Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#581 Пользователь офлайн   osh93   24 Август 2015 - 20:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Капитан Кусто.
Францияда Ислам дини илим-билимдин жана ишмердуулуктун турдуу чойролорундо атак-данкка инсандардын арасында ото тездик менен жайылып баратат. Ушул тапта христиан динин таштап , Исламды кабыл алгандардын саны 100 000ден ашты , ал эми жалпы франциялык мусулмандардын 5 миллиондон кобуроок. Бул цифра Париж архиепискобу француз католик чиркоосунун жогору рухий инсаны тарабынан расмий турдо ырасталган.
Франциядагы Ислам динин кабыл алган атактуу адамдардын катарына Жак Ив Кустону кошсок болот. Бул инсан дениз изилдоочусу катары буткул дуйного абдан жакшы таанымал. Ал Ислам динине отконун омурундогу эн туура чечими катары баалаган. Бир жолу озунун кезектеги долбоору боюнча иштеп жатып , Атлантика океанынын суусу менен Жер ортолук денизинин суусунун бири - бирине эч кандай аралашпай турганын байкайт. "1962-жылы ,- дейт , - Жак Кусто ,- германиялык окумуштуулар Аден булуну менен Кызыл дениздин суусу кошулган Бабул- Мандаб откоолундо Кызыл дениз менен Инди океанынын сууларынын бири - бирине аралашпай турганын аныкташты. Бул кесиптештерибизди туурап , биз дагы Атлантика океаны менен Жер ортолук денизинин сууларынын бири - бирине аралашып , аралашпай турганын турганын тактагыбыз келди. Оболу биз , Жер ортолук дениздин суунун , анын табигый туздуулугун жана башка сапаттарын текшердик. Анан Атлантика океанынын суусун дагы ушундайча текшердик. Бул эки Гибралтар кысыгында мин жылдан бери кошулат жана логика боюнча бул эки суу эбак аралашып кетмек , тактап айтканда , алардын туз денгээли жана башка сапаттары окшош болууга тийиш болчу. Бирок алар кошулган жерде дагы эки суу тен озунун сапаттарын толук сактайт. Башка соз менен айтканда , эки суу кошулган жерде кандайдыр бир ( козго корунбос ) тосмо алардын бири - бирине аралашуусуна тоскоол болгон. Мен бул феноменди профессор Морис Бюкайга айтканымда , мындай деген эле: " Бул тан калаарлык нерсе эмес , бул кубулуш адамзатка 1400 жыл илгери тушурулгон Ислам дининин Ыйык Куранында жазылган" .
Ал аят томонкучо:
" АЛЛАХ эки дениз- дарыяны , мунусу ширин- жагымдуу болсун жана мунусу туздуу - ачуу болсун деп агызып, алардын ортосундагы тосмо жана корунбос парда тартып койгон".
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#582 Жолоочу_Nurzida-88_* 25 Август 2015 - 04:38

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

НИЕТИНЕ ЖАРАША ЫРЫСКЫН". .... Абдышукур Ажы Нарматов.

Бир киши аялы менен белек сатып алуу үчүн дүкөнгө кирип, аялына: " Менин энеме белек алышыбыз керек, эң жакшы жана эң кооз белекти сенин тандашыңды каалайм"- дейт.

Аялы ичинен кызганып, дүкөнгө кирээр замат баасы эң төмөн белекти тандайт.

Күйөөсү белектин акчасын төлөп, дүкөнчүдөн белекти кооздоп ороп берүүсүн өтүнөт. Кечинде үйүнө келип, аялына өзү тандаган белегин берип: "Өзүңө жаккан белекти, өзүң тандооңду кааладым" -дейт.

Аялынын ойлогон ою ордунан чыкпай өкүнүп калат. Эгерде
өзүнө жакшы көргөн нерсени өзгөгө да жакшы көргөндө, белеги эң жакшы белек болмок..

Билдирүүнү түзөткөн: Nurzida-88: 25 Август 2015 - 04:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#583 Пользователь офлайн   Xanif   26 Август 2015 - 16:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Просмотр сообщения Saulen (23 Август 2015 - 23:17) жазган:

Маа шаа Аллах! китептин I, II болумдору бар эле мен окугандан,III болуму да чыгыптырбы?


Бул Китеп,, кимдер тараптан чыгватыр ия?

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 26 Август 2015 - 16:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#584 Пользователь офлайн   medina.   30 Август 2015 - 20:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Жатып ичер жалкоолорго сабак болуп, наалат айткан дени сактардын жакасын карматкан, баарыбызды позитивге үндөгөн “Мен жашоону сүйөм” рубрикабыздын кезектеги каарманы – Самат. Самат тууралуу сиз деле буга чейин кабардар болсоңуз керек. 15 жашында эч нерседен бейкапар мектептен келе жатып ачык турган трансформаторго кирип кетип эки колунан ажырап калган Самат учурда 21 жаштын тамагын ичип жатат. Балалыгынан ушундай сыноону моюнга алган өзгөчө тагдыр ээси учурда эмне менен алек, жашоого көз карашы кандай жана алдыдагы максаттары эмне деген кызыгуулар менен кепке тарттык. Сөзгө чоркок, уяң болсо дагы Самат арканды алыс таштап алдыга карай ойлоно билген акылдуу жигит экен. Сиз андан улуу болсоңуз да, кичүү болсоңуз да айткандарынан таасир алып жашоого болгон мамилеңизди аз болсо дагы жакшы жакка бурасыз деген ойдобуз.

– Салам Самат, жайды кандай узатып жатасың?

– Саламатсыздарбы, буюрса, жакшы. Негизинен жай үйдө эле үй-бүлөмдүн жанында өттү. Мен сууга түшкөндү абдан жакшы көрөм. Жакында эң жакын досум менен бирге көлгө үч күнгө барып келдим. Каалаганымча сууда сүзүп моокумум канды.

– Сууда сүзүү кол менен ишке ашат го, сен кантип сүзөсүң?

– Албетте сууга түшүүгө жалгыз барбайм. Ар кандай кырдаалда мага көмөкчү болчу досторум жанымда болот. Сууда бутум менен эле сүзөм.

– Окууң тууралуу айтып өтсөң.

– Учурда Улуттук университеттин чет тилдер факультетинин 3-курсунун студентимин. Мектепти аяктай электе эле кырсыкка кабылып күтпөгөн окуялар болуп кетти. Колумдан ажыраган соң жумуш кылуу, иштеп акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганым белгилүү болду да. Ошондо жашоонун башка бир жолун өздөштүрүүм керек болду. Башынан эле чет тилдерине болгон кызыгуум күч эле. Анан чет тилин окуу менен иштеп, эл менен катышта болуп, жанымды да татыктуу багып кете аларымды билдим да, чет тилине тапшырдым. Бюджеттик негизде стипендия менен окуйм. Окуумдан тышкары жайды куру кетирбейин деп англис тилинен курска жазылып окуп жатам.

– Чет тилин мыкты өздөштүрүүнүн негизги жолу - сөздөрдү жаттоо. Аларды тез эсте калтыруунун кандай ыкмаларын колдоносуң?

– Сөз жаттоо деле оңой иш эмес. Жеке мен колдонгон ыкма – дубалга чаптап жаттоо. Менин үйүмдө дубалдар дайым бош эмес. Ары-бери басып кайсы жери көзүмө урунса, ошол жерин кайталай берип жаттап калам. Телефонго жаздырып алып наушник менен угуп жаттагандар бар. Бирок бул ыкма мен үчүн эмес экен.

– Сабакта жазуудан кыйынчылык болобу?

– Ансыз кантип болсун, сөзсүз да. Деги эле билим алуу абдан чоң аракеттерди талап кылат го, баа берген кишиге. Бул менде эки эсе. Башында бирге окугандар мага, мен аларга көнө албай кыйынчылыктар болгон. Бирок алардын арасынан бат эле тил табышкан жакындарым табылып, жардамдарына ээ болгом. Башында лекцияларды угуп эле кетчүмүн да группалаштарымдын жазгандарын ала кетип үйдө отуруп алып бутум менен көчүрүп жазчумун. Учурда менде андай көйгөйлөр дээрлик жок болуп калды десем болот. Анткени азыр группалаштарым протезге ручканы кыстарып берип коюшат, мен ошону менен колумдан келишинче жазам. Албетте андай кол менен толук жетишип жазуу кыйын, бирок негизгилерин жазып олтурганыма бул да болсо жакшы мүмкүнчүлүк. Жетишпей калгандарымды кайра эле үйгө алып барып толуктап жазып келем. Мага колдоо кылган группалаштарыма, ушул жактан табышкан эң жакын досум Канатка ыраазычылык билдирем.

– Окууну аяктаган соң кыла турган ишиң белгилүү болуп калса керек?

– Азырынча үчүнчү эле курсмун да, бул окуумду аяктаган соң магистратурага тапшыруум керек. Чет мамлекеттерге чыгуунун жолдорун изилдеп жүрөм, бирок такталган жолду азырынча таба элекмин. Ага чейин мугалим болуп иштеп турам деген ойдомун. Андан тышкары каражат таап, үй-бүлөмө тыгын боло турчу мага ылайыктуу жумуш – таксисттик иш. Ылайык келген маалдарда шаар ичинде эл ташып майда керектөөлөр үчүн тыйын таба коём.

– Машина айдоону качан үйрөндүң, өздөштүрүү кыйын эле болгон болсо керек?Сүрөт

– Мен бул окуяга чейин эле, тактап айтканда, 5-классымдан бери эле машина айдачумун. Ортодо чоң тыныгуу болду. Машина айдабай калам го деп да ойлогом. Эки колум тең болбосо кайдан. Бирок зарылчылыктан улам кайра айдоомо туура келди. Себеби окууга барып келүүдө маршруттук таксилер мага өтө ыңгайсыз экен. Эшикти ачып, жаба албай, орундуктар бош болбосо туруп тура албай кыйналдым. Андан улам тобокел деп машина алдым. Кудайга шүгүр, колум болбосо бутум бар, протез кол болсо дагы жөлөнүп, таянууга жардам берет. Ошентип эле айдап жүрөм.

– Мындай кол салдырганыңа канча болду?

– Башында мунусу жок эле жүрчүмүн. Бирок анда элдин көз карашы мени абдан жүдөтчү. Бири коркуп кетет, бири таң калыштуу карайт, бири аяйт. Андан улам адамдардын жүрөгүн оорутпайын деп убактылуу протез кол кийүүгө туура келди. Бул кол Кыргызстандыкы эле. Колдун формасын гана берип турганы болбосо эч кандай күч бере албайт. Чет мамлекеттерде кадимки колго окшогон, атайын программасы менен каалагандарыңды аткара ала турган көп функциялуу кол бар экен. Бирок ал 24-25 жаштан кийин гана салынат экен. Себеби адамдын сөөгү ошол жаштарда биротоло өсүүсүн токтотуп катыйт турбайбы. Буюрса, андай колго да жетем деген ниеттемин.

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең.

– Мен алты бир тууганмын. Атабыз каза болуп калган, апам бар. Кесиби - медайым. Бирок учурда пенсиялык эс алууда. Апам менин азабымды көп тартты. Кийин байкасам, менин кабагым бүркөлсө апам ыйлайт экен, мен оорусам апам анын азабын эки эсе тартып, мен кубансам бактылуу болот экен. Ушуну байкагандан кийин да мен максаттарыма бир канча эсе чечкиндүү кадам таштап, умтулуп калдым. Анализдесем, максаттарыма жетүү үчүн колумдун жоктугу эч кандай деле шылтоо боло албайт экен.

– Демек, Кудайга наалат айтпайсың.

– Жок, кантип андай кеп айтайын. Баары Кудайдан гана деп билем. Албетте, пенде болгондон кийин айрым учурларда кабак түйүлүп, ачуу келип кеткен учурлар болот. Бирок баарына сабыр сактаганга аракет кылам. Намазымды окуп Жараткандан жакшылыктарды сурап, мага арка-бел болгон апамдын, бир туугандарымдын аманчылыгын сурайм. “Башкаларга жакшы дубаң менен болсо дагы жардам кыл” дейт го, тилек айтам.

– Жеке жашооңду да жолго салууга убакыт келип калыптыр. Качан үй-бүлө күтөсүң?

– Азыр болгон убактым билим алууга гана арналып жатат. Анткени болочоктогу үй-бүлөмдү татыктуу багууга бул абдан маанилүү эмеспи. Азырынча жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин. Келечектеги келинчегим ыймандуу, акылдуу жар болсо экен деп тилейм. Мага туура түшүнүп, жар катары мени колдоосу мен үчүн абдан маанилүү. Кудай буюрса, андай адамды да кезиктирермин.








Сүрөт
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#585 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Аялдын бетин кароо да арам (күнөө) дешет, бирок көп жерлерде чогуу болуп, жүзүн карап сүйлөшөт, ал тургай, тамашалашышат. Телевизор программаларында аялдардын жүзүн карап сүйлөшөт.
Бейтааныш аялды көргөндө, жүзүңөрдү андан бургула! Күтүүсүздөн көрүп калуу күнөө болбосо да, кайра караган күнөө болот. (Эбу Давуд, Дарими)
Куранда аял менен эркек жакын келбесин деген өкүм жок. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда да аял жана эркек сахабалар чогуу согушка барышкан. Ал тургай, бир идиштен даарат алышкан. Ажылыкта аялдар менен эркектер чогуу ибадат кылышат. Аллах аял менен эркектин бир жерде, чогуу болушуна эмес, никесиз байланышка тыюу салган.
Курандагы Йусуф кыссасында (баянында) Аз. Йусуф вазирдин үйүндө жашап, ал үйдө вазирдин аялы да болот жана Аз. Йусуф менен вазирдин аялы бир жерде болушат. Ал тургай, вазирдин аялы шаардын атактуу аялдарын чакырган бир конокто Аз. Йусуф да болгон жана аялдар Аз. Йусуфтун сулуулугунан катуу таасирлеришкен. Катуу таасирленүүдөн улам колдорундагы мөмөнүн ордуна колдорун кесип алышкан. Аз. Йусуф вазирдин аялы менен сүйлөшүп, маектешкен. Бирок никесиз байланышка эч жакындаган эмес, андан болгон күчү менен алыс болуп, өзүн коргогон.
Үйүндө жашаган аял аны менен болгусу келди жана эшиктерди бекем жаап: «Каалоолорум сен үчүн, келчи» деди. (Йусуф) Мындай деди: «Аллах сактасын. Себеби Ал менин Кожоюнум, ордумду сонун кылган. Чындыгында, заалымдар кутула алышпайт.» Ант болсун, аял аны каалаган эле, эгер Раббиңдин (зынага (никесиз байланышка) тыюу салган) анык далилин көрбөгөндө, ал да (Йусуф да) аны каалаган эле. Ошентип Биз андан жамандыкты жана никесиз байланышты артка кайтаруу үчүн (ага далил жөнөттүк). Себеби ал мухлис (чын ыкластуу) кулдарыбыздан эле. (Йусуф Сүрөсү, 23-24)
(Аял) Алардын кылгандарын укканда, аларга (бир чакыруучу) жөнөтүп, отуруп сүйөнө турган орундар даярдады жана ар биринин колуна (алдыларындагы мөмөлөрдү аарчуу үчүн) бычак берди. (Йусуфка болсо:) «Чык, аларга (көрүн)» деди. Ошентип алар аны (укмуш сулуулугун) көргөндө (адамзаттан жогорку бир заттай) өтө жогору көрүп, (таң калгандан) колдорун кесип алышты жана: «Аллахты аруулайбыз, бул бир адам баласы эмес. Бул жогору бир периште» дешти. (Йусуф Сүрөсү, 31)
Аз. Муса кыссасында болсо Аз. Шуайбдын кыздары Аз. Мусанын жанына келип, аны менен сүйлөшүп, андан жардам сурашкан. Аз. Муса аларга жардам берген соң Аз. Мусаны аталары менен тааныштыруу үчүн да алар алпарышкан. Аталарына Аз. Мусанын ишенимдүү жана күчтүү бир адам экенин айтышкан.
Медйен суусуна барганда, суу алып жаткан бир топ адамдарды көрдү. Алардын артында (жаныбарларын сууга алып баруудан тартынган) эки аял көрдү. (Ал) Айтты: «Бул кандай абал?» «Чабандар малдарын сугармайынча, биз сугара албайбыз; атабыз жашы улгайган бир киши.» дешти. Ошол замат алардын малдарын сугарып берди, андан соң көлөкөгө барып айтты: «Раббим, чындыгында мага берчү ар кандай жакшылыгыңа муктажмын.» Көп өтпөстөн ал эки (аял)дын бири (уялган абалда) басып, ага келди. «Атам биздин ордубузга малдарды сугарып бергениң үчүн сени сыйлоого сени чакырып жатат» деди. Анан ага келип, болуп өткөндөрдү айтып бергенде, ал: «Коркпо» деди. «Заалымдар коомунан кутулдуң.» Алардан (аялдардан) бирөө: «Эй атаке, аны акы төлөп жалда; себеби акы төлөп жалдагандарыңдын эң жакшысы ошол күчтүү, ишенимдүү (бир адам).» (Касас Сүрөсү, 23-26)
Аз. Сулайман Саба ханышасын динге чакырып, бир жерде, чогуу болуп маек курушкан. Ал тургай, Аз. Сулайман Саба ханышасы үчүн бассейн сыяктуу көрүнгөн бир жертаман даярдап, Саба ханышасы аны көргөндө, Аз. Сулаймандын алдында этегин жогору көздөй тарткан. Саба ханышасы Аз. Сулайманга «Сулайман» деп аты менен кайрылган.
Ага: «Сарайга кир» деп айтылды. Аны көргөндө терең бир суу деп ойлоду жана (этегин жогору көтөрүп) буттарын ачты. (Сулайман:) Мындай деди: «Чындыгында бул тунук айнектен жасалган бир сарайдын жертаманы.» «Раббим, чындыгында мен өзүмө зулумдук кылдым; (эми) мен Сулайман менен бирге ааламдардын Рабби Аллахка моюн сундум» деди. (Немл Сүрөсү, 44)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#586 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Пайгамбарыбыз (сав) да Указ жарманкесинде аял-эркек деп бөлбөстөн, бүт баарын динге чакырган. Аялдар менен сүйлөшкөн. Мусулман болгон аялдар да дайыма Пайгамбарыбыз (сав) менен эч тартынбай диалог түзүшүп, ар кандай темада аны менен кенен сүйлөшүшкөн. Ошондуктан фанаттар айткандай аялды бөлүп, аял менен сүйлөшүүгө, маектешүүгө тыюу салган бир түшүнүк Куранда жок.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#587 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Сүрөткө түшүү арам (күнөө) дешет, бирок өздөрүн көп көп сүрөткө тартып социалдык медиада бөлүшүшөт. Сүрөттү илип коюу да күнөө дешет, бирок жумуштарында, үйлөрүндө, саясий чогулуштарында, бүт жерде сүрөттөрдү асып коюшат.
Мевдуди айтат: Лидерлерден сүрөттөрү же плакаттары, митинг жана жүрүштөрүнүн сүрөттөрү эч динге туура келбейт жана чыныгы муктаждык жана мажбурлукка жатпайт. Өзгөчө лидерлердин сүрөттөрү Аллахтын кулдарын сүрөттүн арам кылынышына себеп болгон коркунучка өтө жакындатат.
«Аллахтын жанында азабы эң оор болгон адамдар сүрөт тарткандар же сүрөткө тарткандар. » (Муслим 6:369)
Ал эми Куранда болсо сүрөттүн же фотографиянын арам (күнөө) экендиги жөнүндө бир дагы аят жок. Сүрөт да, фотография да Аллахтын чеберчилигинин бир чагылуусу. Эгер бир адам өзүн кудаймын деп сүрөт тартып же сүрөткө тартып жатса, бул ал адамдын акылынын кемдигин жана уятсыздыгын көрсөтөт. Бир адамдын туура эмес ойдо болушу Аллахтын чеберчилигинин миллиондогон адамга жетишине себепчи боло турган бир сулуулукка тыюу салганга эч себеп болбойт.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#588 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Фанаттар музыка угуу арам (күнөө) дешет. Бирок өздөрү музыка угуп, ал тургай, социалдык тармактарда музыканы бөлүшүшөт. Тойлордо, аскерге жөнөткөндө жана башкаларда баары чогуу музыка угуп, бийлешет.
«Ким болсо да бир музыкалуу чогулушта бир ырчы кыз ырдаган ырды укса, акырет күнү анын кулактарына ээриген коргошун куюлат.»
Музыка уккан бир кишиге бейиште руханийлерди угууга уруксат берилбейт. (Куртуби 14/53)
Аллах ырды, аны алып-сатууну, акчасын, үйрөтүүнү жана угууну арам кылган (тыюу салган). (Мухаммед Газали, Небеви Сүннет)
«Ыр жүрөктө нифак (бузукулук) пайда кылат.» (Эбу Давуд)
«Музыка-ыр зынаага (никесиз байланышка) алпарчу бир тепкич сыяктуу.» (Бихар-үл Энвар, 79-т., 247-б.)
Музыка – Аллах адамдарга тартуулаган эң сонун жакшылыктардын бири. Рухка таасир берген бул жакшылык ыймандуулардын шүгүр кылышына жана Аллахка жакындашына себепчи болот. Бейиште болсо музыканын эң сонуну болот. Бир ырдын сөзүндө динге туура келбеген сөздөр бар болсо, албетте, аны укпаш керек, бирок бул бүт ырларга тыюу салууну талап кылбайт. Куранда да музыканын арам (күнөө) экени жөнүндө аят жок.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#589 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Фанаттар сакалды алуу арам (күнөө) дешет, бирок күн сайын эрте менен жумушка баратып сакалын алышат, көпчүлүгүнүн сакалы жок.
«Чач жана сакал алып мүчө алгандын (сакал алууну мүчө алуу катары көрүшүүдө) Аллах Кабатында насиби жок.»
Эль-Менхелүъл- азбул Мевруд» аттуу китепте мындай деп айтылган: «Сакал алуу мужтахид имамдар Эбу Ханифа, Имам Малик, Имам Шафи жана Имам Ахмед жана башкалардын пикиринде арам (күнөө). Аят жана хадистерден өкүм чыгаруу милдетин аткарган бүт фукаханын (шарият аалымдарынын) сөздөрү сакал алуунун арам экендиги тууралуу ачык.» (эль-Менхел: 1/186-188)
Сакал алуу Аз. Пайгамбарыбыздын (сав) келбетинен чыгуу болот. Аллахтын пайгамбары сакалын эч алган эмес. Аз. Пайгамбар (сав) Мырзабыз сакалсыз элчилерден жийиркенчү. Бир жолу алдына келген Йемен элчилеринин сакалсыз абалын көргөндө жийиркенип, жүзүн бурган.
Көрүнүп тургандай, фанатизм – динде жок тыюуларды чыгарып, ал тыюуларга өздөрү да моюн сунбаган бир система. Өз колдору менен түзгөн негизсиз диндин өкүмдөрүн өздөрү да толук аткарышпайт. Бул өздөрүн мүнафыктай (эки жүздүүдөй) көрүп, дайыма басынып жашашына себеп болот. Ошондуктан чын ниеттен динге жана Аллахка бурулушпайт.
Бул негизсиз, жасалма системанын ичинен чыгуунун жалгыз жолу – бул Куранга толук моюн сунуу. Куранды толук ээрчиген кутулат. Муну унутпаш керек, Аллахтын дини оңой, Аллах кулдарына кыйынчылыкты жана зулумдукту каалабайт:

Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) күрөшкүлө. Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(нде болгон сыяктуу). Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады, элчи силерге күбө болушу үчүн, силер да (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми намазды толук (туура) окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар – Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла. Ал кандай жакшы Кожоюн (Мевла) жана кандай жакшы Жардамчы. (Хаж Сүрөсү, 78)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#590 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ыймандуулардын биримдиги бир зарылдык


Аллах ишениминин, адилеттиктин жана абийирдин талабы – бул дүйнөдө Аллах ишенимине каршы болгондор менен пикирдик күрөш жүргүзүү, дүйнөдөгү бүт жамандыктарды ачыкка чыгарып алардын пикирдик негиздерин жок кылууга аракеттенүү. Жасаган кандуу иштеринде өз ойлорунда улуу Ислам динин колдонууга аракеттенген, Мусулман атын же паспортун алып жүргөн караңгы жана ал тургай чындыгында атеист кишилердин Исламга жана Куран аяттарына эч туура келбеген иштерин бир-биринен сөзсүз айырмалаш керек.
Исламдын чыныгысын көрмөксөн болуп дажжал тараптарларынын пландарына алдануу чын жүрөктөн ыйман кылган бир адам кылбай турган бир нерсе. Мындай тымызын жана системалуу пропаганда ыкмалары натыйжасында бир катар Христиандар өздөрүн Мусулмандардан алыс тутуп, ал тургай аларга каршы күрөш жүргүзүшүүдө. Ушундайча өздөрүн евангелист Христиандардай көрсөтүүгө аракеттенген динге каршы кишилердин таасири астында Мусулмандарга каршы кекенүү жана жек көрүү сезимдерин жайылтышууда. Аллахты сүйгөн динчилдер катары Аллахтын достору менен биримдикте болуунун ордуна, атеист, дарвинист, террорист бир системаны алга сүйрөгөн тымызын бир уюмдун жолун –билбей болсо да- жолдошууда. Бул туура эмес ишенимдин өздөрүнө да, бүт дүйнөдөгү ыймандууларга да канчалык чоң зыян тийгизээрин көрө алышпоодо.
Аллахтын уруксаты менен АЛЛАХТЫН ЫСМЫ ЖАНА СӨЗҮ СӨЗСҮЗ БҮТ ДҮЙНӨГӨ ОРНОП, ҮСТӨМДҮК КЫЛАТ. Бул Аллахтын бүт чыныгы ыймандууларга убадасы. Бирок буга себепчи болуу үчүн себептерди жасоо, бүт дүйнөдө ыймандуулардын бекем бир көмөктөшүү ичинде болушу зарыл. Чын ниеттүү евангелист Христиандар евангелист масондордун караңгы оюндарын көрүп, чоң коркунучту байкап чын ниеттүү динчил Мусулмандар менен биримдикте болушса, бүт адамдар тынчтык менен бейпилдик ичинде жашай ала турган, согуштар, уруштар токтой турган бир дүйнө тартибинин курууга мүмкүн болот. Аллахтан бир немат катары мындан бир топ бейпил жана бир топ бакубат, жакшы жашоодо жашашат.
Атеист масондук тымызын башчылык кылган чыныгы коркунучтун –б.а. атеизм, дарвинизм, материализм, марксизм, коммунизм коркунучунун- масштабын жакшыраак түшүнүшкөндө, чыныгы пикирдик күрөштү, бүт ыймандуулар менен бирге, Аллах ишенимине каршы согуш ачкан ушундай бузуку системаларга каршы жүргүзүшөт. Улуу Аллахтын уруксаты менен 3 чоң диндин үммөттөрү кубаныч менен күткөн Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактылары өтө жакын. Курандагы Аллахтын убадасына ылайык ал доордо Аз. Иса (ас)дын тынчтык жана биримдик чакырыгына сөзсүз бүт Христиандар өз ыраазылыгы менен жооп беришет. Куранда айтылгандай, Аз. Иса (ас) кайрадан келгенде ахли китаптан (Христиан жана Иудейлерден) өлөөрдөн мурда ага ыйман кылбай турган эч ким калбайт (Ниса Сүрөсү, 159). Ошондо эң негизгиси адамдар арасында сүйүү менен биримдик куруу керек экенин Улуу Раббибиздин уруксаты менен түшүнүшөт. Бирок негизгиси – Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы өтө жакындаган кезде бул чындыкты байкап, БУЛ КУТТУУ ИНСАНДАРГА КЕРЕКТҮҮ ФУНДАМЕНТТИН ДАЯРДАЛЫШЫНА КӨМӨКЧҮ БОЛУП, АЛАР КЫЙНАЛБАЙ ИШ-АРАКЕТ ЖҮРГҮЗӨ ТУРГАН ШАРТТАРДЫ ДАЯРДОО. Албетте, Аллах Ислам ахлагын, тынчтыкты, бейпилдикти жана сүйүүнү орнотуу үчүн эч нерсеге муктаж эмес (Аллахты аруулайбыз). Бирок Аллах ыймандууларга дуба кылуу жана сооп чогултуу жакшылыгын тартуулаган. ЧЫНЫГЫ ЧЫН НИЕТТҮҮ ДИНЧИЛДЕР АРАСЫНДАГЫ КҮЧТҮҮ БИРИМДИК АТЕИЗМДИН ЖЕР БЕТИНЕН ЖОК БОЛУШУ ЖАНА УЛУУ РАББИБИЗДИН ЫСМЫ БҮТ ДҮЙНӨДӨ БИРӨӨ ЖАНА ЖАЛГЫЗ ДЕП ДАҢКТАЛЫШЫ ҮЧҮН БИР ДУБА СЫПАТЫНДА БОЛОТ.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#591 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Динде мажбурлоо жок, бул Курандын анык бир өкүмү

Курандын анык бир өкүмү: Исламда мажбурлоо жок.
Аяттарда бул чындык мындайча билдирилген:
Динде мажбурлоо (жана басым жасоо) жок. Эч күмөнсүз, туура жол (рүшд) адашуучулуктан апачык ажыратылган. Эми ким таагуттан баш тартып, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, абдан бекем бир тутканы кармаган болот. Аллах – угуучу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 256)
Эгер Раббиң каалаганда, жер жүзүндөгүлөрдүн баары бирдей ыйман келтирмек. Демек, алар мумин (ыймандуу) болгонго чейин адамдарды сен мажбурлайсыңбы? (Йунус Сүрөсү, 99)
«Эй коомум, пикириңер кандай айткыла? Эгер менин Раббимден апачык бир далилим бар болсо жана Раббим мага Өз Кабатынан бир мээрим берип, (бул) силердин көздөрүңөрдөн жашырылган болсо? Силер аны каалабасаңар да, биз силерди ага мажбурламак белек?» деди. (Худ Сүрөсү, 28)
Мусулмандар Аллахтын «жакшылыкка (маъруф) чакырып, жамандыктан (мүнкер) кайтар» (Локман Сүрөсү, 17) буйругуна ылайык, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат жана адамдарды жакшы сөз менен Аллахтын жолуна үндөшөт. Бирок хидаят берүүчү (туура жолго салуучу) Аллах (Касас Сүрөсү, 56) жана Куранды окуган жана түшүнгөн бүт Мусулмандар муну өтө жакшы билишет. Ошондуктан бир Мусулмандын милдети – бул адамдарга Куранды түшүндүрүү, аларды Куранга чакыруу, б.а. аларды динди түшүндүрүү. Бул үндөөгө хидаят тапкан гана жооп берет, хидаят таппаган болсо бул үндөөдөн алыстайт. Ушул себептен хидаят таппаган бир киши канчалык мажбурланбасын, баары бир эч качан чыныгы Мусулман болбойт. Ошондуктан аны буга мажбурлоо Куран боюнча арам дагы, жана натыйжа да бербейт.
Ислам моюн сунуу маанисине келет. Бир адамдын Исламга кириши, чыныгы мааниде хидаят табышы жана чыныгы бир Мусулман болушу үчүн Аллахка жана Куранга чын жүрөктөн моюн сунушу шарт.
Эгер бир адам Исламга мажбурланса эмне болот?
Бир адам Исламга мажбурланса, Мусулман эмес, мүнафык (эки жүздүү) болот. Кыйынчылык менен ибадат кылат, аягында эрегишкен, кекенген бир эки жүздүүгө айланат. Исламды, Мусулмандарды жек көрөт жана Мусулман көрүнүп өмүрүн Мусулмандарды өз оюнда тузакка түшүрүүгө каржайт.
Мүнафык – Мусулмандардын эң чоң душманы, дүйнөдөгү эң жүзү кара макулук. Аллах мүнафыктарга тозокто эң төмөнкү кабатты ылайык көргөн. Бул жүзү кара жандыктар Мусулмандарга дайыма зыян тийгизүүгө аракет кылышат. Ошондуктан Аллахтын өкүмүн укпастан, бир адамды мажбурлап Мусулман кылууга аракеттенүү мүнафыктарды гана пайда кылып, зыян алып келет. Бул Мусулман эч каалабаган нерсе.
Бир адамдын мажбурлап Мусулман болушу Курандын жалпы рухуна да карама-каршы. Куранда белгиленген бир адилеттик түшүнүгү бар. Ал түшүнүк боюнча, ар кандай көз-караш, ар кандай пикир болушунча эркин. Аллах Куранда муну каапырларга кайрылган «Силердин диниңер силерге, менин диним мага» (Кафирун Сүрөсү, 6) аяты менен апачык белгилеген. Бул толук демократия дегенди билдирет, дин жана ишеним эркиндиги. Ишеним эркиндиги жана демократия болсо Курандан келип чыгат. Курандагы мындай түшүнүк бүт дүйнөгө жайылганда толук демократия жана эркиндик орнойт. Бул адилеттик системасы – бүт коомдорду, бүт дүйнөнү, бүт ишенимдерди камтыган адамгерчиликтин бир шарты болгон бир мыйзам. Аллахтын мыйзамы. Курандын өкүмдөрү адамдар материалдык жана моралдык жактан бейпил жашай турган кылып жаратылган.
Куран аяттарында адамдарды азапка сала турган, адамдарды тынчсыздандыра турган эч кандай өкүм жок. Ислам дини адамдар сүйүп сүйүп, чын көңүлдөн жашай турган, бактылуу боло турган бир дин болуп түшүрүлгөн. Бир Мусулман мушрик болсо дагы ал киши туура жолду (хидаят) табышы үчүн дуба кылууга, ага боорукер мамиле кылууга, аны коргоп-колдоого милдеттүү. Аллах мушриктерди (Аллахка шерик кошкон кишилерди) бир жерден башка жерге баратканда коргоону да Мусулмандарга бир милдет кылган. Мусулмандар өз жанындай мушриктерди коргоого милдеттүү. Куранда бул жөнүндөгү аят төмөнкүдөй:
Эгер мушриктерден бирөө сенден «амандык суранса», ага амандык бер; ошентип Аллахтын сөзүн уксун, анан аны «коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткир.»
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#592 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Бул алардын албетте билбеген адамдар болушу себептүү. (Тообо Сүрөсү, 6)
Ислам сүйүү, боорукердик, башкалардын абалын түшүнүү жана урматка таянган бир дин. Буга туура келбеген иштерди жасагандар болсо, демек, Ислам ахлагын билишпейт жана чыныгы Куран ахлагы менен жашашпайт.

Фанаттар «динде мажбурлоо жок» өкүмүн бир тактика катары колдонушат
Кээ бир кишилер башында «динде мажбурлоо жок» деп чыгышып, бирок кийин акырындап мажбурлоо жана басым жасоо ыкмасын колдонуп баштаган кээ бир Мусулмандарды мисал көрсөтүп, бул багытта бир тактика ыкмасы колдонулат дешүүдө. Эң биринчиден бул кишилер чыныгы Мусулмандар менен Куран боюнча жашабай ойдон чыгарылган кошумчалар менен жашаган фанаттар арасындагы айырманы жакшы билиши керек. Фанат – бул Аллах Куран аяттарында билдирген өкүмдөрдүн жакшы тараптарын жана сырларын ансыз да толук байкай албаган, Курандын рухун толук түшүнө албаган, ошондуктан Курандын акыйкат жана жалгыз китеп экенине толук ишене албаган бир радикал. Өз оюнда, Аллахтын өкүмүнө жана Куран аяттарына карабастан, эгер мажбурласа, басым жасаса, бир киши Мусулман болушу мүмкүн деп ойлойт. Чындыгында болсо бул апачык Раббибиздин өкүмдөрүнө каршы чыгуу болуп саналат. Мунун натыйжасында –жогоруда да айтылгандай- эки жүздүүлөр, Ислам душмандары, Исламды мажбурлоо жана кысымчылык дининдей көргөн адамдар пайда болот.
Ислам дини Пайгамбар Мырзабыз (сав) доорундагы сыяктуу туура жана толук орундатылганда, Куран аяттарына кемчиликсиз моюн сунулганда, ошондо гана чыныгы Ислам жашалат. Мындан башка эч бир мисал Ислам эмес. Курандын бир эле аятын жетишсиз деп ойлогон, кабыл албаган киши динден чыккан болот. Мындай кишинин Ислам атын жамынып Исламда болбогон иштерди жасашын Исламга жүктөөгө болбойт. Христиан динин жамынып кыргындарды жасап, мечит менен Куранды өрттөгөн фанаттардын иштерин Христиан динине жүктөөгө болбогон сыяктуу.
Курани Керимдеги аяттарга туура келбеген бир иштер бар болсо ал Исламдын иштери эмес. Ошондуктан Христиандар эгер Исламдын өзүн жана чыныгысын билгилери келсе, Куранга гана карашы керек.

Куран фанатизмге согуш ачкан
Куран фанатизм себеп болчу ар кандай балээге, бактысыздыкка, зулумдукка, сүйүүсүздүккө, душмандыкка, кан төгүүчүлүккө согуш ачкан. Куранга таянган Ислам дини фанатизмге толугу менен карама-каршы.
Ислам сүйүүгө, тынчтыкка жана достукка чакырат. Ынтымакта болууга, чогуу Аллахтын атын даңктоого, бир тууган болууга, дүйнөдө бейпилдик менен коопсуздукту курууга үндөйт.

Фанатизмден кутулуунун жолу – Исламга согуш ачуу эмес
Фанатизмди билбестен Исламдын өзү деп кабыл алгандар жана ал фанаттык системаны жок кылууну каалагандар көбүнчө өтө чоң жаңылыштык кетиришип Исламга карата душмандык мамиле кылышууда. Мындай туура эмес көз-караш өзгөчө кээ бир материалист, атеист жана дарвинист маалымат каражаттары, пикир уюмдары жана дүйнөлүк саясатта таасири күчтүү бир катар чөйрөлөр тарабынан атайылап жайууга аракет кылынууда. Бул чөйрөлөр Мусулмандыкты атайылап туура эмес таанытып, «Мусулмандар ушундай, силерди жашатпайт, ошондуктан алар силерди жок кыла электе силер аларды жок кылгыла» деген пропагандалар менен Ислам динине жана Мусулмандарга карата башкаларды күүлөшүүдө.
Бир катар Христиандар бул пропагандалардан таасирленип фанаттык система себеп болгон бир катар заалым иштерди токтотуу үчүн Куран менен жана Ислам дини менен күрөшүү керек дешүүдө (Куранды жана Исламды аруулайбыз). Чындыгында болсо бул акыл менен абийирге сыйбаган ыкма фанатизмдин андан да күчөшүнө жана өнүгүшүнө шарт түзөт. Куранга жана чыныгы Исламга жасалган ар кандай кол салуу өздөрүнөн башкача ойлонгондорго карата күч колдонуу керек деп ойлогон фанаттык системаны андан да күчөтөт. Андай фанаттар жактаган кан төгүүчү системаны жок кылуунун жолу – бул Куранды жана чыныгы Мусулмандыкты алдыңкы планга чыгарып, Асры Саадет (Пайгамбарыбыз (сав) убагындагы Бакыт кылымы) Мусулмандыгын кайрадан ишке ашыруу.
Чыныгы Мусулмандардын жайдары, сыпайы, сүйүүгө, боорукердикке, достукка жана бир туугандыкка таянган, демократия менен эркиндикти
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#593 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

заманбап жашоосу фанаттык көз-караштагы кишилерди өтө тынчсыздандырат, кууруп күйгүзгөндөй болот. Ошондуктан Христиан бир туугандарыбыз Мусулмандардын да, Христиан менен Иудейлердин да душманы болгон фанаттык көз-карашка каршы чыныгы Мусулмандарга колдоо көрсөтүп, алар менен бирге иш-аракет жүргүзүшү зарыл.
Фанат менен күрөшүү Мусулмандар үчүн бир ибадат. Себеби мушриктер менен күрөшүү Курандын буйруктарынын бири. Куранда «мушрик» деп аталган топтун экинчи аты – бул фанаттар. Улуу Аллах аяттарда мүнафыктардан (эки жүздүүлөрдөн) сөз кылат, каапырлардан сөз кылат, жүрөгүндө «оорусу» барлардан сөз кылат, булардын баары мушрик. Булар Асры Саадетке каршы, КУРАНДЫН АТЫН ЖАМЫНЫП КУРАНГА КАРШЫ СОГУШ АЧЫШАТ.
Бирок, албетте, бул күрөш илимий жана пикирдик бир күрөш болушу керек. Мурда да эскерткенибиздей, фанаттык топ көбүнчө Курандан ар кандай себептер жана кошумчалар натыйжасында алыс калган сабатсыз, караңгы бир топ. Ошондуктан фанат коркунучун жок кылуу үчүн ал кишилерди окутуу зарыл. Окутулуп, Куранда баяндалган чыныгы Ислам динин түшүнгөндө, албетте, алар да фанаттык көз-караштын акылсыздык экенин көрүшөт.
Сүйүүсүз, таш боор, мээримсиз, акылсыз, маданиятсыз, караңгы; илимди, искусствону эч жактырбаган; терең ойлоно албаган, эл көзүнө көрүнгөндү жакшы көргөн, динди татаалдаштырууга аракет кылган жана дайыма ар кандай иштер менен, кошумчалар менен өз оюнан бир дин чыгарган, жолдон адашкан багыттын аты «фанатизм», б.а. «мушриктик». Ошондуктан КУРАНГА ТОЛУГУ МЕНЕН КАРАМА-КАРШЫ ИШТЕП ЧЫГЫЛГАН, КУРАНДЫ ЖЕТИШТҮҮ КӨРБӨГӨН ЖАНА КУРАНДА БУЙРУЛГАН ӨКҮМДӨРДҮН ТЕСКЕРИСИН ЖАСАГАН ФАНАТТЫК СИСТЕМА – МУСУЛМАНДАР ДА ПИКИР МЕНЕН КҮРӨШӨ ТУРГАН БИР КӨЗ-КАРАШ.
Фанатизмди жойуунун жолу – бул Асры Саадет Мусулмандыгын жана чыныгы Куран ахлагын жактоо жана радикализмдин туткунуна түшкөн кишилерди окутуп тарбиялоо. Пайгамбарыбыз (сав) фанаттарга каршы эле жана Ислам алып келген демократия, сүйүү, урматтоо жана эркиндик нематтарын эч кемчиликсиз турмушка ашырган эле.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#594 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Чыныгы Ислам ахлагы орногондо Христиандар да, Иудейлер да бейпил жашашат

Христиан бир туугандарыбыздын бул китепти баяндалган сүйүү, тынчтык, демократия, эркиндик, бактылуулук, модерндик сыяктуу түшүнүктөр жөнүндөгү сөздөрдү «жакшы ниет менен айтылган сөздөр гана» деп ойлобошу өтө маанилүү. Булар биздин жеке жоромолдорубуз эмес. Булар КУРАНДЫН МАҢЫЗЫ. Булар Курандын рухуна, Аз. Мухаммед (сав)да көрүлгөн бүт өрнөктөргө, Рахман жана Рахим Аллахтын ыраазылыгына туура келген түшүнүктөр. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Куран өкүмдөрү ушундай турмушка ашырылган. Кан төгүүчүлүк фанаттардын ойдон чыгарган кошумчаларында гана бар. Дажжал башкарган фанаттык көз-караштагы кишилер канкордукту бүт дүйнөгө жайылтып муну Ислам деп көрсөтүп, көп адамдарды алдады.
Христиандардын Курандын чыныгы жана негизги кабарын көрүшү өтө маанилүү. Пайгамбарыбыз (сав) да, Курани Керим да дүйнөдөгү бүт адамдар үчүн бир нур. Адамдарды бактылуу кылган, дүйнөнү нурландырган нерселердин баары Куранда. Аллах ыраазылыгы, абийир, ыйман жана жүрөк көзү менен караган ар бир адам муну апачык көрөт. Куранды Асры Саадет доорундагындай жашоо бүт дүйнөгө толук бейпилдик жана сулуулук алып келет. Курандын Мусулмандар тарабынан кемчиликсиз турмушка ашырылышы Христиандарга да, Иудейлерге да бейпилдиктин жана бакыттын булагы болот. Натыйжада дүйнөдө өтө бактылуу жашоо өкүм сүрөт. Адамдардын табиятында ансыз да бар болгон, бирок дажжалдык системанын таасиринен улам жок болгон кубаныч элдерге кайра келет. Адамдарга сүйүнүч келет. Искусство өнүгүп, чыныгы чыгармачыл адамдар чыгат. Дажжал системасынын таасири менен жок болуп кеткен архитектура кайрадан жанданат. Себеби дүйнөгө бейпилдик, бактылуулук, коопсуздук, достук, бир туугандык жана эң негизгиси Аллах сүйүүсү жайылат. Аллах сүйүүсү адамдардын жүрөктөрүндө болгондо, ал коомго искусство келет, сулуулук келет, кубаныч келет, бакыт келет, илим келет, кыскасы, бүт нерсеге сулуулук менен кубаныч келет. Куран Мусулманынын көз-карашы боорукердик, мээрим, сүйүү, акыл, туруктуулук, акыл менен ойлонуу, башкалар үчүн өз кызыкчылыгынан баш тартуу, жакшы ниет менен окуяларды баалоо, бүт нерседе жакшылык бар деп кароого таянат. Ислам ушундай жашалган бир дүйнө Христиандар үчүн да, Иудейлер үчүн да өтө сонун болот.
Христиандар каршы чыгып, илимий күрөш жүргүзө турган нерсе – бул үч дин үчүн тең чоң бир коркунуч болгон фанатизм, дарвинизм жана материализм. Жактап колдоо көрсөтүшү керек болгон нерсе болсо – Ислам дининин Курандагыдай орношу жана муну азыркы заманда орундата турган Мехдилик. Буга колдоо көрсөтүшкөндө фанатизм, дарвинизм, материализм жок болуп, дүйнөгө майрам кубанычы келип, бүт нерсе жана бүт тарап нурданат. Фанатизмдин, дарвинисттик жана материалисттик идеологиялардын таасиринде калган адамдар да туура билим берүү аркылуу оңолушат. Чиркөөлөр, синагогдор Куран аятында кабар берилгендей Улуу Аллахтын коргоосунда. Христиан жана Иудей бир туугандарыбыз каалагандай ибадаттарын кылышып, көңүлдөрү каалаган бейпилдик менен коопсуздукка жетишет. Мусулмандар Христиан жана Иудейлер менен бир туугандык жана сүйүү ичинде жашашат, согуштар токтойт, кан төгүү токтойт, дүйнө бакубаттыктын, бейпилдиктин, коопсуздуктун, тынчтыктын мекенине айланат. Бул Аллахтын убадасы. Сөзсүз ишке ашат. Бирок бул үчүн Аллах бизден аракет кылышыбызды каалайт.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#595 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Пайгамбарыбыз (сав)дын ахли китапка болгон боорукер, сүйүү толо мамилеси


Пайгамбарыбыз (сав) Нажран Христиандарынын зыяраты учурунда отурушу үчүн кийимин салып берген
Расулуллах (сав)дын ахли китаптын тойлоруна катышканы, оорулууларын зыярат кылганы жана аларды коноктогону жөнүндө көп санда риваяттар бар. Ал тургай Нажран Христиандары аны зыярат кылышканда Аз. Мухаммед (сав) алар үчүн кийимин жерге төшөп, Христиан конокторуна мунун үстүнө отургула деген.

Пайгамбарыбыз (сав) ахли китаптын Мусулмандардын коргоосу астында экенин айткан
Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын Христиан Ибн Харрис б. Каъб менен элине жаздырган келишим катында: «Чыгышта жана батышта жашаган бүт Христиандардын диндери, чиркөөлөрү, жандары, намыстары жана мал-мүлктөрү Аллахтын, Пайгамбардын жана бүт ыймандуулардын коргоосунда. Христиандык дининде жашагандардан эч ким каалабастан Исламды кабыл алууга мажбурланбайт. Христиандардан кайсы бири кандайдыр бир кылмышка же адилетсиздикке туш болсо Мусулмандар ага жардам берүүгө милдеттүү» деп жаздырган. (İbn Hişam, Ebu Muhammed Abdulmelik, Es-Siretü'n-Nebeviyye, Daru't-Türasi' l-Arabiyle, Beyrut, 1396/1971, II/141-150)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#596 Пользователь офлайн   osh93   30 Август 2015 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

КЭЭ БИР ХРИСТИАНДАРДЫН МУСУЛМАНДАР ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫЛЫШ КӨЗ-КАРАШТАРЫ

Бир диндин талаптарын аткарып жаткандай көрүнүп, бирок чындыгында ал динге кийин кошулган кошумчаларга моюн сунган, ал тургай, кошумчаларды өзү чыгарган киши «фанат» деп аталат. Ар кайсы диндин ичинде фанаттар болушу мүмкүн. Фанат бир адамдын эң негизги өзгөчөлүгү – бул анын өзү тутунган диндин өкүмдөрү боюнча жашоону четке кагышы, ал тургай, ал дин койгон жоопкерчиликтерди кабыл албашы, өз оюнан чыгарган бир дин түшүнүгүн кабыл алышы жана аны өзүнө жана элдерге кабыл алдырууга аракеттениши. Ошондуктан фанат бир адам үчүн динде жок нерселерди оңой гана динге кошууга болот. Динге туура келбеген нерселер уялбастан жасалышы мүмкүн, ал тургай, динди жамынып кылмыштар жасалышы, элдер караңгылыкка түртүлүшү мүмкүн, кысымчылык көрсөтүлүп, сүйүүнү алдыңкы планга чыгарган акыйкат диндер жек көрүү диндериндей көрсөтүлүшү мүмкүн. Мына ушул себептен бир фанат өтө кооптуу.
Бир аз мурда да айтылгандай, фанат ар кайсы динден чыгышы мүмкүн. Христиан фанаттар чыгып, Христиандыкты такыр башкача көрсөтүп, бул сүйүү динин бир жек көрүү дининдей көрсөткөн сыяктуу, Исламды чыныгысынан башкача көрсөтүүгө аракет кылгандар да – бул фанаттар. Ислам атын жамынып кекенүү, жек көрүү, өзүн-өзү өлтүрүү, кыргын сыяктуу түшүнүктөр менен эскерилген; илимге, искусствого, сонун нерселердин баарына каршы болгон; немат-жакшылыктардан ырахат ала албаган жана Христиан менен Иудейлерге душман мамилесин кылган көз-караш – Мусулмандардын эмес, фанаттардын көз-карашы. Көп адамдар муну Ислам деп түшүнүп аны сындашууда жана ушул себептен Исламга каршы болушууда. Чындыгында болсо каршы чыгыла турган нерсе – Ислам эмес, фанатизм, радикалдуу көз-караш.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#597 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Сентябрь 2015 - 23:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Жакшылык жоопсуз калбайт!

Бир жолу бир кичинекей кедей бала мектепке окуган акысын төлөө үчүн улам бир эшикти тыкылдатып, товар сатып жүрдү. Анын жанында бир гривени гана калган эле, бирок баланын курсагы ачты. Ачка бала кийинки үйдөн тамак суроону чечти. Эшикти татынакай жаш келин ачканда ал өзүн жоготуп койду да, тамактын ордуна суу сурады. Келин болсо баланын ачкалыгын байкап, ага бир стакан сүт алып келди. Бала сүттү шашпай ичип бүттү да: -Мен сизге канча карызмын? –деп сурады -Эч канча, -деп жооп берди келин, -Энем мени жакшылык үчүн эч качан акы алба деп тарбиялаган. -Анда мен сизге чын жүрөгүмдөн ыраазымын.. Бир нече жылдар өткөндөн кийин келин катуу ооруга тушукту. Жергиликтүү доктурлар анын оорусунун айласын таба алышпады. Алар келинди чоң шаарга дарыланууга жиберип, ал жактагы кесиптешинен келиндин оор дартын аныктоосун өтүнүп, телефон чалышты. Оору менен болгон узак күрөш жеңиш менен аяктады. Аягында келин дарыланган бейтапкананын эсепчиси (бухгалтериясы? ) дарылануу үчүн төлөнүүчү акынын жыйынтык эсебин врачка алып келди. Врач эсепти карап көрдү да, анан кагаздын четинебирдемелерди чиймеледи. Келин эсепти алып, кагазды ачып кароодон жүрөксүп турду. Себеби ал кагазда өзүнүнмындан аркы өмүрүн бүт сарптап иштөөгө мажбур кыла турган эсеп (сумма) болуш керек деп ойлоду. Баары бир кагазды ачып караган келиндин көңүлүн эсеп кагаздын бир бурчунда чиймеленген сөздөр буруп кетти. Келин буларды окуду: ...”Бир стакан сүт менен төлөнгөн”. Доктор Говард Келли... Кубанычтын ысык жаштары келиндин көздөрүн толтурду..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#598 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Сентябрь 2015 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Тык! Тык! Тык!
- Ким бул?
- Даярдан кеттик!
- Тушунбодум каяка кетебиз? Сен кимсин?
- Чындыка! Кетууго убакыт келди!
- Аркы дуйно... сен... сен...?
- Ооба. Жур кеттик!
- Эмне... Азыр... Мага бир аз убакыт... бутпогон иштерим бар эле...
- Анын озунун бутуручулору бар!
- Балдарым бар. Алар жаш... жок дегенде коштошууга. ..
- Жок! Алар да тагдырына жазылганын корот. Кеттик бизди кутуп жатышат.
- Кутуп? Кимдер?
- Барган сон коросун!
- Тушундум. Бирок конулун оорутуп кечирим сурабаган, жакшылыгын коруп ыраазычылык билдирбеген инсандарым бар. Аласа- берсе... Карыз болуп кеттууну каалабаймын. ..
- Аны убагында ойлонушун керек эле!
- Убагында? Мен дагы убакыт бар деп ойлогом...
- Баарынар бирсинер! Убакыт деген отууну гана билет ал кайтпайт!
- Суранам...
- Кеч! Эртенден кабарын жок болсо да бугундо олбочудой жашачусун. Ар бир амалындын сурагы бар! Жооп бересин!
- Мен... Мен...
- Токтот! Жаман амалдарынды токтот! Пайдасыз омурунду токтот! Тооба кыл! Бул сага бир эскертуу эле. Азыр кетпейбиз... Бирок кутулбогон убакта кетебиз. Эсинде болсун ага даяр бол! Кийинки келишимде алдында жетишпестик арканда окунуч болбосун!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#599 Пользователь офлайн   osh93   02 Сентябрь 2015 - 06:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

~ЗЕКЕТ ТӨЛӨӨ, ИСЛАМДЫН БИР БӨЛҮГҮ~

Тальха бин Убайдуллахтын (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет: «Бир жолу Алланын элчиси алейхиссаламга Нежддик[46] чачтары үксөйгөн бир адам келди. Биз анын бийик үнүн алыстан эле уктук, бирок анын эмне деп жатканын түшүнгөн жокпуз. Ал бизге жакын келгенде гана анын Ислам жөнүндө сурап жатканы түшүнүктүү болду. Алланын элчиси алейхиссалам айтты: «Күндүзү жана кечинде беш убак намаз (окушуң керек)». «Андан артык намаз окууга тийиш эмесминби?» — деп сурады тиги адам. «Жок, эгер сен өзүң эле (наапил) намаздарды окууну каалабасаң», — деди пайгамбар алейхиссалам. (Анан) Алланын элчиси алейхиссалам айтты: «Рамазан айында (бир айлык) орозо (кармашын керек)». «Андан артык орозо кармашым керек эмеспи?» -деп сурады тиги адам. «Жок, эгер сен өзүң эле (наапил орозо кармоону) каалабасаң», — деди пайгамбар алейхиссалам. Анан Алланын элчиси алейхиссалам ага зекет төлөө (керектиги) жөнүндө айтты. Тиги адам: «Андан тышкары (бир нерселерди төлөшүм) керек эмеспи?» — деп сурады. «Жок. эгер аны өзүң эле каалабасаң», деди пайгамбар алейхиссалам. Ошондон кийин тиги адам: «Аллага ант берем, мен буга эч нерсе кошпоймун да, андан эч нерсе кемитпеймин! » — деп бурулуп (чыгып) кетти, ал эми Алланын элчиси алейхиссалам: «Эгер айтканы чын болсо, ал баар табат!», —деди"
(Сахих ал Бухари)

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#600 Пользователь офлайн   osh93   02 Сентябрь 2015 - 06:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва


Бедиуззаман деген эмне маанини билдирет?

Жооп: Бедиуззаман деген Саид Нурсинин лакаб аты. Саид Нурси 1882-1888-жылдар аралыгында өз доорундагы бардык улуу шейхтерден, аалымдардан кыдырып жүрүп сабак алган. Андан аз өтпөй эле Эрзурумга караштуу Байезиттеги медреседе шейх Мухаммед Жалалинин көзөмөлү астында он беш жылда окула турган китептерди үч ай ичинде үйрөнүп бүтүргөн. Бул кыска мөөнөттүн ичинде ошол кездеги медреселерде окутулган китептердин баарын окуп чыккан. Бул убакытта ал 13-14жашта болчу. Андан кийин Битлистеги Мухаммед Эминден жана Ширвандагы Фетхуллах эфендиден сабак алат. Ал жерде шафий мазхабынын көрүнүктүү аалымы Ибн Хажар Субкийдин «Жамиъул Жамавий» китебин күнүнө бир-эки саат алектенүү менен бир жумада жаттап коет. Жаш Саиддин мындай зиректигине жана эс тутумуна таң калган устаты молдо Фетхуллах Саид Нурсини «Бедиуззаман» деп атай баштаган. Анын мааниси «Өз доорунун теңдеши болбогон адамы» дегенди түшүндүрөт.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: