СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#11321 31 Август 2015 - 12:05
#11322 31 Август 2015 - 12:10
4. Суперге төрт сап.
....Супер Суперлигиңдин чеги барбы
Суперди окубай арман калган барбы.
Сумердин миң түркүн кабарларын,
Окубай замандан артта калган барбы.
#11323 31 Август 2015 - 12:27
Bogotik (31 Август 2015 - 07:12) жазган:
Ваалейкум ассалам Боготик.
Илим демекчи, мен мухадис та, молдо да, казы да, кары да, имам да эмесмин.
мукаллаф курактан баштап ислам дининен билим алууга аракет кылып, дин жаатында көп убакыттар бою белгилүү аалымдардан жеке сабак билим алгам, бирок илим бул өмүрүң өткөнчө да жетишсиз болот,
Себеби, Кыдыр а.с. менен Муса а.саламдын илими океандын биртамчысы болсо, меники жөн эле ным го.
Боготик бир сурооң кыйын экен мен үчүн, неге дегенде, ач көз кайдан тойсун, тойбойтко. топуракка тойбосо же корккондо тойот чыгаар, чанагына чыга түшөт ко корксо.
#11324 31 Август 2015 - 13:30
Мен дагы сизге бир суроо менен кайрылып калдым,менин билишимче дин жонундо кенири тушунугунуз бар экен.
Азыркы мезгилде оз куйоосу тарабынан зордук-зомбулук корсотулуп, адам укугу тебеленген кыргыз аялдары коп болуп жатат,озгочо айыл жергесинде.
Укук коргоо органдарынан сырткары диний мекемелер,же дин кызматкерлерине кайрылса,жабырланган аялдар,кандай жардам же колдоо коро алышат?
#11325 31 Август 2015 - 15:15
Enesai (31 Август 2015 - 13:30) жазган:
Мен дагы сизге бир суроо менен кайрылып калдым,менин билишимче дин жонундо кенири тушунугунуз бар экен.
Азыркы мезгилде оз куйоосу тарабынан зордук-зомбулук корсотулуп, адам укугу тебеленген кыргыз аялдары коп болуп жатат, айыл жергесинде.
Укук коргоо органдарынан сырткары диний мекемелер,же дин кызматкерлерине кайрылса,жабырланган аялдар,кандай жардам же колдоо коро алышат?
Саламаттасызбы Енесай айым, кош келдик.
Айыл жергесинде ыйманга чакырат эми башка не кыла алат.
Аллах адамзат баласына Ислам динин берген пайдалангыла деп. Адамдар динди билүүгө аракет кылуусу керек,
м; Намаз,орозо, зекет, ажылык дегендин бир да бирөөнө Алла муктаж эмес, аларга адам өзү муктаж, даарат, авратын жабуу ж.б. баары ушундай.
Динди укук коргоо органдарынан бөлүп кароого болбойт. Азыр мыйзам деген бар.
Дин боюнча ыйманга, сабырдуулукка гана үндөйт, инсан арасындагы акы, укугун кимдер тебелесе, зулумдук кылса, кыз келиндерге көрсөткөн зомбулугу, ал киши тобоо, истигфар, намаз окуу аркылуу кутула албайт. Ошондой эле укугу тебеленген адам кыяматта өзүнүн акысын талап кылат, жана зордукчунун тапкан сообунан өзү раазы болгончо ала алат. Зордук көрсөткөн адам сообу түгөнүп азапка кириптер болоору чындык эми,
Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 31 Август 2015 - 15:18
#11326 31 Август 2015 - 15:22
Medina.. (31 Август 2015 - 13:43) жазган:
Ислам дининде 5 парз бар эмеспи,ошолорду канчалык денгээлде аткарып жатасыз же,аткардыныз?
Саламатчылык Медина айым.
Жүрөгүбүздөн ыймандын чыкпасы тилеп келебиз, беш убак намаз окуйм, орозо кармап келем, зекет, үшүрдөн карызым жок берип келем Аллага шүгүр, а ажылык азырынча мага парз эмес.
#11327 01 Сентябрь 2015 - 12:52
Куш келипсиз.
1) Уй булоонуз туралуу айтпапсыз айта кетсениз .
2) Уй булоодо кандай атасыз жана уй булоонуз да ислам шарияттарын толук кармашабы.
3) Азыркы бийликтин хиджапка , суннот кийимге болгон каршылыгына кандай карайсыз.
4) Сирия ИГИЛ жонундо кандай ойдосуз.
Алдын ала ракмат.
#11328 01 Сентябрь 2015 - 12:53
Куш келипсиз.
1) Уй булоонуз туралуу айтпапсыз айта кетсениз .
2) Уй булоодо кандай атасыз жана уй булоонуз да ислам шарияттарын толук кармашабы.
3) Азыркы бийликтин хиджапка , суннот кийимге болгон каршылыгына кандай карайсыз.
4) Сирия ИГИЛ жонундо кандай ойдосуз.
Алдын ала ракмат.
#11329 01 Сентябрь 2015 - 12:54
#11330 01 Сентябрь 2015 - 15:30
1. Дуйно бир орунда турбайт эмеспи. Кыргызтан менен Орусиянын достугунун келечеги барбы? Жана "10жылдан кийинки Кыргызтан" сиздин оюнузча кандай денгээлде болот. Сизден бир шингил прогноз..
2. Бакыт сиз учун... Жана "Бакыт" деген создун озун чечмелей кетинизчи?
3. Байкашымча сиз курактуу агалар техника менен достошо алышпай келишет. Сизге оорчулук туудурган жокбу?
4. Жаштын тилегин берет, жакшы тилек кыла жур дешет. Жаш кезинизде тилеген тилектериниз, ой-максаттарыныз орундалдыбы?
Жообтор учун алдын ала рахмат. Сак-саламатта болунуз.
#11331 02 Сентябрь 2015 - 08:06
Meruet84 (01 Сентябрь 2015 - 12:52) жазган:
Куш келипсиз.
Уаалейкум ассалам, Meruet айым.
Куш келдик.
Цитата
1. Үй бүлө десем, келинчегимди ал убакта телефон жок бир жыл сүйлөшүп жүрүп алгам, 73 жылкы болот, баш кошконубузга 24жыл болду баш аягы алты балалуу болуп экөө чарчап калды аларга Алланын Мээрими, Ырайымы болсун, азыр эки уул, эки кызыбыз бар. Улуу балам 22де Бишкекте өз бизнеси, өз оокаты бар, анан 10унчу класста кыз и биринчи нолевой класста балам, кичүү кызым 2жарым жашта, келинчегим мээримдүү эне, сүйүктүү жар и мектепте иштейт беш убак намаз окуйт. үй бүлөм ушул.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Сентябрь 2015 - 21:06
Түзөтүүнүн себеби: Техникалык каталар тузотулду.
#11332 02 Сентябрь 2015 - 08:38
Meruet84 (01 Сентябрь 2015 - 12:52) жазган:
2) Уй булоодо кандай атасыз жана уй булоонуз да ислам шарияттарын толук кармашабы.
Үй бүлөдө балдарым, кыздарымдын камкор, сүймөнчүк атасы, келинчегимдин сүйүктүү жары, Жараткандын берген жакшылыгына шүгүр кылып келем.
Муса алейхи саламдын "Ээ Жараткан, эмне жакшылык жиберсең да мен ошонуңа муктажмын" деген дуасын медер тутуп келем.
Үй бүлөм чектен чыкпай шарият көрсөткөн жол менен жүрүүгө аракет кылып келет.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Сентябрь 2015 - 21:07
Түзөтүүнүн себеби: Техникалык каталар тузотулду
#11333 02 Сентябрь 2015 - 08:53
Meruet84 (01 Сентябрь 2015 - 12:52) жазган:
Азыр хиджап, сүннөт кийимге бийликтен каршылык деле көрбөдүм, каршылык ошол бийликтегилер мыйзам чыгарган соң болот. а так бир чиновник сүйлөп койду да өзүн көрсөтүп.
Meruet84 (01 Сентябрь 2015 - 12:52) жазган:
Терс көз караштамын, себеби Сирия бизге да келип жетет убакыттын өтүшү менен, жер жүзүнө тарайт ал бир Меккеден башка.
Кыскасы ушул.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Сентябрь 2015 - 20:46
#11334 02 Сентябрь 2015 - 15:33
Жашыныздын мынчалык улуу экенин билбептирмин. )) Жогоруда айтканыныздай дедовшиналык кучтун катарында менда бар элем. Кыргызча суйло деп демиткеним эсимде.)) Жашынызды окуп алып, ошол кездеги билдируулорумо уялып кеттим.
Алгачкы суроо; эмне учун казакча суйлоп баш айландыргансыз?

Балдарыныздан 6-7жаш улуулар акыл айтып, тоо бастыга алышы чын эле бир чети кулку келээрлик, бир чети ынгайсыз эле жагдай болгон экен. Азыр кулкум эле келип жатат, айрымдар атугул сенсиреп жакадан алса, айрымдар Кера досум деп жатышкандарын эстеп алып.
Кийинки суроо; илгери сиздин куракта, аскерде азыркыдай мурункусу кийинкисине болгон устомдук куч болгонбу? Айрым улуу агалар азыркыдай эле болчу, болгону бизде намыс кучтуу эле, азыр эрки бош жигиттердин деп калышат.
Ал эми азыркы жигиттер армияга барсам кор болуп олуп калам, андан коро ата-энемдин алдында жургонум артык деп ачык эле айтышатго форумдан деле окуп журом. (Негизи ажал жетсе ата-энесинин торундо деле ажал оз билгенин бербейтго) Дегеле Аскердик кызмат отоодогу мучулуштуктордун пайда болушуна мамлекет алсыздык кылып жатабы, же жигиттер коркоктук кылып барбай жатышабы? Кыскасы аскердик кызматка кара колоко тушургондор кобуроок кимдер?
3)Уулунуз жоокерлердин жашоосун корууго дайынданса жонотосузбу? Же барып келгенби?
4) Кийинки суроо; монитордун артында отуруп алып айымдар менен жакалашкан агрессивдуу мырзаларга оюнуз? Эмне себептен жигиттер майдаланып баратышат. Мен кеде карап отуруп айымдар менен мырзалардын орду алмашып баратабы деп ойлоп кетем. Эн мелоч создор менен тиги минтип айттыго, тигинден мындай соз уктум эмне учун мындай, эмне учун деген суроолор менен алектенип отурушу мырзалык сапатка жатабы?
Кийинки суроо, дин дегенде улуттун баалуугун унуткандарга оюнуз? Айрымдар укканын, коргонун мээсине программалап алган роботтой эле сезилет мага. Себеби патриоттук сезимден кыпындайда нерсе жок.
А айрымдар болсо улут, улут, улут деп динди отоле жээрип жиберишет. Дин менен кылымдап сакталып келе жаткан ыйык мурастарды эки жээке сурбой, бирдей жайылтууда кандай ыкма колдонуу керек? Азыр динчилдер бир тарап, улутчулдар бир тарап болуп ыйкы-тыйкы болуп жаткандары коп кездешет.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Сентябрь 2015 - 15:45
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#11335 02 Сентябрь 2015 - 15:48
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#11336 02 Сентябрь 2015 - 19:23
happy02 (01 Сентябрь 2015 - 15:30) жазган:
Саламатчылык heppy02 айым, куш келдик.
1. Дуйно бир орунда турбайт эмеспи. Кыргызтан менен Орусиянын достугунун келечеги барбы? Жана "10жылдан кийинки Кыргызтан" сиздин оюнузча кандай денгээлде болот. Сизден бир шингил прогноз..
1. Орусия мн болгон достуктун зыяны деле жок. Ушул эле форумда көбү ошол жактан жан багып, жакшы киреше тапкандар бар. Жаңы баргандарын козу деп коюшат окшойт, көпкө жүрсө баран болобу ошондо деп койом жеке түшүнүгүмдө. Менин да инилерим Россияда жакшы турушат.
Келечеги кең эле болот, Россия убакыттын өтүшү менен Американы артка таштайт. 10жылдан соң Кыргызстандын келечеги жакшы болот деген бир шингил прогноз бере алам буйюруса.
2
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Сентябрь 2015 - 20:50
#11337 02 Сентябрь 2015 - 19:43
happy02 (01 Сентябрь 2015 - 15:30) жазган:
2. Бакыт деп эми, көз ирмемдерди секунд, мүнөт, күндөрдү, жылдарда болгон сезимдерди айтса да болот.
А түбөлүк бакыт жана бактылуулук акыретте болот, эгер ошону азыртан даярдасак.
Илгери бир сахаба Пайгамбарыбызга; "Кыйналып кеттик, эгер курсагым ток болсо, үстүмдө үйүм болсо эле эртеден кечке Аллага шүгүр кылып, намаз эле окуп отурмакмын" десе.
Анда Саллаллоху алейхи васаллам; "Сен азыр эң жакшы акыбалдасың ошого шүгүр кыл. Бир заман келет, адамдардын курсагы ток болот, үстүндө кабат кабат тамы болот, имгени учкан унаа болот, бирок силердикиндей намазы, ыйманы болбойт." деген экен.
Азыр ошол саxабалар кандай бактылуу деп келем.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Сентябрь 2015 - 20:57
#11338 02 Сентябрь 2015 - 20:00
happy02 (01 Сентябрь 2015 - 15:30) жазган:
3. Байкаганыңыздай айыл жергесинде көбү билбейт, жокко эсе эми. мен үчүн ордугу деле жок, өзүм кичинемден китепке жакынмын, ошондон ушул аркылуу окуп эрмек кылып калам бош убак табылса.
Цитата
4. Жаш кезимде үйлөнө элек кезде 2уул, 2 кыздуу болом дечүүмүн негедир, а башка максаттарым эми жаш кезде, жакшы ыймандуу, татына келинчек тилейт эмесбизби, а кариера андан соң эле, тилектерибиздин ишке ашышына Жараткандан тиленип келебиз. тилегим кабыл болду деп эле эсептейм, Аллахка шүгүр.
Цитата
Сиз да сак саламатта, бактылуу болуңуз.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Сентябрь 2015 - 20:58
#11339 02 Сентябрь 2015 - 20:20
#11340 02 Сентябрь 2015 - 21:01
kerakg (02 Сентябрь 2015 - 20:20) жазган:
Тузотуп койдум агай.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Сентябрь 2015 - 21:08
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев