КУДУКТУН СУУСУ
Учурубузда азайып кеткени менен мурунку учурларда турмуш-тиричиликке колдонулган суунун көпчүлүк бөлүгү кудуктарда сакталгандыктан кудуктарды таза кармоо маселеси фикх китептеринде кеңири каралган.
Кудукка же көлмө сыяктуу сууларга түшкөн ыпластык анын бардык тарабына жайылып кеткен болсо, эгер андан (кудук же көлмөдөн) сууну толугу менен чыгарууга мүмкүнчүлүк болсо, суунун баарын чыгаруу керек. Б.а. кудук же көлмө толук бойдон бошотулат. Эгер толук бошотконго мүмкүнчүлүк жок болсо, ыпластыкка жараша белгилүү бир өлчөмдө суу алынган соң кийин кудукта калган суу таза болуп эсептелет. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) ыпластык түшкөн сууну тазалагандан кийин калган суунун таза болоорун билдирген. Сахабалар чычкан жана тоок сыяктуу жаныбарлар түшүп өлүп калган кудуктардан “таза болду” деген ойго (бүтүмгө) келгенге чейин суу чыгарышкан.
Мына ошол себептен аалымдар кудук суусун тазалоодо бул иштин көзүн билген адамдын пикири негиз катары кабылданышы керектигин айтышкан. Ошондой эле элге оңой болушу үчүн ыпластыкка жараша кудуктан канча чака суу чыгаруу зарылчылыгын да белгилешкен.
Андыктан тигил же бул кудукка түшкөн ыплас нерсе же жаныбар чыгарылган соң бул багытта адис адамдар кудуктун таза болгондугуна көзү жеткенге чейин кудуктан суу алып чыгуу керек. Сууну сөзсүз түрдө чака менен алып чыгаруу керек деген эреже жок. Учурубузда мындай тазалоо иштери соргуч, шланг, түтүк сыяктуу каражаттар менен аткарылганы оң.
Жалпылап айта турган болсок, денесинде же кийиминде ыплас нерсе болбогон адам же эти желген жаныбар түшкөн суу (көлмө) ыплас болбойт. Бирок сууга түшкөн адамдан же жаныбардан ыплас нерсе аралашса, анда ал суу ыплас болуп саналат.
Эти желбеген жаныбарлар түшкөн суу ыплас болуп эсептелет. Эгер кудукка чымчык же чычкан сыяктуу кичине жаныбар түшүп өлгөндөн кийин тез аранын ичинде чыгарылса, 20 чакага жакын, ал эми тоок түшкөн болсо болжолдуу түрдө 40 чака суу чыгаруу керек.
Эгерде кудукка кан, шарап, заара ж.б.у.с. ыплас нерселер аралашса, же чочко сыяктуу чоң жаныбар түшсө, ошондой эле кой, эчки сымал жаныбарлар түшүп өлсө, асыресе чычкан, чымчык сыяктуу кичине жаныбарлар түшүп өлүп, өлүгү эзилип-ылжырап кеткен болсо, анда кудуктагы суунун баарын чыгаруу зарылчылыгы туулат. Бул учурда эгер суу кудукка астынан дайыма келип турса, анда ичиндеги суунун толук чыгарылгандыгына көз жеткенге чейин суу чыгаруу керек.
Ыплас кудуктун суусу соолуп, кургап бүткөндөн кийин суу кайра чыккан кезде кудуктан ыпластыктын белгилери байкалбаса (ыпластык көрүнбөсө жана суунун өңү, түсү, жыты өзгөрбөсө), анда ал суу таза болуп эсептелет.
Ислам дининин тазалык маселесине өзгөчө басым жасашынын негизги себептеринин бири – бул адамдын ден-соолугун жана саламаттыгын сактоо. Андыктан фикх китептеринде белгиленбесе да, ден-соолукка зыяндуу сууларды колдонбоо зарылчылыгы күч.
НАМАЗ - бейиштин ачкычы ..аягында намазга байланыштуу аят, хадистер..
#241 02 September 2015 - 12:13
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#242 02 September 2015 - 12:17
ДИН ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК
Дин – адамдардын Кудай менен болгон, өз ара жана жаратылыш менен болгон байланыштарын жөнгө сала турган эң адилеттүү мыйзам.
Дин – бул пайгамбарлар аркылуу адамзатка жиберилген Кудайдын өкүм буйруктары. Дин – адамдын ким экендигин жана жашоонун максат-маңызынын эмне экендигин билдирип, адам баласын эки дүйнөдө тең бактылуу жашоого жетелейт.
Ишеним менен сыйынуу – адам баласы жаралгандан баштап чогуу келе жаткан өзүнчө сезим-туюм. Адамда ар качан жана ар жерде кандайдыр бир улуу, күчтүү, кудуреттүү затка баш калкалоо, ага таянуу, ишенүү жана андан жардам тилөө муктаждыгы болот. Адам баласы денеден жана рухтан тураары жалпыга маалым. Андыктан дененин муктаждыгы болгондой эле, рухтун да муктаждыгы бар. Ырас, Жалгыз Алла Таалага ишенүү, Ага ибадат кылуу – бул рухтун эң алгачкы муктаждыгы. Бул муктаждык туура камсыздалбаса, адам баласы ар кандай терс жолдорго, жалган ишенимдерге багыт алып түбөлүк бактысынан ажырайт. Адам баласы жалгыз бир кудайга багыт алып, Ага гана ибадат кылганда жан-дүйнөсүн туура камсыздаган болот. Ошондо гана руханий жактан чыныгы бейпилдикке жетет.
Асыресе, адам баласы жашоонун тек гана бул дүйнө менен гана чектелүү болгондугун жана өлүмдөн кийин эч кандай жашоо жок деп ойлошу мүмкүн. Ырасында, бул туура эмес түшүнүк. Өлүм – бул бүтүү, жок болуу дегенди билдирбейт. Чыныгы түбөлүк жашоо өлүмдөн кийин башталат. Алла Таала акыретти унуткан адамдарга пайгамбарлары аркылуу муну эскерте келген. Булар Ыйык Куранда ачык-айкын айтылган.
«Дин» түшүнүгүнө көптөгөн аныктамалар берилген. Диндердин ортоктош өзгөчөлүктөрү болгону сыңары айырмачылыктары да бар. Мына ушул себептен дин түшүнүгүнө берилген аныктамалар бардык диндерди өз ичине камтый албайт. Диндердин негизи – бул ишеним. Дин ишенимге таянат. Адамзат тарыхында адамдар кандайдыр бир улуу күчкө, жаратуучуга, ошондой эле ар кандай табият кубулуштарына, тоо-ташка, рухий заттарга ишенип келишкен. Мына ошондуктан Ислам аалымдары диндерди «акыйкат» жана «жалган» дин деп экиге бөлүп карашкан.
АКЫЙКАТ ДИН
Ислам дини бүгүнкү күнү жер бетиндеги жападан жалгыз акыйкат дини. Азирети Мухаммад Пайгамбар анын эң акыркы пайгамбары, Ыйык Куран да Анын эң акыркы ыйык китеби болуп эсептелет. Бүгүнкү күнү Кудай Таала жиберген диндерден үчү гана жашап келет. Алар Иудаизм, Христиан жана Ислам диндери. Бул диндердин экөөсү т.а. Иудаизм менен Христиан диндери бүгүнкү күнгө чейин адамдар тарабынан бурмаланып, нагызын сактай алган эмес. Булардан Ислам дини гана өзүнүн нукура тазалыгын жана аруулугун сактап келген. Бул чындыкты Алла Таала Ыйык Куранда төмөнкүчө баяндайт:
«Шек-күмөнсүз, Аллахтын алдындагы акыйкат дин – Ислам дини…» (Аали Имран 19-аят).
«Кимде-ким Исламдан башка динди тандаган болсо, анын дини кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот!» — деп айтылат (Аали Имран 85-аят).
Ислам деген эмне?
Ислам деген – «баш ийүү, моюн сунуу, тынчтык» маанисиндеги «Силм, Салам» деген арабча сөздүн уңгусунан чыгып, «Алла Таалага баш ийүү, Анын буйруктарына моюн сунуу, тынчтык жолуна кирип бейпил өмүргө аттануу, ар бир адамга, кала берсе, ар бир нерсеге бекем ишеним менен мамиле жасоо жана колунан да, тилинен да бирөөгө жамандык жеткирбөө» деген маанилерди билдирет.
Ислам – Алла Тааланын аяндарына негизделип, Пайгамбарыбыз аркылуу бизге жеткирилип, иш жүзүндө өмүр чындыгы катары жашап жаткан диндин аты. Ислам дини жалпысынан ишенимдик, турмуштук жана адеп-ахлактык өкүмдөрдү ичине камтыйт. Ошондуктан, динди тек гана «ички ишеним» маселеси деп түшүнүү чоң жаңылуу болуп саналат. Исламдын түпкү өзөгү ыйман жана бекем ишеним. Башкача айтканда, Алла Таалага байланыштуу ыйык акыйкаттарга кынтыксыз түрдө бекем ишенип, жүрөгүн Алла Таалага арноо. Исламдын туу чокусу болсо – өз жоопкерчиликтерин Алла Тааланы көрүп тургандай жана Алла Таала да көрүп тургандай толук, бийик аң-сезим менен аткара билүү (Ихсан) жана жасаган-жасай турган ар бир

#243 02 September 2015 - 12:19
ар бир нерсени, ишти Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жүзөгө ашырууга аракеттенүү (Ихлас) болуп саналат.
Мусулман деген ким?
Мусулман деген – өзүн Аллахка табыштаган, Ислам дининин жол-жобоолоруна толук баш ийген, тынчтыкты, бейпилдикти иш жүзүндө жүзөгө ашыра билген адам. Бул атты Алла Таала Курани Каримде Өзү берген:
«…Ал силерди «мусулман» деп атады…» (Хаж 78-аят)
ЖАЛГАН ДИНДЕР
Азирети Адам ата адамзаттын алгачкы пайгамбары болгон. Алла Таала Пайгамбарларын жөнөтүп адамдарга туура ыйман-ишеним, ибадат жана өз ара мамиле эрежелери жөнүндө кабар берген. Пайгамбарлардын бардыгы бир ишенимге чакырышкан. Ал жалгыз кудайга жана Анын ак жолуна гана чакырган таухид ишеними болгон. Бирок, белгилүү убакыттын өтүшү менен адамдар бул өкүмдөрдү бурмалап бузушкан. Ошол себептен бурмаланган диндер пайда болгон. Жогоруда айтылгандай, буга бүгүнкү күнү Иудаизм менен Христиан диндерин мисал келтирүүгө болот. Бул диндердин бурмаланып кетишинин себеби: Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу ыйык Китептердин түпкү нускаларынын жоголушу, кээ бир караөзгөй адамдар менен котормочулар тарабынан айрым бир текстери бурмаланып жазылышы, диндин негиздеринин өзгөртүлүүсү жана ал китептердеги кудайдын өкүмдөрүн өздөрүнүн каалоолору менен жеке кызыкчылыктарына ыктап жазылышы болгон. Андыктан бул диндер адам баласын эч качан түбөлүк бакытка алып бара албайт. Тек гана Алланын ак жолунан адаштырат.
Мындан тышкары эч кандай Кудай Таала тарабынан кабар берилбеген, тек адамдар өздөрү ойлоп тапкан ар кандай ишенимдер да бар. Мисалы: Отко, асманга, сөлөкөттөргө, Буддага ж.б. нерселерге сыйынууга окшогон диндер. Булардын жаңылыш болгондугунда эч кандай күмөн жок.

#244 02 September 2015 - 12:21
ИСЛАМ ДИНИНИН ИШЕНИМ НЕГИЗДЕРИ
Ислам дини же мусулманчылык деген кезде Алланын акыркы элчиси Азирети Мухаммад пайгамбар чакырган динди түшүнөбүз. Ырасында Азирети Адам атадан бери Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн диндердин бардыгы негизинен Ислам дини болуп эсептелет. Алар белгилүү убакыттын өтүшү менен адамдар тарабынан бурмаланып келген. Ал эми ардактуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) үндөгөн Ислам дини кыяматка чейин аруулугун сактайт. Бул Жараткан Алла Тааланын кепилдиги, асыресе мусулмандарга болгон өзгөчө ырайымы.
Ислам дининин өзүнө таандык ишеним негиздери бар. Бул ишеним – Жараткан Кудайдын жалгыздыгын, теңдешсиздигин, окшошсуздугун, улуулугун тастыктаган Таухид ишеними. Таухид ишеними: «Лаа илааха иллаллаах, Мухаммадур- Расуулуллаах» жана «Ашхаду ан лаа илааха иллаллаах, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулух» деген келиме менен корутундуланат. Мааниси: «Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад Анын элчиси!» жана «Алладан башка кудай жок экенине жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси болгондугуна күбөгө өтөм» – дегенди билдирет. Кимде-ким ушул сөздү айтып тастыктаса, Ислам дининин бардык мыйзам-эрежелерин кабыл алган болуп эсептелет.

#245 02 September 2015 - 20:33
"БИР КИШИ ТҮНҮ МЕНЕН НАМАЗ ОКУЙТ,КҮНДҮЗҮ УУРУЛУК КЫЛАТ"
Абу Хурайра разияллоху анху айтат.
Бир сахаба Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва салламдин алдына келип.
Мен бир адамды билем,ал түнү менен ибадат кылып намаз окуп чыгат,таң атканда уурулук кылып жаткандыгын билдирди.
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху аллейхи ва саллам ал адамдын намазын байкады да:
"Анын намазы жакын арада ошол жаман иштен токтотот" —деди.
Демек адам жаман адаттардан намазды толук талаптагыдай окуу менен кутулса болот.
Ар бир жаман ишти таштоо кыйын,ага эрк керек,жана узак мөөнөт талап кылынат.
Ал эми анын каршысында намазды жакшылап окуу оңой,ага көп деле убакыт кетпейт,намаздын берекесинен жаман адаттар өзунөн өзү жоголот.
АЛЛАХ ТААЛА НАМАЗДАРЫБЫЗДЫ ТОЛУК ТАЛАПТАГЫДАЙ ОКУГАНГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРСИН.

#246 07 September 2015 - 06:33
НАМАЗДЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮ
Ислам дининде ибадаттардын туу чокусунда калетсиз намаз турат. Намаз бул
мусулман адамдын жашоосун белгилүү нукка салган эң маанилүү ибадаттардын бири.
Сүйүктүү Паигамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алеихи васаллам) куттуу хадистеринин
биринде: «Намаз – диндин тиреги» деп айткан (Тирмизи, Иман, 8).
Намаз ибадаты Адам ата (алаихис-салаам) баш болгон бардык пайгамбарларга
буйрук кылынган ибадат (Бакара сүрөсү, 2/83). Демек, намаз бардык илахии (Алла
тарабынан билдирилген) диндерде болгон. Бирок белгилүү убакыт аралыгында диндердин
бурмаланышы менен кошо намаз ибадаты да чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп, биротоло
орду-түбү менен жок болгон.
Намаз ибадатынын өзгөчө мааниге ээ болушунун өзүнчө себеп-хикматтары бар:
Эң оболу намаз пендеге Алланын кулу экендигин, мына ошол себептен белгилүү
иш-аракеттерге карата жооптуу болгондугун эске салат. Адам күнүнө беш маал намаз окуу
менен рухдүйнө жакырлыгынын алдын алган болот. Бул багытта Алла Таала Куранда ала Куранда
минтип буюрат: «Мени эстөө үчүн намаз оку!» (Тоха сүрөсү, 14).
Алла Таалага моюн сунуу Намаз менен жандүйнөнү аруулап Жараткан Алланын алдына жарык жүз менен
баруу ышкысы.
Алла Таалага жалынып-жалбаруу, дуба кылуу, кечирим тилөө менен Жараткан
жакын кулпенде болууга аракет кылуу
Намаз инсандын психологиясына өзүнүн олуттуу оң таасирин тийгизет. Аятта: «О,
ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла! » (Бакара сүрөсү,
2/153) деп буюрулат.
Намаз жаман иштерге барууга бөгөт болот.
Сойкулук, шылуунчулук, каракчылык, уурулук, алдамчылык сыяктуу бузуку
иштерден оолак кармайт.
Адамдын материалдык жана моралдык жактан таза жүрүүсүн камсыздаит. Намаз
адамды күнөөлөрүнөн да тазалайт. Бул багытта куттуу хадистердин биринде төмөнкүчө
буюрулат: Күндөрдүн биринде Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) кутман
сахабаларына кайрылып: «Бирөөңөрдүн эшигинин алдында бир дарыя агып турат дейли.
Анан ал адам, күн сайын ошол дарыяга түшүп, тазаланып турса, анда кир калат деп
ойлоисуңарбы? » деп суроо узатат. Анда сахабалар бир ооздон: Жок, о, Алланын Элчиси!
деп жооп беришет. Анда Пайгамбарыбыз: «Беш маал намаз окуу да дал ушундай. Суу
кирди кандай жууп кеткен болсо, намаз да күнөөлөрдү ошондой жууп кетирет» деген
экен (Бухари, Мавакыт, 6)
Намаздын күнөөлөрдү жууп кетирерин эки өңүттөн кароого болот. Биринчиси,
хадистерде белгиленгендей, тигил же бул эки намаздын ортосунда жүзөгө ашкан
күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болушу. Эскерте кетчү жагдай, бул жерде кичине
күнөөлөр жөнүндө сөз болууда. Кичине күнөөлөрдү жууп кетирген намаздан башка дагы
нерселер бар. Төмөнкү аяттарда: «Эгер тыйуу салынган чоң күнөөлөрдөн оолак болсоңор,
кичине күнөөлөрүңөрдү жаап, силерди бейишке киргизебиз» (Ниса сүрөсү сүрөсү, 31)
«Алар оор күнөөлөрдөн, бузуку иштерден алыс турушат, ачуусу келгенде кечиримдүү
болушат» (Шууро, 37) «Оор күнөөлөрдөн жана ыпластыктардан (сойкулук сыяктуу
ыплас иштерден) сактангандардын кичине күнөөлөрү болсо да, аларга Жараткан Эгеңдин
кечирими кең!» (Нажм сүрөсү, 32)деп буюрулуп, чоң-кичине күнөөлөр менен катар чоң
күнөөлөрдөн оолак болуу кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болору жөнүндө
аитылууда. Намаздын айрым бир катачылыктарды жууп кетиришинин экинчи мааниси
мындай; намаз күнөө иштерге барбоо зарылчылыгын талап кылуу менен мындай иштерге
тоскоол болушу «күнөөлөрдү кетирүүгө» себеп болору айтылган. Намаздын бул өзгөчөлүгү
туурасында аяттардын биринде: «Намаз (адамды) ыплас иштерден, күнөөлөрдөн оолак
кармайт» (Анкабут сүрөсү, 45) деп буюрулат.
Намаз рухании ыпластыктар менен бирге материалдык кирлерди да тазалайт. Ырас,
намаз окуган адам даарат алган сайын бетин, колу-бутун жуушу кажет. Эгер зарыл болсо,
даараттан мурун жунуп абалынан жана нажасаттан тазалануу да намаздын талабы болуп
саналат. Демек, намаз окуган адам жунуп абалында жүрө албайт, денесинде, киииминде же
намаз окуй турган жеринде кандаидыр бир ыпластык болбойт. Ал буларга колдон
келишинче этият болууга мажбур. Болбосо намазы жараксыз абалга келип калышы толук
ыктымал. Ошондой эле ал үчүн, айлана-чөйрөсүн да таза кармоого милдеттүү.
Ошондуктан намаз окуган адам тазалыкка материалдык жактан да, руханий жактан да
өзгөчө көңүл бөлүшү кажет.
Фикх (Ислам укугу) китептери негизинен ибадат-амалдардын сырткы өкүмдөрүн
камтып, анын ички (рухий) тарабы жөнүндө маалымат бербейт. Албетте, бул ибадаттын
орундалышында жандүйнө, чын ыкластуулуктун орду жок дегенди билдирбейт. Ырас, ибадатта эң негизги нерсе бул ниет, чын ыклас. Намаздын парз болуу себептеринин
башында Алла Тааланы эстөө тургандыктан намаз окуп жаткан адам дайыма Алланын
алдында тургандыгын жадынан чыгарбоосу, дилин толук бойдон Аллага буруусу жана
андан башка нерселер тууралуу ойлобоосу зарыл. Пенде Алланын алдында тургандыгын
билиши керек. «Мени эстөө үчүн намаз оку!» (Тоха сүрөсү, 14) деген аяттын буиругун
эстен чыгарбашы кажет.
Аятта мас адамдын намазга жакындабоо зарылчылыгы тууралуу: «О, ыиман
келтиргендер! Эмне деп жатканыңарды билгенге чеиин намазга жакындабагыла! » (Ниса
сүрөсү сүрөсү, 4/43) деп буюрулат. Намаздын маңызы Алланын кулу экендигин билдирүү,
ага жалбаруу, дуба кылуу жана ага жакындоо деген түшүнүктөргө такалат. Андыктан адам
намаз учурунда мас абалында болбошу, асыресе, мас сыяктуу эмне кылып жатканынан
кабарсыз капилетте болбошу кажет.
Адамзааданын эң иридеги жаралуу максаты ибадат кылуу болгондуктан жашоодогу
нерселердин бардыгы анын дагы да жакшы ибадат кылуусу үчүн жаратылган. Намаз
мусулмандын эң негизги милдети. Намаз негизги максат болсо, башка иштер анын
каражаты болуп эсептелет. Курани Каримде мусулман баласынын сыпаттары тууралуу
айтылганда дайыма намаз биринчи айтылат: «Аларды жер бетине жаигаштырсак, алар
намаз окуп, зекет беришип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйышат» (Хаж
сүрөсү, 41)
Мусулман баласынын намаз окубашы чоң күнөө болуп эсептелет. Намаз окубаган
адам дароо тооба кылып Жараткан Алладан кечирим тилеп, окубаган намаздарынын
казаларын кайтарып окуусу зарыл.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#247 07 September 2015 - 06:54
НАМАЗДЫН ПАРЗДАРЫ
Намаздын он эки парзы бар. Он эки парздын алтоосу «шарт», алтоосу «рукун» деп
аталып, шарттар намазга чеиин, ал эми рукундар намаз учурунда орундалышы кажет.
НАМАЗДЫН ШАРТТАРЫ:
1. Хадастан тазалануу
2. Нажасаттан тазалануу
3. Сатрул-аврат 4. Истикбаалул- Кыбла (Кыбыла тарапка бет алуу)
5. Убакыт
6. Ниет.
НАМАЗДЫН РУКУндары
1. Ифтитах такбири
2. Кыям
3. Кыраат
4. Руку
5. Сажда
6. Каада-и ахиро

#248 10 September 2015 - 22:42
НАМАЗ - АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫ (ЖЕ ЭМНЕ УЧУН НАМАЗ ОКУУ КЕРЕК)
Шахадат келмесин айтып мусулман болгондон кийин пендеге намаз окуу милдети коюлган. Намаз пенденин Жаратканынын алдындагы алсыздыгын, баш ийип кулдук кылууга милдетүү экендигинин башкысы, Кудайынын өкүмүн кың дебей аткарууга моюн сунгандыгынын далили. Кудайга болгон ызаат-урмат, коркуу, Акырет соопторуна болгон үмүт дүйнө кызыкчылыктарын, түйшүктөрүн артка таштап сажда кылууга жетелейт.
Сүйүктүү Мухаммад (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун): «Намаз-диндин тиреги, Кимдин намазы жок болсо, дининин кыйраганы» -деген эле. А канчалар өздөрүн мусулман эсептеп, бирок намазы жок бейкапар жүрүшөт. Намазын калтыргандардын өлүм алдындагы, кабыр ордундагы, Акырет жашоосундагы азаптары жүрөк титиретет... Пенде ошол азаптардан сактанып, Кудайдан калканч издеп намазга бекем болушу керек.
Пайгамбарыбыздан жакшы иштер тууралуу сурашканда: «Эң жакшы иш (амал) -өз убагында окулган намаз. Өз убагында окулган намаз. Өз убагында окулган намаз», -деп кайталаган. Сүйүктүү элчи (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун) башына мүшкүл түшкөндөрдү да намаз окуганга буюрган. Момундардын энеси Аиша (Аллах ыракматына алсын) риваят кылган хадистерде: «Алла Элчиси катуу шамал болсо да намазга шашылчу, шамал тынчыгыча намазда болор эле», -деген маани айтылат.
Эмне үчүн намаз мынчалык бааланат? Ислам шариатындагы өкүмдөр Жебрейил периште аркылуу пайгамбарыбызга келип турган. Ал эми намаз өкүмүн Жаратуучу элчисин Өзү турган жерге көтөрүп, белек кылды. Бул окуя ислам тарыхында «Мираж окуясы» деп аталып калды. Ошондуктан, пайгамбар да (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун!), анын жолундагы сахабалары да намазга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылышкан.
Намаз-Жаратуучу менен болгон өзгөчө байланыш. Намазга турганда жүрөктөгү коркуу денеге чагылышып, бүшүркөп, тайсалдап турган менен жан адамга айтпаган дилдеги сураныч, тообо, даттануу, аруу тилек, купуя сыр, арман-дарт биринен сала бири төгүлөт. «Бир гана Сага таянам, Сенден гана үмүт кылам, Сен Кудуреттүүсүн, Сен гана жардам бере аласың»- деген сайын Аллахка болгон кадамың тездеп, аралык улам жакындайт. Таянычыңды, Колдоочуңду таап алгандан кийин эч кимден, эч нерседен коркпойсуң, муктаж дагы болбойсуң. Анткени, ар качанда бир качан жардамга келген, ар убак көзөмөл кылып турган, Жардамын аябаган Боорукер заттын коргонуна кирдиң.
«Намаз-көзүмдүн кареги»-деген эле Алла элчиси (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун). Көздүн карегинен артык мамиле кылып, аздектеп күтүп албасак көрөр күнүбүз алыс болбогон Кыяматта абалыбыз оор. Акыреттеги сурак да намазыбыздан башталат дегенди уккан сайын, окуган сайын намаздарга абай салуубуз керек. Намаз окуудагы максатыбыз, окуган абалыбыз кандай болсо ошого жараша азап, же жыргалды көрөбүз.
Намаз-бейиштин ачкычы. Намаздарыбыз бейишти эңсөө менен окулса, барар жерибиз бейиш, окулбай калса, же «кожо көрсүн» деп мактаныч сезим менен окусак, а балким дүйнөлүк максаттар менен окусак (Алла сактасын! ) бараар жерибиз кейиш экени анык.
Урматтуу бир тууган, күнүбүздү иретке келтирип, убакыт- саатты бешке бөлүп хадисте айтылгандай күнөөнү тазалай турган дарыяга чайынып, периштеден артык макталган даражага умтулалы. Акырет азыгы болгон намазга бекем бололу, аракет кылалы!

#249 11 September 2015 - 09:53
Баш, колдор же буттар ачык бойдон намаз окуу
Суроо: Эркектердин баш, кол жана буттары ачык бойдон намаз окуулары макрухпу?
ЖООП
Ооба, макрух. Макрух болгон намаз сахих болгону менен сообу болбойт. Бир эркек намазда башты жабууга маани бербегендиги үчүн ачык окуй турган болсо макрух болот. Намазга маани бербегендиги үчүн ачык окуй турган болсо капыр болот. Өзүн Аллаху таалага каршы төмөн көрсөтүү үчүн башы ачык окуу зыян бербегени менен баары бир башты жабуу абзал. Сериндөө үчүн же ырахаттык үчүн ачуу дагы макрух. (Редд-ул-мухтар)
Маанилүү адамдын алдына чыккан адамдын мыкты жана таза кийим кийүүсү керек. Аллаху тааланын алдында турган кезде буга андан да көп көңүл бөлүү керек, улуулардын алдына кийип чыга албай турчу кийим менен намаз окубоосу керек! Курани каримде: «Ар намаз окуп жатканда кооз [таза, сүйкүмдүү] кийимдериңерди кийгиле», - деп буюрулууда. (Араф 31)
Пайгамбарыбыз намазды башы ачык окучу эмес. Чалма менен окуунун маанисин билдирип мындай деп буюрат:
«Чалма менен окулган намаз чалмасыз окулган жетимиш рекет намаздан жакшыраак.» [Эбу Нуайм]
Намазда башты эч болбоду дегенде кандайдыр бир түстө болсун такыя менен жабуу керек!
(Нимет-и ислам)да намаздын макрухтарынын он бешинчисинин шилтемесинде: "Башы ачык намаз окуу макрух”, - деп буюрулууда. 57.де да макрух экендиги кайрадан билдирилген. Намаздын макрухтарынын он биринчисинде болсо колдору ачык намаз окуунун макрух экендиги билдирилген.
Намаз окуп жатканда түшүп кеткен баш кийимди бир кол менен алып кийип, башты жаап окуусу ошол ачык бойдон окуусунан да жакшыраак. (Гурер ва Дурер)
Ибни Абидин хазреттери намаздын макрухтарынын акырында буюрат:
"Намазды налын же масы менен окуу жылаң аяк менен окуудан жакшыраак. Мына ушундайча Яхудилерге уйулбаган болот. Хадиси шарифте: "Яхудилерге окшобоо үчүн намаздарды налын [бир түрдөгү бут кийим] менен окугула”, - деп буюрулду. Расулуллах жана Асхабы кирам көчөдө кийген налын менен окушчу. Налындары таза болгон жана Масжиди Набиге кум төшөлгөн болчу. Кир налын менен кирилчү эмес. (Редд-ул-мухтар)
Буттарды бир нерсе менен жаап намаз окууну билдирген үч хадиси шариф мындай:
"Яхудилер намаз окуп жатканда налын же масы менен буттарын жабышпайт. Силер аларга каршы болуп, налын же масы кийгиле.” [Муслим, Абу Давуд, Хаким, Таберани]
"Мушриктерге каршылык кылгыла, намаз окуп жатканда масыларыңарды кийгиле.” [Хаким]
"Налыны жок адам масыларын кийсин.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, И.Ахмед]
Таза эмес масы, налын жана башка бут кийим менен мечитке кирилчү эмес. Азыр байпак кийип бул сүннөт орундалат.
Асхаб-ы кирам камис деп аталган бутка чейин узун көйнөк менен, б.а., антари менен намаз окушкандыктан буттары жабылчу эле. Буттар жабык окулган намаздын өтө сооптуу экендиги Халеби, Барика жана Хадика китептеринде да жазылган.
Мусулман болбогондор чиркөөлөрүндө башы ачык, буттары жылаңач сыйынышууда, ошолор сыяктуу цивилизациялуу ибадат кылуу керек деп буту-башы ачык намаз окуу, отургучта же бийик жерге сажда кылуу жаиз эмес.
Аялдардын буттарынын ачык болуусунда эки кавил бар. Биринчи кавил боюнча макрух, экинчи кавил боюнча намаз бузулат. Аялдар байпак менен же буттарына чейин узун юбка же көйнөк кийип намаз окуулары керек! (М.Эрбеа)

#250 11 September 2015 - 09:58
Имам болуунун шарттары
Имам болуу үчүн алты шарт талап кылынат: Бул шарттардын бирине жооп бере албаган имамдын аркасында окулган намаз кабыл болбойт.
1. Мусулман болуу. Хазрети Абу Бакр Сыддык менен Хазрети Омардын (радыйаллаху анхума) халифа болгондугуна ишенбеген, Миражга, кабыр азабына ишенбеген адам имам боло албайт.
2. Балагатта болуу.
3. Акыл-эси ордунда болуу. Мас же акылынан тайган адам имам боло албайт.
4. Эркек болуу. Аял киши эркектерге имамдык кыла албайт.
5. Эң кеминде Фатиха менен бир аятты туура окуй билүү керек. Бир аят жаттабаган же жаттаса да тажвид менен окуй албаган адам имам боло албайт.
6. Үзүрлүү болбошу керек. Себеби, үзүрлүү адам үзүрсүз адамдарга имам боло албайт.
Имамдын Курани каримди тажвид менен окуусу зарыл. Кырааты жакшы дегендик тажвид менен окуу дегендикти билдирет. Намаздын шарттарына маани бербеген имамдардын аркасында намаз окулбайт.«Салих жана (фажир) күнөөкөр ар адамдын аркасында намаз окугула», -деген хадиси шариф мечит имамдары үчүн эмес Жума намазын окуткан амирлер менен валилер (башчылар) үчүн айтылган.
Имам болууга сүннөттү, б.а., диний маалыматтарды эң мыкты даражада билген мусулман адам татыктуу. Бул жагынан деңгээлдери бирдей адамдар болгон болсо анда алардын Курани каримди эң мыкты окуганы имам болот. Мында дагы тең болсо такваасы күчтүүрөөгү болот. Эгер мында да тең болсо жашынын улуулугу боюнча тандалат.
Кул, бедуин, фасык, азиз жана никесиз төрөлгөн адамдын имам болуусу макрух. Имам намазды жамаатты чарчатып, кыйнап жибергидей созбойт.
Аялдардын өзүнчө жамаат менен намаз окуулары макрух.
Имамдын жанында ага уюган бир адам бар болсо имамдын оң тарабына турат. Эки адамга имам болсо алдыга чыгат. Эркектер намазда аялга, кичинекей балага уйуулары туура эмес.
Имамдын аркасына адегенде эркектер, анан балдар, алардан кийин аялдар сапка турат.
Имам аялдарга да имам болууга ниет кылган болсо, ошол эле намазда турган аял бир эркек менен бир сапта намазга турса эркектин намазы бузулат. Эгер имам бул аялга имамдык кылууга ниет кылбаган болсо жанында турган эркекке анын зыяны тийбейт. Бирок, аялдын намазы туура болбойт. Өйдө туруп намаз окуган адам отуруп окуган адамга уюса болот. Муким (жергиликтүү) болгон адам сапарда болгон имамга уйуса болот. Фарзды окуган адам нафил намазды окуган адамга уйуса болбойт. Ал эми нафил окуган адам фарзды окуган адамга уйуса болот. Имамга уйуп намаз окугандан кийин имамдын даараты жок болгондугун билген адам намазын кайрадан окуйт.
Рагаиб, Бараат жана Кадыр намаздарын жамаат менен окуу макрух.
Жамааттын каалоосу боюнча фарз окутуп жаткан имамдын кыраат менен таспихтерди сүннөттөн көп окуусу тахриман макрух.
Имамга рукуда жетише албаган адам ал рекетти имам менен бирге окуган болуп саналбайт. Имам рукуга ийилгенде келген адам ниет кылат жана өйдө турган бойдон такбир келтирип, намазды баштайт. Дароо рукуга ийилип, имамга уйат. Эгер ал ийилгенче имам рукудан түздөлсө рукуга жетишпеген болот.
Имамдан мурда рукуга ийилүү, саждага баруу же андан мурда туруу тахриман макрух. Фарз намаздарды окуп бүткөндөн кийин сапты бузуу мустахаб.
Бир момун беш маал намазын күн сайын жамаат менен окуса бардык Пайгамбарлар (алейхимуссалам) менен бирге окугандай сооп алат.
Жамаат менен окулган намаздын жогоруда саналып өткөн артыкчылыктары имамдын намазы кабыл болгон жагдайда гана орундалат.
Эгерде кимдир бирөө жамаатты себепсиз таштаса Жаннаттын жыпар жытынан куру калат. Жамаатты себепсиз таштап койгон адамдар төрт китепте тең малун (лаанатталган) деп сыпатталган.
Беш маал намазды жамаат менен бирге окууга аракет кылуу керек. Кыямат күнү Аллаху таала жети кат жер, жети кабат көк, Аршты, Курсини жана бардык макулуктарды таразанын бир тарабына, ал эми шарттарына ылайык жамаат менен окулган бир маал намаздын сообун экинчи тарабына койсо, жамаат менен окулган намаз салмактуу болот.

#251 11 September 2015 - 12:10
Жаратканга жакындайсын намаз менен,
Жамандардан алыстайсын намаз менен.
Ааламдагы адилдик намаз менен,
Адамзаттын асылдыгы намаз менен.
Жамандардан алыстайсын намаз менен.
Ааламдагы адилдик намаз менен,
Адамзаттын асылдыгы намаз менен.
Барпылыктар рулит))
#254 20 October 2016 - 23:06
Адамдын ден-соолугуна Намаздын кандай пайдалары бар:
1.Чың ден соолуктуу жашоо образын тартуулайт.
2. Эс тутумду жакшыртат.
3.Тамак сиңирүүнү жакшыртат.
4.Намаздагы ийилүүдө, турууда көздүн кан
айлануусу активдешет.
5.Намаз окуп жатканда адамда
“кубанычтын” гормону серотонин көп
иштелип чыгат. Натыйжада адам жай
карыйт.
6.Сажда кылууда мээге кан бир калыпта
барат.
7.Жаш кезинде көп намаз окуган адам
карыганда кем акылдык, жүрөк оорулары
менен жабыркабайт.
8.Артроз, муундарга туз уюп калуунун
алдын алат.

#255 22 October 2016 - 07:42

Алла ыраазы болсун!Бул чыныгы мусулман дарыгердин созу!

Супер-Инфо
super.kg
видео