Суперстан: Кыргыз мамлекети ЕАЭБге толук кирди - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Кыргыз мамлекети ЕАЭБге толук кирди

#21 Пользователь офлайн   Kanat8427   25 Август 2015 - 15:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 562
  • Катталган: 03 Июнь 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 21:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалган дуйно

Просмотр сообщения Mukay (15 Август 2015 - 15:34) жазган:

Бир болсо жыргадык, Путинди ата кылып калдык эми.:-D:-D:-D


))))))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Master_84   25 Август 2015 - 18:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 23 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Окт 2024 11:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЯМАЛ

Просмотр сообщения Mukay (15 Август 2015 - 15:34) жазган:

Бир болсо жыргадык, Путинди ата кылып калдык эми.:-D:-D:-D

АША өгөй болуп калдыбы :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   04 Сентябрь 2015 - 02:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

ЕАЭБ ге кирдик деп суйунгонубуз менен, бул жагы чатак болуп жатыргой...


Жарыяланган учуру: 03.09.2015

Башка алыш-бериш жайларындагыдай эле “Баткен” базарында да соода солгун. Бирин-экин кардардан башкасы жол караган сатуучулар. Алардын бири Алтынбек соңку бир жумада эле Кытай, Түркиядан келген товарлардын кымбаттаганын мисалдар менен айтып берди.

- Мисал үчүн 120 сомдук кытай шамдарынын баасы 150гө чыкты. Түркиядан келген жез зымдардын метри мурда 32 сомдон болсо азыр 42 сомдон сатып жатабыз. Анткени бажы төлөмдөрү товар түрүнө жараша 20 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүлдү. Эми доллар баасы өссө дагы кымбаттайт го. Кардарлар жок. Былтыр бул убакта соода жакшы болгон.

Алтынбек Исабаев кошумчалагандай бажы төлөмүнүн кымбатташы Орусия, Казакстан товарларынын наркын да 5-10 сомго көтөргөн.

Бажы төлөмү бааны асмандатабы?

Экономист Элдар Абакиров товар наркынын өсүшүн өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушу жана доллар кунунун жогорулашы менен байланыштырды. Айтымы, Кыргызстан биримдикке кошулганы ЕАЭБ тышынан кирген товарлар 30 пайызга чейин кымбаттады.

- Баалар бажы тарифине байланыштуу бир эле жолу көтөрүлөт. Эгер доллардын наркы 70 сомго чыгып кетсе дагы кымбаттайт. Ушулардын таасири менен сатуучулар өздөрү да кошуп сатышат. Ошентип ЕАЭБ тышынан келген товарлар 30 пайыздай кымбаттады.

12-августтан бери ЕАЭБден тыш өлкөлөрдөн ташылган товарларга бажы төлөмү 0 пайыздан 16 пайызга көтөрүлгөн. Бажы кызматынын ага инспектору Алмаз Акынбеков бажы төлөмү эселеп көбөйгөнү аз келгенсип, соодагерлерден 12 пайыздык кошмча нарк салыгы алынарын айтууда.

- Желим эшик-терезелерге ЕАЭБге чейин 0 пайыздык төлөм алынса азыркысы 14%. Электротоварларга бажы төлөмү буга чейин 5 пайыз болсо азыр 18ге көбөйтүлдү. Мындан сырткары товардын баасына бажы төлөмү кошулгандан кийин 12 пайыздык кошумча нарк салыгы алынат. Ошентип товарлар дагы кымбаттайт.

Адистердин божомолунда товарлар дагы кымбатташы мүмкүн. Анткени азыркы сатыктагы буюмдардын көбү ЕАЭБге бириккенге чейин киргизилген. Айрым сатуучулар эски товарга деле жаңы төлөм пайызын кошуп жатканы айтылууда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   04 Сентябрь 2015 - 02:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Убадага каршы баалар

Курулуш материалдарынын көбү ЕАЭБ тышынан келет. Ушул себептүү Орусия, Казакстанда өндүрүлгөн буюм-тайымдар деле баанын өсүшүн токтото албайт дейт экономикалык эксперт Элдар Абакиров.

- Эми Орусиядан бизге темир менен эле тактай келет да. Казакстандан болсо анча-мынча цемент аралашмалары келет. Товарлардын көбү Кытай, Түркия, Кореядан келет. Ошондуктан курулуш материалдары арзандабайт. ЕАЭБ болгону темир менен тактайга гана жакшы таасир эте алат.

Буга чейин Кытай, Түркия өңдүү өлкөлөрдөн ташылган кийим-кечеге килограммына 35-50 цент айланасында төлөм төлөнсө, ЕАЭБдин бажы төлөмү 2 долларга жетет. Адистер бул жагдай кытай товарларынын эки-үч эсе кымбатташын шарттады деп эсептешет.

Кыргызстан ЕАЭБге 12-августта толук мүчө болду. Бул күндөн баштап казак-кыргыз чегиндеги бажы тосмолору алынып, товар ташуу эркин жүргүзүлөрү Орусия, Казакстандан келген товарлар арзандары айтылган...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Xanif.Kg   04 Сентябрь 2015 - 03:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 842
  • Катталган: 20 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июн 2019 06:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

ЕАЭБ: коңшу өлкөгө товар өткөрүү кыйындады

Нааразы болгон соодагерлер биримдикке кирген соң, автоунааларды коңшу мамлекеттерге сатабыз деп үмүт кылышкан. Бирок бажы салыгын төлөбөй Казакстанга автоунаа сатууга уруксат 2020-жылдан тарта гана берилет.

Экономика министрлигинин өкүлү Кубанычбек Айдаралиев казак тарап өздөрүнүн унаа базарындагы жагдайды иретке келтирүү максатында ушундай шарт коюшканын маалымдады.

- Баягы ички атаандаштыкты бузбоо үчүн 2020-жылга чейин уруксат берилген да. Чындыгында машиненин ал жактагы баасы жогору. Бирок Кыргызстандан ташылган унааларды ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин аймагына ташып кирүүгө жана пайдаланууга бажы декларациясынын шарттарын аткарып, бажы менен салыктын суммасынын ортосундагы айырма акчаны төккөндөн кийин гана уруксат берилет. 

Өзүн жеке ишкермин деп тааныштырган Бек Орозобеков Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин унаа базарында абал мындай болорун бийлик алдын-ала айтканда, ондогон автоунааларды сатып алып убара болмок эмеспиз деп кейиди.

- Эми бизге оңчулуктуу деле маалымат жеткен жок да. Мисалы, мен уккан эмесмин. Биримдике киребиз, машина укмуш сатылат дегенинен  ташып алгам. Сатып алгандар бар, жок эмес. Эми өзүбүздүн эле жарандар сатып алып жатышат. Бирок аз санда. Көбү таштап атат бул бизнести. Анын үстүнө Орусия көп унаа чыгарып жатат жана анын баасы да арзан, ошондуктан казакстандык сатып алуучулар биздин базардан кетип жатат.

Бек сыяктуу эле башка ишкерлер Кыргызстанга акыркы мезгилде ЕАЭБге киргенден кийин анын мүчөлөрүнө сатабыз деп 100 миңге жакын унаа алып келишкен. Казакстан  эски машиналарды киргизбей, 2007- жылдан кийин чыгарылган унааларга гана уруксат берилерин эскертүүдө. Азыр деле 2014-жылдан кийин Кыргызстанга кирген бардык унааларды ЕАЭБ аймагына сатуу  үчүн бажы жагынан эч кандай жеңилдик жок. Экономика министрлигинин өкүлү Кубанычбек Айдаралиев жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Алардын бажы ченеми биздикине караганда кымбат болуп жатпайбы. Ошондуктан азыр ал жакка эч ким деле ташыган жок. Бирок 2014-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейин ташылган унаалар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каттоосуна алынат жана аларга ЕАЭБдин бажы салыгы менен Кыргызстандын бажы салыгынын ортосундагы айырманы төккөндөн кийин гана бажыдан өткөрүүгө уруксат берилет. 

Жарандык активист Марат Мүсүралиев түзүлгөн мындай жагдай башынан ачык-айкын маалыматтын жетпегенинен улам келип чыкты деп эсептейт.​

- Бизнес кооптуу нерсе да. Тез байып, тез күйүп кетесиң дегендей. Ошондуктан алдын-ала өкмөттүн мүчөлөрү ушул бажы биримдигине киргизген адам түшүндүрүшү керек болчу. Мисалы, ошол эле маселени айтыш керек болчу, беш жылдан кийин сыртка алып чыгып сата аласыңар, шашылбагыла деп. Экинчиден, алыпсатарлар өздөрү да күнөөлүү. Мисалы, казакстандыктар бизге чейин биримдикке кирген соң, кайсы бир убакта бизге келип машиналарды сатып алып жатышкан. Ошол жагдай бизде деле кайталанышы мүмкүн экенин ойлонуш керек болчу.

Кыргызстандык ишкерлерге дагы эки жылдай Евразия экономикалык биримдигине кирген башка өлкөлөрдө кабыл алынган бажы ченемдеринен төмөнкү бажы төлөмү менен унаа алып келүүгө уруксат берилген. Бирок 2020-жылга карата Кыргызстандан бара-бара бул ченемдерди теңдөөсү керек. Ал арада машина сатуу менен алектенген соодагерлер күн өткөн сайын чыгашага учурагандан эмне кыларын билишпей турган чагы. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Lipton   04 Сентябрь 2015 - 18:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 04 Май 14
  • Соңку аракети: 11 Сен 2015 23:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.

Акталбаган умуттор. Курулуш материалдардын кымбатташы биздей болуп уйдун дубалын баштап алгандарга кыйын эле болду да. Эми ушуга жараша айлык акы которулсо экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 18:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: