Адамдардын эң жакшысы жана эң жаманы Даанышман заттар мындай дешкен: Бир адам адамдардын оюндагыны түшүнө ала турган болсо, жоголгон нерселердин кайда экенин билсе, ар кылган дубасы кабыл болсо, бул таң калаарлык абалдар Аллаху тааланын жакшы көрө тургандыгынын белгиси эмес. Ыйманы, ишеними туурабы? Харамдардан сактанабы? Парздарды, сүннөтөрдү аткарабы? Тактап айтканда, динибизге моюн сунабы? Аллаху тааланын жакшы көрө тургандыгынын белгилери мына ушулар. Антпесе, таң калаарлык абалдарды көрсөткөн ар адам олуя боло бербейт. Мындай абалдар эгер капырларда,
жаман адамдарда байкалса "истидраж” (сыйкыр) деп аталат. Мусулмандарда байкалса "керемет” деп аталат. Истидраж да, керемет да, экөө тең риязат, тактап айтканда, көп кыйынчылык тарткандарда болот. Кыйынчылык көрбөгөндөрдө да байкалуусу мүмкүн. Чыныгы аалым Ахли сүннөт аалымдарынын китептери боюнча аракеткылат,
фыкых китептерине ылайык сүйлөйт. Ал эми олуя адам фыкых китептери менен катар устаздарынан келген фейздерге, марифаттарга да ылайык сүйлөйт. Зулумдук жана азап менен өлгөн мусулман шейит болот жана Жаннатка кирет. Капырлар жабырлануу менен өлсө да шейит боло албайт. Шейиттик бир гана мусулмандар үчүн. Жаннаттын эшиги – ыйман, ыйманы болбогон адам Жаннатка кире албайт. Курани каримге өз алдынча маани берген адамдарды ээрчүү, аларды угуу жаиз эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз:
«Кимде-ким Аллахтын сөзүнө өз акылы менен, өзүнүн оюндай маани бере баштаса, өз акылынан тафсир кылса, ал адам капыр болот», -деген. Кутулуу жолу – Ахли сүннөт аалымдарынын жолу. Имам Раббани хазреттери:
«Ахли сүннөт жолунан кылдай айрылган адам Тозокко түшөт», - деген. Ахли сүннөт аалымдарынын жолунан кыл чамасындай айрылган дин адамдарына "аалым” эмес, "дин-ыйман каракчысы” деп айтылат. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам):
«Адамдардын эң жакшысы – аалымдардын жакшылары. Адамдардын эң жаманы да – аалымдардын жамандары»,
-деген. Аалымдардын жамандары – өз акылдары боюнча фатва бергендер, өз көз-карашын динге кошкондор. Дүнүйөдөгү эң чон нимат – туура ыйман. Ошондой эле, кол жеткизүүгө эң кыйын болгону да – туура ыйман, тактап айтканда, Ахли сүннөт ишениминде болуу. Анткени, Пайгамбарыбыз:
«Менин үммөтүм 73 агымга бөлүнөт. Алардын 72-си Тозокко түшөт. Ишеними туура болгондуктан жалгыз бир жол гана кутулат. Ошол кутулгандар – менин жамаатыма жана сүннөтүмө багынгандар»,
-деген. Бул жердеги жамаат – Асхаби кирам (сахабалар) деген сөз. "Сүннөт” сөзү сүйлөмдө жалгыз колдонулган кезде "Ислам дини” дегенди билдирет. «Ахли сүннөт вал жамаат» сөз айкашы ушундан келип чыккан.
- (2 )
-
- 1
- 2
Ислам ахлагы Адеп-ахлак
#22 17 April 2016 - 14:23
Урматту мусулман бир туугандар "Ислам ахлагы " электрондук китебинен көчүрүп турам.Админ башка тема менен бириктирбеңиз.
#23 17 April 2016 - 14:25
Көркөм мүнөз бардык адамдар үчүн чоң табылга болуп саналат.
Ыйман келтирип, мусулман болгондон кийин жакшы мүнөзгө ээ болгон адам тегерегиндеги бардык адамдардын ыраазычылыгын алат, акыретте дагы Аллаху таала андан ыраазы болуп Бейишке киргизет.
“Ислам Ахлагы” жалпы окурмандарга арналып, адамдын табиятын таанытып, напси жана көңүл тууралуу кеңири түшүндүрмө берет.
Окурманга илгертен эле ата-бабаларыбыздын макал-лакаптарында жана эпос, дастан ж.б., чыгармаларда дайыма макталып келген көркөм мүнөздү үйрөтүү менен бирге жаман мүнөздөр кайсылар экендигин жана алардан кутулуунун чаралары тууралуу да баалуу насыяттар камтылган.

#24 17 April 2016 - 14:27
Бисмиллахиррахманиррахим
Ислам динин тааныткан көптөгөн китептер бар. Булардын ичинде эң баалуусу Имам Раббанинин 3 томдук “Мектубат” китеби. Мындан кийин Мухаммед Масумдун 3 томдук “Мектубат” аттуу китеби эсептелет.
Хазрети Мухаммед Масум Мектубаттын 3-чү тому, 16-чы катында мындай дейт: “Ыйман дегенибиз – калимаи таухиддин “Лаа илаха иллаллах” жана “Мухаммадан Расулуллах” деген эки бөлүгүнө тең бирдей ишенүү”. Б.а., мусулман болуш үчүн Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар экендигине да ишенүү керек. Аллаху таала Жабраил аттуу периштеси аркылуу Пайгамбарына
Курани каримди жиберди. Курани карим – Аллаху тааланын сөзү. Курани карим Мухаммед алейхиссаламдын ойлору эмес, же болбосо, философтордун же тарыхчылардын сөзү эмес. Мухаммед алейхиссалам Курани каримди тафсирлеген, б.а.,маанисин ачып түшүндүргөн. Бул түшүндүрмөлөр хадиси шариф деп аталат. Демек, Курани карим менен хадиси шариф диндин негизин түзөт. Дүйнөнүн миллиондогон Ислам китептери Курани карим менен хадиси шарифтердин түшүндүрмөлөрү болуп саналат. Мухаммед алейхиссаламдан келбеген сөз Ислам китеби боло албайт.
Ыйман жана Ислам дегенибиз - Курани карим жана хадиси шарифтерге ишенүү дегендик.
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) сөздөрүнө ишенбеген адам Аллаху тааланын сөздөрүнө да ишенбеген, б.а., ыймансыз болуп эсептелет. Мухаммед алейхиссалам Аллаху тааладан келген кабарлардын бардыгын сахабаларына үйрөткөн. Сахабалары буларды шакирттерине үйрөтүшкөн. Алар болсо бул илимдердин бардыгын китеп кылып жазышкан.
Ошол китептерди жазган аалымдар ахли сүннөт аалымдары деп аталат.
Ахли сүннөт китептерине ишенген адам Аллаху тааланын сөзүнө ыйман келтирген болот, б.а., мусулман болот. Аллаху таалага шүгүр, биз динибизди дин реформисттеринин, атеисттердин ойдон чыгарып жазган китептеринен эмес Ахли сүннөт вал-жамаат аалымдары жазган китептерден үйрөнүүдөбүз.
Расулуллах: “Үммөтүмдүн арасында фитна, фасад (бүлүк) жайылганда сүннөтүмө жабышкан адамга жүз шейиттин сообу бар”, - деп айткан.
Сүннөткө жармашуу Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуу жана аларга жараша амал кылуу менен гана жүзөгө ашат. Мусулмандардын төрт мазхабынын кайсынысынын аалымы болсо да Ахли сүннөт аалымдары деп аталат. Ахли сүннөт аалымдарынын башчысы - Имам Азам Абу Ханифа Нуман бин Сабит .

#25 17 April 2016 - 14:30
АЛГЫ СӨЗ (1)
Аллаху тааланын дүйнөдөгү бардык адамдарга деген мээрими чексиз. Адамдарга керектүү жакшылыктарды жаратып, баарына жиберүүдө. Дүйнөдө жана акыретте бакытка жетүүлөрү үчүн бул жакшылыктарды кандай колдонуу, кандай пайдалануу керектигин да көрсөткөн.
Кулдарына ойлонуу үчүн бир өмүрлүк убакыт берген. Напсилерине, жаман досторго, зыяндуу китептерге жана чет элдик маалымат каражаттарына алданып куфурга түшүп калгандарды жана жаңылыш жолдо жүргөндөрдүн ыйман келтиргендерди кечирет. Аларды түбөлүк балакеттерден куткарат. Ал эми азгын, залым кулдарына хидаятты (ыймандуулукту) насип кылбай, аларды өздөрү жактырган, каалаган, ичине түшкөн капырлык баткагында калтырууда. Акыретте Тозокко кирүүсү керек болгон момундардан каалагандарын күнөөлөрү бүткөнгө чейин Тозокто азап тарттыргандан кийин кайра Бейишке киргизет. Бүткүл жандууларды жараткан, бардык нерсени дайыма бар кылып турган, баарын коркунучтан жана кыйынчылыктардан коргоп турган – жалгыз Ал.
Кимде-ким каалаган бир убакытта, каалаган бир жерде, каалаган бир адамга, каалаган бир нерседен улам, каалаган бир түрдө мактоо жана шүгүр кылса, ушул мактоолордун жана ыраазычылыктардын баары - Аллаху таалага таандык. Себеби, бардык жакшылыктарды жаратуучу, жиберүүчү дайыма Аллах. Ал ойго салбаса жана күчкубат жана мүмкүнчүлүк бербесе, эч ким эч кимге жакшылык жана жамандык кыла албайт. Дайыма анын тилегени болот. Анын тилебегенин эч ким жүзөгө ашыра албайт. [Хадис-и кудсиде:
“Инсандарды мени таануулары үчүн жараттым”, - деп айтылган.
Муну угуп “капырлар дүнүйөдө Аллаху таалага ишенбей жатышат.
Бул хадис-и шариф жүзөгө ашпай жатат го” деп айтуу туура эмес.
Себеби, аалымдар, олуялар белгилүү бир деңгээлге көтөрүлгөндө, белгилүү бир жашка чыкканда, Аллаху тааланы тааный башташат.
Капырлар да акыретте таанышат. Тааныбаган адам калбайт.]

#26 17 April 2016 - 17:58
Ассалааму алайкум биртуугандарым.
Ушул болумго тема ачарда бираз эринбей алды жактарды барактап чыксак кандай болот? - себеби эн эле активдуулугу жок темалар ушул дин болумуно ачылат да, анан 1, 2 бет болуп активдуулугун жоготуп, эч ким жазбай калат, натыйжада темалар кобойо берет...
http://www.super.kg/ ...opic=89866&st=0
http://www.super.kg/ ...opic=89866&st=0
#27 18 April 2016 - 05:10
"Ислам ахлагы " китеби темасы менен бириктирилди.
Ibragim06, маңызы окшош темаларды бир эле темада улантсаңыз болот.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#28 18 April 2016 - 09:31
Туугандар китептин аты ошондой болсо эле окшош тема дегенге болбойт.бул китеп тема эмес.тырмакчанын ичине жазылып анан китеби деп жазылып турат.
#29 18 April 2016 - 09:39
Бардык нерсенин жолу бар.Динди түшүнгөн адамды алып келип дин жана философия темаларын каратып чыгыш керек .Керексиздерин өчүрүп салгыла.Анан бир динди түшүнгөн админ керек тартипке салып турат.тартипке салыш үчүнда ошол темалар боюнча адис керек.болбосом кайдан тартип болсун
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео