Бул сапар техникум боюнча эки жүзгө жакын студент окууларын бүтүрүп диплом алып жатышкан. Алардан кийин кезек диплом тапшырууга келип жеткенде Садыбеков өзү ар бир бүтүрүүчүгө музыканын коштоосунда тизме боюнча диплом тапшырып жатты. Менин кезегим жетип аты-жөнүм аталганда ордумдан туруп трибунага жеткенче музыка коштоп турду. Садыбеков колумдан бекем кысып окуну бүтүшүң менен куттуктайм дегенде рахмат агай дедим да бир колум менен дипломду алдым. Кубанганымдан жүрөгүм дакылдап чекемден тер кетти. Баардык бүтүрүүчүлөргө диплом тапшырылып бүткөндөн кийин техникумдун өздүк көркөм чыгармачылыгынын жамааты концерт беришти. Концерт кечинде бүттү. Ал күнү дипломду майлашып жуушуп техникумдагы тааныштар менен майрамдадык.
Эртеси төртүнчү мартта группанын балдары чогубуз менен Караколго жөнөдүк. Дөкөн экөөбүз Караколго жетерибиз менен бугалтердик мектепке барсак мени менен армияда учебкада чогу болгон Кытай айылынан барган Жалгасын жолугуп калды. Аны менен учурашып аркы-беркини сурашып турсак ал дагы бухгалтердик мектепте Толкундар менен чогу окуйт экен. Ал биздин Толкундарга келгенибизди угуп чакырганы чуркап кирип кетти. Кайра өзү жалгыз чыгып алар азыр эле жүрүшкөн кетип калышыптыр деди. Ал дагы Толкундун кайда жашаарын билбейт экен. Мен да адрессин сурап албаганыма өкүнүп Дөкөн экөөбүз кайра группаларыбыз чогулуучу ресторанга жөнөдүк. Ресторанга барсак группалаштарыбыздын бары чогулуп музыканын коштоосунда бака-шака түшүп отурушкан экен. Биз аларга аралашып кеттик. Ал жердегилердин баардыгынын көңүлдөрү көтөрүңкү болуп, жүздөрүн күлкү аралап кубалап эки жарым жылдык эмгектери колуна тийип акыбеттери кайтып кесипке ээ болуп колдоруна диплом алышкандарына жетине албай жатышты.Ошол алган кесиптерининин үзүрүн көрүп кээ бирөөлөрү иштеп кетишсе кээ бирөөлөрү анын пайдасын көрбөстөн башка кесипти аркалап тагдырдын буюрган жолуна түшөөрүн билишпей бары жаштыктын жалындуу илеби менен тегиз агроном гана болуп иштеп жолдору шыдыр болуп кетчүдөй айткан калоо тилектери бирдей болуп жатты. Мен диплом алганга бир четинен кубанып жатсам бир чети Толкунга жолукпай аны менен бул кубанычтуу күндү тең бөлүшпөгөнүмө ичим атышып жатты.Ал күнү группалаштарым менен ресторан жабылганга чейин болдум. Ресторан түнкү саат он экиде жабылганда Мураттын квартирасына барып жатып алып эртеси Мурат экөөбүз бухгалтердик мектепке келдик. Ал жерден Жалгасынды таап Толкунду чакыртып алдык. Мен Муратты Толкунга тааныштырганча болбой ал экөө эски тааныштардай болуп бири бири менен учурашып калышты. Ангыча Мурат мага кайрылып,-Толкун экөөбүз мурдатан эле таанышпыз. Эжеси Чолпон менен бир группада чогуу окуймун. Сен деле Чолпонду тааныйсыңда,
-деди. Мен Чолпон менен мурда эки – үч жолду жолугушкандыктан аны жакшы таанычумун.
Себеби Муратка барганда анын группалаш кыздары менен таанышып алганмын. Мураттын суроосуна, -Ооба таныбай анан Аңөстөндүк кызбы?- дедим. Мурат: -Ооба ошол кыз,- деди. Толкун биздин сүйлөшкөнүбүздү карап туруп калган эле. Мен аны карай коюп, -Ой биз сөзгө алаксып кеткен турбайбызбы,
кечээ сага келип таппай кеткенибизди айтып эгер Чолпондун сиңдиси экендигиңди билгенибизде Мурат аркылуу кечээ эле таап алмак экенмин,- дедим. Толкун: -Мен сизге өткөндө эле айтпадым беле бары кудайдын буйругу менен болот деп,- деп күлдү. Мен анын сөзүнүн тура экендигине макул болуп башымды ийкедим да, -Көчөгө биз менен чогу чыга аласызбы,- десем Толкун макул болуп сумкасын алып жанына бир кызын ээрчите чыкты. Ал кыз жапалдаш бойлуу көздөрү бакырайган,
ак жуумал ачык айрым кыз экен. Аны менен таанышып аты Салтанат экен. Ал дагы Аңөстөндүк Толкун менен мектепти чогу окуп бүтүрүп, бухгалтердик мектепте чогу окуп, квртирада да чогу жашашаарын билип алдык. Биз кечке чейин бирге жүрүп кечке жуук квартираларына узатып бардык. Толкун экөөбүздүн жылдыздарыбыз келишип бири –бирибизди жакшы көрүп калдык.Ошентип турмуштун жолу менен улам бийиктегенден бийиктеп алгачкы кадамдарымды жасап тулуп өскөн уямдан учуп андан кийин бийиктикке карай бет алып, билим алууга умтулуп, армиядан кызмат өтөп, жигиттик милдетимен кутулуп, билим алып кесипке ээ болуп, өмүрлүк жарымды табууга аракет кылып, улам алдыга жылган сайын турмуштун жолун бийиктетип отуруп, эми тоого алып барып такады. Алдыдагы турмуштун тоосуна чыгуучу жол буга чейинки жолдорумдан ары бийик, ары татаал эле.Тоо таянганда Атам менен энем менин диплом алып окуумду бүтүрүп келгениме абдан кубанышты. Эртеси күнү койлорун союшуп элден бата алышмакка кошуналарды чакырышты. Анын эртеси туугандарды,
эже-жезделерди,
таяке-таяэжелерди,
жерге-жеектерди чакырышты. Коноктордун аягы узаганча сегизинчи март майрамы кирип келди, үйгө келгендер жакшы каалоо тилектерин айтышып узун өмүр, чын ден соолук бакыт таалай алган дипломуңдун үзүрүн көрүп иштеримдин ийгиликтүү болушун каалап жатышты. Тойго келгендердин баарын жакшы узап кетишкенден кийин үйдө жалаң бир туугандарым калганда атам сөз баштап, -Балдарым мына мен быйыл эр ортону элүүгө чыгып отурам, өтө карып кетпегеним менен ден соолугум мурункудай болбой калды. Энеңердин ден соолугунун начар экенин да билесиңер, экөөбүз алдан күчтөн тайый элегибизде анын үстүнө колдогу малдын жугу турганда Конокказы менен Бекказыны үйлөндүрсөкпү деп энеңер менен акылдашкан элек. Конокказы кыргыздын салты боюнча улуусу болгондуктан,
адегенде сен үйлөнүшүң керек. Эгер азырынча окуумду бүтө элекмин үйлөнбөйм десең, Бекказыга жол бер, бул колукту албаса ишине да тоскоол болот,- дегенде энем баштап эже-жезделерим,
бир туугандарымдын баары колдоп кетишти. Конокказы абам бир топко ойлонуп туруп,-Мейли үйлөнсө үйлөнөйүн,- дегенде баары кубанып кетишти.-Колуктуну качан алып келесиң,- деп калышты. Энем Конокказы абамдан мурда озунуп,-Биринчи майда алып келгениң оң козу бышып, күн жылып калат,- деди. Энемдин сөзүн коштоп баары жаалап кетишти. Конноказы абам ага да макул болду. Андан кийинки кезек мага жеткенде атам,-Бекказы сен менин тилимди алсаң Конокказы абаңдын кайындарынан кутулгандан кийин удаа эле үйлөнгөнүң оң,- деди. Мен да атамдын айтканына макул болдум. Андан кийин тойлорго камынуу жөнүндө сөз болуп, Конокказы абам биринчи май майрамында колукту алып келмей болду. Эже-жездемдер ошол күндөн мурда чакыртпай эле чогулушуп келинди күтүп алышмай болушту. Мен майрам өткөндөн кийин жумуш издемей болдум. Онунчу март күнү эртең менен эрте туруп, жуунуп тазаланып жакшы кийимдеримди кийинип алып эртең мененки тамакты ичип алып колхоздун конторуна жумуш сурап барганы жатсам атам токтотуп алып,-Балам өзүң агрономдун окуусун бүткөндөн кийин Бейшен абаңдын башын аттап Абылайга кирбей адегенде Бейшенге жолук кантсе да көрүп билип жүргөндүк кылаар анын сөзүн Абылай эки кылбайт,- деди. Мен атамдын айткан сөзүнө макул болуп адегенде Бейшенге жолукмай болуп конторго жөнөдүм. Конторго барсам Бейшендин кабинетинде кишилер көп экен. Жалгыз калганда кирип ээн сүйлөшөйүн деген ойго келип тышта күтүп турдум. Улам кирип чыккандардын аягы тыйылбай эки сааттан ашык убакыт күткөндөн кийин гана Бейшен жалгыз калганда кабинетине кирип салам айтсам Бейшен мени көзүнүн төбөсү менен карап алып саламга алик албастан, же кел отур дебестен кагазына бир нерселерди жазып отуруп алды. Бир саамга тургандан кийин-Бейшен аба сизге жумуштап келдим эле,- десем мени карабай туруп,-Эмне жумуш эле,- деп койуп токтобой жаза берди.-Мен окуумду бүтүрүп келдим. Кызмат болсо иштейин дедим эле,- деп төш чөнтөгүмдөгү дипломумду алып чыктым. Бейшен жазуусун токтотуп олурая карап дипломуумду алып көрбөстөн, -Азыр бизде кызмат жок,- деп кесе жооп берди. Мен дипломумду сурап койбогонуна шагым сына түшүп кантсе да, улуудан ыйба кылуу канымда болгондуктан,
өзүмдү кармап кичи пейилдик менен, -Атам адегенде сизге кайрылып көр деген эле,- дедим. Бейшен атамдын адегенде өзүнө кайрыл дегенине бир аз жибий түштү көрүнөт,
Турмуштан жаралган чоку Бекказы Элебесов
#42 23 August 2015 - 15:28
-Мен Абылайга айтып көрөйүн эки үч күндөн кийин келип көрчү,- деди. Ал сөздү укканда үмүт пайда боло түшүп, -Жакшы калыңыз,- деп чыгып кеттим. Үйгө барсам ата-энем мени чыдамсыздык менен күтүп жатышкан экен. Үйгө кирерим менен Бейшен эмне деди дешти. Мен көңүлүм чөгүнкү тартып эки үч күндөн кийин кел Абылайга айтып көрөйүн деди десем атам кубанып мына атанын баласы деген ушул кудай буйурса кызмат бермей болгон турбайбы ал айтса Абылай анын сөзүн эки кылбайт деди. Энем менин кабагымдын салынкы экенин көрүп балам бара калгандай эле жумуш кайда экен атаң айткандай алар бири биринин сөзүн жок дешпейт деп менин көңүлүмдү жубатты. Мен дагы ата-энемдин сөздөрүнө ишенип чын эле сен бул жумушту иште демек беле Абылай менен кеңешип туруп жумуш бергени жатса керек деп санам тынгансып калды. Андан кийин менин ойум Толкунга бурулду. Эки күн убактым болгондуктан барып жолуккум келди бирок кайра ойлонуп жолукканда эмне деп айтам кайсы кызматта иштемей болдум деп айтам жок азыр барууга болбой бир жолу кайсы жумуштан иштеримди билгенден кийин барганым оң деп ичимден өзүмдү өзүм тыйдым эки күн өтүп үчүнчү күн дегенде кайра конторго жөнөдүм. Дагы эле Бейшендин кабинетинде кишилер көп болгондуктан залда күтүп отурууга тура келди. Бейшен жалгыз калганда салам айтып кирсем саламыма алик алып мен сен жөнүндө Абылайга айттым азырынча кызмат жок болуп жатат эгер кабыл алсаң ар кайсы жумуштан иштеп турсун кийинчерек орун бошоп калса кызмат беребиз дейт деп жымсалдап койду. Мен эмне дээримди билбей туруп калсам Бейшен сөзүн улап эгер ар кайсы жумуштан иштегиң келсе экинчи бригаттын бригадирине мени жиберди деп барсаң ал жумуш таап берет деп мыйыгынан жылмайып койду. Мен ичимден канчалык ачуум келип турса да адеп сактап жакшы калыңыз деп койуп башка эч нерсе айтпастан эшикке чыгып кеттим. Тышка чыкканда Абылайдын өзүнө кирип көрөйүн деп кабылдамасына кирсем секретарь аял Абылай бир жакка кеткендигин айтты. Үйдөгүлөргө Бейшендин берген жообун айтсам ата-энемдин да Бейшенден үмүттөрү үзүлүп эми Абылайдан үмүттөнүшүп башкарманын өзүнө кирип көр дешти. Эртеси конторго эрте келип Абылайга кезек күтүп кезегим келгенде эшиктен баш багып улуксаатбы десем Абылай улуксаат дегендей кылып башын ийкеп койду. Мен кирип салам айтсам Абылай алек алып окууларың кандай деди мен ичимден Бейшендин мен жөнүндө айтпаганын билип калсам да ал туралуу унчукпастан чөнтөгүмдөн дипломумду сууруп чыгып окуумду бүтүп келдим эле дегенде Абылай колун сунуп дипломумду ачып көрүп жакшы болуптур бизге жаш кадрлар керек болуп жатты эле сен эртең кечинде бул жерде наряд болот ошого келчи деп дипломумду кайра берди. Мен Абылайдын кабинетинен кубанычтуу чыгып үйгө барып үйдөкүлөргө Абылай менен сүйлөшкөнүмдү айтсам ата-энем Абылай баары бир Бейшенге кеңешерин айтып эгер Бейшендин ойу түз болсо Абылай кызмат берейин деп көңүлдөнгөн экен деп калышты. Эртеси кечинде кайра конторго барсам колхоздун активтери чогула башташты.Алардын көпчүлүгү менин окумду бүтүп келип кызмат сурап жүргөнүмдү угушкандыктан ичтеринен жүрөктөрү түпөйүл болуп бул нарядда кимибиз жумуштан бошоор экенбиз деп жатышканы менен улам бирөө менен учурашсам сыр билдирбей эмне жүрөсүң деп сурашканда Абылайдын нарядка чакырганын айтып жаттым. Алар ал сөздү угушары менен мамилелери өзгөрүп ден соолугумдан баштап ата-энеме чейин сурап жатышты бары чогулуп бүтүп калган кезде секретарь чыгып кире бергиле дегенде Абылайдын кабинетине бирден чубап кире башташты. Кабинет канчалык чоң болсо да кишинин көптүгүнөн араң эле батып калдык. Абылайдын столуна жанаша койулган столдо төрт отургуч болгондуктан агроном Бейшен, экономист Токтобек, бухгалтер Асанкадыр, парторг Бугубайлар отурушту. Мындай наряд жумасына бир жолу өтүп туруучу. Ал нарядда бир жума иштеген иштин жыйынтыгы чыгарылып жуманын ичиндеги иштеген иштери, кетирилген кемчиликтер менен катар жакшы иштер да белгиленип баары талкууланып туруучу.Кээ бир учурларда активтерди кызматынан бошотуп кызматка коючу, кээ бирөөнө сөгүш берилүүчү. Бирок мындай наряда жалаң гана кемчиликтер айтылып сөгүш берилип жумуштан бошотулгандыктан наряд болот деген күнү күнөө кетирген колхоздун активтери коркуп турушаар эле. Калгандары деле эмне күнөө таба койушар экен дешип жүрөк зада болуп турушчу. Ал убакта колхоздун чоңдорунун ташы өйдө кулап, жогорку кызматтардагы таныштары колдоп эч кимди кың дедирешпей жалган отчетторду беришип колхоз райондогу алдынкы колхоздордон болуп турган кабинеттин ичи толтура эл болсо да чымын учса угулгандай тыптынч болуп жалгыз гана Абылайдын үнү угулуп жатты. Ал адатынча адегенде сөздү акырын баштап уламдан улам катуулап жинденип аягында столду койгулап жатты. Күнөөлүлөрдү бирден тургузуп ишиндеги кемчилигин айтып Абылай тилдеп киргенде берки отурган төртөө ага кошумча болуп чогуу туш тушунан тилдешип, берки жооп берип жатканга ооз ачырбай жатышты. Аягында Абылай мени көрсөтүп мына көрдүңөрбү мына бул жигит жумуш таппай дипломун көтөрүп жүрөт. Эгер кимде ким кыйшаңдаса жумуштан бошондум дей бергиле деди. Аны айткан себеби биринчиден кимди болбосун алмаштырганга киши бар деген мааниде айтылса, экинчиден ошол жерде отурган активтердин дээрлик көпчүлүгүнүн атайы билимдери жок эле. Көрдүңөрбү керек болсо билими барлар минтип жумуш таппай жүрөт, каалаган убакта жумуштан бошоп каласыңар дегени эле.Наряд бүткөндөн кийин эл менен кошо чыгып бара жатсам Абылай мени токтотуп азырынча сага ылайыктуу кызмат жок болуп жатат, кызмат болгондо өзүм чакыртам кааласаң бригадирдин карамагында ар кайсы жумушта иштеп тур деди. Мен ичимден атамдар айткандай Абылайдын Бейшенге кеңешкенин билип койдум чынында эле Абылайдын наряд болоордун алдында Бейшенди чакыртып алып кече Сагаалынын уулу Бекказы окуусун бүтүп кызмат сурап келиптир аны бүгүнкү нарядка кел дедим эле өзү тирикарак жигит көрүнөт өзүнө ылайык кызмат караштырып көрсөк дегенде Бейшен чочуп кетип: ой Абыш күзүндөгү анын жоругун унутуп калдыңбы практикага келе калып эле ызы-чуу кылды. Эгер кызмат берсек башыбызга бале кылбайбы. Андан көрө ушу баштан аны кызматка жолотпошубуз керек андан ал сенден мурда мага атам жиберди деп келгенинен азырынча кызмат жок бригадирге барып ар кайсы иштен иштеп тур Абылайга айтып кызмат болуп калса чакыртам дегемин дегенде Бейшендин сенден мурда мага келген деген сөзү намысын козгоп анда сен айткандай болсун деген.Ошентип менин тагдырымдын өзгөрүп кетиши үч-төрт гана сөз себеп болгон. Мен ата-энеме барып нарядта болгондорду айтып берсем ата-энем абдан капа болушту. Окууга келгенден берки тилектерибиздин ишке ашпай калганына көзүбүз жетип үчөөбүз кеңешип башка жактан болсо да кызмат издемей болдум. Эртеси эртең менен райондун борборуна кызмат издеп жөнөдүм. Түз эле айыл чарба башкармалыгынын конторасына бардым.Менин ойумда практикага келгендеги жолуккан райондун айыл чарба башкармалыгынын начальниги Байтолоевке жолугам деп ойлогом. Кабылдамага кирип ал жердеги кезек күтүп отурган кишилерден сурасам Байтолоев башка кызматка которулуп кетип ордунда убактылуу райондун башкы агроному Исмаилов Бекен Исмаилович экен. Айламдын жоктугунан кезек күтүп оң жооп болобу деген үмүт менен ага кирүүгө тура келди. Өзүмдүн кезегим келгенде улуксаат сурап салам айтып кбинетине кирсем Бакен Исмаилович төрдөкү начальниктин ордунда отурган экен. Ал тостойгон көздөрү менен саламыма алик албастан олурая карап калды. Мен туруп турган боюнча окууну бүтүп, кызмат сурап келгендигимди айтканда эле эзелтен берки душманынан бетер кеп сүзгө келбестен азыр райондо сага ылайыктуу кызмат жок деди.Андан шаабайым сууп тышка чыгып эмне кылаарымды билбей турсам баягы практикага келгендеги Бакен Исмаиловичтин жанында отурган агроном өтүп бара жатып мени кайдан көрдүм эле дегендей болуп карап калганда мен аны тааный коюп салам айтып жиберсем ал саламга алик алып ал жайымды сурап кызмат издеп жүргөнүмдү билгенден кийин Кызыл-Суунун аркы башында бак өстүрүүчү плодопитомник совхозу бар ошонун директору Асанбек Туратбекович өткөндө агроном керек эле деп жүргөн ошол жерге барып көрчү деди. Мен ал кишиге ыраазычылыгымды билдирип айылдын Оргочор жак четиндеги плодопитомник совхозун көздөй жөнөдүм. Сураштырып жүрүп отуруп плодопитомник совхозунун конторасын таптым. Контор Кызыл-Суу айылынын эң четинде экен. Кызыл-Суу айылын Покровка деп да толук аты Покровский плодопитомнический совхоз экен. Ал жерде ошол совхозго тиешелүү он чакты киши жашаган үй андан тышкары контор, гараж, устакана, склаттар болуп отуруп жыйырма чакты имарат бар экен. Көпчүлүк кишилер Покровкадан барып келип иштешип жумушчуларды,
окуучуларды эртели кеч совхоздун автобусу ташыйт экен. Бирок мен ал автобустун ташырын билбей жөө бардым. Конторага барып директорун сураштырсам өзүнүн кабинетинде отурат дешти. Уруксаат сурап салам айтып кабинетине кирсем алик алып кел отур деп орундук көрсөттү. Ал арык чырай, жапалдаш бойлуу, алтымыш жаш курагына барып калган киши экен. Мен отуруп жатып чөнтөгүмдөгү дипломумду алып чыгып агрономдук кызмат издеп келдим эле дедим. Ал колун сунуп дипломду алып ии ырас болбодубу сени ким жиберди деп сурады. Мен айыл чарба башкармалыгында иштеген агрономдон укканымды айттым.Ооба,
мен өткөндө аларга айттым эле. Бизге питомник боюнча агроном керек болуп жатат эгер иштеймин десең шарт ушундай айлык акы жүз жыйырма сом деп бир нерсени ойлоно калгандай мага суроо узатып үй-бүлөң барбы деди мен азырынча жок деп жооп бердим. Анда жатып иштейм десең квартира беребиз кийин үйлөнүп калсаң жаңы үйлөр салынып жатат үй беребиз мына бизде шарт ушундай. Ал эми жумушту так убагында аткарып жакшы иштешиң керек, аны убагында иш өзү көрсөтөт кана жигит ушундай шартта иштөөгө макулсуңбу-
деди.Мен ичимден кубанып кетип макулмун ишти качан баштасам болот деп жибердим. Асанбек Туратбекович өзүң кайсы жерден болосуң барып келип иштейсиңби же көчүп келесиңби дегенде Дархандан болом көчүп келбесем жумушка жетише албай калам десем Асанбек Туратбекович жакшы болот бизде иш эртең мененки саат сегизде башталат. Менин ойумча көчүп келгенин дурус болот деди. Азыр сен арызыңды жазып бер буйругуңду чыгарайын эртеңден баштап жумушка киргендей бол деди. Мен кабинеттен чыгып секретарынан кагаз ручка алып арыз жазып алып кайра кирдим. Асанбек Туратбекович арызды окуп столунун четине алып койуп жүрү сен жашоочу квартиранын жанындагы айалга квартираны жууп тазалап кой дейли. Сен дагы квартираны көрүп ал андан кийин шоферго табыштайын сен адресиңди берип кандай барарын ага түшүндүрүп айтып үйүңө барып жүгүңдү даярдап күтүп турсаң машина эртең эртең менен барып көчүрүп келет деди. Экөөбүз эшикке чыгып сол жакка бурулганда бир үйдөн кийинки үйгө бардык. Асанбек Туратбекович Анипа деп кыйкырганда жашы кырктан өтүп калган, толмочунан келген кара тору келген аял чыгып салам айтты.-Анипа бизге бул жигит агроном болуп келип жатат. Бул үйүңдү бошотуп бере тур убактылуу. Жаңы үй салынып бүткөнчө жашай турсун. Ачкычыңды алып чыкчы, ичин көрөлү-деди.
Анипа макул болуп үйүнө кайра кирип кеткенде мага кайрылып, бул жагынан өзү кирет менимче бул квартира сага ылайыктуу. Ангыча Анипа кайра чыгып эшикти ачканда ичине кирсек бут чечип, кийим илгендей кире бериши, коридор анын ичинде бир бөлмөлүү чакан комната бар экен. Асанбек Туратбекович Анипага кара бул жигитти үшүтүп албайлы, от жагып жатасыңбы деп кантрамарканы кармап көрүп, оо жылуу экен дегенде Анипа аба от жагып жатам, бул жер жылуу эле болот деди. Анан Асанбек Туратбекович мага карап кана жактыбы квартира дегенде мен күлүмсүрөп ооба жакты деп жылмайдым. Чынында эле бул квартира мага абдан эле жаккан эле. Асанбек Туратбекович Анипага бул квартираны бүгүн кыздарыңа тазалатып кой эртең менен көчүп келет дегенде Анипа макул деди. Андан кийин Асанбек Туратбекович экөөбүз ээрчишип контордун ары жагындагы гаражга барып шоферго сүйлөштүк. Мен ага адресимди жазып да чийип да бердим. Үйгө абдан кубанып жакшы кабарды айтып барганда үйдөкүлөр да кубанып калышты. Эртеси эртең менен кечеки адресимди берген Сашка деген шофер саат тогуздарда үйгө келди. Мен эмерегимди даярдап күтүп жаткан элем. Машинага бир кроват, жууркан төшөгүмдү, кийиз, алтыгат, идиш-аяк, тамак-аш койгонго шкаф, өзүмө керектүү кийим кечемди салып алып жөнөп кеттим. Ал күнү квартирамдан орун алып плодопитомник совхозу менен үстүртөдөн таанышып жумушчулары менен баарлашып квартирамда болдум.Ошентип 1978-жылы 16-мартта алгачкы жолу жумушка орношуп өз кесибим боюнча ишимди баштадым. Плодопитомник совхозу Оргочор совхозу менен Коммунизм колхозунун ортосунда жайгашып, жалпы аянты жүз элүү гектар сугат жери бар чакан мекеме экенин билдим. Анда алтымыш, жетимиштей адам иштеп негизги жумуштары алма бактын көчөттөрүн өстүрүп, жүз гектардын тегерегинде андан тышкары түшүм берүүчү алма багы, жыйырма гектар жерде карагат, калган отуз гектардай жерде көчөт өстүрүлүп эс алдырып айдоо үчүн он гектардай жерде эгин, чөп айдалат экен. Техникалардан беш трактор, беш машина, айыл чарба машиналары,
алар коюлучу гараж, гаражда токарный, сварке цехтери, кузня иштеп, склад-кампа,
алардан тышкары бала бакча, дүкөнү бар экен. Плодопитомник совхозунун башкаруу жамаатында директор, башкы агроном, агроном, бригадир, механик, бухгалтер-кассир,
бала бакчанын директору, склад кармоочу кызматкерлери иштешет экен. Бул плодопитомник совхозу территория жактан алганда районго баш ийгени менен негизинен жер иштетүү институтуна баш ийип, отчетторду ошол жак кабыл алып, тапшырмалар ошол жактан берилип, буйруктар ошол жактан чыгарыларын уктум.Мен күндөн күнгө ишим менен таанышып көп нерселерди түшүнө баштадым. Менин үстүмөн башкы агроном Кузнецов Юрий Павлович көзөмөлгө алуучу. Ал орто бойлуу, толмочунан келген, көзүнө очки тагынган кырк жаш курагына барып калган мүнөзү токтоо киши эле. Директор бир жакка кеткенде ордуна ошол киши калуучу, аны кызматкерлер көп деле тоготушчу эмес. Ал калганда ооба деп койушуп өз билгендерин жасашчу. Айрыкча бригадир болуп иштеген Далиев Бекмурза ага такыр эле баш ийүүчү эмес, ал директор Асанбек Туратбековичкке эле баш ийүүчү. Мен питомниктер жагын карасам, ал алма бактар жагын карачу. Бекмурза орто бойлуу, толмочунан келген кара тору, отуз беш жаштар курагындагы жигит эле. Ал атайын окуу жайын бүткөн эмес. Анын Надя деген орус аялы бар болчу, ал кыргызчаны суудай билүүчү. Бекмурзаны өзүнөн артык жакшы көрүүчү кээде Бекмурза арак ичип алып сабап койсо да аны такыр жамандачу эмес. Кайда гана болбосун Бекмурзаны мактап турчу . Бекмурза арак ичкенде билими жок болсо да ишине так болчу. Аялы орус болгондуктан ал орусчаны таза сүйлөчү. Ошондуктан аны бригадир коюшса керек. Жумушчуларды экөөбүз иштетип эмгек күндөрүн жазып, эсепке алып тартиптеринен өйдө жооп берчүбүз. Бекмурза алма бак сугартып арыгын чаптыртып, кестиртип, даарылатып бакта жумуш чыгып калганда иштетсе мен питомник жагын карап жаш көчөттөрдүн үрөндөрүн даярдаткандан баштап септирип ототуп, кыйыштыртып,
даарылатып,
жер семирткичтер менен көчөттөрдү азыктандыртып,
сугартып, каздырып, сатканга чейин жооп берчүмүн. Бекмурза экөөбүздүн жумушчулардын эмгек акылары үчүн жазган нарядарыбызга башкы агроном Юрий Павлович текшерип жасалгандыгы туура деп кол койуучу.Аны директор бекиткенден кийин гана бухгалтерияга өтүп бухгалтер эмгек китебине түшүрүп, кассир акчаларын таратуучу. Бухгалтер Родиянова Валентина Семеновна узун бойлуу, толмочунан келген, чачы кыска кырк беш жаштар курагындагы орус аял болчу. Ал Покровкадан барып келип иштечү. Директор Асанбек Туратбекович мурда Кыргызстан Компартиясында бөлүм башчы болуп иштеп ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыгып ушул питомнике директор болуп келиптир. Ал Ак-Суу районунун Боз-Учук деген айылынан экен. Плодопитомник совхозунун үйүндө үй бүлөөсү менен туруучу. Башкы агроном Юрий Павлович да плодопитомниктин совхозунун үйүндө жашашчу. Кассир директордун айлынан болчу. Аты Дамира эле орто бойлуу, арык чырай ак саргыл, жашы жыйырмалар курагында болчу. Анын күйөөсү Тынчтык директордун шоферу болуп иштечү. Ал директордун кызматына берилген фургон москвич машинасын айдачу. Тынчтык жапалдаш бойлуу, арык чырай кара тору, чап жаак мен курактуу жигит эле. Алар да питомник совхозунун үйүндө жашашчу. Завсклад Элебесов Курманбек ал экөөбүздүн фамилиябыз окшош болчу. Курманбек өзү Барскоондук бирок Покровкада үйү болгондуктан өзү плодопитомник совхозуна барып келип иштечү ал узун бойлу арык чырай, чап жаак өзү дайыма кызарып туруучу жашы болсо кырк жаш курагында, гараждын механиги Гарынин Михаил Иванович узун бойлуу, толмочунан келген, жашы отуздан өтүп калган жигит эле. Покровкада үйү болгондуктан өзү барып келип иштечү. Директордун секретары Нуркамила узун бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым келин болчу. Анын күйөөсү Белек менден эки жаш улуу, орто бойлуу арык чырай жигит эле. Алар Талап айлынан болчу. Плодопитомник совхозунун үйүндө жашашчу. Белек плодопитомник совхозунун айдоочусу. Плодопитомник совхозунун өзүнүн курулуш бригадасы бар эле. Анда он чакты киши иштешчү. Алардын бригадири Кленов Николай Егорович жашы элүүлөр курагындагы орто бойлуу толмочунан келген ачык айрым киши эле ал өзү Покровкадан барып келип иштечү. Мына ушул адамдар плодопитомник совхозунун башкаруу апаратын түзүшчү. Алар жакшылык жаманчылыкта бирге болуп ынтымактуу болчу.Бул жерде иштегендердин көпчүлүгү орус калкынан болушкандыктан иш кагаздары орусча жургүзүлүп чогулуштар орусча өтүлөр эле, мен орусчаны жакшы билбегендиктен адегенде кыйналып жүрүп улам барган сайын көнө баштадым. Жумушчулар звенолорго он чактыдан бөлүнүп алты жети, звено болуп ар кайсы жерде иштешкендиктен плодопитомниктин талааларын күнүнө эки үч жолу кыдырып жумушчулардын эсебин алып, иштерин текшерип жумуштун көлөмүн аныктап жумуштар бүтсө кайра башка жумуштарга которуп кечкисин үйгө барганда нормативтер жазылган китептин негизинде жумушчулардын эмгек акысынын нарядын жазып ар жума сайын ким канча эмгек акы тапканы жөнүндөгү малыматтарды контордогу доскага жазып, илип койгондо жумушчулар канча эмгек акы тапканын эртең менен жумушка кеткенче билип турушчу. Адегенде кээ бирөөлөрүнүн эмгек акылары толук жазылбай калып чыр чыккан күндөр да болду. Орус эли тактыкты сүйгөн эл болгондуктан туура эмес кылган иштеримди бетиме айтышып тактыкты талап кылышчу. Ал иштеген кыргыздар да дайыма орустар менен чогуу жүрүшкөндүктөн мүнөздөрү орустарга окшоп алар дагы түз жүрүшчү. Директор да, партиялык чоң кызматта иштеп ар ким өзүнүн ишин так алып баруусун дайыма талап кылып, тартипти темирдей бекем кармоочу. Мен дагы ошондой адамдарга туш келгендиктен биринчи күндөн баштап ишимди так алып барууга кемчиликти,
бетке айтууга көнө баштадым. Өзүм дагы башынан эле чындыкты, так жүргөндү жакшы көргөндүктөн жумушчулардын мындай талаптары, кемчиликти бетке айткандарын жаман көрчү эмесмин. Ошондуктанбы уламдан-улам коллективке алынып жумушчулар арасында да кадыр барка ээ боло баштадым. Директорубуз Асанбек Туратбекович да көпчүлүк учурларда мени менен кеңешип калчу болду. Плодопитомник совхозу айыл чарба мекемеси болгону менен дем алыш күндөрү иштебей эс алышчу.Ошондуктан алтынчы күнү кечинде кетип дем алыш күнү кайра келчүмүн бир жумада айылдагы үйгө барып үйдөкүлөр менен учурашып келсем, бир жумада Толкунга, Муратка барып алар менен жолугушуп турчумун. Апрель айынын ондорунда жер жаңы эле кургап көчөт казуучу соко илген трактор тыгылбагандай болуп калганда плодопитомникте өстүрүлгөн алма, алмурут, өрүк, карагаттын көчөттөрү казыла баштады. Менин түйшүгүм дагы көбөйдү алма бактын көчөттөрүн өз -өзүнчө жыйнап, эсебин алып аларды алганга келишкен кардарларга контордон жаздырып келген кагаздары боюнча өткөрүп берер элем. Күнүнө беш алты миңдей көчөт казылып алардын бары сатылуучу. Кечкисин өз-өзүнчө сорттору боюна отчет жазып эртең менен директорго берип турчумун. Андан тышкары жумушчулардын эмгек акыларына наряд жазып түнкүсүн көчөттөр уурдалып кетпеши үчүн корукчулардын үстүнөн текшерип барып турчумун. Көчөт казылгандан бери менин колум дем алыш күндөрү да бошобой калды. Көчөттөрдү алышканы райондун баардык колхоз, совхоздорунан,
мекемелеринен келип жатышты. Эртең менен күн чыккандан караңгы түшкөнгө чейин, элдин карааны үзүлчү эмес. Бошобогондуктан түнкүсүн тамак ичкенди да унутуп калчумун. Ага карабастан баарына жетишип ишти так аткарып жаттым. Мен менин так иштеп ишти жакшы алып кетериме директорубуз Асанбек Туратбековичтин да көзү жетти көрүнөт менин атыма жакшы сөздөрүн айтып жактап жаткандарын ар кимдерден угуп калчу болдум. Ан сайын демденип уят болбогондой иштөөгө аракеттенип жаттым.Апрель айынын аяктарында көчөттөр казылып, сатылып бүттү. Жумушчулар өз звенолору менен өз участокторунда мурдагыдай эле иштей башташты. Арадан эки үч күн өткөндөн кийин биринчи май майрамы кирип келди. Райондогу колхоз, совхоз мекемелер менен кошо плодопитомник совхозу да параддан өтмөй болду.Майрамдын алдында майрамга карата эмгек акылар тартылып берилип биринчи май майрамын өткөрүү боюнча жалпы чогулуш болуп отузунчу апрель күнү түшкө чейин иштеп, түштөн кийин иштегенибиз жок. Мен да ошол күнү биринчи жолу эмгек акымды алдым. Эртеси күнкү парадка плодопитомник совхозунун ишиндеги көрсөткүчтөрдү жазып алып чыга тургандыгыбыз үчүн аппараттагылар ар кандай уран плакаттарды жазып камдадык. Эртеси биринчи май майрам күнү эртең менен эрте туруп жуунуп таранып жакшы кийимдеримди кийинип алып жумушчулар чогула турган короого бардым ал жерден питомниктин өзүндө жашагандар жасанып, түзөнүп. Болгон жакшы кийимдерин кийип алышып майрамдык жакшы маанай менен чогулуп, бири-бирибизди майрамың менен деп куттуктап жаттык. Бир автобуска жетерлик киши чогулган кезде биринчи рейс менен бир автобус киши Покровканын борборун көздөй жөнөдүк. Покровкага кире бергенде эле чоң жолдун эки четиндеги столбаларга желектер ураандар илинип, кызыл тазыл кийинишкен элдер айылдын борборун көздөй чубап жатышты.Борборго жакындаганда райондун ар кайсы калхоз совхоз мекемелеринен келгендер грузовой машиналарга ар кандай эмблема макеттерди кооздоп алып, бортторуна көрсөткүчтөрдү,
ураандарды жазып алышып, артынан жүз чактыдан кишилерди ар түрдүү желектерди ураандарды ЦК компартиянын бюро мүчөлөрүнүн Леонид Илич Брежневдин сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.Элдин көптүгүнөн автобус араң жылып бара жатты. Борборго жакындаганда милиция чоң жолду тосуп, машиналарды үстүнкү көчөнү көздөй буруп жатты. Борбор жактан радио бакылдап, куттуктоо сөздөрдү айтып, ырдап жатты. Үстүнкү көчөгө чыкканда ар кайсы жактан чогулган эл колона –колона болуп тизилип жатышыптыр ким-кимден кийин тизилери күн мурунтан белгилүү болгондуктан Покровкада жашаган плодопитомник совхозунун жумушчулары орун ээлеп тизилип турушкан экен. Аларга биз да барып кошулдук. Ангыча автобус экинчи рейс менен калган элди алып келди. Биздин грузовой автомашинабыз келгенде аны алдыга койуп биз артынан тизилдик. Биз да машинабызды абдан кооздоп жасалгалаган элек.
#43 23 August 2015 - 15:33
Плодопитомник совхозунун туусун мага көтөртүп алдыга баштатып койушту. Колона акырындап алдыга жыла баштады. Чоң жолдогу радиодон парад башталгандыгы айтылып ураандар чакырылып кимдер өтө баштаганы билинип турду. Биздин мекеме парадка тизилгендердин ортосунда болчу. Колоналар акырындап жылып отуруп чоң көчөгө түшүп андан кийин райондун жетекчилери турган трибунанын алдынан өтүп жатышты. Колонанын алдына туу көтөрүп ар бир мекеменин жетекчилери андан кийин кызматкерлер алардын артынан жумушчулар тизилип өтүп жатышты. Плодопитомник совхозунун жумушчулары трибунанын алдына келгенде плодопитомник совхозунун эмгекчилери өтүп бара жатышканын совхоздун ошол жылдагы план тапшырмаларынын аткарылышы айтылып «ура», деп кыйкырганда барыбыз ура деп коштоп кеттик. Трибунада турушкан райкомдун биринчи катчысы Бейшеналы Кулов, райисполкомдун төрагасы Калкан Самыкбаев жана башка райкомдун жетекчилери колдорун булгалашып куттуктап жатышты. Ал жерден жүз метрче өткөндөн кийин колоналар тарап плодопитомник совхозунун жалпы эмгекчилери чогубуз менен көчөнүн ээнирек жерине барып алып өзүлөрүбүзчө майрамдап, андан кийин ар кимибиз ар кайсы жакка тарап кеттик.Мен Дарханга бармак болуп, магазиндерди кыдырып, үйдөгүлөргө майрамдык белектерди алып, автобуска отуруп жөнөп кеттим. Айылдын аялдамасына түшкөндө майрамдык салтанат бул жерде да болуп жатыптыр. Элдер кичинесинен чоңуна чейин кызыл тазыл болуп жакшы кийинип алышып, ары-бери басышкан топтошкон эл көчөдө жүрүшөт.Клубда радио бакылдап столболордо желектер ураандар илинип, көчөдөн жолуккандар менен саламдашып майрамыбыз менен куттукташып жаттык. Үйгө барсам короодо эки үч самоор кайнап, үйдүн ичинде бакылдашкан үндөр угулуп коноктордун бар экендиги билинип турду. Үйгө кирсем үйдө таяэнем, таяке-тая жеңелерим менен Вера эжем келип дагы эки үч кошуна аял туугандардын келиндери болуп үй толтура киши экен алар менен учурашып майрамдары менен куттуктадым.
Алардын баарынын чогулган себеби Конокказы абам аял алып барам камынып турсун деп айттырып жибериптир,
анын үстүнө өткөндө да сүйлөшүлгөн эле алар келин күтүп үйдө бир чети майрам болсо бир чети той болуп жатыптыр. Биз улам эшикке үйгө кирип чыгып күтүп жатканда түш оой короого жигули автомашинасы келип токтоду. Келин келди келин келди болуп эшиктегилер үйдөкүлөргө кабар салышканда,
үйдөкүлөр дүрбөшүп эшикке чыгышты. Машинадан Конокказы абамдан башка үч жигит бир кыз түштү. Конокказы абам алардан алдыга басып келип биз менен чала була учурашып азырынча шек алдырбай эле кое тургула айта элекпиз деди. Баарыбыз эмне дээрибизди билбей туруп калдык. Беркилери биз менен кирип учурашышкандан кийин Конокказы абам аларды ээрчитип төркү үйгө кирип кетти. Үйгө кирип кетишкенден кийин гана биз кобурашып, өткөндө сүйлөшкөн кызым бар дебеди беле, бул эмнеси ала качып келишкенби мейли өзүнө жаккан бизге да жагат деп өзүбүзчө сүйлөшүп жаттык. Арадан он беш минута өткөндөн кийин Конокказы абам чыгып,-Дастаркон салып, чай киргизгиле андан кийин жоолук саласыңар,- деди. Дасторкон салып чай белендеп жаш келиндер чуркап жүрүштү. Тышкы үйдө отургандар алардан кыз кандай неме көрүнөт дешип сураштырып жатышты. Мен Конокказы абамдын бул кылыгына абдан ачуум келип жеңелүү болом деп кубанып жаткан элем деп, эми демим сууй түшкөндөй болуп бул эмнеси килейген чоң шаарда жүрүп ала качпай эле албайбы. Сүйлөшкөн кызым бар дебеди беле. Анысы эмне болгон аны менен таарынышып кеткенби деп ойума келген ар кайсы суроолордон башым айланып жатты.Алар кенен бир саат чай ичип отуруп алышты. Тышкы үйдөгүлөрдүн баарынын чыдамдары кете башташты. Бир маалда энем Жүзүмкандын ачуусу абдан келип чыдабай кетти көрүнөт чакыргылачы жанакыКонокказы деген немени. Ушул килейген Фрунзеде чоң окууда окуп жүрүп бир кызга тың боло албайт бекен деди. Аны тышкы үйгө чакырып чыгышканда бул эмне кылганың сүйлөшүп алып келген жок белең деп акырая карады. Конокказы абам бир аз оңтойсузданып сүйлөшкөн кызым бар болчу үйүнө барсам үйүндөкүлөрү билип калышып чыгарбай койушту. Колукту алып барам деп силерди күтүрүп койуп, күтүп калышат го деп эле бул тааныш кызды алып келдим деп жер карады. Баарыбыздын тең ачуубуз тарай түшүп Конокказы абама боорубуз ооруп унчукпай калдык. Дагы тактап сураштырсак көрсө мындай болуптур: сүйлөшкөн кызын үйүндөкүлөр чыгарбай койушкан соң айылга айтыртып койушкан соң биздин күтүп жатканыбызды билип айлалары кетип эмне кылышарын билбей калат. Машина менен ары бери чабууташып ылайыктуу кыз издеп жүрүшсө ошол машинада чогу жүргөн Ырысбек деген жолдошторунун бири мындай сунуш киргизет: Конокказы менин Ташкенте текстильный института окуган балдызым биздикине келген эгер жактырсаң ошону эле алып баралы дейт үйдөкүлөрдүн күтүп жатканын билип айласы кетип турган Конокказы абам ичинен мейли кыз эле болсо болду дейт да Ырысбектин үйүнө барып кызды көрүшөт. Кыз Конокказы абамдын көзүнө татынакай көрүнөт да алууга макул болот. Алар кызга эч нерсе айтышпай конокко барабыз дешип машинага салып жөнөшөт. Кыз дагы жездеси чогу бара жаткандан кийин ишенип жүрө берет. Жездеси кыздын орусча өсүп чорт кыял экенин билип беркилерге жолдон унчукпай эле койгула барганда эле көндүрөбүз дейт. Ошентип жолдон эч кимиси унчугушпайт.
Кыязы алар эми түшүндүргөнү киришти окшойт төркү үйдө кыжылдашып жатышты. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин бир жигит чыгып жоолук салгыла деди. Таяэнем жоолук алып кирип салып чыкты.Келиндер көшөгө тартышып келинди киргизишти кечинде келинди алып келишкен Конокказы абамдын жолдошторуна козу союп коноктоп эртеси эртең менен келиндин жездесине шым кастюм кийигизип акча берип жанындагыларга да акча берип узатып жиберип түшкүгө эл чакырап отко киргиздик. Эртеси атам, бир таякем, Муканбет чоң атам үчөө келиндин төркүнүнө ачубасарга кетишти. Келиндин аты Рая экен. Рая жеңенин төркүнү Чүйдүн Сынташ айылынан. Бирок атасы Тогуз–Торо районунун военкому болуп иштегендиктен ачубасарга кеткендер Нарын областынын Казарман айылына кетишти. Рая жеңем Конокказы абам сыйактуу эле Ташкенттеги текстильдик институтунун үчүнчү курсунда окуйт экен. Эми алар убактылуу экөө эки жакта болуп кийин Рая жеңем сырттан окуу окуусуна которулуп Фрунзеге келгенде экөө квартирага чыгышмай болушту. Мен үчүнчү май күнкү жумушка колум бошоп бара албай калып кечинде араң кеттим.Конокказы абамдар ачуубасарга баргандар келгенден кийин алардан дайынын билип алышып анан окууларына кетишмей болушту. Менин үйлөнүү тойумду он бешинчи июнга белгилешти.
Себеби алыстан келчү эже-жездемдер,
таяке-тайларым,
бир туугандарымды кайра чакыртпай ошол күнү бары чогулуп келишмей болушту.Эртеси эртең менен конторго кирсем кызматкерлеримдин төрт бештери чогулуп калышыптыр.
Алар менен калган кызматкерлерди күтүп бары чогулгандан кийин директорго кирдик. Биздин мекеме чакан болгондуктан дайыма эртең менен чогулуп жумушка чейинки жарым саат убакыттын ичинде жумуштардын баарын талкуулап күнүх бою кандай иш жасаарыбыз тууралуу ар кимибиз тапшырма алчубуз. Асанбек Туратбекович мурда жалаң чоң кызматтарда иштеп жүргөндүктөн ал ишти так жана өз убактыда талап кылып жеке эле кызматкерлер эмес жумушчуларды да катуу кармап, тартипсиздикке келишпестик менен мамиле кылгандыктан совхоздо тартип жакшы болгондуктан иш да абдан жакшы жүрүп совхоз план тапшырмаларын ашыгы менен аткарып жаткан. Мындай жерде иштөө мен үчүн да ары кызыктуу ары көңүлдүү болчу. Асанбек Туратбековичти Фрунзеден келген чоңдор да райондон келгендер да сыйлап ал кишиге кичипейил мамиле жасашчу. Алардан сураганы дайыма аткарылып туруулучу. Ошондуктан ушул жумушка келгени беш алты үй, бала бакча, алма сактагыч жайы, гараж салынып жаңы техникалар келип плодопитомник совхозу жылдан жылга өнүгө баштаган. Асанбек Туратбекович келген чоңдорго кошомат кылбай алар менен түз даана сүйлөшүп эгер көңүлүнө жакпаса беттерине айтчу. өйдө жактардын көбү таанып кадыр баркы чоң болуп иши жакшы болгондуктан эч ким эч нерсе дей алчу эмес. Совхоздун кызматкерлери да ар кайсыны айтып бөйпөктөп кошомат кылышса алар менен урушуп кыйшаңдабай түз сүйлө күнөө кетирсең да жашырбай ачык айтып ак сүйлө деп турчу. Өзү орустар сыяктуу ушак айтуу менен иши жок өзүн түз алып жүрүчү.Ал сен кыргызсың сен оруссуң же сен жакшысың жамансың деп адамдарды эч убакта бөлбөй кайра өзүнүн тура эмес кылган жагын таап айтса азаматсың мен мындай ойлоп жаңылып жаткан турбаймынбы деп күнөөсүн дароо мойнуна алчу. Бул Асанбек Туратбековичтин мындай жакшы сапатттары жаңы ишти баштап жаткан мен үчүн чоң таасирин тийгизип жатты.Мурда айылдагы чоңдордун терс мүнөздөрүн жек көрүп калгангабы бул жердеги кызматкерлердин мүнөздөрү тигилердикине караганда такыр карама каршы келип мага булар абдан жагып өзүмдүн жүрөгүмө кабыл алып мансапкорлукка , кошоматчылыкка,
эки жүздүүлүккө,
алдым жуттумдуулукка башка терс көрүнүштөргө болгон жек көрүү сезимим ого бетер күчөп жатты.Бул мекемеде болгону ондон ашуун кызматкер болгондуктан баарыбыз чогулаарыбыз менен директордун үстүнө кирип барганда Асанбек Туратбекович баарыбызды жылуу кабыл алып биздин алахыбалыбызды сурап өзүнүн ооруп жаны кейип турганын билдирбөөгө аракет кылып тосуп алды. Анын көкүрөгү кырылдап, өңү кубарып турганы бизге көрүнүп турду. Баарыбыз орундарыбызга отургандан кийин ал адегенде башкы аграном Юрий Павловичке кайрылды Юрий Павлович сиз быйылкы саткан көчөттөрдү жакшы өстүрүп пландан өттүм деп өзүңүздү жоошутпай азыркы өсүп жаткан көчөттөргө да ушул баштан жакшылап кам көрүшүңүз керек. Мына бул жаңы келген жаш специалистке көчөтттөрдү өстүрүү үчүн данектерди кандай даярдагандан баштап, аларды кандай өстүрүш керек экендигин бир сөз менен айтканда көчөт даяр болуп сатканга чейинкисин практика жүзүндө үйрөтүшүңүз керек бул жигит канчалык жакшы үйрөнүп алса ошончолук бизге жеңил болот. Ал эми менин баамымда эч нерсени үйрөтпөй эле муну жаса тигини жаса деп тапшырма бергенди гана билип жатасыз. Керек болсо жалгыз эле питомник жагын эле эмес алма бакты сугат иштерин жана башка жумуштардын барын практика жүзүндө үйрөтүшүңүз керек сиз Бекказыга таянып алып кийинчерек жумушту көзөмөлгө алганды унутуп жалкоо болуп бара жатасыз дегенде Юрий Павлович көздөрүн кымыңдатып бат баттан ымдап ал өзүнө карата сын айтылганда дайыма ушинтип калуучу. Макул, Асанбек Туратбекович чынында эле жумуш так аткарылып жаткандыгынан көзөмөлдүктү начарлатып жибергеним ырас. Бекказыга буга чейин эмгек акыга наряд жазганды отчет түзүп документтер менен иштегенди үйрөттүм. Эми талаачылык боюнча үйрөтсөмбү деген ойумда бар болчу. Бекказы өзү дагы жумушуна так экен, бат эле үйрөнүп кетет го деген ойдомун деди да механике кайрылып Михаил Иванович культиватор дайарбы биз эми отоо жумуштарын башташыбыз керек дегенде Михаил Иванович культиватор даяр аны илген трактор жаңы жасалгандыктан автол саляркасын куюшубуз керек эки сааттан кийин даяр болот деди. Асанбек Туратбекович завсклад Курманбектен бизде автол, солярка барбы деп сурады. Курманбек ооба Асанбек Туратбекович бары даяр ушул айдын аягына чейин жеткендей запасыбыз бар деди токтолбой. Андан кийин Асанбек Туратбекович мага кайрылып Бекказы сен күнүмдүк жумуш бүтүргөнүңө маашыр болуп жүрө бербей Юрий Павловичтен агрономдук жумуштардын баарын үйрөнүшүң керек. Сенин келечегиң алдыда «эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат», деген кеп бар Сенин башыңа эмнелер келип эмнелер кетпейт окуу менен практика жүзүндө иштөөнүн айырмасы бар бирөөнү билип бирөөнү билбесең иш эч качан жакшы жүрбөйт качан гана экөө айкалышканда иш жакшы жылат ушул сөзүмдү эсиңден чыгарба деп көкүрөгү кыр-кыр этип араң айтты. Анан калган кызматкерлердин да иштерине токтолуп аларга да тапшырмаларды берди. Баарыбыз тапшырма алгандан кийин ар кимибиз өз жумуштарыбызга кириштик. Юрий Павлович, Бекмурза мен үчөөбүз жумушчулар чогулуучу короого келсек жумушчулар бизди күтүп турушкан экен. Биз аларга тапшырмаларды берип иштечүү жерлерине таратып жибердик. Жумушчулар ар кимиси өз жумуштарына тарап кетишкенден кийин мен атымды токунуп мингени квартирама келсем үйдүн жанында мурункудай эле жумушка минүүчү атым байланып туруптур. Плодопитомник берген тору атты эртең менен жумушка чейин корукчулар алып келишип байлап койушчу.Аттын жалынан сылап бир аз эркелетип койуп, үйдүн кулпусун ачып үйгө кирип, атам жаңы жумушка киргенде энчилеп берген жасалгалуу ээр токумду алып чыгып, тору атыма токунуп алып талаага жөнөдүм. Көчөө менен бара жатып талаа жака бурула бергендеги темир устакананын иштеп жатканын көрүп ал жака бурулдум. Мурда темир устага атыма така жасатууга заказ берген элем.Темир уста сакалдуу киши болгондуктан тышта туруп кыйкыргандан айбыгып, обочороок жерде турган столбонун жанына бастырып барып, аттан түшүп, атымды байлап койуп, устакананы көздөй бастым. Устакананын ичинде барскан, балканын үндөрүнө көөрүктүн моторунун үнү кошулуп, тарса турс болуп, устакананын морунан кара түтүн бурулдап, айлана жыттанын турган. Устакананын эшиги ачык экен. Төр жагындагы көөрүктө таш көмүр кургак отундай бачырап күйүп, арасына сойлотулган темирлер кызарып ысып турат. Темир уста Борош оттогу улам бир темирди кычкач менен ала койуп, жардамчысы Зарылыкка барскан менен урдуруп,жукарттырып,
андан кийин өзү чоң балка менен камырдай ийлеп, ар кандай нерселерди жасап, бүткөндөрүн босого жака ыргытып, бүтө электерин кайра көөрүктөгү отко салып жатты. Анын сол колундагы балкасы менен кызарган темирди чапканда темир каалагандай буюмга окшоп карап турган кишиге оңой эле жасалып жаткандай сезилгенсийт.
Алар абдан берилип иштеп жатышкандыктан менин кирип карап турганымды сезишкен жок. Мен дагы ишин токтоткум келбей бир топко кызыгып карап туруп, качан гана көөрүктөгү темирлери бүтүп калганда салам айтсам Борош аба алик алып,ошондо да ишин токтотпой көөрүкө жаңы темирлерди салып,ташкөмүр калап көөрүктүн отун азайтып койуп гана ишин токтотуп, дөөшү орнотулган чоң дөңгөчтүн четине келип отурду.Тышта күн жылуу болуп, анын үстүнө оттун табына устакананын ичи үп тартып турган. Бирок белинен өйдөкү жылаңач этине таар алжапкыч тагынып алса да башынан ылдый аккан тер жаагы ылдый куйулуп мойнунан түшө агып төшүндөгү чыбырчыктап турган терге кошулуп ылдый агып кетип жатты. Борош элүүлөр курагына барып калган орто бойлуу толмоч бүркүт мурундуу чымыр белилүү бир мойун болгон ачык айрым киши эле. Зарылык отуз жаш курагына чукулдап калган ортоо бойлуу кара тору, толмочунан келген ачык айрым жигит болчу. Борош аба алжапкычынын этеги менен чекесинин терин сүртүп Беке сен айткан такаларды жасап койдум. Курманбектен таканын мыгын алып берсең Зарлык экөөбүз эле атыңды такалап беребиз. Мен ал кишинин сөзүнө ыразы болуп ырас болбодубу, Борош аба дагы бирөөнү такалап бер деп жүрбөйт белем десем: ээ Беке айланайын колдон келгенин жасап берип турам. Колумдан келбей калганы болсо таарынба. Сен менин дагы сага окшогон балдарым бар. Андан көрө кептен сал иштериң кандай, жумуштарыңа көнүп калдыңбы кеңешчү кептериң болсо сурап тур акылымдын жетишинче кеңешимди берип турайын деп жайдары карап мени кепке тартты. Мен Борош абамдын сырын жакшы билчү эмес элем. Тек гана ары-бери өтүп калганда кезигип калса саламдашып учурашкандан башка минтип жай баракат атайын устаканага кирип сүйлөшө элек болчумун.Ал өзү кепке тартып, кептен сал деп жайланышып олтура кетип мамиле кылып жатканына ыраазы болуп ырахмат аба, алахыбалымды сурап кеңеш берип турайын дегениңизге,
жумушка көнүп калдым, элди жерди таанып эмне жумуш аткарарымды үйрөнүп калдым, бирок түшүнгөнүмдөн түшүнө элегим көп болуп жатат дегенимде оо айланайын Бекказы иштегениңе эки ай толбой жатып кайдан баарын биле коймок элең, өзүң айткандай билгенден биле элегиң абдан көп экени чын. Бул жерде ар кошкон эл иштейт. Ишиңе так, сарамжалдуу болуп жумушчуларыңа калыс бол. Баарынын мүнөзүнө жараша мамиле кыл. Илгертеден сөз бар «Тууура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок», деген аны сыгандай бирөөнү ала, бирөөнү кула көрбөй айткан ушактарга кирбей өз көзүң менен көргөнгө гана ишенип түз жүр. «Миң уккандан бир көргөн»-деген кеп бар, негизи ушакка ишенбей жүр. Асанбек Туратбекович абдан жакшы киши экен. Ал кишинин айтканы менен болсоң, айткандарын так аткарсаң жаман болбойсуң,-деди.
Мен ооба Борош аба сиз айткандай бара-бара үйрөнүп кетермин ишти так аткарып калыс болууга аракет кылып жатам дедим. Ошент айланайын өзүңдү Дархан айылынан деп угам, ата тегиң ким, ата-энең, бир туугандарың барбы деп сурап калды. Мен сыймыктануу менен ата–тегимди сурасаңыз жалпысынан алганда Желдең уруусунан болом берки ата-бабаларымды айтсам Карга акенин кыбырасы, Ботокан байдын чөбөрөсү болом. Ата-энем, бир-туугандарым бар десем Борош аба башын ийкегилеп тектүү жерден тукумунан турбайсыңбы жакшы-жакшы тээ илгертеден эле суу аккан арыктан суу агат деп койушчу деди ыразы болгондой. Зарлык биздин сөздөрүбүздү угуп турган эле. Ал дагы башын ийкеп тура дегендей кылып жатты. Борош аба өзү жөнүндө сурай албай турганымды сездиби ээ балдар өзүңдүн ата-тегиң ким дегени турсаңар керек. Менин уруум Дөөлөс өзүм Ак-Дөбөдөн болом бул жерге келип отурукташып калганыма он жылча болду, бул жерге мал жанга жайлуу болгондуктан туруп калдым. Ак-Дөбөдөгү ага-туугандарым менен катташып турам, алты балам бар. Эң улуу балам Зарлык менен тең эки балалуу болду, калгандары үйлөнүшө элек үч уулум, үч кызым бар деп ордунан туруп кой эми Бекказы сени да жумушуңдан кармабайын бир сыйра таанышып алдык. Калган сөздү сүйлөшүп тураарбыз жумушуң бүткөндө кечке жуук атыңды алып келип столбого байлап кой ара-чолодо такалап койолу деп көөрүктүн моторун иштеткенде чоктонуп өчүп бара жаткан от кайрадан жалын чачыратып күйө баштады.Мен тышка чыгып бастыра бергенде балка менен барскандын үндөрү угула баштады. Улам алыстаган сайын акырындап барып угулбай калды. Мен көлдү көздөй кетип түз жол менен бара жаттым. «Жакшы сөз эритеи, жаман сөз жан кейитет», дегендей Борош абанын сөздөрүн ичимден талдап ал кишиге ыраазы болуп кандай гана жакшы киши деп койдум.Асман ачык болгондуктан күн аркан бойу эле көтөрүлгөнүнө карабай абаны ысыта баштады. Жаз көркүнө келип бак-дарактардын баарынын алды гүлдөп арты гүл ачууга камынып гүл ачпаганынын жаңыдан жалбырагы пайда боло баштаган учур эле. Жердеги чөптөр узарып какымдар гүлдөп айлана-чөйрөнүн кооздугу артып тургандыктан жаш жүрөгүм толкундап ойум алда кайда кетип Толкун эсиме түштү ал азыр эмне кылып жүрөт болду экен. Азыр алдымдан чыкса кандай жакшы болоор эле. Жетелешип алып алып бакты аралап жаратылыштын сулуулугуна чогу суктанып бири бирибизге жакшы сөздөрүбүздү айтышып ээрчишип жүрсөк деп ойлонуп анын жанымда жүргөнүн элестетип, ага жолуга элегиме бир айча убакыт болуп калгандыктан аны абдан сагынган элем. Ошондуктанбы көңүлүмө төмөнкүдөй ыр саптары келгенде сол жагымдагы бир гектардагыдай жалаң алмурут өскөн бакка кирип артымдан түшүп дайыма төш чөнтөгүмдө жүрүүчү блокнотумду алып чыгып «Эңсөө», деген ырымды жаздым.От болуп жанып көңүлүм,Алыска шоола чаччудай.Бөлүнүп жалгыз калгансыйм,
Адашып жолдо калгандай.Жолуккан убак алыстап,Уланып күндөр жаткансыйт.
Жайдары сенин келбетиң,Көз алдымда тургансыйт.
Убайым тартып ойлоном,Жолукчу күндү болжогон.Жарк этип чыгып алдымдан,Жарпымды жазар сен болсоң.Ырды жазып бүтүп ушул келүүчү алтынчы күнгө дагы үч күн калганын эсептеп, ушул үч күн бат эле өтүп Толкунга батыраак эле жолуксам экен деп самадым да атыма минип алып андан ары жөнөдүм.Жаңы салынып бүткөн алма сактоочу жайга жеткенде аттын башын бурап тартсам Егорь аялы Ирина менен алма сактагычтын ичиндеги апилкаларды зембил менен тышка ташып жатышкан экен. Алар мени көрүп туруп калышты. Алма сактагыч жай өткөн күздө жаңы бүтүрүлгөн экен, быйыл жазында казылган көчөттөр күндөн кургап кетпеши үчүн аларды апилка менен көөмүп үстүнөн суу сээп сактаган элек.Эми ошол апилкаларды тышка ташып жатышыптыр.
Егорь үй-бүлөөсү менен жакында эле алма сактагыч жайды иштетүү үчүн көчүп келишкен. Алар ошол жердеги өзүнчө салынган үйдө жашашчу. Егорь орто бойлуу арык чырай жыйырма беш жаш курагындагы ачык айрым жигит болчу. Аялы Ирина узун бойлуу кара тору өзү курактуу арыкчырай мүнөзү түнт эч ким менен иши жок сөзгө сараң аял эле. Алардын үч-төрт жаштагы Егорь деген баласы бар болчу. Мен аны Егорек деп койчумун. Алар менен кошо Иринанын иниси Волокитин Николай аялы Наташа менен плодопитомник совхозунун үйүнө көчүп келишкен. Николай эксковатор тракторун айдап Наташа звенодогу аялдар менен иштөөчү. Николай менден үч төрт жаштай улуу узун бойлуу, кара тору, толмочунан келген мүнөзү токтоо жигит болчу. Аялы Наташа мен курактуу сулуу сумак узун бойлуу арык чырай, ачык-айрым келин эле. Мен Егорлордун жанына барып, алар менен саламдашып ал жай сурашып калдым Егорго: -Алма сактагыч жайын күзгө чейин ишке киргизесиңби,
- десем, Егорь, -Жумуштардын негизгиси бүтүп калды муздатуучу системанын суюктугун куюп электр системасын туташтырсам эле сыноодон өткөрөбүз. Асанбек Туратбекович алмаларды контейнерге сактайбыз деп жатат. Жакында биздин совхозго беш жүз контейнер жана аларды көтөрүп алма сактоочу жайдын ичине жыйнаганга электрокара келет экен. Егорго-Болуптур бул жерден электрокараңар менен контейнерлерди көтөрүп керип, ичине тизип жыйнасаңар болот. Ал эми бактан ал контейнерлерди эмне менен трактордун прицебине жүктөйсүңөр,
- дедим Егорь бир азга ойлонуп туруп, -Билбеймин муну ойлобоптурмун балким яшиктер менен ташып келип бул жерден контейнерлерге салабыз го,- деп арсарсып айтканда анын бул ою менен келише албай, -Егорь яшиктер менен алмаларды бул жерге алып келип контейнерге салганда сакталуучу алмалар жанчылып калбайбы андан көрө алмаларды контейнерге бактан эле салып, бул жерге ташып келип контейнер менен жыйнаганда алмалар жанчылбай жакшы сакталат да,- дедим. Егорь ойлонуп өзү чече албай калды көрүнөт мага суроо менен каайрылып, -Ал контейнерлерди бактан кантип тракторлордун прицебине жүктөйбүз,- деди мен ал жөнүндө мурда ойлонуп тургандыктан ошол замат, -Контейнерлерди менин ойумча чөп жүктөгөн валакуша менен жүктөсө болот. Контейнерлерге көп болсо үч жүз килограмм алма батаар. Балакуша бир чөмөлө суу чөптү көтөрүп прицепке салган алманы деле сала алат болуш керек,- десем Егорь кубанып кетип, -Туура айтасың сенин бул ойуңду Асанбек Туратбековичке айтып кеңешип көрүшүп керек,- деди. -Анда эмесе болуптур. Егорь мен тиги жердеги иштеп жаткандагыларга барайын,- деп андан ары бастырып кеттим. Ал жерден көп алыс эмес жерде төрт звено аялдар иштеп калган звенолор башка жакта иштеп жатышкан. Алардын звенолору Куртова Мария, Демянюк Надежда, Клепова Нина, Токтосунова Сайрагүлдөр эле. Алардын участкалары өз-өзөнчө болчу. Көчөттөрдү сепкенден баштап, казып сатканга чейин ар бир звено өзүлөрүнүн участкаларында гана иштешчү өспөй калып же начар өстүрүлсө да өзүлөрү жооп беришчү. Алардын иштерине ай сайын жыйынтыык чыгарылып жакшы иштеген звенолорго сыйлыктар берилип туруучу. Ошондуктан алар бири бири менен атаандашып иштешчү. Жумуштарды сапатту бүтүрүп, жумуштан кечикпей, калбай иштегенге аракет кылышчу. Мен жаңы эле жетип Клепова Нинанын звеносунун иштерин текшерип жумушка ким келип, кимиси келбей калганын каттап жатканымда алма сактоочу жайдын жанына кызыл жигули келип токтоп андан эки киши түшүп Егордун жанына барып бир нерселерди сурады окшойт. Егорь колу менен биз жакты көрсөткөндө ал экөө биз жакты көздөй басты. Алардын келе жаткандарын көрүп, алдын утурлай бастырдым. Мен жакындап барып алар менен саламдашсам узун бойлуу толмочунан келген, көздөрү бакыракай менден жашы улуурак жыйырма бештерге чыгып калган, жакшы шым кастюм кийип, галстук тагынган жигит,-Элебесов Бекказы деген жигит сиз болосузбу,- деди. Мен:-Ооба,- десем -Анда таанышып алалы, мен райком комсомолунун экинчи секратары Абдылдаев Сагынтай Ишенбаевич болом. Биздин келген себебибиз плодо питовник совхозуна комсомол уюмун түзөлүк дедик эле директоруңа кайрылып уюм түзүүгө ким ылайыктуу десек сизди айтты комсомол уюмунун мүчөсү болуп иштеп бериңиз, Буга өзүңүз кандай дейсиз,- деди. Бир аз ойлонуп туруп, -Мен жаңы эле иштеп жаттым эле бул ишти алып бара алаар бекем,- десем Сагынтай Ишенбаевич,
- Биз сага жардам беребиз өзүңүз комсомолдун мүчөсүсүзбү комсомолго качан өтүңүз эле?-деди сыпаа. Менин баамымда андан кичүүрөөк болсом да, -Комсомолго армияда өткөмүн учетум Дарканда, десем,-Жакшы болот өзүңүз жаш специалист экенсиз, билимиңиз да бар экен. Бул ишке сиз жарабаганда ким жарайт эртең эртең менен бул совхоздогу жаштардын тизмесин алып ага мындай графа чийип аты жөнүн туулган жылы, айы числосун комсомолго качан өткөнүм, учетуң кайсы жерде экенин жазып алып райком комсомолго барыңыз биз директоруңузга айтып койобуз,- деп менден жооп күтпөстөн эле колун сунуп коштошуп ай-уйга келгенче бурулуп басып кетишти. Мен эмне деримди билбей аларды аркадан карап туруп калдым. Алар машинасына түшүп узап кетишкенден кийин атыма минип кайра иштеп жатышкан аялдарга барып, иштерин текшерип тапшырма берип коюп, плодопитомник совхозунун эң четки участкасу болгон кырк гектар деген жерине жөнөдүм.Ал жер плодопитомник совхозунун чегинен тышкары өзүнчө бөлүнүп турчу. Ортодо лесхоздун жери бар эле. Кырк гектар жердин жыйырма беш гектар жеринде алма бак калган жери актай болгондуктан эки гектар жерине көчөттүн үрөнү себилген. Ал жерде Сусова Надянын, Дүйшеева Надянын, Дүйшеева Анипанын, Молчановалардын звенолору иштеп жатышкан, аларга барып жумуштарын текшерип, жаңы тапшырмаларды берип койуп кырк гектардын орто ченинде плодопитомнике караштуу корукчунун үйү болгондуктан ал үйдө Куту деген киши үй-бүлөөсү менен туруучу. Ошол жакка бастырды. Куту аба быйыл жазда эле ал жерге жаңы көчүп келген. Ага карабастан бат эле элге алынып өзүнүн адамкерчилиги менен кадыр барка ээ боло баштаган. Мага кезиге калганда аркы беркини сүйлөшүп, акыл-насааттарын айтып калчу.Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип жакшы мамиледе болуп калганбыз. Куту аба элүүлөрдөн ашып калган кара тору, арыкчырай, орто бойлуу, мүнөзү токтоо киши болчу. Ал сөздү ойлонуп так жана таамай сүйлөчү. Куту аба Тилекмат акенин тукумдарынан.
Ата-бабаларынын канынанбы абдан акылдуу киши эле. Мал жандуу болуп качан барсаң дасторконун жайнатып, абдан сыйкор киши эле. Ошондуктанбы анын үйүнөн киши өксүчү эмес. Жөнөкөй адамдардан баштап райондун чоңдоруна чейин үйүнө келип турушчу. Мен көргөндөн райондук элдик контролунун төр агасы, райондун прокурору жана башкалар, райкомдун биринчи катчысы Бейшенаалы Куловдун шоферу Жүкөн менен достук ирээтинде катышышчу. Аялы Макен абышкасынын сөзүнөн чыкпай айткандарын кың дебей аткарып оюу менен болуучу. Мен Куту абанын үйүнө жакындаганда аттын дабышын алып эки ити үрүп чыгышты. Куту аба үйүнөн чыгып, менин келе жатканымды көрүп алдымды утурлай басканда алыстан салам айтсам алик алып: -Оо, кел баатыр,-деп аттынтизгининен алганда, уялып кетип:- Жок аксакал, мен өзүм эле-деп аттан түшө калсам, Куту аба,-Мен эле байлайм кыргыздын салты боюнча үй ээси, үйгө келген кишинин атын алып байлап, чөп салып, анан ээсин үйгө киргизет, кеп улуу кичүүдө эмес, ушуну биле жүргүлө балдар,-деп атты өзү мамыга байлап, мени үйүнө ээрчитип кирди. Үйгө кирсек кемпири Макен ордунан тура калып,-Келегой айланайын, төргө өт,-деп жол бошото берди. Мен өйдө өтүп кеткенден тартынып,-Аба сиз өтүңүз,-деп Куту абаны карасам,-Өтө бер үй меники да, үйгө келген конок дайыма үй ээсинен жогору отурат, мен өзүмдүн төрүмө өзүм чыгып алгандай, Дөөлөс эмесмин да-деп мени сөзгө жыга сүйлөдү. Мен төргө өтүп отурууга аргасыз болдум.Үстөлдүн үстүндөгү дасторконго тамак ашын жайнатып койуп, чай ичип жатышкан экен. Куту аба да алымсынбай,
- Макен эмнең бар, коноктун өзүнүн ырыскысын-дегенде,
кемпири каймак майларын жаңыртып, таттууларынын үстүнө кошуп, болгон тамак ашын дагы алып чыкты.Мен алар менен аркы беркини сүйлөшүп, чай ичкенче бир сааттай убакыт кандай өтүп кеткени билинбей калды. Алар жакшы кептерди салып берип жатышкандыктан алар менен отура бергим келгени менен убактым тар болуп, дагы үч звеного сугатчыларга барып аларды текшерип, тапшырма берип атымды такалатып, контордогулар тарап кете элегинде комсомолдордун тизмесин алып, айткан кагазын дайардаш керек экенин эстеп үй ээлерине ырахмат айтып, эми кетейин жумуштарым көп эле деп оордуман обдулсам үй ээлери тамак ичип кет, бат эле дайардай коебуз дешкенине болбой шартымды айтып жатып араң тышка чыктым. Короодо индюк, кааз, тооктор жайнап бактын ичинде жыйырма отуздай козу оттоп жүргөн экен. Ары жакта байланып турган жээрде атка көзүм түшүп, -Куту аба тиги жээрде ат абдан келишимдүү экен сиздин атпы,- десем, -Жок менин атым эмес Светло-Поляндын башкармасы Нуридин менин инилерим болот багып мине бериңиз дегенинен эле минип жүрөм. Көркүнө жараша басыгы ошончо экен. Жаныбардын үстүнө мингенде эле алып учуп жөнөйт Буга камчынын деле кереги жок,- деп мактап калды. Мен атка ого бетер кызыгып, -Куту аба эгер макул болсоңуз убактылуу ат алмашып минип турсак кантет,- десем Куту аба эмне дээрин билбей ойлонуп туруп, -Болуптур сурап калдың, шагың сынбасын минсең минип тур, өзүңдөн башка кишиге мингизбе,- деди. Кубанып кетип, -Ырахмат аба,- деп өзүмдүн тору атымда токулуп турган, ат жабдыгымды жээрде атка токуп Куту аба менен кош айтышып жөнөп кеттим.Чынында эле жээрде ат абдан элпек жылкы экен камчы салдырбай эле башын өйдө көтөрүп зыпылдап жөнөдү. Мен ал күнү кечке талааларды кыдырып атты такалатып райком комсомолуна алып баруучу тизмени даярдап койдум. Эртеси эртең мененки наряддан кийин директордон суранып алып райком комсомолуна жөнөдүм. Райком комсомолу Покровка айылынын орто ченинде чоң жолдун үстүнкү бетиндеги эки этаж имаратта болчу. Ал имараттын үстүнкү этажында райком партия астынкы этажында райком комсомолу жайгашкан. Чоң жолдун астынкы бетинде ал имараттын карама-каршысында ошондой эле эки кат имаратын биринчи катында айыл-чарба башкармалыгынын конторасы, үстүнкү катында райкомдун аткаруу комитети жайгашкан. Ал кезде райондун аткаруу комитетинин төрагасы Самыкбаев Калкан Самыкбаевич болчу. Мен түз эле райком комсомолуна кирип Сагынтай Ишенбаевичтин кабинетине кирдим. Сагынтай Ишенбаевич кабинетинде жалгыз отурган экен. Мен салам айтып улуксаат сурап кирип барганда жакшы маанай менен тосуп алды. Мен алып барган тизмени карап, -Оо, силерде жаштар көп турбайбы. Биз аз эле болот го деп ойлодук эле. Бул жерден жараган комсомол уюмун түзүүгө болот турбайбы. Мен азыр биринчи орун басарлык кызмат аткарган орган бөлүмүнө табыштайын,
ал кандай кагаздар керек экендигин, аны кандай толтураарыңды түшүндүрүп берет. Эгер менин жардамым керек болсо келип тур, сен менин иним болот турбайсыңбы,
мен дагы Даркандык боломун,- деди. Ал телефон чалып туруп мага кирчи деп трупканы койгондон көп өтпөй эле, узун бойлуу чачы тармал кара тору сулуусумак мен курактуу жигит кирип келди. Мен аны кирери менен кечээ Сагынтай Ишенбаевич менен барган жигит экенин тааныдым да тура карып, аны менен учураштым. Сагынтай Ишенбаевич ал жигитке кайрылып,
#44 23 August 2015 - 15:34
-Мына Бекказы кечээки биз айткан тизмени алып келиптир. Плодопитомник совхозунда комсомолдор көп турбайбы, биз мурунтан байкабай жүргөн турбайбызбы бул жерден жараган комсомол уюмун түзүүгө болот экен деп ага да айтты. Турар да тизмени карап көрүп, ооба жакшы уюм түзүлчүдөй экен деп кубаттады. Сагынтай Ишенбаевич Турарга-Комсомол уюмуна керектүү кагаздарды Бекказыга берип, кандай толтурушту үйрөт, эртең бүрсүгүндөн шартыңарга жараша плодопитомник жаштары менен комсомол уюмун түзү жөнүндө уюштуруу чогулушун өткөрүп ал чогулушка өзүң барып катышкандай бол,-деди да, мага кайрылып-ишиңе ийгилик каалайм,-деп колун сунду.мен:-Рахмат,
-деп кол алыштым.Турар мени өзүнүн кабинетине ээрчитип барып, комсомол уюмуна тиешелүү документтер менен тааныштырып,
керектүү кагаздарды берди.Комсомол уюмунун уюштуруу боюнча чогулушу эртеси күнү кечки саат алтыга жумуштан кийинки убака пландалды. Эртеси күнү кечки алтыда пландалгандай плодопитомник совхозунун жаштары чогулушка конторго чогулушту. Райком комсомолунун биринчи орун басарлык кызмат аткарган орган бөлүмү Турар да көп күттүргөн жок. ал келери менен чогулуш башталды. Чогулуштун күн тартибине үч маселе койулду.1-маселе.
Плодопитомник совхозуна комсомол уюмун түзүү.2-маселе.
Комсомол уюмунун жетекчилигин шайлоо.3-маселе.
Комсомол уюмунун келечектеги иштери туурасындагы уюмдун пландарын бекитүү.Биринчи маселе боюнча райком комсомолунун биринчи орун басарлык кызмат аткарган орган бөлүм башчысы Турар сөз сүйлөп, плодопитомник совхозуна комсомол уюмун түзүү жөнүндө анын максатын, уюмдук иштөө принциптерине токтолуп, жалпы чогулуштун катышуучуларын тааныштырып өттү. Чогулушка жалпы он төрт комсомолдун мүчөсү, он бир комсомол курагындагы жаштар, баардыгы жыйырма беш киши катышып, жаткан.Биринчи маселе боюнча Турардын сөзүнөн кийин жаштар бир добуштан комсомол уюму түзүлсүн деген добуштарын беришти.Экинчи маселе боюнча чыгып сүйлөгөн жаштардын сунуштары боюнча комсомол уюмунун секратарлыгына мени, казначылыгына Дамираны шайлашты. Үчүнчү маселе боюнча комсомол уюмунун келечектеги иш пландарына,
плодопитомник совхозунда өздүк көркөм чыгармачылыгынын коллективи уюштурулуп,
бир жолу совхоздун жумушчуларына концерт койуп туруу жана спорт иштерин жандандырып,
жаштардын демилгечи менен спорт аянтчаларын жасап, спорт инвентарларын сатып алып спорт оюндарын өткөрүп туруу жана комсомолго өтө элек жаштарды да өткөрүү каралып, ушул каралгандар бекитилди. Чогулуштун аягында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынды. Ушуну менен чогулуш өз ишин аяктады. Плодопитомкик совхозунун жаштары бака-шака болуп кантордон чыга баштаганыбызда күүгүм кирип калган. Өзүм жашаган квартирама келип, жумушка кийген кийимдеримди чечинип, үйгө кийген кийимдеримди кийиинип алып, жаңы эле тамак жасайын деп жатсам, эшик чертилип ошол жерде жашашкан жаштар чогулуп келип калышыптыр.
Баары комсомол уюмунун секратары болгонумду куттуктап калышты. Колдоруна белектерин көтөрүп алышкан экен. Алар менен түн жарымына чейин ойноп күлүп алдыдагы белгиленген комсомол уюмунун иштери жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Алар үйлөрүнөн комуз, кыяк өңдүү музыкалык аспаптарын менин квартирама чогултушмай болушту.Алардан тышкары спорт иштери боюнча эртесинен баштап Дамирага отуз сомдон акча жыйнамай болдук. Ошентип комсомол уюмунун иштеринин башын баштап койдук. Жаштар тарап кетишкенден кийин бир топко уктай албай жаттым. Бир чети комсомол уюмунун секратары болуп, кызыктуу ишке аралашканыма толкунданып жатсам, бир чети алдыдагы жооптуу ишти кандай аткаруу керектигин ойлонуп жаттым, бир чети эртеси алтынчы күн болгондуктан Толкунга барууну ойлонуп жаттым. Толкунга жолугуп сүйлөшүп жатканымды элестетип жатып кыйалга батып уктап кетиптирмин.
Эртеси эрте ойгонуп сыртка чыксам тегеректеги бак-дарактардын гүлдөгөнү, жаздын сулуулугу, абанын тазалыгы көңүлүмдү көтөрүп жиберди, арыктагы агып жаткан сууга мойну башымды жууна салып эртең мененки чайымды ичип жумушка чыгып кеттим.Кечке жуук жумуштан кийин жаң кийимдеримди кийинип алып Каракол шаарын көздөй жөнөдүм. Чоң жолго чыгып жол тосуп тураарым менен автобус келип калды. Автобуска отуруп Караколдун автовокзалына бир саатка жетпеген убакытта жетип бардым. Себеби плодопитомник совхозунан Караколго чейинки аралык кырк километрдей эле болчу. Автобустан түшкөндө күн батаарына али көп убакыт бар эле. Автовокзалда адаттагыдай эле эл көп экен бирөөлөрү келип жатышса бирөөлөрү кетип жатышты. Автовокзалдын сыртындагы радиодон диспедчер келип кеткен автобустар жөнүндө кулактандырып жатса келип кеткен автобустардын үндөрүнөн жүргүнчүлөрдүн үндөрү кошулуп бака шака түшүп жаткан. Мен түз эле Муратка барып аны ээрчитип алып Толкунга барууну ойлодум да автовокзалды аралап өтүп пед институттун маңдайындагы дүкөнгө кирип базарлык алып алууну чечип текчелерди карай баштаганда алды жагымда турган Толкунду көрүп таңыркап карап калдым. Толкун да ошол маалда жалт бурулуп мени карады. Байкоосуздан болгон жолугушуу экөөбүздү тең апкаарытып салгандай болду. Экөөбүздүн тең өңдөрүбүзгө кызыл чуркап саламдашканга араң жарап сөз таба албай калдык. Бир азга мукактанып,
-Мен сиз менен жолугушайын деп атайын келдим эле, дедим. Толкун эч нерсе дебестен жылмайып жер карады. Мен бул сөздү эмнеге айттым дегендей болуп өзүмдү ыңгайсыз сезе түшүп кайра оңдоого аракет кылып,- квартираңыздан жолугам деп ойлогом. Бул жерден сизге жолугаарымды билген эмес элем,- дедим да ичимден капырай дагы эмне деп тантып салдым деп өзүмдү жемелеп,- сизге бул жерден жолукканым ырас болбодубу сизди үйүнө кетип калдыбы деп коркуп жаттым эле,- деп кошумчаладым.
Толкун уялгандай көзүн ала качып, -Мен бул сапар үйгө барбай калгам, тамак жасаганга майыбыз түгөнүп калып, бул жерге май алайын деп келдим эле,- деди. Ал сөздү угаарым менен, -Мен азыр бир мүнөткө,- деп бир бөтөлкө май, бир пачка шоколад ала койуп Толкунга сунсам, Толкун уялып, -Тим эле койсоңуз болмок,- дегенде, -Эч нерсе эмес алып койуңуз,- дедим. Толкун май менен шоколады алды. Экөөбүз ээрчишип көчөгө чыктык. Бир топко үнсүз сөзсүз баскандан кийин сөздү баштап,- окууларың жакшыбы, жакшы жүрөсүзбү,- дедим. Толкун: -Жакшы,- деп бир сөз менен жооп берип, -өзүңүздүн иштериңиз жакшыбы бир топко шаарга келбей калдыңыз го,- деп мага тигиле карады. Мен да анын көзүнө тике карап, -Жумуштан колум бошоп келе албай жатканымды айтып эми мынчалык кечикпей келип учурашып турууга убада берем.Толкун ыраазы болгондой жылмайып койду да мени колтуктап алды. Андан ары экөөбүз колтукташып алып бири-бирибизге болгон жаңылыктарыбызды айтышып жай басып бара жаттык. Биз Толкун жашаган квартиранын жанына келгенде Толкунга кайрылып, -Убактың болсо кечинде киного барбайлыбы,
- дедим. Толкун мейли деп башын ийкеди. Экөөбүз кечинде жолугушмай болуп сүйлөшкөндөн кийин Толкун квартирасына кирип кетти. Мен Мураттын квартирасын көздөй бастым. Мурат көп алыс эмес жерде Толкундун квартирасынан бир километр аралыкта жашачу. Мураттын квартирасына кирсем Мурат чогу жашаган үч баласы менен үйдө экен. Баш бакканда эле жабыла тура калышып учураша кетишти. Мурда бул квартирага эчен жолу келип кетип жүргөндүктөн алар менен жакшы мамиледе болчумун. Шүкүрбек, Замир, Бейшен үчөө тең Мурат менен чогуу окушчу. Бейшендин сүйлөшкөн кызы Жүзүмкан өзү менен чогуу окуп, Толкун менен бир квартирада жашачу. Биз бирибиздин сырыбызды жакшы билгендиктен бакылдашып аркы беркии сүйлөшүп аларга аралашып кеттим. Кечке чейин алар менен чогу болуп күүгүмдө Муратты ээрчитип алып Толкунга келдим. Толкунду чакыртып алып аны менен сүйлөшкөндөн кийин Толкун квартирасына кайра кирип кийинип жанына бир кызын ээрчите чыкты. Төртөөбүз ар кайсыны сүйлөшүп жай басып, кино башталар убакты болжолдоп, кино театрды көздөй бара жаттык.Ай жарык болуп, көчөнүн четиндеги столболордогу лампочкалар күйүп тургандыктан бир топ жерге чейин айлана тегеректегилер көрүнүп турду. Лып эткен жел жок күндүзгү жылуулуктун илеби кайткан менен дагы эле жылуу болуп мемиреп турат. Биз бейкапар квартирадан бир аз узагандан кийин экиге бөлүнүп эки экиден бөлүнүп келе жаттык. Толкун экөөбүз күндүз бири-бирибизден уялышып көздөрүбүздү ала качып, жакшы сүйлөшө албай жатсак эми бири-бирибизди көбүрөөк тиктөөгө аракет кылып үндөрүбүздү жаныбыздагыларга угузгндан кызганып шыбырашып сүйлөшүп бара жаттык. Бир убакта Толкунга бурулуп эки ийнинен кармап, -Толкун кандай деп ойлойсуң, мен сенин өмүрлүк жарың болууга татыктуумунбу же жокпу?- деп көзүнө тике карадым. Толкун уялып көзүн ала качып жер караганда мен,- ачык жообун айтсаңыз ооба же жок деп, эгер жок десеңиз да мен эч убакта таарынбайм.
Себеби мен өзүмө убада бергенмин. Колукту алганда өз макулдугу менен үйлөнөм деп. Ошондуктан сенин чыныгы оюңду билгим келди. Эгер суроом одоно болсо кечирип коюңуз. Мен жакында үйлөнүшүм керек. Сен жок десең мен башка кыз издөөгө мажбур болом-дедим.
Толкун менин чечкиндүү айтып жатканыма көзү жетти көрүнөт, канчалык уялып жатса да башын өйдө көтөрүп менин көзүмө тигиле карап, -Ооба,- деп жооп берди. Мен Толкунду акырын өзүмө тартып;-Сенин бактылуу болушуңа колумдан келгенин аябаймын,- деп чекесинен өөп койдум.Мен мурунтадан эле кыздардын бети-башынан өпкүлөп сени сүйөм-күйөм деп айтчу эмес элем. Бирөөлөрдүн өпкүлөп жатканын көргөндө да кыжырым кайнап жактырчу эмесмин. Берки экөө бир топ алыстап кетишкендиктен алардын аркасынан ыкчамдай басып жөнөдүк алар кино театрга жетишкенде артка кайрылып күтүп калышканда биз жете бардык. Мурат бизге күлө карап, жаштар деги эле болбойсуңарго деп койду. Кассадан белет алып төртөөбүз киного кирдик. Кино театрдын ичи толуп калыптыр. Биз кирип бир аз отургандан кийин эле индийский кино башталды. Толкун экөөбүз жанаша отуруп кол кармашып алганбыз. Кинодогу эки жаштын сүйүүсү бизге да таасирин тийгизип жаттыбы, же экөөбүздүн бири-бирибизге болгон сүйүүбүз ошончолукпу айтор жакындашып отуруп бири бирибизге жабышып калдык. Акырында баштарыбыз тийишип экөөбүз бир кишидей болуп кинону абдан берилип алып көрүп жаттык. Кино бүткөндөн кийин көчөгө чыкканыбызда Мурат менен Толкундун жолдош кызы бизге жолтоо болбойлу дештиби алдыга басып кетишти.Толкун экөөбүз бири-бирибизге кыналыша кучакташып алып, алардын аркасынан жай басып бара жаттык. Биз бирде кино жөнүндө сүйлөшсөк, бирде үйдөкүлөрүбүз туурасында,
бирде келечектеги жашообуз жөнүндө сүйлөшүп таттуу кыялдарга батып жаттык. Беркилер квартиранын жанында күтүп турушкан экен. Толкун менен жолдош кызын квартираларына кийрип жиберип биз Мураттын квартирасына кеттик. Эртеси дем алыш күн болгондуктан кечке Толкундар менен чогуу шаар кыдырып көңүл ачып жүрүп кечке жуук иштеген жериме кайттым.Кийинки күндөрү күндүзү өзүмдүн негизги агрономдук жумушумду аткарсам кечкисин алтыдан кийин плодопитомник совхозунун жаштарын конторго чогултуп алып өздүк көркөм чыгармачылыгым уюштуруп түндүн бир оокумуна чейин уйкуларыбыз келгенче жаштар менен болчумун. «Эл ичи, өнөр кенчи», дегендей жаштардын бири комузда ойносо, бири кыяк чертип, бири гитара, мандалин чертип созолонтуп ырдаган талантуу жаштар күндөн күнгө көбөйө баштады. Биз концертке эле даярданбастан чакан спектакль, интермедияларды да коюуга үлгүрүп жаттык.Күндүз жумуштан арачоро убакыттар боло калганда волейбол, футбол ойнолчу аянттарды даярдатып чогулган акчаларыбызга топ, сеткаларды алдырып ал оюндарды уюштуруп, андан тышкары теннис ойноочу стол жасатып, шарик, сетка, ракеткаларын алдырып аны уюштуруп дагы шахмат, шашкилерин алдырдым. Комсомолдордун карточкаларын толтуруп төртөөнү комсомолго өткөрүп он сегиз комсомолдун мүчөсүн плодопитомник совхозуна отчетко отургуздум.
Мына ушул жумуштардын баары бир айдын ичинде бүтүп биздин комсомол уюмубуз райком комсомолундагылардын ооздоруна алынып жасаган иштерибиздерди башка жаңы уюшулган комсомол уюмдарына мисал катары айтыла баштады. Плодопитомник совхозунда иштеген жаштар бош убактыларын көңүлдүү өткөрө башташты. Буга плодопитомник совхозунда иштегендердин баары ыраазы болуп жатышты. Мурда бирин-экин ыр жаза коюп жүрсөм эми ыр жазууга далалат кылып ырды кандай жассам деп өзүмдүн ыр жазаарыма толук ишене албай издене баштадым. Ошол күндөрү ыр жазсамбы деген ырымды жаздым.Мен өзүмчө күнгүрөнүп ырдаймын,Ичте жаткан жүрөгүмдүн сырларын.Бирөөнө айтып же кагазга жазсамбы.Көкүрөктү жарып сыртка чыкканын.Ыр жазарым, жаза албасым билинбей,Айсыз түндө жалгыз өзүм жүргөндөй.Же болсочу кеңеш берер жолдошум,Андай эмес, мындай жазгын дегендей.Сөз түркүмү жакут, бермет шуруудай,Сап-
сап болуп көңүлүмө тизилет.Ой санаамды санга бөлөп, дегдетип,Кана эми жазып көрчү дегенсип.Абдан кымбат сөз ширесин издемек,Акын болуу оңой-олтоң иш эмес.Колдон келип жазаарыма ишенбей,Ыр жазсамбы, жаза албаймбы ким билмек.Колум бошобогондуктан айылга бара элегиме да бир айга чукулдап калган. Алтынчы күнү жумуштарым чыгып калып дем алыш күнү эртең менен эрте жээрде атымды минип Дарханга жөнөдүм. Иштеген жеримден айылыма чейин жыйырма километрдей жол басыш керек эле. Жээрде ат адатынча камчы салдырбай жол жоргосу менен зыпылдап бара жатты.Бул сапар атыма ишенгендиктен автобус күтүп отурбай эле ат менен чыккам. Анын үстүнө жээрде атты минип жүргөндү өзүм да жакшы көрчүмүн. Ат да жакшы багылгандыктан,
ат жабдык да жакшы жасалгалангандыктан экөө бири-бирине жарашып абдан көрктүү көрүнүп мингенде жакшы жарашып калчу. Кечкисин ээрин алып квартирамдын жанына байлап койсом корукчулар түнкүсүн бедеге отко койушуп эртең менен эрте кайра оордуна байлап койушчу. Күндүзү деле ары бери бастырганда жанын кыйнабай откоруп мингендиктен кара эти толук болчу. Улам жол арбып алыстаган сайын кызыгандан-
кызып оозуна ээ кылбай шамаал менен жарышып бара жаткандай болдум. Жолдон көргөндөр узата карап, таңыркап атка анын жабдыгына кызыгып бир топко узап кеткиче карап калып жатышты. Ан сайын сыймыктанып көңүлүм көтөрүлүп «ат адамдын канаты», деп бекеринен айтпаса керек, бир саатча убакыттай эле үйгө жетип бардым.Атам көчөдө турган экен. Минип келе жатканымды көрүп, ал дагы карап туруп калды. Ал баласынын айыл активтериндей жакшынакай атка минип өзү энчилеп берген ат жабдыгы минген атына жакшы жарашып, өзүнүн да атка келишимдүү отурганын салабаттуу кишидей болуп, чоңойуп калганын көрүп, эт жүрөгү элжиреп турду. Баланын жакшы жагын көрүү ар бир атанын бактысы эмеспи, ошол кезде Сагалы өзүн ушундай баланы тарбиялап өстүргөнүнө бактылуу сезип жатты. Ал ичинен «айланып кетейиним, айыл активтерине окшоп салабаттуу кишидей болуп чоңойуп калган турбайбы ырас эле ат жабдык сатып берген экенмин, жакшы жарашып калат тура», деп кайра өз ойунан өзү чоочуп, «капырай мен эмне болуп турам уулумду кудайым жаман көздөн, сөздөн сактай көр» деп жакасын кармап койду.Мен жакындап келип салам айтып, атыман түшө калып, кол алышып учурашканда,
атам алик алып ичинен кубанып, жатканын билдирбей, -Кандай жүрөсүң, иштериң кандай,- деп гана сурап койду.Жээрде ат колумдагы чылбырды жулуп алып, сызып жөнөчүдөй болуп бир оорунга тура албай тыбырчылап турду. Атамдын суроосуна жооп берип, -Жакшы иштериме акырындап көнүп келе жатам, өзүңөр жакшы турасыңарбы?
- деп суроо салдым. Атам: -Жакшы жакшы турабыз. Сен жумушуңа ушул атты минип жатасыңбы,- деди. Балким ал ичинен убактылуу эле бүгүнчө сурап минсе керек деп ойлодубу кооптогонсуп,
-Ооба бул атты жумушка мингениме бир айдан ашып калды,- деп атамдын атымды бир ооз мактап койбогонуна ичим бышып кетип,- жакшы ат бекен?- деп сурап жибердим. -Ооба,- деп бир сөз менен гана жооп берди. Атам бизге канчалык жүрөгү эзилип жакшы көрүп турса да сыртынан билдирүүчү эмес. Кандай иш жасабайлы бирөөбүздү да мактап же бетибизден өөп эркелетчү эмес. Ал балдарын эркелетип же мактап же чогуу арак ичкен ата-энелерди жаман көрчү. Ата-энеси эркелетип жүрүп жаман болуп калган балдарды турмушунда далай көрүп, эрке балдардан коркуп калганынан болуш керек. Мен атты көчөдөгү столбого байлаарым менен кичинекей балдар ошол замат тегеректешип бири,-Оо жакшы ат экен десе, ой бул тулпар турбайбы,- дешип талашып киришти.Мен аларды көрүп балалык кезим эсиме түшүп жылмайып койуп, атамдын артынан ээрчип үйгө кирдим. Энем, Жаңылкан, Света, Ырысбек менен үйдө экен. Алар менен беттеринен өөп учураштым. Энем тура калып кайра бетимден өөп, -Балакетиңди алайын жакшы жүрөсүңбү,- деди да Жаңылканга,
- абаңдын курсагы ачып келсе керек, чай койчу деп кошумчалады.
Адаттагыдай эле берерге тамагын таппай идиш аяк салынган буфетин аңтара баштады. Мен ойноп жаткан Ырысбекти өйдө көтөрүп эркелетип, -Кана чоң жигит болуп ата-энеңди багып жатасыңбы,- десем, -Ооба,- деп башын ийкеди. Ал да Бекболот атасынча жоош болуп бешке чыгып калса да көп сүйлөчү эмес. Андан кийин Светага кайрылып,- Кандай Света окууларың жакшыбы, экзамен берип жатсаңар керек Жаңыл эжең экөөңөр?- десем,-Эки экзамен бердик, үчүнчү аякы экзаменди эртең берем,- деди. Жаңылкан онунчуну Света сегизинчини бүтүрүп, экзамен берип жатышкан. Ангыча Жаңыл самоор койуп тыштан кирип келгенде ага да кайрылып, -Кандай экзамендериңди жакшы тапшырып жатасыңбы, кайсы окууга тапшырайын деп жатасың,- дедим. Жаңыл бойго жетип токтолуп калган, -Жакшы, эки экзаменде тең «төрт» деген баа алдым. Эртең үчүнчүсүн беребиз. Кудай буюрса экзамендеримди ийгиликтүү берип бүтсөм, мед училишага тапшырсамбы деп жатам,- деди чоң кишидей зыңгырап жооп берип. Андан кийин энемден калган бир туугандарым жөнүндө сурап чыктым. Жамал эжемдер жактан өткөндөгү Конокказы абам үйлөнгөндөн бери кабар алыша элек экен. Вера эжемдер айылда болушкандыктан бат-баттан кабарлашып турушуптур.
Конокказы абам аялы экөө да кеткенден бери келише элек экен.
#45 23 August 2015 - 15:35
Алиманды сураганда энемдин кабагы бүркөлүп кейиштүү, -Балам кандай деп айтсам, Алиман карындашыңдын бактысы тайкы болуп калган окшойт, алар жакында эле күйөөсү экөө келишиптир.
Алиман күйөөсүнө угузбай күйөөм көп ичет экен кайнэнем да катаал болуп күн көрсөтпөй жатат. Турмуштан чыгып келбесем болчудай эмес. Жакшы эле силерге билгизбей ушуга чейин чыдадым. Эми такыр чыдамым кетип бүттү дегенинен кой балам эл эмне дейт баягынын кызы күйөөдөн чыгып келиптир дебейби. Элдин бетин кантип карайбыз эптеп чыда «отурган кыз орун табат», деп жатып араң кетирдим. Байкуш Алиманым ыйлаган тейден кетти,- деп өзү да жашып кетип, жоолугунун учу менен көзүн сүртүп ыйлаганы бара жатканда атам кемпирин тыйып, -Кой кемпир ыйлаба, баары эле сыдыргыгы тарткандай болмок беле, илгертеден калган сөз бар эмеспи өзүң айткандай «отурган кыз орун табат», деген эптеп чыдаса бала чакалуу болуп кетишсе оңолуп кетер деди. Баарыбыз өз ойлорубуз менен алек болуп, унчугушпай тунжурап капалуу отуруп калдык. Ичимден күйөөсүнө кыжырым кайнап, ала качып алып Алимандын тагдырына балта чапканы аз келгенсип, арак ичкени эминеси десем бир туруп кайнэнесине ачуум келип, жалгыз баласынын аялына эмине үчүн катаалдык кылат деп жаттым. Алиманды көз алдыма элестетип, энеме келип арызданып жатканын ойлоп боорум ооруду. Ата-энемди капалантмайын деген ой менен сөздү башка жакка буруп Калиман карындашымды сурадым. Энем анын жакында кеткенин жакшы иштеп жатканын айтты.Аны-муну сүйлөшкөнчө чай да кайнап, энем мага арнап катып койгон тамак-аштарын дасторкондун үстүнө жайнатып чай ичилип жатканда, атам мага кайрылып, -Балам малдын жугу турганда үйлөнүп алсаңчы. Азыр мал кармаш да оңойго турбай калды. Жел козу деген балее чыгып чоңдор кудайдан үмүт кылып кудай буюрса дешпей эл ар жүзүнө жүз сексен жүз токсон козу алып беребиз деп чоңдоруна убада берип койушуп, ал убадасын аткара алышпай жетпегенин элден жыйнап, жаз чыгаары менен үймө үй кыдырышып суроо сопкусуз эле «сенин малың мынча экен, мынча козу бересиң», дешип салык салышчу болду. Талаадагы арыктын жээгиндеги чөптөн өйдө элге бербей, колхозго чаптырышып биз тойуттун бир талын да жерге калтырган жокпуз дешип, чоңдорго отчет беришип, туура чабар активтер «бөрк ал десе баш алышып», кысканынан кысып бара жатат. Өзүлөрү чөптүн көбүн үйлөрүнө бөлүшүп алышып колхозду малы кыштан араң эле чыкты. Эми тирүү кишиге эртең эле кыш келет, чөп былтыркыдан да тартыш болгону турат окшойт. Биринчи чабык баштала элек жатканда эле Абылай кече клубка жалпы элди чогултуп, каарданып адатынча, калчылдап «эгер тойут уурдап кармалсаңар токтоосуз кестирип жиберем, азыр ончактыңарды аттырып салсам да эмне минттиң деп менден эч ким сурабайт», деди. Буга кудайдын да алы жетпей калганбы, кудайдан корксо ушинтип айтат беле кудайдын алы жетпегенден кийин буга кишинин алы жетчүдөй эмес. Анын жан жөкөрлөрү да кудай бетин салышпасын урушаарга жоо таппай, урунаарга тоо таппай кутуруп турган учурлары кайаша айткандарды конторго камап алышып сабашат экен деп угам же тойутту сатып алайын десем элде огородунан башка чөбү жок, анын үстүнө колхоз эмгекти жакшы төлөбөйт, таң күнү талаада суу сугарып жүрүп, ысык тамагына аны мунуга кармап отуруп айына жыйырма отуз сомдон араң алабыз бул эмне аз, кантип жан сактайбыз десек жыл айагында буудай аласыңар дейт, жыл айагына эң алдынкы сугатчы он центнерден ашык эгин албайт башка колхоздордо укканыма караганда сугатчыларга эмгек акылары жакшы төлөнүп, сыйлыктар берилип турат экен. Өткөндө он бешинчи июнда колукту алып келем деп убада бердиң эле ага чейин бир жумага жетпеген убакыт калды. Алып келмей болуп жатасыңбы же айнып калдыңбы,- деп мени былк эттирбей сөзгө кармоого аракет кылды.-Ооба ошол жөнүндө кеңешейин деп атайын келдим эле,- десем атам менен энем кубанып кетишип, -Анда ырас болот, балам колуктуңду алып кел, кем карчысы болсо толуктап он бешине камынып туралы,- дешти.Мен атамдын санаасын тындырайын деп бир чети атама боорум ооруп, -Чөп жагынан кам санабаңыз плодопитомник совхозу жумушчуларына алма бактан чөп бөлүп берет экен, жакында бөлгөнү жатабыз. Ошондо мен дагы чөп бөлдүрүп алам,- дедим атамдын көңүлүн жубатмакка.
Атам менен энем мурда кеңешип Бекказы да бойго жетти малдын жугу турганда үйлөндүрүп коюлу, өткөндө эже жезделеринин көзүнчө он бешинчи июнда үйлөнөм деген эле эмдигиче андан кабар жок айнып калган окшойт. Эмдиги келгенде экөөлөп кыйнайлы анын үстүнө кызматкер болуп бөтөн жерде жүрөт бойдок неме алда кандай болот ээн басып бирөөлөргө кабылып же тартипсиз балдар менен тамеки тартып, арак ичип бузулуп кетеби агасын үйлөнтүп, жолу да ачылды, жаштыгы калган жок үйлөнгөнгө убактысы келди. Колхоздун малын бакпай калгандан бери мал багуу да кыйындап бара жатат деп сүйлөшүп алышкан эле.Эми минтип ойлору ишке ашып уулунун келин алып келүүгө макул болуп убадага турганына ичтеринен жетине албай жатышты. Энем мени кичинекей чагымдагыдай эркелетип, -Геки сүйлөшкөн кызың кайсы жерден болот ата-эне бир туугандары бар бекен,- деп калды. Мен мурда андай темада ата-энем менен сүйлөшүп көрбөгөнгө уялып кетип кызара түштүм да, кандай айтып түшүндүрсөм деп бир аазга күймөнө түшүп энемдин суроосун жоопсуз калтыргым келбей уялып турсам да, сүйлөшкөн кызым тууралуу айтып берүүнү чечтим.-Өзү Аңөстөндүк,
атасы мугалим, энеси сельсоветтин секретары болуп иштейт экен. Баары он бир тууган: бирөө эркек, тогузу кыз экен. Толкундан улуу эки эжеси бар, бирөөсү турмушка чыгыптыр, экинчиси институтта окуйт. Толкун бир жылдык бухгалтердин окуусун окуп жакында бүтөт,- дегенимде энем: -Айланайын Гекиним ошол кызыңды эле алып кел өзүбүзгө туштук экен.Он бир тууган болсо, бирөө күйөөгө кетсе дагы бирөө окуса энеси иштесе ошол он бир туугандын кир когун жууп, тамагын жасаган киши жаман болбос,- деп кубаттап кое берди. Ошентип үй бүлөөлүк кеңешибиз бүтүп келүүчү алтынчы күнү колукту алып келмей болдум. Ал күнү кечке үйлөнүү тойун кандай өткөрүү туурасында сөз болду. Атам кечки сменага саат бешке сугатка кетти.Мен кайра плодопитомник совхозун көздөй аттандым жуманын аягына чейин күндүзү кечке жумушка алаксып түнкүсүн бир топко чейин ойлонуп уктай албай жатчу болдум, бешинчи күнү кечинде жумуш бүтүп калган кезде үйлөнүү үчүн үч күнгө урууксаат сурап, арыз жазып алып директорум Асанбек Туратбековичке кирдим. Менин кечке жуук колума кагаз көтөрүп киргениме Асанбек Туратбекович таңыркагандай карап калды да, -Кел эмне жумуш болуп кетти, деди. Мен эч нерсе дебестен арызымды сунганда директор колуна алып окуп көрдү да мага күлө карап,- үйлөнөйүн деп чечтиңби,- деди. Мен уялыңкы карап, -Үйдөгүлөр үйлөн деп жатышат,- деп үйдөкүлөргө шылтай салдым. Асанбек Туратбекович чын ыкласы менен, -Абдан жакшы болот күзүндө өзүм үйлөн деп айтайын деп жүрдүм эле, азыр жумушум көп болуп жатканынан айта албай жаткам эч нерсе эмес эптеп иштеп тураарбыз. Азыр арызыңа кайсы күнгө чейин экенин белгилебей турайын үч күн аздык кылат, эгер кечиксең узартып берейин, плодопитомник совхозунун жардамы катары профсоюз эсебинен эки оклад акча берели, бухгалтерге айтып жаныңа акча ала жүр, керек болуп калат, кана эмесе жолуң болсун,- деп ордунан туруп колун сунду. Экөөбүз колдорубузду кармашкандан кийин жакшы калыңыз деп ырахматымды айтып чыгып кеттим.Мен айына жүз жыйырма беш сом акча алчумун. Ал кезде жүз сомго бир кой беш сомго козу келчү. Бухгалтер Валентина Семеновнага айтсам ал эки жүз элүү сомго кошуп бир айлык акчамды да кошо берди. Курманбек, Бекмурза абалар аял алып жаткандыгымды угушуп эртең узатып коюлу деп тамашалап калышты.Эртеси эртең менен экөө узатышып, мен уйкулук таштап, Каракол шаарына жакшы маанай менен жөнөп кеттим. Каракол шаарына жетип Мураттардын квартирасына барганда түш болоюн деп калган. Квартирада Шүкүрбек менен Замир бар экен. Мурат менен Бейшен окууларында болчу. Биз чай ичип бүтө элек кезде берки экөө окууларынан келип калышты. Баары чогулган кезде аял алып кетүүгө келгендигимди ортого салып айтып калдым. Балдар дуулдап кубанып калышты. Үйлөрүнө кетишпей эртеси дем алыш күнү чогуу узатышмай болушту.Андан соң Толкунду кандай алып кетүү экендигин пландап кирдик. Себеби сүйлөшкөн күндө да Толкундун эжеси Чолпондон мурда күйөөгө чыгуусуна жолу жок эле. Анын үстүнө окуумду бүткөнчө койотур деши да ыктымал болчу. Ошондуктан отурушка баралык демиш болуп жолдо бара жатканда Мурат сөз баштап Толкунга сени Бекказы менен үйлөнткөнү алып бара жатабыз деп Аңөстөндүн тушуна жеткиче айтмай болдук. Анткени мурдагы мен колуктуну эч убакта ала качып албайм деген убадам боюнча эгер Толкунга жолдон айтканда бир аз эле баш тартканы билинсе үйүнө таштап өзүм жакшы мамиледе жүргөн кыздарымдын кимиси үйлөнүүгө макул болсо ошону алып кетмекмин. Алтынчы күн болгондуктан Толкунду үйүнө кармап калыш үчүн үчкө бөлүндүк, экөө Толкундун окуган жерине экөөбүз квартирасына,
бирөө автовокзалга жөнөдүк. Баарыбыз автовокзалдан жолугушмай болдук. Бир эки саатча убакыт өткөндөн кийин сүйлөшкөн боюнча баарыбыз автовокзалдан жолугуштук.
Толкун жанына эки жолдош кызын ээрчите келиптир. Аларды мурда көрүп жүргөн элем. Алар Толкун менен чогу окушкан Бурул, Салтанат деген кыздар болчу. Бурул, Толкун менен адеп автобустан жаңыдан таанышкандагы кыз жанында жүргөн, Салтанат болсо Толкун менен бир айылдан болуп, мектепти да чогуу бүтүшүп эми да чогуу окушат. Мураттар да өзүлөрү менен чогуу окуган дагы бир жолдошун ээрчите келишиптир.
Адегенде аларды ашканага киргизип сыйлап андан кийин чогуу сүрөткө түштүк.Толкундун жанындагы эки кызды бөлүп кете албай бир топко күймөлүп жаттык. Толкунду отурушка алып кеткени жатабыз десек беркилер биз дагы барабыз дешип ээрчип алышты. Мурат айласы кетип Бекказы экөөбүз эле сүйлөшкөн кыздарыбыз менен бармакбыз. Силерди алып барууга болбойт деп калп айтууга аргасыз болгондо гана тигилер калып калышмай болду. Ангыча мен таксиге сүйлөшө калдым. Таксиге Толкун, Мурат, үчөөбүз түштүк, калгандары кол булгалашып жакшы калгыла деп узатып калышты. Мурат таксинин алдында, Толкун экөөбүз артында бара жаттык. Такси шаардан чыгаары менен Муратка карап көзүмдү кысып эми айт дегендей белги бердим. Мурат ар кайсыны сүйлөп сөзгө алаксып айтпаган соң дагы кое турайын деп жатса керек деп ойлодум. Дагы бир топ жол жүргөндөн кийин Кытай айылынын жанына жеткенибизде дагы айтпайсыңбы дегендей кылып белги берсем, Мурат дагы эле айта албай койду. Жети-өгүздүн тушуна келгенде айтпайсыңбы деп ачууланып жаман көзүм менен карасам да Мурат айта алган жок менин айлам кетип тигинин айта албасына көзүм жетип тамагымды жасап алдым да, Толкун биз сага бир нерсе айталы деп шаардан кыздарыңдын көзүнчө айта алган жокпуз, азыр айтууга туура келип жатат биз сага отурушка барабыз деп калп айтып койгонбуз. Бизди үйдөгүлөр күтүп жатышат. Биз үйлөнгөнү бара жатабыз деп эмне дээр экендей кылып Толкунду карасам Толкун өзүнүн туулуп өскөн айылы Аңөстөн менен коштошуп жаткансып таксинин терезесинен ойлуу Аңөстөн айылын тиктеп үн сөз жок бара жатты. Мурат экөөбүз Толкундун унчукпаганына таң калып эмне дээр экендей болуп кулак түрүп Толкундун үнүн тыңшап бара жаттык.Бир топ убакыт өткөндөн кийин такси Шалба менен Оргочордун ортосуна жетип калганда гана Толкун мени карап үйдөкүлөр эмне дешер экен Чолпон эжем турмушка чыга элек жатса деди. Ошондо Мурат экөөбүздүн жүрөгүбүз ордуна келе түшкөндөй болуп жайланышып отуруп калдык. Мурат Толкунду карап келгиле ырдайлы дегенде Толкун менин ырдагым келбей турат деди. Таксист жыйырма беш, жыйырма алты курактагы кыргыз жигит эле. Анын да биздин сөздөрүбүздөн улам санаасы тына түшсө керек бизге күлө карап, ырдабасаңар анда музыка уккула деп радиосунун үнүн болушунча чыгарып койгондо радиодон көңүлдүү музыканын үнү жаңырып кирди Толкун экөөбүз өз ойлорубуз менен алек болуп бара жаттык. Бизди көңүлдүү музыка да алагды кыла алган жок ар кимибиз ойубузда чын эле үйлөнөт деген ушубу, баш кошуп турмуш курат деген ушубу, эми келечегибиз кандай болоор экен дегендей ойлор биринен сала бири келип кетип жаткандай болуп, өмүрүбүздөгү чоң окуяга жүрөксүй ар кайсы ойдон кутула албай бара жаттык. Такси көңүлдүү музыканын коштоосунда чоң жол менен зымырап бара жатты. Биз бат эле үйгө жетип калгандай болдук. Үйгө келгенде күн бешим чен болуп жылуу нурларын чачып ачык асманда эки жашты баш кошушу менен куттуктап жаткансып, айлана-чөйрөнү мемиретип жылытып турду. Кыдырата самоорлорун койуп короодо чай кайнатып жатышкандар апапакай Волга келип короого токтогондо сүйүнчүлөп үйдү карай жүгүрүштү. Үйдөгү тынчсызданып күтүп отургандар дабырап дүбүрөп тышка чыга башташты. Бат эле кишилерге короо толуп кетти. Толкун босогону аттап киргенде энем камдап турган сары майын Толкундун алакандарына сүйкөп оозуна май салып жетелеп мурдатан тагып дайардап койгон көшөгөсүнө киргизди. Таянем жоолук салды. Мурат экөөбүз бизди алып келген таксистке чай берип акчасын төлөп жатканыбызда энем ыраазылыгын билгизип, көйнөк кийгизди. Андан кийин биз узатып жибердик. Ошол күн 1978- жылдын 15-июнь айы болчу. Ошол күнү атамдар кеч менен Толкундун төркүнүнө ачуу басарга кетишти. Эртеси эртең менен Аңөстөндөн келишери менен эл чакырып, элден экөөбүздөн бата алып кой сойуп Толкунду отко киргизишип,
мага нике кыйдырышты.
Бизге өкүл аталыкка атам өзү менен чогуу чоңойуп бирге өскөн досу Абдрахманды койдурду.Менин ойумда Абылайды өкүл ата койуп, андан кеп кеңеш сурап, жардамы тийер беле деп атама бир ооз кеңеш салсам, атам балама терс таасири тийет деп ойлодубу же көңүлдөнгөн жокпу, болбой балам Абрахманды эле койолу деп койду. Биринчи күнү эртең менен мен жумушума Толкун окуусун бүтүрүп келгени окуусуна Караколго кетти. Мен эртең мененки нарядка кечикпей барганда эле Асанбек Туратбекович баштаган чогуу иштеген кызматкерлер үйлөнгөндүгүм тууралу сурап билишкенден кийин бары куттуктап жатышты. Алар наряда кеңешип жаңы эле салынып бүткөн төрт бөлмөлүү мага берүү туурасында жумушчулар чогулганда сунуш киргизишмей болушту. Наряд бүткөндөн кийин баардык кызматкерлер чогулуп алышып, жумушчулар чогулган короого келишип, жумушчуларды чогулушка чогулта калышты.Мындай эртең мененки чукул чогулуш мурда деле бат-баттан болуп туруучу. Анкени жогору жактан ар кандай көрсөмөлөр келгенде же мурда белгиленген жумуштар өзгөрүлүп чукулунан бүткөрүлүүчү жумуштар болуп калганда же жалпы жумушчуларды кулактандырыш керек болгонда чогулуш болуп турчу. Баары чогулганда Асанбек Туратбекович өзүнө таандык кырылдап демиккен үнү менен баарына түшүнүктүү болуш үчүн орусча жолдоштор биз сиздерди чогулткан себебибиз бир кубанычтуу кабарды айтып бир нерсени чечип алалы дедик. Биздин жаш агрономубуз Бекказы жакында колукту алды дегенде баары чурулдап мага куттуктоолорун айтып киришти. Бир аз тынчтанышкандан кийин кайра сөзүн улантып биз Бекказыны жаш жубайлуу болушу менен ага узун өмүрлүү, чын ден соолукту, үй-бүлөөсү менен бактылуу таалайлу болуп иштерине чоң–чоң ийгиликтерди каалап кетсек дегенде. Баары шатырата колдорун чаап жиберишти. Жолдоштор деп директор кайра сөзүн улантып биз совхоздун аппаратындагылар кеңешип Бекказыга тетиги деп жаңы салынып бүткөн үйдү көрсөтүп үйдү берүү жөнүндө силерге совхоздун жалпы жумушчуларына сунуш киргизели деп чечтик дегенде жумушчулардын арасынан күбүрөгөн үн чыгып калды, директор колун көтөрүп тынчтангыла дегендей кылып кээ бирөөлөрүңөрдүн үйдү алуу бойунча тизмеде тургандарыңыздарды билем жыл башындагы коллективтин келишиминде жаңы салынып жаткан төрт үйдүн экөөнү жаш адистерге, экөөнү жумушчуларга берели деп чечпедик беле. Ошондуктан менин ойумча бир чети баарыбыздын белегибиз катары, бир чети жаш адис катары Бекказыга үйдү бергенибиз туура болот го деп ойлойм дегенде баары дуу көтөрүлүп туура-туура дешип коштоп кетишти. Директор сөзүн улантып, Беказыга ушул үй берилсин дегендер колуңуздарды көтөрүп койсоңуздар дегенде баары колдорун көтөрүштү. Каршы чыккан киши болгон жок. Директор адеп колун сунуп жаңы үй кут болсун деп колумду кармаганда калгандары куттуктап киришти. Мен ал жума бою жумушумда болуп квартирамда жалгыз жашадым. Мага берилген үй бүткөнү менен дагы бир сыйра актап, сырдап электр жагынан кем карчтарын бүтүрүлүшү керек экен. Директор курулуш бригаданын бригадири Клепов Николай Григорьевичке ушул жуманын ичинде көчүп кирүүгө даярдагын деп буйрук берген. Алтынчы күнү айылга барсам экзамендерин бүтүрүп мурунку күнү келген экен. Ата-энем кеңешип Толкунду менден бөлбөй экөөбүздү чогу койолу деп чечишиптир.
Ал күнү үйдө болуп плодопитомнике чогуу келдик.Биринчи күнү жумуштан кийин совхоздон машина алып, экөөбүздүн жашообузга керектүү калган эмеректерибизди көчүрүп келдим. Жаңы үйүбүз сыр жыттанып тургандыктан эмеректерди ал үйгө жыйнап койуп, мурунку квартирамда Толкун экөөбүз бир керебетке чогуу жатып, бир жумача анда жашадык. Жуманын аягында жаңы үйгө көчүп келдик. Ата-энем айылдан бир кой алып келип жаңы үйүбүзгө бата алганы плодопитомник совхозунда жашаган элди орус кыргызынан бери чакырып бата алдык. Бизди куттуктап келгендердин баары колдорунан келген белектери менен келишип, баталарын берип кетишти. Эртесинен баштап Покровкадан барып келип иштешкен жумушчулар да куттуктап келип жатышты. Конокказы абам менен жеңем да каникулга тарап келишип алар да келишти. Конокказы абам экөөбүз мага бөлүнгөн чөптү чаап эки прицеп чөптү Дарханга жеткирип үйүп бердик Толкун дагы кошуна аялдарга аралашып оокаттарын жасап акырындап көнө баштады. Мен мурункудай эл агрономдук кесибимде иштеп, аны менен чогуу комсомол уюмунун иштерин да алып барып жумуштан тышкаркы убактарда спорт оюндарын уюштурууда,
жумушчуларга өздүк көркөм чыгармачылыгынын концертин бердирип турдум. Бир күнү кечке жуук талаада жумушта директордун кызыл фургон москвич машинасы келип жаныма токтоп калды. Ичинде директор жок шоферу Тынчтык өзү эле экен. Ал машинадан түшүп келип сени директор конторго чакырып жатат деди. Андан эмнеге чакырып жатканын билесиңби десем билген жокмун деди. Менин атым болгондуктан аны бара бер артыңдан барам деп койуп атыма минип машинанын аркасынан барсам директор кабинетинде жалгыз отуруптур. Мени отургузуп алып Бекказы сени чакырткан себебим бул кагаз институт земледелиядан келиптир почтодон кармалып калган окшойт. Институт земледелиядан эртең республикалык семинар башталат эле. Ага башкы агроном, директорлор катышат экен. Мен ары ойлонуп бери ойлонуп бул семинарга сенин барып катышып, үйрөнүп келишиңди туура көрдүм. Юрий Павловичти жиберген менен маңоо торпоктой болуп андан пайда чыкпайт. Сен азыр жашсың, келечегиң алдыда сен барып жакшылап үйрөнүп, баарын өз көзүң менен көрүп келишиң керек ал жерден мынча чакырып жаткандан кийин көптү үйрөтөт, сага пайдалуу болот деп ойлойм деп даагы сүзүн улантайын дегенде көкүрөгү кырылдап ыкшып жөтөлүп айтайын деген сөзүн айта албай улам суудан ууртап жөтөлүн басууга аракет кылса да болбой бир топко жөтөлгөндө өңү кубара түштү мен ойумда баргым келбей турсам да Асанбек Туратбековичке эч нерсе деп айта албай макул барып келейин эртең башталса түнү менен кетейинби дедим. Асанбек Туратбекович семинар бир жума болот экен, командировкаңды,
акча тыйыныңды камдатып койдум, бухгалтериядан алып түнкү автобуска отурсаң таң ата жетесиң деп демигип араң сүйлөдү да колун сунуп жолуң шыдыр болсун деди. Мен кол алышып жакшы калыңыз деп коштошуп директордун кабинетинен чыгып, бухгалтериядан жолдомо, командировочный акча алып үйгө бардым.Толкунга Фрунзеге бир жумага командировкага бармай болгонумду айтып камына баштадым. Экөөбүз жаңы үйлөнүп бири-бирибизден кызыгыбыз тарабай ынак болуп турган учурубуз эле бир жума биз үчүн бир жылдай көрүнүп экөөбүз көпкө ажырашып жаткандай болдук. Түнкү саат ондордо Фрунзенин автобусуна түшүп жөнөп кеттим. Эртең мененки сааат алтыларда Фрунзеге жетип мурда сураштырып билип алгандыктан автовокзалдан тогузунчу тройлейбуска отуруп, аякы аялдамасынан түшүп институт земледелияга бардым Мурда Фрунзе шаарын армиядан келе жатканда эле көргөндүктөн шаарды жакшы билчү эмесмин. Институт земледелияга кандай барышты сурап алганым жакшы болуптур адашпай таап барганыма абдан кубандым. Эшиктин кире беришиндеги жазууларын окуп институт земледелия экенине көзүм жеткенден кийин санаам тынды, эрте болгондуктан жумушка эч ким келе элек экен, ошол жердеги орундуктардын бирине отура кеттим. Бир аздан кийин тегеректи тазалаганы бир орус абышка келип, чоң шыпыргы менен асфальттын үстүн шыпырып тазалай баштады. Жайдын толук кези болгондуктан күн жаңы эле көтөрүлсө да күндүн жылуу нурлары айлана-чөйрөнү ысытып турду.Тегерегиндеги гүлзарлардагы гүлдөр тегиз ачылып, бак-дарактар иреетелип тартиби менен өстүрүлгөндүктөн жаратылыштын сулуулугу көркүнө чыгып эртең мененки таза абага кошулган гүлдүн жыттары атыр жыттанып, көңүлүмдү сергитип, жолдо чарчап келгеним билинбей калды. Оюма Толкун келип түндө эле коштосом да аны сагына баштадым, ээрчитип келгенге шартым болгондо эмне. Ушундай кооз жерлерди чогуу аралабайт белек деп өзүм жалгыз жүргөнүмө ыраа көрбөй өкүнүп жаттым. Ары бери баскан эл уламдан-улам көбөйүп, институтта иштегендер келе башташты.Мен шашылбастан баары чогулганда кирейин деп күтүп отуруп чогулуп орун алышты го деген убакта кабылдамага кирип секретарь кызга жолдомону көрсөтсөм, ал семинарды Арекелян Усы Григорьевич деген профессор уюштуруп жатат деди. Ал кишинин кабинетин сурап алып издеп барсам, айткан кабинетте он чакты киши отурушкан экен. Алар менен саламдашып төрдө отурган узун бойлуу, толмочунан келген, мурду койкойгон жар кабактуу, Кавказ улутундагы кишиге жолдомону сунсам ал кагазымды окуп туруп келгениң жакшы болуптур. Азыр семинардын катышуучулары чогулушаары менен семинарды баштайбыз деди. Арекеляндын жанында отургандар да семинардын катышуучулары экен. Алар менен таанышып аркы –беркини сүйлөшүп отурганча чогула башташты. Улам келгендер менен таанышып жаттык. Арекелян Усы Григорьевич бул киши институт земледелияда жалпы бакчылык боюнча бөлүм башчы болуп иштеп, илимдин доктору экен. Башмаков Энвар Алиевич бул институтта земледелияда питомниктер боюнча иш алып барып илимдин кандидаты экен. Вахидов Салик Сабирович бул кишинин дагы окумуштуулук даражасы болсо керек, мурда институт земледелияда иштеп жакындан бери плодопитомник совхозунун директору болуп иштеп жатыптыр. Рашубкина Нина, Ибраимова Майрам, Колотева А, Саутпер В, Ростанец А, Арыкбаев А булардын баары да плодопитомник совхоздорунун директорлору экен. Мадалиев Т. экөөбүз эле агроном болуп иштейт экенбиз. Ушулардын баары чогулуп бүткөнүбүздөн кийин институт земледелиянын генеральный директору, академик Азыков менен жолугушуу болду. Ал киши орто бойлуу, толук, жашы алтымыштардан өтүп калган, мүнөзү токтоо киши экен. Ал киши сөз сүйлөп Кыргыз Республикасынын жалпы бакчылыгынын абалына токтолуп, мындан ары аны дагы өркүндөтүү керектигин,
натыйжада сапаттуу жаңы сортторду чыгаруу зарыл экендигин баса белгилеп, семинардын катышуучуларынын ар кандай суроолоруна жооп берип жатты. Анын мүнөзү абдан токтоо болгондуктан берилген суроолорго шашылбастан,
так жооп берип, бой көтөрбөстөн ар бир директорлордун иштерин сурап, кеңешин берип эч кандай кысым көрсөткөн жок.Мен суроо берүүгө батына албай ошол жерде болуп жаткан кеп-сөздөргө аралаша албай элдин айткандарын кунт коюп угуп отурдум. Бир убакта суроо аяктап калган кезде Азыков мени карап, кана жаш жигит сиз кайдан келдиңиз деп сурады. Мен ордумдан тура калып Покровкадагы плодопитомник совхозунан дедим. Азыков ал жерде ким болуп иштейсиң деп сураганда агроном питомниковод болуп иштейм дедим. Бир нерсени эстегендей болуп Асанбек Туратбекович өткөндө телефондон сүйлөшкөндө жакында жаңы агроном алдым, тың жигит көрүнөт деп мактады эле көрсө ошол сен турбайсыңбы.
Жакшы, жакшы деп кайра сөзүн улап Асанбек Туратбекович жакшы жүрөбү, ден соолуктары жакшыбы. Телефондон жакшымын эле дейт барарың менен салам айтып кой деди. Мен жакшы жүрөт, макул деп ичимден директорду бул киши да барктайт турбайбы деп калдым. Жолугушуудан кийин институт земледелиянын ашканасында тамак уюштурулуптур.
Азыков өзү баштап барып биз менен чогуу болду. Түштөн кийин институт земледелиянын тегерегинде тажрыйба жүргүзүү үчүн кичинекей деленкаларда айдалган питомниктерде болдук. Ошол питомниктерди Арекелян менен Башмаков көрсөтүшүп ар кандай суроолорубузга жооп берип жүрүштү. Кечкисин институт земледелиянын конок үйүнөн орун алдык. Фрунзеде тааныштары барлар тааныштарына кетишти. Эртеси эртең мененки тамактан кийин Рафик автомашинасы менен Фрунзе шаарынын тегерегиндеги плодопитомник совхоздорун кыдырганы жөнөдүк. Фрунзе шаарынын тегерегинде үч плодопитомник совхозу бар экен. Ар бир плодопитомник совхозунда бирден күн болмой болдук. Семинарды Арекелян Усы Григорьевич жетектеп жүрдү. Фрунзенин тегерегиндеги үч плодопитомнигинин иштерин көрүп, алардын иш тажрыйбалары менен ой бөлүшкөндөн кийин Ысык-Көлдөгү эки плодопитомник совхозуна барып, андан кийин тарайбыз деп Аркелян Усы Григорьевич бизге жолдон айтып берди. Биз адегенде Фрунзе шаарынын чыга беришиндеги көп алыс эмес жерде жайгашкан Фрунзе атындагы плодопитомник совхозуна бардык. Ал жердин директору өзүбүз менен чогуу жүргөн Вахидов Салик Сабирович экен. Ал кишинин улуту татарбы же башкырбы иши кылып кыргыз улутунан болбосо да кыргызчаны таза сүйлөгөн, кыргыздын салт-санаасын жакшы билген киши экен. Ал арык чырай, чапжаак, орто бойлуу, жашы алтымыштарга барып калган киши болчу. Фрунзе плодопитомник совхозу баардык жагынан алып караганда өнүккөн чоң совхоз экен.Вахидов өзүнүн совхозундагы мурунтан элге белгилүү болбогон жаңы мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүн көрсөтүп жүрдү. Ошол жаңы чыгарылган сорттогу көчөттөрдөн өзүнчө чакан алма багы отургузулуп жыл сайын канчадан түшүм алынып, ар жылдан канча түшүм кошулаарынан бери журнал ачып учет жүргүзүлүп турганын кандай сорттогу алма менен кайсы сорттогу алманы аралаштырып тиккенде чаңдаңуу процессин жакшы жүрүп түшүмдүүлүк канчага жогорулары тууралу айтып да, көрсөтүп да жүрдү. Биз менен чогуу жүргөн окумуштуулар менен директорлордун бакчылык боюнча бири бири менен талашып, биринен бири өзүлөрү билген кызыктуу нерселерин айтып, абдан берилип жан дилдеринен өз кесиптерин сүйгөндүгүн көрүп бир чети таң калсам, бир чети кызыгып аларын иштерин үйрөнүүгө далалат кылып жаттым.Биз улам бир алма бакка барганда Вахидов айтып баштай электе эле бул баланча сорт экен баланчанчы түшүм бериши экен, бул сорт мынча жылдан кийин тигинче түшүм бериши керек былтыр бул алма бак мынча түшүм бериптир, өткөн жылы кандай сугарылганын эмне дары менен даарыланганын,
кандай жер семирткичтер берилгенин,
эмне микроэлемент жетишпей жатканынан өйдө айтып жатышты. Алардын көптү билгендерине кызыгып мен дагы ушулардай болуп көптү билсем деп самап жаттым.ал совхоздо мага белгисиз көп сорттордун түрү бар экен. Мурда китептен эле окусам эми өз көзүм менен көрүп жаттым. Карликовый сортундагы алмалар карагат сыяктуу жапыз өскөнү менен айырмаланып түшүмдүлүгүнүн жогорулуулугун угуп абдан таң калдым.Анын түшүмдүүлүгү гектарына үч жүз, төрт жүз центнерге чейин түшүм берет экен. Анын үстүнө катар аралыктары абдан жакын тигилгендиктен жер да эконом болот экен. Түшүм дагы оңой жыйналып оңой даарыланып бир сөз менен айтканда баардык жагынан абдан сапаттуу жана пайдалуу экен. Андан кийин жарым Карликовый сорттор да түшүмдүү келип түшүмүн жыйнаганга,
иштеткенге ылайыктуу экен. Совхоз жеке эле бакчылык боюнча өнүкпөстөн техникасы жагынан да, жумушчуларына да шарт түзүлгөндүгү жагынан да биздин совхозго караганда алда канча алдыда экен. Ал жерде эртеси күнү эртең мененки саат онго чейин болдук.Вахидов семинардын катышуучуларын тамак аш, жатакана менен камсыз кылды. Ал жерден эртең мененки тамактан кийин жумушчулар менен жолугуп, пикир алышып андан кийин Беловодск плодопитомнигине жөнөп кеттик. Беловодск плодопитомнигинде да бир күн болуп, ал жерден да көп нерселерди көрүп, көптү үйрөндүк. Бул совхоз да Фрунзе плодопитомнигинен кем эмес экен. Андан кийин Ивановкадагы плодопитомник совхозуна келдик. Фрунзе шаарынын тегерегиндеги үч плодопитомник тең кадимки эле чоң совхоздордой жеринин аянты жагынан да, техникасы жагынан да, элинин саны жагынан болобу жайгашкан жеринин инфраструктурасы жагынан болобу материалдык базасы да өнүккөн совхоздор экен. Буларга салыштырмалуу Покровкадагы плодопитомник совхозу булардын үчтөн же төрттөн бириндей эле болучу. Плодопитомник совхоздору ошончо чоң экендигине карабастан райондогу колхоз, совхоздордой баш аламан болбостон баардык жагынан иреттүү болуп талааларында болбосун же кайсы гана жерине барбагын баары таптаза, иретүү эле. Бир сөз менен бир эле тармагы болгон талаачылыгын мисалга келтирсем жерлери арыктын четине чейин айдалып мелтиреп түптүз болуп өстүрүлгөн өсүмдүктөрүнүн арасында отоо чөбү жок таптаза, шуруга тизгендей түптүз, баардык технологиялык эрежелер сакталгандыктан жакшы өсүптүр. Суу келген арыгынан өйдө кол менен жасалгандай,
түптүз салынып суу норма менен аккандыктан эч жерин жеп кетпей, суулары коромжусуз агып сугарылуучу жерлерге жеткенде сугатчылары кулакты аңырайта ачып сууну каптатып жибербестен кырк кулакташып,
сууну жылжытып эки солдун ортосу менен гана кое берип өсүмдүктүн түбүн жедирбей, чайкатпай сиңдирип сугарышат экен. Сугарылган жер тоборсууру менен убагында өсүмдүктөрдүн катар аралыктарын культиватор менен жумшартып, жер семирткичтер менен тоюттандырат экен.Баардыгы өз убагында өз эрежелери менен жасалгандыктан өсүмдүктөр жакшы өсүп кооз көрүнүп, көргөн адамды ыраазы кылып турат. Мен үч плодопитомник совхозунан мурда көрбөгөн көп нерселерди көрүп, билбеген көп нерселерди үйрөндүм. Биз бул Ивановка плодопитомнигинде да бир күн болуп ысык-Көлдөгү Ананьево плодопитомник совхозуна жөнөдүк. Жайдын толук кези болгондуктан күн аябай ысып турган. Машиналардын терезелерин ачып койсок жылуу шамал уруп, машинанын ичи ысып кеткендиктен шофердон башка машинанын ичиндегилердин баары талыкшып уйкулары келип үргүлөп бара жаттык. Бир убакта алдынкы орундукта бара жаткан Майрам эже мага кайрылып, -Сен жакында эле үйлөнгөн турбайсыңбы ээ,- деди кимден уккан деп ойлонуп, -Ооба 15-июнда үйлөнгөнбүз,
десем Майрам эже, -Аялыңдын аты ким?-Толкун,
деп жооп бердим. Мария эже, -Оо жакшы ат экен, деп койду күлүмсүрөп.
бир аз жүргөндөн кийин жолдун сол жак жээгинен Толкун деген чоң дүкөн көрүнүп калды. Мария эже шопурга кайрылып,- бул дүкөндүн жанына токтотчу,- деп калды. Машина келип дүкөндүн жанына токтогондо ичиндеги үргөлөп бараткандар эч нерсеге түшүнүшпөй ойгонушуп, эки жакты карап калышканда Майрам эже аларга,- эй жолдоштор биздин арабыздагы жаш жигитибиз Бекказы жакында эле үйлөнүптүр,
куттуктап койбойлубу,
- дегенде баарынын көңүлдөрү ачылып куттуктап киришти, кээ бирөө тамашалап, -Ой Бекказы сен мурда бизге айтсаң семинардан бошотуп жибербейт белек. Балдай таттуу күндөрүңдү биз менен өткөрүп жаткан турбайсыңбы,
- дешип калышты. Мен уялгандан жер карап калдым. Мария эже,- Жолдоштор Бекказынын колуктусунун аты Толкун экен мен атайын ушул дүкөндүн жанына токтоттум,- дегенде бары акча чогултушуп бизге арнап белек алышып үйгө барганда беребиз дешип катып койушту.Мен дагы Толкунга арнап белек алдым. Ал жерден бир аз эс алып суусундук ичип кайра жолго чыктык. Биз Ананьева айылына жеткенибизде бешим чен болуп калган. Плодопитомник совхозу айылдын четинде экен. Плодопитомник совхозунун директору Майер Николай, башкы агроному Ананьев Николай экен. Экөө тең мен армияга кете элегимде мени менен техникумда чогуу окушкан. Алардын семинарга барбай калышкан себеби Майер сельхоз институтунда сырттан окуу окуусуна сессияга кеткендиктен ордунда Ананьев Николай иштеп бошобой калышыптыр.
Майер группанын старостасы болчу. Экөө тең сабакты жакшы окушчу. Алар армиядан келип окууга тапшырышкандыктан бизден жаштары улуу болуп, өзүлөрүн токтолуп калган жигиттердей алып жүрүүчү. Ананьев Николай семинардын катышуучуларын жакшылап тосуп алды. Экөөбүз адеп көрүшкөндө эле бири-бирибизди таанып ал жайыбызды сурашып жакшы учураштык. Сураштырсам Майердин плодопитомник совхозунун директору болгонуна бир жылча болуптур.
#46 23 August 2015 - 15:37
Ананьевадагы плодопитомник совхозу Покровкадагы плодопитомник совхозунан эки эсе чоңдук кылат экен. Фрунзе шаарынын тегерегиндеги плодопитомник совхоздорундай бул жерде өзгөчөлөнгөн деле эч нерсе байкай алган жокмун. Баары эле өзүм иштеген жердегиге түспөлдөшүп кетет экен. Майер директор болгондон бери жылыштар боло баштады дешти. Ал жердеги жумушчулар кандай болгон күндө да баардык плодопитомник совхозунда райондогу колхоз, совхоздорго караганда тартип жагынан болбосун тазалык, иштөө шарты жагынан болбосун бир топ жогору турат экен. Мен мурда колхоз, совхоздордо туруктуу иштеп көрбөсөм да практика учурунда же жөн барып калганымда көргөндөрүмдөн улам баамдап жаттым.Эртеси семинардын катышуучулары мен иштеген Покровкадагы плодопитомник совхозуна келдик. Түшкү маал болуп калгандыктан мен түз эле үйгө түшүрдүм. Толкун да ошол күнү айылдан келип үйдө экен. Конокторду Толкун менен тааныштырып,
конок камын көрүп, тамак бердик. Биз менен Асанбек Туратбекович жана башка кызматкерлер чогуу болушту.Семинардын катышуучулары бизге алган белектерин тапшырышып жакшы каалоолорун айтышты. Андан соң Асанбек Туратбекович баштап семинардын катышуучуларын биздин плодопитомник совхозубузду кыдыртып иштерибиз менен тааныштырып чыктык. Кечкисин коноктоп, эртеси эртең менен семинардын катышуучулары менен биздин жумушчулардын жолугушуусу болду. Анда пикирлер айтылып эки жактан тең суроо жооптор берилип мен дагы көргөн билгендеримди айтып бердим. Семинарга келгендер түшкө жакын узап кетишти. Алар кетишкенден кийин кечке чейин жумушумда болуп кечинде үйгө барганда Толкундан айылдагылар жөнүндө сурап калдым. Толкун уккан көргөндөрүн баштан аяк айтып берип жатты. Өзүм да семинардан уккан көргөндөрүмдү баштан аяк айтып бердим.Биз үчүн алты күн алты айдай болуп бири бирибизди абдан сагынып калыптырбыз.
Толкундун айтканына караганда атам талаада суу сугарып кезеги келгенде барып үйдө калган күндөрү таладагы арыктын жээктеринен чөп чаап келип кышка отун камдап колу бошобойт экен. Энем мурдагыдай эле балдарына баш көз болуп, короо жайын огороду карап, колу бошой калганда иш жасап кыздардын себин камбап ооруп жүргөнүнө карабай тынымы жок көр окат менен алп урушуп жүрүптүр. Конокказы абам менен Рая жеңем экөө тең каникул учур болгондуктан үйдө экен. Алар да ата-энемдин аны-мунусуна жардам берип жатышыптыр.
Калиман Караколдогу жумушунда иштеп, Алиман жакында күйөөсүнөн ажырашып келип үйдө экен. Жаңылкан мед училишага тапшырганы Караколго кетиптир. Света менен Ырысбек үйдө экен. Алиман жөнүндөгү кабар мени аябай капа кылды. Ала качып алганы аз келгенсип, тагдырына балта чапканына ачуум келип, карындашыма боорум ооруп эмне кылаарымды биле албай бушайман болдум.Эртең менен эрте туруп жумушума барып чогу иштегендерим менен аралашып кеттим. Күндүзү кечкисин жумуштарым көп болгону менен жумуштан тышкаркы убактан кийин абдан көңүлдүү өтүп жатты. Түнкүсүн конок үзүлбөй бирде Толкундун теңтуштары келишсе, бирде менин теңтуштарым келишип түндүн бир оокумуна чейин ойноп күлүп отуруучу болдук. Үйүбүзгө киши кара келбей калган күндөрү өзүбүз конокко барып же киного барып убактыларыбызды бекерге өткөрүүчү эмеспиз.Ошентип жаштыктын эң татуу күндөрүн өткөрүп жаттык. Ага карабай жумушума уламдан-улам берилип кээ бир күндөрү түшкү тамакты ичкенди унутуп, эл менен талаада жүрө берчүмүн керек болсо иштеп жаткандардын жандарына барганда, жумушчулардын кетмен, күрөктөрүн ала койуп, кошо иштешип кетчүмүн. Семинардан келгенден бери, көргөндөрүмдү жайылтууга аракет кылып, көчөт өткүрүлүп жаткан участкаларга таблицаларды илдирип, кайсы звеновойдун участкасы жердин аянты канча, кайсы сорт экендигин жаздырып чыктым. Сугатчылардан сууну кырк кулактатып,
сугарганды үйрөтүп, көчөттөрдү таза ототтуруу, түптөттүрүп убагында жумшарттырып,
жер семирткичтер менен азыктандыртып,
даарылатып баардык жумуштарды комплекстүү бүтүртүүгө аракет кылып, комсомолдун иштерин да так аткарып, убагында отчетторун берип, плодопитомник совхозунун комсомол уюму райондогу алдынкы комсомол уюмдарынан болуп, оозго алынып мисал катары башка комсомол уюмдарына айтыла баштады. Райондогу комсомол комитетиндегилер менен да абдан жакшы мамиледе болуп кеттим.Плодопитомник совхозунун директору Асанбек Туратбекович менин иштериме баа берип, менин жөндөмдүүлүгүмдү,
аракетчилигимди билип көпчүлүк учурда мени менен кеңешүүчү болду. Совхозго иштегендер улуу кичүү дебей мени сыйлашып айткандарымды эки кылышпай аткарышып жалпы коллективке алынып кеттим. Жумушчулар ийменип менин караанымды алыстан көрүшкөндө,
отургандар оордуларынан тура калышып, иштеп калышчу болду. Июль айынын аяктарында бир күнү талада жүрсөм, директордун шоферу чакырып барып калды. Директор жумуш убагында бекеринен чакыртпаганын билип, эмне болуп кетти деген ой менен конторго келсем, Асанбек Туратбекович менен Юрий Павлович сүйлөшүп отурушуптур улуксаат сурап кирип барып Юрий Павловичтин катарына отура кеттим. Асанбек Туратбекович мага карйрылып, -Чакырткан себебим жанакы Бекмурза деген акмак кудай теңирин тааныбай кийинки күндөрү жаман көөп кетти, кечеки кылыгын сен деле уксаң керек, өзүнчө арак ичип жүргөнү аз келгенсип, жумушчулардын көзүнчө мас болуп аттан жыгылыптыр.
Бүгүн жумушка чыкпай үйүндө ооруп жатат. Мурда ага жумуш убагында арак ичпей жүр деп бир канча жолу эскерткен элем же башкы агроном экен деп мунун тилин укпайт, кайра тилдеп киши катарында көрбөйт. Арак ичпегенде андан жакшы киши жок. Ошон үчүн ушул убака чейин мына оңолоор, ана оңолоор деп кармап келдим эле, эми бул акмак оңолчудай эмес, бул акмактан экөөбүз тең тажап бүттүк,- деп ачууланып жатты. Юрий Павлович да кошумчалап,
-Бекмурза мени такыр тоготпой калды, ал арагын койчудай эмес. Борись сен деле көрүп жүрбөйсүңбү жумушчулардын көзүнчө мага кайаша айтканын,- деп мени күбө кыла сүйлөдү. Кыйазы мурда жамандап отурган окшойт. Асанбек Туратбекович,
Юрий Павлович сүйлөп жатканда даарысын ичип жөтөлүп кетпөөгө аракет кылып, үнүн акырын чыгарып ичке үнү менен,- Бекказы Юрий Павлович экөөбүз жанатан бери кеңешип отуруп, сени бригадирлик жумушка которолу деп чечтик. Агроном питомниководдун жумушу эми азайып алма бак бышып түшүм жыйноо башталып, бригадирдин жумушу көбөйө баштайт,- деп мени эмне дээр экен деп карап калды. Мен өзүмдүн жумушум эми эмне болот, жаңыдан иретке келтирип келе жатпадым беле дегендей кылып мостойо карап калсам, Асанбек Туратбекович,
-Бул кичине жумушка эмне үчүн которуп жатасыңар күнөөм эмнеде деп жаткандай түшүндү окшойт, Бекказы сен бригадир десе эле агрономдон кичине жумуш деп ойлобо. Бул сенин иштеп жүргөн кызматыңа караганда чоң жумуш, бригадирдин алдында жүздөн ашык гектар алма бак, отуз гектардан ашуун жерде карагат, эгин, чөп чар корукчулар,
сугатчылар баары сага баш ийишет. Жакында түшүм жыйноо башталганда бүт совхоздогулардын баарыдыгы сенде иштешет. Дагы райондун мекемелеринен кошумча кишилер жардамга келишет. Биз сага ишенген үчүн ушул чоң милдетти жүктөп жатабыз. Сен көчөт өстүрүү жагын үйрөнүп калдың. Эми талаачылык жагын дагы үйрөнүшүң керек,- деди. Асанбек Туратбекович баласына акыл үйрөтүп жаткан мээримдүү атадай болуп, акыл насаат айтып ал керек болсо мени чакыртып келишпей эле менин маакулдугумду сурабай эле буйрук менен которуп койсо деле өзү билмек.Бирок ал анте албай баш оту менен берилип иштеп жаткан мени кызматымдан кичирейтип салды деп туура эмес түшүнүп калып шагы сынып иши кыйрап калбасын деп ойлосо керек. Анын үстүнө мени баласындай жакшы көрчү ал мага жумушту жакшылап баардык жагын үйрөнсөң кийин менин ордума директор болосуң деп ачык айтпаганы менен сенин келечегиң алдыда, сен баарын үйрөнүшүң керек деп кыйытып айтып калчу.Менин агроном питомниководтук жумушумда убактылуу Юрий Павлович иштемей болду. Мен эртесинен баштап бригадирлик жумушту иштей баштадым. Мурда көчөт өстүрүү бойунча иш алып барып, көбүнчө звенодогу айалдар менен иштесем, эми корукчулар,
сугатчылар менен ар кайсы жумуштарда иштешкен эркектер менен иштеше баштадым. Плодопитомник совхозуна үч кулак суу берилип, эки кулак суу алма бакта, бир кулак ссуу питомникте көп жылдык чөп эгинде болчу. Суу үч смен менен сугарылгандыктан,
ар бир кулакта экиден үчтөн киши болуп, бир кулакта алты, үч кулакты он сегиз киши сугатта иштөөчү. Аларга суу сүрүп берүү үчүн бир мурап бар болчу. Алардан тышкары төрт корукчу, он чакты ар кайсы жумушта иштеген кишилер иштешчү. Мен жаңы эле жумушум менен тааныша баштаганда эки үч күндөн кийин карагат терүү жумушу башталды. Отуз гектардай жерде түшүм берүүчү карагат болгондуктан плоподопитомниктин өзүнүн жумушчулары карагат тергенге жетише алышпайт болчу. Жылыга райком партиянын кийлигишүүсү менен райондун борбору Покровкадагы ар кайсы мекемелерден жумушчулар жардамга жиберилип турушчу экен. Алардан тышкары Покровканын ар кайсы жерлерине кулактандырууларды илип, ар бир килограмм карагат терүү үчүн он сегиз тыйындан төлөнөи делип, жумушчулар чакырылчу экен. Быйыл да ошондой кылып жумушчуларды чакырдык плодопитомниктин автобусу эртең менен кечинде үчтөн рейс эл ташып жатты.Мен келген элге жумуш менен камсыз кылып аларга эртең менен яшиктерди таратып берип карагаттын солдору боюнча он он бештен кишини бир солго бөлүштүрүп карагаттын сапаттуу терилишине көзөмөл кылып кечинде ар бирин таразага тартып өткөрүп алып, тергендерине жараша өз алдынча тергендерге акчаларын төлөп берип, мекемелерден келгендерден кайсы мекеме канча тергенин каттоого алып өзүбүздүн жумушчулардын каттоосун өзүнчө алып кечкисин винзаводдон машина келгенде терилген карагаттарды жүктөтүп ал машина менен барып төгүп келгенче түндүн бир далайы болуп кетүүчү. Күнүнө үч жүздүн тегерегинде элдер иштеп эки жарым, үч тоннадан карагат терилүүчү. Күнүнө эртең мененки нарядда директорго кайсы мекемеден канча киши келип канча тергенин өз алдынча канча киши келгенин, алар канча теришкенин өзүбүздүн жумушчулардын канчасы иштеп канча тергенин күнүгө канча карагат терилип винзаводдго өткөргөнүм туурасында отчет берип бухгалтерияга өз алдынча канча киши иштеп, канча карагат терилип, аларга канча акча төлөнгөнү туурасында отчет берип турчумун. Мекемелерден келген жумушчуларга,
өзүбүздүн жумушчуларга эмгек акысына наряд өткөрүп турдум. Карагат терүү өнөктүгү жарым айга созулуп андан кийин абрикос жана жайкы алмаларды үзүү башталды. Менин жумуштан колум бошобой айылга барып үйдөгүлөр менен учураша албай калдым. Айылга анда мында Толкун барып кабар алып турду. Конокказы абам менен Рая жеңем окууларына кетип Вера эжем менен дүкөндө иштеп, Жаңылкан медициналык училишага өтүп, Калиман экөө бир квартирага чыккандыгын ата-энем, Света, Ырысбек төртөө үйдө калганын уктум. Менин мурунку агроном питомниководдук ордума Төлөгөнова Рая деген келин келди. Ал бир баласы менен күйөөсүнөн ажырашып келиптир, энеси мурда эле каза болуп, карган атасын багып, атасынын үйүндө чогуу жашап жатыптыр.Плодопитомниктин жумушчулары менен Покровкадан барып келип иштей баштадым. Ал узун бойлуу арык чырай, кара тору мен курактуу, мүнөзү эркек мүнөздүү, болгонун бетке айткан, кыймылы олдоксон эркектерче кийинип жүргөн келин экен. Мен аны менен эркектердей мамиледе болуп бат эле бири-бирибизге көнүшүп кеттик. Жумуш уламдан улам кызып, жайкы алмалар бүткөндөн кийин ьактагы алма, алмуруттар тегиз бышып, плодопитомник совхозунда иштеген жумушчулар жетишпей калган. Кайрадан райком партия аркылуу мекемелерден жумушчуларды чакырууга туура келип ар кайсы мекемелерден жумушчулар жардамга келип жатты. Асанбек Туратбековичтин оорусу катуулап контордогу эртең мененки наряддарга катышып. Андан кийин үйүндө болуп укол алып талаа кыдырып эки жакка чыкпай калды. Арадан бир жума өтпөй эртең мененки нарядка да келбей калды. Конторго барбай калганына эки күн болгондо директорду көргөнү үйүнө барсам короосунда балдары оокат жасап жүрүшкөн экен. Алар менен учурашып үйүнө кирсем, Асанбек Туратбекович чыканагына жаздыктарды койдуруп койуп, жамбаштап жатып алып чай ичип жаткан экен. Айалы жанында чай куйуп берип отуруптур. Мен салам айтып киргенде экөө тең алик алышып кел отур дешип, дасторкондон орун көрсөтүштү,
айалы чай куйганча Асанбек Туратбекович кыйналганы менен, -Иштериң кандай,- деди. Ичимден көп иштер боюнча кеңешсемби деген элем. Директордун кыйналып жатканын көрүп, -Асанбек Туратбекович иштер жакшы, алма үңүп жатабыз жалпы алма бактын жарымынын түшүмү жыйналып бүтүп калды. Күнүгө түшүм жыйноодо эки жүзгө жакын киши иштеп жатат. Кудай буюрса ушундай темп менен иштесек октябрдын ондоруна чейин түшүм жыйналып бүтүп калат, - дедим. Директордун санаасын тындырууга аракет кылып.-Асанбек Туратбекович,
аа жакшы жакшы,- деди санаасы тына түшкөндөй ыраазы болгонсуп. Алдыма келген чайымды ууртап,-Сизге учурашайын деп эле кирип калдым. Баардык иштер жайында. Жакшы болуп калдыңызбы,
- дегенимде Асанбек Туратбековичтин деми кысылгансып көгөрүп, татарып,-Жакшы боло албай калдым го,- дери менен адатынча ыкшып жөтөлө баштады. Кемпири сууга дары эзип, ууртатканда жөтөлү акырындап басаңдай баштады. Директордун кыйналып жатканына боорум ачып аялына,-апа доктур чакыртайынбы дедим, аялы кейип балам догдурдун колунан келгендей болсо эбак эле чакыртып айыктырып албайт белек, көрбөгөн догдуру, ичпеген даарысы калган жок деди оор улутунуп.Бала күнүмдөн энем оорукчан болуп, оору эмне экенин билип калгандыктан кантип жардам береримди билбей жаттым. Мурда Асанбек Туратбекович шым костюмун кийип, галстугун тагынып алып кабагын бүркөп бир калыпта эч кимге сыр алдырбай зыңгырап басып жүргөндө баарына сүрдүү көрүнүп, жеке эле плодопитомник совхозундагылар эмес, тыштан келгендер да, кичинесинен чоңуна чейин көзүнө тике карай алышпай көздөрүн ала качышып бөйпөңдөп турушчу эмес беле. Азыр болсо жөнөкөй кийим кийинген бир кичинекей арык адам көгөрүп татарып, алсыз төшөктө жатты. «Эх турмушуң кургурдуку ай! Жакшы адамдар эмне мынча кор болушат», деген ойлор биринен сала бири келип, ошондой абалда болсо да, мен аны мурункудан да, ого бетер сыйлап, ооруп жатканына жаным кейип, ага деген урматтоо сезимим азайбастан,
күч алып турду.Мага азыр директорум «муну аткар», деп кандай тапшырма бербесин, жан дилим менен аткарууга даяр элем. Анткени ал экөөбүз ата баладай болуп, бир нерсени кеңешип чечип, ойлогон ойлорубуз дайым бир чыгып, күндөн күнгө жакындап бара жаткан элек. Өзгөчө мен өзүм ал кишини жакшы көрөөрүмдү,
ошол кезде даана сезип турдум.Ичкен даарысы бүткөн боюна тараган сайын, Асанбек Туратбековичтин жөтөлү уламдан улам басаңдап отуруп, акыры жөтөлбөй калганда, башын көтөрүп, мени ойлуу тиктеп отурду да, жылмайууга аракет кылып, кайра кабагы бүркөлө түшүп, үшкүрүп:-Балам ушу сенин багыңа мен төшөктөн туруп, конторго жете алар бекенмин. Эгер жетсем Азыков менен байланышып ордума директор кылып дайындаар элем деди, демигип араң сүйлөп. Бир азга унчукпай калып күчүн жыйнап туруп кайрадан мени карап бар эми жумушуңа, ушул калыбыңдан жазбай жакшы иште. Бирок чындыктын тузу ачуу болот, турмушуңда далай кыйынчылыктарга туш келер бекенсиң. Эч нерсе эмес, акыры чындык жеңет,- деп көзүн жумуп, эси оогондой болуп шалдырап жатып калды. Тынчын албайын деп, -Жакшы айыгып кетиңиз мен күнүгө эртең менен келип, иштин дайынын айтып кетип турам,- дедим да айалы менен коштошуп чыгып кеттим.Көзүмдөгү жашты араң эле кармап турган элем, тышкы босогону аттаганда эле көзүмдөгү араң турган тамчы жаш жерге кулап түштү. Менин үйүм директордун үйүнүн жанында болгонуна карабастан,
үйгө кирбей көз жашымды, эч кимге көрсөткүм келбей жалгыз аяк жол менен талааны көздөй жөнөдүм. Жолдо бара жатканда директордун балам деп ойлуу тиктегени көз алдыма элестеп жатты. Ал мурда мени балам деп эч качан айткан эмес эле. Дайыма атымдан айтып же фамилиямды айтып кайрылуучу.
Эми минтип балам деп сырын айтып, мамлекеттик масштабдагы жогорку кызматта иштеп жүргөн адам жогору баа бергенине, бир чети сыймыктансам бир чети анын ушундай абалга туш келгенине катуу ойлонуп бара жаттым. ***Ошол күнү Сагаалы адатынча эртең менен эрте туруп, бадага уйларын кошуп кечинде караңгы кирип кеткенде үйүлбөй калган арабанын үстүндөгү чөбүн үйүп, атын токунуп көчөдөгү столбого атын байлап, жуунуп алып үйүнө киргенде Жүзүмкандын чайы белен болуп талаага ала кетүүчү желим канистрине бозо куйуп, наны менен баштыкка салып дайардап койгон. Света алардан мурда чайын ичип алгандыктан,
чогуу отуруп чай ичпестен шашып бушуп окуусуна жөнөдү. Ырысбек ата-энеси менен чайга чогуу отурду. Абышка кемпир адаттарынча бала-чакаларына көргөн билгендери жөнүндө аркы беркини сүйлөшүп, чайларын ичкени киришти. Жүзүмкан абышкасына чайды даамдуулап куйуп, эриктирбей уккан-көргөндөрүн ийне жибине чейин айтса, Сагаалы кемпиринин айткандарын угуп анда санда түшүнбөй калган жерлерин сурап койуп жатты. Сагаалы мурда чайды аз ичип, көбүнчө бозого күчүн чыгарчу.Эми жашы өткөн сайын чайды көп ичип, чайкор болуп алды. Алар самоорду түгөтүшмөйүнчө алым сынышчу эмес. Жүзүмкан чайды башынан эле жакшы көрө турган. Качан гана самоор түгөнүп самоордун чоргосун ала койуп эңкейтип куя баштаганда Сагаалы чайды ичтим деп бата кылып, даяр турган баштыгын алып тышка чыга жөнөдү. Жүзүмкан абышкасынын артынан кошо чыгып ал дайыма абышкасын көчөдөн узатып калаар эле. Сагаалы короодон кетменин алып тышта байланып турган атына мингенде Жүзүмкан кетменин алып берди. Сагаалы кетменин өңөрүп, көчө ылдый бастырып жөнөгөндө Жүзүмкан абышкасынын артынан бир азга карап туруп үйүн көздөй басты. Талаада эгин чабуу ортолоп калган беденин экинчи чабыгы бүтүп колхоздун койлору талаалар бошоп, туутка келгенче беделер тушардан көрпө болуп өсүп калышы керек болчу. Ошондуктан сугатчылар беденин талааларын сугарып жатышкан. Сагаалы айылдын четине чыгаары менен өзү менен бир сменде чогуу иштеген Чокмо да алдынкы көчөдөн астынан чыгып калды. Экөө учурашып чогуу бастырышып,
Карга акенин коргонунун маңдайындагы Сарыталдагы беденин талаасын сугарып жаткан эки сугатчыга барышып, аларды алмаштырышып,
аттарын отко койуп, сууну жаңы кулакка которуп койушуп, арыктын четине отурра кетишти да бирден кесе бозо ичишкенден кийин Чокмо жайланышып отуруп,-Саке,
мен сага Бечелдин жоруктарынан айтып берейинби?-дегенде,
-Аа мейлиң, айта отур анын кандай жоруктары бар экен деди да Сагалы көрпөчөсүн жайа салып Чокмого жакын отурду. Ой Саке илгерки Куйручук, Жоошбайлар деле ушул биздин Бечел сыяктуу эле адамдар болсо керек деп өзүлөрүндөй сугатчы болуп иштеген, өзүлөрүнөн төрт беш жаш кичүү Бечел деген киши жөнүндө Чокмо сөз баштап калды. Былтыр жайында суу тартыш болуп турган учурда Бечел айылдын чети менен өтүп баратса Догдурбай деген бухгалтер болуп иштеген теңтушунун айалы үйүнүн жанындагы арыктан эки чакага суу сузуп алып, үйүн көздөй кирип кетет. Бечел ичинен кое тур муну тамашалайын деп, күтүп турат жанакы айал көп убакыт өтпөй кайра чыгып, чакаларын көтөрүп арыкты көздөй басканда Бечел сөгүнүп сагынып ат менен чаап келип анны менен омуроолотуп эй катын мобуну көрбөй турасыңбы, эмне эле суу жетпей жатат десе сен баарын таашып жаткан турбайсыңбы деп арыктын четиндеги ураанды көрсөтөт. ал ураанда бир тамчы суу текке кетпесин деп жазылып турган болот. Аны көргөн айал акебай кечирип койуңуз экинчи суу албайм деп кечирим сурайт, ан сайын бечел омуроолуп жанакы эриңе айтып кой алдыма түшпөсө, абийириңерди кетирем деп койуп кете берет. Коркуп калган айал эри келери менен болгон окуяны айтып берет. Эри ал кандай киши экен деп сурайт. Айалы Бечелди сүрөттөп айтып берет. Догдурбай Бечел экенин билип, ой эки чака суу үчүн Бечелден кечирим сураганымды,
эл укса шерменде болуп, күлкү болбойсуңбу,
кой эми болоору болуптур эми Бечелдин оозун басалы деп Бечелге арак алып берип, эми бул жөнүндө элге айтпа дейт. Бечел айтканбы ким билсин бул окуя элге жайылып кетет дегенде, Сагаалы күлүп, ой Бечелдин жоругу чынында эле кызык экен дегенде, Чокмо Бечел теңтушу Догдурбайды тамашалаганы ушул эле дейсиңби, бир күнү Бечел теңтушу Догдурбайды тамашалагасы келип ал кезде атасы Кожонаалы сексенге чыгып калган эле эртең менен эрте Догдурбайдын үйүнө барып Доке жазуу буйрук Кожокем тышка чыгам деп каридордон кулап кетип, ахыбалы оор болуп жатат дейт. Кабагын бүркөп, кейигендей түр көрсөтүп, Догдурбай аны угаары менен шаша буша камынып үй-бүлөөсү менен атасыныкына жөнөп калат. Бечел болуптур эми сен бара бер менин жумушум бар эле артыңдан барам деп койуп кетип калат. Догдурбай антаңдап чуркап отуруп атасыныка барса атасы коридорунда аман-соо даарат алып жатыптыр. Догдурбай атамды көрөмбү, көрбөй каламбы деп барса керек атасын көрүп кубанып кетип, оо атаке амансызбы сизди Бечел атаң катуу болуп жатат дегенин чуркап араң жетпедимби деп деп кучактай калганда, Кожонаалы кайраттуу киши эле таягын ала койуп бир чаап оо атаңа наалат ошол Бечелге да ишенесиңби деген экен. Догдурбай Бечелдин алдаганын ошондо түшүнүп, атаңдын оозун урайын Бечел сенден келгенди көрбөсөмбү деп. Көчөгө издеп чыгып таппай калган экен. Дагы бир жолу колхоздо чогулуш болуп, Абылай экинчи бригада чөптү планынан кутулбай калды мунун себебин ким айтат, деп элге кайрылганда эл дымып унчукпайт. Бир убакта Бечел ордунан тура калып, мунун себебин мен билемин дейт, элдин баары Бечел жакка бурулуп бул эмне деер экен дегендей кылып Бечелдин оозун карап калышат. Ошондо Бечел президиумда отурган Догдурбайды көрсөтүп, оо агайын-туугандар тетиги Догдурбайды тааныйсыңарбы дегенде, эл дуулдап бир ооздон тааныйбыз дешет. Ошондо Бечел таанысаңар анда ушунун айалы дунган экенин билесиңерби,
эгер билбесеңер билип алгыла, мунун айалы дунган ушул Догдурбайдын үйүнүн жанында элүү сегиз гектар жерде беде бар экенин баарың эле билсеңер керек, ошол бедеден дунган айалы Догдурбайга манту түйүп берип атып, бедени жеп бүттү, өзүңөр деле карап көргүлөчү тигинин кебетесин. Опорныйдын букасындай семирип, баспай калды. Ошентип экинчи бригада чөп планынан кутулбай калды дегенде эл кыраан каткы түшүп, күлүшү Догдурбай президиумдан түшө калып, Бечелди кууй албай муштумун түйүп, ызырынып тим болуптур ,-дегенде Сагаалы күлүп,-Ой Чоко бул Бечелдин жоруктары менен Дүйшөн абамдын жоруктарын айтып отурсак түгөнбөйт, андан көрө суубузду сугарып жатып сүйлөшөлү. Бая күнү бригадир Бейшен беденин сугаты бир сменде үч гектардан кем болбосун, дебеди беле, дегенде Чокмо да, -Саке саат алтыга чейин тынбай иштесек жетишип калабыз,-деди экөө кетмендерин алып, суу жетпеген жерлердин алаларын терип сугарып, Бечелдин жоруктарын айтышып күлүп жатышты. Чокмо кайра сөз баштап,-Былтыр жайында көчө өтүп бара жатса Кыды деген теңтушунун айалы үйүнүн жанында турган экен. Бечел айашы менен учурашып калат. Айашы ай Бечел өткөн кышта плита түтөп, күйбөй айлам кетти, ким плита оңдоорун билесиңби дейт, Бечел кым дей түшүп ой сен ушунча теңтуш болуп жүрүп билбейсиңби,
менин плита оңдоорумду,
менден кыйын мастерди издесең таппайсың, дегенде айашы кубанып кетип, анда плитаны көрө калчы дептир. Бечел атынан түшүп, плитаны ары бери карап, муну бузбаса болчудай эмес, дегенде айашы тегеренип эми үйдө акча деле жок эле, эми бузуп оңдосоң акысына эмне аласың дептир, Бечел теңтуш болгондон кийин Кыды экөөңдөн акы дооламак белем, азыр иш баштоо кылып эки бөтөлкө берсең, бирөөнү азыр ичип бирөөнү жанымдагы жолдошум кайда жүрөсүң деп урушабы ага ала барайын, дейт. Аны уккан айашы кубанып кетип, ичинен Бечелге ыраазы болуп, сен иштей бер, мен азыр арак таап келе калайын, деп чуркап чыгып кетет. Бечел ойлонуп, кой бул плитаны бузуп койойун антпесем, эртең иштейм десем айнып кетип башка бирөөнү таап алабы, деп плитаны буза баштайт. Айашы арактарды алып келип, жумуртка кууруп, чай кайнатат. Бечел аракты ичип, курсагын тойгузгандан кийин, экинчи бөтөлкөнү чөнтөгүнө салып, эми айаш бул жалгыз колумдан келчүдөй эмес, эртең сменден кийин жанымдагы Шарыпты ээрчите келип, бир жолу бүтүргөндөй болойун, ысылыгы менен эки бөтөлкө арак камдап кой, ошону менен плитаң бүтөт деп кетип калат. Эртеси Бечел өзү менен чогуу суу сугарган Шарыпты ээрчитип келет. Айашы тамагын жасап, эки бөтөлкө арагын алып күтүп отурган болот. Бечел айашына, жумушка бир жолу киришкендей бололу, улам чечинип кийинип, жуунуп отурбай, жумушту бир баштасак кечке чейин тынбай иштейбиз, бир жолу тамагыңды арагыңды ичип алып, санааны тындырып, бир жаңсыл иштегендей бололу дейт. Аяшы тамагын, арагын алдыларына койот. Бечел менен Шарып тамактарын жеп, арактарын ичкенден кийин мас болуп калышат да эртең келебиз, деп койушуп аттанып кетип калышат. Айашы мас немелерге эмне дерин билбей калып калат. Бир жакка кеткен күйөөсү келгенде Бечел менен плитаны арзанга оңдоторун сүйлөшкөнү жөнүндө айтканда, күйөөсү күлүп ой мээси жок, ошол Бечел плита оңдойт деп сага кайсы атаң айтты эле, ал сени алдап кеткен турбайбы дептир,- дегенде Сагаалы-Ой Бечелиң кургур таппаганы жок турбайбы- деп каткырып күлгөндө, Чокмо өзүнүн билгичтигине маашырланып Сагаалыны дагы күлдүргүсү келип,-Саке Бечелдин жоругу бул эле дейсиңби, ал теңтуштарын эле эмес Абылай менен Бейшенди тамашалаганын айтып берейинби,- деп калды. Сагаалы дагы уккусу келип, -Кана айтып көрчү, Бечел дагы эмне кылыптыр,- деди. Чокмо сөзүн кайра улантып,-Абылай бир күнү элдин көзүнчө Бечелди чакыртып алып, жер жетерине жетип сөгүп тилдеп жатса, радиодон Мусакожоев Бечел күнүнө мынча гектардан суу сугарып, алдынкы сугатчылардын катарында бара жатат, деп жатканын уга койуп Бечел ай Абыш мобул радиону укчу эмне деп жатат ыя дептир. Абылай радиону тыңшай калса алдынкы сугатчы Мусакожоев Бечелге арнап төмөнкү ырды уктурабыз дегенде, Абылай элдин көзүнчө уят болуп түкүрүнүп басып кетиптир. Ошол жердеги Бечелди Абылай сөгүп жатканын уккан бирөө ээ Бечел сен өзүңдү тууп, чоңойткон энеңди Абылайга эмне эле сөктүрүп жатасың десе, Бечел ай сен Абылайдын деле бир эле сөккөнүн уккан турбайсыңбы.
Абылай менин энемди бир жолу сөксө, мен анын энесин ичимден эки эсе сөгүп жаттым деген экен,- деп Чокмо сөзгө кызып калды көрүнөт,- эми Саке, Бечел Абылайды кантип алдаганын айтып берейинби,-деди.
-Аа, айта бер кулагым сенде, ал Абылайды кантип алдаптыр,-деп Сагалы чындап кызыгып сурады. Чокмо анда,-Мындан эки үч жыл мурда Бечел Сыртка кой айдашып барып калат. Ошол кезде Сыртта малчылардын тою болуп жаткан болот. Малчыларга кошулуп Бечел да тойго барат. Ал жерге бүт райондун малчылары чогулат. Ал малчылардын тоюна обкомдун секретары келет экен деген кабар угулуп, башкармалар өзүнүн колхозунун чабармандарына жылуу кийим, тамак аш, белек-бечкек таратып, чабыттап жүрүшөт. Райкомдун биринчи секретары башкармаларга тапшырма берип, бүгүн телевизорго тартат экен, ар кимиң өз колхозуңардагы малчыларды жакшы кийиндирип алып, чогулушка алып келгиле, обкомдун көзүнчө баарыбыз уят болбогондой бололу, дейт. Ар бир башкарма өз малчыларын жасантып, түзөнтүп алып, чогулушка алып келишет. Ал чогулушка Бечел үйү болбогондуктан,
жолго кийип барган жаман, тытык тону менен барып, эң алдына отуруп алат. Аны Абылай көрүп алып, шоопурун чакырып, менин машинадагы тонумду чогулуш бүткөнчө Бечелге бере тур, баарыбызды уят кылат дейт. Шоферу Абылайдын тонун машинадан алып, Бечелге берип, чогулуш бүткөнчө кийип тур дейт. Аңгыча обком келип, чогулуш башталып, малчылардын майрамын телевизорго тарта баштайт. Баары алаксып калганда Бечел ордунан туруп алып кетип калат. Чогулуш тарагандан кийин Абылай шоопуруна тонду Бечелден алып кел деп жиберсе, Бечел кетип калган болот. Шоферу Бечелди таппай койдум десе Абылай этибарга албай, тонду зоотехник фермалардан берип жиберер деген ойдо кете берет. Кийин зоотехник фермалары конторго эки үч күндөн кийин барышканда алардан Бечел тонду берип жибердиби деп сураштырат.
Алар Бечелдин эч нерсе берип жибербегенин айтышат. Кийин Бечел бир айдан кийин айылга түшкөндө тонун капкара кылып кирдетип алып барганда Абылай тонун албай кууп чыккан экен. Ошентип Бечел Абылайды алдап кетиптир- деди Чокмо.-Эми бир жолу агроном Бейшенди катыгын бергенин айтып берейин деди, да сөзүн улантып. Агроном Бейшен бир жолу Бечелди аябай тилдеп уят кылганда Бечел кекенип, ичинен кое тур бир кыясын келтирермин деп калат. Бир күнү суу сугарып жүрсө кызыл көйнөк кийинген аял жолдон өтүп бара жаткан болот ал аялды эл Бейшен менен соо эмес деп жүрүшкөнүн далай уккан эле. Ангыча көп өтпөй Бейшен машинасы менен артынан келип аялды салып кетет. Бечел ичинен элдин айтканы чын турбайбы деп калат. Арадан эки–үч саат өтпөй Бейшендин машинасы кайра келип Бечелдин тушуна келгенде токтоп, машинадан Бейшен түшүп Бечелге жөө басып келип ээ Бечел иштер кандай, көргөн билгендериңден кеп салчы дейт, шектүү шекинет болуп, Бейшен байкап калдыбы деген мааниде тамырын тартып көрөйүн деген эле. Анда Бечел ооба көргөндөрүмдөн кеп салсам, жана түш ченде ала колтук кунаажынды килейген сары бука ээрчип жүргөн, андан башка эч нерсе көргөнүм жок, дегенде Бейшен үн сөзү жок кайра бурулуп, басып кетиптир. Ошондон кийин Бейшен элге айтып койобу деп Бечелге унчукпай калган экен, дегенде Сагалы күлүп
#47 23 August 2015 - 15:38
-Ой Чоко азыр тиги кулактын аласын терип, сууну жаңы кулакка которгондон кийин Бечел бешикте жатканда эле, башкарманы коркутканын айтып берейин –деди. Чокмо да күлүп,-Саке кантип эле бешиктеги бала башкарманы коркутсун,-деди ишенбегендей,
Сагалы,-Бешиктеги баланын кантип коркутканын азыр угасың,- деп кетменин алып суу агып жаткан кулакты көздөй басты. Чокмо артынан жөнөдү. Экөө бир топ иштегенден кийин Чокмо кызыгып калган көрүнөт,-Саке,
Бечелге башкарманы коркуттурбайсыңбы,
- деп калды. Сагаалы жайланышып отуруп жатып,-Ал мындай болуптур,- деп сөзүн баштады:-Бечел менин угушумда беш жашка чыкканча баспаптыр. Аны ата-энеси бешикке таңып койчу экен, ошол убакта Бечелдин ата энеси кой багышчу экен. Ал кезде айылдан аялдарды алып барып, колхоз кой саадырып турушкандыктан ата-энеси Бечелди адаттарынча бешикке таңып койуп, айылдан келген айалдарга кой саадырышканы эшикке чыгып кетишет. Аңгыча башкарма Абдыбата малчыларды кыдырып жүрүп, ошол үйгө барып калат. Баары короодо кой саап бошобой жатышканын көрүп, суусап келгендиктен тигилерди жумуштарынан алагды кылбайын деп, өзү үйгө кирип, уй кымыздан жаңы эле айака куйуп, жутайын дегенде,-Абдыбата-
деген үн чыгат, Абдыбата чоочуп кетип, артын караса бешиктен башка эч ким көрүнбөйт. Үн эшиктен чыкса керек, деген ой менен, суусаган неме кайра,- Абдубата аба колхоз, сүт планынан кутулдубу- деген үн даана чыгат, кайрылып артын караса, бешиктеги бала сүйлөп жаткан болот. Абдыбатанын жүрөгү түшүп, колундагы аягын ыргытып жиберип, тышка чуркап чыгып,-Шумдугуң кур, аксары башыл, аксары башыл-деп короону аралап, чуркап жөнөйт.Короодо кой саап жаткандар башкарманын кобуранып чуркап жүргөнүн көрүшүп, таң калып, туруп калышат. Үйдүн ээси Мусакожо артынан чуркап,-Ой Абдыке эмне болду- дейт. Абдыбата бир топ жерге барганда араң токтоп,-Шумдугуң кургур Мусаке, бешиктеги балаң, менден Абдыбата ава, колхоз сүт планынан кутулдубу деп сурап жатат-дейт. Мусакожо иштин чоо жайын түшүнө койуп,-Ой Абдыке бул баланын буту баспаганынан,
бешикке таңып койгонбуз, беш жашка чыкты –дептир.Абдыбата уялганынан элге кайрылбай туруп, ак да дебей, көк да дебей кетип калыптыр. Мусакожонун ачуусу келип, ошол эле күнү,бул бала элге уят кылат экен го деп аттанып, карыларга барып, «баламдын буту канткенде басат», деп кеңеш салат. Арасынан бирөө «сен балаңды бастырыш үчүн, кийинтип алып, бир жерге алып барып койуп, эки же үч үйүр жылкыны баланы көздөй катуу айдатып, өзүң балага көрүнүп, алысыраак жерге тур. Жылкы эч убакта баланы тебелебейт.
Жылкынын дүбүртүнүн сүрү катуу болот, ошондо бала тура качат. Бир басса бала ошондо басып кетет, анда баспаса балаң такыр баспай калат», дептир.Аргасы кеткен Мусакожо эртеси Бечелди кийиндирип,
бир жерге койуп, өзү анча алыс эмес балага көрүнөө жерге туруп үч үйүр жылкыны жылкычыларга чогулттуруп баланы көздөй катуу айдаттырат.
Бечел өзүн көздөй каптап, катуу келе жаткан жылкылардан чочуп кетип, атаке жылкылар тебеледи-деп ыйлап ордунан тура калып, атасын көздөй чуркаптыр. Ошондон баштап Бечелдин буту басып кетиптир. Ошонтип башкарманы бешикте жатканда эле коркутуптур.
Буту кечигип басканынан Бечел атка конуптур. Мунун аты башка экен, дегенде Чокмо-Ой ал кенедейинде эле куудул турбайбы -деп күлүп калды.Алар иштеп жатып, ар кайсыларды айтып күлүп жатышты. Кээ бир күндөрү сменге келишкенде бир нерсеге капаланып калышса, ошол смендери бүткөнчө уруша кетишкен кишилердей болуп, бири-бири менен көп сүйлөшпөй жүрө беришчү эле.Бүгүн сөз Бечелдин жоруктарынан башталгандыктан,
көңүлдөрү ачылып улам бири анын жоруктарын айтып көңүлдүү иштеп жатышты.Ошентип карапайым колхозчулар өз араларынан чыккан куудулдарынын жоруктарын айтышып, өзүлөрүн алаксытып, уудуң-шуудуң менен иштери жок өз алдыларына койулган милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга далалат кылышып, эмгектенип жатышканда ошол маалда колхоздун алма багында, чындык менен караөзгөйлүк беттешип бири-бирин жеңише албай кармашып жаткан учуру эле. Ал мындай болду Үмөрдүн Исасы колхоздун койун жаңы эле алып, быйылкы жайда сырт жайлоосун жайлап, көчүп кону учуру болгондуктан башка колхоздун малчылары сыйактуу койлору менен көчүп келе жаткан он чакты баланын атасы болгонуна карабай балдары жаш болуп, айалы жаш болгондуктан бир чети жол азабы, көр азабы дегендей төрт-беш күндөн бери жолдо кой айдап, же колхоздон кой айдашканга киши барбай жаны кыйналып, араң кой артында келе жаткан эле. Койдун алды колхоздун алма багына жетип, эчен күндөн бери айдоодо келе жаткан койлор бактын ичиндеги тулаң чөпкө жулунушуп, бакка кире башташат. Койлордун артынан келген Иса бакка кирген ачыгып калган койлорду чыгара албай ары-бери чапкылап эси оогондо, кичине бөрү-тойут болгондо айдатаар деген ойдо артынан түшүп отура кетет. Ошол маалда алма үзүлүп, түшүм жыйналып жаткан учуру болгондуктан агроном Бейшен күнүнө бир маал алма бакка барып, жыйналган алманын эсеп-кысабын алып тургандыктан ошол жерге барып калат. Ал алма бактын аягындагы жайылып жүргөн койду көрүп, урушаарга жоо таппай, урунаарга тоо таппай турган убагы болгондуктан адегенде чоо жайды сураштырып билбестен эле сөгүнүп сагынып, койлорду көздөй жөнөйт. Аны үч төрт кошоматчы артынан ээрчип алат. Ал түз эле койдун арасында отурган, Исага сөгүнгөн тейден барып, жакадан алат. Бейшен жакадан алганда жанындагы кошоматчылар,
тим турушмак беле үчөө төртөөлөп Исаны сабап койушат. Иса ызаланып сага көрсөтпөсөмбү,
деп кекенип калат.Бейшен ошол кезде Социалисттик Эмгектин Баатырлыгына көрсөтүлүп жаткан. «Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» болуп, Бейшендин колдоочулары күчтүү болуп, район, облус, республикадан бери колдоп турушканда Бейшендин мурда кандай иштеп эмне кылып жүргөнүн ким изилдемек. Төшүү түктүүгө кабылып, ойлогон ою ишке ашпай калаарын Бейшен тигиндей колдоочулары турганда балким ойлобосо деле керек. Бирок Бейшен ошол учурда анык төшү түктүүгө кабылган эле. Канча кылган менен Коммунисттик партиянын саясатынын күчтүүлүгүнөн акыйкат издеген адам толук болбосо да ийгиликке жетээри анык болчу. Ызаланган тейден Иса үйүнө барып Бейшендин үстүнөн туш-тушка арыз жазууга киришет. Арызга Бейшендин кандай адам экенин, мурда кандай иштегендерин,
газет, журналдарга чыккандарынан өйдө жазат. Бейшендин баатырлыкка Абылайдан мурун көрсөтүлүшүнүн себеби «Коммунизм» колхозунун башкармасы Юматова сыяктуу, областта алдыңкы колхоз башкармалары турганда Абылайдын баатырлыкка көрсөтүлүшү мүмкүн эмес болчу.Ошондуктан Бейшен баатырлыкка көрсөтүлүп турган, бирок Абылай баатырлыктан башка ордендердин,
сыйлыктардын баарын алып бүткөн эле. Ал кезде колхоздун чоңдоруна арыз жазмак турсун, эч ким өйдө карай алуучу эмес. Мына ошентип арыз жазып, чындыкты бетке айтуу Исанын гана колунан келип отурат. Иса элүүлөрдөн өтүп калган узун бойлуу, бир сырдуу, толмочунан келген, мүнөзү токтоо, калп айтпаган, болгонун болгондой бетке айткан өзүнчө ою бар чорт кыйалдуу киши эле. Ал мурда тракторист болуп, экскаватор айдачу. Түз, аскерче жүргөндүктөн эл аны майор деп коюшчу. Ал мурда Чычканда жашап, кийин иниси экөө Дарханга көчүп келишкен. Уругу Жүдөмүш болуп, Байгазы болуштун туугандарынан эле. Ошондуктан Жүдөмүштүн тукуму Итийбастардын иретинде болчу. Ошентип бактагы чырдын эмне болуп бүтөрү ал күнү белгисиз бойдон калды.Сагаалы менен Чокмо саат алтыдагы кечки смендегилер келгенче, эки арыкты сугарып бүтүшүп, суну үчүнчү арыка салышты. Жумуштан чарчагандары билинбей кечинде үйлөрүнө кабактары ачык барышты. Жүзүмкан күнү бойу балдары менен огородундагы алмаларын үзүп, бошогон жок. Кечке жуук абышкасынын келеер учуру болуп калган кезде, самоорун койуп, Светага, -Самоорго чок салып койуп тур,- деп колуна ийигин алып абышкасын акмалап, көчөдөгү отургучка чыкты. Ал жаңы эле ийигин ийире баштаганда,
көчөнүн аягынан абышкасынын карааны көрүндү. Жүзүмкан ордунан туруп, дастарконун белендегени үйүнө киргенде Сагаалы атын көчөдөгү столбого байлап койуп, кетменин көтөрүп, короого кирди. Ырысбек алдынан жүгүрүп чыкканда, жолдогу колхоздун алма багынан үзүп, чөнтөгүнө салып алган алмаларын алып берип,-Кана мойнуңдан жыттатып койчу,- деп өйдө көтөрүп, мойнунан жыттап-жыттап алып, моокуму кана түшкөндөй ырахаттанып,
- оу атыр жыттанып калган турбайсыңбы балам,- деп жерге койду да арыраакта самоордун жанында турган Светага, - ме балам,- деп, чөнтөгүнөн алма сууруп берип, балдарына дайыма алма быша баштаганы сменден келе жатканда, ала үзө келип берүүчү.Балдары да үйдөгү огороддогу алмаларга Караганда атасынын алып келген алмаларын талашып жешээр эле. Анткени атасы тандап жүрүп, таттуу жакшы бышкан кыпкызыл алмалардан алып келүүчү. Жеке эле балдары эле эмес Жүзүмкан да ал алмаларды жакшы көрүп жечү. Сагаалы үйгө киргенде чөнтөгүндөгү алмадан Жүзүмканга да берди. Жүзүмкан абышкасынын кабак кашын бир караганда эле билчү. Абышкасы колун жууп дасторконго отуруп жатканда,-Ээ абышка бүгүн көңүлүң ачык экен. Жумушта эмне жаңылык болду,- деди. Сагаалы: -Кемпир эмне жаңылык болмок эле, жанакы Чокмо экөөбүз Бечелдин жоруктарын айтып эриккен жокпуз, -деди. Жүзүмкандын да уккусу келди көрүнөт, анын кандай жоруктары бар экен дегенде, Сагаалы уккандарын айтып берсе Жүзүмкан да күлүп жатты. Чай ичилип бүткөндөн кийин ар кимиси өз жумуштары менен алек болуп, күүгүм киргенче короо жайларында оокаттарын жасап жүрүшүп, көз байланып, эч нерсе көрүнбөй калганда үйлөрүнө киришти. ***Эртеси наряддан кийин Асанбек Туратбековичти көргөнү үйүнө бардым. Үйгө кирсем Асанбек Туратбековичти диванга төшөк салып, жаткырып койушкан экен. Кемпири дары берип, баш жагында отуруптур. Мен салам айтып киргенде Асанбек Туратбекович демигип:-Кел бери, жаныма отурчу,- деди. Жаны катуу кейигендей үнүн акырын чыгарып, жанына жакын барганда кемпири орун бошотуп, ордунан туруп орун берди. Асанбек Туратбекович алсыз үнү менен,- мен мал болбой калдым окшойт, эгер жаман айтпай жакшы жок, көзүм жумулуп кетсе берки Юрий Павлович биздин салтты жакшы билбейт, баарын өзүң тейлешиң керек. Адегенде институт земледелияга телеграмма бергиле. Куту, Борош, Асанкулдарга кеңешип элди жумуштан алагды кылбай, койулар күнү эле алып баргыла. Калган майда-баратын өзүң уйуштурарсың,
-деди араң эле көкүрөгү кырылдап. Кемпири көзүнүн жашын сүртүп, ыйлап жатканын көрүп, чыдай албай ага, -Догдур чакыртайын,
- деп ыйлап жибердим. Кемпири: -Жок балам райондун догдурларынын баары билет, кечээ уколдорун сайып, бүгүн тез жардам машинеси менен Пржевальскийге алып барып, жаткырабыз дешкен,- деди. Асанбек Туратбекович башка сөз айта албастан, көгөрүп татарып, араң дем алып жатып калганда, менин керегим жок экенин билип, кемпирине,-Жакшы калыңыздар,
керек болуп калсам чакыртыңыз,
- деп койуп жумушума кеттим.Жумушта жүрүп түш убактысында Асанбек Туратбековичти Пржевальскийге тез жардам машинасы менен догдурга алып кетишти, деп угуп калдым. Алма үзүү кызуу жүрүп жаткан. Кышкы алмаларды алма сактаган жерге кийирип, күзгү алмаларды дайардоо конторасыына жерге түшкөн жаман алмаларды винзаводко өткөрүп, элди жумуш менен камсыз кылып, кечкисин жыйналган алмаларды кабыл алып, алма сактагычка өткөрүп келгенче түн ортосу болуп кетүүчү. Эртең менен таңдан туруп, жуунуп тамагымды ичип, отчетумду жазып алып нарядка барчумун. Адаттагыдай эле эртеси эртең менен кызматкерлер конторго чогула баштады. Директор ооруп, нарядка келбей калгандан бери, башкы агроном Юрий Павлович наряд өткөрчү. Ал келип чогулган кызматкерлерди,
директордун кабинетине киргизип калды. Директор бардагыдай кызматкерлер нарядка толук келбей калган. Бүгүн болсо алтоо эле келиптир. Жумуштун дээрлик көпчүлүгү мен аркылуу бүтүп жаткандыктан,
Юрий Павлович мага кайрылып, жумуштун жүрүшү жөнүндө отчетумду сурап калды. Мен өткөн күнкү бүткөрүлгөн жумуштар туурасында,
бүгүнкү күнү эмне жасала тургандыгын айтып жатканда, телефон чыр дей түштү.Юрий Павлович тыңшап, -Качан, ооба түшүндүм,- деп туруп бат эле кайра койуп,- жолдоштор директорубуз Асанбек Туратбекович каза болуптур,- деди. Кабинеттин ичиндегилер ар кимиси өз ойлорубуз менен алек болуп, ичибизден кайгырып, үн сөзү жок, тунжурап отуруп калдык. Бир аздан соң Юрий Павлович эми эмне кылабыз деп отургандарга кайрылганда,
Асанбек Туратбековичтин айткан сөздөрү эсиме түшүп, ордумдан туруп:-Жолдоштор эң алды менен институт земледелияга телеграмма жиберип, калган райондун чоңдоруна кабарлашыбыз керек. Кыргыздын салты боюнча, бүгүн сакалдуулар барып, көз көрсөтүп келишсин. Бүрсүгүндөн койулса керек, тактап билип алып, жумушчулар менен койулар күнү баралы. Мен сакалдуулар менен кеңешип көрөйүн. Салт боюнча көңүл айтып бир нерсе алып барышыбыз керек,- дедим. Отургандардын баары менин сөзүмдү колдоп кетишти. Туш-тушка кабарлаганды Юрий Павлович мойнуна алды. Мен аксакалдар менен кеңешип, калганын уюштурмай болдум.Баарыбыз чогуу эл чогулган короого барып, жумушчуларды чогултуп директорубуздун дүйнөдөн кайтканын айтканыбызда,
ошол жерде тургандардын баары аябай кайгырышты.
Ал тургай кээ бирлери ыйлап жиберишти. Мен элди жумушка чегип койуп, Куту ,Борош, Асанкулдарды чогултуп кеңешип, кыргыздын салты боюнча өлгөнгө мал союлгандыктан питомниктегилердин жаманчылык,
жакшылыгына чогулуучу ынтымак союзунан акча кошуп, корукчу Сукеев багып, минген кара кызыл атты соймой болуп, атты бүгүндөн калбай, Сашканын машинасына жүктөп жөнөтмөй болдук.Кечкисин жумуштан кийин сакалдуу аял эркектер Карагул абанын автобусу менен барып келишмей болушту. Сакалдуулар менен ушундай кеңешкен соң тийиштүү тапшырмаларды берип койуп жумушума кеттим. Өзгөчө бул кабар мага катуу тийди.Жумушка көңүлүм чаппай бардыгы чоочун сыйактуу сезилип, мурункудай күлүп жайнап кезиккендерим менен бакылдашып,
сүйлөшүп, тамашалашкан мүнөзүм жоголуп, түнт болуп бирөөлөр суроолор менен кайрылышса сиркем суу көтөрбөй кыска жооп берип, кабагым өзүнөн өзү бүркөлүп кайгырып жүрдүм. Асанбек Туратбековичтин сөөгү койулар күн мурунтан кулактандырылгандыктан жумушчулар эртең менен өлгөнгө даярданып алып келишти. Башка мекемелерден келген жумушчулар ал күнү плодопитомник совхозунда жумуш болбосун билишкендиктен жумушка келишкен жок. Автовокзалдан дагы эки автобуска заказ берилип, үч автобус киши плодопитомник совхозунан Боз-Учук айылына өлгөнгө жөнөп кеттик.Биз саат ондор менен Боз-Учук айылына жетип, Асанбек Туратбековичтин сөөгү чыкчу үйүнө өкүрүп түштүк. Мен көзүмдүн жашын тыя албай бир топко ыйладым. Ал жерде катар боз үй тигилип Асанбек Туратбековичтин сөөгү жаткан үйдө, чоңойтулган сүрөтү илинип койулган экен. Сүрөтүн карасам, жылмайып, эмне мынча ыйлайсың, ушундай да жашык болосуңбу, дегенсип туруптур. Жүзүбүздү жуугандан кийин туугандары чогуу келгендердин баарын чайга киргизишти.
Чай ичип чыккандан кийин тышка чыксак эл адеп келгендегиге караганда абдан көбөйүп калыптыр.Түрлүү жеңил машиналар көчөгө толуп. Улам жаңы келгендер катарга тизилип жатты. Менин баамымда элдин көбү эки жактан келишкен, чоң кызматтагы адамдар окшойт. Галстук тагынып чиренип жүрүшөт. Элдин аягы тыйылбай дагы эле өкүрүп келип жатышты. Баарынын кабагы салаңкы, баардыгы кайгырып жатышкандай.
Аларды көргөндө ушундай киши менен жакшы мамиледе болуп, иштешкениме бир чети кайгырсам, бир чети сыймыктанып жаттым.Түш болуп калган ченде сөөктү көчөгө алып чыгып, жаназа окулду. Ага аябагандай көп эл катышып, эки жактан келген чоңдордун улам, бирөө сүйлөп, Асанбек Туратбековичтин иштер туурасы, жакшы сапаттары жөнүндө айтып жатышты. Республикадан,
областтан, райондон чоңдор келип, плодопитомник совхозунан келгендерибизге сөз тийген жок. Ошентип плодопитомник совхозундагылар директорубузду акыркы сапарга узатып, барган автобустарыбыз менен кечке жуук иштеген, жашаган жерибизге келдик. Атабыздан ажыраган жетим балдардай болуп баарыбыздын кабактарыбыз бүркөлүп, ичибизден кайгырып, сабырларыбыз суз эле.Асанбек Туратбекович абдан түшүнүктүү жакшы адам болгондуктан,
эч кимге кыйанаттык кылып көңүлүн калтырбаптыр.
Баары бир чети жетекчи катары, бир чети жакшы адам катары абдан кайгырып жатышканы көрүнүп турду. Биз келээрибиз менен эле эч сөзгө келбестен ар кимибиз өз үйлөрүбүзгө тарап кеттик. Эртеси эртең менен нарядка барсам, кызматкерлер мурдагыдай чогулушкан жок. Юрий Павлович да бир топтон кийин автобус Покровкадан жумушчуларды алып келээрге жакын гана, конторго келди. Ал экөөбүз тыштан туруп эле, жасала турган жумуштар туурасында кыскача сүйлөшүп, жумушчулар чогулуучу короого басып келип, жумушчуларды күтүп турдук. Жумушчулар да мурдагыдай болбой бириндеп келе жатышты. Автобус Покровкадан биринчи рейсин ташып келгенде гана короодо кишилер көбөйүп кызматчылар ошондо гана, жумушчулар менен чогуу келишип орундарында иштей башташты. Мен жумуштарымды так аткарып көнүп калгандыктан,
уюштуруу иштерине алым сынбасам да өзүмө тийешелүү жумуштарды так аткарып, адаттагыдай эле жумушчуларга тапшырма берип ар кайсы жумуштарга чегип жаттым.Ичимден директордун жоктугунан пайдаланып иштерине шалаакы мамиле кылган кызматчыларга ачуум келип, Юрий Павловичти боштугу эми даана билинип, кыжырым кайнап жүрдү. Мурункуга Караганда кызматкерлердин жумушка кош көңүлдүк мамиле кылышканы болбосо, эч нерсе болбогондой ар кимиси өз орундарында иштей башташты. Контор мурункудай болбой кирип чыккандар азайып, директордун ордунда иштеп жаткан Юрий Павлович эч нерсе чече албагандыктан эртең менен кызматчылар нарядка барбай калышты. Ар кимибиз өз билгенибизче иштеп жаттык. Арадан бир жума өтүп өтпөй октябрь айынын башында мен алма бакта жумушчуларга алма үздүрүп жүрсөм, плодопитомник совхозуна жаңы директор келиптир, улуту немец экен деген кабар угулуп калды. Бул кабарды угарым менен директорум жаңы өлгөндөй болгондой жетим сирей түштүм. Шабайым сууп, жаштыгым менен, улуту немец экен дегенге бала күнүмдөн немецтер жөнүндө кинолорду көрүп жүрүп, жедеп немец калкын жек көрүп, калганымдан уламбы аны менен кандай иштешем, иштеше албайм го. Бул немец мага Асанбек Туратбековичтей болуп, кеңешин айтып жардам бермек беле, орус болсо да бир жөн деп директордун улуту немец экен дегенге кооптонуп, мурун кийин немец улутундагы адамдар менен байланышып көрбөгөнгө такыр эле, кеп-сөзгө түшүнбөгөн караниет бөтөн адамдай сезилди. Менин оюма эми бул жерден иштебешим керек, Асанбек Туратбекович жок иштөөгө болбойт, деген гана ой келип туруп алды. Бул жерден иштебейм деген ой кечээ жакында эле үч уктасам түшүмдө жок эле. Мага плодопитомник совхозу өз үйүмдөй болуп, бир эки күн көрбөй калсам кадимкидей сагына түшчүмүн. Директор өлгөндөн бери кош көңүл боло баштаганмын.
Эми немец улутундагы башкы директор келди деген кабардан улам, чоочун жерге туш келип калгандай болдум. Эми бул жерге калууга болбойт деген чечим чыгарып атымды минип конторду көздөй бастырганымды өзүм да билбей калдым. Плодопитомник совхозунун алма сактаган жайы жолдо болгондуктан,
ал жерден өтүп бара жатсам Юрий Павлович чакырып калды, жанында Егор, дагы үч-төрт киши алма сактагычты көрүп жүрүшкөн окшойт. Мени карап туруп калышты. Мен жакындап барып, алар менен саламдашкандан кийин Юрий Павлович жанындагы чоочун адамдарга, -Мына биздин бригадирибиз,
- деп мени көрсөтүп, ичинен бирөөнү биздин жаңы келген директорубуз деп мага көрсөтүп,-таанышып алгыла ,-деди. Ал киши жашы элүүдөн өтүп калган, узун бойлуу, толмочунан келген, галстук тагынган, салабаттуу киши экен. Ал киши мага,- Роман Иванович,- деп колун сунганда жаман көрүп турсам да, кичи пейилдик үчүн аттан түшүп,- Бекказы,- деп кол алыштым. Роман Иванович мага көңүл бурбастан Юрий Павловичтен башка иштер туурасында сурап калганда, менин шагым сына түшүп, мурунку директорумдай мага жакшы көңүл бурбаганына мурун ойлогон ойум, кошул-ташыл болуп, атыма минип конторду көздөй чапкан бойдон жөнөдүм. Артымдан кыйкырган Юрий Павловичтин үнүн уксам да, укмаксанга салып ызаланып таарынып бара жаттым.Балким директор ал акыбалымды сурап, иштеримди сурап, көңүл буруп койгондо иш башка болот беле ким билет. Түз эле конторго барып жумушумдан бошонуу турасындагы арызымды жазып секретарга өткөрдүм да атымды минбестен жетелеп алып, башымды жерге салып, соодасы бүткөн сарттай болуп үйгө кирдим. Толкун менин капалуу келе жатканымды терезеден көрүп, алдымдан тосуп короого чыгыптыр. Ал: -Сага эмне болду, бир жериң оорубай элеби,- дегенде мен күнөөлүү адамдай андан көзүмдү ала качып, -Жумуштан бошонуу жөнүндө арыз жаздым,- дедим. Толкун менин мындай күтүүсүз жерден жасаган чечимиме таң калгансып,-Сен жаңы келген директор менен уруша кеттиңби,- деди. Мен кыска эле: -Жок,- деп койуп, атымды мамыга байлап койуп башка сөз айтпастан үйгө кирип кеттим. Толкун артымдан киргенде башымды жерге салып, капалуу отурган элем. Толкун чай койуп, дасторкон жайып, тамак-ашын белендегенден кийин гана дулдуюп капалуу отурган мага кайрылып: -Эми кайдан иштейин деп жатасың,- деди, мен дагы эле бирөөлөргө тарынган немедей, -Билбейм,- деп башка сөз сүйлөгүм келбей чайымды иче баштадым.Менин ойум уйгу-туйгу болуп, чынында эле, кайдан, кандай жумуш иштеримди билбей жатканмын. Бир ойумда айылыма жумуш сурап барсамбы деп, Абылай менен Бейшенге барып кызмат сурап жатканымды элестетип, жок аларга барып кызмат бересиздерби деп жалдыраганда алар бири-бирине шылтап мыйыгынан күлүп шылдың кылып жатышкандары көз алдыма тартылып, ал оюмдан кайра баш тарттым. Кайра бир ойум кызмат сурап райондун айыл чарба башкармалыгына барсамбы деп ал жерден Бакен Исмаиловичке барып, кызмат сурап турганымды элестетип, ал көзүн тостоңдотуп,
мындайлар кызмат иштеп жыргатышпайт,
сага ылайыктуу кызмат жок деп жатканы көз алдыма тартылып, кайра бул оюмдан да баш тартып, эмне кыларымды билбей жаттым. Толкун да менин капаланып, терең ойго батып, жаткандыгымды көрүп унчуккпай чайын куйуп берип жатты.Бир убакта тышка каридордон киши кирген дабыш угулуп, кобурушкан үндөр чыгып калды. Булар кимдер болду экен дегендей болуп экөөбүз тең эшик жакты карап калдык. Аңгыча эшик ачылып, эшиктен Кусейин баш бакты. Мен ордумдан туруп Кусейин менен учурашып жатканда, артынан Сталик кирип келди. Алар эч нерсени байкабай бакылдашып Толкун менен да учурашып, аркы-беркини сүйлөшүп, Толкун экөөбүздү сөзгө тартып алаксытып кетишти. Кусейин техникумда зоотехниктин окуусун тең курста окуп бүтүргөн .Ал мен курактуу жыйырма эки жаштагы орто бойлуу, толмочунан келген, бетинде сепкилдин тактары бар, ачык-айрым жигит болчу. Сталикти өткөндө Кусейин мага айылдаш тентуш балам деп тааныштырган.
Ал узун бойлуу толмочунан келген кара тору жигит эле. Экөө тен Ак-Терек айылынан Покровкага барып, келип райондук даярдоо конторасында заготовител же кыргызча айтканда даярдоочу болуп иштешчү. Алар мурдатан эле кезигишип жүргөндүктөн жакшы тааныш болуп калган элек. Менин канчалык ичимден капаланып жатканымды тентуштарыма билдирбегенге аракет кылып жатканым менен Кусейин чай ичип жатып: -Беке сен эмнегедир капаланып жаткандай болуп турасын,- дегенде менден мурда Толкун: -Досуңар бүгүн жумушунан бошонуу туурасында арыз жазыптыр – деди, мен Толкунду эмне айтасын дегендей жаман көзүм менен карап , Кусейин:-Эмне чын эле арыз жаздынбы, жумушуңа абдан берилип иштеп жүрчү эмес белең, эмне болуп кетти ? – деп сурап калды. Менин айтканга чарам келбей эмне үчүн арызымды жазганымды айтып бердим.Кусейин менен Сталик эч камарабай кайра кубанып,-Эй Беке анын эмнесине кейийсин, жумуш деген толуп жатпайбы,-деди.
-Бизде айыл чарба продукциясы боюнча товароведдин орду бар, ал жерден Толкунга да орун табылат,- деп калышты. Мен аларга, -Товаровед эмне кызмат аткарат,- десем, Кусейин:- Ал кызматка агропромдун окуусун бүткөн киши керек, так эле сага ылайыктуу жумуш. Ал биз даярдаган жана колхоз, совхоздордон плодоовош складына алынып келинген айыл-чарба продуктыларынын сапатын текшерип, сортун аныктайт жана ал продуктыларды башка жакка сатылышына көзөмөл жүргүзөт. Мисалы биз элден даярдап келген алмаларды плодовоштун складына алып келебиз, аны товаровед текшерип, биз биринчи сорт деп алып келсек, ал жок бул алмалар экинчи сорт деп завскладка айтып биринчи сорт менен алдырабай койот, иши кылып ал сапатына жооп берет -деди. Мен мурда плодоовош складына алма өткөрүп жүргөндүктөн ошол замат түшүндүм да,-Анда колдон келчү жумуш экен,- дедим. Кусейин менен Сталик чай ичишип бүткөндөн кийин, аркы –беркилерди сүйлөшүп отурушуп эртеси эртен менен заготконторадан жолугушмай болушуп жумуштарына кетишти. Мен сыртымдан эч нерсе билдирбөөгө аракет кылып, Толкундун суроолоруна кыска жооп берип жатканым менен ичимден бушайман болуп, бир орунда тынч тура албай, бир нерсени унутуп калгансып, тышка улам кирип-чыгып убакыт өтпөй жатты. Тыштан чогуу иштешкен элдерди көрүп жандарына барып сүйлөшкүм келди, кайра ал оюмдан баш тартып, барганда аларга эмне деп айтам, иштебей калдым дейинби деп барганым жок. Айылдын четинде быйыл эки гектар жерге жаңы карагат отургузулган эле, аны бир уй аралап талкалап басып оттоп жүргөнүн көрүп ичим ачышып барып кубалап чыккым келип, ордумдан эки-үч аттап чуркайын деп барып кайра токтоп калдым.Бирөө сенин эмне ишиң бар жолобо дегендей болуп, бирөө карап тургансып айдаганга батына албай койдум. Жана эки-үч саат мурда эле колу-жонум бош болуп, баардык эл менен эркин сүйлөшүп, кол алдымда иштегендерге буйрук берип журбөдүм беле, эмичи-эми короодон чыгып көчөгө басууга да акым жоктой болуп чүнчүй түштүм. Мурда мындай абалга келмек түгүл келем деген оюм да жок болчу.
#48 23 August 2015 - 15:39
Мына минтип эки саат мурда жазган бир барак кагаз ушундай абалга жеткиргенин карачы. Кайра конторго барып ошол кесепеттүү баракты алып салгым келди, бирок короомдон чыгып конторго барууга эрким жетпей кандайдыр бир күч бутумду бастырбай кармап тургандай болду. Мага кечке дейре убакыт өтпөй бир орунга туруп алгандай болуп улам кирип-чыга бердим. Ошол жерден баардык элдин алдында күнөө кылгандай болуп, эч кимисинин көзүнө көрүнгүм келбей уялып жаттым, баардык элден бөлүнүп , өзүм жалгыз калгандай болуп сезилип жатты, жада калса мени Толкун да жаман көрүп жаткандай болду.Менин ошол кездеги акыбалымды уясынан өз алдынча аң уулоого чыккан, анын жаңы кызыгына келгенде канатын кайрып алган куштун балапанына окшотууга болоор эле. Балким ошондо канатымды кайрып албаганда уламдан-улам кызып, улам бийиктикке көтөрүлүп, көрбөгөндү көрүп, такшалып кыраан куш болуп чыга келет белем ким билет, эми келечекте мурдагыдай чабыттап уча албай, улам бир нерсеге урунгансайын алсырап, уламдан–улам жүрөгүм калып мокой беришим ыктымал эмеспи. Мен дагы жалындуу жаштыгым менен жумушка баш отум менен кирип жаңыдан такшала баштасам, буга директорум Асанбек Туратбекович баардык жагынан шарт түзүп мүнүшкөрдөй таптай баштаганда,
эми минтип мүнүшкөрүнөн айрылган балапандай болуп, турмуштун терең сырын өз алдынча чече албай, биринчи тоскоолдукта талкаланган элем. Түнү бою ар кайсы чатышкан ойлордун түйүндөрүн чече албай ооналактап уктай албай чыктым. Эртен менен эрте эл тура электе Покровканын аркы четиндеги заготконтораны көздөй жөнөдүм. Заготконторага келсем, эч кимиси келе элек экен. Жым жырт ары-бери басып жүрүп, бир сааттан ашык убакыт өткөндөн кийин гана, адегенде бирин сериндеп иштегендер келе баштады.Директору келгенде бир аздан кийин, жайланышып отурганда, уруксаат сурап, кабинетине кирдим. Эртең менен күтүп турганда эле, аты жөнүн сурап алган элем. Заготконтордун директору Чекиров Жумабек Чекирович, ал узун бойлуу, толмочунан келген, бакылдап сүйлөгөн, ачык-айрым, жашы алтымыштарга барып калган киши экен. Ал мурда райисполкомдун төрагасы болуп иштеп, заготконторго келгенине бир жылча болуптур. Ал саламыма алик алып,-Кел отур,-деп, кабинеттин каптал жагындагы отургучтарды карап койду.Мен отурардан мурда жазып алган арызымды сунуп, андан кийин отурдум. Жумабек Чекирович арызды окугандан кийин мени карап,-Мурда кайсы жерде иштедиң эле,- деди. Мен плодопитомник совхозунда иштегенимди айтсам, -кайсы окууну бүттүң эле,-деди.-Айыл чарба техникумунун агрономдук бөлүмүн бүткөмүн,-дедим.
Жумабек Чекирович арыздын башына визасын койуп, кайра арызды мага сунуп,-Сен эми менин орун басарым Мерген деген жигитке кирсең, ошол жигит барын түшүндүрүп берет. Эртеңден баштап жумушка чыга берсең болот,-деди.
Мен арызымды алып орун басарына кирсем, Мерген; көзү бакырайган,
сулуусумак,
арыкчырай, узун бойлуу, жашы отуздарга барып калган жигит экен. Ал арызды карап көрүп,-Жакшы,
кел отур,-деп жанаша койулган столдогу отургучту көрсөтүп, -сен бизге айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча товаровет болуп орношуп жаткан турбайсыңбы,
эми мен сага бул иш боюнча түшүндүрүп берейин. Айлыгың жүз жыйырма сом, сезон убактысында дем алыш күнү эле эс аласың, калган убакта алтынчы, дем алыш күндөрү иштебейбиз.
Эми сенин милдетиң, эртең мененки саат сегизден, кечки саат алтыга чейин плодоовоштун складында болуп, заготовителдер менен колхоз, совхоздордон алынып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрү боюнча канча продукция, кандай сорт менен алынганын каттап турасың. Мына бул китепте ар бир өсүмдүктүн түрлөрү боюнча кандай болгондо, кайсы сорт болоору жазылып турат. Ушул китепте кандай жазылса, ошондой кабыл аласың. Эгер сен биринчи сорт деп кабыл алсаң, кийин ал товарың башка жакка жөнөткөндө,
экинчи сорт болуп калса, бизге төлөтүп койушу ыктымал. Ошондуктан туура кабыл алышың керек, сен, алынган товарлардын сапатына жооп бересиң, санына завсклад жооп берет. Бирок сен продукциянын канча кирип, канча чыкканын билип турушуң керек. Мына сенин негизги кызматың ушундай. Күндө эртең менен мага келип, алынган товарлар жөнүндө маалымат берип турасың, калганын ошондо сүйлөшүп турабыз, арызың боюнча жумушка эртең чыгышың керек экен, качан чыксам дейсиң?- деди. Мен:-Эртең эле чыгам, эгер бүгүн квартира таап көчүп келсем,-десем Мерген:-Көчүп келгенге мен машина жагынан жардам берейин, квартира караштырып көр,- деди.Мен директордун орун басары Мергендин кабинетинен чыксам, Кусейин менен Сталик мени сыртта күтүп турушкан экен, алар мени көрө коюшуп,-Эмне болдуң, жумушка орноштуңбу?
- деп сурап калышты. Мен:-Ооба, эртеңден баштап иштемей болдум. Квартира таап, бүгүн көчүп келишим керек,- дедим. Алар мага квартира табышып, көчүрүшүп келишмей болушту.Үчөөбүз ээрчишип алып, квартира издеп жөнөдүк. Биз квартираны көпкө издеп убара болгонубуз жок, заготконторадан бир аз узай бергенибизде эле, үстү балык жон, эки бөлмөлүү үй таптык. Ээсинен сурасак,-Жакында эле мурда жашаган квартиранттар көчүп кетишкен, ичи бош, кааласаң, кирип жашай бер, айына он беш сомдон төлөп турасың –деди. Биз үйдүн ачкычын сурап алып, кирип көрсөк, жашаганга болчудай, тышы жупуну көрүнгөнү менен ичи таза экен. Заготконторадан машина алып, ошол эле күнү көчүп келип, эртеси жумушка чыктым.Плодоовоштун склады, чоң жолдон тоону көздөй үч көчө өйдө чыгып, күн чыгышты көздөй бир чакырымдай басканда, Покровканын борборунун тушунда болчу. Плодоовоштун складынын башчысы Завазиев Манеза деген дунган улутундагы киши экен. Ал узун бойлуу, арык-чырай, жашы алтымыштарга барып калган, мүнөзү токтоо киши болчу.Складтын конторасына кирсем, Манеза кызы Зоя менен сүйлөшүп отурушуптур.
Алар менен таанышып, айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча товаровед болуп келгенимди айтсам, мени жактыра беришпегендей,
көңүлдөрү суз кабыл алышты. Ал жерде иштеген жумушчулардын улам келгендери менен таанышып жаттым. Манеза көптү көргөн, абдан куу адам болгондуктан,
мага жумуштун шартын түшүндүрбөстөн,
керек болсо мени ишке кийлигиштирбей обочороок кармагысы келип, мага алып келген товарлардын сапатын эле текшертип тургусу келип, канча складка товар кирип, канча товар складдан чыгып жатканын билдиргиси келген жок.Товар жүктөлгөн машиналар келгенде, мени жашсынтып, машинанын ар кайсы жеринен алма салынган яшиктерди түшүртүп, алардын сапатын текшертип, сапаттуу товар алууга гана пайдаланып жатты.Эртеси эртең менен заготконторага Мергенге сводка берейин деп барсам, эмне жумуш кылганымды сурап билгенден кийин Манезага ачуусу келип, алынып келинген товарлардын жеке сапатын эле текшербестен,
канча алынып келингенинен өйдө текшерип, таразадан көзөмөлдөп турасың деди. Бирок Манеза товар жүктөлгөн машиналарды таразага тартарда, мени ар кайсы жумушка жумшап жиберип, контролдук кылып текшерүүгө чамамды келтирбей, кечинде жумуш бүтөөрдө гана товарлардын түрлөрү боюнча кириш чыгышын сорттору менен директордун орун басары Мергенге сводка бериш үчүн гана, андан айбыкканынан жаздырып турду.Манеза директор Чекиров Жумабек менен жакшы болуп алып, экөөлөп өздөрү каалагандай будуңдатып жатышканын бара-бара өзүм көрүп билип жана Мергендин айтуусу боюнча түшүнө баштадым. Плодоовоштун складтарына негизинен; картошка, туздалган жашылчалар,
бал сактала турган, район боюнча чогулган товарлардын көпчүлүгү убактылуу гана ал жерге чогултулуп,
сорт-сортко бөлүнүп, чоң чоң партия болуп чогулган прицеп сүйрөгөн чоң машиналарга жүктөлүп, Рыбачы шаарындагы темир жолдогу жөнөтүүчү базага барып, ал жердеги заготовителдер аркылуу Советтер Союзунун ар кайсы жерлерине поезддер менен кетип туруучу.Плодоовоштун склады аркылуу бир күндө бир нече тонна товар кирип, кайра чыгып туруучу. Завсклад Манеза көп суммадагы акча менен иштей турган. Ага жеке эле плодоовоштун склады эмес, Покровканын батыш жак четиндеги алма сактоочу жер дагы анын карамагында эле. Ага үч жүз тоннанын тегерегиндеги алма сакталчу. Мен директордун орун басары Мергендин колдоосу менен Манезанын иштерине кичинеден кийлигишип чектен ашкан жеп ичүүлөрүнө жолтоо болгон сайын Манезанын заготконторанын директору Жумабек Чекировичке арыздануусу көбөйдү. Жумабек Чекирович мени складка Манезанын жанында кармагысы келбей ар кандай шылтоо менен колхоз–совхоздордогу картошка казылып жаткан жерлерге жиберип кандай казып, сорттоп жатышат көрүп кел деп жумшап жатты. Сезон аяктап складка кириш чыгыш азайганда кана ордумда иштей баштадым. Жумуш азайган сайын жумушума алым сынбай эрикчү болдум. Алтынчы, дем алыш күндөрү эс алуу болгондон баштап, бешинчи күнү жумуштан кийин Толкун экөөбүз айылга кеттип биринчи күнү эртең менен эрте кайра жумушка келчүбүз.Жакында инилүү болдум. Ата–энемдин карыганда көргөн баласы болгондуктан,
кайрымдуу балдардан болсун деп атын өзүм Кайырбек деп койдум. Жумасына эки күн бош болгондон бери айылга барганда жаңы салып жаткан үйдү кайра кармай баштадым. Ал үй бир жылдан бери жумуштан колум бошобогон дуктан кармалбай калган эле. Былтыркы куйган фундаментим жапыз көрүнгөндүктөн уста жалдап, үстүнөн дагы бир сыйра фундамент куйдурдум. Эми фундаменти бийик болуп жакшы көрүнүп калды. Покровкада иштеп жүргөн күндөрү колум бошой калганда ара–чолодо курулуш мекемелерине барып кирпич, мык, цемент өндүү курулуш материалдарына арзан баада сүйлөшүп уйгө алып бара баштадым. Октябрь айынын орто ченинде Жумабек Чекирович менен Манеза, Мерген экөөбүзгө ээ кылышпай өз билгендерин жасаш үчүн бийликтеринен пайдаланып мени Фрунзеге үч жүз тонна картошка өткөрүп келесиң дешип командировкага жиберишти. Фрунзеде өзүм менен мектепти чогуу окуп бүткөн тештушум Амантур жашоочу, мен түз ошонун үйүнө бардым.Эртеси картошка жүктөлгөн машиналар артымдан барышты. Мен соода министирлигине кирип сүйлөшүп ал жерден картошканын сапатын текшерип, өткөрүп алуу бойунча эксперттерди бөлүп беришти. Мурда соода министирлиги загот конторага үч жүз тонна картошка алууга арыз беришкен экен. Ошол арыздын негизинде келишим болгондуктан эч кандай тоскоолдуксуз эле улам келген картошка жүктөлгөн машиналарды жашылча саткан дүкөндөргө эксперттердин катышуусу менен сапатын текшерип картошканын сапатына жараша бир же эки пайыз скидка чыгарып таразага чыгарып өткөрүп берип жаттык.Биз эксперттер менен улам бир дукөнгө барган сайын дүкөнчүлөр көзүбүздүн агы менен тең айланып берерге тамагын таппай скидканы көбүрөк чыгарып берсеңер деп суранып жатышты. Ишиме абдан так болуп, башынан жегичтер менен келише албай, чынчылдыкка тарбияланып калгандыктан ал жерден да тактыкты катуу талап кылып жаттым. Фрунзеде он күндөн ашуун убакыт жүрүп, үч жүз тонна картошканы өткөрүп келип, жаңы эле иштей баштаганда 7-ноябрь Улуу Октябрь Революция майрамы өтөөрү менен Башкирянын Туймазе деген шаарына жыйырма беш тонна бал өткөрүп келесиң деп живсырье боюнча товаровед болуп иштеген Жолдош деген жигит экөөбүздү командировкага жиберишти. Мурда анча алыс жолго чыкпаганга,
Туймазе шаарына бармай болгонго, бир чети кызыгып кубансак, бир чети жүрөк заада болуп, кандай, кантип барып келер экенбиз, деп Жолдош экөөбүз жолго даярдана баштадык.Биз ал күнү документтерибизди камдап, командировочныйдын эсебинен акчаларыбызды алып флягилерге куюлган балдарды таразага тартып, өткөрүп алып, прицеп чиркеген эки машинага жүктөтүп Рыбачыга жөнөттүк. Эртеси эртең менен кийим кече, тамак-аш салынган чамодандарыбызды көтөрүнүп алып, Жолдош экөөбүз Покровканын айалдамасынан жолугушуп Рыбачыга жөнөп кеттик.Кар эрте түшүп, күн суук болгондуктан жылуу кийинип алганбыз. Жол тайгак болгондуктан,
автобус жай жүргөнгө Рыбачыга түш оой жетип, темир жол вокзалына барып, күн мурунтан заказ берилген вагонду таап, балды жүктөткөнчө күүгүм кирип кетти. Документтерибизди тууралап алып, түнү менен автовокзалдан Фрунзеге жөнөдүк. Фрунзеге түн ортосунда жеткендиктен шаардын ичиндеги автобустар токтоп калган эле. Түнү бою автовокзалда отуруп уктоого туура келди.Эртең менен поезд вокзалына барып, Уфа шаарына чейин белет алып, ал күнү поезд жок, эртеси эртең менен жөнөмөй болуп, мейманканадан орун алдык. Ал күнү эс алып эртеси поездге отурдук. Поезд менен эки күн жол жүрүп Уфа шаарына жеттик. Ал жерден сураштырсак Туймазе шаарына чейин автобус менен каттайт экен. Вокзалдан вокзалга чейин трамвай менен барат экен. Ошондо трамвайга биринчи жолу отурдум. Уфадан Туймазеге автобус менен барып потребсоюзга кирип, ал жерден балды кайсы жерге өткөрөөрүбүздү билип алып, бал алуучу базага барсак бал жүктөгө поезд келе элек экен. Поезди бир күндөн ашык убакыт күтүп, поезд келгенде балды өткөрүп берип, кайра жолго чыктык. Туймазеден Уфага чейин автобус менен барып, Уфадан Москвага чейин поезд менен барып, Москвадан Алма-Атага чейин самолет менен келдик. Ошондо самолетко да биринчи түшкөн элем. Алма-Атадан Фрунзеге келгенде мурда Фрунзени абдан чоң шаар деп жүрсөм андан да алда канча чоң шаарларды көрүп келгенге көзүмө абдан жупуну, кичинекей эле шаардай болуп көрүндү. Ошентип эчен шарларды, эчен жерлерди көрүп, Жолдош экөөбүз жол азабы, көр азабы дегендей жаңы эле кыштын суугунда жол жүрүп кыйналып келсек, мени кайра директордун буйругу менен өзүмдү жалгыз Молдавияга командировкага бал өткөрүп келүү үчүн жиберишти. Жумуш деген жумуш да баш тартсам, жумуштан кууп чыгышы мүмкүн болчу, айласыздан үйдө эки үч күн туруп кайра алыскы жолго жалгыз барууга туура келди. Анын үстүнө вагонго күн мурунтан заказ берилип калгандыктанбөлүнгөн вагон убагында пайдаланылбаса саатына көп суммадагы акча айып үчүн төлөнүүчү. Бул сапар да жыйырма беш тонна бал алып барып, өткөрүп берип келүүм керек болчу. Балды өткөндөгүдөй эле Манезанын складынан таразага тартып өткөрүп алып, автовокзалдан алынган машиналарга жүктөтүп, Рыбачыга жөнөтүп, эртеси машиналардын артынан автобус менен барып, вагонго жүктөтүп Молдовиянын борбору Кишенев шаарына жөнөттүм. Заготконторадан флягидеги балдарды өзүбүздүн жумушчуларыбыз жүктөп Рыбачыдан вагонго жүктөөчү жерде жумуш издеп, өз алдынча жүрүшкөн адамдарды жалдап жүктөтөр элек. Бул сапар да Фрунзеге кеч жетип калгандыктан автовокзалга түнөп, эртеси аэропортко барып Москвага белет алдым.Бул сапар жолдун шартын түшүнүп калгандыктан,
жумуштарым шар бүтүп поездин жетчү убагын сурап алдым. Самолет менен эки күндөн кийин Москвага учуп, Москвадан Кишеневке чейин поездге отурдум. Дагы эле поезден бир күн эрте барган экенмин. Поезди күткөнчө шаар кыдырдым. Кишенев шаары адаттагыдай түз жерде жайгашпастан,
тоолу жерде жайгашыптыр.
өйдө бийикке чыкса, бирде ылдый түшүп, ылдый өйдө болгонуна карабастан абдан кооз шаар экен. Борбордун көчөсү менен кыдырып, жөө басып жүрдүм.Бул шаардын дагы бир өзгөчөлүгү көчөнүн эки капталындагы этаж үйлөрдүн асты бүт дүкөн, ашкана сыйактуу мекемелер жайгашыптыр.
Дүкөндөрүндөгү товарлардын көптүгүнөн башың адашат. Жолдун жээгине орнотулган пивонун бочкелериндей жыгач бочкелерде винонун түрлөрү, пиводой ар кандай идиштерге куйулуп сатылып жатты. Элинин көпчүлүгү карысынан жашына чейин жинсыны асты үстү менен кийишип, тыштан келгендерге кичи пейил мамиле жасашып, абдан сыйлашат экен. Мисалы бир жерди сурасам шашпай токтоп туруп, дааналап түшүндүрүп,
же жакын жерде болсо ээрчитип барып көрсөтүп койушчу. Дагы бир мисал Искра деген чоң кино театры бар экен. Белет алып киного кирейин деп жыйырма чакты кишинин артында турсам кассадан микрофон менен,-Молодой человек подойдите сюда,- деп калды. Мен бирөөнү чакырып жатат го деген ой менен эч жерди этибарга албай турсам, алдымдагы кезек күтүп тургандар, -Сизди айтып жатат,- деп- калышты. Аларга бир ишенип бир ишенбей кассанын терезесине барсам, белет сатып турган аял мени менен сылык сыпа учурашып.-Кайсы жерден келдиңиз,- деп сурап калды. Мен-Кыргызстандан келгенмин,- десем-Бизде коноктор кезек күтүшпөйт,- деп мага кезексиз эле белет берди. Эртеси эртең менен базага барсам, дагы эле поезд келе элек экен. Ал жердегилер поезди түштөн кийин келип калышы ыктымал дешти. Бекер турганча дагы шаар кыдырып жөнөдүм. Шаардын ичинде анча чоң эмес, узуну эки жүз, туурасы жүз метрдей көлмө бар экен. Анын тегерегинин баары абдан кооздолуп жасалыптыр.
Кыштын күнү болгондуктан көлгө түшкөн киши жок экен, жайдын күнү көлгө түшүп эс алууга ылайыктуу болчудай. Көлмө чуңкур жерде болгондуктан,
жээгиндеги дөңсөөнүн бооруна үңкүр сыйактуу ойулуп «бар» салыныптыр.
Кызыкчылык үчүн ичине кирсем ичи кадимкидей (естественный) жасалгаланыптыр.
Дубалдары таштардан тургузулуп.
Стол, стулдары дарактын дүмүрүнөн ойулуп жасалыптыр.
Бул жерден каалаган тамагыңды ошол замат заказ бергенден кийин жасап беришет экен. Ал жерден чыгып, бирөөлөр менен сүйлөшүп туруп калсам мындай көлмөдөн шаардын ичинде дагы үчөө бар дешти. Поезд келер убагында базага барсам поезд жаңы эле келип, вагонду складдын оозуна токтотуп койушуптур.
Ал жерге балды тактап өткөрүп берип, эртеси кишеневтен Москвага поездге белет алып кайра жолго чыктым, Москвадан Фрунзеге чейин самолет менен келдим.Ошентип кыштай көбүнчө командировкада жүрдүм. Жазга маал Манезанын складдарындагы товарлар түгөнгөн кезде гана, заготконторага байлана баштадым. Мен командировкалап жүргөндө жалгыз Мергенге ээ кылышпай директор менен Манеза кыштай каалагандарындай сатышып, өз билгендерин жасашыптыр.
Мен бир аз убакыт иштегенден кийин эле Жумабек Чекирович отпускага чыгып ордуна Мерген калды. Мерген эч нерсеге ээ боло албай калып, тигилерге абдан ачуусу келип калган окшойт бир күнү мени чакыртып алып, -Мен чирип жарабай калган товарларды жараксыздыкка чыгаруу боюнча комиссия түзүп, анын төрагасына сени көрсөтүп буйрук чыгардым. Сени кыштай командировкалатып жиберип ийишип, маган жалгыз ээ кылышпай жакшы эле өз билгендерин жасашты. Эми жакшылап текшерип чириген товарларды өз көзүң менен көрмөйүнчө актыга кол койбо, дагы бир буйрук менен сени төрага кылып плодоовоштун складдарын инвентаризация жасоо бойунча комиссия түздүм. Ийнесинен жибине чейин складдарда эмне болсо, баарын текшерип каттап чыккын, булардын уурусун кармап беттерине салалы, бул сапар алар кыйшаңдай алышпайт, -деди.Мергендин айтуусу боюнча буйруктардын көчүрмөлөрүн алып, Манезага барып, буйруктардын көчүрмөлөрүн көрсөтсөм Манеза көргөн көзүнө иненбегендей кайра кайра окуп, өзүнчө туталанып, кагынып-силкинип,
такыр жок деп баш тарта албай, -Бүгүн менин жумуштарым бар, инвентаризацияны эртеңден баштайлы,-деп жумуштарын кызына тапшырып койуп кетип калды. Эмне кылаарымды билбей минтип жүрсө текшертпейт го деген ойго кетип, үмүтүм үзүлүп үйгө кеттим.***Манеза складдан чыккандан кийин түз эле Жумабек Чекировичке барып, буйруктарды көрсөтүп, эми кандай кылам деп кеңеш салганда Жумабек Чекирович кеңешин айтып, -Мен отпускадан чыкканча алаксытып, аны муну шылтоолоп тур,- деген кеңешин айтат. Эртеси эртең менен складка барсам, Манеза ордунда отурган экен. Калп күлүп кел жигит, -Ишти бүгүн баштайлыбы,
- деп жаракөрлөнүп тосуп алды. Ал мага тышынан жакшы мамиле жасамыш болгону менен ичинен шашпа мадырабаш сени алдаганга кантип кудуретим жетпесин, дегендей мыйыгынан күлүп кечеки директордун сөзүнөн каниет алып, көңүлү ачык эле. Тигинин мүнөзүнө таң калып, бул бүгүн эмне болуп калган балким кечээ бир нерсеге ачуусу келип көңүлү келбей жаткан го. Мен кечээ бул киши жөнүндө туура эмес ойлогон экемин. Кой бул киши жакшы мамиле жасап жаткандан кийин мен да кичи пейил болойун деген ойго да кеттим.-Анда ак сакал ишти баштайлыбы,
- дедим. Манеза, -Жакшы ишти баштасак баштайлы. Бирок орустардын бир жакшы макалы бар мындай деген, «работа не волк в лес не убежить», деген. Менин ойумча күн жылыганда шашпай эле баштаганыбыз оң, шашып кайда барабыз, убакыт кенен. Сезонго чейин али көп бар. Ага чейин баарына жетишебиз, азыр экөөбүз бекер турбай менин үйүмө баралы чогуу иштешкенден бери сени конокко чакыра элек элем. Зоя эжең күйөөгө чыкканы жатат. Бизде салт ушундай кызды үйдөн той өткөрүп алып кетет, барып тойлук жеп кет,- деди.Сакалдуу киши атайын чакырып жаткандан кийин жок дей албай анын үстүнө март айы жаңы эле жаңыргандыктан кыштын суугу дагы эле кайта элек болчу. Эртели кеч суук болуп тургандыктан жок дей албай макул болдум. Манеза машинасы менен үйүнө алып барып, жакшы тамактарды алдыма жайнатып койуп абдан сыйлады. Ичкиликтин түрлөрү бар экен. Ичкиликти майрам күндөрү эле теңтуштарым менен аздан ичип жумуш убагында такыр иччү эмес элем. Бул сапар да канчалык кыйнаганына карабай ичкилик ичкен жокмун. Биз жумушка түш оой келдик. Манеза мага, -Сен эми үйүңө барып эс ал менин бир аз жумуштарым бар эле, жумушту эртең менен баштайлы,- деди. Тигинин көңүлүн кыя албай мейли жумуштарын бүтүрүп алсын деген ой менен үйгө кеттим.Эртең менен складка барсам Манеза менден эрте келип, корукчуга айтып үч күнгө кыз узатуу тойун өткөрүү үчүн жумуштан сурандым, айтып кой жумушка келбейм деп кетиптир. Конторго барсам Мерген эмдигиче ишти баштай элек экендигимди угуп алып ачууланды. Манезанын суранган күндөрү бүткөндөн кийин дем алыш күнү болуп биринчи күнү бир жумадан кийин араң инвентаризацияны баштадык. Коммисиянын мүчөлөрү менен складдын ичиндеги ар бир буюм тайымдарды каттап, таразага тартылуучу товарларды таразага тартып, абдан кылдаттык менен текшерүү жүргүзүп жаттык. Манеза да колунан келишинче ар кайсы шылтоону айтып, ишти чоюуга аракет кылып жатты. Мерген өзү ишти контролго алып, эчен жолу инвентаризацияны токтоткондугу үчүн Манеза менен урушкан учурлары болду.Ошентсе да колунан келишинче каршылык көрсөтүп, ишти чоюп жатып, инвентаризация менен бузулган товарлардын санын аныктоо бир айдан ашык убакытка созулду. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча складдан майда барат буюм тайымдарды эсептебегенде да жыйырма беш тоннадан ашык алма, отуз тоннадай картошка, миңден ашык яшик дагы көп нерселер жетпей калды. Заготконторанын директору Чекиров Жумабек Чекировичтин да отпускасы бүтүп, жумушка киргенине эки үч күндөй болуп калганда инвентаризация жана бузулган товарлар боюнча документтерди бүтүрүп адегенде Мергенге алып кирдим. Мерген документтер менен таанышып көрүп, башын чайкап, -Булар беш колдорун жаман салышкан турбайбы, эми эмне деген шылтоо таап, эмне кылып кутулушаар экен. Азыр директорго чогуу кирип бул документтерди көрсөтөлү,- деп менин иштериме ыраазы болгондой жылмайып койду. Мерген экөөбүз директордун кабинетине киргенде директордон башка эки киши бар экен. Директор саламдарыбызга кош көңүл бизди жактырбагандай араң эле алик алып кабагын бүркөп, отургула деп отургучтарды көрсөттү. Берки экөө сүйлөшүп алып чыгып кетишкенден кийин Мерген директорго кайрылып,-Жумабек Чекирович, Бекказы плодоовоштун складдарын инвентаризация жасап чирип кеткен продуктыларга акты жазды эле. Завазиев Манезанын жасалма отчетунан көп товардык материалдар жетишпейт экен. Сиз менен кеңешип көрөлүк дедик эле,-деп документтерди сунганда директор унчукпай документтерди колунан алып бир сыйра окуп чыгып, мага кайрылып, -Ай, сен ызы-чуусу жок жөн жүрбөгөн жигит экенсиң, мынча жетпейт деп сен буларды кайдан алдың, чирип кеткен алма, картошкаларды,
сынып бүлүнгөн товардык материалдардын баарын төлөтөйүн, деп жатасыңбы ыя,- деп кыйкырып сала берди. Мурда кемчиликти таап, кетирген каталарды ачыкка чыгаргандыгым үчүн минтип кыйкырып тилдейт, деп күтпөгөндүктөн оозума сөз келбей ачуума чыдабай какап, -Мен баарын бирден санап, бирден таразага тартып чыктым анын болгону беш тонна чириген алмасы, алты тонна чириген картошкасы,
жүзгө жетпеген сынган яшиктери бар,- деп айтып бүтө электе эле директор ээ жаа бербей, -Бул чыр жигит дегенинен ишенбей жүрсө энеңди гана урайын, жеткен акмак турбайсыңбы,
- деп кыйкырынып тилдене баштаганда,
ызаланып кетип өзүмдү токтото албай, -Энеңди мен урайын эмне аюдай кыйкырасың,
- деп эшикти катуу жаап чыгып кеттим. Эшиктин артында секретарь орус кыз тыңшап турган ал мага боору ооруп,-Кап, сен бекер кыйкырдың, эми бул сени каматпагай эле,-деди. Ага жооп бербестен тышка чыктым. Тышта заготовителдер топтошуп алып сүйлөшүп турушкан экен. Аларга барбай ачуум менен Покровканын борборун көздөй басып жөнөдүм. Кайда бара жатканымды өзүм да билгеним жок. Менин оюма Чекировдун ызы-чуусу жок жөн жүрбөгөн жигит экенсиң, деген сөзү келип, кулагыма кайталанып угулуп жаткандай болду. Эмне үчүн бул дагы Абылай, Бейшен, Бакендердин сөзүн айтып жатат. Чын эле ызы-чуу кылып жатамбы директордун орун басары текшер дегенинен текшерип, ишимди так аткарып, ичип жеп алгандарын ачыка алып чыксам, мунусу эмне үчүн минтет, мен анан эмне кылышым керек эле көрүп билип туруп кантап тескери жасалып жаткан иштерди жашырып кое алам. Буларга эмне жумуштун так болгон жаманбы, эмне үчүн акыйкаттык кылып эмгегимди тура баалап ыраазы болгондун ордуна эмне үчүн сөгүшү керек. Ак жеринен эмне үчүн күйгүзөт, кайра алдап жаткан, так иштебей каалаганындай жеп ичип жаткан Манезаны сөкпөй, Чынын айтып ошонун тескери иштерин эптеп болгон аракетим менен жаман жакшы көрүнүп жүрүп далилдеп чыкксам кайра мени күнөөлөгөнү эмнеси. Мен деле Манезанын ойу менен болуп айтканын жасасам акча десе акча, товар десе товар албайт белем бирок мен андайга бара албайм мага арам оокаттын кереги жок, мен өз таман акы маңдай терим менен табышым керек, ак ийилет сынбайт дегендей менин ишим туура. Чындык баары бир мен тарапта, жеңиш керек. Мен муну Чекировко далилдеп берем кимдин туура кылганын ошондо билинер деген ойлордон башым чаташып бир жыйынтыкка келе албай бара жатып Покровканын борборундагы айалдамага жеткенимде гана эсиме келип мен кайда бара жатам, кой үйгө барып ойлонуп көрөйүн деп кайра бурулдум.Үйгө келип дагы эле өзүмө келе албай, көкүрөгүм толо бук болуп, кагаз ручкамды алып «Баардыгы өз колумдан келген болсо», деген ырымды жазууга кириштим.Баардыгы өз колумдан келген болсо,Бүт бийликти, бир өзүмө берген болсо.Өзүмдү өзүм, тынч алдырбай айдамакмын,
Арадан арамдарды жоготкончо.
Бардыгын өзүм бирден талдамакмын,
Өмүрдү акыйкат үчүн арнамакмын.
Бирөө айткан ушак сөзгө ишенбестен,
Текшерип ким экенин бааламакмын.
Ак жеринен күйгөндү көтөрмөкмүн,
Күйгүзгөндү ылдый басып чөгөрмөкмүн.
Жала жаап бирөөлөрдү сыздатканды,
Ошондой сыздаганча жүдөтмөкмүн.
Ким болсо да көзүнө карабастан,
Көңүлүмдү тескери эч бурбастан.Кыйшайуусуз калыстык жасамакмын,
Мага жакын, же тууган деп санабастан.
Алдаганды алдамчы деп бетке айтмакмын,Бузганды бузуку деп таптамакмын.
Эки жүздүү эсирген акмактарды,
Күнөөсүнө жараша сокку урмакмын.Ак ниетке дайыма кол сунмакмын,Мага айткан кеңешин бек тутмакмын.Кара ниеттүү адамдар жакындаса,Жоголгунуң бул жерден деп турмакмын.Ырды жазып бүткөндө айтар сөзүмдү айтып алгансып көксөм сууй түшүп, ачуум тарап, жеңилдей түштүм. Толкун жумуштан келе элек болгондуктан,
өзүм чай койуп, ичип бүтүп калганда, Толкун да түшкү тамагын ичкени келип калды. Толкун секретар кыздан директор менен уруша кеткенимди уккан экен. Келери менен эмне үчүн директор менен уруша кеткенимди сурап калды. Мен ага болгонун болгондой айтып бердим. Жеке эле мен эмес анын да Чекировко ачуусу келип,-Бул эмнеси өзүлөрү текшертип койуп, болгонун аныктап берсең, Манеза жебей эле, сен жеп алгансып тилдегени. Балким Чекиров да кошо жешсе керек,- деди. Мен анын оюна кошулуп,
#49 23 August 2015 - 15:41
-Туура айтасың, кеп ошондо болуп жатпайбы, Чекиров кошо жешип алып, бет тырмаарлык кылып, «уурусу күч болсо, ээси өлөт» болуп жатат. Ал эми Мерген эмне үчүн мага ачык болушуп калыстык сөзүн айта алган жок. Мен ошого түшүнө албай жатам, же мен ал айткычакты эле, чыгып кетип укпай калдымбы. Азыр түштөн кийин барып, Мергендин оюн билишим керек,- дедим.Толкун экөөбүз тең булардын позициясына терең түшүнө албай, аркы-беркини жоромолдоп,
сүйлөшүп отуруп, түштөн кийин конторго барып, Мергендин кабинетине кирсем, ал өз ордунда отурган экен. Эч нерсе болбогондой күлүп жайнап.-Кел эмне таарынып чыгып кеттиң, көрдүңбү Чекировдун жанынын кашайганын,
жаралуу жерине тийип алдык окшойт. Эми мынча болду принципке туруп, аягына чейин чыдашыбыз керек, сен чыгып кеткенден кийин ал экөөбүз дагы кармашып кеттик. Мен чириген продуктыларды бүгүндөн баштап, кайра таразага тарттырып, бурула алгыс кылып, канча жегенин бухгалтерия аркылуу тактатып туруп, Завазиевдин мойнуна салам десем, Жумабек айласын таба албай калды. Эми биз Манезанын шылтоосун түгөтүп, чириген продуктыларын кайра таразага тартып, жараксыз товардык материалдарын эсептеп, канча жетпегенин аныктап туруп, буларды таза тупике камашыбыз керек,- деди.Анын сөзүн укканда, Мерген жөнүндө бүдөмүк ойлогонума ичимден уялып, директордун жөндөн жөн эле жерден тилдегенине ачуум келип калгандыктан,
экөөбүз кеңешип алып, иштин аягына чыкмай болдук.Мерген чириген продуктыларды ташып, свалкага төгүү үчүн машина бөлүп берип, Манезага өзү барып, токтоосуз чириктерди кайра менин катышуум менен машинага жүктөп, свалкага төгүүгө буйрук берди. Директордун орун басары Мерген өзү кийлигишип жаткандан кийин Манеза менен Чекиров каршылык кылууга чаралары келбей калды. Алманын чиригин тартканда беш тонна, картошканын чиригин тартканда алты тонна болуп, кайрадан эле мурункудай болуп калды. Чекировко Манеза кургап кетти деп арызданганда да, бирден тонна кошкондо да, алмадан он тогуз тонна, картошкадан жыйырма тонна, яшиктен тогуз жүз жана башка көп майда барат товардык материалдар жетпей калды.Бардыгын жыйынтыктап бүткөндөн кийин, Мерген, Манеза болуп үчөөбүз Чекировко кирдик. Директор биз киргенде, өзүн токтоо кармап, ичнен жини келип турса да сыр билдирбей, өткөндө туура эмес эле жерден тилдегенин мойнуна алгысы келбесе да кичи пейил кабыл алды. Ал документтерди окуп таанышып бүткөндөн кийин, менден көзүн ала качып, Манезаны карап,-Сен бул иштер боюнча кандай дейсиң- дегенде Манеза ордунан туруп,-Мен бул документтердеги цифраларга макул эмесмин, мен бухгалтерия менен эсептешип чыгышым керек, мынча жетпей калышы мүмкүн эмес. Анын үстүнө Бекказы мага эрегишип жатат. Мен бул жерден иштебейм, ордумду Бекказыга өткөрүп бергиле,-деп складдардын ачкычтарын директордун столунун үстүнө койду. Мерген мени карап, «көрдүңбү жеңилди», дегендей жылмайып койду. Директор ачкычтарды Манезага кайра берип жатып, жаман көзү менен аны акырая карап,-Сен эмне деп жатасың, эгер Бекказыны эрегишип туура эмес текшерди десең, башка комиссия түзөбүз, сен бухгалтерия менен эсептешип, отчетторуңду кайра карап чык, ал жактан да ката кетиши мүмкүн,-деди да, Манеза экөөбүздү- силер бара бергиле –деп Мергенди директор,- сен калчы, сүйлөшчү сөздөр бар,-деп алып калды. Сыртка чыкканда Манеза мага кыжырлануу менен,-Сен бала кесибиңди туура эмес тандаптырсың!
Сенден Шерло Холмыстай болгон таланттуу тергөөчү чыкмак экен,- деди. Мен улуу кишиге кайрылып сөз айта албай басып кеттим.Мерген директордун кабинетинде бир сааттай болду. Ал директордон чыккандан кийин өзүнүн кабинетине кирип, мени өзүнө чакыртты. Кабинетке кирерим менен-Бекказы биздин иштерибиз текке кетчүдөй болуп калды. Директор өзүнүн буйругу менен жаңы комиссия түзүп, Завазиевдин складдарын кайра текшертип чыкмай болду. Сен байкадыңбы жокпу, булар мурда кеңешкен окшойт, Манеза атайын чыр салып, кайра комиссия түзүшкөнү жатышканына караганда. Бирок биз бекер иштеген жокпуз, кийин инвентаризациянын жыйынтыгы биздики менен айырмасы чоң болуп чыгып калса, керек болсо мен жогору жака чейин чыгам, эми булар биз менен кошо аз да болсо эсептешип, коркуп калышат. Биз өзүбүздүн ишке жарамдуу экендигибизди буларга көрсөтүп койдук,-деп,
ачуусу менен чоңдорго арызданып, чыр чыгарбасын дедиби же чын эле инвентаризациянын жыйынтыгын көрөлү дегениби мени жайкап койду. Ал Чекиров менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн мага айткан жок. Ошентип анын позициясы мага табышмактуу бойдон калды. Чекиров өзүнүн буйругу менен жаңы комиссия түзүп, ал комиссия жай баракат Завазиевдин складын инвентаризациялай баштады.Мен жайкы сезонго даярдык көрүп, яшиктерди жасатып, складдарды ремонттотуп,
күзгү түшүмгө карата, эмнелер керек болсо ошолорду даярдап, кез кезде товарларды сүрүп келүү үчүн Рыбачы, Караколго барып, колхоз, совхоз, заготовителдер менен келишимдерди түзүп иштеп жүрдүм. Дем алыш күндөрү айылга барып, үйгө керектүү курулуш материалдарды даярдап, ак топурак кум түшүрүп, күзүндө камылгам бүткөндө, үйдүн дубалын бышкан кирпичтен устага салдырганы даярданып жаттым. ***Атам мурдагыдай эле кезеги келгенде колхоздун сугатына барып, бош үйдө калган күндөрү кышкыга малына чөп-чар камдап иштеп жүрдү. Энем Кайырбекти багып үй оокаттарынан бошобойт. Жаңыл медучилишадан окуп кеткенден бери, үйдө кол арага жараган Света эле калган, Ырысбек али кичине болчу. Конокказы абам менен Рая жеңемдер каникулда болгондуктан үйдө жүрүшкөн. Алиман эртең менен дүкөнүнө кетип, кечинде келүүчү. Ошентип айылдагылар өз оокаттары менен алек болуп жүрүшөт. Бара калганда айылдагы жаңылыктардан уккандарыма караганда, Иса менен Бейшендин чатагынан улам, Исанын арызы текшерилип арызда көрсөтүлгөндөрдүн баары туура болуп чыккандыктан,
Бейшен Социалистик Эмгектин Баатыры деген наамды албай калат. Баякы уюшкан топ мурункудай эле өз билгендерин жасап, колхозго сырттан райондун жолдомолору менен келип иштеп жүрүшкөн, жогорку билимдүү кызматчыларды бошотуп, ордуларына өздөрүнүн кишилерин ала башташат. Колхоздун башкы инженери Мазымканов Дүйшөмбүнү жакшы иштеп жаткандыгына карабастан,
бир чогулушта Абылай менен айтыша кетсе, кызматтан алып салат. Жаш адис Ибраев Арсен колхоздун үрөн боюнча агроному эле, ал дагы жакшы иштеп жаткан. Укканым боюнча бир аялды кызганып Абылай, менин баскан изим менен баспагын деп аны да кызматынан алып салат. Ошентип кичине эле баш көтөргөн жогорку билимдүү адистерди башка жактарга кууп, колхоздон кызмат беришпейт.Толкун да жаз чыккандан бери заготконторада лаборант болуп иштей баштаган. Жумуш күндөрү Толкун экөөбүз Покровкадагы квартирабызда жашап жатканбыз. Ай сайын жасалып жаткан иштер туурасында заготконторадан тышкары райисполкомдун алдындагы айыл чарба продукцияларын даярдоо боюнча инспекциянын башчысы Мусин деген кишиге отчет берип турчумун.Бир күнү отчет берейин деп Мусинге барсам анын кабинетинде заготконторанын директору Чекиров, райондун башкы агроному Исмаилов Бакен, Ала-Тоо колхозунун башкы агроному Аманкулов Бейшен болуп төртөө бакылдашып,
сүйлөшүп отурушкан экен. Мен салам айтып кирип барсам, тым-тырс болуп коркунучтуу бир нерсе көрүшкөндөй отуруп калышты. Мен дагы тигилердин чогулуп отургандарын көрүп оңтойсуздана түштүм. Мурда бакылдап, ал жаны калбай, жакшы кабыл алуучу Мусин да менин саламыма кош көңүл алик алып, жактыра бербегендей тескери карады. Ичимден мен жөнүндө сөз болуп, жамандап жатышканын сезип, колумдагы кагазымды берип, кайра чыгып кеттим.Жолдо келе жатып ойлонуп көрсөм, өткөндө Чекиров «сен ызы чуусу жок, жөн жүрбөгөн жигит экенсиң», деп айтканы бекер эмес экени, ага Бакен же Бейшен жамандаганы мага эми гана белгилүү болду. Мени болбогон жерден райондун чоңдоруна жамандай беришкенине,
Бакен менен Бейшенге эле эмес Чекиров Жумабекке да ачуум келип, андан да көңүлүм кала түштү. Мурунку директорум Асанбек Туратбековичти эстеп, ыйлагым келди. Ичимден бирде Чекиров жөнүндө ойлонсом, бирде Асанбек Туратбековичти ойлоп, экөөнү салыштырып бара жаттым. Алар экөө тең мурда чоң кызматтарда иштешкен адамдар эле. Бирок ал экөө такыр бири-бирине окшобогон эки башка адамдар экенине көзүм жетти. Эмне үчүн адамдар эки башка болушуп, бири ак ниет, бири кара ниет болуп экиге бөлүнүшөт? Эмне үчүн адамдар бири-бирин түшүнбөстөн,
кара ниеттик кылышып, ак жеринен каралап өз кызыкчылыктары үчүн жамандашып,
көө жабышат?,- деп өзүмө өзүм суроо берип, ага толук жооп бере албай, жаман, каразгөй, ушакчы адамдарга кеткис кылып белги салып койсо, анда андай адамдардын белгисин көрүп, кой бул жаман адам турбайбы деп сөздөрүн укпай, жандарына жолобой, жакшы адамдар качып кетсе, кандай сонун болор эле, деп «Белги салса» деген ырымды жаздым.Көзү жокто бааланып жеңил баага,Убактылуу шек келип актыгына.Көз көрүнө адашып түз жолунан,Кор болду далай адам ушакчыга.Кара ниеттик ойго келбей ошол маалда,Алдырарда жазгырар болуп гана.Ак ниеттер сыздашып кур кол калды,Адал мүлкүн уурдатып ууруларга.Ар кандай жала жаап жакшы адамга,Көө жабуу оңой эле бузукуга.Өздөрүнө теңеш үчүн далбас уруп,Эки жүздүү бузукулар арабызда.Жамандарга кеткис кылып белги салса,Аттиң ай так ушундай болуп калса.Адамдык сапаттардан кеткендерди,
Белгилеп кошуп турса жамандарга.
Плодоовоштун складдарын инвентаризация жасоо боюнча кийинки Чекиров өзү түзгөн комиссия Манезанын иштерин так экен деген жыйынтык чыгарышты. Мерген да алардын чыгарган жыйынтыктарына макул болгондой болуп унчукпай калды. Кийин уксам он тогуз тонна алма, жыйырма тонна картошканы чирип кетти деп, жетпей калган товардык материалдарга сынып бүлүндү делген акт жазышып, жалган документ жасашып Манезанын ишин тууралап коюшуптур. Даярдоо конторасынын айыл чарба продуктулары боюнча товароведи мен болсом, актыга мени киргизбей коюшуптур. Баарын көрүп, билип ичим ачышып турса да баякы дагы ызы-чуу кылып, чыр салып жатат, дейби деп, таянаарга кишим жок эч нерсе колуман келбегенине шаабайым сууп, кийинки кездерде жумушума көңүлүм чаппай, барды-келди болуп, жумуштун агымы менен иштеп калдым. Анткен күндө да ичимен тигилерге ызырынып, «силерди шашпагыла азыр кутулганыңар менен келчү сезондо жумушту башынан баштап, сазаңарды ошондо колуңарга өзүм берем, мен эми эч кимге, Мергенге да ишенбейм. Силер менен өзүм жеке кармашам, азырынча шылдыңдай бергиле», деп кекенип жүрдүм. Жай мезгили аяктап, күзгө таянып сезон жакындап келе жатканда, бир күнү кечинде үйгө барсам Толкун,-Сени Куту аба плодопитомник совхозунан издеп келип кетти. Сени сураганынан үйдө жок, жумушта десем, анда айтып кой, плодопитомник совхозунун директору Роман Иванович чакырып жатат. Барбай койбосун мен, Борош, Асангул үчөөбүз да контордун жанынан күтөбүз-деп айтып кетти. Плодопитомник совхозунун директору эмнеге чакыртты болду экен. Кайра кел дейби, же жөн эле заготконтор боюнча иштери барбы. Берки үч ак сакал эмне үчүн күтөбүз, келбей койбосун дегени эмнеси. Эми ал жерге кайра кантип барам. Эл эмне дейт. Кайра иште десе, эмне дейм. Өзүм кетип калып, кайра чакырта электе кантип жетип барам?- деп өзүм ичимден ал жерге баргым, иштегим келип турса да кайра баргандан намыстанып,
барбай кое турууну чечтим.Арадан жума өтүп өтпөй Покровканын борборунда заготовителдер менен жүрсөм Куту аба кезигип калды. Ал кишиге салам айтып. Экөөбүз учурашкандан кийин Куту аба;-Ай бала бу сен эмне жылан чакпай, жылкы теппей эле көчө качып кеттиң. Мен сен көчүп кеткенден кийин угуп калбадымбы.
Болбосо эч жакка кетирбей эле жилигиңди чагып туруп, отургузуп коет элем. Эл андай жумушту таппай жүрсө. Сен эмне качып кеттиң? Же, кеткени жатам деп кеңешип койбойсуң. Мага айтпасаң Борошко, же Асангулга агалар мен байдын жаман токолундай таарынып кетейин деп жатам деп айтып коюп кетсең деле жетишпейт белең. «Киши болор кишинин киши менен иши бар. Киши болбос кишинин эмне менен иши бар» дейт. Мен сени киши болот го деген үмүтүм чоң эле. Кеңешип кептешпей эле бир адамга билдирбей көчө качканың эмнең?- деди ачуусун тыя албай мен бир ооз кеңешип койбогон күнөөмдү мойнума алып,-Куту аба чынында эле директордун улуту немец дегенинен иштеше албайм го,- дегенде эле сөзүмдү аягына чыгарбай; -Немец болсо эмне экен, ал киши сен экөөбүзгө караганда акылдуу, жакшы киши. Бир жылдан бери эч кимибизди жебей эле жакшынакай иштешип жатабыз. Биз аны менен сүйлөшсөк, келип иштей берсин деди. Эртең конторго бар, биз дагы барабыз,- деди.-Куту аба жумуштан өзүм кетип калып кайра иштейм деп барсам, эл эмне дейт,- десем. Куту абанын буулукканы басылбай;-Эл эмне демек эле, элге мен директор чакыртканынан барып чакырып келдим дейм. Анын үстүнө сен эл менен жашап жаттың беле эл оозунда элек жок, бирөө өйдө айтса, бирөө төмөн айтып кала берет. Мен сени эки үч сапардай издеп, таппай жүргөм. Бүгүн дагы атайын издеп бара жатканмын. Эртеңден калбай бар,- деп коюп, мен сөз айтканча атын камчыланып,
бастырып кетти. Артынан бир нерсе айтайын деп кыйкырып, айткандан уялып кала бердим.Мурда плодопитомник совхозунда иштеп жүргөндө Куту, Борош, Асанкул деген ак сакалдар менен ата-баладай болуп калгам. Алар мени баласындай эркелетишсе,
мен аларга атамдай эркелеп алар менен кеңешип, бирөөнө таарынсам да, кубансам да алар менен тең бөлүшүп жакшы мамиледе жүрчүмүн. Менин кеңешпей туруп бошоп кеткениме Куту, Борош, Асанкул сыйактуу совхоздун ак сакалдары чынында эле таарынып жүрүшүптүр.
Алар мени өз баласындай көрүп калышкандыктан жумуштан бошоп, көчүп кеткенимдм угушканда өзүлөрүнчө өкүнүп, бекер кылыптыр, жаңы жумушка кирип көнүп калды эле ишти жакшы алып барып, эл менен жакшы мамиледе болуп иштеп жатканда муну ким таарынтты болду экен. Бул баладан жакшы кызматкер чыкмак, дешип плодопитомник совхозунун директору Роман Ивановичке мени мындай иштечү эле, тигиндей иштечү эле деп айтышып, кулак мээсин жешкенде деги ошол баланы кайра алып келгилечи, аны эч ким жумуштан кет деген эмес ал өзү эле кетип калган келсе бригадирдик жумушуна кайра алайын, мына ишинин сезону да жакындап келе жатат деп Куту абаны атайын жибериптир.
Чынында эле мен кеткени ордума койгон Демянюк Надя деген аял жумушту жакшы алып бара албай койуптур. Комсомол уюмунун иштери да жүрбөй, өздүк көркөм чыгармачылыгы тарап, спорт плошадкалар бузулуп, алган инвентарлар жоголуп баары иштебей калыптыр. Мен ал күнү эмне кыларымды билбей кечке ойлонуп жүрдүм. Кечинде квартирама барганда Толкунга Куту абага кезигип сүйлөшкөнүмдү айтсам Толкунга жага бербей, -Мен өткөндө эле айтсам болбой койдуң эле. Плодопитомник совхозунун директору атайын сага ишенип, сакалдуу кишини жиберип жаткандан кийин эртең барышың керек,- деди. Ал мындан мурда далай жолу плодопитомник жакшы эле, минтчү элек, тигинтчү элек, деп дайыма мактай берчү. Мен дагы сыртымдан сыр алдырбаганым менен ичимден өкүнүп директордун улуту немис болгону менен балким ал Асанбек Туратбековичтей жакшы киши болсо өзүмдүн кесибим боюнча иштеп жүргөнүм жакшы эле го. Ал жерден баары жаңыдан практика жүзүндө үйрөнүп калбадым беле. Элдин баары орус, кыргыз дебей сыйлап турушчу эмес беле. Эмне үчүн кетип калдым экен, немицтер жөнүндө кинодон көрүп, китептен окуп жүрүп бул немец дегениң жаман адам болсо керек деп ойлоп жедеп каныма сиңип жек көрүп калгангадыр.
Директордун улуту немец дегенге мурунку директорум Асанбек Туратбековичтен ажырап, жетимсиреп жүргөн жаным кошул ташыл болуп «чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле», дегендей кетип калганым ошондон болсо керек, деп жүргөнмүн.Плодопитомниктен кеткенден кийин жаңы келген директору Роман Иванович жөнүндө жана плодопитомниктеги жалпы эле тааныгандар жөнүндө сураштырып калчумун. Мага сурагандардын дээрлик көпчүлүгү Роман Ивановичти мактап жакшы жактарын көп айтышаар эле, кээ бир гана анын душмандары жамандап, ой эч нерсе алдырбайт экен. Өтө эле сары эсеп катуу киши экен дешкенде ичимден ишине так болгондун эмнеси жаман ойлоп калчумун. Эми минтип акыл эстүү киши деп эсептеген Куту абада мактап отурганына,
анын жакшы адам экенине көзүм жетип мурдагы кетирген жаңылыштыгымды мойнума алып, Толкунга жылмайа карап,-Эртең плодопитомнике барамын,- дедим. Менин сөзүмө тураарымды билгендиктен Толкун кубанып кетти. Эртеси эртең менен таң агарганда туруп, короого чыктым, түнкүсүн жакшы уктай албай уйкум канбай көздөрүм ачышып салмактанып калыптырмын асман чайыттай ачык болгондуктан күздүн күнкү таңкы салкын абасы бетимди аймалап, жеңил кийимден денеме өтүп, бир аз ичиркентип алганы менен көңүлүмдү заматта көтөрүп, огороду аралатып баскымды келтирди. Квартираны пайдаланганым менен огороду үйдүн ээси иштетүүчү. Огороду аралап басып, көзүмө көрүнгөн отоо чөптөрдү жулуп, өсүп жаткан өсүмдүктөрдү карап алардын кандай өскөнүнө көңүлүмдү буруп эми кайра жер иштетип, өсүмдүктөрдү өз колум менен өстүрөөрүмдү ойлоп, ыраазы боло көкүрөгүмдү дем алып үйгө карасам талдын башында отурган чымчык сен туура кылганы жатасың, деп мени менен сүйлөшкөндөй болуп сайрап кирди.Огороддо бир топ убакыт жүрдүм. Андан кийин көчөгө чыксам кызыл тазыл болуп, кийинишкен окуучулардын мектепке бара жатышканын көрүп бүгүн биринчи сентябрь жаңы окуу жылы башталган күн экенин эстеп өзүмдүн окуучулук күндөрүм эсиме түштү. Кечээ эле мектептен окуп жүргөндөй болгонум менен мектепти бүтүргөнүмө бат эле алты жыл өтүп кеткен экен. Эх, чиркин кандай гана жакшы күндөр эле.Ошол окуучулук күндөрүм ал кезде ошол күндөрдүн баркына толук жете албай сонун күндөрдү өткөрүп жиберген экенмин го. Андан бери канчалаган күндөр өттү, дагы алдыда канчалаган күндөр бар кудайдын күнү кумдан көп дегендей күндөр да чууруп, биринин артынан бири билинбей өтө берет тура. Күндөр өткөн сайын биринен бири кызыктуураак болгонсуп, уламкы келчү күндү чыдамсыздык менен күтүп, бирок жашоодогу жакшы күндөр өтүп жатканын убагында түшүнбөй, кийин гана убакыт өтүп ошол өтүп кеткен күндөр эсиңе түшкөндө гана көпчүлүк адамдар алардын баркын билип менчилөп, аттиң ай ошол кандай гана сонун күндөр эле деп өкүнүп армансыз дүйнө болбойт дегендей, арман кылышып калышса керек, деген ойлордон улам өтүп кеткен эстен кеткис күндөрүм жүрөгүмдү алеп-желеп кылып үйгө кирсем, Толкун уктап жаткан экен, анын уйкусун бузгум келбей кагаз калемимди алып «Өтөт күндөр», деген ырымды жазып кирдим.Күндөр өтөт, өтүп жатат токтолбой,Өткөн күндөр кайра өтсө жок болбой.Бирин бири сени элеби дегенсип,Арткысы кууп алдынкыга өч болбой.Жакшысы да жаманы да баары өтөт,Жакшы күндөр өткөн сайын өкүнтөт.Жаман күндөр эсте калып калса да,Ошондой күн болбосо экен дедиртет.Өткөн күндөр бир бирине окшобой,Уламкысы кызыктуурак болгондой.Кызыктырып келчү күндү өткөрөт,Миң бир түндө айтылуучу жомоктой.Ырды жазып бүткөнчө Толкун туруп чайын кайнатып, дасторконун даярдап жатыптыр. Тышка чыгып, жуунуп келип, чайымды ичип, таза кийимдеримди кийинип алып, плодопитомник совхозун көздөй жөнөдүм. Ал жерге чейин үч километрдей жол басуу керек болчу. Жакшы маанай менен өзүмдү жеңил сезип, эмнегедир бирөө шаштырып бара жаткандай болуп, бат батан басып улам жакындаган сайын оюма директор менен кандай жолугушар экенмин, ал жаңы эле келсем кызматтан кетип калганың эминең десе эмине дейм, же эмне келдиң иштейин деп келдиңби десечи кандай кабыл алаар экен, эмне дээр экен, эгер кемсинтип жаман мамиле кылсачы деген ойлор менен ушаланып отуруп, Покровканын четине чыкканда, күн аркан бою көтөрүлүп, жылуу нурларын чачыратып турду.Бир аз баскандан кийин плодопитомник совхозунун үйлөрү башталып, контору көрүндү. Конторго жакындаганда Куту, Борош, Асанкул абалар контордун жанында турушкан экен. Алар мени көрүшүп, келе жатат дегендей болушуп, күлүп калышты. Мен дагы аларга күлүмсүрөп салоом алейкум аксакалдар,
жакшы турасыздарбы деп кол алышып киргенде алейкум атсалам кел, кел баатыр сени күтүп туруп калдык, жакшы өзүң кандай дешти. Директордо кишилер болгондуктан аркы беркини сүйлөшүп, көптөн бери кезигишип сүйлөшпөгөгө сагынышып калган экенбиз. Туруп калсак ары бери өткөн тааныштар келип учурашып жатышты. Баары эски койдун көзүндөй болуп көзүмө жакшы көрүнүп жатты. Ангыча Роман Иванович баш болгон үч төрт киши тышка чыгышканда Куту аба алдынан тосуп чыгып, менин келгендигимди айтканда кайра бурулуп киргиле деп кабинетине өзү баштап кирди. Директордун артынан төртөөбүз киргенде, Роман Иванович күлүп ордуна отуруп жатып.-Ии качкын келдиңби,- деди, кыргызча сүйлөп тамашалап, мен-Ооба келдим,-дедим күлүмсүрөп,
биз жайланышып отургандан кийин Роман Иванович кыргызча анча мынча эле сөздөрдү билбесе, көбүнчө оорусча сүйлөсө керек кайрадан орусча -Кымбатту досум, мага сен жөнүндө бул аксакалдар жана жумушчулар далай жолу айтышты. Эгер мени менен кайра келип иштешүүгө макул болсоң анда кайра кел, иштешели,- деп мени суроолу караганда мен дагы -Сиз менен иштешүүгө макулмун,- дедим. Роман Иванович, -Анда келе колуңду,- дегенде мен ордумдан туруп барып кол алыштым. Берки үч аксакал туура дешкендей баштарын ийкешип бизди кубатташып,
күлүп калышты. Роман Иванович -эми Бекказы убадалаштык.
Мурда кандай иштесең ошондой эле кызматыңда бригадир болуп иштей бер. Азыр сенин үйүңдө Волокитин Николай жашап жатат, биз сен кеткенден кийин дүкөн салдырдык эле убактылуу ошого көчүп келе бер, жакында эки квартиралуу бир үй бүтөт ошондо бирөөнү сага беребиз,- деди. -Роман Иванович маакул десеңиз мен жумушумду бир жолу өткөрүп берип, анан көчүп келгендей болойун,- десем,-Макул жумушуңду өткөрүп бүткөндө мага телефон чалып кой мен көчүрүп келүүгө машина жиберейин,- деди.Биз Роман Ивановичтен жакшы маанайда чыктык. Берки үч аксакалга колдогондоруна ыраазы болуп аларга ыразычылыгымды билдирип, ырахматымды айтып Покровканы көздөй жөнөдүм.Жолдо келе жатып, өзүмчө жылмайып Роман Иванович менен сүйлөшкөндөрүмдү эстеп жолугушуу эртең мененки мен ойлогондой болбой алда канча жеңил болуп. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, бири бирибизди жакшы түшүнүшкөнүбүзгө анын мүнөзү жакшы адам экенине кубанып бара жаттым. Роман Иванович мурда мен ойлогондой болбой такыр башкача адам экенине анын карапайым ак көңүл ачык айрым, акылдуу экенине эми гана көзүм жетип, бул жакшы адам турбайбы деген ойдо калдым. Үйгө кайрылган менен Толкунду тапмак эмесмин, анткени ал жумушта болчу. Ошондуктан түз эле заготконторага барып секретар Танядан бир барак кагаз алып, жумуштан бошонуу туурасында арызымды жазып алып, директорго кирдим. Чекиров өз ордунда көп кагаздарды карап текшерип отурган экен. Мен салам айтып киргенде эмне келдиң дегендей кылып карап калды. Столуна жакын барып колумдагы арызды сунганда, колуна алып окуп чыгып. Ууртунан жылмайып,-Кайдан иштейин деп жатасың?- деди. Мен:-Мурунку ордумдан,- десем,-Гм,- деп ручкасын колуна алып, арызга виза койойун деп баратып бир нерсе ойуна түшө калды окшойт кайра жазбастан колун тартып алып,- Мергенди бери чакырчы,- деди. Мергенди чакырып келсем Чекиров Мергенге атымдан айткысы келбей,- бул жумуштан кетем деп арыз жазып келиптир, -деп- ишенбесең мына өз көзү, мен бошотпой элемин,- деп актангандай мени карап койду. Мерген арызды унчукпай директордун колунан алып, -Жумабек Чекирович мен Бекказынын жумуштан бошонуусуна каршымын,- деп Чекировтон жооп күтпөстөн чыгып кетти. Жумабек эч нерсе дей албай эшикти тиктеген бойдон отуруп калды. Мергендин артынан барып кабинетине кирсем, арызды столунун сурмасына салып жатып, -сен эмне жумуш жаңыдан кызыганы жатса кетип калайын дедиңби, эмне сенин оордуңа мен иштейминби,
менин бир ай кармоого толук акым бар. Бошотпой койду десең билгениңди кыл, -деп кыйкырып сала берди.-Мен баары бир бул жерден иштебейм, өз кесибим боюнча мурунку ордума кайра чакырып жатышат. Ишиме жолтоо болбоңуз,- дедим. Мерген ордуна отурбастан,
-Ой түшүнсөң боло сени бул жерден ким кет деп жатат, бул айыл чарбасы, продукция боюнча товаровед агрономдук кесипке байланышы жокпу, бул ишке нак агроном керек же эмгек акыңа нааразысыңбы же Чекиров кет деп жатабы,- деп акырайа караганда, -Жок ал киши кет дебей эле өз кесибим боюнча иштегим келет. Анын үстүнө туура эмес иштерди көрүп туруп чыдай алчудай эмесмин,- десем, -Анда эмне үчүн кеткени жатасың, ошол туура эмес иштерди болтурбас үчүн мага жардам беришиң керек ишиңе жаңыдан көнүп келе жатпадың беле мына эми тигилердин чырагына май тамызганы отурасың. Анын үстүнө чогуу иштешет экенбиз деп сага ишенип отурсам. Эч жакка кетпейсиң бар жумушуңа бара бер,- деди.Ошентип айтып жатканда ичимден балким Мергенге жөн эле жерден таарынып жатып жүрбөйүн, өткөндө унчукпай иштин артынан түшпөй калган себеби жогору жактан кысым болуп, өткөн иш өтүп болору болуптур. Эми быйыл андай иштерди болтурбай жакшы иштегиле дегендир же директорго өзү мына баары мойнуңарга түшүп отурат. Буларыңарды кечирейин кийин эми мындай кылбагыла десе керек. Андай болсо чын эле мунун ачуусу келери эп эмеспи. Жалгыз буга ээ кылышпай дагы эле өз билгендерин жасашат да, бирок мен Роман Иванович менен убадалашып койуп, кантип бул жерде калам деп бир чети Мергенди аяп аны туура түшүндүрүүгө аракет кылып, сиз туура түшүнсөңүз,
мен мурунку иштеген жериме кайра келем деп убадамды берип койдум,- деп жалооруй карасам, Мерген сөзгө көнүп жоошуп калды дедиби десем ого бетер катуулап, -Айтпадымбы мен сага бошотпойм деп ал жерге барып, бошотпой койду деп айтып кой,- деди да тышка чыга жөнөдү. Айласыздан артынан чыктым. Мерген мени дагы бир нерсе деп башымды оорутат дедиби бат баттан басып заготконторанын короосун аралап кетти. Аны бир аз жерге чейин ээрчип барып, калып калдым.Өзүм өзүнчө ойлонуп, мына кызык эми эмне кылам кантип бошоном. Плодопитомниктен кетип калгандай кетип калсамбы, анда дагы качып кетти деп шылдың боломбу. Эл укса эмне дейт. Кой антүүгө болбойт. Андан көрө эки үч күн жумушка чыкпай койуп, ачуусу тараганда кайра кирип көрөйүн дедим. Ошол күнү Толкун экөөбүз тең айылга кетип. Айылда үч күн жүргөндөн кийин төртүнчү күнү заготконторога кайра келдим. Күн мурунтан эмне деп айтарымды камдап алгандыктан Мергенге киргенде баарын түшүндүрүп айтып берсем Мерген да мурункудай болбой өзүн токтоо кармап болуптур, -Анда бошоном деп көгөрүп калыптырсың.
Быйылкы сезондо экөөбүз чогуу иштейбиз го деп ойлогом,- деп арыздын аягына каршы эмесмин, деп кол койуп берди. Чекиров арызды карап Мергендин колун көрүп арыздын башына визасын койду. Толкундун жумуштан бошонуу жөнүндөгү арызын ала кирген элем. Ага да кол койдурдум. Биздин кагаздарыбызды тактап обходной кагазыбызга кол койдуруп жумушубузду өткөрүп эсептешип алып, плодопитомник совхозуна 12-сентябрь 1979-жылы кайра көчүп барып жумушка кириштик.
#50 23 August 2015 - 15:42
Мен мурунку өзүмдүн ордума бригадир болуп, Толкун жумушчу болуп орношту. Мурда иштеп, эл жер менен таанышып калгандыктан бат эле аралашып кеттим. Плодопитомник совхозунда бир жылдын ичинде мурункуга караганда бир топ өзгөрүү болгон экен. Көчөнүн эң башында бала бакча жайгашып андан кийинки үйдө Асанбек Туратбековичтин үйбүлөөсү көчүп кийин алардын үйүндө райондун айыл чарба башкармалыгынын бухгалтери Каниет деген жигит жашап жатыптыр. Ал менден эки үч жаш улуу, жапалдаш бойлуу, толмочунан келген өз ишине так бир мүнөздүү жигит экен. Аялы Рая өзү теңдүү жапалдаш бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым кара тору келин эле. Менин мурунку жашаган үйүмдө завхранилиша Егорьдун кайниси Волокитин Николай үй–бүлөөсү менен жашап жатыптыр. Ал баякы эле экскаваторун айдап, аялы Наташа звенодогу аялдар менен иштеп жатыптыр. Андан кийинки ошол катардагы үйдө мурунтан эле жашап жаткан Жокен аба үй-бүлөөсү менен туруучу. Жокен аба отуздарга барып калган узун бойлуу, арык чырай, кара тору, бир мүнөздүү жигит эле. Киши менен иши жок өз алдынча жүргөн ишине так адам болчу. Ал сугатчы болуп иштечү. Аялы Шарапат улуту калмак өзүнөн үч төрт жаш кичүү, орто бойлуу, арыкчырай, кара тору, ачык айрым келин болчу. Ал звенодо аялдар менен иштечү. Алардын бир эркек, эки кызы бар болчу. Андан кийинки үйдө Валя деген орус аял жашоочу, ал көчүп кетип ордуна Белек үй-бүлөөсү менен көчүп келиптир. Белектин туулуп өскөн жери Талап айылы эле. Мурда башка үйдө жашачу. Ал менден эки жаш улуу, орто бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым жигит. Плодопитомник совхозунда ГАЗ-53 автомашинасын айдоочу. Аялы Нуркамиля ал дагы Талап айылынан болчу. Ал мен курактуу узун бойлуу, толмочунан келген, кара тору, ачык айрым келин болчу. Мурдагы директордун шоферу Тынчтыктын аялы Дамиранын ордунда секретарь болуп иштеп жатыптыр. Мурда Дамира секретарь-кассир болуп иштесе эми анын иши экиге бөлүнүп секретардык милдетти Нуркамиля аткарса, кассирлик милдетти автобустун шоферу Сашканын аялы Люда аткарып жатыптыр. Белектин үйүнөн кийин Бекмурза аялы Надя экөө өз үйлөрүндө эле жашап жатыптыр. Бекмурза Покровкада селПТУда иштеп, аялы Надя звенодо аялдар менен иштеп жатыптыр. Андан кийинки узунунан салынган барак үйдө төрт үй-бүлөө жашоочу. Анын берки бетинде үч квартира, бир квартира жол жак бетинде эле. Бир квартирасында Зарлык үй-бүлөөсү менен жашап жатыптыр. Зарлык мурда Борош абага жардамчы болуп, темир устада иштеп жүрсө эми сугатчы болуп иштеп жатыптыр. Анын аялы Зоя өзү курактуу орто бойлуу, толмочунан келген, кара тору, мүнөзү токтоо аял эле. Алардын эки-үч баласы бар болчу. Зоя звенодогу аялдар менен мурункудай эле иштеп жүрүптүр. Алардын катарындагы квартирада Павлов Николай деген абышка үй-бүлөөсү менен жашап жатыптыр. Мурда ал квартирада төрт кыз жашап звенодо иштешчү. Алар тарап кетишиптир.
Павлов Николай алтымыштарга барып калган узун бойлуу, арыкчырай, мүнөзү токтоо абышка экен. Ар кайсы жумуштарда иштейт экен. Кемпири тетя Паша өзү курактуу жапалдаш бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым кемпир эле. Эл менен бат эле тил табышып жакшы мамиледе болчу. Кемпири үйүндө болуп жумуштан иштөөчү эмес. Алардын эки уулу жаштары жетип калса да үйлөнүшпөптүр.
Эч жерде иштешпей энесинин пенсиясын, атасынын тапканы менен жашашчу. Ичкиликке да берилип алышкан окшойт. Турмуштары начар болуп, араң эле күн көрүшчү. Алар Токмок шаары жактан көчүп келишиптир.
Алардын катарында Мусажан үй-бүлөөсү менен жашап жатыптыр. Мусажан менден алты жаш улуу, теги Шалбаа айылынан болуп, орто бойлуу арыкчырай мүнөзү токтоо, мурда милийса болуп иштеп жүрүп, күнөө кетирип чыгып алыптыр. Эми сугатчы болуп иштеп жатыптыр., аялы Эркингүл өзүнөн үч жаш кичүү, орто бойлуу, сулуусумак,
ачык айрым, адамгерчиликтүү,
эл менен бат эле тил табышып кеткен, оокатына тың келин экен. Ал бала бакчада жумушчу болуп иштеп жатыптыр. Алардын эки уул, бир кызы бар эле. Ал барак үйдүн чоң жол жак бетинде мурда Салыйбек деген жигит үй-бүлөөсү менен жашап атса эми Роман Иванович келгени жаңы экономисттик штат ачылып, экономист болуп иштеп жаткан Временников Николай деген менден бир жаш кичүү жигит аял ала элек болгондуктан өзү жалгыз жашап жатыптыр. Ал узун барак үйдөн кийин чоң короо болуп тегерете складдар жайгашкан. Ошол короого эртели кеч жумушчулар чогулушчу, ал короонун артында көл жак бетинде совхоздун гаражы бар болучу. Көчөнүн жолу короону аралап өтүп, короодон кийинки эки квартиралуу үйдүн короо жак башында Чулумбай абышка үй-бүлөөсү менен жашоочу. Чулумбай абышка жашы алтымыштарга барып калган, орто бойлуу, толмочунан келген, сылтып баскан, ачык айрым, тамашакөй киши эле, ал корукчу болуп иштөөчү. Кемпири Батый өзү курактуу орто бойлуу, арыкчырай, кара торусунан келген, ачуусу чукул, чарт кыялдуу кемпир эле. Ал пенсияда болгондуктан иштөөчү эмес. Алар бала чакалуу болгондуктан,
балдарынын алды чоңойуп аял алып, акар-чакар болушуптур.
Колдорунда эки эркек баласы эле калып, калганы бөлүнгөнү бөлүнүп, окуганы окуп кетишиптир.
Ал үйдүн күн батыш жак бөлүгү эки квартирага бөлүнүп көчө жак бетинде Орозбай үй-бүлөсү менен жашоочу. Ал Зарылык Мусажандар курактуу болгону менен өзүнүн жашынан улуураак көрүнчү, узун бойлуу, арыкчырай, кара тору, мүнөзү токтоо, бир сырлуу жигит эле, аялы Бермет өзүнөн төрт беш жаш кичүү, орто бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым келин эле. Күйөөсү Орозбай корукчу болуп иштеп, өзү звенодогу аялдар менен иштөөчү. Алардын артындагы чоң жол жак бетиндеги квартирада,
карыган кемпир Жамила деген мен курактуу кызы менен жашоочу. Ал кемпир мурда плодопитомник совхозунда иштеп жүрүп, пенсияга чыккандыктан,
ошол квартираны ээлеп калыптыр, өзү да, кызы Жамила да плодопитомникте иштечү эмес. Жамила Покровкага барып келип иштөөчү. Ал үйдөн кийин да дагы эки квартиралуу үй бар болчу. Ал үйдүн күн чыгыш жак башында Юрий Павлович үй бүлөсү менен жашашчу. Ал өзү башкы агроном болгондуктан чачын чондордукундай артка тарап, галстук тагынып, өз боюн тыкан алып жүрүүчү. Өзүнүн жердиги Фрунзе жактан болгондуктан,
аялы менен кызы анда санда эле келип кетип турбаса, чогуу жашашчу эмес, көбүнчө өзү жалгыз туруучу. Ал абдан иштемчил болгондуктан короо жайын ирээти менен кармап, короосуна эчки, кой, койон, тоок багып сарамжалдуу эле. Ал үйдүн күн батыш жак башында Асанкул аба үй – бүлөсү менен туруучу. Ал кишинин айтымында плодопитомник жаны ачылгандан баштап ушул жерге көчүп келип жашап калыптыр. Ал элүүлөргө барып калган, жапалдаш бойлуу, толук, кара тору, мүнөзү токтоо, бир сырлуу киши болучу. Ал партиянын мүчөсү эле, плодопитомник совхозу боюнча партиянын мүчөсү төртөө эле болучу. Асанкул ава плодопитомникте мурап болуп иштөөчү. Аялы Зейнепкүл эже звенодогу аялдар менен иштөөчү, ал орто бойлуу арыкчырай, мүнөзү токтоо, баскан турганы тың аял эле. Алардын эки кызы, бир уулу бар юолучу.Ал үйдөн кийин плодопитомник совхозунун конторасы. Андан кийинки үй мурунку директордун шоферу Тынчтык көчүп кетип, анын ордуна Туратбек деген жигит көчүп келиптир. Туратбек плодопитомник совхозунда иштебейт экен, ал автобазада механик болуп иштөөчү. Аялы бала бакчада иштеп жатыптыр. Туратбек жашы отуздарга барып калган узун бойлуу, арыкчырай, ак куба, мүнөзү токтоо жигит болчу, аялы Сайрагүл мен курактуу, орто бойлуу, арыкчырай,чапжаак,
мүнөзү токтоо, көп сүйлөбөгөн келин болучу. Алардын бир уул, бир кызы бар эле. Андан кийинки үйдө Анина деген аял бала чакасы менен жашоочу. Адеп жумушка орношкондо,
ал үйдүн бир бөлмөсүндө квартирада турган элем. Алина эженин күйөөсү мурда эле кайтыш болуп кетип, өзү жалгыз балдарын багып жашаган. Анын бир уул, үч кызы бар болучу. Бир кызы жаңыдан турмушка чыгып калгандары колунда эле. Анина эже звеновой болуп аялдар менен иштөөчү. Ал аябай иштемчил аял эле. Талаадан жумуштан келгенден кийин үй жумуштарын жасап жаны тынчу эмес, короо жайын тың кармап эки уй, жыйырма чакты кой багуучу. Андан кийинки үйдө Сашка үй бүлөөсү менен жашачу. Ал мен курактуу орто бойлуу арык чырай мүнөзү токтоо, чорт кыялдуу жигит болчу. Өзү автобус айдап плодопитомникте шофер болуп иштеп, аялы Люда өзү курактуу орто бойлуу, толмочунан келген сулуусумак ачык айрым келин болчу. Ал кассир болуп иштеп жатыптыр. Алардын бир баласы боло турган.Андан кийинки үйдө Клепова Нина күйөөсү дядя Коля экөө жашачу. Күйөөсү пенсияда болгондуктан иштечү эмес. Тетя Нина звеновой болуп аялдар менен иштөчү. Тетя Нина жашы алтымыштарга барып калган узун бойлуу, арык чырай, кара тору кекечтенип сүйлөгөн аял эле. Ал ишин так аткарып иштемчил болчу. Андан аркы эң четки үйдө плодопитомниктин мурунку бухгалтери пенсиядагы Гардеева деген кемпир жашачу. Ал иштебегендиктен анда-санда гана көрүнүп калчу. Анын жашы жетимиштерге барып калган кемпир болчу. Ошентип плодопитомник совхозунун үйлөрү бир көчөдө жайгашкандыктан көчөнүн үстүнкү катарында ушул үйлөр жайгашкан эле.Эми көчөнүн астынкы катарындагы үйлөр көчөнүн үстүнкү катарындагы үйлөргө караганда аз эле. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн бир жолу астынкы катардагы үйлөр менен анын жашоочулары менен тааныштыра кетейин. Астынкы катардагы үйлөрдү күн батыш жагынан баштаганда эле эки квартиралуу үйлөр бар эле. Анын күн чыгыш жак башында Абдыкеримов Чекир деген абышка үй-бүлөөсү менен жашоочу. Чекир абышка мурда плодопитомникте иштеп жүрүп пенсияга чыккандыктан,
иштечү эмес. Кемпири Сурмакан эже звенодогу аялдар менен иштечү, ал киши элүү бештерге чыгып калган, орто бойлуу, кара тору аял эле. Алардын беш алты баласы бар болчу. Ал үйдө бир топ жылдан бери турушкандыктан,
короо жайларын иреттүү кармап, уй, кой дегендей чакан мал багышчу. Андан кийинки үйдө Борош аба үй бүлөөсү менен жашоочу. Борош аба дагы эле темир уста болуп иштеп, сугатчылар иштешпей калган күндөрү суу сугарууга жардам берчү. Аялы Гүйпүл эже өзү курактуу, орто бойлуу, арыкчырай, кара тору, ачык айрым, адамкерчиликтүү аял эле. Ал звенодо аялдар менен иштөөчү, алар да бала чакалуу болуп, көп жылдан бери отурукташып калгандыктан,
короо жайларын иретке келтирип алышкан. Ал кишилердин балдарынын алды үйлөнүп, өздөрүнчө бөлүнүп кетишкен, колдорунда эки эркек, эки кызы бар эле. Борош абанын уйлары, жылкылары, жыйырма отуздай куйруктуу кара койлору бар болчу. Өзү темир уста болгондуктанбы,
же жөн эле сарамжалдуулугунанбы огородунда темирлер отун үйүлгөнсүп үйүлүп турчу. Ал аз келгенсип аш үй, сарайларында да темирлердин түрлөрү бар болчу. Өзү жолдо бара жатса же же кайда жүрбөсүн темирден кый өтчү эмес.Бир күнү,-Ээ Борош аба мынча темирди эмне кыласыз, бул дат баскан темирдин эмне кереги бар,- деп жерде жаткан дат баскан темирлерди,
дат баскан мык зымдарды чогултуп алып жатканын көрүп айтсам,-Беке темир эле болсо пайдасы тийбесе, эч убакта зыйаны тийбейт, ушуну эсиңден чыгарбай, сен дагы темирлерди жыйнап жүр. Бир кезде Борош абам туура айткан экен дээрсиң,-деген эле. Борош аба элүү жаш курагына барып калган, толмочунан келген, денеси чымыр, бултуйган, ачык айрым, адамкерчиликтүү,
кыргыздын каада салтын жакшы билген, көңүлүндө кири жок ак көңүл киши эле. Ал сөзмөр болуп, сөзгө чечен болгондуктан,
ал сүйлөп жатканда кандай шашып жүрсөм да, анын сөзүн уккум эле келе берчү, кээде жумушум болбосо да, бир аз күнү жолукпай калсам, бош убактымда атайын үйүнө барып, сөздөрүн угуп, кулагымдын кызуусун кандырып, келээр элем. Ал жеке эле өзү эмес, аялы Гүйпүл эже да меймандос келип, кайсы убакта барбагын досторкону жайнап, тамагы белен болуп турчу.Мен булардын үйүнө барганда Куту абаныкына баргандай, өзүмдү ээн эркин сезип, бул эки үй-бүлөөнүн үйлөрү мага айылдагы үйүмдөй болуп, өзүлөрү ата-энелеримдей сезилчү. Алар да мага баласындай мамиле кылышчу. Алар менин кетирген кемчиликтеримди бетиме айтышып, мага туура багыт берип турушчу. Борош абалардын күн чыгыш жагындагы эки квартиралуу үйдүн, күн чыгыш жак башында Карагул аба үй бүлөөсү менен жашоочу. Ал киши Аң-Өстөндүк болгондуктан,
менин кайындарым болуп калаар эле. Бирок бул жака көп жыл илгери көчүп келишкендиктен,
бул жердик сыяктуу болуп калышыптыр.
Карагул аба узун бойлуу, арыкчырай, каратору, мүнөзү токтоо, бир сырлуу, өз ишин так аткарып, өз алдынча жүрүүчү. Ал кырктарга барып калган киши болчу, мурда плодопитомниктин автобусун айдоочу экен. Эми ар кайсы машинаны айдап шофер болуп иштөөчү. Аялы Айша эже отуз беш жаш курактагы узун бойлуу, арыкчырай, кара тору, ачык айрым аял эле. Ал звенодогу аялдар менен иштечү. Алар да көптөн бери орун очок алып алгандыктан,
короо жайын иреттүү кармап, бирин экин мал кармоочу. Алардын төрт беш баласы бар болчу.Үйдүн күн чыгыш жакы башындагы квартирада Талап абышка үй-бүлөөсү менен жашоочу. Талап абышка алтымыштан өтүп калган, пенсиядагы абышка болчу. Ал киши мурда кемпири экөө плодопитомник совхозунда иштеп, пенсияга чыгышып, ошол үйдө туруп калышыптыр.
Кемпири да өзү курактуу эле. Алардын үч эркек, бир кызы бар болчу. Алардан кийинки үйдө Меркеевич деген улуту поляк абышка кемпири экөө жашоочу. Алар да пенсияда экен. Меркеевич Михаил Михаилович алтымыштардан өтүп калган узун бойлуу, арыкчырай кара тору, мүнөзү токтоо, бир сырлуу, өз оокатына тың киши эле. Ал кишинин өзүнүн бал челектери бар болчу. Кемпири экөө ошол бал челектерди карап, пенсияларын алып жан багышчу. Алардын балдары чоңойуп өзүнчө үй жайлуу болуп бөлүнүп кетишиптир.
Кез-кезде келип калышчу. Кемпири тетя Нина алтымыштарга барып калган жапалдаш бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым адамкерчиликтүү кемпир болчу.Мен ал үй-бүлөө менен жакшы мамиледе болчумун, алардын үйүнө бат-баттан барып, аркы-беркини сүйлөшүп тураар элем. Ал үй-бүлөө менден башкалар менен көп мамиле түзүшчү эмес. Эч ким менен иштери жок, өз оокаттары менен жүрө беришчү. Алардын үйүнөн кийинки үй жаңы салынып бүткөн үч бөлмөлүү үй эле. Анда мен убактылуу эки квартиралуу үй салынып бүткөнчө жашап жаткамын. Ал дүкөндөн кийинки үй Роман Ивановичтин жаңы салынып бүткөн үйү болчу. Ал үйдө Роман Иванович үй-бүлөөсү менен жашап жатышкан. Роман Ивановичтин аялы Галина Павловна жашы кырктардан өтүп калган, орто бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым, сулуусумак,
жогорку билимдүү, сылык сыпаа, ак көңүл,боорукер аял эле. Ал бала бакчанын директору болуп иштеп жатыптыр. Бала бакча Асанбек Туратбековичтин убагында бүтүрүлгөн менен ишке кире элек болчу. Эми бала бакча иштеп, жумушчулардын балдары үчүн жакшы шарттар түзүлүптүр.
Алардын колунда бешинчи класс окуган Света деген кызы эле бар болчу. Андан тышкары менин баамымда Роман Ивановичтин мурунку аялынан болсо керек, эки уулу аялдары менен келип учурашып кетип турушчу. Ал үйдөн кийин складдар менен курчалган короо, андан кийин кузня, анан бир эки квартиралуу мен кирүүчү үй салынып, бүтөйүн деп калган.Плодопитомник совхозундагы үйлөрдө жашагандар ушулар болчу, калган жумушчулар Покровкадан барып келип, иштеп жатышыптыр.
Сезон башталып калгандыктан жеке эле күндүзүн иштебей, үйүмө түндүн ортосунда араң келчү болдум. Мурунку жылы алмаларды яшиктерге үздүрүп, биринчи сорт аппорт алмаларды гана хранилишага киргизсек, быйыл алма бакка контейнерлерди жүктөтүп барып, биринчи сорт бардык кышкы сорттогу алмаларды контейнерге салдырып, экинчи сортторун яшиктерге упаковкалатып,
күнүнкүсүн күнүн заготконторанын плодоовоштун складына Манезага өткөрүп жаттым.Ал экөөбүз бири бирибиздин сырларыбызды жакшы билишкендиктен,
эч кандай притензиясы жок эле алмаларды өткөрүп алып жатты. Менин ордумда иштеп жаткан товароветтин биз менен иши болгон жок. Аны сыртынан эле кез-кезде көрүп калчумун. Үчүнчү сорт жерге түшкөн алмаларды винзаводко төкчүмүн, ал жерди Алек деген орус жигит аялы экөө иштетчү. Алар менен мурунтан тааныш болгондуктан,
менин алмамды текшербей туруп эле кабыл алып жазып беришчү. Өткөн жылкыдай эле плодопитомник совхозунун жумушчуларынан тышкары жумушчулар Покровканын ичиндеги мекемелерден дагы келип иштеп жатышты.Кечкисин үзүлгөн алмаларды сорт сорту менен ар бир мекеме ар бир звенодон өз өзүнчө тараза аркылуу өткөрүп алып, түнү менен яшиктерди өзүнчө жыйнатып, кантенерлерге салынган биринчи сорт алмаларды прицеби менен чоң таразага тартып, Егорьго хранилишага сактоо үчүн өткөрүп берчүмүн. Контейнерлердин салмагы алмалардын сортуна жараша эки жүз килограмдан,
үч жүз килограмга чейин жеткендиктен,
алма бактын ичинен Сухов Владимир Т-25 маркасындагы тракторунун аркасына валакушаны илип алып, ошону менен контейнерлерди Абайдын МТЗ-80 маркасындагы прицеп сүйрөгөн тракторуна Волокитиндин ЮМЗ экскаватор тракторуна прицеп илип ушул экөөнө жүктөп берүүчү.Таразага тарткандан кийин Егор өзү кара менен контейнерлерди түшүрүп, үч камералуу хранилишага беш алты катар тизип, жыйноочу. Ошенткенче убакыт түн ортосу болуп кетчү. Кээ күндөрү кантордо иштеген кызматкерлер график боюнча алма бакты уурулардан кайтарууга чыгышкандыктан менин кезегим келгенде таң атканча күзөттө жүрүп, таңга маал бир эки саат үйгө барып, эс алып, тамагымды ичип алып, кайра жумушка чыгып кетчүмүн.Хранилишанын ичи үч камерадан туруп, аларга үч жүз тоннанын тегерегиндеги алма батуучу. Анын ичиндеги температура муздатуучу системанын жардамы менен 1 градусту кармап турар эле. Муздатуучу системаны иштеткен үч кампрессоршик Егордун карамагында иштөөчү. Жумушка кайра киргенде, плодопитомник совхозунан алган атка, Куту аба менен сүйлөшүп,мурунку жээрде атка алмашып алгамын. Эл бактын ар кайсы жеринде иштешкендиктен,
керели кечке аттын жанын тындырбай жумушчуларды кыдырып, жок житигин трактор менен алдырып, жумушчулардын жумушун үзгүлтүкө учуратпай алма үзүүгө, жыйноого керектүү бардык инвентарлар менен камсыз кылып, жумушту уюштуруу менин милдетим болчу. Менин ишиме директор ыраазы болуп, көп кийлигишпей өз алдынча койуп, керектүү учурларда эле кеңеш берип турчу болду. Мурдагыдай эле эртең мененкисин кантордо наряд болуп, өткөн күнкү иштин жыйынтыгын чыгарып, ал күнү эмне иштелерин, ишти аткаруу үчүн эмнелер керектелерин,
алар менен ким камсыз кылаарын пландап алып, анан ишке киришчүбүз.
Түшүм жыйноонун сезону башталганда,
питомниктин жумушу токтотулуп,
бүт совхоздун күчү түшүм жыйноого жумшалуучу.
Жазгысын бардык жумуштар токтотулуп,
бардык күч көчөт казууга сайууга жумшалчу. Азыр да ошондой эле тартипте иш жүрүп жатты. Башкы агроном үстүртөдөн караса, мен ишти уюштуруп Рая мага жардам берип, завсклад жок житигин таап келип, механик техника менен тейлеп, бухгалтерия өз кызматтарын аткарып жатышты. Былтыркыга караганда контордо иштеген кызматкерлер да жаңыланып көбөйүп калыптыр. Жаңы экономист болуп Николай иштеп, завсклад Курманбек абанын ордуна курулуш бригаданын бригадири Клепов Николай өзүнүн милдетин да аткарып, завсклад да болуп иштеп жатты. Коллективибиз абдан ынтымактуу элек. Роман Ивановичтин мүнөзү мурунку директорум Асанбек Туратбековичтин мүнөзүнө окшоп кетчү. Ал дагы менден тактыкты талап кылып, чындыкты бетке айтууга тарбиялап, эки жүздүүлүктү,
кошомат кылганды, калп айтканды жаман көрчү. Айрыкча бирөө бирөөнү ушактап келсе, анын чын бышыгына жетүү үчүн беттештирип турчу. Тартипти бекем кармап, жумуштан кечигүү, жумуштан себепсиз калу, жумуш убагында ичкилик ичүү же жумушту себепсиз аткарбай койуу дегендерге келишпес мамиле кылып, абдан жаман көрчү. Ошонусуна жараша иштегендердин эмгек акыларын тура баалап, өз убагында төлөп турууну кызматкерлерден дайыма талап кылып туруучу. Плодопитомник совхозунда жумуш так аткарылып, сапаттуу иштелип, жумушчулардын эмгек акысы жакшы бааланып, өз убагында төлөнүп, жумушчуларга жакшы шарттар түзүлгөндүктөн,
жумушчулар көңүлдөнүп иштешер эле.Убакыт өткөн сайын плодопитомник совхозу өнүгүп өсүп, иш сурап жумушчулар көп келгендиктен,
кээде жумуш орду жок болуп, келгендердин бары эле жумушка алынбай, тандалып алынуучу. Алдыңкы жумушчуларга совхоздун эсебинен эс алууга жана чоң шаарларга турист болуп барып келүүгө путевкалар берилип, ай сайын социалисттик мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып,
жыл аягында он үчүнчү зарплата төлөнүп, газдын балондорунан өйдө алып келип берилип, алма бакты питомниктерди уу заттар менен даарылагандарга сүт берилип, кошумча акча төлөнүп, жумушчуларга совхоздо өстүрүлгөн өсүмдүктөр жарым баасында сатылып, эки жакта нарзан бааларда сүйлөшүлүп,
жашылча жана башка өсүмдүктөр алынып келинип, таратылчу. Арыз менен кайрылгандарга,
жалгыз бой, кары картаңдарга профсоюз уюмунун эсебинен гуманитардык жардамдар берилүүчү. Роман Иванович баарына калыстык менен карап, бирөөнү ала бирөөнү була көрбөй, ар кимдин турмуш шартына карата бөлүштүрүүчү.
Кокусунан өзүнүн жумушчуларынын бирөө бир нерсеге крептер болуп, милицияга түшүп калса, же ооруп ооруканага жатып калса, өзү чуркап жардам бергенче шашып, же өзү бошобой калса, дайнын билгени кызматкерлерин жүберүүчү. Жакшылык жаманчылыктарда коллектив бирге болчубуз. Мунун баарын Роман Иванович өзү уюштуруп, директормун деп бой көтөрбөй өзүн карапайым түз алып жүрүүчү. Мурунку убакта Асанбек Туратбековичтин,
кийинчерек Роман Ивановичтин ушундай жакшы мүнөздөрү, жаңы ишти баштап жаткан мага оң таасирин тийгизип, мен дагы өзүмдү ушул эки директордой кармоого аракет кылчумун.Бир күнү кечинде Роман Ивановичтин үйүнө жумуштан барып калсам, Роман Ивановичтин үнү короосунда катуу чыгып, бирөөнө ачууланып жатыптыр. Жакын барып калгандыктан,
кайра бурулуп кете албай, короосуна кирип барсам, бешинчи класс окуган кызын тилдеп жатыптыр. Мени көрө койуп,-Ой карачы мунун кылган кылыгын, үйдө картошка толуп жатса, балдардын бары эле алышты, деп бир баштык картошка көтөрүп келиптир, ууру ушундан башталат да, кээ бир ата энелер өзүлөрү алып кел, жулуп кел уурдап кел, деп балдарын өзүлөрү тескери тарбиялашып кийин чоңойгондо да, кичинесинен майда барат уурдап көнгөн бала чоң ууруга барышып, милицияга түшүп калышат. Ошондо ата энеси чимкириктерин алып ыргытып, ыйлап балам түрмөгө түшүп калды дешет. Алар ошо баласын кичинесинен тура эмес тарбиялашып,
түрмөгө өзүлөрү түртүшкөнүн билишпейт, -деп, -ыйлап турган кызына карап,- азыр талаага алып барып, корукчуга өткөрүп алардан картошканы өткөрүп алдым деген кагаз алып келсең, болбосо үйгө жолобогун –деди.Галина Павловна мени болушат дедиби.-Эми кичинекей бала караңгыда кантип барат эртең менен эрте барып, өткөрүп, келсинчи.,- безеленди Роман Иванович, -Жүрөгү түшмөктөн түшсүн, зато экинчи ууру кылбайт, -деп аялынын болушканына ачуусу келип, ого бетер кыйкырды.Мен аларды карап туруп өзүмдү ыңгайсыз сезип ичимден Галина Павловна айткандай эртең менен барып, төгүп келсинчи, деп айтайын деген ойго кетип, бир аз тышымдан Роман Ивановичтин сүрүнөн коркуп, айта алган жокмун. Келген жумушумду айтып, жообун айтып алып кайра короосунан чыга жөнөдүм.Көчөгө чыгып, кичинекей кызга боорум ооруп, эгер жалгыз чыкса чогу барып төгүшүп келейин деп, аярлап карап турсам, Галина Павловна кызын ээрчитип, баштыкты көтөрүп, эшикке чыкты. Мен Роман Ивановичтин өтө тактыгына дагы бир жолу көзүм жетти.Убакыт өткөн сайын түшүм жыйналып бүтүүгө жакындап, бактагы жумуш азайа баштады. Покровканын ичиндеги мекемелерден келген жумушчулар кыскарып келбей калышты. Уламдан улам жумуш азайган сайын звенодогу аялдар дагы питомниктерде өстүрүлүп жаткан көчөттөрдү отогону улам бирден звено жерлеринин отоолоруна жараша агроном питомниковод Раянын карамагына өтүшүп, менин жумушум барган сайын жеңилдеп отуруп негизинен сугатчылар менен иштешип калдым.Плодопитомник совхозунда партиялык уюм, профсоюз уюму, комсомол уюму иштөөчү. Партиялык уюмдун секратары Кузнецов Юрий Павлович, профсоюздук уюумдун төрагасы Клепов Николай Григоревич,
Комсомол уюумунун секратары мен элем. Сезон аяктагандан бери райондук комсомол комитети менен көбүрөөк байланышып,
комсомол уюмунун токтоп калган иштерин кайра жандандырып,
көбүрөөк көңүл бура баштадым. Сезон убагында колум бошобогондуктан айылдагы үйгө да каттабай калган элем. Дем алыш күндөрү кайра айылга каттай баштадым.Күзүндө үйдүн дубалын усталарга карматайын деген ойум, ноябрь айы кирип келгендиктен,
суук түшүп кетип, ишке ашпай, үйдү карматууга чамам жетпей калды. Дем алыш күндөрү айылга барганда ата энебизге жардам берип, Толкун экөөбүз оорлорун колдон, жеңилин жерден алууга аракет кылчубуз. Мен кышка отун камдап, мал киргизген сарайларын короо жайларын оңдоп, кампадан эгин алып, тегирмен салдырып, карларын күрөп, малын тейлеп бош турчу эмесмин. Толкун кайын-энесине жардам берип, кир кечелерин жууп, нанын салып, үй жайларын актап тазалап, үй оокаттарына жардам берүүчү. Ошентип жумадан жумага чейинки оор түлүк жумуштарын биз жасап берип кетип турчубуз.Света эң кичүүбүз болгондуктан,
Кайырбек төрөлгөнчө ата энем «көкүрөк күчүгүбүз» деп, эркелетип жүрүп эрке чоңойуп, үйдөгү майда барат жумуштарга эле жардамдашпаса оор түлүк жумуштарды жасачу эмес. Анын үстүнө бүтөөр жылы болгондуктан,
үйдөгүлөр да окутабыз дешип, көп жумуш жасатышчу эмес. Ырысбекти да бул кичинекей мунун алы келбейт, дешип, жумуш жасатпай жүрүшүп, алтыга толуп жетиге кеткени менен колунан эч нерсе келчү эмес. Эми эң кичүү иним Кайырбек бирден ашып тамтаң тумтаң басып, анда санда сөздөрдү чала була айтып, тили чыгайын деп калган.Улам кичинеси ысык көрүнөбү же карыган сайын адам бала- саак болуп калабы кичине эле эти ысып, чыргоолонуп калса, экөө тең үстүнө үйрүлүп түшө калышчу болду.Атам кышкысын чөп туураганда иштеп, жайкысын суу сугарып, жашы элүүлөрдөн өтсө да жайы кышы дебей иштеп жүргөн. Атасы сыртта малчы болуп жүргөндө атам 1928-жылы төрөлсө да, атасы кийинки жылы жакага келгенде, уулду болдум деп 1929-жылкы кылып каттатып койуптур. Анын үстүнө колхоз жаңы уюшулуп жатса каттоо кайдан так болмок эле. Балким бир эле эмес эки үч жылга айырма болушу деле мүмкүн болчу. Кенедейинен ата энеси менен мал багып, кийинчерээк аял алгандан баштап, эл бир короо кой бакса, ал экиден короо колхоздун койун багып, төлөмөр болбой алдыңкы чабан болуп, макталып жүрүп, же элчилеп сыйлык албай, колхоздун чоңдору менен эсептешип өзүнүн эмгегин баалатайын десе, үчүнчү класс билими менен түшүндүрө албай, жада калса эмгегин толук ала албай келгени аз келгенсип, кемпири да быйыл эң төмөнкү акча менен пенсияга чыгып калды. Энем мурда ден соолугу боюнча оорусуна карап пенсия алып келген болсо, акчаны көп төлөйт дегенинен быйыл карылыгы боюнча пенсияга которулган.
Бирок алган акчасы мурункуга караганда тескерисинче азайып калган. Энем: «эмне үчүн аз болуп калды»,- деп сураса, «колхоздогу тапкан эмгек акың аз экен, эмгек акынын көбү күйөөңө катталса керек, колхоздон барып эсептешип келгиле», дептир. Аны угуп алып атам конторго барып,-Мен эс тарткандан бери колхоздун малын багып келсем, кечээ кийинки эле мал баккандардын аялдары менин кемпириме караганда эки үч эсе көп пенсия алып жатышат. Кемпирим экөөбүз бир эле эмес экиден короо кой багып жүрсөк, убагында бир да кой төлөмөр болбосом, өкмөттүн пландарын аткарып жүрсөм бул кандай болуп калды,-десе,
-Ой аксакал, биз закон боюнча мурунку мал бакканыңар эсептелбейт.
кийинки үч жыл гана алынат. Кемпириңиз кийинки үч жылы акчаны аз тааптыр,-дешкенде,
аны укканда атамдын ачуусу келгени менен алар менен эсептешип, чын бышыгына жете албасына көзү жетип,-Анда бул законуңар куруп калсын, адамдын убал сообуна карабаган закон турбайбы,- деп басып кеткен. «закон буйдалаган төө» дегендей, ал убакта колхоздун чоңдору пенсияга чыгуучу элден жең ичинен пара алышып, законду ары чойуп, бери чойуп, пара бергендерди өз каалашканындай пенсияга чыгарып жатышкан. Энемдин багына жараша уулу Бекказы райондун борборунда иштеп, анын так жүргөнүнөн чочулашып, бирөөнө болбосо бирөөнө мынча бердик деп айтып салабы дешип, атамдан пара бер деп сурай алышпай, же атам кошоматчылык кылып, аларга жагынып бирдеме алып, көбөйтүп жазып бересиңерби дебей, ошонун кесепетинен Жүзүмкан пенсияга аз чыгып калган эле. Эгер акыйкат болуп, эмгеги толук жазылганда Жүзүмкандын пенсиясы элдикинен кем болмок эмес эле да, «дарактын жумшагын курт жейт», дегендей колхоздун чоңдору бул жерден да жеп отурушпайбы.
Азыркы кезде жеке эле энемдин эмгеги эмес, канчалардын эмгеги желди дейсиң, канчалар кошоматчылык,
алдым жуттумдук кылышып оңой жерден акча таап жатышат. Эми алардын кылган күнөөлөрүнүн арты кандай болорун көрө жатарбыз. «Ак менен кара жарышат, акка кудай болушат», дегендей энемдин алган пенсиясы аз болсо да кенемтеси болуп, ошол пенсиясынын үзүрүн көрсөк болгону,-деп атам ичинен ойлонгон эле.Сыртынан кемпирине шек билдирбей,-акыркы үч жылда тапкан эмгегиң ошол эле экен-деп койгон. Энемдин мурунку ооруларына ушул жайдан бери «кант диабети», деген оору кошулган. Ал оорунун качан башталганын өзү билген эмес эле. Жайында Конокказынын кайындарына Казарманга бара жатышканда таңдайы кургап көздөрү тунарып, башы тегеренгенде,
жолдогу колонкадагы суудан канганча аябай көп суу ичип, ошондон баштап, баргандан келгенге чейин суусундукка түтпөй башка тамак ичпей, жалаң суусундук ичип алыскы жолдо жүргөнгө бир жагынан кыйналып, үйүнө араң эле келип жыгылат. Эртеси Алиман жумушунан суранып, Покровканын райондук ооруканасына алып барып жаткырса канынын анализинен кант оорусу чыгат. Ошентип кант оорусу кошулгандан бери арыктагандан арыктап ырайынан кетип карый түштү.Бирок башынан жумуш иштеп көнгөн жаны дагы эле жаны тынбай тиги калып калды, бул калып калды деп дагы эле көр оокат менен алышып, ооруп онтоп жатса да жаны тынчу эмес. Өз оорусуна өзү тамырчы болуп, катуурак ооруп калганда догдурдун дарыларын ичип койуп жүрө берүүчү.
#51 23 August 2015 - 15:44
Жакында Аңөстөндөгү менин кайындарым киши жиберип, куда кудагыйлар келип, эшик төрдү көрүшүп, Толкундун себин алып кетишсин деп айтышкандан бери уйкусу качып, кудага барыштын камылгасын ойлоп уктабай чыкчу болду.Кыргыздын салты боюнча кудага баруу үчүн толгон токой түйшүктүү эмеспи, кудаларга кийит кийгизүү, дасторкон камдоо, сүт акысына мал берүү, дегендей тартуусуна баргандан кийинкиси эле канча ырым жырым, ошонун баарын майда баратына чейин камынуу, энемдин милдети эле. Ошонун баарына жакын арада даярданып баруулары керек эле.Андан кийин абам менен менин кайындарымды эшик төрдү көрсөтүп, чакырып алышмак. Анда да толгон токой ырым жырымдар жасалып, бир топ чыгым талап кылынмак. Деги эле кыргыздын каада салтында балдарын үйлөндүрүү,
эркек болобу, кыз болобу колдорунда барлар үчүн жеңилге турганы менен колунда жок жашайалмет көп балалуу үй-бүлөө үчүн кыйынга турат. Балдарды чоңойтуп, өстүрүп аларды үйлөндүрүп жайландырганча өмүрүнүн көбү өтүп кетип, ден соолуктарынан ажырап ата энелерге кыйын эле болуп калат эмеспи. Ал эмгегин балдары билип, баалап, сыйлап, карыганда жакшы багышса жакшы, акы беттери кайтышат же болбосо балдары акылсыз болуп, ата энелерин карабай кетишкени канча. Андай ата энелердин баарынан айрылгандан кийин шору эмей эмине. Ошон үчүн бала балекет дегени ошондон болсо керек. Ошондуктан ата энеге кудайым балдарынын кийин кандай болорун билгизбей табышмактантып койсо керек. Эгер кийин жаман болуп, балдарынын кайрымсыз болуп каларын билишсе, балалуу болушпай тукуму уланбай калат беле, ким билет. Бул мисал жеке эле адамдарга гана таандык болбостон бүт жан жаныбарларга да тиешелүү болсо керек. Ошон үчүн ата-эне аттуу балдарынан үмүтү чоң болуп, бардык жакшылыкты өздөрүнө ыраа көрүшпөй биринчи кезекте балдарына арнашса керек. Ошондуктан ата-эне үчүн өмүрүнөн ден соолугунан,
жыргалчылыгынан аша кечип жашашат окшобойбу.Ошондой эле атам менен энем да бардык жакшылыгын балдарына арнап, өзүлөрү кыйналып жатышса да чоң үмүт менен жашап келишүүдө.Быйылкы жылы кар декабрь айынын башында эле калың түшүп калды. Талаадагы жумуштар токтоп, жумушчулардын көпчүлүгү отпускага чыгып кетишип, калгандары плодопитомник совхозунун тегерегиндеги колхоз, совхоздордун мал сарайларынан питомниктердеги көчөттөрдү азыктандыруу үчүн кык ташып жатышты. Ал кыктарды колхоз, совхоздор оңой алышуучу. Жерден бербестен сарайларынын ичи толуп кетип, техника менен чыгарууга болбогондуктан кол күчтөрү жетишпей калганда тазалатып алуу үчүн берүүчү. Сарайлардын ичиндеги кыктар толуп кеткендиктен,
кишинин төбөсү потологуна тийип, мал кире албай калганда гана алгыла дечү. Оңой жерден кык табылбагандыктан,
анча мынча кыйынчылыктарга карабай, кыктын табылганына кубанып, плодопитомник совхозунун жетекчилиги,
жумушчуларына кол менен чыгартып, жылыга ташып алышар эле. Ал эми оңой жердеги кыктарды колхоз, совхоздор өзүлөрү техникалар менен чыгартып, жүктөтүп, талааларга ташытып, шербет суу кылып, сууга кошуп, сугарып, же жашылча айдалчу талааларына чыгар эле. Ал эми плодопитомник совхозу болсо, көчөт айдала турган талаага адегенде кык чачып, анан айдап көчөттөрдүн үрөндөрү себилер эле. Себеби көчөт казылганга,
төрт жылы, жер эс албагандыктан,
минералдык жер семирткичтер менен азыктандырылып турулса да органикалык жер семирткич чачылмайын көчөттөр жакшы болбой калуучу.Мен жумушчуларга кык ташытып, техника жүрө албай калган күндөрү контордо болуп, жылдык отчет, профин план, техкарта түзүүгө жардам берчүмүн. Жакында эле жаңы салынып бүткөн квартиралуу үйдүн күн чыгыш жаккы башындагы квартирасына көчүп киргемин, күн батыш жак квартирасына Орозбай көчүп кирди. Орозбайдын ордуна менин жердешим Байгазы үй-бүлөсү менен көчүп кирди. Байгазы менден бир жаш улуу, орто бойлуу, арыкчырай, каратору, ачык айрым жигит эле. Аялы Анара ал дагы орто бойлуу, толмочунан келген, мүнөзү токтоо келин болчу. Алардын эки кызы бар эле. Алар жакында эле плодопитомник совхозунда жумушчу болуп орношушкан.
Мен убактылуу жашап турган үй мурунтадан эле дүкөнгө ылайыкташып салынгандыктан,
ал жерге дүкөн ачылды.Мурда ал жерде жашагандар жашоо тиричилигине керектүү бир нерсе алыш үчүн бир километрдей жол басып, сельхоз техниканын же кыскартып айтканда РТС тин дүкөнүнө барып, соода кылышса, эми өзүлөрүндө дүкөн ачылып, жакшы болуп калды. Дүкөнчү Дамира көп алыс эмес Покровканын плодопитомник жак четинде жашоочу. Ал жашы жыйырмадан өтүп калган, узун бойлуу, арыкчырай, сулуусумак,
ачык айрым келин болчу. Ал соода кылгандарга жакшы мамиле жасап, кичи пейил, элпек болуп жакшы тейлөөчү. Кээде жаштардын суроолору боюнча дүкөндү түн ичинде да ачып берүүчү. Кечкисин жаштар бири бирибизди чакырышып тамак ичишчүбүз. Менин тегерегимде бир курдуу жаштардан Мусажан, Зарлык, Орозбайлар болчу. Алардан Белек менен Каниет үч төрт жаш, мен беш алты жаш кичүү элем. «Талаа жери кең жер, баардыгына кең жер», дегендей алар менен теңтуштардай болуп, тамашалашып бири-бирибизди конокко чакырышып турчубуз. Орозбай колтугубуздагы кошунабыз болуп, жакшы тамагыбыз болуп калганда же конок келгенде чакырыша келсек, Мусажандыкы,
Каниеттики менен мамилелери-
биз жакшы болчу. Бири-бирибизди айттырбай түшүнүп, жылдыздарыбыз келишкендиктен,
үйлөрүбүзгө барып калганда, бири-бирибизге берээрге тамактарыбызды таппай калчубуз. Эки үй-бүлөө тең абдан сыйкор эле. Конокторго барбай же коноктор келбей калганда өзүмчө кыялданып отуруп алып ыр жазчумун. КЫШ КЕЛАТТЫ Муздак шамаал терезеден улуп жатты,Тоо башына аппак карды тегиз чачты.Камын деп дубай салам айттыргандай ,Белги берип кычыраган кыш келатты.Саргайган бак-дарактын жалбырагы,Үзүлүп бак түбүнө кулап жатты.Эскирип жарабаган буюмга окшоп,Булар да бак түбүнө калып калды.Курт кумурска майда барат жандыктарды,
Бардыгын жер алдына камап салды.Тим койбой жандык эмес өсүмдүктү,Катуу суук бүрүштүрүп тынчын алды.Бул ырды быйыл кар жаардын мурунку күнү, катуу бороон болуп, тоолордун баштары апапакай кар болуп, жалбырактар бактын башынан түшүп, суук болуп жатканда жазган элем.Кийинки ырды Чынгыз Айтматовдун элүү жылдык тою өткөрүлгөндөн кийин ал кишинин чыгармачылыгы жөнүндө телевизордон көрсөтүлүп,
чыгармалары дүйнө элдеринин көп тилдерине которулуп, китептери чыгып, дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан учуру эле. Ошондо «Чыңгыз агага», деген ырымды жазгам.Элиңиз сизди теңеп жылдыздарга,
Ыр жазышты чын дилинен Чыңгыз ага.Мен дагы сизге арнап ыр жазсам дейм,Эң жогору көтөрүп жылдыздан да.Чыңгыз хан бүт дүйнөнү бастым деген,Бирок ал деңиз жээктеп кайра кеткен.Акыл менен багынттыңыз бүт дүйнөнү,Аты уйкаш күчтүү Чыңгыз хан жетпеген.Бир кезде далай жерди дүңгүрөткөн,
Шекспирге окшогон нечен өткөн.Канчалар мурун өтүп кетсе дагы,Азыр жоктур акылдуу сизден өткөн. –деп Чыңгыз Айтматов менен замандаш болуп калганыма сыймыктанып,
мен дагы үн кошкум келген.Улам убакыт өткөн сайын өткөн күндөрүн эстебеген ким бар дейсиң. Мен дагы ушул кыштын узун түндөрүндө,
колум бош убактымда балалык күндөрүмдү эстеп, «Балалык кез өткөн жер» деген ырды жаздым.Мага кымбат балалык кез өткөн жерим,Кызыл мияз, карагаттар өскөн жерим.Жайкалган тукабадай көк шибериң,Согонуң,
ышкындарын терип жедим.Кыдырып токойлорун бадал черин,Кыялап далай аштым адыр белин.Жол карап шиш чокусун кароол карап,Тоолордун кучагында эркеледим.Аңдып барып кармаймын деп калдырканын,
Капыстан кармай албай учургамын.Алаксып ар кайсыга ойноп кетип,Ата энемден далай жолу тил уккамын.Жарышып ойноочу элек аттар менен,Азыр да ошол кезди эстеп келем.Ушинтип балалык кез өтүп кеткен,Жайлоонун эң эле кооз жери менен.Ушинтип колум бошой калганда ыр жазып, же телевизордон жакшы концерттер,
кинолор болсо аларды көрүп, ыр жазганга, телевизор көргөнгө көңүлүм чаппаса, адабий китептерди,
Ала-Тоо журналындагы;
аңгеме, повесть, романдарды окуп, бош туруп калчу эмесмин. Бир чыгарманы окуп баштасам, аягына чейин окуп бүтмөйүнчө,
санаам тынбай, ошол чыгармадагы каармандарга аралашып, чогуу жүргөндөй болчумун. Айрыкча Ала-Тоо журналына ар кайсы чыгармалардан үзүндүлөрдү берип, аягына чыгарбай уландысы кийинки санында чыгат деп койчу. Кийинки саны чыкканча кадимкидей чыдамсыздык менен күтүп, чыгаары менен окуп, уламкы санын улам күтө берээр элем.Ал чыгарманы окуп бүткөнчө оң каармандын аманчылыгын,
анын жеңип чыгышын кудайдан тилеп, эгер ал аягында жеңип чыкса, аябай кубанып, кокус аягы кайгылуу бүтсө, абдан кайгырчумун.
Эл менен сүйлөшүп калганда бул жакшы китеп экен, деп ал китепти издеп таап окуучумун. Негизинен көркөм адабиятка, ырларга, поэзияга, музыкага деги жалпы эле чыгармачылыка кызыгаар элем.Той аштар айыл жеринде көбүнчө кышкысын башталат эмеспи. Толкундун ата энеси, ата энемдерге, «кудалар декабрдын он бешинде келип, эшик төрдү көрүп, таанышып Толкундун себин алып кетишсин деп чакыртышкан экен. Бул кабарды биз өткөн дем алыш күнү айылга барганда угуп келгенбиз. Ушул алтынчы күнү айылдагылар келе жатып, жолдон токтоп Толкун экөөбүздү ала кетишмек.Алтынчы күн жакындаган сайын мен жүрөк заада болуп, кайындарым менен кантип жолугушаар экенмин деп жаткам, себеби салт боюнча кыз күйөөнү чакырып, эшик төрүн көрсөтүп жолун ачмайынча кыз күйөө барууга болбогондуктан мен кайындарыма барып, көрүнө элек болчумун. Алар чакырмайынча биз да чакыра алмак эмеспиз.Адеп үйлөнгөндө Толкундун эки жеңеси, бир агасы үчөө көшөгөсүн алып келип берип, конок болуп кетишкен. Андан кийин балдыздарым эле каттап турушчу. Эми кайындарыма барганда Толкундун ата-эне, бир туугандары,
тууган туушкандары керек болсо кошуна колоң айылдаштарынан бери, күйөө бала кандай экен дешип, баары тең сындан өткөрүшмөк.
Мен сөзсүз барышым керек болгондуктан,
канчалык уялсам да, качып кутула алмак эмесмин. Толкун да үйлөнгөндөн бери төркүнүнө бара элек болчу. Кайындарга барчу күн жакындаган сайын, мен жүрөкзаада болуп, коркуп жатсам, Толкун чыдамсыздык менен күтүп, менин коркуп, уялып жатканымды көрүп шылдыңдап күлүп жатты.Убакыт токтоп турбайт эмеспи, алтынчы күн да келип, биздин үйүбүздүн жанына эл ташыганга ылайыкталып,
чүмкөлүп бутка кылып жазалган ГАЗ 53 маркасындагы автомашина келип токтоду. Мен машинаны көрүп үйдөн чуркап чыгып, келгендер менен учурашып, аларды үйгө киргиздим. Кудага бара жатышкандар бир аз ичип алышкан өңдүү дуулдашып, көңүлдөрү ачык экен. Бака шака болуп, үйдөн чай ичип алышып кайра чыгышты. Алар менен Аңөстөнгө Толкун экөөбүз чогуу жөнөдүк. Кудага бара жаткандар ата-энем, эже-жезделерим,
ага-туугандарым,
таяке-тайларым эле. Күйөө жолдош болуп бара жаткан Мурат досумду кошкондо он беш киши болчу. Машинаны Турусбек жездем айдап бара жаткан. Аңөстөн айылы плодопитомник совхозунан эсептегенде жыйырма беш километрдей аралыкта эле. Орто жерде Оргочор, Шалба айылдары андан кийин көлдү көздөй бурулганда Мундуз айылы анан Аңөстөн болчу. Жол тайгак болгондуктан машина акырын жүрүп отурса да бир саатка жетпеген убакытта Толкундун үйүнө жетип бардык. Кыштын күнү күн кыска болгондуктан биз күн кечтеп калганда барган элек. Аңөстөндөгү Толкундун төркүндөрү кудаларынын келерин билишкендиктен бары тосуп турушуптур.
Машина токтогондо эле аба жарып, короодон топурап чыгышкан элдин каранын көргөндө уялып машинадан түшпөй, эчкимге көрүнбөй жашынып калдым. Мурат да менин жанымда калды. Калгандары машинададан түшүп, куда тоскондор мене учурашып жатышты. Алар учурашып бүтүшкөндөн кийин үйгө баары кирип кетишкенде,
мурда биздикине Толкундун теңтуштары менен барганда таанышып калган Толкундун классташы бир чети тууганы Токтобек деген жигит келип, бизди атайын кыз күйөө үчүн даярдалган үйгө киргизди. Ал бөлмөдө кыз күйөөнү жандап отуруш үчүн жаштар бар экен. Ортого чоң стол койулуп үстүндөгү дастаркондун үстүнө дүр дүйүм тамактар койулуптур.
Толкун экөөбүз алар менен учурашып столун четине жанаша отурдук андан кийин биз отурганча орундарынан туруп, ибаа кылып турган жаштар тегерте отура башташты. Бир сыйра чай ичилип, шампан, вино куйулгандан кийин, Токтобек тост сүйлөп, экөөбүзгө жакшы тилектерин айтып, ал жердегилер менен тааныштырып тосун алдырды.Жаштар бар жерде ыр бий да болот эмеспи, андан кийин музыка койулуп ыр бий башталды. Берки чоң үйдөгүлөр да убакыт өткөн сайын бака шака болуп, уламдан-улам үндөрү катуулап чыга баштады. Бир убакта Токтобек эшиктен кирип, күйөө баланы көрөбүз деп жатышат – дегенде жүрөгүм шуу дей түшүп, эмне кылаарымды билбей калдым. Менин чоочуп кеткенимди тегерегимдер байкап калышса керек, бары дуу күлүп жиберишти. Аңгыча Майраш таяжеңем чоң патноско боорсок, конфет, арактарын көтөрүп кирип келип патнусту Муратка сунуп,-Сен Бекказынын артынан кирип арактарды куйасың, - деп мени карап - сен куйулган арактарды сунуп чыгасың, - дегенде эшиктен киргенде үч жолу колуңду бооруңа алып жүгүнөсүң,- деди да өзү жол баштап жөнөдү. Биз таяжеңемдин артынан ээрчип, төркү үйдүн босогосун аттаганда эле күйөө бала келе жатат, көрүндүгүн камдагыла деди. Биз жүгүнүп артынан кирип, Мурат арак куя баштаганда тажеңем патносту алып, боорсок конфеттерди суна баштады. Отургандар көрүндүк акчаларын патноска салып, боорсок конфеттерден ооз тийе башташты.Мен үйдүн ичин көзүмдүн кыйыгы менен карап чыксам, үйдүн ичи аял эркектерге толтура экен. Бары мени карап, алкап жатышты. Ким эмне деп айтып жатканын ажырата алган жокмун. Сүрдөгөндөн кулагым чуулдап, чекемден тер кетти. Мурат арактарды стакандарга куюп бүткөнчө башымды жерге салып жанында турдум. Колу буттарым өзүнөн өзү титирей баштады. Өзүмдү кармап, титиретпөөгө болгон күчүм менен аракет кылып жаттым. Мураттын эки бөтөлкө аракты куйуп бүтмөгү көпкө созулгандай болду.Арак куйулуп бүтөөрү менен патунус толтура стакандарды кыдырата суна баштадым. Канчалык өзүмдү кармасам да болбой колдорум титиреп, стакандар кылдырап жатты. Стакандарды сунуп бүтүп, Мураттын жанына келгенде милдетимди аткаргандай болуп, кичине өзүмө келе түштүм. Төрдө отурган байбиче баамдап көрсөм, Толкундун тай энеси болу керек, колуна стаканды кармап. Жакшы калоо тилегин айтканда баары аны коштоп баталарын айтып, стакандарындагы арагын ичип жиберишти. Тажеңем үйдөгүлөргө кайрылып, -Күйөө балаңар бара берсин,- дегенде, -Ооба улуксаат,- дешти. Тажеңем мага карап,-Бата тилеп кой,- деп бата тилеткенде бары чыры-чуу түшүшүп, баталарын беришти. Мен кутулганыма сүйүнүп, аттап-буттап короого чыктым. Бир чоң иштен чарчагандай таза абадан кере жутуп, кол жоолугум менен бети башымдын терин аарчып, артымдан чыккан Муратка: -Араң кутулдук ээ,- дедим. Мурат күлүп, -Ооба,- дегенден башка сөз айткан жок. Биз ары бери басып, короо жайды көрүп, сууктан чыйрыга түшкөндө, кайра жаштар отурган бөлмөгө кирдик. Толкун бизге күлүп, -Таанышып келдиңерби,
- деди, мен ага, -Кимдин ким экенин биле алган жокмун, шашпай баарын кийин өзүң тааныштырасыңда,
- дедим. Толкун-Ооба,
- деп башын ийкеп жылмайып койду. Ортодон бир аз убакыт өтүп, чай ичиле баштаганда беш алтыдай майда балдарды ээрчитип, бир жаш келин кирип келип, -Ой күйөө бала кайнилериң менен балдыздарың жездемдин кулагын чойобуз деп жатышат. Кана кулагыңды чойдурасыңбы же жолун жасайсыңбы,
- деди. Толкун мага эңкейип -Желдеңбай деген агамдын аялы Бактыгүл жеңем,- деди. Мен мурунтан камына келгендикктен ордумдан тура калып чөнтөктөрүмө сала келген, атыр, самын, күзгү, тарак, акчаларымды балдарга таратып бердим. Мага мурда эле үйрөтүп кулагыңды чоебуз дешип, кайни, балдыздарың кирсе ушуларды бересиң, деп чөнтөктөрүмө салып беришкен. Берген акча тыйын белектерим арбын болгондуктан,
менин да жүзүм жарык болуп, балдар да ыраазы болушуп ырахматтарын айтышып, кубанып чыгып кетишти. Алардан да кутулгандан кийин өзүмдү ээн эркин сезип, беркилерге аралашып кеттим.Таңды таң аткыча музыканын үнү басылбай, бак-шака болуп, ыр күлкү коштолуп, эч кимибиз уктаган жокпуз. Таңга маал эт тартылып, этти жегенче таң атып жерге жарык түштү.Түш оой бергенде Толкундун себин машинага жүктөп жолго камына баштадык.Тойдогу мастарды көрүп алып алардын кылык жоруктарына араң эле чыдап жаттым. Элдин көзүнчө шек алдырбай, калп күлүп, башымды ийкеп, роль аткарып жаткан артистей болуп, кыжырымдын келип жатканын билдирбөөгө аракет кылып, алдымдагы чоң милдетимден кутулуп, кайын журтум менен таанышкандыгым үчүн чарчап кыйналганыма кайыл болуп, терең ойго чөмүлүп келе жаттым. Плодопитомниктеги үйгө жеткенде күн бешим чен болуп калган. Ата энем Толкундун себинен анча мынча эле бир нерселерди алып калып баарын түшүрүп берип кетишти. Алар кетишери менен Толкунга капаланып турганымды билдирбөөгө аракет кылып, сыр алдырбай, -Чарчадым өзүмчө жатып, эс алайын,- десем эч нерседен шек албай, чын эле чарчаса керек, деп ойлосо керек, өзүмчө төшөк салып берип жаткырып койду. Мен жатаарым менен уктап кетиптирмин.
Бир убакта ойгонсом күүгүм кирип калыптыр, Толкунду карасам эч нерседен бей капар уктап жатат. Кайра көзүмдү жууп уктайын десем, көзүм чайыттай ачылып мурунку түнү кирпик какпасам да такыр уйкум келбей койду. Тойдогу окуялар көз алдыма тартыла баштады. Кызыктын бары таң аткандан башталды. Таң ата эт желгенден кийин түнкү конок узаткан туугандарынын бары тарап кетиптир же жатып эс алгыла же чай ичкиле деген киши жок. Мен жактан барган кишилердин жарымы тышта отурушса, жарымы ичте отурган жеринде кыйшайып уктап жатышат. Толкундун ата энеси баш болуп масс ата энемдин барган кишилердин кабактары бүркөө, кетип кала алышпай өзүнчө бушайман.Көрсө Толкундун төркүндөрү биз мурда жетелетип жиберген жылкыны эки үч күн мурда союп, эки иштен бир иш Толкунду төркүлөтүп чакырып алабыз деп, Талант кайнимди сүннөткө отургузуп тойлоп жатышкан экен. Жедеп арака ууланып бүтүшкөндүктөн бизди узатууга алдары келбей калган көрүнөт. Бир топтон кийин саат ондордо баардык туугандары баштарын жазганы чогула башташты. Алар тебелеп тепсешип үй ээлерин көздөрүнө илишпей түндөгүдөн калган, тамак аштарды каалагандай ичип жешип, баштарын жазышып, баштары жазылгандан кийин гана келиндерине чай койдурушуп үй ээлерин тургузуп, дасторконго отургандан кийин гана мен жактан баргандарды үйгө киргизишти.
Чала була чай ичилгенче, күн түш болуп кеткендиктен,
баргандар кетели дей башташканда Толкундун таяке тайлары камдап койгон, себин машинага сала башташты. Толкундун эмне берип, эмне койуп жатканы менен иши болбой ата энесинин мас болуп алышып, алгай-чалгай сүйлөгөнүнө көңүл кош карап көндүм адаттагыдай мамиле кылып, бей капар жүргөнүнө таң калып жаттым. Эмне кылаарымды билбей кыжырым кайнап Толкундун кадыры үчүн араң чыдап турдум. Биз жактан барышкандар дарбазадан чыгып машинага түшө башташканда мен да машинаны көздөй бастым.Ошондуктан терең ойго чөмүлүп, капаланып жатканым ошондон эле. Эми эмне кылуум керек. Толкун менен жашасамбы же ажырашып кетсемби деген суроолорго жооп таба албай жаттым. Толкунга карасам жашагым келип, кайындарга карасам ажырашкым келип, таң атканча кирпик какпай ойлонуп жатып. Эртең менен эрте Толкунду ойготпой төшөгүмдөн туруп алып жумушка кетип калдым.Кыш башталганы эртең мененкиси контордо наряд болбой калган. Элдин алды жаңы эле туруп, малын тейлеп, отун, суу алып өз оокаттары менен алектенип жүрүшкөн. Асман ачык болуп, бир да булут жок эле Ысык-Көл каралжын тартып, катуу уктап жаткандай мемиреп, тыптынч үстүнөн демейдегидей сүзүп жүргөна Ак-куу сымал бирин-серин толкундар көрүнбөйт. Көлдүн тегерегиндеги аркайган аска зоолор, тоолор айылдары менен аппак карды жамынып өйүз бүйүз болуп, ичине сыр катып, ачыкка чыгара албай жатышкансып тунжурашат.
Алардын бары мага жакындап келип, кайгымды тең бөлүшкөнсүп,
«кана эми эмне кыласың?» дешип, суроо узатышкансып,
тегеректеп турушкансыйт.
Мен үйдөн обочороок жерде терең ойго батып, айлана-чөйрөнү карап турган элем. Али жумуш башталаарына кенен бир саатча убакыт бар болчу. Дагы эле байакы ойлор, дагы эле байакы эмне кылуу керек деген суроо. Үйгө кайра кирейин десем, киргим келбейт. Адегенде аркайган аска-зоолордун чокуларына күндүн нурлары чачырап, анан улам берилеп жүрүп отуруп, күндүн чети көрүнгөндө айлана-чөйрөдөгүлөрдүн баардыгы өз орундарына жылып кетишкендей болуп, көл дагы уйкусунан ойгонгондой каралжын тартпай ар түркүн түскө бөлөнүп, көчөдөн ары бери баскан элдер көбөйүп, алар менен учурашып терең ойдон арыла баштаганда кулак мурдумдун тызылдап үшүгөнүн сезип, бул жерде эмне турам, көргөндөр эмне дешпейби, деген ойго кетип, бугумду чыгарып, сырымды бирөөгө айткым келип, Борош абаныкы көздөй жөнөдүм. Борош абанын үйүнө барсам, аялы экөө короосунда жүрүшкөн экен, аларды көргөндө эле жүзүмдө жылмайуу пайда болду, -Атсалоом алейкум Борош аба,- деп жете бергенде салам айтсам, -Алейкум атсалам,- деп утурлай басты. Ары жакта жүргөн Гүйпүл эже биздин үнүбүздөн улам, бери карап калганда -Жакшысызбы,
- десем жакшы дегиче Борош аба менен кол алышып, учрашып калдык, Борош аба мага күлүмсүрөп,
-Кел батыр, кандай жакшыбы, кайындарыңа жакшы барып келдиңерби,
кептин бары сенде болуш керек, үйгө кир сүйлөшөлүк,
- деп өз калыбы менен бакылдап сүйлөп, тосуп алды. «Жакшы сөз жан эритет» дегендей ойумдан капаларым чыгып, көңүлүм ачылып,-Жакшы аба, жакшы барып келдик,- деп кандай айтып жибергенимди билбей калдым. Ал киши менен жолукканда кандай санаага батып, капаланып турсам дагы, өзүмдү жеңил сезип, ичимдеге ой-санаанын бары тарап кеткендей сезилчү же ал киши дайыма көңүлдү жүрүп адамдын ичиндеги ойун таба билип, өзүнүн сөзмөрлүгү,
билгичтиги,
адамгерчилиги менен кандай гана кыйналып турбайын ал киши менен сүйлөшкөндө жеңилдене түшөөр элем. Бул сапар да ошондой болуп өзүмдү жеңил сезе түшүп, көңүлүм кандай ачылып кеткенин өзүм да билбей калдым.
#52 23 August 2015 - 15:46
Үйүнө кирсек плитада от чачырап күйүп, плитанын үстүндөгү чайнектер шарактап кайнап туруптур. Гүйпүл эже адаттагысындай дасдарконун жайнатып, жер төшөктөрүн салып жатыптыр, жылуу мамилелерге үйдүн жылуулугу кошулуп, кайгы капамдын бары тыштагы суук менен кошо калып калгандай болуп, ой санаадан бир жолу кутулгандай болдум. Босогону аттаганда атамдай болгон кишиден өйдө өтүп кете албай кетенчиктеп туруп калсам,-Төргө өт, эмне туруп калдың, сен Дөөлөстүн кызын алып, бизге күйө бала болуп калдың. Мен да Дөөлөстүкмүн күйө баланы пайгамбарыбыз сыйлаптыр, же Дөөлөс десе эле «Дөөлөс төрүн бербейт, төрүн берсе көрүн бербейт», деген макалдагыдай,
деп турасыңбы конок деген улуу кичүүгө карабайт,өт өйдө,- деп болбой койду. Ал киши жеке эле бул сапар эмес, дайыма өз үйүнөн төргө өткөрөөр эле. Эгер бир нерсе десем дагы сөзгө кармаганы турат. Ошон үчүн түз эле төргө өтүп кеттим. Өзү жаныма келип жайланышып отуруп жатып, -Кана эми кептен сала бер, кайындарың жакшы жатышыптырбы,
- деди. Мен эмне дээримди билбей, баардыгы жакшы дегенден башка аргам калбай калды. Андан башка эмне дээр алым бар эле. Кантип ушундай, ак көңүлү, ак ниет адамдардын маанайын бузуп, мындай тигиндей экен, мага бул жакпай калды, тиги жакпай калды, майда –баратты кеп кылат эле, ошентсе да жакшы дегенден башка сөз таба албай кыска эле жооп берип жаттым.Борош аба мени кептен сал, дегени менен көпчүлүгүн өзү сүйлөп мени кепке тартып жатты. Ал кайын атамды сыртынан көрүп жүргөнүн, кайын энем бир жолу контордун ачкычтарын жоготуп жибергенде,
Борош аба Покровканын борборунан таап алып кайра бергенин айтып берди. Биз аркы беркини сүйлөшүп, бакылдашып отуруп, чай ичкенче жумушка барууга убакыт болуп калды. Убакыттын тардыгынан бир чети, алардын жакшы маанайын бузганын уйалсам намыстанып,
кайындарыма таарынып келгендигим туурасында ооз ача алган жокмун. Борош аба экөөбүз эл чогулуучу короого кирсек, кык чыгарууга барчу жумушчулар,
чогулуп калган экен. Алар менен «Коммунизм» колхозунун тоонун түбүндөгү сарайларынын бирине кеттим. Борош аба устаканада иштеп жаткандыктан калып калды. Ал күнү жумушка жыйырма чакты эркек барды. Бизге кык алуу үчүн, сарайдын ичине техника кире албаган жерден улуксаат берилгендиктен,
кыкты сарайдын ичинен казып, терезелеринен тышка ыргытып, экскаватор менен бир машина, эки прицеп чиркеген тракторго жүктөп, өзүбүздүн талааларыбызга ташып жатканбыз. Ал сарайдын дээрлик көпчүлүгү тазалап бүтүп бир пролеттон ашыгыраак жери калган, ал сарайды бүткөндөн кийин жанындагы сарайды тазалап, кыгын алып кетүүгө киришмекпиз мен барган жумушчуларга калган пролетту бөлүп бердим. Алар үч топко бөлүнүп алып, иштеп жатышкан менин милдетим, кайсы топтун жумушчулары канча рейс кык чыгарганын аныктап, эмгек күнүн жазып берүү, жумушка барып кык ташыган шофер, трактористтердин рейсин каттап, куйган майларын чыгыштап кыкты талаага ташылганын көзөмөлдөө эле. Анткени кык Покровка айылы аркылуу ташылып өткөндүктөн сатылып кетиши да ыктымал эле.Мен ал күнү кечке жумушчулар менен болдум. Мурда түшкү тамак үчүн кык жүктөгөн машина менен келип, үйдөн тамак ичип кетүүчүмүн.
Үйгө барып тамак ичким келбегендиктен жумушчулар алып барган тамактарынан алар менен чогуу тамактандым.
Кечке чейин сабырым суз болуп, санаага батып жүрдүм. Кечинде акыркы рейс менен кырк гектар деген жердеги жазында алма бак отургузулчу жер кык төктүргөнү барсам, Куту аба үйү жактан ат менен бастырып келип калды. Мурунку калыбым менен, -Ассалооом алейкум аксакал кандайсыз күүлүү күчтүү жакшы турасызбы,- деп салам айтсам, эмнегедир кабагын бүркөп, жактыра бербегендей,
-Алейкум ассалам бери басчы тигиндейрек барып сүйлөшөлү,- деп кайра бурулуп бастырды. Мен жанымдагы машина айдап жүргөн Белекке,-Сен тура турчу, деп койуп, артынан барсам, Куту аба мени жекире карап, -«Киши болоор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин эмне менен иши бар» деген сени жаш болгону менен дээри бар элдин уулу болот го деп жүрсө, бул эмне кылганың, уй териси тон болбойт, урушчаак киши чоң болбойт»,- деди бул кишинин алдында эмне күнөө кетиргенимди билбей боз ала болуп туруп калып,-Айтыңызчы мен эмне күнөө кылыптырмын,
- дедим.-Бул күнөө эмей эмине бирөөнүн баласынын башын айлантып алып, эми кайра жашабайм деп коркутуп, тамагын ичпей кетип калып эмне жашоо деген сага ойунчукпу ыйа, адамдын убал-сообуна карабай кудайга үнүн жеткирип ыйлатып, анан уйалбай эмне күнөө кылдым деп турганын,- деди. -Куту аба түшүнсөңүз боло мен аны менен сүйлөшкөн да эмесмин. Ал уктап жатканда, ойготпойун деп жумушка кетип калганмын,- дедим актанууга аракет кылып,-Анан эмне тиги келин ыйлап арызданып төркүнүмө таарынып жашабайм деп жатат, дебедиби. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей жалган жерден өрт чыкмак беле, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп айтарын айтып койуп, эми эч нерсе кылган жокмун деп актанып жатканын ал өзү эле ыйлай бергендей, жинди болуп кетти, дегени турасыңбы ыйа,- деди, ого бетер ызырынып камчысы менен чаап жиберчүдөй болуп, мен чыны менен эле сестене түшүп, эми чынын айтпасам болчудай эмес. Ал өзү деле айтып салган турбайбы, деген ой келип,-Куту аба эми мен сизге айтып берейин, болгонун-болгондой өзүңүз деле калыс болуп бериңиз. Алардын ушунусу туурабы,- деп болгонун болгондой айтып берсем, Куту аба кунт койуп угуп, кичине жумшара түшкөнсүп,-Тигини тигини «катыны менен урушкан, кайнына салам бербейт болуп», сен эмне Толкун менен урушуп же ал сага жакпаса бир жөн, сен эмине кайындарың менен жашап жаттың беле көтөнүңдү беш жериңден кысып, оокатыңды кыла бер. Эми экөөңөрдүн урушканыңарды укпайын», деп койуп сөзгө келбей бастырып кетип калды. Мен эмне деримди билбей туруп калдым тигинтип Борош абама эртең менен барып кеңеш сурайын деп, сурай албай калсам эми ишенген Куту абам минтип айтса, чын эле Толкунда күнөө болбогондон кийин эмнеге таарынып жатам, деген ойго келдим.Эгер Борош аба же Куту аба башкача кеңеш бергенде Толкун менен ажырашып кетишим ыктымал эле. Үйдүн жанына жеткенде машинадан түшүп калдым. Күн батайын деп калыптыр, дагы эле ачуум толук тарабагандыктан,
Каниеттикине же Мусажандыкына барсамбы деген ойго келсем, Толкун үйдүн жанында мени карап туруптур, аны көрүп басып кете албай анын үстүнө Куту абанын Толкунда күнөө болбогондон кийин эмне таарынып жатасың деген сөздөрү кулагыма угулгансып үйдү көздөй бастым. Толкундун жанына келгенде жалооруй карап,-Эми таарынбачы алар мас болуп калган турбайбы, кечирип койчу,- деп ыйлап жибергенде,
боорум ооруп кетип,-Макул кечирдим жүрү үйгө кирели,- деп колунан кармадым. Экөөбүз жетелешип үйгө киргенде жашын колу менен арчып, бетинен өптүм.Бул экөөбүздүн бир жарым жылдан берки эң алгачкы, эң чоң тарынышыбыз эле. Мурда майда-барат таарыныша кеткенде бир саатча унчугушпай бири-бирибизди коркутушуп,
кайра эле элдешип алчыбуз. Толкундан эмне үчүн Куту абага арыздандың деп сураганымда,
ал кандайча арызданганын айтып берди. Көрсө мындай болуптур.Куту аба көчөдөн өтүп бара жатып мени сурап калат. Толкун жумушуна мен тура электе чай ичпей кетип калыптыр, дегенде бир нерседен шек алганбы же жөн эле кайындарыма кандай барып келгенибизге кызыкканбы,
мен Бекказыдан кайыңдарыңа кандай барып келдиң, деп сурайын дедим эле дегенинде Толкун жашылданып,
жакшы эле барып келдик, деп жер караганда Куту аба кыраакы киши эмеспи ошол замат сезе койуп, эмне болду деги, үйдөгүлөр жакшы жатышыптырбы,
деп такып сураганда Толкун жашына ээ боло албай калып ыйлап жиберип, менин эмнеге таарынып кеткенимди айтып берет. Куту аба баарын билгенден кийин ачуусу келип, ыйлаба балам оокатыңды жасай бер, мен ал акмак менен өзүм сүйлөшөм деп бастырып кетет. Негизи Куту аба орой, чучукка жеткире сүйлөгөндүктөн,
кандай гана киши болбосун бура тарта албай калчу. Ал таамай айткандыктан сөзүнүн оройлугу билинбей, сөзүнө жылып берип кутулчу. Анын курбалдаш адамдарын сөзгө жыкканын, ал гана турсун райондун элдик көзөмөл комитетинин төрагасы Сапарбек Абдыкеримовду,
райондун биринчи катчысы Бейшеналы Куловду, прокурор Шыгаевди үйүндө сүйлөшүп отурушканда сөзгө жыгып, койгонун далай жолу өз кулагым менен укканым бар. Куту аба Тилекмат акенин тукумдарынан эле. Балким ата-бабасынан калган чечендик касиети бул кишиде да болсо керек. Аккан арыктан суу агат дегендей, Борош аба да [moderated] акенин тукумунан болгондуктан,
Куту абадай орой, таамай айтып түшүндүрбөгөнү менен ал киши сөздү алыстан ататек, каада-салттан баштап жылма, жумшак сөздөр менен тегеретип келип, мээге куюп салганда, сөзгө кандай жыгылып, унчуга албай калганыңды билбей каласың. Бул киши үйүнө чакырып коноктогондо,
ичкен-ичпегениң,
кары-жашын аралаштырбай адамдардын мүнөздөрүнө жараша бөлүп чакырып, нускалуу сөздөрдөн, санжырадан сүйлөп, жакшы кептерден салып берип, келген конокторго текши көңүл буруп, аларды кепке тартып көңүлдүү отураар эле. Илгерки каада-салтты,
санжыраны жакшы билип, уккулуктуу кыла жакшы сүйлөп берчү. Мен ушулардай карапайым, акылдуу кишилер менен замандаш болуп чогуу иштешип, алардан таалим–тарбия алганыма ушул күнгө чейин сыймыктанам.
Эртеси эртең менен жумушка барсам, Роман Иванович ордуңа Асанкул барсын, ага жумуштарыңды табыштап коюп, конторго барчы, жумуш болуп калды, деди. Мен Асанкул абага жумушумду табыштап койуп конторго барсам, директордун кабинетинде агроном Рая менен экономист Арменников,
Николай үчөө отурушкан экен. Кирип орун алгандан кийин беркилери менен мурда сүйлөшүп отурса керек, мага кайрылып,- Бекказы К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтка сырттан окуу үчүн абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатыптыр. Кабыл алуу ушул жуманын аягында аяктайт экен. Эгер окууңду улантууну кааласаң тапшырбайсыңбы,
- деди. Мен ооба, же жок деп айта албай туруп калдым. Өзү кайра сөз баштады.-Азыр жашсыңар, келечегиңер алдыда, жогорку билим алууңар керек, ойлонууга убакыт аз, бүгүнтөн башка төрт эле күн убакыт калды. Жол киреден кыйналсаңар менин жардамым катары совхоздун эсебинен таап берем,- дегенде, берки экөөнү карасам Рая: -Биз бармай болдук,- деди, анда мен да барайын десем Роман Иванович газетти окуп,-Мындай документтер керек экен, ден соолугуңар жөнүндөгү справка менен сүрөтүңөрдү өзүңөр камдашыңар керек экен. Калган документтериңерди мен даярдатып берейин. Азыр барып, сүрөткө түшсөңөр эртең чыгарып берет ага чейин орууканага барып коммиссиядан өтүп, справка алсаңар эртең түнкү автобуска отурсаңар бүрсүгүнү документ тапшырып үлгүрүп каласыңар, анда убакытты өткөрбөй тездеп кыймылдагыла,
- деп өзү окууга тапшырчудай болуп, бизди шаштырып калды. Ал күнү сүрөткө түшүп, орууканага барып комиссиядан өтүп, справка толтура баштадык.Эртеси түшкө чейин калган каткан документтерибизди бүтүрүп, түштөн кийин жолго камынып, кечки автобуска отуруп Фрунзеге жөнөп кеттик. Ал убакта көбүнчө түнкүсүн «ЛАЗ» деген чоң автобус каттоочу. Түнкүсүн саат тогуздарда отурса Фрунзеге таңкы беш алтыларда барып калаар эле. Биз түнкү саат тогузда автобуска отурганбыз.
Таңга маал саат алтыларда жеттик. Дагы эле караңгы болуп, жарык кире элек болчу. Тышта күн суук болуп тургандыктан.
Автовокзалдын ичине кирип отуруп жерге жарык киргенде троллейбуска отуруп айыл чарба институтуна бардык. Биз институтка эрте барып алган экенбиз. Биз барганда институтка бирин-серин эле студенттер менен мугалимдер келе башташты.Институттун ичине кирсек кабыл алуу коммиссиясы стрелка менен көрсөтүлүп,
жазылып койулган экен. Ал жер ошол этажда эле оң жак залдын бурчундагы эшик экен. Эшик бек болгондуктан,
биз күтүп туруп калдык. Бир топ убакыт өткөндөн кийин бизге окшоп окууга тапшырганы келген абутуриенттердин алды бирин-серин болуп келе башташты. Ошол кезде айыл-чарба институтунда агрономдук зоотехникумдук ветеринардык гидро меллиоративный механикалык бухгалтердик учеттук факультеттер бар экен. Сураштырып көрсөк, келип жатышкандар,
ар кайсы факультеттерге тапшыруучулар экен. Кээ бирөөлөрү документтерди кабыл алуу бүтүп калыптыр. Кечээ келген документтерин кабыл албай койуптур деп жатышса, кээ бирөөсү ой кече бир таанышым тапшырыптыр деп айтып талаш болуп жатты. Саат тогуздарда араң кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү келе баштады. Адегенде жашы жыйырма беш жыйырма алты жаштар курагындагы узун бойлуу, арык чырай, чачын төбөсүнө түйгөн, бийик такалуу шиш така туфлий, кара юбка костюм кийген кыргыз улутундагы жаш келин тыкылдата басып келип, эшикти ачып жатканда саламдашып,
бүгүн документтер алынабы деп тең жарыша сурасак, бүгүн акыркы күн эртеңден баштап кабыл алынбайт, деп койуп эшиктен кирип кетти. Аны укканда баарыбыз кубанып кеттик.Ал жерде болгону ондон ашыгыраак абитуриенттер бар элек. Документтерди кабыл алуу бүтүп калганда, документтерди кабыл алуу ушул убакка чейин башталбаганынан келген абитуриенттердин аздыгынан эле билинип турду. Аңгыча калган комиссиянын мүчөлөрү чогула баштап, саат ондорго жакындаганда гана документттерди кабыл алуу башталды. Эшиктен киргенде алты факультеттин аттары жазылып илинип, алардын тушунда столдор коюлуп, бирден экиден киши отуруптур. Биз үчөөбүз дагы бир келин төртөөбүз агрономдук факультет деген жазуу илинген столго бардык. Экөө отурган экен. Биздин документтерибизди текшерип көрүп, туура экен дешип, кабыл алып кирүү экзамени үчүнчү январда башталат дешти. Биз үчөөбүз тышка чыкканда, Рая агамдыкына барып, учурашып алып эртең кетем деп бөлүнүп кетти. Николай экөөбүз институттун маңдайында студенттер үчүн ашкана бар экен, андан тамак ичтик.Бул ашканада тамагы башка жердеги ашканаларга караганда абдан арзан экен. Ашкананын катарында Константин Иванович Скрябиндин эстелиги бир колу менен институттун башкы корпусун көрсөтүп турат. Ошол катардагы этаж үйлөр институттун жатаканалары экен. Жатаканалардын арасында агрофактын окуу корпусу жайгашыптыр.
Ал эми жолдун үстүнкү бетиндеги башкы корпустун, күн чыгыш жак бетинде беш этаждуу жаңы эле салынган окшойт, гидрофактын окуусу күн батыш жагында зоофак менен ветфактын окуу корпусу жайгашыптыр.
Бухгалтердик учеттун окуу корпусу, башкы корпустун ичинде экен. Мехфактын окуу корпусу башка жакта, эки көчө жогору деп айтышты. Башкы корпустун тегерегинде мына ушундай имараттар бар экен. Алар жөнүндө бир сыйра ошол жерде жүрүшкөн студенттер менен сүйлөшүп кайсы имаратта эмне жайгашканын билип алып, кайра үйгө кетүү үчүн автовокзалга жөнөдүк. Мени Конокказы абамдардан башка Фрунзеде жакын тааныштарым жок болчу. Бир жумадан кийин Фрунзеге кайра келип, экзамен тапшыра тургандыктан,
Конокказы абамдыкына барууну туура көргөн жокмун. Анын үстүнө өткөндө Конокказы абам декабрдын жетисинде эркек балалуу болуп, атын Улан койгонун, Жаңы жылда барышаарын айылдагы үйгө айттырып жиберишкен болчу. Николай да эч жакка кайрылбайт экен. Экөөбүз автобуска белет алып, түштөн кийин саат экилерде кайра жолго чыктык. Плодопитомникти үч төрт күн иштегенден кийин Жаңы жылдык майрамга карата иштен бошогондуктан бир отоло Жаңы жылдан кийин институтка кирүү экзаменин тапшырып келүү үчүн жумуштан суранып алып, Толкун экөөбүз айылга кеттик. Айылга барсак Конокказы абам менен Рая жеңем Фрунзеден уулу менен келишиптир.
Ага ата-энем уул жагынан биринчи неберелүү болушканга,
аябай сүйүнүшүп, ага туугандарды,
жерге-жээкти чакырып жентек беришкени бизди күтүп жатышыптыр.
Ал күнү камылга көрүп боорсокторун бышырып, эртесинен баштап, эки күн удаа жентек той бердик. Үчүнчү күнү коноктор узап, кетишкенден кийин бир туугандар өзүбүзчө калып. Ата-энебиз менен бирге болуп Жаңы жылды баарыбыз чогуу тоздук. Аралдагы Жамал эжем, Бекболот жездем, баласы менен Вера эжем, Турусбек жездем төрт баласы менен, Конокказы абам Рая жеңем уулу менен, Толкун экөөбүз, Алиман, Калиман, Жаңыл, Света, Ырысбек, Кайырбек болуп үй толтура болуп калдык. Балалуу үй базар дегендей, бир жагынан чоңдорубуз бака-шака болуп, сүйлөшүп жатсак кичинекей балдардын ойногону ойноп, ыйлаганы ыйлап кадимки эле базардагыдай болуп, бакылдашып кээ бирөөлөрүбүз көптөн бери көрүшпөгөнгө бири-бирибизге болгон жаңылыктарыбызды айтышып чер жазышып жаттык. Өзгөчө ата-энелерибиздин дүнүйөлөрү түгөл болуп, бала бакыраларынын арасында жетине албай жатышты. Берээрине тамактарын таппай, каткан үткөндөрүнүн баарын чыгарып берип жатышты.Алар ошол убакта өзүлөрүн бактылуу сезип жатышса керек. Энем демейдегидей ооруган жерлерин айтып арызданбай,
атам кем карчыны айтып наалыбай, баары шайма-шай болуп, калгандай жыргап жүрүштү. Жамал эжемдер үйлөрүн салып бүтүп киришкенин айтышса, Вера эжемдер да өзүлөрүнчө бөлүнүп, үйлөрүнө кирип огород жайына кашаа кармап, бак тигишкени жатышканын айтышып. Конокказы абам окуусун жайында бүтөөрүн айтса, мен окууга тапшырганымды эми жакында кирүү экзаменин тапшырганы жөнөөрүмдү айттым. Алиман, Калимандар иштери туурасында айтышса, Жаңылкан менен Света окуулары туурасында айтып жатышты. Ата-энебиз улам бирөөбүздүн жетишкендерибизди угушкан сайын кубанып, өзүлөрүнүн ойлорун айтып, кеңештерин берип жатышты.Ошентип отуруп түнкү саат он эки болгондо майда балдардан башкабыз 1980-жылды жадырап жайнап тосуп алдык. Эртеси эже жезделерим үй-үйлөрүнө тарап кетишти. Калганыбыз ал күнү да үйдө калып экинчи январда Караколго Толкун экөөбүз жөнөдүк. Толкун мага кийим кече алып берип, Фрунзеге узатып жиберип, жолдон айылга жеткенде түшүп калып, мен окуудан келгенче ата-энеме каралашып, айылдагы үйдө болмок. Конокказы абамдар бир эки күндөн кийин артымдан барышмак. Алардын квартирасынын адресин алып алганмын. Ошондо жатып экзамен тапшырмакмын.
Үйдөн бери дегенде он күндөн ашуун убакытка кетип жаткандыктан,
Караколдон майда-барат турмуш тиричиликке керектүү бир топ оокаттарды алдык. Аларды көтөрүнүп алып автовокзалга келмек, Николай капысынан жолугуп калды. Ал да камылгаланып жүргөн экен. Толкун үчөөбүз сүрөткө түшүп, тамактанып алып Фрунзеге кетүүчү автобуска чогуу белет алдык. Толкун Дарханга келгенде жолдон түшүп калып, биз түз кеттик. Мен Фрунзени жакшы билбегендиктен дайыма түнкүсүн жол жүрүп, эртең менен жетүүгө болжоп чыкчумун. Биз Дархандын тушуна келгенде түнкү саат сегиздер чамасы болуп калган. Бул сапарда Фрунзеге таңга маал жетип, таң агарып жерге жарык киргенче автовокзалда күтүп отуруп, таң аткандан кийин айыл чарба институтка бардык.Ал жерден сураштырсак экзамен бешинчи январда башталат экен. Өткөндө үчүндө консультация башталат десе, экзамен башталат деп түшүнүп алган окшойбуз же айткан киши туура эмес айтып койсо керек. консультацияга агрофак бойунча жүздөн ашык абитуриент катыштык. Мугалимдердин айтуусу бойунча беш адам бир орун үчүн ат салышмай болуптурбуз.
Конкурс чоң болгондуктан төрт экзамендин жок дегенде экөөнү төрткө беришибиз керек экен, ошондо да жолдомо менен келгендер үчүн, Роман Иванович үчөөбүзгө тең жолдомо жазып берген болчу. Экзамен катуу болоору күтүлүп жатты. Анткени окууну бүткөнүмө жети жыл болуп калгандыктан экзамен берилүүчү физика, химия, биология, диктант сыйактуу мектепте окуган китептердин бир тобу унутулуп, кайра баштан аяк окуп чыгыш керек эле.Консультациядан кийин Конокказы абамдар жашаган, квартирага барып алып окуганга кириштим, мурун да кайсы сабактан экзамен болоорун билип, китептердин баарын ала барган элем. Биринчи экзамен физика сабагынан эле. Аз эле убакыт калгандыктан күнү түнү окуган күндө да, мектептеги окуган физика китептеринин баарын, бир жарым күндө окуп чыгуу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан китептерди барактап, эрежелерин,
формулаларын кагазга жазып, жаттап күнү –түнү менен китептен башымды албай окуп, экзамен болчу күнү таза кийимдеримди кийинип алып бешинчи январда институтка бардым. Агрофактын абитуриенттери башкы корпустун экинчи этажында тапшырып жатышкан экен. Экзаменге биринчи төрт бала жаңы эле киришиптир,
эшиктин алды кым-куут болуп киши абдан көп экен, тим эле зал толтура. Ким экзамен бергени, ким жөн жүргөнү белгисиз. Кээ бирөө жан талашып китеп окуп жатышса, кээ бирөөлөрү бир нерселерди жазып шпаргалка камдап жатышат. Кээ бирөөлөрү топ-топ болуп сүйлөшүп экзаменди мындай алышат экен, тигиндей алышат экен дешсе, мынча пара берсе өтөт экен. Комиссияда мынча киши экен дешип, айтор залдын ичи кыжы-кужу болуп жатыптыр. Мен экзамен берип жаткан аудиториянын эшигинин жанына жетип, ал жердегилерден сураштырып,
кезекке турдум, бери айтканда алдымда кырк элүүдөй киши бар экен. Мага кезек болжолумда түш ченде жетчүдөй болгондуктан,
четке чыгып алып, жазгандарымды жан талашып окуп кирдим. Экзамендин сүрү күчтүү эмеспи, ошол жерде тургандарды көргөндө эле, жүрөк заада боло баштадым, экзамен берип чыккандардан жабылып кандай бердиң, канча алдың, экзаменди кандай алышат экен деп сурап жаттык. Кээ бирөө жакшы жооп берсе, кээ бирөө үн сөзсүз эле жөөлөп чыгып кетсе, кээси ыйлап, кулап калдым деп, кээси өттүм, мынча алдым деп жатты. Өттүм дегенди укканда кандай бактылуу адам, мен да ушул сыйактуу болуп өтүп кетсем деп жаттым.Экзамен бергендердин арасында менден алда канча улуу отуз кырктардагы аял эркектер, башка улуттагылар,
мен курактуу, менден кичүүлөр иши кылып ар түрлүү адамдар бар эле. Менин көзүмө баары эле менден тыңдай көптү билишкендей көрүнүп, ошолордун арасынан бештин бири болуп өтүп кетээриме күмөн санап, мага кезек жакындаган сайын ого бетер корко баштадым. Түшкө чукулдаган сайын жанымдагылар эми комиссиядагылар чарчап, курсактары ачып, бизди кулатып салышат го дешип сүйлөшүп жатышты. Ал сөздү угуп алышып жанымдагылардын экөө түштөн кийин киребиз дешип, кетип да калышты. «Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт», деген тобокел тоо ашырат, кезегим жеткенде киришим керек деп чыдап кезегибиз келгенде ичтен төртөө чыкканда төртөөбүз кирдик.Аудиториянын төр жагындагы төр столдо экиден сегиз киши комиссиянын мүчөлөрү бери карап турушкан экен. Бери жактагы төрт столдо төрт абитуриент комиссиянын мүчөлөрүн карап отурат. Алардын бери жагында төрт стол бош турат. Аларга биз отураарыбызды билдим. Биз комиссиялар отурган берки столдогу жайылып турган белеттердин арасынан тандап туруп бирден белет сууруп чыгып, белеттин номерин комиссияга каттатып койуп, бош столдордун жанындагы орундуктарга барып отурдук. Ордума отураар менен белеттердин суроолоруна көз жүгүртсөм үч суроонун бир суроосун билчүдөй экенмин, экинчи суроосу тааныш экен. Үчүнчү суроосунан такыр эле кабарым жок экен. Ручка, эки ак барак ала кирген элем. Биринчи суроосуна билгендеримди жаза баштадым, алдыңкы катардагы абитуриенттер комиссиянын столунун бет маңдайындагы орундуктарга отуруп алышып, жооп бере башташты. Биринчи суроосун билгендиктен,
билгендеримдин баарын ирээти менен жазып чыктым. Экинчи суроосуна келгенде эрежесин жазып формуласын жазып, маанисине жакшы түшүнө албай жаттым. Белеттин үчүнчү суроосун ак барагыма жазайын десем башыма эч нерсе кирбей койду. Бүттү кулаганым ушул экен, эми эмне кылам деген суроо башыма келди. Жанымдагылардан айла болобу деп эки жагымды карасам аркы четкиси жакшы билген суроолору келген окшойт, барагын толтуруп шыпылдатып жазып жатат. Андан беркиси үч суроосун тең бир аздан жазып койуп ойлонуп отурат, жанымдагы баракка суроолорунан башка эч нерсе жазбаптыр шпаргалкаларын тизесине жайып койуп камаарабай комиссия көрүп калат дебей эле, барактан карап жатат. Аны көргөндө мен дагы төш чөнтөгүмдөгү жазгандарымды алып чыгайын десем комиссиялар тиктеп турушкансып,
колумду көтөрүп чөнтөгүмө сала албай койдум.Жооп берип жаткандарды тыңшасам алардын айтып жаткандары окшобойт, кайрадан экинчи үчүнчү суроолорду карап чыктым, мурунку жазгандардан башка эч нерсе кошумчалай алчудай эмесмин. Тиги төртөө жооп берип бүтүшкөндөн кийин биз алдыңкы катарга отурдук. Тыштан төртөө кирип белеттерин алып биздин артыбызга отурушкандан кийин комиссиялар келип жооп бергиле дешти. Мен өзүм курактуу кыргыз жигит жаш келин отурган столго барайын кантсе да теңтуштук кылаар деген ой менен ошолорду туштап басып жөнөсөм, четки столдо отурган жашы алтымыштарга барып калган мугалим орус кемпир, -Молодой человек подойдите сюда- деди, жүрөгүм шуу түшүп эми анык куламай болдум деп, бирок барбаска аргам калбай маңдайына барып отуруп, белетимди жанындагы кырк жаш курагындагы галстук тагынган салабаттуу кишиге сундум. Ал белетти алып, мугалим кемпир экөөнүн ортосуна отуруп жооп бере бер деди. Биринчи суроо бойунча билгендеримди бадылдап сайрай баштадым, комиссиянын эки мүчөсү тең баштарын ийкешип туура туура дегендей болуп отурушту. Биринчи суроого жооп берип бүтүп, экинчи суроосуна өткөндө эрежесин айтып формуласын жазып бергенден кийин унчуга албай туруп калдым. Маңдайымдагы киши, үчүнчү суроосун айт дегенде белеттеги суроону окуп берип дагы туруп калсам, мугалим кемпир кошумча суроо берди, ага да жооп бере албай калып, берки кишини карасам мени карап жылмайып күлүп карап, -Эмне кызматта иштейсиң,- деди, Мен: -Бакчылык боюнча бригадирмин,
- деп токтолбой жооп берсем, -Анда жакшы силер жакта алмалар жакшы болсо керек, кайсы жерден болосуң,- деп кайра суроо бергенде, -Ысык-Көлдөн болом,-десем,
жакшы бара бер- деп берки жанындагыга удовлетворительно деди. Экзамендик карточкама үч койгондо рахмат деп кандай айтып жибергенимди билбей калыпмын.Биз эшикке чыга берээрде комиссиялар.
#53 23 August 2015 - 15:47
-Азыр түшкү тамакка барабыз, тыштан киришпесин,
- дешти. Эшикте тургандарга айткандарын айтып койдук. Сурагандардын баарына жакшы жакшы деп айтып тышка чуркап чыгып оор жүктөн кутулгандай эки жакты көңүлдүү карап турдум.Тегерегимдеги имараттардын баары көзүмө ого бетер жакшы көрүнүп окууга өтүп, студент болгондой болуп калган үч экзамен ойума келбей кубанып жаттым. Кубанган себебим мектепте жүргөндө эле физика сабагын жакшы билбей кыйналчумун,
жакшы билбегенгеби физиканы окугум келчү эмес. Ушул экзамендердин ичинен физикадан абдан коркуп жаткан элем, бул үч мен үчүн беш алгандай эле болду. Бир топ туруп, жүрөгүм оордуна келгенден кийин көчөнүн аркы бетиндеги ашканадан тамак ичип алып квартирага жөнөдүм. Бүгүн Конокказы абамдар да айылдан келмек. Квартирага барсам келише элек экен. Плитага от жагып алып китеп окууга кириштим. Экинчи экзамен биологиядан болмок.Жалпысынан биология дегени менен ал экзамендин суроолоруна биология, киши, ботаника, зоология деген китептер боюнча суроолор келмек. Ал сабактарга башынан кызыгып жакшы окугандыктан анын үстүнө техникумдан да окуганга жакшы билчүмүн, бирок өзүмө толук ишене албагандыктан кээ бир темаларын унутуп калдымбы деген ой менен үч күнгө чейин башынан аягына чейин окуп чыгып, бул экзаменден төрт алууну максат кылып алып китептерди окуй баштадым. Кечинде күүгүм кирип калган кезде айылдан Конокказы абамдар келишти. Алар экзамен бергенимди угушуп кубанып калышты. Квартира эки бөлмөлүү болуп, квартиранын ээси орус кемпир жанаша салынган эки бөлмөлүү үйдө өзүнчө туруучу. Ал кемпир менен Конокказы абамдардын мамилелери жакшы болгондуктан,
мен тартынбастан ээн жайкын кирип чыгып жүрө бердим. Конокказы абамдар баласы менен оозгу үйдө өзүлөрүнчө оокат кылып, мен экзаменге дайарданып жаткан бөлмөгө кирип тоскоол болушчу эмес. Уулун да көп ыйлатпоого аракет кылып, өзүлөрү үн чыгарышпай шыбырашып сүйлөшүшүп,
тамагымды убагында даярдап беришип, менин окушума болушунча шарт түзүүгө аракет кылып жатышты. Менин окуума шарт жакшы түзүлгөндүктөн күнү түнү окуп уйкум келгенде уктап, тамак ичип тышка чыгып келип турганым болбосо калган убактымдын баарын окууга бөлүп жаттым. Үч күндөн кийин биологиядан экзамен болуп, өзүм ойлогондой төрт деген баа алдым. Бул сапар өзүмдү ишенимдүү сезип көп деле коркконум жок, эмдиги үчүнчү экзамен химиядан болчу. Бул экзамен физикадан жеңил, биологиядан оор эле. Ошондуктан жакшылап даярданбасам өтпөй калуу коркунучу бар эле. Химиядан мектептен, техникумда окуганда кызыгып жакшы окуучумун. Бир гана формулаларын жазып, реакция жүрүү процестериндеги эсептерди чыгарганда кыйналчумун.
Жакшылап дайардансам бул сабактан да төрт алууга мүмкүнчүлүгүм бар эле. Эгер бул экзаменден төрт ала албай калсам андан кийинки акыркы экзамен диктанттан төрт ала албай калсам, конкурстан кулап калмакмын. Диктанттан төрт алаарыма ишенбеген себебим кол жазмам иттин шыйрагындай болуп, грамматикалык ката кетирбегеним менен баары бир төрттү эч ким коймок эмес. Эми мага мурунку эки экзамен оңой эле болгондой сезилип кийинки эки экзамен оор болчудай көрүнүп дагы эле коркуп, өтөөрүмө ишене албай жаттым. Ошондуктан бул экзаменге да күнү түнү баш көтөрбөй окуп катуу дайарданууга туура келди. Экзамен күнү эртең менен дайарданып алып башкы корпустагы экзамен тапшыруучу аудиторияга барсам. Мурунку экзамендердегидей кым куут болбой эл абдан эле азайып калыптыр. Мурунку экзамендерде Николай менен Раяга кезиккен эмес элем, бу сапар барганда эле Раяны жолуктурдум.
Ал дагы эки экзамендин бирөөнү төрткө, бирөөнү үчкө тапшырыптыр.
Николайды сурасам ал дагы жолукпаптыр.
Мурдагыдай эле кезекке туруп, кезегим келгенде экзаменге кирдим. Бу сапар экзамен алуучу комиссия дагы сегиз кишинин оордуна төрт эле киши калыптыр. Ар бир столдо бирден киши отуруп экзамен алып жатышыптыр.
Экзаменге кирип белет алгандан кийин белеттин суроолоруна көз жүгүртсөм, кудай жалгап билеттин үч суроосу тең билген суроолорум экен. Ордума отураарым менен шыпылдатып жазып кирдим. Бизден мурунку төртөө жооп берип бүтүшкөндөн кийин биздин кезегибиз келгенде комиссиянын мүчөлөрүнүн маңдайында отуруп алып жооп бере баштадык. Мен жашы отуздан жаңы өтүп калган арык чырай, узун бойлуу агайдын маңдайына отуруп жооп берип жаткан элем. Үч суроомо билгенимче жооп берип, бүткөндөн кийин кошумча эки суроо бергенде бирөөнө жооп берип, бирөөнө жооп бере албай калсам, «жакшы бара бер» деп экзамендик карточкама «төрт» деген баа койуп берди. Мен кубанган бойдон эки жакка бурулбай эле, түз квартирага келдим. Эми акыркы төртүнчү экзамен орус тилинен диктант жазуу эле.Бул экзамен мен үчүн коркунучтуу эле, бир жагынан кол жазмам начар болсо экинчи жагынан ката кетирип койушум ыктымал болчу. Конокказы абама, Рая жеңеме окутуп койуп өзүм диктант жазып көнүгүп жаттым. Жүрөк заада болуп коркконум болбосо мурунку экзаменге даярданганга караганда түнкүсүн эрте уктап эртең мененкисин убагында туруп, абдан жеңилдеп калдым. Ара-чородо бош убактым боло калып жаткангабы,
айылдагыларды ойлоп сагына баштадым. Айылдан келгениме он күндөн жаңы эле ашканы менен мен үчүн бир топ убакыт өтүп кеткендей болду. Убакыт жай өтүп жаткандай болгону менен акыркы экзамен берчү күн дагы келип, экзаменди да бердик. Экзамендин баасын эртеңки күнү угузушмай болду. Баарынан да ушул аякы күндүн өтмөгү кыйын болду ал күнү да эч жакка чыккым келбей квартирада эле болдум. Канча алат болду экенмин, кулап калсам эмне болот деген суроолор биринен сала бири келип, тынчымды алып улам тышка кирип чыгып бир орунга тура албай жүрдүм. Эптеп эле үч алсам болду эле, деп кудайдан тилек кылып жаттым. Күндү кечкиртип таңды араң аткардым. Эртең менен эрте туруп жуунуп-таранып алып, тамак жүрөгүмө барбай нандан ооз тийип алып, институтка жөнөдүм. Шаша-буша башкы корпуска кирип барып залдагы илинген жазууларды окуп, эч жерден экзамен тууралуу жазуу окуй албай койдум. Мага окшогон тынчы жоктор бирин серин келе башташты ал убакта институттун ичинде пол жуугандардан башка киши жок эле. Кийинки келгендердин баары корпусту бир сыйра кыдырышып, тизменин илине элек экендигине көздөрү жетишкенден кийин гана, экзамен берген аудиториянын жанына чогула баштадык. Бекер турушпай ар кимиси жоромолдоп сүйлөп жатышты. Бири институтка таанышы жоктор өтпөйт, десе дагы бирөө киши пландагыдан көп болуп жатыптыр. Диктанттан эки-үч ката кетсе эле эки койуп кулатып салат экен, десе дагы бири окууга өтүп өтпөгөнүбүз бүгүн билинбей, конкурстун жыйынтыгы бир жумадан кийин араң чыгат экен дешип, ошол жерде чогулгандардын баарынын эле ойлору бир жерде болбой жүрөк заада болуп жатышканы билинип турду. Саат ондордо гана диктант жазгандардын эки алгандарынын башкаларынын тизмеси илинди. Тизмелер илинээри менен баарыбыз жөөлөшүп ар кимибиз өз аты жөнүбүздү издеп жаттык. Мен фамилиямды көрө койуп кубанып кеттим. Фамилиямдын тушунда үч деген баа койулуп туруптур кудайдын мунусуна шүгүр кылып, четке чыга бердим. Фамилиясын таап, өзү ойлогондой баа алгандар абдан кубанып жатышты, фамилиясы жоктор бир топко чейин түңүлө алышпай тизмени кайра кайра окуп жатышты. Баа алгандарыбыз конкурстун жыйынтыгын күтмөй болдук. Кээ бирөөлөрү өтпөй калдым дешип, тизмеден өзүнүн аты жөнүн таба албай кетип жатышса, кээ бирөөлөрү кудай буйурса өттүм деп өзүнө ишенгендер кетип жатышты.Конкурстун жыйынтыгы кечке жуук араң чыгарылып бүтүп, окууга өткөндөрдүн тизмеси илинди. Кеткендерден калгандарыбыз аз эле калган элек. Менин фамилиям тизменин аягыраак жагында экен. Көргөн көзүмө ишене албай кайра үч төрт сыйра окудум. Тизменин башын окусам К.И Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агрономия факультетинин биринчи курсуна кабыл алынган студенттердин тизмеси деп орусча жазылып туруптур. Окуп алып кубанычым койнума батпай абдан кубандым. Жанымда тургандар мени куттукташып,
мен аларды куттуктап жаттык. Аңгыча бир мугалим чыгып, окууга өткөндөр эртең эртең менен эртерээк келгиле сессияга кандай дайарданып,
кандай тапшырмаларды аткарып келээриңерди түшүндүрүп беребиз дегенден кийин гана тарап кеттик.Ошентип айыл чарба институтунун биринчи курсунун студенти болуп калдым. Институттан чыгып алып, дүкөндөрдү кыдырып айылдагыларга белектерди алып, үйгө кетүүнүн камын ойлоп, Конокказы абамдарга окууга өткөнүмдү майлап берүү үчүн тамак аштын түрүн алып квартирага жөнөдүм. Конокказы абамдар да менин окууга өткөнүмдү угуп алышып, абдан сүйүнүштү. Баардык кыйынчылыктар артта калып, санаам тына түшкөнгө уйкум келгендиктен эрте эле жатып алдым. Эртең менен күндөгүдөй шашылбастан жай баракат туруп, кийинип, жуунуп-таранып,
тамагымды ичип Конокказы абамдар менен коштошуп кийим кечелеримди,
айылга ала кетчү оокаттарымды көтөрүнүп алып институтка жөнөдүм. Кыштын толуп турган убагы болсо да күн бир топ узарып, асман ачык болгондуктан күн мээримдүү жылуу нурларын чачыратып, окууга өтүшүм менен куттуктап жаткансып, мээримин төгүп жылмайып турду. Кубанычым койнума батпай өзүмчө эле көңүлүм көтөрүлүп, айлана чөйрөдөгүлөрдүн баары көзүмө жакшы көрүнүп, тегерегимдеги адамдардын баары бактылуудай сезилип. Күндөгүдөй шашып-бушпай жай баракат жүргөндөй болдум. Ал тургай күндөгүдөй күн суук болбой катыраган тоңуп турган карлар да бүгүн жаңыдан ээрип жаткандай болуп күндө көрүнбөгөн канаттуу куштар да көбүрөөк боло түшкөнсүп алар да дарактардын бутактарына конуп алышып жай баракат сайрап жатышты. Мына ушинтип мен үчүн баардыгы бир күндүн ичинде өзгөрүп кеткендей болду. Институтка барып, чогулушка катышып институт жөнүндө сырттан окуу үчүн эмнелерди аткарып, өз алдынча иштерди кайсы сабактардан жазып кийинки сессияга качан келээрибизди билип алып айылды көздөй жол тарттым. Бул сапар да айылга чоң жеңиш менен бара жаткандай болдум. Ооба бул чоң жеңиш эмей эмине. Жогорку билим алуу үчүн окууга өтүш мен үчүн чындыгында эле чоң жеңиштердин бири эле. Ал убакта жогорку окуу жайына өтүү абдан кыйын эле. Коммунисттик партиянын саясаты бойунча жогорку билимдүү специалисттерге чоң көңүл бурулуп, алар райондук комитеттин номенкулатурасында туруп, алардын ишмердүүлүгү дайыма көзөмөлдө болчу. Кадр тандоодо эске алына турган өзгөчө коммунисттик партияга жогорку билимдүүлөр ал тургай жогорку жайларында окуп жаткандардын өтүшү кыйынга турган. Алар партияга өтүш үчүн баардык жагынан өзүн көрсөтүп ишенимге ээ болгондо гана партиянын мүчөлүгүнө кандидаттыкка кабыл алынып, бир жылдан кийин жеке эле ишинен эмес, жүрүш турушу коомдук иштерге катышуусун эске алуу менен партиянын уставын жакшы билгенде гана, партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынуучу. Жогорку билимдүү болуп, партиянын мүчөлүгүнө өткөндө гана өкмөттүн ишенимдүү адамы болуп, жогорку кызматтарга дайындалуучу.
Экинчиден жогорку окуу жайына өтүү үчүн ортого тааныш салып, ал аркылуу пара берип окууга өтүү жайылып бара жаткан. Өзүнчө окуу жайына сырттан окуу үчүн окууга пара бермейинче өтүп кетүү абдан кыйындап калган, өз күчү менен окууга өтүп кетүү өзүнчө эле эрдик катары эсептелчү. Айылга түн ортосунда жеттим.Менин окууга өтүп келгениме үйдөгүлөр да, абдан кубанышты. Айылда эки күндөй туруп, Толкун экөөбүз иштеген жерибизге кеттик. Роман Иванович, Рая экөөбүздүн окууга өтүп келгенибизге абдан кубанды. Николай үй шартына байланыштуу экинчи экзаменден кийин үйүнө кетип калгандыгын айтты. Биз ишибизди улантып иштей баштадык. Менин мурунку жумуштарыма эми беш сабактан контрольный иш жазып почта аркылуу институтка жөнөтүү жумушу кошулду. Толкун кышкысын аялдар отпускада жүрүшкөндүктөн үйдө эле болуп жаткан. Ага карабай эмнегедир өзүнөн өзү арыктап жүдөй баштады, бир күнү доктурга барып көрүнүп келейин деп калды. Эмне бир жериң ооруп жатабы десем жөн эле ар кайсы жерим ооруп жатат деп койду. Ал күнү Толкун үйдө жок болгондуктан кийин жалгыз үйгө барып, тамак ичким келбей түштө тамакты башка жактан ичип үйгө кечинде келсем Толкун үйдө капаланып отуруптур. -Эмине болду, деп сурасам, өзү деле араң эле турган окшойт, ыйлап жиберди. Мен ойума эч нерсе келбей,-Эмне ыйлап жатасың,- десем, -Догдурлар мени төрөбөйсүң,
- дешти деп ого бетер катуулап ыйлай баштады.-Толкун сен капаланбачы балким догдурлар жаңылып жатышса керек. Үйлөнгөнүбүзгө бир жарым жыл эле болбодубу. Кээ бирөөлөр эки үч жылдан кийин деле төрөп жатышпайбы десем, үмүт пайда боло түштү окшойт,-Чын эле баланча түкүнчүлөр деле кечигип төрөшпөдүбү,
- деп өзү да бир экөөнү айтып басылып калды.Мурда балалуу болуу тууралуу ойлонсом да Толкунду төрөбөй калат деп ойлобоптурмун.
Ага билдирбегеним менен ичимден балким догдурлар билип чынында эле төрөбөй калса эмне болот деген ой пайда болду. Көрсө Толкун мурдатан бери эле эмне үчүн бойума болбойт, бизден кийинки үйлөнгөндөр деле балалуу болушпадыбы,
деп өзүнчө санаага батып мага жашырып айтпай жүрүптүр. Жедеп түңүлө баштаганда күнөө кимде экенин билүү үчүн догдурга барып, сен детский (жаш) матка экенсиң. Төрөбөйсүң дегенде гана мага айткан тура. Ошол күндөн баштап Толкунду ого бетер айап, боорум ооруп жакшы мамиле жасоого аракет кыла баштадым. Толкун да жөн жатпай аялдарга догдурдун айткандарын айтып ыйлаган окшойт. Павловдун аялы тетя Паша мен сени айыктырам мурда көп айалдарды даарылап айыктырып, алар балалуу болушкан, дептир. Толкун теть Пашага күнүгө үч маал барып көрүнө баштады. Кийинки дем алыш күнү айылга барганбыз.Үйдөгүлөр менен учурашкандан кийин Мурат окуусунан келиптир дегенинен учурашканы барсам, Мурат үйүндө экен. Аны менен Толкундун төркүнүнө барып келгени жолугуша элек болчумун. Андан бери экөөбүздө тең жаңылыктар көп болуп кеткен экен. Аркы беркини сүйлөшүп отуруп, үйгө кеч келсем энем короодо жүргөн экен. Мени көрүп ачууланып. -Өзүң бала туруп баланы эмне кылат экенсиң, төрөгөнчө эмне болуп бара жатасың,- деп жер жебериме жетип тилдеп кирди. Мен мурда мынча тил укпаганга, болбогон жерден тил укканыма ачуум келип кетип, кайаша айтып,-Мен Толкунга эмне дептирмин, аны төрөбөйсүң деп урушуптурмунбу билип туруп айтпайсыңарбы,
- деп кыйкырып жибердим. Аңгыча биздин үнүбүздөн улам Толкун чыга калып эч нерсеге түшүнө албай туруп калганда ачуум менен,- Ай Толкун мен сени качан төрөбөйсүң деп уруштум эле,- деп ага атырылып бир тийдим. Толкун эми гана түшүнгөндөй,
-Эне Бекказы мени антип урушпай эле мени догдурлар төрөбөйсүң дегенинен эле,- деп күнөөлүдөй жер карады. Энем мени жөн эле жерден тилдегенине кабатырланып,
-Сен түшүндүрүп айтпайт белең. Эч нерсени түшүндүрбөй эле төрөбөйсүң деди, деп ыйлап киргениңден Бекказы тилдеген экен деп буга ачуум келсе, эмне баладан көзүңөр катты беле, өзүңөр бала туруп кудайым берген күнү балалуу болосуңар, бул сахар дегениң жаман дарт экен кийинки күндөрү өзүмө ээ боло албай калчу болдум,- деп күнөөсүн мойнуна алгандай болуп, ары басып кетти. Мен Толкундун түшүндүрүп айтпай энеме кайаша айтып алганыма өкүнүп беймаза болуп калдым.Энем өзү айткандай кичине эле бир нерсе болсо ачууга алдырып өзүн токтото албай бараткан. Сахарный диабет болгону жеке эле, ачуулу болбостон арыктагандан арыктап, суусундукка түтпөй суусундукту көп иччү болду. Анын үстүнө Кайырбек төрөлгөнү түйшүгү көбөйүп, жашы өтүп калганга кыйынчылык менен багып чоңойтту. Эми буту баскандан бери түйшүгү кичине жеңилдеп калган. Толкун дем алыш күндөрү келгенде кир кечесин жууп, нанын бышырып, оор түлүк жумуштарын жасап берип кетчү. Кээде жумуш чыгып калганда калып бүтүрүп койуп артымдан бараар эле. Анын үстүнө Света мектепте онунчу класста окуп үйдө болгондуктан майда-барат жумуштарына каралашаар эле. Ошентсе да энеме жетишээрлик жумуш табылып үйдөгү мал, сал менен мурдагыдай эле керээли кечке жаны тынчу эмес.Атам мурдагысындай эле колхоздо чөп тууроо жумушунда иштеп, эртең менен кетип күүгүмдө келчү. Ырысбек алтыдан жетиге кеткени менен мажүрөө, жоош болуп, оор түлүк жумушка жарай элек болчу. Дем алыш күндөрү келген сайын карларды күрөп, отун камдап, малдардын алдыларын тазалап, короо жайдагы сынган бүлүнгөндөрдү оңдоп, кампадан буудай алып, тегирменге буудай салдырып берүү дагы эле менин мойнумда эле. Ушинтип көр тирдик менен алп урушуп жүргөндө, убакыттын бат эле өткөнү билинбей жаз да келди. Күн узарып, күндүзү сууктун күчү кайта баштаганы менен дагы эле жердин бети кардан ачыла элек болчу. Жолдордогу карлар эрип баткак боло баштаганда кык ташууну токтотуу, алма бактарды бутоо жумуштары башталган. Аялдар отпускаларынан чыгышып, плодопитомник совхозунун жумушчуларынын баары толук иштеп жатышты. Алма бакты туура убагында бутоо, алма бактын өсүүсүнө, түшүмүнүн сапаттуу мол болуусуна өз таасирин тийгизет эмеспи, ошондуктан алма бутоого чоң көңүл бурулуп, кылдат мамиле жасалып жатты. Алма бакты бутоону теориялык жактан техникумда окуганым менен практика жүзүндө жакшы билчү эмес элем. Алма бакты бутоо жумушу башталардын мурунку күнү башкы агрономубуз Юрий Павлович алма бакка ээрчитип барып алма бакты бутаганды үйрөткөн эле.Өзүм да китептен кайталап окуп, теория менен практиканы салыштырып,
айкалыштырып алма бутаганды үйрөнүп, жумушчулардын билбегендерине үйрөтүп, анын маанисин түшүндүрүп туура буталып жатканын текшерип, кемчилиги болсо оңдотуп жаттым. Алма бакты бутоо жумуштары жарым айдай убакытка созулуп, жер ачыла баштаганда,
аялдар питомниктеринде иштеп, эркектер суу сугара башташты.Уламдан улам жумуштар кызып отуруп, көчөт казуу мезгили башталды. Мында баардык жумушчулардан тышкары контордогулардан өйдө жумушка чыгышты. Мен Раяга жардам берип, көчөттөрдү сатууда эсебин алышып, сатышып, эртең менен күүгүм киргенче талаада жүрүп үйгө келгенден кийин тегеректеги кошуналарым же теңтуштарыбыз менен чогуу болчубуз. Жаштык деген жалындап күйүп турган от сыяктуу чарчоону, ооруну билбеген, жок барга карабаган учур окшобойбу. Керели кечке жумушта жүрүп чарчаганыбызга карабай түндүн бир убагына чейин ойноп-күлүп отураар элек. Кечкисин кошуналарым Мусажандыкы,
Каниеттики,
Байгазыныкы , Орозбайдыкы келип турушчу, андан башка теңтуштарым,
Толкундун теңтуш кыздары Света, Таалайкүлдөр келишчү. Алардан тышкары майрам күндөрү айылдагы теңтуш балдарым менен чогуу отурсам, башка жактык Бокем, Кусейин, Сталик сыяктуу теңтуштарым менен да катышып барып-келишкенге үлгүрчүбз. Жеке эле теңтуштарым,
кошуналарым,
чогуу иштешкендерим эле эмес менин ага- туугандарым,
Толкундун төркүндөрү менен да катышып турчубуз. Ошентип аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган учурубуз өтүп жатты. Ошондой күндөрдө бош убактым болуп калса оюма учкул сөздөр келе калганда ыр жазууга аракет кылып жүрдүм. Мурункудай эле ырларды жаза койом. Окууга барып келгенден кийин жакын арада эле кыялданып отуруп «Өзүмдө» деген ырымды жаздым.Өзүмдө толук бойдон жердин жүзү,Негедир жан дүйнөм дүрбөй түштү.Ой-санаам бир заматта желге айланып,Улугансыйт айланамда бороон күчү.Ташкындап океандар тоого урунду,Жер бети козголчудай онтоп турду.Ааламда күнгүрөнүп алай-дүлөй,Заматта уюган чаң каптап калды.Көңүлдүн булуттары ыйга батты,Алардан ыр жамгыры кулап жатты.Атылганда курч сөздөрдүн чагылганы,Жоголду бороондун боз чаңдары.Жер тазарып океандар тынчып калды,Көңүлдө бороон токтоп жел калбады.Булуттар көксөсү сууп тараганда,Асманда көпкөк болуп көккө айланды.Өзүмдү жер шаарына салыштырып,
турмуштагы оош- кыйыштардан улам акырындап ой-санаалар жел сыяктуу чогулуп, уламдан улам көбөйүп отуруп, кусалануу бук болууга чейин алып келип, бугум чыкпай туталанып жанымды койоорго жер таппай, жан дүйнөм океандай ташкындап, өзүмдү көзөмөлдөн чыгарып жиберчүдөй болгондо бугумду чыгарып ыр жазууга киришкенде,
өз калыбыма келе баштап, чагылгандай таамай сөздөр айтылбаса да жазылганда ичимдеги ой санаалар жоголуп, бугум чыгып, өз калыбыма келип, ачык асман сыяктуу кабагым ачылганын жазгым келген. Ушул ырга удаа эле жазылган «Суулар пайда болушкан», деген ырымда жашоонун бирден бир булагы болгон суунун кантип пайда болгонун учкул сөздөр аркылуу, тамаша чынды аралаштырып айткым келген.Күн батаарга жакындаган кечке маал,Ызырынып булуттарды айдайт шамал.Ийрилишип топтошушат,
топ булуттар,Карышкырдан корголошкон койлор сымал.Күн бүркөлүп булут ыйлайт,Көз жаштары жерге кулап.Ызаланып ээ-жаа бербейт,Шамал баарын койгондой самап.Көз жаштары булуттардын,
Жердин бетин тосот дайым.Тосуп алып чайканган соң,Бир бирине кошот баарын.Булуттарды шамал сабап коюшкан,Мөлтүрөгөн көз жашынан чогулган.Жан жаныбар, өсүмдүктү жашаткан,Шаркыраган суулар пайда болушкан.Жаштыктын ошол кездеги күндөрүн чогуу өткөрүп, үйгө үзбөй келип турган теңтуштарымдын бири Нурмат эле. Ал армияда мени менен чогуу кызмат өтөсө, аялы Ырыскүл менен Белектин сүйлөшкөн кызы Гүлай аркылуу техникумда окуп жүргөндө эле таанышкан элем. Кийин Нурмат менен Ырыскүл экөө үйлөнүп, экөө менен тең мурдатан тааныш болгондуктан мамилебиз ого бетер жакшырып, кийинки учурда жакшы теңтуштардан болуп кеткенбиз. Алардын үйлөнгөнүнө аз эле болгондуктан балалуу болуша элек болчу. Белек менен Гүлай сүйлөшүп жүрүшүп, Белек окуусун бүткөн жылы эле үйлөнүшкөн.
Алардын бир кыз, бир уулу бар эле. Мурат үйлөнө элек болчу. Калган теңтуштарым менен чакырыктарда,
майрамдарда жолугушуп турчубуз.Жашоо турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жалындаган жаштык күндөрдү ошентип өткөрүп жаттык. Көчөт казуунун мезгили аяктап, аялдар питомниктерде иштеп, эркектер бак сугарып, айдоо, себүү жумуштары башталып, кайрадан эки күндүк дем алыш күнүнө өттүк. Мурда сезондо колум бошоп, айылга эки айдан ашык убакыт бара албай калган элем. Биринчи май майрамында өзүмдүн чогуу иштегендерим менен параддан өткөндөн кийин Толкун экөөбүз айылга бардык.Демейдегидей эле бир туугандарым ата-энем менен чогуу майрамдашканы келишиптир.
Биз үйгө кирип барсак чогулуп аркы беркини сүйлөшүп отурушкан экен. Баары менен учурашып бака-шака түшүп калдык. Биз келбей калган убакта үй-бүлөөдө бир топ жаңылыктар болуптур. Эгиз карындаштарым Алиман менен Калиман күйөөгө чыгышыптыр.
Алиман Кичи-Жаргылчак айылына Искен деген жигитке турмушка чыгыптыр. Күйөөсү Актерек совхозунда машина айдап шофер болуп иштеп жатыптыр. Ата- энеси, үч эркек, үч кыз бир тууганы бар экен. Угушумда сүйлөшүп жүрүшкөн окшойт. Өзүнөн беш жаш улуу экен. Калиманды болсо Ичке-Жергез деген жерге ала качып кетиптир. Күйөөсүнүн аты Калыгул деген жигит экен. Өзү автодорожный техникумун бүтүрүп, айылда механик болуп иштеп жатыптыр.Таяэжеси багып алып, анын колунда чоңойуптур.
Өзүнүн ата-энеси Ат-Башыда жашап жатышыптыр.
Күйөөсү өзүнөн эки жаш улуу экен. Экөөнүн барган жерлеринен ачуу басарынан кишилер келип кетишиптир.
Эми көшөгөлөрүн жакын арада жеткирип берүү жөнүндө сүйлөшүлдү.
Бул сапар Конокказы абамдар менен Алиман, Калимандар келбей калышыптыр.
Калганыбыз чогуу болуп, кеңешип отуруп көшөгөлөрүн майрам өтөөрү менен Толкун, Жаңыл, Света таяжеңемдерден бирөө кошулуп, экөөнүн тең көшөгөлөрүн,
кийим кечелерин жеткирип, ахыбалдарын билип келишмей болду. Алар келишкенден кийин он бешинчи майда Конокказы абам экөөбүздүн кайындарыбызды чогуу эшик төр көрсөтүп чакырмай болдук. Ошонун баарына чоң чыгым талап кылынмак.Бирок энем сарамжалдуу болгондуктан көшөгөлөрүн,
кийиттерин мурунтан камдап койгондуктан,
анча-мынча эле жетишпегендерин дүкөндөн ала коюшмай болушту. Энемдин сандыгында кийиттеринин түрлөрү боло турган. Биз аял алып, кыздар күйөөгө кеткенде келген кудаларга дүкөндөн кийит издебей эле сандыгынан алып чыгып каалагандай кийитин кийгизип, узатып жиберер эле. Сандыгында жеке эле кийиттин түрлөрү болбостон жакшы чай, таттуунун түрлөрү, акча да өксүчү эмес. Кошуна колоңдун баары акча керек болгондо биздин үйдөн карызга сурап кетишер эле. Энемдин сандыгына, энемден башка киши тийүүчү эмес. Ал өзү гана кармоочу. Сандыгын кулпу менен бекитип коюп, ачкычын жанына салып алчу. Майрам өткөндөн кийин эже-жезделерим үйлөрүнө, Жаңыл окуусуна, мен жумушума кеттим. Толкун айылда калды, ал карындаштарымдыкына барып келгенден кийин үйдөгүлөр менен кудаларды тосууга камданышмак Эртең менен жумушума кечигип калбас үчүн үйдөн эрте чыккан элем. Таң атканы менен күндүн чыгаарына али бир топ убакыт бар эле. Эртең мененки таза аба жазгы жаратылыштын кооздугу, ар түркүн гүлдүн жыты, канаттуу куштардын сайраганы, ал күчкө толуп турган, дени сак жыйырма төрт жаштагы жигитти эмес эр ортонунан өткөн кишинин деле делебесин козгоп, көңүлүн көтөрүп, толкундатса керек. Үйдөн чыккандан эле өзүмдү жеңил сезип, шайдоот кыймылдап, өзүмчө толкунданып,
көңүлүм көтөрүнкү жакшы маанайда автобус токтоочу жайга бара жаттым. Алдымдан бирин-серин чыккан айылдаштарым менен улуусу менен улуудай, кичүүсү менен кичүүдөй болуп кичи пейил учурашам.Андайда баардыгы оңдой берди болот эмеспи. Автобус токтоочу жерге жете элегимде эле арт жагымдан автобустун карааны көрүнүп калды. Аярлай басып, автобус жакындаганда кол көтөрсөм токтоп калды. Жолум шыдыр болгондуктан контордун тушунан түшүп калдым. Конторго барсам эч ким келе элек экен. Жарым саттан кийин нарядка совхоздун кызматкерлери чогула тургандыктан,
үйгө баргым келбей контордун жанында турсам, күн жаңыдан аска-тоолордун чокусунан кылтайып нурларын чачырата баштады. Бул жерде элдин алды жаңыдан тура башташкан экен. Көбүнчө бала-чака көчөдөн суу алганы чака көтөрүп, бирин-экин өтө баштаганда Эркингүл келип экөөбүз учурашып, ал жайыбызды сурашкандан кийин конторду ачып кирип жууп тазалай баштады. Арадан он беш мүнөт өткөндөн кийин Роман Иванович үйүнөн чыгып, конторду көздөй басты. Ал конторго чукулдаганда алдынан утурлай басып, саламдашып учурашкандан кийин Роман Иванович жүрү мага кирип сүйлөшөлү деди. Артынан ээрчип кабинетине кирсем Роман Иванович жайланышып отуруп, -Борись сен командировкага Фрунзеге барып келишиң керек болуп жатат. Бул семинар жаңы сорттогу көчөттөрдү өстүрүүнү плодопитомниктерге жайылтуу боюнча өтөт экен. Буга Рая барыш керек эле, өзүң билесиң ал көчөттөрдү инвентаризациялатып жатат, кеч менен чыгып кетишиң керек. Семинар эртең башталат экен,- деди. Мен ошол эле күнү кечки автобус менен Фрунзеге жөнөмөй болдум. Биз командировка жөнүндө сүйлөшкөнчө кызматкерлер чогулуп калышты. Наряд башталып ар кимибиз тапшырмаларыбызды алгандан кийин жумушумду тейлеп, Раяга табыштап коюп, түштөн кийин жолго камынып кечки автобуска отуруп Фрунзеге жөнөп кеттим.Баштагыдай эле Фрунзеге таңга маал жетип, эртең менен институт земледелияда болдум. Бул семинарга республиканын баардык булуң бурчтарындагы плодопитомниктерден,
агроном питомниководдор келишиптир.
Семинарды институт земледелиянын плодоводство боюнча бөлүмү уюштуруптур.
#54 23 August 2015 - 15:50
Семинарда земледелиянын плодоводства боюнча жетекчиси Аракелян Усы Григорьевич,
питомниктер боюнча бөлүмдүн башчысы Башмаков Энвар Алиевичтер сөз сүйлөшүп, республика боюнча жаңы чыгып жаткан сорттор, алардын сапаты, түшүмдүүлүгү,
аларды көбөйтүүнүн жолдору туурасында айтып беришти. Алардын айтымында өзгөчө карликовый,
жарым карликовый сорттор мага абдан жакты. Себеби биздин мурда пайдаланып жүргөн апорт, китайке өңдүү сорттордон гектарынан алтымыш центнерден түшүм алынып жүрсө, ал эми жаңы чыккан карликовый сорттордон үч жүз, төрт жүз центнерге чейин, жарым карликовый сорттордон эки жүз центнерге чейин түшүм алышат экен. Алар карликовый деп аты айтып тургандай бою жапыз болуп, бир гектар жерге эски сорттогу алмалардан төрт жүз түптүн тегерегиндеги алма батса, бул сорттон бир миң эки жүз түпкө чейин алма отургузууга болорун айтышты. Бул карликовый сорттогу алмалардын бою бир метрден, эки метрге чейин болсо, жарым карликовый сорттогу алмалардын бою бир жарым метрден, үч метрге чейин өсөт экен. Булар бак өстүрүүчүлөргө жеке эле экономикалык жактан пайдалуу болбостон, аларды бакканга, түшүмүн жыйнаганда да абдан оңой болот экен. Усы Григорьевич менен Энвар Алиевичтер мындай сортторду кантип көбөйтүүнүн жолдорун айтып беришти. Семинардын максаты карликовой жана жарым карликовый сортторун республикага жайылтуу болгон экен.Ысык-Көл боюнча карликовый сорттогу алмалардын подвойлору же отроскалары Челпекте өстүрүлүп жатканын, каалоочуларга институт земледелия аркылуу берилери айтылды. Привойлорун кийин улаштыраарда институттан алсаңар болот дешти. Ал күнү теориялык жактан түшүндүрүлүп,
кийинки күнү практикалык жактан ошол институттун питомнигинин участкасынан көрсөтүлдү.
Мурунку семинарда угуп, көрүп кеткендиктен,
мен үчүн чоң деле жаңылык болгон жок. Жаңы келип угуп көрүп жаткандар абдан таң калып жатышты. Мурунку семинар учурунда Энвар Алиевич менен жылдызыбыз келишип, абдан жакшы мамиледе болуп калган элем. Жаңы барганда эле, ал чоо-жайымды сурап, жакшы учурашкан. Питомник участкаларында жаңы сорттогу көчөттөрдү кыдырып жүргөндө, мага кайрылып,-Бекказы анан семинар бүткөндөн кийин менин кабинетиме келчи, сени менен сүйлөшө турган сөз бар эле?-деген. Семинар саат үчтөрдө бүттү. Түшкө чейин питомникти кыдырып, практика жүзүндө таанышсак, түшкү тамактан кийин чогулуш болду. Анда суроо-жооптор болуп, Аракелян Усы Григорьевич жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.Семинарга отуздан ашуун киши катышкан эле. Аларды эки күндөн бери жатакана, тамак-ашы менен институт земледелия өз эсебинен тейлеп жаткан. Семинар бүткөндөн кийин жакын жерден келгендер тарап кетишип, алыстан келгендер калып калышты. Мен ал күнү кечинде Конокказы абамдардыкына жатып алып, эртең менен жолго чыгууну ойлонуп койгом. Энвар Алиевичтин айтуусу боюнча семинар бүткөндөн кийин кабинетине барсам, кабинетине келе элек экен. Он мүнөтчө күтүп отуруп калдым. Энвар Алиевич алтымыштарга барып калган толмоч, жапалдаш бойлуу, мүнөзү токтоо, кыргызчаны акцент менен сүйлөсө да, жакшы билген улуту татарбы же башкырбы экөөнүн бирөө эле. Ал шыпылдай басып келип: -Мен сени күттүрүп койдум окшойт анча-мынча жумуштар менен кармалып калдым,- деп эшикти ачып кирип ордуна отуруп мага,- кел тиги отургучту алып жаныма жакын отур,-деди мен жанына жакын отургандан кийин,-Кана Бекказы өткөн жылкы семинардан кийин турмушуңда кандай жаңылыктар болду,-деп жылмая карады.Мен иштерим туурасында,
айыл чарба институтуна окууга өткөнүмдү айттым. Ал сөзүмдү кунт коюп угуп, -Жакшы, жакшы, только Асанбек Туратбековичтин дүйнөдөн кайтканы жаман болуптур. Абдан жакшы киши эле, эми кайгырганда арга барбы. Азыркы директоруң Роман Иванович дагы жакшы адам, аны менен мамилең кандай,- деди.-Мамилем жакшы, ал кишини адегенде жакшы түшүнбөй калсам, кийин жакшы түшүндүм экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп иштешип жатабыз Роман Иванович мага чоң жардам берип жатат,- десем Энвар Алиевич күлүп, -Ошондой де мен сени Роман Ивановичке таарынып жумуштан кетип калган дешкенинен,
абдан капаланып, жакшы иштеп жатып бекер кылыптыр. Эгер кетээрин билгенде өзүбүзгө жумушка алып алсак болмок экен деп өкүнүп калган элек. Кечээ эртең менен сени көргөндө кубанып кетип сүйлөшүп көрсөмбү деген ойго келген элем. Сени чакырган себебим ушул болчу, эми директоруң менен тил табышып, жакшы иштешип жаткан турбайсыңбы.
Деги айлык акың кандай,- деди, -Жүз он сом андан тышкары кошумча айлык жыл аягында он үчүнчү айлык кылып алабыз,- деп көбөйтүп айтууга аракет кылсам өзүмдү токтотуп,-Сенин айлык акыңдан бул жердеги үй шыпыргандар айлыкты көбүрөк алат. Эгер макул болсоң бул жерден агроном питомниковод болуп иштебейсиңби.
Айлыгың үч жүз сомдон кемибейт. Үй алып берүүгө аракет кылам. Окууга да жакшы болот, жөндөмүң болсо илимдин да аркасынан түшүшүң ыктымал, аялыңа да жумуш табылат,- деп мени эмне жооп айтаар экен дегендей болуп тиктеп калды. Ичимден ары ойлонуп бери ойлонуп, -Энвар Алиевич атайын ишенип кызмат сунуш кылганыңызга ырахмат. Чынында эле бул жердеги иштин эмгек акысы жогору экен, окуума да жакшы болоорун, ишиме да жакшы болуп жашоо шартым оңолорун түшүнүп турам. Бирок карыган ата-энем бар, агам бул жерде жашайт, иним кичинекей. Атам колхоздон бошобойт кийинки кезде малын багып оокат кылуусу кыйындап калды, энем оорукчан, оор түлүк жумуштарын ал дагы жасай албай бара жатат. Колуктум экөөбүз дем алыш күндөрү келип жардам берип кетип турабыз, өз кызыкчылыгыма карап бул жакка көчүп келсем, бизсиз алардын оокат тиричилиги кантип өтөт,- дедим. Энвар Алиевич ойлонуп туруп, -Чынында эле шартың туура келбейт экен, бирок дагы ойлонуп, ата-энең менен кеңешип көр. Эгер алар маакул болуп калышса, сенин келечектеги карераңа жакшы болоор эле- деди,Мен ата-энем менен кеңешип, эгер алар Фрунзеге көчүп келип иштегенге макул болушса телефон менен сүйлөшүп кабарлашмай болдум. Энвар Алиевичтин кабинетинен чыкканда күн кечтеп калган, түз эле Конокказы абамдын квартирасын көздөй жөнөдүм. Квартирага чейин эки чакырым аралык болгондуктан автобус күтпөй эле жөө басып барууну чечтим. Жолдо карата Энвар Алиевич менен болгон сүйлөшүүнү кайра ойлонуп бара жаттым. Анын турмушуңда кандай жаңылыктар болду. Азыркы директоруң менен мамилең кандай Роман Ивановичке таарынып жумуштан кетип калган дешкенине өзүбүзгө жумушка алып алсак болмок экен деп өкүнүп калган элек деген сөздөрүн кайрадан эстеп, турмушуңда кандай жаңылыктар болду дегени менин жумуштан кетип калганымды.
Кайра барганымды билген турбайбы. Өз оозумдан дааналап уккусу келсе керек. Азыркы директоруң менен мамилең кандай дегени мурда Асанбек Туратбекович буларга абдан мактаганы, өткөндө Азыков айтпады беле эми жаңы директор менен мамилеси кандай болду экен деп билгиси келсе керек. Роман Ивановичке таарынып кетип калган деп ким айтты болду экен. Бул жерден Роман Ивановичтин айтпаганы белгилүү болуп турат, муну Юрий Павлович гана айтышы мүмкүн, себеби ал институт земледелияга келип кетип, булар менен байланышып жүрбөйбү. Мени таарынып кеткен дебей эле жөн эле жумуштан бошоп кеткен десе деле болмок да, мен анда Роман Ивановичти бир эле жолу көрүп аны менен таарынышпай эле өз каалом менен кетпедим беле. Өткөндө Куту аба да эмнеге таарынып кетесиң деген. Топурагым жеңил жаным таарынып кетти делип, жаман атты болгон экенмин да. Өзүбүзгө жумушка алып алсак болмок экен деп калган элек дегени мен жөнүндө сөз жалгыз Энвар Алиевичтин өзү менен гана болбостон бул жердеги мени тааныган чоңдордон Усы Григорьевич да болушу мүмкүн, себеби өзүбүзгө дегени плодоводство боюнча кадр маселесин ушул экөө гана чечиши мүмкүн же Азыков да кийлигишти болду бекен деген ойдо бара жатып Конокказы абамдын квартирасына кандай жеткенимди билбей калдым.Квартирага кирип барсам Рая жеңем Уланга тамак берип жатыптыр. Мени көрө коюп ордунан тура калды. -Ой, кандайсыңар,
- деп менден мурда салам айтканда, -Жакшы, өзүңүз кандай жакшы турасыңарбы.
Конокказы абам кайда кетти эле?- дедим.-Абаң түштө тамагын ичип алып китепканага кеткен, гос экзаменге даярданып жатат. Өйдө өт, мен чай кое койойун,- деп суу алып келгени чайнегин алып тышка жөнөдү. Мен Уланды жерден көтөрүп алып бетинен өөп, кайра отургузуп койдум. Ал өз алдынча отуруп калыптыр, жакшы бакканга уурту салаңдап олбурлуу экен. Көздөрү бакырайып энесине түспөлдөшүп калыптыр. Рая жеңемдин атасы кыргыз, энеси орус экен деп уккан элем. Рая жеңем атасына окшош болсо керек, орусча аралаштырып сүйлөгөнү болбосо кыргыздарга окшош эле. Көздөрү бакырайып кара торусунан келип, чачтары капкара, орто бойлуу, сулуусумак,
ачык айрым, менден бир жаш кичүү эле. Өзү адеп келгенде орусча аралаштырып сүйлөп шаарлыктарча жүргөнү менен улам барган сайын карапайым, ак көңүл, боорукер боло баштаган. Биздин үй-бүлөөбүзгө адамкерчиликтүү,
сый мамиледе болуп, үй-бүлөөбүзгө алынып бараткан. Рая жеңем кирип келип, плиткага чай коюп, мага кайрылып, -Үйдөгүлөр жакшы турушабы, атам-энем оорубай жакшы жүрүшөбү, өзүң жөн жай эле келдиң беле?- деп сурады.-Ооба баары жакшы үйдөгүлөр жакшы турушат. Мен кечээ түнү семинарга келген элем. Бүгүн институт земледелияда семинарда болдум. Учураша кетейин,- деп келип калдым,- дедим.-Эмне үчүн кечээ эле келген жоксуң бул жерге жатып алып, эртең менен барсаң жетишет элең да?- деди.-Антсем деле болмок көпкө жүрбөгөндөн кийин бир жолу семинар бүткөндөн кийин келейин дедим,- десем Рая жеңем, -Кана айылдагы жаңылыктарды бир башынан айта бер. Мен чай кайнаганча баланын тамагын бере койойун?- деп тарелкада калган тамагын кашык менен сузуп Уландын жебеген оюна койбой,- кана оозуңду аа деп чоң аччы? аап –деп сугунта баштады.Мен айылда болгон жаңылыктарды айта баштадым. Уланга тамагын жедирип бүткөндө чай кайнады. Дасторкон жайып, чайын белендеп мага чай куюп бере баштаганда Конокказы абам келип калды. Аны менен учурашып, айтып жаткан сөзүмдү уланттым, экөө угуп бүтүшкөндөн кийин Конокказы абам, -Он бешинчи майга чакырыш керек турбайбы, канча киши барышы керек экен,- деди. -Аны кудалар өзүлөрү билип барышат да, андан көрө сиз эртең менен кабарлашыңыз керек, он бешине чейин болгону он күн калды. Алар да камынышы керек,- дедим.-Ооба кабарлайын Ырысбекке эле айтсак, ошол телефон чалат да,- деп Рая жеңемди караганда, Рая жеңем, -Сен эртең менен Ырысбекке барып айт, мен не бар, не жок папама телефон чалып сүйлөшөйүн,
-деди. Мен алардын сөздөрүнө аралашып, -Туура кыласыңар мындай нерсени бышыктап койбосо чала угуп же уккпай калышса уят болобуз,- дедим.Үчөөбүз тең сагынышып калган экенбиз үй-бүлөө, турмуш жөнүндө сүйлөшүп жатып, түн ортосунда араң уктаганы жаттык. Эртең менен эрте туруп чай ичкенден кийин мен айылга кетүүгө жолго чыктым. Конокказы абам окуусуна кетти. Рая жеңем менен Улан квартирасында калышты.Он бешинчи майга бир күн калганда иштеген жеримден суранып алып айылга барсам, таяэне, таякелерим,
эже-жезделерим,
Конокказы абамдар келишип куда тосууга камынып жатышкан экен. Бирөөлөрү отун жарып жатышса, бирөөлөрү борсок бышырып, дасторконго коюуга тамак аш даярдап малаң-батаң түшүп жатышыптыр.
Мен дагы бир нерселерин кармашып аларга аралашып кеттим. Эртеси күнү түш убагында адегенде Конокказы абамдын кайындары келишти, алар жактан төрт эркек, жети аял эле. Рая жеңемдин атасы Казакбай куда Тогуз-Торо районунун военкому болуп иштеп жатыптыр. Наамы подполковник экен. Ал орто бойлуу, толмоч, көздөрү бакырайган,
чачтарын артына тараган, ачык айрым, баскан турганы тың киши. Энеси Меда кудагый күйөөсү курактуу орус улутундагы орто бойлуу, толмочунан келген, мүнөзү токтоо аял экен. Алардан тышкары куданын эки карындашы күйөөлөрү менен дагы эки аял, эки эркек киши шоферу болуп келишиптир.
Өткөндө Рая жеңе жаңы келгенде Конокказы абамдар менен кошо келген Ырысбек жездеси дагы келиптир. Ал мурда келгендик кылып, келери менен биз менен аралашып кетти. Ырысбек отуздарга чукулдап калган, орто бойлуу, арык чырай, сулуу сумак, мурутчан, сөзгө чебер, ачык айрым жигит. Жакындан бери телевизорго чыгып калды. Кесиби журналист эле. Алар бир топ жайланып отуруп калган кезде, күн бешим ченде менин кайындарым келишти. Алар сегиз эркек, тогуз аял шоферу менен он сегиз киши экен. өңчөй кудалар эле төркү үйгө толуп калышканда биздин ага- туугандардан,
таяке-тайлардан аралашып отурсун деп келген кудалардын жаштарын берки үйгө бөлүп отургуздук.
Коноктор эки үй толтура болуп калды. Менин кайын атам Кеңеш элүүлөргө барып калган, узун бойлуу, арык чырай, чап жаак, кара тору, ачык айрым киши экен. Аңөстөн мектебинде аскерге даярдоо боюнча сабак берет экен. Угушумда жогорку аскердик училишаны бүтүрүп, военный болуп иштеп жатканда атасы өлүп калып карыган энесин андан бөлөк багаар кишиси жок (өзү менен уялаш бир тууганы жок) шарты келбей калып энесин бакканы айылына келиптир. Азыркы убакта наамы капитан экен. Ошентип экөөбүздүн тең кайын аталарыбыз военный кишилерден болуп чыкты. Кайын энем Акиза кырк жаштар курагындагы орто бойлуу, толмочунан келген, ак жуумал, ачык айрым аял экен. Шалбаа айылдык кенешинин катчысы болуп иштеп жатыптыр. Экөөнөн тышкары Толкундун тая энеси, таяатасы Сатар мурда эле каза болуп калыптыр ал колхоздун башкармасы болуп жүргөн атактуу киши экен. Эки таякеси аялдары менен келиптир, улуу таякеси Адык Караколдо мектепте мугалим болуп иштеп жатыптыр, ал отуз бештерге барып калган, толмочунан келген, орто бойлуу, ачык айрым жигит экен. Кичүү таякеси Асакай мен курактуу арык чырай, орто бойлуу, мүнөзү токтоо жигит көрүнөт. Экөөнүн тең аялдары иштешпей үйлөрүндө экен. Кичүү таякеси айылында курулушта мастер болуп иштеп жатыптыр. Ал Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүптүр, энеси ошонун колунда чогуу турат экен. Экөө тең бала чакалуу болуп калыптыр, улуу таякеси бөлүнүп кетип Караколдо жашап жатыптыр. Таяэжеси күйөөсү менен келиптир. Алар Ичке- Булуңда мектепте мугалим болуп иштешет экен. Таяжездеси Өмүраалы отуздарга барып калган орто бойлуу, толмочунан келген, кара тору, ачык айрым жигит экен. Таяэжеси Эркингүл орто бойлуу, толмоч, ак жуумал, жыйырма бештен өтүп калган мүнөзү токтоо келин экен. Кайынатамдын аталаш жакын тууганы Мукаш мурда эле каза болуп, балдары жаш экен алардан киши келбептир. Мукаштан эки кыз. Улуусу Бурмаш Ак-Дөбөгө, кичүүсү Кермеш Дарханга турмушка чыгыптыр алар да келбептир. Алардан башка жакыныраак туугандарынан Амантай аялы менен Карыпжан эки эркек эки аял келиптир. Биз жактан таяэне, таякелерим,
эже-жезделерим,
куда-сөөктөн бир айылда тургандыктан Вера эжемдин кайынатасы Качы куданы кемпири менен чакырганбыз.
Туугандардан Жамыш, Садырбай абамдар аялдары менен алардан тышкары конок узатышкан туугандарыбыздын жаштары болуп үй менен короо толуп калды.Мурда эле тай менен бир койду союп койгон элек. Кудалар келгенден кийин бир койго бата тилеттик, кудалар таңды таң атканча отуруп эртеси түштөн кийин кетүүгө камына башташты. Адегенде жол алысына караштыбы Конокказы абамдын кайындары кетишти, андан кийин бешим ченде менин кайындарымды узаттык. Ошентип эки куданы бир чакырып алышып ата-энем бир чоң милдеттен кутулушкандай болушту. Эки кудасы тең жакшы узап кетишкенине алар кубанып калышты.Биз Толкун экөөбүз коноктор узашкандан кийин жумушубузга кеттик. Толкун звенодогу аялдар менен иштеп жүргөн, бир күнү түн ичинде жаткандан кийин менин колумду курсагына коюп, -Кармап көрчү,- деди, мен кармап көрсөм муштумдай болуп томпойгон нерсе колума уруна түшкөндө, -Бул эмне,- десем-Сүйүнчү боюма болуп калыптыр,- деди,- мен дагы бул эмнеси деп коркуп кошуна аял Пашага барып көрсөтсөм «бул бала коркпой эле кой, боюңа болуп калган турбайбы»-деди.
Сага сүйүнчүлөйүн деп кечке күттүм,-деди.
Менин кубанганымды сураба, -Чын элеби,-деп оордумдан секирип тура калып жарыкты күйгүзүп Толкунду өпкүлөп жибердим. Кайра жаткандан кийин улам-улам кармалап оорутуп албайын деп сылап жатып уктап кетиптирмин.
Эртеси күндөгүдөн эрте туруп, бир километрдей аралыкта роза гүлдөрүнүн көчөттөрү өстүрүлгөн жерден ар түркүн түстөгү розалардан бир кучак үзүп келип Толкунга бердим, Толкун гүлдөрдү көрүп абдан кубанды. Бул белегим Толкунга жагып калганынан күндө кечинде же түштө роза гүлдөрүн үзө келип берип жүрдүм. Дем алыш күндөрү бирде Дарханга барсак, бирде Аңөстөнгө барып жүрдүк. Аңөстөндөгү Толкундун үйүндөгүлөрү жээк жааттары менен улам барган сайын жакындан тааныша баштадым. Кайын атам адеп мен ойлогондой болбой жакшы адам болуп чыкты. Ал киши жок барга карабаган аккөңүл, айкөл, боорукер, карапайым адам экен. Барган сайын экөөбүз ата баладай болуп сырдашып, болгон сырыбызды жашырышпай кеңешип турчубуз. Мен да ал жакка барганда тынч тура албай өз үйүмдөй болуп, шымаланып жумуштарын жасап кирчүмүн. Быйыл жазында барганда алма, алмуруттардын көчөттөрүн отургузуп, короо жайларын иреттеп, эски бактарын кесип, тартипке келтирип эркек баласы кичине болгондуктан кайын атамдын колу жетпеген жумуштарды бүтүргөнгөбү кайын атам ыраазы болуп мени өз баласындай көрүп сыйлап турчу. Үйгө кетерибизде өзү бир километрдей жердеги аялдамага чейин узатып келип автобуска салып жүберчү. Толкун он бир тууган, тогуз кыз бир эркек, эң улуу эжеси Турсунду багып алышыптыр ал Фрунзедеги университетти бүтүп күйөөгө Кочкор районуна Жолдошбек деген жигитке турмушка чыгыптыр. Экинчиси Чолпон Аңөстөндүк сүйлөшкөн жигити Асанга турмушка былтыр күзүндө чыгып, быйыл окуусун бүтүрүп азыркы убакта күйөөсү Фрунзедеги Кой-Таш гарнизонунда прапоршик болуп иштеп жаткандыктан ошол жакка кетиптир. Алар анда-санда эле келип турушаар эле. Жакында кыздуу болушуп атын Айжан коюшуптур. Мен Асан бажамды Аңөстөнгө барганда бир да жолу жолуктура алган жокмун. Чолпондон кийинки Толкун, андан кийинкиси Бактыгүл онду бүтүп үйүндө болчу, андан кийин Атыркүл быйыл тогузунчу класста окуп жаткан, анан Алмагүл сегизинчи класста, Акжолтой сегизинчи класста, Рахат бешинчи класста, Болдукан үчүнчү класста окушчу. Эң кичүүсү Талантбек төрткө чыгып бешке кеткен.Кайын атам эркек балалуу болууну зарыгып күткөндүктөн уулу төрөлгөндө кубанганынан уулумду көрөмүн деп эшик тоскон аялдарга моюн бербей төрөтканага кирип барып уулунун бетинен өөп чыгып, айылына баргандан кийин он чакты күн той бериптир.Кайын атамдар малдуу болушкан, үй жай, короо жайлары иреттүү, өз жашоолоруна тың жашашчу. Кирип турган үйү беш комнаталуу чоң үй болуп, ичине паровой орнотулуп суу менен жылытылат экен. Андай жылыткыч чоңдордун үйүндө эле бар болчу. Толкундун сиңдилери атасы мугалим, энеси кызматкер болгондуктанбы же убагында окууларына даярданышып сабактан калбай барышкангабы жалаң төрт бешке окушат экен. Толкун да окуусун жалаң төрт деген баа менен аяктаптыр. Бир сөз менен айтканда тарбиялуу, маданияттуу үй-бүлөөлөрдөн болчу.Өз айылыма Дарханга барганда салынып жаткан үйдүн дубалын тургузууга усталарга берген элем. Курулушка керектүү материалдардын кем карчтарын усталарга толуктап берип, үйдөгү жумуштарга жардам берчүмүн. Үйдүн дубалын бышкан кирпич менен көтөртүп жаткам. Мурда он-он кылып фундамен куйган элем, кийин дагы эки жарым метр улап эми он-он эки жарым болуп үй абдан чоң болуп калды. Бышкан кирпич менен салынып, улам барган сайын көркүнө чыга баштады. Курулуш мекемелеринде тааныштарым көп болгондуктан ар кайсы жактан арзан материалдарга сүйлөшүп, бир жагынан өзүм таап келсем бир жагынан кошунам Замир МСОдо машина айдагандыктан ага арзаныраак алдырып жаттым.Ошондой дем алыш күндөрдүн биринде айылга барсак усталар үйдүн дубалынын жарымынан ооп терезелердин башына жетип калышыптыр.
Алар менен сүйлөшүп көрсөм азырынча курулуш материалы жетиштүү. Терезенин башына жеткенде арматура, цемент кошуп сейсмопояс куябыз, ага чейин контрамарканы тезирек биринчи күнү алып кел, болбосо сейсмопояс куйгандан кийин орното албай калабыз дешти. Мен аларга бүгүн алтынчы күнү быткомбинат иштебейт ага чейин башка жумуштарыңарды жасай бергиле. Биринчи күнү алып келип берүүгө аракет кылам, деп коюп үйгө кирсем энем Ырысбек энем үчөө чай ичип отурушуптур.
Толкун экөөбүз алар менен учурашып, ал жайларын сурап калдык, атам сугатына кетиптир. Конокказы абам окуусун бүтүп, Токмок шаарынын комсомол комитетинин экинчи секретары болуп орношуптур.
Рая жеңем комвольный комбинаттын кадрлар бөлүмүнө ишке кириптир. Үйдө мына ушундай жаңылыктар болуп, энем кубанып отуруптур. Аларды угуп биз дагы кубанып калдык. Конокказы абам окуп жүргөндө эле жалаң бешке окуп, группасынын старостасы болуп география факультетинин секретарынын милдетин аткарып университеттин коомдук иштерине активтүү катышып жүрчү. Өткөндө Фрунзеге барганда мага четин чыгарып университеттин жетекчилиги БК комсомолго мен жөнүндө рекомендация беришти, кудай буюрса окууну бүткөндө жакшы кызматка орноштурабыз деп жатышат деген эле. Эми минтип кыргызстандагы Фрунзеден кийинки эле чоң шаар Токмок шаарынын комсомол комитетинин экинчи секретары болуш оңой эмес эле. Аны уккандан кийин үйдөн жумуш жасагым келбей өзүмчө толкунданып көлгө барып, көлгө түшүп эс алып келүүнү чечтим.Түшкү тамагыбызды ичкенден кийин Толкун экөөбүз ээрчишип алып, көлгө жөнөдүк. Жайдын толуп турган кези болгондуктан көлдүн сезону башталып эл атту, жөө болуп көлгө чууруп турган учуру эле. Айылдын четине чыгаарыбыз менен машинага түшүп, көлгө бат эле жетип бардык. Толкундун курсагы чоңойуп калган эле, уялып жатам дегенинен элден обочорок барып чечине баштадык. Күн жаркырап тийип, кумдун ысыктыгы бутту ачыштырып куйкалайт. Көлдүн ичинде да жээгинде да эл абдан көп эле. Кичинекей балдар чыры-чуу болуп көлгө түшүп жатышты.Чоңдор көлгө түшкөнү көлгө түшүп, түшпөгөнү кумга жатып күнгө кактанып, отурганы отуруп, туруп жүргөнү ары бери көл жээктеп басып эс алып жүрүшөт. Көл тоолордун кучагында өз калыбында чалкып жатат.Жыбыраган толкундар куушуп келип жээке урунганда шырп-шырп эттирип, билинер билинбес үн чыгарып, кайра кетип жатышты. Биз Толкун экөөбүз чечинип болоорубуз менен толкундардын артынан көлгө кирдик. Ысып боргулданып тердеп турган жаныбыз, салкын суунун кучагына киргенде жан жыргаткан кереметке батып, дүйнөдө мындан артык жыргал жоктой сезилип ушул көлдө төрөлүп калганыма миң мертебе ыраазы боло түштүм. Эх кандай гана жыргал заматта денем чыйрала түшүп, көңүлүм көтөрүлө түштү. Толкун да ырахатка батып, көлдөн тургусу келбей мемирейт. Экөөбүз жыргалга батып толкундар менен куушуп ойной баштадык. Бир топтон кийин кызыгыбыз тараганда жээктеги ысык кумга барып жаттык. Салкын тартып чыйрыга түшкөн денең ысык кумга тийгенде бул жерден да адеп ысып туруп көлнө түшкөндөй кереметке чулганасың дейсиң. Кандай айтаң да бул ирмемди айтып сөздү жеткире албайсың.
#55 23 August 2015 - 15:52
Мына ушундай ырахаттарга батып, жатканда газет, журналдардан,
телевизор, радиолордон «көптөгөн эс алуучулар көлгө келип булгап, акыр чикирлерди таштап кетип жатышат», дегендерин эстеп өзүмчө буулугуп ушундай кереметүү адам суктанарлык көлдү эмне үчүн булгашат. Ата-бабабыз бизге чейин татынакай келишсе биз эмне үчүн сактап кийинки муундарга калтырбайбыз,
деген ойлордон улам блокнотумду алып «Ысык-көлдү сактайлы» деген ырымды жазууга кириштим.Ысык –Көлдү булгап жатат деп угам,Уккан сайын ачууланып буулугам.Кыргызымдын кымбат баалуу сыймыгын,Булгап жатса кантим гана тим турам.Мен айтаарым көлдү булгап жатканга,Айбанды да теңебеймин мындайга.Башка айла жок туура келер бул жаза,Убал болбос колун кесип салса да.Ысык-Көлгө жакшы ойлууң келгениң,Асылдыгын,
баалуулугун көргөнүң.Жаман ойлууң жакындабай көлүмө,Кинолордон же сүрөттөн көргүнүң.Биз сактайлы кийинкиге калтыргандай,
Ата-баба өзүбүзгө тапшыргандай.
Алдында балабыздын баласынын,Жер карап уят болуп калбагандай.
деп, ырды жазып бүтүп башымды көтөрсөм Толкун карап отурган экен. Менин жазып бүткөнүмдү көрө коюп,-Кана окуп берчи,- деп калды. Мен ырды окуп берсем,- чын эле карачы кандай уяты жок адамдар бөтөлкөлөрдү сындырып, акыр-чикирлерди таштап кетишет,- деп биздин ары жагыбызда жаткан бөтөлкөлөрдүн сыныктарын,
консервалардын калайларын көрсөтүп, -сен ушул ырыңды газетага бербейсиңби,
балким окушса мындай кылбай калышаар,- деди. Мен: -Мындан эки үч жыл мурда ондон ашуун ырымды газетага жибергенмин бирок ал жактан эч кандай жооп болгон эмес ал ырлар жоголуп кеткен, эми баарын чогултуп туруп, кийин жиберем го,- дедим. Менин ырым экөөбүзгө болсо да таасир эттиби, бөтөлкөнүн сыныктарын,
консервалардын калайларын,
акыр-чикирлерди жыйнап, чуңкурга салып үстүнөн көөмп салдык. Андан кийин экөөбүз ээрчишип кайра көлгө кирдик, Толкун чабакты жакшы билчү эмес эле, ага караганда мен чабакты жакшы билбесем да бир аз үйрөнүп калган элем. Ага чабак үйрөтүп жаткам. Ал мен кармап астынан өйдө көтөрүп турсам сууну чалпылдатып чапкылап, аракет кылганы менен кое берсем эле чөгүп кетип жатты. Жедеп тажай баштаганымда,
-Чабакты кийин үйрөнөөрсүң эми сүзгөндү үйрөтөйүнбү,
- десем, Толкун кубанып кетип, -Анда сүзгөндү үйрөтсөң,- деп калды. Экөөбүз көлдүн ичинен көкүрөгүбүзө чейинки тереңдигине барып, көлдүн түбүн карасак, көлдүн тунуктугунан түбүндөгү кумдан өйдө көрүнүп турду. Толкунга, -Сен көлдүн түбүн жакшылап карап тур, менин буту колум кандай кыймылдап, сүзүп бара жатканымды көрүп, кийин мени туурап сүзгөндөй бол,- дедим да өзүм өйдө секирип туруп, башым менен тик сайылып, көлдүн түбүнө кирдим.Толкун карап турганга болгон аракетим менен сүзөйүн деп бутумду сепкенде бутум катуу бир несеге тийгендей болуп катуу ооруп кеткенине, -Бутум, бутум ташты тээп алдым,- деп бутумду кармап алып, Толкунду карасам, ал, -Көзүм, көзүм,- деп көзүн басып алып ыйлап жатыптыр. -Ой сага эмне болду,- десем, сен көлгө чумкуганда көлдү тиктеп турсам, сенин бутуң келип бир тийди,- деди. Уялып кетип бутумду кое берип,- кана- деп колун ала койсом көзү көпкөк болуп чыгыптыр. Же күлөөрүмдү же кайгыраарымды билбей дендароо болуп тура калып, кайра ташты тээп алган экенмин деп бутум бутум деп тура калганымды эстеп, күлкүмдүн келгенине чыдабай каткырып жиберсем Толкун: -Эмне шылдың кыласың,- деп ыйлаганынан аны бир жагынан сооротуп,-Ой мен атайын тепкен жокмунда, өзүң байкабайсыңбы,
- деп күлкүмдү тыя албай жатсам, ал дагы мага кошулуп бирде ыйлап, бирде күлүп жатты.Экөөбүз көлдөн чыгып кийинип алып үйгө келсек энем Толкундун көзөн көрүп алып, жер жебериме жетип, -Бул куурагырды ушунча да көзгө койосуңбу,- деп атырылып бир тийди. Мен түшүндүрүүгө аракет кылып,-Соккон жокмун бутум тийип кетти,- десем мага ишенбей Толкундан сурап, окуянын чоо жайын билип, -Байкооң экен,-деп кайра өзү да каткырды. Бизди көрүп уккандардын баары күлүп жатышты.Эртеси мен жумушка жалгыз кетип, Толкун көзүнүн көгөргөнүнөн элге көрүнгөндөн уялып үйдө калды. Бактын ичиндеги чөп чабылып бүтүп, карагат бышып, карагат терүү өнөктүгү башталды. Звенодогу аялдар көчөттөрдү улаштырууну бүтүп, эми баардык жумушчулар менин карамагыма өтүп, мурда бир жумада эки күн дем алыш болсо эми дем алыш күнү эле эс алып калышты. Ушундан баштап кеч күзгө чейин бактагы жумуштар күчөп, өзүбүздүн жумушчулар жетишпегендиктен сырттан, райондун ичиндеги мекемелерден райком аркылуу жумушчуларды алып иштетер элек. Быйыл да тыштан жумушчулар келип иштей башташты.Жылдагыдай эле таңдан түндүн бир оокумуна чейин жумушта жүрүп, үйгө түнөгөнүм болбосо таң күнүм талаада жүргөнүм жүргөн эле. Мурунку жылдардагыга караганда ишке такшалып калган элем. Баардык жумуштарга өз убагында жетишип, камчы салдырбай иштеп жаттым. Мурдагыдай эле Асанбек Туратбековичтен,
Роман Ивановичтен тарбия алгангабы ишке талапты катуу койуп, тартипти бекем кармагандыктан өзүбүздүн жумушчулар болобу, тыштан келип иштегендер болобу келе жаткан караанымды алыстан көрүшкөндө отурган жумушчулар тура калып иштеп калышар эле. Жумуш убагында ичкилик ичүү, жумуштан кечигүү, жумушка себепсиз келбей калуу чанда эле болбосо көп болчу эмес. Мен дагы жумушчуларды сыйлап эмгегин туура баалап, жакшы иштеген жумушчуларга сыйлык бердирип турчумун. Жумуштан суранышса жүйөөсүнө карап, жумуштан бошотуп турар элем. Кемчилик кетиргендерин болсо бетине айтып, элдин алдында уяткарып эмгек акысын кесип, сөгүш бердирип чара колдончумун.
Өзүм да жумуш убагында, жумушту баардык эрежеси менен так жүрүп, башкалардан да тактыкты талап кылып турчумун.Плодопитомник алма багынан алынган мөмө жемиштер, башка айылдардын багынан алынган мөмө жемиштерине караганда өзгөчө болуп көрүнүп тураар эле. Мурда заготконторада товаровед болуп иштеп турганда колхоз, совхоздордон,
элден алынган алма, өрүк, алмурут болобу плодопитомниктин алма, өрүк, алмурутуна караганда өңү, түсү, сапаты жагынан айырмаланып туруучу.Плодопитомниктин алма багы агрономиялык жактан баардык эрежелер сакталып, убагында сугарылып, даарыланып,
азыктандырылып,
кесилип өстрүлгөндүктөн экинчи сорту он пайыздан ашчу эмес. Биринчи сорттогу мөмө жемиштери абдан сапаттуу болуп, карап эле тургандай дандуу келип, көркүнө чыгып турчу. Бактан алынган түшүмдү сатууга келгенде, плодопитомник совхозу кардар издеп убара болчу эмес. Кардарлар дайыма кезек күтүп турушаар эле. Алма бакты аралап жүргөндө шагы ийилип байлаган түшүмдү көргөндө, көңүлүм тоюп ошолордун ушундай өсүүсүнө өзүмдүн да салымым бар экендигине сыймыктанып,
толкундап «Бактын ичи», деген ырымды жазган элем.Кичинемден жакшы көрөм бактын ичин,Бир биринен сулуусунуп бой тирешкен.Күн нурунун ысыгынан коргоп мени,Мөмөсүнө кошуп алып бапестеген.
Түркүн куштар сайрап турса обон салып,Эч талбастан уккум келет моокум канып.Бетиңден элпек сылап, эркин жели,Байкасаң он сегизде кыз жыттанып.Мөмөсүнөн бышкан кезде үзүп алып,Тиштесең ууртуңдан ширеси агып.Эх чиркин! Бактын ичи кандай сонун,Жеткире мактоо кыйын сөз табылып.Иштешкен жетекчим чогуу иштеген коллективим жакшы болуп, өзүң сүйгөн кесибиңде иштегендиктен жумушка бара жаткандай болбой эле, майрамдаганы бара жаткандай болуп, эртең менен ишке чыгарда үйдөн көңүлдүү чыгаар элем. Керели кечке тыным албай, иштеп жүрсөм да, түн ичинде үйгө келсем да келгенде кабагым кашым дебей Толкунга уккан көргөн кызыктуу окуялар жөнүндө айтып берип, кайгы-капа, санаа дегенди билбей ойноп күлүп, жаштыктын жигери менен турмушубуз көңүлдүү өтүп жатты.Убакыт өткөн сайын алма бактагы жумуштун сезону аяктап, күн салкын тартып айлана-чөйрөдөгү өсүмдүктөр сары түскө бөлөнүп алтын күз өзүнүн бийлигин кышка өткөрүп берүүгө камына баштады. Элдин эмгеги колуна тийип, өстүргөн өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйнап, малы жайлоодон семирип келип, күз берекесин төгүп, ак төөнүн карды жарылып турганда «Күз», деген ырымды жаздым.Күз келгенин билгизип,Берекесин кең берип.Эмгегиңе жараша ал,Жыл азыгың ушул деп.Өсүп жаткан өсүмдүк,ӨМөмөсү бышат жетилип.Алтын түскө бөлөнөт,Уругу жерге себилип.Мал жайлоодон семирип,Маңкайа басат керилип.Керектейсиң четинен,Баардыгы тегиз көрүнүп.Эмгекке турсаң берилип,Алдыга чыксаң бөлүнүп.Көптүгүнөн тамак-аш, Идишке батпайт төгүлүп.Жыйым терим аякташын күтүп тургансып, кыш да кирип келип, алгачкы карлар жаай баштады.Толкундун ичиндеги бала, ай күнүнө жетип, бүгүн эртең төрөлөт деп, күтүп калган чагыбыз эле. Эки жарым жылдан бери күтүп жүргөнгө Толкун экөөбүз тең ичиндеги бала кыймылдаган сайын, жетине албай, ар кайсыга жоруп, бирибиз эркек десек, бирибиз кыз деп, бирибиз жоош эле болот ко десек, бирибиз тентек эле деп, ичтеги баланын кандай болоорунан өйдө өзүбүзчө жоромолдоп,
батырак эле төрөлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жаттык.Бир күнү таңга маал түрткүлөп ойготконунан тура калсам,-Турчу,
ичим ооруп жатат,- деди. Аны укканда ордумдан атып тура калып, кийине салып,-Мен автобустун шоферун ойготуп келейин, сен ага чейин кийинип, автобустун от алган үнү чыкканда, гаражга басып бара кал,- деп коюп, Сашанын үйүн көздөй жөнөдүм.Үйдөн чыкканда жерге жарык жаңыдан кирип келе жаткан экен. Анын мурунку күнү кар калың жаап салган, күн суук болуп турган экен. Тизеден келген карга түшкөн чыйыр жол менен карды кычырата басып жөнөдүм. Менин табышымдан ойгонгон иттер, ажылдап үрө баштады. Өзүмчө кубанып жүрөгүм алеп жалеп болуп, толкунданып бара жаттым. Сашканын үйүнө барсам, үйүнүн жарыгы өчүп турган экен, мурда эскертип жүргөндүктөнбү,
«Саша, Саша» деп эки жолу кыйкырганда эле, үйүнүн жарыгы күйдү. Ары бери басып турсам, Саша бат эле кийинип чыга калды. Экөөбүз учурашып,-Жүрү Саша Толкунду роддомго жеткирели,- десем,-Ананчы жеткирбегенде жүрү кеттик,-деди жылмайып. Экөөбүз шаша-буша гаражга басып келип, автобусту от алдырганча Толкун да келип калды. Чулумбай абышканын кемпири гаражды кайтарчу эле. Автобустун от алганын угуп ал дагы чыга калып Толкунга:-Жакшы барып, аман эсен көз жарып кел,-деп каалоо тилегин айтты. Сашка үчөөбүз роддого келгенде, таң атып, жарык болуп калган. Роддомдогулар дагы эле уктап жатышкан экен. Мен Толкунду төрөп жиберчүдөй көрүп, шашкан бойдон, эшигин катуу койгулап жиберген окшойм, же азыр дегенин укпай калгамынбы,
эшикти койгулап жатсам, отуздарга чыгып калган бир аял чыга калып,-Ой эмне болуп баратасыздар эшикти ачканча, деги тынччылыкпы ыя,-деп көзүнүн чаарын чыгара караганда, анын сөзүн этибарга албай, жылмайып күлүп,-Саламатсызбы,
сиздерге киши алып келдик эле,-деп кичи пейил учурашсам,тиги менин жылмайып турганымды көрүп, уруша албай жибип кетти окшойт.-Келгиле,
кире кой,- деп Толкунга жол бошотуп киргизип кетти. Эшиктин алдында Саша экөөбүз ары-бери басып турсак, жанакы Толкунду киргизип кеткен аял Толкундун кийимин алып чыгып,- азыр бара бергиле эки үч сааттан кийин келип билип кетсеңер болот,- деди. Мен ага ыраазычылыгымды билдирип кийимдерди алып, Сашка менен кайра кеттим. Ал күнү кечке төрөт үйүнө эки саттан эле санаам тынбай бара бердим. Барган сайын төрөй элек деген жооп угуп кетип жаттым. Аягында түнкү саат он экиде келсем дагы эле төрөй элек экен. Эртеси эртең менен келмей болуп үйгө кеттим. Эртеси эртең менен эрте Байгазыга барып, аны өзүм менен чогуу ээрчитип алдым. Түнү бою санаам тынбай аман-эсен төрөсө экен деп уктап ойгонгон сайын ойлонуп жатканмын. Ошондонбу жүрөгүм акылдап, тезирек эле Толкундан кабар алсам экен деп шашкалактап,
бат батан басып алдыга бара жаттым. Байгазы улам артта калып, -Акырыныраак бассаң боло, эми барабыз да эмне шашып жатасың,- дейт. Мен анын сөзүн укканда чын эле дегендей кылып, акырындап калып, кайрадан катуулап басып, алдыга чыгып кеткенимди билбей калып жаттым. Байгазы болсо ар кайсыны сүйлөп бара жатты. Анын сөзүнө кулак төшөмүш болуп «ии, ооба», дегеним менен бүткүл ой санаамдын баары төрөт үйү жакта эле. Ичимден аман эсен төрөдү болду бекен, эмне төрөдү экен, деп бара жаттым. Төрөт үйүнө жакындаганда Байгазы алдыга чыгып,-Беке мен угуп, сага сүйүнчүлөйүн,
- деди.-Мейлиң,
- деп артта калдым. Ал адегенде төрөт үйүнө кирип кеткен. Санаам тынбай артынан кирип барсам, Байгазы сүйүнчү дегендин ордуна,-Оой,
кыз экен,- деди кайра чыгып келе жатып, мен анын түрүн көргөндө эмне кылаарымды билбей жалдырап туруп калдым. Кайра эсимди жыйып, кыз болсо эмне болмок эле, а деле бала да деген ойго келе калып, маңдайымда турган, төрөт үйүндө иштеген аялга сүйүнчүгө берем деп колума кармап алган акчаны бере салдым. Ал аял акчанын көп экенин көрө коюп, -Ой рахмат, рахмат, деп кубанып кетти.Көрсө Байгазы удаа эки кыздуу болуп эркек балалуу боло элек болчу. Кыз деп укканда, иренжий түшүп сүйүнчү сураганды унутуп, калган окшойт. Ошентип куру калды. Мен кайрадан өз калыбыма келип, жүрөгүмө кубаныч пайда болуп, жүзүмдү күлкү аралап, кайрадан кыз, эркегине маани бербей Толкун менен учурашып, баламды көрсөм деп төрөт үйүнүн терезе жак бетине чыктым.Төрөт үйү эки этаж болчу. Төрөгөн аялдар экинчи этажында жатарын мурунтан билип жүргөндүктөн терезелерди карап турсам, экинчи этаждын терезелеринин биринен адегенде Толкун көрүнүп, Терезе жабык болгондуктан,
сүйлөгөн сөздөрү угулган жок, мен кыйкырып:- Кандай жакшыбы, бала кана көрсөтчү,- дедим. Ал уктубу азыр дегендей кылып бир аздан кийин жалайакка оролгон кызыл эт баланы терезеден көрсөткөндө,
жүрөгүм болк дей түшүп, ичимден «кудайа тобо кичинекей болсо да ушунчалык окшош болобу», дедим. Өзүмө окшоштугуна абдан таң калып, оозумду ачып калыптырмын.
Кайра өзүмө келгенде, абдан толкунданып,
кубанганымдан эмне кылаарымды билбей Толкунга мен азыр, көрүндүгүңдү алып келем деп койуп, Байгазы экөөбүз дүкөндөрдү көздөй жөнөдүк.Ошол адеп биринчи балаалуу болгон күн жана Толкундун баланы терезеден көрсөтүп турганы ушул күнгө чейин али көз алдымда турат. Биз дүкөндөн шампан, шоколад, гүл алып келип, Толкунга берип койуп кайра көчөгө чыктык. Ары өткөн, бери өткөн тааныштардын баарына «балалуу болдум жентек берчүмүн» деп адегенде көчөдөн арак алып берип баштап, андан кийин ресторанга киргизип залокко паспортумду берип, бүгүнкү ресторанга киргендерди менин эсебимден тейлегиле, балама баталарын беришсин, балалуу болдум дегенге чейин барыптырмын.
Өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдү жоготкончо ичиптирмин.
Бир убакта башымды көтөрсөм чоочун үйдө жатам. Мурда андай башымдан өтпөгөн жаным, жүрөгүм шуу дей түштү. Уялганымдан жуурканды бетиме жаба салдым. Туй ата көчөгө жатып калып элге уят болгон экенмин го, ушундай да болобу, элге журтка шерменде болот деген ушулбу, абийирим төгүлгөн экен го, тааныштар көрүшсө эмне дешти болду экен. Ушул сыйактуу толгон токой суроолор башыма үйүлүп эмне кыларымды билбей калдым жаңыдан эле таң атып баары уктап жатышкан окшойт, үйдүн башка бөлмөлөрүнөн да табыш угулбайт.Кимдин үйүндө жатып калганымды билип алуу максатында ордумдан акырын туруп, тамдын боорундагы сүрөттөрдү карай баштадым. Сүрөттөрдүн арасынан талаптык теңтуш балам Бокен аялы Анардын сүрөттөрүн көрүп, ичимден бир азга болсо да санаам тына түшүп, Бокендин үйүндө экенимди билдим. Кадимкидей чечинип жатыптырмын.
Же өзүм чечингеним же бирөө чечиндирип жаткырганы белгисиз. Үйдөгүлөр турганча кайра төшөгүмө жатып, эмне болгонумду эсиме түшүрүүгө аракет кыла баштадым. Толкунга көрүндүгүн алып барып бергенден кийин Байгазы менен кайра центрге келип, тааныштар менен ары бери өткөн тааныштарды чакырып мен бүгүн балалуу болдум, деп сүйүнчүлөсөм,
ой жентек ичет турбайбызбы дешкенинен Байгазыны жиберип, он бөтөлкө Экстра арагын алдырганымды алар менен иче баштаганымды андан кийин жоон топ киши менен ресторанга кирип, официантка бүгүнкү ресторанга киргенимди менин эсебимден тейлегиле. «Бүгүн мен балалуу болдум, балама баталарын беришсин», деп паспортумду берип, жатканымды билем. Андан кийин эмне болгонумду эсиме түшүрө албай койдум. Бир жагынан башым ооруп, сар санаага чөмүлүп, кыйналып жатсам Бокем колуна арак закускалар салынган патносун көтөрүп үстүмө кирип келип, -Ой Беке кандай эс алдың, кече катуу кеткен турбайсыңбы,
башың ооруп калса керек,- дегенде-Боке катуу кеткенди сураба эс учтан танганча ичип уят сыйытты жыйыштырып койгон турбаймынбы,
көргөн эл эмне деди болду экен. Көргөн билгендериңди башынан аягына чейин айтып берчи,- десем, -Кое тур аны шашпай айтып берем, сар санаа болбой эле кой. Анара экөөбүз башынан аягына чейин чогуу болдук. Өзүңдү жашынакай эле алып жүрдүң. Эч кимге жаман айтканың жок, үйгө келгенде өзүң эле чечинип жаткансың,- деп арак куя баштаганда,
-Боке жаман көрбөсөң аракты ичпей эле койолу, аны көрөйүн деген көзүм жок ичмек турсун, көргөндө эле кускум келип жатат, ушунча болуп катуу ичип баш жазып көрө элек элем. Андан көрө суюгураак кылып шорпо жасатып жиберчи,- дедим. Бокен: -Анда мейлиң,- деп патносун көтөрүп кайра чыгып кетти. Мен туруп кийинип алып, артынан чыктым. Короодо Бокендин атасы жүрүптүр. Салам айтып, «бул киши мас болуп келгенимди көрүп калса керек»,- деген ой менен көзүнө тик карай албай уялып ары карап басып кеттим. Ал киши алик алып,-Кандай эс алдың балам, жакшыбы?- дегенде, -Жакшы,- деп бир сөз менен жооп берип жанынан кеткенче шаштым. Огородко барып ары бери басып, кар менен бети колумду жууп, эс алып жүрсөм, Бокен келип, чайга чакырганда үйгө кирдим. Тышкы үйдө ата-энеси отурганын көрүп, Бокенге өзүбүзчө отуралычы деп түндө жаткан үйгө кирдим. Бокен Анарага айтып чайды мен отурган үйгө белендеткенден кийин экөөнөн өткөн күнкү окуянын баштан аягына чейин, айтып берүүлөрүн өтүндүм.Көрсө мындай болуптур. Биз Байгазы экөөбүз тааныштар менен көчөнүн бурчунда ичип жатсак, Бокен менен Анара өтүп бара жатса, мен аларды чакырып алыптырмын.
Бир топ ичип кызып калгандан кийин, -Жүргүлө ресторанга киргизип жентек беремин,- деп ондон ашуун кишини ресторанга киргизип, официантка тамака заказ берип, тамак менен бир эки сапар ичилгенден кийин кайра официантты чакырып,- бүгүн киргендердин баарын менин эсебимден тейлегиле, баталарын беришсин,- деп паспортумду бергенде Анара официанттын артынан барып, ага түшүндүрүп «бул жигит мурда такыр ишчү эмес, эле, бүгүн биринчи балалуу болуп кызып калыптыр», деп заказ берген тамак-аштын акчасын менден алып төлөп паспортумду кайра алып коюптур. Ресторандан чыккандан кийин тааныштарды силер бара бергиле, биз эптеп алып кетели» деп таратышып, мени алдап автобуска салып, Талаптын тушуна келгенде түшүрүп калышыптыр.
Жетелеп отуруп үйүнө алып келишип, төшөк салып берип жаткырышыптыр.
Аларды уккандан кийин санаам тына түшкөн менен, ушунчалык көп ичкеним үчүн өзүмө өзүм ачуум келип, ичимден өзүмдү жемелеп «мас болуп жүргөнүмдү кимдер көрүштү болду экен, алар эмне дешти, иштеген жеримдегилер,
үйдөгүлөр көрүп билишсечи, анда шерменде болгонум да», деп чоң күнөө кылгандай болуп жаттым. Түш оогончо Бокендикинде болуп чай, ысык тамагын ичип, эс алып өзүмө келгенден кийин Бокен, Анара болуп ысык тамак, чай алып алып, Толкунга барып тамак кийрип, тааныгандардан айылга айттырып жиберип, плодопитомниктеги үйүмө кеттим. Ал күнү алдымдан чыккандарымдын баары эле менин мас болуп жүргөнүмдү көрүп калышкандай болуп, көздөрүнө тике карай албай чала-була учурашып, «эмне ушунча ичип мас болосуңбу»,
деп айтып жиберишпегей эле, дегендей кылып уялып жүрдүм. Эртеси эртең менен жумушка чыгып эл менен аралашып кеттим. Кудай жалгап чогуу иштегендерим мас болуп жүргөнүмдү көрбөй калышкан окшойт. Эч кимиси ал жөнүндө сөз кылышкан жок. Ошол ичкеним мен үчүн чоң сабак болуп калгандыктан,
балалуу болушумду куттуктап келгендер менен аярлап ичип ууртап татып ооз тийип берип, ар кайсы шылтоону айтып, ичкенден баш тартып жаттым.Толкун төрөт үйүнөн чыккандан кийин, жентек берип ага- тууган, тели-теңтуш,
куда-сөөк, кайынжуртум,
чогуу иштешкендеримди чакырып жентек берип жаттык. Жентектин аягы жаңы жылга аралаш араң бүттү. Кызымдын атын Мээрим койдум. Мээрим адегенде жоош болуп, уктап эле жатчу эле, кийинчерек ыйлаак боло баштап, түнкүсүн тынчыбызды ала баштады. Балам балалуу болгондо билесиң, бала боор эт менен тең дегендей кичине эле сыркоолонуп ыйлап калса, үстүнө үйрүлүп түшө калып, эмне кылаарыбызды билбей бирибиз догдурга чуркап, бирибиз кыргызча ырымдатканы кемпирлерге чуркап, алапайыбызды таппай калып жаттык. Кыштын күнү болуп күн суук болгондуктан,
мурункудай айылчылабай,
кечкисин үйдөн чыкпай калдык. Балалуу болгондон бери айылга баруу да ойго келбей калды. Жаңы жыл тоскондон кийин Фрунзеге бир ай окууга сессияга жөнөмөкмүн.
Ал убак жакындаган сайын бир ай бою баламды көрбөй жүрөөрүмдү эстегенде кадимкидей коркуп кетчү болдум. Ал күндөрү жумушка барып келгенден кийин баламдын жанында болуп, ал уктаган убакта түн ортосуна чейин телевизордон олимпиадалык оюндарды көрүп жаттым. Ошол жылы Москвада олимпиадалык оюндар болуп жаткан.Убакыт деген токтобойт да күн артынан күн өтүп жаңы жыл да кирип келди. Бул жаңы жылда биринчи жолу өзүмдүн үй-бүлөөм менен өзүбүзчө плодопитомниктеги үйүбүздө тосмой болдук. Мурда эле балаты, оюнчуктарды сатып келип, үйдү кооздоп койгон элек. Түнкү саат он экиде Мээримди ойготуп Толкун үчөөбүз жаңы жылды тосуп алдык.Мындан эки жарым жыл мурда плодопитомнике жалгыз келсем, эми үчөөбүз болуп, өзүмчө үй-бүлөө курганыма жетине албай, кубанып, толкунданып жатып, башыма ушул жыйырма беш жашка чыгып, чейрек кылым жашаганча турмушумда кандай жетишкендиктерге жеттим. Эмнени бүтүрдүм деген суроо келип, ага жооп берүү үчүн артты карай кылчайдым.Эс тарткандан карапайым малчынын үй-бүлөөсүндө,
көп балалуу үй-бүлөөдө ата-энеме жардам берип, мал багышып, эл катары мектепте окуп, турмуш жолунда алгачкы кадамдарымды шилтеп, табият таанып, ата-бабалар,
каада-салт жөнүндө акыл насааттарды угуп, турмуш жолумда кезигүүчү кыйынчылыктарга,
жыргалчылыктарга жолугуп, алгачкы кадамдарды артка калтырып, сапарымды улап, уядан учкан балапан сыяктуу бийиктикке карай сапар алдым. Техникумга окууга тапшырып өтүп, окуп жатып жашым жеткенине байланыштуу эркек баланын милдети болгон армияга барып, ийгиликтүү кызмат өтөп, андан кийин окуумду улантып, аны бүтүрүп билим алып жаштыктын шаттуу күндөрүнүн коштоосунда улам бийиктеп отуруп, тоо таяна баштадым, сапарым андан ары уланып, алган билимимди элим үчүн, өзүм үчүн турмуш жолумда пайдалануу максатында жолдогу тоскоолдуктарга карабай жумушка орноштум. Өзүмдүн өмүрлүк жарымды таап үйлөндүм. Жолумдан адашып, кайра жолума түштүм. Окуумду улантып, билимимди жогорулатууга умтулуп чоң окууга өттүм. Үй сала баштадым, балалуу болдум, улам бийиктеген сайын турмуштан алган тажрыйбам көбөйгөнү менен жолум дагы улам оорлоп алдыга чоң-чоң милдеттерди коюп келем. Аздыр-көптүр турмуштун жолундагы сапарымда эмгек кылып, билим алып, ушул деңгээлге жетип, өз алыма жараша тоого чыкканым менен дагы алдыдагы турмуштун туу чокусуна чыкканча эчендеген катаал жолдор бар экенин сезип жаттым. АЯГЫ
Саат 12. 30/ VI. 2006 ж

Супер-Инфо
super.kg
видео








