А сен болсоң...
Азартым бул -
азаптыр же бактыдыр?
Адатым бул –
жамандыр же жакшыдыр?..
Быркыранып –
сынып, кайра биригип,
Сен жөнүндө
жазгым келип жакшы ыр..!
Мен өзүмдү
өзгөлөрдөн катам да,
Мезгилдин бир
чекитине батам да,
Мелмилдеген
жымжырттыкты жамынып,
Аалам тордун
терезесин ачам да…
Дүйнөм түгөл
болуучудай сен менен…
кабарыңды
издейм, табам, термелем!
А сен бакыт,
сүйүү издеп башкадан,
Баратасың,
аралашып эл менен…
Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.
#101 27 Август 2015 - 03:46
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#102 27 Август 2015 - 03:48
БИЗ
Серпилишип,
алыстоону оң көрүп,
Сен да менден,
мен да сенден бой бөлүп...
Көзүбүздөн,
сөзүбуздөн, атүгүл
түшүбуздөн
эки айрылыш жол көрүп...
Эмнегедир,
жайдакталып жандүйнө,
Баратканым
билбей, сезбей кай күнгө.
Көкүрөктө
бүлбүлдөгөн а бирок,
Кыйын экен
өчүп-жанган шамды үйлөө.
Кечээ эле
сүйүп эстен танганбыз,
Биз шам эмес –
жалын болуп жанганбыз.
Бирок баркын
билбей ошол бакыттын,
Сезим – селдин
ташкынында калганбыз.
Аяшпадык,
ар башка кол сермедик,
Жанашпадык,
жардамга кол бербедик,
“Жандүйнөнүн
жараңкасы жалгашпайт,
Жай-жайына
калышканы оң,”- дедик.
Серпилишип,
алыстоону оң көрүп,
Сен да менден,
мен да сенден бой бөлүп...
Көзүбүздөн,
сөзүбуздөн, атүгүл
түшүбуздөн
эки айрылыш жол көрүп...
Эмнегедир,
жайдакталып жандүйнө,
Баратканым
билбей, сезбей кай күнгө.
Көкүрөктө
бүлбүлдөгөн а бирок,
Кыйын экен
өчүп-жанган шамды үйлөө.
Кечээ эле
сүйүп эстен танганбыз,
Биз шам эмес –
жалын болуп жанганбыз.
Бирок баркын
билбей ошол бакыттын,
Сезим – селдин
ташкынында калганбыз.
Аяшпадык,
ар башка кол сермедик,
Жанашпадык,
жардамга кол бербедик,
“Жандүйнөнүн
жараңкасы жалгашпайт,
Жай-жайына
калышканы оң,”- дедик.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#103 04 Сентябрь 2015 - 04:46
Күз
Күзгү сары жалбырак,
Каалгый түшүп келатты...
“Кыскалыгы ай, өмүрдүн,
Аттиң арман...” - деп атты...
Жазда ачылган жап-жашыл,
Бүчүр кезин эстеди.
Сабагынан үзүлбөй,
Бүтүн кезин эстеди.
Жамгыр назик дыбырттап,
Өткөн кезин эстеди.
Жел аймалап бетинен,
Өпкөн кезин эстеди...
Кереметин жашоонун,
Ырдаганын эстеди.
Махабаты көөдөнгө,
Сыйбаганын эстеди...
Тегеректеп шуулдаган,
Бариктерди эстеди.
Бирөөнүн да а бирок,
Азыр демин сезбеди...
Тарып барат дүйнөсү,
Улам жерге жакындап.
Артта калып аттиң ай,
Өмүр деген жашыл жак...
Күзгү сары жалбырак,
Каалгый түшүп келатты...
“Кыскалыгы ай, өмүрдүн,
Аттиң арман...” - деп атты...
Жазда ачылган жап-жашыл,
Бүчүр кезин эстеди.
Сабагынан үзүлбөй,
Бүтүн кезин эстеди.
Жамгыр назик дыбырттап,
Өткөн кезин эстеди.
Жел аймалап бетинен,
Өпкөн кезин эстеди...
Кереметин жашоонун,
Ырдаганын эстеди.
Махабаты көөдөнгө,
Сыйбаганын эстеди...
Тегеректеп шуулдаган,
Бариктерди эстеди.
Бирөөнүн да а бирок,
Азыр демин сезбеди...
Тарып барат дүйнөсү,
Улам жерге жакындап.
Артта калып аттиң ай,
Өмүр деген жашыл жак...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#104 04 Сентябрь 2015 - 04:47
Кимсиң, билбейм...
(“Махабат мазары” повестиндеги Заринанын ыры)
Сезем дагы,
Келатканың мени издеп,
Сүйүү төшөп,
Келер жолуң тегиздеп.
Арнап койгом
Өзүңө эчак өзүмдү,
Жүрөгүңө -
Жүрөгүмдү эгиздеп.
Кимсиң? Билбейм...
Бирок сени сагындым,
Жарымындай
жандүйнөмдүн, жанымдын.
Кимсиң, айтчы,
Каяктасың, кандайсың?
Мен да эртелеп
Келет сага табылгым...
(“Махабат мазары” повестиндеги Заринанын ыры)
Сезем дагы,
Келатканың мени издеп,
Сүйүү төшөп,
Келер жолуң тегиздеп.
Арнап койгом
Өзүңө эчак өзүмдү,
Жүрөгүңө -
Жүрөгүмдү эгиздеп.
Кимсиң? Билбейм...
Бирок сени сагындым,
Жарымындай
жандүйнөмдүн, жанымдын.
Кимсиң, айтчы,
Каяктасың, кандайсың?
Мен да эртелеп
Келет сага табылгым...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#105 04 Сентябрь 2015 - 04:48
Сиз бар үчүн
Азыр барып Сиз жөнүндө ыр жазам,
Издеп-издеп. .. Таап ширин сөздөрдү.
Кыялданып жүрөк менен сырдашам,
Шылтоо кылып жалт караган көздөрдү.
Ошол көздөр мени кылган бактылуу,
Карегимди жууп өтөт чайыттай,
Жалгыз гана өзүңүздү жактыруу,
Жүрөгүмдө жашап жүрөт айыкпай.
Кандай асыл, кандай жакшы адамсыз,
Сиз бар үчүн мага жакшы тирүүлүк.
Сиз бар үчүн дүйнөм түгөл сыяктуу,
Сиз бар үчүн жашап жүрөм сүйүнүп.
Ушул ырды жалгыз гана Сизге арнап,
Сизди карап, Сизге гана аярлап.
Анткен менен Сизге сырым билгизбей,
Сыртыңыздан сүйүп жүрөм абайлап..
Азыр барып Сиз жөнүндө ыр жазам,
Издеп-издеп. .. Таап ширин сөздөрдү.
Кыялданып жүрөк менен сырдашам,
Шылтоо кылып жалт караган көздөрдү.
Ошол көздөр мени кылган бактылуу,
Карегимди жууп өтөт чайыттай,
Жалгыз гана өзүңүздү жактыруу,
Жүрөгүмдө жашап жүрөт айыкпай.
Кандай асыл, кандай жакшы адамсыз,
Сиз бар үчүн мага жакшы тирүүлүк.
Сиз бар үчүн дүйнөм түгөл сыяктуу,
Сиз бар үчүн жашап жүрөм сүйүнүп.
Ушул ырды жалгыз гана Сизге арнап,
Сизди карап, Сизге гана аярлап.
Анткен менен Сизге сырым билгизбей,
Сыртыңыздан сүйүп жүрөм абайлап..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#106 04 Сентябрь 2015 - 05:05
Мен сени таптым десем!..
Мен сени таптым десем... Башка экенсиң!
Жакыным десем алыс жакта экенсиң!
Жашоомдо жаназыгым болот десем,
Аттиң ай, дүйнөң жарды, ачка экенсиң!
Мен сени чыныгы оттун өзү дегем,
Чыйрыккан кезде келип өзүңө мен!
Караанын махабаттын көрөмбү деп,
Карапмын капкараңгы көзүңө мен!
Мен сени жаз деп жүрсөм... кыш экенсиң!
Сыртың от, ичиң ызгаар, муз экенсиң!
Эми да эске түшкөн кездериңде,
Үшүтүп жүрөгүмдү “тыз” этээрсиң!
Мен сени таптым десем... Башка экенсиң!
Жакыным десем алыс жакта экенсиң!
Жашоомдо жаназыгым болот десем,
Аттиң ай, дүйнөң жарды, ачка экенсиң!
Мен сени чыныгы оттун өзү дегем,
Чыйрыккан кезде келип өзүңө мен!
Караанын махабаттын көрөмбү деп,
Карапмын капкараңгы көзүңө мен!
Мен сени жаз деп жүрсөм... кыш экенсиң!
Сыртың от, ичиң ызгаар, муз экенсиң!
Эми да эске түшкөн кездериңде,
Үшүтүп жүрөгүмдү “тыз” этээрсиң!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#107 04 Сентябрь 2015 - 05:06
Көкүрөгүңө,
Көшүлүп жөлөп башымды,
Көрсөтпөй арчып,
Көзүмдөн аккан жашымды.
Көңүлүм толуп,
Көөдөнүм аста солкулдап,
Көйгөйдү унтуп,
Көлкүсөм төгүп назымды...
Бул ирмем бизге,
Буюрган болсо Кудайдан,
Буулуккан жүрөк,
Булкунуп бошоп убайдан,
Булбулдай безеп,
Булутсуз көктө сайрамак,
Бурула шашып,
Бурганак, бороон бу
жайдан...
А бирок билем,
Андай күн калган алыста,
Ал күнгө барчу,
Азаптуу жолдор жабык да!
Адашып калган,
Айыптуу биздин тагдырга,
Асылым менин,
Арманым сен да жабыкпа!
Көшүлүп жөлөп башымды,
Көрсөтпөй арчып,
Көзүмдөн аккан жашымды.
Көңүлүм толуп,
Көөдөнүм аста солкулдап,
Көйгөйдү унтуп,
Көлкүсөм төгүп назымды...
Бул ирмем бизге,
Буюрган болсо Кудайдан,
Буулуккан жүрөк,
Булкунуп бошоп убайдан,
Булбулдай безеп,
Булутсуз көктө сайрамак,
Бурула шашып,
Бурганак, бороон бу
жайдан...
А бирок билем,
Андай күн калган алыста,
Ал күнгө барчу,
Азаптуу жолдор жабык да!
Адашып калган,
Айыптуу биздин тагдырга,
Асылым менин,
Арманым сен да жабыкпа!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#108 04 Сентябрь 2015 - 05:07
Булут үзүп,
жылдыз терип жазганга,
Чыгып кетким
келип жүрөт асманга.
Бир серпилип,
канат күүлөп алайын,
Кичинекей
таканч барбы аскаңда?..
Айтышууда
ак сүйүүнү жок дешип,
Аны иликтеп,
аныктоого жок кесип.
Арзууну мен
алып келем ыр менен,
Асылым эх,
а сен антип тоспо эшик!..
жылдыз терип жазганга,
Чыгып кетким
келип жүрөт асманга.
Бир серпилип,
канат күүлөп алайын,
Кичинекей
таканч барбы аскаңда?..
Айтышууда
ак сүйүүнү жок дешип,
Аны иликтеп,
аныктоого жок кесип.
Арзууну мен
алып келем ыр менен,
Асылым эх,
а сен антип тоспо эшик!..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#109 04 Сентябрь 2015 - 05:08
Сенсиз...
Ажары чыкпай сенсиз
жаңы ырдын да,
Асылым, мен сени
сагындым да…
Адашып айлана-
чөйрөмдөн эх,
Чүмкөнүп ойлорго
жамындым да…
Түн болдум –
көзүмдү жумуп алып!
Түпөйүл ойлорго
тунуп алып.
Түбү жок санаанын
кудугунан
чыга албай түйшөлдүм,
чумуп алып.
Ак жаандай
а көрөк төгүлсөм не,
Буулукпай – булуттай
сөгүлсөм не!..
Ажары чыкпай сенсиз
жаңы ырдын да,
Асылым, мен сени
сагындым да…
Адашып айлана-
чөйрөмдөн эх,
Чүмкөнүп ойлорго
жамындым да…
Түн болдум –
көзүмдү жумуп алып!
Түпөйүл ойлорго
тунуп алып.
Түбү жок санаанын
кудугунан
чыга албай түйшөлдүм,
чумуп алып.
Ак жаандай
а көрөк төгүлсөм не,
Буулукпай – булуттай
сөгүлсөм не!..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#110 07 Сентябрь 2015 - 06:12
Эжейим – эжейлерден башкача эле
Ооба. Ырас. Мен дагы анда бөбөк элем,
Таптакыр азыркыдан бөлөк элем.
Тунжурап тып-тынч класс, а дүйнөнү –
Эжейдин көзү менен көрөр элем.
Ортону канча жаз, күз тозсо дагы.
Үлгүртпөй, мезгил бизден озсо дагы.
Дагы эле тиктейт мени эжейимдин
элеси – бор кармаган доскадагы.
О, анда ал да биздей жапжаш эле,
А бүгүн неберелүү ак чач эне....
Колумду кошо кармап, кошо окуган,
Ошо эжей – эжейлерден башкача эле!
Ооба. Ырас. Мен дагы анда бөбөк элем,
Таптакыр азыркыдан бөлөк элем.
Тунжурап тып-тынч класс, а дүйнөнү –
Эжейдин көзү менен көрөр элем.
Ортону канча жаз, күз тозсо дагы.
Үлгүртпөй, мезгил бизден озсо дагы.
Дагы эле тиктейт мени эжейимдин
элеси – бор кармаган доскадагы.
О, анда ал да биздей жапжаш эле,
А бүгүн неберелүү ак чач эне....
Колумду кошо кармап, кошо окуган,
Ошо эжей – эжейлерден башкача эле!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#111 07 Сентябрь 2015 - 06:13
Жакшы адамдар барган жерден сени издейм,
Сени бийик Тоо дейм, терең Деңиз дейм!
Сен бар үчүн көп көйгөйдөн кутулуп,
Көңүлүмдүн бөксөө жерин тегиздейм!
Сени ырга, жакшылыкка эгиз дейм,
Ошондуктан жүрөктү убай жегизбейм!
Сен бар үчүн ырларымды махабат,
Арзуу аттуу ырыскыдан кемитпейм!
Жолум тосуп, жолукпайт деп терикпейм,
Күтөм, күтпөйм! Күдөр да үзбөйм неликтен?
Каяктадыр бар экенин билем да,
Жакшы адамдар жүргөн жерден сени издейм!
Сени бийик Тоо дейм, терең Деңиз дейм!
Сен бар үчүн көп көйгөйдөн кутулуп,
Көңүлүмдүн бөксөө жерин тегиздейм!
Сени ырга, жакшылыкка эгиз дейм,
Ошондуктан жүрөктү убай жегизбейм!
Сен бар үчүн ырларымды махабат,
Арзуу аттуу ырыскыдан кемитпейм!
Жолум тосуп, жолукпайт деп терикпейм,
Күтөм, күтпөйм! Күдөр да үзбөйм неликтен?
Каяктадыр бар экенин билем да,
Жакшы адамдар жүргөн жерден сени издейм!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#112 25 Сентябрь 2015 - 16:08
Кимибиз?
Бар туруп жоксун жанымда,
Мен зар болуп турган чагымда!
От туруп неге куйбойсун,
Кун туруп неге тундойсун?! .
Жек коруп туруп сыйлаган,
Жылмайып туруп ыйлаган,
Сенби же менби, кимибиз,
Айтор, бактысыз жанбыз бирибиз!
Бар туруп жоксун жанымда,
Мен зар болуп турган чагымда!
От туруп неге куйбойсун,
Кун туруп неге тундойсун?! .
Жек коруп туруп сыйлаган,
Жылмайып туруп ыйлаган,
Сенби же менби, кимибиз,
Айтор, бактысыз жанбыз бирибиз!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#113 25 Сентябрь 2015 - 16:09
Аздектелген ар кыл, асыл таштардан,
Астананы карап учуп асмандан,
Ирмемдер эх, эмнегедир эчкирип,
Ыйлап, ыйлап... жиберүүгө аз калган!..
Кучагыңда болсом дагы аз гана,
Ажарыңа арзып калдым, Астана.
Бирок сезип, билип турдуң сен дагы,
Бишкегимди окшото албайм башкага...
Астананы карап учуп асмандан,
Ирмемдер эх, эмнегедир эчкирип,
Ыйлап, ыйлап... жиберүүгө аз калган!..
Кучагыңда болсом дагы аз гана,
Ажарыңа арзып калдым, Астана.
Бирок сезип, билип турдуң сен дагы,
Бишкегимди окшото албайм башкага...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#114 25 Сентябрь 2015 - 16:10
Кызга тилек
(Сөзу Жыпар Исабаеваныкы,
Обону Б.Мамаевдики,
Мээргүл Каримова ырдайт)
Айлындын чебер узу бол кызым,
Үйүндүн ырыс, куту бол, кызым.
Кайненең менен кайнатаң үчүн,
Келини эмес, кызы бол, кызым.
Кайырма:
Көшөгөң көгөрсүн,
Кут түшсүн түнөгүңө,
Кубатым эстүү бол,
Нур жаасын жүрөгүңө.
Жанбиргем, ырыстуу,
Ыймандуу бүлө болуп,
Балдарга апа бол,
Бакыт бол, түгөйүңө.
Балдарды суук көздөрдөн өзүң сакта,
Теңирим, жаман сөздөрдөн өзүң сакта.
Экөөнүн бийик сүйүүдөн арзып курган,
Уясын урап, чөккөндөн өзүң сакта.
Жарыңдын асыл жары бол кызым,
Үйүңдүн жарык шамы бол кызым.
Кайын журт сүйгөн, кадырлап күйгөн,
Жашооун аппак таңы бол, кызым.
(Сөзу Жыпар Исабаеваныкы,
Обону Б.Мамаевдики,
Мээргүл Каримова ырдайт)
Айлындын чебер узу бол кызым,
Үйүндүн ырыс, куту бол, кызым.
Кайненең менен кайнатаң үчүн,
Келини эмес, кызы бол, кызым.
Кайырма:
Көшөгөң көгөрсүн,
Кут түшсүн түнөгүңө,
Кубатым эстүү бол,
Нур жаасын жүрөгүңө.
Жанбиргем, ырыстуу,
Ыймандуу бүлө болуп,
Балдарга апа бол,
Бакыт бол, түгөйүңө.
Балдарды суук көздөрдөн өзүң сакта,
Теңирим, жаман сөздөрдөн өзүң сакта.
Экөөнүн бийик сүйүүдөн арзып курган,
Уясын урап, чөккөндөн өзүң сакта.
Жарыңдын асыл жары бол кызым,
Үйүңдүн жарык шамы бол кызым.
Кайын журт сүйгөн, кадырлап күйгөн,
Жашооун аппак таңы бол, кызым.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#115 25 Сентябрь 2015 - 16:10
Сен менин генералым
Бар дүйнөм сага ыроолоп бере аламын,
Сен менен бүт азапты жеңе аламын.
Башкага баркың кандай, билбейм бирок,
Сен менин чоң жылдыздуу генералым.
“Сен менин генералым... ”
Сурайсың: “Неге жаным?”
Мен айтам: “Мындан дагы,
Бийик чин бере аламын:
“Лейтенант- генералым..! ”
Зоболоң мага ошончо бийик турат,
Жарыгың жандүйнөмө тийип турат.
Кайрат-эрк, намысыңа, кадырыңа
Сезимим башын секин ийип турат.
“Сен менин генералым... ”
Сурайсың: “Неге жаным?”
Мен айтам: “Мындан дагы,
Бийик чин бере аламын:
“Лейтенант- генералым..!”
Бар дүйнөм сага ыроолоп бере аламын,
Сен менен бүт азапты жеңе аламын.
Башкага баркың кандай, билбейм бирок,
Сен менин чоң жылдыздуу генералым.
“Сен менин генералым... ”
Сурайсың: “Неге жаным?”
Мен айтам: “Мындан дагы,
Бийик чин бере аламын:
“Лейтенант- генералым..! ”
Зоболоң мага ошончо бийик турат,
Жарыгың жандүйнөмө тийип турат.
Кайрат-эрк, намысыңа, кадырыңа
Сезимим башын секин ийип турат.
“Сен менин генералым... ”
Сурайсың: “Неге жаным?”
Мен айтам: “Мындан дагы,
Бийик чин бере аламын:
“Лейтенант- генералым..!”
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#116 25 Сентябрь 2015 - 16:11
Ханзаадам
Катарлаш да, кайчы да өтүп канча адам,
Карек талып, издегемин канчадан.
Капысынан түшүп келдиң жомоктон,
Канатыңды жайып алып, ханзаадам.
Чекитке эч алмаша албай үтүрүн,
Ырын жазып жүрдүм эле күтүүнүн.
Жаз кучактап Күндөн түшүп келдиң да,
“Кереги жок! – дедиң, - эми үшүүнүн”.
Катарлаш да, кайчы да өтүп канча адам,
Карек талып, издегемин канчадан.
Капысынан түшүп келдиң жомоктон,
Канатыңды жайып алып, ханзаадам.
Чекитке эч алмаша албай үтүрүн,
Ырын жазып жүрдүм эле күтүүнүн.
Жаз кучактап Күндөн түшүп келдиң да,
“Кереги жок! – дедиң, - эми үшүүнүн”.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#117 30 Сентябрь 2015 - 13:08
Сынган "көпүрө"
Кайчы жолдо капысынан кезигип,
Каалап турдук сырдашууну чечилип.
Бирок мезгил койду бизди кечирбей,
Биз бардыгын турган кезде кечирип.
Мезгил мерез... сурансак да кайталап,
Көрүнбөгөн тосмо менен калкалап,
бөлүп турду... Ортобузда эскирген
экөөбүздүн көпүрөнү талкалап.
Жандүйнөнү жанчкан менен кусалык,
Унчукпоонун мүнөттөрү узарып...
Үшкүрүктөн тырс үзүлүп үмүттөр,
Жалгаша албай, жалт карашып узадык...
Кадырларды билген кезде кечигип...
Жолугуштук капысынан кезигип.
Бирок мезгил койду бизди кечирбей,
Биз бардыгын турган кезде кечирип.
Кайчы жолдо капысынан кезигип,
Каалап турдук сырдашууну чечилип.
Бирок мезгил койду бизди кечирбей,
Биз бардыгын турган кезде кечирип.
Мезгил мерез... сурансак да кайталап,
Көрүнбөгөн тосмо менен калкалап,
бөлүп турду... Ортобузда эскирген
экөөбүздүн көпүрөнү талкалап.
Жандүйнөнү жанчкан менен кусалык,
Унчукпоонун мүнөттөрү узарып...
Үшкүрүктөн тырс үзүлүп үмүттөр,
Жалгаша албай, жалт карашып узадык...
Кадырларды билген кезде кечигип...
Жолугуштук капысынан кезигип.
Бирок мезгил койду бизди кечирбей,
Биз бардыгын турган кезде кечирип.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#118 30 Сентябрь 2015 - 19:30
Сүйбөймүн сени,
Сүйбөймүн эми эчкимди
Сүйүүмө менин
чак түштө кантип кеч кирди.
Жараткан менин
жасаган кезде жанымды Сүйүүнүн арман,
азабын тартсын дептирби,
Сүйгөндөй сени
сүйбөймүн эми эч кимди.
Сен менен өткөн
Өмүрдүн ошол ирмеми, Бакытым болуп,
Жакутум болуп дилдеги.
Дирилдеп турат
Көөдөндө аттиң бир ысым,
Толбостой болуп,
Дүйнөнүн сенсиз бир кеми...
Сүйбөймүн эми эчкимди
Сүйүүмө менин
чак түштө кантип кеч кирди.
Жараткан менин
жасаган кезде жанымды Сүйүүнүн арман,
азабын тартсын дептирби,
Сүйгөндөй сени
сүйбөймүн эми эч кимди.
Сен менен өткөн
Өмүрдүн ошол ирмеми, Бакытым болуп,
Жакутум болуп дилдеги.
Дирилдеп турат
Көөдөндө аттиң бир ысым,
Толбостой болуп,
Дүйнөнүн сенсиз бир кеми...
#119 04 Октябрь 2015 - 18:45
Суранам...
Жүрөгүмө сени катып алгамын...
Суранамын, катуу оорутуп албагын.
Корком, кокус сен жашаган дүйнөмдү,
Жаза тайып, жабыркатып албайын.
Көздөрүмө сени тартып алгамын...
Көрөм сени көктөн, жерден... ар дайым.
Көп ыйлатпа, сүрөтүңдү каректен,
Көз жаш менен кошо жууп албайын...
Жоруктарың жолдош кылып алгамын,
Жолуң тосуп, карайм алыс ар дайым...
Жоктон кээде жолугууну бар кылган,
Жомогумду жокко айлантып албайын...
Жүрөгүмө сени катып алгамын...
Суранамын, катуу оорутуп албагын.
Корком, кокус сен жашаган дүйнөмдү,
Жаза тайып, жабыркатып албайын.
Көздөрүмө сени тартып алгамын...
Көрөм сени көктөн, жерден... ар дайым.
Көп ыйлатпа, сүрөтүңдү каректен,
Көз жаш менен кошо жууп албайын...
Жоруктарың жолдош кылып алгамын,
Жолуң тосуп, карайм алыс ар дайым...
Жоктон кээде жолугууну бар кылган,
Жомогумду жокко айлантып албайын...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#120 04 Октябрь 2015 - 20:19
Саптарды сендик улам,
Сербейтип «төрөп” коюп,
Сезимдин бешигине,
Серпилтип бөлөп коюп...
Жымжырттык жымылдаган,
Жаныма жолөк болуп,
Терметип, термелемин.
Тең жаным сенде менин...
Сербейтип «төрөп” коюп,
Сезимдин бешигине,
Серпилтип бөлөп коюп...
Жымжырттык жымылдаган,
Жаныма жолөк болуп,
Терметип, термелемин.
Тең жаным сенде менин...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.