Суперстан: Макал-лакаптар жана накыл сөздөр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Макал-лакаптар жана накыл сөздөр Алдыга кетпе көз тийет - артта калба сөз тийет.

#301 Пользователь офлайн   admin_superstan   04 Март 2015 - 10:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Келгиле мага дагы жардам бергиле" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#302 Пользователь офлайн   Shah   04 Март 2015 - 11:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 11 Март 11
  • Соңку аракети: 01 Окт 2019 17:48
  • Телефон:0773139645
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу кыргыз журту

Мыйзам же прокуратура жонундо фразалар керек туугандар,болсо жазгыла
Айга Кунго жетип турат кулачым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#303 Пользователь офлайн   Faina   13 Июль 2015 - 22:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 12 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 10 Янв 2018 02:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Ага тууган кимде жок сыйлашпаса жатча жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#304 Пользователь офлайн   Alina1984   16 Июль 2015 - 06:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Белгисиз

Жаманды еш тартканча,камчы менен беш тарт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#305 Пользователь офлайн   morther   16 Июль 2015 - 09:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Асыл атанын аракети көп,
Бейбаш баланын балакети көп.

Кыл жатпаган үйдүн кыздары кылдат,
Улууну урматтаган үйдүн уулдары устат.

Ата-эне дарак болсо тамыр жайган,
Перзенти мөмө болот жайнап турган.

Ар убак ата-энеңди сыйлай билсең,
Ал сыйды сен көрөсүң перзентиңен.

Баласы баамчыл,зирек, жетик болсо,
Атанын бакытка карк болгону ошо.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#306 Пользователь офлайн   Ayperi94   16 Июль 2015 - 18:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 18:55
  • Жынысы:Аялзаты

Эгер сиз эс алуу учун убакыт таба албасаныз, андатез аранын ичинде дарыланууга убакыт табышыныз керек болуп калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#307 Пользователь офлайн   Ayperi94   16 Июль 2015 - 18:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 18:55
  • Жынысы:Аялзаты

Ийгилик башка сокку урат,
жолсуздук журлкко сокку урат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#308 Пользователь офлайн   sultan.kyzy   16 Июль 2015 - 18:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 20 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 10:53
  • Жынысы:Белгисиз

Адам болоор кишинин адам менен иши бар,адам болбос кишинин эмне менен иши бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#309 Пользователь офлайн   Faina   17 Август 2015 - 15:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 12 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 10 Янв 2018 02:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Жакшы жакшыга жанаштырар
Жаман жолдон адаштырар


Адептуунун кадырын адепсиз адамды коргондо билесин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#310 Пользователь офлайн   Meka77   18 Август 2015 - 21:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 124
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучить 5 раз Азан

Жакшынын кадырын жаманды коргон билет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#311 Пользователь офлайн   osh93   26 Август 2015 - 10:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Накыл, санаат, насыяттар.
Карызды кайырган адам – тобо кылган адам. Дүйнөгө күнөө аял аркылуу келген, күнөөдөн кутулуу да аял аркылуу болот.
Сүйлөсөң жүрөктөн сүйлө, болбосо жүрөктү убара кылба. Жылуу сез аязда ысытат, суук сез ысыкта муздатат. Ак пейилдүүлүк- адамдын артыкчылык белгиси. Адам – кудайдын кез алдында турган нерсе. Корксоң айтпа, айтасаң коркпо.

Өзүңдү кергүң келсе, касыңдын кезү менен кара.
Адилеттүүлүк – чындыктын энеси, бешене белгиси, адамдын бетиндеги нур.
Жакынындан алган жараат, баарынан жаман оорутат.
Эгер уусунун дарылыгын билсе, жылан чакмак эмес да, уусун чыгымдабай, үмөндөп чакмак.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#312 Пользователь офлайн   osh93   26 Август 2015 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

577. Мага да кезек келээр.

Будет и на нашей улице праздник.

578. Май кармаган бармагын жалайт.

§ У хлеба не без крох : около печи нельзя не нагреться.

§ Зажить бы паном – все придет даром.

579. Майга чымын чогулат.

Где сладко, там и мухе падко.

580. Майдадан – чоң курулат, учкундан – жалын тутанат.

§ От малого большое зарождается.

§ От малой искры, да большой пожар.

581. Макал атасы – сөз, мата атасы – бөз.

§ Пословица не мило (недаром) говорится.

§ Без пословицы не проживешь.

582. Макулук болмок – өлмөк бар.

У всех одна дорога.

583. Малдын төлүн күзүндө сана.

Цыплят по осени считают.

584. Малың барлда баары дос, малың жокто кана дос?

Есть брага да пирожки, так есть и дружки.

§ На пиру много друзей.

585. Мансапка мас болгон, «көлгө көпүрө салам», – дейт.

Спась в добро не вводит.

Спест не ум, гванство не ум, а недоумие.

586. Маселени кабыргасынан койгон.

Ставить вопрос ребром?

587. Мастан жинди качып кутулуптур.

§ Он из мертвой петли вывернется.

588. Меймандын тогу жакшы.

Сытого гостя легче потчевать.

§ Сытому еда на ум нейдет.

589. Менин акылым сенде эмес, сенин акылың менде эмес.

Всяк живет своим умом.

§ Чужим умом жить – добра не нажить.

§ Чужой ум до порога не попутчик.

590. Менин колума да карга чычаар.

§ И на моей улице будет праздник.

591. Миң сөз айтканча, бир иш кыл.

Не спеши языком, торопись делом.

592. Молдонун өзү тойсо да, көзү тойбойт.

Брюхо сыто, да глаза голодны.

593. Молдонун сакалы ак, бирок санаасы кара.

Волосом – то сед, а душою черен.

594. Момундун ишин теңир мактайт.

Дело скромного бог хвалит.

595. Музоо уурдаган өгүздү уурдайт.

§ Это еще цветочки, а ягодки впереди.

596. Мурду менен бир тийген.

Много бранился, а добра не добился.

597. Мурдуңа ченеп бышкыр.

§ Семь раз примерь, один раз отрежь.

Прежде подумай, а потом говори.

598. Мурдунан эшек курту түшө элек.

§ Молоко на губах не обсохло.

599. Мурун кыйкырган короздун башы кетет.

§ Не в пору, не впрок, а ко времени, скорее.

600. Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озуптур.

§ Ум бороды не ждет.

§ Молод годами, да стар умом.

601. Мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраган.

§ Остаться у разбитого корыта.

602. Мыдыр эткен жан жок.

Ни единой души нет.

603. Мылтык болбой, ок болбойт.

§ Без костей мясо не живет. Без костей рыбки не

бывает.

604. Мышык этке жетпей, сасык дейт.

§ (хоть) Видит око, за зуб наймет.

§ Любит кошка молоко, да рылыце коротко.

605. Мышыкка – оюн, чычканга өлүм.

Кошке – игрушки, а мышке – слезки.

606. Мээнет болбой, дөөлөт жок.

§ Хочешь есть калачи, так не сиди на печи.

§ Без труда не вынешь и рыбку из пруда.

607. Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.

Какие труды – такие и плоды.

Какова работа – такова и плата.

§ Как потопаешь, так и полопаешь.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#313 Пользователь офлайн   osh93   26 Август 2015 - 11:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Актан бүткөн амирди,
Эч бир пенде биле албайт.
Жетесизге кеп айтсаң,
Мойнун бурап тил албайт.

Саратан кетпей тоң болбойт,
Назардан калган чоң болбойт.
Эл менен эрсиң азамат,
Элсиз ишиң оң болбойт.

Кушту учурган пар болот,
Эрди учурган зар болот.
Жүкчүл төө нар болот.
Боло турган жигитте,
Намыс менен ар болот.

Атадан каргыш алгандар,
Акыры барып кар болот.
Өрдөк учса каз калбайт,
Жакшы адамдын белгиси,
Ортодон ушак сөз өтсө,
Билмексен болуп эске албайт.

Кеп сүйлөбө, ойлонбой,
Акыл чыкпайт толгонбой.
Акылман чыкса калкыңдан,
Алтындан чеп коргондой.
Өмүр өтөт, токтобойт,
Ар бир көргөн күндөрүң,
Бир-бирине окшобойт! .

Жаман кыздын сыягы:
Мокок болгон ороктой.
Баланча ишти кыл десең,
Буртуюп коёт тоготпой! ..
Айылдап кетет талпактап,
Эптеп көйнөк тиге албай
Этек-жеңи салпактап.
Ойку-кайкы кептери,
Тартиби жок жалжактап.
Өөдөсүнүп, керейет,
Өзүн койбой салмактап.

Жакшы кыздын сыягы:
Алтындан соккон жамбыдай,
Адеп менен сүйлөсө,
Ар адам тилин алгыдай.
Келбет, тулку келишкен,
Көркүнө көзүң каңгыдай.

Жаман болсо алганың,
Кутулбаган балаага,
Кудай салса калганың.
Жарасы бүтпөй жатканда,
Жаңырат жаңы жаңжалың.
«Булар эмне болгон» деп,
Беймаза болот балдарың.
Жарыбагыр, кургур деп,
Жадыңдан кетпейт арманың.

Эр кадырын бек тутат
Ыйманы бар ургаачы.
Айнектен артык таптаза
Кармаган казан, тулгасы.

Өйдөгө арык жүрө албайт,
Өксүгөн пенде күлө албайт.
Өлөөрүн адам биле албайт,
Өзү баш бала тил албайт.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#314 Пользователь офлайн   osh93   26 Август 2015 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. НАСЫЯТ


Дениң соодо, эринбей,
Бекерликке берилбей,
Эркиң менен жумуш кыл
«Эринчээк, жалкоо» дедирбей.

Эрдин күчү сом темир
Эритүүгө эр керек.
Эч оокатың болбосо,
Эгин айдоо жер керек.
Эр жигиттин белгиси —
Эпчил болот термелеп.

Күчүң барда иштеп көн.
Күлүп, жайнап, эр жигит,
Күнүмдүктү ойлобой,
Кулак байлап, жер жибит.

Жакшы азамат түрдөнүп,
Жалбырттаган жалындай.
Өзүн өзү асырайт,
Уурулукка малынбай,
Уятын ойлоп ар убак,
Ушак сөзгө чалынбай.

Түрүнүп иштеп эр жигит
Тишиң барда таш чайна.
Ирээтиңди түзөтүп,
Иштебесең, аш кайда?
Эгин айдап, чөбүң чап
Эмгегиңден пайда тап.
Азамат болсоң, ак иштеп,
Аздыр-көптүр малың бак!

Эр жигиттин белгиси —
Кайраттуу болот жалындап.
Өз колунда болбосо,
Оңойбу оокат табылмак?

Өлбөй тирүү калбайсың
Жан аманат, ойлоп бак.
Ыркырашпа тирүүңдө,
Ырыс алды — ынтымак.

Малы бар деп бирөөнүн
Байлыгына суктанба.
Ачуулу болуп, эр жигит,
Аксымдыкка бут малба,
Көпкөндүккө жеңдирип,
Көрүнгөнгө мактанба.

Эгин айдап, жакшы бак,
Жазында чыгат жалтылдай,
Кампадан ашып, кап толот,
Баасы кызыл алтындай.
Карды тойбойт адамдын,
Кайрат менен иш кылбай.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#315 Пользователь офлайн   osh93   26 Август 2015 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

,, Темир отто, киши жокто чыналат"
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#316 Пользователь офлайн   Bad-boy   27 Август 2015 - 00:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Жаман жигитке жоолукпаган кыз, жакшы жигиттин кадырына жетпейт
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#317 Пользователь офлайн   mega777   27 Август 2015 - 00:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения Bad-boy (27 Август 2015 - 00:49) жазган:

Жаман жигитке жоолукпаган кыз, жакшы жигиттин кадырына жетпейт


Же тескерисинчеСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#318 Пользователь офлайн   Bad-boy   28 Август 2015 - 19:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Просмотр сообщения mega777 (27 Август 2015 - 00:51) жазган:

Же тескерисинчеСүрөт

Эч кайсы макал тескерисинче болбойт Мега эже :)
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#319 Пользователь офлайн   mega777   28 Август 2015 - 23:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения Bad-boy (28 Август 2015 - 19:39) жазган:

Эч кайсы макал тескерисинче болбойт Мега эже :)


Маанисин которуп алдым,маанисинСүрөт
Жаман кызга жолукпаган жигит деле жакшы кыздын кадырына жетпейт го.Биягы оз комочко кул тартмай да иним,аялзаты ушундайбыз го))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#320 Пользователь офлайн   beka1207   29 Август 2015 - 00:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ишенген кожом сен болсон,
Алды алдынан тал карма.
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 02:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: