Тал (уламыш)
Бар экен, жок экен, илгери-илгери өткөн бир заманда чалкемпир жашаптыр. Алардын жападан жалгыз кызы болуптур. Ал ай десе айдай, күн десе күндөй, ай сымбаты ке лишкен, тоту куштай таранган, күзгүгө он маал каранган ашкан сулуу кыз экен. Бирок атына заты, чырайына мүнөзү, келбетине касиети топ келишпеген акылы тайкы, арылдап беттен алган тажаал, көк муздай мелтейип мерез кыз экен. Айтканы айткандай, дегени дегендей орундалбай калса, көктүгү аша чаап, көк мелтей болуп турган жеринде талып калчу дешет. Анын көктүгү ата-эненин көөнүнө көк таштай тийет, бирок ичтен чыккан ийри жьшанды жокко чыгара албай, акыры унчукпай кутулууну адатка айландырышат.
Кыздын мындай пейили айьшдагыларга да маалим болуп, кыздын чырайынан жаман пейили аша өтүп, ал бойго жетип калса да ага жуучу түшүп бир да адам келбейт. Жалгыз кызыбызды эптеп тындырып алалы дегенде ата-эненин эки көзү төрт.
Бир жерге оруночок алса көк мелтейи жазылар деген үмүттөрү үзүлбөйт. Күндөрдүн биринде кемпирчалдын үйүнө кыздын сулуу лугун алыстан угуп, мерездигинен кабары жок жуучулар ат арытып, ашуу ашып келип калышат. Кызыбыздын багы ачьшар бекен деп кудундаган энеата жуучуларды калың төшөк, сыйлуу оокат менен күтүп алышат. Кезек кыздын макулдугун алууга келгенде, баягы көк мелтейдин көктүгү тутуп айтканынан кайтпай туруп алат. Кемпирчалдын сы лык мамилесине ызатсыйына ыраазы болгон бир келет, эки келет, үч келет. Бирок, өжөр кыз өз билгенин бербей айт канынан кайтпай ата-энени чоң уятка калтырат. «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман», демекчи ата-эненин өзөгү өрттөнүп, жаны кашайганынан:
Ылайым бизди какшатпай, уптундайында көгөрүп та лып, өл, деп каргашат. «Ата эненин каргышы ок», демекчи кайтпас каргышка калган кыз заматта талга айланып калат имиш. Кыз ата-эненин, элжуртунун каргышына калбаганда мындай окуяга туш болбойт белем дегендей, кеч болсо да өз күнөөсүн мойнуна алгандай, уялгандай жерди карап өсүп келет. Анын ийилип өскөнүн көрүп, кеч болсо да таазим кы лып, кечирим сураганын байкаган эл, талды кароосуз кал тырышпай, азыркы күнгө чейин жасашып, пай даланып келишет.
Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда..... Жомоктор
#81 26 August 2015 - 08:24
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#82 26 August 2015 - 08:27
БИШКЕК БААТЫР БАЯНЫ (уламыш)
Илгери-илгери Бишкек деген баатыр киши чыгыптыр. Жылдардын биринде эл талаадан тоого Аламүдүндүн Чуңкурчак деген жайлоосуна көчүп барганда Бишкек келте оорусу менен ооруп калат. «Келте» менен «чечек» оорусунан эл жугуштуу деп абдан коркчу экен. Бишкекти үй-бүлөсү менен Чуңкурчак жайлоосуна жалгыз уй калтырып, жамаатташ конгон эл жайлоого көчө качып кетет. Бишкек оорусунан өлмөк болорун билгенде:
- Балдарым! Бишкек деген ат өз керт башыма, эрдигиме гана таандык. Алдуу, күчтүү кезимде эрдигиме, балбандыгыма таянып, эл билген, журт башкарган билермандар, байлар, манаптар мени караан-жоро кылып урматтап-сыйлап өздөрүнө жакын алып жүрүштү. Мурда караанымдан айланып чуркашып, тирек кылган бир дагы байдын, манаптын үстүмө келип көңүлүмдү сураганын көрбөдүм. Алар менин оорумдан коркушуп, журтка жалгыз калтырып көчө качып кетишти. Армандуу дүйнө деген мына ушундай экен, балдар. Эми мен, жарык дүйнө менен, силер менен, эл-журтум, жашыл жайлоо, таза аба, тунук булак, күндүн нурдуу шооласы менен түбөлүккө коштошомун. Бирок менин сөөгүмдү Чуңкурчак жайлоосуна, тоо-таштын арасына жалгыз бейит кылып калтырбагыла. Сөөгүмдү Аламүдүндүн суусунун боюна, кара жолдун түндүк жагындагы жээктеги дөбөгө алып барып койгула. Ал жерде да эч көрүстөн жок. Бирок, жыл бою Анжыян, Ташкен тараптан Токмок жана Ысык-Көлдү карай тынымсыз жүрүп турган жүргүнчүлөрдүн карааны мени жалгызсыратпайт. Колуңардан келсе бир жылдан кийин күмбөз тургузуп койгула, – деп Бишкек керээзин айтып дүйнөдөн кайтат.
Балдары атасынын айтканын айткандай аткарышат, сөөгүн Аламүдүн суусунун боюна кара жолдун алдындагы дөбөгө коюшат. Бир жыл өткөндөн кийин Бишкектин беш уулу атасына күмбөз тургузушат. Өткөндөр ал жерге токтоп, куран окуйт. Соодагерлер кербен сарай салышып, чайкана ачышат. Ар улуттун өкүлдөрү отурукташа башташат. «Бишкекте түнөдүк, Бишкектен жөнөдүк» деп жүрүп, ал жер Бишкек деп аталып кетет.
Ошентип, жылдан жыл өткөн сайын ал жер чоң шаарга айланат. Кийин ал шаар республиканын борбору болуп, Бишкек шаары деп аталып калат.Бишкектин беш уулунан тарагандар ушул күндө отуздай үй-бүлөну түзөт. Алар Сокулук районунун Чат-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Туз деген айылда турушат.
«Эл таануу» китебинен

#83 26 August 2015 - 08:30
Кан менен вазир
Бир убакта кан өзүнүн вазирине ачуусу келип өлтүрмөкчү болот. Кандай кылып өлтүрөйүн деп ойлоп, үч каздын учуп баратканын көрүп:
- Ушунун тилин билип кел, эмне деп учуп бара жатат! Эгер тилин билип келбесең, башыңды алам,-дейт.
- Макул,-деп кандын вазири үч каздын артынан чаап бара жатса, мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып:- Эмне чаап бара жатасың?-деп сурайт.
Вазир:
-Кан мобул учуп бара жаткан үч каздын тилин билип кел, билип келбесең башыңды алам” деди. Ушул каздардын тилин билгени бара жатамын,-дейт.
Кандын кызы айтат:
-Ээ, вазирим, сен каздын тилин кантип билесиң? Сен эмес кан билбей жатса, андан көрө канга кайта мындай деп айтып бар: – Бир каз “Вазир жакшы кан жакшы” деп айтып бара жатса, экинчи каз: “Катын жакшы эр жакшы” деп айтып бара жатат деп канга бар. Ушинтсең бир жооп айтар кан,-деп кыз вазирди кайра жолго салды.
Вазир канга келип баягындай кылып айтып берди.
- Жок, муну сен каздардан сураган жоксуң, бул жооп менин гана тукумумдан чыкмак. Ким айтты, айткын, айтпасаң азыр башыңды алам,-дейт кан. Вазир айласы кетип капаланып кайгырып, эмне кыларын биле албай:
- Эки күн уруксат бериңиз, айтып берейин,-деп уруксат алат. Айласы кеткен вазир, кайда барарын билбей, “Баякы кызга барайынчы, эмне дээр экен”,-деп кызга келет. Кыз вазирге:
- Тагдыр башка салганды көрөсүз да,-дейт. Вазир эки күндөн кийин канга келип:
- Сиздин кызыңыз айтты эле,-деп ажалдан калат. Кан кызына каарданып: “Ага бир кылыкты кылайын” деп ойлоп калат. Үйүнө келип, жакын шаарларынын бардыгына тең кабар берет:
- Жакшыңардан жаманыңар көп келгиле,-деп, элине жар чакыртып, “келбегендерди жазалаймын” деп буйрук кылат.
Элдин баары тойго келип, кандын алдынан чубап өтө беришет. Элдердин баары самсаалап өтүп жатканда бир келесоо сары таз “Барсамбы, барбасамбы”- деп отуруп, бир убакта зөөкүрлөнүп кандын алдына келип калат. Кан аны чакыртып алып, кызын ошо тазга бермекчи болот.
Кандын кызы атасы элди чакыртып жатканда бир жаманга берерин билип күйөөсүнө, өзүнө эки кабаттап кийим жасатып, анын ичине алтындан шыкап тиктирип коёт. Эл чогулуп өтүп бүткөндөн кийин кан кызын чакырып: Балам, сени ушу тазга арнадым, ушуну менен оокат кыл,-деп айтат.
Кыз:
-Макул, атаке, сиздин айтканыңызды мен орундайын, менин бир суроомду дагы сиз аткарыңыз,-дейт.
Кан:
- Макул болот,-дегенде кыз айтат:
- Мен уруксат бермейинче, ушул шаардын отун түн ичинде чыгарбаңыз. Күүгүм кире электе элиңиз жатсын, өзүңүз да ошентиңиз-деди.
- Макул кызым айтканынды орундайын,-дейт хан.
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып барат. Барып баягы саздын жээгине алтындан үй салдырат. Экөө ошол жерде оокат кылып калат. Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат.
- Ат сатып кел, деп бир күнү колуна акча берип аны базарга жиберет. Базарга барып бир семиз ат сатып алып, таз кечинде үйүнө келет. Кыз:
- Бул атты эмне үчүн сатып алдың?-деп сурайт.
-Семиз экен, отун-суу тартканга жакшы экен,-деп жооп берет. Кыз ал атты үйүнө коюп, эртеси күйөөсү экөө базарга ат сатып алганы келе жатса, бир отун арткан боз ат баткакка тыгылып, ээси чыгара албай жатканын көрүп, кыз барып:
-Атыңды сатасыңбы, сатсаң мен сага бир семиз ат жана бир топ дилде беремин,-дейт. Боз аттын ээси сүйүнүп кетип:
-Сатам, сатам,-дейт. Кыз атты сатып алып, үйүнө келет.
“Семиздин ордуна арык ат алдың” деп жолдо карата эри урушуп келет. Аялы унчукпай жүрүп отуруп, үйүнө келгенден кийин атты жууп- тазалап бага берет.
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө “канга учурашалы” деп келе жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат. Бир убакта баягы үчөө тигилердин үйүндө гана от чыгып жатканын көрүп: “Бул кандай адам? Элдин баары жатса, бул от жагып отурат. Бул соо адам эмес экен, ырыстуу экен”, деп баягылар кайрылып:
-Бул үйдө ким бар, адам болсо бери чыксын!-дешет. Анда кыз: “Бул үйдө ким болсун, киши бар, керек болсо өзүңөр түшүп келгиле”,-дейт.
Анда Кызыр: “Мен кызырмын, батамды берем, бери чык”,-дейт.

#84 26 August 2015 - 08:31
-Чыкпайм, керек болсо өзүң келип, бата бер! -дейт кыз. Анда Акыл айтат: “Мен акылмын, акылың жок болсо акыл берем”, дейт.
Кыз дагы жогоркудай жооп берет. Андан кийин Бак айтат:
-Мен Бакмын, багың жок болсо бак берем,-дейт үчөөңөргө тең мен керек болсом, өзүңөр келгиле, мен барып албаймын,-дейт кыз.
Үчөө кобурашып:
-Бу кандай адам? Буга үчөөбүздүн тең керегибиз жок экен дешип таң калышат да, жок муну көрөлүчү,-дешип үчөө тең түшүп үйгө киришет.
Кыз үчөөнү карап туруп:
-Сен кимсиң? Сен ким?-деп сурап, Акылга айтат:
-Сен Акыл болсоң, таң атканча менин күйөөм менен жатчы. Макул,-деп Акыл таң атканча күйөөсү менен кучакташып жатып, таң атып келе жатканда үчөө тең кетишет.
Эртең менен жигит турса эң акылдуу болуп калыптыр. Кыз бир күнү жигитке:
-Эми мен сага бир сөз айтам, ошону аткаргын,-дейт. Күйөөсү макул болот.
Баякы боз ат тулпар болучу. Кыз таптап олтуруп, аны табына келтирген. Тулпарды мингизип, күйөөсүнө:
- Сагызганды барып чапчы,-дейт. Жигит сагызганды чапса, канатын бир сапар ирмегенде чабат. Дагы бир күнү чаптырса, эңкейе бергенде чабат. Үчүнчү сапар барып чапканда, былк эткенде чабат. Ушуну айтып келгенде кыз күйөөсүнө айтат:
- Кандын бир алтын кийиги бар, жылыга бир маал келет. Жыл сайын кууп кармай албайт. Сен ошого баргын дагы кармап берип, дос болуп кел. Бара жатканыңда алтын кийикти кууп келе жаткан канга учурайсын. Кан:
“Алтын кийикти куугун”,-дейт. Сен анда дагы болбогун. Андан кийин кырк жигит учурайт, ошолордун эң аягын күтүп туруп, эң аягындагысынан: “Артта дагы киши барбы?”-деп сура. “Жок” дегенде, ошондо чу коюп отуруп, баарынан өтөсүң, канга жетесиң, канга келгенде: “Кийигиңди кармап берейин, дос болосуңбу” – де, “дос болом” деп үч айттырып, колунан кармап туруп, бекем алыш да, ошондон чу коюп отуруп кийикке жетесиң. Кармаганыңдан кийин кийикти ээрдин кашына коюп алып, шаарды аралап чаап жүрө бер, кан сенден “досум, соогат” деп чаап отурат. Жол катар унчукпастан шаарды аралап отуруп, үйүнө алпарып байлап кой. Кан келет дагы сени жакшы көрсө тактысынын жанындагы бөлмөгө, жаман көрсө үйүнүн жанында бир үй бар ошого отургузат. Алтын кийикти кармап берсең, жакшы көргөн үйүнө сени алпарып киргизет да, сөзгө келип: “Дүнүйөмдүн бардыгын берейин, ошого ыраазы бол!”-дейт. Сен унчукпай отура берип, эң аягында тамак ичкенден кийин “Каным, экөөбүз дос бололу, мага дүнүйөнүн кереги жок”-деп гана кол алышып, үйгө келе бер,-дейт.
Бир күнү кан баягы алтын кийиктин келер мезгилинде аны тосуп, аңга кырк жигити менен чыгат. Кыз аны билип, күйөөсүн атына мингизип, колуна укурук берип жөнөтөт. Жигит жүрүп отуруп, канга барып кыздын айтканынын баарысын аткарып, кандын үйүнө келет. Жигит кийикти өңөрүп чаап келе жатканда, кан “досум, соогат”-деп сураса, тоотпой баратканын көргөн элдер таң калышат. Кыз эртеси атасына келип түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылат.
Жигит ак боз ат менен алчандатып күнүгө базарга келгенде эл таң калып, кээси бата берет.
- Мурда күнү ушул жигит алтын кийикти алып келди эле кан бүгүндөн баштап түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылды,-деп билгени-жигитке алкыш айтышып, он чакты жыл чырак көрбөгөн элдер таң калып жүрүшөт.
Кыз күйөөсүн күнүгө кандыкына жиберип, конок кылдырып турат. Кыз бир күнү күйөөсүнө:
- “Мен сиздикинен көп тамак ичтим. Сиз биздикинен даам татып кетиңиз”-деп канды чакырып кел,-деди. Күйөөсү: “Макул” деп, бир күн канды конокко чакырып келет. Канды төркү үйүнө киргизип, өзү үйүндө тамагын бышыра берет. Ичип отуруп: “Ушунун катынын көрсөм” деп ойлоп, кан:
- Досум, катыныңды чакырчы,-деп жигитке айтат.
- Азыр келет,-деп жигит отура берет.
- Качан келет?-деп улам-улам шаштырат.
Тамакты ичип бүткөндө жигит катынын ээрчитип киргенде, кан кызын көрүп бакырып, кызы дагы бакырып кучакташып ыйлап, кан кандыгын күйөөсүнө берип, өзү жөнөкөй киши болуп жатып калат.
Мына ушуңдан улам “Катын жакшы – эр жакшы” деген лакап кыргыз элине тараган экен.

#85 26 August 2015 - 10:11
Үч ууру
Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири-бири менен таанышышат. Биринчиууру:
- Мен жанда жок уурумун-дейт.
Экинчи ууру:
- Мен жанда жок баатырмын-дейт.
Үчүнчү ууру:
-Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде – эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,-дейт.
Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде ченчи жолдошторуна:
-Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп кеткиле, кайта келиште жазбай табам,-дейт.
Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи жанда жок ууруга:
-Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел,-дешет.
Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз:
-Жүр, кеттик,-деп атка минип жөнөшөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип:
-Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?
-Ата казынасы кыз,-деп жооп беришет.
Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:
- Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой!-дейт.
-Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң?-дейт.
Ченчи:
-Атыңдан түшүп, батыраак кара,-дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат.
Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:
– Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел,-дейт.
Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:
-Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?! -деп жакадан алат.
Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:
-Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү,-деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: “Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү”-деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.
Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:
-Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен,-деп кызды баатырга берет.

#86 26 August 2015 - 11:06
КОМУЗ КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН? (уламыш)
Илгери-илгери жер үстүндө хан болгон экен. Ал элин эзип, мөгдүрөтүп келгендиктен, эл аны кара мүртөз, зордукчул, канкор хан деп аташкан экен. Элдин каргышы, кайгы муңу жеткенби, айтор, хан баласыз болуптур. Кудайга жалынып жатып карыганда жалгыз перзенттүү болгон имиш. Жалгыз перзенти чоңоюп эр жеткен соң, зулум хан жигиттерди тандап берет. Хандын уулу кайда жүрбөсүн, аны баягы нөкөрлөр коштоп жүрөт.
Күндөрдүн биринде хандын уулу аңчылыкка кетет. Ой-тоону кыдырып, токойлорду аралап, эч нерсе жолукпай, камыш аралап келе жатса, алдынан күрүлдөп эне жолборс чыгат. Ал өзүнүн балдарын коргоп, алардын алдынан айбаттуу чыккан эле. Жолборстун күрүлдөгөн айбатынан жанындагы нөкөрлөр качып жөнөшөт. Хандын уулу жебесин алганча болбой, жолборс аны чапчып өтөт. Хандын уулунун өлгөнүн көрүп, жигиттердин үрөйү учат.
Күндөр өттү. Хан уулун күттү, бирок уулу кайрылып келбеди. Ошондо хан жар чакырып:
- Кимде ким менин көзүм, мурасым, жалгызым жөнүндө жаман кабар алып келсе, коргошунду эритип, оозуна куям. Уулумду таап бергиле, – дейт.
Жарчылардын үнүн угуп, нөкөрлөрү эмне кылар айласын таппай, жер кезип кетишет. Тоо этегинде турган жалгыз алачыкта Аалы деген зергер жашоочу. Ал уста гана болбостон, акылман да болгон экен. Жигиттер Аалыга келип, болгон окуяны айтып берип, өлүмдөн куткаруусун өтүнүшөт. Аалы аларды тамактандырып, эс алуусун өтөнөт. Ал түнү бою жыгачты жонуп, кандайдыр бир чөйчөк сыяктуу нерсе жасап, ага узун, ичке кылдарды тагат. Андан соң ойното баштаса, андан нечен сонун үндөр жаңырып чыга баштайт. Ал бирде ырдап, бирде ыйлап жатты. Аалы таңата жигиттерди ойготуп, ханга келет. Хан алардын жаман кабар алып келгенин байкайт. Аалы ханга таазим этип, баягы куралда кол ойното баштады. Ал курал чымчыктардын сайраганын, суунун шылдырап агышын, ымыркайдын күлкүсүн сүйлөп берип жатты. Хандын жарпы жазыла магдырап жыргап укту.
Аңгыча баягы жайдары күлкүнү ырылдаган үн бузуп кетти да, ага удаа «апа» деп жардам сураган аянычтуу үн чыгып, заматта жок боло түштү. Хандын көңүлү айнып, айкырыкты салып, жалгыз мурасчысынан ажыраганына ишенбей, тилсиз жоону жок кылууга шашты. Жулунган нөкөрлөр заматта Аалынын колундагы куралды жулуп алып, эритилген коргошунду куя баштады. Бирок курал бирде ыйлап, бирде ырдап окуяны баяндап жатты. Бул курал Аалы зергер жасаган, атадан – балага кылым улап жашап келе жаткан улуу комуз эле.

#87 09 January 2016 - 14:52
Сайра Саитова
Ата осуяты
Илгери бир бардар адамдын баласы үйлөнмөкчү болот. Атасына "үйлөнөм"
десе:
"Балам үч күндүк сапарга чыгып кел. Эл көр, жер көр. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны", - деп мыкты атты тандап, куржундун эки көзүн толтура дилдени салып сапарга аттанат.
Жолунан сакалы аппак карыя жолугат.
Байдын көпкөлөң уулу: "Эй, абышка, эмнеге сүйлөбөйсүң? " - деп оңураңдайт.
Анда абышка: "Менин эки-үч сөзүм эле жүз дилде" - дейт. Бала ат үстүнөн жүз дилдени кошучтап абышкага сунат.
"Биринчи жолуккан адамдын аты-жөнүн сурай жүр", - дейт карыя. Бирок нары баскандан кийин бала дагы: "Эй, чал эмнеге сүйлөбөйсүң? " - деп кайра демитет.
"Менин эки-үч ооз сөзүм эле жүз дилде" - дейт ал. Байдын уулу дагы жүз дилдесин берет.
Анда абышка: "Биринчи барган жериңден отурган ордуңдан жылба" - дейт. Бир азыраак баскан соң бала дагы: "Сүйлөбөйсүңбү, чал!" - дейт.
"Менин эки-үч ооз сөзүм эле жүз дилде" - дейт.
"Жүз дилде элеби, ме!" - дейт дагы дилдесинен чеңгелдеп.
Анда карыя: "Барган жериңде бычагыңды көпчүлүккө көрсөтпө" - деп узап тез-тез басып, көздөн кайым болот. Байдын уулу катар-катар тигилген боз үйлөрдү карай бастырат. Эл көп. Опур-топур. Көрсө той болуп жаткан экен. Үйгө кирип, төрүнө өтөт. Сырттан кирген адамдарга улам орун берип олтуруп, босогого сүрүлүп, сыртка чыгып калат. Ошентип кемеге башында жүргөн топ балдар менен тамак жеп калат. Этти туурайын деп чөнтөгүнөн бүктөлмө бычагын алып чыгып эттен кесип жеп, туурайын десе эле табакташ баланын колу билегине "чап" жабышат. "Канга кан! Сен өлтүргөн турбайсыңбы менин атамды! Бул бычак атамдыкы болчу!" - деп эле ызы-чуу түшүп калышат.
"Кой, койгула! Сапар тартып келе жаткан жолоочу экен. Эки эл жоолашып калбайлы" - дешип баланы атына мингизип айыл аксакалдары арачыга түшүп, байдын уулун аман-эсен жөнөтүп коюшат. Жолунан баягы карыя дагы жолугат.
"Ии, уулум, деги кайда, эмнеге бара жаткан баласың? Алдыңдагы атыңа, куржунуңдагы дилдеңе караганда байдын уулу болсоң керек?"
"Ооба, - дейт бала. - Атама үйлөнсөм болот эле десем үч күндүк сапарга чыгып кел деди эле аз жерден өлүп кала жаздадым. Эми үйүмө кайтам, болгон окуяны атама айтам", - деп атына камчы бастырат.
Анда карыя: "Жок, балам антпегин. Дагы эки күндүк сапарың бар экен. Менин айтканымды кунт коюп угуп ал. Дагы бастыра түшсөң жалгыз боз үйгө туш келесиң. Ал үйдүн келини толготуп жатканынын үстүнөн чыгасың. Келин кыз төрөйт. Дал ошол кызга үйлөнөсүң" - деп көздөн кайым болот.
Карыянын айтканын текшерип көрөйүнчү деп бала үйүнө кайтуудан баш тартып сапарын улайт. Айткандай эле бир жалгыз боз үйгө жолугат. Үйгө баш бакса келин толготуп жаткан болот. Башка эч жан жок. Жан алакетке түшкөн келин жалооруп жолоочудан жардам күтүп, ымыркайдын киндигин кесип коюшун суранат. Баягы көздөн кайым болгон абышканын айтканы туура келгенине жини келип, кыздын киндигин кеспей эле курсагын жарып салып, атына камчы басып, чаптырып кетип калат. Жолдо кетип бара жатып эсине бир нерсе түшкөндөй болуп, чаап келип, калган дилдени куржуну менен босогого ыргытып кетет. Ичегиси чууруп калган кызын баса калып, жаңы эле бошонгон келин курмушу күйгүзө коюп, ымыркайынын курсагын таңа койот. Жаны менен алпурушкан келин атчан жолоочунун жүзүн да көрбөй калат. Кечинде малын айдап келген күйөөсү болгон окуяга ачуусу келсе да колунан эч нерсе келбесине көзү жетип, ымыркайдын аманчылыгын тилеп жайма-жай жашоо тирилигин өткөрө беришет. Арадан көп мезгил өтөт. Байдын баласы үйлөнөт. Аялынын курсагындагы тыртыкты көрүп, сураса: "Мен жаңы эле төрөлгөнүмдө үйдүн жанынан өтүп бара жаткан белгисиз бирөө курсагымды жарып кеткен экен" - дейт. Ордунан тура калып, атына секирип минип, байдын уулу белгисиз тарапка жөнөп калат. Алдынан баягы абышка чыгат.
"Эй, чал! Сүйлөбөйсүңбү! " - дейт байдын көпкөн уулу.
"Сүйлөсө сүйлөйүн. Баягы куржун толо дилдең да түгөнсө керек".
"Ой, деги сен өзүң кимсиң?" - деп сурайт бала.
"Мен кыдыр Атамын" - дейт да баланын эсине эң биринчи жолуккандагы айткан осуятын кайталайт:
"Биринчи жолуккан адамыңдын аты-жөнүн сура.
Билбеген, тааныбаган жерде отурган ордуңдан жылба.
Көпчүлүккө бычагыңды көрсөтпө" - деп көздөн кайым болгон экен.
Ата осуяты
Илгери бир бардар адамдын баласы үйлөнмөкчү болот. Атасына "үйлөнөм"
десе:"Балам үч күндүк сапарга чыгып кел. Эл көр, жер көр. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны", - деп мыкты атты тандап, куржундун эки көзүн толтура дилдени салып сапарга аттанат.

#88 09 January 2016 - 14:56
Акылдуу абышка
Катар-катар жылдар бою кургакчылык болуп, эгин өспөй, жаныбарлар кырылып эл ачарчылыкка учурайт. Алардын айласы кетет. Айылдан эстүү-баштуу аксакалдары чогулушуп калган адамдарды аман сактап калуунун амалын издешет. Нары ойлонуп, бери ойлонуп эч тыянакка келе алышпайт. Жаңы эле үйлөрүнө тараганы жатышса: "Ассалому алейкум, эмнеге кабагыңар бүркөлүү, айланаңар жымжырт? Арып-азып келе жаткан жолоочумун. Оозум кургап, каным катты. Атым да чаалыкты. Өргүп кетсем болоор бекен?" - дейт. Ал жетелеп келген тулпарын да мамыга байлатып койот. Элдин ичинен бир жигит чыга калып аксакалды атынан түшүрөт. Четте турган жылаңайлак бала тызылдап чуркап барып кара алачыктан суусундук алып келип: "Атаке чалап да болсо ичип, суусунуңузду кандырыңыз" деп эки колдоп сунду.
Кызыл жүздүү, мурутчан жигит колтугунан алып, ызаат көрсөтүп боз үйгө киргизет. Бала болсо кош атты жетелеп барып, ээрин шыпырып оттогонго кое берет.
"Өтүңүз төргө азиз мейман. Элибиздин башына карантүн түшүп кеткенде бала-чакабызды ачарчылыктан куткарып калуунун айласын таппай олтурдук эле. Мүмкүн сиз кыдыр болуп жүрбөңүз" - дешип бардыгы ага үмүттүү тигилишти.
Суусунун кандырып, бир аз эс алган соң: "Колуңарга кетмен, күрөк алып менин артымдан жүргүлө. Жарымыңар камыштуу жерди ойо-ойо казгыла. Калганыңар чычкандын ийиндерин тереңдете каза баштагыла. Мен бир аз эс алып алайын" - деп үйдүн көлөкөсүнө кыңкая кетет. Камыштуу жерди казгандар улам тереңдеген сайын нымдуу топурактын чыга баштаганын көрүшөт. Көп өтпөй эле бир чоң ташты тоголоткондо суу өйдө көздөй атырылып, казып жаткандар аябай кубанышат. Шөмтүрөп суу болгонуна капа болушпай бири-бирине суу чачышып жыргашат. Чычкандардын ийинин казгандар кубанычтарын коюндарына батыра алышпай этектерине, чөнтөктөрүнө, уучтарына буудайларды толтуруп жатышты. Көсөм абышка да кошо кубанып чычкан ийининдеги буудайдын бардыгын алып кетпөөлөрүн эскертти. Себеби адамдарды ажалдан алып калган чычкандарга да азык керек эле.
Талканга тоюнган, суусундары канган эл эртеси ак аргымак ат менен тулпардын мамыда байланып, бирок ээсинин жогун көрүшөт.
Көрсө ак сакалдуу абышка чын эле Кыдыр атанын өзү экен. Ошол замандан бери ак аргымак менен тулпардын тукуму көбөйүп, ат адамдын канаты - деп калышкан экен.
Баса албаган таш бака
Токойдо той болот экен дешип айбанаттар, канаттуулар, курт-кумурскалар дүрбөп калышат. Буудай өскөн талаадан койкоңдогон келин жүгүн, айыл этегинен шакылыктаган сагызган, токойдон аюу, көл жактагы токойдон бугу, аска тоодон кайберен, асмандан кептер, башында кооз таажысы бар үпүп нурга чөмүлгөн эң кооз бачайы чымчык келишет.
Бутунан баспаган ташбака буларды дүрбү салып тээ жондон көрүп олтурат. Алар менен бирге боло албасына капаланып, кыжаалат болот. Ал бул тойдун кандай өтөөрүн төмөндөгүдөй элестетет. Бардыгын башкарган адилет падыша вазирлери менен өзүнө жашаганга ыңгайлуу жер деп токойдун дал ортосунда төгөрөк болгон ачык жерди тандап алып жашап турчу экен.
Ташбаканын ээлеген дөңсөөсү көп деле алыс эмес эле. Ар кимиси тойго деген азем белек-бечкектерин артынып келип жатышты. Койкоңдогон келин жүгүн кыпкызыл, бадырайган шуру тизип келди. Ал кабат-кабат шуруну тарбайган колуна илип алыптыр. Шакылыктаган сагызган суктугунан тапкан олжосун алтын шакек, сөйкөлөрдү оозуна тиштеп алыптыр. Токойдун тээ түпкүрүнөн келген балпайган күрөң аюу эки колунда эки бал челеги бар. Мүйүздөрүн аркайткан мүйүзүнө кооз гүл, кайберен жыпар жыттуу дары чөп, ак кептердин оозунда тиштеген каты бар. Бардыгы баягы токой ортосундагы ачык, төгөрөк жерге чогулушту. Бироокумда башында кооз таажысы бар үпүп нурга чөмүлгөн кооз бачайы чымчыкка "башта" - дегендей ишаарат берди. Токой ичинде кереметтүү, жагымдуу ыр жаңырды. Ырчы чымчык эч токтобой безелене бергендиктен айлана өзүнчө бир сонун ажайыпка бөлөнүп, балкып турду.
Баса албаган ташбака жан дүйнөсү балкып, бул кереметке сыйкырланып ал өзүн падышанын тактысында отургандай сезим жатты. Жагымдуу күндүн нуруна көшүлгөн дене бою, керемет симфонияга коргошундай эриген жан дүйнөсү таш баканын уктап кетишине себеп болду. Ал түш көрдү. Түшүндө учу-кыйырына көз жеткис көл, көл үстүндө каалгып сүзгөн ак куулар, кайып учкан ак чардактар, көл жээгинде токтогон ак кеме. таш бака кайдадыр сапарга аттанат. Жанында анын сүйүктүү колуктусу бар. Таш баканын жансакчылары бака, жылан кошо жүрүшөт. Кеме суунун ортосуна келгенде бака "чулп" деп секирип кетет. Көрсө бака кургак жерден таштак сууну сагынып калган экен. Ал эми жээкке келгенде жылан сойлоп кемеден чыгып кетет. Көрсө ал кургак жерди сагынган экен. Жалгыз калган таш бака кемечиге буйрук берет: "Мени кайрадан кан сарайыма алып барып, алдыма бүткүл айбанаттарды, курт-кумурскаларды чогултуп бер! Жылан менен бакага каршы согуш ачамын. Алардын күлүн асманга чачамын! Эгер бул айтканым аткарылбаса катуудан казан, жумшактан күл гана калат!" - деп ачууланат. Аңгыча күн алай-дүлөй болуп, көл үстүндө тоодой толкундар түрүлүп, асман чарт айрылып, төөнүн корголундай тобурчак түшүп, таш бака чоочуп ойгонот.
Анын түнөк кылган дөңсөөсүн суу каптап, өзү болсо көлдө калкылдап сүзүп калат.
Эмелеки түшүндө көргөн жылан менен бака шордуу ташбакага боору ачып, бири сүйрөп, экинчиси түртүп аны кургакка чыгарып коюшат да тойго кетишет. Жакшылыкты түшүнбөгөн баспаган ташбака кайра аларга тыңсынып: "Эй, айбандар! Эгер экөөң болбогондо кан тактымдан ажырабайт элем. Белектер да меники болмок!" - деп бака менен жыланга жана бардык канаттууларга, айбанаттарга, курт-кумурскаларга таарынып бир буту эле эмес экинчи буту да аксап, кыбырап калган экен.
#89 09 January 2016 - 14:58
Баса албаган ташбака
Токойдо той болот экен дешип айбанаттар,
канаттуулар,
курт-кумурскалар дүрбөп калышат. Буудай өскөн талаадан койкоңдогон келин жүгүн, айыл этегинен шакылыктаган сагызган, токойдон аюу, көл жактагы токойдон бугу, аска тоодон кайберен, асмандан кептер, башында кооз таажысы бар үпүп нурга чөмүлгөн эң кооз бачайы чымчык келишет. Бутунан баспаган ташбака буларды дүрбү салып тээ жондон көрүп олтурат. Алар менен бирге боло албасына капаланып, кыжаалат болот. Ал бул тойдун кандай өтөөрүн төмөндөгүдөй элестетет. Бардыгын башкарган адилет падыша вазирлери менен өзүнө жашаганга ыңгайлуу жер деп токойдун дал ортосунда төгөрөк болгон ачык жерди тандап алып жашап турчу экен.
Ташбаканын ээлеген дөңсөөсү көп деле алыс эмес эле. Ар кимиси тойго деген азем белек-бечкектерин артынып келип жатышты. Койкоңдогон келин жүгүн кыпкызыл, бадырайган шуру тизип келди. Ал кабат-кабат шуруну тарбайган колуна илип алыптыр. Шакылыктаган сагызган суктугунан тапкан олжосун алтын шакек, сөйкөлөрдү оозуна тиштеп алыптыр. Токойдун тээ түпкүрүнөн келген балпайган күрөң аюу эки колунда эки бал челеги бар. Мүйүздөрүн аркайткан мүйүзүнө кооз гүл, кайберен жыпар жыттуу дары чөп, ак кептердин оозунда тиштеген каты бар. Бардыгы баягы токой ортосундагы ачык, төгөрөк жерге чогулушту. Бироокумда башында кооз таажысы бар үпүп нурга чөмүлгөн кооз бачайы чымчыкка "башта" - дегендей ишаарат берди. Токой ичинде кереметтүү, жагымдуу ыр жаңырды. Ырчы чымчык эч токтобой безелене бергендиктен айлана өзүнчө бир сонун ажайыпка бөлөнүп, балкып турду.
Баса албаган ташбака жан дүйнөсү балкып, бул кереметке сыйкырланып ал өзүн падышанын тактысында отургандай сезим жатты. Жагымдуу күндүн нуруна көшүлгөн дене бою, керемет симфонияга коргошундай эриген жан дүйнөсү таш баканын уктап кетишине себеп болду. Ал түш көрдү. Түшүндө учу-кыйырына көз жеткис көл, көл үстүндө каалгып сүзгөн ак куулар, кайып учкан ак чардактар, көл жээгинде токтогон ак кеме. таш бака кайдадыр сапарга аттанат. Жанында анын сүйүктүү колуктусу бар. Таш баканын жансакчылары бака, жылан кошо жүрүшөт. Кеме суунун ортосуна келгенде бака "чулп" деп секирип кетет. Көрсө бака кургак жерден таштак сууну сагынып калган экен. Ал эми жээкке келгенде жылан сойлоп кемеден чыгып кетет. Көрсө ал кургак жерди сагынган экен. Жалгыз калган таш бака кемечиге буйрук берет: "Мени кайрадан кан сарайыма алып барып, алдыма бүткүл айбанаттарды, курт-кумурскаларды чогултуп бер! Жылан менен бакага каршы согуш ачамын. Алардын күлүн асманга чачамын! Эгер бул айтканым аткарылбаса катуудан казан, жумшактан күл гана калат!" - деп ачууланат. Аңгыча күн алай-дүлөй болуп, көл үстүндө тоодой толкундар түрүлүп, асман чарт айрылып, төөнүн корголундай тобурчак түшүп, таш бака чоочуп ойгонот.
Анын түнөк кылган дөңсөөсүн суу каптап, өзү болсо көлдө калкылдап сүзүп калат.
Эмелеки түшүндө көргөн жылан менен бака шордуу ташбакага боору ачып, бири сүйрөп, экинчиси түртүп аны кургакка чыгарып коюшат да тойго кетишет. Жакшылыкты түшүнбөгөн баспаган ташбака кайра аларга тыңсынып: "Эй, айбандар! Эгер экөөң болбогондо кан тактымдан ажырабайт элем. Белектер да меники болмок!" - деп бака менен жыланга жана бардык канаттууларга, айбанаттарга, курт-кумурскаларга таарынып бир буту эле эмес экинчи буту да аксап, кыбырап калган экен.
#90 09 January 2016 - 15:01
Улуу тоолордун сыйкырчылык касиети
Тоолордун да сыйкырчылык касиеттери бар. Эл оозунда да, жомоктордо да көп айтылат. Мисалы куугунчудан качкан кыз аркасына тарагын ыргытып: "Тарагым,
тарагым, тоо болуп калып мени кутказчы"
- дегенде чын эле артында аркайган тоолор пайда болуп куугунчулар жетпей калат эмеспи. Кыздын чын тилегине эрки айкашып жоодон кутулат. Демек адам баласынын чындап тиленүүсү кудайдын кулагына жетет жана аткарылат. Андыктан адамда темирдей эрк болушу керек. Тоолордун да сыйкырчылык касиетин чоң энем Арзыбай кызы Умсунай айтып берчү эле. Бул жомок ошолордун бири. Сапарга чыккан чоң ата менен небере атын бир аз откозмокчу болушат. Өздөрү да шам-шум этип алалы дешип аттан түшүшөт. Тоонун күңгөйү жалама зоо, кудум эле жоокерге окшош адам кебетеленген зоңкойгон, урчуктуу таштын дал түбүнө келишип аттан түшүштү. Күн кыңкайып батууга камынып калган маал болчу. Чоң ата бети колун жууп келгенче тестиер небереси дасторкон жая баштады. Ал жолго деп алган азыгын дасторконго коюп, көөкөрдөгү кымызды чайкап-чайкап коюп чоң атасынын келишин күттү. Намазынан кечикпейин деген чоң ата нары баса бергенде эле кандайдыр коркунучтуу добушту укту. Селт этип чоочуп кеткен бала көп алыс эмес жерден өзүнө жакындап келе жаткан караанды көрдү. Атасына деп дасторкон четиндеги турган бышкан этке колун сунгандай болгондо бала: "Кое туруңуз, атам менен чогуу жейли" - деп айтканча колундагы союл менен аны шалк дегизе көк желкеге салып калды.
Эсинен танган бала канча жатканы белгисиз. Көзүн ачса көктө жайнаган жылдыздар. Тегерегинде эч ким жок. Жылдыздар да аны аягандай. Бирок балага "коркпогун" дегенсип нурланып турушту. Чоң атасы дагы эле намаз окуп жаткан экен. Бала көзүн жума салып, атасы чечип койгон чепкенди башына чүмкөп бир саамга дымый түштү. Ичинен бир нерселерди тынбай кайталап жатты. Намазын окуп бүткөн чоң ата небереси олтурган жерге келсе ал жок болуп чыкты. Нары чуркап, бери чуркап чоң ата небересин таба албады. Айласы кеткен чоң ата атына шашып минип караңгы түндүн койнуна сиңип кетти. Издебеген жери калбай таңдын аппак атканын билбей калды. Алдындагы аты да, алы кеткен өзү да баягы намаз окуган жерине урчук таштын түбүнө келди. Атынан түшүп даам жайнаган дасторконду көрдү да көктү карап теңирге жалынып жиберди.
бакалынан ылдый салаа-салаа жашы чубура, "Оо, Жараткан! Эмнемден жаздым.. . Карачечекей неберемдин чымындай жанын аман кой! Алсаң мени ала гөр! Оо кагылайын улуу тоолор! Кереметиңди көрсөтчү! Жаным курман, неберемди таап берчи!" дегенде эле:
"Атаке, мени түшүрүп алчы, мен мындамын! " - деп небереси аянычтуу үн менен адам сөлөкөттөнгөн таштын үстүнөн бытыйган колдорун созуп турду. Адам өңдөнгөн аска таш да кошо сүйүнгөндөй ата бала көпкө чейин кучакташып ажыраша алышпай турушту.
Балдар, улуу тоолордун сыйкырчылык касиети бар деген ушу.
#91 09 January 2016 - 15:02
Үлүлдүн үйү
Курт-кумурскалар түшүм майрамына чогулушат. Бардыгы жаңы, кооз кийимдерин кийишип, колдоруна гүл, белек-бечкектерин алып келип жатышты. Буларды көргөн үлүлдүн башы катты. Себеби анын үйүнөн башка эч нерсеси жок эле. Ары ойлонуп, бери ойлонуп үйү менен эле бара берүүнү чечти. Майрамда шаңдуу музыка ойнолуп, достор бирине-бири каалоолорун айтышты. Гүлдөрүн белекке беришти. Шатырата кол чабылды. Үлүл өзүнүн эмгеги бааланбаганына аябай капа болду. Бироокумда асман айрылып, чагылган чартылдады. Жамгыр көз ачырбай жаады.
Алган белектерин көтөрүшүп, аары, чегиртке үлүлдүн үйүнө корголошту. Жамгыр басылгандан кийин кумурска, аары, чегиртке бир ооздон "Жашасын үлүл!" - дешип алкыш айтышып үйлөрүнө кетишти.
Таңдын баласынан үлгү алалы бөбөктөр
Илгери, илгери үч бир тууган болуптур. Алардын экөөсү уул, бирөөсү кыз экен. Улуусунун аты Таңсулуу, ортончусу Чактүш, кичүүсү Кечкурун экен. Ар кимисинин аттарына жараша мүнөздөрү, өздөрүнө гана таандык сыйкырдуу касиеттери болуптур. Ар кимисинин бири-биринен өзгөчөлөнгөн сыйкырдуу күчтөрү, амалдары да болгон экен. Уулдары менен кызынын бой жеткенин байкаган ата энеси аларды маңдайына отургузуп алып: "Кана балдар, кимиңер эмнеге жөндөмдүүсүңөр,
көрөлү. Ар кимиңерден үмүтүбүз зор. Эмнеңерге эмне кызмат кыласыңар? Айткылачы, биз да билели!"
- дешет. Эжеке сиз улуу эмессизби, сиз айтыңыз" - дешет инилери жарыша. - Ооба атаке, апаке. Бул жарыкчылыкка жаралган соң ата эненин ишенимин актап, элге адал кызмат кылууну ар кимибиз ыйык парзыбыз деп сезебиз. Чолпон жылдыз чыгууга камынганда эле мен да үй жумуштарды бүтүрө салып, элиме кызмат кылууга шашыламын.
Таза жуунуп, чачымды тарап жыпар жыттуу атырдан себинемин.
Себеби таң каракчысы жыпар жыттан коркот. Мен жакындаганда өзүнөн өзү эле кача баштайт. Аны көрүп турган Чолпон жылдыз ого бетер жаркырап көктөн күлүп тура берет. Андан кийин ар бир үйгө киремин. Таң жарчысы короздорду ойготомун. Түнкүсүн тынбай сайраган куштар менен учурашып, көңүл күүмдү ого бетер көтөрөмүн. Муну менен эле токтоп калбастан ар бир үйдүн терезесинен таңкы таттуу уйкуда жаткан келин-кыздарды жүздөрүнөн сылап ойготомун. Алар уйларын саап, желедеги кулундарын бээлерге салышат.
Апалар күпүлдөтө кымыз бышып, мага да сунушат. Бал кымыздан кылкылдата жутуп алып кийинки күнгө камылга кыламын" - деп сөзүн аяктайт сурмалуу көзүн сүзө Таңсулуу. Анда ортончу уулу Чактүш: "Мен болсом уйларды саап жатып, мөңкүтүп, адамдарды чаңкатып суусатып алын кетиремин.
Жалкоолорду ого бетер ныксыратып уктатамын.
Саалган сүттөрдү иритемин" - деп компойот.
"Ап-бали. Кечкурун, сенчи? - дешет эң кенже уулуна. Анда ал: "Кыройт, кыройт! Кеч кирди, короого кайткыла! Карышкыр, түлкүдөн абайлагыла! Тезирээк отуңарды жагып, тамагыңарды бышырып, уйкуңарды кандыргыла!
Таңсулуу эжем бойго жетти. Күйөөгө кетет! Ар кимиңерге конокко келет. Тосуп алгыла!" - деп жар салып Күн ата менен бир түндүк, бир күндүк сапарга кетем" - дейт. "Оо, баракелде! Бардыгыңардын өзүңөргө жараша кызматыңар бар экен. Пайдасы да, зыяны да барын байкадык. Таңсулуу менен Кечкурун силер кызматыңардын үзүрүн көргүлө! Ал эми уулубуз Чактүш сени биз кайрадан тарбиялашыбыз керек экен деген чечим чыгарышыптыр. Ошентип балдар таңдын кызы Таңсулуудан үлгү алгыла демекчимин.
#93 12 May 2016 - 22:31
Ушул теманы таппай жаткан элем. Авторго терен ыраазычылык.
Балам кундо жомок деп кыйначу.))

Супер-Инфо
super.kg
видео