Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 184
  • 185
  • 186
  • 187
  • 188
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3701 Пользователь офлайн   rumaika5544   23 Август 2015 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Барс агай келгенине кубанычтамын. Азаматсыздар! Баарыныздардын онорунуздорго БАЛИ!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3702 Пользователь офлайн   osh93   24 Август 2015 - 03:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения kirgizstan (23 Август 2015 - 12:26) жазган:

Кечигип жаздым таарынба
Бошобой калдым жумушта
Эми жазам тапкан талантка
Жалгандан кошпой апырта
Элимди айтсам,Баткен
Кадамжай деген жеринен
Жашымды айтуу туурабы
Сен дей бер мени эми сен
Элге го ырдап берейин
Элден ашып алга кетпейин
Окшошпой калса ырларым
Кечирим сурап эптейин
Башымды айтсам кулбогун
Бироону экоо кылып бутодум
Азыр моонтип кубанып
Эки баш болуп жургонум




Эл менен кошо жургун.
Жашоодо кайгырбагын,
АР-ДАЙЫМ, ойноп - кулгун.
Кудайым жашты берсе,
100-жылдай омур сургун.



Кечигип жазсан таарынбайм,
Мен сени анча сагынбайм;)
Келебергин жумуш буткондо,
Жазгынын анан жанылбай.


АР-ДАЙЫМ бирге журолу,
Бирге омур суролу.
Баткенден болсон жакшы экен,
Баткенге тоодон ары ашчу экен.
Баткендикти коргондо,
Башкалар кол чапчу экен.
Себеби: Баткен эли тамашаны
Тушунгон
Бир озгочо калк экен.


Озун сен де, дедин
Сен дедим.
Сенден да кечиримди сурайын,
Туура эмес, чыкса кебим:батан:
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3703 Пользователь офлайн   kirgizstan   24 Август 2015 - 11:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 014
  • Катталган: 08 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2020 14:03

[quote name='osh93' date='24 Август 2015 - 03:01' timestamp='1440363708' post='2531072' ]
Эл менен кошо жургун.
Жашоодо кайгырбагын,
АР-ДАЙЫМ, ойноп - кулгун.
Кудайым жашты берсе,
100-жылдай омур сургун.



Кечигип жазсан таарынбайм,
Мен сени анча сагынбайм;)
Келебергин жумуш буткондо,
Жазгынын анан жанылбай.


АР-ДАЙЫМ бирге журолу,
Бирге омур суролу.
Баткенден болсон жакшы экен,
Баткенге тоодон ары ашчу экен.
Баткендикти коргондо,
Башкалар кол чапчу экен.
Себеби: Баткен эли тамашаны
Тушунгон
Бир озгочо калк экен.


Озун сен де, дедин
Сен дедим.
Сенден да кечиримди сурайын,
Туура эмес, чыкса кебим:батан:
[/
Ой мейли сагынбасан сагынба
Шарт беле ушуну жазууга
Ким кимди турат дейсин сагынып
Чын дилден ушул форумда
Мен кутом сагынып ырларын
Жазгандар соонун сырларын
Окуп калам кээделе
Арасында чырларын
Сагынбайм сени деп атыып
Ар дайым бирге журолу
Бирге омур суролу
Деп кетипсинго калтырап
Ооа Ойлонбой эле сен дей бер
Сиз десен каарыгандай сезилер
Жазышып жатып сиз деген ыйык соз менен
Ойгонуп кетпесин жылуу сезимдер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3704 Пользователь офлайн   Барс   24 Август 2015 - 19:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Бүгүн кайра мен келдим,
Келдим да көөнүм ток болду.
Акындар азбы деген ой,
Аз-аздап барып жок болду.
Шүгүр акын көп экен,
Ширелүүсү жана соктору.
Кээси быкшыйт албетте,
Көп экен, бирок, оттору.
Балким кээси таң калып,
Мен келгенге шок болду! :)
Каадалуу акын келгенсип,
Антсе да көбү топтолду.
Келбесе дегем, чакырба,
Таланты такыр жокторду.
Ошондой эле адепсиз,
Оозу жаман шокторду.
Эми мен ырды токтоттум,
Эмнени айтам ох, болду!
Кийин дагы киргенче,
Куя бер атчу окторду.
Кайгырбагын, досторум,
Ырдап бүттүм, вот болду!!! :)

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 24 Август 2015 - 19:58

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3705 Пользователь офлайн   osh93   24 Август 2015 - 20:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Барс (24 Август 2015 - 17:23) жазган:

Бүгүн кайра мен келдим,
Келдим да көөнүм ток болду.
Акындар азбы деген ой,
Аз-аздап барып жок болду.
Шүгүр акын көп экен,
Ширелүүсү жана соктору.
Кээси быкшыйт албетте,
Көп экен, бирок, оттору.
Балким кээси таң калып,
Мен келгенге шок болду! :)
Каадалуу акын келгенсип,
Антсе да көбү топтолду.
Келбесе дегем, чакырба,
Таланты такыр жокторду.
Ошондой эле адепсиз,
Оозу жаман шокторду.
Эми мен ырды токтоттум,
Эмнени айтам ох, болду!
Кийин дагы киргенче,
Куя бер атчу окторду.
Кайгырбагын, досторум,
Ырдап бүттүм, вот болду!!! :)



Келиниз ава келиниз,
Элге коп-коп жазып бериниз.
Кирбеймин дебей кун сайын,
Кирип сагынычын элдин жазып
Бериниз.

Келген бир аа кенду,
Кое берген болобу?
Кое берген кенду,
Ошол адам онобу?
Карап корун агатай
Менин жазганым купулга толобу?
Саламдашбай оболу
Шашылып жазып ийипмин.
Акырында мен сизге,
Башым ийип салам берейин.
Жакындашып таанышып,
Сиз менен алайын дегеним.
Сын айтсаныз ырларга,
Катамды туздоп келейин.

Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 24 Август 2015 - 20:24

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3706 Пользователь офлайн   Барс   24 Август 2015 - 21:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Айтышка кирсем osh тосту,
Калгандары бош тосту.
Бакыргандар жок окшойт,
"Багынтамын ыр менен,
жериң эмес, космосту" !
Кезекке турган көп болот,
Кыйкыра айтып"пош- пошту".
Десем андай болбоду,
Анан не Барсты жоктошту?

Айтсам ырың Ош93,
Уланта бер чырагым,
Чынында ырга окшошту.



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3707 Пользователь офлайн   Enesai   24 Август 2015 - 21:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Барс (24 Август 2015 - 21:05) жазган:

Айтышка кирсем osh тосту,
Калгандары бош тосту.
Бакыргандар жок окшойт,
"Багынтамын ыр менен,
жериң эмес, космосту" !
Кезекке турган көп болот,
Кыйкыра айтып"пош- пошту".
Десем андай болбоду,
Анан не Барсты жоктошту?

Айтсам ырың Ош93,
Уланта бер чырагым,
Чынында ырга окшошту.


Агай,келипсиз бугун кайрылып,
Бизге бул жакшы жанылык,
Келсениз эле кайрадан,
Жонойсуз уйго шашылып?

Кечигип окуп калыпмын,
Кечээ да шашып жазыпмын,
Жоктугубуз билгизбей,
Ош иним тосуп алыптыр,
Жооп ырын сизге жазыптыр!

Аярлай турун бугун да,
Кечээгидей бат кайтбай,
Шашып жаздым бугун да,
Айтайын деген соз таппай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3708 Пользователь офлайн   Enesai   24 Август 2015 - 21:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Барс (24 Август 2015 - 19:53) жазган:

Бүгүн кайра мен келдим,
Келдим да көөнүм ток болду.
Акындар азбы деген ой,
Аз-аздап барып жок болду.
Шүгүр акын көп экен,
Ширелүүсү жана соктору.
Кээси быкшыйт албетте,
Көп экен, бирок, оттору.
Балким кээси таң калып,
Мен келгенге шок болду! :)
Каадалуу акын келгенсип,
Антсе да көбү топтолду.
Келбесе дегем, чакырба,
Таланты такыр жокторду.
Ошондой эле адепсиз,
Оозу жаман шокторду.
Эми мен ырды токтоттум,
Эмнени айтам ох, болду!
Кийин дагы киргенче,
Куя бер атчу окторду.
Кайгырбагын, досторум,
Ырдап бүттүм, вот болду!!! :)


Агай,ырды бизге жазып коюп,
Жообун алганга аябай шаштыныз го?
Мен эптеп ырымды термелеп,
Жазгыча тамга таппай темселеп,
Кетип калыпсыз уйунузго,
Женеме,шашылып суйуунузго!

Мен дагы форумга кээде кирем,
Аялмын,милдетимди жакшы билем,
Элдердей иштей турган жумушум бар,
Балдарым,эл катары турмушум бар.

Сиз жазганда,кээде окубай,
Кээде жумуш кылып бош отурбай,
Жоопторубуз кечигип калса эгер,
Болбодук ошол куну-демек бекер.

Кечирин,ыкчам жообун бербей калсак,
Эки саат,же эки кун кийин жазсак,
Айтышка биз да суусап шашылабыз,
Жарым саат убакытты эптеп тапсак!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3709 Пользователь офлайн   Барс   24 Август 2015 - 22:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Төкмө деген ошондой төгүп ырдайт,
Толкуну күч дайрадай көмүп ырдайт.
Аны уккан адамдын моокуму канып,
Ажайып бир дүйнөгө чөгүп жыргайт.

Төкмө акын ойлонуп отура албайт,
келип турат ырлары куюлушуп.
Сабы сапка эп келсе кыналышып,
Сөзү сөзгө эп келет жуурулушуп.

Дал ошону эл даңктап төкмө дешет,
Алар ырдан арканды көпкө эшет.
Ал ыр аркан өтө эле бышык болот,
Ошондуктан уккан элге кызык болот.

Ким төкмөлүк өнөргө жетип алса,
Анда эле Жараткандын берген багы.
Дал ошондой деңгээлге жетишкиле,
Аман болуп, алтындар, силер дагы!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3710 Пользователь офлайн   Enesai   24 Август 2015 - 22:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Барс агайга:

Анан,агай,кучтуу акындар айтышпаса,
Тенсинбей бизге жообун жазышбаса,
Биз,жанылар, кимден сабак алабыз,
Жетиле албай,чала акын бойдон калабыз!

Акыл-насаат ырынызды аябай,
Кечигип жазган жоопторго карабай,
Кабар алып турсаныз айылдан,
Ат бастырып келгенден тажабай?

Айтышса-созго сындырып жыккан,
Тилинен балы тамып,чаны чыккан,
СССР,Вайс акындар кайда кеткен,
Ыр колун,тизесинен кылып кечкен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3711 Пользователь офлайн   Enesai   24 Август 2015 - 23:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Барс (24 Август 2015 - 22:06) жазган:

Төкмө деген ошондой төгүп ырдайт,
Толкуну күч дайрадай көмүп ырдайт.
Аны уккан адамдын моокуму канып,
Ажайып бир дүйнөгө чөгүп жыргайт.

Төкмө акын ойлонуп отура албайт,
келип турат ырлары куюлушуп.
Сабы сапка эп келсе кыналышып,
Сөзү сөзгө эп келет жуурулушуп.

Дал ошону эл даңктап төкмө дешет,
Алар ырдан арканды көпкө эшет.
Ал ыр аркан өтө эле бышык болот,
Ошондуктан уккан элге кызык болот.

Ким төкмөлүк өнөргө жетип алса,
Анда эле Жараткандын берген багы.
Дал ошондой деңгээлге жетишкиле,
Аман болуп, алтындар, силер дагы!!!


Айылдан токмо таптынызбы, агай?
Айтышканга ылайыгы чыкпай,
Же уйго-кайттынызбы, агай?

Тен келчу озунузго акын таппай,
Таарынып,сиз бизге кеттинизби?
Уйунузго аман-эсен жеттинизби?

Мен дагы,уйумо анда барайын,
Тамак берип,балдарымды карайын,
Калган ырды,эртен эле жазайын!

Уч саптап сиз жазгандай жазып койдум,
Тортунчу сапты кошпой алып койдум,
Оюмду жыйнай албай-чачып койдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3712 Пользователь офлайн   Jeka   24 Август 2015 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Акын төрдө бар экен деп не жаӊылык?
Жарым түндө кире калсам мен "жаңылып"
Тааныш үндөр угулат кулагыма –
Көрсө айылга Барс аке кирген тура!

Куш келипсиз Барс аке айлыӊызга!
Соӊку кезде көрүнбөй калдыныз да
Элдин баары сагынып, күтүп калды
Аман-эсен жүрөсүзбү Аксыңызда?

Айтмакчы,
Анча-мынча күбүр-шыбыр угуп калдым
“Барс акеӊиз Аксыда эмес, шаарда” деген
Ошондуктан кызыгып, сурак салдым
Чын, төгүнүн угууга кулак салдым

Андан кийин,
Энесайдын соӊку ырларын окуп жатып
Эмнегедир эсим ооп, калдым катып
Ушул жылдын майында катталган кыз -
Кайдан жүрөт СССР, Вайсты таанып?!!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 24 Август 2015 - 23:41

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3713 Пользователь офлайн   Enesai   25 Август 2015 - 00:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (24 Август 2015 - 23:30) жазган:

Акын төрдө бар экен деп не жаӊылык?
Жарым түндө кире калсам мен "жаңылып"
Тааныш үндөр угулат кулагыма –
Көрсө айылга Барс аке кирген тура!

Куш келипсиз Барс аке айлыӊызга!
Соӊку кезде көрүнбөй калдыныз да
Элдин баары сагынып, күтүп калды
Аман-эсен жүрөсүзбү Аксыңызда?

Айтмакчы,
Анча-мынча күбүр-шыбыр угуп калдым
“Барс акеӊиз Аксыда эмес, шаарда” деген
Ошондуктан кызыгып, сурак салдым
Чын, төгүнүн угууга кулак салдым

Андан кийин,
Энесайдын соӊку ырларын окуп жатып
Эмнегедир эсим ооп, калдым катып
Ушул жылдын майында катталган кыз -
Кайдан жүрөт СССР, Вайсты таанып?!!


Акындардын айтышын окубай кантип калайын,
Жека агайдын ырына,жообумду мен да жазайын,
Окуганда таныркап,таланттууну баалагам,
Силерчилеп мен дагы ыр жазууну самагам.

Айланчыктап жаза албай,
Айылды жургом айланып,
Ош деген бала жазганда,
Жооп жазып,калдым байланып

Окугам сиз да кыйынсыз,
Созунуз белен айтышка,
Жалкоолук кылат окшойсуз,
Айтышка кирип жазышка?

Таанып калгам,айтышты окуп,
Журосуз анын несинен чочуп?
Майда эле ырым жазайын дегем,
Батына албай,жургомун коркуп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3714 Пользователь офлайн   Enesai   25 Август 2015 - 01:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Жека агайга:

Айтыштар болгон экен,абдан катуу,
Кыйын го силерчилеп ырлар жазуу.
Ээнсиреп,айылынар калган экен,
Бул чындык,тийсе дагы,сизге ачуу!

Томсоргон айылынар жандандырып,
Ыр менен койдук биз да,шандандырып,
Айыбым болсо эгер,айтыныздар,
Айылдан алыс кетпей кайтыныздар!

Кыя отпой айтыштарды окуп бутком!
Айылдан акындарды дайым кутком,
Акыры айылына кайрылат деп,
Алыстап кете албай,мында жургом!

Укпай,билбей жургон экем форумду,
Алкап келем,каттап койгон досумду.
Кеч болсо да келип калдым айылга,
Быйылкынын тогузунчу майында!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3715 Пользователь офлайн   Aruushaa   28 Август 2015 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 09 Июль 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2023 16:28
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Барс (24 Август 2015 - 22:06) жазган:

Төкмө деген ошондой төгүп ырдайт,
Толкуну күч дайрадай көмүп ырдайт.
Аны уккан адамдын моокуму канып,
Ажайып бир дүйнөгө чөгүп жыргайт.

Төкмө акын ойлонуп отура албайт,
келип турат ырлары куюлушуп.
Сабы сапка эп келсе кыналышып,
Сөзү сөзгө эп келет жуурулушуп.

Дал ошону эл даңктап төкмө дешет,
Алар ырдан арканды көпкө эшет.
Ал ыр аркан өтө эле бышык болот,
Ошондуктан уккан элге кызык болот.

Ким төкмөлүк өнөргө жетип алса,
Анда эле Жараткандын берген багы.
Дал ошондой деңгээлге жетишкиле,
Аман болуп, алтындар, силер дагы!!!



Ассалааму алейкум!
Саламым менен баштайын.
Кыргызча салып обонго. Мен
Барс агайга жооп жазайын.
Ырыңыздан белгилүү,
Үлгү берчүү адамсыз.
Биз сыяктуу жаш балдар.
Эки сап тизип ыр жазып,
Төкмө болдум деп алабыз.
Барс агайым болгону,
16 сап ыр жазыптыр.
Ошол 16 сабында,
Маанилүү насаат айтыптыр.
Чындыгында төкмөнүн,
Тилинде кеткис балы бар.
Элди жыйнап ырдаса,
Тугөнгүс саптар, ыры бар.
Төкмөлүктүн тереңде,
Биз жетелек сыры бар.
Кана жаштар такшаалып.
Келгиле ушул айтышка.
Уйкашкан созүң таппасаң,
Алып тур достон карызга.
Болгон соң кыргыз тукуму.
Уланталы айтышты.
Учуруп ырдын саптарын,
Унутпагыла жазышты.
Нукура кыргыз айтышы,
Той-топодо эл чогулуп,
Балбан, баатыр шер чогулуп,
Алты бакан асылып,
Казанга кой эт салынып.
Эр эңиш, күрөш, жамбы атуу,
Жорго салыш, байге да,
Кызкуумай, чүкө атышып.
Комузун кармап колуна,
Чапанды асып далына.
Курчанып курун белине,
Тебетей кийип башына.
Эки бет кылып эл тизип,
Булбулдай сайрап жеткизип.
Токтобой төгүп айтышчу,
Бир күлүп бирде энтигип.
Көрүп эле жүрөбүз,
Мындай айтышты теледен.
Биздин айтыш заманбап,
Айтышабыз желеден.
ойлонуп уйкаш сөздөрдү,
жазабыз аны кол менен...
Келгиле ырды сүйгөндөр.
Кызыгып ага жүргөндөр.
Кызытып ушул айтышка.
Четте карап күлгөндөр....

Билдирүүнү түзөткөн: Aruushaa: 28 Август 2015 - 14:20

Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3716 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 11:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Алгыла.. Аштан бири-биринерди карап тура бербей,
Айткыла создон алыста туруп энбей.
Айтышбайсыздарбы, кашо жургон элдей,
Алыыстан карадым эч-ким деле калыптыр го келбей.


Аргымакты чапканда, кулуктугу билинет,
Акындарды айтканда соз куруудан билинет.
Аллаха, элдер ийилет,
Аркы дунуйодон коркбогондор жамбашка чейин кийинет.
Аны коргон шайтан суйунот,
Арстандай туйулот.
Айла таап ар-кандай,
Адамдарды алдайт.
Ыйманы болсо,
Эгерде :ошол жолго барбайт.
Ыйманы жок болсо, бир кун наркы жайлайт
Бир кун берки жайлайт.
Оз иштери буткон сон,
Койчу кочодо калган сойку деп.
Кочугуно тееп айдайт.
Бирок, ишенебиз копчулук кыз,
Ыймандуу.
Жакшы корот жакшы иштер,
Кылганды.
Эзелтеден торогон Ооруканада эмес,
Тоодо эле.
Дени сак,, Кыргыз "уулдарды,
Ошондуктан, , КЫРГЫЗДАР"
Каарытып келе жатат эчен жылдарды.

Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 30 Август 2015 - 11:25

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3717 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 11:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Куйручук деген нигимдин,
Сыр созун мен жоготтум.
Ал нигимде азырча мен конокмун,
Болгондо эгер:
Ал нигим болгондо тамаша мыкты кураар элем,
Ар создон айтып сиздерди зеериктирбей тураар эле.
Айтышпай кеттин кош болгун,
Ар кун сайын парол эстейм деп козумо да жаш толдун.
Арманым айтып жарыя,
Уят болбоюн баарына.
Андан коро нигимди,
Бир эстеп ырдап алайын.





Куйручук деген нигимди,
Паролго койдум эле киминди?
Баса албай жинимди,
Жан чыкты го жаман.
Эй Куйручук кадырын билинди,
Ачканда эле, Даалайлар сага ийилди.
Аттин бир кем дунуйо,
Мен кеттим эле суйуно.
Кызыл он чыкты бир паста,
Менин жузумо.
Эмне кылышты билбей,
Жерди чаптым туйло.
:)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3718 Пользователь офлайн   Enesai   31 Август 2015 - 14:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Убакыттын тардыгы,ай,
Жумуштардын бардыгы,ай,
Шашпай бир кун отуруп,
Жазсамбы,бир бет толтуруп!

Кыстаган турмуш женуудо,
Ойлогон кээ бир оюмду,
Бирок жене албады,
Ыр жазып турчу"оорумду" !

Жоготпой мени тургула,
Айтышка конул бургула,
Ыр колуно-ырларды,
Чомучтоп эле куйгула!

Кайрылып дагы келемин,
Ырларга жооп беремин,
Алыстабайм айылдан,
Ушул эле жердемин! :rolleyes:

Билдирүүнү түзөткөн: Enesai: 31 Август 2015 - 14:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3719 Пользователь офлайн   kaitpas   31 Август 2015 - 18:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ас-салому алейкум,
Амансызбы жакшылар?
Суперстанды гүлдөткөн
Молдо, кожо, бакшылар.
Ден-соолукту сурайын
Аким, модер, сакчылар.
Бириктирсем эки сөз
Азил-тайпа сап чыгар.
Нарын, Талас, Ош, Бишкек,
Баткен,Жалал- Абадчылар.

Кыйла айтыш болуптур
Айыл акынга толуптур.
Нары-бери тартышып
Түрдүү обон созуптур.
Арасында кээ бири
Акындык жылдызга ооруптур.
Бириктирмей сөздөрдөн
Ар нерсе деп жооруптур.

Тийсе азил сөздөрүм
Катуу алмай болбосун.
Жаман ойдо ыр айтсам
Кайтпас эч бир оңбосун.
Көңүлдөрдү кең кылып
Маанай деген тоңбосун
Чөнтөктөрдө ар убак
Евро, доллор, сом болсун.
Кай жерлерде жүрсөк да
Аллах өзү колдосун.

Бириң досум, бириң кас
Ким болсоң да бери бас
Кас болбойлу эч качан
Ынтымакта ырың жаз.
Бир тийишип өттүм мен
Туура билсең өтө саз.
Кыргызымдын өнөрүн
Алтын көрүп түбүн каз.
Байлык-бийлик табылар
Өнөр табуу өтө аз.
Эгер сөзүмө жок десең
Анда мен да болом пас!

Жалпак тилде ырдасам
Жалпайта бир кетпегин.
Жакалашмак оюм жок
Жакшылыкты эстегин
Келгин достор, туугандар
Кызуусунан кептегин.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3720 Пользователь офлайн   Enesai   01 Сентябрь 2015 - 12:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Кайтпаска:

Кайтпас атын болсо да,
Кайтып келген экенсин,
Айылыны сагынып ,
Шашып келген экенсин!

Акындардын баарына,
Салам берген экенсин,
Женди туруп,шайланып,
Даяр келген экенсин!

Доспу,каспы аябай,
Издеп келген экенсин,
Акындарга тийишип,
Биз деп келген экенсин!

"Оорубузга" диагноз,
Коюп келген экенсин,
Кебез менен мууздап,
"Союп"келген экенсин!

Билектерин турунуп,
Шашып келген экенсин,
Созун менен биздерди
"Атып" келген экенсин!

Айтыштарда Луини
Таап алган экенсин,
Вайс агайды бир жерде,
"Каап"алган экенсин!

Менден кичуу баары бир,
Ини болот окшойсун,
Тенсинбеген акындын-
Бири болот окшойсун!

Оз кучуно ишенген,
Акынсын го байкасам,
Аздан "чымчып" алууга,
Жакынсын го байкасам?

Жазып койдум тамаша
Жазганына жараша!
Эженди кагып,курутпа,
Кырк чачтуумун,унутпа!

Айтыштар турсун уланып,
Создон саптар куралып,
Токтотоюн ырымды,
Кетиптир ото узарып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 184
  • 185
  • 186
  • 187
  • 188
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Авг 2025 11:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: