Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.
#81 19 Июль 2015 - 13:08
Көздөрүңдөн сенин,
Сөздөрүңдөн сенин...
Карегимдин түбунө,
Чөккөңүңдөн сенин...
Каштарыңдан сенин,
Чачтарыңдан сенин.
Жүрөгүмдүн ачкычын,
Тапканындан сенин.
Ырларыңдан сенин,
Сырларыңдан сенин.
Тоом десем, жүрөккө
Сыйганыңдан сенин...
Каттарындан сенин,
Саптарыңдан сенин.
Бардүйнөмдү сапырып,
Чачканыңдан сенин...
Күлгөнүңдөн сенин,
Сүйгөңүңдөн сенин...
Жүрөкко жүк – сагыныч,
Үйгөңүңдөн сенин.
#82 23 Июль 2015 - 16:24
келди бугун жашагым,
Корпенделик. ..
конулдун жук, азабын,
журдум эле кокурокко которуп,
Суйуу менен жууп-чайып.. . тазамын.
#83 24 Июль 2015 - 14:31
Мен сен үчүн...
келди өзүмдү карагым,
Жүрөгүмдү өзгөчөрөөк аядым.
Ооруп, чыдап... жүрдүм эле чыгынбай,
Эртең сөзсүз дарыгерге барамын.
Мен сен үчүн...
Келди кирпик "тарагым" ,
Өңдөн азып
кетиптир ээ, жамалым?
Коздөрүңдү кубантууга. .. сулуулук
салонуна эртең сөзсүз барамын...
Мен сен үчүн...
келди бүгүн жашагым,
Көрпенделик. ..
көңүлдүн жүк, азабын
жүрдум эле көкүрөккө көтөрүп,
Сүйүү менен жууп-чайып жатамын..
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 27 Август 2015 - 03:44
#84 25 Июль 2015 - 03:57
Аячы мени?
Аячы жаным кичине?
Оорукчан болдум,
Ойлорум батпай ичиме.
Жараткан деле
кечирим кылат турбайбы,
Адашып калып,
айыбын сезген кишиге.
Кечирчи мени?
таарынтам деген эмесмин,
Кайрылчы бери,
анчалык узай элексиң?
Санаадан соолуп,
саргайып бүтүп баратам,
Сен гана мага
мурөк суу сымал керексиң.
Же балким сен да
кызгандың бекен мага окшоп,
Тунжурап тиктеп
калчу элең үнсүз, бала окшоп.
А бирок , билбейм,
сезбедиң экен эмнеге,
Эч качан, эч ким
сүйдүрбөйт мени сага окшоп...
#85 26 Июль 2015 - 14:37
Унуткуң келчү мени.
Бирок сенин
Көздөрүң калп айта албай
карап турчу!
Коштошуп кетким келчү.
Бирок менин
Жандүйнөм сени гана
самап турчу.
Кадимки Зейнеп менен
Күкүк болуп,
А бүгүн сенден күдөр
үзүп коюп,
Качандыр жолугушчу
күндү беттеп,
Учамын улам бийик,
күтөм жолук.
Сагындым!
Сагындың ээ, сен да мени,
Жанаша,
жакын туруп жолуң алыс!
А бирок
ишен жаным, качандыр бир,
Экөөбүз
эң бактылуу жолугабыз!
#86 28 Июль 2015 - 00:07
(Г.Кахарова ырдайт)
Гүлсүз сиз!.. Мага ошондой туюласыз,
Арналып жандилиме сунуласыз!
Сүйүүсүз, жакшы обонсуз ырга айланып,
Сагыныч болуп жанга куюласыз!
Кайырма:
Бул сүйүү жашап калсын сырга айланып,
Булбулдун добушундай ырга айланып.
Бул сүйүү аруу бойдон кайып болуп,
Закымга тарап кетсин нурга айланып.
Бийиксиз – бийикмин деп көрүнбөгөн,
Тереңсиз – тереңдикке чөмүлбөгөн!
Кененсиз – Аалам сыйган кучагына,
Мен гана сыйбайм ошол кучагыңа! ..
Күндөйсүз – жүрөгүмдө жанып турган,
Түндөйсүз – чындыкка артын салып турган.
Бакытсыз – башка бакыт мен үчүн жок,
Армансыз, бирок жанды жабыктырган!
#87 29 Июль 2015 - 04:29
Кучагы музураак, ташыраак,
Кубаныч, күлкүсү азыраак,
Кусалык аталган дүйнөдөн,
Куткарып, алып кет батыраак.
Борошо, бороону болбогон,
Ботодой боздотуп койбогон,
Боорукер дүйнөңө алып кет,
Боштуктан – боорумда ойногон.
Жандүйнөм жанчылып, жанчылып,
Жарышкан ойлордон чаң чыгып...
Жанымда жүрсөң да жакындык
жалгашпай, аралык айчылык...
Каректер карыгып калышты,
Канаттар кайрылып, талышты...
Кап, аттиң кайрылбас ирмемдер,
Кар басып канча алыс калышты...
#88 31 Июль 2015 - 14:40
Жалбырактын. ..
тапкан эрте жаздагы
кубанычын шамал күбүп таштады...
Кошо артынан учуучудай далбастап,
Коштошо албай “дир-дир” эте баштады!
Аздан кийин
жамгыр келди дыбырап,
“Өтөт-кетет. .. Баары калп...” - дейт шыбырап.
Ал ансайын солуй түшкөн бариктин,
Арга издеп, жандүйнөсү чыңырат...
“Кантип? Кантип?
Кантип баары бүттү, арман?!.”
Үмүт. Күтүү... өзөктү өрттөп күчтүү арман.
Күндөр болсо өтүп жатты кайдыгер...
Сүйүү жалган! Жашоо жалган! Бүт жалган!..
#89 31 Июль 2015 - 14:41
(Обону Бакыт Мамаевдики,
Аткаруучу Мелис Абдрашитов)
Тагдырдын көрүп жазганын,
Таттуусу болдуң башканын.
Тамшанган менен жете албай,
Талпынып алыс жактымын.
Кайырма:
Түңүлбөй бирок жүрөгүм,
Түпөйүл болуп жүдөдүм.
Түгөйүң болуп түндө эми,
Түшүңө кирип жүрөйүн.
Өзүң деп өтүп көп күнүм,
Өксүдүм жаным, өксүдүм.
Өткүнүм болуп, өзөктүн
өртүнө суу сээп өткүнүң.
Санаадан алып сала албай эй,
Сабалап учуп бара албай,
Сары оору болдум садагам,
Сагынчым сага тарабай.
#90 06 Август 2015 - 23:17
таарынтып койсом кечирчи?
Тушүмө кирди
Тунжурай түшкөн кезиңчи...
Таң атпай узак
болду окшойт ушул түн дагы,
Таптакыр эми
таарынтпайм сени экинчи.
#91 11 Август 2015 - 16:55
Анда дагын,
Атайлап, өзүмдү-өзүм алдагамын!
Жүрөгүм менен эмес, акыл менен
өзүмө өгөй сүйүү арнагамын! ..
Өмүрдү аягандай,
Күтүүнүн күндөрүнөн тажагандай,
Башымды өйдө кылып,
Көтөрүп көкүрөктү,
Калп эле бактылуудай,
Бул чындап жактыруудай,
Чекилик кетирипмин,
Мен сени тапкан окшоп сезилипмин!
Байланып бакыракай көздөрүңө,
Балжуурат, балмуздактай эзилипмин…
Билбеймин, сага кандай,
Бар сырым жашыра албай,
Бактылуу, бактысыз да,
Бейкүнөө мүнөттөргө кезигипмин!
Баары бир көңүлүмдүн,
Көксөөсүн кандыра албай,
Бүлбүлдөп күйгөн отту,
Балбылдап жандыра албай,
Бараттым сага жандай!..
Жылмайып күлгөн менен,
Жыластуу күндөрдө мен,
Жылгадан үзүп келген,
Жыпар жыт гүлдөр менен,
Жарпымды жазганымды,
Билдиңби, билбедиңби,
Азапка батканымды,
Атайлап айтпай коюп,
Арманым катканымды? ..
Ким билет сага ошондо,
Жактымбы, жакпадымбы? ..
Калп эле күлгөн болуп!
Капасыз,
каадалуу өмүр сүргөн болуп...
Жүрөгү таштай катуу дебесин деп,
Калп эле, калп эле анан сүйгөн болуп,
Жаныңда бараткамын!
Карааным катарыңда калган менен,
Капкайда калкып учуп барат жаным!
Кармашып колдорубуз,
Төшөлүп жатса да бир жолдорубуз,
Дилимде сенден эчак адашкамын!
Жүрөктүн жылуулугун ыраа көрүп,
Боюна ырларымдын тараткамын. ..
Умсунуп, учкум келип бараткамын,
Калкылдап каяккадыр канаттарым,
Чынында сенден эчак адашкамын!
#92 15 Август 2015 - 17:51
кылгырышкан тымызын,
канчалардын
окулбаган ырысың.
Эч кимиси
бирок мендей сүйө албайт.
Бирине да
бербейм сени ырысым.
#93 15 Август 2015 - 17:52
Жазылбаган жакшы ырым –сен,
Айтылбаган ак сырым – сен.
Эч бир жанга окшобогон,
Башкалардан артыгым –сен.
Кереметим, кененим –сен,
Беделим, тоом, береним –сен.
Бир мен үчүн теңдеши жок,
Теңир берген белегим –сен.
Каражаным, караганың,
Кандай сүйкүм мага жаным.
Көңүл чөгүп турган кезде,
Менин жөлөк-таянарым.
Карааныңдан кагыламын,
Жалыныңа жагыламын.
Мүнөт сайын чалып турчу,
Добушуңду сагынамын.
#94 15 Август 2015 - 17:52
Канатым сынып,
Каректе жашым айланып,
Карайлап жалгыз
Калганда Күндү, Айды алып,
Караңгы түндө,
Калдайтып жайып канатың,
Каралдым менин,
Кашыма келдиң байралып.
Качанкы качкан
Кайрыгын ырдын кайра алып...
Козголуп дүйнөм,
Коргошун болуп балкыдым,
Кош канат бүтүп,
коно албай жерге калкыдым...
Комузуң үч кыл,
Кошоктоп биздин дүйнөнү,
Колуңду кармап,
кошулуп учтум, артыгым,
Коно албай жерге,
кошо учуп кеттим, алтыным...
#95 22 Август 2015 - 03:32
Сен билбейсиң,
Көп нерсени билбейсиң! ..
Ушул ырдын
Жүрөгүндө ким дейсиң?..
Сенсиз менин
Ырларымдын өңү серт,
Колу-буту
сенектигин билгейсиң!
Сен билбейсиң!
Көп нерсени билбейсиң!
Сени күткөн
Ыр дүйнөмө кирбейсиң!
Сезимталсың. ..
Баарын билип, түшүнүп
Же тек гана
Таарынычтан кирдейсиң?..
Сен билбейсиң!
Көп нерсени билбейсиң!
Көңүлүмдө
көмүскө ырым ким дейсиң?
Ошолордун
баары – сенсиң, баары сен!
Мага ыр кайып,
Көктөн түшкөн пирдейсиң!
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 22 Август 2015 - 03:35
#96 22 Август 2015 - 03:36
Көздөрүнө өзгөнүн,
Окшобогон көздөрүң...
Мынча көпкө тигилип,
менден нени көздөдүң?
Айтчы,эмне? Арзуубу же
Азгырыкпы сөздөрүң?
Кош билегиң билерик,
Боорго тартып имерип,
Көздөрүмө көзүңдү,
Көз ирмемге жиберип,
окуп алдың мен сени
тапканымды тиленип...
Тийген кезде колума,
Чоктой ысык эриниң,
Ээ боло албай эркиме,
Балмуздактай эридим.
#97 26 Август 2015 - 08:32
#98 27 Август 2015 - 03:37
Kursanai (26 Август 2015 - 08:32) жазган:
Шугурчулук, озун синдим? Жазганга аракет кылып жатам. Буйруса дагы көп-көп жазабыз го (көчүрүп) амандыкта турсак.
#99 27 Август 2015 - 03:38
Аяшымдын сөккөнүн,
Абысындын сөздөрүн,
Алтын шакек, иймегиңдин,
Баасын, бриллянд көздөрүн...
Машинеңдин маркасын да,
Кайра-кайра айтасың да.
Саунага барганыңды,
Ушул айдын канчасында.
Кошунаңдын короосунда,
Койкоңдогон короозун да,
Короочусун кошо айтып,
Кашты серпип коёсуң да...
Кантип эске албадың бу...
Канча убактым алганыңды,
Кандай кымбат саптарымды,
Кармай албай калбадымбы. .!
#100 27 Август 2015 - 03:45
Элесиң көз алдымда жүрөт дайым.
Дарыгер даба таппай убара эле,
Сен болуп жүрбө менин жүрөк дарым?.