Суперстан: Мырзаңыз белек берүүнү билбейби? Амалкөйчүлүккө барыңыз - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мырзаңыз белек берүүнү билбейби? Амалкөйчүлүккө барыңыз ....

#1 Пользователь офлайн   medina.   27 Август 2015 - 00:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

:менин жүрөгүм:
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   medina.   27 Август 2015 - 00:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кээ бир мырзалар айымдарга белек берип туруу маанилүү экенин жана бул маанайын жакшыртуучу айымдардын каалоосу экендигин биле беришпейт. Демек, мырзаларга түрктү берүү керек. Кантип эбин таап белек берүүгө көндүрүүгө болот?! Бул албетте майрам күндөрүнө кирбейт. Анткени, айымдар майрамдардан башка күндөрү дагы белек алып турууну каалашат. Ал эми айымдардын мындай каалоосун аткаруу мырзалар үчүн өтө маанилүү.

Мырзалар кандай шартта белек берүүнүн зарылчылыгы жок-, деп эсептешет?!

- Айымга болгон сезими жок болушу ыктымал

- Өзүнөн башка эч кимди сүйбөйт, өзүмчүл

- Зыкым. Демек, сезимдер үчүн да сараңдык кылат

Сүрөт

Негизинен алып караганда, мырзалар айымдарга салыштырмалуу күчтүү, табышкер жана кам көрүүгө милдеттүү болгондуктан маанайын көтөрө билүүсү да чоң роль ойнойт. Албетте, сөзсүз эле бриллиант шакек же башка асем буюм белек кылуу дегендик эмес, эң башкысы чын ниеттен көңүл буруп маанайын кичинекей белек менен көтөрүү болуп эсептелет.

Сүрөт

Ошондой эле айрым психикалык жактан тең салмактуу эмес мырзалар дагы белек берүүнүн зарылчылыгын биле беришпейт. Себеби, анын ар дайым өзүнүн маанайы жок, ачуулуу жүрөт. Андыктан айымдын сезимин анчалык деле жакшы түшүнө бербейт.

Мындан сырткары, альфонс мырзалар дагы белек берүүго ашыгышпайт. Анткени, тескерисинче айымдан белекти өзү күтөт.

Психолог адистеринин айтымдарында белек берүүнү адатка айлантып, айымдын маанайын ар дайым көтөрүп жүргөн мырзалар, өздөрү да белекке ээ болуп, бактылуу сезимдерге көбүрөөк кабылышат. Ортодогу мамиле жакшырып, сезимдер бекемделет.

Эми негизги маселеге кайрылалы. Эгерде мырзаңыз белек берүүнү билбесе, ага маданияттуу түрдө аялзаттык амалкөйчүлүк менен түрткү берүү керек. Бул үчүн күнүмдүк жашоо- тиричиликте колдонулуп, натыйжалуу жыйынтык берген ыкмаларды колдонуу зарыл.

Сүрөт

Мырзаны белек берүүгө кантип үйрөтүү керек? Жеңил кыйытма түрдө..

Бул ыкманын жыйынтыгы чындыгында көп деле жакшы натыйжа бербейт. Ошентсе да аракет жасап көрүңүз. Бирок, бул ыкманы колдонбой, экинчисине секирип кетүүгө да болбойт. Ал үчүн: "Мен кечээ момундай кулон сатып алдым, бирок, чынжырчасын сатып алууга акчам жетпеди. Дүкөндөн бир көйнөк көрдүм, кийип көрдүм, мага абдан жарашыктуу экен, бирок капчыгыма туура келбеди, бир аз кымбатыраак экен"- деп жеңил кыйытма түрдө каалооңузду билдирип коюңуз.

Эгер мырзаңыз зээндүү болсо, кыйытманы дароо түшүнөт да, аны орундатууга шашылат. Эгер бул ыкма жакшы жыйынтыгын көрсөтпөсө, анда экинчи кадамды жасаңыз.

Сүрөт

Баарын өзүбүз жасайбыз!

Каалооңузду түз эле ачык айтыңыз. "Алтыным, мага белек кылууну каалайсыңбы? Мен өзүмө сөйкө алайын дегем, баланча сом турат экен"- деңиз. Эгер макул болуп сиз айткан сумманы берсе, анда дароо каалаган буюмуңузду сатып алыңыз. Андан кийин жоро- жолдоштор менен чогуу отурганда, сөзсүз түрдө мактанууну шылтоолоп жолдошуңуздун берешен экендигин, белек тандоо табити мыкты экендигин жана күтүүсүз белек кылууну абдан жактыраарын кошумчалап, белгилеп коюңуз.

Сүрөт

Өзүнө карай...

Мырзаңыздан белек алууну кааласаңыз, ага белекти өзүңүз берип көрүңүз. Күтүүсүздөн, өзү каалап жүргөн бир буюмун сатып бериңиз. Балким, сизден мындай өнөрдү үйрөнүп калгысы бардыр.

Сүрөт

Белек берүүгө үйрөтөбүз

Албетте, белек берүүнү билбейт деп эле мырзаларды күнөөлөгөн болбойт. Себеби, ал табиятынан ошондой мүнөзгө калыптанып калгандыр. Андыктан өзүңүз үйрөтүңүз. Ал үчүн кайсы белекти, кайсы жерден жана качан алып келе тургандыгын так көрсөтмө берип айтыңыз. Маселен: "Алтыным, сенин жумушуңдун жанындагы дүкөндө момундай аталган торт бар ,кечинде жумушуңдан үйгө кайтаарыңда сөзсүз ала келчи. Мага жагымдуу белек болот"- деп айтыңыз.


Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Holerik10   27 Август 2015 - 00:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Алло жаным мага 2литрлик кола зеро Ала келчи мага оло жагат,сизден мага подарка болсун)
-Кола ичпе ашказанын ооруйт,суусасан кок чай ич
-....


Башка куну...
-Магазинден сонун койнок кордум,тойго кийгенге алып беринчи акчам жетпейт экен (момоююююп)
-Тойдо балаа барбы,барбайсын эч жака!
-...

Мында кандай кылыш керек Медина))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   peri-jan   27 Август 2015 - 01:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 460
  • Катталган: 24 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Июл 2016 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сырдуу дуйно

Негизи эле эркек кишиге, баалуу белек берип болбойт деп калышат. Себеби ал конуп калат жана сизди оз кызыкычылыгы учун гана пайдаланышы мумкун.
Ар бир аял заты, белек алууну жактырса керек. Чон болбосо да кичине болсун, бирок ошол атайын конул болуп белек жасап жатса конулун жылып калат. Жогоруда айткандай мамилелерине бекемдик, жылуулук тартуулайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   27 Август 2015 - 02:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Эсимде бир канФетти бул сага деп бергенде, ал байкени коргон сайын ошол канфет эске тушчу )) демек бир куруттай кичине белек конулду кокко которот.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   27 Август 2015 - 02:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Вааай :91: . Менин жолдошум да романтик эмес, бирок, мынаны кийгим келип атат же мынам жок десем ээрчитип эле алып берет. Кстати туулган күнүмдө клончик сүрпрайз кылды :менин жүрөгүм: . Кичинекей болсо да белек алганды жакшы көрөм. Өзүм да унутпай белек берем. Байкушум сүйүнүп калат. Белек алган жакшы, күтүлбөгөн белектер андан да жакшы эмеспи! Маанайың көтөрүлөт, башкача сезимде болосуң!
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aqua.94mema   27 Август 2015 - 02:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2020 18:07
  • Жынысы:Аялзаты

Ооо
Акем экообуз коп магазин кыдырабыз ..
Бир нерсе мага жакканын сразу билет ...себеби ошол нерсени карап эле кармап тура берем да ...
:) мага анан женешкага алып берет ....

Бир бойфрентке бир нерсе алдыргым келгенде созду мындайдан баштайм ... "Сен жакшысын ааа ?" ( уже тушунот да ) мисалы :шарф алдыргым келсе " мага чоон жоолука окшош шарф жагып журот , тусу кок жукаа бирок чооон болсо э ?" деп эле айтып коем ... Алып берет кийинки жолукканда ... Озум да куто берем бугун жолуксак созсуз бирденке алып беретго ? Деп ...... Кыскасы белек алдыруу мен учун оной кеп ..... Нарагынан берагынан ото берем .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   medina.   27 Август 2015 - 02:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Просмотр сообщения Holerik10 (27 Август 2015 - 00:40) жазган:

-Алло жаным мага 2литрлик кола зеро Ала келчи мага оло жагат,сизден мага подарка болсун)
-Кола ичпе ашказанын ооруйт,суусасан кок чай ич
-....


Башка куну...
-Магазинден сонун койнок кордум,тойго кийгенге алып беринчи акчам жетпейт экен (момоююююп)
-Тойдо балаа барбы,барбайсын эч жака!
-...

Мында кандай кылыш керек Медина))))

Андай десе,сен да бир аз таарынганынды билдирип?эркеле)))
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   27 Август 2015 - 03:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Тааакс, че то теманар соонундайго ээ?)))

Булда болсо, суйууну жана бактылуулукту бекемдоого, себепчи болгон, бир кадам экенда...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   BeStOne   27 Август 2015 - 03:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 273
  • Катталган: 06 Июль 14
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 11:04
  • Жынысы:Аялзаты

вай йее анча мынчаны мага бул керек деп эле айтам
эч нерсеге отказ кылбайт, кээде ото эле кымбат нерсе берейин деп камданып калганында озум уялып жок керек эмес деп баштайм

Билдирүүнү түзөткөн: BeStOne: 27 Август 2015 - 03:34

Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Nadir27   27 Август 2015 - 12:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 07:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Менин жолдошум да романтик эмес.Кээде гул алып келип калат,аны да кызыма карматып койот анан мына кызын сага гул алып келди деп,кече 3айлык баламы эшикке которуп кетти эле анан ошого гулду карматып койуптур мына сага гул деп.Бирок озумо бир нерсе жакса сразу айтам мындай жакты алып беринчи деп анан тамашалашып добушка койойунчу деп калат.Анан 2,3кундон кийин дагы айтсам акчасын берет озун эле барып келчи аа мен бошобой атам деп.Жумуштан келгенде мына мынандай алдым соонууууун бекен рахмат жаным деп койом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   osh93   27 Август 2015 - 12:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Белекти мындай кылыш керек:
Бир кичинекей сандыкка кант саласынар, устунон дагы чон сандыкка саласынар дагы иши кылса бир ээсин оодарыш керек да. Ачтырасынар корот, таныркайт мына унутулгус белек деп кое бергиле. :)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   osh93   27 Август 2015 - 12:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ал эми белек берип атканда:Сразу бербеш керек, куттуруш керек да, куткон белек эн жагымдуу жана озгочо болот.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Geran   27 Август 2015 - 14:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения osh93 (27 Август 2015 - 12:32) жазган:

Ал эми белек берип атканда:Сразу бербеш керек, куттуруш керек да, куткон белек эн жагымдуу жана озгочо болот.


Эй Муму кутуп журуп алган белектин неси жакшы,андан коро кутулбогон белек алуу жагымдуу болот...

Кыйытып айтып журуп бир нерсе алдырган жакпайт...

Мен бироодон белек кутпойт деле экенмин.Мага бир нерсе керек болсо апамдарга же акама шарт-шарт эле айтам мындай нерсе алгым келип атат деп...

Анан кыздар тааныш балдарга же болбосо жигитине бир нерсе алдырган жакшы эмес корунуш.Ал эми жолдошун болсо башка кеп...

Ошондуктан мырзалар аялына айттырбай эле кичине болсо да тез-тез белек берип турса эн сонун болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   happy02   27 Август 2015 - 17:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Аял заты озубуз эле амалкойбуз го)).
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aikow92   28 Август 2015 - 12:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Просмотр сообщения Holerik10 (27 Август 2015 - 00:40) жазган:

-Алло жаным мага 2литрлик кола зеро Ала келчи мага оло жагат,сизден мага подарка болсун)
-Кола ичпе ашказанын ооруйт,суусасан кок чай ич
-....


Башка куну...
-Магазинден сонун койнок кордум,тойго кийгенге алып беринчи акчам жетпейт экен (момоююююп)
-Тойдо балаа барбы,барбайсын эч жака!
-...

Мында кандай кылыш керек Медина))))


СүрөтСүрөтСүрөт Менде ушундай учур болгон
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   aijan   28 Август 2015 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Ээ, ушинтип белек алганча белексиз эле журо берген он го. Кыйытып айтыып анан тиги, бу...койчу, тажап кетем.
Бирдеме керек болсо айтып алдырганды белек катары корбойм, чын айтсам.

Мага кутуусуз гул, букет алган жагат:) Акыркы жолу жолдошум талаадан бир кучак майда ромашка терип анысын жон келбей чон желим ботолкону кесип суу толтуруп, гулдорду салып алып келиптир. Иий, аябай жаккан эле ошондо:) Жолдошум чанда болсо да ушинтип кубантып койгону жагат.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Aselina_kg   01 Сентябрь 2015 - 01:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 194
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Май 2023 09:58

Жаккан нерсени өзүм эле сатып алам
Жигиткеби ,башкагабы кыйытып айтып алдырган опшум жакпайт
Күтүлбөгөн белек болсо албетте жагат

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Gulnazz93   01 Сентябрь 2015 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Бир нерсе жакты деп кыйытып айтпайм айтсам да алып ал деп акчасын берет.Романтик эмес.
Бир жолу туулган кунумдо журокчолордун ичине шам куйгузуп асманга учурат го ошодон экоону алып бироосу меники, экинчиси сенин журогун деп сюрприз жасаган.Кайынсиндим экообуз кухняда олтурсак баары эле сыртка чуркап чыгып кетишти кеч болчу, бир маалда кайним жене журсонуз деп эшикке эрчитип чыкты чыксак шамды куйгузуп асманга учуруп жатышыптыр" туулган кунун менен, сени суйом"дегенде кайнагамдардан аябай уялгам))но приятно болгон



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   wirinim   02 Сентябрь 2015 - 14:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 05 Август 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2016 16:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ноокат сити

менин жолдошумда романтик емес, бир нерсе керек болсо озуно еле айтам болбосо агама айтам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 02:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: