Суперстан: Унутчакты же склерозду кантип дарылоого болот - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Неврология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Унутчакты же склерозду кантип дарылоого болот кенешинизди берин

#101 Пользователь офлайн   MIRlan   08 Апрель 2015 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жаш откон сайын адам эмне болот, билесинерби?
Арызданбагыла! :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   mery.89   24 Апрель 2015 - 22:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 30 Май 13
  • Соңку аракети: 17 Дек 2021 22:55
  • Жынысы:Аялзаты

Негизи кургатылган орук,кара орук(слива)мейиз ж.б.у.с кургак момо жеген жакшы.
Акыркы жылдары унутчаак болгондордун саны кобойуудо,адистер мунун бир себеби кунумдук жашообузда дрожжду коп колдонуудан деп белгилешет, дрожж камырды бат ачытканы менен адамдарда склероз унутчактык ушундан келип чыгып атат дешет.
Мындан 10-15жыл мурда эл арасында дрожж аз иштетилчуу, кобу камырдан ачыткы жасаган.Врачтар бугунку кундо да ошол эле камырдан жасалган ачыткыны колдонууну сунуштоодо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 17:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Мээге маалымат батпай кеткенде эс тутум начарлайт

Сүрөт Адамда унутчаактык пайда болот. Ойлору чар- жайыт жана керектүү учурда бир нерсе кылдат кароо мүмкүнчүлүгү жоголот. Алгач мындай көрүнүштөр аз- аздан башталып, кийинчерээк көбүрөөк кайталана баштайт. Демек, мындай учурда унутчаактык мээдеги маалыматтын ашыкча толуп кеткендиги жана жаш курактын жогорулашы себеп болууда деп эсептөөгө толук негиз бар. 30 жашка чейин адамдын мээси жашоонун бардык соккусун көтөрүүгө күчү жетет, андан кийин болсо мындай жөндөм үзгүлтүккө учурай баштайт. Экинчи жагынан булганч экология, дени- сак жашоо образын алып жүрбөө, туура эмес тамактануу унутчаактыктын жаш куракта эле келишине түрткү болот.

Кээ бир ата- энелер балдарынын мектептеги берилген тапшырмаларды өздөштүрө албай жаткандыктарын жана эс тутумунун начардыгына айтып даттанышат. Негизинен жаш курак улам өзгөргөн сайын нерв клеткаларынын мембраналары бир калыпта турбай кыймылда болот, башкача айтканда өйдө- төмөн болуп турат. Жыйынтыгында ой жүгүртүү абалы жабыркап эс тутум начарлай берет. Мындай абалдан чыгуу жолу албетте бар. Ал үчүн сөзсүз эле кымбат дары- дармек кабыл алуу же атайын клиникаларга барып дарылануу талап кылынбайт. Болгону жөнөкөй гана калыбына келтирүүчү ыкмаларды колдоно жүргөнүңүз жетиштүү болот. Буга тиешелүү көнүгүүлөрдү жасоо зарыл. Бирок, эске алчу маанилүү жагдай, көнүгүүлөрдү аткарууда бир гана булчуңдарды эмес мээни дагы машыктырыш керек. Көнүгүүдө мээни тазалоо, дем алуу органдарына пайдалуу машыгуулар жасалуу менен эс тутум жакшыра баштайт. Ал бир нече бөлүктөн турат.

Сүрөт

Биринчи бөлүк- мээни тазалоо

Биринчи бөлүк эң маанилүү ролду ойнойт. Анткени мындай учурда кан жана баш мээнин кан тамырлары тазаланат. Бул айрыкча никотин жана спирт ичимдиктери менен жакын "достошкондор" үчүн абдан пайдалуу. Мээнин функциясын калыбына келтирүү үчүн күн сайын эртең менен ачкарын бир стакан таза сууга бир чай кашык ашкана содасы менен лимон ширесин кошуп ичиңиз. Же болбосо эзеребой, карагат, душица, клевер, калина, рябина чөптөрүнөн чай демдеп ичсеңиз болот. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн эки ыкманы тең бирдей колдонуу керек. Бир аптадан 10 күнгө чейин кайталоого мүмкүн.

Сүрөт

Бардык организмди жылына бир жолу тазалап туруу талапка ылайык. Ал үчүн сизге чөптөр жардам берет. Төмөнкү дары чөптөрдүн арасынан өзүңүздүн табитиңиз тарта турганынан чай демдеп иче бериңиз.

1. Мелиссанын жалбырагын термоско салып, үстүнө кайнак суу куюп оозун жаап, 5 саатка тыныктырып коёсуз. Андан кийин ар бир тамактын алдында, күн сайын 3 ирет 50мгдан кабыл алып турасыз. БИр ай боюу.

2. Бир даана хренди сүргүчтөн өткөрүп аласыз. Ага бир аш кашык каймак кошосуз. Бир аш кашыктан тамак ичип жатканда кабыл аласыз. Бир ай аралыгында.

Сүрөт

3. Чөп чай даярдоо үчүн цикория, семян льна, хвоща полевой, шелковица, росянка, бессмертник, боярышник, пустырник, крапивадан бир аш кашыктан алып бир идишке салып коёсуз. Андан бир аш кашыгын 200 мл кайнак суу куюп, кайнап жаткан сууга идишти салып 10 мүнөттөй кайнатасыз. Бир ай боюу тамактанууга жарым саат калган жарым стакандан ичип турасыз.

Сүрөт

4. 300 грамм сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, ага 200мл спирт кошуп, караңгы жана муздак жерге коюп коёсуз. Бир ай боюу тамактын алдында 10 тамчыны сүткө кошуп ичесиз.

5. Мындан сырткары, мээнин иштешин жакшыртуу үчүн күн сайын колдонгон тамак ашыңызга сабиз, пияз, сарымсак кошуу керек. Ошондой эле суюктукту да талапка ылайык 3 литрге чейин ичүү маанилүү.

6. Май айындагы алынган балдан күн сайын эртең менен жана кечинде укттар алдында бир кашыктан жеп жатсаңыз мээнин клеткаларын азыктандырган болосуз.

Сүрөт

Экинчи бөлүк мээни азыктандыруу

Экинчи бөлүктүн аткаруучу кызматы мээни кычкылтек менен азыктандырышы керек. Анткени баш мээ көбүнчө кычкылтектин жетишсиздигинен жабыркайт. Окумуштуулар буга байланыштуу изилдөө жүргүзүп, анда, кысылган, аба жетишпеген бөлмөдө отурган адамдын ой жүгүртүүсү, эстеп калуусу начар көрсөткүч берген.

Ал эми бул көнүгүүнү таза, абасы кенен жарык бөлмөдө жасоо сунушталат. Абдан жөнөкөй жана натыйжалуу жыйынтык берет.

Биринчи көнүгүү

Бул көнүгүү баш мээнин эки жарым шарын тең иштегенге түрткү берет. Ал үчүн күн сайын 10 мүнөт тынымсыз мурдуңуздун ар бир тешигин жаап, экинчиси менен дем алыңыз.

Экинчи көнүгүү

Биринчи көнүгүүнү бир апта үзгүлтүксүз жасагандан кийин экинчисине өтөсүз. Демиңизди терең алып, жүрөгүңүздүн кагышын 8 жолу эсептеңиз. Андан кийин демиңизди сыртка коё берип кайрадан кайталайсыз. Бул дагы 10 мүнөт аралыгында бир апта кайталанат. Эшикте таза абада жасасаңыз абдан жакшы болот. Бул эки көнүгүү мээни тазалап, азыктандыргандан кийин үчүнчү бөлүккө өтөсүз.

Сүрөт

Үчүнчү көнүгүү

Бул көнүгүүнү жасоодо баш мээге баруучу кан тамырлар тазалап, жаңылап, иштешин жөнгө салынат. Окумуштуулардын айтымдарында лыжа тээп, сууда сүзүүдө, жөө басууда мээдеги кан- тамырга кан уюп калбай активдүү айланат. Андыктан колуңуздан келишинче эң жөнөкөй ыкмалары менен болсо да спорт менен машыгып турушуңуз талап кылынат. Ал эми такыр эле убакытсы жоктор үчүн төмөнкү ыкма сунушталат.

1. Акырындан баштап, улам тездетип ордуңузда 6 мүнөт чуркаңыз. Кадамыңызды ичиңизден 1000ге чейин санап жеткириңиз.

2. Түз туруп, колуңузду жогору көтөрүп, кайра бутуңуздун учуна чейин ийилип, ийиниңизди кармап айландырыңыз. 5 мүнөт жетет.

3. Моюнуңузду оң жакка жана жакка улам алмаштырып айлантыңыз. 2-3 мүнөт жетет.

Эгерде бул ыкмаларды күнүгө колдонуп жүрсөңүз мээңиз тазаланып, эс тутумуңуз гана жакшырбастан дене- мүчөңүз да келишимдүү абалга келет.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Bad-boy   29 Август 2015 - 01:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Күндө жатаарда 3,4 баш жаңгак жеп жатса, пайдасы чоң экен.
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Неврология
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 18:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: