Суперстан: Рысбек "Пресс-хата" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Рысбек "Пресс-хата" Рысбек "пресс-хата"

#21 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 00:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жолойдун колу кандай уу
Абакениз Кошойдун
Жоонундагы баягы
Уюп калган сары суу
Аркасын Жолой эзиптир
Колдон уусу кетиптир
Уюп калган сары суу
Кармоосу менен Жолойдун
Боюна тарап кетиптир
Аткып Жолой журуптур
Ары-бери суруптур
Абакендин соорусу
Кармаганын суйуптур
Ит чиркин бекем туткун деп
Имерилтип журуптур
Кечеги куну чак тушто
Кармашкан экоо карк тушто
Каалайык айран бул ишке
Жыгыша албай тун жеткен
Курошуп журуп кун кеткен
Арадан отту бир тун
Куну-туну кармашып
Жыгыша албай ал куну
Эртеси чыгып дагы кун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кун обого толгондо
Жалган туш жаны болгондо
Алышып журуп абаныз
Алптыгына караныз
Конул кетип куугундоп
Коз илинип булбулдоп
Кошуп кетип ургулоп
Анда-санда бир айтып
Кырк арканы былк эте
Кыйын кармап жургун деп
Уйкуга абан кириптир
Ушуну Жолой билиптир
Башта куну бадырек
Балалуу жумуш баштаган
Бар боколдор чогулуп
Алачык уйдой бир ташты
Балбан таш кылып таштаган
Ал ташкка тийген бенденин
Айласы келбес турууга
Абакениз Кошойду
Апарып ташка урууга
Конуно Жолой салыптыр
Кок ала сакал Кошойду
Которуп колуна алыптыр.
Коро салып эр Манас
Айгай салып айкырды
Абаке деп бакырды
Майдандагы Кошойду
Манас эми чакырды
Абаке Кошой нети деп
Как баш Кошой козунду ач
Кай кара басып кетти деп
Каманча качпай чалдырдын
Капырга намыс алдырдын!
Адамдын сонун иши бар
Арыстан кыял ичи таар
Каарданса тусу заар.
Караганда тусу заар
Каары айтса созу заар
Канкордун уну барыптыр
Кошой абан кулагы
Манас уунун чалыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Чынчын уну чын чыгат
Чымырканып бул Манас
Доошу ачуу чон чыгат
Каарданып бу кан кор
Кайда журуп унчугат?
Ойлоно калып ошону,
(Оной кишидебептир,
Оён абан Кошойду!)
Ачса козун акырын
Ачканда келди акылы
Ташка урууга дайардап
Калыптыр Жолой капыры
Турмоктой кармап турмакка
Даярданып калыптыр
Кошойду ташка урмакка.
Уйкудан козу ачылып
Жулкунуп Кошой чачылып
Кайраты толуп кеткени
КАРЫЯ КОШОЙ НЕТКЕНИ
Карыя Кошой абандын
Аягы жерге жеткени
Абакениз Кошой доо
Артылтып колун салыптыр
Ар жагынан шымынын
Кашаатан кармап калыптыр
Котормокко доо Жолой
Конулуно алыптыр
Он буту менен абаныз
Астын торой чалыптыр
Жалпы журт карап туруптур
Тоодой Жолой балбанды
Томкоруп жерден алганы
Которуп жерге уруптур
Копчулук карап туруптур
Жолойду кудай уруптур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 00:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Башынан аттап алганда
Басып КОШОЙ калганда
Аякты тушап алдын деп
Армандуу бойдон калдым деп
Бутту бууп салдын деп
Бурдап жыгып алдын деп
Бугум чыкпай калды деп
Манастан алган кандагай
Багалектен алаарда
Булгап-булгап абанды
Жерге чаап саларда
Салый-сылай камчы алган
Сырты кара борку бар
Сырттан Манас калкы бар:
Атандын кору капыр кул
Ыйманы жок жакыр кул
Бир жыгылып алдын деп
Немене уунун абама
Кол узатып калдын деп
Чокусунда чону бар
Озогунун ичинде
Кок коргошун огу бар
Толгомолуу камчыны
Сол имерип алганы
Качырып келип капырды
Жонгулата салганы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 00:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кабыргасы согулуп
Каны жерге тогулуп
Кабылан Манас баатырдын
Кайраты калкка корунуп
Кармаган ЖОЛОЙ колунан
Кан КОШОЙ ктти болунуп
Мусулман баары дунгуроп
Кубангандан кунгурлоп
Бабан КОШОЙ баатырды
Арбагын, бийик чакырды
Баштан-аяк кеп айтып
Балбан котор деп айтып
Которду КОШОЙ балбанды
Коргон журт айран калганы
Кубанбаса неткени
Куйулуп аскер жеткени
Акылы таштын булактай
Ар муноозун карасак
Жарга ойногон улактай
Жанган козу чырактай
Сандыргалуу эр АКБАЙ
(Намыс эмес неткени),
Абакениз КОШОЙДУ
Алп абасы ошону
Которгон бойдон кеткени
Чатына башын салыптыр
Алты жашар баладай
Абакенди эр АКБАЙ
Так которуп алыптыр
Копчулук коргон ошону
Которуп чуркап КОШОЙДУ
Наамысын алып берген сон
Аянбады ушундан
Ашка келген канча жан
Алтындуу таажы кийгизип
Астына такты мингизип
Карыяныз КОШОЙго
Калк башкартып билгизип
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 00:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Байгесин айдап бабана
Баатыр КОШОЙ абана
Баары журту келгени
Садыргалуу эр КОШОЙ
Санап туруп малдарын
Карып тарга бергени
Санап туруп баарысын
Жалгызын койбой малдарын
Бечарага болушту
Бек зааданын баарысы
Карыпка кайыр калмакты
Как ошондон корушту.

-Кунт коюп угуп олтурган бала. Манасчыдай он-сол колун шилтебей, бир калыбында, уккулуктуу; бийик да басынкы да эмес ун менен-бабасы эр КОШОЙдун кары туруп озунон алда канча жаш кичуу ЖОЛОЙду жоо куроштон женип, намыс, алганын ушинтип айтып берди чон атасы. Айтып болуп, оо, кыйлага тунжурады. Кара тору, чап жаак кыр мурундуу жузу, ага тете; кун кур эмес-тегерек четик дыкат серптирген чокчо сакалы, сыйда муруту озуно жарашыктуу, оту очо элек, бирок теренинен омурдун кобун кечирген салбаттуу акылман карыянын акылы сезилип турган кара коздорундо тунжуроо мелт-калт болуп турат. Муштумдай элин туш-туштан сагалаган чет душмандардан коргойм деп, бел чечпей, куш уйкусун салып, омурунун кообун ат жалында откоргон илгерки кыргыздын кашкой баатырларын, баатырдын эноо болорун болголоп, алдын ала соз менен тизгиндеп, акыл калчап иш жасоо керектигин жигиттерге саймедирген парасаттуу бабаларды ою менен жаткан корунон козгоп, ниети менен таазим кылып олтурат. Рысбектин чон атасы . Кербендердей чубашып, коз огунан алдакачан узулгон откон эски кылымдарга тушуп кетти карыя .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 00:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Акыр бир кун - ошол алда качан устуканы упат соогу сопот болгон ата-бабаларынын жанына бараарын ойлоноруунун бир тизмегинде учкундай "жылт" этип, отуп кетти. Бул кадыресе ой болчу.
-Алла-Тааламдын алдына бир кун барарбыз,-деп сакалын салаалап, мурутунан жылмая, кемпиринин, тентуштарынын козунчо кобурап калганда, не, курбулары соз менен чымчый калышат;
-Оо,! Бу Акматбай, сен эртелеп эле камынып алгансынбы , тигил жакка? Шук!.. Алдагы кундуздай капкара чачына кечээ эле кыроо тушподубу. Же , мен калп айтамбы? Жалган айтсам байбичен айтсын....
-Олумду эскере жургон жакшы,-макулдук билдиргендей жайма-жай кеп созот Акматбай. -Кудайга шугур, жаман жашты жашаган жокпуз. Пайгамбар курагына келдик. Мухаммед алейхис алтымыш уч жашында дуйно салыптыр. Улукман жашка тойбоптур демекчи, эми, омур жашыбызды балдарга берсин! Кудайга мин мертебе ыраазымын. Жетим журуп жетилдим. Ата-энемден эрте калдым. Нечен ирет ажалдан калдым. Каниет кылуум керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 18:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Акыр бир кун - ошол алда качан устуканы упат соогу сопот болгон ата-бабаларынын жанына бараарын ойлоноруунун бир тизмегинде учкундай "жылт" этип, отуп кетти. Бул кадыресе ой болчу.
-Алла-Тааламдын алдына бир кун барарбыз,-деп сакалын салаалап, мурутунан жылмая, кемпиринин, тентуштарынын козунчо кобурап калганда, не, курбулары соз менен чымчый калышат;
-Оо,! Бу Акматбай, сен эртелеп эле камынып алгансынбы , тигил жакка? Шук!.. Алдагы кундуздай капкара чачына кечээ эле кыроо тушподубу. Же , мен калп айтамбы? Жалган айтсам байбичен айтсын....
-Олумду эскере жургон жакшы,-макулдук билдиргендей жайма-жай кеп созот Акматбай. -Кудайга шугур, жаман жашты жашаган жокпуз. Пайгамбар курагына келдик. Мухаммед алейхис алтымыш уч жашында дуйно салыптыр. Улукман жашка тойбоптур демекчи, эми, омур жашыбызды балдарга берсин! Кудайга мин мертебе ыраазымын. Жетим журуп жетилдим. Ата-энемден эрте калдым. Нечен ирет ажалдан калдым. Каниет кылуум керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 18:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ии! ММ!-дейт анда тиги карыя .
-Созун эми онолуп келатат. Ошентсен?.. Олумдон кайда качып кутуласын, анын ак соз дечи. Нерелериндин очор бачар болгонун кор? Чайын ичип, торундо олтур деген кеп. Бу, Абдумаликтен эки уул бар эмеспи?
-Ооба улуусу Рысбек, андан кийин Тынычбек.
Ортосу эки жаш айырма.
-Болсун , болсун!... Жаш эмеспи. Дагы урук-тукумдуу болушаар куда кааласа....Андан коро, откондо да баам салып, жакшы укпай калдым эле.... Баягы, бала кезинде, Кытайга эл уркуп бараткандагы окуянчы? Казахстанга барып жашаганынчы? Ошону бабына келтирип айтып берсен?
-Акматбай карыя буга" ак" да, "кок" да деген "жок", бирок оз тарабына берилген суроону эшиткенде; момурай калган турпатынан озу гана ийне жибине чейин билчу жеке тарыхын токпой-чачпай айтаары билинип турду. Женин ондонуп койду.
-Айтып бербедим беле , унутуп калсан керек, же, дагы уккунар келип атабы? кулумсуроп койду карыя. -Айтса айтып берейин. Анын эмнеси бар экен? Озум деле, кээде жалгыз олтуруп калганымда, капкайдагынын баарын эске тушуп бироо жарымга откон омурдон кем салып бергим келет.
-Тек! Омур-чойчоктогу суу сыяктуу белем. Дайым эле мелт-калт болуп тура бербес. Чойчоктун тубундогу суудай аз гана омур калды. Даалай тамчысы агып кетти, мына чет-четибизден бизда суйулуп баратабыз... .. Карыбай качан эле бапырандап эсен-соо созду жыра талашып арабызда журду эле. Бая кунчороок ээсине тапшырдык. Барган сайын аз калган тели-тентуштар козго ысык корунуп баратат. Кез келген жерден силер менен чай ичип. откон-кеткенден ангеме салып. олтурсам дейм. Андан болок . эми . бизге эмне шам?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 18:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Же, бу кемпирим экообуз бири-бирибизди карап ункуйуп олтурганда не. ? Кемпирим экообуздун майегибиз алда качан сонуна чыккан. Чал болгондо, кемпирдин жеме-жумосунон кутулбайт экенсин. ЖЕ, ошону эрмек кылабы Кудай туготкур кемпир. !? "борс-борс" кулду АКМАТБАЙ карыя тамашага шокомун билгизе, он тарабында кочук баскан байбичеси, козун кыры менен чалып отуп. Ак саргыл келген, кулуу-кучтуу корунгон, коймаарек, сабырдуу муноозу турпатынан билинген байбичеси: "Баягы айта жургон созун да?" ,-дегендей, абышкасынын кебине чым этпей, оздорунчо кубурошуп сыбырашып, олтурушкан катарындагы кемпирге жузун буруп кетти.
--Кемпиринди да тек олтургузбай, бир чымчып отун го, АКМАТБАЙ? -кулуп калышты эки карыя бирин-бири карап алышып.
--Анпесе, болобу?-созго алдырбай АКМАТБАЙ карыя. -Баягы, жаш кезиндеги тамырда тызылдап жургон ойнок кан, жок, ал коюлуп калган, кучунун баары тилге чыккан курак.
--АКМАТБАЙ эми жанагы окуяна от, . Жанатан бери да бир оозундан уксак деп, ынтызарланып олтурабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   27 Август 2015 - 18:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

--Ооба, ооба!-жаалап кетти тизе каныштыра, молдоштокун олтурган учунчу карыя. Болмодо уч карыя менен эки байбичеден башка эч ким жок. Кунго жекшемби. Мезгил куздон ооп жыйм-терим аяктап, кышка чукулдап калган маал. Буудай менен картошко го ороолорду толтуруп, элдин пейили ток пейил тартып, айыл апада той-аш кобойуп, эки кундун биринде беш-алты кишинин башы кошулуп калат. Тигил, четтеги чукодой абышканын гана байбичеси жок, былтыр каза болгон. Андыктан, байбичелеринин козу тируу, алардын ысык чайын ичип мамырашкан эзелки тентуштары тиги кургурдун бир капшыты ангылдап, боксосу толбой турганын сезеби; той-ашты мындай кой, эки кишинин башы кошулуп, чежирешкен жерден кур калтырышпайт, чукодой абышканы . А, да соз тыншап олтурат азыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   28 Август 2015 - 03:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

"Кара поясты" жазган кишинин калемине таандык беле,э?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   28 Август 2015 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Bermet_Kasymova (28 Август 2015 - 03:03) жазган:

"Кара поясты" жазган кишинин калемине таандык беле,э?


Жок "Кара пояс" чыгармасынын автору Саадатбек Мырзакул уулу

"Пресс-хата" чыгармасынын автору Мелис Макенбаев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   28 Август 2015 - 21:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

--Атам КОНОЙДУ-аркасы бар адам деп коюшчу элде,-майегин улайт АКМАТБАЙ карыя. -Атама байланыштуу бир икеяны эл арасында коп айтып журушчу, кийин-кийин унутулуп кетти. Ошол учун айтылган турбайбы: "Атам олсо-олсун, атамды коргон олбосун!" -деген кеп. Ошол сынары, атамды коргон-билгендер, кеп-созун эшитип, жанына жандоочу болуп, жургондордун коздору отту. Ошол окуясын айтайын:....
Атам КОНОЙ озу малдуу, жандуу киши экен. Кырктарды чамалап калган кези бейм,, малын анын ичинде жылкысы бар, койлору бар-Чуй тарапка орлортуп айдап жонойт. Апрель, май айларыго чамамда. , узун сары маалы, узумчулук, жерге жаныдан кок баш багып, мал тоюна элек, жылаан топуракка тойбой ач, курт-кумурска кыбырап, баки жогу кор тириликтин камында. Атам жалгыз-жалам коччу беле: малын жай бою ирдентем дегендер чогуу.
Чолпон-Атадан- -Боом капчыгайына сексен чакырымдай бар эмеспи. Ал кезде, азыркыдай молчулуук заман эмес та......Азыр карасан: жашы деле карысы деле шашат кайдадыр. Илгери эмне, бир коктуну ээлеп, ар кай жерге бооз уйлорун жумурткадай- жумурткадай кылып тигип салып, беймарал тутун булатып жата бермей. Кымыз уулап, ботон киши деп жээрибей,ти, казак туугандарга чейин мейманчылап ат бастырып кетип калмай. Чоочун бироо улагына келсе, чоочуркабай, аты-жонун сурамжылабай туруп, чылбырдан аласын: "Туш эле туш? Кудайы конок келген турбайбы! "-деп суйунуп. Жалгыз козун капшытта маарап турса дагын, Кудай арбака багыштап туруп, мууздап, казанга салганча шашасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   28 Август 2015 - 21:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Пейил деген ошол мезгилде кенээн болгон экен. КОНОЙ атамдар, анын замандаштары ошол учун коркуп-уркпой, узаак жолдон ууру-борудон журоксубой, ач калам, ток калам менен иши жок-малын орлотуп журуп кетишчуу тура. Коч журуп баратканда: бышалуу ашын, суусундугун белендеп, эчкинин терисинен ашатылып ийленген чаначтарына буркураган кымыз толтуруп, жол жээгинде жигиттер кутуп турушат. Ар бир айыл ушинтип жарданып тосчу тура. "Ооу! Кимдин айылы,кайсы коч?"-деп, бири-биринен сурашса: "Чолпон-Атадан экен. Кызыр даарыган жерден келатышыптыр. Коч башы КОНОЙ экен!" Анда ага жооп кылышып,, "Аа, рас, рас экен-КОНОЙ болсо! Атанын баласы эмеспи!" -деп, айыл аксаклдары оз ара кеп чоюшат. Балыкчы шаарынын, андан шарт тугул изи жок мезгил болуш керек: кун батышты караганда Кызыл Омпол тоосу бар эмеспи-шанкайган? Ошого утурлай беришет. Боом капчыгайын аралап откон жалгыз таман жол. Ал жерге деле жакындашпаса керек, жан боорлотуп, кыялап, айдап журуп олтурушат малды. Ал кездин койлоруда заманына жарашабы, кийик сымал болчу эмес беле? Азыр колхоздун койлорун кара, кыштан оло-тала зорго чыгат. Журуп олтурушуп, оо, бир топ ченге келишет. Жайыгыраак бир тушка келишип, эми, оргумок болушканда, атамды - жанындагы жолдошу карууга туртот: "Ии, КОНОЙ , козун курч эмеспи, тээ чокунун башын карачы, чандай тушкондой болду, ал эмнеси? Куюн ондуу бир деме кокко шунуп, чандап калгансыды?"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   28 Август 2015 - 21:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

КОНОЙ атам колун чекесине серепчилей, жолдошу корсоткон жакка дит багып алып, алаканын шак чабат; "Кокуй алат кун! Боодо олум боло электе, сактангандын камылгасын кылалы? Баягы, уйдон чыгарда алган жаны кетмен кайда -Жусуп устага жасаткан? Бол эми, энтендебей, ти, ок жылаан тура . Бизди карай багыт алган окшоду. Кетменди мен алайын, ортодо озум, экоон эки жагыма тургула....Кетмендин кунго чагылышкан башын коруп, дал тобомо келип урунат, ошондо кетменди тосойун. Жан таслим болгонун ошондо коросунор. Болгула! Тез!" -деп шаштырган экен атам. Кун жаркырап, шашке чен, ок жылааны кайдан учуп келатат, билип болбойт, каректери кундон карыгып. Иши кылса, атамдын айтканындай болушат: эки ыптасына эки жолдошу корголошот. Жылкы жаныбар сезгич эмеспи, бир бааленин болорун сезгенсип, тыбырчылап, кошкуруп, селтилдеп, тынчы кеткен экен - анан калса. Жаны эле устанын колунан чыккан, узуун саптуу, мизи жер жыттай элек кетмен дейт - атамдын колундагы. Атам аны тик кармап башын калканч кылып, тобосуно колокосун тушуруп, ойдо карай беттеп турган имиш. Бир маалда, ызгып келип, урунган бир соккудан атамдын колундагы кетмен солк дей тушуптур. Ал эмне дегенчекти болбой, атамдын жанынан мындайраак, эки уч кадамдай жерге, топуракка бурдаланып, бирдеме кулады дейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   28 Август 2015 - 21:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Караса, туйунчоктой тырышып, тыбырчылаган бирдеме. Ок жылаан экен.! Кетменди тешип ото албай, жан таслим болуп, олоор астында кыйналганы бейм. Жолоочулар жакаларын карманып, тообо кылышат. "Кудайга, тообо! Тээ, алда кайда учуп чыккан чандын ок жылаан экенин туйган КОНОЙго да, шертинен кайтпай кетменге урунган ок жылаандын кайбарлыгын айт.! Ырас эле, айылдагылар кеп кылгандай, алдын-ала бир окуяны туйган КОНОЙдун коргочтугу чын тура!" Сапарлаштары жон турбай, жол улап кетишет, бирок, атамдын коп касиетеринин бир, жолдон ок жылаанды кетмен менен тосуп, озун, жолдошторун аман-эсен сактап калгандыгы тууралу аныз калк арасында копко чейин айтылып калат. Чет жакасын силер да угуп калган чыгаарсынар? -АКМАТБАЙ каш алдынан имере карап койду олтургандарды.
--Ооба! Ооба! Атан ченебеген киши экен да! Мен да атамдын оозунан, айылдагы аксакалдардан коп тандагам.
Силер канча бир тууган сынар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   28 Август 2015 - 21:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

--Тортообуз.. ..Улуу эжебиз КАНЫШ уркундун астында, "Атайке" деп койчу эмес беле, Кеминдин Ак-бекетинде, КАЗЫБЕК деген байда турмушта. Андан кийин, мен-он уч жашта тестийермин, менден кийин МУКАНБАЙ-он бир жашта, андан кийин тогуз жашаар бир иним бар. Апам уркундун астында каза болду. Эжем турмушта, КАЗЫБЕК байга токол., кибиреген учообуз атамдын колунда калдык. Атам ыраматылык- мунушкоор, мергенчи адам эле. Буркут, куш салып, тайган агытчуу. Канаттууга кактырбай., тумшуктууга чоктурбай, энебиздин жогун билдирбей бакты-байкуш атам.! Жегенибиз - андын эти, атам ан уулап, жумалап, уйго тунобойт. Эне деген эне эмеспи, биз эмес, атам озу да, куйпойуп, баарыбыз жудой туштук. Эненин баркы ошондо бир билинет тура! Анан...Улуу уркун башталды....- кебин аялдатта, самга тымыды АКМАТБАЙ карыя. Бул тынуу-жолоочу ор талаша жалгыз аяк жол менен келатып, демин басмакка орто жолдон аялдай калган ирмемдей кеп эле. Жолоочу кандай болсо, ангемечи да ошондой. Ангеменин оору да ушул жер белем. Аны бир жолоочу, ангемечи билет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   28 Август 2015 - 21:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Кызыл алаамат уркун! - курсунду АКМАТБАЙ карыя,. Эки создун бири: "Орустар келатат!, "Орустар- Барскоондон жогору, Жууку ороонунон качып бараткан элдин жаш каарысын ылгабай кырыптыр! Кан суудай агыптыр! Аёо болбосун, дептир ак падыша!"
Каншаар устуно каншаар....Урой учурган кептер...Эми каякка барчубуз? Казактарга барып корголойлубу? Туптон ары, Кеген аркылуу барсак, жолду - сакалы бапайган, найзасы сороктоп, бар куралы шарактаган казак-орустар буубайт деп, ким кепилге ото алат.? Элдин айласы тугонду. Ары чабылды, бери чабылды. Акыры, бизге да кезек келди окшойт, касийеттуу ЫСЫК-КОЛДУН кунгой тарабы козголуп, эми, Сары озоон, Чуй аркылуу эмес, "Уч-Турпандын" орустар замбирек менен тосуп жатыптыр! " деген каншаарды кулактары чалып, жол ортолооп калганына карабай, Сары Жаз аркылуу Кытай тарапка ашабыз дешип, колдуу жээктеп, Тупту коздой сурулдук. Кези келгенибиз кунанга экиден, учтон учкашып, инилерим, атам болуп торт киши , самсыган топтун арасында келебиз. Киндик кан тамган Чолпон-Ата жерибизди кыя албай, коздон жаш сыгып, имерилип, кылчактап, кетип, баратабыз. Аттуу, жоолуу болуп, самсып бараткан эл. Чан уюлгуйт. Азыр да эсимде, атам байкуш жашы энкейип калган эме - коп ичинен адашып калбасын деп эле, элендеп бизди карайт. Эгиз козулардай эрчишип, биз келетабыз. Тупту чукулдай бергенде, угуп калдык: "Орустар - Кара Баткактан кыргыздарды тып тыйпыл, бирин тируу койбой кырыптыр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   29 Август 2015 - 21:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кара Баткакты мен билип койуптурмунбу, кийин, эр жеткенде уксам, корсо, ал Туптон сал жогору, тоо арасындагы жер тура. Ат араба отчу жалгыз жол бар, бир тарабы аскага кептелип,экинчи тарабы балчылдаган кара баткакка такалган жер тура жарыктык! Сормо сааз сынары, омур кургабаган, ыйлак коздонуп суусу чыгып эзилген жер экен.
Туптон жогору, тоо ичинде беш-алты айыл бар эмеспи. Бечара кыргыздарды тоо гана койнуна жашырып, баласындай алпештеп, суук коздон калкалап келген турбайбы. Ачыкка чыкса, бир найзасы, чочморунан болок куралы жок кыргыз- ок атар куралдар, алыска атуучу замбиректер, менен шайма-шай куралданган аскерлерге бута болуп калат тура. Ойда, мойсоптур орустун жазалоочу отряды, бейкапар келаткан айылды. Кийин, коргондор, айтышты: боо-боо тушуп жаткан олук дейт. Сол жакка качайын десе-аска, он жакка качайын десе-айтылуу сормо баткак, башын калкалап жатып бериптир кайран кыргыз!
Катын бала дегенди да аябаптыр аскерлер. Бир айылдын эли заматта изи очуп, какшаган булактай соолуптур. Ошону уктук, жолдо келатып. Ошол бир айыл элди тугол кырган аскерлер замбректеринин ооздорун унуройто бизге каратып, кайсы бир онуттон кутуп тургансып, зирилдеп, жаныбыз чыкканча корктук. Атамдын озубузчо ээн калганда, кайра-кайра бизге эскерткени эсимде. Жарыктык киши, минтет:;
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 14:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: