Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 183
  • 184
  • 185
  • 186
  • 187
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3681 Пользователь офлайн   rnurzida   19 Август 2015 - 20:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения osh93 (19 Август 2015 - 12:16) жазган:

Э Акимдин созу жогору,
Акимдер менен да, айтышсак болобу?
Силерге мындай суроону:берсем эгер болобу?
Канча саат уктайсынар, тун кирсе деле чыкбайсынар:)


Айлык канча толонот,
Бизге теги эле унчукбайсынар.
Келе бергиле айтышка,
Эл ичинде, тумчукбайсынар.


Канча саат тундо,
Уктайсынар?
Чындыкты айтып турганда,
Кызыл сыя менен чаап
Муштайсынар. :)


Амансыңбы Ош иним
Алгач салам кийин сөз
Деген хадис бар экен
Ушуну да иним сен билгин.
Билбей калдым эже деп
Кечиримди сураба сен кийин

Ошондуктан иничек
Алгач амандашып алалы
Колдон келсе кичине
Анан сага жооп жазалы.

Акимдин сөзү дейсиң жогору
Жогору деп эле амандашпасаң болобу
Аким имиш деп тетир караба
Саламдашып эле иним коелу.

Ден соолугуң чың болуп
Ыйманыңа тың болуп
Жүрсөң керек Ош иним
Жашоо сенде зыңк болуп.

Кызыгып бир калыпсың
Акимдердин ишине
Акимдик деле татаал иш
Билинбеген меен кишиге.

Үкүнүн көзүн жегенсип
Уктабай жүрсөк форумда
Уктабайбы булар деп
Ойлобой тургун оюңда.

Уйку качып кокустан
Форумду жүрсөк тыткылап
Куубай турчу иничек
Бизге атайын ыр курап.

Сураптырсың айлыкты
Карап көрүп капчыгым
Анан сага айтайын
Канча акча түшкөн ачыгын.

Айтсам эгер айлыкты
Айына биз алабыз
жок дегенде бир тайлыкты
акимдиктин арты менен буйруса
топтойбуз го дейм бүт байлыкты ))

Эки сөздүн башын араңдан
Улаштырып койдум мен
Айла жок эми кантейин
Акын болбосоң ушул экен
Эптештирип жазганын эжеңин
Сындабай окуй бер ээ сен
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3682 Пользователь офлайн   osh93   19 Август 2015 - 21:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Айланып келип айылга,
Салам бергем баарына.
Айтып алым саламым,
Жашынып калгам кайынга.



Акимдер качан келет деп,
Кун сайын кутуп чарчагам.
Анан Биринчи ник менен салап берип,
Экинчиси менен Акимдерге тийишип таштагам.




Алсанар бир тайлыкты,
Анда топтоп бутупсунор го
Байлыкты.
Аким эле болот окшой,
Чонтоко салып айлыкты;)


Ден-соолук баары жайында,
Кудай берди баарына.
Кечкирген тандын саары бар,
Кекчилдин дагы жаны бар.
Жаш кездин улгайган бар,
Тай деген бир жаныбар.



Анда тай алсанар,
Айлыкты.
Орозодо ичтинерби?
Саарлыкты.
Жашоонуз анда барлыкбы?
Багып атасызбы? Анан тай деген жандыкты.



Эки сап эмес, коп сапты
Бириктирип жазыпсыз.
Хадис менен чаптап эже,
Мени катуу чабыпсыз.
Илиминиз да, бар окшойт,
Хадич менен суйлоп жатыпсыз. Э.. Ээ... Эээ.. :)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3683 Пользователь офлайн   kirgizstan   23 Август 2015 - 14:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 014
  • Катталган: 08 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2020 14:03

Просмотр сообщения Aruushaa (13 Август 2015 - 10:13) жазган:

Уа алейкум ассалам,
Саламың жоопсуз калбасын.
Айтышам десең сен эгер,
Кол чаап тосуп аламын.
Каерден келдин кандайсын,
Атың ким кандай жайдансын.
Сиз дейминби, же сенби?
Улуусунбу канчадасын?
Кош келип ушул айтышка,
Ыр түрмөгүн чачыпсын.
Жамбаштайм чекеден,
жарылып эле алыпсын.

Ооой ырахмат сага Айтайын
Кубантты саламды алек алганын
Мен да кыргыз Кулуну
Баткен жердин тургуну
Сиз эмес сен деп кайрылсан
Сый урматтын болгону
Ырларды окуп башынан
Илхомым келди капыстан
Жон эле жазып кеткенмин
Алайын деп жамбаштан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3684 Пользователь офлайн   kirgizstan   23 Август 2015 - 14:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 014
  • Катталган: 08 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2020 14:03

Просмотр сообщения Kuiruchuk (14 Август 2015 - 10:49) жазган:

Ва алейкум ассолом
Келиниз.
Элге ырдап бериниз,
Кайдан болот элиниз.
Канчада? Сиздин жашыныз,
Того бериниз коркбой.
Элден алдын ашыныз
Канча сиздин башыныз
Экообу же бирби?


Анан ойлобонуз айтып атат,
Кайдагы эки башты бул жинди:D:
Кеп кезегин создукпай,
Озумду эми ооздуктай.
Жыла берейин секиин,
Калбаныз анан жоолукпай.




Эми туруп турайын оолукбай,
Сиз жазыныз кооздук ай.
Анан ырларыныздын арасын,
Калтырыныз боштук ай.

Кечигип жаздым таарынба
Бошобой калдым жумушта
Эми жазам тапкан талантка
Жалгандан кошпой апырта
Элимди айтсам,Баткен
Кадамжай деген жеринен
Жашымды айтуу туурабы
Сен дей бер мени эми сен
Элге го ырдап берейин
Элден ашып алга кетпейин
Окшошпой калса ырларым
Кечирим сурап эптейин
Башымды айтсам кулбогун
Бироону экоо кылып бутодум
Азыр моонтип кубанып
Эки баш болуп жургонум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3685 Пользователь офлайн   Барс   23 Август 2015 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Enesai минтип жазыптыр:
"Барс агай,ырынызды окуп журом,
"Айтышка киреби?",- деп кутуп журом,
Форумга коп башбакбай калгансызбы?
Эрте эле алдан-кучтон тайгансызбы? "
Ага жооп:

Енесай, улансыңбы, кызсыңбы айланайын,
Кайдан билдиң Барс агаңдын картайганын.
"Айтышка" кирбей жүрөм, аның чындык,

Акындардын билмейин анык дайнын.

Сенден мурун биз далай айтышканбыз,

Сөздү сөзгө кынашып тартышканбыз.
Аксакалдар кезек берип коелу деп,
Айтыштын айылынан кайтышканбыз.

Бараандуудай атың да, салабетиң,
Мактоого татыктуудай аракетиң.
Айтышкың келип турса мени менен,
Чакыра кой жетсе эле дараметиң.

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 23 Август 2015 - 16:33

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3686 Пользователь офлайн   Topchubai   23 Август 2015 - 16:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

йе дениз Барс агай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3687 Пользователь офлайн   Барс   23 Август 2015 - 16:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

ЙЕ! дедим, Топчубай! :)

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3688 Пользователь офлайн   Topchubai   23 Август 2015 - 16:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Барс агай,мумкун болсо,озунуз тууралуу бир эки шингил ырга салып тааныштырбайсызбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3689 Пользователь офлайн   Барс   23 Август 2015 - 17:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Силер бир аз "тиш салгыла" анан баштайын!
Сүрөт
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3690 Пользователь офлайн   Барс   23 Август 2015 - 17:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Бир акын жок, бүгүн топту жарганга,
Кетет окшойм айтышпастан арманда.
Кээ бирөөлөр теңине албай жатат го:
"Койчу Барсты, ырдай албайт карган да"...

Эскилери күттүрбөстөн келчү эле,
Эргип, эргип, элге ырдап берчү эле.
Эмдикилер кайда жүрөт жашынып,
Эң биринчи өнөрүмдү көрсө не?!!

Атигиниң убактымдын тардыгы,
Айтып ырды бошотсом деп кардымы.
Атайы эле келип калсам "Айтышка" ,
Азыркылар эмне ырдан жардыбы?

Келбей турат эч кимиси чакырсам,
Укса дагы укмаксан го бакырсаң.
Укмуш күлүк акындарың байкалбайт,
улам карайм ыр жолдорун акмалап,
көрүнбөйт-ов, билинбей-ов такыр чаң!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3691 Пользователь офлайн   Барс   23 Август 2015 - 17:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Атиң арман убактым көп болгондо,
аргымактай салып алып жол жорго,
Силер менен күндө айтыш курмакмын,
Бирде ойдо, бирде чыгып тоолорго.

Атиң арман бүгүн колум бош эле,
Айтышайын деген бир ой ошо эле...
интернетим тынбай иштеп сүйүнтүп,
Сүрөп жаткан илхамыма кошо эле.

Келбедиңер, кирбедиңер эч кимиң,
кайра-кайра ырдай берип өттү күн.
Эгер менде убак болсо кокустан,
Кайрадан бир кирип коем кечкурун.
Төкчү болсоң, төкмө болсоң төк бүгүн! :))))
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3692 Пользователь офлайн   Enesai   23 Август 2015 - 17:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Барс (23 Август 2015 - 16:28) жазган:

Enesai минтип жазыптыр:
"Барс агай,ырынызды окуп журом,
"Айтышка киреби?",- деп кутуп журом,
Форумга коп башбакбай калгансызбы?
Эрте эле алдан-кучтон тайгансызбы? "
Ага жооп:

Енесай, улансыңбы, кызсыңбы айланайын,
Кайдан билдиң Барс агаңдын картайганын.
"Айтышка" кирбей жүрөм, аның чындык,

Акындардын билмейин анык дайнын.

Сенден мурун биз далай айтышканбыз,

Сөздү сөзгө кынашып тартышканбыз.
Аксакалдар кезек берип коелу деп,
Айтыштын айылынан кайтышканбыз.

Бараандуудай атың да, салабетиң,
Мактоого татыктуудай аракетиң.
Айтышкың келип турса мени менен,
Чакыра кой жетсе эле дараметиң.


Агай,айылга келип калыпсыз?
"Улансынбы, кимсин?",-деп,
Кайрылып суроо салыпсыз?
Оорчулук эгер келбесе,
Барактап артын окунуз,
Айтышкан биздин ырларга,
Сыноочу агай болунуз!
Жакшылап окуп издээрсиз,
Уланмынбы,кызмынбы,
Кимдигимди билээрсиз?

Бир саат моонот бериниз,
Ырымды жазып алайын,
Алдынызда кызарбай,
Айтаарга созум табайын?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3693 Пользователь офлайн   Барс   23 Август 2015 - 17:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Жаза гой, ырың, жаза гой,
Титиресин аза бой.
Акыл, накыл кептердин,
Алтынын иргеп каза гой.
Оозуңдан ырлар чуурусун,
Омоктуу сунуш таза ой.

Акындык деген дөөлөт ал,
Айтар сөзү сөөлөт ал.
Бир саат эгер жетпесе,
Эки сааттык мөөнөт ал.
Айтыштын шарты ушундай,
Алың жетсе жөөлөп сал.
Эгерде ырым жакпаса,
Эч нерсе болбойт көөлөп сал.

Баса, "барактап артын окубадым"
Уят дедим артка барсам кокуй аным!!! :)
Кызы экени билинди кылыгыңан,
Тереңине кирбейин окуянын...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 23 Август 2015 - 18:00

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3694 Пользователь офлайн   Enesai   23 Август 2015 - 18:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Барс (23 Август 2015 - 17:34) жазган:

Бир акын жок, бүгүн топту жарганга,
Кетет окшойм айтышпастан арманда.
Кээ бирөөлөр теңине албай жатат го:
"Койчу Барсты, ырдай албайт карган да"...

Эскилери күттүрбөстөн келчү эле,
Эргип, эргип, элге ырдап берчү эле.
Эмдикилер кайда жүрөт жашынып,
Эң биринчи өнөрүмдү көрсө не?!!

Атигиниң убактымдын тардыгы,
Айтып ырды бошотсом деп кардымы.
Атайы эле келип калсам "Айтышка" ,
Азыркылар эмне ырдан жардыбы?

Келбей турат эч кимиси чакырсам,
Укса дагы укмаксан го бакырсаң.
Укмуш күлүк акындарың байкалбайт,
улам карайм ыр жолдорун акмалап,
көрүнбөйт-ов, билинбей-ов такыр чаң!


Агайга уят болдук деп,эптеп ырларын курап,Энесай агайдын жолун тосуп турат:

Агай,сабырдуу бир аз болунуз,
Бошоду эми колубуз!
Коп кундон бери куттуруп,
Айылга келбей койдунуз?
Айылдан алыс кетпениз,
Тордо экен сиздин ордунуз!

Урушбай мени турунуз,
Созуму агай,угунуз?
Оюмду жыйнап алайын,
Шашылбай эле жазайын?

Айылга кирбей кайтбастан,
Ат тизгинин бурунуз,
Конок болуп кетиниз,
Сиз болос,биздин улуубуз!
Эки ооз ыр жазып алгыча,
Аярлап бир аз турунуз?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3695 Пользователь офлайн   kirgizstan   23 Август 2015 - 18:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 014
  • Катталган: 08 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2020 14:03

Айтышууга келдим эле шашылып
Колтугума калем кагаз катынып
Оой женуучуго байгелери бар болсо
Ута салсам экен деп жарышып
Ары карайм бери карайм тигилип
Эч ким жокко айтышаарга тизилип
Кайда кетти акындар ай айтышпай
Сарсанаага мени салып дегдетип
Ырларымды жазып жатам жазып жатам
Деги барбы аранарда кол чапкан
Уялтырбай колдоооп турсанар
Тогоор белем мен да туруп капыстан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3696 Пользователь офлайн   Baichechek   23 Август 2015 - 18:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 16:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения kirgizstan (23 Август 2015 - 18:39) жазган:

Айтышууга келдим эле шашылып
Колтугума калем кагаз катынып
Оой женуучуго байгелери бар болсо
Ута салсам экен деп жарышып
Ары карайм бери карайм тигилип
Эч ким жокко айтышаарга тизилип
Кайда кетти акындар ай айтышпай
Сарсанаага мени салып дегдетип
Ырларымды жазып жатам жазып жатам
Деги барбы аранарда кол чапкан
Уялтырбай колдоооп турсанар
Тогоор белем мен да туруп капыстан

А бали агатай СүрөтСүрөтмен бармын сизди колдогон
кол чап деп дегдеп издебен


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3697 Пользователь офлайн   kirgizstan   23 Август 2015 - 19:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 014
  • Катталган: 08 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2020 14:03

Просмотр сообщения Baichechek (23 Август 2015 - 18:43) жазган:

А бали агатай СүрөтСүрөтмен бармын сизди колдогон
кол чап деп дегдеп издебен

Ой ырахмат сага ыраахмат
Кел алайын эми бир кучактап
Тескери ойлоп Чоочуп кетпегин
Журбойун анан куууундо апапптап
Гул сунган сенин колдорун
Карап такыр тойбодум
Мен да сага гул сунуп
Гул бакчага оройун
Атын укмуш байчечек
Олтурамын уулбу кызбы деп
Карап дагы албапмын ооо
Журок айтат кызго деп
Анда туруп карайын
Сен тарапка башты багайын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3698 Пользователь офлайн   Enesai   23 Август 2015 - 19:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Барс (23 Август 2015 - 17:56) жазган:

Жаза гой, ырың, жаза гой,
Титиресин аза бой.
Акыл, накыл кептердин,
Алтынын иргеп каза гой.
Оозуңдан ырлар чуурусун,
Омоктуу сунуш таза ой.

Акындык деген дөөлөт ал,
Айтар сөзү сөөлөт ал.
Бир саат эгер жетпесе,
Эки сааттык мөөнөт ал.
Айтыштын шарты ушундай,
Алың жетсе жөөлөп сал.
Эгерде ырым жакпаса,
Эч нерсе болбойт көөлөп сал.

Баса, "барактап артын окубадым"
Уят дедим артка барсам кокуй аным!!! :)
Кызы экени билинди кылыгыңан,
Тереңине кирбейин окуянын...


Агай,сизди сыйлайбыз-жоолобойбуз,
Урматтайбыз улуу деп-коолобойбуз,
Сизчилеп биз,тизмектеп жаза албайбыз,
Уйкаштыкты сиз тапкан-таба албайбыз!

Айтыштарда жазыпсыз-окуп журом!
Айтышканды аябайс-чочуп журом!
Тээ илгерки айтышкан акындардай,
Черинизди жазбайм деп-"коркуп" журом!

Жазганыма суранам-капа болбон?
"Картайыпсыз" ,-деп мен да,жаза койгом...
Шашкалактап ырымды жазып алып,
Чийки майды жегендей ойдо болгом!

Журсок дагы сизчилеп ырлар жазбай,
Айылыныз-коркундо, элсиз калбай,
Тээ илгерки акындар кайда кеткен?
Айылына кайрылып,келээр бекен?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3699 Пользователь офлайн   Enesai   23 Август 2015 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Topchubai (23 Август 2015 - 16:38) жазган:

йе дениз Барс агай!


Ие,Топчубай!
Агайды бизден озунуп тосуп,
Айтышка башбакчу эмес элен,
Бугун биринчилерден болуп?!
Ырын суроп,созун кошуп?

Бизди деле анча-мынча коштоп,
Айылдан кабар алып,жоктоп,
Эки сап ырынды жазып койсон,
Эжесин сыйлаган инилерден болсон?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3700 Пользователь офлайн   Enesai   23 Август 2015 - 19:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Enesai (17 Август 2015 - 19:52) жазган:

Барс агайды капысынан коро калып,артынан жетип-жетпей чуркап,"суз болгон айылынызга кайрыла кетиниз"деп Энесайдын ырдап турганы:

Алдыга акын салдырбай,
Ырларды тогуп жамгырдай,
Айылда жургон экенсиз!
Коп убакыт отуптур,
Кайрылып келээр бекенсиз?

Капыстан "кармап" форумдан,
Келгенче жазып колумдан,
Ырымды арнап койгонмун,
Админдер балким урушат,
"Тартипсиз" акын болгонмун!

"Ким эле?",-деп тан калып,
Сурабан элден жар салып,
Жаны эле киргем форумга,
Сиздей барктуу агайдын,
Жообун уксан сонун да!

Тоготпой жазбай койбонуз,
Айтыштын шартын ойлонуз!
Сыйлаган учун ыр жаздым,
Текебер агай болбонуз!
Убакыт таап биз учун,
Ыр саптарын жолдонуз?!


Агай,бул ырым дагы окулбай коз жаздымынызда калып кетпесин(арт жакты барактабай коёсузбу дейм да)
Сиз окуган ырымдан кийин эле жазылды эле,бир сааттын ичинде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 183
  • 184
  • 185
  • 186
  • 187
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 16:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: