деди.
Менин кубанычым койнума батпай, жүрөгүм алеп-желеп болуп, эртең мененки убакыттын бат эле боло калышын күтүп өзүмчө жылкыларды элестетип, бир орунга тура албай кубанып жүрдүм. Убакыт да токтоп туруп алмак беле, эртеси кой короодон чыкчу убак болду. Мен таза кийимимди кийип, кой кайтарбай эле чоң майрамга бара тургандай болдум. Шашканымдан Бопой торуну минип бир орунга тура албай короону тегеренип бастырып жүрдүм. Күндө койду эрте чыгаралы деп шаштырган атам ал күнү шашпагандай жай кыймылдагандай сезилди. Ага ичим бышып батыраак эле болбойбу, эмне мынча кыбырайт деп ичимден тилдеп жаттым. Атам атка минип бастыра бергенде, энем баштык берип:
#5 23 August 2015 - 12:51
-Мына бул баштыкты Чокмонун аялына берип кой, өрүлүктөгөнүм ушул, колум бошоп бара албай калдым, түшүндүрүп айтып кой, таарынышпасын өзү эмне келбейт деп,- деди.Биз койлорду жайып жылкычыныкын көздөй жөнөдүк. Мен Бопойторуну жөндөн жөн эле ары-бери чапкылап көрүп, атты кандай минеримди, чоңойуп калганымды көрүп атасыңбы дегенсийм. Биз эки кыр ашкандан кийин узун жондун түшө калышында, тигилип турган эки боз үйдү көрдүк. Жең ылдый койду жайып жатып боз үйлөргө жакындаган сайын, көгөнгө тизилген кулундарды,
үйлөргө кирип чыккан кишилерди, ары жагындагы жайылып жүргөн жылкыларды көрдүк. Мурда мындай айгыр үйүр болуп жайылып жүргөн көп жылкыларды,
желеге тизилип байланган көп кулундарды көргөн эмесмин. Биз койлорду калтырып, үйгө жакындаганда эки-үч аял көнөктөргө бээлерди саап жатышкан экен. Биз алар менен учурашып өтүп, обочороок турган, ат байланган маамылардын жанына барып түшө баштаганда гана иттер орундарынан турбай үрүмүш болушту, булар жедеп мурдатан келген кишинин көптүгүнөн көнүп бүтүшкөн окшойт. Бизди көрүп боз үйдөн чыккан менден үч-төрт жаштай улураак бала келип, атама салам айтты, аттам алик алып:-Атаң үйдөбү?-деп суроо узатканда, ал:-Үйдө-деп жооп берди. Биз боз үйгө кирсек боз үйдүн ичинде он чакты киши отурган экен. Баары ала-күү болуп, кызыл күрөө болуп өзүлөрүнчө бакылдашып сүйлөшүп жатышыптыр.
Биздин саламдарыбызды угушуп, алик алышып, көңүлдөрү биз жака бурулду. Атам мурунтан бери алар менен тааныш окшойт. Баары менен кол алышып, ал жайларын сурашып болгондон кийин, төрдөгү үч-төрт кишиден кийин барып отурду. Босогодогу туруп калган мени, атам курактуу киши,-Оо, азамат болуп чоңоюп калган турбайсыңбы,
кел-келегой,
- деп тура калып колумдан жетелеп тиги кишилердин аягына отургузду. Босого жактагы сабаны бышуулап жаткан аялга атам баштыкты берип, энемдин айткандарын айтканда, ал:-Жүзүмкандын дени сак, жакшы жүрөбү, балдарыңдын дени сак, мал башың менен аман эсенби-деди,
атам:-Жакшы,
жакшы турабыз, өзүңөр жакшы турасыңарбы-
деп учурашты.Мен бул аял Чокмо атанын аялы экенин баамдадым. Жанагы аял, сабаадан көнөккө кымыз куюп, анан чакадагы аз калган кымыздын үстүнө толтуруп, чөмүч менен кеселерге куюп, үйдөгүлөргө суна баштады. Кезек мага жетип, колума кымыз тийгенде, мурда ичип жүргөндөгүдөй көрүп, ачуурканып акырын ууртап көрсөм, андай эмес таттуу, ичкиликтүү экен, кесени чогуусу менен ичип, дагы ич дешкендерине болбой тышты көздөй жөнөдүм. Тышка чыксам, мен курлуу, менден кичүүрөк үч бала чүкө ойноп жатышкан экен. Аларга көңүл бурбай, түз эле желедеги кулундарга бардым. Аларга аябай кызыгып ар биринин жандарына барып суктанып карап жүрдүм, улам бирөө көзүмө жакшы көрүнөт, алардын жандарында бир топ жүрүп кызыгым тараганда, бээ саап жаткан аялды көрүп алардын тизелерине көнөктөрдү коюп алып, бат баттан саап жаткандарына таң калып жаттым. Андан ары жайытта жүргөн үйүр жылкыларды,
моюндарына коңгуроо тагылган айгырларды көрүү мен үчүн абдан кызык болду.Мурда ата-энем көлдүн жээгиндеги жана берки Коңурдун түбүндөгү сарайларда колхоздун чабыр койлорун багышып, мурда жайлоого келип көрбөгөн жаным, мага булардын баары кызыктуу болуп кээ бирлери түшүнүксүз болуп жатты. Ичимден түшүнбөгөн нерселеримди «атамдан сурабасамбы» деп койдум. Оюма мурда майрам күнү колхоздун клубунда кичинекей балдар үчүн көрсөткөн кинодон ушундай жылкыларды көргөнүмдү эстедим. Азыр болсо өзүн көрүп жаттым. Саанга айдап келген үйүр жылкыга көңүлүм бурулду. Жылкылардын ичинде бир кызыл айгыр өзүнчө айырмаланып,
жылкылардын улам бир четине чыгат. Моюнундагы коңгуроо чуркаган сайын шыңгырап өзүнчө сонун дабыш чыгарат, ал буттарын жерден жеңил көтөрүп, абада калкып жүргөндөй, жал куйругу жел аргыга сапырылып өзүнчө эле бир укмуш, жүндөрү жылтырап, күнгө чагылышат, кишенегеничи уккуң эле келет, айгырды карап туруп, мурда атамдан уккан Ботокан чоң атамдын тулпары эсиме түштү. Балким бул тулпар болсо керек, муну минип алып чаптырса айылга бат эле жетет го. Ал тургай тээ тетиги аска тоолорго деле бат эле жетип, ары жагы кандай экенин көрүп келсем кандай сонун болоор эле. Балким тулпар болсо аскадан аскага секирип чуркап, өткөндө атам айтпады беле Ботокан чоң атамдын тулпарынын күлүктүгүн,
керек болсо бир күндө көлдү тегеренип чыгат деп, ой тобоо бул тулпар экенин менден башкалар билбей жаткан чыгаар. Атама айтып бул тулпарды Чокмо атамдан сатып алалы десемби, бирок биздин үйүбүздөгү уй, койлорубуз жетпейт да, өткөндө Ботокан чоң атама тулпарыңды сат деп корологон кой берсе да болбой коюптур дебеди беле, балким тиги жайылып жүргөн койлорду берелик десек Чокмо атам сатып жүрбөсүн. Жок бул койлор элдики да, «карап тур, чоңойгондо көп акча, кой таап ушул тулпарды сатып албасамбы» деген ойго келдим. Ан сайын кызыл айгыр менин көзүмдү кызыктырып жер сууну жаңырта кишенеп, коңгуроосун шылдыратып,
жал куйругун сеңселтип, бээлерди тегеренип, туяктары анда-санда жерге бир тийип чуркап жүрдү. Мага анда дүйнөдө Чокмо атадан бай киши жок болуп көрүндү. Аттарыбызды карасам Бопойтору кишенеп, ары-бери тыбырчылап турду, а Куркукчу эч нерсе менен иши жоктой, ыргайдай болуп кыркыйып, кебете кешпири кетип уктап туруптур. Анын ушул абалы мага мокочодой көрүнүп, ал тургай ичиркенип алдым. Жок дегенде Бопойторудай болуп ары-бери тегеренип кишенесе боло, тигинде жүргөндөр көрүп, карачы аты жаман экен деп жамандашпаса экен, тиги байланып турган аттардын арасында деле мындай түрү суук көрүнбөйт. Бул кайдан чыккан деп намыстанып атам батыраак чыгып эл байкай элегинде кетип калсак экен, деп тилеп жаттым.Ал кезде тыбырчылап бир жерге тура албай турушкан семиз жылкылардан Куркуктун көп артыкчылыгы бар экенин кайдан билиптирмин.
Мен ошентип жылкыларды карап турганда, үйдөгүлөр чыгышып аттарын көздөй басышты, атам энем берген баштык менен кошо кичинекей кымыз куюлган чаначты Куркуктун канжыгасына байлап;-Жүрү балам аттаналы-деди.
Биз аттарыбызды минип, Чокмо ата менен коштошуп, тиги шиш чокунун берки бетинде жайылып жаткан койлорду көздөй ээрчише бастырып жөнөдүк. Мен боз үйдөн узап кишилердин үндөрү угулбай калганча суроолорум ичиме батпай араң эле чыдадым.-Аба тетиги кызыл айгыр кишенеп чуркап жүргөн Ботокан чоң атамдын тулпарынан күлүкпү- десем кымызга кызыл гүрөө болгон атам, артың карап: -Кайсы тулпарды айтып жатасың-деди.
Мен суроомду кайталаганда атам каткырып күлдү. Мен эмне үчүн күлгөнүн карап калсам, атам менин шагымды сындырбайын дедиби күлкүсүн токтотуп,-Чокмо атаңдын тулпары канча күлүк экенин ким билиптир, ал эми Ботокан чоң атаңдын тулпары чоң-чоң байгелерди утуп, бүт кыргыз-казака таанылган экен-деди. Мен ойлоно калып;-Аба?- дедим. Кайра атам:-Ии, эмне болду?- деп мени дагы эмне дээр экен дегенсип,-Чокмо атамдын тулпарын сатып алалыбы?- дедим, атам:-Эгер сатам десе эмне берер ээлең?- деди. Мен токтолбой: -Эки уйду, өзүбүздүн кой эчкилерди, Куркукту, Бопойторуну анан, деп токтоп калдым. Алар жетпесе тиги койлорду берели дейин деп баратканда,
кайра каткырып күлүп: -Анда Чокмо атаң, тулпарын сатмак турсун, үйгө алып келип берет-деп күлкүсүн улантты. Мен тулпарды алыш үчүн элдин койлорунан башкасы эле жетип калганына ичимден кубанып, атамды макул болду окшойт, болбосо күлбөйт эле, урушуп койот эле. Эми үйгө барганда энем макул болсо, кандай жыргал болоор эле, анда бул тулпарды минип бат-баттан айылга эжелериме барып, классташтарым,
балдарыма жолугуп турар элем. Мени көргөндөр абдан кызыгып карап, суктанышар эле, деп атама суроо берүүнү токтотуп, тулпарды минип жүргөнүмдү элестетип кыялымда жыргалга батып бараттым. Бир кезде алдыда бараткан атам:-«Сен жылкычы, мен чабан, кыйкырып добуш үн салам»-деп обонун созуп кое бергенде, оюмдан алагды болуп, атамдын ырын тыңшап калдым. Атам көңүлү ачык убакта, айрыкча ичип алганда, ушинтип обон созуп ырдап калчу. Ал ырдаганда үнүн кыспай эркин кое бергендиктенби,
же тоолордон жаңырып угулгандыктанбы кулакка жагымдуу угулду. Анын үнүнөн жаштыктын, өкүнүчтүн, сүйүнүчтүн,
бук болуп оюн бирөөлөргө жеткире албай кысылып жүргөндүктүн белгилери сезилгенсип турар эле.Эх, чиркин армансыз дүйнө болбойт эмеспи. Ошол олбурлуу кара тору, толмочунан келген, эч кимге пайдасынан башка зыяны жок, мүнөзү токтоо жигиттин ичинде эмне арманы бар экенин ким билиптир. Балким ал жаш күлгүн курагы ээн жерлерде койдун аркасында өткөрүп, өзүнүн курбу-курдаштарын алыстыгын ойлоп жүргөнүн, балким бир кездеги сүйгөн кызын эстеп жатканын ким билиптир. Айына бир жолу тоодон айылга барса, жоро жолдоштору кезигип калышса, эки үч күндөп ичкени да ошондондур.
Балким ичиндегилеринин баарын ушул обонго салып, эркин созгондо бугу чыгып калаар. Ошондо атам бир топ обонун созуп ырдагандан кийин улутунуп башын жерге салып терең ойго кетти. Мен атамдын сырдуу созулган обонун угуп, анын жагымдуулугуна ыразы болуп, «атам ырчы болсо кыйын ырдамак экен, эмне үчүн ырчы болой калды экен» деп ойлоп жаттым. Бир топтон кийин атам койлорго жакындаганда,
мага бурулуп:-Азыр койлордун аягы менен кыялап, тиги кырга чыгалы. Анан кыр менен жүрүп отуруп, шиш чокуга барып аттарыбызды отко кое берип, койлордун астын тосуп жаталы,-деди.
Экөөбүз ээрчишип кыялай бастырдык. Шиш чокуга чыкканда аттарыбыздын ээрлерин алып, отко койо бердик. Алдыларыбызга ээр токумдарыбызды салып койлорду карап жата кеттик. Койлор жакшы жайылып жатышкандыктан атамдын көңүлүнүн ачык экенин көрүп, бүтпөй калган суроолорумду бере баштадым. -Аба жанакы жылкылардын баардыгы Чокмо атаныкыбы?- дедим. Атам; -Жок балам, алар колхоздуку,
Чокмо атаң биз өңдөнүп багып берет- деди. -Жанагы боз үйдүн ичиндеги кымыз куюлган кара нерсе эмне, аны эмне үчүн таяк менен ургулайт?-дедим.
-Ээ балам аны саба дейт, жанакы таякты бишкек дейт, аны менен ургулаганы,
ичиндеги кымызды ошентип бишкектеп ачытат. -Ал эми чайнеке окшогон, кымыз куйган чоң немечи? -Кымызды ошого саайт, аны көнөк дейт,-деп уламкы суроомо атам ошол замат жооп берип, жанакы айгырга эмне үчүн коңгуроо тагышканынын себеби-жылкы баласы күнү-түнү көп жегендиктен,
жылкылар түн ичинде да жайытта жүрүшөт. Ошондуктан айгыр үйүрүн эч убакта таштабайт. Ошондуктан,
жылкылардын кайсы жерде жүргөнүн билиш үчүн аларга коңгуроо тагып коюшат,-деди.
-Эмне үчүн кулундарды ачка байлап коюшат? -Алар энесин ээмп албаш үчүн байлап коюшат, энелеринин жанында жүрүп алышса биз кымыз ичпейт элек го, кулундар ачка деле болушпайт. Энелерин ийитиш үчүн күндүз эки-үч саат ээмп турушат, түнкүсү энелеринин жандарында жүрүп оттошот. Эми балам бир аз уктайлы, сен да эс ал. Атам үргүлөп, оозун ачып эстеп, ушундан кийин менин дагы сууроолорум бүтпөй калды. Атамдын чындап эле уйкусу келген экен, бир аздан кийин коңурук тарта баштады. Менин уйкум келбегендиктен чокуга ары бери басып, тегеректеги үйлөрдү, тоолорду, көлдү карап андан кийин көпөлөк кармаганга кириштим. Кечинде үйгө барып малды тейлегенден кийин үй-бүлөөбүз чогуу тамакка отурганда атам экөөбүз күндүзгү уккан көргөндөрүбүздү ортого салып сөз баштаганы отурганда мен ага чейин эле энеме чыдай албай көргөндөрүмдүн бир тобун айтып жиберген элем. Чаначтагы кымызды куюп жатып: -Ээ Сагалы, бу уулуң кайсы тулпарды айтып жатат?-деп калды чарчаганына карабай атамдын жүзүнөн күлкү көрүнүп; -Бул уулуңду гүлтүгү жок эле бөлөгөн окшойсуң. Чокмонун кызыл айгырын көрүп алып мага ушул айгырды сатып бер, акысына уй-койлорду,
аттарды берели-дейт дегенде, энем баштап күлүп жиберишти. Агам озунуп мени башка бир коюп: -Бир айгыр алыш үчүн ошонун баарын бериппи-деди.
Мен агама ачуум келе түшүп;-Сен ал айгыр тулпар экенин билбей эле сого бересиңби, ал укмуш күлүк экен-дедим, ал:-Эй, келесоо азыр тулпар болчу беле, ал жөнөкөй эле айгыр- деп мага кыйкырганда экөөбүз кармаша турган болдук. Атам; -«Кантишет эми, болбогон неме үчүн урушуп»,-деди.
Биз орду оордубузга отуруп калдык. Мен ичимден буларды кызыл айгырдын тулпар экендигин кантип ишендиреримди билбей жаттым. Атамдын да кызыл айгырды алыстан көрүп, тулпар экенин билбей калганына өкүндүм. Кызыл айгырды жылкычылар кууганда өз көзүм менен көрбөдүм беле, анын жеткирбей койгонун. Ал чыныгы тулпар болчу, анын тулпар экенин жылкычылар дагы билген жерлери жок. Көрбөгөн буларды эми кантип ишендирем деп жаттым. Тигилер башка сөзгө алаксып тулпар жөнүндө сөз болбой калды. Мен аларды түшүндүрө албасыма көзүм жетип, аларга таарынып тышка чыгып кеттим. Ошол түнү түшүмдө Чокмо атанын кызыл тулпарын минип, аска-тоолордун чокулары менен чаптырып жүрүптүрмүн.
Тулпар бир чокудан экинчи чокуга оңой эле секирип жатты, көлдү айлангандан кийин түзгө түшүп, көп канаттуу үйлөрдү, шаарларды аралап, андан ары алдымдан бийик чоку көрүнүп ага оңой эле чыгып барып, шаарларды, тоолорду карап жатып;-Көрдүңөрбү кандай тулпар экенин айтсам, ишенбей койбодуңар беле-дегенсийм.
Көрсө өңүмдөн да кыйкырып жаткан экенмин. Энем кучактап өзүнө тартып; -Эмне болду түш көрүп жатасыңбы балам- дегенде ойгонуп, көзүмдү ачсам, жаңы эле таң атып жарык болуп калган экен, кайра уктап кетиптирмин.
Үйдөгүлөрдүн кыжы-кужусунан ойгонуп кетсем, дасторкон салып чай ичишкени жатышкан экен.-Эмне ойготкон жоксуңар, аттарга барбайт белем-десем,
атам:-Аттарды агаң өзүм эле алып келем деп, сени ойготтурбай өзү эле кетти. Кел кекиртегиңерден бир жыттатып койчу-деди, ичи ысып кетти окшойт. Мен барып кекиртегимди тозсом шуркурата жыттап:-«ох уктап жатып, кекиртегиң сасып калган турбайбы»,-дегенде чын эле кекиртегим көп уктаганда сасып кеткен го деген ойго кеттим. Мурунку күнү атам менен кой кайтаргандыктан ал күнү үйдө калдым. Атамдар койлорду, уйларды короодон чыгарып кетишкенден кийин энем адаттагыдай эле сүт жылытып тарта баштады. Карындаштарым үйлөрүн жыйнашып, идиштерин жууй баштаганда,
баякы чымчыкты илип кеткен зордукчу эсиме түшүп, рагаткамды алып чатырдын артындагы кырды көздөй бассам, энем артымдан; -Сен алыс кетпе, сүттү тарткандан кийин отунга барабыз-деп кыйкырды, мен: -Макул-деп жооп кайтарып, көзүмө ошо зордукчу урунаар бекен дегендей асманды карап бараттым. Жакын жерде эч нерсе көрүнбөйт. Кыр жакын эле болгондуктан,
бат эле кырга чыгып бардым. Ал жерден «Чычканбашы» жайлоосу даана көрүнгөндүктөн,
талаа түздөрдү, карагайлуу тоолорду, ак мөңгүлөрдү көрүп жатып ылдый жагымдагы «Жалгыз-карагай» көзүмө уруна түштү. Анык ээси Кызыл элик эсиме түшүп, «ал эмне үчүн», деген суроо келди, ага кайра жоопту бат эле таптым. «Ал касийеттүү да ошондуктан башка эликтерден өзгөчө болот да, ал касийетүү болгондуктан сыйкырчы да, азыр кайда болду экен балким карагайдын түбүндө уктап жатканда, акырын барып кармап алып:- эй Кызыл элик, сен мага Чокмо атамдын тулпарын Ботокан чоң атамдын тулпарын таап берсең, мен сени кое берем- десем, ал макул болуп «сүп» дегенде жаныбызга тулпар пайда болуп калса мен түндөгү түшүмдөгүдөй тээтиги аскалар менен чаап, көлдү тегеренип чыксам кандай сонун болоор эле», деп кыйалданып жатсам эгиз карындаштарым Алиман менен Калиман: -Сизди энем отунга баралы деп чакырып жатат- дешти. Мен алардын артынан келсем, -Алыс кетпе дебедим беле кайда жүрсөң күттүрүп,-деп энем ачууланды. Биз отун таңган жиптерибизди,
балтабызды алып коктуну карай бастык. Коктудан бадалдардын куураган бутактарын балта менен энем кыйып бизге берип жатты. Бир топ кыйгандан кийин энемдин чекесинен тер кетти. Күшүлдөп бышылдай баштады. Көрсө ошондо эле ооруп жүргөн окшойт. Мен ага боорум ооруп:-Бериңизчи балтаны, мен кыйайын-десем,
энем;-Жок балам өзүм эле кыям, бутуңду чаап аласың-деп болбой койду. Мен кайра-кайра суранып жатып балтаны алдым. Куураган бутакты чапсам балта кайра ыргып тырмалаңдап жатсам, энемдин мага боору оорудубу; -Эми мага берчи, мен эс алып калдым,-десе мен болбой дагы эле кыйууга аракет кылып жатым. Акыры, алмак салмак кыялы-деп балтамды алды. Ошентип энем экөөбүз балтаны талашып жатып баарыбызга бир көтөрүмдөн отун кыйып мындан кичинекей болгондуктан Светага гана отун көтөрткөн жокпуз. Отундарыбызды көтөрүп, жөжөлөрүн ээрчиткен тооктой болуп, үйгө кыбырап жеткенибизче күн ысып түш болуп кетти.Чатырдын көлөкөсүндө Короочу уктап жаткан экен. Биздин табышыбыздан чоочуп кеттиби ажылдап үрүп тура калып, бизди көрө койуп кайра жатты. Биз алып келген отундарыбызды жерге койуп чекебиздин терин аарчып отуруп кылдык. Мен аябай суусап кетип, чатырдын оозуна ит кирип кетпесин деп койгон эргилчекти чечип, алып койуп чатырга кирип барып босого жакта турган уй кымыз куюлган чаканын капкагын алып сүт тарткан машинанын жанындагы чалгычка колумду суна бергенде, килейген кара чаар жылан чалгычтын жанында токочтой болуп оролуп жаткан экен. «Ыш-ыш» деп тилин чыгарып мага айбат көрсөттү. Мен «баа» деп коркконумдан кандай кыйкырганымды билбей калдым да, тышты көздөй чуркап чыктым. Менин ачуу кыйкырыгымдан улам баары карап калыптыр. Коркконумдан өңүм да кубарып кетсе керек, айрыкча энемдин жүрөгү жарылып кете жаздады көрүнөт; -Эмне болду!-деп кыйкырып келип, кучактай калды. Мен эч нерсе айта албай аптыгып: -Ти-ти-ти, ча-ча тырда жыл…ан-деп колум менен чатыр жакты көрсөттүм. Мен айтып түшүндүргөнчө энемдин оюна чагып алган го деген ой кеттиби: -Балам чаккан жокпу!-деп кыйкырып жиберди. Мен анын суроосуна жооп бере албай ыйлап жибердим. Энем:-«мына балакет эми болбодубу, баланы чагып алган турбайбы, атаны кокуй ай! Ээ, шорум ушинтип кыйнамаксың»-
деп ыйлап, ар кайсы жеримди сыйпалап жатты.-«Оо кокуй ой! жылан чаккан адам оңой менен кайтпайт дечү эле. Ушинтип кешигимди жемекминби.
Атаны кокуй ай, атаны кокуй ай!»-деп безеленип ыйлап жатып, эсине келе калдыбы,-«Кана,
кайсы жериңди чагып алды, мен соруп таштайын»-деп мага жогору карады. Мен: -Чаккан жок- дегенге араң жарадым. Энем ошол сөзүмдү эле, күтүп тургансып оор үшкүрүп, анан бети башымдан жаңы көрүп жаткансып өпкүлөп жиберип; -Кудай чоң колдогон тура. Мени жалооруй карап, көңүлү жайлана түшкөндөн кийин- ал кайда жүрүптүр балам- деди, мен:-Тиги чатырда, сүт машинанын жанында- дедим. Энем чатыр жакты карап калды да: -Ал желмогузду алып чыгыш керек- деди.Карындаштарымдын көздөрү алайгандан чатыр жакты карап, үн сөз жок турушту. Энем өзүнө келгенден кийин узун жыгачты алып чатырдын эшигин чоң ачып, сүт машинасынын үстөлүнүн үстүндө идиш аяктын арасында токочтой болуп ийилип, башын көтөрүп тилин чыгарып турган кара чаар, узун жыланды көрдү. Энем жыландан абдан коркорун мурда айтып калчу, бул жолу анын ачуусу келип, баласын коркутканына жини келип, таяк менен илип тартты. Ал столдон жерге кулап түштү, аны кайра илип, чатырдын оозуна алып келди. Тигинин эти оорудубу, башын көтөрүп, тилин улам-улам чыгарып «ыш-ыш», деп ышкырып энеме тап берип жатты. Энем таягынын учуна илип, коктуну көздөй ыргытты. Ал көп алыс түшпөй, кайра энемди көздөй сойлоп башын көтөрүп, тилин чыгарып кайра качыра баштады..Энем менен жыландын ортосунда күрөш башталды. Кулачтан ашык кара чаар жыланды союл менен илип ыргытканда,
эки метрче жерге ыргып барып түшөт да, кайра башын көтөрө калып, союлдун учуна урунуп жатты. Энемдин бир чети кыжыры кайнап бир чети жыландын түрүнөн итиркейи келип, коркуу ойуна келбей кичинеден болсо да коктуну көздөй улам арылатып ыргытып жатты. Энем мурда жыландан аябай коркчу, аны алыстан көргөндө эле «Ии капырдын түрү суук» деп ичиркенип алып, чочуп кетип качып жөнөчү. Короодон же үйдөн көрсө ак чачып, өзү сойлоп чыгып кеткенче алыстан акмалап карап тураар эле. Бул сапар эмнегедир жыланга ак чачкан да, андан корккон да жок. Улам ыргытып отуруп, коктунун кырына келгенде, энем болгон күчү менен чымырканып туруп коктунун таманын көздөй ыргытты. Анан тердеп кургап, күйүгүп калган көрүнөт, күшүлдөп-бышылдап өңү кубара түшкөн экен. Биздин жаныбызга келип дөңгөчкө отуруп, терин аарчыгандан кийин «капыр ий» деп, ичиркенгенсип силкинип алып эсине келгенде коркуп кетти көрүнөт. Кайра келип калган жокпу дегендей кылып эки жагын каранып койду да, «үх» деп үшкүрүп, бизге кайрылып;-Өлүгүңдү көрөйүндүн түрүнүн сууктугу, мурда коркуп жанына жолочу эмесмин, эми силерге кол салабы деп коркконумду билбей калыптырмын.
Башын көтөрүп качырганынан,
ак чачкан эсиме келбей, батыраак көздөн далдаа жоготойун дебедимби. Эми эрегишип калбаса болду- деп кокту жактагы өзү келген жолду карап койду да, анан мага карап:- кел бери, апаптап койойун- деди. Мен жанына барсам эки сөөмөйүн озума салып какатып, далыга муштап:-«ап-
ап»-деп, алаканымды сундуруп бир жерге, бир алаканымды муштагылап-
«тол-тол-тол»-
деп, анан ашказанымдын үстү жагын өйдө көтөрүп ырымдап койду да, санаасы тына түшкөндөй,-«эми чай койолу, биздин чайыбыз кайнаганча атаңар да келип калаар»-деп чатырды көздөй басты. Менин да, карындаштарымдын да жылан менен болгон окуя эстерибизден кетпей калды.Карындаштарым мурда жыланды көрбөгөндүктөн,
анын мынча коркунучтуу экенин, кандай болоорун өз көздөрү менен көргөнгө, жыландан аябай коркуп жүрүштү. Мен дагы байкоостон көрүп, аябай коркуп кеткенге, чөптөрдүн арасына жылан толуп алгансып чөп бутума тийип кетсе эле, чочуп секирип кетип жаттым. Мурда чөп чарды аралап жылаңайлак көпөлөк кууп ойноп жүрө берчү элем. Ошондон кийин жылаңайлак чөп менен баспай калдым. Энем да сак болуп калды көрүнөт, үйдүн ичиндеги оокаттардын баарын бирден чыгарып, күбүп-кагып жайып жатты. Ошентип ошол күнү кырсык мени жандап өттү.Дайым эле ушундай жакшы аяктаса гана, биз адамдар дайым сактана албай, кээде кырсыкка өзүбүз кабылып алат турбайбызбы.
Ошон үчүн кудайым: «сактансаң сактаармын»-
дейт тура. Мындай коркунучтун кайра кайталанбасын алдын ала ким айта алмак. Ушул айлана-чөйрөдө жыландар абдан көп боло турган. Кийин биздин үйдөн жыландар менен далай кездештик, чатыр коктунун чыга беришинде болуп, анын үстүнө тамак-аштын жыт-жыбыры менен далай жолу жыландар биз менен кошо жашаган учурлары да болгон. Биздин үй-бүлөнүн турмушунда бул, жылан менен алгачкы гана кездешүү болчу. Кечинде болгон окуяны атама төкпөй-чачпай айтып берсек, ал камарабай туруп:-Мен бул жерден жыландарды көп эле көрчүмүн, силерди коркот деп айтчу эмесмин. Сак болгула бул жерде жыландар көп экен-деди. Арадан бир топ күн өткөндөн кийин эсте каларлык дагы бир окуя болду. Конокказы абам, мен, Алиман, Калиман, Жаңылкан болуп согон, ышкын, козукулак, кызыл-мияз терүүгө чыктык. Ал күнү Светаны жол алыс деп ээрчиткен жокпуз, анын үстүнө энем да мени менен калсын деп алып калды. Биздин чатырдын күн батыш жагында тиги эки бийик чокуга караганда бир топ жапыз дагы бир чоку боло турган, ал чокуну тиги батыш жакы чоку менен «Чычкан-Башы» жака кетчү кыр байланыштырып турчу.Биз ошол ылдыйкы чокунун берки түшө калышындагы жарларды көздөй кеткен жалгыз аяк кыр жолдор менен ээрчишип бараттык. Өткөн окуядан кийин жыландардан коркуп, абайлап басып калганбыз. Элеңдеп жылан көрүнбөйбү деп эки жагыбызды карап кетип бараттык. Биз бет алган шиш чокунун чыга беришиндеги кырда, согондор көп өскөнүн мурда кой кайтарып жүргөндө эле көргөндүктөн,
агам экөөбүз билчүбүз. Биз жолдо баратып,адегенде согон терип, андан кийин бери түшүп, жардын боорунан кызыл-мияз термей болуп сүйлөшүп алдык. Үйдөн чыккандан бери орто жердеги чолок кырды ашып, андан аркы шиш чокунун кырына чыктык. Мен алдыда бараткам. Кырдын тескей бетинде согондун жайнап өсүп турганын көрүп:-Мына согондун кени! Тим эле жайнайт!–деп артымдагыларга кыйкырдым. Тигилер менин үнүмдү угуп чуркап келишти. Тим эле айдап койгондой өскөн экен, гүлдөп турган маалы болгондуктан көпкөк болуп гүлдөгөн согондун баштары жел аргыга ыргалышат. Согондун жыты буркурап көңүлүбүз көтөрүлө түштү. Согондун гүлүнүн жыты чеснок, пияздын жытына окшоп кетип, тамактын даамын жакшы чыгарат. Бул гүлдөрдү кургатып, аны ушалап, жаргылчака тартса кара мурч сыяктуу болуп калат. Аны баштыка салып сактап коюп, тамак жасаганда кичинеден кошуп койот. Баарыбыз согонду көргөндө жыландар да эсибизден чыгып, улам бир согонго чуркап, терип жүрдүк. Бир топ тергенден кийин согондун кичине баштарын калтырып, чоңдорун терип тандай баштадык. Кимибиз көп терер экенбиз деп атаандашып терип, күн түш болгондо гана атайын согонго деп алып чыккан идиштерибиз толгондо согон терүүнү токтоттук. Ала келген тамактарыбызды ичип алып, ошол эле шиш чокунун күнгөй бетиндеги жарлардан кызыл-мияз терүүгө жөнөдүк. Биз кырга чыкканда өзүбүздүн чатырыбыз, чатырдын тегерегинде жүргөн Света, музоолор, Короочу, энемдин самоор кайнатып жүргөнү көрүнүп турду. Биз ылдыйлап отуруп, коктунун кырына келип жарларга такалдык. Жарды кыдырып жаңы эле басканда, топ-тобу менен өскөн кызыл-мияздарды көрүп, аларды баштыктарыбызга салып, кабыктарын аарчып жей да баштадык. Ал убакта кызыл-мияз ширелүү болуп, убагы экен. Барган сайын улам кызыгып, кызыл-мияз көрүнсө жардын бийик жеринде болсо да чыгып үзүүгө аракет кылып жаттык.Бир кезде кандай бийик жарга чыгып кеткенимди өзүм да байкабай калыптырмын.
Топтошуп өсүп турган кызыл-миязды көрүп жардын боору менен тырмышып чыга баштадым, жардагы кичинекей чуңкурчаларды тээп, колум менен жардын урчуктарын кармап жүрүп отурдум. Топтошкон кызыл-миязга уламдан улам жакындап келе жаттым. Бир убакта бутум баскан жердин топурагы кемирилип урап кетти, мен жанталашып куураган арчанын бутагына жармаштым, экинчи бутум менен бир урчукту тээп турдум. Бирок ал урчук тайыз болгондуктан,
бутум араң эле таканчыктап,
күчтүн баары арчанын бутагына келди. Уламдан улам арчанын бутагы жулунуп бараткандай болуп узара баштады. Берки бутума таяныч издеп, ылдый жагымды карасам, көзүм жамандыкты көрбөсүн жардын бийик экенин көрүп, жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Жардын бийиктиги бери дегенде жүз метрдей экен. Түбүндө чоң-чоң таштар, андан кийин майда шагыл таштар, анан коктунун таманы. Бир бутум салаңдап, экинчи таканчыктап турган бутумдун учу ооруй баштады. Арчаны кармап турган колум карышып, алы кетип баратты. Эгер жардын түбү жумшагыраак кум болгондо, буту колумдун ооруганына чыдабай боюмду таштап жибермекмин.
Кайра ылдый жагымды карап, жумшагырак жер болуп калса, боюмду таштамакчы болдум, жок, жалаң чоң-чоң таштар жатат. Алым уламдан улам кетип, үмүтүм үзүлө баштаганда,
Конокказы абама:- Жыгылганы жатам-деп ый аралаш кыйкырганга араң жарадым. Ал убакта абам эч нерседен бейкапар карындаштарым менен кызыл-мияз терип жүрүшкөн. Алар мен бөлүнүп калып жарга чыгып кеткенимди байкашкан эмес. Менин үнүмдү угушканда эки жактарын карашып, жакын эле жерден үнүмдүн чыкканын угушуп, Конокказы абам жаңы эле ордунан козголойун дегенде Алиман күлүп:- Бекказы абам алдап жатат, атайын жашынып алып бизди коркутуп жатат-дегенде,
алар жашыруун сырды ачып алгандай өздөрүнө ыраазы болуп күлүп, мени шылдыңдап отура беришиптир.
Ал кезде кичинекей сүйкүмдүү жакшы көргөн уулунун өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганын ата-энем көрүшпөсө да, жүрөктөрү сезип бакырып жиберчүдөй болуп, бир орунга тура албай жатышыптыр.
Атам койлорду жайытка таштап коюп үйгө келиптир. Энем да өзүн начар сезип, экөө чатырдан чыгып капталдап басып маңдайдагы балдарын карап жүрүшүптүр.
Ошол маалда бир туугандарымдын шарактап күлүп жаткандары,
алдап жатат дегендери мага угулуп жатты. Мен аларга алдабай эле чын айтып жатам деп кыйкырайын десем, арча жулунуп кетчүдөй болуп, коркуп кыйкыра албай акыркы үмүт менен өйдө жакты карадым. Мен кармап турган куураган бутактан кыска ичкерек дагы бир жашыл бутак турат. Экинчи колумду сунсам жетчүдөй эмес. Эми эмне кылам?-деген ойго келдим. Кайра бир туугандарымды карасам көрүнүшпөйт,
үндөрү да басылып калды, мен болгон күчүмдү жыйнап тиги бутака секирүүдөн башка аргам калбай калды. Эгер жетпей калсамчы, анда деп эч нерсе ойлогум келбей, болгон күчүм менен тобокелге салып, экинчи бутака секиргенде,
экинчи колум менен бутактын учун кармап калдым. Бирок буттарым таянычы жок салаңдап калды. Мени бул сапар салмагымдын жеңилдиги сактап калды. Буттарыма таяныч издесем жып жылма болуп таканчыктаганга эч нерсе жок. Кармап турган арчанын бир бутагы куураган бутак болсо бирөө ручканын сабындай ичке,мындай да, көпкө чыдай албасымды сезип улам бир колумду акырындап жылдырып жанталашып өйдө жыла баштадым. Буттарым аз да болсо жардын уурчуктарына илинип ал да жардам болду. Ошонтип улам өйдөлөгөн сайын арчанын бутактары жоонойуп жашоого үмүт пайда болуп кайраттана баштадым, тырмышып отуруп арчага чыктым да, андан кийин жардын кырына чыктым да, сүйүнгөндөн ыйлап жибердим. Бир аз эс алып өзүмө келген соң көздөрүмдү сүртүп тигилерден уялып ыйлаганымды билдирбөөгө аракет кылып, алардын үндөрү чыккан жерге басайын десем буту-колдорум өзүмө баш ийбей титиреп, темтеңдеп араң басып жөнөдүм. Мен алар турган жерге жеткенде Алиман мени көрүп тапкычтыгына машырланып күлүп,-Мына Бекказы абам алдап жатат дебедим беле-дегенде,
өзүмдү кармай албай: -Алдабай эле, мен силерге чындап кыйкырганмын,
аз жерден өлүп кала жаздабадымбы,
- деп ыйлап жибердим.Ошондо менин ыйлаганымды көрүп шектенип, бир четинен сестенип туруп калышты. Агам Алиманды жемелеп: -Мына мен барайын десем сени алдап жатат-деди. Алиман күнөөсүн мойнуна алып жер карап; -Мен мурункудай көрүп, алдап жатат экен десе-деп жалооруй карады. Баары менин кебете кешпиримден корккондуктун,
ыйлагандын белгилерин көрүп, мени аяшып, бери келбей коюшканына өкүнүп жатышты. Мен аларга: -Жүргүлө- кайсы жерден учуп кете таштаганымды көрсөтөйүн-
дедим да алдыга түштүм. Алар артымдан үн-сөз жок ээрчий басышты. Кулап кете жаздаган жерге барып көрсөтүп, болгонун болгондой айтып бердим. Менин бутумдун тактары, арчанын уйпаланганы,
сынган бутактарды көрүп алышып, менин кантип аман калганыма бир туруп таң калышса, бир туруп мага өзүлөрүнүн жардамга келбегендерине өкүнүп жатышты. Андан кийин тегерегибиздеги жарлардын баары бизге коркунучтуу көрүнүп, кызыл-мияз тергилерибиз келбей калды. Терген кызыл-мияз, согондорубузду жыйнап алып, үн сөз жок үйдү көздөй ээрчишип жөнөдүк. Бир аздан кийин чатыр көрүнүп, андан бир топ бери капталдан атам менен энем колу менен биз жакты көрсөтүп бир нерсе дегендей болду. Биз ээрчишип үйгө келсек, ата-энем үйгө кирбей тышта турушкан экен. Аларга жете электе эле энем: -Деги аман-эсен келе жатасыңарбы,
жиберерин жиберип коюп санаабыз тынбай, сар-санаа болдук-деди,
баарыбыздан мурда Жаңыл озунуп: -Бекказы абам жардан кулап кете жаздады- деди, энем;-Ошондой болгонун билип жүрөгүм туйлап, бир жерге тура албай жатсам, атаңар да сезгендей коюн таштап келиптир. Экөөбүз тең силерди аман-эсен келишкей эле деп кудайдан тилек кылып тышта басып жүрүп, силерди көргөндө араң санаабыз тынбадыбы-деп,
мага эңкейе калып,-эч жериң ооруган жокпу- деди. -Ушу сенден азап кетпей койду го-деп бооруна кысып, бети башымдан өөп, кайра өңүмө карап:- ии кагылайын кебетең кантет. Боз чампадай болуп-деп өткөндөгүдөй апаптап, жүрөгүмдү көтөрдү. Атам болсо ачуусу келип; -Тентектигиңден эмнени көрөөр экенсиң, дайым айтам ойноок болбой жүр,-деп мени тикирейе карап, дагы тилдегиси келсе да кебетемди көрүп, ары жакта токулуу байланып турган атын көздөй басып кетти. Эртеси кой кайтаруу агамдын кезеги болсо да, мен болбой ээрчип алдым. Менин оюмда атам менен жылкычыга барып баягы кызыл айгырды, жылкыларды,
кулундарды көргүм келди. Койлорду короодон айдап чыкканда эле атама,-Аба, койду жылкычыныкы жактагы түзгө кайтаралыбы?
Мен жылкыларды көргүм келип жатат,-десем,
атам да кымыз ичкиси келип турган окшойт; -Макул балам тиги алдыдагы эчкилерди ошол жака буруп кой- деди. Мен Бопой торуну чапкылап барып, ылдыйкы шиш чокуну көздөй бараткан эчкилерди Чокмо атаныкын көздөй кайрыдым. Баккан койлорубуздун үч жүздөйү эчки улактар болчу. Атам эртең менен койлорду чыгарганда дайыма санап чыгаруучу. Ал элүүгө чейин санап элүүгө жеткенде колун жумуп кайрадан бир эки деп башынан саноочу. Анткен менен эсепке так болуп, курттап бирөө жарымы жайытта калып калса канча койдун жок экендигин билип койчу. Ар бир кой-эчкини баккан акыбыз үчүн башына жыйырма тыйындан ай сайын жыйнап алар эле. Ошондо айына үч жүз сомдой акча чогулчу. Андагы акчанын күчү азыркыга салыштырганда «Америка долларынан» да күчтүү болчу. Азыр эсимде ошол кезде үйдүн баасы үч жүз сомдон, жылкынын баасы беш жүз сомдон ашчу эмес. Койдун басы элүү сомдон жүз сомго чейин болчу. Биз койлорду жайып кырга чыкканда эле боз-үйлөр, желедеги кулундар, тегерегиндеги кишилер, ары жак тоонун бетинде жайылып жүргөн үйүр жылкылар көрүнө баштады. Эмнегедир кызыл айгыр көрүнбөйт. Бир кезде тээ ылдый жактагы Чычкан-Башына кеткен жолдо жылкыларды сууга айдап бараткан жылкычылар көрүндү. Ичимден кап Кызыл айгырды үйүрү менен сууга айдап кетишкен го, бүгүн көрө албай калып жүрбөйүн деген ойго кеттим. Биз койлорду
#6 23 August 2015 - 12:52
Биз койлорду шашпай тескей бети менен жайып отуруп, боз үйлөрдүн чыгыш капталдарындагы тоонун бети менен боз үйлөрдөн өтүп түзгө түшүрдүк. Ал түз туурасы жүз метрдей, узуну беш жүз метрдей, тоолордун ортосунда атайын түздөп койгондой жер эле. Ал жерге майда шибер чөптөр чыгып, койлор бир топко дейре эч жака кетпей жакшы оттошчу. Биз түзгө түшкөндө түздүн аягындагы дөңсөгө дагы эки боз үй тигилип калыптыр. Атамдан: -Бул ким көчүп келген?- деп сурасам, -Бул Чычкандын жылкычысы Ошур деген киши көчүп келиптир- деди. Мен ичимден Ошурдун жылкыларын көргүм келсе да, кызыл айгыры бар Чокмо атаныкына барууну туура көрдүм. Атама ал жака баралыбы деген жокмун. Койлордун чети-белин иймерип коюп, Чокмо атанын үйүн көздөй бастырдык. Бул сапар ат байлоочу мамылар да, ээр токумчан аттар көрүнбөйт, балдар үйдүн жанында ойноп жатышыптыр.
Ары жакта эки аял бээ саап, Турду менен Чатан кулун кармап турушат. Алар менден эки үч жаш улуу балдар эле. Алардын аттарын, ким экенин өткөндө абамдан билип алганмын. Иттер биз жакындаганда ажылдап үргөндө Чокмо ата боз үйдүн арт жагынан басып келип,-Оо Сакем, уулу экөө келе жатышкан турбайбы-деп күлүп учурашып тосуп алды. Биз үйгө кирсек төрдө толмочунан келген жашы жетимиштерге барып калган кемпир жүн тытып отурган экен. Атам: -Күүлү жакшы турасызбы эне-деп кош колдоп учурашты, кемпир алик алып: -Мал башың менен аман эсен жүрөсүңбү-деп экөө бири-биринин ал жайын сурашып жатышты. Чокмо атанын да кемпири үйдө экен, ал мага карап: -Кел өтөгой-деди.
Биз жайланышып отургандан кийин Чокмо атанын кемпири адатынча кымыз куя баштады. Атам кымыздан бир кесе ичкенден кийин сөз баштап: -Ээ Чоке, бу сенин Кызыл айгырың көрүнбөйт го, менин уулум аны аябай жактырып калыптыр. Чокмо атам сатса сатып алалы деп ээрчип келди- деди, Чокмо ата күлүп;-Аа айланайын балам, ал Кызыл айгырдын баасына атаң экөөңдүн жанакы айдап жүргөн коюңар чак келбейт, анын баасына атаң экөөңөр чыдабайсыңар-
дегенде үйдүн ичиндегилердин баары күлүп жиберишти. Мен оңтойсузданып уялганымдан кызара түшүп, ичимден «ооба кымбат экенин билгенмин, элдин коюнун баарын берсек да жетпейт турбайбы, атам кымбат экенин билгенден кийин уят кылып сурабай эле койсо болмок, кой эми минтип шылдыңга калгыча койдун жанына кетейин», деп бир жолу өз кулагым менен угуп Кызыл айгырдан түңүлүп үйдөн чыкканча шашып,-Ата мен койго бара берейинчи-дедим,
атам жооп бергиче ордумдан тура жөнөдүм. Мени бул жерден эч нерсе кызыктырган жок, тыштагы желедеги кулундар да, бээ саап жаткандар да, эки жакты карабай Бопой торуга минип койлорду көздөй чаап жөнөдүм. Жолдо баратып койлордун баары өзүбүздүкү болгондо да Кызыл айгырга жетмек эмес турбайбы. Кызыл айгыр аныгы тулпар экен го, эми аны ала албайт турбайбызбы деп андан бир жолу көңүлүм калып, койлорго жеткенде атымды отко коюп, койлорду карап жаттым. Күн өйдө көтөрүлгөнү менен абдан ысый элек болгондуктан,
койлор жан талашып оттоп жатышты. Тигинде Акматбек атанын мүйүздүү, кызыл кыргыз кою абдан баштанаак. Азыр да койлорду баштап, түздөн тоонун боорун көздөй жөнөдү. Эчкилер болсо мурда эле тоонун боорундагы бадалдарда жүргөн, Чабайдын кемпиринин серкеси, эчкилердин эң баштанагы эле. Ал кырга жакындап калыптыр, балким кырды ашып Жасукей атанын койлоруна кошулуп кетпесин деген ой менен, ордумдан туруп атты көздүй бастым. Атты минип алып эчкилер бараткан кырды көздөй кыялап жөнөдүм. Койлорду карасам баягы эле Усупбек абанын кара кою, Абдылас атанын мулук кулак ак кою койлордун эң артында калыптыр. Энем айтаар эле «ушул артта калган экөө, койлордун арасында болбосо, койлор бөлүнүп калган болот» деп. Кээде жайыттан койлор кеч келип калып саналбай калганда, атам менен энем ушул төртөөнү карап, алар койлордун арасында жүрсө тобокел, койлор бөлүнүп калбаптыр дешер эле. Мен кырга жаңы эле чыгып, атты тушап отко койо берейин деп жатсам, атым кулагын тикчийтип ылдый жакты карап калды. Башымды көтөрүп карасам Туякбай абышка атчан келе жатыптыр. Ордумдан тура калып салам айтсам, Туякбай абышка алик алып;-Атаң кайда-деп сурады, мен ылдый жактагы боз үйлөрдү көрсөтүп; -Тиги Чокмо атамдыкында-
дедим. Туякбай абышка мага; -Козу алып кетейин дедим эле-деп мени баласынткандай Чокмо атаныкы жакты карап, атамды издегендей болду. Мурда мал алганы келген кишилердин баары баштыгын колума карматып, алганы келген кой-козусунун өңү-түсүн, белгисин айтканда, мени менен кеңешип чоң кишидей мамиле кылганына жетине албай, бапыраңдап,
койлорду чогултуп, ала турган коюн андан мурда табууга жан талашып, өзгөчө «ой, сен менден мурда малды таанып азамат болуп калган турбайсыңбы»,
-деп койсо өлөр-тирилеримди билбей, жыгылып-кооп сүйрөлгөнүмө карабай, кармап берип, өңөртүп узатып жиберчүмүн.
Менин мүнөзүмдү билбегендерге малын алып кетүү оңойго турчу эмес. Ал, чачылып жаткан койлорду жыйнап, малын издеп таап алган күндө да, аны кармай албай кечке илешип, кечинде короодон кармап, кээде түнөп алып эртең менен кетишкен күндөрү да болчу. Бул сапар да Туякбай абышка мага жакпай калды көрүнөт, мен атымдын бутун кайра чечип атыма минип, кыр менен жогору бастырып кеттим. Кырдап отуруп чокуга чыгып ал жерге атымды отко кое берип эки жака көз жүгүрттүм. Чатырды карасам агам карындаштарым менен ойноп жүрөт. Нуржамалдыкы жакты карасам, бир атчан аркы бетте жайылып жаткан койду көздөй өр талашып бастырып жөнөдү. Бери чатырдын жанына Нуржамал менен иниси ойноп жүрүшүптүр.
Мен дагы аларга кошулуп ойногум келди, анын үстүнө койлорду кантип таштап кетмек элем. Бир топко аларды карап туруп, кайра койлор жакты карасам Туякбай абышка чачылып жаткан койлорду аралап жүрөт. Кыязы малын жакшы тааныбайт көрүнөт. Атамдын минип жүргөн аты дагы эле боз үйдүн жанында байланып турат. Андан кийин менин тегерегимде учуп, конуп жүргөн кооз калдыркандар азгырып аларга алаксып кеттим. Атам бешим ченде боз үйдөн аттанып, койлорду аралап жүргөн Туякбай абышканын жанына келди. Алар бир аз сүйлөшүп турушкан соң койлорду аралай башташты. Алар көпкө араласа да алып кетүүчү малды табышкан жок көрүнөт. Койлор кеч-курун үйдү көздөй жакшы жайылып баратканын көрүп үйгө жөнөдүм. Мен үйгө барып курсагымды тойгузганда күн кеч кирип койлор короого келип калышты. Туякбай абышканын малын таппай коюшуптур, атам экөө үйгө келишти. Туякбай абышка: -Оо Жүзүй шайың даярмы? -Ашкадан өлүп кетер едим жане Ошпурдукунан бир кесе кымыз ишпесем-деди.
Энем тышка чыгып, -Кириңиз чай даяр, эмне, эрте эле келдиңиз беле?-деп сурап калды. -Ой түскө жетпей эле келгенмин. Козу алсамбы деп такыр издеп таба албадым гой-деди.-Бекказынын тилин тапкан эмес турбайсызбы,
эгер тилин тапкан болсоңуз, эбак үйүңүздө болмок экенсиз?-деп энем күлүп калды.-Ой мен мунун тилин табарын кайдан билдим, кишкентай таанымайбы деп ойлободумбу.
-Бул малды атасынан да жакшы тааныйт, ушул балага эле кайсы козуңузду алганы келгениңизди айтсаңыз болмок экен. Энем чатырдын эшигин ачып Туякбай абышка менен атамды киргизип кетти. Биз короого койлорду киргизип, уйларды байлап, аттарды отко кое берип мал тейлегенге кириштик. Туякбай абышкалар чайга кирип чыкканча караңгы кирип, койлорду таануу оорго туруп калды. Ал күнү Туякбай абышка биздикине конуп алып, козусун эртеси эртең менен алып кетти. Кийин угушума караганда, ал кишинин улуту казак экен, биздин айылды пааналап, ага-тууган күтүп, үйлөнүп-жайланып,
ушул жердик болуп калыптыр.Бир күнү атам ай аяктап калган кезде, жакага барып, элден малдын акчасын жыйнап, кыздарына учурашканы жөнөп кетти. Койду агам экөөбүз кайтарып калганбыз. Биз койлорду жайып отуруп жайытка жеткенибизге эки саатча убакыт өтпөй муздак шамал согуп, күндүн арты бүркөлө баштады. Койлор күн серүүн болгондон кийин чачырап жайылып жүрүшкөн. Уламдан-улам шамал катуулап, көлдүн батыш жагынан кара сур булут өзгөчө бөлүнүп келе жатты. Заматта кара булуттар уйгу-туйгу болуп, күндүн бетин тосуп, күн бүркөлө баштады. Жанагы келе жаткан сур булут жактан чагылган жарк-журк этип, күн күркүрөп, шамал алеки саатта ого бетер катуулады. Күн кичинеден себелей баштады. Биз жаан катуу жаарын сезип, койлорду чогулта баштадык. Бир кезде асман карарып текши бүркөлүп, жаан катуулап, чагылган чартылдап, күн катуу күркүрөй баштаганда,
кой-эчкилер коркконунан бир жерге топтошуп ийрилип калышты. Биз атыбыздан жылуу кийимдерибизди чечип кийинип алып, Куркукту чылбырынан кармап кичирек өскөн бадалдын түбүнө коркконубуздан бүрүшүп отуруп калдык. Жанагы сур булут жете бергенде, күн көнөктөп куйгандай чубуруп, чагылган чартылдап, күндүн күркүрөгөнү кулакты тундуруп эзели үркпөгөн Куркук да кулактарын тикчийтип, ары-бери тыбырчылай баштады. Жөө туман да кошо каптап, беш-алты кадам жер көрүнбөй, алай-дүлөй түшүп калды. Кудай бетин көрсөтпө жаан кийимдерибизден өтүп, жонубуздан ылдый куюлуп жатты. Үрөйлөрүбүз учуп, калчылдап үшүп чыктык. Бир убакта чагылган жакын эле жерге «бомба» болуп түшкөндөй «баң» дей түшүп, күн күркүрөгөндө,
кулагыбыз туна түштү. Куркук үркүп, агамдын колунан чылбырын жула качып кетти. Биз жүрөгүбүз түшкөндөн ыйлап жибердик. Жөө тумандан эч нерсе көрүнбөйт, бир убакта көнөктөгөн жаан мөндүргө айланып жерди сабап жатты. Биздин кийимдерибиз сууга чыланып аябай үшүгөндүктөн,
туруп басууга дарманыбыз келбей, бир чети коркконубуздан ыйлап жаттык. Күн күркүрөп удаасы менен чагылган чартылдагандан,
бизге алаамат болгондой сезилди. Бул убакта энебиздин бизге келе жатканын билген жокпуз. Көрсө күн каттуулап келе жатканда кой кайтарган эки баласынан санааркаса дагы майда кыздарын таштап кете албай, чатырдын тегерегин кыя болуп аккан суу каптабасы үчүн казып, чатырды шамал учурбасын дегениби этектерин оор таштар менен бастырып койду. Суу толтуруп алыш үчүн чатырдын тешиктеринин тушуна чака-чайнек,
болгон идиш-аягын койду. Аны бүтөөрү менен кыздарына төшөк салып, чүмкөнүп жата бергиле, мен агаларыңарга барайын деп жаан катуулап жаай баштаганда бизге жөнөйүн десе кыздары коркуп этегине корголошуп,
ыйлашат. Кой кайтарып кеткен талаадагы балдарын ойлонуп, шордуулар ай коркуп тоңуп калышты го деп заманасы куурулуп турганда ит үрүп аттын дүбүртү угулат. «Ии, ырас балдарым келип калды го», деп кубанып кетип эшке чыкса, ат ээр токуму менен өзү эле келиптир. Энемдин жүрөгү ошондо накта түшүп, ат үркүп балдар жыгылып, ташка тийиштиби, же атка сүйрөлүп калышкан жокпу деген жаман ойлор биринен сала бири келип, көзүнөн жашы төгүлүп бизди көздөй жөнөйт. Үйдөн бир аз узаганда эле алдындагы жер, жөө туманда көрүнбөй кайда бараарын билбей калды. Анын оюна шиш чокуга чыксам, балдар көрүнбөсө да койдун маараганы угулаар деген ой кетти. Болжолдоп шиш чокуну бет алды. Ушул убакта атам айылда достору Абдрахман, Абыкей, Асанбай, Турар, Калыбай болуп, көңүлдөрү куунак, арак ичип тойлоп жүрүшкөн. Жаан айылга себелеп жаап кетиптир. Ал кезде атамдар күчкө толуп, урушаарга жоо таппай, урунаарга тоо таппай, көөп турушкан мезгили болчу. Аттарды минип кызыл күрөө болуп, бакылдап келе жатышып Абдрахман менен атам оодарышып, калгандары калыс болмой болушат. Оодарыштын кызыгын көрүүгө чоң-кичине дебей тегеректейт.
Экөө бирин-бири колдон алып тартышып, бири-бирине каруулары жетпей кайра ажырашып кетип оодарышып жатышты. Алар костюмчан болгондуктан бир кезде Абдрахман атамдын бир жеңин жулуп алат, атам ызаланып кетип, Абдрахмандын костюмунун топчуларын ыдырата тартып, костюмун сыйрып салат. Кыйкырык сүрөөн күчөп көйнөкчөн калышат. Тегеректе тургандар экиге бөлүнүп, сүрөгөнгө кирет.-Азаматсың Сагаалы-деп бир тарап кыйкырса;-Азаматсың Абдрахман-деп экинчи тарап кыйкырып турушат. Абдрахман атамдай толмоч келген бою жапалдаш, денеси чымыр, бир моюн келген, сөзмөр, ачык айрым, бакылдаган киши эле. Кесиби мал догдур. Жүргөнү көңүлдүү болуп канча көп элдин арасында турса да, анын өзүнө таандык бакылдаган үнүнөн Абдрахмандын топтун ичинде тамаша сөз сүйлөп жатканы билинип, анын сүйлөгөн сөзү элди кызыктырып өзүнө тартып турчу. Сөздү маалы менен айтып, чечендик жайы бар болчу. Көп убактарда көңүлүнө карабай тамашага чала, адамдарга кемчилигин бетине айтчу. Түз сүйлөгөндүктөн элге, жоро- жолдошторуна кадыр-барктуу эле. Бирде атам оодара тартса, бирде Абдрахман ата оодара тартып, бири-бирин жеңе албай, ит жыгылыш болуп, астындагы аттарынан көл-шал тер кетет. Акыры атамдын үстүндөгү көйнөктөрү сала-сала болуп, көйнөк-майкелери жыртылса, Абдрахман ата майкечен дырдай жылаңач калышыптыр.
Акыры экөөнүн тең каруулары кете баштаганда,
алыша албай калышканын көрүп теңтуштары ажыратып кетишет. Алар андан кийин айылдын кара багын көздөй жөнөшөт. Аларды атам кыя албай чогуу баратып тоодогу кара булутту көрүп, жаан жаап жатканын билгени менен, катуу жаап жатканын байкоос албаптыр. Билсе балким, үйдү көздөй чапмак. Ал үй-бүлөөгө сүрдүү көрүнгөнү менен абдан боорукер эле. Жаан энемдин да өтмө катарынан өтүп, жону ылдый куюлуп, асмандан чагылган жарк деген сайын келме келтирип, тайгаланып-
туйгаланып, эки колу менен таяна калып, өр талаша бара жатып, кой-эчкилердин маараганы угулганда кубанып кетет. Койлор жакын эле жерде экен, балдар жанында болсо керек деген ойго кетип мурункудан да тездеп, чокуга чыга баштаганда,
кой-эчкилердин үнү даана угулуп, караандары көрүнө баштады. Мына койлор, эми балдар кайда? Алдынан чубап жаткан койлорду бир азга карап тура калып, аларды тоспостон: «өлүгүңдү көрөйүндөр,
кайда кетсе да кете беришсинчи,
ушулар деп балдарым куурады»-деп койлордун кетип жаткан жагына чуркап бизди издеп жөнөйт. Бир кезде бизге энемдин аттарыбызды айтып кыйкырганы угулду. -Ыя-деп жооп бердик да, үн чыккан жакты утурлай басып, экөөбүз сууга түшкөн чычкандай болуп, энебиздин алдынан чыктык. -Оо айланайын кулундарым,
ой, барсыңарбы?
- деп кучагын жайып келип экөөбүздү тең басып жыгылды. Алмак-салмак өпкүлөп ыйлап да жатты. Энеме кошулуп биз да ыйладык. Энем жамына келген плашты үстүбүзгө жаап бир топ отурганыбыздан кийин мөндүр басылып, жөө туман басты. Күн майдалап жаай баштады. Биз койду карасак эч жакка кетишпей эле чокуну тегеренип жатышыптыр.
Койлорду үйдү көздөй баштантып коюп, үйгө шалбырап жөнөдүк. Агыш кара булут бизден өтүп карагайлуу тоолорго кар жаап, күндүн күркүрөгөнү улам алыстап, үнү улам акырындап угулуп жатты. Мен алдыда бара жаткан энеме: -Жеңе эмне үчүн эчкилер чокуну айланып эч жакка кетишкен жок. Мурда жаан кичине эле себелегенде бадалдарга кире качышчу эмес беле?- дедим. -Мен да ошону биле албай жатам, минтип жайдын толуп турган убагында, мындай жаанда мынча койду кайтарган жок элем. Карачы мобул коктулардан катуу сел агып, таштардын кулап жатканын. Эгерде ушул коктуларга киришсе, таш тийип же селге агып өлүшмөк. Балким жаандын ушундай катуу болоорун алдын-ала сезишсе керек-деди.Мен ичимден мал да болсо эчкилердин билгичтигине таң калып келе жаттым. Биз чатырга суу болгон кийимдерибизге чалынып, үшүп, тоңуп сүйрөлүп араң жеттик. Үйгө кирсек карындаштарым ыйлап отурушкан экен. Энем суу болгон палтосун чечип ыргытып, үстүнө кургак кийимдерин кийди да, мешке бат эле от жага салды. Биз кийимдерибизди чечип жууркан төшөккө кирип кеттик. Чатырдын ичи жылып, чай кайнаганда туруп, кийимдерибизди алмаштырдык.
Курсактарыбызды тойгузгандан кийин, өткөн азап-тозок артта калды. Агам экөөбүз малдарды карайлы деп эшикке чыксак, жаан басаңдап, ак жаанга айланып калыптыр. Кой-эчкилер өзүлөрү эле короого ийрилип, шөмтүрөп, төрт буттарын бириктире, кепшеп коюп турушат. Кээ бирлери короонун четинде оттоп жүрүшөт. Короодо кык көп болгондуктан эзилип, койлордун тизелерине чейин баткак болуптур. Аларды көрүп, боорум ооруп: «байкуштар эми кантип чыдашат, таң атканча тоңуп өлүп калышпагай эле, сарай болгондо киргизип коймок элек» дедим ичимден. Куркуктун ээрин алып аркандап, уйларды ордуларына байладык. Мукзоолоруна энем эски чапандарды жаап, үшүп калбас үчүн таңып койду. Мурункудан азайганы менен дагы эле жылга-жылгадан суулар агып, коктуга кирип жатты. Коктунун ичи кулдур-шалдыр болуп, таштардын агып жатканы угулуп жатты.Ал түнү чатыр дабырттап, таң атканча күн жаап басылган жок. Чатырдын тешиктерине коюлган идиштер толуп, энем улам-улам төгүп жатканын, идиштин калдыраганын уйку соонун ортосунда сезип жаттым. Таңга маал катуу уктап кетиптирмин эртең менен ойгонуп көзүмдү ачсам, чатырды жаан дагы эле дыбыратып жатыптыр. Ал күнү койлорду алыс кайтарган жокпуз, койлор өзүлөрү да алыс кете алышпады. Алар кырга чыгып барышат да, алдынан бирөө тозгонсуп кайра ийрилишет. Куркукту минбеген соң ага ээр токуган жокпуз, күн суук болуп үйдөн да көп чыга албай, тышка чыгып, малды карап, кайра үйгө кире калып жаттык. Үйгө мешти чоң жагып алып, жомок айтышып үйдө отурдук. Энем жомокторду көп билер эле. Ошондуктанбы жомок айтканда угуп отуруп, жомокко өзүм кошо аралашып кеткендей болчумун. Энем бош боло калганда эле жомок айтып берүүсүн өтүнөөр элек. Макул болуп, жомок айтууга киришчү. Ал жомогун баштагыдай:
-Илгери-илгери бир заманда бир падыша болгон экен. Ал көп элди башкарып туруптур. Падыша адилеттүү бийлик жүргүзүп, эл- жерине душмандарды жолотпой, эли бейпилдикте жашап, баары биримдиктүү,
ынтымактуу болуп, ошол аймакта жашагандар өзүнүн падышасын жакшы көрүшчү экен. Ал мен падышамын деп тактысына отура бербей жерин кыдырып, элинин турмуш- тиричилиги менен таанышып, алдуулар алсызга үстөмдүк кылып жатса, алсыздарга болушуп, калыстап чечип, элдин баарынын текши, жакшы жашоосун камсыз кылууга аракет кылчу экен. Ал да дүнүйөсү толук болуп элдин сый-урматында жакшы жашаптыр. Падыша барам деген жерине бат эле жетип барчу. Себеби анын учуучу аты бар экен, аны минип туруп «чу» дегенде көздөн кайым болуп учуп жөнөчү. Ошон үчүн баардык жерге убагында жетип, каалаган жумушун убагында бүтүрчү. Ошентип жаш чагы өткөнчө элдин кызматында жүрүп падыша балалуу болбоптур. «Армансыз адам болбойт» дегендей, күн өткөн сайын падыша балалуу болбогонуна арман кылыптыр. Ага эми башка аял алып балалуу бол, бул аялың төрөбөй калды, деп айтышса да такыр макул болбоптур. Анткени ал аялын абдан жакшы көрчү экен. Анын көңүлүн калтыргысы келбептир. Ал тургай аялын аягандыктан эмдигиче балабыз жок деп да айтпаптыр. Ошентип күндөн күн өтүп билинбей падыша карып, эми оордумду ким ээлейт деп ичинен кайгырат. Ошол эле заманда ошол эле падышанын элинде ары акылдуу, ары жөнөкөй, эмгекчил, бир карапайым киши жашаптыр. Ал падыша болбосо да, акылдуулугу,
жөнөкөйлүгү,
эмгекчилдиги менен элинин сый-урматына ээ экен. Ал дагы балалуу болбосо да аялын өтө урматтап, сүйгөндүктөн балам жок деп аялына угуза айтпаптыр. Ал киши да убакытын өткөрүп элге кызмат кылам деп сезбей жүрүп, карылык куракка жетиптир. Күндөрдүн биринде падыша да, берки жөнөкөй киши да уктап жатышып түш көрүшөт. Падыша түшүндө ыйлап кудайдан бала тилеп жаткан болот, аңгыча бир элик чуркап келип, адамча сүйлөп сен элиң үчүн жакшы кызмат кылдың, элиңди жакшы турмушка жеткирип, элиңдин сый-урматына татыдың, тилегиңди орундатып сен кыз балалуу болосуң деп күзгү берет. Берки киши да ошол маалда уктап жатып ыйлап, кудайдан бала тилеп жаткан болот, аңгыча бир элик чуркап келип сен кумурскага зыян кылбай, жалаң калыстык, чындык деп элиңе жамандык келтирбей, жалаң пайдаң тийип, ак эмгегиң менен элиңдин сый-урматына татыктуу болдуң. Ошондуктан кудайым сени тилегиңе жеткирип сен уулдуу болосуң деп камчы берет. Көп өтпөй эле экөөнүн тең аялдарынын бойлорунда болуп, падыша кыздуу болуп, кызынын атын Перизат койот экен, берки карапайым, акылдуу, эмгекчил киши уулдуу болуп, атын Нурзат коюптур. Перизат падышанын колунда, Нурзат карапайым акылдуу, эмгекчил кишинин колунда чоңойо башташат. Перизат аябай сулуу, акылдуу, зээндүү болсо, Нурзат да акылдуу, эмгекчил кишинин колунда чоңойгондуктан,
атасындай карапайым, акылдуу, эмгекчил болуп чоңойот. Падыша да берки карапайым киши да тилегендери кабыл болгондуктан,
кудайга ыраазы болуп жашай беришет. Бир күнү падыша ойлонуп отуруп кызынын шаардын кыжы-кужусунан сырткары, жаратылыштын эң кооз жеринде жашашын ойлойт да, өзүнүн учуп жүрүүчү атын минип алып, бүт дүйнөнү кыдырып, эч жерди жактырбайт.
Ал оюндагыдай жерди таба албасына капаланып, үйүнө келе жатса өзү мекендеген жер жакшы көрүнүп, өзүнүн жеринен жакшы жер жок экендигин сезет. Ошону мурда байкабай жүргөндүгүнө,
өзү абдан таң калат. Ал жакасын кармап, «кудая тобо мен бул жердин мындай экенин мурда билбей жүргөн турбаймынбы,
алтын, күмүш кен байлыктын, баардык өсүмдүктүн,
жаныбарлардын түрлөрү бар, телегейи тегиз жер турбайбы, көл десе көл, таза суусу десең, мындай таза сууну эч жерден көргөн жок элем, баарынан да эң кызыгы төрт мезгил тең бир убакта болгон атайын кол менен жасап койгондой жер турбайбы» деген экен. Ошентип падыша өз жериндей кооз, жакшы жерди бүт дүйнөнү кыдырса да эч жерден таппаптыр. Чындыгында эле падышанын жеринде жайкысын күнү-түнү болобу падыша самаган мезгил бир убакта болуп, кышты көрөм десе-аска-тоолордон көрүп, жазды көрөм десе-тоолордо жайдын толугунда да карлар эрип, жаңыдан жапжашыл чөптөр чыгып, жайды көрөм десе-ылдыйкы түзөңдө күн жылуу болуп, күздү көрөм десе жер-жемиши бышып турчу тура. Айтор падыша кооз жер издеп жүргөн убак жай мезгили болсо керек. Ошентип падыша кыдырып чыккан башка жерден бир убакта төрт мезгилди бир убакта көрбөптүр. Падыша элине мен бүт дүйнөнү кыдырсам да өзүбүздүн жерибизден жакшы жер жок экен. Кудайым пенделерин эс алгысы келип кооз жер издесе ушул жерге келип, жаратылыштын сулуулугуна суктанып, эс алып кетип турушсун деп жараткан окшойбу деген экен. Падыша кызы Перизатка кыжы-кужусу жок өзүнүн өлкөсүнүн эң кооз жерине, шаардан тышкары ак сарай салдырып көчүрүп барат. Күндөрдүн биринде, берки карапайым, акылдуу, эмгекчил киши ошол тегеректе жашагандыктан,
уулу Нурзат сейилдеп жүрүп Перизаттын ак сарайына туш болот. Ага баргысы келип, ак-сарайдын жанына барса, ай десе айдай, күн десе күндөй болгон бир сулуу кыз гүл терип, сейилдеп жүргөн болот. Нурзат ал кызга кезигип сүйлөшкүсү келет, бирок ал кызга жетүүгө мүмкүн эмес эле. Себеби падыша кызын ар кандай жаман адамдардан сакташ үчүн туурасы он эки метр келген аң каздырып курчап, аңдын ичине ажыдаар салып, кайтартып койгон. Аңдын ичине эмне түшпөсүн ажыдаар жутуп койчу. Андан кийин ошол аң менен бийиктиги он метр келген темир дубалдын ортосуна ач карышкырлар койо берилген. Нурзат аларды көрүп көп ойлонуп турган жок. Анткени ал атасынан жакшы тарбия алгандыктан,
карапайым, абдан акылдуу да, эмгекчил да болчу. Баардык иш колунан келгендиктен,
чоң жалбырактарды үзүп алып аны өсүмдүктөрдүн ширелери менен этке окшотуп жасайт. Бүткөндөн кийин, туурасы он эки метр чоң аңдын кырына келип, секире албасына көзү жетет. Ошондо ал аңдын кырында турган карагайды кылычы менен бир чабат, карагай андын үстүнө кулап, көпүрө болуп калат. Нурзат карагай аркылуу чуркап, аңдан өтөөрү менен ач карышкырлар жетип келет. Ал колундагы этке окшогон жалбырактарды аңга ыргытат. Карышкырлар жигит ыргыткан жалбыракты талашып биринин артынан бири аңга секиришкенде,
ажыдаар баарын сугунуп алат. Нурзат андан ары бийик темир тор дубалга такалганда,
ал белиндеги арканын чечип, бир учун илмек кылып дубалдын артына ыргытканда илмек темир дубалдын кырына барып илинип калат. Ал аркан менен өйдө чыгып барып, арканды жыйнап, кайра дубалдын аркы бетине ылдый түшүрүп, өзү аркан менен жылмышып ылдый түшөт. Ал кызга куру кол жолугуудан уялып ошол тегеректеги эң кооз гүлдү таап үзүп алат. Гүл терип келе жаткан кыздын жолуна тура калат. Алдындагы гүл көтөрүп турган жигитти көрө коюп, бир чети корксо, бир чети таң калып, балага үч суроо берет: «Сен атам курчаткан тосмолордон кантип өттүң?». Нурзат тосмолордон кантип өткөндүгүн айтып берет. Кыз экинчи суроосун берет: «Сен эмне үчүн гүл кармап турасың?». Жигит баардык өсүмдүктөрдүн мөмөсү гүлдөн жараларын, мөмөсүз өсүмдүк өспөй тургандыгын айтат. Кыз үчүнчү суроосун берет: «Сен бул жерге эмне үчүн келдиң?»-дегенде:
«ушул гүлдү сизге тапшырайын деп келдим»-деп жооп берет. Кыз берген суроолоруна туура жооп бергени үчүн жигитти жактырып калат. Ошол күндөн тартып Перизат менен Нурзат бат-баттан жолугушуп алар бир аз күнгө көрүшпөй эле калышса сагынышат. Алардын ынтымактуу болуп, бири-бирин жакшы көрүүсүнө турмушта дайым болуп туруучу тоскоолдуктар,
көрө албагандар экөөнү бузууга аракет кылышат. Перизатка көптөгөн жаман адамдар келип, Нурзатты жамандап, атасынын кедейлигин,
колунда мансабы жоктугун, дагы-дагы көптөгөн жаман сөздөрдү айтып, ак жеринен каралай беришет. Нурзатка да Перизат жөнүндө көптөгөн калптарды айтып, анын жөн эле убара болуп жүргөнүн. Падыша кызын кедей жигитке бербей турганын, кызын өзүндөй падышанын баласына бергени жатканын, Перизат падышалардын балдары менен сүйлөшүп, Нурзатты жөн эле алдап жүргөндүгүн айтып, бузууга аракет кылышчу. Бирок Нурзат менен Перизат экөө тең абдан акылдуу болушкандыктан,
баардык тоскоолдуктарды жеңишип, бузукулардын айткан сөздөрүнө ишенишпей, мурдагыдай эле бири-бирин жакшы көргөн бойдон калышат. Ал эми ушак айтып, ак жерден каралаган бузукулардын айыптары ачылып, эл алдына маскара болушат. Нурзат менен Перизат экөө үйлөнүп, падыша менен карапайым адам куда болуп, бири-бирин сыйлашып бактылуу жашап калышкан экен.Элге ак ниет, адал кызмат кылуу аркылуу эмгекчил болсоңор кудайым тилегиңерге жеткирет экен. Ал эми көрө албаган бузуку адамдардын айыптары ачылып, эртедир-кечтир эл алдында жооп беришет эмеспи. Ошондуктан дайыма ак ниет, чынчыл, эмгекчил болгула балдарым. Ошондон кийин бул өлкөдө ушакчы, ичи тар, каралаган бузуку жаман адамдар жоголуп, баардык эл жыргап- куунап, мурдагыдан да жакшы жашап калышкан экен-деп энем жомогун бүтүрдү.Энемдин ушул жомогунан улам мен дагы Нурзаттай акылдуу, эмгекчил, ак ниет, чынчыл болсом деп бат эле чоңойгум келди. Биз жомок бүткөндөн кийин тышка малды караганы чыксак, дагы эле күн жаап жатыптыр. Кой-эчкилер алыс кетишпей, чыры-чуу болуп тегеректе жайылып жүрүшүптүр.
Күн али эрте болуучу. Мен бир-туугандарым энемдин жомогун угуп жатканда абдан кызыккандарын көрүп, аларга мен да жомок айтып, кызыктырайын деген ойго кеттим. -Мен жеңемдикинен да кызыктуу жомок айтып берейинби?- дедим капыстан.-Анда айтып берчи?-деп чурулдап жиберишти. Тышта жаан жаап жаткандыктан,
баарыбыз үйгө кирип жайланышып отурдук. Энем да күн суук болуп, жумуш жасаганга болбогондуктан өз оюбузга койду. Мен да энемди туурап: -Илгери-илгери коркунучтуу сыйкырчы жезкемпир болуптур- деп баштасам карындаштарым ооздорун ачып, кунт коюп угуп калышты. Адегенде көп көңүлдөнбөй жатышкан эле, аларды көрүп мен да болгон аракетим менен айта баштадым.-Ал жез кемпир асманда жашаганы менен жерде эмне болуп жатканын көрүп, билип туруучу. Ошол эле заманда тоону мекендеп абышка-кемпир да жашаптыр. Алардын бир уулу, бир кызы бар экен. Уулу мыкты көзгө атаар мергенчи болуптур. Ал учуп жүрүүчү тулпарын минип алып, жаасы менен жолборс, илбирс, карышкыр, аркар-кулжа жана башка ар түркүн жаныбарларды атып, ата-энесин, карындашын багуучу. Бир күнү мергенчи баланын адатынча аң улап кеткенин көргөн жез кемпир асмандан түшүп келип абышка-кемпирдин кызын уурдап, асманга көтөрүп жөнөйт. Жез кемпир кызды тоолордун үстүнөн көтөрүп учуп бара жатканда, кыз тоо арасында аң улап жүргөн агасын көрүп, мени жез кемпир уурдап бара жатат, куткарып калыңыз, жардамга, деп кыйкырат. Мергенчи бала карындашынын үнүн угуп асманга караса коркунучтуу жез кемпир карындашын көтөрүп учуп бара жаткан болот. Мергенчи бала карындашын коркунучтуу жез кемпирден куткарып калуу үчүн өзүнүн учуп жүрүүчү тулпарын минип, жаасын алып жез кемпирдин артынан түшөт. Ошондо жез кемпир сыйкырлап бала көрбөй, таппай калсын деп айлананы караңгы кылат. Бала ага да болбой артынан кууйт. Сыйкырчы жез кемпир чөнтөгүндөгү майда таштарды уучтап алып «от болуп, баланы өрттөп кеткиле» деп баланы урганда мергенчи бала буйтап кетет. От болуп учкан таштар мергенчи балага тийбей асманда калкып, жылдызга айланат. Баланын дагы эле артынан келе жатканын көрүп жез кемпир чөнтөгүнөн чоң сүйрү ташын алып чыгып, баланы «от болуп өрттөп кеткин» деп дагы урат. Мергенчи бала дагы буйтап кеткенде ал таш башынан алыс кетип, асманда ай болуп калат. Жез кемпир баланын дагы эле артынан кууп келе жатканын көрүп, ачуусу жаман келет. Чөнтөгүнөн чоң таш алып чыгып болгон күчү менен: «от болуп, баланы куйкалап кет» деп ыргытканда,
бала абдан шамдагай болгондуктан дагы буйтап кетсе, от болуп кеткен таш балага тийбей асманга калкып күн болуп калат. Жарык болуп жез кемпирди жакшы көрө түшкөндүктөн тулпары бат учуп жез кемпирге жетейин дегенде, жез кемпир көп-көк казандай көмөрүлгөн темирге кире качып, жок болуп кетет. Мергенчи бала карындашын таппай калып, кайгырып издей берет. Ал эми асмандагы булуттар ошол жез кемпир алып кеткен кыздын жоолугу экен. Ал эми жаан болсо, ата-энесин, агасын сагынып ыйлаган кыздын көз жашы дейт. Ай, күн, жылдыздар ошондо пайда болуптур.Ошондон кийин коркунучтуу жез кемпир мергенчи баладан коркуп асмандагы көк темирден бери өтүп келбей калыптыр. Ал эми бала болсо коркунучтуу жез кемпирден элин коргоп, ушул күнгө чейин жаасын алып, учуп жүрүүчү тулпарын минип, асманды айланып карындашын издеп жүрөт дейт.Жомокту айтып бүтүп тегерегимди карасам, бир туугандарым эмес энем да кунт коюп угуп жаткан экен. Ыраазы болду көрүнөт: -Ой сенин зээндүүлүгүңдөн,
акылыңдан алдына кетейин-деп тура калып бетимден өптү. Бир туугандарым болсо; -Бул жакшы жомок экен, ким үйрөттү, кайдан окудуң, кайсы китепте бар экен-деп жатышты.Мен аларга оңчулуктуу жооп бере алган жокмун. Себеби кайдан угуп, же окуганымды өзүм да билбей калыптырмын.
Же өз оюмдан чыгарып айтканымды ушул күнгө чейин өзүм да билбейм.Ал күнү да кеч киргенче жаан басылган жок. Кечке жуук абам экөөбүз жылуу кийимдерибизди кийип алып, койлорду чогултуп короого айдап кирдик. Аябай суу болушкан кой-эчкилер,
короонун ортосу чыла болгондуктан,
короонун четинде төрт буттарын бириктирип калчылдап, титиреп турушту. Аларды көрүп боорум ооругандыктан,
эмне кыларымды билбей, же аларга калканчы кыларга эч нерсе таппай, колумдан келбегенине зээним кейиди. Эки күн тынбай жаан жааганга жайдын толук кези болсо да абдан суук боло түштү. Малдыр-жандыр бул жаан баарын шүмтүрөтүп жүдөттү. Күндүн көзү эки күн көрүнбөй, кара булут асманды каптап турганданбы,
же жаандын тынбай жааганынанбы,
канаттуулардын учкандары да байкалбайт.
Анда-санда гана каргалар кыр-кырдан бирден, экиден учуп жатышты. Адегенде жаандын суусу чатырдын жыртыктарынан эле агып жатса, эми ар кайсы жеринен тамчылап жууркан төшөктүн, кийиз-кеченин баардыгын суу кылды. Бул түнү баарыбыз кийимчен жатууга туура келди. Энем уктабай таң атканча от жагып, тамчыга толгон идиш-аяктарды төгүп чыкты. Таңга маал бороондоп келип булуттарды айдап кетти көрүнөт, чатырдын дыбырттаганы басылып, жаан токтоп калды.Эртең менен туруп эшикке чыксам, күн чайыттай ачылып анда- санда тоолорго түнөп калган булуттар каалгып, жай жылып бараткансыды.
Биз тамагыбызды ичип койлорду короодон чыгарганча асманда ала булуттар пайда болуп, күн короого тийгенде ала көлөкө болуп турду. Күн ачылып, күндүн нуру жылуулук чачканга, баардыгы шаңга бөлөнүп, түркүн канаттуулардын сайраганы угулуп, ал тургай өсүмдүктөр да бүрүшпөй, бадырайып күлүмсүрөгөнсүйт.
«Кечээ көргөн бүгүн жок» дегендей жайлоонун абасы да ого бетер тазарып калгансыды.
Ал күнү менин да, үй-бүлөөбүздүн да кабактары күн менен кошо ачылып көңүлдөрүбүз көтөрүңкү жүрдүк. Анын үстүнө атамдын да жакадан келер маалы болуп калган. Ал жакадан келгенде куржундун эки көзү толтура, жер-жемиштердин,
таттуунун түрлөрүн алып келер эле. Агам экөөбүз кой кайтарып чыктык. Жер суу болуп тайгак болчу. Ошондуктанбы аттарыбызды мингенибиз жок. Койлорду шиш чокунун аркы Батма жак бетине кайтардык. Күн ачык болгону менен анча деле ысып кетпей, салкын тартып турду. Эки күнкү жаанда жакшы оттой алышпай ачыгып калганбы кой- эчкилер жан талашып оттоп жатышты. Туш-тушка чачылып кетпесин деп экөөбүз эки четинен имерип тосуп турдук. Түшкө чукулдап тоюнуп калышкан кезде гана, бириндебей чогулуп жай жайылып оттой баштады. Ошондо гана агам экөөбүз атамды караш үчүн шиш чокуну көздөй бастык. Чокуга чыгып жаандан кийин жаратылыштын сулуулугуна кызыгып, тегерете бир азга көз чаптырдык да, андан кийин өзүбүздүн чатырыбызды,
Жасукейдин,
Чокмонун боз үйлөрүн карадык. Бул үч үйдөгүлөр тең жууркан-төшөктөрүн,
кийим-кечелерин,
Кызыл-тазыл кылып тышка жайып жатышты. Андан кийин айыл жакты карасак, айылдын чети көрүнүп, атам келчү жолдо атчан кишинин карааны көрүнбөйт. Кээ бир жерден караандар көрүнүп, биз
#7 23 August 2015 - 12:53
Кээ бир жерден караандар көрүнүп, бизди үмүттөндүрүп ал тургай тигине келе жатат деп бирибиз айтсак, ал жер караан деп талаша кетип, бир топ тиктегенден кийин жылбаган соң жерди караан экенине ишенип жаттык.Бир убакта асмандан кляк-кляк деген шаңшыган бүркүттүн үнү угулду. Экөөбүз тең жарыша асманды карасак, тээ бийикте эки бүркүт учуп жүрүшкөн экен. Алар канаттарын жай сермеп коюп асманда каалгып учуп, тегеренип жүрүштү. Мен абамды карап:-Карачы бүркүттөр өтө бийик учушат экен ээ. Алар канаттарын акырын кыймылдатып коюшса эле ылдый түшүп кетпей, учуп жүрө берет турбайбы. Ал эми башка канаттуулар канаттарын бат-баттан кыймылдатып араң учуп жүрөт. Бул бүркүттөр абдан кичинекей экен ээ? Булар бүркүттүн балдары окшойт. Данапия чоң атамдын бүркүтү абдан чоң болчу? -Булар да чоң бүркүттөр. Алыстан кичине көрүнүп жатпайбы- деди Конокказы абам. -Булар бизди көрүп жатышабы?. -Бизди эле эмес, кичинекей чычкандарды да көрүп жатышат- деди. Мен ошол учурда бүркүт болуп учуп, айылга барып эжелериме, классташтарга,
жалпы эле элдерге учурашып келгим келип кетти.Менин бул жака келгениме бир айдан өтүп, айылдагыларды сагына баштагамын.
Айрыкча бир туугандарымдын ичинен Жамал эжемди жакшы көргөндүктөн,
аны абдан сагынганымды сездим. Ал да мени энемдей Гекиним деп өөп, жыттап эркелетер эле. Бир туугандарым менен уруша кеткенимде,
көбүнчө мага болушуучу. Энем малда болгондуктан энебиздей болуп, тамагыбызды бышырып, кирибизди жууп, бизди багып калуучу. Кичинесинен түйшүкө кирип аялдардай эле, чоң печкага камыр жууруп нан салчу. Бир үйдүн аялдарга түшкөн түйшүгүн, он эки жашынан баштап тартты. Мен тентек кылганда көп сабачу эмес, тек гана сен эстүү, акылдуу жакшы баласың да, жаман балдарча тентек кылбайсың да деп алдап-соолап койчу. Мен анын мактаганына маашыр болуп тентек кылмак турсун, оту менен кирип, күлү менен чыгып, «эже муну жасайын, тигини жасайын» деп буту-бутума тийбей чуркоочумун.
Менин мүнөзүмдү Жамал эжем жакшы түшүнүп, тилимди билчү. Экинчи эжемдин асанда коюлган аты Бөдөнө эле. Анын атын Бөдөнө деп койгондорунун себеби мындайча болуптур. Ал төрөлгөндө абдан кичинекей төрөлүп, үч күн көзүн ачпаптыр, бала болооруна арсар болушуп бир жумача атын коюшпаптыр,
кийин көзүн ачып үмүттөнүшкөндө гана атам атасы Элебеске кайрылып: «ата бул кыздын аты коюла элек, кандай ат коюбуз» дептир. Элебес чоң ата: «бул кызымдын атын өзүм койойун, кана бери алып чыккылачы» деген экен. Ымыркайды оромолу менен көтөрүп чыгышканда,
оромолунан сууруп жылаңач алаканына салганда кичинекейинен алаканынан чыкпай калыптыр. Ошондо Элебес чоң атам ымыркайды тиктеп туруп, «ой, бул абдан эле кичинекей, көздөрү да таруудай эле экен мунун аты Бөдөнө эле болсун» деген тура. Бөдөнө эжем кичинекейинде абдан чыйрак чыгып, үйдөгү жумуштарга караганда тышкы жумуштарды эркектердей эле бүткөргөн кара тоголок кыз эле. Анын мүнөзү эркек баладай болгондуктанбы агам экөөбүзгө тийишкен балдар менен кадимкидей жакалашып, уруша кетүүчү. Аны атам эркек балдарды ээрчитип келди деп, «май көтөнүм» деп эркелетчү. Ал мени жумшагандын ыгын билүүчү эмес, жумшаганда тилин албай койсом сабап коючу. Ал сабап, тилдеген сайын көк беттенип, кайра эрегишип, берген жумушун тескер жасап, же такыр эле көгөрүп жасабай койчумун.Биз агам экөөбүз кечке жол карадык. Бирок атабыз келген жок. Күндөкүдөй эле кечинде малды тейлегенден кийин тамактарыбызды ичип алып уктаганы жаттык. Бир маалда аттын дүбүртү чыгып, иттин үргөнүнөн улам уйкудан ойгонсок, атамдын кобураган үнүнөн мас экени сезилип турду. Аңгыча кийинип жаткан энем чыкканда;-Ээ,
Жүзүй эмне чыкпайсың ыя-деген атамдын кекеткен үнү угулду. Энем чыгып алып келгендерин түшүрүп, үйгө киргизгенче энемди жер жеберине жеткире тилдеп жатты. Бир топтон кийин атам темдеңдеп үйгө баш бакты. Биз атамдын мас экенин билгенден кийин коркуп чүмкөнүп алдык. Атам бир топко чейин ойду-тоону сүйлөп отуруп сөзүн эч ким укпагандан кийин жатууга аргасыз болду. Атам жакадан келгенден үч-төрт күн өткөндөн кийин тегеректеги кошуна малчылар шерине жешмей болушту. Шерине дегени беш-алты малчы чогулуп алып, койдун семизинен союп, арак, кымыз жана башка тамактарын коюшуп, ырдап, чоордоп, күнү кечке бир үйдөн майрамдашат.
Ар жума сайын ар кимиси кезек менен чакырып турушат. Ошентип бир ай бою тойлошот. Шерине болгон күнү аттарына жакшы ээр токум токушуп, болгон жакшы кийимдерин кийишип, бири-бири менен черлери жазылганча сүйлөшүп, ырдашып, буктарын чыгарып алышчу. Тоодон мал багып, көп учурларда жалгыз-жарым жүргөн малчылар шериненин ортосу бир жума, же он күн болгондуктан,
шерине болчу күндү кадимкидей күтүшөөр эле. Кээ бир жылдары шеринени эки жолу кайталап жешкен учурлары да болчу. Шеринеге барганда ата-энелери бирден балдарын ээрчитип алышчу. Жаш балдар үчүн шерине майрам сыяктуу болоор эле. Балдар менен таанышып бири билбеген ырларды бирине үйрөтүп, ар түрдүү оюндарды ойноп, зериккендерин таркатышчу.
Күндөрдүн биринде биздин үйгө үч аңчы келип түштү. Алар Данапия, Качкын, Дүйшөн деген кишилер эле. Үчөө үч ат минип, мылтыктарын асынып, жылуу кийимдерин алып, аң уулоого керектүү нерселерин бөктөрүшкөн.
Данапия ата колуна бүркүтүн кондуруп алыптыр. Үчөө шаңдуу бастырып келип, үйгө түшкөндө менин көңүлүмдү аңчылардын мылтыктары,
бүркүтү өзүнө бурду. Аңчылар ата-энеме суур атканы келишкенин,
биздикинде үч-төрт күн болушаарын айтышты. Келген меймандарды ата-энем кой союп, жылуу тосуп алды. Бул үч аңчы тең мурунтан тааныш болчу. Анткени үчөөнүн тең үйлөрү жакадагы үйүбүздөн көп алыс эмес болгондуктан,
буларды көп эле көрүп жүрчүмүн. Качкындын үйү үстүнкү көчөдө болгондуктан,
ал киши көзүмө чоочунураак көрүндү. Бирок мурда бир, эки жолу көргөмүн. Качкын ачык айрым сөзмөр киши болгондуктан,
үчөөнөн тең чоочуркабай бат эле аралашып кеттим. Эртели кеч алар аң уулап келишкенде,
айтпаган ойлоруна койбой ар кайсы суроолорду берип, көп нерселерди билип, аң уулоодогу ар кандай кызыктуу окуяларды уктум.Мен айрыкча жырткыч жаныбарларды кандай атып, кандай капкан менен кармагандыктары жөнүндө укканды жакшы көрчүмүн. Менин берген суроолорума үчөө тең баласынтпастан толук жооп беришер эле. Мен алар тамак ичип, же окторун чаптап, бошобой калган учурларында бүркүттүн жанына барып, тырмагынын учунан баштап, тумшугунун учуна дейре абайлап карап, карышкырды жана башка жырткычтарды тиштетип албай кантип алаарына таң калуучумун.
Мага, аңчылар жүргөн үч төрт күн кандай бат өтүп кеткени билинбей калды.Аларды кетеринде кетиргим келбей, алардан биздикинде дагы калбайсыңарбы деп сурансам, жумуштарынын көп болуп, кала албай тургандыктарын айтып, камынып үйлөрүн көздөй жол тартышканда,
аңчылар кырды ашып көрүнбөй калышканча карап турдум. Кийин алардын айткандарын өз сөзүм менен кылып, кошуп айтып, жомоктоштуруп далай кишилерди күлдүрүп жүрдүм.Ошол кездеги эсте каларлык күндөрдүн дагы бири эртең менен атам экөөбүз койлорду Чычканбашына сууга айдап жөнөдүк. Биз койлорду эки күн аттатып, үчүнчү күн дегенде сугараар элек. Ал эми иче турган эки фляги суубуз болсо беш-алты күнгө жетер эле. Жаан жааган күндөрү чатырдын тешиктеринен тосуп алган сууларды кошкондо жети-сегиз күнгө жетүүчү. Флягилерге артып келген суу, кыйынчылык менен келгендиктен,
сарамжалдуулук менен пайдаланылуучу.
Өзгөчө кир жууганда, же өзүбүз жуунганда көбүнчө жаандын суусун пайдаланар элек. Койлорду сугарганда уйларды да кошо айдап барчубуз, калган убактарда жайытка эртең менен айдап жиберсек кечинде музоолоруна карайбы, же көнүп алышканбы өзүлөрү келишчү. Аларды атайы кайтарчу эмеспиз.Атам Куркукту, мен Бопой торуну минип алгамын. «Чычканбашы» жайлоосунда чөп чабык башталып, эл бака-шака түшүп, ар кайсы жерден трактор, машиналардын үндөрү угулуп турчу. Чалгычылар сап-сап болуп тизилип, кары-жаш дебей чөп чабышууда. Тракторлор үчүн жасалган чийнелерге бир үймөктү бир эле жүктөп ташыганда, алыстан караган кишиге трактор көрүнбөй, үймөк өзү эле жылып бараткандай болуп сезилүүчү.Бир жерде чөптү чаап жатышса, бир жерде чөптү чөмөлөп, бир жерде жүктөп, бир жерде үймөк үйүп жатышты. Элдин көптүгүнөн кымкуут болуп Чычканбашы шаңга бөлөнүп турган. Койлор суу ичип, сазга жыла баштаганда атам:-Сен койлорду карап тур, мен Муканбет атаңдыкына барып келейин-деп коюп атын чапкан бойдон кетти.Мен Бопой тору менен чапкылап, койлорду тосуп жүргөм. Бир кезде Бопой тору үркүп адатынча жалт бергенде, аттын үстүнөн учуп барып оң колум менен таяна жыгылгангабы,
чекемден муздак тер кетип, көңүлүм караңгылай түштү. Колум какшап чыдатпай ооруп чыкты. Ооруганына чыдай албай ыйлап жибердим. Эки жагымды карасам эч ким көрүнбөйт. Бопой тору болсо эч нерсе болбогонсуп оттоп жүрөт. Аңгыча алыстан көргөнбү атам Куркук менен чапкылап жетип келип, аттан түшө калып, боз ала чаң болуп ыйлап отурган мага;-Ай балам ай, сак болууң го! Кайсы жериң ооруп жатат?—деп жүрөгү сыздагандай,
ар кайсы жеримди кармалап жиберип, жерден көтөрүп ала койду. Мен:-Колум ооруп жатат-дедим,
ый аралаш колумду көрсөтүп.-Колуңдан садагаң кетейин—деп,
өпкүлөп жиберип, атам колумдун шишимик тартып турганын көрүп, өзүнчө кобурап: «сымбагай эле, аман болсо экен!»-деп жатты.-Бопой тору жалт берип үркүп кеткенде учуп кеттим,— дедим мен. Атамдын ачуусу келип кетти көрүнөт Бопой торуну чылбырынан кармап, камчысы менен чаап, чаап жиберди.-Сени элеби, бала бир нерсе болсо башыңды кеспесемби!
—деп кекенип алып көксөсү сууй түштү окшойт, Бопой торуну жетелеп келип, мени мингизип өзү атына минди.-Балам чыдай гой, тиги элге алпарып көрсөтөлүчү.
Балким билгендер бардыр?-деп Муканбет чоң атаныкындагы элди көздөй бастырды. Колум какшап ооруп, сай-сөөгүмдү сыздатып жатты. Канчалык намыстанып ыйлабайын десем да көзүмдөн жашым шорголоп, жаагымдан ылдый агып жатты.Ошондо эс тартканы биринчи жолу денемдин катуу ооруп, жанымдын кыйналганын сезген элем. Муканбет чоң атамдын үйүнүн жанында көп эл топтошуп турушкан экен. Аларга атам менин аттан жыгылып, колумду оорутуп алганымды айтканда, баары жабыла басып келип, менин колумду көрүшүп: «бири сынган го десе, бири чыгып кетиптир, дагы бири жөн эле ооруп калган го» дешип жатышты. Салиман чоң эне бир чыныга суу алып келип, өзүнчө кобурап, башымдан тегеретип чачты. Көрүп жаткандардын арасында сыныкты тартчу киши жок болуп чыкты. Арасынан бирөөлөр: «Чычкан айылында Базарбай деген сынык танган киши бар. Ошого эле алып барганың оң» дешти. Атам койлорун жакшы санаалаш бирөөнө табыштап, мени атына өңөрүп алып Чычкандагы Базарбайга алып жөнөдү. Атка жүргөндө тынч болсун дедиби менин билегимден жоолук менен колумду мойнума асып коюшканда мурункуга караганда колумдун ооруганы бир азга басаңдай түшкөнсүдү.
Чычкан айылына чейин болжол менен он километрдей аралык бар эле. Колум жолдо карай какшап ооруп, сай-сөөгүмдү сыздатып жатты. Ат желип кеткенде кыңкыстап, онтоп жаттым. Атам: -Аз калды балам эптеп чыда-деп, улам артына кылчайып, акыбалымды сурап коюп, ыкчамдай бастырып баратты. Биз Чычканга жеткенде күн бешим болуп калган. Айыл кичирээк болгондуктан,
Базарбайдын үйүн сураштырып бат эле таап алдык. Кудай жалгап үйүндө экен. Короосунда жүрүптүр, биз аттан түшө баштаганда эле ал эшикке чыкты. Атам экөөбүз тең салам айтканда менин колумдун таңылганын көрүп; -Түшкүлө, үйгө киргиле-деп үйүн көздөй басты. Биз артынан ээрчип жөнөдүк. Базарбай абышка төргө отуруп кемпирине: «чай кой, байбиче! Булар менен көпкө эрмектешет окшойм»-деп бажаңдап күлүп калды.Базарбай абышка алтымыштан ашып калган, ак аралаш чокчо сакал, толмочунан келген, ачык айрым киши экен. Кемпири өзү курактуу баскан турганы тың, мүнөзү токтоо, көп сүйлөбөгөн аял көрүндү. Базарбай абышка мага кайрылып: -Ии, тентек колуң эмне болду-деди. Мага ал киши сүрдүү көрүнүп, эмне дээримди билбей күнөөлүдөй болуп, башымды жерге салдым. Менин ордума атам жооп берип, болгонун айтып берди. Укканда мени аяп кетти көрүнөт: «Келегой балам. Жаныма келчи»-деп алдына чакырып алды. Таңуумду чечип колумду кармалай баштаганда,
колумдун ооруганына чыдай албай онтоп жибердим. Базарбай абышка мени намыстандырайын дедиби атама карап:- «ой жигит, бул балаң сени тартпай калган го, өтө эле жалакай турбайбы, колуна тийе элек жатканда эле, кызча кыңылдап жатат»-дегенде,
мен уялып кетип эрдимди бекем тиштенип, үнүмдү чыгарбоого аракет кылдым. Базарбай абышка колдору менен билегимди кармалап көрүп жатып, бир убакта тартып жибергенде колум ооруганынан бакырып жибердим. Базарбай абышка күлүп:- «ээ балам, эми жаның кирип жыргап каласың, дагы бир аз чыдап тур шакшак коюп таңып берейин»,- деп тыштагы бирөөгө кыйкырып чакырганда,
тыштан он эки, он үч жаштардагы бала кирип келди.-Шакшактык тал кыйып келчи балам-дегенде бала тышка чыгып кетип, бир аздан кийин ичке чыбыктан экини кыйып келди. Аны беш алтыга бөлүп билегиме коюп туруп жоолук менен тыкыс кылып таңып салды. Башка жоолук менен колумду кайра мойнума асып койду. Андан кийин: «бул уулуң чыдамкай, жакшы бала турбайбы, билегинен эки жеринен жаранка кетип, муунунан чыгып кетиптир, шакшакты бир жумадан кийин алгыла, андан кийин он күнчө этият болуп жүрсө бүтүп кетет. Эгер чыдатпай ооруп, шиший турган болсо кайра алып кел»-деди. Биз чай ичип алып Базарбай табыптын үйүнөн чыкканда күн батайын деп калган эле. Менин колумдун ооруганы басаңдап, табып айткандай жаным өзүмдүкү болуп, жолдо атам экөөбүз табыпты алмак-салмак мактап келе жаттык.Биз үйгө түндүн бир оокумунда жеттик. Үйдөгүлөр бизди күтүп укташа элек экен. Баары аттын дүбүртүнөн улам тышка тосуп чыгышты. Энем чыныга суу суза чыгып, башымдан тегеретип чачып: -Кудай чоң колдогон тура «ооруп коптум, ойноп коптум», дегендей аягың жеңил болуп, батыраак айыгып кет балам,-деп безилдеп жалынып, жалбарып бетимден өптү. Биз үйгө киргенде болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып бердик. Үйгө келгенден кийин колумдун ооруганы анча деле жанымды кыйнаган жок. Тек гана бир нерсеге тийип алганда гана зыркырап ооруп жатты. Мен колумдун шылтоосу менен өзүмө таандык болгон түйшүктөрдөн кутулуп, чатырда карындаштарым менен ойноп, жарым айча эс алдым. Колумдун ооруганы күндөн күнгө айыгып жакшы болуп кетти. Каникул аяктап, окууга кетерибизге аз убакыт калган, август айынын аяк чени болуп калгандыктан,
жайлоонун чөптөрү саргара баштаган. Эртели кеч суук болуп, эртең мененки шүүдүрүм кыроого айланып, жер тоңголок тартып, катуу суук жакындап келе жатканы билинип турду. Бадалдардын мөмөлөрү бышып калды. Биз айылдагы үйгө карагат терип кетүү үчүн, карагат тергени чыкмай болдук. Тоонун чыны карагатын билгендер айылдан атайы келишип, дарылыкка варенье кайнатуу үчүн терип кетип жатышканын угуп жатканбыз. Чыны карагат жакадагы үйдө өскөн карагатка караганда жыты буркурап, бир аз жегенде, тилди ачыштырып чыкчу.Эртең мененки чай ичилип жатканда атам сөзүн баштады. -Балдардын окууга кирерине аз убакыт калды, балдар барында ылдыйлап көчүп алалы. Күн суук тартып, чөптөр катып, койлор турбай баратат-дегенде энем: -Балдар бир-эки күн варенье жасаганга карагат терип алышсын. Койлоруңду өзүң эле кайтар,-деди.
Атам энемдин айтканына макул болуп койлорун жайытка өзү эле айдап кетти. Биз чака-чайнектерибизди алып мурдагы согон терген ылдыйкы шиш чокунун аркы бетиндеги топ бадалды көздөй жөнөдүк. Бүгүн карагатты бул жактан терсек, эртеси жалгыз карагайдын топ бадалынан термей болуп, сүйлөшкөн элек. Биз шиш чокунун аркы бетиндеги топ бадалга жеткенде күн шашке болуп калган, асманда бир да булут жок, күн ачык болгондуктан жылуу. Топ бадалдын четинен киргенде чыны карагаттын шактары ийилип турганы көрүндү. Адегенде идиштерге салбастан, тил, оозубуз ачышканча жеп андан кийин гана идиштерибизге тере баштадык. Чыны карагаттын бадалдарынын шагы ийилип, биринен сала бири түшүмдүү, дандуу, көргөн көздүн жоосун алат. Кээ бир топтошкон жерин чогусу менен үзүп алганда ууч толуп жатты. Бул жерде чыны карагаттар абдан көп болчу, биз бир түптүн коюу жерлерин терип, суюк жерлерин таштап коюп, экинчи түпкө өтүп жаттык. Аябай кызыгып алгандыктан,
карагатты кечке чейин тердик. Кечинде гана топ бадалдардан чыгып, терген карагаттарыбыздын арасындагы жалбырактарды тазалап, бири-бирибиздикине кошпой кимибиз көп тергенибизди энебизге көрсөтмөй болдук. Үйгө киргенде карагаттарыбызды энебизге көрсөтсөк баарыбыздын көңүлүбүздү калтыргысы келбей бирибиздикин көп десе, бирибиздикин таза экен деди. Терген карагаттарды кошкондо эки чакага аз толбой калды. Өңдөрүбүздү көрүп алып, күлкүбүз келди. Беттерибиз кызыл-ала болуп кишинин күлкүсү келерлик эле. Эртеси мурунку күнү сүйлөшкөндөй жалгыз карагайдын топ бадалынан карагат тердик. Карагатты эки күн тергенге тажана түшкөнгөбү бул жерде карагат кечээки терген жердегидей эле көп болсо да, болгону бир жарым чака териптирбиз.
Ошентип эс тартканы айылдан алысыраак чыгып, турмуштун сырларына алгачкы кадамымды шилтеп, алардын алгачкылары менен беттешкем. Жалгыз карагай жайлоосунан эртеси айылга жакыныраак Кулматтын дөбөсү деген жерге көчүп кетмей болдук. Кийин бул жайлоого тогуз жыл катары менен жайкы каникулга келип, ата-энеме жардам берип, балалык күндөрүмдүн жай мезгилдери ушул жайлоодон өттү.Эртең менен эрте туруп тамак-ашыбызды ичип бүткөндөн кийин үй эмеректерди атка жүктөгөндөй кылып таңып, аягында чатырды чечип, бир башынан Куркукка жүктөй баштадык. Куркуктун башын мага карматып коюшкан. Куркук жүк жүктөгөн сайын бирде кулагын тикчийтип, бирде кулагын жапырып, эки жагын каранып жатты. Мен ан сайын үркүп кетпегей эле деп көзүм алаңдап корко баштадым. Дыр-дыр дегениме карабай жүгү оорлогон сайын Куркук тыбырчылай баштады. Тыбырчылаганы барган сайын күчөп, тебелеп кетчүдөй болуп ары-бери ойдолойт. Мен чылбырын тырышып кармап, ары-бери сүйрөлө баштадым. Коркконумдан ыйлап жибергени калганда эптеп жатып Куркукка жүктүн көпчүлүгүн артып бүтүштү. Калдырабаган жууркан-төшөк,
чатыр сыяктуу жеңил желпи жүктөрдү Бопой торуга жүктөштү. Эки аттан меш, самоор, лампа, керней, идиш-аяктар артып калды. Мен Куркукту жетелеп, абам Бопой торуну жетелеп, атам малды айдап, калгандары артып калган эмеректерди көтөрүп, жөө жети-сегиз километр аралыктагы «Кулматтын дөбөсүн» көздөй жөнөдүк.Чабандын тоодогу бир күндүк эмгеги ушунчалык оор болгондуктан,
көпчүлүк адамдар бул иште иштегенден качып, чарбанын жеңил-желпи,
кирип чыкма жумуштарын колго алышкан тура. Малчынын күнүмдүк тиричилигине керектүү буюм-тайымдардын жасалгасын көчүп-конууга ыңгайлаштырып,
жеңилдетип беришкенде тоо арасында жашоо бир топ эле жакшы болуп, көчүп-конуу мезгилинде кокту-колотто бүгүнкүдөй жөө-жалаңдап көтөрүнүп жүрмөк эмеспиз. Чарба эч шарт түзүп беришпегендиктен мындай кыйынчылыктарды жеке эле биздин үй-бүлөө тартпастан,
көпчүлүк карапайым адамдардын үй-бүлөөсү тартышкан. Илгертеден эле жашоо «бирөөнө кор, бирөөнө зар» болуп келген окшобойбу. Биринин колунда бар болсо, биринин колунда жок болуп, мунун себепкери биринчи кезекте адамдын өзү экенин көпчүлүгү сезишпесе керек. Мисалы колунда жок адам айла-амал аракетинин аркасында кийин байып кетсе, ал эми колунда бар адам эбин таппай, аракет кылбай, бар нерсени ыгы жок ысырапка учуратып жакырланган.
Анын таасири үй-бүлөөсүнө,
бала-бакырасына тийип, турмуштун оңой жолун татаалдаштырып алган адамдар да жок эмес. «Аракет кылсаң берекет болот» дегендей кудайым деле аракет кылган пенделерин жакшы көрөт тура. Көпчүлүк пенделер аракет кылса кудайдын болушаарын билбей «маңдайга жазган менен болот, андан ашып кете албайсың»-деп,
өзүлөрүнүн жалкоолуктарын,
билимсиздиктерин эске алышпагандыр.
Кудайдын да «сактансаң сактаармын»-
дегенине да маани беришпей, көпчүлүгү кырсыктарга энөөлүктөрүнөн кабылышып, турмуштун жолунан чыгып же татаалдаштырып алышат окшобойбу.Мен ал кезде учууга камынган балапандай болгон учурум эле. Балким тоо ташка урунган балапандай канатымды кайрып алып, уча албай калышым мүмкүн болчу. Бирок кудайым колдоп, тоо ташка урунбай, канатымды кайрып албай кырсыктардан,
кыйынчылыктардан аман-эсен өткөнүм, кийинкиме сабак болуп кийинки кездешүүчү тоскоолдуктарга катуу урунуп албастан этият болуп, учушума шарт түзүлгөндүр.
Мен турмуш жолуна алгачкы кадам таштагандан баштап башымдан көп кыйынчылыктарга туш келгендигимден,
балким ошолордон сабак алып турмуштун жолуна даяр болуп, барган сайын бышып жетилип, өзүмө таандык чыдамкайлык,
ак көңүлдүк, боорукерлик,
намыскөйлүк,
сезгичтик, чынчылдык сыяктуу жакшы сапаттарымдын башаттары ошол кезде түптөлсө керек.Узак жол жүрүп, ысык күндө жондорубуздан тер куюлуп, жыртык чокойлор буттарды жоорутканынан чечип алып, жылаңаяк таштарды, чөмөрлөрдү басып алып келе жаттык. Жолдон эки үч жерден жылан көрдүк. Буттарыбызды таштар тилип, чөмөрлөр кирип кеткенден баса албай, аксалаңдап Кулматтын дөбөсүнө араң дегенде жеттик. Жүктөрдү түшүрүп, чатырды тигип, эмеректерди кийиргенче караңгы кирип кетти. Эптеп чай кайнатып чала-була ичерибиз менен төшөк салынганча эле уйкуга кеттик. Эртеси эртең менен эшке чыксам атам аттарды алып келип байлап, энем уй саап жатыптыр. Кечээ атты оң кармабайсың деп тилденип аткан атамдын көңүлү ачык экен. Мени көрүп:-Келегой Гекиним, кекиртегиңден бир жыттатып койчу,-деп эч нерсе болбогондой кучагын жайды. Мен кечээгисин кектеп кичине таарынгансып башымды жерге салып кетенчиктегенсип,
бирок кайра эле ак көңүлүм кармап кетип, чуркап бардым да, атамдын моюнуна асылдым. Атам экөөбүз кучакташып өбүшүп алгандан кийин «бала тамырчы болот» дегендей атамдын кабагынын ачыктыгынан пайдаланып,
түгөнбөгөн суроолорду бере баштадым:-Тиги жерге эмне айдалган?- деп чыгыш жагыбыздагы айдоону көрсөтсөм атам;-Ал жерге колхоз арпа айдаган. Жакында чаап кетишкендиктен,
биз көчүп келбедикпи,
антпегенде корукчу бизди бул жерге киргизбейт болчу. Илгери эле бул жерге Бышаңдын чоң атасы Шадыбек деген киши арпа айдаптыр, азыр бул жерди «Шадыбек арпа айдачу» деп коюшат.-Аа, бул дөбөнү эмне үчүн «Кулматтын дөбөсү» деп коюшат?-дедим.
-Замирдин чоң атасы бул жерге көп жыл олтуруп малын багып, оокат кылчу экен. Ошон үчүн ошол кишинин атында калыптыр,-деди да, баары бир сураарымды билип, батыш жагыбыздагы жонду көрсөтүп: «муну «Чолок жон» деп коюшат. Үстү түз болгондуктан,
анын үстүнө да колхоз арпа айдаган. Ал эми тээтиги үч катар турган дөбөнү «Үч-дөбө» деп коюшат. Бул мал багууга ылайыктуу жер, кайда жайсаң төрт тарабың кыбыла»-деп атам күлүмсүрөп койду.Биз Кулматтын дөбөсүнүн түштүк жагынан орун алгандыктан көл менен айылды дөбө тосуп, башка суроо берүүнүн ылайыгы келбей калды. Атам өзүнүн жумушуна абдан тактык менен жакшы мамиле жасоочу. Ал кайра бир жайган жайытына экинчи жайчу эмес. Жер которуп жайып, жайытты сарамжалдуу пайдалануучу.
Койлорду короодон эртең менен эрте чыгарып, короого кеч киргизүүчү,
сууга убагында айдап барып сугарып, тузду да убагында берүүчү. Эгер колхоздо туз жок болуп калса өз акчасына сатып алчу. Ошондуктан атамдын койлору дайыма семиз болуп, элдин көпчүлүгү берки биринчи бригаданын элдери да, койлорун атама кошууга аракет кылышчу. Калган менчик койлорду баккан үч короо малчыныкы кою жети-сегиз жүзгө араң жетсе, биздин баккан койлор 1200-1300гө чейин жетээр эле. Атам убагында куртун терип, убагында санап, түгөлдөп, жок болсо ошол эле күнү артынан түшүп издегендиктен,
көп жоголчу эмес. Бир жайда болгону үч–төрт баш жоголчу. Ал эми берки малчылардан он-жыйырмалап жоголоор эле. Биздин ата-бабабыздан бери мал багып келишкендиктенби атам мал дегенде ичип жаткан ашын жерге коюп, мал бакканды жакшы көрөөр эле. Энем Жүзүмкан да ар бир кишинин кой- козусунан бери өңүнөн таанып, жатка айтып берер эле. Мисалы короого келген киши өңүнөн эле менин кызыл коюм, же кара коюм кандай жүрөт десе, анын арык-семизин,
бооз-кысырын,
оору-сыркоосуна чейин жаңылбай айтып берчү. Эл энемдин эске тутуп калуу жөндөмдүүлүгүнө аябай таң калышчу. Ата-энем экөө тең так, ак жүрөк болушкандыктан бирөөнүн кой-козусун сурашмайынча союшчу эмес. Анын үстүнө өзүбүздүн малыбыз жетиштүү эле. Бирөөлөр алмаштырып бер деп жалдырашса да бирөөнүн малын бирөөнө чабыштырганын көргөн жокмун.Ботокан байдын тукуму болгондуктан намыстанып атам башынан малдуу келиптир. Атам мал бакканды гана жакшы билбестен кээде жакын агасы санжырачы Садыктан уккандарын сүйлөп, санжыра кылып айтканда бир көргөн кишиге сөзмөр болуп калаар эле.Атам жакында агам экөөбүзгө ата-бабаларыбыз жөнүндө мындай деп кеп салып берген.-Адам баласы өткөн тарыхын, түпкү ата-теги ким болгондугун билип, өткөндөрдүн каада-салттарын үйрөнүп, ошол кездеги элибиздеги жакшы жөрөлгөлөрдү унутта калтырбай окуп, изилдеп, өзүнүн замандаштарын тааныштырып,
кийинки муундарга калтыруусу парз деп ойлойм. Түпкү аталарыбыз Долон бий адегенде кыргызстанга келип, жердеп калган кыргыздардын алгачкыларынан экен. Анын Ак-уул, Куу-уул деген уулдары, Наалы деген кызы болуптур. Санжырада Ак-уулу оң, Куу-уулу сол делип айтылып жүрөт. Көлдөгү айтылуу санжырачы Садык чоң атамдан угушумда Долон бийдин укум-тукуму,
кыргызстандын баардык булуң-бурчтарына чейин таралып, кыргыз элинин көпчүлүгүн түзөт экен. Кыргызстандын түндүгүндө Ак-уулдун тукумдары жашаса, түштүгүндө Куу-уулдун тукумдары жашашып, Наалы эженин тукумдары орто жерин ээлептир. Мындан 7-8 жүз жыл илгери өткөн бир адамдын тукумдары негизинен бир мамлекетти түзүп отурбайбы. Анан кантип Адам ....уландысы бар
#8 23 August 2015 - 12:55
баласынын улуулугуна,
касиеттүүлүгүнө баа бербейсиң. Кудай таалам адамды бирде ошондой бийик кылып жаратса, бирде пас, колунан эч нерсе келбеген, алсыз кылып олтурбайбы.
Ошонусу менен жашоо кызык болот окшобойбу. Буга чейин эчендеген адамдар өтүп далайларынын артында өлбөс-өчпөс атагы калса, далайлары көзү өткөндөн кийин аты эмес заты калбай, дайынсыз болуп калат тура. Ошондуктан бир келген жашоодо адам баласы болуп жаралгандан кийин, ар ким алына жараша из калтырып кетет экен. Биздин ата-бабаларыбыздын артына калтырган издеринен кеп салып берейин.Биз Долон бийдин Ак-уулунан таралыптырбыз.
Ак-уулдан Тагай бий, Тагай бийден Кылжыр, Кылжырдан Орозбакты, Орозбактыдан Мырзакул мырза, Мырзакул мырзадан Алсейит. Мына ушул жерден Бугу уруусу башталат. Силер алыска барып калсаңар, бирөө «кайсыл уруудансың» деп сураса, «уруубуз Бугу, анын ичинен Желдеңбиз» дейсиңер. Эми эмне себептен Бугу уруусу делип калганы жөнүндө айтып берейин. Орозбакты атанын беш уулу болуптур; Арык мырза, Мырзакул мырза, Кара мырза, Токоч мырза, Асан мырза деген. Бир күнү Кара мырза менен Асан мырза кийике ууга чыгышып, аң уулап жүрүшсө, бир бугу жардын түбүндө улагы менен турганын көрүшүп, энесин атып, улагын кармап алалы дегенде баягы улак кызга айланып калат да: «Акебайлар мага тийбесеңер экен»-деп адамча сүйлөйт. Тигилер ага тийбей үйлөрүнө алып келип, багып чоңойтушат.
Ошол кезде Мырзакул мырзанын баласы Алсейит бойго жетип калган болот. Экөөнү үйлөнтүп коюшат. Салт боюнча үйлөнгөндөн кийин ата- энеси мал-мүлкүн берип, үйүн тигип бөлүп чыгарат.Ошентип Алсейит ата менен Бугу эне өзүнчө түтүн булатып, оокат кылып жатышканда калмактар капыстан кол салып Алсейит ата менен Бугу энени колго түшүрүп, өзүлөрү турган жерге көчүрүп кетишет. Бир нече убакыт жашашкандан кийин калмактын ханы Бугу эненин касиеттүү аял экендигине көзү жетип Алсейит атаны өлтүрүп, Бугу энени алмак болот. Атасынын бул арамза оюн билген кызы Чежимжан Бугу энеге келип минтип айтат:-Атам,
сиздин күйөөңүздү үч күндүк жерге алып барып, ким көрдү кылып өлтүрүп, сизди алганы жатат-дейт.Бугу эне аны уккандан кийин Алсейит атага:-Калмактын ханы сени өлтүрүп, мени алганы жатыптыр. Эртең ууга биз менен чогуу бар деп ээрчитет. Сен макул болбогон күндө да өлтүртөт. Ошондуктан макул болуп, алар менен чогуу жөнө, сени үч күндүк жолго алып барат. Жолдо баратканда аттардын ичинен кайсы ат күлүк экенин байкап бар. Эки күнгө чейин жакшылап эс алып, күчүңдү топто, үчүнчү түнү барчу жериңерге жетесиңер. Үч күн жол жүрүп, чарчаган немелер уйкуга кетишет. Ошондо өзүң жолдо байкап койгон күлүк аттардын бирин минип алып, бери качып жөнө, чарчаган немелер сени таңга маал уйкулары канганда гана жоктошуп, артыңан куугун түшөт. Алар келгенче биз болсо узап кетебиз—деген экен.Алсейит ата Бугу эненин айтканындай кылып качып келгенде калмактын ханынын кызы Чежимжан Бугу эненин качаарын билип калып:-«Мени ала кетпесеңер айтып, айыбыңарды ачам»—деп туруп алат.Аны ала кетишпеске айлалары калбай, аргасыздан макул болуп кошо ала кетишет. Бугу эне айткандай куугун жетпей калып аман-эсен кутулуп кетишет. Элине барганда, Чежимжандын бекер кыз эмес экенин билип, Бугу эне өзү Алсейит атага баш байлатат.Күндөрдүн биринде Бугу эне жуунуп жатса, Чежимжан энебиз боз үйдүн жыртыгынан шыкааласа Бугу эненин башындагы мүйүзүн көрүп, «бул чынында эле бекер аял эмес тура»-деп калат. Ошондо Бугу эне Чежимжан энени чакырып алып «чылапчындагы кир сууну төгүп келчи»-деп жумшайт. Чежимжан эне тышка чыккандан кийин чылапчындагы кир сууну ичип, калганын үстүнө куюнуп алат. Бугу эне касиети менен киринген суусун Чежимжан эненин ичип алганын билип: «Бекер ичип алыптырсың,
жатының күйүп калбадыбы, эми сен бирди эле төрөйсүң. Бирок тукумуң көп болот»—деген экен. Кийин Бугу эне өлгөндө, өлүгүн боз үйгө алып коюшуп, эртең менен карашса сөөгү койгон жеринде жок болуп чыгат. Ошол түнү кыламык кар жаап кеткен экен. Боз үйдөн бугунун чыккан изи калып, кирген изи жок экен. Изди кууп жүрүп олтурушса из жарга келип такалып, жок болуп кетиптир. Ошентип Бугу эне өлгөндөн кийин кайра бугуга айланган деген кеп бар. Бугу эне айткандай Чежимжан эне болгону бирди эле төрөптүр. Анын атын Туума деп коюшуптур. Бугу эненин өзүнүн Жамангул, Бапа деген балдары болгон. Бирок Бугу эне айткандай бүгүнкү күндө алардан Тууманын тукумдары көптүк кылат. Бугу эненин касиеттүүлүгүнөн жалпы Алсейит атанын тукумдарын Бугу уруусу деп койот. Туума ата тың чыгып, калмактардан элин, жерин коргоодо эчен эрдиктерди көрсөткөндүктөн «Туума кашка» аталган. Биздин Даркан айылы ушул Туума атадан тараганбыз.
Тууманын тукумдары жеке эле Даркан айылында гана эмес, бүтүн Жетиөгүз районунун айылдарынын көпчүлүгүндө жашашат. Туумадан Аккозу, Каракозу. Аккозудан Акүчү баатыр, анын тукумдары Аккүп уруусу. Каракозу ата Качанай деген калмак аялынан Желдең, Жүдөмүш, Базарчы деген үч уулдуу болот. Качанай энебиз бээ саап жатканда, бээ тээп жиберип жан таслим болуп, андан кийин Каракозу ата Шербет энебизди алат. Ал киши жаш келип, эрке аял болгондуктан,
түшкө чейин бирди, түштөн кийин бирди кийип кубулуп тургандыктан,
өз аты унутулуп Кубул атка конуп кетет. Кубул эне Желдең, Жүдөмүш, Базарчыны өгөйлөп, көптөгөн кыйынчылыктарды көрсөткөн экен. Желдең атабыздын тыңдыгынан биз ушул жерди жердеп, жалпы Каракозу атанын балдары Желдең уруусу делип калган экенбиз. Ал мындай болуптур. Күндөрдүн биринде Каракозу атабыз жайлоодогу малын карап кыдырып жүрсө, жолунда бир тегерек нан жатыптыр. Атынан түшүп, нанды алып караса жумшак, жаңы эле бышкан нан болот. Кызыгып кетип нандын четинен сындырып оозуна салат. Нанды караса сындырып жеген жери кайра бүтөлүп, дагы эле ысык экенине абдан таң калат. Нандын бекер эмес экенине көзү жетип үйүнө алып келет. Кубул энеге болгон окуяны айтып берет. Экөөлөп нанды боз үйдүн керегесинин үстүндөгү жабык башына катып коюшуп, түлөө өткөрүп, кудайга жалынып балдарына тең бөлүп берели деп чыгып кетишет. Ата-энесинин каткан жерин үйдө бечел калып, буту баспай жаткан Базарчы көрүп калат. Желдең ата ал убакта жаңыдан чоңоюп, атасынын жылкыларын кайтарганга жарап калган кези экен. Керелден кечке жылкыда жүрүп ачка болгон Желдең ата үйүнө келсе боз үйдүн бир капталында бечел иниси Базарчы эле жатканын көрүп: «Үйдөгүлөр кайда кетишкен»-деген экен.-Атам жолдон нан таап алып, сындырып жесе кайра жеген жери бүтөлүп калыптыр. Энем экөө бул бекер нан эмес экен, элге түлөө өткөрүп, кудайга жалыналы деп кетишти. Жүдөмүш абам тышта ойноп жүрөт,-дейт.
Желдең ата Базарчыдан:
-Ал нанды кайда катышты—деп сурайт.Базарчы нанды койгон жерди көрсөтүп берет. Желдең ата нанды алып, жарымынан көбүн өзү жеп, Жүдөмүштү чакырып ага чоңураак сындырып, азыраагын Базарчыга берип, кайра жылкысына кетип калат. Каракозу ата менен Кубул эне түлөө өткөргөндөн кийин үйгө келип, эми нанга бата кылып жейли деп нанды каткан жерин карашса нан ордунда жок болуп чыгат.-Сенден башка киши нанды көргөн жок эле, тап нанды,-деп Базарчыны кысымга алышканда, Базарчы чынын айтып салат. Кубул эне Каракозу атага:-Же мен кетем, же Желдеңди өлтүрүп келесиң,-деген шартын коюп чыр чыгарат. Кара козу атанын айласы кетип, акыры Кубул эненин сөзүнө көнүп эртең менен таңдан туруп, мылтыгын октоп алып Желдең атаны атып келгени жөнөйт. Жылкынын жайытына барса, Желдең ата кырда куш уйкуну салып жаткан экен. Кара козу ата баласынын үстүнөн түтүн чыгып жатканын көрөт. Бул эмне түтүн болду экен деп, жанына барат. Нандын касиетиби, же өзүнүн касиетиби түтүн Желдең атанын оозунан бурулдап чыгып атыптыр. Аны көргөндө Каракозу ата: «Бул балам бекер адам эмес турбайбы, кой муну атпай эле койойун,»-деп,
Желдең атаны ойготуп: «Балам, кечээ нанды жеп кеткениңден кийин Кубул энеңдин жини кармады. Мени атайын сени атып келүү үчүн жиберген эле, эми экөөлөп бир шылтоо табалы»—деп кеңеш салат.Экөө ары ойлонуп, бери ойлонуп олтурушуп, акыры мындай бүтүмгө келишет. Бир Кулунду мууздап Желдең атанын көйнөгүн канга чылап алып, Каракозу ата Кубул энеге: «Желдеңди атып келдим»-деп бармай болот. Желдең ата болсо көзгө көрүнбөй, Кубул эненин ачуусу тараганча башка жакка кете турган болот. Ошентип Каракозу ата Желдең атанын көйнөгүн кулундун канына чылап алып, Кубул энеге алып барганча, өгөй балдарды чилче таратайын, жоготойун деген ой мененби Ош жактан келген кызга Жүдөмүштү өңөртүп: «муну мал кайтартып, жардамчы кылып ал»-деп берип жиберген болот. Желдең ата алыскы сапарга кетеринде бир туугандары Жүдөмүш менен Базарчыга учурашуу үчүн далдаланып келсе, Жүдөмүштү Ош тарапка алып кеткенин айтат. Желдең ата ошондон чыгып бир күнчүлүк алдыга кеткен эжесин кууп жетип: «Кыз деген карабашыл киши алмак беле. Кыз деген шуру, иймек, алтын, күмүш алат-деп койнуна сала келгендерин алдына таштап, Жүдөмүш инисин бошотуп алып ошондон ары Анжиян тарапка жол тартат.Желдең ата өзүнүн айлакерлиги менен бат эле элге алынып, Желдең арык деген канал салдырып, эгин эгип, мал жандуу болуп байып кетет. Эми элиме куру кол барбай аял алып, үйлөнүп- жайланып алып барайын, деген ойго келип жигиттери менен ылайыктуу кыз тандап, базарды аралап жүрсө, башына күрүч көтөргөн бир кыз жагып калат, жигиттерине ушул кыздын артынан түшүп, кайсы үйгө кирерин билип койгула, жуучу түшөлү-дейт.
Жигиттери башына күрүч көтөргөн кызды аңдып жүрүп, кыз дубал менен курчалган чоң үйгө кирип кеткенин көрүп Желдең атага айтып келишет. Эртеси Желдең ата көп мал-мүлк менен кыздын үстүнө барышса, кыздын ата энеси:-Төрт беш кызым бар, кайсынысына жуучу түшүп келдиңиздер эле–дейт.Желдең аталар кыздын аты-жөнүн билбегендиктен:
-«Атын билбейт элек, башына күрүч көтөргөн кызыңызга жуучу түшүп келдик»–дешет.
Ошондон баштап энебизге Күрүчбек деп ат коюп алышат. Желдең ата Күрүчбек энеге үйлөнгөндөн кийин жигиттери менен өзүнчө эле бир айыл болуп кайра туулуп өскөн жерине көчүп жөнөйт. Жолдо келе жатып Кочкорго келгенде бир жумача өргүү кылып, эми мал-жаныбыз менен эс алып кетели–деп конуп калышат. Ал жайлоо айтылуу Мамат бийдин ээлигинде экен. Ал бир айыл киши келип жайлоосуна улуксаатсыз конуп алганын угуп, ачуусу келип, жигитинен жайлоо акысына бир кой берсин, баламды бешикке салат элем–деп суратат. Желдең ата:-Мен убактылуу бир жума турганга эмнеге бир кой берем. Кою жок болсо баласын талкан көөлөп эле бешикке салып албайбы–дейт.
Аны уккан Мамат бий каарланып, Желдең атанын айылын чаап, мал-мүлкүн тартып алып, өзүлөрүн кул кылат. Арадан эки жылча убакыт өткөнчө Желдең ата бир да жолу Мамат бийден акысын доолап, кетемин дебейт. Эки жыл болгондон кийин гана Мамат бийге барып:-Эми бийим:-«Үйүр сагынбас жылкы болбойт, элин сагынбас эр болбойт»-дегендей,
оозумдун айыбын тартып эки жыл айылым менен кул болдум. Аны аз десеңиз сиз тартып алган мал-мүлкүмдү деле сизге калтырайын.
Көчүп жетип алгандай эле унаа бериңиз, эми кетейин–дейт.
Аны уккан Мамат бий кубанып кетип:-«Анда кете бер»-деген экен. Ошондо Желдең ата:-Мамат аке сизге эки жылы кул болуп жүргөнүм аз келгенсип дагы бирөө кармап алып, дагы кул кылса кантем. Мага кылган жакшылыгыңыз ушул болсун уулдарыңыз Темир менен Болот бизди өз элибиздин чегине чейин узатып коюшсун–дейт.
Ага да Мамат бий макул болуп:-«Бир күндүк жол экен, узатса узатып коюшсун»–деп балдарын кошуп берет.Мурунтан:
«сени шашпа, келме кезек келер» деп кекенип жүргөн Желдең ата, өз элинин чегине жетээри менен Мамат бийдин уулдары Темир менен Болоттун буту колдорун байлатып, Мамат бийдики жака бараткан жолоочулардан:
-Темир менен Болотту байлап алдым. Мамат бий өз кылыгын билет бекен, үч күндүн ичинде келип алдыма түшүп, балдарын бошотуп кетпесе мууздап салып кете беремин. Күчкө салып бошотуп кетем деп ойлобосун. Мынча жаманатты болгондон кийин аяна турган эч нерсем жок, күчкө салса балдарын кошо ала жатамын–деп айттырып жиберет. Ал кабарды угуп Мамат бий:-Атаңдын көрү кул Желдеңге алдаткан турбаймынбы–деп башын муштап: «болбостур,
эми күчкө салган менен балдарымдан айрылам»-деп,
тогуздап мал айдатып, тартып алган мал-мүлкүн кошуп берип, өзүнүн кызы баштаган тогуз кызды кошо берип, жигиттерин балдарын бошотуп келүү үчүн Желдең атанын алдына жиберет. Мамат бийдин жиберген тартуусу Желдең атанын купулуна толуп: «Мамат бий өз кылыгын билген экен»-деп келген мал- мүлктүн баарын айылына теңдеп бөлүштүрүп,
кыздарга келгенде:-Сен кимдин кызысың? «Мунун кызымын», деп сурап олтуруп, аягы Мамат бийдин кызына келгенде:-«Сен кимдин кызысың?»- дегенде Мамат бийдин кызымын десе:-«Анда сени мен өзүм алам»-деп Мамат бийдин кызын өзү алыптыр. Мамат бийдин кызы сары кыз экен, Сарыкатын атыгып кетет. Анын тукумдары азыр Жаргылчак айылдарында жашашат. Ошентип Желдең ата бир чети айлакерлиги менен Мамат бийден өчүн алып, жигит жалаңы менен бир айылдуу киши болуп көп мал-мүлк менен элине кайтып кошулган экен.Каракозу ата таап алган нан бекер нан эмес экени эми билинди. Себеби Желдең ата нандын көбүн жегендиктен анын тукуму Тосор айылынан бери жайылып олтурат. Андан кийин Жүдөмүш жеген экен, анын тукумдары Итийбас, Тойчу Даркандын жарымына жакыны, Чычкандын жарымынан көбү ошонун тукуму. Ал эми Базарчы азыраак жеп калгандыктан Чычкан айылында анча көп эмес тукумдары жашашат.Мына ушундай Желдең атанын тыңдыгынан Каракозу атанын тукумдары жалпысынан тышка чыкканда Желдең уруусунанбыз деп коюшат. Желдең атанын балдары Түлөкө, Түлөберди, Түлөкөдөн биз таралганбыз.
Түлөбердиден болсо Тамга, Тосорлук туугандар тараган. Түлөкөнүн балдары Айтыбар, Мендегул болгон. Мендегулдан Сатыш, Самтыр, Байкиши, Карга, Ак музоо.Дагы артына из калтырып кеткен энелерибиздин бири Мендегул атанын байбичеси жөнүндө айтып берейин.Мендегул атанын улуу баласы тың чыгып, эл оозуна алына баштаганда көз тийип, каза болуп калат. Кайгыга батып жүргөндө экинчи уулу төрөлөт. Ошондо байбичеси Мендегул атага «бул балам кайгы үстүндө төрөлүп калды, эптеп өз күнүн өзү көргөн адам болоор, атын Самтыр коюлу»-деп атын Самтыр коюшат. Андан кийинки уулу төрөлгөндө байбичеси Мендегул атага «бул уулуң элинин керегине жараган, элин коргогон баатыр адам болот. Атын Байкиши коюлу. Бирок Сатышыңа жетпей калды»-деген экен. Андан кийин Карга ата төрөлөт. Ошондо байбичеси Мендегул атага «эми абышка Сатышыңды унут, ал кайра тирилди, бул балаңдын телегейи тең болот. Көз тийбесин атын Карга эле коюлу»-деген экен. Андан кийин Ак музоо ата төрөлгөндө байбичеси «абышка бул балаң карыганда төрөлдү, өзү менен өзү болуп оокатын кылаар, атын Ак музоо коюлу»-деген тура. Ошентип энебиз касиети менен балдарынын кийин кандай болоорун билип койгон экен. Кийин балдарынын жашоосу эненин айтканындай эле болуптур. Мен Карга атамдын акылдуулугу,
касиеттүүлүгү жөнүндөгү сөздөрдү укканда толкунданып,
төмөнкүдөй ыр саптары көңүлүмө келе түшөт.Кыргыз эли ардактаган акелердин,Сыймыктанам акеси болгонуңа.О кудайым, бир өзүңө ыраазымын,Карга акенин бир тукуму болгонума.Карга ата жөнүндө эл арасында жакшы сөздөр көп, менин айтпай кеткендерим болсо элден далай угаарсыңар.
Карга атанын эки аялынан он уулу болуптур. Биринчи аялынан беш, экинчисинен да бешөө экен. Себеби Карга ата экинчи аялын алганда кудайга жалынып: «Ээ кудайым тукум берсең экөөнө тең бер, тең бербесең жөн эле кой»-деген тура. Биздин атабыз Чоң мурун экинчи аялы Асыл энеден, төртүнчү, же эки аялынын балдарын кошкондо тогузунчу уулу болот. Ушинтип Карга атанын кудайдан тилеген тилектери орундалчу экен. Айтканы ката кетпегендиктен,
калыстыгынан кыргыз эли Карга атабызды аке дешип, Карга аке деп башынан ардакташчу экен. Мына ошондон, ушул күнгө чейин көлдөн чыккан жети акенин бирөө. Карга атамдын касиеттүүлүгү жөнүндө азын оолак айтып берсем. Күндөрдүн биринде Бирназар Анжиян тарапка жылкы айдатып баратып:-Тээтиги биздин жылкылар чаңдатып өткөн айыл кимдин айылы экен,-деп жаңы эле чаап келген жылкычысынан сураганда:-Карга акенин айылы экен, байкабай жылкыларды жакын айдап коюптурбуз-
дегенде, Бирназар:-Аттиң ай, болбостур,-деп санын мыжый кармап:-«кабылчуга кабылган турбайбызбы,
касиеттүү Карга аке деген ошо киши болот. Ал кишинин айтканы ката кетпейт, каргышына калсак оңолбойбуз,
атты тарткыла тезирээк!
Барып кечирим сурайлы»- деп атын минип, жигиттерин ээрчитип чапкан бойдон барса, Карга ата чапанын желбегей жамынып, дөбөдө олтурган экен. Бирназар алдына жеткенде атынан түшө калып, чөгөлөй камчысын мойнуна салып салам айтып, Карга атамдын алигин күтпөстөн эле: -«Аке кечириңиз, жигиттер байкабай калып суусаган жылкылар айылыңызды чаңдатып кетиптир. Кийин көзүңүз өткөндө, бир уулуңуз катары сыйнатыңызды жасайын, батаңызды бериңиз»-деген экен. Ошондо Карга ата мөмөдөй ийилип, кечирим сурап, жигиттерин баштап келген жигитке карап:-Атың ким, кимдин тукумусуң?-дегенде;
-Атым Бирназар, Белектин тукумумун- деген экен.Карга ата батасын берип, «кечирдим» -деген экен.Карга атамдын сөөгү айылдын четиндеги чоң коргондун арасында. Анын ошол жерге коюлганынын себеби мындай:-Илгери кыргыздар көчмөн турмуштун айынан туруктуу салынган жер тамдары жок болуп, көчүп жүрө беришчү экен. Карга ата да өз айылы менен биягы Чоң-Кызыл-Суунун ичи, тиягы Тоңдун берки чатына чейин жайыт которуп турушкан. Бир күнү Карга ата уулдарын эрчитип, бир жактан келе жатып азыркы коргону турган жерге аттан түшүп, эс алып олтуруп калышат.-Ээ балдарым бул жер жайлап, кыштачу жер турбайбы?–деген тура. Балдары атасынын бул айткан кебине таң калышат. Жаныбек деген баласы:-«Бул атам жүздөн ашып, карып калгандыктан,
алжып калган экен. Кантип бир жерде, жайы-кышы менен отурууга болот»-деп ойлойт да, атасына сыр билдирбей ичинен бушайман болот. Алар аттанып, ат чабым жерге жеткенче, атасынын жанагы айткан сөзүнүн сырынын түйүнүн чечип, «атамдын жайдыр-кыштыр отурчу жер экен дегени, өлгөндө ушул жерге койгула, дегени турбайбы»-деп:
-«Ата силер кете бергиле, мен азыр келем»–деп артына кайра чапкан бойдон барып, жанагы атасы аттанып кеткен жерге, куураган укуругун белгилеп сайып койот. Ошол эле жылдын кышында Карга атама досу келип:-Ушунча жылдан бери дос болгон менен, сиздин канча жашта экениңизди билбей калып, бирөөлөргө уят болуп калдым. Канча жашка келдиңиз досум?-дегенде Карга ата досуна:-Кап,
ай досум, болбостур «айтылган сөз,атылган ок» кулагым укандан кийин кайра артка кайтпай калбадыбы. Бул сөздү сенден укпасам болот эле, сенде да күнөө жок, менин жашымды атайы душмандар билип сурашкан турбайбы. Мен жашымды айтканда өлө турган сырым бар эле, менин күнүмдүн бүтчү убагы келген экен, мен быйыл жүз ондун тамагын ичип аткамын-деген экен.Досу кеткенден кийин бала-бакыраларын чогултуп: -«Келиндерим да кирсин, кийин атаңар кандай киши эле десе, айта жүрүшсүн»-деген экен жарыктык. Карга атанын үстүнө келиндери жүгүнүп киришкенде келиндеринин алды токсондорго барып калыптыр. Оозунда тиши жок, таяк таянган кемпирлер жүгүнүп киришкен экен. Ошого чейин келиндеринин жүзүн Карга ата, Карга атанын жүзүн келиндери көрүшпөптүр.
Баары киргенде Карга ата бала-бакыралары менен коштошуп бүткөндөн кийин, уулу Жаныбек ата: -Сизге бир суроом бар эле?- дептир. Жаныбекти Карга ата «Куу далым» деп эркелетип койчу экен.-Ии, Куу далым эмне сурооң бар, айта Бер?-дегенде:
-Быйыл кардын калыңдыгын өзүңүз көрүп турасыз, тоонун куйругуна келип ат бура тарта албай жатат. Сиз өлөм деп коркутуп жатасыз. Мына бул кыдырма жарда, өзүңүз түбөлүктүү орун алчу жайыңызга чейин кантип алып барабыз. Алып барган күндө да, эл кантип барып сиз менен коштошот. Карга аке бул дүйнөдөн өттү деп бүт кыргыз, казак, өзбекке кабар берсек, келген элди кандай узатабыз-деген экен. Ошондо Карга ата кыска эле үч суроосун бириктирип:
-Ээ балам, ордумду басып журтка бий болот десем, ушуга акылың жетпейби, бир чүкөдөй абышканы күрөндүгө тээп койбойсуңарбы жазга чейин-дептир.
Ошол эле күнү Карга ата кечинде уктаган тейден жүрүп кетиптир. Эртеси күнү балдары өзүнчө боз-үй тигип, арча кыйып келишип алдына муз төшөп, үстүнө арча салып, анан сөөктү жаткырып, үстүнөн арча менен кайра жаап анын үстүнө муз коюп, жазга чейин сакташканда да эч бузулбастан күнү бүгүнкүдөй сакталган экен. Жаз чыгаары менен бүт кыргыз, казак, өзбекке чейин кабар беришип, айылы менен сөөктү жүктөп алышып, өзү белгилеп кеткен жерге сөөгүн жашырып, балдары азыркы Дархан айылы жайгашкан көл жээгине көчүп келишиптир.
Бирназарга уулу катары өзүнчө кабар айттырышыптыр.
Бирназар төрт жүз жыгач табак кырдыра келип, бир уулундай кызмат жасаган экен. Бирназардын укум-тукумунун өскөн себебин Карга атадан бата алгандыктан деп айтышат. Ошондо атабызга топурак салганы келген элдин көптүгүнөн жигиттер келгендерге табакты ат минип тартышкан дешет. Мына ушундан улам Карга атанын сөөгү ушул жерге коюлуп, Карга атанын коргону делип калыптыр. Дархан айылынын ушул жерге отурукташып калган себеби да, атамдын сөөгүнүн ошол жерге коюлгандыгынан экен. Карга атанын он уулунан тараган укум-тукумдары ошол кезде эле элүү-алтымыш түтүнгө жетиптир. Улам көзү өткөндөрүн атасынын жанына койо беришип, кийин эртели-кеч коргонго куран окуганга жакыныраак болсун деп, Дархан айылынын ордуна тукумдары отурукташат.
Кийин Карга атанын аталаш туугандары көчүп келишип, алар да көзү өткөндөрүн коргондун жанына койо башташкан. Чыныбай менен Балтабай хандык талашкан учурда да, үйөздөн келген комиссиялар Саруулуктар менен болгон жер талашта: «бул жер ата-бабалары мурунтан отурукташкан,
мүрзөлөрү далил катары болгондуктан,
бул жер Дархандыктарга кайтарылсын» деп Жууку суусунун берки оозун Дархандыктарга,
аркы оозун Саруулуктарга берген экен. Ушинтип Карга атанын аркасы менен Дархан айылы баардык жактан ыңгайлуу жерге отурукташып калган.Эми Карга атанын тогузунчу уулу Чоңмурун ата жөнүндө айтсам, Чоңмурун ата бала күнүнөн эле олбурлуу болуп, балбандыгы менен башка балдардан айырмаланып туруучу дешет. Анын сүрүнөн эле мал-жанга ууру жолобой тегерегиндеги элдер кеп кылышып, «тиги Карга акенин Чоңмуруну баланчаны аттан оодарып салыптыр, түкүнчөнү союл менен жыга чааптыр, баланча ууруну кармап алыптыр» делип атагы чыга баштайт. Аны жигит болгон кезинде эле Акжал карала айгырынан башка жылкы көтөрүп, чуркай алчу эмес экен. Кийин Бугу элине кытай жактан Жунгар деген эл кол салганда согуш башталып калат. Жалпы эр- бүлөөнүн баары согушка аттанып, Чоңмурун ата да бир- туугандары менен бирге жерин коргоого чыгат. Чоңмурундун эрдиктерин мурунтадан угуп жүргөн эл Чоңмурун баатырга келип, жоонун мизин Шалбаанын талаасынан кайтарып, артка карай кууп, чабуулга өтпөйлүбү деп кеңеш салышат. Чоңмурун ата бир топко ойлонуп туруп, биринчиден биздин элдин курал-жарактары начар, көпчүлүктүн бакан, союлдан башка эч нерсеси жок. Экинчиден биздин эл мындай согушту башынан өткөрүп көргөн эмес. Жоону көргөндө кайра качышы ыктымал, ошондуктан өзүбүзгө таандык кылып, алыстан көрүнүп тургандай жашылдан асаба көтөрүп согушка киришибиз керек. Жоо менен беттешкенде асабаны көтөрүп турган киши артка качмайынча,
жоокерлерибиз артка качпай, эрдик менен согушат-дегенде,
эл дуу эте түшүп:-Бали,
акылыңа баракелде, асабаны өзүң көтөрөсүң. Буга сенден башка эч ким жарабайт–дешкен экен.Согушканы чогулган элди Чоң-Кызыл-Суунун боюна өргүү кылып коюшуп, Карга бийдин Чоң мурун, Шанияз, Олжобай деген баатыр уулдары жана ончакты киши жоо чалганы Шалбаа талаасын көздөй жөнөшөт. Алар таң сүрө аттанышып, Шалбаа талаасынын аркы четине жеткенде, жоо тигилерди аңдып калышкан көрүнөт, ат коюп чыга калышат. Көптүн иши көп эмеспи. Тигилер кайра артка качып жөнөйт. Көп узабай Чоңмурундун агасы Шанияздын аты начар болгондуктан,
куугунчулар жетип, Шаниязды аттан сайып түшүрөт. Аны көрүшкөн Чоңмурун менен Олжобай кайра артка кайрылганча Шаниязды жоо тегеректеп калган болот. Эки баатыр ат коюп кирип барышканда топ жарыла берип Чоңмурун ата жоонун ортосунан Шанияз агасын учкаштыра качат. Ошондо Акжал карала айгыр эки алпты көтөрүп алып-учуп баратты дейт. Карала айгырдын жоодон куткараарына Олжобайдын көзү жетип, жоо менен чабышканды токтотуп, артынан жөнөгөндө Карала айгыр эки алпты көтөрүп баратса да, Олжобайдан бута атым алдыга чыгыптыр, мына жылкы деп ошону айт. Жылкынын тулпары белем-деп атам тамшанып алды. Анан кайра сөзүн улады. –Ошентип экөө жоодон агасы Шаниязды алып чыгышкан экен. Жоодон кутулушканына көздөрү жеткенден кийин Шанияз агасын баласы Олжобайга учкаштырып,
эл тарапка жиберип Чоңмурун Оргочор тоосуна чыгып Кызыл-Суунун боорунда өргүп жаткан элге:-Оо эл-журт жоо келатат. Аттангыла!
–деп кыйкырганда Чоңмурундун үнү ошончо аралыкка угулуп, эл жоого каршы аттаныптыр.
Колду алдынан тосуп чыгып Чоңмурун ата жоого баштап кириптир. Эки жак беттешкенде,
чаң-тополоң түшүп, үстүндө ээси жок аттар мындан көп, аттарынан айрылып жөө калгандар андан көп болуп, бирөөлөр жерде өлүп жатышса, бирөөлөр жарадар болуп онтоп жатышыптыр.
Ушундай кызыл кыргын, кара сүргүндө Чоңмурун ата жашыл асабаны булгалап, Акжал карала айгыры менен ары-бери жоону аралай чаап, жакындаганын жыга сайып жүргөнүн көргөн биздин эл кайраттанып,
душман менен аябай салгылашып,
жоону артка чегинүүгө мажбур кылышкан экен. Мына Чоңмурун атаңар ушундай айлакер, элим-жерим деген баатыр болуптур балдарым.Чоңмурун атанын үч уулу болуптур. Кичүү уулу Ботокандан биз таралганбыз.
Ботокан чоң атам жөнүндө бир топ китептерде жазылган. Ал киши жөн гана чоң бай болбостон көзү ачык, касиеттүү, айлакер киши болгон экен. Кечээ жакында эле болуп өткөн Бугу менен Сарыбагыштын согушунда Бугу эли тараптан Боронбайдын жиберүүсү менен өзүнүн чаар жылкысынан жүздү Ормон ханга айдап барып, элчилик кылып, Балбай баатырды Ормондун туткунунан бошотуп келгени ырас. Ал кишинин кийинки муундарга таалим-тарбия болоорлук көп жакшы сапаттары болгон. Ботокан чоң атам жөнүндөгү кээ бир уккан окуяларым жөнүндө айтып берейин. Ботокан чоң атам Сырт өрөөнүндөгү Курт көл деген көлдүн тегерегинде жайлаган экен. Азыркы кезге чейин ал жерди «Ботокандын курт көлү» же жөн эле Курт көл дешет.Бир күнү жайыттагы малдарын көрүп келүү үчүн үйүнөн боз чаар бээсин минип чыгат. Кечке жайыттагы малдарын кыдырып, кечкурун үйүнө кайтаар мезгилинде жолдон минип жүргөн чаар бээси чидерип тууганы калат. Бээси баспай койгондо жайытка таштап, ээр токумун көтөрүнүп үйүнө келет. Эртеси эртең менен таң жээк салып, малчылары ойгоно электе бээсинен санаасы чыдабай кечээки таштап кеткен жерине барат. Алыстан бээсин караса кичинекей чаар неме бээнин жанында жүргөнүн көрүп, бээ тууган экен кулуну болсо керек деп ойлойт. Жакындап барып караса көргөн көзүнө ишене албай абдан таң калыптыр. Терисинде түгү жок чаар ала, кулун десе кулунга окшобогон жаныбар туруп алып, оттоп жаткан бээнин үстүнөн улам бир жагына аттап өтүп ойноп турган болот. Келмесин келтирип, мындай шумдуктуу кулун жөнүндө мурда угуп көрбөгөндүктөн,
Ботокан чоң атам бээсин кулуну менен ордуна таштап үйүнө жөнөйт. Ал, байбичеси Айым чоң энеге:-Бол байбиче, сен тогуз токоч бабединге нан бышыртып кой, мен айылдагы ак сакалдарды чогултайын,
-деп үйүнө кирбестен токулуу турган атты мине калып чапкылап жөнөйт. Байбичеси абышкасынын кылыгына таң калып: «бул мурда эзели минтип шашчу эмес эле, эмне болуп кетти» деп ойлойт. Аңгыча айыл ак сакалдары чогулуп келип, мынча эмне болду дешип, кужулдашып турганда, Ботокан чоң атам келип, баарын үйгө киргизип мындай деп кеп баштаптыр:-Оо кадырман ак сакалдар, мен бала болуп башыма жүн чыкканы көп эле шумдукту көргөн элем. Бирок мындай шумдукту көрбөптүрмүн да укпаптырмын.
Кечээ чаар бээмди минип алып жайыттагы малымды көргөнү барган элем. Кеч курун үйгө кайтып келе жатсам, бээм чидерип баспай койду. Караңгы кирип баратканынан тобокелге салып, жайытка таштап, эртең менен эрте таң жээк салаары менен туруп, жайытка барсам, шумдугуң кургур жаңы туулган кулун десем, кулунга окшобогон буттары өтө эле узун, этинде түгү жок, жылаңач чаар неме оттоп турган энесинин ары-бери жагына секирип ойноп туруптур. Көргөн көзүмө ишене албадым, силерге калп, мага чындык. Силерди чакырган себебим араңарда мындай шумдукту угуп көргөнүңөр бар болду бекен. Анын үстүнө көзүмө көрүнчү көрүндүбү, кудайыма жалынайын дедим–деген экен. Уккандардын баардыгы кудайга тобо келтирип, жакаларын кармап, бири-бирин карашканда арасынан:
#9 23 August 2015 - 12:56
-Мен мындайды чоң чоң атамдан уктум эле. Жылкынын эң кыйын күлүгү тулпар деген болот. Ал туулганда кызыл эт туулуп, өтө назик келип, кулагына иттин үргөнү, же кичине эле катуурак чыккан үн угулса өлүп калат. Аны кичинекей чагында суунун шаркыратмасы бар ээн жерге, бир ай бакса андан тулпар чыгаарын айткан. Сага кудай чоң берген турбайбы. Тулпар чанда гана туулат, аны кудайым берчүгө гана берет дечү эле чоң чоң атам- деген экен. Ботокан чоң атам ошол эле күнү бээсин жетелеп, кулунун ээрчитип ээн жердеги суунун шаркыратмасына тамак-аш, кийим- кечесин камдап алып жөнөгөн экен. Чоң атам бир айдан кийин үйүнө келсе, тулпар жөнүндөгү кабар бүт кыргыз эли эле эмес өзбек, казака чейин тарап кетиптир. Эчендеген бай-манаптар ар кайсы жактан келе башташыптыр.
Кээлери жөн эле кызыгып, көргөнү келишсе, кээлери соодалашканы Ботокан чоң атаны таламайга салышып:-Тулпарыңды мынча кой, мынча жылкы, мынча алтынга бер- дешип, алармандар күндөн күнгө көбөйүп, тажаганда Ботокан чоң ата элди чогултуп алып түшүнөн аян бергенби, же билгени барбы мындай деп айткан экен:-Бул тулпарды өзүнө туштук, багын ачып, багып мине билген адамга бекер эле белек катары берсемби дедим эле. Ошол тулпардын баркына жете турган адам азыркы мезгилде саяк Баатыркан. Ошого гана белек катары берем-дептир.
Саяк Баатыркан ушул сөздү укканбы, же чоң атам айттырганбы тулпарды келип чоң атам экөө достошуп алып кеткен экен. Кийин өлөр өлгөнчө Ботокан менен Баатыркандын достугу ажырабай, бири-бирине узбөй катташып турушкан. Мына ушул адамдардын достукту баалай билгендигин,
байлыктан адамкерчиликти жогору туткандыктары,
айтууга арзырлык эмеспи. Азыркы учурда кээ бирөөлөр болоор болбос акча, бийлик үчүн, ар кандай кылмыштарга барып, жалаа жабышып, бирөөлөрдү жөн жерден күйгүзүп, бири-биринин беттерине көө жаап жатышпайбы.
Ботокан чоң атабыздын тушунда Жалгап деген аталаш тууганы үйөзгө миң алтын теңге карыз болуп башына мүшкүл келгендиктен үйүнөн чыкпай керегенин бою менен тең төшөк салдырып жатып алыптыр. Бүт ага-туугандары чогулуп, «муну кантип куткарабыз» дешип кыйналып турганда Ботокан чоң атам менен Таш теке аажы: «Жалгапты карызынан биз эле куткарабыз» дешип милдетин моюндарына алышыптыр. Ошол кезде бир алтын тенге, бир койго барабар экен. Экөө көп өтпөй мал түрүндө Жалгаптын карызын үйөзгө төлөп бериптир. Ал гана эмес Ботокан чоң атам ар бир ай, айбашы сайын бей-бечараларга жүздөн кой таратып берип турчу экен. Ботокан чоң атамдын касиеттүүлүгүнө токтоло кетсем.Кыштын бир күнү түнкүсүн ач карышкырлар улуп, уңшуп короону тегеректеп келет. Ошондо малчылары «келе баканды»-дешип куу союл болуп жабыла эшке чыгышмак болгондо, аларды чоң атам токтотуп, эшикке чыгарбай: «Тим эле койгула төө камдап келишти дейсиңерби,
жесе бирди жеп кетишер, малда алардын деле көз акылары бар»-деген экен. Эртеси эртең менен карашса чоң атам айткандай, короонун четинде бир эле койдун тарпы калыптыр-дегенде эсиме тулпар түшүп атама;-Ботокан чоң атамдын тулпарын Баатыркан ажы өзү миниптирби–деп суроо берип калдым. Атам менин суроомо мындай деп жооп берди:-Аны өзү мингени жөнүндө сурабаптырмын.
Анын кандай тулпар болгону жөнүндө да маалыматым жок. Ал тулпар тууралуу Баатыркандын жердештеринен билгендери бар чыгаар. Менин угушума караганда Чоконун ашындагы байгеге сайылган миң койду утуп алган Үкүнүн аты Ботокан чоң атамдын тулпары, же анын тукумунанбы даана белгисиз. Бирок, ошол аттын өзү чоң атамдан барыптыр. Ал мындай болгон экен. Ботокан чоң атамдын улуу баласы Токтомамбет ата үйөздөгү жыйында сөз сүйлөп жатканда Кыдыр акеби же башкабы:-Ой,
бул сүйлөп жаткан кайсы жердин тукумдарынан болду экен. Кимдин тукумунан болсо да телегейи тегиз турбайбы-деп коюптур. Токтомамбет ал кезде бүт Желдең уруусуна болуш экен. Жыйындан көз тийип, үйүнө ооруп келет. Анын аялы айтылуу Тилекматтын кызы. Кийин эл үркүп бара жатканда кымкуут болуп Токтомамбет атабыздын аялы жоголуп кетет. Ошол атабыз өлгөндө бүт Желдең эли аза күтүп, үч күнү аялдар кара жоолук салынышып, эркектер кара кур курчанышыптыр.
Анын ордуна Байгазы болуш болуп шайланат.Күндөрдүн биринде бала болуш Байгазы делип атагы чыгып турганда, атасы Ысабектин ашын бермек болот. Ашта чоң ат чабыш болушу күтүлөт. Ошол кезде Байгазынын аталаш агасы Үкүнүн дубанда жок буурул күлүк аты бар экен. Ошол буурул атты жакын тууганы Үкү байгеге кызыгып, атты чапмак болот. Байгазы буурул атты ашка чапканы таптап жатканын угуп, агасы Үкүгө барып:-Атты чаппаңыз, буурул ат байгени алса, эл өз байгесин өзү алып алды дебейби-дейт.
Бул сөзгө Үкү макул болбой койот. Үкү тилин албай койгонго Байгазынын ачуусу келип ат чабышка айдалуучу аттарды өзү айдамак болот. Чабылуучу аттарды койо берүүчү чекке жеткенде Байгазы буурул атты сүрөмүш болуп камчысы менен соорусун сындыра чабат. Ошондо да жаныбар чыгаан күлүктүгүнөн марага экинчи болуп келип бычакка жарап өлгөн дейт. Кийин Байгазынын бул кылыгы билинип калып, эки туугандын ортосундагы чыр күндөн күнгө ырбай берет. Акыры Байгазы болуш агасы Үкүгө киши жиберип:-Канткенде буурул аттын кунунан кутулам-дептир.
Ошондо Үкү айтыптыр:-Байгазы кайын атасы Баатыркандан Ботокандын тулпарынын Каракашка тайын алдырып келип берсе, ошондо буурул аттан көксөөм сууйт эле–деген экен.Байгазы болуштун айласы түгөнүп, агасы Үкүнүн айткан сөзүнө макул болот. Ошол учурда Байгазы Баатыркандын кызына жаңы эле үйлөнгөн учуру. Аялынын төркүнүнө төркүлөп барчу маалы экен. Байгазы аялын көп мал-мүлк менен кайынатасыныкына төркүлөтүп жиберет да аялына:-Мага себиңдин кереги жок, Каракашка тайдын гана башы колго тийсе болгону. Атаңа түшүндүрүп айт–дейт.Баатыркан кызынын адаттан тышкары көп мал-мүлк менен төркүлөп келгенинен шек алып:-Кана балам күйөө балам эмне суратып жиберди, жашырбай ачыгын айт–дейт. Ошондо кызы эки туугандын буурул ат тууралуу араздашып жүргөнүн, Байгазы Каракашка тайды суратканын айтып берет. Баатыркан тура түшүнүп;-Эх,
болбостур балам, күйөө балам башкага суратса бербейт элем. Бул Каракашка тай тулпардын тукумунан эле, эки туугандын таарынышканы жаман болот дечү. Ошолордун чырын басыш үчүн берейин-дептир.
Байгазы, аялы алып келген каракашка тайды көрүп:-Үкү ушул даакысы түшпөгөн жаман арык тайдын эмнесине кызыгып жатат. Муну көрсө айткан сөзүнөн айнып кетип жүрбөсүн,-деген ой менен бир табарсык алтын акча кошуп, жигитинен жетелетет. Ошондө Үкү каракашка тайды көрүп моюнунан кучактап:-Жаныбарым колго тийдиңби,-деп кубанганынан көзүнө жаш алган экен. Аңгыча Байгазынын жигити алтын акчаны сунуп, Каракашканын үстүнө кошуп берди, -дегенде: -«Акчасын өзү алсын, мен ыраазымын»,
деп айтты,-дегин дептир. Көрсө Үкү малды алыстан тааныган, чыгаан саяпкер адам тура. Ботокан чоң атамдын үч уул, бир кызы болгон экен. Кызы Бапа уруусуна турмушка чыгат. Улуу уулу Токтомамбет,
ортончусу Элебес атам, кичүүсүнүн аты Урманбет. Улуу баласы Токтомамбеттен тукум калбаптыр, ал жөнүндө жана айтып бербедимби,
эми Элебес атам жөнүндө айтсам, Үркүндө бүт калайык калк үрккөндө, эки-үч малчысы менен үркпөй калат. Сырттын Тарагай суусунун жээгинде жашынып калыптыр. Чоң атам Үркүндүн алдында ооруп калып, Урманбет атасын алып, эл менен кошо үркүп Текеске кетиптир. Атамдар түнкүсүн от жагышпай күндүз түтүн чыгарбоого аракет кылып, тамак-ашын эптеп бышырып ичишчү экен. Малын болсо түн ичинде жайып, күндүзү короодон чыгарбаптыр.
Камдап алган эгиндери түгөнүп, жалаң эт, май, сүт, айран ичишкендиктен,
чычкактап, айлалары кеткенде атам Бапаларга турмушка чыккан азыркы Барскоондогу эжесиникине барууга кыштын кыраан чилдесинде жолго чыкмак болот. Ал кезде элдин баары үркүп, жер ээн калып, Үркүндө өлгөн кишилердин этине кынык алган карышкырлар кишичил болуп, бир жагынан душмандарга кабылып калгандан коркушса, жолго жүрүү андан да коркунучтуу болгон. Эгер барбай койсо жазга чейин үч түтүн үй-бүлөө кара чычкактан кырылып калмак экен. Ошондуктан кыштын кычыраган суугунда, жанында куралы жок, түнкүсүн жолго чыгат. Таң ата Бапалардын кыштоолоруна келсе, бири да калбай үркүп кетишкен болот. Кайра артка кетейин десе, баары бир чычкактан үч үй-бүлөө тең кырылганы турат. Айласы жок андан ары жолун улап нарындык таякелерине бет алат. Күндүз жол жүрүүгө мүмкүндүк болбогондуктан,
атам түндүн киришин, далдаа жерге аты менен жашынып күтүп, түн кирери менен жолго чыгат. Жолдон карышкырлар улуп тегеректей баштайт. Атам узун союлу менен айбат көрсөтүп соккулайт, ага карышкырлар болбой, түз качырып, жара тартып кетише турган болот. Ошондо жанталашып эки үзөнгүсүн чечип алып таңкылдатып,
бирине бирин ургулай баштайт. Темирдин үнүнөн чоочулаган карышкырлар кичине алыстай түшүшөт. Үзөңгүлөрдүн үнү чыкпай калса эле, кайра жакындашышат,
ошентип алп урушуп жүрүп, таң агара баштаганда,
карышкырлар калып калышат. Аңгыча чуңкурдан үч-төртбоз үйдү көрө коюп, атын далдаага байлай салып, өзү акырын ким кирип чыгаар экен деп карайт. Эгер түз барса, орустарга же бирөөнө айтып коюбу дешип кооптонуп, өлтүрүп коюшаары ыктымал эле. Таң аткандан кийин төрт-беш атчан мылтык асынган кишилер келишип, боз үйлөргө кирип кетишет, керелди күнү кечке алардан башка эч ким келип кетпептир. Кеч кирип калган кезде баягы атчандар үйлөрөнөн чыгып, аттарына минип, мылтыктарын асынып алышып жөнөп кетишет. Алардын караандары үзүлгөндөн кийин атам атына минип алып, боз үйлөргө барат, ал жерде аялдар балдар эле бар экен. Ал жай сурашкандан кийин тигилер да үркпөй калган кишилер экендигин билет. Жанакы атчан мылтык асынган беш киши түнкүсүн аттарын откоруп, аң уулашып, тегеректе үркпөй калган кишилер менен алды-берди байланыш түзүп, күндүзү үй-бүлөсүн кайтарып, үйлөрүндө болушат экен. Эми түн катып кеткен үй ээлерине кандай жолугам деп атам айтканда, бары кеңешип мындай дешет:-Сен алар келер маалында атың менен далдаланып тур, биз аларга иштин жайын дааналап түшүндүрөлү.
Анан тигилер макул болушса өзүбүз кабарлайбыз-
дешет. Атама тамак аштарын берип,- мурунку ордуңда далдаланып тургун -деп жиберишет. Таң атып келе жатканда, кечээки маалда баягы атчандар келип, үйлөрүнө түшүшөт. Кабар беребиз дешкендерден бир топ убакытка чейин кабар болбой, «булар эмне болушту», деп сар санаа болуп жата берет. Керек болсо алар аялдарына макул болушпай «Бирөөлөргө айгак болуп, айтып койбосун, көзүн тазалайлы»,
деп, өзүн атып салып, атын союп алса эч ким билбей калмак.Бир кезде боз үйдөн бир киши чыгып, атам жакты карап келебер дегендей кылып кол булгалайт. Атам далдоодон чыгып, боз үйлөргө барат. Чакырганга салам айтканда, тиги чоңураак боз үйгө кир дегендей ишараат кылыптыр. Атам боз үйдүн босогосунан баш багары менен, салам айтып, ичке кирсе төрдө тебетей кийген чокчо сакал толмочунан келген киши отурган экен. Алик алып,-Кел бул жака өт- деп оң капталын көрсөтөт. Ал кишинин сол жак катарында үч киши олтурган экен. Алар тигинин инилери же балдары окшойт, атамдын артынан аялдары менен балдары киргенде, боз үй толуп калыптыр. Төрдөгү отурган кишинин жашы алтымыштар куракта экен. Атамдан:-Ким болосуң, кайдан келдиң, кайда бараттың эле?-деп үч суроону бир берет. Ага атам бардыгысын төкпөй чачпай айтып берет. Баары көңүл койуп угушуп атамдын жообуна ынанышып, унчукпай, төрдөгү кишиге «эмне кылабыз муну», дегендей карашканда,
төрдө отурган сакалду киши, жымжырттыкты бузуп, -Ботокан байдын уулумун дечи,-деп атамды карап алып, эки жагын караганда, беркилер баштарын ийкеп, «Тим эле койолу», дешкендей болушуптур.
Ал кезде Ботокан бай күнгөй-тескейге аттын кашкасындай таанымал киши эле. Эгер башка бир тааныбаган киши болгондо ким көрдү кылышмак экен, деп атам айтып калуучу. Жанакы сакалдуу киши «Ботокан байдын уулумун дечи» деп эки жагын караганы, көрсө «Ботокан байдын уулу экен эмне кылабыз», деген турбайбы. Беркилер баштарын ийкегендери «тим коюп, кабыл алалы», дешкени экен. Андан кийин үйдүн ичи, кыжы-кужу болуп, баары ачык сүйлөшкөнгө өтүшүптүр, ары кеңешип, бери кеңешип олтурушуп, мындай жыйынтыкка келишет. -Ошончо малың менен тогуз жолдун тоомуна отура албайсың. Эртедир-кечтир кармалып калышың ыктымал, эгер макул болсоң, бул жерде сенин малың баткандай ээн жер бар, бул жака көчүрүп келели дешет. Атам макул болбоско чарасы жок, ошо Кыдыктар менен түн катып Тоңдун Сыртына көчүп барган экен. Ал жактан аман-эсен кышташып жазга илинишет. Баякы көчүрүп барган кыдыктар менен аябай ынтымактуу жашашып, тигилерден эгин алмашса, аларга соютуна мал берип турушат. Жаз чыккандан кийин, Текеске качкандардын алды келе башташат. Кыдыктардын болушу Сагаалы деген көчүп келип, жайыт тарып, ууру-бөрү көбөйөт. Атамдар мына эми көчүп кетебиз деп жатканда короосуна ууру кирет. Короодогу малдар үрккөнүнөн атам чуркап чыкса, бир киши кой жетелеп баратыптыр дейт. Кыйкырып артына чуркаганда койун таштап жиберип, качып баратып арыктан секирип качам деп, арыка жыгылып өлгөндө Кыдыктардын ач арыктары «кун алабыз» дешип, койлорун талай башташат. Атам, Сагаалы болушка айтса укмаксанга салып койот. Айласы кеткенде Абдылда деген койчусун түн каттырып, Байгазы болушка жиберет. Көп өтпөй барып, тегерегиндеги бий болуштарды чогултуп, чогулуш ачып, уурунун эмнеден өлгөнүн билүү үчүн комиссия чыгарат. Комиссия уурунун өлүгүн кайра казып, текшерип, көкала таппаган соң, союп көрүшүп, ичеги карынынан эч нерсе таппай коюшуп «өзү эле ачкадан өлүптүр», деген бүтүмгө келишет. Бул бүтүмгө ыраазы болбой, Сагаалы болуш кун доолаганда Байгазы болуш мындай деп айткан экен:-Мен сураштырсам,
сенин ач арыктарың Элебестин 28 коюн талап кетишиптир.
Эми эл-журт өзүңөр калыс болгула ошол 28 кой менен ушундай ачарчылыкта 28 эр азаматты өлүмдөн алып калмакмын. Сагаалыга кун төлөтүшүм керекпи же Сагаалы мага кун төлөш керекпи- дегенде, жалпы ошол жерде турган эл, бир ооздон: -Байгазы туура айтат- дешкенде, Сагаалы сөзгө жыгылып, унчуга албай бастырып кеткен экен. Ошондо Байгазы болуш мал-салы, үй-жайы менен көчүрүп Кыдык менен Желдеңдин чеги болгон Манжылы ата мазарына жакын жерге көчүрүп келет. Көчүп келгенден көп өтпөй эле, чоң атам Ботоканды алып иниси Урманбет келет. Ошол эле жылы, чоң атам дүйнөдөн кайтып, бүт Желдең чогулуп, атактуу киши болгондуктан,
ошол жердеги көп коргондорго кошпой сөөгүн Манжылы ата мазарынын жанындагы дөбөнүн чокусуна койот. Бүт Желдең чогулуп, чанач менен суу, куржун менен кирпич ташып коргон тургузушат.
Кийин кулака тартуу башталып, жеке менчик мал мүлктү ортого ала баштаганда,
атам ортого жети жүздөн ашык кой, бир топ уй, жылкы өткөрүп берген экен. Ага карабастан «кулака тартабыз», деп куугунтукташканда,
Оргочордун ылдый жагындагы Кокуй көлдүн жээгинде үч төрт жыл көчүп жүрүптүр. Мен төрөлгөндөн кийин эки-үчкө чыгып калганымда мени учкаштырып Текеске качканы жатканда, Жумабай колхозго башкарма болуп, атамды чакыртып алып: -Мен сизди кулака тарттырбайм,
сиз ата-бабаңыздан бери кенбагалдарды багып келгенсиңер,
буга далилдер жетиштүү. Коркпой эле көчүп келе бериңиз-деп айылга көчүрүп келиптир. Атамдын иниси Урманбет ошол отузунчу жылы тоого карагайга барып, ооруп келип каза болуптур. Андан Жамыш абаңар беш жашында, Разия эжеңер үч жашында жетим калышкан. Жамыш абаңдардын энесин эки балаң менен кимге кор болосуң дешип атама башын байлап, алып беришкен. Ошентип эжем Алмаш, абаларым Асанбек, Жамыш, карындашым Разия, иним Садырбай алтообузду атам багып чоңойтту. Алмаш эжемдин эки көзү көрбөй тубаса азиз болчу. Атамды колхоздун башкармасы Текеске качырбай алып калгандан кийин, атам а дегенде чоң жолдун боюндагы Акматтын үйүнүн жанындагы тамга көчүп барат. Бир аз убакыт ал жерде туруп, андан кийин үстүнкү көчөгө азыркы үйдүн ордуна, мал жанга ылайык тоого жакын деп көчүп келет. Ал жердеги үйдү сатып алат. Атамды колхоздун башкармасы чакырып алып: -Элеке өзүңүз ортого өткөрүп берген малыңызды багып берсеңиз, жаңы уюшулган колхозго чоң жардам берген болоор элеңиз себеби сиздин күч унааларыңыз,
боз-үйлөрүңүз,
баары даяр эмеспи, анын үстүнө малдын ыгын жакшы билгендиктен,
жакшы малчы кошулуп, беркилерге баш-көз болоор элеңиз- деп суранат. Атам «сыйга-сый, сыр-аяка бал», дегендей Жумабайга «жок» дей албай макул болот.Атактуу Ботокан байдын, көзү тирүү жападан жалгыз баласы болгондуктан,
«ата даңкы менен бала өсөт» дегендей башынан көргөн билгендерин түз айтып, калыс болуп, элге журтка кадыр- баркы өсөт. Аны Элебес деп атынан айтпастан улуу кичүү Элеке деп, аялдар Койлубай аке дешчү. Көптөгөн чыр-чатактарды,
атамды калыс кылып чечтирип, колхоз атамдын кадыр баркын пайдалана баштайт. Балким ал кишинин билими болуп, кичине эле баш көтөрүп, бирөө менен бийлик талашса, кээ бир адамдардын көрө албастыгы менен байдын тукуму аталып кулака тартылып кетмек. Ал кезде ата-бабасы адилетүү болгонбу, же адилетсиз болгонбу дебестен байдын тукумунан болуп, кичине эле баш көтөргөн болсо, эртедир кечтир бийлик талашат деген кызганычтан,
арыз жазып көзүн тазалашып турган учур экен. Атамдын багына жараша билими жок болгондуктан,
эч ким менен бийлик талашпай аман калган экен. Атам карапайым салт санааны жакшы билген, билими жок болсо да, барына түшүнүп, көзү жеткен адам болгон. Ошол кезде Октябрь Революциясынан кийин, жаңы бийлик бизге жаңы эле орноп мурунку акылдуу эл башкарган адамдардын тукумдарын канчалык акылдуу болушса да, ата-бабасы бай-манап болгон, деген шылтоо менен, аларды окууга эле алышпастан,
бийлике да коюшкан эмес. Алар окуп билим алып, бийлике туруу үчүн айлалары кеткенде, «кедей дыйкандын үй бүлөөсүндө туулганмын»,
дешип ата-бабаларын жашырууга аргасыз болушкан.Мына ушул күнгө чейин бай-манаптардын балдары ошентип келүүдө. Ошондуктан тубаса каны таза, акылдуу адамдар карапайым элдин арасына сиңип кетишкен. Ал эми ууру-бөрүлөрдүн,
митайым молдо-кожолордун акылы аз жардамчы жалчылардын балдары, биздин ата-бабаларыбыз ушундай болгон дешип Совет бийлигинин саясаты менен ары жагында адамкерчилик көрөнгөсү аз болсо да, окууга өтүшүп бийлике келишип, акылдуулардын көзүн тазалагандарын тазалап, тазалабагандары өзүлөрүнүн ишин жылдыруу үчүн кеңештерин пайдаланышкан.
А өзүлөрү акылдуу, ак ниет адамдардын маскаларын кийип алышып, ушул күнгө чейин ак ниет акылдуу адамдарды эзип, арам ойлорун ишке ашырууда. Атама, агам Асанбек экөөбүз мал багышып жардам берүүчүбүз,
эжем Алмаш көзү тубаса азиз болгондуктан,
күйөөгө чыкпай, Жамыш, Разия болуп жакадагы үйдө калышкан. Жамыштын энеси эки-үч жыл өткөндөн кийин ооруп өлгөн. Алмаш эжемдин көзү өтту, күндү, терезелерди көрүп, эшикке өзү кирип чыгып, берки экөөнүн тамагын жасап берип бакканга жарачу. Ошентип мен эс тарткандан тартып мал менен чоңойдум. Садырбай кийин 1935-жылы төрөлдү кийин агам Асанбек менен Жамышты, борбуйларын көтөрө башташканда колхоз айдап бошотпой, ар кайсы жумуштарга салды. Менин жумушум мурункудан көбөйүп быштак чыгарган жерге сүт ташып, кечке козуларды кайтарам. Атам кой кайтарат, энем үй оокатын жасоочу. Ошол кезде кошуна малчылар Төпөнүн Абдысы, Боркоштун Кыдырмышы, Экей, жылкычылар Курманалы, Мамбетияздар эле. Кээде Абдынын кызы Зыйнакан менен козуларды чогуу кайтарчубуз.
Калгандарынын балдары кичине болчу, чоңдору болсо колхоздо иштешчү. Садырбай төрөлгөн жылы мектепке окууга кирип, кийинки жылы ата-энем жаш бала менен жетише албай кыйналгандыктан окуудан чыгып кеткем. Анда да тим койбой, мектептин деректору Жээнбек: «окуудан качып кетти», деп ВЗУга айдаткан. Ошондо ВЗУга барып качып келгеним, күнү бүгүнкүдөй эсимде.Эртең менен эрте козу кайтаруга даярданып жаңы эле кой саап келип, ата-энем менен чай ичкени жатсак, тыштан ит ажылдап үрүп, аттын табышы үйгө жакын келгенде,-Элеке -деген үн чыкты.-Ии,-деп үн чыгарып, мага карап,- чыгып атын ал- деди. Мен чыксам селсоветтин чабарманы атчан турган экен. Салам айтып атын алып үйгө киргиздим. Ал үйгө кирип атам менен энеме салам айтып, бир нерсе айта албай жаткандай болуп, оңтойсузданып туруп калганда, атам: -Кел бул жака өт, келген жөнүңдү айта отур. Корккондон жүрөк жарылмак беле–деди. Чабарман ызаат кылып, бир чыны чай ичкенден кийин,-Элеке мени жаман көрбөңүз, менин жумушум ушундай экен. Сагалыны «окуудан качып кетти», деп мектептин деректору Жээнбек районго каттап жибериптир.
Ал жактан кабар келип Деркенбайдын Уркалыйы экөөнү Көтмалды калаасына ВЗУга айдамай болуптур. Эртең эртең менен селсоветтин канторуна келсин деп чакыртып жатат.-деди.
Атам ойлоно түшүп,-Ал ВЗУ деген эмнеси экен?- деп сурады.-ВЗУ дегени окуудан качкан балдарды окутуп, иштетет экен. Ал эми канча жүрөөрүн биле албайт экемин- деп кошумчалады.
Атам:-Маакул,
эртең селсеоветке өзүм алып барайын,- деди.Чабарман жаман кабар алып келгенине тынчсыздандыбы,
көп отурбай айтчусун айтып бүтөөрү менен,-Элеке жакшы калыңыз, мен кете берейин- деп чыга жөнөдү. Мен чогу чыгып аткарып койдум. Ал күнү үйдө болуп, жуунуп тазаланып, жолго камындым. Атам кой кайтарып, кетип жатып:-Байбиче,
уулуңдун кийим кечесин, жолго гүл азык кылып, буудай кууруп талканына май аралаштырып,
камдап Бер- мени карап: -алыс жолго чыкканда тамак беришеби жокпу, суу кезиксе талкандан чалсаң жармадай болуп калат- деп үшкүрүнүп алып бастырып кетти. Чабарман кошуналарга да айтканбы алардын да кабактары бүркөлүп, мени аянычтуу карап, аяп жатышкандай болду. Анын үстүнө тил алчаак, кичи пейил болгондугумдан,
майда барат жумуштары чыкса жумшай калышчу эле. Эми минтип кичинекейлигиме карабай алыс айдап жаткандыгына бары нааразы болуп жатышты. Бирок кейигенден башка алардын колунан эмне келмек эле.Эртеси эртең менен атам атка учкаштырып алып селсоветтин канторун көздөй бара жаттык. Жолдо карата атам акыл насааттарын айтып,-Кайда жүрбөгүн көтөрүмчүл,
чыйраак болуп, өз жаныңа тың бол, элиңди жериңди унутпа, калп айтпа, калптын казаны кайнабайт, түз жүр, туура эмес болсо бетине айт, бирөөнө кошамат кылып бирөөнү сатпа, ак жерден бирөөнү күйгүзбө, карөзгөйлүк кылба, күнөөң болсо мойнуңа ала жүр, «ак менен кара жарышат, акка кудай болушат», дейт ак болсоң жеңесиң. Каразгөйлөр убактылуу күчтүү болуп ак жүргөн кишиге убактылуу көө жабышканы менен, акыры жүрүп отуруп жеңилет. Эртедир кечтир бети ачылып, эл алдында уят болот. Ошондуктан элде «Ак ийилет сынбайт», деген кеп бар балам- деп келе жатты. Атам байдын баласы болуп бардар чоңойгону менен, жаш кезинен үркүнгө туш келип, андан кийин заман өзгөрүп, кулака тартуу башталып, андан бычактын мизинде араң калып, башынан көп кыйынчылыктар өткөн эле. Атам ошол кезде элүү жаштарда болсо дагы, сакал мурут коюп, мага карыган абышкадай көрүнүүчү. Мага мынчалык насааттарды айтып жатканынын себеби бар эле. Ошол кездеги райондун ичинде бай манаптардын балдарын, ага туугандарын камака алуу жүрүп жаткандыктан,
колхоздун активтери:-Элеке сизди байдын тукуму экен деп райондогу чоңдор сурашканынан,
эптеп сүйлөшүп жашырып жаап жатабыз, ушул жакшылыгыбызды билсеңиз болду,-дешип,
баш көтөртпөй келе жатышкан. Атам өз көзү менен Байгазы болуш баштаган бай-манаптардын тукумдарын кармап кетип жатышкандарын көрүп, угуп да жүргөн. Кийинчерээк «Эл душмандары»-
деп калган каткан баш көтөргөн жакшыларды кармап алып жатышкан.Эми минтип кичинелигиме карабастан окуудан качты деп жумуш иштетүү үчүн ата-эне, эли, жеринен бөлүп, алыска айдап отурганынан улам ичинен каңырыгы түтөсө да, тышынан мага билгизбей уулум турмуштагы кыйынчылыктарга туш келип калса, ушул айткан сөздөрүмдүн пайдасы тиер деген ой менен айтып жатса керек.Атам экөөбүз селсеветтин канторуна эрте келгендиктен,
аттан түшүп, атыбызды байлап, ары-бери басып элди күтүп турдук. Бир аздан кийин ал жерде иштегендер келе башташты. Селсовет келип атама салам айтып,-Элеке эртерээк келип алгансызго – деп күлө карап жакшы учурашты. Атам алик алып:-Бала балакет дегендей каны жаныңдан жаралгандыктан,
кечээ уккандан баштап, алда кандай болот, алыс жерде жүрсө деп сай сөөгүм сыздап жанымды койорго жер таппай, санаам алда кайда кетип, окубагандыгы үчүн эле ушул кенедей баланы ушунча алыска айдап жиберишеби деп эртерээк келип өзүңдөн чоо жайын билейин дедим- деди. Селсовет:-Элеке ичке кирсеңиз, эмне болгонун айтып берейин,-деп канторун көздөй баштап жөнөдү. Контордун ичине киргенде селсовет,-Элеке сиздин уулуңуздун окубай жүргөнүн билген жок элем. Мурда күнү райондон буйрук келиптир. Окуудан качып жүргөн Элебесов Сагаалы, Деркенбаев Уркалыйды ВЗУга бүгүнкү күнгө жөнөтүүгө даярдагыла дептир. Мына менин билгеним ушул, менин колумдан келчү иш эмес, эгер менин колумда болсо, сиздин уулга тийбей эле койот элем-деди. Атам селсоветке суроосун кайра берип:-ВЗУ дегениң эмнең? Балдар ал жакта канча жүрүшөт экен?- дегенде селсовет,-Элеке,
биз райондогулардын алдында буйрук аткарган солдаттардай элебиз, укканыма караганда окуудан качкан балдарды иштетип, окутат экен, ал эми балдардын канчага чейин жүрөөрүн айта албайм, ал жөнүндө буйрукта көрсөтүлбөптүр-
деди. Атамдын:-Балдарды кайсы жерден алып кетет?-деген суроосуна селсовет,-Бул жерден участковой милиция балдарды алып барып, пристандан баржыга салат экен-деп жооп берди. Атам селсоветтен башка жооп ала албасына көзү жетти көрүнөт, аны менен коштошуп, тышка жөнөгөндө мен да артынан чыктым.Мен ичимден атамды элдин баары сыйлашкандыктан,
атам селсовет менен сүйлөшүп алыпкалатко деген ойдо элем. Селсоветтин жообун уккандан кийин үмүтүм үзүлүп калды. Атам түйүнчөгүн алып күтүп турган балага:- Сен дагы ВЗУга барчу баласыңбы? –дегенде-Ооба – деп жер карады. Атам:-Түйүнчөгүңдү мага бер, силер милиция менен бармай болдуңар. Мен пристанга бара берейин-деп баланын колунан түйүнчөгүн алып, атына минип бастырып кетти. Мени атам карап, бир нерсе дегенде, ыйлап жибереримди сездиби, мага көңүл бурган жок. Балким өзүнүн да зени кейип, мага карабаганы да ошондондур.
Мен Уркалый менен таанышып, бир аз ойноп турганыбызда,
милиция келип;-ВЗУга барчу балдар силерсиңерби?
- деп акырая караганда;-Ооба-
деп башыбызды жерге салдык. Ал селсоветке кирип кеткенде, оюнубузду токтотуп, ындыныбыз өчүп, мусапыр боло түштүк. Бир аздан кийин милиция селсоветтен чыгып,-Менин алдыма түшкүлө, качабыз деп ойлобогула!
Көрдүңөрбү-
деп тапанчасын көрсөтүп койду. Экөөбүздүн жашыбыз бир куракта болгондуктан,
эгиз козудай ээрчишип алдына түштүк. Экөөбүздү айдап отуруп пристанга барганда Уркалыйдын ата- энеси элдин арасында экен. Көлдө параход сүйрөлгөн баржасы менен токтоп туруптур. Милиция бизди түз эле баржага салганы айдап жөнөгөндө атам түйүнчөктөрүбүздү берүүгө араң үлгүрдү. Милиция бизди баржа токтогон жерге алып барып, узун жыгач тепкич аркылуу баржага салып, ал жерде турган милицияга каттатып, өзү кайра түшүп кетти.Баржада отуздай бала бар экен. Алардын арасында мен курактуулары,
менден үч-төрт жаш улуулары да бар эле. Баары көгөнгө тизилген козулардай болушуп, эне-ата бир туугандарын аянычтуу карашып, кечээки эле эч нерсе менен иши жок ойноп жүргөн наристелер,
бүгүн минтип тагдырларынын жазгандарына моюндарын сунушуп, жалдырап карап турушуптур,
аларга биз да барып кошулдук. Өзүбүзгө окшогон балдарды эки-үчтөн кылып тизип алып, бөрк ал десе, баш алууга даяр милициялар элге жакындаганда,
үндөрүн бийик чыгарышып, «шагом марш, бир, эки, үч» деп солдаттарча бастырып келип, баржага салып жатышты. Күн түш болуп калган кезде баржыга жетимиш сексендей бала чогулуп, район боюнча жөнөтүлчү балдар топтолду окшойт, парахоттун матору от алып, «Кук – Кук» -деп сигнал берди. Ошол жерге чогулган милициялардын төрт бешөө баржыга түшүп, калгандары узун жыгач тепкичти баржаны көздөй түртүп жылдырышканда,
баржыдагы милициялар тепкичти тартып алышты. Балдардын жээкте турган ата-эне, ага-туугандары мурда бир нерселер жөнүндө топ-топ болуп сүйлөшүп турушкан болсо, эми балдарынан чындап бөлүнүшөөрүнө көздөрү жетип, параход токтоочу причалдын кырына чейин келишип, ыйлаганы ыйлап, кыйкырышып кол булгалашып жатышты. Атамдын,-Уулум,
мен айткан сөздөрдү унутпа, аман барып, аман кел! -деп кол булгап кыйкырганы даана угулду. Мен көздөрүмдөн жашымды шорголотуп,
-Ата жакшы калгыла-деп кыйкырганга араң жарадым.Атам канчалык кайраттуу болсо да, мен алыстаганча араң чыдаган окшойт, көздөрүнөн жаштары көзүн ирмеген сайын куйулуп, сакалынан ылдый агып турду. Энелеринен ажыраган жаш козулардай болуп, баржадагы балдар да, ыйлап жатышты. Булардын көз жашын, заң муңун асмандагы күн да көргүсү келбегендей болуп кара булутка жашынды. Көл эне да каралжын тартып, катуу кайгыргандай болду. Ала тоолор да томсоро түшкөнсүштү,
көлдүн үстүндө ары-бери учуп, жанатан чаркылдашкан ак чардактар да үндөрүн чыгарышпай,
баштарын жерге салып, булар да кайгыргандай болушуп, канаттарын анда-санда каккылап койуп учуп жүрүштү. Бул кетип бараткан наристе кичинекей балдардын башына түшкөн оор кайгы экенин балдардын ата энелери да, өздөрү да билишкен эмес эле. Ушул наристелердин бир тобу, ата-энелеринен,
бир-туугандарынан,
эл жеринен түбөлүккө кетип жатышкан. Ал кезде бир жагынан ачкачылык, бир жагынан унаа каттабагандыктан,
балдардын бара турган жери, эки жүз элүү километр жер болгону менен ар ким эле балдарын издеп бара алмак эмес. Алдыда балдарды оор жумуштар, оору сыркоо, андан калса согуш күтүп турган.Параход жээктен алыстаган сайын жээктеги элдин карааны уламдан улам кичирейип барып, бүдөмүк болуп көрүнбөй калды. Баржыдагы балдарды кайтарып бараткан милициялар ыйлап жаткан балдарды урушуп, кагып-силкип,
тыйып жатышты. Бир топтон кийин балдар, бакырышып ыйлагандан пайда чыкпастыгына көздөрү жеткен соң, кээ бирлери таанышып сүйлөшө баштаса, кээлери дагы эле өздөрүнө келише албай, томсоруп ойго батып баратышты. Күн да ала булуттардан чыга калып, кайра жашына калып балдардын көңүлдөрүн көтөргүсү келгенсип, жашынпак ойногонсуп жатты. Ысыккөл көпкөк болуп, бир чети агыш тартса бир чети саргыш тартып, түркүн түскө бөлөнүп, баржыдагы балдарды соороткондой болуп, бешик терметкен энеге окшоп баржыны бир калпта терметип жатты. Көлдү тегерете курчаган алатоолор аталардай болуп ак калпактарын кийип алып балдарды узатып жатышкандай.
Ак чардактар да эми бийик учушуп, «Эй адамдардын балдары чыдамдуу, акылдуу болгула, илгери ата-бабаларыңардан бери бири- бириңерди кыйнап, турмуштун жолун өзүңөр татаалдатып келесиңер. Аны кудайыма шылтоолоп, «кудай маңдайга жазса кантейин», деп аракет кылбай көпчүлүгүңөр көнө бересиңер. Турмуштун тунгуйук жолунан чыгууга аракет кылгыла, аракет, аракет! – дегендей чарылдашып жатышты.Мен үйдөн эрте чыкканга курсагым ачканын эми гана сезип Уркалыйга:-Биз деле тамактанбайлыбы,
тигинде балдар тамактанып жатышат. - деп тамак ичип жатышкан үч баланы көрсөттүм. Уркалый макул болуп баштыгынан үйдөгүлөрү салып берген тамактарын алып чыга баштады. Мен да баштыгымдан тамак алып чыгып экөөбүз чогу тамактана баштадык. Балдар баштыктарын оодарып, экиден үчтөн болуп тамактарын иче башташты.Жай мезгили болгондуктан күн жылуу болчу. Кантсе да бала балалыгын койбойт эмеспи, курсактары тойуп, көз жаштары кургагандан кийин порохддо жөн гана сейилдеп баратышкандай болуп, каткырык аралаш үндөр чыгып ойногонго киришишти. Арасынан кээ бирөөлөрү гана санааларынан арылыша албай, көпчүлүк балдарга аралаша алышпай четтен карап турушту. Күн батаарга жакын азыркы Рыбачы шаарынын карааны көрүнүп, шаарга улам барган сайын жакындап параход причалга токтоду. Милициялар жыгач тепкичти жылдырып причалдын кырына койуп балдарды тизилтип алдыларына салып айдап, бир чоң барак үйгө киргизишти.
Ал жерде да милициялар,
жөнөкөй кийинишкен кишилер бар экен.Бизди алып барган милициялар,
тизме бойунча өткөрүп берип өзүлөрү чыгып кетишти. Ал үйдүн ичинде бизден мурда келген көп балдар бар экен. Бир короо козудай болуп жыбырап үйдүн ичине толуп калдык. Жатарга келгенде бүгүнкү келген балдарды,- Биздин артыбыздан жүргүлө, - деп эки киши бизди ээрчитип, ошол эле тегеректеги жанагыдай чоң үйгө киргизип- ушул жерге жатасыңар, жатканча кааласаңар тышка чыгып ойной берсеңер болот, - деди. Биз тышка чыксак,-Кайсы жерден келдиңер-деп мурда барган балдар сураштырып өзүлөрүнүн жердештерин издеп жүрүшкөн эле. Бир убакта:-Даркандан келгендер барбы? -деген үн чыкты.-Биз барбыз-деп тең жарыша кыйкырып чуркап бардык. Бизден бир топ улуу үч бала туруптур, алар менен таанышсак, Чебелейдин Акуну жашы жыйырмаларга барып калган, арыкчырай, аксаргыл узун бойлуу жигит экен. Экинчиси Абдылда. Ал деле Акун сыяктуу кара тору, узун бойлуу арыкчырай жигит, үчүнчүсү Өмүрбек, анын жашы он жети он сегиздерде көрүнөт, тиги экөөнөн жашыраак орто бойлуу. Биз менен кучакташып өбүшүп, көздөрүнө жаш алып учурашышты.
Кимдин балдары экенибизди сураштырып калышты. Биз аталарыбызды айтсак, тааныйбыз деп, айылдагыларды бир башынан сурап жатышты,
#10 23 August 2015 - 12:57
-Кайсы жерден келдиңер-деп мурда барган балдар сураштырып өзүлөрүнүн жердештерин издеп жүрүшкөн эле. Бир убакта:-Даркандан келгендер барбы? -деген үн чыкты.-Биз барбыз-деп тең жарыша кыйкырып чуркап бардык. Бизден бир топ улуу үч бала туруптур, алар менен таанышсак, Чебелейдин Акуну жашы жыйырмаларга барып калган, арыкчырай, аксаргыл узун бойлуу жигит экен. Экинчиси Абдылда. Ал деле Акун сыяктуу кара тору, узун бойлуу арыкчырай жигит, үчүнчүсү Өмүрбек, анын жашы он жети он сегиздерде көрүнөт, тиги экөөнөн жашыраак орто бойлуу. Биз менен кучакташып өбүшүп, көздөрүнө жаш алып учурашышты.
Кимдин балдары экенибизди сураштырып калышты. Биз аталарыбызды айтсак, тааныйбыз деп, айылдагыларды бир башынан сурап жатышты, биз тааныгандарыбызды билишибизче айтып берип жаттык. Бизди алар жатаканаларына алып барып чай беришип, кантип келгендигибиз жөнүндөгү чоо жайыбызды билишкенден кийин мындай дешти:-Эми балдар бул жерге келбесеңер болот эле, келгенден кийин акыбалыңар кыйын болот. Силерге окшогон балдарды күнү түнү менен ар кайсы жактан айдап келип жатышат. Кимди ким көрдү дегендей бул жерге алып келген балдарды кайра кайда алып кетишээри белгисиз, кээ бирлерин кайра башка жака алып кетип жатышат. Иши кылып чаң тополоң болууда. Биз силердин агаларыңар болгондон кийин силерге жамандык каалабайбыз,
биздин тилибизди алсаңар, бул жерден качкыла. Силер кичинекей болгондуктан,
кармап келишсе да, силерди эч нерсе кыла алышпайт, болбосо эртеңки күнүңөр эмне болот белгисиз – дешти. Мен ойлонуп отуруп:-Бул жерден биздей балдарды эмне жасатат экен?– десем:-Бул жактан силердей балдарды түшкө чейин окутуп, түштөн кийин кечке жүк түшүртүп, курулушта иштеп жатышкандарга курулуш материалдарын ташытат же жүк жүктөтүп, кичине чоң дебей бардыгын милициялар айдап иштетишет. Бул жактын жумуштары оор, балдар жаман кыйналып жатышат–дешти.
-Абалар силер эмне жумуш жасайсыңар?
-десем:-Биз курулушта иштейбиз–дешти.
Мен Уркалыйга карап:-Качпайлыбы?
–дедим. Уркалый:-Менин чокойум жыртык, анын үстүнө жер алыс. Кантип жетмек элек–деп жер карады. Мен кайра тигилерге карап:-Абалар мен качат элем жолду билбейм да, кандай качам?–деп суроолуу карадым. Алар мага карап:-Качсаң биз жардамдашалы бир айылдан турбайбызбы.
Биз качырганыбыз билинип калса, башыбыз менен жооп беребиз, анда бизди соттоп жиберет. Эч кимге бул жөнүндө ооз ашчу болбогула, жаныңа бир эки бала тап, жалаң түнкүсүн жол жүрөсүң, жолго деген азыгыңарды коротпогула,
биз дагы колдон келишинче азык камдап беребиз. Эскертип койолу биз жөнүндө берки качам деген балдарга ооз ачпа –дешти. Бир топ сүйлөшүп отургандан кийин:-Жатаарда текшерүү болот, баргыла, качам дегениңер эртең түнү жолго чыгууга камынгыла,-деп бизди узатып коюшту. Жатуучу барак үйгө келсек балдар чыры-чуу түшүп сүйлөшкөнү сүйлөшүп, ойногону ойноп жатышкан экен. Таанышып калган балдар кайда жүргөнүбүздү сурап калышты. Биз агаларыбызга учурашып келдик деп койдук. Тигилердин эскертүүсүнөн улам башка эч нерсе айтканыбыз жок. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эки милиция келип катарга тизишип, фамилиябызды окуп толукташып бирден матрас, жууркан, жаздык таратып беришти да, бизди жаткырып жарыкты өчүрүп салышты. Жол жүрүп чарчагандыктан,
бир азга кобурашып жатып, уйкуга кеттик. Түндүн бир оокумунда ойгонуп кетсем, балдардын ичинен кээ бирлери уйку сурап, «эне, энеке», деп эркелеп жатса, кээ бирөө кыңкыстап ыйлап, «мен эч жакка барбайм, койо бергиле» деп, «ата атаке бул жерден мени алып кеткилечи» деп атасынан суранып жатты. Жууркан-төшөктөр абдан эски кир, шейшептери жок болгондуктан,
кээлери чечинип жатышса, кээлери кийимчен жатышкан, кайра уктап кетиптирмин.
Эртең менен эрте «тургула» деген үндөн улам чочуп ойгондук, кээ бирөөлөр туруп кийине баштаса, кээлери төшөгүндө олтуруп алып, эмне болуп кетти дегендей эки жагын элеңдеп карашат. Ал эми кээ бирөөсү мемиреп уктап жатышат. Кечинде бизди жаткырышкан эки милиция, уктагандарды ойготуп баарыбызга:
-Эми эртеңден баштап, ойготкондо туруп кийинип алып, он мүнөттүн ичинде тизилесиңер.
Эгер кимиңер жетишип бат тизиле албай калсаңар, туалет тазалап, мобу полду жууйсуңар-деп эскертишти.
- Андан кийин жуунуп короого беш катар тизилесиңер,
тамакка барасыңар, түшкө чейин жумуш иштейсиңер,
түштөн кийин окуйсуңар-дешти.
Биз короодо катар орнотулган кранда агып жаткан сууга жуунуп, айткандарындай тизилдик. Жанакы милициялар өздөрү, боюбуз боюнча кайра оңдоп тизип:-Эми ушундай тизилесиңер,
эстеп алгыла «шагом марш»-дешип солдаттарча бастырып жөнөштү. Ашканага барганда баарыбызды киргизип, ондон баланы бир столго отургузуп, тамак беришти. Тамак ичип бүткөндөн кийин кайра катарга тизип алып, жатаканага келгенде, тизме боюнча чакырып, ар кайсы жумуштарга бөлүштүрүштү.
Мен кырк элүү бала менен кирпич ташымай болдум. Иштеп жатканда качуу жөнүндөгү ойлор башымдан кетпеди. Чогу иштеп жаткан балдардын кимисине качасыңбы деп айтаарымды билбей жаттым. Четинен айтуу коркунучтуу эле, балким бирөөнүн болбосо бирөөнүн оозунан чыгып кетип билинип калышыбыз ыктымал болчу. Ошондуктан бул сырды жашыра алгыдай, качууга жарай турган, жол жүрү кыйынчылыгына чыдагандай,
татыктуу бала издөө керек эле. Менин жанымдагы он чакты баланы ичимден сындан өткөрүп жатам. Алардын бир жери туура келсе, бир жери жакпай жатып, Чырактык Жээналы купулума толду. Ал мага караганда бойлуу, чымырыраак келген, баскан турганы тың, бутундагы чокойу да бышык эле. Анын үстүнө пристандан таанышкандан баштап экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, ынтымактуу боло түшкөнбүз. Бирок, ал жерден сүйлөшүүгө мүмкүн эмес болчу. Себеби кичине эле сүйлөшүп тура калсак, милициялар эмне турасыңар деп тилдеп иштетип жатышкан. Күн ысып тургандыктан жаактарыбыздан тер куюлуп, кирпичтин чаңы менен жуурулушуп,
маргылала болуп тиштерибиз эле жылтырап көрүнүп калган. Кийимдерибиздин баары чаң болуп, аябай чарчагандыктан түшкү тамакка барарда темтеңдеп кудайдын боору ооругандай болуп катарга араң тизилдик. Жатаканага алып келип, жуунтуп, кийимдерибизди күбүнтүп, андан кийин тамакка алып барышты. Тамак ичип келгенден кийин, «азырынча эс алып тургула, анан окуйсуңар» деп коюп милициялар чыгып кетишти. Чарчаган балдар ойноого шайлары келишпей, топ-топ болуп алышып сүйлөшүп жатышты. Бир күн боло элек жатканда эле мусапыр кейпине келе түштүк. Мен Жээналыны чакырып, обочороок ээрчитип барып, качуу жөнүндөгү ичимдеги сырды айтып бердим. Жээналы качууга макул болду. Кечки тамактан кийин балдарга билгизбей, баштыктарыбызды алып чыгып, агаларга барсак, алар бизди жолго салып жиберишээрин айттым. Аңгыча ошол эле жатакананын ары жагындагы үйгө киргизди. Ичине кирсек ашканадагыдай эле столдор бар экен, аларга жети- сегизден болуп отурдук. Бир аздан кийин узун бойлуу арыкчырай келген алтымыш жаштар курагындагы киши колуна папке көтөрүп кирип досканын жанындагы столго келип:-Саламатсыңарбы балдар?-деп сылык жылмайып учурашканда,
балдардын жүзүндө жылмайуу пайда болду. Ал киши мугалим экендигин күндө түштөн кийин сабак берип окутарын айтып, жетишинче кагаз карандаш таратып берди. Ал андан кийин бирден тургузуп алып аты-жөнүбүздү,
кайдан келгендигибизди жазып алды. Мындай мээримдүү жакшы мамиле кылган кишини кечээтен бери биринчи жолу кезиктирдик.
Мугалимдин жакшы мамилеси жүрөгүбүздөгү музду эриткендей болуп, ата-эне, бир- туугандарыбызды көргөндөй абдан кубандык. Мугалимдин берген суроолоруна тартынбай көңүлдүү жооп берип жаттык. Кеч кирип, мугалим менен коштошуп тышка чыкканда, барыбыз ээрчип кошо чыгып, ал көрүнбөй калганча карап турдук.-Эмне турасыңар тизилбейсиңерби!
–деген каардуу үндөн жакшы адамдын мамилесине эркелей түшкөн балдар, муздак суу сепкендей ичиркене кабактарыбыз бүркөлө түшүп тизиле баштадык. Милициялар:
«эмне үчүн өз ордуңарга турбайсыңар,
бат тизилбейсиңер»–деп урушуп, кээ бир балдарды чаап жиберип жатты. Бизди солдаттарча бастырып, ашканага алып барып кечки тамакты ичирип келип:-«саат онго чейин бошсуңар, жатаардын алдында текшерүү болот»-деп таратып жиберди. Жээналы экөөбүз баштыктарыбызды уурдап чыгып жаңы эле кетели деп жатканда, Жээналынын жердеши Өмүрбек деген Чырактык бала кал дегенге болбой ээрчип алды. Ал Жээналыга караганда бою кичирээк, арыкчырай, мен курактуу бала эле. Көзүмө чабалырак көрүндү, «сен жете албайсың кал», деп таштап койгондо, таарынып айтып салабы деп корктук. Үчөөбүз менин жердеш агаларыбызга келсек, тигилер күтүп жатышкан экен. Анча-мынча азык түлүк камдап коюшуптур, токтосуздан алар менен чогуу жолго чыктык. Алар да экөө болгондуктан,
бешөөбүз шаардын четине келгенде, узатып келгендер мындай дешти: -Силер чоң жолго түшпөй, түнкүсүн жол жүрүп, күндүз эс алып кишилердин көзүнө көрүнбөгүлө,
силердин качканыңарды саат ондо текшерүү убагында билишип артыңардан куугун түшөт. Эгер түз үйдү карай салсаңар кармалып калышыңар мүмкүн, ошондуктан мындай түз барсаңар ичке темир көпүрө бар тезирээк андан өтүп, суунун аркы оозу менен, тээтиги кара тоонун ортосуна түшүп жүрүп отурсаңар Кажысайдан чыгасыңар. Ага чейинки жолдон малчылар кезиксе, сурасаңар суудан өткөнгө кечмелик таап берет. Жайык жеринен кол кармашып өткүлө. Эгер кармалып калсаңар, биз жөнүндө айтпагыла, өзүбүз качтык дегиле,-деп өбүшүп коштошуп, үйлөрүнө салам айттырып, келген жолдору менен кайра кетишти. Биз үчөөбүз чуркап олтуруп, эсибиз ооп күйүккөндө басып, эс ала түшкөндө суунун боюна келип темир көпүрөнү таба албай суу жээктеп ары-бери чуркап жүрүп, араң дегенде таптык. Аны менен күрпүлдөп аккан чоң суунун аркы оозуна өтүп, сууну бойлоп Кочкорду көздөй жөнөдүк.Жолдо карата ай караңгы болгондуктан,
аң чөнөкө таш-тушка чалынып катуу басып келе жаттык. Өмүрбек чабалдык кылып, улам артта калып, бизди күттүрүп баратты Кочкорго кетчү чоң жолдо, анда-санда бир машина жарыгын күйгүзүп өткөнү болбосо, айлана жым-жырт болуп, чоң суунун күрүлдөп шарылдап акканы гана угулуп жатты. Бир убакта арттан Өмүрбек: -Токтогулачы,
бир аз эс алып алалычы, бутум баспай калды?-деди .Жээналы:-Эптеп чыда, көрдүңбү аттардын дүбүртү угулуп жатат. Менин алдыма түшүп Сагаалынын аркасынан бас-деп алдыга салып айдап алды. Чындыгында эле арт жакта аттардын дүбүртү суунун дабышынан билинер билинбес угулуп жаткан. Мен тоо-ташка басып көнгөндүктөн алдыга түшүп жол баштап келе жаттым. Бир чети арттан куугунчулар келип кармап калышабы деп корксом, бир чети милициялардын айдоосунан кутулуп, эли-жериме, ата-энем, бир-туугандарыма баратканыма кубанып катуу чарчап, бутум бастырбай ооруп баратса да, сыр билдирбей басып келе жаттым. Жонумдагы көтөргөн баштыгым ийнимди оорутканынан колума көтөрүп, колум талыганда, кайра ийниме салып уламдан улам алсырай баштадым. Өмүрбек басалбай калганда баштыгын Жээналы көтөрүп, мен колунан жетелеп алдым. Таңга жуук үрүл-бүрүл болуп келатканда алдыбыздан бир алачык көрүндү. Биз жашына калганча ит үрүп, алачыктан бир абышка чыга калганда, кача албай калдык. Көрүп калгандан кийин айлабыз жок абышканын жанына барып салам айттык. Абышка алик алып, биздин качып келе жатканыбызга көзү жетти окшойт, тышка көп тургузбай, алачыкка киргизди. Биздин үндөрүбүздөн кемпири жаңы эле туруп, кийинип жаткан экен. Биз кирип салам айтканыбызда алик алып, төшөнчүлөрүн жыйнай салып отура бергиле деп коюп, от жагууга киришти. Көйнөк-дамбалчан,
чапанын желбегей жамынып турган абышка, кийимдерин кийинип, жуунуп келип төргө отурганда, босогодо турган бизге: -Бери өтүп отургула- деп эки жагын көрсөттү. Кемпири от жагып чайы кайнаганча,
биздин ал жайды сураштырып,
-кана балдар кайдан келе жатасыңар? Кайда бараттыңар эле?- дегенде мен оозунуп:- Чоң ата бизди окуудан качтыңар деп айдап келген, анан… Калганын айта албай токтоп калсам, тиги абышка кыраакы көрүнөт, бизди уялтпайын дедиби, сөздү буруп ;-Кайдан болосуңар?-деп сурап калды. Мен жеңилдей түшүп:-Мен Даркандан болом–дегенде,
тиги экөө тең жарыша;-Чырак деген айылдан болобуз,-деп жооп беришти. Абышка ойлоно калып:-Силерди ВЗУга алып келгенде ал жерден үйлөрүңөргө качып бараткан турбайсыңарбы?
-деп бизди караганда, биз ичибизден коркуп:-«Бул абышка азыр кармап берем дебегей эле»-деп башыбызды жерге салдык. Дагы эмне дээр экен дегендей тыңшап калдык, анан абышка сөзүн улап:-«Анан силер өзүңөр эле качтыңарбы же бирөөлөр качырдыбы?»-
деп мостойо караганда, биз ичибизден, «кудай Ур, чын эле бул абышка кармап бергени калды окшойт», деп ого бетер коркуп эмнеси болсо да, андан унчукпай кутулууну туура көрүп, баарыбыз кеңешкендей жер тиктеп отуруп бердик. Абышка бул суроосуна жооп алалбаганына ачуусу келбей эле, кайра бизге ыраазы болгондой, жылмайа карап;-«коркпой эле койгула, силерди карматчу мен эмес. Башкалардан сак болгула, менин да силерге окшогон неберем бар, жайкысын кемпирим экөөбүз там үйгө жата албай бир жылкы, бир уй, он чакты кой, эчкибиз менен ушинтип жайлоого чыгып кетебиз. Бизден кам санабай күндүз бул жерге эс алгыла, кечинде караңгы түшкөндө суудан өзүм өткөрүп, жолго өзүм салып жиберем»–деп биздин коркуп жатканыбызды билип, кыйналганыбызды түшүнүп, бору ооруду окшойт. Мындай жакшы сөздү уккандан кийин санааларыбыз тынып, баштарыбызды көтөрүп, эки жакты карап жайланышып отурдук. Алачыкты убактылуу баш калкалап тургандай, узун шырыктардын баштарын бириктирип үстүнө кийиздерди жаап коюптур. Жүктө төрт беш жууркан, эки кийиз, эки көлдөлөң жыйылып турат, босого жакта болсо идиш-аяктары коюлуптур. Кемпирдин чайы кайнагандан кийин дасторкон жайып, май каймак, казанга жапкан жумшак нанын койду. Биз чайды чала-була ичээрибиз менен отурган жерибизде эле кыйшайып уйкуга кеттик. Кемпир үстүбүзгө жууркан жаап жатып:-Ээ абышка бу куураган куу турмуш эмне болуп кетет. Карачы ушул кенедей балдардын жанын койбой, Эл-жеринен аздырып, ата-энесинен ажыратып кууратканын,
байкуштардын чарчаганын айтпа, менин эле эмес, кудайдын да боору ооругандай болушуптур–деп кобурап абышкасына айтып жатканы уйку соонун ортосунда жаткан менин кулагыма угулуп жатты. Анда абышкасы:-Ээ кемпир, «аңгектен качсаң дөңгөкө» дегендей жакшы заман келди деп падыша тактан кулап, кеңеш өкмөтү курулганда жакшы эле кубандым эле, андан кийин кулак-чунак деп бир топ жакшы адамдар айдалып, эми минтип баладан чоңго чейин камалып жатышат. Эми бул куураган элдин жонуна качан күн тийээр экен- деп оор үшкүрүнүп алды. Анан аркы сөздөрүнө чамам жетпей магдырап уктап кетиптирмин.
Биз катуу уйкудан түш оогондон кийин араң ойгондук. Кечке чейин тышка бирден жашырынып чыгып кирип алачыкта болдук. Тээ аркы өөздөгү жол менен жыйырма чакты баланы тизип, Рыбачыны көздөй алып бара жатканын алачыктан шыкаалап көрүп турдук. Малын кайтарганы кеткен абышка келип, милициялардын ат минип алып издеп жүрүшкөнүн,
алардын биз жөнүндө сураганын айтты. Чырактык Өмүрбектин буту жоруп, шишип кетиптир, баса алчу түрү жок. Абышка бутун көрүп:-Сен бала баса алчу түрүң жок, бул жерде кал. Кийин эл аягы тынчып калганда каттаган киши болсо кошуп жиберээрмин–деди.
Анан бизге кайрылып: -Силер экөөң тыңыраак экенсиңер, чокойлоруңар да бүтүн. Жакшылап чылгоо оронуп алып, бассаңар болчудай. Артыңардан издөө түшүп калган экен, кармалып калбасаңар болду. Кокустан бирөө-жарым жолугуп сураса Кочкорлук Базарбайдын балдарыбыз.
Тоңдогу таякелерибизге бара жатабыз деп койгула. Качып келе жатабыз деп айтчу болбогула, адамдардын бардыгы эле бирдей эмес-деп Тоңго чейинки жолду долбоорлоп айтып берди. Күүгүм кирип, жолго чыгаарда тамакка тойгузуп, кемпири бир жапкан токоч, чөйчөкө толтура айран куюп берип, беттерибизден өөп: -Аман баргыла-деп коштошуп кала берди. Абышка менен Өмүрбек суудан өткөрүп жиберишмей болуп, чогуу узатып чыгышты. Кечмелике келгенде Өмүрбек менен кучакташып коштоштук. Абышка атка бирден учкаштырып өтмөй болду. Кечмелик жазы болуп суу жай акканы менен суу аттын омуроосун жаба берип, аттын буту жерге тийер тиймексен болуп сүзүп бараткандай болду. Экөөбүздү тең берки өйүзгө өткөргөндөн кийин абышка жолго салып, биз менен коштошуп артка кетти. Жээналы экөөбүз абышка көрсөткөн жол менен тоолорду аралап жөнөдүк. Мурунку түнү үчөөбүз суу бойлоп келатканга суунун шары менен алаксып, анда-санда машиналардын жарыгын көрүп алыстан болсо да аттардын дүбүртү угулуп, куугун келип кармап албасын деп коркконубузгабы,
азыркыдай коркунучту көп сезген эмес элек. Эмичи көөдөй болгон караңгылык,
тааныш эмес тоо. Андагы чычырканактарды түрдүү кылып көрсөтүп, үн чыгарсак эле коркунучтуу нерселер туюп калчудай болуп, бири-бирибиз менен сүйлөшкөндөн да коркуп, үн чыгарбай келе жаттык. Анда-санда гана жолдон жаңылып калганыбызда шыбырашып, абышка мындай дебеди беле деп кеңеше калабыз. Ар кандай канаттуулардын,
жаныбарлардын үндөрү чыкса коркуп кетип, токтой калып «ой бул эле эмеспи», деп бири-бирибизди кайраттантып жаттык. Биз жолду билбегендиктен бадалдарга камалып, жарларга такалып, жолду ого бетер узартып тегеренип калып жаттык. Түнү менен жол жүрүп келип, таң агара баштаганда бир чоң коктунун таманына келип эс алып, кемпир салып берген нанды жеп, чөйчөктөгү айранды ичип алып, уйкуга кирдик. Эки түнү жол басканга, катуу чарчаганыбыздан бут серппей уктаптырбыз.
Асман ачык болгондуктан күн аябай ысып, тердеп калган экенбиз. Күндүн ысык нурлары беттерибизди куйкалап, ойгонууга аргасыз кылды. Жээналынын а дегенде ойгонуп, оодарыла баштаганын туюп, мен да ойгонуп кетсем. Жээналы: -Ой күндүн ысыгы кантет, куйкалап жиберет ко-деп терин аарчыды. Мен да күндүн нуруна көзүм уялып, колум менен көзүмдү ушалап, жеңимдин учу менен теримди арчыдым. -Мынча ойгонбосок бышып калмакбыз го-дедим. Туруп отурсам оозум кургап, аябай суусап калыптырмын:
-«Кырга чыгып, суу издеп көрсөк кантет»-десем Жээналы да араң эле турган көрүнөт: -Мейли, басса-басалы,
суу таппасак каныбыз катып өлүп кетебиз го-деди. Экөөбүз туруп баштыктарыбызды көтөрүп жолго чыктык. Буттарыбыз ооруп аксаңдап келаттык. Бир топ баскандан кийин оозубуз ого бетер кургап шалдырап күндүн ысыгы бир жагынан алыбызды кетирип, басканыбыз жайлай баштады. Бир убакта Жээналы чыдай албай кетти көрүнөт: -Ой Сагаалы бул жактагы суунун баары эмне болгон, кайда барбайлы какыраган таш, кумдан башка эч нерсе жок, оозум кургап өлгөнү калдым-деди.
Мен дагы үнүмдү араң эле чыгарып: -Мен деле эптеп баратам, чыдайлы. чыдабоого аргабыз барбы, балким алдыдан суу жолугуп калаар-дедим.
Таңдайларыбыз кургап, селдиреп алдыга жылып бара жаттык. Кечетен бери, бир топ басканыбызга карабастан,
сууга кезиге элек болчубуз. Жердин баары ак топурактуу келип, арча менен төө куйрук, анда-санда гана жылгалар кезикпесе, куу такыр келип шыбак, жапыз кара кыйгак чөптөр өсүп, жердин көпчүлүгү таштак келип кургак болгондуктан,
күндүн ысыгына кошулуп, ого бетер куйкаланып жаткандай болду. Анын үстүнө ып эткен жел жок, какыраган чөлгө туш келип калгандай болдук. Жок дегенде оозго салып чайнасак бир аз болсо да суу чыккандай өсүмдүк жок.Мен туулуп өскөн жеримди ойлоп, суусаганда «Чычканбашы»,
«Жууку» суулары эсиме түшүп, алардан тышкары «Орто-Булак»,
«Чет-булак»,
«Баш-булак» жерлеринин булактарычы,
андан аркы карагайдын арасындагы ар бир жылга сайын агып түшүп «Чычкан башы» суусу менен «Жуку» суусуна кошулган сууларычы, дегеле өзүмдүн туулган жерим, бейиштин төрүндөй турбайбы, бул жерге салыштырмалуу деген ойго келдим. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей өз жеримде жүргөндө, жеримдин баркын билбегениме өкүнүп жаттым. Биздин жердин жеке эле суулары эмес, жердин өзүнүн кооздугучу,
карачы эмне гана деген өсүмдүктөр өспөйт-деп атам Сагаалы жаңы көрүп жаткандай болуп сөзүн токтото коюп суктана эки жагын карана калып, мага карап:-«балам биздин жердей кооз жер эч жерде болбосо керек. Ошондо жеримдин баркы билинген. Пенделик кылып көр оокат менен алектенип алаксып жатып, жерибиздин асылдыгын башка кыйынчылык түшүп, салыштырмайынча унутуп калат турбайбызбы»-
деп кайра сөзүн улады. Мен ошондо Жээналыны алаксытыш үчүн өз жерим жөнүндө айтсам ал бир чети ишенсе бир чети ишенбегендей болуп келе жатты. Мен айтып жатып өзүм да апыртып айтып жаткандай болуп, тынчсызданып жерибиздин асылдыгына ичимден таң калып, ой чын айтып жатам, чын эле ошондой деп улам аны ишендирүүгө аракеттенем.
Биз сөзгө алаксып кеткен экенбиз күн кеч бешим болуп күндүн илеби кайтып, салкын жел жүрүп суусагандарыбыз бир аз басаңдап калды. Аңгыча алды жакта агып жаткан анча чоң эмес өзөндөгү сууну көрүп, абдан кубанып кеттик. Чарчап араң басып келе жатканыбызга карабай чуркап жөнөдүк. Жээгине жата калып ичип, беттерибизди жууп, сергий түшкөндөн кийин курсактарыбыздын ачканын сезип, баштыктарыбызды аңтарсак менин баштыгымда ата-энем салып берген май аралаш талкан, Рыбачыдагы жердештерим салып берген каткан нан, бир банка консерва бар экен. Жээналынын баштыгынан кийимдерден башка эч нерсе чыккан жок. Ал жерден консерва менен каткан нанды жедик. Андан кийин чөйчөкө суу толтуруп алып, жолдон талкан чалып ичмей болдук. Биз тамактарыбызды ичкенден кийин буттарыбыздын какшап ооруп дене боюбуздун шалдыраганын сезип баскыбыз келбей кайра уктап кетиптирбиз,
бир убакта:-Эй, кимдин балдарысыңар?
-деген жоон үндөн чочуп тура калдык. Кара кашка ат минген жашы элүүлөр чамасындагы,
толмочунан келген чоң киши жаңы эле тердей баштаган атын энтиктирип,
тебелетип кетчүдөй болуп жаныбызда турган экен. Экөөбүз тең орундарыбыздан тура калып:-Тоңдогу таякелерибиздикине бара жаттык эле–деп күтүүсүз жерден калп айтканыбыз үчүн уялып, бир чети калтырап, коркуп кеткендиктен,
үндөрүбүз ишенимдүү чыкпай калды. Тиги киши ууру кармап алган немедей, азыр эле айдап барып кармап берчүдөй болуп аты менен омуроолотуп:
-Кайдан келе жатасыңар, кимдин балдарысыңар,
тоңдогу таякелериңер ким болот, эмне үчүн жөө жүрөсүңөр?–деп кекете көзүн акыраңдатты.
Мен канчалык коркуп турсам да өзүмдү кармап, шек билдирбөөгө аракеттенип:
-Кочкордук болобуз, Базарбай деген кишинин балдарыбыз.
Тоңдогу таякелерибиздикине баратабыз-деп тике карап жооп берүүгө аракет кылдым.-Эмне үчүн чоң жолго түшпөйсүңөр,
ал жактан унаа чыгып, ала кетет эле да,-деп дагы эле шектүү карады. Абышканын үйрөткөнү эсиме түшүп:-Биз жолду кыскарталы деп, анын үстүнө таякемдер мал багышат-дедим.
Тиги кишинин биздин ууруларга окшобогонубузга көзү жеттиби:-Дагы эки-үч күндүк жол бар кантип жетээр экенсиңер?–деп таң калгандай болуп жооп күтпөстөн бастырып кетти. Биз чын эле кутулдукпу дегендей болуп, суудан кандай кечип өтүп өр таянганыбызды билбей калдык. Тиги кишинин карааны көрүнбөй, кырдан ашып кеткенден кийин гана денелерибиздин ооруганын сезип, буттарыбызды араң шилтеп жолду уладык. Аз убакыт өткөндөн кийин күн батты, андан кийин кайрадан күүгүм кирип, айлана түнөрө баштады. Биздин шайыбыз кетип, баса албай калганда, бир топ отуруп, бир аз бутубузду эс алдырып алып жолго чыкканда караңгы кирип, тегерек жымжырт болуп, өзүбүздүн дем алган дабыштарыбыз гана угулуп жатты. Биз бир топ баскандан кийин басууга дармандарыбыз келбей калды. Темтеңдеп отуруп, бир түп бадалдын жанына келип жыгылдык. Бир маалда Жээналы ыйлай баштады, мен да жашыма какап: -Жээналы! Эптеп жетээрбиз, ыйлабачы эми, мен да коркуп жатам–деп тигини жулкулдатсам болгон жок. Мен да көзүмдүн жашына ээ боло албай кошо ыйладым. Экөөбүз бир топко ыйлап отурдук. Кичине болуп туруп ушундай азапка кабылганыбызга ызаланып, арыз-муңубузду айталы десек айтаарга эч ким жок болгондуктан,
жедеп ызага муунуп же басып алдыга жылалы десек дарманыбыз жетпей алдыдагы жолдун аягы бүтпөчүдөй көрүнгөндүктөн,
өзүбүздүн алсыздыгыбызды сезип, ыйга күчүбүздү чыгардык. Улам ичибиздеги бугубуз көздөрүбүздүн жашы аркылуу чыккандай болуп, көкүрөгүбүз бөксөрө баштаганда,
үндөрүбүз акырындап отуруп уйкуга кетиптирбиз.
Бул жерде боору ооруп кайрат айта турган эч ким жок эле. Бир гана асмандагы жылдыздар жымыңдап, тоонун салкын жели чөптүн баштарын билинээр билинбес кыймылдатып уктап жаткандарга боору ооругандай,
жүзүбүздөн назик сылап, сооротуп жаткандай туюлду. Биз эртеси эртең менен эрте ойгондук. Түндөгү ыйлаганыбызга уялып калгандай болуп бири-бирибизге унчуга албай, бир топко экөөбүз эки жакты карап отурдук. Анан курсактарыбыз ачып калгандыктан мен үн чыгарып:-Жээналы сууга талкан чалып жарма жасап ичпейлиби?-дедим.
Жээналы кубанып кетти көрүнөт:-Мейли.
Талкандан башка эч нерсе жок эмеспи, ичсе ичип көрөлү-деди.
Мен тура калып чалгыч кылгандай бадалдын кичинекей бутагын сындырып чалгыч жасап, баштыктагы талкандан чөйчөктөгү сууга чала баштасам кадимки жармадай көбүрдү. Андан кийин көбүгү тарап, саргыл суу болуп калды. Жээналыга сунсам Жээналы ичип көрүп:-Оу, бул кадимки эле жармадай даамы сонун турбайбы–деп,
кайра жарымына чейин ичип мага берди. Мен ичип көрсөм, чын эле даамы жакшы экен. Курсактарыбыздын ачканы билинбей калды. Балалык мүнөзүбүз, бардык кыйынчылыктарыбызды убактылуу болсо да, унуткаргандай болуп, кабагыбыз ачылып, жүзүбүзгө жылмайуу пайда болду.-Кана,
басалыбы?–дедим Жээналыга.-Бүткөн боюмдун баары ооруп, таманым жер бастырбай калыптыр–деди.
-Менин да буттарым ооруп калыптыр, эптеп басалы, үйүбүзгө жетсек эс алабыз,–дедим.
Жээналы ордунан турду. Экөөбүз аксаңдап басып жолго түштүк. Биз жолдо карата бирөөбүз баспай калганда, бирибиз кайрат айтып, «үйгө жетебиз, үйгө жеткенде эс алабыз, үйгө жеткенде тамак ичебиз»-деп үйгө жетүү максаты менен алга умтулуп, баштыктагы майга куурулган талкандан сууга чалып ичип, жан багып, күндөп-түндөп жол жүрүп келе жаттык. Адам деген ит жандуу болот экен да. Биз бадалдын түбүнө түнөгөндөн кийин, жалгыз талканды гана сууга чалып ичип, жол басып дагы жолго төрт түнөп, бешинчи күн дегенде жедеп буттарыбыз канап, жооруп тамандарыбыз жарылып, баса албай калдык. Талкандарыбыз да түгөнүп ачка калганда Тоңдун аркы четинен чоң жолго чыгууга аргасыз болдук. Экөөбүз колтукташып бири-бирибизге сөйөнүп кара-терге чөмүлүп, темтеңдеп жол менен келе жаттык. Мурда жалгыз баса албай башыбыз тегеренип, жыгылып кетип жатканда, колтукташып алган элек. Чокойлорубуз жыртылгандыктан,
буттарыбызды өйкөп, кызыл жошо кылып жибергенде,
чечип көтөрүп алганбыз. Талканыбыз такыр түгөнүп, жалаң суу ичип калганыбызга бир күн болуп калган. Жедеп дарманыбыз кетип, баса албай калганда жолдун боюна жата кеттик. Күн кызарып батайын деп калган, башыбызды көтөрүүгө дарманыбыз келбей, улам көшүп уктап кетип, үмүт деген кыйын эмеспи, кайра дабыш тыңшап башыбызды көтөрө калып, жолду карап жаттык. Күн батып караңгылай түшкөнгөбү же көздөрүбүз тунарып көрбөй жаттыбы бир убакта арабанын кыйчылдаган үнү угулуп, көзүбүзгө эч нерсе көрүнбөй жатты.-Саке,
угуп жатасыңбы? Арабанын үнү чыгып жатат–деди Жээналы.
#11 23 August 2015 - 12:58
-Ооба, мен дагы угуп жатам, жүрү токтотолу-дедим.
Биз ордубуздан араң туруп, жолдун ортосуна чыктык. Араба кошулган атын жетелеп келаткан абышканы көрүп, араң эле салам айтканга жарадык. Тиги абышка бул араң жан немелер кайдан келе калышты дегендей кылып, чоочулагансып тиктеп калды. Анын үстүнө кара күүгүм түшүп даана көрүнбөй калган. Абышка кетип калбагай эле деп:-Ата качып келе жаттык эле, ачка болуп баса албай калдык. Ала кетесизби деп ыйлап жибердик. Жаныбызга келип, кийимибизди көргөндө, түшүнө койду окшойт. -Азыр, азыр балдар-деп арабасын четке токтото койду. Арабасынын үстүндөгү баштыгынан жарты нан алып чыгып, экөөбүзгө кармата коюп, арабасына жетелеп барып отургузуп, кымыз куюп жуткурду. Биз эсибизге келип абышкага башыбыздан өткөндөрдү айтып берсек. Уккан сайын абышканын зээни кейип, бизге боору ачыды.-Ай турмушуң кур, турмушуң!
Кудайым ушул силердей кичинекей балдардын башына эмне үчүн ушунча азап салды экен-деп кейип жатты. Биз сөзүбүздү бүткөндө:-Эми балдар өзүм жөнүндө айтсам, колхоз кочкордон туз алып келүү үчүн эки араба жиберди эле. Бир араба сынып калды. Ат чарчап арабаны тарта албай калгандыктан,
мен дагы жөө жетелеп алып, акырын келаттым эле, айылга жетээриме аз калды. Эми экөөңөрдү арабага отургузуп алайын, жолдон унаа чыкса, салып жиберемин-деп экөөбүздү арабасына салып, өзү калыбы менен атын жөө жетелеп алды.Аты чыны менен эле абдан чарчаган экен, дабдыраңдап арабаны араң тартып баратты. Чоң жол болгону менен анда-санда арабачан атчандар кезикпесе көп жок экен. Бир убакта алыстан машинанын жарыгы көрүндү. Абышка бизди чапаны менен жаап: -Силер жата бергиле мен токтотуп көрөйүн-деди.
Машина жакындаганда калпагын булгалап, токтотууга аракет кылса да, албай өтүп кетти. Абышка кобуранып,-булар ушинтип токтобойт, бир күндө араң үч төрт машина өтөт. Эми машина өтүп калса арабаны тууру тартам–деди.
Арабада келаткан экөөбүз курсактарыбызга тамак барып, чапан жаап койгонго, өзүбүзгө ээ боло албай көшүлүп уйкуга кетиптирбиз.
Бир убакта, убакыт канча өткөнү белгисиз, кыжы-кужу кыйкырыктан ойгонуп кеттик. Көзүбүздү ачсак, араба жолдун ортосунда туура токтоп турган экен. Арабанын жанына машина сүзө келип токтоптур. Абышканы бирөө жакадан алып:-Кандай өларман немесиң–деп кыйкырып жатыптыр.-Ой,
сен түшүнсөң болбойбу. Балдар ачкадан өлгөнү калыптыр,-деди жанталашып.
Биз ошондо гана окуянын кандай болгонун түшүнүп, арабадан түшө калып ыйлап жибердик.-Аба,
бул атага тийбеңиз–дегенибизде,
биздин алсыз үнүбүздөн улам аяп кетти көрүнөт, абышканын жакасынан колун койо берди.-Ой сүзүп кетсем эмне болот эле, кол көтөрсөңөр деле токтобойт белеем. Шофер токтоно албай кыйкырганда абышка:-Токтобой өтүп кетеби деп коркконумдан арабаны аргасыз туура тартпадымбы.
Балдарды көрсөң болбойбу, кудайдын боору ооругандай болушуптур?
–дегенде, шофёр үнүн басаңдатып:
-Булар эмне болгон балдар экен?. -ВЗУга Рыбачыга айдап барган жеринен жөө качып келатышыптыр.
-Жөө дейсиңби? Кантип ушул жерге чейин жетишсин, кудайдын калпын ченеп айтсаң боло-деди ишенбей. Абышканын ачуусу келе түшүп: -Мага ишенбесең өзүлөрүнөн сура. Кебетелеринен эле көрүнүп турбайбы. Жакшылап карачы. Шофер бир нерсени эстей койгондой:-И-
и, өткөндө Рыбачыдан үч бала качыптыр деп машиналарды аңтарып жатышпады беле. Биздин жаныбызга жакын келип:- «болду ыйлабагыла,
мен силерди ала кетем. Машинанын үстүнө түшүп, жылуу оронуп жатып алгыла. Ким кайсыл жерден түшөт»- деп кошумчалады.
-Мен Даркандан.-Мен Чырактан түшөм-деп айттык. Машинага абышка менен шофер жөлөп таяп түшүрүшкөндөн кийин, биз абышка менен коштошуп, ыразычылыгыбызды билдиргенче машина от алып жолго түштү.Машинага түшкөнүбүзгө аябай кубандык. Көрсө экөөбүз тең машинага биринчи жолу түшүптүрбүз.
Мен үчүн машина жолдун үстү менен жүрбөй эле учуп бараткандай сезилди. Биз ооруган жерлерибизди,
кыйналгандарыбызды унута түшкөндөй болуп, жүздөрүбүздү күлкү аралап, ар кайсыны сүйлөшүп, ал тургай, кээде кыңылдап ырдап да жаттык. Бирок бүткөн боюбуз шалдырап, алыбыз аз эле. Мен Чычкан айылынан өткөндөн кийин эле, ордума отура албай ары-бери ойдолой баштадым. Жээналы менен кучакташып,
«мындан ары катташып дос болуп жүрөлү», дешип коштошуп жаттык. Дарканга жете бергенде айылдагылар көрүп калып, айтып карматып жиберишеби деген ой менен машинанын үстүн каккылап токтотуп шоферго ыраазычылыгымды билдирип түшүп калдым. Мен машинадан түшкөндө жаңыдан таң агарып келаткан. Чын эле келдимби дегендей туулган жердин абасынан терең дем алып, өзүмдүн басып көнгөн жолум менен теңселе, тоо таяна ата-энем турган жайлоо «Батманын» кайкысын көздөй жөнөдүм. Он чакты күнү жол жүргөнгө, таманымдын тытылган жерлеринен кан шорголоп, каруум аз болгондуктан,
бир километрдей жерге араң жетип, тынып отуруп улам алга жыла бердим. Түш ооп калганда алыстан ата-энем турган жерден боз үйлөрдүн карааны көрүндү. Адегенде козу кайтарган балдарга жолуктум, алар жакында эле кетсем да тааныбай кечке карап калышканда чыдабай кетип:-Ой, мени тааныбай калдыңарбы?
Мен Сагаалы эмесминби!
–дегенде тааный коюшуп учурашышты.
Бирөөсү үйгө сүйүнчүлөп кетти. Мен боз үйлөргө жакындаганда кошуналар үйлөрүнөн чыга калышып, кебете-кешпиримди көрүшүп, таңдана карап калышты. Тигинде атам Элебес үйдөн үч бүктөлүп эңкейип чыгып, упузун болуп, далдайып карап тура калды да, далдаңдап чуркады. Анын артынан энем Сейдакан да чуркап келе жатты. Экөө тең жарыша чуркап келишип:-Олдо курган балам ай, кургурум ай, чырагым ай! -дешип баса жыгылышты.Шымымдын багалектери тиземден ылдый, салаа-салаа болуп айрылып, буттарым кызыл жаян кан болуп, кебетем кетип, мусапыр абалында элем. Жакында эле кетерде кызыл жүздүү, кара тоголок бала мойну ичкерип, акшапак болуп алайып калган кебетемди көргөн ата-энем алмак-салмак жалынып жалбарып, өпкүлөп ыйлап жатышты. Ата-энемдин зээндери кейип ыйлап жатышкандарын көргөн кошуналар, кичине чоң дебей көздөрүнө жаш алышты. Ошол эле күнү кечинде атамдар түлөө өткөрүштү. Эл сурап калса «жашы жетпей бошоп келиптир» деп айтып коймой болушту. Мен төшөктө үч төрт күн жаттым. Ооруган жерлерим жакшы болуп айыгып, он чакты күндөн кийин козу кайтарганга жарап калдым. Бирок ВЗУ жөнүндөгү окуя күнү бүгүнкүдөй өмүр бою эсимде калды. ВЗУдан качып келгенден кийин өзүмдүн курбалдаштарыма караганда көптү билгендей болуп токтоло түштүм. Мурдагыдай көп ойноок болбой, бир нерсеге жумшаганда жумушту так аткарып, кишилер менен сүйлөшкөндө да ойлонуп жооп берип калдым. Жаш тайымдан ак караны тааный баштадым. Сүт төккөнгө ал жылы мени жиберишпей,
элдин көздөрүнө көп көрсөткөндөн сакташты. Бара-бара баары унутулуп өз ордуна келди. Артымдан издеп келген киши болгон жок. Андан кийин атам менен кой багышып тоодо жүрдүм. Садырбай кичинекей эле, агаларым Асанбек менен Жамышты колхоз ата-энеме да ээ кылбай иштетип таң күнү талаада болушчу. Алмаш эжемдин жанында Разыя караан болуп, үй-жайга көз болушуп Асанбек менен Жамыштын тамагын бышырып кир-когун жууп оокаттарын өткөрүп жатышты.Убакыт учкан куштай өтүп 1941-жылы согуш башталып калды. Бул Улуу Ата-Мекендик согуш көп эле айтылып, жазылып жүргөндөй Совет мамлекетинин ар бир үй-бүлөөсүнө чоң залакасын тийгизди. Эл Октябрь Революциясынан кийин ар кандай баш аламандыктарды,
кыйынчылыктарды баштарынан кечиришти. Замандын алмашуусунан кыргын, сүргүн, ачарчылык, жокчулукту көрүп мүңкүрөп турганда, жакшы кадрлар жетишпей, билими жок бузуку адамдар бирин-экин жакшы адамдардын колтуктарына кирип, көпчүлүктүн билимсиздигинен,
сабатсыздыгынан пайдаланышып,
акылдуу жакшы адамдарды каралап, ар кандай айла-амалдар менен элден ажыратып жатышканда,
өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, минтип согуш чыгып, кайран эл дагы бир жолу шорго малынды. Ичерге аштары, кийээрге кийими жок, эптеп окат-тиричилик өткөрүп жаткан элге «жарды жалчылардын заманы келди» демиш болуп зулумдар ач айкырык, куу сүрөөн менен элди эзип, арасындагы тыңдарын кулака тартып жоготуп жатышты. Эр азаматтарын жумушка, көпчүлүк жарамдуулары согушка аттанышты. Куулук-шумдук менен бийлике келген карөзгөй, ушакчы, эки жүздүү адамдардын көпчүлүгү дале болсо согуштан качып, калып калуунун аракетин кылып, такыр айлалары кеткенде кийинчерээк кетишти. Калып калган зулумдар согушка кеткендердин үй-бүлөөсүн турмуш бир жагынан эзсе, алар бир жагынан эзип жатышты. Өзүлөрү өйдө жактагы чоңдорго жагалданып,
өз баштарын калкалаш үчүн элди кыйнап, өндүрүлгөн товарларды чогуусу менен эч нерсе калтырбай согушка шылтоолоп жөнөтүп турушкан. Эл болсо согушка кеткен эр бүлөөлөрдүн түйшүктөрүн көтөрүп, күнү-түнү талаада эмгектенип,
тамак-ашка курсактары тойбой, жарытылуу кийимге жетпей, ооруганы ооруп, өлгөнү өлүп, ач жылаңач биттеп, кумдап, тирүүлөрү өлбөстүн күнүн көрүшкөн.Элебес атам да эл катары улуу уулу Асанбекти согушка жөнөткөн. Асанбек абамдын үйлөнгөнүнө аз эле убакыт болгон, анын аялы Жетиөгүздүк Аймандын Шарыйпа деген кызы эле. Элебес менен Айман сыртты жайлап жүрүшкөндө экөөнүн тең аялдарынын боюнда бар экен. Экөө кудалашып, «бирөөбүздүкү кыз төрөсө, бирөөбүздүн аялыбыз уул төрөсө, чоңойгондо үйлөндүрөбүз»,
дешип кийин айткандарындай болуп бирөө кыздуу, бирөө уулдуу болуп, кийин чоңойгондо үйлөндүрүп коюшкан. Эми минтип экөөнүн тагдырына согуш туш келип, жаңы эле үйлөнгөндө Асанбек агам согушка кетип отурбайбы.Атам алты жаштагы Садырбайды белине таңуу кылып, коюн багып жүрдү. Мен он үч жашта элем. Колхоз согушка кеткендердин ордуна айдап, ар кайсы жумуштарда да иштеп жүрдүм. Ал кезде колхоздун башкармасы Кожонаалы, бригадирлери Акун, Айты дегендер болчу. Согуш убагында кичине балдардан карган чалдарга, кыз-келинден бөкчөйгөн кемпирге чейин иш үстүндө болушкан. Ошол согуш мезгилиндеги кыйын учур дагы эсимде. Ал убакта тракторлор жок болуп, ат соколор менен бүт жуукунун талаасын айдап, кол менен себишчү. Кээде уктап кетип бригадирден таяк жеп тил укчубуз. Тамак тартыш болгондуктан,
ачарчылыка туш келген кээ бир үй бүлөөлөр ак шишик болуп, өлө баштаган оор учур эле. Кырманга эгини, талкандары жокторун, малчылардын короолорунун четине алачык менен көчүрүп барып кой саап ичип, жаныңарды баккыла деген учурлар болгон. Ошондой үй-бүлөөдөн он чактысы биздин короодон жансакташкан.
Жан сактоонун айынан аялдары буудайды коюндарына катып уурдашкан. Аларды да көпчүлүк учурда башкарма, бригадирлер кармап алышып, кырманга кайра төктүрүшчү.
Кичине эле бүтүнүрөөк жылуу кийим кийингенин көрүп калышса, чоңдор согушка деп жыйнап алышкан. Ошентип жергиликтүү бийликтегилер бөрк ал десе баш алышып, элди абдан эзип жиберишкен.
Ал кезде жеке Даркан айылы эмес бүт тегеректеги айылдар ушундай кыйынчылыктарды тартып жатышкан. Турмуштун мындай кыйынчылыктары аз келгенсип, жакындарынын согуштан өлгөнү тууралуу кара кагаздар келип, айылдын ар кайсы жерлеринен чыры-чуу чыгып, ый-муңга толуп турар эле. Асанбектен:
«Украинада согушуп жатабыз» деп кат келип, андан кийин кат келбей калды. Жаш алган Шарыйпа кат күтүп, почточудан тынбай сурап турар эле. Ал дагы кайын сиңдиси Разый экөө эл катары, таң күнү талаада жумуш иштешчү. Почточу: «кат жок сага» дегенде көзүнө жаш тегеренип кетүүчү. Ага окшоп саргайып согуштан кат келет деп күткөндөр көп эле. Согуштан өлдү деп күйөөсүнө кара кагаз келген жаш келиндерди абышкалар, майып болуп келгендер башын байлап алып жатышты. Ошондой кыйынчылыкта эл биримдиктүү,
ынтымактуу болчу. Бирине-бири жардам берип, аякы нанын бөлүшүп жешчү. Согуш аяктап, өлгөндөн калган эр бүлөнүн баары келип, өз ордуларында кайрадан ишке киришип, жаш балдардын кары-картаңдардын,
аялдардын жумушу жеңилдеп калды.Ошол жылдары башкарма Кожонаалынын үйүнөн сот болуп жатканда Аламандын Бекейи согуштан жаңы келип орусчаны бир аз үйрөнүп келген экен, ал райкомдун секретары Пучковго кайрылып :-Товариш секретар там говарит, тут говарит все говарят, почему итийбас не говорит,-деп айткан экен. Анткен себеби Даркан элинин түпкү атасы бир болгону менен ич ара төрт атага- Итийбас, Тойчу, Аккүп, Күрүчбек болуп бөлүнүп алышкандыктан,
өзү менен Кожонаалы Итийбас уруусунан болгондуктан гана Итийбас уруусу унчукпай башкалар эле каралап жатат десе керек.Ошондогу сөз эмдигиче эл арасында айтылып жүрөт. Андагы элдин сабатсыздыгы ушундан көрүнүп турбайбы, андан кийин Толукбаев Асанаалы башкарма болгон. Ошол жылы Жамыш аскерге чакырылып армияга кетти. Асанбектен болсо дагы эле кабар жок болчу. Шарыйпа үмүтүн үзбөй күтүп жүргөн эле. Мен атама жардамчы болуп эки короо кой багып калганбыз. Садырбай да кол арага жарап калган. Ал мектепте окуп көпчүлүк учурда айылда болуп окуудан тараганда жардамга барып тураар эле. Түйшүктүн көпчүлүгү мага түшүп, жайдыр-кыштыр койдон бошочу эмесмин. Мен чоңойгондон баштап атамдын колу узарып көпчүлүк иштерди аткарганга жарап калдым. Анын үстүнө согуш басылып, эл аягы тынчып элдин турмуш тиричилиги оңоло баштаганга өзү теңдүү сакалдуулар менен шерине жешип, эки жака бастырып калды. Мен дагы өз жаныма чыйрак болгондуктан,
малды жакшы багып, алдынкы чабан делип, атам сыйлыктардан кур калбай элге кадыр-баркы ого бетер өсө баштады. Кеп-кеңештин баарына катышып чыр-чатак, талаш-тартыш болсо Элекемди алдыргыла дешип жайлоонун кайсы жеринде болсо да, ат жиберип алдырышып калыс кылышчу. Кийинки 1947-жылы мен да армияга чакырыла баштадым. Мен да алдынкы малчынын баласы делип, районго чейин таанылып калгандыктан,
атам экөөбүз эки короо койду жакшы багып жатканыбыздан,
райондун чоңдору кийлигишип армияга жиберишкен жок. Ошол эле жылы Уржандын Бейшекесинин кемпири Зуура сакмалчы болуп барып, Бейшекенин Саруу айылына күйөөгө чыккан карындашы Батыйдын кызы Жүзүмкан энеңерди мага тааныштырат.
Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип күзүндө үйлөндүк. Ошондон ушул күнгө чейин эриш-аркак болуп, бирибиз тышта мал баксак, бирөөбүз ичте тең жарышып оокат кылып, элден кем калганыбыз жок. 1948-жылы Алымкан деген кыздуу болдук. Эски кепе тамдын жанына, азыркы жашап турган, эки бөлмөлү там салдык. 1949-жылы Жамыш аскерден келди, Асанбектен кабар болбогондуктан,
ошол жылы төркүндөрү келип келинчеги Шарыйпаны көчүрүп кетишти. 1950-жылы Жамышка аял алып берип, азыркы үйүн салып берип бөлдүк. Ошол жылы Жамалбүбү төрөлүп Разия күйөөгө кетти. Кийинки жылы Алмаш эжем ооруп каза болду. Тили буудай кууруп, булбулдай сайрап калган кезинде Алымкан да ооруп чарчап калды. 1952-жылы «Үч дөбөдө» Бөдөнө төрөлдү. Сырттагы «Кырчоо» деген жайлоодон 1954-жылы Конокказы төрөлдү. Бекказы 1956-жылы «Чет-Булак» жайлоосунан төрөлдү. Экөөң төрөлөрдөн мурда, таяэнеңер коноко келип түш көрөт. Эртеси түшүн атама айтып, «Сагаалы Конокказы, Бекказы деген уулду болот экен, аттарын коюп кетишти, үчүнчүсү бүдөмүк болуп атын биле албай калдым» деген.Ошентип балдарым силер түшкө кирип төрөлгөнсүңөр.
Бекказы төрөлөөрдө Жүзүмкандын түшүнө Ленин кирип, ручка бериптир. Кудай буюрса Бекказым чоң билимдүү адам болот деп ойлойм. Анын үстүнө атам: «Сагаалынын арагын Бекказы койдурат. Бул баламдан бир нерсе чыгат» деген эле, деп кайра сөзүн улантты. Ошол жылдары алдынкы колхоз болуп айылыбыздын аты чыгып турган. Асанаалы адеп башкарма болгондо уюштургуч, иштемчил болуп, элдин мүдөөсүнөн чыгып, ишин жакшы алып барган, эл менен кеңешип, иш жасаган жакшы башкарма эле. Кийин иши алдыга чыгып, Асанаалы, Асанаалы болгон сайын ормон опузага салып, ар кимге бир тийип, болоор болбос жерден кыйкырып тилдеп, көпкөлөң тарта баштаган. Ал тургай бирөөлөр коноко чакырса, барган жеринде улуу-кичүүнү көзүнө илбей, төргө туурасынан жанбаштап, чыканагына болгон жаздыктарды койдуруп алып, калган кишилерге орун бербей жатып алчу адат таап алган. Жайлоодогу малчыларды кыдырганда аялын ээрчитип алып көздөрүнө көрүнгөн жакшы нерселер болсо жыйдырып алчу. Ал экөөбүздүн жылдызыбыз келишпей кезиккен жерден уруша кетүүчүбүз.
Ал кезде атамдын эл арасында кадыр-баркы чоң болгондуктан Асанаалы мага тийише алуучу эмес. 1957-жылы атам менен энем Бекказыны эмчектен чыгарып, балдарды карап калышат. Жүзүмкан экөөбүз мал менен сыртка жайлоого кеткенбиз. Арадан көп убакыт өтпөй эле артыбыздан «атаң өлдү» деген кабар барат. Биз малды кошуналарга табыштап, айылга атамды койгонго келип, үчүлүк, жетилигин өткөрүп коюп, кайра сыртка малыбызга кеттик. Күзүндө жакага көчүп келерибиз менен Асанаалы койдон бошотуп салды. «Койду өткөрсүн деп жатат» деп тууганым Муканбет абамды жибериптир.
Өзүмдүн менчиктеримди бөлүп алып жатсак, ушул эле Муканбет абам: -Ой, сен колхоздун коюнун жарымын эле бөлүп алдың го- деген. Кийин куйтуланып,
ал сөздү Асанаалыга жеткирет. Койлорду кралинге салайын деп кыркып, сарайдын маңдайындагы бетке жайып турган элем. Бир убакта башкарманын машинеси сарайга келип токтоду. Машинеден Асанаалы шоферу Берикбаев Жумагул экөө түшүп, шоферуна мени көрсөтүп бир нерсе деди эле, Жумагул мага басып келип; -Сени Асанаалы чакырып жатат- деди. Эмнеге чакырып жатат болду экен деп түшүп келип, атты кашаага байлап коюп, башкарманын артынан сарайга кирсем, койлорду кралинге салып жаткан жоон топ кишилердин арасында айыл кенешинин төрагасы Качы, Асанаалы болуп сүйлөшүп турушкан экен. Салам айтсам, алик алганга жарабай Асанаалы атырылып мага бир тийди. Ал:-Ой, Сагаалы эмгиче өлбөй эмне кылып жүрөсүң-дегенде,
мен ачуум келип кетип;-Мен өлгөнчө сен өл, ичериңди ичтиң–дедим.
Ал да тилин тартпай, мен да тилимди тартпай сөгүшүп, жакалаша кеткенде Качы ажыратып жиберди. Асанаалы кыйкырып өкүрүп; -Конторго алып баргыла-деп коюп, машинасына түшүп, кетип калды. Конторго барганда Асанаалы кечирим сурап, алдыма түшөбү деп ойлогон окшойт. Менин тоотпогонумду көрүп ачуусу келип, эзелтен кеги бар немедей каматып, жоготом-деп отургандарды карап:-«кимиңер милицияны таап келесиңер»-
десе айыл кенешинин катчысы Мырзабек мен табам дейт. Асанаалы милицияны алып келгиле-деп шоферу Жумагул менен Мырзабекти жиберет. Экөө барып бат эле милицияны салып келишет. Сагаалы башкарманы сабады, дешип ошол жерде отурган активтердин баары кол коюп беришет. Мени милиция айдап барып Кызылсууга камап таштайт.Ошентип атамдын кыркы бериле элек жатканда илгертен бери баккан малымдан ажыратып, өзүмдү каматып ташташты. Эки күн камакта жаткандан кийин начальник милиция өзүнө кабыл алып; -Башкарманы эмне үчүн сабадың-деп сураганда мен болгонун болгондой айтып берсем, башын чайкап Асанаалыга ачуусу келип,- ак жерден күйгүзгөн экен го- деп жаздыртып алып чыгарып жиберет. Үйгө барсам иним Садырбай колукту алып келип калат. Ал айыл чарба институтун жаңыдан эле бүтүргөн, кийин кызмат сураса менин айымдан ага да орун бербей коюшат. Айласы кеткенде башка жактан иштеп кетет. Энем Сейдакан кичүү уулум менен кошо болом деп чогуу кетет. Айылдан кой бакканга ылайыктуу малчы чыкпай койгондуктан кайра 1958-жылы ошондо да, ар кайсы малчылардан чогулган чабыр кой беришет. Андан эки үч ай өтпөй Алиман менен Калиман төрөлүп, эгиз кыздуу болдум. Ошентип жаш аялмет болуп балдарым кичинекей болду. Атагы чыгып жүргөн колхоз уламдан улам начарлап, Асанаалынын иши жүрбөй калды. Айылдын өзүнөн башкарма болгон туура эмес экен дешип башкарманы башка жактан коюшуп Асанаалыны түшүрүп салышты. 1960-жылы Жаңылкан төрөлдү, 1963-жылы Света төрөлдү. Ошентип бала-чакалуу болуп, баш көтөрө албай калдым. Бийликке таза эмес адамдар келип, биз куугунтукталып калдык. Эми силер эстүү болуп, өзүңөрдү ким экениңерди эртедир-кечтир көрсөтөөр убакыт келип «ак ийилет бирок сынбайт» ко деген ойдомун-деп,
бизге кайрылып-мына ата -бабаларыңар туурасында менин билгеним ушундай, калганын элден угуп билээрсиңер-
деп сөзүн бүтүрдү.Кийинки күнү жаңы журт болгондуктан,
койлор короодон алыс кетишкен жок. Ата-энебиз кой союп эртеси бизди айылга жиберүүгө камданып жатышкан. Мен эртең мененки чайды ичкенден кийин «Кулматтын» дөбөсүнө чыгып, эки жакты карагым келип, дөбөгө чыктым. Бул жерде колхоздун талаалары, уй сарайлар, ары-бери жүргөн трактор, машиналар, атчан кишилер көрүнүп турду. Бул жерден айылга чейин жөө киши бир саат чамасында жетип барууга болоор эле. Эртең айылга түшүп эжелериме, айылдагыларга жолугарымды эстегенде кубанып кеттим. Эжемдер жаңы окуу жылына кандай кийимдерди,
китеп дептерлерди алды болду экен деген ойго кеттим. Алма өрүктөрдү өз колум менен үзүп, каалашымча жээримди ойлогондо тамшанып жибергенимди да билбей калдым. Ал тургай эртеңкиге чейин убакыт жыл сыяктуу созулчудай болуп кетти. Ысык-Көлдү карасам кичинекей параходдун чоң үч баржаны сүйрөп баратканын көрүп ичимден: «Буларды кантип сүйрөп баратат» деп таң калып койдум. Ошол параходко түшүп, көлдүн үстүндө сүзгүм келди. Быйыл көлгө түшпөй калганымды ойлоп өкүнүп да алдым. Былтыр балдар менен көлгө барганымда көлдөн чоң балдардын балык кармаганын,
кумдан үй жасап ойногонумду эстедим. Ошол убакта мени кекиликтердин сайраганы алаксытып кетти. Алардын үндөрү жакын жерден чыкканы менен өзүлөрү көрүнбөйт. Акырын аңдып карасам, бир топ кекилик төө куйруктун арасында жорголоп, жайылып жүрүшкөн экен. Кармайын деген ой менен акырын дабыш чыгарбай жөнөдүм. Кекиликтер учпастан төө куйруктун арасындагы жалгыз аяк жол менен чубашып, чуркап барып токтой калышып, мен жакындаганда кайра чуркай жөнөшөт. Алар мени шылдыңдагансып сайрашат, алардын артынан чындап чуркап жакындаганда пыр коюп учуп, жакын эле жерге конуп калышты. Кайрадан чуркап барып, жакындаганда учушуп, коктунун аркы оозуна конуп калышты. Алардын артынан кууп коктунун таманына түшүп, өргө таяна бергенде кекиликтер учуп жонго чыгып кетишти. Мен алардын артынан жонго чыга берерде карматпаганына көзүм жетип, таш менен уруп калсам, чындаганымды билишти көрүнөт, ары алыс учуп кетишти. Мен аларды кууп жүрүп чолок жолго кандай чыкканымды билбей калдым, ары жагымда эле кыя жол бар болчу. Ал кыя жол кенен болгондуктан,
машина комбайндар чыгып эгин оруп жыйганын атамдан укканмын. Жакында эле орулган арпанын майалары тикенек аралашып, балтырларымды тытып, ботинкамдын жыртыгынан тыпынга аралаш чөмөрлөр бутума кирип, көп аралай алган жокмун. Анын үстүнө чатырдан үйдөкүлөр кол булгалап, чакырып калышты. Мен кайра кыя жол менен түшүп, үйгө кирсем үйдөкүлөр тамак жеп жатышкан экен. Тамакты жеп бүтүп малыбызды тейлегенче күн да кеч кирди.Эртеси эртең менен тургандан баштап, айылга кетүүнүн камылгасын көрдүк. Эртең мененки чайды ичип жатканда атам: -Бүгүн Конокказы менен Бекказы айылга окууга кетишет. Бүрсүгүнү окуулары башталат, ага чейин жуунуп-таранып,
эс алышсын. Мен эки иштен бир иш буларды узатканча флягилерге суу алып, малды сугара келейин. Сен Жүзүй кыздарың менен оокатыңарды жасай бергиле, балдар малды сугарышып кайра бери таяп койсо, силер алдымдан тосуп аларсыңар-деди.
Ошентип биз үчөөбүз Куркукка флягилерди,
айылга алып кетүүчү жүктөрдү жүктөп, уй, койлорду айдап, жөнөмөй болгондо, энем Конокказы абам экөөбүздүн беттерибизден өөп:-Жакшы окуп, жакшы оокатыңарды кылып, эжелериңердин тилин алып, жакшы балдар болгула-дегенде энемдердин калып жатканына зээним кейип жашып кеттим. Жашымды энеме, карындаштарыма көрсөткөндөн уялып, тескери карап аарчып алдым. Суунун жээгине малды айдап түшкөндөн кийин, атам: -Айылга барып, жүктү түшүрүп келейин-деп флягилерди чечип коюп айылга кетти. Абам экөөбүз суунун жээгинде колхоздун чоң алма багы болгондуктан,
өзүбүз алма-өрүктөн каалаганча жеп, энебизге, бөбөктөрүбүзгө чоң баштыка толтура үзүп койдук. Кудай жалгап, ошол учурда корукчулар кабылган жок. Атабыз айылдан келери менен Куркукка флягилерди жүктөшүп, малды үйдү көздөй төшкө таяп коюп, атабыз эми кете бергиле өзүм эле айдап кетем дегенде айылды көздөй жөнөдүк. Айыл жакын эле болгондуктан бат эле жетип келдик. Көптөн бери айылды көрбөй сагынып калгандыктан,
айылга киргенде эле үйлөр, корооздордун кыйкырганынан,
иттердин үргөнүнө чейин жакшы көрүндү. Ар бир үйдүн огородундагы алма, өрүктөрү самсаалап, шагы ийилген мөмө-жемиштер көздүн жоосун алат. Элдин баары экөөбүздү эле карагансып уялып үйүбүзгө батыраак жетип таза кийимдерибизди кийинсек экен деп бараттык. Мына үйгө да келип жеттик. Жамалбүбү эжем менен Бөдөнө эжем короодо жүрүшкөн экен. Алар менен учураштык. Мына өзүбүздүн үйүбүз короо жай, огородубуз баары көзүмө өзгөчө көрүндү. Үйгө кирерден мурда бакчаны кыдырып чыктым. Алма багыбыз анча чоң эмес эле. Жакшы каралбагангабы түшүмү да анча эмес экен. Бирок картошка, жүгөрү жана башка майда барат өсүмдүктөр жакшы өсүптүр, алар тоого кетерде жаңы эле жерден кылтыйып чыга башташкан. Алма-өрүктөрдүн да мөмөлөрү бышып бактагы мөмө-жемиштердин кайсынысы жакшы экендигин жакшы билгендиктен,
тандап үзүп жегенден кийин гана үйдүн ичин көрүүгө кызыктык. Үйдүн ичи да мурункуга караганда өзгөрүп калыптыр. Эжелерим үйдү таза кармап актап, сырдап, пардоо, туш кийиздерди жууп тагып коюшуптур. Баары жаркырап таптаза бизге эки бөлмө үйүбүз чоң ак сарайдай болуп сезилди. Андан кийин эжелерим жаңы окуу жылына карата алган жаңы кийимдерибизди,
окуу куралдарыбызды көрсөтүштү.
- Эх, кандай сонун-деп алдым. Чөнтөктөрүндө темир тагылган чийбаркыт шым кастюм, кара ботинка, ак көйнөк, кара шапке деги эле баары жап жаңы. Мен аларды кийине салып үйгө тура албай балдарга көрсөткөнү көчөгө жөнөдүм. Мени көргөн өзүм менен курбалдаш балдар кызыгып карап калышканда,
мен өзүмдү эң бактылуу сезип колдорумду чөнтөгүмө салып, ары-бери басып жүрдүм. Эми бат эле окууга барсак экен деп ойлодум. Мени менен окуган классташ кошуналарым Калейке, Жолоочу өзүмдөн бир жаш кичүү Турарбек, Бышаңга жана башка айылдагы улуу-кичүү кошуна балдардын бир тобуна жолуктум. Үйгө кирсем эжелерим чоюнкеге астына картошкадан,
үстүнө жүгөрүдөн салып тамак бышырып коюшкан экен. Көптөн бери мындай тамак жебегенге жакшы көрүп аябай жедим. Кечинде жатарда эки кишилик чоң керебетке Конокказы абам экөөбүзгө чогуу төшөк салып беришти. Уктагыча радиодон жакшы концерт угуп жатып уктап кетиптирмин.
Эртеси да айылдан кызыгым тарабай көңүлдүү жүрдүм. Окууга камданып жуунуп таранып, окуу куралдарыбызды даярдап үйдө болдук.1-сентябрь күнү эртең менен ойгонсом, абам туруп кетиптир. Радиодо гимнастика болуп жатыптыр. Эжелерим бири-биринин чачтарын өрүп жатышкан экен. Жамал эжем мурунку адатынча:-Тур батыраак окуудан кечигесиң–деди.
Мен кийинип, жуунуп тигилер чайга отураары менен мен да чогуу отуруп калдым. Мектепке барсам, кызыл-тазыл кийинген окуучулар, мугалимдер жана башка көп кишилер жүрүшүптүр.
Пионерлер кызыл жагоо тагынып алышып, барабан сурнайларды кармап турушат. Аңгыча радиодон бир, эки, үч, бир, эки, үч деп микрофонду черткилеп:-Кымбаттуу окуучулар жаңы окуу жылына карата митинг болот, өз классыңар менен тизилгиле. Урматтуу класс жетекчилер өз класстарыңардагы окуучуларыңыздарды тизсеңиздер–деп кулактандырып жатты.Пионерлер сурнайларын тартып, барабандарын кагышты. Бүт окуучуларды класс жетекчилери класс, класстары менен тизип жатышты. Радиодон ойногон көңүлдүү музыкага кошулган сурнай барабандардын үндөрү менен Кызыл-тазыл кийинген окуучулардын,
мугалимдердин үндөрү кошулуп, мектептин тегереги шаңга бөлөнүп, майрамдык салтанат башталды. Үч айлык каникулда бири–бирин сагынып көңүлү жакын жоро жолдоштору менен жүргөн балдарды класс жетекчилери толуктап тизип бүтүштү. Ал жердеги чогулган балдардын чоң кичине дебей баарынын жүздөрүндө жылмайуу, күлкү аралап турду. Мен классташтарым менен учурашып, алар менин көзүмө ушул үч айдын ичинде эле өзгөрүп чоңойо түшкөндөй сезилди. Бүтай эжейим менен да жолуктум. Ал классташтарымдын ичинен жалгыз өзүмдү өөп:- Кандай эс алып келдиң-дегенине сыймыктанып,
жетине албай калдым. Аңгыча музыка токтоп трибунага мектептин директору, орун басарлары, мугалимдер чыгышканда кыжы-кужу басылып, тым-тырс боло түштү. Адегенде мектептин директору, андан кийин өз кезеги менен мугалимдер жаңы окуу жылдары менен окуучуларды,
мугалимдерди куттуктап, сөз сүйлөп жатышканда,
ар бири сүйлөп бүткөн сайын дүркүрөгөн кол чабуулар коштоп турду. Ошол убакта менин оюма былтыркы жаңы окуу жылында жаңыдан мектепке киргенимди эстеп жаттым. Анда мындай болгон эле.Былтыр ата-энем менен колхоздун торпогун багып «Жуукунун» ичиндеги «Бөйрөк саз» деген жайлоодо болгондуктан,
эртең 1-сентябрь деген күнү колхоздун башкармасы малчыларды текшерип барганда, айылга машинасына сала келген. Эртеси эртең менен Жамал эжем жаңы алып койгон шымымдын багалеги узун болуп калгандыктан,
аларды өлчөп кыскартып, жасап түзөп, мени даярдаганча кечигип калып, митинг тарап, окуучулар өз класстарына кирип кетишиптир.
Биз биринчи класстардын кайда окуурун сураштырсак,
мектепте класс жетишпегендиктен,
клубдун аркы башындагы контордон окуганы кетишти деди. Биз эжем экөөбүз угуп алып тердеп кургап чуркап бараттык. Мен кечиктим барбайм, деп ыйлап кетенчиктесем эжем колумдан сүйрөп алган. Класска киргенде ыйлаганым басылганы менен, көзүмдөн аккан жаштын изи билинип турса керек, бизди көрүп класстагылар күлүп жиберишти. Аларды көрүп алып уялганымдан тердеп кеттим. Ошондо ушул Бүтай эжей доскеге чоң «А» кичине «а» ны жазып жаткан экен. Бизди көрүп балдарды тынчтандырып,
эмне үчүн кечигип келгендигибизди сурады. Жамал эжем түшүндүрүп,
болгонун айтып бергенде, анан мага карап:
#12 23 August 2015 - 12:59
- Атың ким? – деди.- Бекказы–деп уялып башымды жерге салдым. Бүтай эжей:- Мобул кыздын жанына отур–деп Дүрдакандын жанынан орун көрсөткөндө кубанып кеттим. Анткени Дүрдакан тууганыбыз Иманкожо дегендин кызы эле. Аны менен мурунтан эле тааныш болчумун. Жамал эжем чыгып кеткенде Бүтай эжей доскадагы тамганы көрсөтүп:-Кана балдар бул эмне деген тамга экен,-дегенде класстагы балдардын бардыгы бир ооздон:-«А» -дешкенде мен дагы аларга кошулуп:-«А»-
деп үнүмдү бийик чыгардым. Былтыр жаңы окуу жылын ушинтип баштаган элем. Быйыл ушундай чоң салтанатка катышып жатканыма толкунданып кубанып жаттым.Салтанаттуу митинг бүтүп, окуучулар мектепке кире башташты. Орундарыбыздан козголуп, «кайдан окуйбуз»-дегендей болуп эжейибизди караганда эжейибиз түшүнө коюп:-Балдар биз быйыл ушул мектептин өзүнөн окуйбуз-дегенде,
барыбыз: -«ураа!»–деп кыйкырып жибердик.-Мени ээрчип класска жүргүлө -деп эжейибиз алдыга жөнөгөндө, биз жөжөлөрдөй ээрчишип артынан бастык. Мектепке киргенде узун зал аркылуу 2-а класс деген эшиктин сыртында жазуусу бар класска келгенде , эжей:-Мына ушул класста окуйсуңар,-деди.
Эжейдин артынан баарыбыз топурап кирип, парталардан орун ала баштаганда,
мен мурунтан эле жакшы көрүп, жанына кандай отурарымды билбей жүргөн Гүлайым деген кыздын жанынан орун ээледим. Гүлайым класстагы кыздардын эң сулуусу болчу, ал жакшы окугандыктан эжей класском койгон. Бир чети өзүм жакшы көргөн Гүлайымдын жанына отурганыма кубансам, экинчиден класстын ичи жарык, терезелери чоң, парталардын баары жап жаңы, полу, эшик, терезелери,
доскадан бери сырдалып, жакшы болгондугуна кубандым. Балдардын үндөрү, баскан турган дабыштары жаңырып өзүнчө эле чоң дворецке киргендей болдум. Эжей тыштан журналды алып киргенде баарыбыз адаттагыдай эле орундарыбыздан туруп тосуп алдык. Эжейибиз мугалимдер үчүн коюлган столуна барып отуруп, отургула дегенде гана орундарыбызга отурдук. Биз ал күнү сабак өткөнүбүз жок. Каникулда ким кайда барып эс алганын, ким кандай өткөргөнүн сурап, кийинки күндөрдө болуучу сабактардын расписаниясын жаздырып, экинчи класста кандай китептерди окуурубузду кандай окуу куралдары керек экенин айтып берип, эжейибиз кийинки күнгө жакшы камынып келгиле деп таратып жиберди. Мен мектептен келгенден кийин жаңы кийимдеримди чечип коюп, ага эжелерим мектептен келгенче самоорго чай коюп күтүп турдум. Электр чайнеке деле чай койсом болмок, бирок чайды самоорго койгон себебим, самоордун чайын жакшы көрүүчүмүн.
Жамал эжем чайымдын кайнап турганын көрүп: - Азаматсың Гекиним ырас чай коюп койгон турбайсыңбы-
деп кубанып кетти. Биз чайыбызды ичип алып короонун четине өскөн ала бата чөптөрдү тазалап, короону иретке келтирдик. Биздин корообузга чөп өсүп кеткени жайлата эки эжем бир из менен кирип, чыгып огороддогу өсүмдүктөрдү отоп, түптөп, сугарганы менен картошка менен короону чөпкө бастырып жиберишиптир.
Кечке иштеп иретке келтиргенден кийин, биздин короо да элдикине окшоп жакшы көрүнүп калды. Кечинде Чычкандан Разия эжем күйөөсү Үсөнкожо жездем экөө келишип, бизди короо тазалап жатканыбызды көрүп:-Ой, азаматтар жакшы иштеп жаткан турбайсыңарбы дешип ыраазы болуп бетибизден өөп учурашышты.
Аларды эжемдер үйгө киргизип кетишкенде,
Конокказы абам экөөбүз дагы эле ишибизди уланта бердик. Бир убакта Үсөнкожо жездем үйдөн чыгып, короодо турган күрөктү алып, калган каткан чөптөрдү кырып иштей баштады. Үсөнкожо жездем сылтып баскан, арыкчырай, узун бойлуу маңдайында бирби, экиби тиши жок, ак саргыл тамашакөй ачык айрым киши эле. Разия эжем толмоч, кара тору келген Жамыш абама окшош, ачуусу чукул, бирок анысына жетпей, бат эле жазылып кеткен ак көңүл аял эле. Үсөнкожо менен Асанкожо бир тууган эле. Асанкожо Чычкан айылында айыл кенешинин төрагасы болуп иштечү, алар атасынан эрте жетим калышкан экен. Энеси узун бойлуу толмочунан келген зор, тилдүү, оозду, тың байбиче эле. Аны ата-энем Жамыш, Садырбай агамдардын баары чоң эже деп коюшчу. Биз да аларды турап чоң эже дечүбүз. Анткен себебибиз ал кишинин төркүнү Даркандан экен. Менин таң калганым кичине балдардан бери чоң эже дедирткенине.
Разия эжем күйөөсү Үсөнкожо жездем менен бат-бат келип Жамыш абамдардыкына келгенде келбей кетишчү эмес. Биз да Чычканга бат-баттан барып турчубуз.Бир убакта Үсөнкожо жездем бизди тамашалагысы келдиби, короонун четиндеги дөңгөчкө олтуруп чечинип алып иштеп жаткан агам экөөбүздү чакырып алып:-Кана булчуңуңарды текшерейин кимиңер күчтүү экенсиңер- деди. Агам экөөбүз тен жарыша чуркап барсак,-момундай кылгыла- деп чыканагын ийип, муштумун ийнине такады. Биз аны туурап, колдорубузду болушунча ийип булчуңдарыбызды чыгарууга аракет кылдык. Үсөнкожо жезде булчуңдарыбызды кармалап аракет кылып атаандашып жатканыбызды көрүп, өзүнүн ойлоп тапкан тамашасына ыраазы болгондой күлүп, биздин шагыбызды сындыргысы келбегендей;
-Оо, бали экөөң тең балбан турбайсыңарбы,
кара жумушту көп иштеп, жакшы чоңойсоңор кийин булчуңуңар момундай болот-деп эрикпей костюмун чечип көйнөгүнүн жеңин ийнине чейин түрүп, булчуңун жыйрып көрсөткөндө,
экөөбүзгө тең Үсөнкожо жездем аябай балбандай көрүндү. Мен кичинекей колдорум менен кармаганда,
эки колумду бириктирсем да караандабай,
анын үстүнө таштай катуу болгондой сезилди. Менин таң калганымды көрүп маашырлана:
-«көрдүңбү кара жумушту көп жасап, аз ойноп жакшы окусаң кийин булчуңуң ушундай болот»-деди.
Үсөнкожо жездемдин ушул сөзү эсиме бек сакталып кийин кара жумуш иштегенде жанымдагыларга булчуңумду текшертип, көрдүңөрбү менин булчуңум чоңоюп катуу болуп баратат деп турчумун.Мен окууга таза, убагында кечикпей барууга аракет кылам. Себеби Бүтай эжейди аябай жакшы көрүп, айткандарын так аткарууга, тентек кылбоого, жаман терс жактарымды көрсөтпөөгө тырышчумун.
Анын үстүнө жанымда отурган Гүлайымдан уялып, ага да жагууга аракет кылуучумун.
Мектептен адеп Нуржамалга жолукканда учурашканым менен класстагы көп кыздардын бириндей эле мамиле жасадым. Анткени ал тоодо жүргөндө, мени кагып-силккени,
жанына жолотпой, гүлдөрүмдү албай койгонго, шагым сынып калган окшойт. Ошондонбу Нуржамал класстагы жакшы кыздардын бири болсо да, аны менен жакшы мамиле түзүүгө аракет кылган жокмун. Мен мектептен көбүнчө кошуналарым Калейке, Жолоочу, Окендер менен жүрчүмүн. Алар менен чогуу мектепке барып келгенде да, бири-бирибизди күтүшүп, чогуу келип, ал тургай окугандада бири-бирибизге атаандашып окуп, үйлөрүбүздөн жумуш жасасак да бирибиз эмнени жасасак калганыбыз ошону анданда жакшырак жасоого аракет кылчубуз. Конокказы абам Бөдөнө эжем үчөөбүз алтынчы күндөрү окуудан тарагандан кийин Кулматтын дөбөсүндөгү мал багып жаткан ата-энебизге жөө барып, жардам берип, дем алыш күнү кечинде же биринчи күнү эртең менен эрте кайра окууга келер элек. Күн ачык болгондо биз оорчулукту деле сезчү эмеспиз. Ал эми күн жааган күндөрү жаан өтмө катарыбыздан өтүп сууга салган чычкандай болуп күздүн күнү суукта үшүп-тоңуп, тоодогу үйүбүзгө же айылдагы үйүбүзгө араң жетээр элек. Ата–энебиз жалгыз бой болушкандыктан,
алар биз айылдан барганда айылга түшүшүп жумуштарын бүтүрүшүп, кир кечелерин жуушуп короолорунун тегерегинен куурай оруп, отун сууларын камдап бир топ жумуштарын бүтүрүп алышаар эле. Жамал эжем айылдан биздин кир кечелерибизди жууп, нан салып айылдагы үй жайды карап туруучу. Мен алтынчы күндү күтүп, тоодогу ата-энеме, карындаштарыма баргым келип беш күндүн ичинде аларды сагына түшчүмүн. Бир чети ата-энеме боорум ооруп аларды эс алдыргым келсе, бир чети ал жердегилердин баарын тоолорду, кой-эчкилерди,
уйларды, Куркукту, Бопойторуну,
Короочуну жакшы көргөндүктөн,
аларды да көргүм келүүчү. Окуган күндөрү окуудан келгенден кийин эжелериме жардам берип, агам экөөбүз алма үзүп, картошка казып, чөп жыйнап, короо-жайдагы ар кандай жумуштарды жасап ойногонго убактыбыз аз болуп, жаныбыз тынчу эмес. Кез-кезде көчөдө балдар ойноп жатса кызыгып кетип, ага эжелеримден суранып алып, ойноп келчүмүн. Ал кезде биз качма топ, жуушаң тебүү, чикит чапмай, чүкө ойноо, ак терек-көк терек, ийне жоголду, жоолук таштамай, экиге бөлүнүп күрөшүү, түнкүсүн ак чөлмөк, тах-тах, жашынпак деген оюндарды ойноор элек. Бул оюндарга кичине балдардан колукту алган балдарга чейин катышуучу. Эң улуулары; Кенжебай, Турсунбек, Аттокур, Жокен, Эркин, Турдубек, Замир, Өмүрбектер болчу. Алар экиге бөлүнүп өзүлөрүнөн кийинкилерди экиге бөлүп алышып, атаандаштырып,
кызыктырып ойнотушар эле. Ал эми качма топ, чакмак, мак, ак-чөлмөк оюндарына кыздар да катышчу. Ал оюндардан тышкары клубда күнү-түнү кинолор күн сайын үзүлбөй болуп туруучу. Мен көбүнчө индиянын кинолоруна,
индейцтер жөнүндөгү, фантастикалык,
дөөлөр жөнүндөгү кинолорго абдан кызыкчумун.
Артистер оюн-концерт коюп, бат-баттан келип туруучу. Курчак театрынан да келип, оюн коюп туруучу. Ал кезде эл да, көп барып клубка батпай туруп калып, кээ бир учурларда ичине кире албай тышында калышчу. Кино болуп же артистер оюн коюп концерт берип жатканда майда балдар клубдун терезелеринин айнектери жок көздөрүнөн билет албай уурданып киришээр эле . Аларды киночу Өмүрбек же артисттер көрүп калышса, кулактарынан чоюп же сабап клубдан чыгарып салышаар эле. Бир жагынан сүйрөп чыгып жатса, ага болбой кайра кире беришчү. Мен дагы далай терезеден кирген күндөрүм болгон. Түн ичинде баратканда Усуп абышканын алмасын Абдыкадыр абышканын алмуруттарын уурдар элек. Мындай көрүнүш биз үчүн адат болуп калган. Бир көчөнүн балдары бири-бирибиз менен урушуп мушташкан күндөрүбүз сейрек кездешпесе,
негизинен көчө-көчөгө бөлүнүп алып мушташчубуз.
Чоң балдар мушташып жатканда үстүнкү көчө менен астынкы көчөнүн балдары өзүнүн көчөсүнүн баласынын таламын талашып, атын айтып кыйкырып сүрөп турар элек. Эгер мушташып жаткандардан өз тарабындагы бала жеңилип калса, тиги бала артка чегинсе баары кошо чегинип, берки тарабы чогуу качышчу. Көбүнчө биздин көчөнүн балдары менен үстүнкү көчөнүн балдары согушаар эле. Бир көчөнүн балдары өз ара ынтымактуу болуучу. Көчөдөгү үйлөрдүн көпчүлүгүнүн үстү тал-теректер менен жыш тизилип, үстүнө ылай салынып жабылган балыкжон үйлөр болчу. Кээ бир үйлөрдүн үстү учурмаланып тактай менен жабылган, көпчүлүк үйлөр эки бөлмөлүү болуп кире бериштеринде кичинекей бут чечкич коридорлору бар эле. Огороддордо болгону кээ бир эле кишилердин кашаалары болбосо көпчүлүгүнүкү жок болчу. Дарбаза чанда бир кишиники болбосо, көбүнчө узун шырыктан эки-үчтү эки жагына мамы орнотуп, аткур менен карматып коо жасап коюшчу. Огороддордо каша болбогондуктан,
огороддон огородко, ал тургай көчөгө эч тоскоолдуксуз өтүп кетээр элек. Түн ичинде көчөдө балдар чогулуп алып, кинодон көргөндөрүбүздү туурап, согушту туурап так-так ойногонубузда консерванын калайларына саляркадан куюп, ар кайсы жерге от жагып, жыгачтан автомат, тапанча жасап алып, экиге бөлүнө калып көрүнө калганын «так», деп сени аттым, сен өлдүң деп аны оюндан чыгарып, өлүп бүткөн тарап жеңилип согушту туурап ойноор элек.Бир күнү окуудан келгенден кийин Калейке, мен, Жолоочу, Турарбек, Бышаң болуп чикит ойноп жатканбыз. Бышаңдын өз аты Келгин болчу. Бирок баарыбыз эле Бышаң дечүбүз. Бышаң менден бир жаш кичүү ак саргыл, арыкчырай, ачык айрым, сөзмөр, ак көңүл, бир орунга тура албаган шайдоот бала эле. Көчөнүн бурчундагы Шадыбек деген абышканын кызынын баласы болчу. Аны кичинесинен Шадыбек абышка багып алыптыр. Бышаңдын энеси Бүбүшай, атасы Самансур болгондуктан,
балдар уруша кеткенде Самансур, Самансур деп тилдешчү. Шадыбек абышканын көзү өткөндөн кийин Жаңыл, Жумук деген эжелери менен Бышаңды кемпири багып чоңойткон. Бакан бала ысык көрүнөт дегендей Бышаңды ыйлатып койгон кишинин колуна кемпир өлүп бере жаздачу.Турарбек менен Бышаң классташ болчу. Турарбек Бышаңдын үйүнүн маңдайындагы Жумаалы абышканын баласы. Улуу кемпири, экинчи аялы Зарыл ападан Турсунбек, Рабя, Турдубек, Турганбек, Турарбек, Бегай, Аракүл, Каныбек деген балдары төрөлгөн. Турарбек толмочунан келген ак жумал олбурлуу, токтоо, көп сүйлөбөгөн,
ачуусу чукулураак болчу.Калейке мени менен тең, ал көчөнүн аягынан санаганда астынкы беттеги үчүнчү үйдө жашоочу. Атасы Обонбай абышканын биринчи аялынан Карыпбай абасы, көп улуу болгондуктан бөлүнүп кеткен. Экинчи аялынан Калейке балдардын улуусу эле. Анын өз аты Калыбай айылдагылар Калейке дешет. Обонбай абышканын экинчи аялынан Калыбай, Алыбай, Догдуркан, Эсенбай, Өмүрбай деген балдары бар эле. Калыбайдын атасы арыкчырай, орто бойлуу, жашы жетимиштерден өтүп калган абышка эле. Энеси Зуура апа кара тору, толмочунан келген, жашы элүүлөр курагындагы аял болучу. .Калейке ак саргыл, толмоч, ачык айрым, сөзмөр, болгонун бетке айткан бала.Жолоочунун үйү менин үйүмдүн чыгыш жагында болуп, экөөбүз колтукташ кошуна элек. Ал Дүйшөн абышканын экинчи аялы Шаршакан ападан. Алмакан, Жолоочу, Арзыкүл, Жоломан төрөлгөн. Дүйшөн абышка ошол кезде алтымыш бештер курактагы алдан-күчтөн тайый элек, узун бойлуу, толмочунан келген, олбурлуу, көк ала сакал, токтоо киши эле. Энеси Шаршакан апа арыкчырай, узун бойлуу, кара тору, жашы кырктарга барып калган аял болчу. Жолоочу узун бойлуу, толмочунан келип, олбурлуу, мүнөзү токтоо, кыялы чукул эле. Ал Калейке экөөбүздөн бир жаш улуу болчу. Дүйшөн абышка эркелетип баккандыктан,
өзүнүн курбалдаштары менен окууга барбей коюп, биз менен окуп калган.Чикит оюнунан Бышаң утулуп калды. Оюндун шарты боюнча элүү же жүз метр жерге утулган киши «акбай ток бай, ата-энеси жок бай, чымалекей чым»–деп көзү таңылуу чуркаш керек болчу. Бышаңдын көзүн таңып ошентип айттырып чуркап бара жатканбыз. Бир убакта Бышаң чуркап келатып жолдун четинде турган столбону сүзгөндө, чекесинен кан жая берди. Аны көрүп баарыбыз туш-тушка үйлөрүбүзгө кире качтык. Бышаң чуркап үйүн көздөй жөнөдү. Анын энеси абдан каардуу, болушчаак экенин мурунтан билгендиктен чоң чыр чыгарын сезип, огороддогу жүгөрүлөрдүн арасына кире качып жашындым. Бир аздан кийин Бышаңдын энесинин каргап-шилеп чаңырган үнү угулду. Ал көчө менен түз өтүп баратып бирөө мени да бар болчу деп айттыбы, бери бурулуп короого кирди. Анын баары кемпирдин үнүнөн билинип турду. Ал каргап-шилеп,
үйдүн ичин, короо-жайды аңтарып чыгып, эми мен жашынган огород жака бурулуп, түз эле мени көздөй келатты. Бир колуна Бышаңды жетелеп, бир колуна узун таяк таянып алган. Менин жүрөгүмдүн түшкөнүн айтпа. Тура качайын деп коркконумдан ордумдан козголо алган жокмун, дагы беш-алты кадам шилтешкенде,
так үстүмдөн чыгышмак. Кемпир токтоп эки жагын каранды. -Мен да алардын башын жарып, боорлорун эзейин-деп каргап шилеп жатты. Мен батырак эле ары жылып кетишсе экен деп тилендим. Эжелерим да мени таап албагай эле дешип коркуп кетишти көрүнөт: -Чоң эне бул жака келген жок, башка жака качып кеткен окшойт-деп жатышты. Аларга да ишенбей бир топко чейин кыйкырып туруп, анан ишендиби же жөн эле тажадыбы артты көздөй жөнөдү. Мен дем алгандан да коркуп жаткан жаным «ох» деп алдым. Кемпир эми Турарбек менен Калейкеникин көйдөй кетти, анын үнү көчөнүн аягына жеткенче угулуп турду. Мен качан гана кемпирдин үнү угулбай калганда ордумдан туруп, короого келсем, жүк жүктөлгөн эки машина биздин үйдүн тушуна келип токтоду. Биз агам-эжемдер болуп көчөгө чуркап чыктык. Машиналардын кабиналарынан Сейдакан чоң энем, Садырбай абам, Бүбажар жеңем, Каликан, Чынар деген кыздары менен жана эки чоочун шафёрлору түшүштү. Алардын баары менен чуркап барып учураштык. Биздин үйдүн жанында Элебес чоң атамдан калган Садырбай абама таандык тал менен жабылып үстүнө ылай салынган эки бөлмөлүү үйү бар болчу. Коолорду ачып ошол үйдүн короосуна машиналарды токтотушуп шафёрлор менен биздин үйгө чай ичкени киришти. Кошуналар да аял-эркектери менен келе башташты. Эл бир топ чогулуп чай ичилип жаткан кезде Садырбай абам сөз алып:-Туугандар менин айылга көчүп келгенимдин себеби, бул колхоздо башкы экономистин орду бошоп калгандыктан,
өзүмдүн туулуп өскөн айылыма иштеп, үй-жайды оңдоп, ага-тууганга жакындап, өз айылымда жашоону туура таптым-дегенде келгендердин баары: -Туура, туура-дешти.
Аңгыча Жамыш абам, Саадаткан жеңемдер да келип калышты. Жамыш абамдын өз аты Ишенбай, бирок элдин баары Жамыш дешчү. Мен да ал кезде Ишенбай экенин билген эмесмин, кийинчерээк эле билдим. Жамыш аба атам Сагаалыдан эки жаш улуу болчу. Ал арыкчырай, узун бойлуу, ачык айрым, сөзмөр, ачуусу чукул адам эле. Аялы Саадаткан жеңем узун бойлуу, кара тору, токтоо, сөздү бетке айткан, жашы отуз бештердеги аял болчу. Ошол кезде алардын Сабира, Шайлоо, Бурулуш, Роза деген кыздары болуп, кийин эркек балдарлуу болушту. Жамыш аба ичип келген күнү эркек балдарым жок деп чыр чыгаруучу, ачуусу чукул болгону менен бат эле жазылып кетүүчү. Чай ичилип бүткөндөн кийин баары жапа тырмак короого чыгышып, машинадагы жүктөрдү түшүрө башташты. Мен да тырмалаңдап алым жеткен эмеректерди ташып кирип жаттым. Үй оокаттарын күүгүм кире араң ташып бүттүк. Ошондо Садырбай абам Тоң районунан көчүп келген эле. Ал жакта башкы агроном болуп иштеп турган. Садырбай абамдын бою бийик, толмочунан келген, олбурлуу, ачык айрым, ак көңүл, чоңдордой бой көтөрбөгөн карапайым, ачуусу чукулунан келип, кайра бат эле жазылып кетүүчү. Атам Сагаалыдан жети жаш кичүү болчу, ошондо отузда эле. Аялы Бүбажар жеңе арыкчырай, ак көңүл, кичипейил, сулуусумак,
ушак менен көп иши жок, жоош, мүнөзү токтоо, бала кыялдуу болчу. Улуу кызы Калыйкан, менден үч жаш кичүү эле, ал атасына окшоп, беттери бултук болчу. Чынар андан эки жаш кичүү, көздөрү бакырайып энесине окшоп кетчү. Чоң энем Сейдакан бою жапалдаш, арыкчырай, сөзмөр, баскан турганы тың, өз боюна тыкан, карыса да сулуусумак келген кайраттуу, жашы жетимиштерден өтүп калган киши болчу.Садырбай абамдардын көчүп келгени биз үчүн жакшы болду. Мурдагы ээн турган бир короодогу үйгө каңыр-күңүр болуп, киши кирип чыгып, ата-энебизди жоктотпой караан болушуп, чоң энебизге эркелеп, Садырбай абам жумуштан келгенде Конокказы абам экөөбүздүн оозунганыбыз атын бакка тушап, отко коюп келээр элек. Көчөнүн аягында жүз элүү метрдей жерде колхоздун чоң багы бар болчу. Садырбай абам колхоздун башкы экономисти болуп иштей баштаганда эле, чоң тору ат беришкен. Кечкисин атты бакка алып барып, эртең менен кайра алып келүү алтынчы базар күндөрдөн башка күндөрү Конокказы абам экөөбүздүн милдетибиз болчу. Бир күнү Садырбай абам таш бака алып келип Конокказы абам экөөбүздү чакырып таш баканы көрсөтүп,-Көрдүңөрбү кандай кооз,-деп анан үстүнө чыгып тышкы кабыгынын бышыктыгын көрсөттү. Мен кабыгы сынып кетип былчыйып калбаса экен деп коркуп кеттим, андан кийин–эми муну жоготпой ойногула –деп коюп үйгө кирип кетти. Мен үчүн бул таш бака табылбаган тирүү оюнчук болду. Конокказы абам буга көп деле кызыккан жок. Мен кызыгып кармалап эмне жээрин Садырбай абамдан сурап алып, чөп, суу берип, жөргөлөп басканына кызыгып, корккондо кабыгына кире качканын байкап, күндүз бош убагымда ошону менен алек болуп, түнкүсүн аш үйгө камап коюп жүрдүм. Ал таш баканы көчөдөгү балдардын баарына көрсөтүп чыкканмын. Алар дагы кызыгып «дагы көрсөтүп койчу», дешип артымдан ээрчип алышчу. Бир жумадан кийин адаттагыдай эле, эртең менен тураарым менен, чуркап чыгып, аш үйдү карасам, таш бакам жок. Короо ичин, огороддорду тинтип жүрүп, такыр таппай койдум. Ошол күнү окууга да кечигип бардым. Ал күнү кабагым ачылбай кайгырып жүрдүм. Окуудан келгенден кийин кечке издеп да тапкан жокмун. Кийин бир жумача ар кимден сураштырып кошуналардын огороддорунан бери издеп, такыр таба албай калганда гана араң түңүлдүм.Мен окуудан кандай гана зарыл жумуш чыкпасын калуучу эмесмин. Ал тургай сабактан кечиккенди да жаман көрчүмүн. Эртең менен эжелерим уктап калышып чайлары кайнабай калса, чайга карабай окууга кетер элем. Кечкисин расписание боюнча эртеңки күнкү сабакка даярданып, китептеримди сумкама салыштырып,
кийимдеримден өйдө даярдап коюп, эгер кийимим даяр болбой, көйнөгүм же жакам бир аз эле кир болсо, жууп кургатып үтүктөп коюп анан жатчумун. Эртең менен дайыма класска балдардан эрте барып, классташтарымды күтүп турчумун. Окууну да абдан жакшы жалаң бешке окуучумун. Үч алып калсам абдан кейип, аны жоймоюнча эжейдин жанын койчу эмесмин.Октябрь айы аяктап калганда атамдар элдин менчик койлорун өткөзүп берүү үчүн төштөгү экинчи сарайга көчүп келишти. Биз окуудан кийин барып түштөн кийин жардам берип, эртең менен эрте ошол жактан окууга келе баштадык. Бир күнү окуудан жаңы келсем үйдүн жанында машина токтоп туруптур. Машинанын кабинасында шофер анан Конокказы абам бар экен. Мени көрө коюп шофер кабинадан чыга калып: -Бол батырак кийинип чыга кал, атаң Кулматтын дөбөсүндөгү журтуңарда калган көңүңөрдү алып бере кал дегенинен келдим эле-деди. Мен машинага түшкөнгө кубанып кетип, үйгө чуркап кирип жаңы кийимдеримди чечинип эски кийимдеримди кийе сала чуркап чыгып машинага отурдум. Машина зуулдаган тейден атамдар отурган сарайга жетип барды. Атам сыртта турган экен шофер машинадан түшө калып: -Салоом алейкум Саке-деп кол алышып, саламдашып калды. Атам алик алып:-Оо, ырас келген турбайсыңарбы,
күтүп жаттым эле, чай ичип алып чыгалы-деп үйдүн эшигин көздөй жол баштады. Үйгө кирип чай ичип жатканда шофердун аты Тенти экенин билдим. Тенти ачык айрым ак көңүл, тамашакөй, узун бойлуу, толмочунан келген, барпаңдап сүйлөгөн, атамдан беш-алты жаш кичүү киши. Чай ичип тышка чыгышканда Тенти аба:-Саке сен мал-салыңды тейлеп, үйдө эле кал, балдар чоңойуп калган турбайбы. Көңдү балдар менен салып келип айылдагы үйгө таштап койоюн-деди.
-Ырас болот анда мен айылдан келер учуруңарда күтүп турайын-деп атам калып калды. Жолдо бара жатканда Тенти аба ар кайсыларды сүйлөп бизди күлдүрүп баратты. Бир маалда машина коңурдун жолу менен тик жолдо уңулдап акырын бийиктен чыгып баратып, токтогону калганда Тенти аба корккондой өңүн өзгөртө коюп кабинанын эшик жагы четинде бараткан мага карап:
#13 23 August 2015 - 13:00
-Бекказы машинанын артын түшө калып карачы, бирөө машинаны тартып жатат окшойт?-деди.
Мен макул деп машинадан түшө калып артын карасам эч ким көрүнбөйт. Кайра чуркап келип:- Эч ким көрүнбөйт- дедим көзүмдү алаңдатып, ал ого бетер корккон түр көрсөтүп: -Жакшы карадыңбы, мына эми кайра тарта баштады, жакшылап аңдып карачы?-деди,
мен кайра машинадан түшө калып, жакшылап карап, дөңгөлөктүн артын шыкаалап карасам, эч ким көрүнбөйт. Машина болсо, акырын чыгып бара жатат. Мен аңдып артына чыксам да, эч кимди көрө алган жокмун. Кайра машинага чуркап жетип кабинага кирип: -Тенти аба эч ким жок экен, артынан да карадым- дедим. Ал күлкүсүн тыя албай койду окшойт, каткырып күлүп жиберди. Мен ошондо гана анын тамашалап жатканын билдим. Тенти аба мени алдаганына чери жазылып, моокуму канганча бир топко күлүп, көңүлү көтөрүлө түштү. Машинасын катураак айдап, анан мага карап: -Көрдүңбү машина жүрүп калды. Машинаны тартып жаткан неме сени көрүп, коркуп кетип койо берип жиберди окшойт-деди дагы алдагысы келип. Мен анын сөзүнө жооп бербей, анын чоң эле киши болуп туруп, алдаганына таарынып бараттым. Ичимден эми алдай албайсың карасаң дагы алдаганы жатканын деп бараттым. Ал да эми алдай албасына көзү жетти окшойт сөзүн башка жакка буруп кетти. Биз Кулматтын дөбөсүндөгү журтка бат эле жетип баргандай болдук. Ал жердеги үйүлүп турган көңгө, машинаны арты менен токтотуп арткы бортун ачып, Тенти аба кузовдун үстүнө чыкты. Конокказы абам экөөбүз ташып келген көңдү тизип турду. Биз болгон көңдүн баарын машинага жүктөп кайра айылды көздөй жол тарттык. Атамдар эки үч күн өткөндөн кийин баккан койлорун, ээлерине таратып берип, айылдагы үйгө көчүп келишти. Алдыда 7-ноябрь улуу октябрь майрамы жакындап келе жатты. Күндөн күнгө суук болуп тоолордун башына кар жаап кышка камынгыла деп белги берип жаткансыды.
Окуучуларды майрамга таратканда биз агам экөөбүз өзүбүзгө таандык малыбыз менен алек болуп кез-кезде эле көчөгө чыгып балдар менен ойногонубуз болбосо көбүнчө үйдө болдук. Атам Бопой торуну койду тараткандан кийин колхозго өткөрүп берип Куркукту кышында колхоздун ар кайсы жумуштарына минип барып туруу үчүн сурап алып калган. Мен мурда эле Куркукту алып калалычы деп атама бир канча жолу айткан элем. Менин айткан себебим Куркукту өтө жакшы көрчү элем. Куркукту берсек колхоздун бригадирлери аракты көп ичкен зөөкүрлөргө берип койсо, арык немени ары бери чапкылап жүрүп, өлтүрүп койобу деп боорум ооругандыктан айткан элем. Эми өзүм чөбүн убагы менен салып ордун кургактап, бир калыпта багып жаткам. Куркукка чөп салып жатып оюма жайындагы флягилер менен Чычкан башынан суу ташыганым эсиме түшүп, эркелетким келип колумду мурдуна жакындатсам кулагын жапырып каруумду тиштеп алды. Ачуум келип кетип жерде жаткан чыбыкты ала коюп тартып-тартып жибердим. Ал ары-бери секирип жиби бышык болгондуктан,
үзүп кача албай калды да, мага таарынгандай болуп чөбүн жебей башын жерге салып туруп калды. Мен анысын көргөндө кайра аягансып кетип көзүн карасам анын көзүнөн шорголоп жаш куюлуп туруптур. Мага Куркук ыйлап жаткандай сезилип, анын үстүнө каркайып кабыргалары саналып, жонунун үстүндөгү аркалары чыгып, жүндөрү уйпаланып турганын көрүп боорум ооруп кетип: -Анан эмне колумдан тиштейсиң-деп актангандай чыбык менен сокконума өкүнүп,-азыр мен сага үйдөгүлөргө көрсөтпөй жем алып келем -деп аш үйдү көздүй жөнөдүм. Үйдөкүлөр көрсө сен эмне атка жем берип жатасың койлор тууганы жатса деп урушмак. Мен табака жем алып келип, Куркукка берип,-эми эч кимге көрсөтпөй же-деп жатсам, байланып турган Короочу көрүп, кыңшылап жиберди. Мен ага да,- койо тур сага да берем-деп үйдөн бир сындырым нан алып чыгып берип,-эгер өткөндө кошунанын баласын кубалабаганда бош жүрбөйт белең-деп ичимден ойлоп койдум. Эртеси 7-ноябрь майрамы болмок. Көчөдөн ары-бери өткөндөр бири-бирин келе жаткан майрамдары менен куттуктап жатышты. Кээ бирлери ичип алып, алакүү болуп алышып, майрамдын алдын албайсыңарбы дегендер да болуп жатты. Көчөдөгү майда балдар алар бири бирине сен майрамга канча сом алмай болдуң деп сурап билүүгө кызыгып, эгер аныкынан өзүнүкү азбы же көппү деп билип алышмакка сурап жатышты. Акчаны көп алгандарынын көңүлдөрү көтөрүнкү болуп, аз алгандардан өздөрүн жогору сезип мактанышат.
Кийим кечелерин камдап, эртенки күндүн бат эле келүүсүн күтүп жатышты. Чоң көчөгө кызыл тазыл желектер, ураандар илинип клубтун радиосу бакылдап ырдап көчөдө жүргөндөрдүн саны мурунку күндөрдөн көп болуп майрамдык маанай сезилип турду. Мына майрам күндүн таңы да атты. Биздин үй–бүлөө эртең менен эрте турдук. Бири-бирибизди майрамыбыз менен куттукташып жаңы кийимдерибизди кийинип алып, Садырбай абамдыкына барып, аларды да майрамдары менен куттуктадык.
Чоң энем чөнтөгүнө каткан түйүнчөгүн алып, Садырбай абамдын кыздарына көрсөтпөй акча тыйын берди. Конокказы абам көпчүлүк учурда чоң энемдин жанында болуп, ал киши да аны менин балам деп койчу. Андан биздин үйдөгү жаңылыктарды угуп тургандыктан ага бир сом, мага элүү тыйын берди. Андан кийин үйгө келип чайга отурганда ата-энем майрамга карата акча тарата баштады Жамалбүбү эжеме үч сом, Бөдөнө эжем менен Конокказы абама эки сомдон, мага бир сом, Алиман менен Калиманга элүү тыйын, Жаңылкан отуз тыйын Светага он тыйындан беришти. Баарыбыз чайларыбызды батбаттан ичип алып майрамдап жөнөдүк. Майрамдар Советтер Союзунун убагында чоң салтанат менен белгиленер эле. Атайын көлдүн жээгине ат оюндары уюштурулуп,
анда ат-чабыш, жорго салыш, эр-оодарыш, тыйын эңмей, кыз куумай болуп, айыл-айыл, ал тургай кээ бир жылдары район аралык мелдештер өткөрүлчү. Балдар үчүн эртеден кечке кинолор коюлчу, дүкөндөрдүн баары ачык болуп, көңүлгө жакандарды сатып жечүүбүз. Консервалар отуз тыйын, кис-кис шоколаддын жүз грммы он жети тыйын, пачкедеги печеньелер тогуз тыйын, кино беш тыйын, лимонад, бир сомго толгон-токой нерсе сатып алууга болоор эле. Биз майрамдап жүрүп, кечинде келсек үйгө Сарууданн таяэнем, эки таякем, таяжеңемдер конокко келип калышыптыр.
Алардан тышкары чоң энем, Садырбай абам, Бүбөажар жеңем кыздары, Жамыш абам Саадаткан жеңем кыздары менен болуп үй толтура киши экен. Атам тышкы үйдө кой союп жатыптыр. Биз үйдөкүлөр менен учурашып, майрамдаганда үйдөкүлөргө оос тийгизели деп алып келген таттууларыбызды дасторконго койдук. Алар бата тилеп баары ооз тийишти. Андан кийин ата-энебизге колдон бутан алып жардам бергенге кириштик. Таяэнемдер быйыл жаздан баштап үйгө келише элек болчу. Ата-энемдер жайында улуу таякем үйлөнгөндө да колдору бошоп, бара албай калышкан. Өткөндө койду өткөргөндөн кийин келин көргөнү барышканда,
келинди отко кийиргени майрамга карата чакыра келдик эле. Таяэнем чоң энемден бир аз жашыраак жетимиштерге барып калган, толмочунан келген, ак жуумал сөзгө чебер, ачык-айрым, намыскөй, иштемчил киши. Ал күйөөсүнөн эрте калып колхоздун ар кайсы жумуштарына иштеп, төрт баласын өзү жалгыз багып чоңойтуптур.
Эң улуусу энем Жүзүмкан андан кийинки кызы Мудуш Ак-кочкор айылына турмушка чыккан, андан кийин эки эркек баласы улуусу Таштанды, кичүүсү Асанкары. Таятам Бейшемби жашында кытай менен соода кылып, революция болгондон кийин партияга өтүп, партячейкада иштеп, андан кийин басмачылар менен болгон күрөшкө катышып, командир болуп жүргөн. Өз жанына тың элге кызмат кылган киши экен. Кийин ооруп кичүү уулу төрөлгөндөн кийин каза болуптур. Уулу таякем Таштанды жыйырма эки-жыйырма үчтөргө чыккан узун бойлуу, арыкчырай, токтоо, ак жуумал жигит эле. Ал айыл чарба техникумун бүтүрүп Саруу айылында уй ферма болуп иштеп жатып, жаңыдан колукту алган. Таяжеңем Майраш. Ал Кочкордон, кара тору, толмочунан келген, бою узун, мүнөзүү токтоо келин экен. Кичүү таякем Асанкары жашы он жети, он сегиздердеги узун бойлуу, олбурлуу, ачык, сөзмөр, бала кыялдуу, толмочунан келген жигит. Окууну үчүнчү классынан таштап коюп, окубай коюптур. Армияга бара элек кези болуучу. Мал-салыбызды тейлеп майда-барат жумуштар бүткөндөн кийин, түн киргенде тышкы үйдө үч үйдүн балдары өзүбүзчө отуруп алып, бүгүнкү майрамды ким кандай майрамдаганыбыз тууралу сүйлөшүп, эртеңки майрамды ким кандай майрамдаарын,
кимдин канча акчасы калгандыгын сүйлөшүп жаттык. Ал кезде 8-ноябрды да майрамдачубуз.
Бир убакта Жамал эжем ички үйдөн чыгып: -Конокказы, Бекказы экөөңөрдү таяэнем чакырып жатат-деди. Үйгө кирсек таяэнем төрдө отурган экен: -Келгиле окшошкон алдыңа кетейиндерим,
мен силер төрөлөрдөгү түшүмдү айтып берейин угуп тургула-деди.
Биз дасторкондун аягына отуруп, угуп калдык. Таяэнем сөзүн баштаганда,
сүйлөшүп жаткандардын баары тыңшап калышты.-Элебес абам менен Сейдакан жеңем сыртка көчөрүндө жайлоодон атайын ат жиберип Батыкем тамак ичип кетсин деп чакыртышкан экен. Анда алар «Чет-Булакты» жайлап турушуптур.
Тим эле жайлоонун кооздугун айтпа, жайлоонун болуп турган убагы экен. Барсам коюн союп, кымызын алып, конок камын жеп күтүп жатышыптыр,
жакшылап конок болуп, кечинде конуп калдым. Жатканда түш көрсөм түшүмдө ак калпак, ак чепкен кийген ак сакал абышка отурат. Анын бери жагында ак элечек кийген байбиче ак чепкен жамынып, өтүп калган аял отуруптур. Элебес абам экөөбүз тигилердин аягында эки четинде отуруптурбуз.
Сырттан Сагаалы кирет отун көтөрүп алып. Жүзүмкан босогодо бир нерсе жасап жаткан болот, ошондо ак элечекчен байбиче ак сакал абышкага карап:-Бул Сагаалы канча уулду болот-деп суроо бергенде, аксакал абышка:-Үч уулду болот, алардын аттары Конокказы, Бекказы дегенде иттер алышканынан ойгонуп кетип үчүнчү уулунун атын укпай калгамын, Сагаалы дагы бир уулду болушу керек. Эртең менен жуунуп чайга отурганда түшүмдү айтсам Элебес абам;-Болсун,
болсун Батыке кудайым буюруп неберелүү болсом аттарын Конокказы, Бекказы койом деген. Элебес абам убадасына туруп, силердин атыңарды ошондон койгон. Эстүү жакшы бала болсоңор эч нерседен кем болбостурсуңар–деп кошумчалады.
Андан кийин энем Жүзүмкан:-Кудайдын кудуретчилигине таң калам -деп сөзүн баштап, мен дагы Бекказы төрөлөөрдө ошол «Чет-Булак» жайлоосундагы булактын жанындагы сиз түш көргөн журттан түшүмдө Ленин ручка берген, андан көп өтпөй эле Бекказы аман-эсен төрөлгөн-дегенде,
атам Сагаалы сөз алып; -Элебес атам да Бекказыны кийин чоңойгондо бул баладан бир нерсе чыгат. Сагаалынын арагын ушул койдурат деген эле. Атам Бекказыны абдан жакшы көрүп, кичине чоңойо түшкөндөн баштап жанынан чыгарчу эмес. Кийин там-туң басып калганда, биз сыртка көчөөрдө атамдар жакада калып Бекказыны мага таштап кеткиле эмчектен чыгаргыча жаныма алып калып, эрмек кылайын деп алып калган. Кийин уксак Бекказыны кайда жүрсө да, жанына алып жүрүүчү экен. Ал тургай өлөрүндө үзүлүп жатканда да, Бекказыны койнунан алыптыр-дегенде таяэнем:-Элебес абам элге кадыр-барктуу сөзгө чебер, абдан калыс, айтканынан кайтпаган убадага туруктуу, калп айтпаган жакшы киши эмес беле. Абамдын далай сөздөрүн азыр да, эл арасында айтылып жүргөнүн угуп калам. Сөз таба албай калганда «ой, койо тургулачы шаштырбай сөздүн бир кыясы табылар», деп күлүп калар эле же бирөөлөргө ачуусу келгенде «жаман-коңгуроо тагынып алмак беле, анда элдин баары жаман экен деп качып кетпейби, жаман-баскан турганынан,
сүйлөгөн сөзүнөн, жасаган ишинен жаман болот» дечү экен. «Жаманга убал жок-жакшылык кылсаң, жонуңа бок сүйкөйт» деген өңдүү–деп тажап кетишкен жокпу дегендей эки жагын карап баары кызыгып угуп жатышканын көрүп,-дагы бекер отурбай билгендеримди айтып отурайын–деп сөзүн улады:-Бир күнү Абдылдабек деген ферма досу менен малчыларды кыдырып жүрүп, бир малчынын той берип жатканынын үстүнөн чыгып калат. Ал тойдо Элебес абам дагы болот. Бападанбы же Кыдыктанбы алар менен бир чоочун киши, дагы үч-төрт киши кошулуп алты-жетөө бир табака отуруп калышат. Конок деп ал, алыңыз деп сыйлап коюшса тиги киши чектен ашып, табактагы казы-карта, чучукту алдына алып, жанындагыларга кесип бербей эле өзү жеп кирген окшойт Абдылдабек анын кылыгына чыдабай кетип:-Ээ, Элеке, бул өтөктүн баарын оттоп кетти го–деп тиги кишини карап кашын серпкенде анда Элебес абам;-Ой, Абдыке кудай буюруп жамгыр жааса өтөк көктөп, дагы эле көк чыгаар–деген тура. Ал экөө бири-бирине түшүнүп, Абдылдабек:
«ой баарын жеп алмай болду го» дегенде, Элебес абам: «Кудай буюруп дагы эле той болсо, эт болоор» деген турбайбы. Дагы бир жолу Абдылдабек досу отурса маңдайынан бир уйчу саламдашпай чаап өтүп кетиптир. Сакалдуу кишилер отурса салам айтпаган көпкөлөңдүгүнө абамдын ачуусу келсе керек:-Ээ, бу чоң тон кичине кишиге жарашабы–десе,
Абдылдабек:
-Оо, анда жып жылуу болуп жыргап калбайбы–дептир.
Абам; -«бир күнү этегин үзө басып салбайбы»-деген экен.Көрсө ал уйчунун аялы менен башкарманын көңүлү жакын болуп, башкарма уйчуну калп эле досум деп койсо тиги көпкөлөң тартып, улуу-кичүүнү көзүнө илбей калган тура, тигилердин сөзүнүн мааниси «тең теңи менен тезек кабы менен» дегендей башкарма ушуну менен дос болмок беле бир күнү таштап кетпейби дешкен тура.Дагы бир күнү досу Абдылдабек бир жерде чогуу отуруп:-Ой Элеке-деп макисин алып чыгып ача алмамыш болуп,-бу маким дат басып калган го-дегенде, абам ошо жерде отургандардын баарына карап;-Абдыкемдин макиси дат басып калса, анын жарасы жеңил, ушул жерде отургандардын баары эртең үйгө баргыла–деген экен. Көрсө абам достукту ыйык туткан тура. Абамдын бою абдан узун болгондуктан,
токулуу атты үзөнгүсүн тебинбей минип кетээр эле. Кой кыркканда жуушаң кайчы менен койдун бир капталын эки үч эле кармап койчу. Атка минип үзөнгүсүн темингенде эки тизеси аттын кулагына жетип турчу. Ушундай касиеттүү киши Бекказы жөнүндө бир нерсени билгенинен айтса керек–деп сөзүн бүтүрдү. Таяэнемдин атасы Даркандык Уржан деген киши болуптур. Уржан Карга уулунан болуп Элебес чоң атама жакын тууган болгондуктан таяэнемдин чоң атамды куда дебей аба деп калганы ошондон экен. Уржандын үч уул, бир кызы болуптур. Улуусу Бейшеке, ортончусу Муса, кичүүсү Абдыракман,
жалгыз кызынын аты Калыйпа экен. Эркелетип Батый деп кийин Калыйпа аты унутулуп Батый атыгып кетиптир. Таяэнем Дарканга биздикине эле эмес төркүндөрүнө да бат-баттан каттап тургандыктан,
айылдагылардын көбүн таанып билүүчү.Саруудан келгендер эртеси күнү түшкө жакын биз майрамдап жүргөндө кетишиптир.
Майрам бүтүп эки күндөн кийин окууга кирдик. Биринчи чейреги бүтүп экинчи чейрек жаңы башталган. Көп өтпөй аякы сабакта Бүтай эжей класстагы окуучуларга:
-Эртең ата-энелердин чогулушу болот, баарыңардын ата- энелериңер эртең сабак бүткөндөн кийин саат экиде чогулушка келишсин. Унутпай айтып баргыла. Кимдики келбесе кайра жиберем- деп эскертти. Мен окуудан тарап үйгө келсем энем ооруп жаткан экен. Чогулуш жөнүндө айтканым жок, мештин түбүндө төшөктө жатыптыр. Катуу оорумайынча төшөккө жатчу эмес. Жанына барып: -Кайсы жериңиз ооруп жатат жэңе- деп жалоорой карасам энем; -Башым, тамагым, көкүрөгүм- деди онтоп, жаны кыйналган абалда. Мен энемди кайра сүйлөткүм келбей, кийимдеримди чечинип, күндөгү калыбым менен мал тейлегени эшикке чыктым. Эшикке чыкканда кар акырындап себелеп жаай баштады. Ойлуу, сар санаага чөмүлүп, оокат жасап жүрүп, энемдин эки жыл мурда ооруганын эстедим. Анда колхоздун чабыр койлорун багып күзгө жуук койду куудурганы,
чаап кеткен эгиндин аңызына көчүп келгенбиз. Энем ооруп калып, укол алганы айылга кеткен. Эжелерим менен Конокказы абам окууда болчу. Чатырда мен карындаштарым менен калгам. Бир убакта чатырдын жанындагы арыкка суу толтура күргүштөп агып келгенде, менин оюма өткөндөгү көлдөгү кайыкка түшкөнүм келсе керек. Ал мындай болгон эле, атамдын аталаш иниси Токторбай жаңы үйлөнүп, барарга жер таппай турган жаш кези болсо керек. Ал колуктусу Гүлүйдү ээрчитип алып, Кара-Көлдүн жээгинде мал багып жатканыбызда,
биздикине балык кармаганы барышат. Арак ичип кызымтал болгондон кийин Токторбай абам: -Сагаалы аба мен Конокказы менен Бекказыны ээрчитип, балык кармап келе калайын-дейт.
Бизди ээрчитип кой ай дегенге болбой жээкте турган орустардын кайыгын алып, экөөбүздү кайыкка отургузуп Кара-Көлдүн ортосун көздөй кайыкты айдап жөнөйт. Кара-Көл өзүнчө Ысык-Көлдөн бир топ бери коктуда жайгашкан. Ал абдан терең болгондуктан түбү Ысык-Көл менен бир деп коюшат. Үркүндө орустар бир топ элди чөктүрүп өлтүргөн, бул кандуу көл деп айтып да калышчу. Биз көлдүн ортосуна жеткенде Токторбай абам кайырмагын сууга жаңы эле ыргытканда бир топтон бери урунулбай туруп, күнгө какжыраган кайыктын, ар кайсы жеринен суу кире баштайт. Суу толуп кайыктын чөгүп кетерин билген Токторбой аба кайыкты жан талашып айдап жөнөйт. Биз экөөбүз эч нерседен капарыбыз жок отура бериптирбиз.
Кайыкка суу толуп чөгө баштаганда башындагы шляпасы менен кайыктын ичиндеги сууну сузуп төгө баштайт. Бөксөрө калганда калакка жабыша калып кайыкты айдап, кайыкка кайра суу толуп чөгө баштаганда шляпасы менен сузуп төгүп, кайра кайыкты айдап, акыры ал кара терге түшүп уламдан улам шайы кете баштайт. Жээкти караса дагы эле көп бар. Балдарды таштап чабак уруп кете албай, болгон күчү менен жанын сабап отуруп жээке да чыгат. Кайыкка да суу толуп чөгүп калат. Токторбай аба экөөбүздү эки колуна жетелеп өң далаттан кетип кийиминин баары суу болуп, чатырдын босогосуна кирип келип:-«мегиле балдарыңарды,
аз жерден чөгүп, өлүп кала жаздадык»- деп ыйламсырап жибергенде үйдөкүлөрдүн үрөйлөрү уча түшөт. Энем безилдеп бизди суктап кирет, кийин эс алгандан кийин Токторбай аба болгон окуяны айтып бергенде, үйдөгүлөр тогуз токоч жасап, кудайга жалынышат. Ошондон уламбы чоң илегенге жипти байлап, адегенде сууга илегендин өзүн салып көрдүм. Ал сууга чөкпөй калкып калды. Ары- бери сүйрөп ойной баштадым. Менин кайыгымды көрүп, карындаштарым жаныма чуркап келишкенде,
аларды кайыкка салып ойноткум келди. Анда Алиман менен Калиман беште, Жаңылкан үчтө болчу. Адегенде Калиман чуркап келип, мен түшөм деп биринчи айткандыктан,
аны илегенге салып акырын сүйрөй баштадым. Ошол убакта суу чоңойо түшкөндөй болду. Мен илегенди тартып жээкке чыгара албай калдым. Колумдан чыгып кетпес үчүн билегиме жипти орой салып, болгон күчүм менен илегенди тартсам, алым келбей суу уламдан улам чоңойуп, мени дегдеңдетип сүйрөй баштады. Мен кетеңчиктеп артка тартканыма болбой алым келбесине көзүм жеткенде ыйлап жибердим. Мени көрүп алып Калиман да ыйлай баштады. Же беркилер жардамга келбей ооздорун ачып карап турушат. Биздин чыркырап ыйлаган үндөрүбүздү угуп окуудан келе жаткан Бөдөнө эжем илегенди тартып суудан Калиман менен кошо чыгарып мени абдан сабады эле. Эгер эжем аз кечигип калганда, уламдан улам чоңойуп жаткан суу Калиман экөөбүздү агызып кетмек экен. Көрсө өйдө жагыбыздагы талаанын сугатчылары суу сугарып жатышканда майнабы келип жатыптыр. Бирок анда энем минтип төшөккө жатып калган эмес, басып жүрүп укол алып айыгып кеткен. Эми минтип онтоп төшөккө жатып калганы эмнеси, деген ойлор келип жатты. Мен тыштагы жумуштарды бүтүрсөм да үйгө кирип, энемдин ооруп жатканын көргүм келбей же тышка көчөгө чыгып балдар менен ойнобой көңүлүм суз короодо ары-бери басып жүрдүм. Кечинде атам жумуштан келгенде гана атам менен үйгө кирдим. Атам энемдин төшөктө жатканын көрүп: -Эмне болду, эртең менен эле басып жүрбөдүң беле?-деп сураганда энем мага айткандарын кайталап: -Башым, тамагым, көкүрөгүм -деди үнүн акырын чыгарып. -Эгер катуу ооруп жатсаң доктур чакыртайынбы?
-деди атам. -Жок, эртең жакшы болуп калаармын-деп болбой койду. Биз ал күнү баарыбыз кайгырып жаттык. Эртең менен ойгонсок энем кичине жакшы болуп төшөгүндө отуруп калыптыр. Улам тургандарыбыз акыбалын сурасак, жакшы болуп калыптырмын деп жооп берип жатты. Аны угуп алып, санаам тынып эртең мененки чайды ичкенден кийин окууга кетип бара жатканда чогулуш болоорун эстеп, атама айтсам, макул саат экиде жумуштан суранып келейин деди.Атам колхоздун малына чөп туураган жерде иштеп жаткан. Окуу бүтөөрү менен энемден санаам тынбай үйгө баргым келди. Бирок эжейим: «Чогулушка силер да катышасыңар,
эч жакка кетпегиле»,
дегенинен улам мектепте сабырым суз жүрдүм. Мына классташтарымдын ата-энелеринин алды келе баштады.Мен ал кезде классташтарымдын ата-энелерин толук таанычуу эмесмин. Алар ата-энелерин тосуп алып жатышканда:
-Ии, мунун атасы же энеси ушул турбайбы-деп божомолдоп жаттым. Мен өзгөчө Гулайымдын ата-энесин көргүм келген. Тигинде Гүлайым узун бойлуу, арык чырай, өзүмдүн атамдан өткүрүрөөк,
мугалимдердей болуп, жакшы кийинген кишини ээрчип келе жатканын көрдүм. Ичимден: «атасы да жакшы киши турбайбы»-деп ойлоп койдум. Ангыча Гүлайым жаныма чуркап келип; -Бекказы сенин атаң гана?–деди.
Жөн эле сурадыбы же класском катары же анын да көргөсү келгенби билбейм. Мен жооп бергенче атамдын келе жатканы көрүнүп калды. -Тигине-деп атамды көрсөтүп кубанып кеттим. Биз аталарыбызды ээрчитип класска киргенде ата-энелердин көпчүлүгү чогулуп калган экен. Бир аз убакыттан кийин баары чогулду. Ошол убакта журналын көтөрүп, Бүтай эжей кирип келип, ата-энелер менен саламдашып андан кийин ордуна отурду. Бүтай эжей орто бойлуу, арык чырай, чап жаак, ак саргыл, мүнөзү токтоо, баскан турганы тың, жашы отуздардагы чекесинде бармак басым калы бар, чыйраак киши эле.Биздин оордубузда ата-энелер отуруп, биз алардын артында тизилип турганбыз. Бүтай эжей бир аз отуруп алып бир нерселерди дептерине жазып бүткөндөн кийин, эки окуучуну чакырып, столун ортого жылдыртып өзүнүн столунун катарына, дагы эки стол койдуртту. Өзү столдун ортосуна келип туруп: -Кымбаттуу ата-энелер силерди балдарыңыздарын биринчи чейректеги окуудагы жетишкендиктерин жана кемчиликтерин угузайын деп чакырттым эле. Чогулушубузду баштардан мурда президиум шайлап алсак,-деп эки жагын караганда, эч ким унчукпаган соң:-«анда мен мындай сунуш киргизер элем. Биздин балдардын арасынан эң жакшы окуучубуз Элебесов Бекказынын жана эң жакшы окуган кызыбыз Батырканова Гүлайымдын атасын сиздер туура көрсөңүздөр президиумга шайласак»-дегенде,
ата-энелердин баардыгы; -Туура, туура, шайлансын -деп жаалап кетишти.-Анда маакул дегениңиздер колуңуздарды көтөрүп койсоңуздар?
Менин атам менен Гүлайымдын атасы Ыйса эжейдин эки жагына отурушту. Бүтай эжей журналын ачып алфавит боюнча окуучулардын фамилиясын окуп, чейрекке окуудан алган баалары, жүрүм-турумдарын айтып, тааныштырып жатты. Гүлайым менен мени жалаң бешке окуурубузду,
мектепке таза келип, өзүбүздү тартиптүү алып жүргөнүбүздү айтканда, аталарыбыздын өңдөрүнө кызыл чуркап рахатка батып, сыймыктангандай ыраазы болуп отурушту. Гүлайым да, мен да бири-бирибизди улам-улам карап толкунданып кубанып жаттык. Бүтай эжей мени карап калганда, мен көзүмдү ала качып жаттым. Себеби эжей менен тиктеше түшсөм, ыйлап жиберчүдөй болуп жатканмын. Анткени энемдин ушул жетишкендиктеримди укпай, ооруп жатканына тышымдан күлүмсүрүп кубанганым менен, көкүрөгүм менен ыйлагандай болуп, өзүмдү араң кармап тургам. Чогулуштун аягына чейин өзүмдү кармай албай калып көзүмдөн жаш чыкканы баратканда класстан чыгып, мектептин короосунан өткөндө эки көзүмдөн жаш куюлуп кетти. Мен эч кимге жашымды көрсөткүм келбей чуркап бара жаттым. Бул алгачкы кубанычтан чыккан көз жашым эле. Мен үйгө жеткенде көз жашымды энеме да көрсөткүм келген жок. Түз эле огородко өтүп сарайдын артына далдоо жерге барып ыйлап, бугумду чыгарып, өзүмдү өзүм сооротуп ыйлаганымды эч кимге билгизбөөгө аракет кылып, карга бетимди жууп алдым. Кэчээтен бери кар жаап жатканга кар калыңдап калган эле. Конокказы абам, колу бошобой кар күрөөгө чамасы келбей жатыптыр. Короонун четиндеги күрөктү алып, мен кар күрөй баштадым. Ары жагымда Садырбай абам да короосун күрөп жатты. Аңгыча атам келип: -Оо, алдыңа кетейиним, келчи!-деп кучактап бооруна бекем кысты.-Мени элдин көзүнчө бир көтөрүп койбодуңбу-
деп эркелетип, эстей койгондой:-«эмне кетип калдың»–деди.
-Жөн эле-деп эч нерсе айткан жокмун. Атамды ээрчип үйгө кирсем баары энемди тегеректеп отурушкан экен. Атам чөгөлөп энемдин төшөгүнүн четине отура кетти. -Жүзүй! Эмне болуп жатасың?-деп энемдин колун кармады. -Чыдай албай жатам-деп онтоду энем.. Аны укканда баарыбыз ыйлап жибердик. Энем бизди карап Жамалбүбү алда кандай болуп кетемби үйдөгү жаман-жуман чүпүрөк-чапырактарды учурмага чыгарып, үйдү жыйнаштырып койгула, Сагаалы сен доктур чакырып кел-деп онтоп, араң айтты. Эжелерим ыйлап-сыктап үйлөрүн жыйнап, карындаштарым жөжүрөп энебизди тегеректеп отурушту. Атам болсо доктурга кетти. Конокказы абам экөөбүз мал тейлеп короонун карын күрөгөнгө кириштик. Доктур күн бата келди. Ал Келди деген абышканын жалгыз уулу эле. Билими күчтүү, кыйын доктур болчу. Бир кемчилиги аракты көп ичкендиктен,
аялы-бала бакырасы менен кетип калып, жалгыз бой болуп, бир тамда жалгыз жашоочу. Аны эл атынан айтышпай Келдинин уулу же жөн эле доктур деп коюшчу. Ал узун бойлуу, кара тору, толмочунан келген, жашы отуздарга барып калган, ачык айрым киши эле. Догдур үйгө кирип, энемдин тамырын кармап көрүп, кан басымын текшерип, тыңшоочу менен тыңшап, кайсы жери ооруп жатканын сурамжылап туруп, мындай деди: -Азыр караңгы кирип кетти. Анын үстүнө кар калың болуп, тез жардам келе албайт. Тез жардам машинасын эртең менен чакырайын, азыр болсо укол сайып, даары берип кетейин. Кудай сактасын жакшы болуп кетет,-деп сумкесинен дары-дармектерин алып чыгып, укол сайып, даарыларды кандай ичеерин айтып коюп үйүнө кетти. Доктур кеткенден кийин энемдин онтогону басылып, көңүлү ачылгансып калды. Доктурдун келгенин көрүп чоң энем, Садырбай абамдар да келишкен эле. Алардын да санаалары тынчып үйүнө кетишти.Эртеси баарыбыз окуудан калдык. Атам да жумушуна барган жок. Эжелерим энемди жуунтуп, жаңы кийимдерин кийиндиришти.
Биз атам үчөөбүз короодогу жумуштар менен алек болуп жаттык. Саат тогуздарда тез жардам машинасы үйдүн жанына келип токтоду. Атам тышта турган, машинадан кече келген докдур түшүп, атамдан жакшыбы деп сурап үйдү көздөй жөнөдү. Энем даяр болгондуктан,
үйдөн кайра бат эле чыгышты. Энем баарыбызды беттерибизден өөп:-Жакшы оокат кылып, окууңарды жакшы окугула мен келгенче- деп машинага түштү. Энем менен кошо Жамал эжем да Кызыл-Сууга ооруканага жаткырып келгени кетти. Үйдө энебиз жок болгонго, эмнегедир үйүбүз ээнсирегендей болуп, баарыбыздын сабырыбыз суз жүрдүк. Жамал эжем түйүнчөккө таңып энемдин кийимдерин көтөрүп алып, түштөн кийин келди. Кийинки күндөрү энемди билип келгени күн алыс ооруканага барып турдук. Энемдин абалы күндөн күнгө жакшылай баштады. Атам жумушуна, окугандарыбыз окууга барып, үйдө калгандары үйдө болуп, мурдагыдай эле өзүбүздүн жумуштарыбызды аткарып жаттык. Кар калың түшкөнгө күн суук болуп турду. Конокказы абам экөөбүз окуудан келгенден кийин эки үйгө таандык, чоң короонун карын күрөп, сарайлардын үстүндөгү карларды түшүрүп, төрт уй, төрт торпоктун богун бастырма кылып, алдыларын тазалап, малдарды багып жаттык. Көчөдө балдар менен ойногонго убактыбыз болчу эмес. Кээде гана балдардын үнүн угуп калып, кызыгып кеткенде чыга калып ойноп, кайра бат эле кирчүбүз. Эжелерим үй оокаттарынан бошочу эмес. Атам кышкысын колхоз айдаган жерге барып, ар кайсы жумуштан иштөөчү. Чөп туурап, колхоздун сарайларын күрөп, жазга маал койдун тууту башталганда сакмалга барчу. Сакмалдан келип, бир аз күн эс алгандан кийин, элдин менчик коюн алып тоого кетчү.Жаңы жыл жакындап келе жатты. Дүкөндөргө кооз айнектен жасалган оюнчуктар, маскалар, пласмассадан жасалган ёлкалар, кооз открыткалар түшө баштады. Элдер декабрдын он бешинен кийин эле, бири-бирине белек беришип, келе жаткан жаңы жылдары менен куттукташа беришчү. Мен окуудан келе жатсам Жамал эжем алдымдан чыгып: -Жеңем эртең ооруканадан чыкмай болду-деди. Мен сүйүнүп кеткенден:
#14 23 August 2015 - 13:02
-Ура-деп эки колумду көтөрүп жибердим. Кудуңдаган бойдон үйгө чуркап кирип, кийимдеримди чечинип, тамагымды ичип алып, короолорду шыпырып, тазалап, көңүлдүү жүрдүм. Ал тургай кээде кыңылдап ырдап да жаттым. Энем келгенде учурашып, жатканымды элестетип, эмне сөз айтаарымды камдап, бат эле кеч кирип, таң атып, энем бат эле келип калса экен деп жаттым. Эртеси эртең менен окууга барбай турган болуп, айнысам, эжелерим урушуп;-Энең түштөн кийин келет-деп жатышып, окууга араң жиберишти. Энемди доктурдан чыгарып келгени Кызыл-Сууга атам кетти. Ал күнү мен окуунун батырак бүтүшүн чыдамсыздык менен күттүм. Аякы сабак бүтөөрү менен кошуналарымдан алдыга чуркап жөнөдүм. Үйдүн алдында эки-үч киши сүйлөшүп турушкан экен. Аларга көңүл бурбай эле түз эле үйгө кирдим. Үйдө энем эки-үч аял менен сүйлөшүп чай ичип отурушкан экен. Энемдин мойнунан асылып эки бетинен өпкүлөп жибердим. Энем да бети башымдан өпкүлөп, мойнумдан жыттагылады.
Бизди көрүп турган аялдар жашып кетишип:-Эне-
бала ажырагылык кылбасынчы-
дешип жоолуктарынын уучтары менен көздөрүнүн жашын сүртүштү. Мен кечинде ойлоп, учурашканда айтам деген сөздөрүмдүн бирөөөнү да, айта алган жокмун. Жөн гана: -Жакшы айыгып келдиңизби,
эми ооруканага кетпеңиз ээ?- деп гана айтканга араң жарадым. Анда энем: -Эми балам, эч жакка кетпейм-деди.
Атам кирип келип бизди карап күлүп: -Ии, Бекказы торпоктой болгонуңду билбей, энеңдин эмчегин эмейин деп жатасыңбы, чайыңды ичип алып, саат экиге кошуналарды түлөөгө чакырып кел-деди. Мен ошондо чыйрала түшүп энемдин мойнунан колумду чыгарып, алдынан туруп кийимдеримди чечингени ички үйгө кирип кеттим. Кайра тез эле чыгып, дүнүйөм түгөл болгонсуп, энем бир жакка кетип калчудай болуп улам-улам карап коюп, чайымды ичип алып, эл чакырганы чыгып кеттим. Биздин көчөдөгү эл Жамансары абышканыкынан ылдый көчөнүн аягына чейин чакырышып, чай ичишеер эле. Мен көчөнүн башынан Жамансары абышканы кемпири менен чакырдым. Жамансары абышка жапалдаш бойлуу, арыкчырай, сакал мурутун ак баскан, жетимиш жаштар курагындагы киши эле. Кемпири балпайган ак жуумал, токтоо, абышкасы курактуу болчу. Андан кийин Сопу абышканын кемпирин чакырдым. Сопу абышка мурда эле каза болуптур, анын Зарылбек, Аттокур деген балдары бар. Сопу абышканын кемпири жашы алтымыштардагы,
орто бойлуу, ак жуумал, ачык айрым кемпир. Андан кийин Садек абышканын кемпирин чакырдым. Саадек абышка мурда эле каза болгон экен. Кемпири Желдеңбай деген уулу, келини Бүкөш менен чогуу турчу. Саадек абышканын кемпири узун бойлуу, арыкчырай, сулуусумак,
мүнөзү токтоо, жашы жетимиштерге барып калган кемпир эле. Анын маңдайында Асан абаны аялы менен чакырдым. Асан аба жашы отуз бештерге чыгып калган, орто бойлуу, толмочунан келген, мүнөзү токтоо киши. Аялы Майраш өзү курактуу арыкчырай кара тору аял болчу. Андан бери Абдырай абышканы кемпири менен чакырдым. Абдырай абышканын энеси жашы токсондогу,
кара тору толмочунан келген, сөзмөр, кайраттуу кемпир, Атбат деген кемпир болчу. Абдрай абышка алтымыш бештерге чыгып калган узун бойлуу, арыкчырай, сакал муруту бар, ачык айрым, сөзмөр, баскан турганы тың, кемпири Төйтө жашы элүү бештердеги орто бойлуу, арыкчырай, кара тору, ачык айрым, жалынып сүйлөгөн аял эле. Андан бери Абдылданы кемпири менен чакырдым. Абдылда абышка жашы алтымыштардан өтүп калган, бир колу чолок, арыкчырай, ачык айрым, баласы жок киши эле. Кемпири алтымыштардагы колу-буту оорукчан, жапалдаш бойлуу, кара тору, арыкчырай кемпир болчу. Андан бери Убуке абышканы кемпири менен чакырдым. Убуке абышка орто бойлуу, жашы жетимиштерге барып калган кичинекей чокчо сакалчан, мүнөзү токтоо, кара тору абышка. Кемпири жаш, кырктарга чыгып калган, узун бойлуу, ачык айрым, акжуумал, арыкчырай аял. Андан бери Сасы абышканы кемпири менен чакырдым. Сасы абышка узун бойлуу арыкчырай, чап жаак, сакал мурутуна ак кирген, жашы жетимиштерден ашып калган, мүнөзү токтоо абышка эле. Кемпири кара тору, орто бойлуу, толмочунан келген, жашы элүүлөргө чыгып калган, сөзгө чечен, ачык айрым кемпир болчу. Андан бери Чоюн абаны колуктусу менен чакырдым. Чоюн аба жашы отуздардагы орто бойлуу, арыкчырай, чап жаак, мүнөзү токтоо киши. Аялы Гүлай жеңе күйөөсү курактуу, узун бойлуу, арыкчырай, ачык айрым, сулуусумак келин болчу. Жамыш абамдыкы тууган болгондуктан чакыртпай эле барышкан. Андан бери Дүйшөн абышканы кемпири менен чакырдым. Анан маңдайкы кошуна Сайра чоң энени чакырдым. Ал кемпирдин күйөөсү кайнилери менен согушка кетишип келбей калышыптыр.
Кайниси Алышбай согушта чоң командир болуптур. Кийин көчөнүн аты ошонун наамына коюлган. Сайра чоң эненин Шаарба, Жаңыл деген кыздары бар экен, алар күйөөгө тийип кетиптир. Ошол мезгилде менден үч жаш улуу Замир деген небереси менен туруучу. Сайра чоң эненин бир көзү сокур, жашы алтымыштарга барып калган, сөзмөр, кайраттуу, баскан турганы тың, толмочунан келген, орто бойлуу кемпир болчу. Андан кийин биздин үйдөн өтө берип Мамбет абышканы уул-келини менен чакырдым. Мамбет абышка орто бойлуу, сакал мурутчан, жетимиштер курагындагы,
арыкчырай, мүнөзү токтоо абышка эле. Кемпири толмочунан келген жашы алтымыштар курагындагы ачык айрым аял болчу. Ал ооруп буту баспай калып төшөктөн турчу эмес. Уулу Калейке атамдан бир жаш кичүү болсо да, теңтуш катарында жүрүшчү. Ал узун бойлуу, толмочунан келген, кара тору, сөзмөр, билимдүү, айылдык кенештин катчысы болуп иштөөчү. Аялы Күлүйпа жапалдаш бойлуу, арыкчырай, ак жуумал, сөзмөр, ачык айрым, жашы жыйырма бештерден өтүп калган аял эле. Андан кийин Кыдырмыш абаны аялы менен чакырдым. Кыдырмыш аба жашы отуздардагы,
узун бойлуу, толмочунан келген, сөзмөр, мүнөзү токтоо киши эле. Аялы Күлүйпа жыйырма бештердеги узун бойлуу, арыкчырай, сулуусумак келин. Андан ары Жумакун абаны энеси, аялы менен чакырдым. Жумакун абанын энеси узун бойлуу, арыкчырай, алтымыш бештер курагындагы кемпир эле. Жумакун аба узун бойлуу, арыкчырай, ак жуумал, ачык айрым, сөзмөр, жашы отуздардан өтүп калган. Аялы Уруйпа жапалдаш бойлуу, кара тору, ачык айрым, күйөөсү курактуу аял болчу. Алар Текестен жаңы эле көчүп келген. Андан кийин Мукаш абаны аялы, энеси менен чакырдым. Мукаш абанын энеси узун бойлуу, арыкчырай, жашы жетимиштерге барып калган, сыпаа, сулуусумак кемпир болчу. Мукаш абаны элдин баары Күчүк дешчү. Мен анын чын аты Мукаш экенин билбептирмин.
Аялы чыкканынан:
- Күчүк абамды, чоң энемди, силерди чакырып жатат-десем,
Мистакан жеңе:-От чечек ээ десе, сен күчүксүң-деп коё берди. Мен качып кетпесем таяк жейт белем, артымдан кууп калып калды. Ал кишинин Мукаш экенин кийин билдим. Мукаш аба узун бойлуу, арыкчырай, мүнөзү токтоо, жашы кырктарга барып калган киши болчу. Аялы Мистакан жеңе орто бойлуу, толмочунан келген, ак жуумал, жашы отуз бештер курагындагы,
кайраттуу сөзмөр аял болчу. Андан ары Бышаңдын энесин, анан Жумаалы чоң атаны эки кемпири менен чакырдым. Анан Обонбай чоң атаны аялы менен чакырдым. Андан кийин Дүйшөн абышканы аялы менен чакырдым. Дүйшөн абышка мергенчи болгондуктан,
жайында эле биздин жайлоого барып кеткен, аялы Кусуй узун бойлуу арыкчырай, кара тору, сөзмөр, кайраттуу, кара тору, жашы кырктарга барып калган аял болчу. Андан ары Дүйшөкө абаны энеси, аялы менен чакырдым. Дүйшөкө абанын энеси узун бойлуу арыкчырай, ак жуумал, жашы жетимииштерге барып калган кемпир. Дүйшөкө аба отуздардан ашып калган узун бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым, сөзмөр киши болчу. Аялы Шарый жашы отуздардагы узун бойлуу, кара тору, ачык айрым аял. Анан Эрмекбай абаны аялы менен чакырдым. Эрмекбай аба орто бойлуу, толмочунан келген, кара тору, мүнөзү токтоо, жашы кырктан өтүп калган киши эле. Аялы Шарый узун бойлуу, ак жуумал, толмочунан келген, ачык айрым, сөзмөр жашы кырктарга барып калган аял болчу. Андан ары Асек абаны аялы, энеси менен чакырдым. Асек абанын энеси Айгүлчө чоң эне жашы жетимиштерден өтүп калган, узун бойлуу, кара тору, баскан турганы тың, кайраттуу кемпир болчу. Асек аба элүүлөрдөн өтүп калган, энесине окшош киши эле. Аялы Бопу апа жашы кырктардагы узун бойлуу, толмочунан келген, ак жуумал, ачык-айрым аял. Андан кийин Жумабай абышканы кемпири менен чакырдым. Жумабай абышка жашы жетимиштерге барып калган сакал-мурутун ак аралаган сөзмөр абышка болчу. Мурда колхоз жаңы уюшулганда колхоздо башкарма болуп Элебес чоң атаны кулакка тарттырбай алып калган ошол киши экен. Кемпири алтымыш бештерге барып калган ачык–айрым киши эле. Эң акыркы болуп Касым абаны аялы менен чакырдым. Касым аба узун бойлуу, толмочунан келген, ачык-айрым, сөзмөр, жашы элүү бештерге барып калган, бир көзү сокур, жазмакеч киши болчу, аялы Сабираны жаңы алып, жаңы эле үй салып көчүп барган. Сабира бою жапалдаш, ак жуумал, жашы отуз бештердеги,
ачык-айрым аял эле.Мен көчөдөгү кошуналардын баарын чакырып үйгө кирсем, койду союшуп эт асып жатышыптыр.
Атама кошуналарды чакырып келгенимди айтып коюп, самоорлорду кайнатканга кириштим. Элдер чакырылган убагында келе башташты. Кечке чейин биздикинде болушуп, энеме баталарын беришип, кечинде тарап кетишти. Эл тарагандан кийин үйдөкүлөр өзүбүзчө черлерибиз тараганча түндүн бир оокумуна чейин сүйлөшүп уктаганыбыз жок. Энем ушул ооругандан кийин эле мурункудай болбой, ар кайсы жерим деп көп ооруп калчу болду. Биз түшкө чейин окуубузду окуп, түштөн кийин жаңы жылдык балатыга даярданып жаттык. Жаңы жылдык балатыны балдар абдан жакшы көрүшөөр эле. Балатыда ар кайсы маскаларды тагынып, кооз кийимдерди кийип алышып, балатыны тегеренип ырдап бийлешчү. Аяз ата, аяз кыз жакшы ырдап, бийлеген, ырларды жатка айткан балдарга ар кандай белектерди берип турушчу. Мына жаңы жылдык каникулга да тарадык. Биздин класс жаңы жылдык балатыга эртеси күнү кирмей болду. Каникул жарым айга созулмак. Мен жаңы жылдык балатыга арыстандын маскасын кийип, кийимдериме оймо-чийме тактырып кооздотмой болдум. Эжелерим келери менен аларга оймолорду кандай тагаарын айтып бердим, кечке чейин кийимдерим да даяр болду. Эртеси мектепке барсам мектептин короосунда ар түркүн жаныбарлардын маскаларын кийип алышып, таанылбай калышкан окуучу балдар, бири-бирин тамашалап жатышты. Маскалары биринен бири кооз, кээ бир балдар маска кийишпей эле сакал, мурут тагынып алыптыр. Аларды таануу да кыйын эле. Кээ бирлери мага окшоп кийимдерине оймо-чийме тактырып алышса, кээ бирөөлөрү атайын кийим тиктиришиптир.
Айрыкча кыздар үкү топуларды кийип, артисттердей болуп кыргызча кийинип алышканда, баары эле супсулуу көрүндү. Бир убакта пионер вожатый Жамал эжей чыгып:-Балатыга биринчи «а» класстан баштап кезектешип киресиңер, баарыңар класс классыңар менен тизилгиле-дегенде баардык окуучулар класстары менен тизилип, кезек күтүп турушту. Биринчи «а» класстан баштап кезек менен кире башташты. Алгачкылары киргенден кийин кезек биздин класска жетти. Бүтай эжей эшикке чыгып:-Кана балдар киргиле-дегенде биз тизилген боюнча мектептин залына кире баштадык. Балаты орнотулган класска киргенде, аяз ата менен аяз кыз тосуп алып: -Кана экинчи класстын балдары кире койгула, ырдап-бийлеп өнөрүңөрдү көрсөтүп бергиле, көңүл ачып кеткиле, келе жаткан жаңы жылыңар кут болсун-дешти.
Биз мурда даярдангандай балатыны тегеренип хор ырдап, андан кийин токтоп туруп, даярдаган ырларыбызды жатка айтып, жекече ырдап, бийлеп, өнөрүбүздү көрсөтүп жаттык. Балатынын кооздугун айтпа. Арасында эмне деген гана оюнчуктар жок. Класстын паталогуна каршы-терши илинген кооз кагаздан оюнчуктар, желекчелер,
кар жаап жаткандай илинген кебездер, балатыга тегеректеп коюлган оюнчуктарга мугалимдер,
ата-энелер, чоң класстын окуучулары айтор эл толтура. Биздин класстан эң кыйын ырдаган Асыйкан деген кыз, Муканый деген бала болду. Экөө улам-улам ырдап, көп белектерди алып жатышты. Мен ырга жок элем. Үч ырды жатка айтып альбом, ручка, өчүргүч алдым. Аяз ата менен аяз кыз кезек кезеги менен конфет, печеньелерди баштыктарынан алып чыгып, таратып турушту. Биздин класстын убактысы бүтүп, эшиктен чыгып бара жатканда, баштыкчаларга толтурулган конфет, печенье, шоколаддарды ар бирибизге таратып берди. Тышка чыкканыбызда баштыкчаларыбызды ачып ар кайсы таттуунун түрүнөн ооз тийип, калганын көтөрүп алып үйүбүздү көздөй жөнөдүк.Мен каникулда үйдө болдум. Өзүмө таандык жумуштарды жасап, колум бошой калганда көчөгө чыгып балдар менен ойноп же чогулуп карта ойноп жаткан чоң кишилердин сөздөрүн угуучумун.Бир күнү чоң кишилердин каткырып күлүп жатышканын угуп, кызыгып кетип, жандарына басып барсам, ал жерде атам, Калыбай аба, Кыдырмыш аба, Дүйшөн ата, Касым аба, Жамыш аба, Чоюн аба, Асек аба болушуп карта ойноп жатышкан экен. Касым аба Дүйшөн атаны карап: -Бул Дүйшөн абамдын кылбаганы жок. Абамдын дагы бир окуясын айтып берейин. -Кана айтып бериңиз?-деп калышты беркилер.-А-
а-й Касым сен кошмолобой түз айт- деди Дүйшөн абышка.-Бир күнү үйдөн чыгып үстүнкү көчөгө жумуштап эртең менен эрте баратсам-деп Касым аба сөзүн баштады. Эки жагын карап, окуяга ылайыктап үнүн акырын чыгарып:-«Дүйшөн абам огородунда бир нерсе казып жатыптыр. Мен салам айтып, Дүйшөн аба бу таң атпай эмне кылып жатасыз десем, Дүйшөн абанын кабагы бүркөлүп, ачуусу келип турган көрүнөт, Касым, бери жакын келчи деди. Мен жакын басып барсам, «кулагыңды тосчу» деди. Акырын мен кулагымды тоссом, кулагыма шыбырап «сен эч кимге айтпайсыңбы» деди, мен «жок, кимге айтмак элем, ал жагынан кам санабай эле айта бериңиз» дедим. «Анда угуп тур, түндө Кусуй өлүп калыптыр, көрүн казып жатам» деди. Мен чочуп кетип «коюңузчу ошондой да болчу беле» десем, «сен кишиге айтпайм дегениңден айттым, эми оозуңдан чыгарба» деп ары басып, кайра каза баштады. Мен эмне кылаарымды билбей калдым. Же кайрылып элге айтаарымды билбей же басып кете албай туруп калсам, ары жактан Кусуй жеңемдин «ой, Дүйшөн кайда кеттиң чай ичпейсиңби,
кайда кеттиң» деген үнү кулагыма угулганда чын уктумбу деп кубанып кеттим. Көрсө түнү менен Дүйшөн абамдын кулагын туалет казбайсың деп Кусуй жеңем жегенинен Дүйшөн абам ачуусуна чыдабай ойлоп тапканы тура-дегенде беркилер кайрадан каткырып күлүп калышты.-Ой,
анан таң атканча кулак мээмди жеп, биздин элдикиндей туалетибиз жок, элдин эркектериңдей туалет казганды да билбейсиң дегенинен ачуум келип чайын ичпей эрте чыгып казып жатсам, Касым да ачуума тийип, эмне казып жатасыз деп жатпайбы-деди мойнуна алып Дүйшөн ата. Анда Касым аба элге кайрылып: -Дүйшөн абанын дагы бир окуясын айтып берейинби-дегенде баары: -Айтып бериңиз-деп жаалап кетишти. Касым аба сөзүн мындай деп баштады. -Бир күнү Дүйшөн аба конторго акча алганы бармак болот. Аны Кусуй жеңе шаштыра берет. Ой болбойсуңбу,
бат барсаң боло, кассирлер, чоңдор бир жакка кетип калып куру келип жүрбө деп. Чайды оң бербей туруп, шаштырганына ачуусу келип, жолдо карата тилденип жүрүп отурат. Конторго барса чоңдор да, кассирлер да келе элек болот. Ого бетер ачуусу келип, бир топ күтүп акчасын алат. Жолдо келе жатып ойлонуп, үйүнө жакындаганда атын чаптырып келип, терезенин тушуна келип ой Кусуй эле, Кусуй, деп кыйкырат. Форточкадан Кусуй жеңе башын чыгарып, ой эмне болуп кетти, деги тынччылыкпы дейт. Анда Дүйшөн аба, ме, акчаны батырак ал, мен кайра барып дагы алып келейин дейт. Анда Кусуй жеңе келе батырак, бере салып кайра чаап жөнө чоңдор кетип калышпасын деп дагы шаштырат. Ошондо Дүйшөн абанын ого бетер ачуусу келип, ашата сөгүп, мен улам барган сайын алар акча бере бермек беле. Мээң болсо ойлосоң боло дептир. Отургандар көздөрүнөн жаш чыкканча күлүп жатышты, ан сайын Касым аба кызып кетти көрүнөт эч ким айт дебесе деле өзү: -Мынча болсо дагы бир окуясын айтып берейин-дегенде отургандарга жага бербей: -Айта бериңиз-деди күлкүлөрүн тыя алышпай. Касым аба сөзүн улантып: -Күндөрдүн биринде Дүйшөн аба жумуштан чарчап, курсагы ачып үйүнө келсе, Кусуй жеңе үйүндө жок, ачуусу келип кошуналарын кыдырып издеп жөнөйт. Баарыныкына барып «Кусуйду көрдүңөрбү» деп сурайт. Баары бир ооздон «көргөн жокпуз» деп жооп беришет. Жедеп таппасына көзү жетип, айласы кеткенде, эми кантип табам деп ойлонуп жатса башына бир ой кылт дей түшөт да четинен кезиккендерге:
«ой Кусуйду көрсөңөр айтып койгулачы, энеси өлүп чабарман келди эле» деп айта баштайт. Аны уккан эл сураштырып,
Кусуй жеңем бат эле табылат. Ага энесинин өлгөнүн айтып угуза элегинде: «ай жанакыны айтпай эле койгула, жөн эле тамашалап койдум эле» деп Кусуй жеңени ээрчитип кетет. Кусуй жеңе көп тамашасынын бирөө болсо керек деп эрөөн албай ээрчип кете бериптир. Кийин аялдардан угуп ачуусу келип «ошентип да тамашалайсыңбы» десе Дүйшөн аба «ошентет десең үйдү таштап ээн баспай жүр» деген экен.Отургандардын баары Дүйшөн абышканын чукугандай сөз тапкычтыгына,
куудулдугуна ыраазы болушуп күлүп жатышты. Ушундай карапайым элдин арасынан өзүнүн шайырлары чыгып «ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар» дегендей эчен бир жакшы сөздөр жер жерлерде гана айтылып көпчүлүк элге чыккпай, жарык көрбөй калат турбайбы. Мындагы кишилер ушундай кишилердин тапкычтыгынын,
тамашакөйлүгүнүн бир гана чети эле. Эгер иликтелип жазыла турган болсо кызыктуу китептердин жазылышы ыктымал. «Эл ичи-өнөр кенчи» дегендей эчен бир адамдын оюна келбегендей,
укмуштуу сөздөрдүн баары элдин арасынан чыгып жаш өспүрүмдөргө тарбиялык мааниси зор болоорун убагында өзүлөрү сезбегени менен, көкүрөктө калып ошол кезде ушундай карапайым акылдуу адамдар менен бирге жашап, алардын таасири тийип, тарбияланганына кийин сыймыктануу менен эскеришер. Мен ушундай кишилердин арасында турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, ага-тууган, элим менен бирге ошолордун көз алдына тарбияланып чоңойуп келдим.Кыштын кычыраган суугу артта калып, жаз келип көк-жашыл чөптөр чыгып, курт-кумурскаларга жан кирип, келгин куштардын алды келе баштады. Адам баласы жан жаныбарларга,
өсүмдүктөргө болобу күндүн жылуулугунан жашоого жагымдуу шарт түзүлөт турбайбы. Адамдар оор, жылуу кийимдерин чечишип жеңилденсе,
жан жаныбарлар сууктан корунуп бүрүшпөй, күн чубактап, тирденип, өсүмдүктөр жылуулуктан жанданып, уйкуларынан ойгонушкансыйт.
Жеке эле тирүү жандыктар эмес, жылуулуктан жалпы жансыз жаратылыш кубанып жаткандай болду. Жаз келери менен «жаз жарыш, күз күрөш» дегендей эл огород жайларын акыр-чикирден тазалап, айдап себүү жумуштары менен алектенишүүдө.
Ата-энем былтыркыдай элдин менчик коюн багууга кам көрө баштады. Атам былтыркы Бопой торуну кайра алып келди. Биз окуудан келгенден кийин мал тейлегенден башка, эл катары огород жайды тазалап, огородко жашылча айдоого кириштик. Май айынын башында ата-энем окуй элек бөбөктөрүмдү жана элдин менчик коюн алып мурдагы жайлоосуна көчүп кетишти.Жашоо турмушубузда терең өзгөрүү болбой күндөр кумдай куюлуп, жылдар өтүп, арадан үч жылдын кандай өтүп кеткени билинбей мен бешинчи классты бүтүрүп, жылдагыдай эле ата-энеме жардам бергени үч айлык каникулга тараганда «Жалгыз карагай» жайлоосуна барган элем. Менин түйшүгүм мурдагыдан да көбөйүп абам менен ээрчишип жүрбөстөн, өз алдымча аттарды алып келип, атка ээр токуп минип кой кайтара баштадым. Суу түгөнүп калганда «Чычканбашыдан» Бопой торуну минип, флягилерди артып беришсе Куркукту жетелеп суу ташыйм. Иши кылып алым жетпеген жумуштар жокко эсе болуп калган. Мурда жалгыз карагайдын ээси кызыл элик деп угуп жүрсөм эми аны өз көзүм менен көрдүм.Бир күнү эртең менен аттарды алып келейин деп сыртка чыксам, ошол «Жалгыз карагайдын» ээси деген кызыл эликпи же башкабы ким билет айтор кызыл элик шиш чокунун алды менен капталдап чуркап, чатырдын маңдайындагы чолок кырдын аркы коктусуна кирип, жыт алдыбы же корктубу кайра чыгып капталдап кырдан ары ашып кетти. Өзүмчө ичимден кобуранып «чын эле ээсиби, эгер андай болбосо бул жерге жалгыз элик кайдан келип калат эле» деп таң калдым. Үйгө кирип элик көрдүм десем бирөө ишенсе, бирөөлөрү ишенген жок. Чынында эле буга ишенүү кыйын эле, анткени бул жерде тегеректердин баарында малчылар отургандыктан кайберендин жүрүшү кыйын болчу.Бул жерде бир канча жылдар мурда кой багып жүрүшүп ата-энемдер деле көрүшө элек экен. Быйыл атамдын колу абдан эле узарып калды. Абам экөөбүз каникулга келгени койду көп деле кайтарбай ары-бери бастырып кымыз ичип, жакага бат-баттан каттап, жумуштарын бүтүрүп, эки бөлмөлүү үйүбүзгө кирпич менен дагы бир бөлмө кошуп, аны жыгачтан айнектетип веранда улап төрт бөлмөлүү кылып кеңейттирди.
Бир күнү кой кайтарып жүрүп, түшкү чай ичкени келсем, төрдө аксакал бакжайган, кызыл жүздүү, толмочунан келген жашы жетимиштерден өтүп калган абышка чай ичип, ата-энем менен сүйлөшүп отурган экен. Салам айтып кирип барсам сөздөрүн башкага буруп кетишти. Мен шек алып, менден жашырган кандай сөз болду экен деген ойго кеттим. Тигилердин сөзүнө жолтоо болуп калганыма тынчсызданып чайды чала-була ичип, сыртка чыксам Алиман ары жактан чуркап келип:-Бекказы аба Жамал эжем күйөөгө кеткени жатат–деди.
Чочуп кетип: Ким айтты?–дедим.
#15 23 August 2015 - 13:03
-Үйдөгү абышканын баласы алат экен. Алар ошол жөнүндө сүйлөшүп жатышат-деп көзү менен үй жакты карап койду. Менин ачуум келип жакында эле Жамал эжемдин мага айткан сөзү эсиме түшө калды. Ал мындай деген эле «Геки мен экзамен берип бүткөндө, Караколго чоң окууга тапшырам, эгер өтүп кетсем, кийин учурашканы бат-баттан келип турам. Сен ата-энеңе жакшы жардам берип жүр» деп бетимден өпкөн. Аны угуп алып элдин эжелериндей чоң окуудан окуп зыңгырап келип, кетип турат экен деп абдан кубанган элем. Көрсө сөздөрүн менден жашырганы ушул экен деп ойлонгончо үйдөкүлөрдүн каткырган күлкүлөрү угулуп калды. Мен эмне дээр экен дегендей тыңшасам төрдөгү кишинин үнү чыгып:-Ой, Саке анан балдар кантип ала качышат-дегенде бир азга жым жырт боло түшүп, аңгыча энемдин үнү угулуп:-Кандай ала качыштын амалын мен таптым-деди берки экөө тең жарышып:-Ал кандай амал?- дешти. Энем сөзүн улап: -Саруудагы Таштанды таякеси менен уулуңуз теңтуш эмеспи. Түн ичинде барып эшикти тыкылдатканда таякесине ишенип эшикти ачат. Ошондо ала качып кетишпей жандары жокпу- дегенде берки экөө:-Оо, бали, бали акылыңа бара келди, таппасаң кое кал,-дешип жаалап кетишти. Сөздүн төркүнү эмне жөнүндө болуп жатканын эми гана түшүндүм. Чатырга кирип барып ата-энемдин чыккынчылыктары үчүн кыйкырып тилдегим келди. Бирок аларга мурун кийин өйдө карабагандыктан анте алган жокмун. Турган турпатым менен атка да минбестен, баардыгын таштап, ата-энеме таарынып жакадагы үйдөкү Жамал эжеме эскерткени жөнөдүм.Ошондо мага дүйнөдөгү адамдардын баары алдамчыдай сезилип, баарынан көңүлүм кала түшкөндөй болду. Мен «Жалгыз карагайдагы» үйдөн чыкканда бешим чен болуп калган. Жамал эжемди чын жүрөгүмдөн жакшы көргөндүктөн,
эжемдин алсыздыгын,
ишенчектигин сезип, зээним кейисе, бир туруп өзүмдүн эң жакын ишенимдүү адамдарымдын өз денелеринен чыккан баласын зордоп, алдап, салып бергени жаткандарына же ошолорду тыйып токтотуп коё албаган алсыздыгыма ызаланып ыйлап бара жаттым. Менин капаланганымды сезип, күндүн арты бүркөлүп күн кара булутка жакындаган сайын түнөрө баштады. Жол алыс болчу, менин уңулдап ыйлаган үнүмдү шамал коштоп алыс узатып жатты. Жолдон кезиккен суурлар алыстан каңкушташып ийиндерине кире качышат. Шамал менен жарышып ойкуп-кайкып чабалекейлер ары-бери учушат. Бир кезде бутумдун алдына пыр этип чилдер учканда чоочуп кетип эсиме келе түштүм. Асманды карасам тегиз бүркөлүп күн жааганы калыптыр. Али Үч-дөөбөгө да жете элек экемин. Бир аздан кийин караңгы кирет, менин башыма эми эмне кылам деген ой келе калды аны менен кошо кантип жетем. Караңгыда корксомчу деген ойлор биринен сала бири келди. Артка кетүүгө мүмкүн эмес, анда эжемди ала качып кетишет. Жок эмне болсо да эжеме эртереек жетип кабар берүүм керек деген ойго келдим. Күн бата араң «Үч-дөбөгө жеттим. Жаан шыбыркактап жаай баштады. Асманды кара булут тозуп калгандыктан,
бат эле караңгынын киришин тездетип, айлана туңгуюкка бөлөнүп көөдөй караңгылык кучагына ала баштады. Өз дабышым өзүмө сүрдүү угулуп, алдыдагы топтошуп өскөн куурай дагы жомоктогу жети баштуу желмогуздай болуп көрүнө баштады. Менин жаш жүрөгүм бир жагынан катуу басканга дүкүлдөсө, бир жагынан коркконумдан дүкүлдөп жатты. Көзүмө эч нерсе көрүнбөй, жалгыз аяк жолдон чыгып күбүрлөргө кирип кетип мүдүрүлүп жыгылып, бети башымдан өйдө баткак болуп суу болуп, чыланган кийимдерим денеме оролуп, бастырбай жүдөтүп, дене боюм шалдырап көзүмдөн чыккан жашка жаандын суулар кошулуп, мойнумдан ылдый куюлат. Караңгы түндүн кучагында катуу жаанда эрбеңдеп жыгылып кооп келе жатым. Мен мындай жүктү мойнума көтөрүп, ошондо караңгы түндө катуу жаанда, эмнеге чыктым болдум экен, менин жаныма эмнеге күч келген, өз оокатымды жасап калган бир туугандарымдай болуп, эмнеге жата бербедим экен. Мени менен курбалдаштар мындай жети түндө кудайдын азабын тартпай, үйлөрүндө жатышса керек. Мен ошондо тайгаланып жыгылып жатканда, буту колумду кокустатып алсам эмне болот эле. Ит кушка жолугуп же жерди караандан катуу чочуп кетип, майып болушум ыктымал эле. Эх, адамзат кээде күчүңө, алыңа карап иш кылбай тобокелге салып, өзүңдөн жогорку күчтөргө сала-сал кылып, догуңарды артып турмай силер үчүн көнүмүш адат. Мен Кулматтын дөбөсүнөн өтүп айылга жакындай баштаганда күн катуу жаагандыктан жалгыз аяк жолдордон арыктан агып жаткандай суу кетип жатты. Ар кандай жаныбарлардын үндөрү угулгансып «коркконго кош көрүнөт» дегендей айлана-чөйрөнү бир укмуштар тегеректеп алгандай болуп жатты. Эми гана айылдын ар кайсы жеринен жарыктын күйгөнү көрүнүп, иттердин үргөн үндөрү угула баштады. Айылдын четиндеги коңурдун түбүндөгү жаш балдарды коючу коргон өзүнчө сыр көрсөтүп, кана жанымдан эр болсоң өтүп көрчү дегенсийт. Эми ыйлаганым токтоп мурунку ээрчип келе жаткан коркунучтардын үстүнө коргондун жанына жакындаган сайын, дагы коркунучтар кошулуп эмне кылаар айламды таппай келе жаттым. Көп узабай коргондун тушуна да келип жеттим. Коркунучтун чегине жеткендиктенби,
«кайда барсаң мамайдын көрү» дегендей алдыга жыла бергенден башка аргам жок болгондуктан,
тобокелге салып баарына даяр болгондой караңгы түндү жиреп, нөшөрлөгөн жаанга каршы айылды көздөй жыла бердим. Айылга киргенде, үрүп алдыдан тосуп чыккан иттер да үрбөй, жымжырт болуп, көчө капкараңгы тунгуюкта мемиреп турду. Анан гана үйдүн жанына жеткенде, чын эле жеттимби дегендей кылып оор улутунуп алдым да, терезени такылдаттым.
Үйдүн ичинен өзүмдүн жакшы көргөн адамымдын үнү «Ии» дегенде ичимде атылып чыга албай турган вулкан сыяктуу бугум атылып чыккандай болду.-Эже мен келдим, ачыңыз-дегенге араң жарап, өпкөм-өпкөмө батпай ыйлап коё бердим. Жамал эжем мени үнүмдөн таанып чуркап чыгып:-Айланайын Гекиним эмне болуп кетти-деп кучагына кысканда, жолдо көргөн азап тозогумду, ызамдын баарын даттанып, көзүмдөн жаш чыккан сайын көкүрөгүм бошоңдой баштады. Эки бир туугандын ортосундагы чыныгы сүйүүнү, достукту, таза тунук сезимдерди даңазалагансып чагылган жарк этип, экөөбүзгө жарык кылып көрүп алгыла дегенсиди. Эртеси түшкө жакын ойгондум. Жамал эжем экзамен бергени кетиптир. Бөдөнө эжем чайын коюп мени качан ойгонот деп күтүп отурган экен. Экөөбүз учурашкандан кийин эшикке чыксам жаандан кийинки аба көңүлдү сергитип, кабагым ачылып, огороддогу алма бакты аралап бастым. Июль айынын башы болгондуктан,
алма, өрүк быша элек болчу. Бирок мөмөлөрү чоңоюп жакшы көрүнүп калыптыр. Карагаттар кызарып, кээ бир жактары карала болуп бышып калыптыр. Алардан үзүп жеп эжем чайын камдап күтүп жаткандыктан,
көпкө жүргүм келсе да, кайра үйдү көздүй бастым. Бөдөнө эжем экөөбүз чайыбызды ичип бүтүп, жаңыдан идиш аяктарды жыйыштырып жатканда, Жамал эжем да келип калды. Ал менин бетимден өөп: -Кандай эс алдың? -деп сурады.-Жакшы,
а өзүңүз экзамендериңизди кандай берип келдиңиз?- дедим. -Төрт алдым-деди.-
Эми канча экзамен калды?-Баарын тапшырып бүттүк. Биринчи күнү аттестат аласыңар деди-деп жылмайып, анан, жакында Караколго чоң окууга тапшырганы кетерин кошумчалады.
Анда Каракол шаарын Пржевальский шаары дешчү. Жамал эжем: -Тоого качан кетесиң?-деп сураганда: -Билбейм- деп жооп бердим. Себеби ата-энемден ачуум тарай элек болчу. Тыш жылуу болуп, асман ачык тургандыктан,
көчөдөгү балдар көлгө бара жатышыптыр.
Эжелеримден көлгө барып келейинби деп сурансам барып кел деп улуксаат беришти. Мен көлгө келгенден баштап түшө элек болчумун. Жылыга көлгө түшчү маал болгондо, каникулга тарап, тоого ата-энеме жардам бергени кетип, кайра көлдүн убактысы бүткөндө окууга кирерде гана келчүмүн.Таза кийимдеримди кийинип алып, көчөгө чыксам Мурат, Калыбай, Жолоочу, Бышаң төртөө көчөдө ойноп жүрүшүптүр.
Мени көрө коюшуп, жаныма чуркап келишти. Алар менен учурашып, тоодон кечээ келгенимди айттым, эмне себептен келгенимди жашырып койдум. Тигилер да ата-энелерине жардам берип, апийим отоп иштеп жүрүшкөндүктөрүн айтышты. Айылдагы балдар каникул убагында апийим отоп, кийин баш байлаганда таң атпай ата-энелери менен эрте туруп, апийим кырганга барышчу. Күндүз эс алышып, бешим ченде тилгенге барып, жайкысын алардын деле жандары тынышчу эмес. Күн көтөрүлгөндөн кеч бешимге чейин апийимди тилип кырышчу эмес. Себеби апийим катып кургап кетет дешип айрыкча күн жааган күндөрү апийимди аралаганда кийимдери чыланып суу болуп, сууга салган чычкандай болушуп үйлөрүнө араң келишчү.Мен Муратты көлгө барууга көндүрдүм. Анын апийимине жардам бермей болдум. Экөөбүздүн тең велосипеддерибиз болгондуктан,
куушкан тейден көлгө бат эле жетип бардык. Мурат мени менен тең, орто бойлуу, толмочунан келген, кара тору, мүнөзү токтоо бала эле. Ал биздин көчөдөгү Абдрай абышканын төртүнчү эркек баласы. Андан улуу Кенеш, Гүлсүн, Гүлүкан, Эркин, Токон деген аба-эжелери,
өзүнөн кичүү Гүлүмкан, Анархан деген карындаштары бар болчу. Ал эркек балдардын кичүүсү эле, биз менен окубаган себеби интернатта башка жакта окучу. Биз көлдүн жээгиндеги кум жалга жеткенде, велосипеддерибиз кумдан тебилбегендиктен,
жөө түшүп жетелеп алдык. Ысык-Көл мурунку күнү күн жаап катуу толкун болгонго биз барганда эс алып жаткансып мемиреп турган эле, майда толкундар жыбырап жээкке жылып келип, кумга тийгенде шырт эткен дабыш чыгарып учурашкансыйт.
Көлдүн үстүнө бирөө алтын чачып кеткенсип, жылт-жулт этип жатты. Көлдүн жээгинде көлгө түшкөнү барган элдер көп экен. Биз обочороок барып эл аз жерге чечинип, көлгө түшкөнү ысык кум менен басып жөнөдүк. Кумдун ысыктыгынан тамандарыбыз ысыктыка чыдабай секирип басып бара жаттык. Көлдүн жээгине токтоп сууга кирээрде эки колумду көлгө салып алаканыма мөлтүрөгөн тунук суусун толтуруп алып, бети-колдорумду жууп, ушундай сулуу көлдүн жанында жашап туруп, убакыт таап келе албай беш-алты жылдан бери көлгө түшпөгөнүмө өкүнгөндөй болдум. Бир чети көлдү жакшы көргөндүктөн,
бутумду малгым келбей ийменгенсип,
адегенде бетимди жуугандан кийин гана түшүүнү ойлодум. Андан кийин бир аз жерге чейин кечип барып, анан көлгө боюмду таштадым. Муздак суу адегенде ичирткентип,
андан кийин суунун муздактыгы сезилбей ысып күйүп шалдырап турган денем сергип, көңүлүм ачыла түштү. Эх, кандай гана жыргал деп алдым ичимден. Көлдөн чыккым келбей чабак урганды жакшы билбесем да, сууну чалпылдатып чабак урууга аракет кылып жүрдүм. Жанымдагы Мурат мага караганда көлгө көп келгендиктен,
чабак урганды, сүзгөндү жакшы билет экен. Ал көлгө чумуп кирип кетип, бир топ жерге чейин көлдүн асты менен сүзүп барып, көлдүн үстүнө чыга калып жатты. Мен чабакты чала билгендиктен,
кичине эле жерге сууну чалпылдатып,
чабак урганга аракет кылып күйүгүп калгандыктан,
турууга аргасыз болом. Сүзгөндө да жакшы эле ылдый чумкусам да, көлдүн астына түшө албай көлдүн үстүндө эле колу-бутум тыбырчылап башым эле көлгө малынып думугуп кеткендиктен тура калсам ордумда эле турган болом. Ал эми өзүмдү бир топ жерге сүзгөндөй сезем. Мурат болсо мен сыяктуу жан талашып сууну чалпылдатпай колу-бутун акырын эле кыймылдатып коюп, кайыктай калкып бир топ жерге жетет. Аны туурап буту-колумду акырын кыймылдатайын десем ылдый чөгө баштайм. Анан колу-бутумду бат-баттан кыймылдатсам күйүгүп калам. Мураттын чабак уруп, сүзүп жүргөнүнө кызыгып карап туруп чабак урганды, сүзгөндү үйрөнгүм келип; -Эй Мурат бери келчи-дедим.
Ал менин жаныма келгенде:- «сен мага чабак урганды үйрөтөсүңбү,
мен канча аракет кылып чабак урайын десем да, ордумдан чыга албай чөгүп кетип жатам» -дедим. -Маакул сен мени жакшылап карап тур, мына минтип суунун үстүнө чөгүп кетем деп коркпой түз жат, башыңды өйдө көтөрбөй ээгиңе чейин сууга малып коюп, колу-бутуңду жай кыймылдатып дем алып, дем чыгарып тур-деп мага көрсөтүп чабак ура баштады. Аны карап турсам мага опоңойдой эле сезилди. Аны туурап чабак урайын десем кайра эле чөгүп кетип жаттым. Ал мага улам-улам кайра-кайра тажабай көрсөтүп жатты, барган сайын мурункудай болбой кичинеден жыла баштадым, ал менин чабак урганымды карап туруп: -Токто. Ушинтип да чабак урмак беле. Сенин колуң иштегенде, бутуң иштебей калып жатпайбы, экөө тең бирдей иштеш керек–деди.
Мен анын айтканындай кылып кайра чабак уруп жөнөдүм, мурункудан кичине жакшырак болгону менен көп узай алган жокмун. Кайра эле күйүгүп чөгө баштаганымда,
Мурат жаныма басып келип:-«сен башыңды көтөрүп алып дем чыгарбай жатасың, башыңды сууга малып, ууртап алган сууну кайра түкүр. Бир калыпта дем алып, суунун үстүнө бүкүрөйбөй түз жатып чабык уруп көрчү»–деди.
Мен Мураттын айтканындай чабак ура баштадым. Анын айтканын аткарууга аракет кылып, бир канча чабак ургандан кийин бир топ жерге чейин чабак уруп жылып барып калдым. Мурат жакшы эле чабак уруп барып кайра бурулуп келип, суунун үстүнө чалкасынан жатып, эс алып кайра чабактын башка түрлөрүн көрсөтүп жатты. Мураттын мындай өнөрү мени таң калтырып, бул эмне үчүн чөгүп кетпейт деп ичимден суктандым. Кетерге чейин көлдөн чыкпай Муратты да чыгарбай, чабак үйрөнүүгө аракет кылдым. Бирок ал күнү чабакты жакшы үйрөнө алган жокмун. Бир аз гана алдыга жылганым болбосо, өзүмдүн чабак урууга жөндөмсүздүгүмө нааразы болдум. Убада боюнча апийимин тилишкени көлдөн кеч бешим ченде чыктык. Мен апийим тилгенди жакшы көрчүмүн. Былтыр энем апийим алып жакада калган жалгыз карагайдагыларга тамак жасап берүү үчүн Жамал эжем барып, Бөдөнө эжем менен мен энеме жардам берип апийимде иштегенбиз.
Быйыл апийим албаган себебибиз Жамал эжем экзамен берип окууга тапшырмак. Анын үстүнө эки бөлүндү болгондо, үй-бүлөө үчүн кыйынчылыкка туруп, жетише албай, кыйналып калгандыктан,
бир жагдайлуу болууну тура тапканбыз. Мурат экөөбүз апийимдин талаасына жеткенде бүт элдин баары кара жабырга болуп апийим талаасында иштеп жатышкан экен. Мураттын энеси экөөбүздү көрө коюп кубанып кетти. Себеби жетилген баштарды убагында тилип, кырып калбаса апийим берүүчү боткок баш бышып кетип, урук болуп, сүт чыкпай калмак. Эгер салынган планга жетпесе, өкмөт акчаны аз төлөгөнү аз келгенсип көпчүлүктүн чогулуштарында элдин көзүнчө уят кылып тилдешет. Төйтө апа; -Ырас болбодубу силердин келгениңер.
Докон экөөбүз жетишпей калабызбы деп жаттык эле. Тиги жерде жарма бар жутуп алып, тиле баштагыла тилгичтер да ошол жерде-деди. Мураттын энесинин жармасы дайым жакшы ачып, көбүрүп- жабырып турчу. Жармадан суусунубуз канганча жутуп алып, жарыша апийим тиле баштадык. Апийимдин жетилгенин эл катары кечке калбай тилип бүтүрдүк. Үйгө келсем эжелерим кечки тамактарын бышырып жатышкан экен. Велосипедимди аш үйгө киргизип коюп, эжелериме барып, сүйлөшүп отурганымда:
-Жамал эже сиз кайсы окууга тапшырганы жатасыз-дедим.
Жамал эжем ойлуу карап: -Билбейм, азыр таанышы жок чоң окууга өтүш кыйын-деп жатышат, бара көрөм өтпөгүдөй болсом бухгалтердик бир жылдык мектепке тапшырам го-деди. -Эже сиз этият болуңуз. Бирөөлөр ала качып кетишпесин,
мен эртең эртең менен тоого кетейин. Энем оорукчан болсо, атам да качып кетти деп ачуусу келип капаланып жатат го-дедим. -Геки туура кыласың, аларга таарынганда эмне, алар деле бир нерсени ойлоп жатышса керек-деп ойлуу жер тиктеп калды, ангыча Бөдөнө эжем: -Жанакы ала качабыз дешкендер жакшы эле жер, жезде болчу неме деле тың эле жигит-деп күлгөндө Жамал эжем тура калып, тап берди эле, ары качып кетип:-«эмне жезделүү болсок жаман болобу»-деди.
Анын сөзүнө ачуум келип терең ойго баттым. Ата-энемдин кылгандары кечээки болсо, бүгүн Бөдөнө эжемдин минткени эмнеси. Эмне жакшы жер болсо эле күйөөгө тийиш керекпи. Жамал эжем жаш болсо, анын үстүнө окушу керек да, анан окуусун бүткөндөн кийин сүйлөшүп телевизордогудай болуп зыңгыраган жигитке турмушка чыгып, үйлөнүү тоюн беришсе кандай сонун болоор эле. Ала качканда мурда көрүшпөй туруп эле, чыркыратып сүйрөп, машинага салып барып, жоолук салып көшөгөгө отургузуп койгондун эмнеси жакшы. Мен кийин колукту алганда ала качып келбейм, өзү макул болуп келмейинче ала качып албайм деп ойлонуп жатсам, бир убакта Жамал эжем: -Эмнени ойлонуп жатасың- дегенсиди.-Эже эмне үчүн кыздарды чыркыратып,
өз ойлоруна койбой ала качып кетишет- дедим. Анда эжем үнүн муңайым чыгарып: -Ала качкандар түшүнбөгөн кара өзгөй адамдар да-деп кыска жооп берип:- сен кийин колукту алганда сүйлөшүп аласыңбы?-деп кайра мага суроо узатты. Мен: -Ооба эже, мен колуктумду сүйлөшүп алам. Эч убакта ала качып албайм сүйлөшкөн кызым макул болмойунча үйгө алып келбейм-деп чечкиндүү жооп бердим. Эжем мага ыраазы болгондой жылмайды. -Туура кыласың, кыздар да бирөөнүн баласы, элдин баары эле сендей калыс, боорукер болушса гана, анда жакшы болбойт беле. -Эже эмне үчүн кыздардын ата-энелери,
бир-туугандары ала качып кетсе, кызын кайра алып кетишпейт-дедим.
-Геки ала качуу илгертен бери салтка айланып, көнүмүш болуп калган турбайбы –деди. Мен эжемдин жообуна канагаттанбай:
-Эже абдан түшүнүп алуу үчүн бул адамды өз оюна ээ кылбаган жаман адатты чоңдор да эмне үчүн тыя алышпайт. Алардын да кыздары бар да.-Алардын кыздарын ала качышпайт. Ала качкан зөөкүрлөр алардан коркушат, алар да өзүлөрүнүн алдары жеткен кишилердин кыздарын ала качышат. Ошон үчүн ала качуу түшүнүгү аз, боору таш адамдардын колдорунан келет-дегенде эжемдин жообуна канагаттанып,
кыжырым кайнап колуктуларын ала качып келгендеринин баардыгын жек көрүү сезими пайда болду. Алардын аялдарын аяп боорум ооруду. Эжемди ала качкандар күчтүүлөрдүн кыздарынан коркушуп, алсыздардын кыздарын ала качышат деген сөзү жүрөгүмдөн орун алгандай болду. Садырбай абам Тамгага башкы агроном болуп көчүп кеткенден бери, анын үйүндө квартирада мугалим Султан үй-бүлөөсү менен турчу. Мен эжемден санаам тынбай: «эже эртең менен тоого кетсем, ала качып кетишпесин.
Султан агайга айтып койойунбу, көз болуп коюшсун»-дейм.
-Жок Геки тим эле кой. Мен өзүм айтып койом-деди. Мен эртеси эрте туруп тамагымды ичкенден кийин эжелерим менен коштошуп тоону көздөй жөнөдүм. Жолдо бара жатып колхоздун багынан баштыкка ак алма (эрте бышкан алманын түрү), өрүк алып алдым.Коңурдун этегине таяна бергенде күндүн ысыгынан чекемден тер ага баштады. Уламдан улам колумдагы баштыгым оорлоп «Кулматтын» дөбөсүнө жеткенде бир топко эс алып отурдум. Мага бул жерлердин баары тааныш болуучу. Жыл сайын кой кайтарып жүргөндүктөн,
ар бир чоңураак ташынан бери тааныш болуп калган. Эс алып буту-колумдун ооруганы басылгандан кийин кайра жолго чыктым. «Үч дөбөгө» жеткенде күн түш болуп калган. Колумдагы баштыгым улам оорлогонсуп,
улам бир колума алмаштырып,
чекемдин терин жеңимдин учу менен сүртүп жүрүп отурдум. Күн батайын деп калганда жалгыз карагайдагы үйүмө араң жеттим. Менин караанымды көрүп карындаштарым кырдан чыга бергенде эле алдымдан чуркап тосуп чыгышты. Чатырга жете бергенде ата-энем чатырдан чыгышты. -Ии, качкын келе жатасыңбы-деп күлдү. Мен бултуюп башымды жерге салдым. Таарынычымдын толук жазыла электигин тигилер да толук түшүнүштү окшойт, башка сөз айтып урушкан жок. Алар күнөөлөрүн сезишкенби же менин тердеп– кургап жөө келгендигиме боорлору оорудубу, кайра: -Кел, келе гой! Абдан чарчаган турбайсыңбы.
Мынча эмне алманы көп салып алгансың, курсагың да ачка көрүнөт, тамак ич- дешип үйрүлүп түшө калышты. Бул окуя мени алгачкы жолу ата-энеме каршы чыгып, өзүмдүн оюма келгенимди жасаганым эле.Эртеси эртең менен энем, карындаштарым менен кой кайтарышмай болуп атам, Конокказы абам үчөөбүз «Орто-булакка» чөп чапканы жөнөмөй болдук. Атам мурунку күнү «Чычкан-Башыдагы» Муканбет атаныкынан чалгыларды сурап келип коюптур. Бопой торуну атам минип, биз Конокказы абам экөөбүз Куркукка минип, чалгыларды өңөрүп, тамак-аштарыбызды канжыгага байланып жөнөй бергенде, артыбыздан Короочу да ээрчип алды. Биз «Орто-булакка» күн шашке болуп калганда жете бардык. Чөптөр жакшы өскөндүктөн баштары аттын үзөнгүсүнөн келип, ары бери ыргалышат. Буралып өскөн калың чөптөрдү аттар омуроолору менен жиреп баратышты. Биз чөп чабуучу жерге жеткенде аттарыбыздан түшүп, аттардын ээрин алып тушап коё бердик. Үчөөбүз ээр токумдарыбызды алдыбызга салып, канжыгадагы тамак-аштарыбызды чечип, уй кымыздан ичип, чалгыларыбызды курчутуп, кандай чабаарыбызды пландап алып, чөп чабууга кириштик. Үчөөбүз катар тизилип, чөп чаба баштаганыбызда,
менин арымым кичине болуп, солду ичкереек алганым менен тигилерден калышпай солду тең эле бүтүрүп жаттым. Айылдагы огороддун чөбүн абам экөөбүз чаап жүргөндүктөн,
чалгы менен чөп чапканды мурда эле билчүмүн. Чөптөр айдап койгондой кою болгондуктан,
чапканда сол сол болуп чогулган чөптөр кыр-кыр болуп жыйылып жатты. Тоонун абасы анча ысык болбой салкын жел жүрүп тургандыктан,
анын үстүнө тоонун чөбү айылдагы бедеге караганда жумшак келип чапканга оңой болгондуктан,
анан да өйдөдөн ылдый карай чөп калтырбай солдун аягына бат эле чыгып, кызыгып чаап бир топ жерди арбытып жибердик.Орто-
булак Чет-булактан өйдөкү жайлоо эле. Анын өйдө жагында Баш-булак жайлоосу бар болчу. Алардын ортосун узунунан кеткен кыр гана бөлүп турчу. Орто –Булак Чет Булакка караганда абдан кенен болуп, ар бир салаасына колхоздун бирден короо койу күздөсө да, чөбү түгөнчүдөй эмес эле. Ал да Чет-Булактагыдай эле чоң кокту келип, кокту күнгөй бети, тескей бети болуп бөлүнгөн. Биз чөптү тескей бетинен чаап жатканбыз. Күнгөй бети бозоруп, чөбү кыска келер эле, биз кечке чейин бир топ жер чаап калган жерди эртеси чапмай болуп, чалгыларыбызды катып койдук. Куркук менен Бопой тору чөпкө аябай тойуп жатып алышкан экен, кетүү ойлорунда жоктой баштарына жүгөн салып жетелегенибизде гана орундарынан араң турушту. Короочу тилин салаңдатып акактап, ары бери чуркап, канатууларды кууп жүрүп чарчагандай.
Биз аттарыбызды токуп жөнөгөнүбүздө күн кеч бешим болуп калган, чатырыбызга күүгүм кире жете келдик. Биз үйгө барганда үйдөгүлөр эчак малды тейлешип тамактарын дайардап күтүп жатышкан экен. Эртеси үчөөбүз калган чөптөрдү чапканы жөнөдүк.Былтыртан бери атам жайкысын кышкыга чөп чар камдап жыгач таш алып, үй короо жайды оңдоп, акчаны көп коротпой, малды көбөтө баштады. Энем болсо үй оокаттарын тыңдап, кыздардын себине камылгасын көөрүүдө. Баягы доктурга жаткандан бери ооруп, кез кезде төшөккө жатып калуу адатка айланып баратты. Биздин коникулубуз да аяктап жылдагыдай эле жакынкы күндөрдө ата энелерибизди суукка калтырбай ылдыйкы журтубуз Кулматтын дөбөсүнө көчүрүп коймой болуп камынып жаттык. Эми баарыбыз окууга кирип жалгыз гана Света колдорунда калмак. Ал дагы тестийер болуп, койдун четин тозгонго жарап калган. Бирок мал багуу кыйынчылыгын ата –энем эки жылдан бери, биз окууга кеткенден кийин тартып, жалгыз бойлукту чындап баштарынан өткөрүп жатышкан. Мурда абам экөөбүз окууга кеткеде төрт карындашым көп билгизишчү эмес экен. Кудай кааласа аткарбаска куубарылдын акысы барбы дегендей адам баласы канчалык кыйынчылык баштарына түшсө да чыдай беришет тура. Биз окууга кеткенден кийин деле ушул сегизөөбүз тарткан түйшүктү үчөө тартып, биз алтынчы күндөрү окуудан тарап келгенче чыдап турушчу. Биз биринчи күнү кайра окууга кеткенде үчөө малдарын багып оокатарын жасап калышчу. Каникул бүтөөргө чукулдаганда ата-энебизди Кулматтын дөбөсүнө көчүрүп коюп окууларыбызга кеттик.Мен эми алтынчы класска кирдим Бүтай эжей төртүнчү класска киргенде эле класс жетекчиликти Зуураш эжейге өткөрүп берген. өзү кайра биринчи класска класс жетекчи болгон. Парталаш отурган Гүлайым да бешинчи класска окуганы келген эмес. Кийин уксам ал интернаттан окуганы кетиптир. Ушул жакшы көргөн эки адамымдан бөлүнүп кеткенгеби же түйшүгүмдүн уламдан-улам көбөйгөнүнөнбү бешинчи класста ударнике түшүп калгам. Зуураш эжей Калейкелерге тууганчылыгы бар эле. Ошондуктанбы Калейкени дайым мактай берчү, мен Бүтай эжей менен жакшы мамиледе болгондуктан,
көпкө жетимсиреп жүрүп араң көндүм. Анын үстүнө жанымда отурган Гүлайымга да абдан көнүп алган экенмин. Аны да көпкө чейин жоктоп жүрдүм. Классташ кыздарымдын эч кимисин Гүлайымга теңечү эмесмин аларга жагынып жакшы мамиле жасоого аракеттенгеним жок. Жөн гана кыздын кырк чачы улуулугун сыйлап, аларга жаман сөз айтып урушпастан жакшы мамиле кылчумун. Кыздар эмес эркеке балдар менен да урушуп мушташчу эмесмин. Себеби эч кимге тийишпестен түз жүргөндүктөн,
алар да мага тийишишчү эмес. Өзүмдөн бир жаш, эки жаш улуу балдар чыкса, дайыма саламымды жазчу эмесмин. Анткени өзүмдөн эки жаш улуу агам болгондуктан,
алар да мага тийишишпей иниси катары мамиле жасашчу.Мен техникага абдан кызыкчумун маңдайкы кошунам Замир мектепти окубай таштап коюп, тракторист болуп иштей баштаган. Ал кичинекей ДТ-20 деген трактор айдоочу. Трактор абдан кичинекей болуп бат жүргөндүктөн,
аны тыпылдак деп коюшчу. Замир аба кечинде жумуштан кийин үйүнө тыпылдагын айдап келгенде, колум бошоорум менен жанына жетип барчумун. Ошентип жанынан чыкпай жүрүп тыпылдак айдаганды бат эле үйрөнүп кеттим. Биз жылдагыдай эле алтынчы дем алыш күндөрү тоодогу ата-энемдерге барып жардамдашып турдук. Жамал эжем Караколдогу бухгалтердик мектепте окуп жаткан. Эки үч жумада бирден келип, кирлерибизди жууп үй кирдеп кеткенде Бөдөнө эжем экөөлөп актап, тазалап кетип турчу. Ал окууга кеткенден бери анын түйшүгү Бөдөнө эжеме өтүп Жамал эжемдин ордуна бизге баш көз болуп калды.Атамдар октябрдын аяк ченинде жылдагыдай эле элдин малын өткөрүп берүү үчүн төштөгү сарайга көчүп келишкен. Элдин малын үч төрт күндө таратып бүтүшүп, ноябрь жаңыраары менен айылдагы үйгө көчүп келишти. Кышта кар калың болуп, жылдагы жасаган оокатыбыз менен алек болуп кышты өткөрдүк. Бир күнү Жамал эжемди күйөөгө ала качып кетиптир деген кабар угуп артынан кууп жөнөмөй болдук. Ал кезде ачуу басары келбей эле кыздын төркүндөрү артынан кууп барышчу. Муканбет атанын уулу Асанкадыр аба, Саадаткан жеңе, мен болуп үчөөбүз кууп бармай болдук. Адегенде Караколдогу окуган жерине барып, сураштырсак чогуу окуган кыздары Түп районунун Арал деген жерине ала качып кетишкендигин айтышты. Биз автобуска түшүп Арал айылын көздөй жөнөдүк.Тегеректин баары кардан жаңы эле ачылып жаз өзүнүн үстөмдүгүн кылып көк жашыл болуп чөптөр жаңы чыга баштаган. Тээ алыстагы тоолордун учтары гана агала болбосо, калган жерлердин карлары эрип бүтүп, жолдор кургап калган. Автобус бир калыпта акырын жылып баратты, себеби Николаевканын тушунан оң жакка бурулуп, Арал жакка кетүүчү жолго түшкөндө ал жол таш жол экен. Уңкул-чуңкулдары көп болуп катуу жүрүүгө мүмкүн эмес эле. Жолдо айылдар көрүнбөй эрме-чөлдө калгандай болуп анда-санда эле жолдон алыс кичинекей айылдардын карааны көрүнбөсө, биз жактагыдай айылдар жок экен. Эртең менен үйдөн чыккандан бери кабагым салыңкы эле. Ичимден ар кайсыларды ойлоп, бушайман болуп жаттым. Адегенде эле Жамал эжемди ала качып кетти деген кабарды укканымда, Жалгыз карагайдан качып келгенимди,
Жамал эжем менен сүйлөшкөндөрүм эсиме түшкөн. Эмне үчүн карапайым адамдардын кыздарын ала качышат. Байкуш кыздардын өз ойлоруна койбой чыркыратып ала качып отургузуп койгондору,
барып турган мыкаачылык экендигин, ошол кара өзгөйлөр өзүлөрүнүн эже-карындаштарын,
кыздарын ошондой кылса кандай болоорун түшүнүшпөйбү,
же аларга деле боорлору оорубайбы. Булар эмне деген адамдар, эмне үчүн кыргыздар башка улуттардай болуп сүйлөшүп үйлөнүшпөйбү,
баарыдан мурда мындай ишке аялдардын аралашкандарын ойлоп, таң калып жаттым. Өткөндө кошунамдан бирөө кыз алакачып келсе, ал кыз отурбай койгондо үстүнө аялдар кирип, тегеректеп алып колу-бутунан кармап тилдешип ары-бери жулкулдатып,
«биз дагы ушунтип эле келгенбиз»,
дешип ушул кыздан өзүлөрүнүн өчтөрүн алып жатышкандай,
болбой башына жоолук салып отургузуп коюшкан. Эмне үчүн өзүлөрүнүн баштарынан кордук өтсө да, кайра боорлору ооруп болушунун ордуна түшүнбөгөн зөөкүрлөргө жан тартышат. Эгер өзүлөрүн сыйлашпаган күндө да эне катары өз кыздарын ушинтип ала качып кетишерин эстешпейби.
Кыздарын жакшынакай тарбиялап, окуутуп чокутуп алып, белгизиз бирөө ала качып кетсе тим болушат. Эгер кызы өзү теңдүү жакшы жерге барса эч нерсе эмес, кокус кем акыл зөөкүр кара өзгөй аракеч тарбиясы жок немеге барсачы, кызын өмүр бою кор болуп калаарын ойлошпойбу.
Байкуш Жамал эжемди да чыркыратып зордуктап ала качып кетти да, ал байкуш да ушул жаман адатка баш ийип өзү калабаса да, босогону аттагандан кийин бүттү, «таш түшкөн жеринде оор», «Кыздын бараар жери күйөө» жоолук салгандан кийин бүттү, деген элдин сөздөрүнөн чыга албай отуруп калса керек. Ошонтип мен өзүмдүн суроолорума жооп таба албай кыйналып бара жаттым. Ошондо балалык көз карашым менен карап, мындай жаман үрп-адаттар илгертен элибиздин кандарына сиңип мыйзам менен да, жөн тыйып да, көпчүлүк эл каалабаса да тыйылбай тургандыгын билбей элге чоңдорго ачуум келген. Биз Арал айлынын остановкасынан түшүп, сураганыбызда эле, «тигил үй», деп көрсөтүп беришти. Айыл кичинекей болуп, болжолу үч жүз түтүндөй эл жашайт экен. Жамал эжемди ала качып барган үй балык жон эки бөлмөлүү, короосуна киргенде эле, үйдөн бөкчөңдөп бүкүрөйүп баскан, жетимиштер курагындагы орто бойлуу, кара тору, толмочунан келген кемпир жалынып – жалбарып, -Кулдугубуз бар айланайындар,
Жамалбүбүнүн төркүндөрүсүңөр го, үйгө киргиле, ага туугандарды чакыртайын,
айланып кетейиндер -деп бизди үйгө киргизип жатып, көчөдө турган мен курактуу баланын бир эки кишинин атын айтып чакырып келе кал деди.
#16 23 August 2015 - 13:04
-Жамалбүбүнү чакырыңыз, оозунан сөз укмайынча кирбейбиз- деди Асанкадыр аба, кемпир бөжөңдөп,Макул айланайын -деп үйгө кирип кетти. Бир аздан кийин Жамалбүбү эжем чыгып ага жеңеси менен учурашкандан кийин, мени кучактап өпкүлөп, эч нерсе айтпастан ыйлап жиберди. Мен да көз жашыма муунуп,-Эже жүрү кетели- дедим бетинен өөп, бизди көрүп тургандар зээни кейип, ары жака басып кетти. Бир аздан кийин Жамал эжем мага: -Эми кетүүгө болбойт- деди, анан көзүнүн жашын жоолугунун учу менен аарчып,-үйгө киргиле-деп эшикти өзү ачты. Баргандарыбызга артка жол жок экендиги түшүнүктү болду окшойт. Үйдү көздүй бастык. Үйгө кирсек үйдүн ичи көзүмө абдан жупуну көрүндү. Идиш аяк койгон стол, өйдө жагында көшөгө тагылып, полунда эски кийиз, алтыгаттар салынган, сол жак капталында төркү үйгө кирүүчү эшик, ары жагында от жаккан плита, башка эч нерсе жок экен. Төркү үйүнө киргенде төрдө жүк тактада он бештей жууркан жыйылып турат. Бурчта чоң эски сандык, үстүндө үч төрт чемодан бир жак капталында,
тамдын боорунда туш кийиз тагылган, бир жагында эки кичине терезе, аларга ак чүпүрөктөн жарымына чейин пардоо тагылып турат. Полдо болсо кийиз, алтыгаттар салыныптыр,
көзгө көрүнгөн оокаттар ушулар эле. Ал жайды сурашкандарыбыздан кийин жездемдин аты Бекболот экенин атасы мурда өлүп калганын жанакыл кемпир энеси экенин Темирболот деген инисин багып алышканын, бир эжеси Ошко турмушка чыккандыгын билдик.Ангыча чакырткан эки тууганы, аялдары менен келишти. Дасторкон жайылып, чай куюлуп, арак ичилип үйдөкүлөр бат эле шатыра шатман болуп, эки жаштын бактысы үчүн жакшы каалоо, тилектерин айтып ичип жатышты. Бир убакта Жамал эжем:-Жүрү сүйлөшөлү -деп эшикке чакырып чыкты. Биз сарайдын ичине киргенде, Жамал эжем,- үйдөкүлөр кандай жатышат- деди. Мен үйдө болгондордун баарын айтып ата-энем берип жиберген катты бердим. Эжем катты көңүл коюп окуп чыгып жашылданып,
- Геки үйдөкүлөр мындай деп жазыптыр эгер күйөөдөн чыгып келе турган болсоң топурагыбызды түйүп беребиз дешиптир,-деди.
Мен эмне дээримди билбей, -Эже үйдөкүлөр элден уялып жатышса керек, биздин айыл боюнча күйөөдөн анда-санда эле чыкпаса көп жок да, мени бул жака жиберерде мага минтип айтышкан. Жамал эжеңе айта бар жамандыр жакшыдыр «таш түшкөн жеринде оор» күйөөдөн чыкчу болбосун, элдин бетин кантип карайбыз, баланчанын кызы күйөөдөн чыгып келиптир десе, эртең эле дүң болот дешкен. Бирок бул жер көңүлүңүзгө жакпаса Караколдон иштеп, айылга барбай эле квартирага чыгып алып, жашай берсеңиз эмне болот- дедим. Анда эжем ойлонуп туруп, -Геки биринчиден ата-энебиз кечирбейт. Экинчиден Жамал күйөөдөн чыгыптыр деген кабар элге угулбай койбойт. Бардыгы кеч болуп калды. Багыма жазганы ушудур бардыгы кеч болуп калды, кантейин деп оор үшкүрдү. Эжеме боорум ооруп жок дегенде күйөөсү кандай неме болду экен, балким күйөөсү оңураак болсо, багы ачылып кетээр деген ой менен, -Эже жездем кандай неме, сизге жагабы, аны мага көрсөтөсүзбү-
десем.-Геки жездең өтө эле жоош неме экен, жакпаса айлам канча баш кошуп калгандан кийин -деп жшылданып,- жүрү көрсөтөйүн -деди. Короодо турган жыйырма бештерден өтүп отуздарга барып калган жапалдаш бойлуу, кара тору, арыкчырай, келбети анча эмес абышкадай жай кыймылдаган кишини- тигине деп көрсөттү. Мен аны көрүп эч нерсе дей албай туруп калсам, эжем -кандай дейсиң -деп сурап калды. Менин көңүлүмө жакпаса да эжемдин көңүлүн кыя албай, -Болот- деп башка эч нерсе деп айтканым жок, бирок эжем ушул киши менен кантип жашайт деген ойго кеттим. Жамал эжем жаш келбеттүү, сулуусумак,
тал чыбыктай ийилген акыл эстүү, адамкерчиликтүү,
менменсинген кыз эле. Эх тагдыр кудайым жазса, аткарбаска кубарыңдын акысы барбы дегендей кудайым жазса жашоого туура келет тура. Ал күнү түнөп, эртеси күнү түшкө жакын жолго чыктык. Мен келе жатканда кандай кабагым саланкы келсе, баратканда ого бетер кабагым бүркөлүп, үн сөз жок тунжурап, дагы эле ар кайсы ойдон ажырай албай эми эжеме кандай жардам береримди билбей бараттым. Башыма келген ойдун баары менин кичинекейлигимден,
алсыздыгымдан,
аткарууга мүмкүн болбой, бат эле чоңоюп кетким келип жатты.Үйгө келгенде ата-эне, бир туугандарыма көргөн билгендеримдин баарын айтып берсем, ата-энем да сар-санаа болушуп, «анан кантели чыгарып алсак, элдин бетин кантип карайбыз. Кийин бала-чакалуу болушуп балдары эстүү чыкса, багы ачылып кетээр», дешти. Энем ырым кылды көрүнөт, эт боорсок алып, -Жүрү Бекказы Садык чоң атаңдын батасын алып келели- деди. Айтылуу санжырачы Садык чоң ата бизге тууган болчу. Бир аздан бери ооруп төшөккө жатып калган. Туугандарды чакырып, тойлук ооз тийгизгенде ал киши келе албай калган. Биз келгендин эртеси түшкө маал барганбыз, төшөктө көйнөк дамбалчан жаткан экен. Бизди көрүп энем жүгүнгөндө алкап менин саламыма алик алып, төшөгүнө отуруп мени, -Келегой садага кетейиним чоңойуп келе жатасыңбы- деп бетимден өптү. Туугандар той-аштарында көбүнчө мага ат мингизишип,
барып Садык чоң атаңды алып келе калчы деп жиберишээр эле. Садык абышканын кыздары күйөөгө кетип, уулу Эсенбектин колунда туруучу. Эсенбек аба ал кезде эки эркек балалуу болуп калган. Садык абышканы аш-тойлорго көп алып барып, бат-батан көп көрүшүп тургандыктанбы же ал кишинин сөзүн угуп кызыккандыктанбы тууган ичинде мамилебиз жакшы болчу. Мен дагы ал кишинин бетинен өөп, -Жакшы болуп калдыңызбы-
деп учураштым. Биз алып барган эт боорсокторубузду столду жылдырып алдына коюп, энем: -Сизге ооз тийгизип, батаңызды алалы деп келдик эле, Жамалбүбү кызыңыз күйөөгө кетип, ошол жактан алып келген тойлук эле- дегенде Садык чоң ата мага кайрылып, -Балам суу алып келчи- деди. Мен суу алып келип, бети, колун жуунуп бүткөндөн кийин –балдарың өмүрлүү, бактылуу болсун- деп батасын берип алып барган тамактан жей баштады. Аңгыча келини Курманжан жеңе чай кайнатып келди. Эсенбек аба жумушуна кетип үйүндө жок экен. Садык чоң ата ооруп жатканга арыктай түшүптүр. Дагы эле сүйлөгөн сөздөрү, кайраттуулугу,
акыл эстүүлүгү көрүнүп турду. Садык чоң атаны өзүнчө эле тирүү энциклопедия экенин, ал кезде эч ким билген жок эле. Эгер ошол кезде баалаган киши болуп, сөздөрүн жаздырып алган болсо, кыргыз эли үчүн түгөнгүс байлык болоор эле. Мурда Садык чоң ата санжыра айтып жатканда канча көп эл болсо да, чымын учса да угулгандай болуп, тыптынч, кызыгып угушчу экен. Аны атайын көлдүн күнгөй тескейинен ат жиберип алдырып, эки үч күн тынбай сүйлөтүшсө да, сөзү түгөнбөй эл да тажабай угушчу дейт. Кийинчерээк улутчул, уруучул делип санжыра уккандарды,
айткандарды куугунтуктай баштаганда Садык ата айылдан чыкпай, майда барат аш-тойлордо гана айтып калыптыр. Анда да аракка тойгондор, ал кишинин сөзүнө көп маани беришчү эмес, туугандарынын тоюна барганда, ал кишинин санжыра айткандарын угуп, аз да болсо кээ бирлери ушул күнгө чейин эсиме сакталып калды. Садык ата санжыра айтканда жөн гана кара сөз менен айтпастан, ыр аралаштырып ата-тегинин аттарын катары менен айтпастан, урук-туугандарын,
аялдарын, бала-чака, кыз- кыркындарынын аттарына чейин, жашаган жерлеринен өйдө айтчу. Ал киши санжыра айтып жатканда мен кызыктуу жомок айтып жаткандай болуп, абдан кызыгып угуучумун. Садык ата санжыраны абдан берилип айткандыктан,
өзү кошо аралашып жүргөндөй болуп, обдулуп отуруп, ордунан бир топ жылып кеткенин өзү да билбей калчу. Айтып бүткөндө эсине келип туруп барып, ордуна отурчу. Кээ бир учурларда кызып айтканда, көчүгү менен жылып отуруп, босогого жеткен учурлары да болгон экен.Мен карапайым үй-бүлөөдө, айыл жеринде, карапайым элдин арасында түгөнбөгөн түйшүк тартып, билинбей убакыт өткөн сайын чоңойуп, элимдин каада-салттарын,
турмушта кездешүүчү жаман жакшы үрп-адаттарын ылгап, өзүмө керектүүлөрүн пайдаланып,
барган сайын акыл эсим өсүп жетиле баштадым. Бирок билгендеримден билбегендерим али көп эле. Убакыт өткөн сайын класстан класска көчүп, онунчу класста окуй баштаганыма аз эле убакыт болгон. Кошунам Мурат интернаттан келип, биз менен тогузунчу класстан баштап окуй баштады. Мурат айылга келген күндөн баштап, бири бирибиз менен ынак болуп, ичибиздеги болгон сырыбызды жашырышпай чогуу басып, чогуу туруп, эртеден баштап түндүн бир оокумуна чейин чогуу болуп, жатаарга келгенде гана бөлүнүшөөр элек. Бири бирибизди эртеден кечке көрбөй калсак, кечкисин жолукканча шашып, бири бирибизге болгон жаңылыктарды ийне жибине чейин айтып берүүчүбүз.
Мурат экөөбүз кыш түшкөнчө эки үйдүн сарайларын оңдошкону убадалашканбыз.
Мурат үйүндө жокто сарайымды бузуп, ордун түзөп коюп, бир күндүн ичинде короону өзгөртүп, ой бул жердеги сарай кана дегендей кылып, таң калтырайын деген ойго кетип, күтүп жүрсөм, дем алыш күнү Мурат уй кайтарганы тоого кетмей болду. Эртең менен таң ата туруп алып, сарайды бузууга кириштим. Эртеден кечке чейин жан талашып иштеп, сарайдын үстүндөгү шифер, шырык, рейка иши кылып болгон материалдарын чыгарып ирээттеп далдоо жерге жыйнап, тегеректе созулган тамды жанчып, майдалап ортосуна жыйнап сокконго даяр болгондой кылып түздөп, үстүнө суу чачып, фундаментиндеги таштарды жыйнап сарайдын ордун түздөп койдум. Көчөдөн кирген кишиге мурда сарай болбогон сыяктуу көрүнүп калды. Өзүм жуунуп-таранып,
кийинип алып, эч нерсе көрбөгөндөй болуп Муратты күтүп турдум. Күн бата Мурат кирип келе жатып, мени көрө коюп, -Ой, Беке бул жердеги сарай кайда кеткен, кимдер менен буздуң ыя, бат эле бузуп жыйнап ийдиңби- деп таң калып оозун ача мени караганда Мураттын таң калганын көрүп, жасаган ишиме маашырлана,
-Ушунча чоң сарайды бир күндө жалгыз бузуп жыйнап коймок белем, мен келсем сарай жок болуп калыптыр. Ким бузганын билбейм, мына мен деле иштегендей болбой эле турам го. Үйдөкүлөрдүн баары кечөө тоого кетишкенин өзүң көрбөдүң беле -дедим. Ата-энем жылдагыдай эле элдин менчик койлорун багып тоодо болчу. Бөдөнө эжем Жамал эжемдей болуп, Караколдо бухгалтердик бир жылдык школада окуп жаткан. Конокказы абам карындаштарым менен, тоого кетип жатышкандарын Мурат өзү көргөн болчу. Мурат таң калганын жашыра албай, -Анда сен жомоктогудай эле бир жакка сүп деп жылдырып койгонсуң го. Жалгыз буза алмак эмессиң чыныңды айтчы. Эми кимдер жардам берди -деп такыганда мен: -Өзүм эле буздум, эч ким мага жардам берген жок. Тигине үйдөгүлөр эми азыр келе жатышат,- деп жаңыдан короого кирип келе жатышкан бир туугандарымды көрсөттүм. Мурат чындап таң калып: -Апий сен укмуш иштептирсиң го ушунун баарын кантип бир күндө бүттүң,- деп кайра өзүмө суроо узатты. Мен кантип иштегендеримди бир башынан айтып берсем, ал чындап эле таң калды. Мен максатыма жетип, Муратты таң калтырганыма кубанып, көңүлүм көтөрүлө түшүп: -Муке кел бая өгүнкү кызга кат жазалы- дедим. Мурат: -Макул анда жазса жазалы-дегенинен экөөбүз бир бөлмөгө кирип алып, кат жаза баштадык. Мураттын колу сулуу болгондуктан,
ал жазып, мен колумду артыма алып, ары-бери басып айтып берип турдум. Мурат шыкылдатып жазып:-«Бали!
өлдү да калды ак чардак»-деп сүрөп коюп жазып жатты. Токтой калып ойлонуп, жакшы ойлор келе калганда кайрадан оюмду жыйынтыктап:
-«жаз»-деп ирети менен ары-бери басып айтып бере баштадым. Ошондо айткандарымдан үзүндү келтирсем: «кумдуу жолдо жалгыз роза гүлү өсүп турса, ал суусап бүрүшүп, соолуп жатса, ага өтүп бараткан кербендердин бирөө боору ооруп, өзү ичпестен, жанында алып жүргөн аякы сууну куйса, соолуп бараткан роза гүлү тирилип, кайрадан кулпунуп, көздүн жоосун алып, өсөөр эле. Сен дагы ошол боорукер кербенчидей болуп ошол роза гүлүндөй чаңкап суусап турган мага, сүйүүнүн суусун куюп, катка жооп жазсаң кандай гана соопко калган болоор элең. Мен дагы ошол роза гүлүндөй кулпунуп алдыңдан тосуп турсам, кандай бактылуу болоор элем»-дегенде Мурат: -Бали, бали, өлтүрдүң!
-деди.-Жаз-деп кайрадан ары-бери басып:-«колго кирген тикенекти ийне менен алууга болоор, ал эми жараланган жүрөктү эмне менен даарылоого болот. Менин оюмча анын даарысы бир өзүңдө, ал менин ушул жалындуу сөздөрүмдү жоопсуз калтырбай, «макулмун»,
дегениң». Ушул сыяктуу сөздөрдү жаздыртып жаттым. Катты түн ортосу ченде жазып бүттүк. Мурат мага ыраазы боло карап: -Беке, бул катты окууру менен эс учунан танып калбаса болду. Бул укмуштай жазылды?-деп күлдү. Мен ага ойлуу жылмайып, санаам тынбай: -Баштаганда эле тытып салбай, толук окуп оң жооп берсе- дедим. Эми катты кайдан, кантип кыздын колуна жеткиребиз?
деген суроо болду. Ары-бери талашып отуруп, ал кыз менен параллел класста окуган Турарбектен катты бердирмей болдук. Муратты узатып эшикке чыкканда асман чайыттай ачык болуп, ай так маңдайда турган экен. Мурат менен коштошуп эртеси жолукмакчы болуп аны узаткандан кийин үйгө киргим келбей огороддогу алма-бакты аралап барып токтодум. Жүрөгүм дүкүлдөп, эки бетим албырып, ысып чыкты. Мурда кыздар менен таанышканда өзүмдү мындай сезчү эмес экемин. Өзүмө келе албай толкунданганым басаңдаганча бакта бир топко турдум. Эсиме Гүлайым түштү. Ооба, аны да абдан жакшы көрчүмүн, ал кезде сүйүү эмне экенин түшүнгөн эместирмин.
Балалык сезимим менен балким баа бере алган эмес чыгаармын. Анда кат жазып же оюмду да айта алган эмес элем го. Ага кат жазып жаткан күндө да сүйүү эмне экенин балким түшүндүрө да алмак эмесмин. Себеби, ал кезде сүйүү эмне экенин өзүм да түшүнгөн эмес элем да, керек болсо эми да толук түшүнө албай чын эле сүйүү деген ушубу! Анда Гүлайымды сүйдүм беле же сүйүү эмне экендигин билбегендиктен жөн эле жакшы көргөмүнбү,
балким, чыныгы сүйүүгө эми кабылгандырмын бул алгачкы сүйүүмбү? деген ойлор келип так жооп бере албай жаттым. Таңга маал гана уйкум келгенин сезип үйгө кирдим.Бул кыз менен жолукканыма үч эле күн болгон. Ал мындай болгон эле. Өзүм менен чогуу окуган Кубан, Мурат үчөөбүз мектептин короосунда танапис учурунда сүйлөшүп турган элек, бир татынакай кыз жаныбызга басып келип: -Саламатсыңарбы-
деди. Мен кызды көрүп жүрөгүм опколжуй түшүп, алик алганды билбей, оозум ачылып калыптыр. Кыздын үнү кулагыма ушунчалык назик жана сүйкүмдүү угулду. Ал Кубанды карап:-«сизге сөзүм бар эле»-деп обочороок ээрчитип жөнөгөндө көзүмдү албай тиктеп калдым. Кыздын назиктиги, мүчөлөрүнүн келишимдүүлүгү,
мектепке кийген форма-фартугу таптаза болуп өзгөчө көрүндү. Капкара чачы бир өрүлүп, белинен ылдый түшүп кундуздай кулпунат. Апапакай буттарына кийген тыпырайган шиш така туфлийи, буттарына өзүнчө көрк берип тургансыйт.
Ийилген кара каштары балтанын сабынбай болуп, атайын чийип койгондой, түп түз жаанын огундай кирпиктеричи,
кара көздөрүнө жарашып, ботонун көзүндөй жайнап, балбылдап жанып турат. Апапакай беттерине кырдачынан келген мурду төп келип, оймоктой болгон оозу бышкан алчадай кызарып, сүйлөгөндө шурудай тизилген акактай ак тиштери көрүнө калып жатты. Өзүнүн орто боюна аппак моюну, арыкчырай келип тал чыбыктай ийилген бүткөн боюна бардык мүчөлөрү жарашып тургандай, «сулуу, сулуу эмес, сүйгөн сулуу» дегендей ал кыздын татынакайлыгын,
назиктигин сүрөттөп жазуу кыйын эле.Мен аларды ээрчий карап туруп, бул ким болду экен, Кубандын карындашыбы?
Жок, анын мындай карындашы жок эле, тааныш кызыбы? Жок, анда биз менен тааныштырат эле. Анда ким болду экен? деген суроолор башыма келип-кетип жатты. Кубан менен кыздын сүйлөшкөн бир минута убакыт мен үчүн бир сааттай сезилип кетти. Тиги кыз Кубандан бөлүнүп, ары жакта күтүп турушкан тогузунчу класстын кыздарын көздөй жөнөгөндө, биз Кубандын жанына жетип барып:-Бул ким?-деп сурап калдык, Кубан эч нерсени оюна албастан:-Эжемдин кызы, биздикинде жатып окуп жатат-деди. Биз андан ал кыздын аты Медеркан экенин, анын тогузунчу класстан окуурун сурап алдык. Ошондон бери Медеркан эсимден чыкпай, кайда жүрбөйүн көз алдымда туруп алды. Кезиккен күндүн эртеси кезиксем дегенде, эки көзүм төрт болуп, улам сабак бүтөөрү менен келип калдыбы деген ой менен чуркап сыртка чыга калып, тогузунчу класс жакты карап жаттым. Бирок, ал сабакка келбей калган окшойт, ал күнү аны көрө албай койдум. Мурат да менин жакшы көрүп калганымды билип, мени менен кошо карап жатты. Ошол күн алтынчы күн болгондуктан,
биринчи күнгө чейин ортодо дем алыш күн бар болчу. Эми ошого чейинки убакытты кантип өткөрөөрүмдү билбей, жанымды койоорго жер таппай, жүрөгүмө тамак барбай, үйдөгү жумуштарга көңүлүм чаппай, сарай бузам деген шылтоо менен тоого барбай үйдө ээн калганыман пайдаланып,
Медерканга арнап, алгачкы ырымды жазууга кириштим. Ырдын атын «Бейтааныш кызга»-дедим.
Кечээ мен ашык болдум бир кызга,Орто бойлуу, кара көздүү сулууга.Ойлуу карап, токтоо мүнөз сүйлөсө,Көңүлүңдү тартып кетет бир паста.Назиктигин гүлгө теңеп таң калгам,Мен көргөндөн кезикпеген сендей жан.Сендей кызды таба албасмын эч качан,Сулуулугуң акылыңа жарашкан.Чын жүрөктөн гүл сунамын сага мен,Жок десең мен, түбөлүккө өкүнөм.Кыздар үчүн назик сөздөр айтылса,Сага арнап бул дүйнөдөн мен өтөм.Ырды жазып бүткөндөн кийин көкүрөгүм бөксөргөнсүп,
жеңилжей түшкөндөй болдум. Ыр жазып бүтүп төшөккө жаткандан кийин ырдын саптары көңүлүмдө кайталанып Медеркандын элеси көз алдыма келип, көпкө уктай албай жатып уктап кетиптирмин.
Ошентип убакыт өткөрүп, бир чети Муратты таң калтыруу үчүн дем алыш күнү сарай бузуп, түнү менен кат жазып чыкканга эртеси эртең менен уйкум жакшы канбай калыптыр. Антсе да эрте ойгонуп көнгөн адатым боюнча сабагыма эрте жөнөдүм. Бул жолу да классташ балдардан эрте барып, классташтарымды күттүм. Мурда жөн эле класста күтүп отурсам, эми бир орунга тура албай жүрөгүм алеп-желеп болуп, улам класска кирип чыгып, бир жагынан чөнтөгүмдөгү үч бурчтук болуп бүктөлгөн кат ысытып жаткандай болду. Классташтарымдын алды келе баштап, көп убакыт өтпөй уламдан улам көбөйүп класстын ичи кыжы-кужу боло баштады. Алар бейкапар, бирөөлөрү жан талашып үй тапшырмаларын жазып жатышса, бирөөлөрү көргөн кинолорун айтып жатышты. Класстагы окуучулардын үчтөн эки бөлүгү кыздар болчу. Менин жаныма келгендер:-Эмне көздөрүң шишип, кызарып калган-дешип,
тамашалап жатышты. Алардын айткан сөздөрүнө көңүл бурбастан аларга жооп бербей, айткан сөздөрүн кулагымдын сыртынан өткөрүп жаттым. Менин оюмдун баары Турарбекке кезигип катты бердиртүү эле. Мында Мурат да келип калды. Ал экөөбүз учурашкандан кийин шыбырашып сүйлөшүп жатсак, кыздардын бирөө бизди көрө коюп:-Шыбыр сөз болбойт, шыйрак эт болбойт. Бизден жашырганыңар бар окшойт. Эй, кыздар булар бизден бир нерсени жашырып жатышат, келгиле, кармап айттыралы?-дегенде эшиктен мугалим кирип келип тынчып калышты. Эми катты дарегине жөнөтпөсөм болбой калды. Кыздар көптөп чөнтөгүмдү оодарып алып коюшса, жашыруун сыр ачылып калмак. Сабак бүтөөрү менен Мурат экөөбүз Турарбектин классына барып, аны сыртка чакырып чыктык. Сөздү эмнеден баштаарыбызды билбей, бир азга күймөлөй түшүп, анан Мурат кепти баштап:-Туке,
Бекказы сенин параллел классыңда окуган жаңы келген Медеркан деген кызды жактырып калыптыр, сага ошол кызга жазылган катты берсек, алып барып бере аласыңбы?-дегенде,
Турарбек мени карап жылмайып:-Оо,
азаматсың Беке! Сен туура таапсың, ал кызга балдардын баары ашык болуп артынан чуркап жүрүшөт. Эгер бирөөлөр озунуп ээлеп кетпесе болду. Катты алып барып бербегендечи,
кана катыңар-деди.
Мен чөнтөгүмдөгү үч бүктөлгөн катты сууруп бердим. Турарбек звоноктун үнүн угуп:-«кам санабагыла,
жообун окуудан кийин айтам»-деп мектепке чуркап кирип кетти. Мен чөнтөгүмдөгү катты бергенден кийин, аз да болсо жеңилдей түшкөндөй болдум. Бирок Турарбектин жанакы айткан «балдар ал кыздын артынан ашык болуп чуркап жүрүшөт, ээлеп кетишпесе болду» деген сөзү жүрөгүмдү түпөйүл кылып, сар санаага салып, эми каттын жообун бергей эле деген ойдо болуп, санаам тынбай жатты. Окуу бүтөөрү менен Мурат экөөбүз мектептин берки көчөсүнө чыгып арыктын жээгинде Турарбекти тынчсызданып күтүп отурдук. Турарбек көп деле күттүргөн жок, жаныбызга келип:-Беке,
баардыгы жакшы, эч кимге билгизбей катты өзүнчө чакырып берсем, «ким берди?» деп сурады. Мен каттын ичин ачып окуганда түшүнөсүң десем, унчукпай китебинин ичине салып койду,-дегенде,
Мурат озунуп:-Сен кимден экенин айтсаң болмок?-деди.
Ага Турарбек
#18 23 August 2015 - 14:56
-Ой, ал катты окуганда кимден экенин билет да? Мен Турарбеке колумду сунуп колун кыса кармап:-Рахмат Туке эми каттын жообун бир жолу өзүң алып бер, маакулбу? –дедим. Ал: -Ооба, өзүм эле алып берем?-деди.
Үчөөбүз жолдо карата каттын жообу кандай болоор экен деген мааниде сөз кылып келе жаттык. Үйгө келсем чай даяр экен, окууга кийген кийимдеримди чечинип карындаштарым менен чайга отурдум. Алиман менен Калиман сегизинчи класста, Жаңылкан алтынчы, Света үчүнчү класста окуп жатышкан. Конокказы абам Түптөгү алты айлык дүкөнчүнүн окуусун окуп бүтүп, Барскоондогу сыртка кетүүчү ашуунун түбүндөгү Сарымойнок деген жерде дүкөнчү болуп иштөөчү. Үйгө анда-санда эле келгендиктен,
эми үйдөгүлөрдүн улуусу болуп, баарына баш көз болуп жаткам, карындаштарымдын окууларын сурап, окуу куралдарынан кимге эмне жетпей жатканын билип, түштөн кийин ким кайсы жумуш иштерин бөлүштүрдүм.
Тамакка көп деле көңүлүм чаппай чайды чала була ичип алып, тышка чыгып короодон ар кайсы жумуштун башын бир кармап, жакшы деле иштей алган жокмун.Кечке жуук Мураттыкына барсам, Докон аба короосунда жүргөн экен. Аны менен учурашып, үйгө кирсем Абдырай абышка кемпири Төйтө чоң эне менен чай ичип отурушуптур.
Алар менен учурашып ал жай сурашкандан кийин чай ичип отурсак Мурат келип калды. Экөөбүз өзүнчө бөлмөгө кирип алып Медеркан жөнүндө бир топко сүйлөшүп отурдук. Эртеси окууга барарыбыз менен Турарбектен Медеркан жөнүндө сураганыбызда анын сабакка келбей калганын айтты. Аны көрөм го деген оюм таш капкандай сууй түштү. Ар кандай ойлор биринен сала келип, ал эмне болгон же кат жазганга таарынып калганбы, же кат туура эмес жазылганбы,
Кубандан эмне үчүн келбей калганын сурасамбы, кантип сурайм, эгер шек алып калса, аны тилдейт ко, анын үстүнө эртең менен салам берсем, алик алып учурашпай басып кетпедиби, ал эмнеси, билип калганбы, же Медеркан арызданып, сиз менен окуган балдар мага тийишип жатат дегенби. Жок, кантип ошентсин кат жазгандын эмнеси жаман, көңүлдөнбөсө катты албайт эле да, катты окуп уялып келбей калдыбы, же каттын жообун сурайт деп менден качтыбы? деп санаам алда кайда кетип жатты. Окуу бүткөнчө араң чыдадым. Медерканды издеп үйүнө баргым келди, бирок ага эмне дейм, жок, барууга болбойт, эртеңке чейин күтүүм керек деген ойго келдим. Эртенки күнгө чейин зарыгып күтүү, бир күнгө жетпеген убакыт мен үчүн жылга тете болгондой болду. Бассам турсам оюмдан чыкпай ал күнү окуудан кийин үйдөн жумуш жасабай убакытты Мурат менен өткөрдүм.Эртеси эртең менен окууга барганда Турарбекке кезигип, Медеркандын эмне үчүн окууга келбей калганын жана каттын жообун билип берүүсүн өтүндүм. Ал окуу бүткөнчө билип бермей болду. Акыркы сабакта Кубан жаныма басып келип:-Саат төрттө кара бакка кел жигит болсоң, сүйлөшчү сөздөр бар,-деп коюп өзүнүн ордун көздөй басып кетти. Мурат экөөбүз бул эмнеси дегендей болуп бири-бирибизди тиктешип калдык. Аңгыча мугалим келип, сабак башталып сүйлөшө албай калдык. Кубан узун бойлуу, арыкчырай, кара тору, көп сүйлөбөгөн бир сырдуу, карылуу болчу. Аны балдар «кара дөө» деп да коюшчу. Окуу бүткөндөн кийин Мурат экөөбүз Турарбекти мурунку сүйлөшкөн жерден күтүп турдук. Турарбек эмнегедир көпкө кечигип жатты. Мурат экөөбүздүн сабырыбыз суз тартып бири бирибиз менен сүйлөшпөй, ар кимибиз өз ойлорубуз менен алектенип, мектептин короосу жактан көзүбүздү албай Турарбектин келчү жолун карап отурдук. Бир убакта мектептин бурчунан Турарбектин карааны көрүндү. Ал дагы шашкан өңдүү шыпылдай басып, кабагы бүркөө, ойлонуп келаткан өңдүү. Биздин жаныбызга келгенде:-Эмне болду?- деп тең жарыша суроо узатсак:-Бая күнү катты бергенде китебине салып алды дебедим беле ал үйүнө барганда катты алганды унутуп калыптыр. Бөбөктөрү китептерди жыйнаштырып жатканда кат түшүп калып Медерканды урушуп, сен окууга кире элек жатып балдардан кат ала баштадыңбы деп тилдептир, ошондуктан сабакка келбей калыптыр. Жакында кайра өз айлына кетем деп жатат-деди. Мага Кубандын эмне үчүн кара бакка чакырганы түшүнүктүү болду. Медеркандын катты окубай калганына ичимден аябай өкүндүм. Үчөөбүз тең уруша кеткен немелердей болуп, жолдо карата сөз сүйлөшпөстөн,
ар кимибиз өз ойлорубуз менен алек болуп келе жаттык. Үйлөрүбүзгө жеткенде тарап кеттик. Мен үйгө кирип, китептеримди коюп эч нерсеге көңүлүм чаппай, кайра чыгып, бактын ортосундагы дүмүргө отуруп, ээн жайкын ойлонуу үчүн бакты карай бастым. Бүгүн сарайды согуп баштамак болчубуз. Карындаштарым чайга чакырса да барган жокмун. Демейде түшкү чай убагында карындаштарым менен аркы беркини сүйлөшүп, ар кайсыны айтып күлдүрүп окууларын сурап, эч ой санаа жок түштөн кийинки жасалуучу жумуштарды бөлүштүрүп,
бат баттан чайларыбызды ичип, тышка чыгып кетээр элек. А бүгүнчү окууга кийген кийимдеримди чечкенге жарабай, чай ичип алып жумушка чыгуунун ордуна, жалгыз ар кайсы ойлордун башын бир ойлоп, бир чечимге келе албай башым катып олтурдум. Мурат саат үчтөрдө келди. Ал жаныма олтуруп жатып: -Эмне кылмай болдуң?-дегенде:
-Эмне кылмак элем, чакыргандан кийин барыш керек да?-дедим. Мурат бир аз ойлонуп туруп:-Мен да сени менен кошо барайын?–дегенде мен намыстана түшүп:-Жок, сен барууга болбойт, ал мени жалгыз чакырбадыбы,
корккондой болуп сени ээрчитип алганым болбойт.-Андай ойлосоң мен бери жактан эле карап турам, «кара дөө» сени сабап коюшу ыктымал?-деди.
-Эмне, сабаганда өлтүрүп жибермек беле, мен деле карап турбасмын-дедим.
-Анда эмне кылсаң ошо кыл, сенсиз деле кара бакка барам. Сени ээрчип барбасам болдубу?!-
деп мага таарынып өйдө туруп, шымын күбүнүп кетүүгө камынганда мен:-Койо турчу Мурат. Чынында мен деле андан коркуп турам. Бирок намыс керек да, сен туура түшүн, мен өзүм барып бетме-бет сүйлөшүшүм керек. Эгер мушташам десе мушташам. Бирок Медеркандан эч качан, эч убакта баш тартпайм-десем да Мурат көгөрүп болбой, менин сөзүмдү аягына чейин укпай кетип калды.Үйгө кирип муздак чайдан чала-була ичип алып, кара бакты көздөй жөнөдүм. Кара бакка барсам эч ким жок экен. Бактын ичи көк жашыл шибер чөп, сап-сап болуп катар өскөн ар түрдүү дарактар өзгөчө кооз болуп адамды өзүнө тартат. Шынгыттай түп-түз өскөн кайыңдар, сосналар, теректер жана башка дарактар биринен бири сулуусунуп,
бийиксинип,
мен менсингенсийт.
Жалбырактары сарала болуп, кээ бирлери сары, кызыл түскө боёлуп, түркүн түскө бөлөнгөн. Ар кайсы канаттуулардын сайраганы, ушул сулуулукту ого бетер көркүнө чыгарып тургансыйт.
Бир жерге туралбай ары-бери басып турсам, көп өтпөй кара бактын аягынан Кубандын карааны көрүндү. Жанында биздин параллел классыбызда окуган Ишенбай кошо келатат. Ал да Кубандай узун бойлуу, олбурлуу, ак куба, арыкчырай болчу. Аны балдар «Сары дөө» деп коюшчу. Аларды көрүп Кубандын бул эмнеси, мени экөөлөп сабайлы дешкениби? Кап, Муратты ээрчитип алсам болмок экен. Экөөбүз эле сүйлөшөт экенбиз деп ойлободумбу.
Эми качууга болбойт, көрө жатармын деп өзүмдүн коркконумду билдирбегенге аракет кылып, алдыларынан тосо чыктым. Кубан түз эле келип: -Сен менин карындашымдан башка кыз таппай калдыңбы?-деп жакадан алды. Мен да чымырканып,
аны да жакадан алып:-Сенин карындашыңдан башка кыз мага жакпайт–дедим.
Экөөбүз бири-бирибизди ары бери сүйрөшүп бири-бирибизге кол көтөрө албай жатканыбызда ары жактан Мурат чуркап келип, экөөбүздүн ортобузга түшө калды. Аны туурап Ишенбайда ажыратып кирди. Эптеп экөө эки жакка ажыратып кетишти. Тигилерден бир топ узагандан кийин Мурат: -Көрдүңбү чогуу келели десе болбойсуң, мен келип калбаганда,
экөөлөп сабап кетишмек экен?-деди. Мен күнөөмдү мойнума алгандай башымды ийкеп: -Ооба-деп унчукпай калдым. Ал күнү кечинде Медерканга кайра кат жаздык.Эртеси эртең менен Турарбектен катты берип жибердик. Ал жообун сабактан тарагыча бермей болду. Сабак бүтөөрү менен мурдакы ордубуздан Турарбекти күтүп турсак, ал келип Медерканга катты бергенин, ал каттын жообун ойлонуп көрүп, бир жумадан кийин берерин айтты.Мурат экөөбүз окуудан кийин сарайларыбызды согуп, кечкисин чогулуп олтуруп алып, кимибиз Медерканды кайсы жерден кандай көргөнүбүздү ортого салып, анын ар бир кыймылын талкуулап жаттык. Түнкүсүн түндүн бир оокумуна чейин ойлонуп жатып, уктап калуу мен үчүн адат болуп калды. Бассам турсам Медеркан оюмдан кетпей мурдакы жаркылдаган ачык айрым мүнөзүм жоголуп, жеке эле үй бүлөөдө эмес, классташтарым менен да оңчулуктуу сүйлөшпөй, түнт тартып, өзүм менен өзүм болуп, саргайып каттын жообун күтүп жаттым. Ан сайын убакыт созулуп жатты. Убакыт жай өтүп зарыктырса да, акыры бир жума өтүп, каттын жообун алуучу күн да келип жетти. Эртең менен Турарбектин атайын окууга баруучу жолун тосуп күтүп туруп жолугуп, бир жума өткөндүгүн айтып, сабак бүткөнчө каттын жообун алып берүүсүн айттым. Ал маакул болуп каттын жообун сурамай болду. Ал күнү сабакка барганым менен оюм башкада болуп, мугалимдердин айткандарын түшүнгөнүм жок. Негизи эле Медерканга адеп жолуккандан бери окууларым начарлап, үй тапшырмаларымды аткарбай мугалимдерден тил уга баштагамын.
Окуу бүтөөрү менен Мурат экөөбүз адаттагыдай эле ордубуздан Турарбекти тычсызданып күтүп турдук. Турарбек бул сапар көпкө күттүргөн жок. Ал алыстан келе жатканда эле жымыңдап жүзүнөн жылмайуу көрүндү. Бизге жакындаганда эле: -Медеркан эртең кинодон жолуксун деп айттырды-дегенде мен кубанып кетип Турарбекти сыга кучактап: -Рахмат-деп бетинен өөп жибердим. Жолдо баратып Турарбектен дааналап сурасам, эртең клубда «Цветок и камен» деген индиянын киносу болот экен. Медеркан ошол кинону шылтоолоп, үйүнөн классташ кыздары аркылуу суранып чыкмай болуптур. Ал убакта индиянын кинолору болгондо, кары-жаш дебей көчүп барышаар эле. Айрыкча кыздарга көчөгө чыгып, жигиттерине жолугууга жол ачылчу, башка күндөрү түнкүсүн көчөгө чыга алчу эмес. Бул күнү үчөөбүздүн тең көңүлдөрүбүз ачык, бака-шака болуп, эртеңки күнкү жолугушууну пландап үйлөрүбүзгө көңүлдүү келдик. Мен мурдагыдай үйгө жаркылдап кирип барып кийимдеримди чечинип чайга отурганда карындаштарымдын да күлкүлөрү чыгып көңүлдөрү көтөрүлө түштү. Мен да айтарга сөз таппай эртең индиянын киносу болот экен. Баарыңарга акча берейин кыздарыңар менен барып көрүп келгиле дегенде баары кубанып кетишти. Чай ичилип бүткөндөн кийин карындаштарым менен там согууга кириштим. Алар топуракты мага чакалап алып берип турушту. Мен күндөгүдөн шайдоот кыймылдап там согуп жаттым. Ошол эле учурда Медеркан көз алдыма элестеп кыялымда аны менен жолугушуп, сүйлөшүп жаттым. Ал жолукканда ага эмне үчүн кат жаздыңыз ушунуңуз уят эмеспи десечи, же эмне үчүн мен сүйлөшүүгө маакулмун дебесе деле мынча эмнеге кубанып жатам. Балким жолугушканда мени тилдеп экинчи мага сөз айттырчу болбо десечи, жок андай болушу мүмкүн эмес, андай дей турган болсо Турарбектен эртең кинодон жолуксунчу дебейт эле го. Айтчу сөзүн жөн эле жок деп айтпайт беле, кинодон жолугушалы дегенине караганда көңүлү бар го. Ай Турарбек ай, жумушту чала бүтүргөн экен го, жок дегенде сага ушул жигит жагабы деп сураганда эмне, же болбосо сүйлөшүүгө маакулсуңбу десечи, эртең Медеркан эмне дейт болду экен, ага кандай кантип жолуксам, үйүнө барсамбы же клубдан күтсөмбү. Үйүнө барсам Кубан менен согушаарым анык, анын үстүнө Медерканды үйүндөгүлөргө жаман көрсөтүп алам го. Анда эмне кылсам, жолукканда эмне деп сөз баштайм сени сүйүп калдым десемби, анда ал кандай уятыңыз жок немесиз деп басып кетсечи, анда эмне кылуум керек? Ушундай ойлор башымды тумандатып жатты. Кечинде Мурат келгенде гана ага алаксып жумушту токтотуп, жуунганы бастым. Кечки тамакты ичип бүткөндөн кийин Мурат экөөбүз өзүбүзчө ээн бөлмөгө кирип алып, эртеңки жолугушуу жөнүндө кеңеш кура баштадык. Экөөбүз талашып тартышып отуруп мындай чечимге келдик. Эртең менен Турарбекке жолугуп Медеркандын классташ кыздарын киного чакыртып, Медерканды киного чогуу ээрчите келгиле дешибиз керек. Алардын баары үйлөрүнө барышса, үйүндөгүлөр алардан шек алышпайт, болбосо Медерканды киного жибербей коюшу ыктымал. Медеркан кыздары менен үйүнөн бери чыгышканда үчөөбүз жолдон тосуп алмай болдук. Турарбек менен Мурат берки кыздарды алаксытып алдыга басып кетишкенде,
мен Медеркан менен артта калып сүйлөшмөй болдум. Медеркан экөөбүз ээн калып жакшылап шашпай сүйлөшүшүбүз үчүн, клубка чейинки үйлөрдүн баары эске алынып, кайсы жерден экөө кыздарды бөлүп кетип, кайсы үйдүн тушунан күтүп турушаары, кимден билет алары, ким орун ээлеринен өйдө такталып пландалды. Ал тургай кино бүткөндөн кийин кыздарды кандай узатып Медеркандын үйүнө кирип кеткенге чейинкиси эске алынды. Учурашкандан коштошконго чейинки сөздөр такталды, ошентип [moderated] санаасы менен байыйт дегендей Мурат экөөбүз таң атканга чейин Медеркан менен чогуу жүргөндөй болуп, ар кыймылыбызды кылдат талдап отуруп, жерге жарык түшөөрдө гана үйлөрүбүзгө тарадык. Кеч жатсам да уйкум келбей көзүм чайыттай ачылып кайра башынан аяк учурашкандан баштап коштошконго чейин, көз алдымдан өткөрүп чыктым. Ар бир айтчу сөздөрүм көңүлүмө жакпай кайра кайра оңдосом да, одонодой көрүнүнүп таң атырдым. Эртең менен окууга барганда Турарбеке жолугуп, түндөгү план боюнча кандай иштерди кылуусу керек экендигин айтып бердик. Ал макул болуп биздин айткандарыбызды аткармай болду. Окуудан тарагандан кийин кыздардын эмне дешкенинин жообун алмай болду. Окуудан тарагандан кийин мурдакы ордубуздан Турарбек менен жолугуштук.
Ал кыздарга баардыгын айтканын, киного барууга баардыгы макул болушканын,
Медерканга кечинде классташ кыздары менен барып чакырышарын,
баары айтылгандай аткарылгандыгын айтып берди. Андан соң кечкисин кайсыл убакта, кайсы жерден жолугушаарыбызды сүйлөшүп алып тарап кеттик. Түштөн кийин жумуштарды саат төрттөрдө эле токтотуп жуунуп-таранып,
болгон жакшы кийимдеримди кийинип алып Мураттыкына бардым. Аны менен бир үйүнө кирип алып жолугушуу туурасында дагы бир ирет майда баратына чейин даярданып жатып, кечтин кандай кирип кеткенин байкабай калыптырбыз.
Турарбек келип чакырганда шаша-буша көчөгө чыктык. Үчөөбүз жолугушуп көчө менен басып баратып, согуш убагында душмандардын тылына маанилүү чалгынга бараткан чалгынчылардай болуп үндөрүбүздү акырын чыгарып, мен кантейин, сен тигинт деп кеңешип, ар бирибизге тапшырма беришип кызуу сүйлөшүп бара жаттык. Биз клубдан өтүп бара жатканыбызда клубдун эшиги ачылып жарыгы күйүп, радиосу ырдап бирин эки бала бакыра келе башташыптыр.
Биз түз өтүп эки үч бурулуштан кийин алдыңкы көчөгө түштүк. Көчө менен бир аз баскандан кийин Мурат экөөбүз кыздарды күтмөй болуп калып калдык. Турарбек кыздарды чогултуп келмей болуп жолун улантты. Мурат экөөбүздөн ары бери өткөн балдар сурак алышып, кайдан жүрөсүңөр, кимге келдиңер, кайда барасыңар,-деп жатышты. Биз тигилерди тынчсызданып күтүп кишинин карааны көрүнсө көздөн далдаа болуп, ары басып кетип, кайра чогулуп элге көп таанылбоого аракет кылып жаттык. Ай караңгы болгондуктан,
алыс жак көрүнбөйт. Бир убакта алыстан кыздардын кобурашкан үндөрү чыкканда көчөнүн бурчунда турган экөөбүз тыңшап туруп калдык. Кобурашкан үндөр уламдан улам жакындап келе жатышты.-Келе жатышат деп экөөбүз тең бир маалда бири-бирибизди карап калдык. Бир аздан кийин Мурат ишеничтүү:-Ооба,
ошолор экен. Турарбектин үнү чыгып жатат-дегенде мен эмне кыларымды билбей калдым. Жүрөгүм көкүрөгүмдөн чыгып кетчүдөй дүкүлдөп чыкты.-Кандай кылсак-деп Муратка суроо бергенимди өзүм да билбей калдым. Үнүм да калтырап чыккандай болду, буту колдорума ээ боло албай калтырак басты. Мурат да талкан сугунуп алгансып унчуккан жок. Он чакты кызды ээрчиткен Турарбек биздин тушубузга жеткенде мен келе жатам дегендей кылып жөтөлүп койду. Бул бизди келгиле, кыздарды алып келатам дегени эле. Ошол маалда биз алдыларынан чыгып алар менен саламдашып андан кийин таанышууга өтүшүбүз керек болчу. Бирок биз анте алган жокпуз ууру мышыктардай болуп алардын арттарынан табыш чыгарбай жыла басып акырын ээрчигенге араң жарадык. Ошентип кечээтен бери пландагандардын баары адегенде эле бузулду. Мурат экөөбүз бири-бирибизди түрткүлөшүп «сен бас, мен бас» болуп бараттык. Турарбек биздин даай албай ээрчип келатканыбызды түшүнө койду көрүнөт, кадамын жайлатып бизге кайрылып:-Ой,
менин кошуналарым,
кайдан бул жакта адашып жүрөсүңөр?-деди.
Мурат:-Киного баралы деп бирөөлөрдү күтсөк жок-дегенде.
Турарбек:-Биз да киного бараттык эле кыздардын арасында жалгыз болуп жатам чогуу эле барбайлыбы?
-деди. Биз кубанып кетип жакшы болот деп тең жарыша жооп бердик. Турарбек кыздарга кайрылып: «менин кошуналарым.
10-а-классында окушат, тааныйсыңарбы» дегенде кыздардын бир-экөө: «тааныйбыз» дешти, карангыда ким айтканы билинген жок. Турарбек жайлай басып кала тур дегендей кылып этегинен тартып койдум, беш-алты кадам артта калганда:-Булардын арасында барбы -дедим шыбырап,Турарбек:
-Ооба, бирок Кубандын карындашы ээрчип алды-деди.-Кап пландын баарын бузбадыбы, эми эмне кылабыз дегиче болбой, шек алдырбай:-Мен жете барайын-деп Турарбек чуркап кетти. Мен эмне кыларымды билбей калдым. Ичимен муну Кубан атайын жасаган экен, карындашын кошуп Медеркан ким менен жолугарын бил деген экен деген ойго келдим. Мурда Кубандын үйүнө көп баргандыктан,
анын үй бүлөсүнүн баары мени жакшы таанучу. Мен Медеркандын жанына барарым менен мени таанып Кубанга жеткирмек. Медеркан дагы тил укмак, жеке эле өзү тилдеп тим болбой, ата-энесине айтып, окуудан чыгарып алып, айылына алып кетишмек. Ошон үчүн мен бүгүн Медеркандын жанына жолобошум керек, Кубандын карындашына да таанылбашым керек деген чечимге келип, кыздардын жанына жакындабай арттарынан ээрчип алдым. Медерканга жолуккандан бери Кубандын үйүнө бара албай калгамын. Эми күндүз мектептен да Медерканга жолукканга мүмкүн болбой калды. Кайсы жерден кантип жолугарымды билбей келе жаттым. Ошол учурда баары эле мени аңдып калышкандай болду. Балким Медерканда түшүнбөй бул эмнеси кат жазып коюп, өзү алыстап качат, андай болсо катты эмнеге улам-улам жазат, балким Кубан абамдан коркуп атабы, же ошончолук эле жоош, уялчаак немеби деп жаткандыр. Мейли кандай ойлосо, мен баары бир бул кыздан башка кызды жакшы көрбөйм, баарын түшүндүрүүгө аракет кылам. Бирок кантип, кайсы убакта, ага чейин айнып кетип, жаман көрүп калсачы? деп, ар кайсы ойдун башын ойлоп бараттым. Клубга жакындаганда,
клубдун эшигинин алдында түртүшүп жаткан элди көрүп, башыма бир ой келе калды. Балким ушул учурда эл ары бери түртүшүп жатканда сүйлөшүп калармын деген ой менен клубду тегерене чуркап алардын алдын тосуп эшиктин оозуна келсем Мурат менен Турарбек мага ачууланып; -Сен эмне качып жүрөсүң иштин баарын бузуп, эмне таанышкың келбей калдыбы же суу жүрөктүк кылып коркуп жатасыңбы?- деп зекип киришти. Мен аларга:-Анан түшүндүрөм кире бергиле-деп киного кирүүчү билеттердин акчасын бере салдым. Тигилер жөөлөшүп эшиктин оозуна жеткенде Мурат чыдабай ачуусу келип кетти көрүнөт, мени Медерканды көздөй түртүп туруп алды. Медеркан менен беттеше түшкөндө экөөбүз бири-бирибизди тиктешип калдык. Мен эмне дээримди билбей;-Саламатсызбы?
-деп колумду созуп жибердим. Медеркан жылмайып:-Саламатчылык!
-деп колун берди. Эл ары-бери түртүшүп жатканынан экөөбүз эки жакка бөлүнүп кеттик. Алар клубга кирип кетишкенде мен сүрүлүп четке чыгып калдым. Ушул кол алышып учурашкан көз ирмем мен үчүн бактылуу учур болду. Өзүмдү бактылуу сезип кубанычым койнума батпай, клубдун далдасына келип, терең дем алып өзүмдүн толкунданганымды басаңдатып алып эшиктин оозуна келсем, эл суюлуп калган экен клубга кирдим. Тигилер ортоңку катардын алды жагында отурушуптур.
Медеркандын жанында бир орун бош турат. Мурат менен Турарбек атайын калтырганын билдим. Бирок баргым келсе да өзүмдү токтотуп, ал орунга барганым жок, киши көп болуп бардык орундар толуп калгандыктан,
клубдун эң артында бир топ элдер менен кинону туруп көрмөй болдум.Клубдун жарыгы өчүп «Цветок и камен» деген индиянын киносу башталды. Кино аябай кызыктуу болуп Шака менен Шантинин сүйүүсүн, алардын турмушундагы кыйынчылыктарды баяндап жатты. Кино бүткөндөн кийин тигилер эшикке чыкканда, арттарынан акмалап, ээрчип бара жаттым. Бир убакта бир кыздын;-Эй, кыздар жанкы ээрчип келген жигит азыр да ээрчип келатат-деген сөзү кулагыма угулду. Тигилер сөздөрүн токтото коюшуп, мени карап калышкандай болушту да, кайрадан кинодон көргөндөрүн талкуулап, сөзгө алаксып кетишти. Мен алар менен чогуу баспасам да, жанакы саламдашканыма кубанып, ошол көз ирмемдеги болуп өткөн окуяны, көз алдыма элестетип, алардын артынан бара жаттым. Кыздар үйлөрүнө кирип кетишкенден кийин үчөөбүз чогулганда,
берки экөө ортого алышып, мени жемелеп киришти. Мен аларга Кубандын карындашы жолтоо болгонун, Медерканды ачыкка чыгарып, тил уктургум келбегенин айтып бердим. Алар да туура түшүнүшүп, унчукпай калышты. Эң негизгиси мен жөнүндө Медеркан жакшы ойдо экендигин саламдашканынан эле билинди. Анын үстүнө Медеркан үйгө киреринде Турарбекке шыбырап «Бекказыга салам айтып кой» дептир. Ушул сөздү укканда абдан кубанып үйгө жеткенче Турарбектен эки үч жолу сурап кайра кайра уккум келди. Бирок улам улам сурай бергенден уялдым. Эки күндөн бери пландап жаткандарыбыз аткарылбаса да үйгө абдан көңүлдүү келдим. Карындаштарым уктап калышкан экен. Акырын өзүмдүн бөлмөмө кирип, жатпастан кечтен беркини көз алдымдан өткөрүп, бир топко отурдум. Медеркан менен саламдашканымды,
анын салам айтып кой дегендерин кайра кайра эстеп өзүмчө ыраазы болуп, күлүп да жиберип жаттым.Бир кезде башыма бир ой келип кабагым кандай бүркөлө түшкөнүн сезбей калдым. Анткени ойума балким Медеркан жөн эле саламатчылык деп койгондур. Салам айтып кой дегени жөн эле киного киргизгенге ыраазы болгондур. Ал мага башка эч нерсе деле айткан жок да же сен жазган каттын жообуна маакулмун дебесе же эртең жолугалы дебесе, мен эмнеге минтип кубанып жатам. Ал мага балким жөн эле тааныштардай мамиле кылып жаткандыр. Саламдашып,
салам айтып кой дегендин эмнеси бар, саламдашып койгонго дардактап кеткенимди кара, деп өзүмдү да жемелеп алдым. Ал балким эртең жолукканда байке убара болбой эле койуңуз, мен сиз менен сүйлөшө албайм. Десечи же ал мени киного киргиз дебесе мен эмне ага жылмайып саламдашпадың беле деймби. Жок андай эмес мен али тааныша элек турбаймынбы деп сар санаага кайра баттым. Мен өзүмдү бир саат мурда бактылуу сезип жатсам, эми кайра мусаапыр боло түштүм. Кубанган кубанычымдын баары алда кайда кеткендей болду. Мурунку түнүда уктабагандыктан,
жедеп уйкуга алдырып үргүлөп баратканда чечинип жаттым.Эртеси эртең менен адаттагыдай эле эрте туруп окууга бардым. Менин ойлуу жүргөнүмдү классташтарым көрүп ар кайсыны айтышып шылдыңдап жатышты. Бирок алардын айткандары чындыкка жакындашып жатты. Алар ой бирөөнү сүйүп калганго десе бир дары сүйлөшкөн кызы таарынтып койгонго дешип дагы бирөөлөрү сүйгөн кызы жолугушуга келбей койгонго, деп ар бири ар кайсыны сүйлөп жатышты. Сабак бүтөөрү менен танапис учурунда эшке чуркап чыгып Медерканды карап жаттым. Анын карааны көрүнбөйт. Акыркы сабакта Турарбекке кезигип Медерканды көрдүңбү десем ал окууга келген жок деди. Ар кайсы санаага кайрадан чөмүлдүм, ичимден эмне билип калышканбы кайсы жерден шек алдырдым болду экен. Саламдашкандабы жок анда Кубандын карындашы көрүнгөн эмес, эл көп болгондуктан,
эч ким көргөндөй болгон эмес. Теңтуш кыздарынын тааныгандары айтып койгонбу, анда Кубандын мүнөзү өзгөрүп, мага ачуусу келмек. Баякы жолуккандан бери Кубандын мени көрөйүн деген көзү жок тескери карап сүйлөшпөй жүргөн. Ал бүгүн эмнегедир мага мамилесин өзгөртүп, эртең менен мени менен жакшы саламдашпадыбы.
Түндө кыздардын көзүнчө менин атымды эч ким атаган жок. Анын үстүнө карангыда таанылышым мүмкүн эмес эле. Окуудан келээрим менен эч ким менен сүйлөшпөй өзүмдүн бөлмөмө кирип кеттим. Түштөн кийин эшикке эки-үч жолу гана чыктым. Сарайды согуп бүтчү күнүм эле. Карындаштарыма колдорунан келчү иштерди тапшырып койуп, кайра үйгө кирип, ошентип жумуш да токтоп калды. Бөлмөдө ары-бэри басып, ойлонуп жатып, кат жазуу чечимине келдим. Колума калем, кагаз алып кат жазууга кириштим. Катты саламдашуудан баштап ушул күнгө чейинки болгон окуялардын баарын баяндап келип, аягында каттын жообун чыдамсыздык менен күтөөрүмдү билдирип, сени сүйгөн Бекказы деп кол койуп койдум. Катты жазып бүткөндөн кийин жеңилдей түшкөндөй болдум. Бир нече жолу катты кайталап окуп, ар кайсы жериндеги каталарын оңдоп, кайра жаздым. Ошондон кийин гана курсагымдын ачканын сезип, тамагымды ичип алып Муратка барайын деп сыртка чыксам караңгы кирип калыптыр. Көчөгө чыгып баратсам, атам алдыман чыкты. Атам менен учурашып, кайра короого кирдим. Атам сарайды көрүп абдан ыраазы болуп:-Оо азамат сарайды бүтүп калган турбайсыңбы,
муну кантип салдыңар тим эле чоң усталардай салган турбайсыңарбы,
мына колум узарат деген ушу- деп абдан ыразы болуп мактады. Андан кийин үйгө киргенде атам төштөгү сарайга көчүп келерин, үй оокаттарын,
отун сууларын алып келиш керек экенин айтып,- эки үч күн окуудан калгыла -деди. Атама чай берип кайра узатып жиберип, Мураттыкына жөнөдүм. Октябрь айы аяктап күн суук тарта баштаган. Муратка барып ага катты берип, эки үч күн окуудан калып, ата энемди көчүрүп келээримди айтып, катты Турарбектен бердирип кой деп табыштадым.
Үйгө келип эки үч күн Медерканга жолукпай калаарымды ойлогондо ичим тызылдап жатты.Эртеси эртең менен карындаштарымды ээрчитип алып того жөнөдүм. Үч күнү ата энемди көчүрүп келүү аракетинде жүрүп окууга барганым жок. Ушул үч күн үч жылдай болуп баары өзгөрүп кеткендей болду. Айылдагы үйгө келерим менен Муратка жолугуп Медерканды сурасам, ал окууга келип жаткандыгын Турарбектен катты бердиргендигин каттын жообун бере электигин айтты. Эртеси эртең менен сабака барып, класс жетекчим Зуураш эжейге окуудан калган себебимди айтсам, эжейим туура түшүнүп унчуккан жок. Биринчи сабак бүткөндөн кийин Медерканды көрүү максатында тогузунчу класстар окуган жака бара жатсам, Медеркан бир кыз ээрчитип маңдайымдан чыга калды. Байкоосуздан чыга калганга өзүмдү жоготуп жиберип, кекечтенип,
-Саламатсызбы-
дегенге араң жарадым. Медеркан мурунку калыбы менен, -Саламатчылык-
деп жылмайып күлүп өтүп кетти. Эмне деримди билбей тилимди жутуп алгансып, бир сөз сүйлөгөнгө жарай албай кала бердим артынан ээрчий карап, эки бутум тушалып калгансып, ордуман да жыла албай калдым. Медеркан көрүнбөй калганда гана эсиме келип, терең үшкүрүнүп алып классымды көздөй жөнөдүм. Өзүмдүн мококтугума кыжырым кайнап, жеке эле өзүмө эмес Медерканга да ачуум келип, байкоосуздан чыга калганын деп бараттым. Окуудан келе жатып бүгүнкү окуяны Муратка айтсам, ал мени жемелеп, -Эмне бир сөз айта албагандан кийин, сен да жигитсиңби,
жок дегенде токтой турчу бир сөз бар эле деп эгер токтосо каттын жообун качан бересиң деп сурабайсыңбы-
деди. Мен, -Карап тур эмдиги жолукканда ушинтип айтпасамбы -деп кекенип алдым. Үйгө киргенден кийин эч ким менен сүйлөшпөстөн,
чайымды ичип алып сарайды бүтүрүүгө кириштим. Кечке баш көтөрбөй иштеп жатып Медерканга жолукканда ачык сүйлөшпөсөмбү деп өзүмө өзүм убада берип жаттым. Эртеси оокудан бир сабак бүткөндөн кийин атайын Медерканга жолугуп сүйлөөшүүгө жөнөдүм. Медеркан мектептин короосунда кыздар менен сүйлөшүп турган экен. Мени көрө койуп баары шарактап күлүп калышты. Мен өөзүмдү жоошутуп азыр кыздар менен турганда жолугууга болбойт. Мектепке кирип бара жатканда жалгыз кармайын деп мектепке кирүүчү эшиктин жанына күтүп турдум. Бир аздан кийин звонок кагылып окуучулар мектепке кире башташты. Медеркан кыыздары менен келе жатканда алдынан утурлай чыгып, -Саламатсызбы-
деп Медеркандын алдын торой басам ал, -Саламатчылык-
деп гүлүмсүрөп учурашканча артындагы кыздары түрткүлөшүп эшиктен киргизип кетишти. Кийинки күндөрү саламатсызбы десем саламатчылык деп күлүп койгонунан башка жооп ала албай койдум. Ошонтип кыйын абалга туш болдум же барып классташтарынын күзүнчө ачык сүйлөшө албай, мектептен да Медеркан жанына бирден кыз ээрчитмейинче жүүрүүчү эмес. Ал эми окуудан тарагандан кийин сүйлөшөйүн десем тегерегиндеги кошуна кыздары дайыма тегеректеп жүргөнү жүргөн. Үйүнө барууга такыр болбойт. Кат жассам каттын жообу жок, анын үстүнө кармалып калышы ыктымал. Аны баякы каттан кийин үйүндөкүлөрү катуу көзөмөлгө алып калышкан, кичине эле шек билинсе Медерканды окуудан чыгарып, айылына алып кетеби деп корком. Акыры күндө бир маал учурашсам, алик алып, гүлүмсүрөп койгонуна топук кылып көнүп бара жаттым. Бара-бара экөөбүздүн ортобуздагы жакшы мамилебиз ачыкка чыга баштады. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей кимден чыкканы белгисиз бүт мектептегилер биле баштады. Классташтарым а дегенде доскага Бекказы - Медеркан деп жазышып андан кийин өзүмө ачык айта башташты. Анын классташтары ошентип доскага жазышып, ага да айтышат экен. Ал тургай карындаштарым да гүбүр-шыбыр болуп четин чыгара башташты. Эгер мен жарыялап жиберишпегенде ким билет канчага чейин жашырып жүрөөрүбүздү.
Кубан да билип калдыбы күндөн күнгө мамилеси жакшыра баштады. Бирок мен дагы эле ачык сүйлөшө албай, көкүрөгүмдөгү бугумду ырга айландырып,
«Канткенде мен сүйгөнүмө жетемин» деген ырымды жаздым.Таттуу ойлор кетет экен алыс жака,Жетпесе да убагында максатына.Кыйалымда жетпесем да сүйгөнүмө,Чыным да жок, жанымда эмес алыс жакта,Жетпесем да ойлогондой тез гана,Жолукканда жер караймын жалтана.Сени сүйөм, сенсиз жашоо кыйын деп,Ишенбеймин айтарыма мен ага.Мен өзүмчө жүргөнүмдө чеченмин,Жолукканда дудук болуп кетемин.Билген болсо айтаар киши бар бекен,Канткенде мен сүйгөнүмө жетемин. Медерканды жакшы көргөндүгүм туурасында билине баштагандан бери мен да ачык сүйлөшүүнү күтүп, кыясын келтире албай жүрдүм.
#19 23 August 2015 - 14:57
Ата-энемдер элдин койлорун өткөрүп берип үйгө көчүп келишкен. Суук уламдан улам күчөп, кыш жакындап келе жатат дегендей белги берип, улам-улам кыламыктап кар жаап, кетип жаткан. Бөрүбашта огранном болуп иштеп жаткан Садырбай абамдын колундагы чоң энем Сейдекан ооруп биздин үйгө келгенине үч-төрт күн болуп калган. Үйдөкүлөр чоң энемди молдого окутуп доктурга даарылатып жатышкан. Күндөн-күнгө оңолуунун ордуна акыбалы начарлай берди. Арадан он чакты күн өткөндөн кийин эртең менен эрте таң жаңы эле атып келе жатканда атам мени ойготуп,-Молдону чакырып келе кал, чоң энең катуу болуп жатат -деди. Молдо биздин үйдүн тушунда үстүнкү көчөөдө жашачу. Туруп кийине калып огород менен чуркап молдонукуна барсам ити ажылдап үрүп үйүнө кийирбей койду. Мен кыйкырганчакты иттин үнүн угуп, молдо эшикке чыкты. Мен салам айтып, чоң энемдин кату ооруп жатканын айтарым менен ал мурда дем салып жүргөндүктөн сездиби жаша-буша үйүнө кирип кийинип чыга калды. Ал кишинин аты Исамамбет болчу. Бирок эл аны кары молдо дешеер эле ошол кезде айылдын да молдосу болчу. Молдо экөөбүз огороддун чети менен жай басып үйгө кирдик. Молдо үйгө киргенден көп убакыт өтпөй эле үйдүн ичиндгилер чыры-чуу түшүп ыйлап калышты. Үйдөн Жамыш абам, атам, Садырбай абамдар короого чыгып өкүрө башташты. Мен да аларды туурап өкүрүп кирдим.Мен эс тартканы үйдөн алгачкы жолу өлүк чыкканы ушул эле. Чоң энемдин жакшы санаттары эсиме түшкөн сайын, буркурап боздоп ыйлап жаттым. Чоң энемдин акча тыйынын катып бергендери,
эркелеткендери мен да аны көтөрүп алып, жерге түшүр десе болбой, ары бери көтөрүп, чуркандарымдын баары биринен бири сала көз алдымдан чууруп өтүп, ээ жаа бербей ыйлай бердим. Айыл ападакылар туугандар чогулуп,-Эми ыйыңарды токтотуп сабыр кылгыла боз-үй тигилип сөөктү алып чыгып оордуна койуп, анан ыйлагыла -дешкенде бир топто барып араң басылдым. Эки боз-үйдү чогулган эл көптөп бат эле тигип жиберишти. Таяке тайларга, куда сөөк, жерге-жээктерге чабармандар кабарлаганы жиберилди. Чоң энемдин сөөгү боз-үйгө койулгандан кийин Конокказы абам экөөбүз таяк алып улуулардын үйрөткөндөрү боюнча өкүрүп келгендерди утурлап, өкүрүп турдук.Көчөнүн эки жагынан эл чогулуп келип жатты. Чоң энем ошол кезде сексенге чукулдаган курагында дүйнөдөн кайтты. Ал да убагында жаш болуп далай жигитердин жүрөгүнө чок салып, Нарындын жайлолорунан гүл терип, андан кийин атактуу Ботокан байга келин болуп, Элебеске эркелеп жаштыгын өткөрүп, үч уул, бир кыз төрөп, эне болуп бир кызынан оору ажыратса, бир уулунан согуш ажыратып, эки уулун аман эсен чоңойтуп өстөрүп, небере чөбөрөлүү болгон. Анын небереси жамалбүбү ал кезде бир эркек, бир кыздуу болуп калган учуру эле. Сейдакан чоң эне өзүнүн энелик парызын аткарып жашоосун үлгү болоорлук жашап, уулдарына неберелерине ,эли журтуна кадыр барктуу кезинде жашоонун мыйзамына ылайык, жашы жеткенде, бул дүйнө менен кош айтышып, артына өзүнүн жолун улачуларын калтырып кете берди.Абам экөөбүз көз көрсөткөнү келе жаткандардын үндөрү угулаары менен таяктарыбызды ала койуп ыйлап жаттык. Эртеси биздин жаныбызга Садырбай абанын уулу Айтбек ал жети жашта болчу. Жамыш абанын улуу уулу Тилекмат кошулду, ал алты жашта болчу. Ошентип өкүрүп тургандарыбыздын карааны көбөйө түштү. Эже жездемдер менен кошо алардын жэк-жааттары,
куда-сөөктөрү,
жерге –жээктер жана мен мурда тааныбаган жакындар, тууган–уруктар да келип жатышты. Бир жагынан боорсок бышырылып, бир жагынан мал союлуп келгендерге чай берилип элдин көптүгүнөн малаң-матаң түшүп жатты. Чоң энемди эки түнөтүп үчүнчү күн дегенде коргонго коюуга камынышты. Молдо элди жаназага тургузуп, жаназа окулгандан кийин сөөк салынган табытты машинага салганы алып жөнөгөндө аялдар чыры-чуу түшүп ыйлашып узатып кала беришти. Машина оордунан жылганда калган арттагы машиналар биринен артынан тизилип Карга атанын коргонун көздөй жөнөдү.Карга атанын коргону айылдан эки километрдей аралыкта жайгашкан. Мен табып салынган машинада Сейдакан соң энемдин бала чакалары, жакындары менен бара жаттым. Муздак аба кулак-мурун,
бети-башты каарып тызылдатат.
Асман ачык болуп асманда бирин серин гана булуттар калкып жүрөт. Айлана – чөйорөнүн бары аза күткөнсүп жымжырт. Бир гана тынчтыкты машиналардын үндөрү уңулдап бузуп жатты. Сөөктү коргонго алып кирип даярдалган ордуна койдук. Ал абышкасы Элебестин коргонунун жанынан даярдалган экен. Менин жүрөгүмдү сыздаткан чоң энемди жердин алдына жатткырып оозун кирпич менен бекем бүтөп, оозун топурак менен үйүп салганы болду. Чоң энемди койуп келгендин эртеси элдер тарап, өзүбүздүн жакындарыбыз эле калды. Чоң энемдин Нарындан келген туугандарын узата элек болчубуз. алар да өлүүнү бети ары, тирүүнүкү бери дегендей үйлөрүнө шашып жатышкан. Эртеси аларды узатып, бозү үйлөрдү чечип, ээлерине бергенден кийин, эч нерсе болбогондой болуп жашообуз өз калыбында өтө баштады. Окуганыбызды окуп, атам колхоздун жумушуна чыкты.Алдыда жаңы жыл жакындап келе жатты. Жылдакыдай эле окуудан келгенден кийин короодогу малды тейлеп аларга чөп салып, сугарып, бокторун чыгарып айтоор күүгүм киргенче колум бошочу эмес. Эртең менен эрте туруп малга бир сыйра чөп саалып койуп, анан окууга кетүүчүмүн.
Кайрадан окууга барганы Медеркан менен байланышым мурункудай эле болуп учурашып жүрдүм. Бир күнү клубка индийский кино келгенден улам Медерканга кат жаздым. Ал кезде индийский кино болоор күнү өзгөчө эле майрамдай болчу. Ал күнү бары эртеден баштап кечки киного камына башташчу. Айрыкча жигиттерге кыздар менен танышууга жакшы шарт түзүүлөөр эле. Мен катка киного чакырып кайсы жерден жолугушардын жообун окуу бүткөнчө берүүсүн суранып жазганмын. Катты чөнтөгүмө салып мурунку калыбым менен Медеркандар окуучу класстын жанынан күтүп турдум. Бир убакта Медеркан жанына адаттагысындай бир кызды ээрчитип алып, жаныман өтүп бара жатканда,-Саламатсызбы -дедим Медеркан мурункудай эле,-Саламатчылык -деп жылмайганда,
чымырканып туруп,-Медеркан бир мүнөткө силер менен сүйлөшүүгө болобу- дедим. Өзүмдүн үнүмө өзүм ишенбей айтарын айтып алып эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Медеркан да чын эле угулдубу дегендей таң калып карап калды. Жанындагы кыз алдыга басып кетти. Мен эсимди жыйа салып жанына басып барып, катты Медерканга сунуп,- жооун күтөм -дедим. Медеркан катты алары менен үн дебестен чуркап жөнөдү. Мен аны артынан карап турдум. Ал кеткенден кийин шыпылдай басып, чоң эрдик кылгансып классыма жөнөдүм. Бетим, кулагыма чейин ысып, бетим албырып жүрөгүм акылдап таңдайым кургап толкунданып чыктым. Катты өзүм алып барып бергениме ишене албай жаттым. Окуу бүткөнчө ар кыл санаага чөмүлүп, тынсызданып бир оорунга тура албай жүрдүм. Аякы сабак бүтөөрү менен класска Турарбек кирип келип, -Беке сени менен сүйлөшчү сөздөр бар эле- деп койуп кайра эшикке чыгып кетти. Азыр деп өзүмдү канчалык токтоо кармайын десем да өзүмдү токтото албай артынан чуркап чыкктым. Турарбек чөнтөгүнөн катты сууруп чыгып- Медеркан берип жиберди- деди. Турарбектин колунан катты алып чөнтөгүмө катып түз эле үйдү көздөй жөнөдүм. Түз эле өзүм жаткан бөлмөгө кирип, барып эшигин илип алып, чөнтөгүмдөгү катты алып чыктым. Катта төрт гана сөз жазылыптыр.
«Мени алты жарымда күтүңүз», деп ушул төрт сөздү кечке чейин эмне жасабайын, тамак ичип жатсам да, короодо мал тейлеп жүрсөм да, ичимден кайталап жүрдүм. Кечинде таза кийимдеримди кийип алып мураттын үйүнө жөнөдүм. Барсам Мурат үйүндө экен экөөбүз акылдашып Медеркандын үйүнө өзүм жалгыз бармай болдум. Клубка чейин экөөбүз чогу келип Мурат белет алып, орун камдап турмай болуп клубка калып калды. Мен Медеркандыкын көздөй жалгыз жөнөдүм.Кар калың жаап суук болуп тургандыктан,
буттун алдындагы карлар качыр кучур этип, басып келе жаткан кишинин табышы алыстан угулуп жатты. Анын үстүнө декабрдын жыйырма беши болгондуктан,
чилденин түшчү күнү эле. Асман чайыттай ачылып, жылдыздар жыбырайт, ай жаңы эле чыгып айлананы өтө жарык кыла албай караңгылап турган. Мен Медеркандын үйүнүн жанына айтылган убакта он беш мүнөт эрте жеттим. Үйүнүн жанынан тургандан бирөөлөр көрүп калабы деп аркы кошунасынын теректеринин далдасыда турдум. Күн суук болгондуктанбы же толкунданып жаткандыктанбы бир орунга тура албай, ары бери басып турдум. Үйдүн көчө жакы төрт терезесинин экөө күйүп турган. Бир убакта короонун жарыгы күйүп, эшик ачылды. Мен жаңы эле теректердин далдасынан чыгайын дегенде Кубан иниси экөө ээрчишип чыгып келе жатканын көрүп кайра теректерге далдалана калдым. Алар клубту көздөй кетишти. Саат алты жарымдан өтүп бара жатты. Кино саат жетиде башталмак. Бир аздан кийин үйдүн эшиги кайра ачылып короого Медеркан өзү чыкты. Эки жакты акмалап карап көчөгө чыгып келе жатканда алдынан утурлар бастым. Экөөбүз клубту көдөй акырын басып келе жаттык. Тилим буулуп калгансып, оозуман сөз чыгара албай, эмнени сүйлөйүн десем да баарынын ылайыгы жоктой бир топ баскандан кийин өзүмдүн үн чыгара аларыма ишене албагандай болуп, тамагымды жасап алдым да, -Медеркан -дедим. Ал: -Ии- дегенде, -Бүгүн күн суук болуп жатат ээ -десем Медеркан: -Ооба -деп жооп берди. Кайрадан унчукпай калдык мен ичимден жанакы берген суроомо аябай уялып, ушундай да суроо берчү беле, деп кыжынып алдым. Бирок кайра сүйлөйүн десем башыма бир да сөз кирбейт. Сүйлөсөм эле туура эмес сүйлөп Медерканды таарынтып алчудай болуп жаттым. Медеркан да унчукпай, экөөбүздүн бутубуздун алдындагы кардын табышы гана кайч-куйч этип бир калыпта угулат. Ошентип сөз таап, сүйлөгөнчө клубка да жакындап калдык. Мага бат эле жетип калгандай болдук. Клубка жакын келгенде -Анан жарык өчкөндө эле киреличи- деди. Экөөбүз көчөнүн четине чыгып токтоп туруп калдык. Ай бийик көтөрүлүп кычашкансып экөөнү көрүп алгыла дегенсип күндүзгүдөй жарык кылып турду. Ары-бери өткөндөрдөн Медеркан уялып, тескери карап кетип жатты. Мен Медеркандын өңүн жакшылап карап алганга аракеттенип телмирип тиктейм. Ал дагы мени караганда экөөбүздүн көздөрүбүз тиктеше калып, бири-бирине уруна түшкөндө, көпкө туруштук бере алышпай башка жака бурулуп же жер тиктеп калып жаттык. Биз экөөбүз үн чыгарып сүйлөшпөгөнүбүз менен ичтерибизден бири-бирибизге болгон алгачкы сүйүүбүздү айтып жаткандай болуп сезилди. Клубтун жарыгы өчүп кино башталганда мен Медерканга:
-Клубтун жарыгы өчтү, эми кирелиби,- дедим. Ал:-Ооба- деди. Экөөбүз ээрчишип клубтун оозуна келсек, эл кирип бүтүп бирин экин эле майда балдар калышкан экен. Мурат кире бериште күтүп туруптур. Клубтан чыга калып: -Ой кайда жүрөсүңөр? жүрүгүлө -деп баштап кирип ээлеп койгон орундарына алып барды. Клубтун ичи караңгы болуп, эч ким таанылган жок. Индийский кинолор көбүнчө сүйүүнү даңазалап, жогорку чеберчиликте көрсөтөт эмеспи. Айрыкча ырларычы Медеркан экөөбүздүн жараланган жүрөгүбүздү ого бетер эзди көрүнөт, экөөбүз бири-бирибизге жакындап отуруп, кыналышып калдык. Мен колумду Медеркандын ийининен арта салып кучактап алдым. Бир көзүм экранда бир көзүм Медерканда эле, анын жүрөгүнүн соккону мага сезилип жатты. Экөөбүздүн жүрөктөрүбүз,
жарышып бара жаткан аттарга окшоп, бат-баттан согуу боюнча атаандашып жаткандай болду. Мен сүйүүгө масс болгондой өңү башым кызарып, бүт денем от менен жалын болуп ысып күйүп, башым айлангансып тердеп чыктым. Ал жерден да Медерканга сөз айтып сыйкырлуу ыракатты бузгум келген жок. Ал тургай катуу дем алгандан да иба кылып чочутуп албоого аракет кылып жаттым. Мындайда убакыт дегениң кандай өткөнү билинбей калат экен. Убакыт өтүп кино бүтүүгө чукулдап калганда Медеркан мага: -Чыга берелиби -деди. Мен анын жарык күйгөнчө чыгып кеткиси келип жатканын билип, экөөбүз кино бүтө электе эле сыртка чыга жөнөдүк. Муратка, -Үйгө кете Бер- деп айтып койдум. Биз эшике чыгып жаңы эле клубтан узай бергенде клубтун жарыгы күйүп, элдер топурап клубтан чыга башташты. Биз унчукпаганыбыз менен кол кармашып алып чуркап бара жаттык. Медеркандын мынча шашканы элге көрүнгүсү келген жок көрүнөт же Кубандардан коркктубу билбейм. Мен акырын басалы десем ал алдыга сүйрөгөндө,
мен да чуркоого аргасыз бодум. Медеркан үйгө жакындаганда колун бошотуп,-Мен ушул жерден эле чуркап кетейинчи -деди. Мен колун коё берип, -Жакшы барыңыз -десем, ал кайрылып,-Жакшы барыңыз -деди да чуркаган бойдон үйүнө кирип кетти. Ай күндүзгүдөй жарык болуп тургандыктан,
бирөөлөргө таанылып калбайын деп үстүнкү көчөгө чыгып үйдү көздөй жөнөдүм. Кыштын суугу канчалык кычыраганы мага сезилбей бүт денем ысып күйүп, тердеп келе жаттым. Күңүлүм ачык болуп анда санда кыңылдап ырдап койом, Мурат үйүнүн жанында күтүп жаткан экен. Аны менен бир топко сүйлөшүп отуруп үйгө кеттим. Бул күн менин өмүрүмдөгү бактылуу күндөрүмдүн бири эле. Күндөр өтүп жатты. Кыш өзүнүн үстөмдүгүн кылып, кычыраган суук болуп, кар калың болгондуктан,
мал тоютту колдон жеп, окуудан келгенден кийин үй жумуштарынан колум бошобой жатты. Медеркан менен окуу учурунда эле жолугушуп жүрдүк.Убакыт күтүп турчу беле жаркыраган жаз да келди жыйырма бешинчи март күнү туулган күнүм болгондуктан,
классташтарым куттуктап келишти. Кой союп ар түрлүү тамак-аштарды даярдап тосуп алдык. Класс жетекчибиз Зуураш эжей отуруш болгондо классташташ балдар менен чогу чакырылчуу.
Ага кошулуп күйөсү Кыды агайды да чакырганмын.
Аларды балдардан өзүнчө бөлмөгө коноктоп, ата-энемдер менен бирге отурушту. Ал убакта мектепте тартип кату болгондуктан,
окуучулар отуруш беришкенде класс жетекчилер кошо чакырылып саат он экиден бир мүнөт өткөрбөй класс жетекчилер отурушту таратып коюшуп анан үйлөрүнө кетишеер эле. Бул сапар да тамактар саат он экиге чейин берилип он экиде тарап кетишмей болуп жатканбыз, классташтар бир бөлмөдө ырдап бийлеп жатышкан. Ал күнү көңүлдүү жүргөнүм менен бир нерсе жетишпей жаткандай болуп жүрдүм. Ойумдан Медеркан кетпей кичине эле бошой калганда элеси көз алдыма тартылат да турат. Ал күндүз мени куттуктаганда кечинде конокко чакырсам, Кубандандан уялып жаткандыгын айткан эле. Саат он эки болуп калганда Зуураш эжей үстүбүзгө кирип тароого убакыт болуп калгандыгын айтты. Балдар кыздар шек билдирбестен кийинишип сен муну, мен муну жеткирейин дешип кыздарды бөлүшүп алышып, Зуураш эжей менен Кыды агайды экөө жеткиришмей болуп тарап кетишти. Классташтар жарым саат өтпөй кайра чогула башташты. Көп өтпөй эжейлерди жеткиргени кетишкени кеткен балдар да келип калышты. Алардан жеткирдиңерби деп жабыла сураганыбызда коркпой эле койгула үйүнө киргизип, свети өчкөндө кайра жүрө бердик дешти. Баарыбыз жайылып кайра дастарконго отурдук. Бир аздан кийин винолор куюлуп ыр ырдалып, бий бийленди жаштык кез кызык болот тура. Болгону эки бөтөлкө винону отуз бала ичип, бир эки саат ырдап, бийлеп отуруш үчүн дайыма ушинтип кайра чогулуу биз үчүн адат болуп калган. Бүгүн да ушундай болду.Экзамендер күндөн күнгө жакындаган сайын мугалимдер эгзаминдерге даярдануу максатында окууга болгон талаптарды кату коё башташты. Эгзамендин суроолорун жаздырып белеттер боюнча сурап, эгзамендерге карата балдардын билимин тура аныктоо үчүн чейректик бааны кою үчүн жыл бою окугандарды сурагандан кийин гана бааларды коюп, баа ала албаганыңар эгзаминдерге кирбейсиңер деп коркутуп жатышты. Онунчу классты бүтөөрүбүзгө аз эле калгандыктан,
бири-бирибиз менен күндөн күнгө ынтымактуу боло баштадык. Тоого, көлгө, экскурсияга барууну да пландап жаттык. Бир жагынан жаз жарыш башталып огород жайларда иштер башталды. Быйыл ата-энем да элдин менчик койлорун бакпай, колхоздун чабыр койлорун багып, айылга жакыныраак жээке көчүп бармай болушту. Анткен менен онунчу классты бүтүп окууга кетсем, үйгө каралашаар киши жок болуп менчик кой менен тоого көчүүгө шарттары келмек эмес.Май майрамынын алдында тоого экскурсияга чыкктык. Дархан менен Саруу айылынын ортосундагы жууку капчыгайында абдан кооз жерлер көп боло турган. Жууку суусунун Дархан жак бетиндеги айылга жакынырак кооз жери карагай жылга болчу бүгүн экскурсияга карагай жылгага келмекбиз. Бул жерди Карагай жылга деп аталышынын себеби тегеректеги кокту колоттордун ичинен, ушул эле коктунун ичинде толтура карагайлар өсө турган. Коктунун ичи улам өйдөлөгөн сайын кооз карагайлуу токой болуп, арасында бадалдардын түрлөрү өсүп, тескей жак бетинде көөпкөк болгон шибер чөптүн арасында кызыл, тазыл гүлдөр өсчү. Алардан тышкары ышкын, согондор өсүп жаратылыштын кооздугу өзүнө тартып турчу. Бул жерге унаасы жок жөө баскан киши эки-үч саата жетип келчү. Ошондуктан көпчүлүк учурда экскурсияга чыккандар ушул жерди тандап алышчу. Карагай жылганы жаңы өрдөй баштаганда чаптуу келип коктунун таманы менен жүрүүгө кыйын болгондуктан,
тескей жак бети менен жүрүп отуруп, карагай аралашкан бадалдуу токойго келип жеттик. Жаз күчүнө келип тургандыктан,
ар түркүн чөптөр жапжашыл болуп, арасында гүлдөр жайнап, айлана чөйрө көркүнө келип турган учуру эле. Баарыбыздын көңүлдөрүбүз көтөрүлүп кээлери ырдап, баратышса, кээлери куушуп ойношуп, кээ бирөөлөрү гүл терип бара жатышты. Коктунун ичи заматта шаңга бөлүндү. Тоонун салкын абасы кимдин гана көңүлүн көтөрбөйт. Айрыкча тоону эңсеп келген жаштар үчүн өзгөчө айтып бүткүс жаңылык болду. Жан жаныбарлар эмне болуп кетти денсип учканы учуп, чуркаганы чуркап жакындап келе жаткан адамдардын үндөрүнөн алыстап кетип жатышты. Биз карагай жылганын баш жагындагы көк шибердүү токойдун суусу кең жерине чыгып келип алып келген тамак-аштарыбызды дастарконго жайдык. Дастарконду тегеректеп отуруп ичип жеп ырдап жаттык. Биз жакында окуну бүтүрүп ар кимибиз ар кайсы жерге кетеерибизди терең түшүнө билбесек да баарыбыз тарап ар кимибиз турмуш шартыбызга жараша уясынан учкан балапандардай,
учуп кетерибизди сезип «Курбуларга» , деген ырды хор ырдап жаттык. Ал убакта ырды ооз учубуз менен ырдап жатканыбыз менен алдыдагы турмуштун чыныгы сыноосу күтүп жатканын чындап түшүнбөсөк керек. Мектептин босогосун аттагандан кийин аны менен чогу өзүбүздүн балалык турмушубузду арта калтырып турмуштагы алдынкы кадамыбызды шилтеп турмуштун бийиктигине карай ары катал, ары белгисиз опурталдуу кадамдар алдыда турганын, мурда ата-эне, бир туугандарыбыз менен чогу аларга таянып жашап, турмуштун жолун бирге улап келсек, эми ар ким өз алдынча жол издеп бактысына жараша өз жолуна түшүп, бийиктике карай бет алаарыбызды мектепти бүтүрсөк экен дегенде ак эткенден так этип күндө баруучу окудан тажап, аны жасабайсың,
муну аткарбайсың деген мугалимдерден кутулсак, ата-энелерибиздин карамагынан бошонсок эле баардык турмуш ойдогудай болчудай сезилип жатса керек. Тамактарыбызды ичип алып, ар кимибиз өз-өзүнчө ырдаганы-ырдап,
ойногону-ойноп кетишти. Мен көптөн бери тоого келбегенге,
сагынып калыптырмын.
Карагай жылганын чокусун көздөй жалгыз басып жөнөдүм. Жайнаган кызыл тазыл гүлдөрдү аралап бара жатып Медерканды эсиме түшүрдүм. Ал ушундай кооз жерде жанымда болбогонуна абдан өкүндүм. Улам кооз гүлдөрдү көргөн сайын Медерканга үзүп бергим келип, жаратылыштын кооздугунан көңүлүм эргип балдардан алысыраак барып аларга көрүнбөй отуруп алып, блакнотумду алып чыгып, ыр жазууга кириштим.Жаз келди бүт ааламга майрам болуп,Жер бети жашыл тулаң гүлгө толуп.Жадырап жаш баладай мээрим төгүп,Күн нуру магдыратып жылуу болуп.Жигитине жолугушкан жаш сулуудай,Өсүмдүктөр гүлүн ачат татынакай.Кооздука жүрөк эргип суктангандан,
Кайра кайра карай берем көзүм талбай.Өзүм жалгыз жүргөнүмө ыра көрбөй,Элестетем сени менен жүргөнүмдөй.
Ата канат жүргөн болсоң, сага арнап,Гүл десте сунбайт белеем, мен гүлүңдөй.Ырды жазып бүтүп, толкунданганым басаңдаганда ордумдан туруп чокуну көздөй өйдөлөй басып жөнөдүм. Бир топ баскандан кийин карагай жылганын чокусуна чыктым. Бул жерден жайлоонун дээрлик көпчүлүгү көрүнүп турду. Балалык кезим өткөн Жалгыз карагайдын чокулары Чычканбашы аска-зоолор , берки карагайлуу тоолор Четбулак жайлоосу, Жууку капчыгайынын өйүз-бүйүзү балалык кездеримде жүргөн жерлеримди сагына түшкөнгө сагынычым тарабай көпкө карап турдум.Көрсө ошондо балалык менен коштошуп жатканымды,
ал кезде түшүнбөсөм деле керек. Тоодо жүргөн күндөрүм эсиме түшүп буга чейинки өмүрүмдүн көпчүлүгү тоодо өткөндүктөн,
тоодо төрөлүп, киндик каным тамгандыктан,
тоолор менен жаным бирге сезилип, чокудан түшкүм келбей алар мене сүйлөшүп жаткандай болдум. Жаныма кичинекейимде далай кармаган калдыркан көпөлөктөр учуп жүрүштү. Алар балалыкты кайра эске салып кайрадан толкунданып чыктым. Тоолорго болгон анык сагынычтан улам, кайрадан көңүлүмө ыр саптары келип, «Тоолорум»,
деген ырды жазууга кириштим.Тоолорум көрбөй калсам сагынамын,Алыстап жүргөн сымал жакындарым.
Чер жазам бир өзүңө келген кезде,Көңүлүм тапкан сымал каалаганын.
Кереметтүү кооздуктун кучагында,Шаркырап тунук сууң агып турса.Гүлдүү көйнөк кийинген сулуу кыздай,Жарашат баары сенин турпатыңа.Кокту колот өзөнүң токойуңда,Баардыгы турганындай өз оордунда.Атайын жараштырып боёгондой,Ал тургай суу ичинде таштарыңда.
Ырымды жазып бүтүп калган кезде ойноп жүрүшкөн классташтарымдын үндөрү угулуп калды. Алар мени карап алышып колдорун жоолуктарын булгалашып чакырып жатышкан экен. Ордумдан туруп ылдый карай басып, жөнөгөндө бешим чен болуп калган, классташтарым кетүүгө камынып жатышкан сыяктуу. Биз айылга жеткенде күүгүм кире баштады. Коштошуп үйлөрүбүзгө тарап кеттик. Эртеси үч сабактан кийин май майрамына карата төрт күнгө каникулга тарадык. Үйлөрүбүзгө кетээрибизде баарыбыз чогулуп 1-май күнү кечинде отурушка отурмай болуп сүйлөштүк. Бул майрамда Медеркан үйүнө кетти. Ата энем майрам өткөндөн кийин колхоздун чабыр койлорун багышканы жээке кетишти. Тогузунчу май майрамы да өтүп акыркы коңгуроо күнүнө жакындап калды.Медеркан экөөбүз ачык эле жолугушуп сүйлөшүп жүрдүк. Кубан бизди көрүп калса да көрмөксөнгө салып өтүп кетчү. Кайра мени күйөө бала деп тамашалап койоор эле. Бирок Медерканды кечкисин Кубандын ата энеси үйүнөн чыгарчу эмес. Биз күндүз окуу учурунда мектептен жолугушчубуз.
Кээде эле индийский кино келип калганда кечкисин чогу киного барчубуз. Биз бири-бирибиз менен абдан сый мамиледе болуп, башкалардай өбүшүп же кучакташпаста назик мамиледе болчубуз. Күнүгө бир маал көрүшпөй калсак сар санаа болуп, эртеси эрте көрүшүп, ал акыбалыбызды билүүгө ашыкчубуз. Медеркан окуу жылы аяктаары менен үч айлык каникулду өз айлынан өткөргөнү жатканын ата энеси окуудан тарары менен айылына алып кетерин айткан. Биздин алдыбызга үч ай бойу жолугушпай калуу коркунучу турган. Жакынкы күндөрдөн бери жолуккан сайын ушул темада сөз башталганда жооп таба албай калчу болдук.Мен теңтуштарымдын ичинен Мурат менен абдан ынтымактуу элем. Мурдакындай эле бири-бирибизден сырларыбызды да жашырчу эмеспиз. Мурунку калыбыбыз менен окуудан тышкаркы убакытта күндө жолугушуп сыр чечишип турчубуз.Мына акыркы коңгуроо күнү да келип жетти. Мектептин короосун жаңыртып радио ырдап жатты. Жасана кийинишкен жогорку класстын окуучулары колдоруна гүл көтөрүп, ручка тетрадь кармап алып топ болуп жүрүштү. Колдоруна гүл көтөрүп, биринчи класстын окуучулары да чогулуп жатышты. Бир убакта адаттагысындай эле радиодон ыр токтоп, микрофонду бир эки үч тык-тык чертип, текшергенден кийин,
#20 23 August 2015 - 14:58
-Кымбаттуу окуучулар, мугалимдер өз өз классыңар менен акыркы коңгуроо кечесине арналган линейкага тизилгиле. Кайталайм -деп кайра кайталап кулактандырып калды. Мектептин окуучулары кулактандыруу угулары менен класс класс болуп тизиле башташты. Класс жетекчилер да өзүнүн окуучуларын тизип жатышты. Мектептин директор завуч мугалимдери ортого атайын койулган столдорго келип отурушту. Мектептин директору Алиев Эркинбевке сөз берилип ал өз сөзүндө кымбаттуу окуучулар деп баштап окуучулардын жакшы ийгиликтер менен окуу жылын аяктагандарын отличник окуган окуучулардын фамилияларын айтып, аягында мектепти бүтүрүп жаткан онунчу сегизинчи класстын окуучуларына ак жол каалап, жана алардын алдындагы эгзамендерин жакшылап тапшырышып,
чоң-чоң окуу жайларына өрүп кетишээрине тилектештигин билдирип, сөз сүйлөдү. Андан кийин мектептин мугалимдерине бүтүрүүчү класстардын окуучуларына,
катышып жаткан ата энелерге сөз бериле баштады. Онунчу класстардын кээ бир кыздары ыйлап жатышты. Митинг бүтүп окуучулар тарай баштаганда классыбыз чогулуп, сүйлөшмөй болуп чогубуз менен өз класстарыбызга жөнөдүк. Мен кылчактап артта калып карасам, Медеркан мектептин бурчунда жалгыз мен жакты карап турган экен. Жанына басып барсам, көздөрү жашылданып туруптур ал назик үнү менен,- Окуну бүтүшүңүз менен куттуктайм-
деп колун сунуп -жана окууга өтүшүңүздү каалайм -деп кошумчалады.
Дагы бир нерсе айтайын деди окшойт айта албай бетимден өөп жиберип, артына тез бурулуп, –үйдөгүлөр келиптир, бүгүн айылга кетем- деп чуркаган бойдон кетти. Мен анын мындай абалда болгонун мурда байкаган эмесмин. Ал өпкөн бетим ысып күйүп жаткандай болуп, сөз айтууга жарабай, ээрчий карап турдум. Ообо ал биринчи өөп отурат а мен болсо али аны өбө элек болчумун. Медеркандын карааны көрүнбөй калганда гана классымды көздөй жөнөдүм. Өңүм тамылжып же кубанаарымды же кайгыраарымды билбей бара жаттым.Класска кирсем классташтарым «курбуларга» деген ырды ырдап жатышкан экен. Мен да кошулуп ырдап аларга аралашып кеттим. Ал күнү кечинде классыбыз менен чогу отурушта болдук. Мурдакыдай эжейлерибизди чакырбастан өзүлөрүбүзчө отурдук. Бир күндүн ичинде эле, чоңойо түшкөндөй болуп, өзгөрүлө түшкөндөй болдук. Отурушта эгзамендерге кандай даярданып кантип кийинерибизди ким кайсы окууга тапшырарыбызды сүйлөшүп, аз аздан ырдап, мурункудай шам шаркыт ызылдашпай турмушка ой жүгүртө баштаганыбыз билинип турду. Мурда бири ырдаса, бири сүйлөп,ызы чуу болуп кичинекей балдарча шаракташып,
ар ким билгенин жасачу. Эми бирөө сүйлөсө калгандары угуп, чогу ырдап чогу бийлеп, келечек жөнүндө сүйлөшүп, мурункудай музыканы койуп алып так секирбей музыканын үнүн жай чыгарып алып, эки экиден таңго бийлеп, токтоло түшкөндөй болдук.Эртесинен баштап эгзаминдерге даярданып мектепке лексияларга бара баштадык. Лексияларга да класстын жарымы эле катышып жатты. Мурункудай классыбыз толук чогулбай калды. Окуучулук күндөрүбүздөй ар кимибиз өз өз орундарыбызга отурбай, туш келди отуруп лексияларды барыбыз дептерге жазбай бирөөбүз дептерге жазсак, бирөөбүз блокнотторго жаза турган болушту. Ошентип окуучулук күндөр менен кошо балалыгыбыз да, артта калгандай болду. Биз биринчи июндан баштап эгзамен бере баштадык ар кимиси өзү менен өзү болуп, өз алдынча шарттарына жараша даярданышып,
эгзамендерди тапшырып жаттык. Биз жазуу жүзүндө эгзамен берген күнү гана классыбыз толук чогулбаса, калган күндөрү толук чогулбай калдык. Эгзамендер бүтөөргө чукулдап калганда чогулуп, акыркы эгзамен бүткөн күнү мурда сүйлөшүлгөндөй барыбыз отуруш берчү үйгө кечкисин чолгулдук. Чоң кишилердей болуп досторкондун тегерегинде кайдан окуганы жатканын, окууга качан жөнөөрүн жай баракат сүйлөшүп отурдук. Классташтардын бири да айылда калбай бары тең, туш тушка тарап кетишмей болуптур. Мен да Түптөгү Айыл Чарба технукумга тапшырууну көздөп жаткан элем. Бирок ал жөнүндө ата энем менен кеңеше элек болчумун. Биздин жакынкы арада күткөндөрүбүз жетилүү аттестатын алуу эле. Ошол аттестатыбызды алгандан кийин бир отоло мектептен кутулуп, ар кимибиз өз жолубуз менен кетүүнү көздөп жатканбыз. Биз отуруш бүткөндөн кийин кайда жүрсөң аман жүр дегендей, адаттан тышкары мээримдүүлүк менен бири-бирибизге жакшы каалоолорду айтып коштоштук. Баладар кошуна кыздарын үйлөрүнө чейин узатып кетишти. Эртеси күнү өзүбүздөн улуу балдар биздин класстын балдарын сабап, узатып бара жатышкан Нуржамалды ала качып кетишиптир.
Арадан эки-үч күн өткөнлөн кийин Азия деген кызды, башка айылга ала качып кетиптир, деп уктум. Ошентип аттестат алганчакты эле классташтар туш-тушка тарай башташты.Он чакты күндөн кийин классташтарым аттестат алып жатышканын угуп, Мурат экөөбүз мектепке бардык. Окуучулар каникулда болуп, экзамендер бүткөндүктөн мектептин тегерегинде мугалимдерда көрүнбөй мектеп жым-жырт болуп, короодо эч ким көрүнбөгөнүнөн мектептин ичине кирип, директордун кабинетине түз эле кирип бардык. Салам айтып эшиктен баш бакканда эле,-Келгиле жигиттер өйдө өткүлө -деп директор ордунан тура калып, колун сунуп учурашып жанындагы столдон орун көрсөттү. Мурда директор менен кол алышып учурашып, жанына отурмак турсун алыстан салам айтып учурашуудан ийба кылгандыктан,
биз тура кашчудай болуп, көрсөткөн орундуктардын четине көчүк бастык. Диретордун мындай мамилесине бир чети таң калсак, бир чети чоң кишилерге жасагандай мамилесине ыраазы болуп, өзүбүздү чоңойгондой сезе түштүк. Директор кимибиз кайсы окууга тапшырганы жатканыбызды сурап, бизге ак жол каалап, ар кимибиз менен кол алышып атестаттарыбызды тапшырды экөөбүз ыраазычылыгыбызды билдирип, директор менен коштошуп, кабинетинен чыктык. Муратка жээке ата-энеме барарымды айтып, үйгө келип, кулпуну ачып кирдим. Үйдө жалгыз жашап аткан элем, карындаштарым окуудан тарашканда эле, ата-энеме жээке кетишкен үйдө көп деле кармалган жокмун. Чай койуп ичейин деп көңүлүм чапай койду. Чөнтөгүмдөгү аттестатымды тезирек барып, үйдөгүлөргө көрсөткүм келди. Үйдү бекитип койуп, жаңы кийимдеримди чечинбестен,
жолго чыктым.Үйдөн чыкканда күн түш убактысы болуп, асман ачык болгондуктан,
күндүн ысык нурлары куйкалап жиберчүдөй болуп, жерди кактап турган. Бир аз баскандан кийин эле, ысып тердей баштагандыктан кастюмумду чечип көтөрүп алдым. Айылдан чыкканда бет маңдайымдан билинер билинбес салкын жел согуп, аз да болсо сергий түшкөндөй болдум. Таладагы эгиндер бышып чабыларына аз калган эле, беденин экинчи чабыгы чабыла баштаган. Анын үстүнө көлдүн убагы болгондуктан,
машина тракторлор тез-тезден, ары-бери өтүп жатышты. Мен аларды токтотуп, түшкүм келбей жөө бактын арасындагы жол менен ойлонуп, шашпай баскым келди. Бирок көп узабай эле үстүнө толтура балдарды салган машина алдыга өтүп барып токтоп, сигнал бергенде уялгандан чуркап барып, түшүүгө аргасыз болдум. Машинанын үстүндөгү балдар көлгө баратышкан экен. Шофёр мени көлгө баратса керек деп ойлосо керек ата-энем турган сарайдан өтүп бара жатканда кабинаны тыкылдатып машинаны токтоттум. Сарайга барсам үйдөгүлөр түшкү тамактарын ичишкени жаңы эле үйгө киришкен экен. Чөнтөгүмдөгү аттестатымды сууруп чыгып, атама сунсам, -Оо аттестатың кут болсун, өмүрүң узун болуп, күнү күчүн көр- деп ачып көрүп, энеме сунду энем да каалоосун айтып, көргөндөн кийин карындаштарым да көрүп чыгышты.Атам мага карап кубанычын жашыра албай:-Эми ырас болбодубу мени менен кой кайтарышканга,
-деди. Энем:-Кана айтчы эмне деген оюң бар, балким окууга барам деп жүрбө,-деди.
-Эгер туура көрсөңөр окууга тапшырып көрсөмбү дедим эле, балдардын баары эле окууга тапшырабыз деп жатышат-дедим.
Атам :-Кана кайсы окууга тапшырайын деп жатасың?,-дегенде.
-Түптөгү айыл чарба техникумуна,
агрономдун окуусуна тапшырсамбы дейм,- деп эмне дешер экен дегендей ата-энемдин оозун карап калдым. Алар экөө тең ойлонуп калышты. Атамдын кабагы бүркөлүп: -Баарың эле окуйбуз деп басып кетсеңер, бизге ким каралашат?- деп сен эмне дейсиң дегендей, энемди карады. Мен ичимден чын эле шартым жок экен го эгер чындап кыйнашса, окууга тапшырбай эле койсомбу деп, ата-энемди аяп турдум. Бир топтон кийин жымжырттыкты энем бузуп:-Балдарынын баары окууга тапшырганы жатышса, жалгыз калып калганы кыйын, окууга тапшырып көрүп, өтпөй калса кайра келгени оң, өтүп кетсе эптеп окуталы–дегенде,
мен да буга макул болуп, -Эгер өтпөй калсам силерге жардам берейин-дедим.
Бул чечимге атам да макул болду окшойт унчукпай калды. Чай ичилип бүткөндөн кийин тыштагы байлануу турган Куркукту минип сазда жайылып жаткан койлорду көздөй чапкылап жөнөдүм. Башка жака окууга барганы жаткангабы же окууга жиберип жатышканынабы,
кубанычым койнума батпай бараттым. Мага айлана чөйрөнүн баары жакшы көрүнүп өзүнө тартып тургандай болду. Койлорду тозуп коюп, көлгө барып көлгө түштүм. Чабак урганды жакшы билбесем да, ары бери кулач жайып, ыракатка батып жаттым. Менин кубанычыма Ысыккөлүм, тоолорум, ал тургай асманда калкып жүргөн күн дагы кошулуп жатышкандай болду. Ал күнү өзүмчө эле толкунданып кубанып жүрдүм. Эртеси эртең менен тамактарыбызды ичкенден кийин, эгиз карындаштарым менен жолго чыгып жатканда, ата-энемдер ак жол каалашып баталарын беришти. Карындаштарым мени узатып айылда үй жайды карап калышмак. Ал күнү айылдагы үйгө конуп алып, эртеси айылдагы алты бала менен Түп районундагы Светлыймыс айлындагы айыл чарба техникумун көздөй жөнөдүм. Мен үйдөн чемоданымды көтөрүп тышка чыкканда эле, турмуштун алгачкы кадамдарын артка калтырып, бийиктике карай бет алганымды сезе баштадым.

Супер-Инфо
super.kg
видео








