Мен барктаган мыкты блоггер агабыздын чын тамаша эсесинен болушуп турсак...
- (2 )
-
- 1
- 2
Камит Савай "Кыргызым" чын-тамаша эсcесинен.
#2 02 September 2015 - 15:55
КАМИТ САВАЙдын "КЫРГЫЗСТАНДА 2014-
ЖЫЛЫ"
деген тамаша, чын аралаш "имиштер"
эссесинен үзүндүлөр...
- Ар бир үй-бүлөдө эч болбосо экиден машине болуп, 16 жаштан права алганга уруксат
берилет имиш....
- Президенттин мөөнөтүн санаганга "Ала-Тоо"
аянтына чооң счетчик илинет имиш...
- Таможенный союзга кол койбой, Эстония
менен "КыргызЭстон" деген конфедерация түзүп, ЕСке киребиз имиш...
- Кыргыздар тротуар, жолдорго түкүрбөй
калышат экен, только кагазга ороп түкүрүп
калышат имиш..
- Магазиндерде, комоктордо желинген,
чайналган, чегилген семичке, жвачка, тамеки салганга атайын "трубочкалар" сатылат
имиш...
- "Мектептердин санын мечиттердин санына
жеткиребиз" деген программа кабыл алынат
имиш...
- Ыссык-Көлгө бүт дүйнөдөн келе баштайт экен туристтер, климат өзгөрүп ал жерде эки
ай эмес, эми беш ай суу жылуу болуп,
көлдүктөр туристтерден тажайт имиш...
- Пара алгандардын колдору токтобой титиреп
калат экен да, аларды көрүп эч ким пара ала
албай калып, ГКНБнин жер төлө зынданы бош калат имиш..
- Тойлорго эл мораторий жарыялап, көп
салтанаттар тымызын үйлөрдө өтүп, кафе,
ресторандар банкрот болот имиш....
- Бишкекте эл көп болуп кеткендиктен, бүт эле
Кыргызстандагыларды эми "Бишкектиктер" же "БИлер" деп айтышат имиш...
- Кыргыздар байып "өпкө" казактарга
"өпкөлөнүп" мактанып, Бишкекте
Астанадагыдан чоңураак, бийик "Чупа-Чупс
Бишкек" мунарасы салынат имиш...
- Ак Үйдүн тосмосу алынып, "Ак Үй Тур" деген компания акчага, милициянын коштоосу
менен экскурсия уюштурат имиш...
- Бишкекке эл, машине батпай, казак
туугандарды туурап борбор шаар жол ортону
Токтогул болуп, аты Астананы туурап Босого
болот экен, Токтогул суу сактагычынын (Анын аты "Муздак-Көл" болот экен) жээгине эс
алуучуларга пляждар, пансионаттар курулат
имиш....
- Нарынга такыр "кошулбаган" "өгөй" баладай
Кочкор, анан Жалал-Абатка "кошулбаган"
"өгөй" балдары Тогуз-Торо, Токтогул райондору "өзгөчө" райондор болуп аталып,
түз борборго баш ийип калат имиш...
- Ар бир мектептерде, ар бир үйдө,
жайлоолордо интернет болуп, бүт көп
нерсени интернеттен алышып, "Дордой" ,
"Кара-Суу" ж.б. базарлар жок болуп, кафелерде, маршруткаларда бесплатный "Wi-
Fi" болот имиш...
- Жаңы Жылдык эс алуу кундөрдүн ордуна
июнь айында "саамал" ичүүгө" бир жума эс
алуу күндөрү болот имиш...
- Абада бийикте жүрө турган монорельс жолдор курула баштап, Ош базары-Кольцевая
деген маршрут ишке кирет имиш....
- Караколдо лыжа тепкендер батпай, бир
кыргыз биринчи жолу кышкы Сочи
олимпиадасында лыжа жарышта 50-чү
орунду ээлейт имиш... - Бир депутат мурдагы жылдагы депутаттан
өтөм деп сүннөт той берип, байгеге 10 тоо
теке, 10 карышкыр, 10 бүркүт, 100 топоз, 200
жылкы, 1 "Хаммер" , 1 автобус, 20 "Хонда Фит",
50 "Матиз" коюп, тойдо 5 күн бекер концерт
болуп, 100 боз үй тигилип, ат чвбыш, машине жарыш болот экен, 100 миңдей киши 3
айылдын жерлерин үч күн тебелешет имиш...
- Бир вице-премьердин фирмалары 2013-
жылы 16 чоң тендер утса, 2014-жылы 50 чоң
тендер утат имиш...
- Канадалыктар "Кумтөр" кенин иштеткени калыш үчүн, жаратылышка зыян
келтиришкени үчүн ар бир 18ге чыккан
кыргыздын банктагы эсебине 2000 доллар
салып, анан ар бир кийинки жылда 1000
доллардан салат имиш...
- "Кумтөрдүн" акционерлери маалым болуп, алардын жарымы Москвага, жарымы
Минскиге качып, 5 миллион кыргыз акционер
болот имиш...
- "Кумтөрдөн" чыккан алтындарды түз
эфирде, интернетте көрсөтүшүп, ар бир
кыргыз канча алтын чыгып атканын көрсө болот имиш...
- Бишкек-Ош дагы бир башка жол курулуп,
Нарындыктар Бишкекке келбей, Ошко базар
кылганы барып, Казарманда эң чоң мал базар
ачылат имиш..
- Шаарларда штучный сигареттер өзүнчө бир сонун "Бир штук" деген пачкелерде сатылып,
насвайлар да эми сонун пачкелерде сатыла
баштайт имиш...
- Орустар миллион миллион акча беребиз
дешсе да аэропортторду, Телекомду,
электркомпаниялырын кыргыздар сатпай коёт имиш...
- Бир маданият министри былтыр 16 бет китеп
окуса, бул жылы 32 бет китеп окуйт имиш...
- ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасына башка дагы
кыргыздын эпос, эстеликтерин киргизиш үчүн
К.Самаковго кыргыз өкмөтү Парижден батир алып бере имиш...

#3 02 September 2015 - 15:59
КАМИТ САВАЙдын "КЕЛИН"
деген чын-тамаша
аралаш эссеси......
Келин кыргыздарда бул ким? Келин бул
кыргыздарда инилердин, уулдардын, эркек
неберелердин, бөлөлөрдүн, жээндердин аялы.
Кыз башка бүлөгө келин болуп келгенден баштап кандай жүрүш-турушта болуш керек,
ошол жөнүндө кыскача чын-тамаша аралаш
маалымат:
- Келин жигиттин үйүнө жоолук кийип, кире
бериште оттон секирип өтүш керек, юбка
менен секириш кыйын болот, ошого көйнөкчөн болгон жакшы, шым да болбойт
(Ош жакта айрыкча), албетте ыйлап кириш
керек, күлбөй, элди чочутуп катуу ыйлабай,
бир аз үн чыгарып ыйлап коюш абзел....
- Келин эшиктен үйгө киргенде башына жаңы
кайненеси ак жоолук салып, бетинен эки өөп, келин кайнене менен өбүшпөй, бетин кана
тосот, кайнене оозуна сары май салат, майды
токтобой жутуп салган жакшы, өмүрүңдө
сары май жебесең да даяр болуп,
жийиркенбей, "тощнит" дебеш керек, "рахмат,
рахмат" дегендин да кереги жок элди карап... - Келин жүгүнгөндө ылдыйыраак жеңил
жүгүнүш керек, өтө эле ылдый да болбойт,
бирок, калпы эле эңкейбей жакшы ийилиш
абзел, "кудай жалгасын, рахмат, бактылуу
бол, эми бологой..." , деп айтышканга чейин
жүгүнүш керек, бир эки жасап эле тим болбой эригип туруп калбай, жиниңин келгенин
көрсөтүп.....
- Келин ичкери кирип көшөгөнүн ичинде
катуу сүйлөбөй, кулүп шарактабай, кекирбей,
бирок өтө эле катуу созулбай, тескери
карабай, сабыр кылып, жупуну олтурган жакшы....
- Келин нике кыйылып атканда такыр
сүйлөшпөй олтуруш керек, нике бүткөндөн
кийин шаңдуу сүйүнүп катуу кыйкырбаш
керек, "урр-аа" же "йессс" деп, бири-
бириңерди эки жаш өзүнчө, эч ким жокто куттукташканыңар жакшы....
- Келин көргөнү келгендер берген акчаны
кайненеге бергиле, башка эч кимге бербегиле,
өзүңөргө да алып калбагыла, кайнене аябай
ыраазы болот, "кыйын кайнене" кайра эле
ошол акчага бирдемке алып берет.... - Келин сотканын будильнигин эрте мененки
саат төрткө коюп, таң аткыча эшик-эликти
шыпырып койгон жакшы, бирок эшикке катуу
боёнбой, башка жоолук салынып, көйнөк
кийип (шорт, шым, футболка кийбей эле коюш
керек) , туфлинин ордуна көлөч илип алган жакшы, шыпырындыларды алып коюш керек,
ар жерге үйбөй, суу сээп алган жакшы, катуу
чаңытпай....
- Келин мал сааш керек болсо, аны да жайлап
койгон жакшы кайнене саай электе, эч
болбосо уктап кечиксең да, кайнене саап атканда жулуп ала коюш керек, "апа мен эле
саап коём", деп, эгерде сааганды билбесең
уялбай суран кайненеден, "үйрөтүп
коюңузчу" деп эле....
- Келин кечинде саат канчада болсо да, түңкү
2 же 3 болобу, эл тамак ичип бүткөндөн кийин сөзсүз дасторконду, идиш-аякты
жыйыштырып жууйт, эртеңкиге калтырбаш
керек, кайнене же бирөө айтышы мүмкүн,
"эртең деле жууйсун", деп, айтканын укпай
эле жууп коюш абзел, угуп сүйүнгөн бойдон
барып жатып албай, башка бирөө көрүп калса эртеси эрте менен, анда уят болосун. Бирок,
саат канчада жатсаң да, баягы эле
айтылгандай эшик-эликти шыпырыш, же уй
сааш эрте менен таң атпай кайра башталат ...
- Келин көп уктабаш керек, айрыкча күндүзү
уктабагыла, анда кепке каласыңар, "уйкучу экен, шишип көөп эле жүрөт" деген. Кээ бир
келиндер үйдө эч ким жокто уктай коюшат
экен, капыстан бирөө келсе кайра эле "уйкучу"
атка коносуңар...
- Келин кошумча тырмак, чач, кирпик жана
башка "кошумча" сулуулук берчү нерселерди токтото туруш керек, айылда алар күтүлбөгөн
жерден уят кылышы мүмкүн...
- Келин, эсиңерде дайыма болсун, келин эч
качан жумушсуз турбаш керек, жеңил болсо
да бир нерсе жасап туруш керек, анын зч
кимге кереги жок болсо да, антпесең "отурганды(жатканды) эле жакшы көрөт экен
жамбашын басып" деп айтышат...
- Келин эч качан чарчабаш керек, "чарчадым"
деген сөздү айтсаң эле балээге каласын,
"колуна бирдеме тие электе эле чарчап калат
экен" дешет... - Келиндин телефону болбош керек, болсо да
көрсөтпөй, эч кимге көрүнбөй сүйлөшүш
керек, болбосо айтышат, "телефондон колу,
оозу бошобойт экен" деп...
- Жаңы келинди "жакшы көргөндөр" :
Биринчи орунда, албетте кайнене, ал келинди келе электе эле, укканда эле "жакшы көргөн",
уулуна кызганат, "мени эле угуп караса экен",
дейт. Негизинен уулуна бакыт эле каалайт,
бирок, кээде кызганычы аша чаап кетет да,
кесепети келинге тиет. Кыргыздар айтат,
"кайнененин каарына чыдаш керек" деп. Дайыма кайнененин сөзүнө макул болуп,
каяша айтпай, өзүн "акылдуу" көрсөтпөй,
өзүм билемге салбай сурап, айтканын
убагында жасап, анын психологиясын
үйрөнүп алса эле, келин кайнененин тилин
таап, тез эле ага көнүп калат. Кайнене да келиндин чыдамкайлыгын, тил алгычын,
акылын баалап, ал да тез эле анан
"жумшарып" калат....
Экинчи оорунда кайнежелер, кайынсиңдилер,
булар жигиттин бир туугандары, оо-о, булар
керек болсо кайненеден өтүшөт. Алар канчалык саны аз болсо ошончо жакшы.
Бирок, кээде бир кайнеже, же кайынсиңди эле
бары жокту тейлеп бүлүндүрөт, кайнене
биякта эле калат. Булар менен кайненеден да
кыйын тил табыш, анча мынчаны
тоготушпайт, угушпайт. Кайнене "жаман көргөнүн" баласынан жашырганга аракет
кылса, ал эми кайнежелер, кайынсиңдилер тез
эле "ачыкка" чыгышып "жакшы көрө"
башташат. Тим эле уксун деп катуурак
айтышат, себебин айтып, анан, "ай, кетир
мунуңду" дешет. Акылдуу келин булар менен ажылдашпай, акырын кебин, жообун айтып,
кээде унчукпай коюп кутулуп жеңет. Керек
убакта келин аларга "подход" жасап койгон да
жакшы болот. Жакшы көргөн кийимин,
атырын, дискин алып берип базардан, же
алардын балдарына белек берип ж.б. "комплекстүү чаралар" да аларды да тез эле
"жумшартат" ....
Үчүнчү оорунда бул абысындар, булардын
саны да аз болсо жакшы, болбосо ич-ара
"группировкалар" пайда болот, экөө бирөөнө
каршы, кээде андан көп да болот, ошого булар да аябай "коркунучтуу душмандар" .
Кайненени, кайындарды керек болсо жаңы
келинге тез эле тескери каратышат, кунүгө
көптөп "жакшы маалыматтарды төгүшүп".
Булар менен ар бири менен өзүнчө тил
табышыш керек, "группировканы" дароо жеңиш кыйын, бирден колго алыш керек да
"группировканы" ичинен бузуш керек. Эми
бул жерде жолдору көп, алар жакшы көргөн
кепти сүйлөп, кошула башташ керек, эч качан
бөлүнбөш керек, бөлүндүң, анда өлдүң,
"точно" жешет... Төртүнчү оорунда, жакын жеңелер,
кайнатанын инилеринин аялдары ж.б. Булар
өтө эле катуу "душмандар" эмес, бирок, кээде
алардын арасынан кайненеге, кайындарга
таасири күчтүүлөр болуп калат. Алар акырын,
тымызын жайлашат, кайненени тез эле 180 градуска бурушат, элдерге жаман маалымат
таратып келиндин "имиджин" өлтүрүшөт.
Булар ким экени тез эле билинет, аларды да
акырындап бир-бирден колго алыш керек,
аларга колдон келсе жардам берип, оорун
жеңил кылып, тез-тез кабар алып, жакшы кошулуп ушакташса эле, алар да ооп
"жумшарат" ... - Келин келгенине сүйүнгөндөр да бар,
биринчиден, кайната жана кайнене, алар
уулун бир жаңсыл кылышып, парздарын
аткарып, үйлөп коюшканына сүйүнүшөт,
экинчиден, улуу абысындар, алар келинге
"вахтаны" өткөрүп бере турган убакытты тим эле чыдабай санашат, нике кыйылаары менен
өткөрө салышып, дароо "эс алууга" чыгышат,
үчүнчүдөн, уруунун келиндери, алар керек
убакта чакырганга жардамчы пайда
болгонуна сүйүнүшөт... . - Келин кайнатасын, кайненесин, кайнага,
кайнилерин, кайынэже, кайынсиңдилердин,
күйөөсүнүн жакын туугандарынын атынан
айтпай өмүр бою тергеш керек. Тергеп атоочу
аттарды да этияттап тандаш керек, улуу
аксакал энелерден консультация, кеңеш алып дегендей. Тергеле турган кишилердин
тизмесин тизип, аны жакшы эстеп калыш
керек. Эгерде, тергеле турган кишини тергебей
атынан айтып алсаң, анда ал сага аябай катуу
таарынат, бул жөнүндө бүт туугандар, айыл-
апа тез эле угат, анткени "душмандар" дароо таратышат. Ал кишиден кечирим сурап,
алдынан бир ийилип өтпөсөң болбойт. Тергей
турган аттар, тергеле турган адамдын жакшы
жактарына, мүнөздөрүнө, кызмат абалына,
кебете-кешпирине, туугандык жакындыгына,
жашына жараша болот. Мисалы, кайнатаны
"карачечекей күйөөмдүн атасы" деп,
кайненени "үйдөгү кожоюндун апасы" деп
тергесе болот, башка касиеттерин,
мүнөздөрүн айтпаш керек, эч жерде алар
жөнүндө сөз сүйлөбөй эле койгон жакшы, анткени, уккандар бурмалап жеткиришет. Кээ
бир келиндер, айрыкча күйөөсүнүн бүлөсүнө
бир аз "буту батып калганда" тили чыгып,
досторунун арасындабы же башка жердеби,
кайната, кайненесин, мисалы, "үйдөгү
алжыган чал", же "сапсары кайненем" деп айтып койсо, кийин өзү эле элге, кайната,
кайненесине, туугандарга уят болот. Кайнэже,
кайынсиңдилерди айрыкча этияттап, жашына
карабай, эми төрөлгөн болсо да тергеш керек,
аларга сонун жакшы тергей турган "аттар"
бар, мисалы, "башкы врач эжем", башкы врач эмес, жөнөкөй врач, медсестра кайнэже болсо
да, же "карачач отличница кыз", окуп аткан
кайынсиңдини минтсе болот, "отличница"
болбосо да. Эч качан момундай тергебеш
керек, мисалы эркектерге, "алкаш аке",
"бекерпоз байке", "таз аке", "керең бала", "кара бала" ж.б. буларды убакыт өткөндөн кийин,
минтип "кагазга ороп" айтса да болот, "чала
алагүү аке", "иштерман байке", "чачы кою аке",
"Мамыт угарман бала", "негр бала", деп койсо
болот. Кээде, тергеле турган адамдын өз
атына жараша тергесе болот, мисалы, "Козу акени" - "Койдун баласы аке", "Суусарбек
акени"- "Тебетей аке", "Роза эжени"-" Мурунку
президент атындагы эже", "Уулкан эжени"-
"Эркек бала эже" ж.б. ушул сыяктуу. Кесибине
жараша көп тергесе болот, мисалы, "Министр
кыз", министерстводо иштеген кайынсиңдини, же "Базарком бала", жөн эле базарда соода
кылган кайнини ж.б. бул тергөөлөргө алар
аябай сүйүнүп калышат, ыраазы болуп.... - Келин кайната, кайнагалар менен эч качан
чогуу бир табактан тамак жебей, бир
дасторкондо олтурганда эч качан жылаңач
буттарын көрсөтпөй, же далысын салып
тескери олтурбай, бутуңарды стөлгө
чыгарбай, талтайбай, катуу күлбөй, жөтөлбөй, какырбай, сөз талашпай, азил сөз ыргытпай,
тынч момун, сүйлөгөндө акырын сүйлөп
олтурушу керек. Чайды толтура куйбай,
"ичесиңерби" деп сурабай, чайды муздатпай
жаңылап, чыныны колго берип талаага
койбой, элдер чай ичип бүткөнгө чейин туруп кетип калбай, элдер олтурса артын салып
кокоюп турбай, аягына чейин олтурушу да
абзел.... - Келин телевизорду, айрыкча сериалдарды
көрбөй, "Агентке" , "Мой Мир", "Фэйсбукка" ,
"ВКонтакте" , "Одноклассники" ж.б. сайттарга
кирбеш керек, сүрөттөрдү илбеш керек, бир аз
жигиттин бүлөсүнө башың батканга чейин коё
тургунуң, кирсең бир "жашыруун" аттар менен кирип этият болушуң керек, анткени
сайттардан мурунку турмушуңан кээ бир
фактылар чыгып калышы мүмкүн, же
бирөөлөр "көрө албай" бир жаман нерсе
жасап коюшу мүмкүн, кыргыздарда андай
нерселер көп болот, кийин өкүнүп каласын. Ал сайттардагы мурунку сүрөттөрдү,
постторду бир текшерип коюш керек, бир
балээ табылып калбасын.... - Келин өтө шаңдуу жүрбөш керек,
шаңкылдап күлбөй, катуу ырдабай, анекдот
айтпай, кайындарга жакпай калышы мүмкүн,
бирок, өтө момун да болбош керек, болбосо
"минип" алышат, орду менен күлүп, сүйлөп
коюш керек.... - Келин кайнене, кайнэже айтмай сайын, эч
качан инициатива көтөрбөгөнү жакшы,
мисалы, "мен базарга, магазинге, шаарга ж.б.
барып келейин" деп, анткени туура эмес
ойлошот, өздөрү айтса да "кыйналып" макул
бол, "жумуш жасайт элем үйдө" деп... - Келин "тамак жасай албайм" дебеш керек,
муну да мурдатан ойлонуп даярдык көрүп, эч
болбосо тамактын үч-төрт түрүн (шаарга, же
өзүңөрдүн үйүңөргө кеткенге чейин)жакшы
жасаганды үйрөнүп алыш абзел, калганын да
тезиреек өздөштүрө коюш керек, эгерде жигиттин үйүндө узак турушка аргасыз болуп
калсаң... - Келин төркүнүнө "күтүлбөгөн кокус" абал
болсо(жамандык жакшылыкка, ата-эне, өтө
жакын туугандар ооруса) кана, же кайненеси
өзү "жүр десе" барса болот, эч качан "мен
барып келем" деп айтпаш керек, эч кимге
айтпай барып келсең, анда өлдүң, "төркүнүнө ташып атат" деген сөз чыгат, күйөөң
жыргатып таппаса деле, мындай сөздөр
төркүнүңө тез-тез барсаң да көбөйөт.... - Келин күйөөсү менен жакшы турмуш курса,
анда "күйөөсү кыйын, аккан арыктан суу агат,
биздин тукум" деп айтышат, эч качан келинди
макташпайт, ал эми келин тарап айтышат "аял
жакшы, эр жакшы" деп. Анан, айрыкча
абысындар, кайнэжелер катуу чабуулга өтүп турушат, "ай ушул жаман(кара, сары, семиз,
арык ж.б.) келиндин бактысы бар экен, биздин
жакшы (апакай, баатыр, начальник ж.б.)
балага туш болуп" деп.... - Келин өзү жактан туугандарын азыраак
келтиргени жакшы болот үйүнө, анткени,
"барсаң эле келиндин туугандары толтура,
бечара балабыздын тапканын талап эле
турушат" дешет, бир тууганыңы эле көрүп
калышса эле болду, ошого эч качан күйөөңүн туугандары бар болсо, өзүңкүн эптеп чыдап
коё тургунуң... - Келин эч качан башка эркектер менен бетме-
бет сүйлөшпөш керек (айрыкча көчөдө,
базарда ж.б.), тааныш болмоктон ары
алысыраак тууган, классташың болсо да,
күйөөң тараптан бирөө көрсө эле бүттү, тим
эле катуу сүрөттөп, жомок, эротикалык кино кылып айтып жиберишет, ар кандай жаман ат
таап жабыштыра башташат, "жүрүш-турушу
начар келин экен" дей башташат, эч нерсе
болбосо деле, жакшы саламдашып күлүп-
жайнап сүйлөшүп, кол алышып, бир аз
кучактап койсо деле, мындан да этият болуш керек... - Келин эч качан алдыда баспаш керек,
кайындардан, күйөөсүнөн алдыга чыкпай
артта басканы жакшы, оозунуп биринчи
саламдашпай элден кийин учурашып,
бирөөнүкүнө да аягында киргени жакшы,
машинеге да күйөөсүнүн жанына олтура койбой, сабыр кылып, эл отургандан кийин
олтуруш керек, эгерде күйөөсүнүн машинеси
болсо да жулунбай... - Келин дасторкон үстүндө да кайындардан
ылдый олтуруш керек, кайынсиңди,
кайнилерди да жогору өткөрүп, улуу абысын
жеңелерди да урматтап алардан ылдый
олтуруш абзел, эсиңерде болсун, дароо төргө
өтүп кетпегиле, чайды дайыма келин куят, эч качан чайнекти күйөөңөр жактан жашы кичүү
болсо да бирөөгө түртө салбагыла... . - Келиндин колунда бар ата-энеси белек
кылып берген үйдө күйөөсү менен жашап
калса, эч качан "менин үйүм" дебей, "биздин
үй" деп айткыла.... - Келин үйдө ашыкча клоунга окшоп боёнбой,
башынан жоолугун түшүрбөй, такылдатып
такачан туфли менен ары-бери баспай, шым,
юбка дегенди азыраак кийип, идиш-аякты
жиниң келгендей катуу калдыратпай,
электроэнергияны, газды үнөмдөп жагып, кайненеден бир нерсе жасаганга уруксат,
акыл, кеңеш сурап турган жакшы, тымпыйып
жүрүп албай, же унчукпай жатып албай... - Келин Россияда же башка чет өлкөдө
күйөөгө тийсе, анда күйөөсүнүн ата-энесине
"скайптан" жүгүнүш керек, "кудай жалгасын,
токто эми, акчаңар көп кетип калат" дешкенге
чейин, ата-энесинен уруксатты да "скайп"
аркылуу эле баталарын алып, калыңды, септи "скайптан конференция" кылып эле бычыш
керек, "ачуу басар", сүт акы", "калыңды" ж.б.
ырым-жорумдарды акчалай түрдө "Контакт"
же "Мигом" , "MoneyGramm" , "Western Union"
менен которо койсо боло берет .... - Келин Россияда же башка чет өлкөдө ЗАГСка
чыкканда, үйлөнүү тойдо ресторанда, шаар
айланганда шампанды көп ичпей, катуу
бийлеп кыйкырбай, шарактабай, жупуну
болуп жүрбөсө, кийин тартылган диск
Кыргызстанга жетсе, же Интернет менен кетсе уят болуп каласыңар кайындарга. ... - Келин чет өлкөдөн сүйлөшкөндө орусча же
башка тилде азыраак сүйлөп, "паразит"
сөздөрдү колдонбой, "түшүнүшпөйт баары
бир" деп жаман сөздөрдү айтпай, эгерде бир
нерсеге жиниң келип атса да, күйөөсүнөн
"скайп" талашпай, же сотканы жулуп ала койбой, туугандардын, кайындардын сак-
саламатчылыгын сураш керек, эгерде, "келин
менен сүйлөшүп коелу" дешсе, болбосо
унчукпай эле койгон жакшы, "салам айтып
кой" деп күйөөдөн албетте суранып.... - Келин чет жакта күйөөгө тийип, кайындарын
бет маңдай көрө элек болсо, анда ошол
жактан эле эрте мамиле түзө баштаган
жакшы, "Агент" менен жазышып, туулган күн,
майрамдар менен жакын кайындардын
баарын "смс" менен куттуктап (кайната, кайнагалардан башкаларын) турган жакшы
болот. Эч качан кайната, кайнагаларга түп-түз
жазып кайрылбаш керек, уят болот, аларды
күйөөң аркылуу кана кошулуп куттукташ
керек.... - Келин чет жакта күйөөгө тийсең,
Кыргызстандагыдай эле, эч болбосо өзүңө
"сарпай кийгиз". "Мен эмне келин болуп, кыз
кездеги кийимдерим менен жүрбөйм" деп,
эртереек эскертип койгунуң. Өзүңдүн
туугандарыңа да мүмкүнчүлүк болсо "сарпай" бердирип жиберсең, ал да жакшы болот,
бирок, күйөөң тарап "биринчи очередь"
болсун... - Келин эгерде күйөөң башка жакта жүргөндө
өзүнүн ата-энесине акча жөнөтсө колдош
керек, "менин ата-энеме да жибер" деп
жарышпай, бирок, кээ бир "учурларда" бир
ооз суранып күйөөңөрдөн, макулдашып
жиберип койсо деле болот, эгерде өзүң иштеп тапкан акча болсо да.... - Келин кээ бир ушактарга көңүл бурбаганы
жакшы, айрыкча, өзү жөнүндө ушактарга,
алардын көбү атайылап айтылган,
"провокациялык" ушактар, буларды
"укпамыш" болуп койгон жакшы, күйөөңөргө
да булар жөнүндө айтып арызданбай эле койгула.... - Келин башында "мен акчаны кармайм" деп
оолукпай эле койгону жакшы, эгер күйөөсү
"акча сенде болсун" десе, анда тез макул дей
коюш керек.... - Келин төркүнүнө күйөөсүн эмне болсо да
жамандатпаш керек, дайыма күйөөңөр тарап
болуп бек тургула... - Келин кайын-журттан уккандарын
төркүнүнө ташыбай эле койгону абзел... - Келин тойлордо эгер туугандар той берсе
жардам берип, каралашып жардам бериш
керек, конок болуп олтуруп албай, сыпайы
бийлеши керек, ырдаганда да ырдын
маанисине карап ырдаган жакшы, болбосо
кийин сөзгө калышы мүмкүн...

#4 02 September 2015 - 16:01
КАМИТ САВАЙдын "Кыргызым"
тамаша-чын
аралаш эссесинен... - Кыргыздар ооруга чыдамкай болобуз,
жыгылгыча журө беребиз. Миң ооруп, өлөйүн
деп жатсак да, сураса бирөө, "жакшымын"
дейбиз. Ооруканага жатсак, "доктурга акча
бериш керек, болбосо жакшы карабайт" деп,
тааныш издейбиз. Доктурларга деп уяттуу тамак киргизебиз. Бирөө жатып калса тамак
алып барабыз көбурөөк жасап,
палатадагыларга да жеткизип. Карантин,
"тихий час" десе такыр болбойбуз, акча берип
болсо да киребиз, анткени кирбей кетсе
ооругандар таарынабыз. Тууган,достордон келбей калса көргөну ооруканага, анда аябай
тааоынабыз. Дарыланып чыккандан кийин
дагы көруш керек, эгер, оорураак оорудан
айыкса, анда жаңы баш кийим да кийгизебиз,
"башың аман болсун" деп. Дарылаган доктур
менен кийин туугандай кучакташып көрушөбуз, дос болуп калабыз, кафеге чай
ичкени чакырабыз... - Кыргыздар мурда аттан тушчу эмес, эми
ошол адатыбыз калбай, темир аттан тушпөй
калдык. Кыздар машинеси бар жигиттерге
жакшыраак мамиле кылышат, бири биринен
да, "ал жигиттин эмне машинеси бар" деп
сурашат. Анысы аз келгенсип, жигиттерди да машинеси менен таанышат, "ээ баягы эски
"Аудиченчи" же "оо, алиги кара "Лексус"
айдаганчы" дешет. Той-топурга "крутой"
машине менен барышат, ошондо, оо, жакшы
тосуп алышат. Болбой калганда кредит алып
болсо да машине алабыз. Жигиттер бойго жеткенде уй салайын, аял алайын дебейт,
биринчи "машине алсам" дейт. Айылдарда
трактор жок, бут эле машине. Машинелерин
минип алып трактор издешет. Кыргыздын
жаш балдары бут машинелердин
маркаларын, тамгага караганда жакшы билет. Жакында, ар бир кыргызга экиден машине
болот, бир тойго, бири жумушка. 70-80 деги
абышкаларыбыз ышкыртып машине тээп
журушот, кыз-келиндер, токолдор,
байбичелер болсо джиптерди минишип, кээ
бироолору араң учурашышат...

#5 02 September 2015 - 16:03
Камит Савай чын-тамаша аралаш эссеси...
Кыргыз алфавити азыркы убакта...2014-ж
ылдын жыйынтык сөздүгү
А- Айтматов(Дүйнөгө белгилүү бир кыргыз,
86га чыкмак), Атамбаев(Президент, мөөнөтү
бүтүшүнө 2 жыл,10 ай, 23 күн, 12 саат, 39 мүнөт калды), Атай - Европаны ыйлатып
бийлейт, Америка(Алыскы чоон өлкө),
Автомобиль(Ар бир кыргыздын азыркы
минген аты), Арак(жинди суу)
Б- Биометрия паспорту(Кааласаң каалабасан
да тапшырасын), Бишкек(Чоң шаар), Бажы Биримдиги(Кааласаң каалабасаң кире турган
биримдик), Баткен, Бензиндин баасы, Боз үй
(ЮНЕСКО мурасы), Бозо(кышкы элдик
ичимдик)
В-Воот
Г- Газ жок(Ошто 2 жылдан кийин болот дешти эле, Путин күйгүздү), Галдирбайлар(Са
тыбалдиевдин министрлери)
Д- Дордой(чооң базар), Далдирбайлар(Де
путаттар), Доллар (негизги валюта)
Е-Единица(сотка төлөмү)
Ж- Жаңы Жыл(элдик майрам), Жогорку Кеңеш(Чоңдордун соодалашмай, тытышмай,
бөлүшмөй жайы), Жээнбековдор(Равшан
жана чооң кызматтагы бир туугандар)
З-Закон(Карапайым эл үчүн мыйзам)
И-Ислам(негизги дин)
К- КРСУ(Жогорку жактагылар кат менен суранса окууга өтчү жай), Корпоратив(Колл
ектив менен өлгүчө иччү, бийлечү кече),
Кетсин(Дайыма коюлчу талап, жакында
"жоголсун" болот имиш), Казактар( кээде
жакшы кошуна, тууган болуп кетет, бизге бир
аз копкондук менен карайт), Коррупция(Чоңдо рго акча таап берет, жоголуп бараткан имиш) ,
Кымбатчылык, Курманжан Датка(Илгерки
Алай ханыщасы, патриоттук биринчи жолу
бюджеттен каржыланган тасма, Оскар алам
деп болбой калды), Көмүрдүн баасы, Кумтор
(Чондордун кени), Келдибеков(Келбейтбеков болуп дарыланганы турмодон чет өлкөгө
кетти), Каракол(Крутойлор лыжа тепчү шаар),
Көчмөндөр оюну(Дүйнөдө болуп көрбөгөн
көчмөндөр олимпиадасы), Карышкыр(Кыргыз
дын жигиттери жөн эле кол менен кармап
алчу бир бечара жырткыч), Л-Лювой
М- Мырзакматов(көпүрөдөн иш козголгон
бийлик жактырбаган киши), Мигрант(Элди
багып аткандар), Маршрутка(Негизги
транспорт), Машааллах
Н-Наркотрафик(Чоңдордун трафиги), НПО(эмне кана кылышпайт, кайда түкүрсөң ошолордун
башына тиет)
О-Оскар(Курманжан Датка алам деген байге),
ОПГ(Бийликтин дос кылмышкерлер тобу),
Оппозиция(Бийлик талашкан мурунку
чоңдор), Ош базары (Эмне десең бар), Оторбаев, Ош(Экинчи чоң шаар), ОБОН(тажаал
аялдар батальону, революциянын мотору)
П- Путин(Чокунун аты, эми көпүрөнүн аты
болот имиш), Памирдик кыргыздар(Кыргы
здарды жылына бир жолу көрүшкөн жоголуп
бараткан боордоштор), Пробка(Сөгүнчү жер), Пара(Взятка)
Р-Россия(акча салчу, жумуш берчү өлкө)
С- СМС(кат жазуу), Саамал(акчага иччү кымыз),
Сатыбалдиев(Мурунку чон галдирбай), Сом
(майда-чүйдө акчалар), Салам, Суу сактагычта
суу жок(Жыл сайын белгисиз "балыктар" ичип койот), Садык Шер-Нияз(Лос- Анжелесте тамеки
тартып Оскарды ойлоп жүрдү)
Т-Токтогул(Тоо булбулу, 150 жылдыгын
белгиледик 150 боз үй менен), Тажиктер
(Жаман кошуна), Тоолор, Таак
Х-Халал(адал тамак) Ч-Чек ара(Жок чек ара, чыры көп ошого),
Чупакабра(Кочкорлук жырткыч, же ит эмес,
же карышкыр эмес, кыргыздан коркуп өзү эле
жок болду), Чон галдирбай(мурунку Премьер-
министр)
Ө-Өзбектер(Начар кошуна) Э-Эттин баасы, Элина(Жаңы Голливуд
жылдызы болсом дейт, ар бир кыргыз менен
сүрөткө түштү)
Бул сөздөрдү билсеңиз "лювой" темага
сүйлөшсөңүз болот...

#6 02 September 2015 - 16:28
Kamit Savay Америкалык,
байысам озумдун бизнесим
болсо дейт
Француз, байысам жакшы коргон ойношум
болсо дейт
Орус, байысам кайненемден башка жашап
калсам дейт Озбек, байысам чон там салсам дейт
Еврей, байысам апама чон акча банкка
салсам дейт
Кыргыз, байысам иштебей эки катын алсам
дейт
(Тамаша)

#7 02 September 2015 - 16:33
Kamit Savay Керемет калаа - Сиэтл
-Сиэтл шаарынын кайсы гана бурчуна барба,
анда чөкө таандай чурулдап, адамды өзүнөн
оолактата турган ак чардактар кайкып учуп
жүрүшөт.
-Мындагы селсаяктардын көбү – ак адамдар, бирок калктын 20 пайызы азиялыктар болсо
дагы, көчөдөгү селсаяктардын арасынан
азиялыктарды көрө алганым жок.
-Мында жыл ичинде күнөстүү күндөр анча
көп болбосо дагы, шаарда кабриолет көп.
-Жаан-чачындуу күндөр айлап-жылдап созулса деле, ар дайым аба ырайы ачылып,
сонун болуп, асманда жылдыздар жаркырап
жанып турат.
-Бүт дүйнө же терең уйкуда жатканда, же
балким дүйнөнүн жарымы уйкудан жаңы
ойгонгондо, Сиэтл шаары жаң ы гана жатууга камынган болот.
-Эгер статистикага карай турган болсок, мында
жаан-чачын канчалык көп болгону менен,
күндөн калкалаган көз айнектер ошончолук
көп сатылганын байкайсың.
-Сиэтлде күн көзү кичине эле көрүнө калса , бүт баары ушуну гана күтүп тургансып, бир
заматта көчөгө жайнап чыга калышат.
-Сиэтлде жай кыска, анан узакка жамгыр жаай
берип, акырындык менен жаз келип калат, ал
эми биз элестеткендей дээрлик кыш болбойт.
-Эгерде кокусунан жылына бир жолу кар жааса, анда жумушка же окууга барбай
коюуга бул кечиримдүү себеп боло алат.
-Сиэтлдин экономикасы эки жолу гүлдөп-
өскөн, биринчи жолу “Алтын Клондайк”
учурунда, Алясканын алтын издөөчүлөрү
ушул жактагы порттон алтынын жөнөтүп жана соода кылып турган. Экинчи жолу
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бул жерден
СССРге жардам, АКШ флотторун
камсыздашкан.
-Сиэтл АКШнын гүлдөп-өсүп келе жаткан беш
ири шаарларынын катарына кирет. Мында “Microsoft”, “Amazon”, “Expedia”, “Oracle” жана
башка ири компаниялар жайгашкан.
-Сиэтл “EXPO-1962 көргөзмөсүн жана 1990-
жылы ыктыярдуу эрк оюндарын өткөргөн.
-Сиэтлдеги көп элдүү пункттар, тоолор менен
дайралар индеецтердин тилиндеги аталыштарды алып жүрүшөт, мисалы: Seattle,
Sammamish, Snohomish, Duvamish, Chelan, Walla
Walla, Tacoma жана башкалар.
-Мында дайралар, аралдар жана кысыктар көп
болгондуктан, Сиэтлдеги сал (паром) элдин
каттоо мүмкүнчүлүгү боюнча АКШда экинчи орунду ээлейт жана Сиэтлден башка шаарлар
менен аралдарга мындагы сал аркылуу жетүү
тезирээк жана жеңилирээк болот.
-Сиэтлде башка шаарларда аз кездеше турган
музейлер арбын, алсак, авиация музейи,
“Алтын Клондайк”, шпиондор музейлери ж.б. бар.
-Боинг аттуу инженер мындагы жергиликтүү
клубда иштеген экен, азыркы учурдагы
Сиэтлде заманга шайкеш келген “Боингдерди”
чыгарышат, заводдун имараты дүйнөдөгү ири
имараттардын бири. -Шаар негизинен жылы бою дээрлик
жапжашыл болуп турат, анткени мында аба
ырайы жылуу, абанын температурасы
төмөндөбөйт, бекеринен Вашингтон штатын
“Түбөлүктүү жашыл шаар” (Evergreen state)
деп аташпаса керек. -Чоң Сиэтл – АКШнын орус тилдүү
шаарларынын бири, бул жакта орус
дүкөндөрү көп, мурунтан тааныш азык-
түлүктөрдү табууга болот. Журналдар,
газеталар, телеканалдар, чиркөө жана
соборлор бар. Кайсы гана чоң базарларды албайлы, орус тили жаңырат, мурунку СССРде
жашаган украин, армян, еврейлер арбын.
Атүгүл машина айдоочунун күбөлүгүн алуу
үчүн экзамендерди орус тилинде тапшырсаң
болот. Орус мончосунда бизге тааныш
чөйрөдө өтө ысытылган бууга олтуруп, эмен шыпыргысы менен чабынып кетсең болот.
Мында орустардын компаниялары көп,
ошондуктан жаңы иш издеп жүргөндөр тил
үйрөнгүчө ушул жактарда иштешет. Мен да
алгач ушул жакта, бир армяндын колунда
электриктин жардамчысы болуп иштегем. -Сиэтлде “Нирвана” эстрадалык тобунун
гитарчысы Кобэйн жашаган, азыр анын үйү
жана анын ысмындагы парк бар.
-Белгилүү актер Том Хэнкс тартылган
“Сиэтлдеги уктабаган үкүлөр” фильминде
шаардын эң сонун жерлери көрсөтүлүп, жергиликтүү калк арасында абдан урмат-
сыйга татыктуу болгон. Баса, “Күүгүм”
фильми да Сиетлден анча алыс эмес жерде
тартылган.
-Шаардын дээрлик борборунда, Сиэтл
гүлбагынан алыс эмес жерде, атактуу Брюс Линин бейитине барууга болот. Анын
жанында Брюс Линин уулу Брэндондун сөөгү
коюлган. Мен ал жакка эки жолу баргам, көп
киши келип, гүлдөрдү, тыйындарды таштап
турушат экен.

#8 02 September 2015 - 16:35
Kamit Savay Америка кыргыздын көзү менен..
- Биринчи жылы Америкада эки кыргыз-
студент бир машине айдап жүрүшөт
- Америкада телевизордон "кыргыз" же
"Кыргызстан" деген сөздү укпайсын
- Жаңы IPhone ду 200 долларга сатып алса болот
- Почта сааттай так иштейт, эч нерсе
жоголбойт, документтерди да коркпой салса
болот
- Жолдо бекинген ГАИ деген жок, полиция
апачык эле турат, эреже бузсаң камера деген балээ бар
- Көчөдөбү, магазиндеби тааныбаган эле
кишилер салам берип, ал-жайыңды сурайт
- Америкада кыргызча ырларды Родинадагыга
караганда көп уккуң келет
- Кыргызстандан келген чучук, казы, курут, коньяктарды бүтүп калбасын деп бир айга
созосун
- Чоңураак ресторан, кафелерге кирсең бирөө
тосуп алат, экинчиси олтургузат, үчүнчүсү
заказ алат, төртүнчүсү тамак алып келип,
бешинчиси стөлдү жыйыштырат - Магазинде бирдемке көрүп атсаң астыңан
бирөө өтсө кечирим сурап өтөт
- Кечигип калган жүргүнчүнү беш секунд
күтсө, кирген киши менен автобустун шопуру
элден кечирим сурайт
- Жумушка эки-үч жолу кечиксең ордуңдан айрыласын
- Машинеңе май куйган жумушчу ахвалыңды
сурап, “күнүңүз маанайлуу болсун” дейт
- Нак акчаны айлап көрбөйсүн, дайыма
"кредит" жана "дебит" карточкаларын
колдоносун, ошого толо акча көтөрүп жүрүштүн кереги жок
- Чөнтөк, портмоне толо бүт эле карточкалар,
“айдоочу күбөлүк”(карточкадай), чоң магазин,
спортклуб, аптекалардын “скидка” мүчөлүк
карточкалары
- "Старбакска" кофе ичкени кирген полицейский эл менен жөн эле учурашат
- Америкада магазинге , врачка пижама,
тапочка кийип барсаң деле эч ким эч нерсе
дебейт
- Светофорго токтоп турсаң жаныңдагы
машиненин айдоочусу сени менен саламдашат
- Жолго, көчөгө кыпындай бирдемке
таштагандан коркосун
- Теги эле тамеки тарткан, алкоголь көтөргөн,
же иштеген жаш балдарды көрбөйсүн
- “Капотко” койуп алып көчөдө сайрандамай жок
- Бирөөгө жол берсең тим эле ыраазы болуп
рахматын айтышат
- Мурунку СССРден келгендерди бүт орус
дешет
- Инвалиддер койо турган жерге машинеңди койсоң машинеңди алып кетишет, олчойгон
штраф төлөйсүн
- Сен жакшы көргөн кафеде атыңды эстеп
калышып, атыңан айтып учурашышат
- Орусча сүйлөсөң, же кыргызчабы, англисче
сөздөрдү кошуп сүйлөшөт, мисалы: "Проехал сто майлов", "Надо назначить
апойнтмент" , "Гуд морнинг досум",
"Сварганим пати", "Ничесе герл", "Wow, о
энең", "Thankрахмат" , "Кэш барбы?", "Голяк
мани", “Exitке чык”, “О”(орустар) лор жүрөт
орусча сүйлөбө”, ж.б. - Бул жерде банкта акча эсеп ачканың үчүн
сага акча беришет
- Кока-кола блок менен сатылат, бир жалгыз
банка ала албайсын
- Кышында жайкы бут кийим кийип жүрө
беришет - Көчөдө мастар такыр жок
- Светофор кызыл күйсө да оңго бурсаң болот,
эгерде тоскоолдук жок болсо
- Америкада жумушка орношуш үчүн жумуш
тажрыйбаң керек, жумуш тажрыйба алуу
үчүн жумушка орношуу керек, Кыргызстандагы тажрыйбаң дипломуң менен
кошо бокко жарабайт
- 90 дон өткөн, кулагы укпай, көзү көп
нерсени көрбөгөн, буту баспаган абышка-
кемпирлер ышкыртып кабриолеттерди айдап
жүрүшөт - Полицейский ылдам баратсаң сени токтотсо,
бирдемкеге шашып аттым эле десең,
көбүнчөсү жөн эле эскертип койо берет
- Адамдар, жада калса балдар муздак бетонго
көчүгүн басып олтура беришет, көчүгүмө суук
өтөт деп коркушпайт - Чиркөөлөрдүн түрлөрү көп, саны
мектептеринен беш эсе көп
- Кумсалар ачык эле көчөлөрдө кол
кармашып, өбүшүп жүрүшөт
- Тамекини көп жерде тартышпайт, уруксат
бар жерде эле тартышат, кээ бир имараттардан баланча метр ары барып
тартканга эле болот
- Жолдордо машинелер “бипилдебейт”,
фараларын жолумдан кач деп
жымыңдатышпайт
- Автобуска инвалид коляскасы менен беймарал олтурат, айдоочу аны шашпай
жүктөп байлайт, же алдына велосипеддерди
да байлап алса болот, эл чыдап эле 5-10 мүнөт
күтөт
- Ити кокустан үрө койсо, ээси элден кечирим
сурайт - Балдары муз менен мупмуздак суусундук,
же суу такай ичишет, тамак ооруну
билишпейт
- Эмне эле биякта машиналар чоң десе, көрсө
семиз, чоң адамдар толтура, айрыкча аялдар
- Чоң шаардын борборунда бирөөнү алып кеткенге жарым саат машинени токтотуп акча
төлөп күткөндөн көрө, же токтотуучу жай
издегенден көрө айланып-тегеренип жүргөн
арзан
Байбичемдин Америкага келгенинен бери
айткан кызыктуу сөздөрүнөн: - Эмне эле бардыгы жылмайышат, мен дагы
кечке буларга жылмайышым керекпи?
- Булардын көчүгүнө суук өтпөйбү?
- Кышында шорт кийсе эшикке, жайында эмне
кийишет?
-Өздөрү күпүйүп кийинип, балдарын жылаңач эле көгөртүп алып жүрө беришеби?
- Downtown-ыңар, townhouse-ыңар, кечке эле
экөөнү алмаштырып алам...
- Сhinatownыңар жакты, Ош базары эле тообо,
бир аз тазараак болбосо...
- Булар "келесоого" , бизди күтүп эмне кылат, кете беришпейби, шашылышпайт экен ээ...
(магазиндин жанындагы жолдогу, бизди өтүп
кетсин деп күткөн машинелерди айтат)
- Апарыктары тынбай чуркашат экен,
эмнесине чуркашат, тигил семиздери эмне
чуркабайт? - Автобустун шопуру мени менен
саламдашып эмне кылат, элдин бардыгы
менен саламдашат экен, чыкканыңда жакшы
бар дегеничи, тообо...
- Булардын иттеринде дудуктары көп го, эмне
үрүшпөйт? - Кечинде көчөгө ушак айтышканы киши
чыкпайт экен ээ...
-Магазиндери атканалардай складдар го,
бардык товарларында баасы, размери, аты
жазылган, бизде базарда сатуучунун жанын
койбойбуз, мобул канча турат, же момундайың барбы, деп...
- Эмне эле "Спейс нидлс"(Space needles,
Космическая шпиль, Сиэтлдеги бийик, кооз
мунара) деп койгон, мен "Cпейс нудлс"(Space
noodls, Космическая лапша) эле дейм, мага
ушул оной... - Бул жерде Кыргызстандагы тажрыйбаны
уруп ойнобойт экен ээ...
- Бир свет өчсө болот эле, эч болбосо 1 саатка,
көрөт элем эмне болушат экен..

#9 02 September 2015 - 16:37
Kamit Savay Кичине чактагы алтын апалар "коркуткан"
создор:
- Меймандар кетсин, анан коросун
- Мен сени менен уйго барганда суйлошом
- Ушул сенин шишин толду, коптон бери
чыгара элекмин - Атан келсе айтпасам кылганынды
- Дагы бир жолу угайын же коройун
ошондой кылганынды, эмне кылаар экенмин
- Шашпа сени, койо тургунун
- Жебесен экинчи конпет же оюнчук сатып
бербейм - Болду, экинчи киного барбайсын
- Бирдеме кордун беле, шашпа сага корсотом
- Кыздарга же балдарга айтам эмне
кылганынды

#10 02 September 2015 - 16:43
Kamit Savay Ит менен короз, тоокту кыргыздар сүйлөгөндө
кантип мисал кылат айттык, эми башка
жаныбарларды да көрөлү:
Чочкодой семириптир
Арстандай баатыр болуп калат үйдө
Маймылдай ажыкызданат Тотукуштай жасанып
Бетинен бит тайгаланат
Эшектей иштейт
Эшектей көк мүнөзү
Үкүдөй үнкүйөт
Түлкүдөй куу адам Ал эски карышкырлардан
Койдой момун, койдон жоош
Эчкиникиндей сакалын сербейтип
Суурдай ийининерге кире качтынарбы
Көрсөң мышык ыйлагыдай
Тили кобраныкындай Анакондадай аппетити
Чымын чаккандай болбойт
Сиркем суу көтөрбөй турат
Аюудай болуп чоноюптур
Балыктай унчупайсынар
Ташбакадай шашпайт Басканы маралдай
Кенедей жабышат
Букадай качырат
Сагызгандай сайрайт
Булбулдай ырдайт

#11 02 September 2015 - 16:48
Камит Савай Менин жашоомдогу Айтматов
Мен мектепте окуп жүрүп 6 класска чейин
Айтматовду окуган эмес элем, бир күнү улуу
агамын китептерин карап атып Айтматовдун
“Жамийла” деген повестин көрүп калдым.
Эмнегедир мага кызыктай көрүндү, ачып окуп баштап, аябай кызыгып таң калып, сөрүдө
жылбай эки жолу окуп чыккам. Мен ал убакта
сүйүү эмне экенин деле түшүнбөсөм керек,
сүйүү эмнеден пайда болуп, аны кантип
сезишти. Бирок, чыгарманын каарманы
Жамийла эмне себептен билбейм, мага аябай жакты, өзүмчө ойлодум, кантип Жамийла
Даниярды сүйүп калды, эмнегедир, такыр
элестете албай жаттым, өзү Жамийла
жашоодо кандай кыз болду экен деп.
Эң кызыгы, мен окуган класста Жамийла деген
кыз окучу, ал класстагы башка кыздарга салыштырмалуу сулуу, апакай, чачтары узун
болчу, күлсө да такыр башкача күлчү. Мен
ойлодум, “ии, китептеги Жамийла,
классташым да Жамийла, бүт Жамийлалар
окшош болуш керек” деп. Жок, кайра ойлоп,
классташым Айтматовдун Жамийласындай эмес, анткени, классташым бизге жакын
тууган болчу, апам айткандай, “жакын
туугандарды аял кылып алса болбойт”,
кошуна да болчу, эң мага жакпаганы, ал
жакшы окучу эмес.
Ошол болду, кээде каяктандыр ойлоп калчумун, Айтматовдун Жамийласы кандай
болду экен, мен көрөм бекен ошондой кызды
деп. Ошентип, Жамийла эстен чыгып эле
калган болчу, бир жолу кечинде
телевизордон Ирина Поплавская тарткан
"Жамийла" деген кино болуп калды. Билесиңер, Жамийланын ролун Наталья
Аринбасарова ойногон. Бул фильмди мурда
деле көргөм, же мен чоңойдумбу, же китебин
окугандан кийинби, эми анык биле баштадым,
Жамийла кандай болгонун.
Сулуу, акылдуу көздөрү, чачы кара, кээде шайыр, кээде ойнок, күлкүсү жамалына
жарашкан кыз Жамийладай боло тургандай
мага сезилди.
Көп убакыт өтпөй, кошунабыздын үйүн
биздин мектептин директору сатып алып
көчүп келишти. Директор сүрдүү, сулуу аял болчу, биз андан аябай коркчубуз, директор
келе жатат дегенде бардыгыбыз тынчып
калчубуз. Директордун чоң кызы мектепте
бизден эки класс кийин окучу. Менин
карындашым ал кыз менен короодо ойноп
калганда мен да кошулчу болдум. Эмнеге экенин билбейм, мен директордун кызын
Айтматовдун Жамийласына окшоштурдум.
Ал да ошого окшоп сулуу, акылдуу, ойноктой
көрүндү. Дайыма үйдө болгондо, эгер
директордун кызы ойноп калса карындашым
менен, анда урган бойдон учуп барчумун. Жалгыз барып ойногондон тартынчумун.
Кээде мектепке чогуу барып кала турган
болдук. Айрыкча, мектептен кайтканда көп
бирге келе турган болдук, мектептен үйгө
чейин он минутка жетпеген убакытта келсек
да мен аны күтүп турчумун, менин сабагым эрте бүтсө да. Директордун кызын Жамийлага
чын эле аябай окшоштуруп жакшы көрдүм,
бир аз жакпаганы, анын мүнөзү кичине
татаалдай, эркедей көрүндү. Бирок, мен анын
сулуулугун, акылдуулугун чын дилимден
сүйдүм. Азыр ойлосом, ошондо мага өмүрүмдө биринчи сүйүү сезими келген экен.
Күндөн күн өтүп, айлар жылдарга айланып
мектепти да бүттүк, биз чоңойдук...
Кийинчереек Айтматовдун дагы бир шедеври
мага өлө жаккан, ал дагы эле мен эң сүйгөн
чыгармалардын бири “Кызыл жоолук жалжалым” повести. Айтмакчы, менин
сүйүктүү тайенемдин аты да Асель болчу,
бирок, анын күйөөсү Айтматовдун
Ильязындай шофер болгон эмес экен, анын
биринчи күйөөсү согуштан кайтпай калган,
экинчиси колхоздо койчу болгон. Анткени менен, тайенемдин кызы, менин апам
шоферго күйөөгө тийген. Менин атам өмүр
бою колхоздо шофер болуп иштеди.
Айтматовдун Ильязындай "УралЗиС"
машинеси менен Чыйырчык и Талдык бийик,
каардуу белдерин нечен жолу ашып, тоолуу Алайдагы жайлоолордогу чабандарга каттап
жүрдү. Кийин атам менен Алайга барып, ошол
бийик белдерди ашканда түшүндүм, белдерди
прицеп менен ашса болоорун далилдегени
канчалык Ильязга кыйын болгонун. Атам да
башында Ильяз жүргөндөй эле прицеп учкаштырбай белдерди ашып жүрчү. Мен
кызыгып, эмнеге прицеп жок айдайсыңар
деген суроомо, атам мага, биринчиден прицеп
менен белдерди ашып өтүш татаал,
экинчиден, өтө эле анын азыр зарылдыгы жок
деди. Булардын бардыгын эмне эле айтып атам,
айтайын дегеним, биздин улуу Айтматов
жазган окуялар, алардын каармандары
дайыма эле менин айлана-чөйрөмдө болуп,
Айтматовдун жазгандары аттын кашкасындай
таанымал чындык, тим эле биз жөнүндө эле жазгандай. Айтматов биздин элибиздин
турмушун, сүйүүсүн, каалоо-мүдөөлөрүн,
санаа-ойлорун, жаныбызда эле болуп өтүп
аткан тагдырларын дап-даана, ачык-айкын
кылып, бизге, бүт дүйнөгө айтып бергендей.

#12 02 September 2015 - 16:53
Камит Савай "Аял -бул ким" чын-тамаша
эссесинен... Аял — жаш баладай, бирдемке болуп боло
электе жашы чууруйт, каяктан даяр турат
дайыма, анан эле апасына телефондон
"сүйүнчүлөйт" ..
Аял — борбордо жашагысы келет, Парижди
энсейт, романтика менен эс алып ресторанга олтургусу келет, анан күн алыс эле гүл берип
турса...
Аял — ипотекадай, бир 30 жылдын ары бери
жагына, айына эч болбосо 10 мин сом алып
турат...
Аял — ГАИдей, жөн жерден кармайт, көрүнгөндү оттомуш болот, тыйыныны кагып
алат, маанайынды өлтүрөт, күнөөкөр кылып
салат тез эле...
Аял - жер кыдырган саякатчыдай, кээде эч
ким, эч качан билбейт кайда кеткенин, анан
кутпөгөн жерден бир убакта сузушуп каласын...
Аял — өз каалаганын жасайт, кээде бир
маанисиз миссия менен бир жакка "өзүң эле
барып кел" дейт, ууга, балыкка, дагы бир
жактарга "достор менен барып келейин" десен
жибербейт.. Аял - маршруткадай, соода үйүнө же
Дордойго кирсе бутту, кыйкырмай сайын
токтобойт..
Аял — театрдай, бугун комедия, эртен
трагедия, кээде экөө бир кундө болот...
Аял — экзамен алган мугалимдей, өлө даярданып, сонун кылып токпой чачып, тим
эле шар айтып берсен да, бир жерден кармап
алат...
Аял - телепат, телефонго эми оозунду ачып
"алло" дей электе билип коет, кичине "тырп"
этип алганынды... Аял - экстрасенс, акча каткан жерлеринди мин
которсон да көзүн жумуп таап алат, кээде сен
кайда, эмне кылып жүргөнүндү тим эле
жандап чырак кармап жургөндөй так, сонун
айтып берет..
Аял - сен жакшы акча алган куну сени жанындай көргөн мышыктан да өтүп
эркелейт...
Аял - кээде эч кимге билгизбей, милдет
кылбай, кабагым кашым дебей жалгыздыкты
көтөрөт, эркекмин дегендер мындайда бир
күнө сынат... Аял - жаздын күнүндөй, кээде жамгыр,
чагылгандай, бир карасан кара булуттардын
артынан чыккан күндөй жаркырайт..
Аял - гүлдөй, кээде бир ачылып гүлдөсө
тааныбай да каласын..
Аял - арстандай, эгер бирөөгө жаккысы келсе эч ким токтото албайт..
Аял - жолборстой, балдарына чымын
чактырбайт, коргосо бир карыш жакын
жолотпойт...
Аял - павлиндей, кааласа сулуулугун
көрсөтүп, болгон канатын жайып, табигый нурларын чар тарапка төгөт....
Аял - бульдозер, керек болсо максатына
жетиш үчүн тебелеп тепсеп, түрткүлөп болсо
да жетет..
Аял - көлөмү геометриялык фигурадай
өлчөнөт, "эх, модель го, 90/60/90 см экен" деп коебуз...
Аял - ар дайыма кечигип атып, ошого
эркектерден кечиреек о дүйнөгө кетишет...
Аял - эгер жалгыз бой болсо өзүнүн акчасын
санайт...
Аял - эгер күйөөсү бар болсо, анын да акчасын санайт...
Аял - багы ачылып, бактылуу болуп, сүйүктүү
жар болсо, анда өз акчасын эсептебейт. ..
Аял - ойнош болсо, анда тез-тез эле көп
нерсени каалап турат, эркектин акчасын
эсептебейт. . Аял - жука, кыска, сонун көйнөк кийип, шиш
такачан журсө, элдин бардыгы токтоп
"жеткирип койолубу" деп ийилишет,
килтейген оор эки сумка көтөрүп базардан
келе жатса жанагы ийилгендер жоок...
Аял - блондинка болсо, анда ал акылы аз эмес, ал сүйкүмдүү, өрт болот...
Аял - брюнетка болсо, анда ал ажаан эмес, ал
токтоо, оор басырыктуу болот..
Аял - шатенка болсо, анда ал өзгөчө эмес, ал
созулган, сырдуу, табышмактуу болот...
Аял - сары жумал болсо, анда ал куу эмес, акылдуу болот...
Аял - гүлгө окшоп атырдай анкыса, эркек дене
тер жыттанышы абзел, атыр себинсе дароо
шексинет...
Аял - аябай кечиримдуу келет, бирок бир куну
болгон кылыктарындын бардыгын эстетип, бир жеринен чыгарат....
Аял - уруша кетсе дароо мурчуйган бойдон
такыр сүйлөшпөй коет, "биринчи мага
сүйлөсүн же кучактаса анан шашпай
жазылам" деп ойлойт, бирок, эркек биринчи
моюн сунуп кучактап койойун десе, "тарт колунду, кимге айтып атам" деп кайра тескери
карайт...
Аял - канча ичсе да эмне болгонун даана
эстейт, эркек дароо эле унутат..
Аял - таарынса тез эле унутат, эмнеге
таарынганын, анан эркекти тим эле коколойт, "айт деп атам, кечээ эмнеге таарындым эле"
деп...
Аял - мобильдик телефондой, аны дайыма
жаны заряд менен эмизип туруш керек,
жасаган чачынан баштап тамагына чейин
комплимент айтып мактап туруш керек... Аял - шашылып жасанып атканда эт жеп
аткан ачка арстандай, бир секундка тынчын
албашын керек, алдың, бардыгын таштайт ...
Аял - бомбадан сактануучу жайдай, керек
болсо айкы тейки турмуштун эбегейсиз катуу
соккуларына чыдайт, коркунуч болсо шумкарга окшоп балапандары канатынын
астында...
Аял - бактылуу, көңүлү тынч жүргөн убакта
эркектин кээ бир жоруктарын көңүлүнө
албайт..
Аял - эки кулагы менен эркекти кунт коюп, ал башка аял менен сүйлөшүп атса кана угат,
телефондон сүйлөшсөң угуп коет, ким, эмне
деп атканын...
Аял - тим эле мурдун көтөргөн
"жылдыздардай" каякка болсо дайыма
кечигип, күттүрүп келет... Аял - пружинасы бар эшиктей, сен аны
тартсан, ал качат, сен аны түртсөң, ал сага
кайра жармашат...
Аял - кечире берет, кечире берет, чыдай берет,
бир куну бир жарылат да, күтүлбөгөн жерден
кетип кайрылып түбөлүккө келбейт... Аял - эгер бирдемеге жини кайнап жөнөсө,
артынан сөзсүз баргынын...
Аял - эгер бар жогуна кайыл болуп, берилип
сени караса өөп койгунун..
Аял- эгер сенен кача баштаса, анда болду,
кармап койо бербе, жанынан бир карыш чыкпа..
Аял - сени эркелетип чакырса чуркап барып
өөп сал..
Аял - жини келип турса, тамаша, азил айтып
көнүлүн көтөр, бир жолу айтсан жазылбайт,
сабыр кылып дагы айт.. Аял - унчукпай калса сурап кой, "жаным эмне
болду" деп..
Аял - ыйлап атса эч качан жалгыз таштаба....
Аял - эгер "сиз мага жактыныз" десе анда ал
сени сен ойлогондон да артык көрөт...
Аял - эгер сага бир сыр айтса бекем карма, эгер оозунан чыгып кетсе олгонун ошол...
Аял - сенин көзүнө тик караса, анда сен ал
көзүн ала качканга чейин карап көзүнду алба,
көзүндү эрте алсан, анда башка антип карабай
койот..
Аял - эгер аял "болду эми, бүттү бардыгы" десе, анда ал анын дагы эле акыркы сөзү
эмес..
Аял - жөндөн жөн эле бирдемке ойлоп чыга
калат да, анан өзү эле кайра ошого таарынат..
Аял - үйдүн куту, берекеси, үйдө жылытып
жанып турган оттой.. Аял - жыты өзү даярдаган сонун тамактын
жытындай болуп турганда жыттагын эле
келет...
Аял - таттуу шоколаддай, эркектин мандайына
жазган ширин жомоктой..
Аял - Интернеттей, бир аз эркелетип койом деп тан атат...
Аял - жырткыч жаныбардай, сулууну
жактыра бербейт, ким башка эркектерге
караганда камкор, жөлөк таяк, мээримдүү,
ишенген тоосу боло алса жактырат...
Аял - кожойуну көп болгон машинедей болсо, анда аны каалаган эркек аз болот...
Аял - автопилоттой, өчүрмой сайын
каалаганындай башкарып алат...
Аял - менмин деген шпиондон кыйын болот,
керек болсо сен учун "лювойун" алдайт, сатат,
сага түбөлүк дос да, жар да болот... Аял - кегин алам десе, анда ал сени унута
албай жатат, дагы эле сүйөт...
Аял - сен билбеген табышмактай, эмки
секундада эмне айтып, эмне кылаарын эч
качан билбейсин...
Аял - мен тандадым деп эркектер кыйын болгон менен, дайыма аял эркекти тандайт...
Аял - кофта алам деп магазинге барса, сумка
жагып жанында бир саат турат, аягында үйгө
жаны туфли алып эле келет...
Аял - мин кыйын, эрктуу көрүнгөнү менен,
эркекке мойун сунганга эмес, назик, алсыз болуп көрүнгөнгө өзүнөн кыйын, күчтүү
эркекти тандайт..
Аял - кыйын экспериментатор, үч саат жылбай
чачын, кебете кешпирин бир стилде жасап,
эгер бүткөндө жакпай калат да, анан бузуп
бардыгын он беш мүнөттө такыр башка стилде чачын, бетин, кийимин жасап салат...
Аял - үйлөнүү тою күнү сени менен
түбөлүккө жаным менен бирге болом деген
ак-куудай....
Аял - жаш өткөн сайын кобрадай, тили орду
менен оттойт, жыпжылма сыпаа көрүнүп, акылман, тийишпесен жөн-жай чакпайт..
Аял - кымбат баалуу машинедей, бүт эркектер
ушундай минсем деп каалап суктанышат,
бирок анын каприздерине сүйүктүү адамы
эле чыдайт...
Аял - кудайым берген момун, сыпаайы, бардыгына макул, кайыл болот, үйлөнүү той
отуп фатаны чечкенге чейин...
Аял - кебете кешпири үй-бүлөөлүк
бюджеттен бөлүнгөн каражатка жараша
болот..
Аял - эгер жан-дили менен чындап сүйсө сүйүүсү жыл арытат, аны өзүндөй сүйгөн
адамы болсо анда түбөлүк сүйөт..
Аял - он эркек бутуна жыгылып атса, он
биринчини карайт...
Аял - бала эле төрөп бербесе, балталап салчу
калк болот... Аял - качан ал сени багып алган эмес, сен
кудай берген күйөөсү болгонунду түшүнсө
эле, анда эненди Үч-Коргондон көрөсүн...
Аял - сүйүктүү аялдан кымбат дары жок,
ооруп калсан кашында уктабай, кабагым
кашым дебей, аяп турса бат айыгасын... Аял - эркек менен өйдө-төмөн болуп уруша
кетсе эч качан эркекке биринчи чалбайт,
каадаланып болбойт, бирок, эгер эркек
биринчи чалса кечирем деп ойлойт, анан эркек
экинчи жолу тынбай чалганда кана кечирет...
Аял - сенин мээңди жебей калса эле бүттү, ал сени чана баштаганы... .
Аял - жүрөгүн сүйгөнүнө арнап, Гитлер
болобу, балээ болобу, өмүрүн ошого кана
байлагандан тартпайт...
Аял - автоматтай, бир ок менен үч койонду
өлтүрөт, эгер чырайы сулуу болуп, акылдуу да болсо, анда өзүн айпери сезет, эркектер
бутуна жыгылат, башка аялдардын кыжырын
өлө келтирет..
Аял - үй-бүлөөнүн башчысы, эгер күйөөсү мен
башкарам деп ойлосо, анда аял акылманы
дагы... Аял - бир карасаң теги эле тете келбеген, түз
жүрбөгөн эркекти сүйөт, анткени ал аялга түз,
туура сөз, ойлорду сайрайт.. .
Аял - эгер ал жанындай сүйгөн, эки сүйүшкөн
көгүчкөндөй ажарлары ачылып бактылуу
баратышса, анда аял жупуну кийинсе деле супсулуу көрүнөт..
Аял - дайыма таттуу жеп, дайыма арыктагысы
келет...
Аял – “Google дай” , билбегени, укпаганы жок...
Аял - чалкыган деңиздей, бирде мээмиреп,
бирде тыптынч, бир карасаң бирде толкун, бирде буркан-шаркан. ..
Аял - эгер эч бир ажылдабай, сүрүштүрбөй,
кыйкырык-сүрөнү жок кетсе, анда ал аялдын
жүрөгүнө катуу тийди...
Аял - "Фэйсбуктай" , канча аз убакыт өтсө деле,
эч бир өзгөрүү болбосо деле кайра-кайра карагың келет..
Аял - күзгүдөй, аны сүйгөн эркектин тапкан
байлыгы менен камкордугунун натыйжасы... .
Аял - шахматтай, бир туура эмес жүрсөң эле
"мат" болосун!
Аял - Аллахымдын белеги, дайыма Аллахка ыраазы болуп, чын-дилиң менен кабыл ал...
Аял - интернетте жалгыздык жөнүндө
постторду жазат, аябай бук болгонун айтат,
таанышат, ал эми көчөдө жалгыз жүрсө
таанышайын десең, бир зөөкүрдү көргөндөй
качат... Аял - жигитинин чачын алдыртат, тамекини
таштаттырат, спорт менен машыкканга
мажбурлайт, бирок, жигит мындайга көнүп
калганда айтат, "мен сенин мурунку жүрүш-
турушунду, салабатынды жакшы көрүп сүйүп
калган элем" дейт... Аял - машине айдаганды эч шашпай,
бардыгына макул болуп, так аткарып атып
үйрөнөт, бирок кийин өзү билгендей айдайт...
Аял - тамакка салган туздай, ал жок болсо
тамак тамактай эмес, ал көп болсо да тамак
тамактай болбойт.. Аял – “рекетирдей”, сенин макулдугун жок
эле акчаны кагып койот..
Аял - коллективистка, эч качан жалгыз өзүнө
тамак бышырбайт...
Аял- заманбап "Плюшкиндей" , "смс-терди" ,
дисктерди, майда-барат белектерди, жазгандарын чогулта берет...
Аял - кутьюредей, башка аялдарды эн башкы
критерий деп акылын эмес, алардын сырткы
келбетин, кебете-кешпирин карайт...
Аял - үч аялдын башы бириксе кийимден
кийин эркектерди сөз кылышат... Аял - арыктайм бары бир деп эки размерге
кичине джинсы сатып алат...
Аял - катуу мас болсо албетте мурдагы
сүйгөнүнө тынбай чалат, сөгөт, түнкү клубдун
сакчысын сүйүп калдым дейт, же
ресторандын официанты жагып калат, таксист менен жашоонун манызы, президенттин
ойношу жөнүндө кыйкырып кобурашат, эн
жакын досу менен катуу уруша кетет,
бакырып "шлягер" ырларды ырдайт,
машиненин, үйдүн ачкычын, телефонун ж.б.
жоготот, өлө өмүрүндө бийлебегендей бийлейт, көчөдө туалетке баргысы келет,
колготкасын айрыйт, шиш такасы сынат,
бардыгынан "мен мас эмесмин" деп сурайт, уч
самса жеп, "эртенден баштап диетага
олтурам" деп сөз берет, "Фэйсбуктан" 50
"досун" өчүрөт, көзү жашы көл болуп, көздөрү ишигенче ыйлайт, бирок эч качан
мындай кебетеси менен апасынын көзүнө
көрүнбөйт...
Аял - жанып турган жылдыздай, эгер сүйгөн
жары кашында болуп, турмуш- жайы
жетиштүү болсо, көзүнөн от жанып, эркектерди өзүнө магниттей тартып турат...
Аял - артисттей, көчөгө чыгарда эмне болсо да
күзгүгө каранып чыгат...
Аял - жонглердой, байпагын колготкиси менен
кошо чечип, анан кошо бойдон кайра кийе
алат... Аял - эркектин ийгилигинин кудугу жана
булагы..
Аял - чачын жасатып, бойотуп келип "кандай
болуптур" деп сураса, дайыма "сонун" деп
жооп бергиле, бары бир аягында "сонун"
дейсинер.. Аял - жаратылыштын пейилиндей, бир
карасан чайыттай ачылган күндөй, бир
карасан эми жарылган вулкандай, бир
карасан бороон чапкындай, бир карасан жаңы
толгон айдай...
Аял - көңүлү ток, маанайы беш болсо өзүнөн эч нерсени аябайт, акчасын таксиге коротот,
бүт алган маянасына жакшы көргөн өтүгүн
алып, жаңы бир кымбат сулуулук
процедураны алып койот...
Аял - шпиондун шпиону, эч ким билбейт,
сулуулук салонго канча убакыт жоготоорун, аз келсе жакын достору билбейт, кечеге кийип
келген сонун көйнөктү прокатка алганын,
чоочун тааныбаган эч кимге айтпайт,
контакттык линза кийип жүргөнүн...
Аял - гений, анткени ал эле күйөөсүнүн гений
экенин алдын ала билген.. Аял - балдай, бир жагынан карасан таттуу,
назик, жумшак, бир жагынан жабышса бүттү..
Аял - сыйкырчы, эч нерсе жок жерден тамак
кыла койот, бир заматта чачын сулуулук
салондон сонун жасайт, бир мүнөттө жаңжал
да чыгарып койот.. .. Аял - өзүнчө эле үй роботу, ал үйдө бир күндө
жасаган жумушту, күйөөсү бир жумада
бүтпөйт..
Аял - кечке ашпоз, идиш жуугуч, кир жуугуч,
медсестра, тарбиячы, мугалим, тигүүчү,
экономист, бухгалтер, психолог ж.б. .а, күйөөсү иштен чарчап келет!!!
Аял - универсал, бир эле убакта бирөөгө эже,
бирөөгө апа, бирөөгө дос, жеңе, бирөөгө кас,
бирөөнүн көрсө сиркеси суу көтөрбөйт... ..
Аял - рульда тим эле "атактуу жылдыз", аны
бардыгы көрүшөт, ал эч кимди көрбөйт... Аял - алтын казына, кээ бирөөлөр сандыкка
катып, тирүү жан жашабаган аралга алып
барып көмүп салгысы келет...
Аял - шампандай, жагымдуу, таттуу, кээ
бирөөнүн башын айлантат, бирок башты тез
оорутат, Аял - радиодой, жакшы шашпай уккан кызык
программа анда-санда, калганы сүйлөнө берет
укпайсын..
Аял - бийик чептей, аны багынтыштын үч эле
жолу бар, капыстан катуу чабуул койуш
керек, кечке айлап, жылдап торош керек, же эки тарап маңдай-тескей сүйлөшүш керек...
.Аял - 20 жашында Африкадай, алыс,
табышмактуу, сырдуу, ысык, кол жеткис..
Аял- 25 жашында Индиядай супсулуу, өрт,
карап эле тургуң келет, ырдап бийлегин келет,
бирок эч бир жете албайсын... Аял - 30 жашында Америкадай бай, көз
каранды эмес эркин, бирок кымбат..
Аял - 35 жашында Франциядай, көптү көргөн,
бирок дагы эле көрө электер көп...
Аял - 40 жашында Югославиядай, көп нерсе
баштан өтүп, көп жерден утулуп, кызыккан киши аз..
Аял - 45 жашта Россиядай, ичип койот, күндө
той, күндө майрам, иштегиси жок..
Аял - 50 жашында Ирактай, суктанаарлык
турмуш баштан өткөн, келечек күмөндө..
Аял - 60 жашында Афганистандай, элдин бардыгы уккан, билет, бирок эч ким
каалабайт...
Аял - кинонун оң каарманындай, бир да
кемчилиги жок, бүт эле атайын жасалган
эффекттер..
Аял - баңгизаттай, кээ бирөөсүнө дароо көнө түшөсүн..
Аял - шопоголик, шоппинг деп кийсе кийбесе
деле алып ооруй берет...
Аял -материалист, сыйкырдуулукка, көз
ачыкка ишенбейт, бирок майрамдарда жолун
ачып, тымызын каалоосун болуп калса экен дейт....
Женщина - врачтай, тазалык менен тартипти
сүйөт, бирок анын комнатасы менен
сумкасында бирдемке издесен таппайсын...
Аял - прокуратурадай, кармайт, козгойт,
эркиңен ажыратат... Аял - котормочу, тилмеч, мас эркек менен
бөбөктүн тилин ал эле түшүнөт...
Аял - акылдуу, мээсин өзүнө катуу керекте
иштетет, эркектин мөөсин суткалап иштетет..
Аял - wi-fi дай, бардыгын байкап көрүп турат,
бирок эң күчтүүсүнө байланат.... Аял - Чебурашкадай - ысык, жумшак, кулагы
менен сүйөт, бирок каяктагы бир крокодил
менен өмүрү өтөт...
Аял - балмуздактай, өлө таттуу, ар түрдүү,
назик кармасаң эрийт..

#13 02 September 2015 - 17:23
Камит Савай Бейиштин төрү Алайда
Мектепте 9-классты бүтүп, чыдамсыздык
менен күткөн жайкы каникулдар башталып,
күрүч (шалы) отоп бүтүп, Шарихан-Сай
дарыясынын кууш өрөөнүндөгү жарлардын
алдына мал баккан убак. Атам мени быйыл сөзсүз шалы отоп бүткөндөн кийин бир
жумага бийик тоолуу, даңазалуу Курманжан
Датка доор сүргөн, айтылуу Алайдын
жайлоосуна алып барып келем деп сөз берген
болчу. Мен Алай жөнүндө атамын
айткандарын көп угуп, качан бир ошол табышмактуу, сулуу тоолорго барам деп
дегдечимин.
Саратанда ысыкта күнгө күйүп, аптапта
чыдабай дарыянын суусунан чыкпай, кечке
ойноп, мал карап, кечинде бир күнү келсем,
атам Алайдан келип калды. Ошол убакта ал колхоздун мал-товар фермасында айдоочу
болуп иштеп жүргөн.
- Ата, шалыны эбак отоп койдум, мени эми
качан Алайга алып барасыз, - деп дароо
жабыша калдым мен.
- Аа, азамат, баракелде! Эгер бүтүрсөң, «айтылган сөз, атылган ок» дегендей, болду,
анда бүрсүгүнү жолго чыгабыз, даярдана бер,
- деди атам сүйүндүрүп.
- Аа… Эмне дейт? Сенин уйларыңды мен
багамбы же иштейминби? ! Барбайсын эч
жакка. Алайда эмне бышырып койуптурбу? ! - деп апам кагып койду эле менин маанайым
дароо өчтү.
- Ой жөн эми, баланын шагын сындырбай…
Теги эле эч жакка чыкпайт, үй күчүк болуп…
Кой, барса барып келсин атасы менен,
малдарды беш күн мен деле чөп оруп берип карап турам, - деди жакшы көргөн тайенем
шылкыя түшкөн менин башымдан сылап.
- Анда мейли, бирок үч күнгө эле барып кел,
жумалап жайлоодо жыргап жатып албай, -
деп апам бошоп бир аз уруксат берди.
- Эй, жолго эле эки күн кетип калат… Алай эмне сага бул турган Кара-Суу беле? Мени
менен бир жумада кайтат, ал жерди жайлоо
дейт, ал жакта автобус деген жүрбөйт да
кетип калгыдай, - деп шеңиреңдеп калган
мени ого бетер дагы сүйүнттү атам.
- Ой билбейм, иши кылып эрте келгиле, уйларың сени сагынып өлүп алышпасын, - деп
күлүп жиберди апам мени карап.
Менин тайенемдин аты Асел болчу, теги бир
тынчы жок, дайыма бир нерсе кылып, иштеп
эле турат. Апам жумушунан бала-бакчадан
келгиче бизди да карайт. Үй-бүлөөбүздө жети балабыз, чоң агам Фрунзеге окууга кетип,
экинчиси мен, калган ини-карындаштарым али
майда.
Тайенем эрте менен эрте туруп, уйларды саап,
сүттү бышырып тартып, биз турганда каймак
да даяр болуп калат. Сүт тарткычты, кырылдаган сүт тарткычты бир калыпта
айлантып атып, эрте турган тайенем үргүлөп
да кетчү. Сүт тартып бүткөндөн кийин сүт
тарткычтын ичиндеги кичинекей “конус”
темир табактарына жабышкан сүт каймакты
###### тазалачубуз. Ал табактардын 0 дөн 32 ге чейин номерленип, ким эрте турса ошол
жалачу, агам (менден үч жаш улуу) окууга
кеткенге чейин экөөбүз талашып,
мушташканга чейин барчубуз. Кээде тайенем
тепетең 16 дан бөлүп берчү. Ал кеткенден
кийин мен өзүм тазалап калдым. Менден кийинки карындашым уктап калып, ал үчүн
таштаганга болчу эмес, анткени, табактарды
тайенем дароо жууп койчу.
Анан тайенем жаңы тартылган каймак, ысык
нан менен чай берип, сөрүдө олтуруп алып
шашпай ичип, жакшы тойуп алып уйларды сайга айдап жөнөчүмүн.
Атам жайлоого жөнөгөнү даярдык көрүп,
кечинде кеч келчү. Атамын мен мектепке
колдончу дептерлердей эски дептерине
жайлоодогу чабандардын заказдарын,
өтүнүчтөрүн жазып алчу. Чабандар жайлоодо июндан сентябрга чейин түшпөй ошол жакта
болгондуктан, аларга азыктарды жана бүт
керектүү нерселерди атам ташыйт. Кээде атам
чай ичкиче, машинесинин кабинасына чыгып
олтуруп, ошол көк дептерин окуп калчумун.
Калем менен чабандардын, алардын аялдарынын аттарын жазып, алдына
өтүнүчтөрү жазылчу. Көбүнчөсүн алар күнүгө
керектүү товарлар: газ баллондор, ширеңке,
туз, калемпир, пиалалар, батареялар, чырак
фонарлар, кашык, эмеректер, жашылча-
жемиш, кант, күрүч, ун, макарон, балык консервалар, самын, чылымдар ж.б.
Анан бир атайын заказдар да болчу, бир жолу
атам мал-товар ферманын башчысы Абий ака
менен чай ичкенче ошол заказдарды
талкуулап атканын угуп калдым.
Дептердеги тизмени карап, Абий ака кээ бир заказдарга токтоп, үн чыгарып окуп калчу
кээде.
- Охо, Төлөнбай ака(атам), карасаңыз, Акун
аканын катыны(аялы) дагы баягы бетмай,
эмне муну алар жейби тигил олчойгон кызы
экөө, жайлоодо кимге жасанышат, күзгү да сурашыптыр, алардын меникиндей капкара
беттери тонналап шыбаса да өмүрүндө
агарбайт, келген сайын бетмай издейбиз,
тообо, - деп жини келет.
- О-о, Калил түрккө албетте сакал алгыч
лезвия, бар жогун бир күндө эки жолу кырат ко бул, эми жайлоодо сакалды албай деле
койсо болот ко бир жума, бир жума, ушул
түрктөр жүнгө бай болушат, - деп күлүп
калчу.
- А бул вазелинди эмне кылат, - деп күлүп
атаман сурап. - Суукта балдарынын, өздөрүнүн колдору
жарылып кетсе керек, ошого сыйпаганга го, -
деп жооп берчү атам.
Бул заказдардан башка да сырдуу заказдар
болчу, аларды ферма башчы билчү эмес. Алар
спирт ичимдиктери, атам аларды жөнөп кетээрде сатып алчу.
Атам колхоздогу, айылдагы жаңылыктарды
да угуп, топтоп, барганда чабандарга айтып
бермек.
- Эй, байбиче (апам), о айылда эмне ушак,
жанылык бар, жайлоого барсаң чабандардын аялдары эле тажатты, “эмне болуп атыптыр,
айтып бербейсизби” деп, - сурап калат эле
апаман атам.
- А, эмнесин айтайын, Кубандын баласы
үйлөндү, аркалык келин алды, анысы
эркектердей шым кийип келген имиш, чачы да кыпкыска экен, Маткаримдин кызы
мединститутка өтүптүр, эки бука, бир койдун
пулу кетиптир, Таирбектин баласы кошунасы
Каримбердинин корозун уурдап, эми урушуп
атышат.... мына ушулар, дагы эмнени айтып
берейин, - деп апам айткыча, чарчаган атам үргүлөй баштайт.
- Аа, муну карасаңар, мен кимге айтып атам,
бул качан эле түш көрүп аткан го, - деп апам
атамы түртүп калчу.
Атам жайлоо менен колхоздун, айылдын
ортосунда үч ай почтальон болчу, ал убакта жайлоодо радио тартчу эмес, чабандар гезит
деле окушчу эмес.
Ошентип, мен дегдеп күткөн Алайга жөнөөр
күн да болду. Эртең эрте менен жөнөйбүз
деген күнү уктабай чыктым, география
китебимен Алай жөнүндө дагы окудум. Атамын машинесинин кузовунун алдында эки
чоң, бойу мендей, бензин үчүн капкара
“бочкалар” байланып турчу. Бул жолу жүн
кырка турган аппараттарды да жүктөдүк.
Апам жолго деп бир сумка карматты, ичин
ачсам жылуу кийимдер, өтүк, тумак да бар экен.
- Саратанда кышкы кийимди эмне кылам, -
дедим таң калып мен.
- Муну кара, ал жак сага Савай беле, жайлоо
дейт, эрте менен кечинде кадимкидей суук
болот, кар жаап койушу мүмкүн, үшүсөң алып кийгин, - деди апам.
- Тамак ичкин, бутуңан жылуу байпакты
чечпе, тоого жалгыз баспа, - деп насаат айтты
тайенем.
Анан, колхоздун борбору Кызыл-Шаркка
барып бензин куйуп, Кара-Сууга барып базар кылгыча түш болду.
Менин кубанычым койнума батпай, өзүнчө
эле толкунданып, биринчи жолу айылдан
алыс жакка аттанганыма өз көзүмө ишенбей
бара жаттым. Жолдо дагы бир нерселерди
алып, кечке жуук тага(тайаке) журт Кызыл- Сууга жеттик. Ал убакта Кызыл-Суу бийик
созулган Алдияр тоосунун бери жак
боорунда, Кызыл-Суу дарыясынын жогору
жагында жайгашкан эле. Чоң тайатам
Жолдош койгон, апамдар айтып жүргөн Т-34
танкасынын эстелигин көрүп, бир тагамын үйүнөн чай ичип алып, Кабылан-Көл аркылуу
Гүлчөгө жеткени жол тарттык. Атам жол
бойундагы айылдар жөнүндө да мага айтып
берип турду:
“Илгери, бир уламыш бойунча ушул айыл
турган жерде чоң көл болуп, айланасы жапайы токой болуп, кабыландар көп болгон
экен. Кийин бул суулуу, тоо этегиндеги түз
жерлерге, туптунук муздак суусу бар көлдүн
бойуна адамдар отурукташып, алар ошол
жерлерди илгертен байырлаган
кабыландарды өлтүрүшүп, акыркы кабылан өлгөндө эмнегедир бир табышмак сыр менен
көл да түбү менен жоголуп кетиптир. Азыр
эми ошол көлдүн ордуна бир аз саз калган.
Анан айыл Кабылан-Көл деп аталып калган
экен”.
Жол андан ары суу бойлоп, жогору карай өөрлөп атып бел аштык. Бел менен көтөрүлүп
атканда сол жакта бийик жерде жылтылдаган
кызыл жарыктар бар экен, караңгыда
деңиздеги маякка окшоп бирде өчкөнсүп,
кайра жангандай болуп турат экен, ал көрсө
телевидение тартканга мунара экен. Белди ашып, түн кирип келгенде Гүлчөгө түштүк
(Алай районунун борбору).
Атамын эжесинин үйүнө түнкү ондордо
жеттик, бир аз чай үстүндө баарлашып
уктадык. Эрте менен таң атаары менен атам
мени ойготуп, Сары-Ташка жол алдык. Жол Гүлчө дарыясын бойлоп, жыландай сойлоп,
бир туруп оң жагына, бир туруп сол жагына
өтүп, анча деле бийик эмес тоолордун
боорлору менен акырын өйдөлөп узарат.
Көбүнчө чоң айылдар ушул Ош-Хорог
жолунун боюнда жайгашкан, биринчи чоң Кызыл-Коргон айылын, анан Сопу-Коргон
айылын аралап өттүк.
Атам экскурсия өтүп жаткан гидке окшоп
жолдогу айылдар жөнүндө, алардын
аталыштары, эмнеге андай коюлгандары
жөнүндө мага айтып берип жатты: - “Кызыл-Коргон болсо, же бияктагы коргон
айланадагы топурак жердин түсүнөнбү, же
коммунисттердин кызыл байрак түсүнөнбү
коюлуп калган окшойт деп ойлойм, Ал эми
“сопу” болсо, бул арабдардын «суфи», деген
сөзүнөн чыккан болушу мүмкүн, “суфи” же кыргызча “сопу”, Бул такыбачылыкты туу
тутунган, кудайдын жолунда жүрүүнү өзүнө
ниет кылып, ошол жолдо аракет кылган
адамдарды айтышкан.
«Суфизм» араб тилиндеги “сууф” деген сөздөн
келип чыгарын, анын мааниси жүн дегенди түшүндүрөт. Алгач минтип жүндөн кийим
кийгендерди аташкан, кийин ал диний мааниге
өтүп кеткен. Анан кыргыздар ушул жолго
түшкөн мусулмандарды “сопулар” деп
коюшкан.
Ошондой бир сопу киши ушул жерге отурукташып, анан бул жер ушундай аталып
калышы мүмкүн”.
Атам колхоздо жөнөкөй айдоочу болгону
менен ислам тарыхын жакшы билип, китеп
көп окучу. Кийин пенсияга чыкканда атам
арабча окуганды үйрөнүп, Меккеге зыярат кылып “ажы” болду, көп жылдар бою биздин
чоң айылдын мечитинде имам болуп жүрдү.
Андан ары жүрүп олтуруп «Кум-калла-мазар»
деген кызык аты бар жерден өттүк. Дагы эле
менин суроомо, атам бул ат жөнүндө да
шашпай айтып берди: - “Мен бир жолу атайын токтоп да көргөм, бул
жерде ыйык мазар бар, “мазар” бул сыйына
турган ыйык жер. Менин угушумча, илгери
бир хандын көрсөткөн кордугуна чыдабай,
башка эч бир жерде кың дешпей баш ийип
жүргөндө, ушул жердеги кана кыргыздар ханга каршы көтөрүлүп, анан, хандын
желдеттери жаап келип бул жердеги
кыргыздардын бирин да калтырбай баштарын
кесип, бир жерге үйүп, айылды жексен жок
кылышып кетишиптир. «Кум» деген сөз араб
тилинен «көтөрүлүш», ал эми «калла», бул өзүң билесин бул “баш”, кийин элдер келип
бул жерде жаткан баатыр маркумдарга куран
окуп, мазар болуп калыптыр”.
Машина билинбей өйдөлөп атып, акыры сол
тарапта үч бийик эгиздей окшош зоолор
көрүнүп, «Жүркүн» деген айылга келдик. Бул айылдын аталышы да мага кызык көрүндү,
атам муну да бир заматта чечмелеп койду.
- “1920-жылдары бул жерлерде Кызыл
Армиянын чек арачылары менен басмачылар
согушуп келген, басмачылар Кызыл Армияга
моюн бербей, совет бийлигине каршылык көрсөтүшкөн, бирок алар салыштырмалуу аз
күч болуп, курал-жарактары начар болгон.
Ошол кагылышуулардын биринде Юркин
деген орус Кызыл Армиянын жоокери каза
болуптур да, совет бийликтер бул айылдын
атын ошол жоокердин урматына “Юркин” деп коюшуптур, кийин “ю” га тили келбеген
кыргыздар “Жүркүн” деп которуп коюшкан”.
Дагы жүрүп олтуруп «Арчаты» деген чек ара
постуна жеттик, тизилип токтоп турган
машинелер көп экен, демек, биз СССРдин чек
ара зонасына кирип келдик. 1970-жылдары Кытай менен чек ара аябай катуу көзөмөлдө
болгон, ошого чек ара зонасына КГБ (Комитет
госбезопасности) СССРдин «спецпропуску»
менен кана кирсе болот эле. Атам мени 16
жашка жете элек уулум деп өзүнүн
пропускуна жазып, жашыл шапкечен орус чек арачылар документтерди текшерип тез эле
өткөрүштү.
Ары карай өрөөн кыйла кеңейип, сол жакта
бозоргон, кээде жашыл тоолор бийиктеп, оң
жакта апакай бөксө тоолор көрүнүп, Ак-
Босого деген айылдан өттүк. - “Бул айылдын ары жагынан акиташтын чоң
кени табылган, ошон үчүн тоолору апакай
көрүнөт, экинчиден, бул Талдык белинен
кийин өрөөндүн босогосунда турат, балким
ошондон Ак-Босого болуп калган”, - деп атам
мен сурай электе айтып берди. Ак-Босого артта калып, Ош-Хорог жолунун эң
кыйын, кызыктуу бөлүктөрүнүн бири, мен
дайыма атаман угуп жүргөн айтылуу Талдык
белине жакындадык. Белге жетпей суунун
боюна токтоп, бир аз эс алып чай ичтик, апам
салып берген нан, Гүлчөлүк эжебиз берген эт менен. Суу өлө муздак экен, ичсең тишти
какшатат, Савайдын Шарихан-Сайы дароо
эсиме түштү, “азыр менин досторум жыргап
сууга түшүп атышат ко, малдарды сайга камап
коюп” деп, бирок, ал досторум мындай сууну,
бул бийик сүрдүү тоолорду, муздак соккон шамалды, таптаза бир чаң жок абаны азыр
мендей көрүп, сезбей атышат деген ой мени
кайра шердентти. Атамын көк термосундагы
чайды бир ысык ичсем дечү элем, аны да
ичтим.
Бир аз жүргөндө, Гүлчөдөн бери бизди жандап жүргөн дарыя бизден сол тарапка
кача баштады, акыры көрүнбөй да калды, биз
болсо оң тарапка өйдөлөп, айтылуу Талдык
белине акырын көтөрүлө баштадык. Мен
атамдан суранып, белди жакшы көргөнү
кузовко чыгып алдым, апам салып берген жылуу свиттеримди кийип. Кузовдон
Алайдын чокулары, аппак кар тоолору даана
көрүнүп, муздак шамалдан көздөн жаш агып,
кара “бочкалардын” жанында бара жаттым.
Ий, айткандай, атамын минген колхоздун
ошол убактагы мен деген машинеси «УралЗиС- Урал-355М» марка жүк ташыгыч машинеси
эле. Жүк көтөрүмдүүлүгү 3,5 тонна болгону
менен, атам айткандай 5 тонна деле тарта
берчү. Кыймылдаткычынын көлөмү - 5,55 л,
алды арты тартчу. Жүгүбүз өтө эле оор
болбогон менен машине жогорулаган сайын акырындап, үнү катуу чыгып, кээде
кыңылдап, кээде арылдап белге келдик.
Жолдун боюнда суусу кайнаган, түтүн
каптаган машинелерди да көрдүм. Мен жөн
турбай, канча бурулма(серпантин) бар экенин
эсептей баштадым. Машине бир ары барып, анан кайра эле баягы жерге бир аз бийигиреек
келип олтуруп, жол кээде чаңып, 22 же 23
бурулма болгондо чокусуна жетип келдик.
Белдин бийиктиги деңиз деңгелинен 3615
метр бийик экен, мынчалык бийиктикке
өмүрүмдө биринчи жолу чыгышым. Белдин чокусунда сөөккө жеткен муздак шамал уруп,
50 метр ары аппак, кадимки кыштагы карлар
жатыптыр, өмүрүмдө август айындагы карды
да биринчи жолу көрдүм. Эгер ылдый карасаң,
тээ ылдыйда белди ашам деген машинелер
ширенкенин кутусундай болуп кыймылдап атканы көрүнөт.
Атам мени карап колун башка тарапка
каратып, биякты кара дегендей колун көтөрүп
калды.
Атам болсо мага сүйлөп атты:
- “Мына, жакшы аба-ырайы болсо бул жерден Ленин пигин көрсө болот (бийиктиги 7134
метр). Тээ карасаң, Алай өрөөнүнүн үстүндө
турган аппак тоо ошол, белден көрүнгөн
тоолордун бийиктиги 5000 метрден кем эмес.
Жайы кышын кар кетпейт, мөңгүлөр атам-
замандан бери эрибейт. Белден ары такыр башка климат, башка
табийгат башталат, Эми буга чейин сен көргөн
жылаңач тоолор, ар түстүү дөңдөр, адырлар
жок болуп, таң каларлык жапжашыл жайлоо
төрлөрү, самындай көбүрүп аккан таптаза
суулар, килемдей жайылган түрдүү гүлдөр пайда болот”.
Ооба, күн тийип, кээ бир жерлер жалт-жулт
этип, чалкайып жаткан өрөөндүн фонундагы
керемет тоолор, бул мен окуп жүргөн бир
фантастика китебиндеги, теги эле бир башка
планетадай сезилди. Бул сулуулуктун панорама сүрөтү дагы эле эсимде, көз
алдымда, эч бир сөздөр менен айтып,
сүрөттөп да болбойт. Оозум ачылмак турсун,
бүт денем дүркүрөй түштү.
“Алай өрөөнүндө шибер чөп тизеден келип,
алыс жакта жайылган жайлоолор көрүнүп, миңдеген кой, ат, топоздордун армиялары
Кичик-Алайдын мөңгүлөрүнүн эригенин
күткөнү кирип келишип, аппак сүрдүү
тоолордун тынчтыгын бузгандай”, - деп 1903
жылы орус офицери Н.Л.Корженевский
жазган экен. Илгери Талдык белинде Памирге жолду курган адистердин, салгандардын
аттары жазылган мамылар болчу дешет.
Булар подполковник Б.Л.Громбчевский,
инженерлер Мицкевич, Бураковский,
Зараковский, подпоручик Ирмут ж.б. 1916
жылы Талдык аркылуу ат араба жүрө турган жолду Россия империясынын австрия
туткундары биринчи жолу курган деп айтып
жүрүшкөн. Корженевскийдин айтуусу
боюнча Алай өрөөнүнө биринчи ат араба жол
андан 22 жыл мурда 1894 жылы орус
аскерлери тарабынан салынган. Белдин чокусунда Ош-Хорог жолунун
биринчи куруучуларынын бири, 1933 жылы
ошол трасса ачылганда каза болгон Юрий
Францевич Грушкого эстелик бар. Суук
шамалга чыдабай, сулуулукка берилип
телмиреп катып калган мени атам машинеге олтургузуп, белден ылдый карап Сары-Ташка
жөнөдүк.
Бир аз ылдыйлап, кайра 40-лет Киргизии
(3541 м) белине чыгып, андан ары кайра
ылдый жүрүп олтуруп Сары-Ташка кирип
бардык. Сары-Таш деңиз денгелинен 3150 метрде турат, СССР убагында чек ара заставасы
болуп, Кытайга, Эркештам тарапка жана
Тажикистанга, Дароот-Коргон тарапка кетчү
жолдордун тоомунда жайгашкан поселок.
Сары-Ташта дарак көрүнбөйт, ачык жерде
көчөлөрүнөн чаң көтөрүлгөн, муздак жел жүрүп турат.
Биз токтобой чыгыш жак тарапка Эркештамды
көздөй бурулдук. Биз Алай өрөөнү менен жол
жүрүп бараттык, бир аздан кийин талаада эле
чек ара постунда аскерлер токтотушту. Атам
армияда кызмат кылып орусча да жакшы билген, ошого орус аскерлер менен орусча
сүйлөшүп калды, ошондо мен атамын орусча
сүйлөгөнүн биринчи жолу уктум, таң калдым
дагы. Анткени, мен орусча билет элем, бирок
сүйлөчү эмесмин, мектепте орус тил эжеке
менен эле бир аз сүйлөшпөсөм, айылда эч ким орусча сүйлөшчү эмес ал убакта. Атам
аскерлерге сигарет белек берди, аскерлер
«спасибо большое за сигареты» деп бизди тез
эле койо беришти.
- Булар дайыма сигарет сурашат, чекпейм
десең ишенишпей жаман көрүшөт, ошого бир- эки пачке берип турам, - деди атам. Атам өзү
өмүр бою тамеки тарткан эмес.
Оң тарапта керилип, чаржайыт кең Алай
өрөөнү жатат, ар жагында тизилген аппак
чокулар ороп турат. Алыста Кызыл-Суу
дарыясы кээде өрөөндө чачылып, кээде бир нугуна чогулуп, шашпай агып жатат. Анан биз
Кара-Киндик деген чакан кыштоодон өттүк.
Кээде бир коктуга кире коюп, кайра өйдөлөп,
кээде түз жол болуп Алай өрөөнүнүн четин
жиреп бара жаттык. Гүлчөдөн чыкканыбызга
беш-алты саат болуп кетти, 180 км болгону жол жүрүптүрбүз спидометрди карасам,
жайлоого дагы эле жете элекпиз.
Биз бараткан жол айтылуу Улуу Жибек
Жолунун бир аз кана бөлүгү болчу,
Борбордук Азияны басып алган Орус
империясы чек араны караганы жана Кытай менен сооданы токтотпой, ушул жолдорду
тейлеп, көзөмөлдөп турган. 1892-жылы Ош-
Кашгар жолунда, Гүлчө дарыясынын жээгине
чоң чеп куруп, орус аскерлеринин гарнизону
жайгашкан. Бул жол менен соода
каравандары тынымсыз жүрүп, Кокондон, Ташкенттен, Самарканддан соодагерлер Орус
империясынын паспортун алышып Кытайга
катташкан.
1885-жылдан баштап Эркештамда чек ара
заставасы болгон, ат араба жол салынган.
Ферганадан Кытайга пахта кездемелерин, темирден жасалган буюмдарды, кант, тамеки,
ширенке ташышкан, ал эми Кытайдан болсо,
миңдеген жылдар бою келген чай, жибек,
фарфор, териден жасалган буюмдар
ташылган. Алайдын жайлоолорунан ушул
жол менен бүтүндөй Түркестан жерлерине эт жөнөтүлүп турган, ошого ошол убакта
Ташкентте «Алай базары» пайда болгон.
Биз да колхоздун чабандарына көп товар
алып келдик, кичинекей шар аккан суунун
боюна жашыл костюмга тигилген ак
топчулардай болуп боз үйлөр көрүндү. Машиненин үнүн угуп, иттер үрүп, он чакты
боз үйлөрдөгү тирүү жандардын бири калбай
тосуп чыгышты, атам машинесин эң ортодогу
эки боз үйдүн жанына келип токтотту. Боз
үйлөр суудан 20-30 метр аралыкта, экиден
үчтөн топ болуп тигилген экен, араларында чатырлар да жүрөт. Кичинекей балдар, иттер
да чуркап келишип, бардыгы машинени
тегеректешип, мени ким экен деп таң калып
карап турушту тааныбагандар. Анткени,
биздин айылдан бир-эки эле чабан бар болчу,
алар го мени таанышты. Аялдар дароо атаман заказдарын сурай башташты. Чоңдор
машинеге жабылышып, тез эле биз алып
келген жүктөрдү түшүрүшүп коюшту. Мен
эми эл менен саламдашып бүтүп, айланадагы
Айлама жайлоосун тамаша кылайын дегиче
бизди бир боз үйгө чакырышты. - Эй, энеңди сары катын бат чай кой,
меймандар чарчап келишти, - деп кыйкырды
ошондо жашы элүүлөргө барып калган, бою
анча бийик эмес, көздөрүн тез-тез жумуп
ачып жымыңдаткан, кичинекей мойлоосу
(сакалы) бар, башына аппак калпак кийген биздин айылдык Иса ака.
- Кел өт Төлөнбай, башта сен, эй эненди сары
катын бол эми төшөк сал, - деп Иса ака аялына
кыйкырып.
- О-о, Камыт чоң жигит болуп калыптыр аа,
эми сага катын алып бериш керек, мына биякта бойго жеткен кыздар ары бери басып
бекер эле жүрүшөт, керели кечке укташат,
эрге тийсек экен тезиреек деп олтурушат, -
ушул жерге келгенде атам Иса акага колун
көтөрүп, “болду эми, токто” дегендей кылды
да, Иса ака дым болду. Аркы беркини сурашкыча, Иса ака аялын дагы
бир-эки жолу сөгүп жиберди. Сөгүнгөндө тим
эле “энеңди, атаңды” биякта эле калды, эки
сөзүнүн бири сөгүш. Аялы, балдары көнүп
калышкан го, угуп да коюшпай өз иштерин
жасап жүрүшөт. Менин оозум ачылып калды, атам эч качан үйдө сөгүнчү эмес, апамы, бизди
да эч качан сөкчү эмес.
Иса ака орусча кошуп да сөгүп атты, кыргызча
сөгүштөр жетпей калганда. Мен чыдабай,
эшикке чыгайын деп атсам, атам айтып калды.
- Э-э, Иса ака, болду да эми, кечке эле балдардын көзүнчө сөгүнө бересизби, эми
аялыңызды атынан эле айтса болбойбу, - деп
калды.
- Аа, мунун атын ким билсин, о энеңди, мен
үйлөнгөндө эле аты "сары катын" болчу, - деп
күлдү аялын карап. Биз да күлүп жибердик, аялы чын эле башка
аялдарга салыштырмалуу сары жуумал аял
болчу.
- И-ий, "өлүгүңдү көрөйүн, болдучу элдин
көзүнчө, жүз грамм ичсе эле бүттү", - деп аялы
кейиди. Бир чыны чай ичип, бат эле чыктык да
өзүбүзгө тууган Кара аканин үйүнө кирдик.
Кара ака былтыркы жылы колхоз берген
турпутевка менен өмүрүндө биринчи жолу
Оштон чыгып, Москва, Ленинградка, Балтика
шаарларына барып келген, ошолордун ичинен Латвиядагы Юрмала шаары аябай
жагыптыр. Барып келгенден кийин элдер Кара
акадан “сизге эмне жакты” деп сурашса:
- Мага болгону Юрмала эле жакты, - деп жооп
берчү.
- А эмнеге Юрмала, баргандарга Ленинград, Рига жагыптыр го, - дешип таң калышыптыр.
- А койчу ошол Москва, Ленинградды, адам
деген колхоздун коюнан да көп экен, биринин
жүнүн бири жейт, каякка барсаң толтура
адам, кускуң келет. Эй, ушул дагы жакшы
согуш болуп, Гитлер жарымын кырып кетиптир, болбосо азыр батышпай калмак
экен тообо. Тээ тоодой бийик, бийик тамдарды
салышып, ошого чыгып жашашат экен. Жер
үстүнө батпай, жерди казып жол салып
алышыптыр, Алайдын суурларына окшоп.
Күнүгө элдер менен түртүшүп жүрүп кечинде башым ооруп атты.
Юрмалада сонун экен да, ушул Алайдай тынч
экен, канаттуулар тымбай ырдап сайрашат.
Киши аз, килтейген деңиз бар экен, ошончо
суу каяктан чыгып, каякка барат десеңер. Бир
эки этаж бийик эмес үйлөр көп экен. Башка шаарларга караганда тамакты да жакшы,
аябай беришти, өмүрүмдө жебеген балыктар,
колтойгон эттер, мына мобуреки таяктай
болгон шашлыктар, Оштун шашлыгынан үч
келет. Магазиндеринде деле түртүшкөн орус
жок. Ии, анан бир чооң торт жедим десең, андай тортту сен жеген эмессиң, аны жеген да,
жебеген да арманда..
Мына ошентип Кара ака Юрмала жөнүндө
токтобой сүйлөп берчү. Анан, ал бар жокту
эле Юрмаладагыдай деп салыштыра берчү,
Юрмала бар жоктон эталон болчу, Тамак Юрмаладай болуп, үйлөрдү Юрмаладагыдай
салып, эмне көрсө, укса Юрмаладагыдай экен,
же ошо Кара ака Юрмалада көргөнгө жетпейт
экен болуп чыкчу. Иши кылып Кара аканин
эки сөзүнүн бири Юрмала болуп калган.
Айылдагылар айтып калчу: - Кара акага жолуксаң Юрмаланы сурай
көрбө, бир саат кармайт, - деп күлүшчү.
Эгер Кара ака менен кача албай сүзүшүп
калып:
- Ассалому алейкум Кана ака, - десең, анда
Кара ака дароо баштайт, “мен шу Юрмалага барганда” деп туруп, же чачыңды, кийимиңди
ж.б. Юрмаладагыга салыштырып кетет.
Бирге баргандар кийин айтышыптыр, көрсө,
Кара ака жер астында метрого түшүштөн
коркуптур, жылып аткан эскалаторго түшө
албай коюптур, лифттен ажыдаарды көргөндөй качып, мейманканада Москвада 15-
этажга Алайда көнүмүш тоого чыккандай эле
жөө көтөрүлүп, түшүп жүрүптүр.
Ошентип айылдыктар Кара акани “Юрмала
ака” деп алышкан.
Биз Юрмала аканин үйүнө кирип, кымыз ичип олтурсак атамы бирөө чакырып кетти, мен
болсо Юрмала жөнүндө лекция угуп, жолдо
чарчап, мындай узак жол жүрбөгөн эзилген
жаным, кымызга, этке тойгон бойдон катуу
уктап калыпмын.
Ойгонсом төшөктө жатам, эбак эле таң атыптыр, атам үстүмө тонун да жаап коюптур.
Боз үйдүн ичи суук, эч ким жок. Эшикке
сууктан чыккың да келбей кыйла жаттым.
Апам туура эле айткан экен, бул Савай эмес
ысыктан тердегидей, салкын жайлоо Алай
экен, болгон жылуу кийимимди кийип сыртка чыктым. Көргөн көзүмө ишенбедим,
кадимкидей Савайда кышта жаагандай кар
себелеп атыптыр. Үшүгөнүмөн атамын тонун
да күпүйүп кийип алдым. Кара аканин аялы
мени көрө калып чуркап келди.
- Атаңдар кой кыркынга кетишти, кеч келишет, жүр чай ичели, - деп, боорсок, каймак менен
чай берди.
Шашпай олтуруп, Кара аканын уулу Аким
менен аркы теркини сүйлөшүп эшикке чыксак,
жанагы кардан дайын жок, чайыттай күн
тийип айлана жаркырай түшүптүр. Кыш болуп атты эле, дароо жаз болуп калыптыр.
Алыста тоонун боорунда капталда
кыймылдаган ак, кара чекитке окшоп койлор
топ-топ болуп жүрүшөт, бери жагында
жылкылар бир токтоп, бир чуркап атышат,
андан бери эмитен эле тойуп алышканбы, көп уйлар жатып алышыптыр. Жогору жакта
аппак тоолор жакын эле тургандай, сол
тарапка кыйла узакка жапжашыл төр жатат,
оң жагында тоо жакын, болуп, ар жагында
дагы бир тоонун жону көрүнүп турат, ылдый
жакта болсо аккан суу бир көгөрүп, бир агарып ийри-буйру болуп, мөңгүдөн түшкөн
сууну кайдадыр алып кетип атат. Бул жерде
деле элдер аз болсо да, бардыгы бирдеме
менен алек болуп тиричилик өтөт окшойт. Мен
үшүп араң эми биртке жылып, тонду дагы эле
чечким келбей атса, кичинекей жайлоонун балдары көйнөкчөн эле чуркап жүрүшөт,
мурдуларын арчып коюп. Менин назарым оң
жактагы тоонун боорундагы кара-кара
болгон, ок тийгенге окшогон тешиктерге
түштү.
- Бул эмне болгон тешиктер, - деп сурап таң калдым мен.
- Аа, алар суурлардын ийиндери да, жүр
көрүп келебиз, - деди Аким.
Аким мени менен жашы тең болгону менен,
менден бою бийик, денеси толук, бети кызыл
жүгүргөн бала эле. Алыстан жакын көрүнгөн суурдун ийиндерине эки токтоп эс алып, мен
энтигип атып араң жеттик Баскан сайын мен
өмүрүмдө көрбөгөн ар түстүү кичинекей
гүлдөр, ар кандай өсүмдүктөр, коңуздары да
Савайдагыдан башкача экен. Ийиндерди көрүп
андан ары тоонун кыркасына чыктык, Акимдин койлор жакты улам карап аткан
дүрбүсүн алып тамаша кылдым. Ылдыйда боз
үйлөр аппак топташтын таштарына окшоп
тизилип турат, ылдыйлаган сайын төр
капчыгайга айланып кууш болуп кетет экен,
аркы тоонун капталында да койлор жайылып жүрөт, салкын жел жүрүп, таза абадан айлана
алаканда тургандай дапдаана көрүнүп,
асмандагы ак булуттар бир аз эле көтөрүлсөң
жеткидей болуп, бирок тез кыймылдап,
айлана тыптынч жымжырт, бул тынчтыкты эч
бузгуң да келбейт. Акимге кандай сезилди билбейм, мен өзүмдү
аябай чексиз бактылуу сездим, мына, мен
китептерден окуган бейиштин төрү ушундай
болсо керек деген ой кетти, Шарихан-Сайдын
сайында баккан мал да жок, аптапта
саратанда сууда тизелеп отогон шалы(күрүч) да жок, тердетип жүдөткөн ысык жок, чаң
жок, чымын-чиркей жок.
Эх, кайсы бирин айтайын, ааламдагы
жыргалдын бардыгы Алайда экен, ушул
бейиштин төрүндө жашап жүргөндөр
дүйнөдө эң бактылуу адамдардай сезилди мага.
Ылдый түшүп баратып Акимди таң калтырып
гербарий жасаганга көп гүл, жалбырактарды
терип алдым. Анан, Акимге жардам берип кой
караштым, бээ байладык сааганга, ат мингенди
үйрөндүм, иши кылып бошогон жокмун, Үчүнчү күнү атам мени Кара-Киндикке алып
кетти, ферма башчы Абий ака менен. Жолдо
Абий ака көп ыр ырдады, мени да ырда деди,
бирок мен уялып ырдаган жокмун. Суунун
боюна токтоп чай ичтик, эт жедик.
- Камыт, Алай жактыбы, - деп сурады Абий ака.
- Ооба, бул жер бейиштин төрү турбайбы, -
дедим мен.
- Оо, балаңызды көрдүңүзбү, катуу жаккан
экен, Айлама(жайлоо) сонун жайлоо да, кал
анда, Иса аканин кызын алып берейли, бейиштин төрүндө жашай бересиңер, - деп
күлдү.
Мен анын кызын билем, чоң сары кыз, дароо
Иса аканин аялын айтып сөгүнгөнү эсиме
түштү.
- Майли, ал сары быштак жакпаса, кара түрк Калилдин палван кызын алып берели, ишти
жаман өлтүрөт да, эй, эркектердин колунан
келбегенди жасап коет, ого үйлөнсөң кар
болбойсун, - деп тамашалап дагы күлүштү.
Кара-Киндикке келсек жашоо жөн эле кайнап
атыптыр, кой кырккан аппараттар тартылдап, бир жагынан таразага тартышып, машинеге
жүн жүктөшүп, адам көп, кажы-гу

#14 02 September 2015 - 17:26
Камит Савай
Кыргызстанда көп нерсе кызык:
- кыргыз бажысына 20000 долларлык товары
бар машине кирип, жарым саатта чыкканда
ошол эле машине, ошол эле товары менен
баасы он эсе азайып 2000 долларлык болуп чыгат ....
- кытайлар Кытайдын акчасына жол салышат,
анан ошол эле жолду Кытайдын оор
машинелери, Кытайлык товар менен кайра
эле талкалайт...
- кыргыздар мусулманча үйлөнүшөт, нике кыйышат, анан үйлөндүк деп көбү
ресторандарда "капырча" тойлошот…
- Дүйнөдө нефть эки эседен көп арзандап атат,
бирок эмнегедир бензин биякта кайра
кымбаттайт. ..
- Мелжиреген бийик тоолор жайнайт, бирок кыргыз альпинисттер жок...
- Жылкы, кой жайыттарга батпайт, бирок эт
кымбат..
- Ак мөңгүлөрдө, дарыяларда суу толтура,
бирок суу сактагычтарда, айылдарда суу жок..
- Жогорку окуу жайлар толтура, бирок жумуш жок...
- Генералдар, офицерлер толтура, бирок
армия жок..
- "Бисмилла" деп баштайбыз, "Аллаху акбар"
деп мусулманча бата кылып той өткөрөбүз,
бирок тойдо каапырлардай "жинди суудан" ичип койобуз...
- Өзүбүздүн эне тилибиз бар кудай берген,
бирок бир орус олтурса беш кыргыз орусча
сүйлөйбүз..
- Килтейтип эки этаж үй салабыз, бирок көчүк
айланбаган жанындагы "времянкада" жашайбыз...
- 120 депутатты багабыз, бирок элди
сүйүнткөн бир мыйзам жок…
- Кимден сураба, бүт эле депутаттар кол
тийбестикти, привилегияларды алып салып
жоготуш керек дешет, бирок, чечкиндүү аракет жок..
- Криминалдык авторитетти кызыл килем
салып самолетко узатышат, бирок, күнөөкөр
эч ким жок..
- Кумтор" кени бойунча бийлик алмашкан
сайын ар кандай келишимдерге кол койушат, бирок, кыргызда алтыны бардай жашоо жок..
- Тоо, мөңгүлөрүбүз толтура, бирок,
айылдарда, суу сактагычтарда суу жок..
- Беш институт врачтарды чыгарат, бирок
айылдарда врач жок..

#15 02 September 2015 - 18:54

Жузубузго жылмаю жаратып барып ичибизди тызз кылган чындыктар экен.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#16 03 September 2015 - 09:20
Камит Савай Нарындын "Вьетнам килеми"
Киевде аспирантурада окуган убак, жубайым,
кичинекей кызым менен жатаканада
жашачубуз. Жай келип, каникул башталып,
Кыргызстанга кеткенге даярданып баштадык.
Аспиранттын стипендиясы тамак-аштан ашпайт, аялым кызым менен уйдо эле. Ошого,
дагы башка финансы жагынан булак табыш
керек деп ойлоп журчумун. Бир куну мен
менен окуган, соодага жакын поляк досум
айтып калды, "силер жакта Вьетнамда чыккан
килемдерди тапса болобу, уктум, Орто Азиядан алып келишет экен, сен да барганда
карап корбойсунбу, момунча доллар турат
биякта, сатып пайда табасын" деди. Ал кандай
килем десем, суротун корсотуп, кандай
болоорун, кантип таанышты айтып берди.
Союз олбо жаным деп турган убак, магазиндерде коп нерсе жок дефицит, бирок,
СССР импорттоп алып келген кээ бир
товарларды чет жактарда тапса боло турган
эле. Фрунзеге келип, дукондорду тыттык,
Вьетнамдын килемин издеп, ал убакта машине
жок, интернет жок, реклама жок, коммерция от ала элек чак, кун ыссыкта автобус кутуп
басмай, Кантка, Токмокко, Быстровкага чейин
бардык, эч жерде жок. Сатуучулар тан
калышып, "анын эмнесин жактырасынар,
килем деле эмес, оор, гулдору оюлуп
жасалган, жашыл, ак эле тус менен жасалган, момундай эле сонун Кара-Балтанын
жепженил килемдеринен отору жок" деп
акыл айтышат.
"Кээде эле орустар албаса, буларды эч ким
деле карабайт, силер эмне кыласынар?" деп
суроо салышса, биз кымыйып айта албай, "бир орус илимий жетекчиме белек кылайын
дегем" десем, туура тушунушуп, дагы кайдан
издесе болоорун айтып кенеш берип
калышат. Чынымды айтсам, жетекчиме
дайыма Кыргызстандан коон, коньяк ала
барчумун, бирок, килем бере элек болчумун, берсем да балким алмак эмес. Мени менен
окуган Чимкенттен Адиль деген досум коп
нерсе ташычу жетекчисине, кийин эле алып
келбей калды. "Эмне болду, уруша кеттинби"
деп сурасам, бир соз болуп калганда.
"Жок, урушканым жок, оло албай журупмунбу, мени билесин, откондо да коп
нерсе алып алып уйуно баргам. Ал болсо мен
азыр эле 4 мин км апам базардан кымбат
сатып алып, мен которуп келген сонун орук
какты килтейген "Маршал" деген итине салып
берсе болобу менин козумчо. Менин жактырбаганымы билип, "Маршал" суйот орук
какты, айрыкча сен алып келгенди" десе
болобу. Мен акшырайып тигил тамагына
тыгылып калгыр мендей болгон итин карасам,
сездиби, ажылдап уруп, мен кеткиче шаштым.
Ошондон кийин, алып келмей, уйуно бармай жок" деп кулду Адиль.
Биз анан Кара-Балтага чейин да карадык,
болбоду. Эми онойураак кол жакка жылсакпы
дедик, колго тушкончо издейлик деп. Ошого,
туура эле Караколго жонодук, кайындарга
барып учурашып, кызыбызды караган киши болот, шашпай карайлы деген ой менен.
Орустар Каракол жакты качан эле сопсонун
кылып тазалап коюптур, "Универмаг" ,
"Хозмаг" дегендерде ташбака да жок, Чолпон-
Атага чейин келдик кайра. Бир колдук
бажамын таанышы айтып калды, "Рыбачьеде коргом ушул силер айткан килемди" деп. Озу
да бир иштерман, колунан бар жок келген,
тытынган, чарбачыл, бышык киши экен. Анын
"кличкасы" Дунган" болуп, огородунда бут
нерсе осуп, малдары да коп болчу. Биз
ишенбедик, кантип эле Рыбачьеде, орустар коп шаарда калтырып коюшсун, адашып
башка эле килемди айтып атат деп ойлодук.
Мен "барбай эле коелу, убара болобуз" дедим.
"Каяктагы жок эле Вьетнамдын килемин
издегенди токтотуп, элге окшоп нормально эс
алалы, кызыбызды карайлы" дедим келинчегиме.
"Эми ушунча болду, дагы карап көрөлү бир
эки күн, анан бир жолу эс алалы, балким
табылып калаар" деди "үйдун прокурору" .
"Үйдүн прокурору" айткандан кийин, демек,
тапмай сайын токтобойт, тигил, ушунун бардыгын чыгарган поляк досумду "жакшы"
создор менен эстедим..
"Бул "Дунган" олсо да адашпайт, шахмат ,
карта боюнча чемпион, эс-тутуму кучтуу, эч
нерсени унутпайт, ойготуп сурасан да "лювой"
нерсени так айтып берет, барып келгиле, табасынар" деп калды , биздин ыссыкта
кунуго ары-бери чаап жургонубузду коруп,
бизге боору ооруган бажам.
Эртеси Караколдон Рыбачьеге жонодук,
автовокзалдан тигил "Дунган" айткан четтеги
"Хозмагга" эптеп жоо жеттик. Кичинекей, жепирейген эле эски магазин экен, кирип эле
карасак, биз издеп жургон алыскы, ошол
убакта боордош социалисттик, Хо Ши Мин
жетектеген Вьетнамдын жапжашыл болуп,
оюлган гулдору менен бир эмес, эки килеми
чан болуп бироо илинип, экинчиси жашыктардын устундо жатыптыр. Оз
козубузго ишенбей, оозубузду ачып, бири
бирибизди карап
селейип туруп калдык, биздин жаныбызга
басып келген сатуучу да тан калып бизди
көпкө карап калды, буларга эмне болду деп. Менин козумо бул Вьетнамдын килеми озунчо
эле бир кымбат баалуу картинадай корунду,
музейде карагандай эле карадым. Келинчегим
тез озуно келип, килемдерди кармалап, "Ошол
эй, сонун килем экен, калындыгын кара, мына
артында "Вьетнам" деген жазуусу бар экен" деп арт жагынан бери оодарып шашып карап
чыкты. Экообуздун суйлошконубузду тыншап
сатуучу да кызыгып калды. Баасы да кымбат
эмес, соодагер аспирант поляк айткандай эле
болуп чыкты.
"Дагы барбы ушундай килемден" деп сурасак, сатуучу тан калды.
"Мен билгенден уч жылдан бери жатат бул
экоо, башка жок, аласынарбы буларды" деп
таң калып сурап калды.
"Ооба, экоону тен алабыз" дедим мен.
Сатуучу суйунгон бойдон даярдай баштады килемдерди.
"Жакшы болбодубу, качан чычкан, "моль" жеп
кетет экен деп аттым эле" деп.
Эми бул капка салган таштай оор килемдерди
автовокзалга жеткирип, андан ары Караколго
(Пржевальск) алып кетиш керек эле. Магазинге келген бир жигитти сатуучу
суранып, бизди ал машинеси менен
автовокзалга таштамай болду.
Аркы беркини суйлошкондон кийин, сатуучу
аял айтып калды, "Нарын жакты карап
коргуло, балким табасынар ошол жактан, орустар аз го ал жакта" деп калды.
"Сиздин магазинден эмне орустар алган жок
буларды" десем, "башка хозмагдар бар чон,
ошол жакка барышат, биякка эмнегедир аз
келишет" деп калды.
Бизди алып кеткен жигит Нарынга каттап турат экен "Москвичи" менен, жолдо жакшы
таанышып, ал бизди Нарынга алып бармай
болду. Эки килем таап, суйунуп, куулонуп
калдык, эртеси Нарынга бара турган болдук.
Эки килтейген килемди салып алып Караколго
жонодук, автобустун орус айдоочусу согунуп- кагынып, жаман козу менен карап, суйлонуп
атып аран багажга салды. Маанайыбыз беш
эмес эле он болду, килемдер табылды,
шашпай Рыбачьенин автовокзалынын ото
деле жакшы эмес тамагынан жедик,
"Жигулевское" пивосунан ичтим, чарчаган жаныбыз Караколго чейин уктап, менин
тушумдо соодагер аспирант поляк досум
болуп экообуз Вьетнам килемине олтуруп
алып диссертация талкуулап атыппыз.
Илимий жетекчим келип калып, чочуп кетип
ойгонсом Караколго келиптирбиз. Бизди алып келген жигит менен эртеси
Рыбачье менен Чолпон-Атанын ортосунда
"Эгиз бак" деген жерде жолуга турган болдук.
Ак конул, токтоо, узун бойлуу, ачык суйлогон
жигит экен, атым Марс деди, апасы ини-
карындаштары менен Рыбачьеде жашап, мектепти эки жыл мурда буткон бойдок бала
экен.
Эмнеге "Эгиз бакта", же Рыбачьеде, же Чолпон-
Атада жолукпайлыбы, талаадагы эгиз бакта
жолукпай десем, корсо, анын суйлошуп
жургон кызы ошол жерде жашайт экен. Ошончо кыздар коп жерлерде журуп, таапсын
жалгыз уйдун кызын суйуп, дедим.
Жок, ал кыз иштейт ошол жердеги жаны
ачылган чакан кафеде, деп актанды Марс.
Биз менен Нарынга бажам да бара турган
болду, анткени килемдер оор болуп келинчегиме кыйын болот экен , озум жалгыз,
Кожомкул баатыр болсом да которо алгыдай
эмесмин, кичинекей майда вьетнамдар кантип
которушту экен, эч болбосо беш вьетнам аран
которушот болуш керек деп да ойлодум. Бир
чоон кок сумка бар болчу мендей болгон, Киевден алып келген, аны алдык, кепкаларды,
шортторду , ак футболкаларды кийдик. Бажа
жаш кезинде Италиянын "Спрут" киносундагы
"Комиссар Каттани", Микеле Плачидонун бир
аз карага бойолгон копиясы болчу, чачы да
коюу болуп, ошол актерго окшоп тарап алчу. Болжогон убакта келдик "Эгиз бакка". Бийик
эгиз бака теректердин колокосуно уч-торт
стол коюлган, ар жагында кой короо,
тоокканалар корунуп, кичинекей эки бала
ойноп жургон айланада эч нерсе жок чолдогу
жалгыз гулдогон оазистей корунду ал жер. Марстын кызы татынакай, кичи пейил, кара
тору кыз экен, бизди олтургузуп чай-пайын
тез эле берип салды. Ушул кыз Марстын
суйгону дедик, анткени, андан башка чондор
корунбоду, Марстын коз карашынан да
билинип турду. Марстын туугандары деп ойлодубу билбейм, тигил кыз башын
которбой, уялып суйлой албай, чакырмай
сайын келбей бирдемке кылымыш болуп ар
жакта журду. Бир аздан кийин билдик, эмне
эле Марс бизди биякка келгиле дегенин, ал
тигил кызын кафенин "кожойкесинен" бизге суратып алайын дептир, Нарынга алып
кеткени.
"Кожойкелер" иштери менен шаарга кетишип,
ошого Марстын тузгон планы ишке ашпай, биз
аны сооротуп, тортообуз жашыл эски
"Москвичти" минип Долонду коздой сызып жонодук...
Нарынга тез эле жетип бардык, бажанын
досунукуна жетип, чай-пай ичип экиге
болундук. Марс жумуштары менен бир жакка
кетти, бажа экообуз Ат-Башыга бара турган
болуп, келинчегим бажанын досунун аялы экоо Нарындын озун карамай болушту. Бажа
экообуз автобуска олтуруп тез эле жеттик.
Жалгыз универмагга барсак, сатуучулар кайра
бизден сурашты, "ал килем кандай болот" деп.
Вьетнамдын килеми Ат-Башыга жетпептир.
Сатуучуларга ал кандай болооорун айтып берип, кымыздан ичип кайра тарттык. Автобус
кетип калып орус солдат айдаган "военный"
машиненин кузовунда кайра тез эле урган
бойдон келдик. Автовокзалга жетпей
тушуруп салды эле, магазинден пиво алып
ичип атсак бир милиционер келип калды. -Кимсинер, документтеринер барбы, деп
калды.
-Кыргызстанда журуп эми паспорт ала
журойлубу, документти эмне кыласын,
кыргыз эле болуп турбайбызбы, деди жини
келип бажа. Чынын айтсам, менин кебетем бир аз озбек
чалышка окшош, сакалды да албай осуп
кеткен болчу, анан ак футболка, ак шорт, ак
"кроссовка" кийип алгам.
Бажа да ак футболка, шорт кийип, кебетеси
кореецке окшошуп кетет эле. Нарында болсо ал убакта биздей ак футболка,
шорт кийгендер жок экен. Бут эле кир
которумдуу кийинишип, кара тору келишип,
биздикиндей килтейген сумка которгон киши
корунбойт.
Тигил милиционер сержант бизди жаман козу менен сынагансып карап ары карай басып
кеткен. Ал кыйын иштеп аткан киши болуп
дароо милициянын болумуно чалган окшойт,
заматта мотоцикл минген эки мент учуп
келди.
Эч кимди карабай туура эле бизди коздой айдашты. Токтоп эле, "люлькадагысы
старший" окшойт, суракка алып кирди. Жини
чукул келген бажа уруша кеткидей, анда,
Вьетнам килемин минимум он беш суткадан
кийин издемекпиз. Мен жездени тизгиндеп,
милиционерлерге айттым, "РОВДнын" начальнигине алып баргыла" дедим.
"Ансыз деле алып бармакпыз, озунор айтып
калбадынарбы" деп экообузду дагы келген
мотоциклге бир бирден салып, экиден
кайтарышып жонодук. Тим эле озумду "чон
кылмышкердей" сездим, кинолордо кылмышкерлер качкан эпизоддор эске тушту.
Бирок, кинодон айырмаланып бул Нарындын
милициясы качыргыдай эмес, тортоо тен узун
бойлуу, азыркы милициядай курсак
байлабаган, спорт менен шугулданган
эргулдар экен, эки аттап эле жеткидей мага. Заматта алып киришип, экообузду болок
болок комнаталарга алып кирип, начальник
келгиче "Обьяснительная" жаз дешти. Вьетнам
килеминен башкасын жаздым, конокко
келдик бажамын досуна деп. Эмнегедир,
килем жонундо жазсам деле болот беле, бирок уялдым, ал убак ошондой эле, алып
сатаарларды урматташчу эмес. Жыланач, стол
менен эки стулдан башка эчтеке жок, жарык
анча тийбеген комнатада копко олтурдум,
туалетке милиция алып барып коштоп алып
келди, мен качып кеткидей. Анан, чыдамым бутуп баратканда, начальник
келди деп бир майорго киргизишти.
Бир аз суйлошкондон кийин эле ал тушунду,
биз "наркоман" же "наркотик издеген, саткан"
кишилер эмес экенибизди, чек арадан
отпогонубузду, иши кылып создон соз чыгып, аягында бажанын тааныштарын таанышат
экен, эки-уч сааттан кийин майор менен дос
болуп, мен майорго "ЭВМ", Акаев, Киев
жонундо айтып берип, тигил бизди кармаган
милиционерлерди ал согумуш болуп, кайра
тигил эки мотоцикл автовокзалга таштап коюшту. Тообо, Нарындын милициясы
ошондо катуу иштейт экен, чоочун бироону
корсо эле баса калышат экен, жакшы урушкан
жок, акча алышкан жок. Болгону жарым кун
кармап койушту.
Бажанын досунун уйуно келсек, бизди сарсанаа болушуп кутуп калышыптыр, кеч да
кирип кетти. Биз айтып берип бардыгыбыз
кулдук. Аялым болсо, "Ат-Башылык кыздар
ала качып кеткен го деп соз кылдык" деп
кулду. Бажамын досу "Конечно, бирин озбек,
бирин кореец болуп ак короздой кийинип алсанар, шортчон жыланач журсонор, дагы
жакшы контрабандисттер деп камап
койбоптур" деди. Нервибиз кеткен бажа
экообуз жуз граммдан алдык.
Марс болсо бизден да кеч келди, "силерди
кетип калды го, бир жолу кабар алайын деп келдим" деп. Ал бизди суйунтту, Достуктанбы,
же Баетовкаданбы бир "Вьетнам килемин"
таап келиптир, бирок, размери кичине, тусу
курон экен гулдорунун. Жашыл килемдерден
бир аз начар корунот экен, артында
жазуулары бар, бирок озу эле.Эмнеси болсо да Вьетнамдыкы экен деп, суйунгон бойдон
тунго карабай Рыбачьеге кайттык. Марстын
уйундо туноп алып, эртеси Караколго жеттик.
Киевге кайра барып, эптеп акча толоп атып уч
килемди жеткирдик, 4705 деген рейс бар эле,
Фрунзе-Ростов- Киев болуп учуп барчубуз. Тигил бизди тукурган поляк соодагер эки
жашылды сатып берди тез эле, тигил курону
калды. Анысы "ходовой" эмес экен, поляк да,
"мен жашылын кана алгыла дегем, размери да
кичине экен, бирок аракет кылам" деп
айтканы менен Рыбачьенин килемдери кетип, Нарындын килеми отподу. Поляктын берген
акчаларын кайтардык, бир аз пайда да кордук.
Нарындын килеми откондо сонун болмок, аны
кашайып эч ким албады. Размери да 1,5м
туурасы, 1,8м узуну болуп, эч кимге жакпады,
тусу да болбоду, ачык курон болуп. "Сен алдын, мен алдым" болуп келинчегим да
канча эстеди Нарын менен Марсты. Нарын
десе, милицияда жарым кун олтурганымды
эстеп, килемди коргон сайын жиним да келе
турган болду.
Ошол болду, "Нарындын Вьетнам килеми" ачылбай бир жылбы, андан коппу жатты, биз
да аны корудук "моль" менен чычкандан,
каякка кочсок кочту. Биринде келинчегим
товары отпой калса, же кийин мен Польшага
товар сатып алганда да кулуп калчубуз, "Ай
жакшылап кара, ойлон, Нарындын Вьетнам килеминдей болуп калбасын" деп, анын тусун
да айтчубуз, "карачы, "Нарындын Вьетнам
килеминдей" тус экен" деп.
Бир куну бир араб досту мейманга чакырып
калдык, комнатабызды жасап, келинчегим
чыдабай, тигил Вьетнам килемин алып чыгып, туура келбесе да салып салды полго, сонун
эле болуп жатып калды.
"Сатылбаса койсун, озубузго буюруптур"
дедик. Араб дос келип, килемди коруп мактаса
болобу. Биз теги жайын шашпай айтып
бердик. "Оо, бул анда жаны эле турбайбы" деди.
"Бугун чыгардык, сатылбай койгонунан,
озубуз салып алдык" дедик.
"Канча турат, мен алсам болобу" деп калды.
Келинчегим экообуз бири бирибизди карап,
арабка ишене бербей, оозу мурдуму кыйшайтпай коп эле айтып салдым.
"Ии, арзан эле экен, мына акча, мен алдым,
кайра ороп бергиле" десе болобу.
Келинчегим экообуз ыссыгында, кызыбыз
бирдемке того электе, дароо ороп койдук да
салып бердик таксиге. Ошентип, эки жыл отуп отпой "Нарындын
Вьетнам килеминен" бактылуу кутулдук.
Поляк сатканыбызга ишенбеди.
Копко чейин "Нарындын Вьетнам килемин",
милициясын, Марсты айтып эстеп кулуп
журдук..

#17 04 September 2015 - 11:45
Камит Савай Бир көрүп түбөлүк сүйгөн Ысык-
Көл
Ошто чонойуп, кичинемде Ысык-Көл жөнүндө
телевизордон көрүп, барып келгендерден
угуп, бул кандай көл болду экен деп, теги эле
жакшы элестете албайт элем. Мен балачакта көргөн эң чоң көл, бул биздин айылдын
жогору жагындагы көл болчу. Азыр ойлосом,
ошол убакта Кара-Суу районундагы Савай
айылы сууга бай жерде турган экен, ылдый
жагынан Шарихан-Сай дарыясы чоң каньон
(сай) менен жайылып агып өтсө, жогору жагында Савай-Арык деген чоң канал бар эле.
Андижан суу сактагычы бүтө электе суулар
жаздан күзгө чейин чопо топурактын өңүндөй
болуп агып, кышындасы бир аз көгөрүп
калчу. Айылдан бир аз алыс жакта, Савай-
Арыктын жанындагы көлдү "Чоң-Көл" дейт элек, анткени майда көлдөр да бар эле, "Чоң-
Көл" эң кенен жери он метрдей болуп,
узундугу жүз метрден ашык болчу, ортосу
терең, суусу кокмок болуп таза, жээги кум,
көп дарактар бар болчу. Күн ысыкта бул
көлгө түшүп жыргайт элек. Каньондо мал бакканча Шарихан-Сайдын ылай суусуна
чөмүлсөң денең бопбоз болуп, ун сыйпап
койгондой болуп калат, "Чоң-Көлдө" андай
болчу эмес. Ошого, кээде алыс болгонуна
карабай чөмүлгөнү "Чоң-Көлгө" барат элек.
Ысык-Көлдү географиядан окугандан кийин билдим, "Чоң-Көлдөн" өтө эле чоң экенин.
Анан, Киевде окуп жүргөндө деле чоң көл
көрбөдүм. Каникулга келгенде үйдөгүлөргө
жардам берип, күрүч(шалы) отоп, мал
карашып Савайда эле жүрчүмүн.
Окууну бутуп келип Фрунзедеги политехникалык институттун ЭВМ
кафедрасында инженер болуп иштей
баштадым. Бир жолу институтта чоң илимий
конференция болуп калды. Мага кафедра
башчысы, кийин Кыргызстандын биринчи
Президенти болгон Аскар Акаевич Акаев транспорт уюштуруу боюнча жоопкерлигин
тапшырган болчу. Конференция бүткөндө
меймандарды көлгө алып бара турган болдук.
Аппак олтургучтары бар, кыпкызыл,
жапжаны "Икаруска" бүт Москва, Ленинград
ж.б. шаарлардан келген академик, профессорлор толуп, автобустун
айдоочусунун жанындагы кичинекей
олтургучка мен олтуруп, биринчи катарда
А.Акаев орун алып көлгө жөнөдүк. Автобус
Фрунзеден чыгып айылдарды аралап Боом
капчыгайына жеттик, "Холодная водага" токтоп, муздак суу ичип, анан капчыгайга
киргенден баштап Аскар Акаевич автобустун
радиосунун микрофонун алып гиддин ролун
аткарып кирди. Биринчи баштаганда өзүнүн
кичи мекени Чоң-Кеминге жолду көрсөтүп,
анан Боом капчыгайы жөнүндө айтып кирди, эмне үчүн Боом деп аталат, жол качан
курулганын, темир жол качан бүткөнүн.
Меймандарга эле эмес, мага да аябай
кызыктуу болду, анткени мен да көп
нерселерди биринчи угушум эле. Аскар
Акаевичтин бүт ошол жерлердин эмнеге антип аталышын, тарыхын билгени, кеңири
толук маалыматтарды айтканы мени аябай
таң калтырды. Тоолордун боорундагы ак
топурак, жол жол сызыктарды көрсөтүп,
илгери Ысык-Көл азыркыдан чоң болгонун,
биз бараткан капчыгай толо көл болгонун айтып берди. "Кыз-күйөө" айылынын аты
эмнеден чыкканы жөнүндө легенданы айтып,
Балыкчыга(Рыбачье) жеткенде көл жөнүндө
кенири маалымат берди, терендиги, узундугу,
канча дарыя куят ж.б. Бир убакта, Аскар
Акаевич, "Урматтуу меймандар, мына Ысык- Көлгө келдик" деди эле, элдин бардыгы ал
колу менен көрсөткөн жакты карап калды.
Чын эле, Балыкчыдан бир аз өткөндөн кийин
оң жакта катар болгон дарактардын арасынан,
ары алыста чалкып жаткан көкмөк көл
көрүндү. Бул менин өмүрүмдө биринчи жолу Ысык-Көлдү көрүшүм болчу.
Андан ары барганда Аскар Акаевич "Тору-
Айгыр" жөнүндө уламыш айтып берди,
ошентип, жол кыскарып, тез эле Чолпон-Атага
кирип бардык. Конокторду пансионатка
жайгаштырып, банкет болуп, кечки тамак берип кеч бир оокум болду. Менин оюм дагы
эле көлдө болду, тезиреек бүтүп, Ысык-Көл
менен жакындан таанышып, суусуна бети-
башты жуусам деп дегдеп жаттым. Акыры
бардыгы тынчып калганда Аскар Акаевичтен
жооп алып алып учкан бойдон көлдү карай жөнөдүм. Жайдын түнү кирип, ай жарык
болчу, Фрунзедеги үптөн кийин Ысык-Көлдүн
абасы кадимкидей салкын экен. Көлдүн
жээгине келип жээктеги олтургучка келип
олтуруп көлгө карай бир аз эс алып назар
салдым. Көл мемиреп тыптынч, суунун эч бир кыймылдаганы билинбейт, кээде кана алыста
сууга түшүп жаткандапдын үнү угулуп
аткансыйт. Ай жапжарык болуп, көлдүн
үстүнө эле жарык берип тургандай, нурлары
чон прожектордун нурлары көлдүн бир кууш
жерине эле жарык берип, жээктен чон кенен башталып аркы жээкке чейин барган сайын
кууш болгон жол салып койгондой. Тим эле,
ошол жарык жол менен басып аркы жээкке
өтүп кетсе боло тургандай. Мындай кооз
сүрөттү мен Г. Мартыновдун "Звездолетто 220
кун" деген фантастика китебинде көргөн элем, бирок, ал жерде бир планетада звездолет
жарык кылган сүрөт эле.
Көлдүн суусу муздактай көрүндү, "Салам
Ысык-Көл" , деп саламдашып, "Бисмилла" деп
сууга жээк жакка бир аз чөмүлүп ырахат
алдым. Фрунзенин ысыгынан кийин көлдүн суусу денени чымыратып, кээде эркелетип,
чыга калсаң үшүтүп, бирок, адамды
сергектетип, бүт чарчаган, буулуккан
сезимдерди бир жакка алып кеткендей болуп,
көл мени менен сонун учурашты.
Эртеси эрте менен, элдер али тура электе жарыкта көрөйүн деп кайра чуркап келдим,
анткени, кийин убакыт болбошу да мүмкүн
болчу.
Асман чайыттай ачык, бир да булут жок,
кечеги тынч көл жок, көл да эбак ойгонуп,
жээкке толкундарын кайра-кайра алып келип, бирдемке деп шарпылдап мага сүйлөп
жаткандай, ак чардактар да жумуш күнүн
башташып өздөрүнчө сайрап, ойку-кайкы
учуп жүрүшөт, аркы беттеги катар тизилген
тоолор ак калпак кийип алышкандай. Мындай
карасан, теги эле бул чыныгы табигый жаратылыш эмес эле, бир чыгаан, талантттуу
сүрөтчү сүрөткө тартып эле койгондой.
Ошентип, көлгө "таңкы салам" айтып келдим.
Эртеси Семенов капчыгайына конокторду
алып барып, Усубалиевдин "дачасында" конок
кылдык, койлор сойулду, тосттор айтылды, бешбармак желинди, аттарга миништи, токой
аралап басышты.
Капчыгайдын сулуулугу, абасы, суусу эми
укмуш, бекеринен чондор "дача" салган эмес
экен.
Ошентип, кайра кайтаарда жарым саат убакыт болду, дагы көлгө түшкөнгө, анткени,
коноктор көлгө түшкөн убакта уюштуруу
иштери менен чуркап жүрчүмүн.
Чак түштө көл такыр башкача экен, суу
жылып, эрте мененки толкундар эс алып
атышканбы, жок, жээктеги кум да ыпысык, кичинекей балдар чуру-чуу, ак чардактардын
ордун ээлешип, эч нерседен бейкапар оонап
жаткан денелер, көлдө алыста сүзгөн кеме
көрүнөт, суу туптунук, иши кылып өзүнчө эле
бир бейкапарлык, идиллия.
Сууга түшүп, кумга жатып, кундун нурлары жаңы келген неме экен деп дароо эле менин
денемди күйгүзүл киришти.
Эхх, турмуштагы, жашоодогу жыргалдын
жыргалы көлдө турбайбы дедим ичимден,
Фрунзенин аптабына, тиричилик, көр-оокат
турмушту ойлоп, ушул жыргал жашоо жерден, касиеттуу көлдүн жээгинен такыр
кетким келген жок. Кудай насип кылсын, дагы
көп келейин деп кудайдан сурандым.
Ошентип, биздин биринчи Президентибиз
Аскар Акаевичтин "женил колу” менен көлгө
биринчи жолу барып, Ысык-Көлдү сүйүп калдым.
Кудай менин көлдү сүйүп калганымды укту
окшойт, андан көп убакыт өтпөй көлдүн бир
"ак-куусуна" жолугуп, бешене насип экен
биринчи көрүп түбөлүк сүйүп калган көлгө
күйөө бала болуу мага буйуруптур...

Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#18 05 September 2015 - 12:25
Камит Савай Кафедра “ЭВМ"
1983-жылы институтту аяктап ФПИге(Фрунзе
политехникалык институту) жумушка
орноштум, ошондо кафедра башчысы Аскар
Акаевич Акаев(ААА) эле. Аябай жупуну
жөнөкөй, сылык сүйлөгөн, каштары калын, мандайында чачы жок, жылмайып адамды
өзүнө тартып турган киши экен. Титиреп,
калтырап, АААнын кабинетине кирдим,
профессор, кыйла улуу болсо да, мен кирсем
ордунан туруп, "кел" деп колун сунуп
учурашты. Менин сүрдөгөнүм дароо эле жок болду, кыскача ал жайымды сурап,
документтеримди бир сыйра карады,
"инженер ЭВМ" деген орун бар, кааласан ошол
орунда иштесен болот" деди. Орун бар
экенине сүйүнүп ошол замат макул болдум.
Анан, менин келечектеги начальнигимди чакыртып тааныштырып, мага ийгилик тилеп,
эмне суроом болсо түз эле кайрылсаң болот
деп айтты. ААА басымдуу көбүнчөсүн орусча
сүйлөдү.
Айткандай, бир жолу менден, "сен кыргыз
мектепте окугансынбы? " деп сурап калды, "ооба" десем, "как будет по-киргизски
"поколение компьютеров" , мен "эсептөөчү
машинелердин муундары" деп котордум, "ии,
я правильно перевел" деп сүйүнүп чыгып
кетти, мен иштеген лабораториядан.
Ошентип, ААА менен тааныштым да, "Наири-4 АРМ" деген ЭВМ турган лабораторияда
инженер болуп иштеп калдым. Бул килтейген
залдарды ээлеген ЭВМдерден көлөмү азыраак,
кийин чыкквн ошол убактагы жаңы муундагы
ЭВМ болчу.
Бул ЭВМди Ереванда армяндар чыгарчу, эми накта армянча жасалган экен, бир күн оору,
бир күн соо "Алымкан" , кааласа иштейт,
каалабаса иштебейт. Начальнигим экөөбүз өлө
чукуладык, кээде кеч калып да иштейт элек,
болбой калганда Питерден, Киевден "астарды"
чакырып үйрөндүк. "Графопостроитель" деген жабдуусуна сүрөттөрдү, чиймелерди
чыгардык. Бирок, анысы да бир аз иштеп
пенсияга чыкты, урсак, тепсек да болбоду,
армяндарды сөктүк, канча реанимация
кылдык тирилбеди, Питерден келген "спец"
жаназасын окуп кетти. Графикалык дисплейи да "өлбө жаным өлбө" болуп калды.
Кафедрада орустар, еврейлер да бар эле,
бирок, ФПИнин башка кафедраларына
караганда жаш кыргыздар өтө көп болчу,
мединститут жакта өзүнчө АААтын
оптоэлектроника лабораториясында бүт эле кыргыздар иштечү. Майрамдарды чогуу
тосчубуз, ААА дайыма бирге олтуруп,
салтанатты ачып, жакшы сүйлөп берет эле. Эч
ким көрбөсүн майрамдап атканыбызды деп,
эң четтеги 6-этаждагы лабораторияга стөл
жасайт элек. Анткени, институттун ичинде "бөдөнөнүн сүтүн" ичкенге тыйуу салынган
эле.
Кээде АААны ал убакта элге жаңы болуп
кызык болгон ЭВМ жөнүндө айтып берүүнү
суранышып, көп мекемелерге барып лекция
окуп келет эле. Ал убакта презентация, докладды экранга чыгарганга азыркыдай
программалар, компьютерлер жок, слайд-
проектор, "ватмандарга" тартылган сүрөттөр
менен доклад, лекция окуйт эле. Кадимки эле
автобус, троллейбус менен ААА папкесин
көтөрүп, кафедрадагы балдардан бирөө "ватмандарын" көтөрүп алып барып келет
элек.
Бир эки мүнөзү чатак мугалимдер болбосо,
кафедрада атмосфера сонун болчу, көбүнчө
жаштар болгондуктан, бардыгыбыз АААга
окшоп илимий даражаларга жетсек, аспирантура, докторантура дегендерге
тезиреек өтүп, диссертацияларды жактап,
доктор, профессор болсок экен деп ар кандай
темаларды изилдеп, илимий статьяларды
жазып чуркап жүрүшчү.
ААА бизге озунчо эле дениздеги маяктай болчу, ар бирибизге жол корсотчу, каякка
барса болот, эмнени изилдеш керек, кайсы
багытта барыш керек экенин айтып турчу. Эч
качан жоопсуз калтырбачу, эгерде бирдемке
сурасан, саламдашканда созсуз ал-жайды
сурайт эле ж.б. Басканда тез басып, артынан аран улгурчубуз.
Бардыгынарга маалым, ААА илим жаатында
кандай ийгиликтерге жеткенин, канча деген
доктор, кандидаттарды даярдап чыгарганын.
Кафедрада Борис Моисеевич Раппопорт деген
еврей мугалим иштечу, бою узун, мурутчан, салабаттуу чон киши эле, жолуккан сайын
дайыма кулгузчу. Бирдемке сурасан да жон
айтпай тамашалап айтчу. Анан бир кыргыз
мугалим бар болчу, мунозу чатак, кобу ал
менен мамиле кылгандан качып турат эле,
студенттер ыйлачу. Анан дагы бир Образцов деген орусбу, еврейби мугалим бар эле.
Биздин лабораторияда Самарцева деген орус
аял иштечу. Калганы бут кыргыз, тан
калышчу, анткени башка кафедраларда бут
эле орустар копчулук эле. ААА улуттук
кадрларга чон маани берген экен. Оптоэлектроника лабораториясында
шагыраган жаш кыргыз балдар иштечу. Кийин
ААА Президент болгондо ошолордун
копчулугу окмотто, чон мекемелерде, окуу
жайларда, элчиликтерде жогорку постторду
ээлешти, алды Премьер-министр болду. Мен АААнын колдоосу менен кайра озум окуган
институтка Киевке аспирантурага кеткен элем.
Украинада журуп 1995 жылы Кыргызстанга
кайтып келгенде кафедрада иштегендерден
мен тааныгандардан жонокой
жумуштагылары аз эле калыптыр. Жумуш издеп кыйла журуп калдым, кафедрада чогуу
иштеген бир чонго Ак Уйго да эптеп кирдим,
бирок эч жардам болбоду. Жакшы бир аяш
акем СЭЗ "Бишкек" ачылып ошол жакка
жумушка алды. Ии, ошентип, кафедрадагы
чонойгон коллегалар асманды карап, кээ бироосу аран учурашып, кээ бироосу
учурашпай деле калыптыр. АААнын, кафедра
"ЭВМ" дин артынан адам болгондор
креслолорду ээлешип, байышып, мурдагы
балдар жок, аябай тан калдым. Кээ бирлери
жолуккандан качышты, жумуш сурайт дешкен го, бири бирине чондор айткан болсо
керек..
Ото чондорунун жардамы тийбесе да,
кийинчереек кафедрадан бир эки достун
жардамы тийди. Бири Кыргыз
Республикасынын чет элдик инвестициялар комитетине болум башчы кылып кызматка
алса, экинчиси кийин Билим беруу
министрлигинен жумуштан кеткенден кийин
Президенттин алдындагы башкаруу
академиясына проректор кылып кызматка
алган. Мына ошентип, кафедрада иштеген достордун акыры жардамы тийди.
Кафедрада бир жарым жыл иштегем, 1986
жылы аспирантурага кетип, 1990 жылы
кандидаттык диссертация жактагам, анан
Киевде иштеп калган элем. Кафедрада
иштеген жылдар сонун жылдар болгон экен, анда мен жаш элем, уйлоно элек болчумун.
Кафедрада иштеп журуп чон суйууго
жолуктум да, аспирантурага жалгыз кетпей
суйгонумо уйлонуп чогуу кеттик.
Эми кафедра жонундо дагы коп нерсе айтса
болот эле, бирок, ошол убакта иштегендер азыр дагы эле кужурмон турмушта иштеп
жашап жатышат, ошого кийин убактысы
келгенде айтайын туугандар.,,

#19 05 September 2015 - 12:34
КАМИТ САВАЙ "Кыргызстаным"
Кыргызстан- бул өлкөдө түндүк жагында
жана түштук жагында бирден килтейген чоң
базарлары бар...
Кыргызстан- бул өлкөдө саясатты тили кирген
баладан баштап сүйлөшөт... Кыргызстан - бул өлкөдө эч ким тааныбаган
эле бир кыргызга башка бирөө тийишсе эле
балееге калганың ошол...
Кыргызстан - бул өлкөдө 5 миллион элдин 7
миллион машинеси бар....
Кыргызстан - бул өлкөдө эң күчтүү мыйзам, бул, "эл көрсө, эл укса эмне дейт"...
Кыргызстан - бул өлкөдө кыргыздан жаны
кыйналып өлүп баратса да, "кандайсын? " деп
сурасаң, "жакшымын" деп жооп берет ...
Кыргызстан - бул өлкөдө түнкү саат үч
болбосун, кыргыздын үйүн такылдатып, "ким бул?" дегенде "ач, мен бул" десең, эшигин ача
берет....
Кыргызстан - бул өлкөдө ассалому
алейкумдан кийин эле саясатка өтүшөт...
Кыргызстан - бул өлкөдө дүйнөдөгү эң
чыдамкай, эмгекчил, чебер аялдар жашайт, алар көзүнүн майын, белинин күчүн аябай,
күнү- түнү эң мыкты, сапаттуу кийимдерди
тигишет, кытай, вьетнамдар артта калды...
Кыргызстан - бул өлкөдө кыргыздар коногу
үчүн акыркы нанын берет, "эртең эмне жейм"
деп ойлобойт, ал коногунун көңүлүн кана ойлойт...
Кыргызстан - бул өлкөдө Борбордук Азияда
биринчи болуп Президент аял болгон...
Кыргызстан - бул өлкөдө тиши менен
самолетту сүйрөгөн Ташчайнар деген баатыр
бар... Кыргызстан - бул өлкөдө кыргыздар бирөө
тийишпесе тынч жашай берет, бирок, бир
жарылса катуу жарылат, анда өлдүң дей бер,
Ак үй, Көк үйүң менен кошо тынчытат...
Кыргызстан - бул өлкөдө атанын сөзү аябай
барктуу келет, "менин атам айткан" деп жаны тирилип аткарышат... .
Кыргызстан - бул өлкөдө кайсы бир
дүнүйөнүн төрт бурчунда болбосун, бири
бирин тааныбаган, эзели жолукпаган эки
кыргыз жолукса, жарым сааттан кийин тууган
болуп чыгышат.... Кыргызстан - бул өлкөдө кыргыздар эт жеш
боюнча карышкырлардан кийин экинчи
орунду ээлеп, азыр бай казактарды, "мен эт
жеймин" деген арстан жана жолборсторду да
артка ташташты...сөөк мүлжүш боюнча точно
дүйнөдө биринчи орунда, иттер да таң калышып кыргыздарга таарынышат. ...
Кыргызстан - бул өлкөдө Манас баатыр
жөнүндө эпос бар, ал дүйнөдө эң узун,
көлөмү чоң эпос болуп саналат.
Санскриттердин "Махабхарата" эпосу,
тибеттердин "Гэсэр падыша" жөнүндө эпосторунан эки эсе көлөмдүү. Манасчы
Саякбая Каралаевдын варианты боюнча
"Манас" эпосунда 416744 ыр сабы бар...
Кыргызстан - бул өлкөдө дүйнөгө атагы
чыккан жазуучу Чынгыз Айтматов төрөлгөн
жана жашаган, ал Кыргызстандын эл жазуучусу жана баатыры, СССРдин эмгек
баатыры, Ленин жана Мамлекеттик
сыйлыктардын лауреаты болгон. Анын
чыгармалары дүйнөнүн 100 дөн ашык
тилдерине которулган. Мисалы, "Жамийла"
повести немис тилинде эле 37 жолу басылып жарык көргөн....
Кыргызстан - бул өлкөдө Мерцбахердин көлү
деген айсбергтерге окшоп муздар сүзгөн
табышмактуу, сулуу, сырдуу көлү бар. Ал
бирде жоголуп, бирде пайда болуп калат...
Кыргызстан- бул өлкөдө туулган жерди, родинасын "Ата-Журт" деп атаны айрыкча
урматташат, балдарын кичинекейинен жети
атаңы билип жүр деп үйрөтүшөт, Тибетке (ал
жерде атаң ким дебей, апаң ким деп сурайт
экен) окшоп апаларын аралаштырышпайт. ...
Кыргызстан- бул өлкөдө кыйын мергенчилер болгон, убагында бир Алайлык мергенчи
1920-жылдары орустардын куралдуу атчан
отрядын бир жума жалгыз капчыгайдан
өткөрбөй тоонун башынан ташбараң жана
жаа менен таамай көздөрүнө атып өз Ата-
Журтун коргогон экен.... Кыргызстан- бул өлкөдө териси сыйрылган
орточо койдун этин алты мүнөт убакытта
жиликтеп койгон жигиттер бар...
Кыргызстан- бул өлкөдө жарым тонна
салмагы бар өгүздү көтөргөн Кожомкул деген
балбан болгон... Кыргызстан- бул өлкөдө "Манас" эпосун
тыным албай төрт-беш саат айткан
манасчылар бар...
Кыргызстан- бул өлкөдө Ыссык-Көл деген
укмуш кооз көл бар, эң терең жери-702 метр,
узундугу-180 км, эң көп туурасы-60 км, кышында тоңбойт, суусу таптаза, 70 тен ашык
чоң, кичи дарыялар куят, бирок бир да суу
агып чыкпайт. Союз убагында бүт союздан
келип эс алышып, КПССтин Борбордук
Комитетинин "Аврора" деген эс алуу үйү да
болгон.... Кыргызстан- бул өлкөдө эң байыркы
шаарлардын катарына кирген керемет Ош
шаары бар. Окумуштуулардын болжому
менен жашы 3000 жылдан да кыйла көп.
Көптөгөн мусулмандар зыярат кылган ыйык
Сулайман-Тоонун айланасынан, Ак-Буура дарыясынын жээгинен орун алган....
Кыргызстан - бул өлкөдө 7 миң метрден
бийик көп чокулары бар...

#20 06 September 2015 - 10:17
Камит Савай Чон-Кеминдин картөшкөсү
Жаңы жайдын аптабы кайтып, Фрунзенин
бульвар, парктарындагы толгон дарактардын
жалбырактары эми күнгө күйүп саргайышып,
эртеси кеч күздүн жыты келип, аба бир аз
салкындап, уктаганда жылуу төшөккө өткөн кез. Мен жаңы иштеп аткан Фрунзе
политехникалык институтунда жаны окуу
жылына даярдык аяктап, коридорлор,
аудиториялар жалтылдап жаны эле
сырдалып, жаны ремонттон өткөн үйдөй
жыттанып, мугалимдер эргүүдөн күч топтоп келишип маанайлары сонун убак.
Биздин ЭВМ кафедрасы да эми биринчи
заседаниеге чогулуп, жаны окуу жылына
пландарды талкуулап, анан аягында кафедра
башчысы Аскар Акаевич күтүлбөгөн жерден
жылмайып мени карап туруп: -Бизге факультеттен тапшырма келген эле,
студенттерди картөшкө тергенге алып
барганга бир кызматкер бөлгүлө деген,
советте кенешип, кафедранын эн жаш
кызматкери катары сени жиберүүнү чечтик,
менин кичи мекениме барып келесин, - деди. Бул сөздөрдөн кийин, "жок, барбайм, ал, бул"
дегенге шанс жок экенин дароо түшүндүм да,
"макул" деп башымды ийкедим.
Менин начальнигим, лаборатория башчысы
болсо, менин бул кабарды эч энтузиазм жок
кабыл алганымды байкап, "Э, Камит, ой жыргап барып эс алып келесин, таза абада,
Чон-Кемин сонун жер да" деп мени сооротту.
Чынымды айтсам, студенттер менен картөшкө
тергенге такыр каалом да жок эле, бутум
тарткан да эмес. Досторум эми чогулуп,
жумасына эки-уч жолу футбол ойноп, паркка барып пиво ичип, кыздар менен сейилдеп
киного барып, шаарда жакшы күндөр өтүп
атканда бир айга каяктан чыга калган
колхозго кетким келбеди.
Эртеси эле жайнаган автобустарга 1-курска
жаны өткөн студенттерди салып Чон-Кеминди көздөй жөнөдүк. Тез эле, эч жерге токтобой
Ысык-Көлгө бараткан чон жолдон бурулуп,
капчыгайды аралап журуп Чон-Кемин
өрөөнүнө кирип бардык да, биздин факультет
Кара-Дөбө айылына келип түштүк. Чон-Кемин
совхозу биздин студенттерге бүт керебет, эмеректерди, тамак жасап иче турган жайды,
мончого чейин камдап, даярдап койушуптур.
Кыздарды чон залга жайгаштырып, балдарды
кыздар жакка бара албай тургандай өзүнчө
жалгыз кана тышка эшиги бар экинчи залга
жайладык. Мени менен үч мугалим вагондо жата турган
болдук, тышынан чакан көрүнгөнү менен төрт
керебет жөн эле батат экен. Ичине күзгү,
"тумбочкалар" , бир чакан стол да батыптыр.
Жайгашып бүткүчө кеч болду, чогулуш
өткөрүп, уюштуруу иштерин бүтүп анан кана эс алганы олтурдук.
Уландысы бар..

Супер-Инфо
super.kg
видео