osh93 (19 Август 2015 - 12:16) жазган:
Акимдер менен да, айтышсак болобу?
Силерге мындай суроону:берсем эгер болобу?
Канча саат уктайсынар, тун кирсе деле чыкбайсынар

Айлык канча толонот,
Бизге теги эле унчукбайсынар.
Келе бергиле айтышка,
Эл ичинде, тумчукбайсынар.
Канча саат тундо,
Уктайсынар?
Чындыкты айтып турганда,
Кызыл сыя менен чаап
Муштайсынар.

Амансыңбы Ош иним
Алгач салам кийин сөз
Деген хадис бар экен
Ушуну да иним сен билгин.
Билбей калдым эже деп
Кечиримди сураба сен кийин
Ошондуктан иничек
Алгач амандашып алалы
Колдон келсе кичине
Анан сага жооп жазалы.
Акимдин сөзү дейсиң жогору
Жогору деп эле амандашпасаң болобу
Аким имиш деп тетир караба
Саламдашып эле иним коелу.
Ден соолугуң чың болуп
Ыйманыңа тың болуп
Жүрсөң керек Ош иним
Жашоо сенде зыңк болуп.
Кызыгып бир калыпсың
Акимдердин ишине
Акимдик деле татаал иш
Билинбеген меен кишиге.
Үкүнүн көзүн жегенсип
Уктабай жүрсөк форумда
Уктабайбы булар деп
Ойлобой тургун оюңда.
Уйку качып кокустан
Форумду жүрсөк тыткылап
Куубай турчу иничек
Бизге атайын ыр курап.
Сураптырсың айлыкты
Карап көрүп капчыгым
Анан сага айтайын
Канча акча түшкөн ачыгын.
Айтсам эгер айлыкты
Айына биз алабыз
жок дегенде бир тайлыкты
акимдиктин арты менен буйруса
топтойбуз го дейм бүт байлыкты ))
Эки сөздүн башын араңдан
Улаштырып койдум мен
Айла жок эми кантейин
Акын болбосоң ушул экен
Эптештирип жазганын эжеңин
Сындабай окуй бер ээ сен